You are on page 1of 2

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу,

коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна


караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-
декабрда туулган.

1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-


жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба
институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият
курсунун угуучусу болгон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы,


райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-
изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-
1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-
1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан
Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная
литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин
кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан
Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана


кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген
ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде
жарыяланган.

"Литературная газета", "Новый мир", "Литературный Киргизстан"


журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.

1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп,
жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма
жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары
боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын
сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" газетасына


жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле В. Катаевдин
"Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар
басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу
кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги
бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана
"Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Адам
мүнөзүн, психологиясын ачууда "Бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык
катары кирди. "Обон", "Жамийла" повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык
проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз
совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге
которулду. "Жамийла" өнүп-өсүп калган кыргыз прозасынын жаңы сапатка
жетишип, өркүнү өскөн адабияттардын деңгээлине көтөрүлгөнүн дүйнөгө маалым
кылды. Ошондон бери Айтматов жаңы чыгармаларында сейрек кездешүүчү
талантынын улам жаңы кырларын ачып келе жатты. 

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук


искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын
чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга
чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер
жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду. 
ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп
басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине
которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж. жалпы саны 67,5 млн. экз.)
кайталап басылган. "Айтматов таануу" деген илимий атайын дүйнөлүк адабий
процессте кеңири колдонулууда. 1989-ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу
(негиздөөчүсү жана президенти окумуштуу А. Акматалиев) түзүлгөн. Анын
кыргызстандык жана чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер,
адистер ж.б. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр жана маданият
жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу
институту түзүлгөн. Ошондой эле, Бишкекте "Айтматов чыгармаларынын
китепканасы", 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп,
анын анык, ардактуу академиктери шайланган.

Сыйлыктары.
Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
(1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик
(1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа
Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983),
Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм,
1987), "Ысыккөл форумунун" президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия,
Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты.
Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997). 

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш


курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

You might also like