You are on page 1of 594

ИСЛАМ ИЛМИХАЛИ

(Ислaм дининин өкүм-жоболору)


Түркия Республикaсы
Дин иштери бaшкaрмaлыгынын чыгaрмaлaры/831
Башат китептер/55

Түрк тилинен которгондор


Мaйрaмбек ОРОЗОБAЕВ
Нургүл МОЛДAЛИЕВA

Редактору
Мaйрaмбек ОРОЗОБAЕВ

Грaфикa
Нургүл МОЛДAЛИЕВA
Мүжеллa ТЕКИН

Бaсмaкaнa
Sistem Ofset
Bas. Yay. San. ve Tic. Ltd. Şti.
Tel: 0090 (312) 229 18 81

2010-06-Y-0003-831
ISBN 978-975-19-4902-8

© Түркия Республикaсы Дин иштери бaшкaрмaлыгы


Диний жарыялар бөлүмү башчылыгы

Бaйлaныш дaреги
Üniversiteler Mahallesi
Dumlupınar Bulvarı No:147/A
06800 Çankaya/ANKARA
Tel: 0090 (312) 295 72 94
Faks: 0090 (312) 284 72 88
www.diyanet.gov.tr
diniyayinlar@diyanet.gov.tr.
ТҤРКИЯ РЕСПУБЛИКAСЫ ДИН ИШТЕРИ БAШКAРМAЛЫГЫ

ИСЛАМ ИЛМИХАЛИ
(Ислaм дининин өкүм-жоболору)

Лҥтфи ШЕНТҤРК
Дин иштери жогорку кеңешинин мурунку мүчөсү

Сейфеттин ЯЗЫЖЫ
Дин иштери жогорку кеңешинин мурунку мүчөсү

AНКAРA
2010
Бул китеп Дин иштери жогорку кеңешинин 2003-жылдын 3-aпрелиндеги
66 номердүү чечими менен жaрыялaнды.
БАШ СӨЗ
Ислам дининин өкүмдөрү жана негизги принциптеринин түпкү
максаты – адамдын бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушун
камсыз кылуу. Динибиз бизге бак-таалайдын чыныгы жарык жолун
көрсөтүп, милдеттерибиз менен жоопкерчиликтерибизди белгилеген.
Ал бак-таалайга жетүү – ошол жооптуу болгон милдеттерибизди
орундатышыбызга байланыштуу. Бул болсо туура жана жетиштүү дең-
гээлде диний маалыматка ээ болушубуз аркылуу ишке ашат. “Билбөө”
динибизде орундуу себеп эмес. Адам “билбейм” деп айтуу менен жооп-
керчиликтен кутула албайт. Анткени эң алгачкы буйругу “Оку!” болгон
динибиз илим-билимге ээ болууну ар бир мусулманга парз кылган.
Ушул себептен бир мусулмандын эң башкы милдеттеринин бири –
динибизди жана дүйнөлүк жашоодо керектүү болгон маалыматтарды
туура үйрөнүү.
Диний милдеттерибиз – алгач ишенүү, андан кийин ишенимибиз-
дин зарыл шарттары болгон ибадаттарды орундатуу. Биз диний буй-
руктарды аткарууга кандай милдеттүү болсок, арам кылынган нер-
селерден да ошол өңдүү эле оолак болушубуз керек. Мындан сырткары
үй-бүлөбүздүн, коомчулугубуздун жана башка адамдардын алдындагы
жоопкерчиликтерибиз жана аткарылышы зарыл болгон ахлактык
милдеттерибиз бар. Исламда олуттуу мааниге ээ болгон ошол ахлактык
милдеттерди аткарган учурда гана биз чыныгы мусулман боло алабыз.
Теңирдик диндердин акыркысы жана эң мыктысы болгон Ислам
дининин буйруктарын жана тыюу салган нерселерин терең иликте-
генибизде, булардын ар биринде материалдык жана руханий жактан
пайдалуу көптөгөн максат-мүдөөлөрдүн бар экендигин жана өзгөчө
адамдын бакубат турмушка жана түбөлүк бак-таалайга жетиши максат
кылынгандыгын көрөбүз. Мусулмандын мойнундагы негизги жүк –
диний милдеттерин туура үйрөнүү жана аларды Алла тааланын ыраа-
зычылыгына ылайыктап аткарууга аракет кылуу.
Ал эми мунун акыбети – улуу Раббибиздин ыйык Куранда сүйүн-
чүлөгөн түбөлүктүү бак-таалайы: “Ыйман келтирип, туура амалдар-
ды (жакшы иштерди) кылгандарга болсо, ичинде дарыялар аккан
бейиштер бар. Мына эң чоң боштондук ушул.” (Буруж сүрөсү, 11-аят.)
Бул китепте динибиздин негиздери жана ибадаттарыбыз толугу
менен түшүндүрүлүп, мусулмандар оолак болушу керек болгон арам
нерселер жана күнөөлөр тууралуу кеңири маалыматтар орун алды.
Ошондой эле жашоо-турмушубузда олуттуу мааниге ээ болгон кээ бир
темалар менен учурда көп талкууланган айрым диний маселелер боюн-
ча түшүндүрмөлөр да берилди.
Динибиздин өкүм-жоболору жана тыюу салууларындагы эң баш-
кы максаттарынын бири – мусулманды чыныгы адеп-ахлактын ээси
кылуу. Андыктан, бул китепте ыйман жана ибадаттар менен абдан
тыгыз байланышы болгон ахлак темасына да орун берилип, ахлактын
мааниси жана ахлактык милдеттерибиз аят жана хадистер аркылуу
түшүндүрүлүп, ал пайгамбарыбыздын мартабалуу жашоосу жана бийик
ахлагы жөнүндөгү кыскача маалыматтар менен толукталды.
Эң ишенимдүү диний булактарга таянуу менен даярдалган бул
“Ислам илмихали” бардык адамдар оңой түшүнө ала тургандай жөнө-
көй тил менен жазылды жана диний терминдер мүмкүн болушунча жө-
нөкөйлөштүрүлдү. Кызыккандарга жана бул тармакта изилдөө иштерин
жүргүзгөндөргө жеңилдик болушу үчүн аяттардын тиешелүү сүрөлөрү
жана номерлери, хадистердин таянган булактары шилтемелер аркылуу
көрсөтүлдү. Мындан сырткары маанилүү темалар менен байланыштуу
айрым маселелер боюнча башка диний агымдардын көз караштарына
да шилтемелерде орун берилди.
Ар бир мусулман үйрөнүүгө тийиш болгон кеңири диний маалы-
маттар орун алган бул китептин ушул тармактагы көптөгөн суроо-
талаптарга жооп берерине ишенебиз жана дин боордошторубузга пай-
далуу болушун каалап, каталарыбыз болсо кечирилишин Алла тааладан
тилейбиз.
Биздин милдет – ак ниетибиз менен эмгектенүү. Ал эми ийги-
ликке жеткирген – бир гана Алла таала.

Лҥтфи ШЕНТҤРК Сейфеттин ЯЗЫЖЫ

6
БИРИНЧИ БӨЛҤМ
ИШЕНИМ
‫جٌل ْس ِبٓ ِهّٰلل‬
‫جٌلق ِبحُِب‬ ‫ذِب ْسضُِب ِهّٰلل ِب‬
‫جا ِهّٰلل‬
ДИН ЖАНА ДИНГЕ БОЛГОН МУКТАЖДЫК
Дин деген эмне?
Дин – акыл-эси жетик кишилерди өз каалоолору боюнча эң мыкты,
эң туура жана эң керемет нерселерге жеткирген бир теңирдик мыйзам.
Диндин бул аныктамасынан төмөнкү нерселерди үйрөнөбүз:
1) Диндин жаратуучусу – Алла таала. Андыктан, Алла тааладан
башка эч кимдин жаңы динди жаратууга укугу жок.
2) Дин акыл-эси жетик кишилерге гана тиешелүү. Башкача айт-
канда, диндин өкүм-жоболорун акыл-эси ордунда болгон кишилер гана
аткарууга тийиш.
3) Диндер коомчулукка пайгамбарлар тарабынан жеткирилген.
Алла таала пайгамбарларга динге байланыштуу өкүм-жоболорду бил-
дирген, алар да адамдарга жарыя кылышкан.
4) Диндин максаты – адамдарды бул дүйнөдө жана акыретте бак-
тылуу кылуу. Анткени дин, адамга жаратылышынын себеп-максатын,
Жараткандын жана жаратылгандардын алдындагы бардык милдеттерин
билдирет. Жаман менен жакшыны бири-биринен айырмалап берет.
Жакшыга жетүүнүн жолдорун көрсөтөт. Мына ушундайча адамдын бул
дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушун камсыз кылат.
Дин айрым кишилер ойлогондой ички жан дүйнөңдү канааттан-
дыруу менен гана чектелип калбайт. Диндин башкы максаты – адамдын
руханий жана маданий деңгээлин көтөрүү.
Динге болгон муктаждык
Адам жеке киши катары да, коом катары да динге муктаж. Эң ба-
йыркы доорлордон баштап жогорку технологиялык өнүгүүлөргө же-
тишкен бүгүнкү доорго чейин адамзат коомунун тарыхында эч кандай
дин ишеними болбогон бир дагы коомчулук болгон эмес. Анткени:
1) Адам – рух менен дененин айкалышынан жаралган бир бүтүн-
дүк. Дене менен рух канчалык бири-биринен кескин айырмаланышка-
нына карабастан экөө бири-бирин толуктап турушат. Рух болбосо дене
эч бир ишке жарабайт, ошол сыңары денесиз рухтун да эч кандай ма-
ңызы жок. Ошол эле мезгилде экөөнүн тең көптөгөн мүдөө-талаптары
бар. Адам денесинин да, рухунун да бул зарылдыктарына жана мүдөө-
талаптарына көңүл бурбай коѐ албайт. Ошондуктан, адам жашоодо
денеси үчүн бардык нерседен мурун азык-түлүккө жана коопсуздук-

8
тардан сактануу үчүн баш калкалай турган бир жайга канчалык муктаж
болсо, руху үчүн да моралдык бир күчкө ошончолук муктаж. Адам бул
дүйнөдө андай таяныч таба албайт. Муну менен бирге акылы да анын
бул муктаждыгын камсыз кылуу үчүн жетиштүү эмес.
Адамдын рухунун бардык мүдөө-талаптарын орундатып, аны
кайгы-кападан арылта турган нерсе – анын Алла таалага жана түбө-
лүктүү бир жашоого болгон ишеними. Ал эми бул ишеним болбогон
мезгилде рухтун каалоолору менен мүдөө-талаптары орундатылган
болуп эсептелбейт.
Адам рухунун каалоолору өтө көп, а түгүл чексиз десек да болот.
Адам чыныгы бак-таалайга рухунун бул чексиз каалоо-тилектеринин
аткарылышы менен гана жете алат. Ал эми ал тилектердин баарынын
аткарылышы үчүн адам өмүрү аздык кылат. Анын бул чексиз каалоо-
тилектерин ишке ашырып, өзүн бактылуу кыла турган нерсе – анын өл-
бөстүккө болгон ишеними. Бул болсо, өлбөй турган түбөлүктүү бир
жашоого багыт албаган рухта чыныгы бак-таалай жок дегенди билди-
рет. Ал эми буга Алла таалага жана түбөлүктүү бир жашоого ишенүү
менен гана жетсе болот. Муну бизге үйрөткөн да – дин. Андыктан,
адамдын чыныгы бак-таалайын бир гана дин камсыз кыла алат.
2) Адамдын жашоосу – тынымсыз күрөш. Адам бул күрөштө ай-
рым мезгилде ийгиликке жете албайт. Материалдык бардык булактарга
таянса да алдынан чыккан бул тоскоолдуктарды аша албай калат.
Мындай абалга туш болгон киши өзүнүн күч-кубатынан да чоң бир
күчтүн бар экендигине ишенбей турган болсо, кыйналат, ал тургай өмү-
рүн кыйып жибергенге да барат. Ал эми чексиз кудуреттин ээси улуу
бир Жаратуучуга ишенген киши болсо, кандай гана тоскоолдуктар же
кыйынчылыктарга дуушар болбосун, жашоодон үмүтүн үзбөй, теңир-
дик кудуреттин улуулугун жана үмүтүн үзбөгөндөргө дайыма жардам
берерин ойлоп, Ага сыйынып, өзүн жоготпой карманат.
Ошентип, күндөлүк турмушубузда да эң чоң таянычтын дин
экендиги ачык байкалат.
3) Адамдын руху боюнча өсүп жетилиши табиятынын бир зарыл-
дыгы болуп саналат. Буга бийик адеп-ахлак менен гана жетүүгө болот.
Ал эми адеп-ахлактын бийиктиги дин ишеними менен өнүгөт. Адамда
Алла таала сүйүүсү жана дин ишеними болбогон учурда ал көптөгөн
адамдык асыл сапаттарын жоготкон болуп эсептелет. Алла таалага
ишенбеген жоопкерчиликсиз бир кишиде бийик ахлактын болбой тур-
гандыгы табигый көрүнүш. Анткени бийик ахлактын булагы – дин.
Жыйынтыктап айтканда, кайсыл жагынан каралса каралсын адам
үчүн дин – бир муктаждык. Материалдык жактан муктаждыктары кан-

9
чалык камсыз кылынса да, моралдык жана рухий муктаждыктары кам-
сыз кылынбаган бир киши жашоодо каалаган жыргалчылыгын таба ал-
байт.
Ишенимсиздиктин адам үчүн абдан кооптуу нерсе экендиги та-
лашсыз. Андай кишини дүйнөдөгү өзүн кооптондурган окуялар алдын-
да таяныч чекитин жоготкон киши десек да болот.
Түбөлүктүү деген акырет жашоосуна ишенбегендиги үчүн анын
бүткүл аракети бул дүйнөнүн утурумдук жыргалын көрүп калууга ба-
гытталат. Ал эми буларга жетүү үчүн болсо эч кандай өлчөм-ченем
дегенди билбейт. Бир күнү бул дүйнөнүн утурумдук кызыкчылыктары-
нан ажырай турганын жана жок болуп кетерин ойлогон сайын санаар-
кап, куту качат.
Бир адам үчүн мындан да чоң бир коркунучту ойлоого мүмкүн-
бү? Албетте, мүмкүн эмес. Тескерисинче, дин өлүмдүн ары жагында
мындан да жакшы жана түбөлүктүү бир жашоону сүйүнчүлөйт жана
ага жетүүнүн жолдорун көрсөтүп, адамга бейпилдик жана ишеним
берет.
4) Жеке киши катары дин адамга канчалык керек болсо, коом-
чулукка да ошончолук керек.
Адамдар коом болуп жашашат. Бул – алардын табиятында бар
болгон бир өзгөчөлүк. Анткени бардык материалдык зарылдыктарын
камсыз кылууга жалгыз бир адамдын күчү жетпейт.
Чогуу жашоого мажбур болгон адамдардын бири-биринин ал-
дында көптөгөн укук жана милдеттери бар. Жашоо көчүнүн уланышы
жеке кишилердин бири-биринин алдындагы бул милдеттерин орунда-
тышы менен мүмкүн болот. Бир кишинин башка кишилердин укук-
тарына урмат көрсөтүшү, анын милдет менен укуктун баарынан ыйык
экендигине болгон ишенимине байланыштуу. Анткени адам көпчүлүк
учурда ашыкча каалоолордун таасири алдында калып, жеке кызыкчы-
лыктарынан башка нерселерди ойлой албай калат. Ошондуктан, адам-
ды башкалардын алдындагы милдеттерин орундатууга жана алардын
укуктарына урмат көрсөтүүгө мажбур кыла турган таасирдүү бир күч
керек жана ал күч да дин болуп эсептелет.
Ошондуктан, чогуу жашоого мажбур болгон адамдар бири-бири-
нин алдындагы жоопкерчиликтеринин аткарылышын камсыз кылган
адеп-ахлак эрежелерине баш ийүүгө тийиш. Коомду түзгөн кишилер
арасында өз ара мамилелерди чыңдай турган бирден бир таяныч да –
бийик адеп-ахлак. Бир коомдун бардык кишилери мыкты адеп-ахлакка
ээ болушса, бири-бирине жакшы мамиле кылышат да, кишилер арасын-

10
да ынтымак жана биримдик камсыз кылынып, коом бакубат жашоого
жеткен болот.
Ушул себептен коомдун бакубат жашоосу боюнча абдан маани-
лүү болгон адеп-ахлак үчүн бекем бир негизге, жакшы менен жаманды
айырмалай турган чыныгы бир өлчөмгө зарылдык туулат. Ал зарылдык
да дин аркылуу камсыз кылынат.
Диндин булагы
Адамдын жан дүйнөсүндө ал төрөлгөндө эле кошо жаралган
көптөгөн сезим-туюмдар жана ой-пикирлер бар. Булардын башында
Алла жана дин пикири келет. Башкача айтканда, дин кийинчерээк пай-
да болгон эмес, адам менен бирге туулган. Ар бир доордо адам баласы-
нын динге маани бериши – мунун ачык далили.
Бирок адам өзүндө туулганда эле бар болгон бул сезимдин өнү-
гүшү үчүн бир эскертүүчүгө муктаж. Мына Алла таала тарабынан жи-
берилген пайгамбарлар ушул эскертүүчүлүк милдетин орундатышкан
жана адамдын ажырагыс өзгөчөлүгү болгон Алла жана дин ишеними-
нин өнүгүшүн камсыз кылышкан. Пайгамбарлардын вахийге таянган
билдирүүлөрү адамдарга туура жолду көрсөткөн жана пайгамбарларды
ээрчигендердин диний аң-сезимдери өсүп жетилген. Ал эми пайгам-
барлардын чакырыгына кулак түрбөгөндөрдүн ал сезимдери мокоп,
жаман жолго түшүшкөн.
Ушул себептен дин ишеними – акыл сыяктуу адамдын табиятын-
да бар болгон бир сезим жана адам менен бирге туулган негизги идея.
Ал эми диний өкүм-жоболордун булагы болсо, пайгамбарлардын
теңирдик вахийге таянган эскертүү кабарлары.
Теңирдик (чыныгы) диндер жана өзгөчөлҥктөрҥ
“Теңирдик дин” же болбосо “Ак (чыныгы) дин” дегенде эмнени
түшүнөбүз? Алгач ушул тууралуу кеп кылалы:
Ак (чыныгы) дин бир пайгамбардын Алла тааладан вахий жолу
менен алган жана адамдарга жарыялаган өкүм-жоболору жана эреже-
лери дегенди билдирет. Бул “Aк (чыныгы) дин” делгендей эле, “Теңир-
дик дин”, же болбосо “Көктөн түшкөн дин” деп да айтылат. Бул анык-
тамага кирбеген диндер болсо негизсиз (баатыл, ырым-жырымдык)
диндер делет.
Ак диндин негизсиз (баатыл) динден айырмаланган төмөндөгү-
дөй негизги өзгөчөлүктөрү бар:
1) Ак диндерди Алла таала милдеттендирген пайгамбарлар жет-
киришкен.
2) Ак дин жалгыз жана түгөйү болбогон Алла таалага ишенүү жа-
на бир гана Ага сыйынуу негизине таянат.

11
3) Ак дин өлгөндөн кийин тирилүүнү жана бул дүйнөдө жасалган
бардык нерсенин эсебинин Алла таала тарабынан сурала турганына
ишенүүнү буюрат.
4) Ак динде чынчылдык, аманатка урмат көрсөтүү сыяктуу бийик
сапаттарга ээ болгон пайгамбарлар Алла тааладан вахий аркылуу алган
кабарларын адамдарга жарыя кылышканда, буга адамдар ишениши
керек.
5) Ак дин Алла тарабынан жиберилген жана пайгамбарлар тара-
бынан жарыя кылынган ыйык бир китепке таянат.
6) Периштелерге ыйман келтирүү (ишенүү) ак диндерде негизги
өкүмдөрдүн бири болуп эсептелет.
7) Ак диндердин негизги жоболорунун арасында илим жана
акылдуулук менен кайчы келген бир көрүнүш болбойт.
8) Ак диндердин максаты – адамдардын арасында тең укуктуу-
лукту, боордоштукту, адилеттүүлүктү орнотуу жана адамзатты чыныгы
бак-таалайга жеткирүү.
Ислам дини жана башка көктөн тҥшкөн диндер
Ак диндердин, башкача айтканда, көктөн түшкөн диндердин
акыркысы – Ислам дини. Бул динди алып келген акыркы пайгамбар –
азирети Мухаммед (а.с.), китеби – ыйык Куран.
Ислам дини алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар Адам алай-
хис-салам билдирген алгачкы “бир теңирдүүлүк” менен башка көктөн
түшкөн диндердин бир уландысы болуп, булардын ичинен акыркысы
жана эң кереметтүүсү. Ыйык Куранда орун алган ишеним негиздери
кандай болсо, алгачкы пайгамбардын билдирген ишеним негиздери да
ошондой болгон. Ыйык Курандан мурун түшүрүлгөн китептерде да бул
негиздер орун алган.
Исламдан мурунку көктөн түшкөн диндер негизинен бирдей бо-
лушса да, булар мезгил менен өзгөрүүгө дуушар болуп бузулушкан.
Мына ушул себептен акыркы пайгамбар азирети Мухаммед (а.с.)
Алла таала тарабынан эң акыркы жана эң улуу жол көрсөтүүчү катары
милдеттендирилген.
Ислам дининин өзгөчөлҥктөрҥ
Ислам дининин төмөнкүдөй бир нече өзгөчөлүктөрү бар:
1) Ислам дини – эң акыркы дин
Жогоруда көктөн түшкөн диндердин ак (чыныгы) диндер бол-
гонун жана алгачкы ак диндин алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар
Адам алайхис-салам тарабынан билдирилгенин белгилеп өттүк. Мез-

12
гилдин өтүшү менен адамдар өздөрүнө жиберилген диндин негизде-
ринен алыстагандыктан Алла таала жиберген кийинки пайгамбарлары
аркылуу алгачкы “бир теңирдүүлүк” ишенимин жаңылаган, ошондой
эле, адамдардын бурмалагандарын пайгамбарлары аркылуу оңдогон.
Көктөн түшкөн диндердин негиздеринде эч кандай өзгөрүү болгон
эмес, мезгилге жана шарттарга жараша өзгөргөн нерсе амал менен бай-
ланыштуу өкүм-жоболор болгон.
Мына ушундайча акыркы пайгамбар азирети Мухаммед (а.с.)
Алла тааланын өзүнө вахий кылган Ислам динин кабарлаган.
Азирети Мухаммед – акыркы пайгамбар, ошону менен бирге ал
алып келген Ислам дини да – акыркы дин. Адам алайхис-салам менен
башталган жана Алланын бирөө экендиги негизине таянган бир теңир-
дүүлүк өнүгүп отуруп, Ислам дини менен жетилип толукталган. Эми
мындан артык башка жаңы дин жиберилбейт, Исламдын өкүм-жобо-
лору Алла таала Өзү каалаган мезгилге чейин күчүндө болот.
Бардык нерсенин акыркысы өзүнөн мурункуларга салыштырма-
луу дагы мыкты болот. Анын сыңарындай, Ислам дини да өзүнөн му-
рунку көктөн түшкөн диндерге караганда жогору.
Ушул себептен Алла таала акыркы дин болгон Исламдын өкүм-
жоболорунан бардык адамдарды милдеттүү кылган жана бул динди
кабыл алып, ага толук берилгендерге ыраазы болорун гана билдирген.
Анын үстүнө ыйык Куранда да мындайча буюрулган:

‫جا ْس ِب‬
َ‫جا ْسص ُم‬ ‫ِبج ِهّٰللْ جٌ ِهّٰللل ٓ ِب ْسٕل ِهّٰلل ِب‬
“Алланын алдындагы диндин Ислам дини экендиги талашсыз.”1

ٓ ‫ ِب ْسجا ِب ل ِبز ِبِٓ ج ْسٌ ِبحصل‬ٛ‫ُ٘م‬ٚ ٗ‫جا ْسص ِبَ ًٕنح ٍ ْسٓ ُم ْسمرً ِبِ ْسٕ ُم‬
‫ِ ْسٓ ْسرط ِب ْس ْس ِب‬ٚ
“Кимде-ким Исламдан башка дин издесе, ал дининин эч качан
кабыл болбосун билсин жана ал акыретте да жабыр тарткан-
дардан болот.”2

‫حص ٌى ُمُمُ ْس ِب‬


‫جا ْسص َ ًٕنح‬ ‫رض ُم‬ٚ ‫جضْسّ ْسّ ُمص ٍ ْسحى ْسُمُ ٔ ْسِبعّ۪ت‬ٚ ُ‫َ جوْسّ ْسٍ ُمص ٌى ْسُمُ ٕى ْسُم‬ٛ‫ج ْسٌح ْس‬

1
Али Имран сүрөсү, 19-аят.
2
Али Имран сүрөсү, 85-аят.

13
“Бүгүн силер үчүн диниңерди толуктап бүтүрдүм, силерге ар-
наган ырыскыларымды толуктадым жана силер үчүн дин катары
Исламды жактырдым.”3
2) Ислам дининин өзгөрбөгөн негиздери бар
Ислам дининин өзгөрбөс айрым негиздери бар. Булар: ишеним,
амал жана ахлак менен байланыштуу өкүм-жоболор болуп үч бөлүккө
бөлүнөт.
а) Ишеним менен байланыштуу негиздер
Ишеним деген бир нерсеге ишенүү, ага чын жүрөктөн байлануу
дегенди билдирет.
Ислам ишенимин пайда кылган жана бүткүл көктөн түшкөн дин-
дерде да орун алган негизги өкүм-жоболордун бири ушул:
* Алла таалага, периштелерине, пайгамбарларына, китептерине,
акырет күнүнө, кырсык менен тагдырга ишенүү.
б) Амал менен байланыштуу негиздер
Исламдын амал менен байланыштуу негиздери – адамдардын
кылган иштерине тиешелүү өкүм-жоболор, буйрук жана тыюулар.
Булардын ичинен Алла таала менен пенделери арасындагы өзара
карым-катыштарга байланыштуу болгондор – ибадаттар.
Амал менен байланыштуу негиздердин бир бөлүгүн да, адамдын
өзү менен башкалар арасындагы өзара карым-катнаштарды тартипке
салган өкүм-жоболор түзөт. Башка кишилердин укуктарына урмат көр-
сөтүү, эч кимдин жанына, мал-мүлкүнө жана намысына кол салбоо
сыяктуу маселелер бул бөлүккө кирет.
в) Адеп-ахлак менен байланыштуу негиздер
Исламдын адеп-ахлак менен байланыштуу негиздери болсо, ах-
лактын мыкты болушун, ыймандын тарбияланышын жана рухтун
бийиктешин максат кылат.
Ислам дининин ишеним, амал жана адеп-ахлак менен байла-
ныштуу өкүм-жоболору жеке кишинин эле эмес, жалпы коомчулуктун
да жыргалчылыгы үчүн жиберилген.
3) Ислам дини – дҥйнөлҥк бир дин
Ислам дини акыркы дин болуу менен бирге, ошол эле мезгилде
бүткүл адамзаттын да дини болуп саналат. Жер үстүндө Ислам дининен
башка мындай жогорку сапатка ээ болгон башка бир дин жок. Мисалы,

3
Маида сүрөсү, 3-аят.

14
Тооратта иудейликтин дүйнөлүк экендигине тиешелүү эч нерсе жазыл-
ган эмес. Тескерисинче, иудейликтин бүтүндөй Израил уулдарына гана
таандык бир дин экендиги айтылган. Ал тургай алар иудейликке кы-
зыккандарды бул каалоолорунан баш тарттыруу үчүн ал диндин абдан
оор экендигин жана анын адам чыдагыс өкүм-жоболорду бар экен-
дигин айтышат. Христиандык да – дүйнөлүк бир дин эмес. Анткени
азирети Иса өзүнөн мурунку пайгамбарлар сыяктуу ал да белгилүү бир
коомго пайгамбар катары жиберилген. Азирети Исанын өзү дагы өзү-
нөн кийин бир пайгамбар келерин сүйүнчүлөгөн.
Ислам дини тууралуу айтсак, аны билдирген Мухаммед алайхис-
салам акыркы пайгамбар. Ал өзүнөн мурунку пайгамбарлар сыяктуу бир
коомго же бир калкка эмес, бүткүл адамзатка жиберилген жана ааламга
жол көрсөтүүчү катары келген. Чындыгында да, ыйык Куранда мындай
деп буюрулган:

‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ
‫جا ِبجٌ ْسحى ْسُمُ َج ًن‬
‫حعح‬ ‫ح جٌِٕهّٰلل ُم‬ٙ‫لُم ْسً ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫ ر ُمص ُم‬ٝ‫حس ِبجٔ ِهّٰلل‬
“(Эй, Мухаммед!) Мындай дегин: Эй, адамдар, чындыгында мен
бардыгыңар үчүн жиберилген Алланын пайгамбарымын.”4

ّْٛ‫ٌىِب ِهّٰللٓ ج ْسو جٌِٕهّٰلل ِبحس ا ْسعٍ ُم‬ٚ ‫ٔ لًنج‬ٚ ‫ِح ٓ ج ْسرص ْسٍٕحن ِبج ِهّٰللا وح ٓ ِهّٰللس ًن ٌِبٍِٕهّٰلل ِبحس ذغ ًنج‬ٚ
“(Эй, Мухаммед!) Биз сени бүткүл адамдарга (момундарга бе-
йиш жөнүндө) куш кабар жеткирүүчү жана (каапырларды тозок
азабынан) эскертүүчү катары гана жибергенбиз, бирок (муну) адам-
дардын көбү билишпейт.”5

ٌّ‫ِح ٓ ج ْسرص ْسٍٕحن ِبج ِهّٰللا ر ْس س ًن ِبٌ ْسٍعح‬ٚ


“(Эй, Мухаммед!) Биз сени ааламга ыракым (Алланын ыракымы-
бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик”6
Азирети Мухаммед бүткүл адамдарга жиберилген акыркы пай-
гамбар болгондуктан, анын жеткирген дини да бүткүл адамдардын ди-
ни болушу керек жана ал дал ушундай сапатка ээ.

4
Аьрааф сүрөсү, 158-аят.
5
Сабаъ сүрөсү, 28-аят.
6
Анбия сүрөсү, 107-аят.

15
ИСЛАМДА МАЗХАБДАР (СЕКТАЛАР)
Мазхаб деген эмне?
Мазхаб сөздүктөгү мааниси боюнча “кеткен жол” дегенди билди-
рет. Термин катары “бир диндин аалымдары арасындагы жоромолдор-
дун айырмаларынан пайда болгон көз караш” дегенди түшүндүрөт.
Ислам дининде да мазхабдар бар. Булардын арасында негизинен
көп деле айырмачылык жок. Бардыгы ыйык Куран жана пайгамбары-
быздын сүннөтүнө негизделген. Бирок алар Куранда ачык жана так
айтылбаган аят жана хадистер боюнча талкуулашып, өз пикирлерин
айтышкан.
Пайгамбарыбыз сакабаларынын бири болгон Муазды Йеменге
аким кылып жөнөтүп жатканда андан мындай деп сурайт:
– Йеменде эмне менен бийлик жүргүзөсүң?
Муаз:
– Алла тааланын китеби Куран менен бийлик жүргүзөмүн, – деп
жооп берет. Пайгамбарыбыз:
– Издеген нерсеңди Курандан таба албасаң эмне кыласың? – деп
сурайт. Анда Муаз:
– Расулалланын сүннөтү менен бийлик жүргүзөмүн, – дейт. Пай-
гамбарыбыз:
– Андан да таба албасаң эмне кыласың? Муаз:
– Өзүмдүн көз карашым боюнча бийлик жүргүзөмүн, – деп жооп
берет. Муаздын бул жообуна пайгамбарыбыз абдан ыраазы болот жана
ушундан улам Алла таалага шүгүр кылат.7
Мындан түшүнүктүү болуп тургандай, кандайдыр бир окуя туу-
ралуу ыйык Куранда жана пайгамбарыбыздын сүннөтүндө так айтыл-
ган түшүндүрмө жок болсо, аалымдар талкуу жүргүзүшүп, маселени
чечишет.
Кандайдыр бир маселени талкуулоого акысы болгон аалымдар
бир окуя тууралуу бирдей пикир айтышы мүмкүн, ошондой эле, ар
башка пикирлерди да айтышы мүмкүн.
Мазхабдар мына ушундай ачык жана так өкүм берилбеген окуя-
ларды бири-биринен башкача жоромолдоолордон пайда болгон.
Исламдагы мазхабдар ишенимге жана амалга таандык мазхабдар
болуп экиге бөлүнөт.

7
Абу Давуд, Акдыйя, 11; Тирмизий, Ахкам, 3.

16
Ишенимге таандык мазхабдар (секталар)
Ишеним менен байланыштуу мазхабдар жалпысынан “Ахли
сүннөт” жана “Ахли бидат” болуп экиге бөлүнүшөт.
“Ахли сүннөт” – пайгамбарыбыздын сүннөтүнө моюн сунгандар.
“Ахли бидат” болсо – пайгамбарыбыздын хадистерин өздөрүнүн кы-
зыкчылыгы менен каалоолоруна жараша жоромолдогондор.
Ахли сүннөт ишеним менен байланыштуу темаларда Куранга жа-
на сүннөткө таянат, Куран жана сүннөттөгү айтылгандарды негиз алат.
Ахли сүннөт өз ичинен үч топко бөлүнөт. Алар: Салафийя,
Матуридийя жана Ашарийя.
Салафий мазхабы
Ишеним боюнча Кирам (тектүү) сакабаларынын жана Табиундун
пикирлерин жактаган Ислам укукчулары менен хадис аалымдары бол-
гон. Булар ишеним темаларында аят жана хадистерде орун алган масе-
лелер тууралуу талдоо жүргүзбөстөн, кандай болсо ошондой кабыл
алышкан. Алла тааланын сыпаттары жана башка темаларда майда-чүй-
дөсүнө чейин киришкен эмес.
Ишеним менен байланыштуу алгачкы мазхаб – ушул мазхаб.
Ошондуктан Ханбалий мазхабында болгондордун көпчүлүгү менен би-
ринчи Ханафий, Шафий жана Маликийлер бул мазхабды жакташкан,
б.а. Салафий болушкан.
Матуридий мазхабы
Бул мазхабдын имамы чыныгы ысмы Мухаммед катары билинген
Абу Мансур Матуриди болгон. Хижраттын 238-жылында (Б.з. 862-
жылы) Самарканддын Матурид айылында туулган жана айылынын аты
менен атак-даңкка ээ болгон. Хижраттын 333-жылы (Б.з. 944-жылы)
Самаркандда өлгөн бул адам бир түрк аалымы болгон. Ахли сүннөт
ишенимин жактаган жана ырым-жырымдарга карата абдан катуу күрөш
жүргүзгөн.
Иш-аракеттеринде Ханафий болгондор ишенимде ушул мазхабды
карманышкан.
Ашарий мазхабы
Ашарий мазхабынын имамы Абул Хасан Али эл-Ашари болгон.
Хижраттын 260-жылы (Б.з. 873-жылы) Басрада туулган, 324-жылы (Б.з.
936-жылы) Багдатта дүйнөдөн кайткан.
Мутазила аалымдарынан Абу Али эл-Жубаинин окуучусу болгон
эл-Ашари көргөн бир түшүнөн улам Мутазиладан чыгып, Ахли сүннөт-
кө кошулган. Мындан кийин бүткүл өмүрүн Ахли сүннөткө кызмат кы-
луу менен өткөргөн.

17
Ахли сүннөттүн өкүлү болгон бул эки мазхаб негизинен окшош
болгону менен айрым темалар боюнча бири-биринен айырмаланган көз
караштары бар.
Амалга таандык мазхабдар (секталар)
Сүнни мусулмандар арасында кеңири таралган амалга таандык
мазхабдар: Ханафий, Шафий, Маликий жана Ханбалий болуп төрткө
бөлүнөт.
Ханафий мазхабы
Бул мазхабдын негиздөөчүсү – Имам Агзам. Аты Нуман, атасы-
нын аты Сабит, ал эми наамы Абу Ханифа.
Хижраттын 80-жылы (Б.з. 699-жылы) Куфеде туулган.
Ата-теги Хорасандан Куфеге көчүп келген Имам Агзам улуту
боюнча түрк болсо керек.
Абдан мыкты билим алып, көптөгөн аалымдардан сабак алган. 18
жыл катары менен атактуу мугалимдердин бири Хаммад бин Сулайман-
дын сабактарына катышкан. Хаммаддын өлүмүнөн кийин анын ордуна
келип сабактарын уланткан.
Имам Агзам миңге жакын окуучуну окуткан. Булардын ичинен
эң атактуулары – Имам Абу Юсуф (Х.113-182/Б.з. 731-798), Имам
Мухаммед Ибн Хасан эш-Шейбани (Х. 132-189/Б.з. 749-804) жана
Зуфер Ибн Хузейл (Х. 110-158/Б.з. 728-775). Ошол эле мезгилде булар
Ханафий мазхабынын алгачкы дин аалымдарынан болушат.
Аббаси калыйпаларынан Мансур Имам Агзамга Багдатта казы-
лык (акимдик) кылуусун сунуш кылат. Имам Агзам бул сунушту кабыл
албагандыктан аны түрмөгө камап, абдан сабап салышат. Мына ошен-
тип таяктын айынан 70 жашында хижраттын 150-жылы (Б.з. 767-жылы)
дүйнөдөн кайтат.
Ханафий мазхабы алгач Иракта, андан кийин Египет, Индия жана
түрк мамлекеттеринде жайылган.
Маликий мазхабы
Бул мазхабдын негиздөөчүсү Имам Малик бин Энес болгон.
Хижраттын 93-жылы (Б.з. 712-жылы) Мединада туулган жана ал
жерде өсүп чоңойгон. Имам Агзам жана Имам Абу Юсуф менен жолук-
кан. Медина элинин аалымы жана имамы болгон.
Имам Маликтин эң башкы чыгармасы “Китабэл-Муватта” бо-
луп саналат. Ислам укугунун тартиби боюнча жазылган алгачкы хадис
китеби болуп эсептелет.

18
Бул улуу Ислам аалымы хижраттын 179-жылы (Б.з. 795-жылы)
Мединада көз жумган.
Маликий мазхабы Мединада пайда болгон, Хижазда, Африкада
жана Эндүлүсте жайылган.
Шафий мазхабы
Бул мазхабдын негиздөөчүсү – Имам Мухаммед бин Идрис эш-
Шафии.
Имам Шафии хижраттын 150-жылы (Б.з. 767) Сирияда туулган,
204-жылы (Б.з. 819) Египетте өлгөн.
Имам Шафии – Исламдын эң чыгаан аалымдарынын бири. Имам
Малик жана Имам Мухаммедден сабак алган.
Имам Шафии арап тилин, поэзиясын жана тарыхын абдан жакшы
билген.
Шафий мазхабы Египетте, Түштүк Аравияда, Чыгыш Африкада,
Азербайжанда, Чыгыш Анатолияда, Индонезияда жана Жавада жа-
йылган.
Ханбалий мазхабы
Бул мазхабдын негиздөөчүсү Ахмед бин Ханбал болгон. Хижрат-
тын 164-жылы (Б.з. 248) Багдатта туулган. 241-жылы (Б.з. 885) ошол
эле Багдатта дүйнөдөн кайткан.
Мекке, Медина, Шам сыяктуу көптөгөн Ислам борборлорун кы-
дырган Ахмед бин Ханбал Имам Шафииден да сабак алган.
Ахмед бин Ханбал абдан чоң окумуштуу жана хадис аалымы бол-
гон. Анын 40.000ден ашуун хадисти камтыган “Муснад” аттуу эмгеги
жалпыга таанымал.
Ханбалий мазхабы Багдат, Египет, Сирия жана Хижазда
жайылган.

19
ДИНИЙ ӨКҤМ-ЖОБОЛОРДУН БУЛАКТАРЫ

Дин менен байланыштуу өкүм-жоболордун таянган булактары


китеп, сүннөт, ижма жана кыяс болуп төрт нерседен турат. Диний
өкүм-жоболор бул төрт булактан алынган. Эми буларды бир-бирден
кыскача түшүндүрүп өтөлү:
Китеп
Китеп – ыйык Куран.
Куран – Алла таала тарабынан Жебирейил алайхис-салам аркы-
луу арап тилинде пайгамбарыбызга түшүрүлгөн жана бизге чейин эч
өзгөрүүгө дуушар болбостон келип жеткен баракчаларга жазылган
сөздөр.
Диний өкҥм-жоболор таянган алгачкы булак – Куран
Ыйык Куран – улуу Алла тааланын пайгамбарлары аркылуу жи-
берген китептеринин акыркысы. Ичине камтыган өкүм-жобо жана
принциптер кыяматка чейин күчүндө болот. Сапаты боюнча бардык
доорлордун жана коомдордун зарылдыктарына жооп бере алат.
Куран бизге жаратылышыбыздын максатын билдирет. Адамдар-
ды, бүткүл ааламды жараткан Алла таалага ишенүүгө жана Ага кулдук
кылууга үндөйт. Жакшылык кылууну, жамандыктадан сактанууну
буюрат.
Куран жеке кишилердин да, коомдордун да бейкуттугу менен
бак-таалайын камсыз кылуу үчүн керектүү принциптерди билдирет
жана буларга моюн сунулушун талап кылат.
Ыйык Куран Алла тааланын буйруктары менен тыюуларына ыла-
йыктуу түрдө иш кылгандардын сый көрө турганын сүйүнчүлөйт, буй-
руктарды орундатпаган, тыюу салынган нерселерди жасаган киши-
лердин да жазаландырыла турганын билдирет.
Ал – адамдарды караңгылыктан жарыкка чыгарган бир нур, түбө-
лүктүү таалайдын жолун көрсөткөн эң мыкты жол башчы. Бул дүйнө
менен акыреттеги бак-таалайдын негиздери, укук, адилеттүүлүк жана
теңчиликтин негизги принциптери жана бийик адеп-ахлактын жобо-
лору анын ичинде. Куранда орун алган буйрук жана сунуштарга моюн
сунгандар бул дүйнөдө да бейкуттук ичинде жашашат, өлүмдөн кийин
улана турган түбөлүктүү жашоодо да чыныгы бак-таалайга жетишет.
Ыйык Куран менен байланыштуу маалыматтар “Китептерге
ыйман келтирүү” бөлүмүндө кеңири түрдө берилген.

20
Сҥннөт
Сүннөт сөздүктө жол жана үрп-адат деген маанини билдирет.
Термин катары сүннөт – пайгамбарыбыздын Курандан сырткар-
кы сөздөрү жана жүрүш-туруштары.
Бул аныктамадан сүннөттүн үч бөлүктөн турарын түшүнсөк
болот. Алар:
а) Кавли сҥннөт: Пайгамбарыбыздын сөздөрү дегенди билдирет.
б) Фиили сҥннөт: Пайгамбарыбыздын жүрүш-туруштары деген-
ди билдирет.
в) Такрири сҥннөт: Пайгамбарыбыздын бир мусулмандын жаса-
ган бир иши же айткан бир сөзү тууралуу кабардар болсо да, буга кар-
шы чыкпашы жана бул тууралуу эч кандай сөз айтпашы.
Пайгамбарыбыздын милдети – Исламды үйрөтүү жана ага ыла-
йык келбеген сөздөр менен кыймыл-аракеттердин жаңылыш экендигин
көрсөтүү. Ошондуктан азирети пайгамбарыбыздын бир мусулмандын
айткан сөзүнөн же кылган иш-аракетинен кабардар болсо да, буга кар-
шы чыкпай, ага карата эч кандай сөз айтпашы бул сөз же кыймыл-ара-
кетти туура көргөнүн көрсөтөт.
Ыйык Куран пайгамбарыбызга баш ийүүнү буюрат, пайгамбарга
баш ийүүнүн Алла таалага баш ийүү экендигин билдирет. Бул тема
боюнча көптөгөн ыйык аяттар бар. Булардан айрымдары төмөнкүлөр:

‫ٌِبٕح‬ٛ‫ج جٔ ِهّٰللّح ٰل ر ُمص‬ّٛٓ ‫ٌ ِهّٰلل ْسح ُمط ْسُ ح ْس ٍ ُم‬ٛ‫ج ِبح ْسْ ض‬ٚ‫ُمر‬ ‫جق‬
‫ ْس‬ٚ ‫ي‬ٛ‫جٌل ُمص‬
‫ج ِهّٰلل‬ٛ‫جطح ُمع‬ٚ ‫ج ِهّٰللجا‬ٛ‫جطح ُمع‬ٚ
‫ُم ج ْسٌ ُمّر ُم‬ ‫ج ْسٌر‬
“Аллага баш ийгиле, пайгамбарга баш ийгиле жана (жаман-
дыктардан) сактангыла. Эгерде баш ийүүдөн баш тартсаңар, анда
муну билгиле, пайгамбарыбыздын милдети – (болгонун болгондой)
ачык угузуу жана билдирүү.”8

‫ِ ْسٓ ُم ِب ِب ِهّٰلل‬
‫ي م ْسل جطحا ِهّٰللجا‬ٛ‫جٌل ُمص‬
“Кимде-ким пайгамбарга баш ийсе, Аллага баш ийген болот.”9

‫ِح ٓ جضحى ُمُمُ ِهّٰلل‬ٚ


‫جٌل ُمص ُم‬
‫ج‬ٛٙ‫حى ْسُمُ ْسُٕٗم حْٔسط ُم‬ٙٔ ‫ِح‬ٚ ٖ‫ ُم‬ٚ ‫ي ُم ُم‬ٛ

8
Маида сүрөсү, 92-аят.
9
Ниса сүрөсү, 80-аят.

21
“Пайгамбар силерге эмне берген болсо, аны алгыла жана си-
лерге эмнени тыюу салса, андан сактангыла.”10

ُ‫ ْس‬ٙ‫ج ٓ ج ْسٔف ِبُمض ِب‬ٚ‫ ْس ُْۙ غ ُم ِهّٰللُ ا ِبَي ُمل‬ٙ‫ن حّح عؿل ذ ْسحٕ ُم‬ّٛ‫ْ ق ِهّٰلل۪ت ُمُي ِب ِهّٰللى ُم‬ٛ‫رذِب ِهّٰلله ا ُم ْسإ ِبُِٕم‬ٚ
‫حّح‬ ‫ج ض ْسضٍ ًن‬ّٛ‫ ُمض ِهّٰللٍ ُمِب‬ٚ ‫قل ًنؾح ِب ِهّٰللمح لض ْسحص‬
“Жок, Кудай урсун, ортолорунда чыккан түшүнүшпөстүк-
төрдө сени калыс кылып, андан кийин да берген өкүмүңө карата
ичтеринен эч кандай кайгыруу сезбестен анык мааниси менен кабыл
алышпаса, ыйман келтирген болушпайт.”11
Көрүнүп тургандай, бир бөлүгү берилген куттуу аяттарда пайгам-
барга сөзсүз түрдө баш ийүү буюрулган. Мунун мааниси ачык-айкын.
Пайгамбар пайгамбар катары кандайдыр бир маселе боюнча эмнени
буюрса, ал буйрукка баш ийип, ал буйрук Алла тааланын буйругу ката-
ры кабыл алынып, орундалышы керек.
Мындан сырткары пайгамбарыбыз да:

‫م ْسل‬ ٔ‫ح ِب‬ ٓ‫ِ ْس‬ٚ ‫ ِهّٰللجا ِ ْسٓ طح ِب م ْسل طحا ِهّٰللجا‬ٝ
“Мага баш ийген Аллага баш ийген болот. Мага баш көтөргөн
да, Аллага баш көтөргөн болот,”12 – деп буюрган.
Сүннөт Ислам укугунун экинчи булагы болгондуктан өкүм чы-
гарган молдолордун арасында бир пикирдүүлүк бар.
Алгачкы төрт калыйпадан азыркы мезгиле чейин өкүм чыгарган
дин аалымдары Куран сыяктуу сүннөттөн да диний өкүм-жоболорду
чыгарышкан жана сүннөткө баш ийүүнүн, сүннөт менен иш кылуунун
зарылдыгын баса белгилешкен. Ал тургай мурунтан сүннөт түшүндүр-
гөн өкүмгө терс пикири болгондор сүннөттү үйрөнгөндөн кийин бул
пикирлеринен баш тартышып, сүннөттү карманышкан.
Сүннөткө көңүл бурбастан ыйык Куранды толугу менен түшүнүү
мүмкүн эмес. Анткени диндин өкүм-жоболору Куранда үйрөтүлбөйт
жана көптөгөн өкүм-жобонун майда-чүйдөсүн жана кандайча ишке
ашырыларын да Куран түшүндүрбөйт. Мисалы, намаздын парз экен-
дигин Куран билдирет, бирок намаздын кандайча окулары жана канча
ирекет болгону Куранда жок. Бул нерселер сүннөттөн, пайгамбарыбыз-
дын кылгандарынан үйрөнүлөт.

10
Хашр сүрөсү, 7-аят.
11
Ниса сүрөсү, 65-аят.
12
Бухарий, Жихад, 109; Муслим, Имара, 8.

22
Ар бир мусулманга парз болгон ажылык милдетинин да кандайча
өтөлөрү аяттардан үйрөнүлбөйт, муну сүннөт үйрөтөт.
Мындан сырткары Ислам аалымдары сүннөттү парз жана убажип
болбогон диний бир өкүм катары да сүрөттөшкөн. “Бул иш сҥннөт”
деп айтылган учурда, парз жана убажиптен сырткаркы бир иш дегенди
түшүндүрөт. Түшкү намаздын сүннөтү сыяктуу.
Ислам укукчулары сүннөттү өкүмү боюнча экиге бөлүшөт:
а) Сунени худа: Пайгамбарыбыздын ибадат менен байланыштуу
болгон сүннөтү. Бул сүннөттү аткарган киши сооп табат, аткарбаган ки-
ши да жерилет жана жемеге кирипкер болот. Азан, коомат, жамаат ме-
нен намаз жана парз намаздарынан мурун жана кийин окулган сүннөт-
төр сыяктуу.
Мындай бир сүннөттү теңсинбөө болсо, ал сүннөттүн ээсин тең-
синбөө маанисине келе тургандыктан (Кудай сактасын) адамдын сөгүш
алышына себеп болот.
б) Сунени заваид: Пайгамбарыбыздын адам катары кийиниши,
отурушу, жатып турушу жана укташы сыяктуу үрп-адат менен байла-
ныштуу жүрүм-турумдар.
Мындай бир сүннөттү аткарбоо – макүрөө эмес, ошондой эле,
аны аткарбаган киши да уяткарылбайт (Бирок бул түрдөгү сүннөттөргө
баш ийүү пайгамбардын сүйүүсүнө ээ болууга түрткү болот.).
Ижма
Ижма сөздүктө “бириктирүү, бир тема боюнча бир пикирге кели-
шүү жана чечкиндүү болуу” сыяктуу маанилерди түшүндүрөт.
Ал эми диндеги мааниси Ислам аалымдарынын пайгамбарыбыз-
дан кийинки бир доордо диний бир маселенин өкүмү боюнча бир
пикирге келиши.
Бул бир пикирге келишүү эки түрдө болот. Биринчиси Ислам
аалымдары диний бир темада пикирлерин бир багытта түшүндүрүшөт.
Буга “Сарих ижма”деп айтылат. Экинчиси болсо, диний бир маселе
боюнча бир же бир нече Ислам укукчусу пикирлерин айтышат, ал эми
бул пикирден кабардар болгон ошол доордогу башка өкүм чыгаруучу-
лар ошол эле пикирди ачык айтышкан эмес. Ошондой эле ага каршы
көз караштарын да билдиришпеген. Мына ушундайча ал пикирди ка-
был алган болуп эсептелишет. Буга да “сукути ижма” деп айтылат.
Ислам аалымдарынын көпчүлүгүнүн көз карашы боюнча Сарих ижма
диний өкүмдөр үчүн так бир булак. Ал эми сукути ижманын так болуп
болбогондугу белгисиз.

23
Ислам аалымдарынын көпчүлүгү төмөнкү ыйык аят менен хадис-
ти ижма үчүн таяныч көрсөтүшкөн.
Алла таала мындай деп буюрган: “Кимде-ким өзүнө туура жол
белгилүү болгондон кийин пайгамбарга каршы чыгып, момундардын
жолунан башка жол менен кете турган болсо, аны түшкөн жолуна
таштайбыз жана тозокко киргизебиз. Ал жер кандай гана азаптын
жолу.”13
Бул аятта момундар түшкөн жолдун баш ийилиши керек болгон
туура жол экендиги белгиленген. Бул жол эч шексиз, Ислам аалымда-
рынын аят жана хадистердин нуру астында бир пикирге келген жолу.
Пайгамбарыбыз да: “Менин үмөтүм ыпыластык үчүн чогулуш-
пайт,” – деп буюрган (Ибн Маже, Фитен, 8).
Кыяс
Кыяс сөздүктө “бир нерсени башка бир нерсе менен өлчөө жана
эки нерсе арасындагы окшоштуктарды белгилөө” дегенди билдирет.
Ал эми диндеги мааниси – Куран, сүннөт, же ижмада чечмелен-
беген кайсы бир маселеге, араларындагы максат биримдигинен улам
бул булактардын биринде орун алган теманын өкүмүн берүү дегенди
билдирет.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “(Мурас калтыруучусун
өлтүргөн) канкор мурасчы боло албайт.” (Абу Давут, Дият, 18; Ахмед б.
Ханбал, 1/49; Дарими, Фераиз, 41). Мунун себеби, мурасчы болгон канкордун
тез арада мураска ээ болуу үчүн тыюу салынган бир ишти, б.а. өлтүрүү
ишин араачы катары колдонушу менен байланыштуу. Мына ушундайча
ал да мурастан куру калтырылып жазаландырылууда.
Ислам укукчулары ушул эле себеп өздөрүндө болгону үчүн мурас
калтыруучу кишисин өлтүргөн мураскор да мурастан куру каларына
өкүм кылышкан.
Мына дин менен байланыштуу өкүм-жоболордун далилдери жана
негиздери булар. Булардын ичинен алгачкы экөө, б.а. Куран менен
сүннөт динде негизги булактар. Ал эми калган экөө, б.а. ижма жана
кыяс Куран менен сүннөткө таандык.

13
Ниса сүрөсү, 115-аят.

24
ЫЙМАН
Ыйман – сөздүктөгү мааниси боюнча кабылдоо, кандайдыр бир
нерсеге так ишенүү.
Ал эми диний термин катары ыйман – пайгамбарыбыздын Алла
таала тарабынан кабар бергени так билинген нерселердин туура экен-
дигине чын жүрөктөн ишенүү.
Ыйман ижмали жана тафсили болуп экиге бөлүнөт:
а) Ижмали (жалпы) ыйман: Ыйман келтириле турган нерсе-
лерге кыскача жана жалпы ишенүү. Тавхид келмеси менен Шахадат
келмесин ачык айтып, жүрөгү менен кабылдаган киши кыскача жана
жалпы ыйман келтирген болот.
б) Тафсили (толук) ыйман: Бул да ыйман келтириле турган нер-
селердин ар бирине өз-өзүнчө ишенүү. Алла таалага, периштелерине,
китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, өлгөндөн кийин тири-
лүүгө, бейиш менен тозокко, кырсык жана тагдырга өз-өзүнчө ишенүү
бул бөлүмгө кирет.
Ыйманда негизги нерсе жүрөк менен кабылдоо. Бир киши Алла
тааланы жана Анын пайгамбарлары аркылуу жиберген нерселерин жү-
рөгү менен кабылдап, туура экендигине чын жүрөктөн ишенсе, момун
болот. Ал эми ачык айтуу момун экендигинин адамдар тарабынан би-
линиши жана адамдардын анын ишенгенине күбө болушу үчүн керек-
түү. “Ыйман – тил менен ачык айтуу, жүрөк менен кабылдоо” деген
нуска сөз ошон үчүн айтылган. Демек, жүрөгү менен кабылдаган киши
Алла тааланын алдында момун болуп саналат.
Андай болсо ыймандын негизги тиреги – жүрөк менен кабылдоо.
Ушул себептен жүрөгүндө күмөн жана арсардык болгон киши Шахадат
келмесин келтирсе да, Алла тааланын алдында момун эмес.
Мындан сырткары ыйман бир бүтүндүк болуп, бөлүнүүнү кабыл-
дабайт. Башкача айтканда, ишенилиши зарыл болгон нерселердин бир
бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн кабыл албоого болбойт.
Тавхид келмеси жана Шахадат келмеси
Тавхид келмеси:

‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ
‫جا‬ ‫ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
‫جا ُم ِهّٰللّ ٌدل ر ُمص ُم‬
“Алладан башка теңир жок. Мухаммед (а.с.) Алланын расулу”
деген сөз. Мунун мааниси Ислам дининин ишеним негиздерин камтый
турганчалык кеңири. Алла тааланын бар экендигине, Андан башка иба-

25
дат кылына турган бир жаратуучунун жок экендигине жана Ал тарабы-
нан жиберилген бардык нерселердин чындык экендигине ишенүү болуп
саналат. Азирети Мухаммеддин пайгамбарлыгын кабылдоо да Анын
кабар берген нерселеринин туура экендигине ишенүү дегенди билди-
рет. Ушул себептен Тавхид келмеси жүрөктөгү ишенимдин тышкы бел-
гиси болуп эсептелген.
Мындан сырткары Шахадат келмеси да бар, ал да төмөнкүдөй:

‫ ُمل ج ْسْ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ج ْسع‬


ٗ‫ٌُم ُم‬ٛ‫ ر ُمص‬ٚ ٖ‫ ُمل ج ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ْسر ُمل ُم‬ٙ‫ ج ْسع‬ٚ ‫جا‬
“Алладан башка теңирдин жок экенине мен күбө боломун. Ошон-
дой эле Мухаммед алайхис-саламдын Анын кулу жана расулу экенине
да күбө боломун.”
Булардын ичинен бирөөнү тили менен ачык айтып, жүрөгү менен
кабылдаган киши ыйман келтирген жана момун болуу кадырына ээ
болгон болот.
Ыйман менен амал арасындагы байланыш
Алла таалага жана азирети Мухаммеддин Алла тааладан алып
келип, кабар берген нерселерине чын жүрөктөн ишенген киши момун
болот. Мындай киши кандайдыр бир себептен улам ибадат милдетин
кылбаса жана арам болгон нерселерден сактанбаса деле ыйманын жо-
готкон болбойт. Анткени ыйман менен амал бири-биринен бөлөк нер-
селер. Башкача түшүндүргөндө амал ыймандын бир бөлүгү эмес.
Муну бир мисал менен түшүндүрөлү. Бир күндө беш маал намаз
окуу – момундарга парз, б.а. Алла тааланын буйругу. Намаздын парз
экендигине ишенсе да, жалкоолугунан улам аны окубаган киши динден
чыкпайт. Тек гана Алла тааланын буйругуна баш ийбегендиги үчүн кү-
нөөкөр болот.
Амал ыймандын бир бөлүгү болбосо да, ыйман менен амал ара-
сында абдан тыгыз байланыш бар. Алла чыныгы момундарга гана
ыраазы болот. Чыныгы момун болуу үчүн да ыйман менен бирге ибадат
кылуу жана мыкты адеп-ахлакка ээ болуу керек.
Ибадат – ыймандын бир көрсөткүчү, мындай экендигинде эч кан-
дай күмөн жок. Тек гана ишендим деп айтуу жетиштүү эмес. Жүрөк-
төгү ыймандын жарык нурунун өчпөшү үчүн ибадат зарыл. Алла таала-
нын буйруктарын орундатып, тыюуларынан сактануу ыйманды кубат-
тандырат. Ибадат милдетин аткарбаган кишинин жүрөгүндөгү ыйман
акырындык менен начардайт жана бир күнү анын жарык нуру өчүп
калышы мүмкүн. Бул болсо адам үчүн эң чоң жоготуу болуп саналат.

26
Чыныгы ыйман жана анын кабыл болушунун шарттары
Ыймандын туура жана кабыл болушу үчүн төмөнкүдөй үч шарт
болушу керек:
а) Үмүтсүз калган абалда ыйман келтирүүгө болбойт. Өмүр бою
ишенбеген бир кишинин качан гана жашоодон үмүтү үзүлүп, өлүм
менен бетме-бет келип, тозоктогу орду өзүнө көрсөтүлгөндөн кийин
ыйман келтиришинин эч кандай пайдасы жок.
б) Ишенген бир киши диндин так болгон өкүм-жоболорунан кай-
сы бирөөнү тангандыгын айтпоого тийиш жана жүрүш-турушунда да
муну көргөзбөшү керек. Мисалы, диний өкүм-жоболордон экендиги
так болгон намаз, орозо, ажылык жана зекет сыяктуу бир өкүм-жобону
танган киши ыйманын жоготкон болот. Анткени диндин өкүм-жоболо-
ру бири-бирин толуктап турат. Булардын ичинен бирөөнү эле тануу
бардыгын танууга тете.
в) Мусулман киши диний өкүм-жоболордун бардыгынын мыкты
экенин кабылдашы керек жана булардын арасында бөлүүчүлүк кыл-
башы керек. Диний өкүм-жоболордун ичинен бирөөнү эле жактырбоо
ыймандын жок болушуна себеп болот.
Ыйман – бейпилчилик менен бак-таалайдын булагы
Ыйман – адамдын эң баалуу казынасы. Караңгы менен жарыктын
бирдей болбогону сыяктуу эле ишенген киши менен ишенбеген киши
да бирдей эмес. Алла тааланын алдында жана адамдардын жанында
ишенген (момун) кишинин өзгөчө орду жана кадыр-баркы бар. Алла
тааланын момун кулдарын өзгөчө сүйгөнү сыяктуу эле адамдардын
ишенимине киргендер да ушул момун адамдар болот.
Ыймандуу киши бейпил жана бак-таалайлуу киши болуп саналат.
Анткени ишенген киши бир күнү Алла тааланын алдында кылгандары-
нын эсебин берерине ишенгендиги үчүн Алла тааланын жана адамдар-
дын, ал тургай башка жандуулардын алдындагы милдеттерин эң мыкты
орундатууга аракет кылат. Ишинде жана сөзүндө чеги менен болот. Ар
кандай аша чапкандыктан сактанат. Үй-бүлөсүнө, чөйрөсүнө, бардык
кишилерге жана жан-жаныбарларга да мээрим жана ырайым көрсөтөт.
Кырсыктардын алдында өзүн жоготпойт, үмүтсүздүккө кабылбайт,
Алла таалага сыйынат жана ишенет. Мына ушулардын баары адамдын
бейпил жана бактылуу болушун камсыз кылат.
Кабылдаган жана танган кишилер
Адамдар ыйманы (ишеними) боюнча үч түргө бөлүнөт:
а) Момун: Алла таалага жана пайгамбарына ишенген, пайгамбар-
дын Алла тааладан алып келген нерселеринин бардыгынын туура

27
экендигин чын жүрөктөн кабылдаган жана бул ишеничин ачык айткан
киши.
б) Каапыр: Исламдын ыйман негиздерин кабылдабаган, башкача
айтканда Алла таалага жана пайгамбарына ишенбеген киши.
в) Мунапык (эки жүздүү): Алла таалага жана пайгамбарына
ишенгенин айтып, момун караты көрүнсө да, чын жүрөктөн ишенбеген,
ичи менен тышы башка болгон киши.
Ыймандын негиздери
Ыймандын алты негизи бар жана булар Ааманту сүйлөмүндө
топтолгон. Ааманту төмөнкүдөй:

‫ ع ِب ِهّٰللل ِبٖ ِبِٓ ِهّٰلل ِب‬ٚ ٖ‫ ذِبح ْسٌمل ِبر ْس ِب ِب‬ٚ ‫ ِبَ ْسجا ِب ِبل‬ٛ‫ ج ْسٌح ْس‬ٚ ٗ‫ ُمر ُمص ِبٍ ِب‬ٚ ٗ‫ ُموطُم ِبر ِب‬ٚ ٗ‫ ٍِ ِبثى ِبط ِب‬ٚ ‫حا‬
‫جا‬ ‫جِ ْسٕ ُمص ذِب ِهّٰلل ِب‬
ٚ ٖ‫ ُمل ج ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ْسر ُمل ُم‬ٙ‫ ج ْسع‬ٚ ‫جا‬‫ ُمل ج ْسْ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ ِبش ق ِهّٰلل ٌدك ج ْسع‬ٛ‫ع ذ ْسعل ج ْسٌّ ْس‬ ‫ج ْسٌر ْسع ُم‬ٚ ٌٝ‫ضعح‬
ٗ‫ٌُم ُم‬ٛ‫ر ُمص‬
Мааниси:
“Мен,
* Аллага,
* Алланын периштелерине,
* Алланын китептерине,
* Алланын пайгамбарларына,
* Акырет күнүнө,
* Тагдырга, жакшылык менен жамандыктын Алланын жараты-
шы менен болгонуна ишендим.
Өлгөндөн кийин тирилүү – бир акыйкат. Алладан башка теңир-
дин жок экенине мен күбө боломун. Ошондой эле Мухаммед алайхис-
саламдын Анын кулу жана расулу экенине да күбө боломун.”
Эми булардын ар бирин өз алдынча түшүндүрөлү.

28
АЛЛАГА ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ
Эрезеге жетип, акыл-эси толгон ар бир эркек жана аял кишиге эң
биринчи парз болгон нерсе – Алла тааланы билүү жана Ага ишенүү.
Алла таала бар. Анын бар экендигин түшүнүү жана билүү үчүн
өзүбүзгө, ааламга жана ааламдагы жаратылыш кубулуштарына жана
бардык нерсенин орду ордуна коюлганына байкоо салуу жетиштүү.
Ааламда эч бир нерсе өзүнөн-өзү эле жаралып калган эмес. Сөз-
сүз түрдө аны жараткан жана ага калып берген бирөө бар. Кийген кийи-
мибиз, колдонгон буюмубуз жана жашаган үйүбүз, түшкөн унаабыз,
булардын бардыгынын бир устасы жана жасаганы бар. Ушул сыяктуу
бизди, бүткүл жандууларды, ааламды жана ааламдагы абдан ыраттуу
бул тартипти, албетте, жасаган жана жараткан бирөө бар. Мына ошол
жаратуучу – Алла таала. Бизди жараткан жана жашаткан – Ал. Бизди
өлтүрүп, кайра тирилте турган да кайра эле – Ал. Ошондуктан биз үчүн
биринчи милдет – Ал улуу жаратканды таануу жана Ага ишенүү.
Алла таала бар жана бирөө гана. Андан башка жараткан жок.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ُُ۟‫ح‬
‫جٌلق ُم‬ ‫ ِهّٰلل‬ٛ‫جقِب ٌدل ا ٓ ِبجٌٗ ِبج ِهّٰللا ُ٘م‬ٚ ‫ى ْسُمُ ِبجٌٌٗد‬ٙ‫ ِبجٌ ُم‬ٚ
‫جٌل ْس ُمٓ ِهّٰلل‬
“Жаратканыңар бир гана теңир. Андан башка теңир жок. Ал –
мээрмaн жaнa ырaйымдуу.”14
Ааламдагы ырааттуу тартип жана табияттагы кубулуштардын
бири-бирине ылайыктуулугу – Алла тааланын бирөө экендигине, Анын
эч кандай түгөйү жана теңинин жок экендигине ачык далил.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ْٛ‫جا ر ِب ِهّٰللخ ج ْسٌع ْسل ِبط ِهّٰللّح ِب فُم‬ ‫سٌد ِبج ِهّٰللا ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ّح ٓ جٌِب‬ٙ‫ وحْ ح ِب‬ٛ‫ٌ ْس‬
‫جا ٌفضلضح ُمض ْسركحْ ِهّٰلل ِب‬
“Эгерде aсмaндa жана жерде Алладан башка теңирлер бол-
гондо, жер менен көк сөзсүз түрдө бузулуп кетмек. Демек, Арштын
ээси болгон Алла алар жараштырган сапаттардан алыс.”15
Алланын сыпаттары
Алла таала сыпаттары менен билинет жана таанылат. Ыйык
Куран Алла тааланын сыпаттарын билдирген. Анткени Алла тааланын
өзүн түшүнүп аңдашыбыз мүмкүн эмес. Ансыз да, Алла таала бизди
мындан жооптуу деп эсептеген эмес.

14
Бакара сүрөсү, 163-аят.
15
Анбия сүрөсү, 22-аят.

29
Алла тааланын сыпаттары затий жана субутий болуп экиге бө-
лүнөт. Булардын алтоо – затий сыпат, сегизи – субутий сыпат болуп,
жалпысынан 14 сыпаты бар.
Затий (Алла затына гана тиешелүү) сыпаттар: Вужуд, Кыдам,
Бакаа, Вахданият, Мухалафатун лил-хаваадис, Кыям бинафсихи.
Субутий (Аллага жана чектелүү бир бөлүгү адамдарга таандык)
сыпаттар: Хаят, Илим, Сами, Басар, Ирада, Кудурет, Калаам, Таквин.
Булардын кыскача маанилери мындай:
Затий сыпаттар
Вужуд (тулку-бой, турпат): Бар болуу дегенди билдирет. Алла
таала бар жана бар экендиги затынын зарылдыгы. Ушул себептен
Жанабы Акка “Важибу'л-вужуд” деп айтылат. Алла таала бар болууда
жана бар экендигин улантууда эч нерсеге муктаж эмес.
Кыдам (башталгычы болбогон): Алла таала түбөлүктүү, башкача
айтканда бар болушунун башталгычы жок. Бул мезгилде жок эле да,
андан кийин бар болду деп айтууга болбойт. Бар экендигинин баш-
талгычы – бизбиз. Ал эми Алла таала али эч нерсе жок болгон учурда
эле бар болчу.
Бакаа (түбөлүктүүлүк): Алла тааланын бар болушунун чеги жок.
Мисалы, биз белгилүү бир мөөнөттөн кийин жок болобуз. Алла таала-
дан башка бардык нерсенин белгилүү бир мөөнөттөн кийин жашоосу
аяктайт. Ал эми Алла таала эч качан өлбөйт жана дайыма бар болот.
Ыйык Куранда да мындай деп буюрулган:

‫و ِهّٰللُمُمً ع ْس ٍء ٘حٌ ٌد‬


ْٛ‫ ِبجٌ ْسح ِبٗ ضُم ْسلؾ ُمع‬ٚ ُ‫ُٗمُۜ ٌُٗم ج ْسٌ ُمك ْسى ُم‬ٙ‫ ْسؾ‬ٚ ‫ِبه ِبج ِهّٰللا‬
“Алланын өзүнөн башка бардык нерсе жок болот. Өкүм
Аныкы жана силер Ага кайтарыласыңар.”16
Вахданият (теңирдин жалгыздыгы): Алла таала бирөө гана.
Ыйык Курандын эң кыска сүрөлөрүнөн бири болгон Ихлас сүрөсүндө
мындай деп буюрулган:

‫۝‬ ‫ًنج جق ٌدل‬ٛ‫ٌ ْسُ ى ْسُمٓ ٌُٗم ُموفُم‬ٚ ‫ٌ ْس ْۙل ۝‬ٛ‫ٌ ْسُ ُم‬ٚ ‫ا جٌ ِهّٰلل ّ ُمل ۝ ٌ ْسُ ِبٍ ْسل‬ ‫ ِهّٰلل ُم‬ٛ‫لُم ْسً ُ٘م‬
‫جا جق ٌدل ۝ ج ِهّٰلل ُم‬
“(Оо, Мухаммед!) Айт: “Ал – Алла, бирөө гана.” Алла самат
(бардык нерсе Ага муктаж, Ал эч нерсеге муктаж эмес). Андан бала
болгон эмес (Эч кимдин атасы эмес). Өзү да туулган эмес (эч кимдин
баласы эмес). Эч нерсе Ага тең жана окшош эмес” (Ихлас сүрөсү, 1-4-
аяттар).

16
Касас сүрөсү, 88-аят.

30
Алла таала заты боюнча бирөө гана, үлүшү жана бөлүгү жок.
Сыпаттары боюнча да бирөө гана, түспөлдөшү жана теңи жок. Иштери
боюнча да бирөө гана, түгөйү жана шериктеши жок.
Мухалафатун лил-хаваадис (жаратылгандардын эч бирине ок-
шобоо): Кийинчерээк жаратылган нерселерге окшобойт деген сөз. Алла
таала жаратылгандардын эч бири менен түспөлдөш эмес. Ал бардык
нерсеси боюнча теңдешсиз. Ыйык Куранда мындай деп буюурулган:

‫ُم‬ ‫جٌضّح ُم ج ْسٌر‬


‫ ِهّٰلل‬ٛ‫ُ٘م‬ٚ ‫ٌ ْسحش و ِبّ ْسػٍِبٗ ع ْس ٌدء‬
“Алла эч нерсеге окшобойт. Ал угат жана көрөт.”17
Кыям бинафсихи (бар болгону үчүн башка бирөөгө муктаж
болбоо): Алла таала заты менен бар. Бар экендиги затынын зарылдыгы
болуп, башкасынан эмес.
Субутий сыпаттар
Алла тааланын субутий сыпаттары да булар:
Хаят (өмүр): Алла таала чыныгы жана түбөлүктүү жашоосу
менен тирүү. Ар бир жандууга Ал жашоо берет. Ыйык Куранда мындай
деп буюрулган:

َ‫ ُم‬ٛ‫ ج ْسٌك ِهّٰللُم ج ْسٌمحِهّٰللُم‬ٛ‫ا ا ٓ ِبجٌٗ ِبج ِهّٰللا ُ٘م‬


‫ج ِهّٰلل ُم‬
“Алла! Андан башка теңир жок, Ал – тирүү жана дайыма
жараткандарын көрүп көзөмөлдөйт.”18
Илим: Билүү дегенди түшүндүрөт. Алла таала жерде жана көктө
болгон бардык нерсени билет. Ал гана эмес адамдын көңүлүндө жа-
шыргандарын да билет. Анын билбеген эч нерсеси жок. Аалам жана
ааламда болгон бардык нерсе боло электе алардын баарын, кандайча
жана качан боло турган болсо, ошондой билет.
Сами (угуу): Эшитүү деген сөз. Алла таала бардык нерсени, алыс
жана жакын дебестен угат. Ал тургай ичибиздеги шыбырларды да угат.
Угуу үчүн кулакка муктаж эмес.
Басар (көрүү): Көрүү дегенди билдирет. Алла таала бардык нер-
сени көрөт. Ал нерсенин алыста жана жакында болушу менен жабык-
ачык, жарык жана караңгы, кичине жана чоң болушунун айырмасы
жок. Биздин кай жерде жана эмне кылганыбыздын баарын көрөт. Көрүү
үчүн биз сыяктуу көзгө муктаж эмес.

17
Шура сүрөсү, 11-аят.
18
Бакара сүрөсү, 255-аят.

31
Ирада (эрк): Каалоо дегенди түшүндүрөт. Алла таала каалайт жа-
на каалаганын кылат. Каалаган бардык нерсесин кылууда кыйынчылык
тартпайт жана кандайдыр бир жардамчыга да муктаж болбойт.
Бул тема менен байланыштуу ыйык Куранда мындай деп бую-
рулган:

ْ‫ ُم‬ٛ‫ي ٌُٗم و ْسُمٓ حىُم‬ٛ‫ِبجٔ ِهّٰللّح ٓ ج ْسِ ُمل ُمٖ ٓ ِبج جٓ جرج ع ْسح ًن ح ج ْسْ مُم‬
“Алла бир нерсени каалаган мезгилде, Анын буйругу тек гана
“бол”деп айтуу, дароо болот.”19
Кудурет: Күч жеткирүү деген сөз. Алла тааланын бардык нерсеге
күчү жетет. Күчүн жеткире албай, кыйнала турган эч нерсеси жок.
Калаам (сөз): Айтуу дегенди билдирет. Алла таала тамга жана
тыбышка муктаж болбостон сүйлөйт. Ыйык Куран жана башка те-
ңирдик китептер – Анын сөзү. Алла таала пайгамбарларга жана периш-
телерге каалаганын айткан жана угузган.
Таквин (жаратуу): Жаратуу деген сөз. Ааламды жана ааламдагы
бардык заттарды жараткан, жашаткан жана багып чоңойткон – Ал. Ан-
дан башка жаратуучу жок.
Мына ушулар Алла тааланын сыпаттары болуп, бул сыпаттары
менен Алла таала билинет жана таанылат. Алла таалага ишенүү бул
сыпаттардын Алла тааланын өзү менен дайыма бар экендигине ишенүү
дегенди билдирет.
Алла таала сҥйҥҥсҥ
Сүйүүлөрдүн эң бийиги Алла таала сүйүүсү болуп саналат.
Ата-энебизди сүйөбүз. Анткени алардан ызаат жана сүйүү көрүп,
мээрим жана ырайым толгон канаттары астында чоңойдук. Бизди өстү-
рүп, турмушка даярдап жатышканда эч качан жандарын аяшкан жок.
Ушул себептен биз аларды сүйөбүз.
Алла тааланы эмне үчүн сүйбөйлү?
Ойлонуп көрөлүчү, бизди жараткан жана чексиз ырыскыларды
берген ким? Тулку-боюбузду акыл-эс жана аң-сезим сыяктуу жогорку
деңгээлдеги сапаттар менен менен курчатып, башка жаратылгандарды
кызматыбызга берген ким? Эч шексиз – Алла таала. Андай болсо сү-
йүүгө эң көп татыктуу болгон да – Ал. Ушул себептен аны бардык нер-
седен артык сүйүшүбүз керек.
Алла тааланы сүйүү Аны билүүгө жана таанууга байланыштуу.
Анткени адам билген жана тааныганын гана сүйө алат. Ошондуктан

19
Ясин сүрөсү, 82-аят.

32
Алла тааланы сүйгөндөр тек гана Ага ишенгендер болот. Чындыгында
ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫جٓ جع ِهّٰللُمل‬ٛ‫جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٚ ‫جا‬


ُۜ ‫د ِهّٰلل ِب‬ ‫ِْب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ ِبِٓ جٌِٕهّٰلل ِبحس ِ ْسٓ طِهّٰلل ِب ُم ِبِ ْسٓ ُم‬ٚ
‫ ْسُ و ُمك ِب ِهّٰلل‬ٙ‫ٔ ُم‬ٛ‫جا جْٔسلج ًنج ُمُي ِهّٰللِبرُم‬
‫ُمق ِهّٰللرًنح ِب ِهّٰلل ِب‬
ُۜ‫ا‬
“Адамдардын арасында Алланы таштап, Ага издеген шерик-
терди теңир катары менчиктеген жана аларды Алланы сүйгөнсүп
сүйгөндөр бар. Ал эми момундардын Аллага болгон сүйүүсү барды-
гынан күчтүү.”20
Алла тааланы кантип сүйүшүбүз керек?
Алла тааланы сүйөбүз деп айтуу жетиштүү эмес. Мунун бир бел-
гиси болуш керек. Ал жиберген жана милдеттендирген акыркы пайгам-
бары азирети Мухаммедди ээрчүү болуп саналат. Анын изи менен
жүрүү жана бийик адеп-ахлагынан таалим алуу. Бул ошол эле мезгилде
Алла тааланын буйруктарына баш ийип, тыюу салган нерселеринен
сактануу дегенди түшүндүрөт. Бул тема боюнча ыйык Куранда мындай
деп буюрулган:

‫ ُم ْسُي ِبر ْسرى ُمُمُ ِهّٰلل ُم‬ٝٔٛ‫ْ ِهّٰللجا حض ِهّٰلل ِبر ُمع‬ٛ‫لُم ْسً ِبج ْسْ ُمو ْسٕ ُمط ْسُ ُم ِبُت ِهّٰللرُم‬
‫ ِهّٰلل ُم‬ٚ ُ‫ذى ْس ُُۜم‬ٛ‫ ْسغف ْسِبل ٌى ْسُمُ ُمُٔم‬ٚ ‫جا‬
‫رٌد‬ٛ‫جا فُم‬
ُ‫ح‬
‫رق ٌد‬
“Оо, Мухаммед, айт: “Алланы сүйсөңөр мени ээрчигиле, Алла
да силерди сүйсүн жана күнөөлөрүңөрдү кечсин. Алла кечирим кы-
лат жана ырайым этет.”21
Демек адамдын тек гана Алла тааланы сүйөм деп айтышы же-
тиштүү эмес. Алла тааланы сүйүү Анын пайгамбарын да сүйүү дегенди
билдирет. Ал эми пайгамбарын сүйүү – ар бир кыймыл-аракетинде аны
үлгү кылуу жана сүннөткө баш ийүү.
Бир киши сүйгөнүн унутпайт. Алла тааланы сүйгөндөр да Аны
унутпайт, дайыма эскерип жүрүшөт. Бир кишинин сүйгөнүн тез-тез
эскериши жана Анын көңүлүнө жага турган кыймыл-аракеттерди жаса-
шы абдан табигий көрүнүш.
Алла тааланы эскергендерди Ал да эскерет. Анткени Алла таала
өзү үчүн жасалган эч бир нерсени жоопсуз калтырбайт. Аны сүйгөндү
Ал да сүйөт. Андан суранганды Ал бош кайтарбайт. Ага ишенгенди
коргойт жана жогорулатат. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

20
Бакара сүрөсү, 165-аят.
21
Али Имран сүрөсү, 31-аят.

33
ُ‫ ج ْسو ْسُملو ْسُم‬ٝٓ ٔٚ‫ح ْسو ُمُمل‬
“Силер мени эскергиле, мен да силерди эскерейин.”22
Алла таала коркуусу
Алла таала бизге кан тамырыбыздан дагы жакын. Бизди ар дайым
жана бардык жерде көрүп көзөмөлдөп, кылгандарыбызды билүүдө.
Жердеги жана көктөгү эч нерсе Ага жашыруун эмес. Эч ким көрө албай
турган жабык жана ээн жерлерде кылгандарыбызды көрөт, айткандары-
бызды угат. Ал тургай акылыбыздан өткөндөрдү да биле алат. Бир күнү
кылган-эткендерибиз боюнча бизди суракка алат. Жакшы иш кылган-
дарды сыйлайт, жаман иш кылгандарды болсо жазаландырат. Анын ал-
дында дүйнөдө кылгандарыбыздын эсебин берип жатканда, кайсы бир
нерсебизди жашырышыбыз мүмкүн эмес.
Алла таалага ушундайча ишенген киши албетте, Андан коркот
жана Ага терең урмат көрсөтөт.
Алла тааладан коркуу Анын буйруктарына баш ийип, тыюу сал-
ган нерселеринен сактануу дегенди түшүндүрөт.
Алла таала коркуусу дүйнө жана акырет бакытынын пайдубалы.
Алла тааладан корккон киши чеги менен кыймыл-аракет жасайт. Ар
бир ишинде чынчыл болууга жана бардык адамдарга жакшы мамиле
кылууга аракет кылат. Күнөө иштебегенге жана бардык кишилер менен
жакшы мамиледе болууга күч жумшайт. Адамдарга гана эмес, бардык
жандууларга мээрим көргөзөт. Анткени кылган ар бир ишин Алла
тааланын көргөнүн жана бир күнү буларды өзүнөн сурай турганын
билет.
Алла таала коркуусу адамды Аллага жакындаштырат, Анын
ыраазычылыгына ээ болушуна жана бейишке киришине түрткү болот.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ُٜۜٚ‫ْۙ ۝ ِبح ِهّٰللْ ج ْسٌؿِٕهّٰللس ِ٘ب ج ْسٌّحْس‬ٌٜٛٙ‫ جٌِٕهّٰلل ْسفش ِبٓ ج ْس‬ٝٙٔٚ ٗ‫ج ِهّٰللِح ِ ْسٓ حف ِمحَ رذِب ِهّٰلل‬ٚ
“Ал эми Жараткандын алдында туруудан коркуп, напси каа-
лаган нерселерден өзүн тыйган адамдын бара турган жери – ал-
бетте Бейиш.”23

22
Бакара сүрөсү, 152-аят.
23
Назиат сүрөсү, 40-41-аят.

34
ПЕРИШТЕЛЕРГЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ
Ыймандын шарттарынын бири да – Алла тааланын периштелери-
не ишенүү.
Периштелердин мааниси жана касиеттери
Периштелер – Алла тааланын нурдан жараткан жандыктары.
Аларда (бизде болгондой) эркектик жана ургаачылык жок. Алар жеш-
пейт, ичишпейт, жатып укташпайт, чарчашпайт жана оорушпайт. Алла
тааланын каалаганындай жашашат. Жерде, көк жүзүндө жана бардык
жакта болушат. Адамдар менен дайыма бирге болгондору да бар.
Периштелер Алла тааланын ар бир буйругун эч кемчиликсиз түр-
дө аткарышып, тыюу салган нерселеринен сактанышат. Күнү-түнү Ага
ибадат кылышып, дуба окуп жалбарышат.
Периштелер абдан күчтүү жана ылдам жүргөн жандуулар. Биз-
дин кыла албагандарыбызды алар оңой эле кылышат жана жете албаган
жерлерибизге абдан тез жетишет. Милдеттери ар түрдүү болгон периш-
телердин санын Алла таала гана билет.
“Эмне үчүн периштелерди көрө албайбыз? Периштелер бар бол-
гонуна караганда аларды көрүшүбүз керек эмеспи?” деген суроолор
туулушу мүмкүн. Ооба, периштелер бардык жерде болгонуна карабас-
тан, биз аларды көрө албайбыз. Анткени алар нурдуу жандыктар. Ал
эми биздин көздөрүбүз аларды көрө ала тургандай калыпта жаратылган
эмес. Анын үстүнө биз аларды гана эмес, бар экендиктеринен күмөн
саналбаган дагы көптөгөн нерселерди да көрө албайбыз. Рухубуз көрө
албаган нерселерибизден бири. Рухубузду көрө албайбыз, бирок бар
экендигине ишенебиз. Бар болгон ар бир нерсенин көрүнүшү да зарыл
эмес.
Мына, периштелер да рухубуз сыяктуу, көзгө көрүнүшпөйт. Алла
таала биз көрө албаган периштелерди пайгамбарларга көрсөтүп, алар
аркылуу пайгамбарлар Алла тааладан кабарлар алышып, Алла таала-
нын сөздөрүн угушкан. Ыйык Куран да пайгамбарыбызга ушундайча
келген жана Куранда алардын бар экендиктери билдирилген. Ошон-
дуктан биз периштелерди көрбөсөк да, аларга ишенебиз.
Периштелерге ишенҥҥнҥн пайдалары
Ыймандын негиздери адамдын жашоосунда өзүнө жол көрсөткүч
кыла турган жана дайыма кыймыл-аракеттерин ага баш ийдире турган
принциптер. Ошондуктан периштелерге ыйман келтирүү абдан чоң
мааниге ээ. Анткени периштелер – адамды жакшылыкка үндөгөн бир

35
каражат. Буга ишенген киши өзүн жакшылыкка үндөгөн ар бир үнгө
кулак төшөйт жана чакырылган жерге барат.
Мындан сырткары айрым периштелер ар дайым адамдар менен
кошо жүрүшүп, адамдын кылган жакшылыктары менен жамандыкта-
рын жазышат. Ушул себептен ыймандуу адам сөздөрүнө жана кыймыл-
аракеттерине көңүл буруп жүрөт. Ошондой эле кылгандарын жазган
периштелердин жакшы нерселерди жазышы үчүн абайлап жүрөт жана
ар бир ишинде чынчыл болууга тырышат.
Улук периштелер жана милдеттери
Жебирейил алайхис-салам: Алла тааладан пайгамбарларына
вахий жана китеп алып келген, башкача айтканда чабармандык кылган
периште.
Микайил алайхис-салам: Табият кубулуштары менен байла-
ныштуу милдеттери болгон периште.
Исрафил алайхис-салам: Кыяматтын башталышы жана адам-
дардын өлгөндөн кийин кайрадан тирилиши үчүн “Сур”га үйлөө менен
милдеттендирилген.
“Сур” сөзүнүн мааниси сурнай, үйлөгөндө үн чыгарган мүйүз де-
генди түшүндүрөт. Исрафил алайхис-салам Алла таала белгилеген күнү
“Сур” деп аталган бир сурнайга үч жолу үйлөйт. Биринчи жолу үйлө-
гөндө Алланын каалагандарынан сырткары көк жүзүндө жана жер бе-
тинде болгондор коркунучка кабылышат (Немл сүрөсү, 27/87). Экинчи
жолу үйлөгөндө Алла тааланын каалагандарынан сырткары жер менен
көктө ким болсо, бардыгы өлөт (Зумар сүрөсү, 39/68). Үчүнчү жолу
үйлөгөндө болсо өлгөндөр макшарда чогулуу үчүн тирилишет (Зумар
сүрөсү, 39/68).
Азирейил алайхис-салам: Адамдардын жанын алуу үчүн мил-
деттендирилген периште.
Мындан сырткары ар дайым адамдар менен кошо жүргөн жана
адамдардын кылган жашылыктары менен жамандыктарын жазган пе-
риштелер да бар. Буларга “Кираман-Кетибин” (жазуучу периште) деп
айтылат.
Периштелердин айрымдары да өлгөндөн кийин адамдарга суроо
сурашат. Буларга да “Мүңкүр-Нанкир” деп айтылат. Экөөнө бир мез-
гилде “Мүңкерейн” деп да айтылат. Билинишпегени жана таанылыш-
паганы үчүн бул ат менен аталышат.
Жин жана шайтан
Периштелерден сырткары Алла тааланын жин жана шайтан сыяк-
туу биз көрө албаган, бирок бар экендиктери талашсыз болгон жандык-

36
тары бар. Булардын бар экендигинен ыйык Куран кабар берген. Ыйык
Курандын ар бир кабары сыяктуу бул кабары да туура.
Жин адам баласынан мурда жаратылган. Жиндер Алла тааланын
уруксаты менен ар түрдүү түспөлдөргө киришет. Алла тааланын урук-
саты болбосо, эч кимге зыян бере алышпайт.
Жиндер да биз адамдар сыяктуу Алла тааланы таанып, Ага ибадат
кылууга милдеттүү болушат. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ ْس ِب‬ٚ ٓ‫ِح ٍ ْسم ُمص ج ْسٌ ِبؿ ِهّٰلل‬ٚ


‫ِْب‬ٚ‫جأْسش ِبج ِهّٰللا ٌِبح ْسع ُمر ُمل‬
“Мен жиндерди жана адамдарды мага ибадат кылышсын деп
жараттым.”24
Ошондой эле ыйык Куран жиндердин бир бөлүгүнүн пайгамба-
рыбызды Куран окуп жатканда угушуп, ыйман келтиришкенин, андан
кийин да муну башка жин жамааттарына кабар беришкенин билдирет.25
Шайтан да  жиндерден болуп, көзгө көрүнбөгөн жандыктардын
бири. Шайтан алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар Адам алайхис-
саламдан мурда жаратылган. Узун мөөнөт Алла таалага ибадат кылып,
периштелердин арасында орун алган.
Алла таала Адам алайхис-саламды жаратканда, периштелерге
анын алдында жыгылууларын буюрат. Бардык периштелер бул буйрук-
ка баш ийишип, Адам алайхис-саламдын алдында жыгылышат. Ал эми
шайтан бул буйрукка баш ийбей: “Мен андан дагы пайдалуумун, ант-
кени мени оттон жараттың, аны болсо ылайдан жараттың,”26 –
деп, Адам алайхис-саламга жыгылган эмес.
Ушундан кийин Алла таала: “Андай болсо бул жерден чык, ант-
кени эми куулдуң,”27 – деп буюруп, аны ырайымынан алыстатат. Шай-
тан Алла тааладан адамдар тириле турган күнгө чейин жашоого урук-
сат сурайт жана бул да ага берилет. Мындан кийин шайтан жер жүзүн-
дө жашаган адамдарды бардык мүмкүнчүлүгү менен Алла таалага бар-
ган жолдон алыстатып, жолдон чыгарарын айтып, Алла тааланын алды-
нан кетет.
Куранда “Иблис”деп да аты эскерилген шайтанды Алла таала
адам баласынын душманы катары тааныткан жана ушундайча били-
нишин талап кылган.
Жиндердин ичинен ыйман келтирбегендер да шайтандын жар-
дамчылары болушат.

24
Зарият сүрөсү, 56-аят.
25
Жин сүрөсү, 1-2-аяттар.
26
Аьрааф сүрөсү, 12-аят.
27
Хижр сүрөсү, 34-аят.

37
КИТЕПТЕРГЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ
Ыймандын шарттарынын бири да – Алла тааланын китептерине
ыйман келтирүү.
Алла таала китептерин пайгамбарларына вахий жолу менен тү-
шүргөн. Ошондуктан китептерден мурун вахийдин эмне экенин кыска-
ча баяндап кетели.
Вахийдин (аян, кабар) мааниси жана тҥрлөрҥ
Тилчилердин айтканы боюнча вахий чагылгандан тез жеткен жа-
шыруун кабар, белги жана илхам маанилерин түшүндүрөт.
Вахийдин диний термин катары мааниси – Алла тааланын пай-
гамбарларына каалаган нерсесин өзгөчө бир түрдө билдириши.
Ыйык Куранда (Шура сүрөсү, 42/51) вахийдин түрлөрүнүн ичинен
төмөнкү үчөө тууралуу кабар берилген:
а) Алла таала каалаган нерселерин каалаган пендесинин жүрө-
гүнө түздөн-түз абдан ыкчамдык менен жайгаштырат. Буга “Вахйи
хафи – жашыруун вахий” же “Вахйи гайры метлув – сөз болуп окулба-
ган вахий” деп айтылат. Пайгамбарыбыздын Курандан сырткары “Алла
таала мындай деп буюрган” деген сөзү бул түрдөгү вахийлерден жана
“Хадиси кудси” деп билинет.
Бул боюнча Хадиси кудси’нин маанилери Алла таала тарабынан
пайгамбарына вахий кылынат, ал да буларды өз сөздөрү менен түшүн-
дүргөн.
б) Вахийдин дагы бир түрү – астыртан пайгамбарыбыздын уккан
сөздөрү. Бул түрдөгү вахийде пайгамбар эч нерсе көрбөстөн, өзүнө
билдирилген сөздөрдү угат. Муса алайхис-салам Тур тоосунда дарак-
тын аркасында өзүнө билдирилген Алла тааланын сөзүн ушундайча
уккан.
в) Периште Жебирейил алайхис-саламдын пайгамбарларга алып
келген вахийи. Буга “Вахйи Метлув – окулуп, сөз түрүндө келген
вахий” деп айтылат. Вахийдин эң жогорку даражасы – ушул. Андыктан
вахий дегенде акылга алгач ушул түрү келет. Ыйык Куран пайгамбары-
бызга ушундайча түшүрүлгөн. Башкача айтканда, Жебирейил алайхис-
салам ыйык Куранды сөз түрүндө аят-аят, сүрө-сүрө кылып алып
келген.
Вахий пайгамбарларга гана таандык, пайгамбарлардан башкасы-
на вахий келбейт. Алла тааланын олуя пенделерине айрым учурларда
келген илхам менен вахийди бири-бирине алмаштырбаш керек. Чынды-
гында, олуяларга келген илхам пайгамбарларга келген илхамдан баш-

38
кача. Вахий менен пайда болгон илим так болот. Вахийге баш ийүүгө
бардык кишилер милдеттүү. Пайгамбарлар өздөрүнө келген вахийди
дал өзүндөй кылып угузууга милдеттүү.
Олуяларга келген илхам болсо андай эмес. Илхам вахий сыяктуу
так маалыматты түшүндүрбөйт. Алла таала тарабынан келгени так би-
линген, китеп жана сүннөткө да ылайыктуу болгон илхамга олуянын
өзү баш ийсе да, бул башкалар үчүн далил болбойт. Ал эми Куран
менен сүннөткө терс келген илхамга олуя да баш ийе албайт. Анткени
диний темаларда өлчөм – Куран жана сүннөт.
Вахий жөнүндөгү бул кыскача түшүндүрмөдөн кийин эми китеп-
тер менен байланыштуу маалыматтарга өтөлү.
Ыйык китептер жана баракчалар
Алла таала жараткан адамын жөн таштаган эмес. Анын бул дүй-
нөдө жана акыретте бактылуу болушун камсыз кыла турган жолдорду
пайгамбарлары аркылуу көрсөткөн. Пайгамбарлар да вахий жолу менен
Алла тааладан алгандарын дал өзүндөй билдиришкен. Пайгамбарлар-
дын Алла тааладан алып келгендерин ыйык жана теңирдик китептер
түзөт.
Алла таала тарабынан пайгамбарларга түшүрүлгөн айрым
китептер – бир нече баракчадан гана түзүлгөн чакан китептер. Буларга
“баракчалар” маанисин түшүндүргөн “СУХУФ”, калгандарына да “төрт
чоң китеп” деп айтылат.
Баракчалар:
Адам алайхис-саламга – 10 барак. Шит алайхис-саламга – 50
барак. Идирис алайхис-саламга – 30 барак. Ибрахим алайхис-саламга –
10 барак. Бүгүнкү күндө бул барактардын эч бири жок.
Төрт чоң китеп:
Давут алайхис-саламга – ыйык Забур;
Муса алайхис-саламга – ыйык Тоорат;
Иса алайхис-саламга – ыйык Инжил;
Мухаммед алайхис-саламга ыйык Куран түшүрүлгөн.
Бул китептердин ичинен Давут алайхис-саламга жиберилген
Забурдан бир нече сүрө калган, калгандары жоголуп кеткен.
Тоорат
Бүгүнкү күндө колдонулган Тоораттын Муса алайхис-саламга тү-
шүрүлгөн ыйык китептин дал өзү экендигин айтууга болбойт. Кийин-
черээк башка кишилер тарабынан жазылып, айрым маалыматтар ко-

39
шумчаланган жана жарыяланган бир китеп түрүнө келтирилген. Ичин-
де чыныгы Тоораттан бөлүмдөр да болушу мүмкүн.
Анткени, Муса алайхис-саламдан кийин көптөгөн согуштар ме-
нен Израил уулдары бөлүнүп кетишкен жана эгемендүүлүктөрүн жого-
туп, көптөгөн жылдар бою туткун жашоосун сүрүшкөн. Ошондой эле
Сулайман алайхис-саламдан кийин келген еврей өкүмдарлардын көбү
азирети Мусанын дининен чыгышкан. Ушул себептен Тоораттын түпкү
нускасы толук бойдон сакталып кала алган эмес.
Азирети Мусанын дининен чыккан еврей өкүмдарларынан бири
кийинчерээк кайрадан азирети Мусанын динине кайткан. Мунун
заманында, болжол менен биздин замандан 622 жыл мурун Азра аттуу
бир аял өзүнүн жазган бир китебин Тоорат деп жарыялаган. Мына
бүгүнкү күндө еврейлердин колундагы “Ахди Атик” деп аталган китеп-
тин абалы ушундай. Бул китептин теңирдик китеп катары кабылда-
нышы мүмкүн эмес.
Тоораттын еврей, грек жана самир тилдеринде белгилүү үч нус-
касы бар, булар да бири-бирине шайкеш келбейт. Чындыгында ыйык
Куран да Тоораттын өзгөртүлгөнүн билдирген (Анам сүрөсү, 6/91).
Инжил
Тоорат сыяктуу Инжилдин да түпкү жана чыныгы нускасы жок.
Бүгүнкү күндө христиандардын колундагы “Ахди жедид” деп аталган
китептер Азирети Исага Алла таала тарабынан жиберилген Инжил
эмес. Алар азирети Исадан көп мезгил өткөндөн кийин башка кишилер
тарабынан жазылган китептер болуп эсептелет. Азыркы күнгө чейин
христиандар тарабынан Инжил экендиги кабылданган ал төрт бөлөк
Инжил нускасы бири-бирине шайкеш келбейт. Биринде болгон темалар
экинчисинде орун алган эмес.
Белгилүү болгондой Лука, Матта, Юханна жана Маркос аттуу ки-
шилер жазган төрт Инжил бар. Учурунда булардан сырткары көптөгөн
Инжил нускасы жазылса да, алардын бардыгы б.з. 325-жылы Изникте
жыйналган руханий мажилис тарабынан отко жагылып, ушул төрт нус-
касы гана калтырылган.
Ал эми ыйык Куран болсо, Алла таала тарабынан пайгамбары-
бызга түшүрүлгөн калыбында бузулбай-чачылбай, муундан муунга
өтүп, ооздон оозго айтылып сакталык келген. Бүгүнкү күндө колдо бол-
гон жалгыз ыйык китеп – Куран жана ал кыяматка чейин да эч бир өз-
гөрүүгө учурабастан колдонулат.
Биз мусулмандар Алла тааланын ыйык Курандан мурун Тоорат,
Инжил жана Забур аттуу чоң китептер менен айрым баракчаларды тү-
шүргөнүнө ыйман келтиребиз (ишенебиз). Бирок бүгүнкү күндө колдо

40
болгон бул китептердин бүтүндөй ыйык китеп экендигин кабылдабай-
быз. Анткени булар бузулуп-бурмаланып калган.
Курандын тҥшҥшҥ
Пайгамбарыбызга түшкөн алгачкы аяттар – Курандагы Алак сү-
рөсүнүн алгачкы беш аяты. Бул аяттар пайгамбарыбызга Хира үңкүрүн-
дө жашап жүргөндө түшүрүлгөн.
Пайгамбарыбыз айрым күндөрү үйүнөн чыгып, Меккенин түн-
дүк-чыгышындагы Хира тоосундагы бир үңкүргө барып, кээде бул жер-
де бир нече күн жашап, ибадат кылып, терең ойго чөмүлгөн. Б.з. 610-
жылы бир Рамазан айында үңкүрдө отурган мезгилде периштелердин
эң улугу Жебирейил ага келип, Алак сүрөсүнүн беш аятын алып келет
жана пайгамбар катары милдеттендирилгенин билдирет. Бул аяттар
төмөнкүлөр:

‫۝‬ َْۙ‫رذ ِهّٰللُمه ْسجاوْسل ُم‬ٚ ‫جأْسضحْ ِبِ ْسٓ ٍ ٍك ۝ ِبج ْسللجْس‬
‫ٍك ْس ِب‬ ‫۝‬ ‫ِبج ْسللجْس ذِب ْسحصُِب رذِب ِهّٰلله جٌ ِهّٰلل ي ٍك‬
‫ِهّٰللٍُ ْس ِب‬
ُُۜ‫جأْسضحْ ِح ٌ ْسُ ْسعٍ ْس‬ ‫۝‬ ْۙ ‫جٌ ِهّٰلل ي ِهّٰللٍُ ذِبح ْسٌمٍُِب‬
“(Оо, Мухаммед), жараткан Раббыңдын аты менен оку, Ал
адамды Алактан жаратты. Оку! Сениң Раббың эң жоомарт бол-
гону. Калем менен жазганды үйрөткөн, адамга билбегенин үйрөт-
көн.”
Ыйык Куран дароо эле толугу менен түшкөн эмес. Кыска-кыска
бөлүмдөр (аяттар жана сүрөлөр) түрүндө түшүп, 23 жылда толукталып
бүткөн. Түшкөн бөлүмдөрдү пайгамбарыбыз вахийди жазган катчы-
ларга жаздырып, булар сакабалар тарабынан да жатталган.
Ыйык Курандан ар бир бөлүм түшкөн сайын пайгамбарыбыз кай-
сы жерге жазыларын вахий катчыларына билдирип, алар да аны көрсө-
түлгөн жерге жазышкан. Анткени Курандын аяттары толук түрдө түш-
пөгөнү сыяктуу эле, китепте жазылуу болгон кезеги менен да түшкөн
эмес. Айрым учурда бир сүрө толуктала электе башка бир сүрөгө таан-
дык аяттар түшкөн учурлар да болгон. Чындыгында эле алгачкы түш-
көн аяттар биринчи сүрөдө орун албастан, 96-сүрөгө киргизилген.
Ыйык Курандын бир бөлүгү пайгамбарыбызга Меккеде экенинде
түшүрүлгөн, бир бөлүгү болсо хижраттан кийин Мединада түшкөн.
Меккеде түшкөн сүрөлөргө меккий, Мединада түшкөн сүрөлөргө да
маданий деп айтылат. Бул боюнча Курандын 114 сүрөсүнүн ичинен 87
сүрө Меккеде, 27 сүрө Мединада түшкөн. Бир сүрөнүн кайда түшүрүл-
гөнү ошол сүрөнүн баш тарабында аты менен кошо жазылган.

41
Курандын жазылышы жана китеп тҥрҥнө келтирилиши
Кабар берилген аяттар пайгамбарыбыз жана мусулмандар тара-
бынан жатталган. Бир тараптан да пайгамбарыбыздын буйругу менен
вахийди жазган катчылар тарабынан да жазылган. Төрт калыйпа (Абу
Бекир, Өмөр, Осман жана Али б. Абу Талиб), Зайд б. Сабит, Убейй б.
Каб, Халид б. Абу Суфян пайгамбарыбыздын вахий катчылары катары
милдеттендирген катчылары.
Вахий катчылары Курандын аяттарын жалпак таштарга, далы
сөөктөрүнө, курманын бутактарына жана терилердин үстүнө жазыш-
кан. Анткени ал мезгилде кагаз жок эле. Пайгамбарыбыз түшкөн аят-
тардын туура жазылып жазылбаганын текшерүү үчүн аяттарды вахий
катчыларына кайрадан окуткан. Мына ошентип ыйык Куран пайгамба-
рыбыздын доорунда жазылып жана жатталып сакталган.
Азирети Абу Бекирдин калыйпалыгы заманында Йемамеде жети-
мишке жакын хафиздин шейит кылынышынан кийин калыйпа сака-
балардан вахий катчылыгы милдетин аткарган Зайд б. Сабиттин баш-
чылыгында бир комиссия түзөт. Бул комиссия вахий катчыларынын
жазгандары менен Куран түшүп жатканда аны жаттап калгандардын
айткандарын салыштырып, абдан кылдаттык жана этияттуулук менен
Куранды бир китеп түрүндө топтоп жазышкан.
Китептин нускаларынын көбөйтҥлҥшҥ
Азирети Османдын калыйпалыгы доорунда басып алуулардын
кеңейиши менен айрым жерлерде окуу айырмачылыктары пайда боло
баштаган. Ушул себептен улам калыйпа андан мурдагы азирети Абу
Бекирдин доорунда Курандын китеп түрүнө келтирилишинде абдан чоң
эмгек кылган Зайд б. Сабиттин башчылыгында бир комиссия түзөт. Бул
комиссия азирети Абу Бекир доорунда жазылган жана пайгамбары-
быздын жубайы азирети Өмөрдүн кызы азирети Хафсанын жанында
сакталган түп нусканы алып, жети нуска кылып көбөйткөн. Калыйпа
бул нускаларды ар түрдүү Ислам борборлоруна жөнөткөн жана ушун-
дайча жаңылыш окуунун алдын алган. Ошол доордо жазылган айрым
Куран нускалары бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен.
Мына ушундайча ыйык Куран Алла тааладан пайгамбарыбызга
билдирилгендей калыпта жазылып, китеп түрүнө келтирилип, көптөгөн
мусулмандар тарабынан жатталган жана эч кандай өзгөрүүгө дуушар
болбостон азыркы күнгө чейин келип жетиши камсыз кылынган. “Чын-
дыгында, Куранды Биз түшүрдүк, анын сактоочусу да – Бизбиз,”28 –
деген теңирдик сөз ишке ашкан.

28
Хижр сүрөсү, 9-аят.

42
Курандын өзгөчөлҥктөрҥ
Сөздүктө “окуу” дегенди билдирген Куран “Алла таала тарабы-
нан пайгамбарыбызга түшүрүлгөн, пайгамбарыбыздан баштап муундан
муунга оозеки түрдө өткөрүлгөн жана баракчаларда жазылып калган
ыйык бир китеп” деп аныкталган.
Бул аныктама боюнча ыйык Курандын өзгөчөлүктөрү булар:
1) Куран пайгамбарыбызга тҥшҥрҥлгөн
Ыйык Куран – Алла таала тарабынан Жебирейил аттуу периште
аркылуу пайгамбарыбызга арап тилинде түшүрүлгөн бир китеп. Алла
тааланын сөзү. Аны тилинин көркөмдүк деңгээлине жетүү мүмкүн
эмес. Бул көрүнүш анын теңирдик экендигине ишенбеген арап жазуу-
чулары тарабынан да кабылданган. Ушул себептен Курандын Алла
тааланын сөзү экендигинен күмөн санагандар анын кичинекей бир бө-
лүмүнүн окшошун жаратууга чакырылышкан.
Ыйык Куранда бул маселе менен байланыштуу мындай деп бую-
рулган:

ُ‫لجٓءو ْسُم‬ٙ‫ج ُمع‬ٛ ‫ج ْس ُم‬ٚ ۪ۖٗ‫ر ٍز ِبِ ْسٓ ِبِ ْسػٍِب‬ٛ‫ج ذِب ُمض‬ٛ‫ ر ْس ٍد ِب ِهّٰللمح ٔ ِهّٰللز ْسٌٕح ٰل ْسر ِبلٔح حْسضُم‬ٝ ُ‫ ِبج ْسْ ُمو ْسٕطُم ْس‬ٚ
‫ِْب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ِبِ ْسٓ ُم‬
‫جا ِبج ْسْ ُمو ْسٕ ُمط ْسُ ح ِب ل‬
“Эгер пенделерибизге түшүргөндөрүбүздөн кандайдыр бир шек
санап жатсаңар, кана ага окшогон бир сүрө алып келгиле, эгер ырас-
тооңор бекем болсо, Алладан башка жардамчыларыңарды да чакыр-
гыла.”29
Куран алгачкы жолу түшкөн жылдары көптөгөн кишилер бул ча-
кырыкка кулак берип, анын бир бөлүмүнүн окшошун ортого коюга ара-
кет кылышса да ийгиликке жете алышпай күчсүз калышкан.
2) Оозеки тҥрдө өткөрҥлгөн
Ыйык Курандын Алла тааланын сөзү экендиги шексиз, ошондой
эле, пайгамбарыбызга түшүрүлгөнүндөй эч бир өзгөрүүгө дуушар бол-
бостон азыркы күнгө чейин оозеки түрдө сакталып келгенинде да шек
жок.
Оозеки сактоо деген салтында жалган сүйлөө болбогон бир калк-
тын ооздон оозго айтып сактап келүүсү деген сөз. Ыйык Куран пайгам-
барыбыздан тартып муундан муунга ушул жол менен өткөрүлүп, бизге

29
Бакара сүрөсү, 23-аят.

43
чейин келип жеткен. Бул ийгилик Курандан башка эч бир китепке на-
сип болгон эмес.
3) Куран китеп тҥрҥндө жазылган
Жогоруда да белгиленип кеткендей ыйык Куран сүрө жана аяттар
түрүндө бөлүк-бөлүк болуп түшкөн. Түшкөн аяттар жатталган жана
жазылган. Жазылгандар да кийинчерээк бириктирилип, китеп түрүнө
келтирилген. Бул да – Курандын башка бир өзгөчөлүгү.
4) Курандын мааниси сыяктуу сөздөрҥ да теңирдик
Ыйык Куран бардык жагы менен абдан чоң бир керемет. Маа-
ниси боюнча гана эмес, сөздөрү боюнча да бир керемет. Анткени ал
азирети Мухаммеддин сөзү эмес, Алла тааланын сөзү. Ошондуктан эч
бир кишинин анын окшошун ортого коюшу мүмкүн эмес. Куранда да
бул тема менен байланыштуу мындай деп буюрулган:
“Айт: “Ант болсун, бул Курандын окшошун ортого коюш
үчүн адамдар менен жиндер чогулушуп, бири-бирине колдоо көрсө-
түшсө да, анын окшошун алып келе алышпайт.”30
Бирок бардык күч-аракеттерге карабастан Курандын кыска бир
сүрөсүнүн окшошун жаратууга эч кимдин чамасы жеткен эмес. Мын-
дан ары да жетпейт. Анкени ал – Алла тааланын сөзү.
Ошентип Курандын мааниси жагынан гана эмес, ал маанини тү-
шүндүргөн сөздөрү жагынан да теңдешсиз бир керемет экендиги түшү-
нүктүү болду.
Курандын алдындагы милдеттерибиз
Курандын алдындагы милдеттерибизди мындайча жыйынтыкта-
сак болот:
а) Ыйык Курандын Алла тааланын сөзү экенин кабылдоо.
Куран – адамдын сөзү эмес, Алла тааланын жиберген акыркы
ыйык китеби. Анын сөзү да, мааниси да – керемет.
б) Куранды үйрөнүү.
Куран Алла тааланын сөзү болгондуктан сөздөрдүн эң көркөмү
жана эң таасирдүүсү болуп саналат. Бул дүйнө менен акыретте бак-
таалайга алып баруучу жол – Курандын көрсөткөн жолу экендигинде
эч кандай күмөн жок. Ушул себептен Куранды үйрөнгөндөр пайгам-
барыбыз тарабынан мактоого татыган жана ал:

‫ ِهّٰللٍُّٗم‬ٚ ْ‫ْس ُمو ْسُمُ ِ ْسٓ ضع ِهّٰللٍُ ج ْسٌم ْسُملج‬


30
Исра сүрөсү, 88-аят.

44
“Эң кайрымдууңар – Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга
үйрөткөнүңөр,”31 – деп буюрган. Пайгамбарыбыздын бул мактоосуна
жетүү үчүн алгачкы мусулмандар Курандын түшкөн аяттарын жатта-
шып, ошол эле мезгилде башкаларына да үйрөтүшкөн.
Куранды үйрөнүү окуганды үйрөнүү жана маанисин түшүнүүгө
аракет кылуу дегенди билдирет. Куранды катасыз окуй алыш үчүн
тажибит (Куран окуунун эрежелери) эрежелерин да үйрөнүш керек.
Намаздын парздарынын бири – кыраат, башкача айтканда Куран
окуу. Куран окулбастан окулган намаз туура болбойт. Ошондуктан
намаз туура боло турганчалык көлөмдө Куран үйрөнүү парз болуп
эсептелет.
в) Курандын айткандарын аткаруу.
Куранды окуп үйрөнүүнүн максаты – аяттары жөнүндө ой толгоо
жана буйруктарын орундатуу. Куран ушун үчүн түшүрүлгөн.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ج ْسجا ْسٌر ِب‬ٛ‫۬وٌُم‬ٚ‫ٌِبحط ِهّٰللول جُم‬ٚ ٗ‫جٓ ج حضِب‬ٚ‫حخ جْٔسز ْسٌٕح ُمٖ ِبجٌ ْسحه ُمِرحر ٌدن ٌِبح ِهّٰلللذ ِهّٰلل ُمل‬
‫حخ‬ ‫وِبط ٌد‬
“(Оо, Мухаммед!) бул Куран – аяттарын жакшылап ойлонуш-
сун, акыл-эси болгондор сабак алышсын деп сага түшүрүлгөн ыйык
бир китеп.”32
Ошондуктан ар бир мусулман Куран окуганды үйрөнүп, анын
насааттарына кулак салууга тийиш. Курандын буйруктарына баш ийип,
тыюуларынан сактанбастан, ал үйрөткөн бийик адеп-ахлак менен азык-
танууга аракет кылбастан, аны окуу менен гана анын алдындагы мил-
дет орундалган болуп саналбайт. Мунун үлгүсү бул:
Ыйык Куранда:

ْۙ‫ ِبر‬ٚ‫ي جٌ ِهّٰللزُم‬ٛ‫ج ل ْس‬ٛ‫جؾطٕ ُمِبر‬


‫ ْس‬ٚ
“Жалган сөздөн качкыла,”33 – деп буюрулган. Бул аяттарды окуп
туруп, жалган айтуудан жана жалган жерден күбө болуудан сак-
танбаган киши талап кылынганды аткарган жана Курандын алдындагы
милдетин орундаткан болбойт.

31
Бухарий, Фазаилул-Куран, 21.
32
Сад сүрөсү, 29-аят.
33
Хаж сүрөсү, 30-аят.

45
ПАЙГАМБАРЛАРГА ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ
Пайгамбарлар жана пайгамбарга болгон муктаждык
Ыймандын алты шартынын бири – пайгамбарларга ишенүү.
“Пайгамбар” сөзү фарс тилинен келет жана ал “кабар алып барган
(кабарчы)” деген маанини түшүндүрөт. Ал эми диндеги мааниси – Алла
тааланын адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн милдеттендирген ка-
дырлуу адамы. Пайгамбар Алла тааланын өзүнө билдиргендерин адам-
дарга угузуп, Алла таала менен пенделеринин ортосунда элчилик кылат.
Пайгамбарлардын бир бөлүгүнө китеп түшүрүлгөн. Аларга
“расул” деп айтылат. Көптүк түрү – русул. Бир бөлүгүнө да китеп түшү-
рүлгөн эмес. Булар өздөрүнөн мурунку пайгамбарларга түшкөн китептер
менен иш кылышат жана ал китептерди билдиришет. Буларга да “Наби”
деп айтылат. Көптүк түрдөгүсү – Анбия. Бул аныктама боюнча өзүнө ки-
теп түшүрүлгөн расулга наби деп да айтышат. Бирок бир башка пайгам-
барга түшүрүлгөн китеп боюнча иш жүргүзгөн жана ал китепти билдир-
ген набиге расул деп айтылбайт. Башкача айканда ар бир расул ошол эле
мезгилде наби болуп саналат. Бирок ар бир наби – расул эмес.
Адамдардын пайгамбарларга зарылдыгы бар. Анткени адамдар өз
акыл-эстери менен бардык нерсени биле алышпайт. Бизди жана аалам-
ды жараткан Алла тааланы акыл-эсибиз менен аңдай алсак да, Ага
кандайча ибадат кыларыбызды, Анын буйруктары жана тыюуларынын
эмнелер экендигин билишибиз мүмкүн эмес. Буларды бизге билдирген
– пайгамбарлар. Ошондуктан Алла таала өздөрүнө пайгамбар жи-
бербеген, буйрук жана тыюуларын пайгамбарларга билдирбеген киши-
лерге азап көрсөтпөөрүн Куранда маалымдаган (Исра сүрөсү, 17/15).
Пайгамбарлардын милдеттери жана сыпаттары
Пайгамбарлар Алла таала менен пенделеринин ортосунда элчилик
милдетин аткарышканына караганда милдеттери – Алла тааланы таа-
нытуу, Ага кандайча ибадат кылынарын билдирүү, Анын буйруктары
менен тыюуларын жарыялоо. Ушул үчүн милдеттендирилишкен. Бар-
дык пайгамбарлар бул милдеттерин кемчиликсиз түрдө орундатышкан.
Пайгамбарлар да биз сыяктуу эле адамдар. Бирок Алла тааланын
кадырлуу пенделери болушкандыктан айрым сыпаттары бар. Бул сы-
паттар убажип жана жайыз болуп экиге бөлүнөт.
Пайгамбарларда болушу зарыл болгон сыпаттар
1) Сыдык: Чынчылдык дегенди түшүндүрөт. Пайгамбарлар аб-
дан чынчыл адамдардан болушат. Эч качан жалган сөз айтышпайт, ал-
дамчылык жана адилетсиздик кылышпайт. Дин атынан эмне айтышса,

46
баары Алла тааладан келген жана бардыгы тең туура. “Болду” деген
нерселери болгон, ошондой эле “болот” деген нерселери да убагы кел-
генде сөзсүз түрдө ишке ашкан.
Пайгамбарлар пайгамбар болгондон кийин гана эмес, пайгамбар
боло электен мурун да жалган сөз айтышып, эч кимди алдашкан эмес.
2) Аманат: Ишенимдүү болуу дегенди билдирет. Пайгамбарлар
бардык жагынан ишенимдүү кишилерден болушат. Алган милдеттерин
талаптагыдай орундатышып, өздөрүнө аманат кылынганды талап кы-
лынгандай сакташып, кыянаттык кылышкан эмес.
3) Теблиг: Билдирүү дегенди түшүндүрөт. Пайгамбарлар Алла
таала тарабынан өздөрүнө түшүрүлгөн бардык нерсени кемчиликсиз
түрдө адамдарга билдиришкен. Негизинен бул – алардын пайгамбарлык
милдети.
4) Фетанет: Акылдуу жана кеменгер болуу дегенди түшүндүрөт.
Пайгамбарлар өтө акылдуу жана абдан түшүнүктүү адамдар болушат.
Анткени акылдуу болушпаса милдеттерин аткара алышпайт.
3) Исмет: Күнөөдөн сактанган дегенди билдирет. Пайгамбарлар
үлгүлүү адамдардан болушкандыктан Алла таала аларды күнөө кылуу-
дан сактаган. Бул сыпат пайгамбарлардан башка кишилерде болбойт,
башкача айтканда, пайгамбарлардан башка кемчиликсиз киши жок.
Пайгамбарлар тууралуу убажип болгон, б.а. аларда болушу зарыл
болгон бул беш сыпат ошол эле мезгилде алардын текеберлик, ичи
таардык, эки жүздүүлүк жана ушуга окшогон начар мүнөздөрдөн да
арылышын шарттайт.
Пайгамбарлар тууралуу жайыз болгон сыпаттарга келе турган бол-
сок, бул сыпаттар ошол эле мезгилде башка адамдарда да бар. Пайгам-
барлар да адам болушкандыктан биз сыяктуу жешет, ичишет, укташат,
чарчашат жана табигый зарылдыктары менен алек болушат. Өмүрлөрү
аяктаганда да дүйнөдөн кайтышат. Чындыгында эле баары көз жумушкан.
Куранда ысмы айтылган пайгамбарлар
Алгачкы пайгамбар Адам алайхис-салам менен акыркы пайгам-
бар азирети Мухаммеддин ортосунда көптөгөн пайгамбар келип кет-
кен. Булардын так санын Алла таала гана билет. Анткени Куранда ай-
рым пайгамбарлардын ысымдары билдирилген. Ошондой эле ысымы
билдирилбеген дагы көптөгөн пайгамбардын болгону айтылган. Биз
Алла таала жиберген бардык пайгамбарларга ишенебиз, бирок алардын
эсебин Алла тааланын өзүнө коѐбуз.
Ыйык Куранда 25 пайгамбардын ысмы айтылган жана алар булар:
Адам, Идирис, Нух, Худ, Салих, Луут, Ибрахим, Исмаил, Исхак, Якуп,

47
Юсуф, Шуайб, Харун, Муса, Давуд, Сулейман, Эййуб, Зулкифл, Юнус,
Илияс, Элйеса, Зекерийя, Яхя, Иса жана Мухаммед алайхис-салам.
Булардан сырткары Куранда Зулкарнейн, Локман жана Узейирдин
да ысымдары айтылган. Бирок булардын пайгамбар экендиктери та-
лаштуу. Айрым аалымдардын айтканы боюнча булар да пайгамбар, ай-
рымдарынын айтканына караганда булар пайгамбар эмес, олуя болу-
шат. Булардын пайгамбар экендиктери кабылдана турган болсо, Куран-
да ысмы айтылган пайгамбарлардын саны 28 болгон болот.
Пайгамбарлардын билдирген диндеринде бирдей болгон
негиздер
Азирети Адамдан тартып акыркы пайгамбар азирети Мухаммедге
(а.с.) чейин келип кеткен бүткүл пайгамбарлардын билдирген дини –
чыныгы теңирдик дин. Чыныгы теңирдик дин болгон диндерде айрым
негиздер бар жана булар эч бир пайгамбарда өзгөргөн эмес. Булар жо-
горуда айтылган ыймандын алты негизи.
Бүткүл пайгамбарлар билдирген диндердин мүдөөсү жана макса-
ты – динди сактоо, напсини коргоо, акылды коргоо, муунду сактоо
жана мал-мүлктү сактоо.
Бирок диндердеги бул максат жана мүдөөлөр жогорудагы беш
негизди сактаганы менен ибадаттардын жасалыш жол-жоболору, адал
жана арам менен байланыштуу айрым өкүм-жоболор боюнча бири-би-
ринен айырмаланат. Мунун себебин пайгамбарлардын жашаган доор-
лору, адамзаттын өнүгүшү жана мезгилдин талаптары менен байла-
ныштырууга болот.
Мужиза жана керемет
Пайгамбарларды Алла таала милдеттендирет. Адам өз алдынча
аракет кылуу менен пайгамбар боло албайт. Алла таала адамдардын
арасынан тандап жиберген пайгамбарларына пайгамбар экендиктерин
далилдеш үчүн аларга мужиза көрсөтүү касиеттерин берген.
Мужиза – өзүнүн пайгамбар катары милдеттендирилгенин айткан
кишинин бул сөзүнүн туура экендигин далилдеш үчүн Алла тааланын
кудурети менен көрсөткөн адаттан тышкаркы окуялары. Мужиза бир
пайгамбардын пайгамбарлыгынын күбөсү болуп саналат. Алла таала-
нын уруксатысыз эч бир пайгамбар мужиза көрсөтө албайт.
Табият мыйзамдарына терс көрүнгөн ар бир окуя мужиза эмес. Ан-
дыктан, окуяны көрсөткөн киши пайгамбар экендигин айтып, өзүнөн
талап кылынганды дал өзүндөй көрсөтө алса мужиза катары кабылданат.
Эгерде адаттан тышкаркы бир окуяны көрсөткөн киши пайгамбар
экендигин айтпаса, бул керемет деп айтылат. Бир олуянын керемети
таандык болгон пайгамбары үчүн бир мужиза болуп эсептелет. Мындай

48
керемет кудайга ишенбеген кишилер тарабынан да көрсөтүлүшү мүм-
күн. Бул истидраж деп айтылат.
Пайгамбарыбыздын мужизалары
Эч шексиз, пайгамбарыбыздын эң чоң мужизасы – ыйык Куран.
Ар бир пайгамбар мужиза катары өз убагында эң бийик даражага
жеткен нерсенин дагы мыктысын көрсөткөн. Ал эми пайгамбарыбыз
жашаган доордо Арап жарым аралында атак-даңкка жеткирген нерсе
адабият жана ыр болгон. Сулуу сөздөр менен сүйлөө жана ыр жазуу
араптардын арасында абдан кеңири таралган. Мына ушундай заманда
эч кимден сабак албаган, ал тургай такыр сабаты болбогон пайгамбары-
быздын куттуу оозунан Курандын аяттары төгүлгөн. Андагы куюлуш-
кан сүйлөмдөр жана маанисинин тереңдиги аны уккан акын жана
жазуучуларды таң калтырган. Куран үчүн “сыйкыр”, “ыр” дегендер
болсо да, Куран аларга андан да жогору турарын көргөздү. “Эң кичине
сүрөсүнө окшошун алып келгиле,” – деди, алып келе алышкан жок. Ант-
кени Куран – адамдын сөзү эмес, Алла тааланын сөзү.
Пайгамбарыбыздын Курандан башка да мужизалары бар. Булар-
дын ичинен бири – айдын экиге бөлүнүү мужизасы. Бул мындайча бол-
гон: меккеликтер пайгамбарыбыздан өздөрүнө кандайдыр бир мужиза
көрсөтүшүн, өзгөчө айды экиге бөлүшүн талап кылышат. Пайгамбары-
быз да аларга бул мужизаны көрсөткөн, бардык кишилер айдын экиге
бөлүнүшүнө күбө болушкан.34
Пайгамбарыбыздын мужизаларынын дагы бири – өзүнө тартуу-
ланган койдун этинен жасалган куурдактын уулу экендигин алдын-ала
билип коюшу. Бул окуя төмөнкүдөй болгон:
Медина шаарына жакын жердеги Хайбар шаары каратылып
алынгандан кийин, Хайбар калкынан бир еврей аял бир койдун этин
кууруп, ага уу кошуп пайгамбарыбызга алып келет. Пайгамбарыбыз
жолдошторуна: “Бул этти жебегиле,” – деп буюрат. Андан кийин этти
бышырган аялды чакырттырып сурайт:
– Бул койдун этине уу кошуп коюпсуң го?Аял:
– Аны сага ким айтты? Пайгамбарыбыз:
– Мынабу колумдагы эт айтты, – деп буюрат. Аял:
– Ооба, уу кошуп койгом, – деп жооп берет. Пайгамбарыбыз:
– Эмне үчүн уу коштуң эле? – деп сурайт. Аял:
– Эгерде чындап эле пайгамбар болсо, анда ага бул уу зыян бер-
бейт, пайгамбар болбосо, анда ал өлөт, биз да кутулабыз деп ойлогом, –
дейт.35

34
Бухарий, Манакыб, 36.
35
Бухарий, Бабул-Жизйа Вал-мувадаа, 7.

49
Пайгамбарыбыздын өткөн заманга жана келечекке байланыштуу
окуялардан кабар бериши да анын мужизаларынан болуп саналат. Чын-
дыгында эле Бадр согушунан мурун бул согушта өлтүрүлө турган көп-
төгөн кишинин аты-жөнү менен жери тууралуу кабар берген жана
айткандары туура чыккан.36
Пайгамбарыбыздын сыпаттары
Бардык пайгамбарларлардын ортосунда эч кандай айырмачылык
жок. Аларды бири-биринен айырмалабастан, бардыгынын пайгамбар-
лыгына ишенип, баарынын тең Алла таала тарабынан жиберилгенин
чын жүрөктөн кабылдайбыз. Бирок Алла тааланын аларга берген айрым
сыпаттарынан улам араларында өзгөчөлүк бар. Биздин пайгамбарыбыз
айрым сыпаттарынан улан башка пайгамбарлардан жогору.
Бул сыпаттар төмөнкҥлөр:
Пайгамбарыбыз бүткүл ааламга коргоочу катары жиберилген.
Башка пайгамбарлар белгилүү бир калкка, бир урууга жиберилген, ал
эми биздин пайгамбарыбыз бардык адамдарга пайгамбар, бүтүндөй аа-
ламга коргоочу катары жиберилген. Айрымдар ойлогондой, ал араптар-
дын гана эмес, бүткүл адамзаттын пайгамбары болуп саналат.
Пайгамбарыбыз алып келген дин – акыркы дин.
Пайгамбарыбыз билдирген Ислам дини эң акыркы жана эң сонун
дин. Мындан кийин башка бир дин жиберилбейт жана бул дин эч кан-
дай өзгөрүүгө учурабастан жашайт.
Пайгамбарыбыз акыркы пайгамбар.
Пайгамбарыбыз пайгамбарлардын акыркысы. Андан кийин баш-
ка пайгамбар жиберилбейт. Куранда да мындай деп буюрулган:

ً‫جا ذِبى ِهّٰللِبُم‬ ‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ٌىِب ْسٓ ر ُمص‬ٚ ُ‫ِح وحْ ُم ِهّٰللّ ٌدل جذح ٓ جق ٍل ِبِ ْسٓ ِبرؾح ِبٌى ْسُم‬
‫وحْ ِهّٰلل ُم‬ٚ ُۜ ‫ حضُ جٌِٕهّٰلل ِبر ِهّٰلل‬ٚ ‫جا‬
‫ع ْس ٍء ٍ ًن‬
ُ۟‫حّح‬
“Мухаммед силердин эркектериңердин эч биринин атасы эмес.
Бирок ал – Алланын расулу жана пайгамбарлардын акыркысы. Алла
бардык нерсени туура билет.”37
Пайгамбарыбыз дүйнөдөн кайткандан кийин айрым кишилер
пайгамбар экендиктерин айтып, ортого чыгышса да булар тарыхта
“Жалганчы пайгамбарлар” деген ат менен калышкан. “Мусейлеметул-
Кеззап = Жалганчы Мусейлеме” булардан бири.

36
Задул-Меад, 2-том, 96-бет
37
Ахзаб сүрөсү, 40-аят.

50
АКЫРЕТ КҤНҤНӨ ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ
Ыймандын алты шартынын бирөө да – акырет күнүнө ишенүү.
Акырет деген эмне?
Алла тааладан сырткаркы бардык нерсенин бир акыры бар. Бир
күнү дүйнөнүн да акыры келет, ал да жандуулар сыяктуу эле бир күнү
жок болот. Эч өлбөй туган, түбөлүктүү кала турган – жалгыз гана Алла
таала.
Дүйнөнүн соңу келгенде Алла таала Исрафил алайхис-саламга
буйрук берет, ал да “Сур”ду үйлөйт. Бул үйлөө менен жер оордунан ой-
ноп, бүткүл жандуулар өлөт. Бирок Алла тааланын каалаган жандуу-
лары калат, алар да кийинчерээк өлүшөт. Мына, дүйнөнүн акыры ушул.
Ыйык Куранда кыямат күн мындайча түшүндүрүлгөн:

ً‫ح ض ْس ٘ ُمً و ِهّٰللُمُم‬ٙٔٚ‫َ ضل ْس‬ٛ‫ْس‬ ‫ج رذ ِهّٰللى ْسُمُ ِبج ِهّٰللْ ز ْسٌزٌس ِهّٰلل‬ٛ‫حس جض ِهّٰللمُم‬
‫ ٌدء ظ ٌد‬ٝ‫جٌضح ِبس ع ْس‬
ُ‫ح‬ ‫۝‬ ‫ح جٌِٕهّٰلل ُم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ُ‫ِح ٘ ْسُم‬ٚ ٜ‫ جٌِٕهّٰللحس ُمصىحر‬ٜ‫ضل‬ٚ ‫ح‬ٍٙ‫جش ْس ًٍ ْس‬ ‫ضض ُم و ِهّٰللُمُمً ِب‬ٚ ‫ُمِ ْسل ِبضع ٍس ِهّٰللّح ٓ ج ْسرضع ْسص‬
‫۝‬ ‫جخ ِهّٰلل ِب‬
‫جا عل ٌدل‬ ٓ‫ٌىِب ِهّٰلل‬ٚ ٜ‫ذِب ُمضىحر‬
“Оо, адамдар, Раббыңардан корккула. Анткени кыямат күнү-
нүн термелүүсү – укмуштуудай бир нерсе. Аны көргөн күнү эмизген
ар бир аял эмизгенинен баш тартат. Ар бир кош бойлуу аял бала-
сын түшүрөт. Адамдарды да мас абалда көрөсүң. Чындыгында алар
мас эмес, бирок Алланын азабы абдан катуу.”38
Кыямат качан болот?
Кыяматтын келе турганы чындык, бирок келер мезгилин Алла
тааладан башка эч ким биле албайт. Пайгамбарыбыз да бул маселе
боюнча эч нерсе билбегенин айткан.
Бир күнү жер менен көктүн ырааттуу тартиби бузулуп, күндүн
жарыгы өчүп, жылдыздар тарап төгүлүп, деңиздер кайнап бири-бирине
аралашып, тоолор бири-бирине тийип жарылып жана бардык нерсе
астын-үстүн болуп, бүткүл ааламдын кыйраары так билинген нерсе.
Мындан эч шек жок. Анткени муну ыйык Куран билдирген, пайгам-
барыбыз да кабар берген.

38
Хаж сүрөсү, 1-2-аяттар.

51
Өлгөндөн кийин тирилҥҥ
Кыямат болгондон кийин бардык нерсе жок болуп, Алла тааладан
башка эч бир жандуу калбайт. Аалам белгилүү бир мөөнөткө бош кал-
гандан кийин Алла таала Исрафил алайхис-саламды жаратып, ага
экинчи жолу “Сур”га үйлөшүн буюрат. Исрафил алайхис-салам экинчи
жолу “Сур”га үйлөгөндө бардык жаратылгандар кайрадан тирилип, ка-
бырларынан туруп макшар деген жерде чогулушат. Буга “Өлгөндөн
кийин тирилүү” деп айтылат. Эсеп, сурак, тараза, сырат (кыл көпүрө),
бейиш жана тозок мындан кийин болот.
Мына ушул кайрадан тирилүү менен башталган жана түбөлүккө
чейин созула турган мезгилге “Акырет кҥнҥ” деп айтылат.
Акырет күнүнө ыйман келтирүү буларга ишенүү дегенди билди-
рет. Булардын баары туура, бардыгы ишке ашат.
“Өлгөндөн кийин тирилерибизге көзүм жетпейт” дегендер бар.
Булар дүйнөгө кандайча келишкенин ойлошпойт. Жок болуп турганда
бизди жараткан Алла тааланын өлгөндөн кийин кайрадан тирилтүүгө
кудурети жетет. Ыйык Куран өлгөндөн кийин тирилтүүнүн эч жок бо-
луп турганда бар кылууга салыштырмалуу дагы оңой экендигин бил-
дирген. Чындыгында оңой жана кыйын дегендер биздин түшүнүгүбүз
боюнча. Алла таала үчүн булар айтылбайт. Анын бир нерсеге тек гана
“бол” деп коюшу жетиштүү, ал дароо жаралат.
Акыретке ыйман келтирҥҥнҥн пайдалары
Өлгөндөн кийин кайрадан тирилерине жана бул дүйнөдө кылган
иштери боюнча Алла тааланын алдында эсеп берерине ишенген бир
киши Алла тааланын буйруктарына кулак түрүп, тыюуларынан сакта-
нат. Пайгамбарыбызды үлгү алып, анын сүннөтү боюнча жүрөт, бийик
адеп-ахлагы менен азыктанууга аракет кылат. Үй-бүлөсү, эли жана
туулган жеринин алдындагы бардык милдеттерин орундатат. Тууган-
туушкандары менен коңшу-колоңдоруна жакшы мамиле жасайт. Ал-
дамчылык жана адилетсиздиктен, башкаларды алдоодон сактанат. Ко-
лунан келишинче бардык кишилерге жакшылык кылууга аракет кылат.
Эсеп күнүндө кылгандары боюнча гана эмес, ичине сактагандары
боюнча да суракка алынарына ишенген бир киши кыймыл-аракетте-
рине көңүл бурат жана жүрөгүн да ар кандай жаман сезимдерден таза-
лоого аракет кылат.
Өлҥм, кабыр жана кыямат
Өлҥм: Ар бир жандуу бир күнү өлөт. Бул – Алла тааланын буй-
ругу. Бирок эч ким кай жерде жана качан өлө турганын биле албайт.
Карыгандан кийин өлгөндөр болгондой эле, абдан жаш чагында да бул

52
кайгынын даамын таткандар да бар. Өлүү рухтун денеден айрылышы
жана адамдын бул дүйнөдөн акыретке көчүшү дегенди билдирет. Бул
тема боюнча ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫َ ج ْسٌمِبحّ ِبسُۜ ّ ْسٓ زُم ْسق ِبزـ ِبٓ جٌِٕهّٰللح ِبر‬ٛ‫رو ْسُمُ ْس‬ٛ‫ْ ج ُم ُمؾ‬ٛ‫ ِهّٰلل ْس‬ٛ‫ ِبجٔ ِهّٰللّح ضُم‬ٚ ‫ش‬ ُۜ ‫ ِب‬ٛ‫و ِهّٰللُمُمً ٔ ْسف ٍش جٓتِبمسُم ج ْسٌّ ْس‬
‫ ِبر‬ٚ‫ ُمز جٌ ِهّٰللُملْٔسحح ٓ ِبج ِهّٰللا ِطح ُما ج ْسٌغ ُمُمل‬ٛ‫ِح ج ْسٌكح‬ٚ ُۜ‫ج ُم ْس ِب ً ج ْسٌؿِٕهّٰللس م ْسل حز‬ٚ
“Ар бир жандуу өлүмдүн даамын татат. Эч шексиз, кыямат
күнү кылгандарыңардын жообу силерге толугу менен берилет. Ким-
де-ким тозоктон алыстатылып, бейишке коюлса, мына ошол ийги-
ликке жетет. Бул дүйнө жашоосу болсо азгырыктан башка эч нерсе
эмес.”39
Кабыр: Өлгөн кишинин коюлган жери дегенди билдирет. Буга
мазар деп да айтылат. Бул жер – дүйнө жашоосу менен акырет жашоосу
арасындагы бир өткөөл жер.
Кабырда сурак туура. Өлгөн киши мүрзөгө көмүлгөндө, ага эки
периште келет. Буларга Мүңкүр жана Нанкир деп айтылат. Өлгөн ки-
шиге: “Раббың ким? Пайгамбарың ким? Диниң эмне?”  деп сурашат.
Момун болгон киши бул суроолорго: “Раббым – Алла таала, пайгам-
барым – Мухаммед алайхис-салам, диним – Ислам” – деп жооп берет.
Периштелер бул жоопторду укканда сүйүнүшүп, өлгөн кишини кутка-
рышат. Эми кабыр бул киши үчүн бейштин бакчаларынан бир бакча
болот жана ал бейиш жашоосунун даамын али бул жерде турганда эле
тата баштайт. Ал эми ишенбеген киши болсо бул суроолорго жооп бере
албайт. Бул киши үчүн кабыр тозоктун чуңкурларынан бир чуңкур бо-
лот жана ал тозоктун азабынын ачуу даамын бул жерде тата баштайт.
Чындыгында пайгамбарыбыз бул тема боюнча:

‫ ُمق ْسفلزٌد ِبِ ْسٓ ُمقف ِبل جٌِٕهّٰللح ِبر‬ٚ‫حا ج ْسٌؿِٕهّٰلل ِبس ْس‬
‫ضسٌد ِبِ ْسٓ ِبر ِب‬ٚ‫ِبئٔ ِهّٰللّح ج ْسٌم ْس ُم ر ْس‬
“Кабыр – бейиштин бакчаларынан бир бакча, же болбосо то-
зоктун чуңкурларынан бир чуңкур,”40 – деп буюрган.
Сурак үчүн кабыр шарт эмес. Кандайдыр бир себеп менен өлгөн
жана кабырга коюлбаган кишилерге; мисалы, сууга чөгүп же күйүп күл
болгондорго да сурак жүргүзүлөт. Бирок пайгамбарлар менен бала чак-
та өлгөндөргө сурак болбойт.

39
Али Имран сүрөсү, 185-аят.
40
Тирмизий, Кыяма, 26.

53
Макшар: Өлгөндөн кийин тирилген адамдардын чогулган жери
дегенди билдирет.
Кабырларынан тура турган адамдардын макшар жерине келүүлө-
рү оңой болбойт. Дүйнөдө кылган ибадат жана жакшылыктарына жара-
ша бир бөлүгү абдан тез ылдамдык менен макшар жерине келе турган
болсо, жөө, ал тургай жер менен сойлоп келе тургандар да бар. Макшар
жеринде чогулган адамдардын бир бөлүгү Арштын көлөкөсүндө көлө-
көлөшөт, бир бөлүгү да күнөөлөрүнүн өлчөмүндө терге муунушат.
Кыямат күнү укмуштуудай бир күн, бул күндүн үрөйүнөн апкаарып,
пайгамбарлар да Алла таалага сыйынышкан.
Бул күнү ар бир кишиге өз кайгысы жетет, жанында турган эң
жакын кишисине да көңүл бурууга мүмкүнчүлүк таба албайт. Ыйык
Куранда бул күндөн мындай деп баяндалган:

ُ‫ ْس‬ٙ‫ذٕح ِب ُۜٗ ۝ ِبٌى ِهّٰللِبُمً ج ْسِ ِبل ٍب ِبِ ْسٕ ُم‬ٚ ٗ‫ حقِب رطِب‬ٚ ‫جذح ِب ْۙٗ ۝‬ٚ ٗ‫ج ُم ِب ِهّٰللِ ِب‬ٚ ‫َ ف ِهّٰللِبلُم ج ْسٌّ ْسل ُمء ِبِ ْسٓ ج ح ِب ْۙٗ ۝‬ٛ‫ْس‬
ٍ ‫ِ ِبث‬ٛ‫ٌٖد ْس‬ٛ‫ ُمؾ‬ٚ‫ ُم‬ٚ ‫ِ ِبث ٍ ُمِ ْسضفِبلزٌدْۙ ۝ ضحقِب ىسٌد ُمِ ْسضط ْسر ِبغلزٌد ۝‬ٛ‫ٌٖد ْس‬ٛ‫ ُمؾ‬ٚ‫ِ ِبث ٍ عحْس ٌدْ ُم ْسغٕح ِب ُۜٗ ۝ ُم‬ٛ‫ْس‬
‫ز ۝‬ ‫۬وٌ ٓ ِبثه ٘ ُمُمُ ج ْسٌىفل ُمز ج ْسٌفؿل ُم‬ٚ‫ح لَتزٌدُۜ ۝ جُم‬ٙ‫ح زٌدْۙ ۝ ض ْسل٘مُم‬ٙ‫ٍ ْسح‬
“Ал күнү киши бир тууганынан, ата-энесинен, жубайынан
жана балдарынан качат. Ал күндүн бардык кишилердин өзүнө же-
тип аша турган бир кайгысы болот. Ал күнү айрым жүздөр айдың,
жаркын жана кубанычтуу болот. Ошол эле күнүн айрым жүздөрдү
да кайгы каптап, кападан капкара болуп калат. Мына булар каа-
пырлар, күнөөкөрлөр болот.”41
Кыямат күн – сыйлык жана жаза күнү. Алла таалага ишенип,
анын буйруктарына баш ийгендер жана тыюуларынан сактангандар ал
күнү Алла таала тарабынан сыйланат. Ал эми ишенбегендер жазалан-
дырылат. Адамдын дүйнөдө кылган кыпындай жакшылыгы жоопсуз
калбайт жана кыпындай эле жамандыгы да унутулбайт. Ыйык Куранда
мындай деп буюрулган:

﴾﴿ ٖ‫ِ ْسٓ ْسعّ ْسً ِبِػْسمحي ِهّٰللر ٍز ع ِهّٰلللًنج ل ُم‬ٚ ‫ّ ْسٓ ْسعّ ْسً ِبِػْسمحي ِهّٰللر ٍز ْس ًنج ل ُمُٖۜ ۝‬
“Кимде-ким кыпындай эле жакшылык кылган болсо, аны
көрөт. Кимде-ким кыпындай эле жамандык кылган болсо, аны
көрөт.”42

41
Абаса сүрөсү, 34-42-аяттар.
42
Зилзал сүрөсү, 7-8-аяттар.

54
Ал күнү момундар сүйүнүшөт, ал эми каапырлар “Топурак болуп
эле калсак кана” дешет.
Амал дептери
Макшарда чогулган адамдарга дүйнөдө кылган жакшылыктары
менен жасаган жамандыктары жазылган амал дептерлери таратылат.
Дүйнөдө Кираман-Кетибин аттуу периштелер тарабынан жазылып
даярдалган бул дептерлерден адам жакшы жана жаман эмне кылган
болсо, бардыгын таба алат жана: “Ой шорубуз, бу кандай китеп экен,
кичине чоң эч нерсе калтырбастан (кылгандарыбыздын) баарын
санап төгүптүр...”43 – деп айтышат. Бул дептерлер бейишке кире тур-
гандарга оң тарабынан, тозокко кире тургандарга да сол тарабынан
берилет жана: “Китебиңди оку, бүгүн сага эсеп суроочу катары өз
напсиң жетет”44 – деп айтылат.
Эсеп
Адамдар макшарда узун мөөнөт калышат, чыдамсыздык жана
толкундануу менен сурактын башталышын күтүшөт. Акырында пай-
гамбарыбыздын Алла таалага жалбарышы менен сурак башталат. Эч
кимдин акысы жоголбойт жана эч кимге да адилетсиздик кылынбайт.
Пайгамбарыбыз ал күнү: “Киши өмүрүн кайда өткөргөнү, дене-
мүчөсүн кайда улгайтканы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда жумша-
ганы, билими менен эмне иштер жасаганы боюнча суракка алын-
байынча ордунан жыла албай турганын,”45 – билдирген.
Тараза: Сурак суралгандан, аласасы болгондордун акылары бе-
рилгенден кийин бардык кишилерге дүйнөдө кылган жакшылык жана
жамандыктары билдирилиш үчүн сапаты Алла таала тарабынан билин-
ген бир тараза курулат. Жакшылыгы оор келгендер кутулуп кетишет,
жамандыгы оор келгендер болсо азапка кабылышат. Чындыгында ыйык
Куранда мындай деп буюрулган:

‫۝‬ ْۙ‫جز ُٕمُٗم‬ِٛ ‫ج ِهّٰللِح ِ ْسٓ ِهّٰللف ْسص‬ٚ ‫جضح ٍ ُۜس ۝‬


‫حغ ٍس ر ِب‬ ٛٙ‫ُم‬ ‫۝‬ ْۙ‫جز ُٕمُٗم‬ِٛ ‫ح ِهّٰللِح ِ ْسٓ غمُمٍ ْسص‬
‫۝‬ ‫ِح ٓ ج ْسر ه ِح ِ٘ب ح ْس ُۜٗ ۝ ٔحرٌد قح ِبِحسٌد‬ٚ ‫ ُۜسٌد ۝‬ٚ‫ح ُم ِهّٰللُمِ ُمٗ ٘ح ِب‬
“Ал күнү кимдин таразасы оор келсе, мына ошол ыраазы
кылуучу бир жашоо ичинде болот. Таразасы жеңил болгонго келсек,

43
Кахф сүрөсү, 49-аят.
44
Исра сүрөсү, 14-аят.
45
Тирмизий, Кыяма, 1.

55
мына анын энеси (жери журту) Хавие болуп саналат. Хавиенин
эмне экенин билесиңби? Ысык от.”46
Сырат (кыл көпүрө): Сырат – тозоктун үстүнө курулган кылдан
ичке жана кылычтан курч бир көпүрө.
Бул көпүрөдөн кантип өтүлөт? Ооба, момундар көпүрөдөн өтүп
бара жатканда көпүрө алар үчүн кылган иштеринин өлчөмүндө кеңе-
йет, абдан оңой өтүп кетишет. Ал эми ишенбегендер көпүрөдөн өтө
алышпай, тозокко түшүп кетишет.
Бейиш жана тозок
Бейиш – сыйлык жайы. Алла таала бул жерге өзүн тааныган, буй-
руктарына баш ийип, тыюуларынан сактанган кишилерди коѐт. Бейиш-
ке кирген киши ал жерден каалаган бардык ырыскысын таба алат. Мо-
мундар Алла тааланын жамалын бул жерде көрүшөт жана түбөлүккө
бейиште жашап калышат.
Тозок болсо азап жайы болуп саналат. Алла тааланы тааныбаган-
дар жана Ага каршы чыккандар бул жерде чексиз азап чегишет. Мо-
мундардан күнөөкөр болуп, кечирим кылынбагандар да күнөөлөрүнүн
өлчөмүндө азап чегишкенден кийин тозоктон чыгып, бейишке кири-
шет. Бейиш менен тозок алиге чейин бар болуп, жайы тууралуу так
маалыматыбыз жок.
Алла тааланын ырайымы
Ырайым аѐо жана коргоо дегенди билдирет. Алла таала бүткүл
жандууларды, өзгөчө адамдарды коргойт жана аяйт. Анткени Ал –
“Ракман жана Ракым”. Ракман, дүйнөдөгү бүткүл жандууларга марка-
мат кылат. Ракым, акыретке ишенгендерге чексиз ыраакымы болот.
Алла тааланын бул эки сапаты “Бисмиллада” орун алат жана көптөгөн
аяттарда жолугат.
Алла тааланын ырайымы бардык нерсени курчаган. Бар болушу-
буз жана эсеп жеткис көлөмдө ырыскыларга жетишибиз – Анын ыра-
йымынын бир натыйжасы.
Алла тааланын пенделерине болгон маркаматынын жанында эне
мээрими да маанисиз калат. Бир согушта колго түшкөн туткундардын
арасында бала эмизген бир аял да бар эле. Бирок бул аял баласын жого-
туп койгон болчу. Ал эмчегинде топтолгон сүтүн саап, балдарга берип
жүргөн. Бул аял туткундардын арасынан баласын таап алганда, дароо
аны алып, бооруна басып, терең бир мээрим менен эмизе баштайт. Му-
ну көргөн пайгамбарыбыз ал жерде тургандарга:

46
Кариа сүрөсү, 6-11-аяттар.

56
– Мынабу аял баласын отко ыргытабы? – деп сурайт.
Жок, күчү жеткен мезгилде ыргытпайт, – дешет. Ошондо
пайгамбарыбыз:
– Мына, Алла таала пенделерине бул аялдын баласына болгон
мээриминен дагы да ырайымдуу,47 – деп буюрат.
Алла таала бу дүйнөдөгүдөй эле акыретте да момун пенделерине
ырайым көрсөтөт. Акыреттеги ырайымы бул дүйнөдөгү ырайымына
салыштырмалуу дагы көп болот. Анткени Алла таала ырайымын жүзгө
бөлүп, бирөөнү жер жүзүнө жиберген. Ал эми токсон тогузун өз жа-
нында кармап, акыретке калтырган. Бүтүн жандуулардын бири-бирине
боор оорушуна, энелердин балдарын мээрим менен боорлоруна басы-
шына бул ырайым себеп болууда.
Акырет күнү Алла тааланын момун кулдарына болгон ырайымын
көргөн Аны тангандар да үмүттөнүшөт.
Кыямат кҥнҥ пайгамбарыбыздын шапааты
Шапаат күнөөкөр момундардын кечирилиши, күнөөсүз болгон-
дордун болсо дагы бийик даражалар алышы үчүн пайгамбарлардын
жана Алла тааланын сүйүктүү кулдарынын Алла таалага жалбаруулары
дегенди билдирет.
Кыямат күнү Алла тааланын уруксаты менен бүткүл пайгамбар-
лар шапаат кылышат.
Кыямат күнү макшарда адамдар абдан кыйналышат жана өздө-
рүнө шапаатчы издей башташат. Алгач биринчи адам жана биринчи
пайгамбар Адам алайхис-саламдан башташып, бүткүл пайгамбарларга
кайрылышат. Пайгамбарлардын бардыгы өздөрүнө али уруксат берил-
бегенин айтышып, шапаат кыла алышпай турганын билдиришет. Акы-
рында эл акыркы пайгамбар азирети Мухаммедге (а.с.) барышат жана
шапаат кылышын суранышат. Ал Алла тааладан уруксат алгандан ки-
йин шапаат кылат. Сурак мына ушундан кийин гана башталат. Мындан
кийин да башка пайгамбарлар, Алла тааланын сүймөнчүктүү пенделе-
ри, шейиттер, аалымдар да шапаат кылышат.
Пайгамбарыбыз ал күнү ыйманы менен өлгөн бардык кишилерге
шапаат кылат. Бир ыйык хадисте мындай деп буюрулган:

.‫ُمم ْسٍ ُمص ح ر ِب ِهّٰللخ ْس ِب ً ج ْسٌؿِٕهّٰللس ِ ْسٓ وحْ ِب ل ْسٍ ِبر ِبٗ ْسل ٌسٌد‬ ‫ ُمَ ج ْسٌمِبححِ ِبس ُمع ِهّٰللف ْسِبع ُمص‬ٛ‫ِبئ ج وحْ ْس‬
‫ ٍء‬ٝ‫ ع ْس‬ٝٔ‫ْس ِب ِبً ج ْسٌؿِٕهّٰللس ِ ْسٓ وحْ ِب ل ْسٍ ِبر ِبٗ ْس‬ ‫ْ غ ُم ِهّٰللُ لُم ُم‬ٍٛ‫ح ْسل ُم ُم‬
‫ي‬ٛ
47
Бухарий, Адеп, 18.

57
“Кыямат күнү болгондо мен шапаат кылам. “Оо, Раббым, кө-
ңүлүндө саргындын уругунчалык ыйманы болгондорду бейишке кой,”
– деп дуба кылам, булар бейишке киришет. Андан кийин “Оо,
Раббым, саргындын уругунан аз ыйманы болгондорду да бейишке
кой” деп жалбарам.”48
Шапаатты танган киши шапааттан куру калат. Алла таала уруксат
бергенге чейин эч ким шапаат кыла албайт.

48
Бухарий, Тавхид, 36.

58
ТАГДЫР ЖАНА КЫРСЫККА ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ
Ыймандын шарттарынын бири – кырсык жана тагдырга ишенүү.
Тагдыр: Ааламда боло турган нерселердин убактысын жана
жерин, сапаттарын Алла тааланын абалтадан билиши жана жазып кою-
шу дегенди билдирет.
Кырсык: Алла таала тарабынан мурдатан жазылып коюлган нер-
селердин учуру келгенде жазмышка жараша ишке ашышы дегенди тү-
шүндүрөт.
Башкача түшүндүрө турган болсок, тагдыр – Алла тааланын мый-
замдары, өлчөмдөрү, ал эми кырсык – иштердин ошол мыйзам жана өл-
чөмдөргө жараша ишке ашышы. Ааламдагы бардык нерсенин баасын
бычып жараткан – Алла таала. Анткени Андан башка жаратуучу жок.
Алла таала болуп өткөн жана боло турган бардык нерсени абалтадан
билет. Убагы келип жеткенде алар да Анын жазганы жана белгилегени
боюнча ишке ашат. Анын жазганы жана белгилегенинен сырткары эч
нерсе ишке ашпайт. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ٍ ‫ وِبط‬ٝ ‫ ج ْسٔف ِبُمضى ْسُمُ ِبج ِهّٰللا‬ٝٓ ‫ا‬ٚ ‫ ْسجا ْسر ِبا‬ٝ‫ِح ٓ ج حخ ِبِ ْسٓ ُمِ حر ٍس ِب‬
ْ‫حخ ِبِ ْسٓ ل ْسر ِبً ج ْس‬
‫ٔ ْس ج٘حُۜ ِبج ِهّٰللْ ٌِبه ٰل ِهّٰلل ِب‬
‫جا ض ٌد‬
“Биз аны жараткандан мурун бир китепте жазылбаган жер
жүзүндө пайда болгон жана силердин башыңарга келген кандайдыр
бир кырсык болбойт. Мунун Алла талаа үчүн оңой экени шексиз.”49

ْٛ‫ ِهّٰللو ِبً ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبُِٕم‬ٛ‫جا ْسٍحط‬ ‫لُم ْسً ٌ ْسٓ ُم حرٕح ٓ ِبج ِهّٰللا ِح وطد ِهّٰلل ُم‬
‫ ٰل ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ٌحٕح‬ٛ‫ ِ ْس‬ٛ‫جا ٌٕح ُ٘م‬
“Айт: “Алланын бизге жазганынан башкасы башыбызга кел-
бейт. Ал биздин таксырыбыз. Ишенгендер Аллага ишенсин.”50
Мына, тагдыр жана кырсык ушул. Кырсык жана тагдыр делгенде
акылга Алла тааланын илими, эрки жана жаратуу сапаттары келиши
керек. Алла таала билет жана жаратат. Бардык нерсе Алла тааланын
каалашы жана жаратышы менен болот, мында эч кандай күмөн жок.
Бирок ойго мындай бир суроо туулушу мүмкүн: “Эгерде бардык нерсе
Алланын эрки менен жаратылса, анда биз кылынышы буюрулган
нерселерди кылбаган, кылынбашы талап кылынган нерселерди да кыл-
ганыбыз үчүн эмнеге жооптуу болуп жатабыз? Анткени, биз буларды
Алла тааланын каалашы менен кылып же кылбай жатабыз.”

49
Хадид сүрөсү, 22-аят.
50
Тообо сүрөсү, 51-аят.

59
Эми, бул суроого жооп берели: Алла таала адамдарды жаратып,
аларга акыл, эрк жана күч берген. Адам акылы жана эрки менен жакшы
болгон нерсени тандап, жаман болгон нерседен сактанышы керек.
Адамдын бул тандоо жана сактануу күчүнө “Ирадаи жузиййа” деп ай-
тылат. Бул эрк жана каалообузду кайсы нерсеге коротуп, кайсы нерсени
тандасак, Алла таала да аны эрк жана каалообузга ылайык түрдө жара-
тат. “Алла таала ушинтип буюруптур, мен эмне кыла алмак элем? – деп
күнөө болгон бир нерсени кылууга далалат жасабайбыз. Ошондой эле
бир жаман ишти кылгандан кийин (мисалы, киши өлтүргөндөн кийин)
“Мен эмне кылайын, Алла тааланын жазганы ушундай экен” деп шыл-
тоо айта албайбыз. Анткени биз кылган иштерибизди кылардан мурун
да, кылгандан кийин да кырсык жана тагдырга шылтай албайбыз. Биз
эрк жана каалообузду ал багытка коротконубуз менен Алла тааланын
жазганынын бул калыпта пайда болушуна себеп болгонубуздан улам
жооптуу болобуз.
Муну төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрсөк болот:
Бир астроном эсептөөлөрдүн натыйжасында күндүн тутуларын
аныктап, алдын ала кабар берет. Ал мезгил келгенде күн тутулат. Эми
күн ошол астроном кабар бергени үчүн тутулдубу? Же болбосо, күн
тутула тургандыктан астроном муну мурдатан аныктап кабар бердиби?
Башкача айтканда, астрономдун күн тутуларын кабарлаганы күндүн
тутулушуна себеп болдубу? Же болбосо, күндүн тутулары астрономдун
алдын ала муну билдиришине себеп болдубу? Албетте, күндүн тутула-
ры астрономдун муну аныктап, мурдатан кабар беришине себеп болду.
Болбосо, астроном муну кабар бергени үчүн күн тутулбайт.
Мына, биздин кыла турган иштерибизди улуу Жараткандын ал-
дын ала билиши да ушул сыяктуу. Башкача айтканда, биздин өз эрки-
биз менен кылган иштерибизди Алла таала чексиз илими менен мурда-
тан билип жазып коѐт. Андыктан, Ал билгени үчүн биз аларды кылууга
аргасыз болбойбуз. Чындыгында, биз менен байланыштуу эмне жазып
койгонун да билбейбиз. Кандайдыр бир нерсени кылуу, же кылбоо туу-
ралуу чечим кабыл аларда эч кандай кысмакка алынбастан өзүбүздүн
эркибиз менен иш кылабыз.
Кырсык жана тагдырга ишенҥҥнҥн пайдалары
Кырсык жана тагдырга ишенүүнүн адамдын турмушуна абдан
маанилүү таасирлери бар. Тагдырга ишенген киши сабырдуу болот. Ко-
лунда болбогон себептер менен туш болгон кырсык жана апааттардан
улам өтө эле кайгырып капаланбайт. Бул Алла тааланын жазганы дейт
жана сабыр кылат. Ошондой эле өз катасынан улам башына келген иш-
терге өкүнүп, жаңылыш жүрүм-турум жана кыймыл-аракеттерден баш

60
тартып, Алла таалага сыйынып, Андан жардам тилейт, үмүтсүздүккө
кабылбайт.
Тобокел жана эмгектенҥҥнҥн мааниси
Тобокел деген эмне?
Тобокел – адамдын Алла таалага ишениши жана Ага байланышы.
Бул адам үчүн бир руханий кубат болуп саналат.
Адамды жараткан жана ага көптөгөн ырыскыларды берген –
Алла таала. Адам бардык ишинде Ага ишенип, өз мойнуна түшкөн мил-
детин аткаргандан кийин натыйжасын Андан күтүшү керек. Мунун эң
мыкты үлгүсү – дыйкан. Ал убактысы келгенде өзүнүн жол-жобосу ме-
нен жерине үрөнүн сээп, андан кийин Алла таалага тобокел кылат.
Мындай кылган учурда Алла таала ал кишиге ырыскы берет. Чынды-
гында пайгамбарыбыз: “Силер Аллага керек болгондой тобокел кыл-
саңар, (эртең менен) ачка кетип, (кечинде) ток болуп кайткан куш-
тарга ырыскы бергендей силерге да ырыскы берер эле,”51 – деп буюр-
ган. Бул сөздөр тобокел кылуу үчүн өз мойнуна түшкөндү аткаруу
менен эмгектенүүнүн шарт экенин ачык-айкын көрсөтүп турат. Ант-
кени жөн эле жата бергенде куштардын ырыскылары алдына келбейт.
Курсактарын тойгузуш үчүн Алла тааланын жараткан ырыскысын из-
деп табышат. Андай болсо, тобокел адамдын өзүнө көңүл бурбашы жа-
на эмгектенүүнү таштап коюп, “эмнеси болсо да Алла таала менин
ырыскымды берет” дегендик эмес. Бардык маселеде болгондой эле то-
бокел маселесинде да эң мыкты үлгү – пайгамбарыбыз. Ал бардык
ишинде өз мойнуна түшкөндү аткаргандан кийин Алла таалага тобокел
кылган.
Пайгамбарыбызга: “Төөмдү байлап туруппу, же агытып коѐ бер-
генден кийинби Алла таалага тобокел кылайын” – деп сураган кишиге:
“Алгач төөңдү байла, андан кийин тобокел кыл,” – деп буюрган.52
Ушундай кылган, башкача айтканда, иштин бардык чарасын көр-
гөндөн кийин Алла таалага тобокел кылган киши каалаган натыйжасын
ала албай калса, кайгырбайт. “Мен колумдан келгенин кылдым, Алла
таала буйруган жок,” – деп өзүн жубатат. Ал эми мындай ишенимге ээ
болбогон киши бардык иште арсар болуп, эч бир ишти баштай албайт.
Эмгектенҥҥнҥн мааниси
Алла таала ар бир жандуунун ырыскысын бере турганына убада
берген жана бул ырыскыга ээ болуу үчүн да көптөгөн себептер жарат-

51
Тирмизий, Зухд, 33.
52
Тирмизий, Кыяма, 60.

61
кан. Бул себептердин артынан түшүү жана Алла тааланын буюрган
ырыскыларын издеп табуу адамдын милдети болуп саналат. “Ырыскым
болсо, өзү келет” деп отура берүү, андан кийин “Мен Алла таалага
тобокел кылып койдум, менин ырыскымды берет” деп айтуу жаңылыш-
тык. Алла таала өз ырыскысын издеп мээнет жумшаганга гана аны
буюрат. Кырсык менен тагдырга ишенип, эмгектенбей коюу жана
зарыл болгон чараны көрбөө туура болбойт. Ошондой эле себептердин
артынан түшүп чара издөөнү тобокелге тоскоол деп эсептөө да жайыз
эмес. “Эмгектенүү бизден, берүү Алладан” деген сөз тагдырга ише-
нүүнүн толук маанисин билдирет. Негизинен, адам үчүн бир гана мээ-
нетинин акыбети бар. Ыйык Куран ушундай буюрган.
Ырыскы жана ажал
Ырыскы: Алла тааланын жандууларга азыктануу жана өмүрлө-
рүн сүрдүрүү үчүн ыроологон нерселерине ырыскы деп айтылат.
“Ырыскыны жараткан да, берген да бир гана Алла таала.
Анткени Андан башка ырыскы берүүчү жок” (Худ сүрөсү, 11/6). Адам
ырыскысынын кандай жол менен табылышын тилесе, Алла таала ошол
жол менен берет. Бирок адал болбогон жолдорго жана чараларга кай-
рылса, күнөө иштеген болот. Анткени Алла таала ырыскы үчүн адал
жана мыйзамдуу жолдордун тандалышын буюруп, мындай деп айткан:

‫ ْسجا ْسر ِبا ق ا ًن ط ِبحِهّٰللرح ًن‬ٝ‫ج ِب ِهّٰللمح ِب‬ٍٛ‫حس ُمو ُم‬


‫ح جٌِٕهّٰلل ُم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
“Оо, адамдар! Жер жүзүндөгү нерселердин адал жана таза
болгондорунан жегиле.”53
Ар бир киши өз ырыскысын жейт. Эч ким башка бирөөнүн ырыс-
кысын жей албайт, ошол сыяктуу эле башка бирөөлөр да анын ырыс-
кысын жей албайт.
Ажал: Алла таала жараткан ар бир жандуусу үчүн белгилүү бир
жашоо мөөнөтүн белгилеп койгон. Бул мөөнөттүн, башкача айтканда,
өмүрдүн аякташы ажал делет.
Кандайча жана качан болсо да, ажал деген белгиленген мөөнөт
келгенде өлүм көрүнүшү пайда болуп, бир мүнөт да кийинкиге калбайт.
Жараткан жана жашаткан – Алла таала, ошондой эле өлтүргөн да, б.а.
өлүмдү жараткан да – Ал. Андан башка жараткан жана өлтүргөн жок.
Ажал бирөө гана. Өлтүрүлгөн же кандайдыр бир кырсыктан улам
өмүрүнөн ажыраган киши да ажалы жеткен болуп эсептелет.

53
Бакара сүрөсү, 168-аят.

62
ЭКИНЧИ БӨЛҤМ
ИБАДАТ
ИБАДАТ
Ибадат
Ибадат Алла таалага урмат менен таазим кылуу жана буйрукта-
рына моюн сунуу дегенди билдирет.
Ибадат – урмат менен таазим кылуунун эң жогорку даражасы.
Мындай урмат-сый Алла таалага гана көрсөтүлөт. Анткени бизди жа-
раткан жана бизге ар түрдүү ырыскыларды ыроолоп жашоо берген –
Ошол. Андай болсо, урмат менен таазим кылуунун эң жогорку дара-
жасы болгон ибадат – кудуреттүү Алла тааланын бизден ала турган
акысы. Себеби биз Ага бардык жагынан карыздарбыз.
Ибадаттын руху ниет болуп саналат. Тагыраак айтканда, жүрөк-
түн бүтүндөй Алла таалага багытталышы жана байланышы. Рухсуз де-
не эч нерсеге жарабайт, ошол өңдүү ниетсиз ибадаттын да маңызы жок.
Ушул себептен ибадаттын дене менен да, рух менен да, б.а. бүтүндөй
турпатыбыз менен аң-сезимдүү түрдө жана чын ниеттен аткарылышы –
негизги нерсе.
Ибадатка муктажбыз
Бизди жоктон жараткан Алла таала тулку-боюбузга көргөн көз,
уккан кулак сыяктуу укмуштуудай сонун мүчөлөрдү ыроолоду жана
башка жандуулардан айырмалап бизге акыл-эс берип, жаратылган-
дардын ичинен өзгөчө бир орунга көтөрдү.
Ыйык Куранда бул маселе мындайча түшүндүрүлгөн:

ْٚ‫ ْسجا ْس ِبلزُۜ لٍح ًن ِح ض ْسغى ُمُمل‬ٚ ‫ ْسجا ْسذ حر‬ٚ ّ‫جٌض ْس‬
‫ؾعً ٌى ُمُمُ ِهّٰلل‬ٚ ُ‫ جْٔسغحو ْسُم‬ٜٓ ‫ جٌ ِهّٰلل‬ٛ‫لُم ْسً ُ٘م‬
“(Оо, Мухаммед! ) айт: “Силерди жараткан, силер үчүн кулак,
көз жана жүрөктү бар кылган – Ал. Эмне үчүн жакшылап шүгүр
кылбай жатасыңар?”54
Ошондой эле өмүрүбүздү уланта билишибиз үчүн ичкен суубуз-
дан тартып дем алган абабызга чейинки чексиз ырыскыларды тартуу-
лап, ааламдагы жаратылган көп нерселерди буйругубузга жана кызма-
тыбызга берген. Улуу Жаратканыбыз ыйык Куранда:

ُۜ‫٘ح‬ٛ ‫جا ا ُم ْسُت ُم‬


‫ج ٔ ْسِبعّس ِهّٰلل ِب‬ٚ‫ ِبج ْسْ ض ُمع ِهّٰللُمل‬ٚ

54
Мүлк сүрөсү, 23-аят.

64
“Алла тааланын ырыскыларын санай турган болсоңор, бүтүрө
албайсыңар,”55 – деп буюруп, бизге берген ырыскыларынын көптүгүнө
көңүлүбүздү бурган.
Биз адам катары бизге көрсөтүлгөн кичинекей бир жакшылыкка
да ыраазычылык билдирүү зарылчылыгын сезебиз. Бул сезим адамдын
табиятында болгон бир сапат. Айрым жаныбарлар да өздөрүн жеп-
ичирген жана баккан адамдарга берилгендик көрсөтүшөт. Андай болсо,
жаратылгандардын ичинен өзгөчө бир орунга ээ болгон адамдын ушун-
ча ырыскынын алдында кайдигерлик көрсөтүшүн, б.а. буларды өзүнө
берген Алла таалага ыраазычылык билдирбешин кандай деп түшүнсө
болот?
Ибадат Алла таалага, Анын улуу даражасына ылайыктуу түрдө эң
жогорку урмат-сыйдын көрсөтүлүшү жана бизге берген сансыз ырыс-
кыларына жооп катары ыраазычылык милдетибиздин орундатылышы
болуп эсептелет. Адамдын мындай аракети ички табиятынын зарыл
шарты катары каралат. Туура ойлонгон мезгилде ыйманыбыз да бизге
муну буюрат. Андыктан, пайгамбарыбыз Алла тааланын улуулугу жана
чексиз жакшылыктарынын алдында дагы көбүрөөк ыраазычылык бил-
дирүү муктаждыгын сезип, түнкүсүн да өзүн ибадатка арнаган.
Азирети Айша мындай деген: “Пайгамбарыбыз түнкүсүн буттары
шишигенге чейин ибадат кылган. Ушул көрүнүштөн улам андан:
– Оо, Алланын расулу, өткөндөгү жана келечектеги күнөөлөрүң
кечирилсе да, эмне үчүн ибадат кылып жатасың? – деп сурашканда, ал:
– Раббыма шүгүр кылган бир пенде болбой эле коѐюнбу? – деп
жооп берген.” 56
Чындыгында, жаратылышыбыздын маңызы, дүйнөгө келишибиз-
дин максаты – Алла тааланы таануу жана Ага ибадат кылуу. Бул жө-
нүндө ыйык Куранда мындай деп эскертилген:

‫ ْس ِب‬ٚ ٓ‫ِح ٍ ْسم ُمص ج ْسٌ ِبؿ ِهّٰلل‬ٚ


‫ِْب‬ٚ‫جأْسش ِبج ِهّٰللا ٌِبح ْسع ُمر ُمل‬
“Мен жиндерди жана адамдарды мага гана ибадат кылышсын
деп жараттым.”57
Укмуштай бир ырааттуу тартип ичинде жашаган ааламда эч бир
нерсенин жөндөн жөн эле болбогонун, бардык нерсенин кандайдыр бир
максатка ылайык өз милдетин аткарарын көрүп жатабыз.

55
Нахл сүрөсү, 18-аят.
56
Бухарий, Тахажжуд, 6.
57
Зарийат сүрөсү, 56-аят.

65
Бардык жандуулар улуу Жараткан тарабынан өздөрүнө тапшы-
рылган милдеттерин орундатып жатканда, алда канча жогору жара-
тылган, жер менен көктөгү көптөгөн жандуу-жансыз нерселерди кыз-
маты үчүн пайдаланган адам баласынын Аллага болгон ибадат милде-
тин эң мыкты түрдө аткарышы керек эмеспи?
Алла тааланын буйругу болгон ибадат – диний бир милдет жана
Алла тааланын пенделериндеги ала турган акысы. Ибадат Алла таала
буюргандай жана пайгамбарыбыз үйрөткөндөй түрдө жасалышы керек.
Ушул себептен, ибадаттарды азайтууга же көбөйтүүгө жана өзгөртүүгө
да болбойт.
Ибадаттын пайдалары
Алла таалага, ибадатка татыктуу жалгыз жандуу Ал болгондугу
үчүн ибадат кылып, бул ыйык милдетти бир гана Анын буйругун орун-
датуу жана сүймөнчүлүгүнө ээ болуу үчүн аткаруу керек.
Алла тааланын алдында кабыл болгон ибадат – Андан эч кандай
пайда күтпөстөн, ак ниет менен чын жүрөктөн кылынган ибадат.
Ошондой болсо да, ибадатта биз үчүн материалдык жана рухий
жактан көптөгөн пайдалуу нерселердин бар экендиги да анык. Алла
таала биздин ибадатыбызга муктаж эмес, бирок биз ибадатка муктаж-
быз. Ибадаттын берген пайдасы да бизге таандык. Ушул себептен,
алдыдагы тиешелүү бөлүмдөрдө ибадаттардын пайдалары тууралуу
керектүү маалыматтар берилмекчи. Бирок бул жерде ал тууралуу
кыскача түшүндүрүп кетишибизде пайда бар.
Ибадат – адамды Алла таалага жакындаткан эң жакшы жол жана
ошондой эле, бир пенденин бул дүйнөдө жете ала турган кызмат орун-
дарынын эң жогоркусу. Жашоо-турмушубуздун эң кымбат мезгилдери
ибадат менен өткөргөн убакыттарыбыз.
Ибадат рухубузду бийиктетип, көңүлүбүздү жаман пикирлерден,
дене-мүчөлөрүбүздү күнөө болгон ыплас нерселерден тазалайт. Жү-
рүш-туруштарыбызды оңдоп, адеп-ахлагыбызды чыңдайт.
Ибадат түбөлүктүү бак-таалайдын мекени бейиштин ачкычы бол-
гон ыйманыбызды сактайт. Ибадатсыз ыйман далдоосуз күйгөн шам
чырак сыяктуу коргоосуз калып, бир күнү өчүп калышы мүмкүн. Ушул
себептен, эң баалуу нерсебиз болгон ыйманыбыздын сакталышында
ибадаттардын абдан маанилүү орду бар.
Адам жашоодо ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болот. Кээде
үмүтсүздүккө кабылып, көңүлү чөгөт. Мындай учурларда адам ибадат
менен үмүтсүздүктөрдөн кутула алат. Анткени адам ибадат менен Алла

66
таалага берилип, жакшылыктан үмүтү үзүлгөн мезгилде Анын чексиз
ырайымына сыйынат жана ушундайча ыракатка жетет.
Ибадат момундарды Алланын алдында кадыр-баркка ээ кылат.
Ибадат милдеттерин орундатпагандар бул ырыскыдан куру калышат.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ُ‫ا ُم ح ٓ ُم۬وؤو ْسُم‬ٛ‫ ٌ ْس‬ٝ‫لُم ْسً ِح ْسعر ُمإ۬وج ذِبى ْسُمُ رذ ِهّٰلل‬
“(Оо, Мухаммед! ) айт: “Ибадатыңар болбосо, Раббым силерге
кантип баа берсин?”58
Намаз окуу үчүн даарат алуу абзел. Даарат алуу болсо бир күндө
бир нече жолу тазалануу дегенди билдирет. Ал эми тазалыктын адам-
дын ден-соолугу үчүн канчалык пайдалуу экенин бардыгыбыз билебиз.
Орозо кармоо тамак сиңирүү системасы баш болгон көптөгөн
дене-мүчөлөрүн эс алдырат, адамдагы мээрим жана ырайымдуулук се-
зимдерин кыймылга келтирет.
Зекет адамдардын социалдык жактан өз ара көмөктөшүүсү бол-
гондуктан, коомчулукка көптөгөн пайдаларды алып келет.
Ажылык дүйнөнүн бардык жагынан келген, тили жана өңү-түсү
ар башка болгон мусулмандарды куттуу жерде чогултуп, Ислам боор-
доштугун жогорку бир дүйнөлүк деңгээлге көтөрөт.
Булар – ибадаттардын бир киши менен коомчулукка берген пай-
даларынын айрымдары гана.
Эгерде биз Алла тааланын алдындагы ибадат милдеттерибизди
орундатып, Анын сүймөнчүлүгүнө ээ болсок, Алла таала бизге дүйнө-
дөгү ырыскыларынан дагы да көбүрөөгүн акыретте берет жана бизди
бейиште түбөлүк бак-таалайга жеткирет.
Ибадаттын тҥрлөрҥ
Ибадаттар денелик, мал-мүлктүк, ошондой эле, мал-мүлктүк
жана денелик болуп үчкө бөлүнөт:
1) Денелик ибадаттар: Дене менен кылынган ибадаттар дегенди
билдирет. Намаз окуу, орозо кармоо сыяктуу.
Дене менен кылынган ибадаттарды ар бир мусулман жеке өзү
аткарууга тийиш. Башка кишини өкүл кыла албайт. Башкача айтканда,
бир киши башка бир кишинин ордуна намаз окуп, орозо кармай албайт.

58
Фуркан сүрөсү, 77-аят.

67
2) Мал-мҥлктҥк ибадаттар: Булар мал-мүлк менен кылынган
ибадаттар болуп саналат. Зекет, битир садага берүү жана курмандык
чалуу сыяктуу.
Мал-мүлк менен кылынган ибадаттарда башка кишини өкүл
кылып, бул ибадатты орундатуу жайыз болуп саналат. Бай мусулман
зекетин бир жакырга өз колу менен бере алат, ошондой эле, өкүл кыл-
ган бир кишиси аркылуу да берсе болот.
3) Мал-мҥлктҥк жана денелик ибадаттар: Мал-мүлк менен да,
дене менен да кылынган ибадаттар болуп эсептелет. Ажыга баруу –
ушундай түрдөгү ибадат.
Ажыга барууга милдеттүү болгон киши бул ибадатты жеке өзү
аткарууга тийиш, башка бирөөнү өкүл кыла албайт. Бирок байлыгы
болсо да, ажыга бара албай турганчалык абалда оорукчан, майып, абдан
кары, же болбосо ажыга барышына тоскоолдук кылган башка бир
себеби болгон киши өзүнүн ордуна башка бир кишини жиберип, ажыга
баруу милдетин аткарта алат.

68
ИСЛАМ
Ислам – азирети Мухаммеддин (а.с.) Алла тааладан алып келип
билдирген өкүм-жоболорун чын жүрөктөн кабылдап, булардын ичинен
иш-аракет жана жүрүш-туруш менен байланыштуу болгондорун атка-
руу. Башкача айтканда, Ислам – диндин бүткүл өкүм-жоболорун чын
жүрөктөн ишенүү менен кабылдап, бул ишенимин ачык айтып, кылы-
нышы керек болгон нерселерди орундатуу.
Ислам сөзүнүн аныктамасынан да түшүнүктүү болуп тургандай,
мусулмандык – кандайдыр бир ишеним системасы гана эмес, ошол эле
мезгилде ишенимдин зарылдыгы болгон диний буйруктарды жана
ибадат милдеттерин орундатып, ишенгенин сөзү жана кыймыл-аракети
менен көрсөтүү.
Исламдын шарттары
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ
َ‫ ِبئل ِبح‬ٚ ‫جا‬ ‫ح ِبز ْسْ ا ِبئٌٗ ِبئاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ذ ُم ِب ج ِبإل ْسص ُمَ ٰل َخْس ٍش ع‬
‫ ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ر ُمص ُم‬ٚ ‫جا‬

ْ‫ ِبَ رِضح‬ٛ‫ ْس‬ٚ ‫ج ْسٌك ِب ِهّٰللؽ‬ٚ ‫ ِبئ طح ِبء جٌ ِهّٰللزوح ِبز‬ٚ ‫جٌ ِهّٰلل ِبز‬
“Ислам беш негиз менен курулган: Алладан башка эч бир те-
ңирдин болбогонуна жана Мухаммеддин (алайхис-салам) Алланын
пайгамбары экендигине күбөлүк кылуу, намаз окуу, зекет берүү,
ажыга баруу жана Рамазанда орозо кармоо.”59
Бул ыйык хадистен ачык-айкын түшүнүктүү болуп тургандай,
Исламдын беш шарты бар. Булар:
1) Шахадат келмесин келтирҥҥ: Алладан башка сыйына турган
жаратуучунун жок экенине, азирети Мухаммеддин Алланын пайгамба-
ры экенине күбөлүк кылуу. Башкача айтканда, ушул маанини түшүн-
дүргөн “шахадат келмесин” келтирүү.
Исламдын алгачкы шарты болгон “шахадат келмеси” төмөн-
күдөй:

‫ ُمل ج ْسْ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ج ْسع‬


ٗ‫ٌُم ُم‬ٛ‫ ر ُمص‬ٚ ٖ‫ ُمل ج ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ْسر ُمل ُم‬ٙ‫ ج ْسع‬ٚ ‫جا‬
“Ашхаду ан лаа илааха иллаллаах ва ашхаду анна Мухаммадан
абдухуу ва расуулух.”
Шахадат келмеси – көңүлдөгү ыймандын тил менен айтылышы.
59
Бухарий, Иман, 2; Муслим, Иман, 5.

69
2) Намаз окуу: Эрезеге жеткен жана акыл-эстүү болгон ар бир
мусулман күндө беш маал намаз окушу.
3) Зекет берҥҥ: Колунда бар мусулмандардын мал-мүлкү менен
акчасынын белгилүү бир бөлүгүн жыл сайын кедей-кембагалдарга
бериши.
4) Ажыга баруу: Мүмкүнчүлүгү жеткен кишилердин өмүрүндө
бир жолу ажылык милдетин орундатышы.
5) Орозо кармоо: Эрезеге жеткен жана акыл-эстүү болгон ар бир
мусулмандын жыл сайын Рамазан айында орозо кармашы.
Исламдын шарттарынан болгон намаз, орозо, зекет жана ажылык
мындан кийинки бөлүмдөрдө толугу менен түшүндүрүлмөкчү.

70
МИЛДЕТКЕР
Милдеткер
Ислам дини милдеткер болгон кишилерден айрым нерселерди
кылышын, айрым нерселерди кылбашын талап кылып, айрым нер-
селерди кылып кылбоодо болсо аларды өз эркине койгон. Диндин бую-
рган нерселерин аткаруу менен тыюу салган нерселеринен сактанууга
милдеттүү болгон жана эрезеге жеткен акыл-эстүү кишиге милдеткер
деп айтылат.
Ислам дини акыл-эсти эске алат. Ушул себептен акыл-эси кем
болгон жиндилер менен эрезеге жетпеген балдар милдеткер болуп са-
налышпайт. Көрүнүп тургандай, бир адамдын диний өкүм-жоболордон
милдеттүү болушу үчүн анда эки шарт болушу керек; акыл-эс жана
эрезеге жетүү.
Акыл-эс: Адамда бар болгон бир күч. Адам аны менен көп нер-
сени үйрөнөт, жакшы менен жаманды бири-биринен айырмалайт жана
ар нерсенин анык сырын аны менен түшүнөт. Акыл-эси болгон кишиге
“акыл-эстүү” деп айтылат.
Эрезеге жетҥҥ: Балакатка толуу, бойго жетүү.
Балалык чагын аяктап, өспүрүмдүк курагына келүү дегенди бил-
дирет. Бул да белгилүү бир жашка чыгып, айрым сапаттарга ээ болуу
менен белгилүү болот. Мына ушундай белгилүү жашка келген, же бол-
босо белгилүү сапаттарга ээ болгон кишилерге “өспүрүм” деп айтылат.
Өспүрүмдүк курагы бардык адамдарда бирдей болбойт. Балдар-
дын дене түзүлүштөрүнө жана климат шарттарына жараша өзгөрөт.
Түшүркөө, үйлөнгөндө балалуу болуу эркектердин балакатка жетүү жа-
шына келгенин көрсөткөн белгилер болуп саналат. Аялдарга таандык
болгон айыздык абалынын башталышы жана үйлөнгөндө боюна бүтүү
да – кыздардын балакатка жеткенинин белгилери.
Өспүрүмдүк курагы эркек балдарда 12-15, ал эми кыздарда 9-15
жаштардын арасында болот. Он беш жашына чыкканына карабастан,
өспүрүмдүк белгилери көрүнбөгөн эркек балдар да, кыздар да өспү-
рүмдүк курагына келген болуп эсептелишет жана диндин өкүм-жобо-
лорунан милдеттүү болушат.
Милдеткердин иштери
Милдеткер болгон адамдардын сегиз иши бар. Буларга “Афали
мукаллафин” (милдеткердин иштери) деп айтылат.
1) Парз: Дини тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы буюрул-
ган эреже болуп эсептелет.

71
Парздын өкүм-жобосу: Парздарды аткарган киши сооп табат, эч
себепсиз эле орундатпаган киши азапка кириптер болот. Ал эми парзды
танган киши динден чыккан болот.
Парз, айын парзы жана кифайа парзы болуп эки түргө бөлүнөт.
Айын парзы: Ар бир милдеткердин аткарышы керек болгон парз
дегенди билдирет. Айын парзы айрым кишилердин аткарышы менен
башка милдеткерлерден жоопкерчилик алынбайт. Аны ар бир милдет-
кер аткарууга тийиш. Мисалы, намаз окуу, орозо кармоо сыяктуу.
Кифайа парзы: Айрым милдеткерлер аткаргандыктан, калган
милдеткерлердин аткарышынын зарылдыгы болбогон парз дегенди
билдирет. Мисалы, жаназа намазын окуу сыяктуу. Кифайа парзынын
сообу тек гана аны аткаргандарга таандык. Кифайа парзы эч бир мил-
деткер тарабынан аткарылбай турган болсо, анда бардык милдеткерлер
күнөөкөр болушат. Мисалы, жаназа намазы ошол жерде турган мусул-
мандардын ар бирине өз-өзүнчө эмес, бардыгына бирдей парз. Эгерде
милдеткерлердин бир бөлүгү жаназа намазын окуса, калган милдеткер-
лер күнөөдөн кутулган болушат. Эми алардын дагы бир ирет ошол эле
кишинин жаназа намазын окушунун зарылдыгы жок. Бирок милдеткер-
лердин эч бирөө жаназа намазын окубай турган болсо, анда ал жерде
тургандардын баары күнөөкөр болушат.
2) Убажип: Далил жагынан парз сыяктуу так болбошу менен
бирге аткарылышы талап кылынган эреже. Мисал, битир жана айт на-
маздарын окуу, курмандык чалуу сыяктуу.
Убажиптин өкүм-жобосу: Убажиптерди аткарган киши соопко
калат, эч себепсиз түрдө аткарбаган киши азапка кабылат. Бирок так
далил менен туруктуу болбогондуктан парзда болгондой убажипти тан-
ган киши динден чыккан болбойт.
3) Сҥннөт: Пайгамбарыбыздын парз жана убажиптен сырткары
кылган нерселери жана кылынышын сунуш кылгандары болуп эсепте-
лет. Сүннөт так жана так эмес сүннөт болуп экиге бөлүнөт:
Так сҥннөт: Пайгамбарыбыз тарабынан көпчүлүк мезгилде кы-
лынган, кээде гана кылынбай калган сүннөт. Мисалы, багымдат, бешим
жана шам намазынын сүннөттөрү сыяктуу.
Так эмес сҥннөт: Пайгамбарыбыз тарабынан кез-кезде гана кы-
лынган сүннөт. Мисалы, дигер намазынын сүннөтү менен куптан нама-
зынын биринчи сүннөтү сыяктуу.
Сүннөт башка бир жагынан алганда жалпысынан экиге бөлүнөт:
а) Ибадат менен байланыштуу болгондорго “Суннетул-худа” деп
айтылат. Азан, коомат келтирүү жана жамаат менен намаз окуу бул
түрдөгү сүннөттөрдөн болуп саналат.

72
б) Ибадат менен байланышы болбогон, бирок адат катары кылын-
гандар да “суненуз-зеваид” деп айтылат. Пайгамбарыбыздын кийини-
ши, жүрүш-турушу сыяктуу иштери адат болгон сүннөттөргө кирет.
Буларды аткарбаган киши жемеленбейт.
Сүннөттүн өкүм-жобосу: Сүннөттөрдү кылган киши сооп табат.
Сүннөттү билип туруп аткарбоо азапка салбаса да, жемени жана жерүү-
нү талап кылат. Айрыкча сүннөттүн кифайа бөлүгү бар. Рамазандын
акыркы он күнүндө итикафка кирүү, тараба намазын жамаат менен окуу
сыяктуу.
4) Мустахаб (сооптуу): Пайгамбарыбыздын кээде кылып, кээде
кылбаган нерселери мустахаб деп аталат. Мисалы, шашке маалында
намаз окуу, Рамазан айынан кийин Шаввал айында алты күн орозо кар-
моо сыяктуу. Мустахабка мандуп деп да айтылат.
Мустахабдын өкүм-жобосу: Кылган киши сооп табат, кылбаган
киши да сооптон куру калат.
5) Мубах: Милдеткердин аткарып аткарбашында эркин болгон
нерселер. Мисалы, адал болгон нерселерди жеп-ичүү, отуруу, басуу
жана уктоо сымал.
Мубахтын өкүм-жобосу: Кылган киши соопко калбайт, кылбаган
киши да күнөө иштеген болуп саналабайт.
6) Арам: Динибиз тарабынан кылынышына бүтүндөй тыюу
салынган нерселер. Мисалы, адам өлтүрүү, уурулук кылуу, ата-энеге
каршы чыгуу жана ичкилик ичүү сыяктуу.
Арамдын өкүм-жобосу: Арам болгон нерсени кылган киши кү-
нөөкөр болот, арамдан оолак болгон киши сооп табат. Арам болгон
нерсени адал эсептеген киши болсо динден чыгат.
7) Макҥрөө: Далил жагынан арам сыяктуу так болбосо да, кы-
лынбашы талап кылынган нерсе.
Макүрөө арамга жакын жана адалга жакын болуп экиге бөлүнөт:
Арамга жакын болгон макҥрөө: Убажип болгон бир ишти
орундатпоо арамга жакын макүрөө болуп саналат.
Адалга жакын макҥрөө: Сүннөт жана мустахаб болгон нерсе-
лерди кылбоо макүрөөнүн бул түрүнө кирет. Адалга жакын макүрөө
болгон бир нерсени кылуу азапка салбайт, бирок кылынбаганы дагы
жакшы болот.
8) Муфсид: Башталып калган бир ибадатты бузган нерселер.
Мисалы, намаз окуп жатканда сүйлөө, орозо кармап жүргөндө билип
туруп жеп-ичүү сыяктуу.

73
ТАЗАЛЫК
Тазалыктын мааниси
Ислам дининин абдан маани берген маселелеринен бири –
тазалык.
Ыйык Куранда тазалыкка баш ийген мусулмандар макталган
жана Алланын сймөнчүлүгүнө ээ болушары билдирилген. Бул маселе
боюнча кудуреттүү Алла таала мындай деп эскерткен:

ٓ ‫ل‬ٙ‫ِبد ج ْسٌ ُمّ ِهّٰلل ِب ِهّٰلل‬ ‫ ِهّٰلل ُم‬ٚ ُۜ‫ج‬ٚ‫ ُمل‬ٙ‫ْ ج ْسْ ط ِهّٰلل‬ٛ‫ح ِبٗ ِبرؾ ٌدحي ُمُي ِهّٰللِبرُم‬
‫جا ُمُي ِهّٰللُم‬
“Ал жерде тазаланганды сүйгөн адамдар бар. Алла да көп та-
залангандарды сүйөт.”60
Пайгамбарыбыз да:

‫ر ع ْس ُمل ْس ِب‬ٛ ‫ُم‬


‫جا ّحِْب‬ ‫ ُم‬ٙ‫ جٌ ِهّٰلل ُم‬.‫ذ ُم ِب جٌ ِب ِهّٰللل ُمٓ ٰل جٌِٕهّٰللظح ِبس‬
“Дин тазалыктын негизинде курулган.”61 “Тазалык – ыймандын
жарымы,”62 – деп буюруп, тазалыктын динибизде канчалык чоң маа-
ниге ээ экендигин белгилеп кеткен.
Намаздын кабыл болушу үчүн да дене-бой, кийим-кече жана
намаз окула турган жердин таза болушу талап кылынган. Ошондуктан
мусулман дене-боюн, кийим-кечесин, үйүн жана отуруп-турган жерин
дайыма таза кармоого тийиш.
Чөйрөбүздү кирдетпей дайыма таза кармоо да диний милдеттери-
биздин арасына кирет. Азирети Пайгамбарыбыз: “Чөйрөңөрдү таза-
лагыла,”63 – деп буюруп, чөйрөнүн да таза кармалышын талап кылган.
Намаз окуган кишинин даарат алышы – парз. Ал эми даарат алуу
бир күндө бир нече жолу тазалануу дегенди билдирет. Алла тааланын
ар бир буйругунда болгондой эле кусул жана даарат менен байла-
ныштуу буйруктарында да нечендеген орундуу себептердин жана ден-
соолукка көптөгөн пайдалуу жактарынын бар экендиги белгилүү.
Динибиз тышкы тазалык сыяктуу эле ички тазалыкка да көңүл
бурулушун буюрган. Мусулмандын тышкы көрүнүшү таза болгон
сыяктуу эле, жүрөгү жана руху да таза болот.

60
Тообо сүрөсү, 108-аят.
61
Мешарык, 2-том, 107-бет.
62
Муслим, Тахара, 1.
63
Тирмизий, Адеп, 41.

74
Дене-мүчөлөрүбүз ар кандай булганыч кирлерден тазаланып жат-
канда, күнөөлөрдөн да тазаланып, жүрөгүбүз жана рухубуз бардык жа-
ман сезим жана ой-пикирлерден арылтылышы керек.
Имам Газали “Ихяу Улумид-Дин” аттуу таанымал чыгармасында
тазалыктын төрт даражасы бар экендигин билдирет:
1) Тышын ар түркүн кир жана булганыч нерселерден;
2) Дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн;
3) Жүрөгүн жаман ойлордон;
4) Көңүлүн Алла тааладан сырткаркы бардык нерседен тазалоо
(Ихяу Улумид-Дин, 1-том, 167-бет).
Корутундулап айтканда, мусулман Алла тааланын сүймөнчүлүгү-
нө ээ болуп, бейишке кирүүгө татыктуу болуш үчүн тышын материал-
дык жана рухий кирлерден, ичин ар кандай жаман сезим жана ой-пи-
кирлерден арылтышы керек.
Тиш тазалыгы да пайгамбарыбыздын өзгөчө токтолуп өткөн
маселелерден бири болуп саналат. Пайгамбарыбыз мүмкүнчүлүк бол-
гон сайын тиштерин тазалап:

‫لزٌد ِبٌ ْسٍفُِب ِ ْسلضحزٌد ٌ ِهّٰلل‬ٙ ‫ج ُمن ِ ْس‬ٛ‫جٌض‬


‫ِبٍل ِب ِهّٰللخ‬ ‫ِبِهّٰلل‬
“Мисибек оозду да тазалайт, Жараткандын ыраазычылыгына
да ээ кылат,”64 – деп буюрган.
Тишин тазалабаган кишилерди көргөндө да:

‫ج‬ٛ‫ْ ِهّٰللل لُم ْسٍ ًنكح ِبج ْسصطحوُم‬ٍٛ‫ِح ٌى ْسُمُ ض ْسل ُم ُم‬
“Силерге эмне болду, эмне үчүн саргарган тиштериңер менен
менин жаныма келип турасыңар? Мисибек колдонгула,”65 – деп
эскерткен.
Тазалыктын тҥрлөрҥ
Тазалыктын эки түрү бар:
1) Хадестен тазалануу
Айрым ибадаттардын орундатылышына тоскоол болгон өкүмдүк
кирге “Хадес”, мындан тазаланууга да “Хадестен тазалануу” деп
айтылат.

64
Несаи, Тахара, 5, (I, 10).
65
Мажмауз-Заваид, 1-том, 221-бет (Хадисти Ахмет б. Ханбел менен Таберани айтып
беришкен.)

75
Хадес кичине жана чоң болуп экиге бөлүнөт. Кичине хадестен
тазалануу “Тахарети сугра” деп айтылат. Бул дааратсыздыкты жойгон
тазалык болуп саналат, башкача айтканда даарат алуу дегенди бил-
дирет.
Чоң хадести жойгон тазалыкка да “Тахарети кубра” деп айтылат.
Жунуптуктан, айыз жана нифас (төрөттөн кийинки) абалдардан таза-
лануу дегенди билдирет, буга да кусул даарат деп айтылат.
Даарат алуу жана кусул даарат алуу мүмкүн болбогон жагдайлар-
да булардын ордуна таяммум кылынат.
2) Нажасаттан тазалануу
Кир болгон нерсеге “Нажасат”, мындан тазаланууга да
“Нажасаттан тазалануу” деп айтылат.
Намаздын туура болушу үчүн дене-бой, кийим-кече жана намаз
окула турган жайдын таза болушу шарт. Намаздын туура болушуна
тоскоол болуп болбошу боюнча нажасаттар экиге бөлүнөт:
а) Нажасати гализа: Жеңил болбогон оор нажасат дегенди
билдирет.
Булар – адамдарга таандык (эмчектеги баланыкы да кирет) заң,
заара, дененин кайсы бир жеринен аккан кан, ириң, кусунду, сперма,
аялдардын айыздык, нифас (төрөттөн кийинки) жана истихаза абалда-
рында аккан суюктуктар.
Эти желбеген жаныбарлардын заңы, заара жана шилекейлери; эти
желген жаныбарлардан тоок, каз жана өрдөктөрдүн боктору, аккан кан;
кургакта жашоочу, бирок өз ыкмасы менен союлбастан өлгөн жаныбар-
лардын өлүмтүктөрү менен шарап да бул бөлүмгө кирет.
Намаз окуган кишинин дене-бою, кийим-кечеси жана намаз окуй
турган жайы бул сыяктуу кир нерселерден тазаланган болууга тийиш.
Ал эми бул кирлердин катып калган так же калдыктарынын бир дир-
хемден (2.08 гр.) көп болушу, же болбосо суюк жана агуучу болгон-
дорунун алакандан көп жерди каптаган болсо, намаз туура болбойт.
Бул өлчөмдөрдөн аз болгон кирлер намазга тоскоолдук кылбайт, бирок
макүрөө болуп эсептелет.
б) Нажасати хафифа: Жеңил болгон, жийиркеничтүү болбогон
кир дегенди билдирет.
Булар – аттын тезеги жана заарасы. Ошондой эле эти желген үй
жаныбарларынан кой, эчки, уй, топоз жана төөнүн тезеги жана заарасы
жана эти желбеген канаттуулардын боктору да бул бөлүмгө кирет. Бул
бөлүмгө кирген кирлерден дене же кийимге жуккан өлчөм дене же
кийимдин төрттөн бир бөлүгүнөн көп болсо, анда намаз туура болбойт.

76
Бул өлчөмдөн аз болсо намаздын туура болушуна тоскоол болбойт,
бирок макүрөө болуп саналат.
Зааранын ийненин учундай болгон чачырандылары менен жол-
дон чачыраган ылайлардан сактануу көпчүлүк мезгилде мүмкүн болбо-
гондуктан буларга кечирим көрсөтүлгөн. Бирок бул кирлер сууга арала-
ша турган болсо, сууну булгашат.
Жолдордон чачыраган нерсенин кир экендиги белгилүү болсо
намаз туура болбойт.
Кир деп эсептелген кан – адамдын жана жаныбардын аккан каны.
Жол-жобосуна ылайыктуу түрдө союлган малдын тамырлары менен
эттериндеги кан; боор, өт жана жүрөктүн каны менен чегиртке жана
балыктын каны; сактануу кыйын болгон бүргө, кантала сыяктуу курт-
кумурскалардын каны намазга тоскоол болбойт, буларга кечирим
көрсөтүлгөн.
Адамдын денесинде, кийиминде жана намаз окуй турган жайын-
да намазга тоскоолдук кылбай турганчалык аз кирдин болушунан улам
намазды бузбайт деп аларды тазалабай коюу туура эмес. Бул кирлерди
түп орду менен тазалоо мүмкүн болсо да, буларды тазалабай намаз
окуу макүрөө болуп саналат.
Ушул себептен мусулман киши денеси, кийими жана намаз окуй
турган жайынын тазалыгына абдан кылдаттык менен көңүл бурушу
керек.

77
СУУЛАР
Хадес деп аталган өкүмдүк кирлер жана нажасат деп аталган чы-
ныгы кирлер көбүнчө суу менен тазаланат. Бирок бардык суу менен эле
тазалана бербейт. Аларды кайсы суулар менен тазалоо керек экендигин
билүү керек. Себеби суулар таза жана аралашма суулар деп экиге
бөлүнөт:
1) Таза суулар: Буларга жамгыр, мөндүр, кар, булак, агын суу,
дарыя, кудук, көл жана деңиздин суулары кирет. Суу деп айтканда
мына ушулар ойго келет.
2) Аралашма суулар: Буларга коон, дарбыз, жүзүм, розанын
суусу сыяктуу суулар жана чындыгында таза суу болсо да, башка нер-
селердин аралашуусунан улам тазалыгын жана суюктук сапатын жогот-
кон суулар кирет.
Мындай суулар менен даарат алып, жуунуга болбойт.
Даарат алууга жана кирлерди тазалоого ылайыктуу болуп болбо-
гону боюнча таза суулар беш топко бөлүнөт.
а) Таза да, тазалоочу да касиети болгон жана колдонулушу
макҥрөө болбогон суулар: Булар – өңү, жыты, даамы бузулбаган, не-
гизи өзгөрбөгөн жана колдонулбаган суулар. Бул суулар тазалыктар-
дын бардыгында колдонулуп, даарат жана кусул даарат алынат. Ошон-
дой эле ичкенге жана тамак-аш даярдоодо колдонулат.
б) Таза суу катары жана тазалоочу суу катары каралганы
менен колдонулушу макҥрөө болгон суулар: Булар – мышык, тоок
сыяктуу үй жаныбарлары менен шумкар, бүркүт сыяктуу алгыр куш-
тардан арткан суулар. Башка таза суу турганда, мындай суулар менен
даарат жана кусул даарат алуу макүрөө болуп эсептелет.
Эгерде башка таза суу болбосо, анда мындай сууларды колдонуу-
нун кандайдыр бир ыңгайсыз жагы жок.
в) Таза болгонуна карабастан, башка нерсени тазалоого бол-
богон суулар: Булар – даарат жана кусул дааратта колдонулган суулар.
Мындай суулар “колдонулган суу” деп аталат. Бул суулар менен
кайрадан даарат алынбайт жана жуунууга болбойт. Бирок колдонулган
бул суу кир болбогондуктан тийген жерин кирдеткен болуп саналбайт.
Ошондой болсо да даарат алган киши мындай суулардын үстү-башына
чачырашынан сактанышы керек.
г) Таза болбогон суулар: Булар – ичине булганыч нерселер түш-
көн жана агып тазаланбаган суулар. Агын жана чоң сууларга булганч
бир нерсе түшүп, же кир аралашып, бул кирдин өңү, же даамы, же
болбосо жыты сууда сезилсе мындай суулар да таза эмес.

78
д) Кҥмөндҥҥ суулар: Булар – таза болуп болбогону күмөндүү
болгон суулар. Үй жаныбары болгон эшек менен качырдан арткан суу-
лар ушундай топко кирет. Мындай суулар менен булганыч жерлерди
жууса болот. Бирок башка таза суу турганда, мындай суулар менен даа-
рат алууга жана жуунууга болбойт. Эгерде башка таза суу жок болсо,
анда даарат алынат, жуунулат жана этияттык менен таяммум кылынат.
Арткан суулар
Адам жана жаныбарлар ичкенден кийинки калган суу “Арткан
суу” деп аталат.
Арткан суулар менен байланыштуу өкүм-жоболор төрткө
бөлүнөт:
1) Таза жана тазалоочу касиети болуп, колдонулушу макҥрөө
болбогон арткан суулар: Булар – ооздорунун таза болушу шарты ме-
нен адамдан, ат, кой, уй жана төө сыяктуу эти желген үй жаныбарлары,
жырткыч айбанаттар менен куштардын ичкенинен арткан суулар.
Бул арткан суулар таза суу катары да, тазалоочу суу катары да
каралат. Бардык тазалыктарда колдонсо болот.
Ал эми ооздору таза болбогондордон арткан суулар таза эмес.
Шарап ичкен же кускан киши суу ичсе, андан арткан суу таза болбойт.
2) Кир болгон арткан суулар: Булар – доңуз, ит, карышкыр,
арстан сыяктуу айбанаттардан арткан суулар. Мындай суулар тазалык
үчүн колдонулбайт жана ичилбейт.
3) Колдонулушу макҥрөө болгон арткан суулар: Булар –
мышыктан, көчөлөрдө жүргөн тооктордон, бүркүт, жору жана шумкар
сыяктуу жырткыч канаттуулардан арткан суулар болуп эсептелет.
Башка таза суу турганда, мындай суулардын тазалык үчүн колдо-
нулушу макүрөө болуп саналат. Бирок башка суу табылбаса, булар
менен тазалоого жана тазаланууга болот.
4) Кҥмөндҥҥ арткан суулар: Булар – эшек менен качырдан
арткан суулар. Бул арткан суулардын өзү таза, бирок тазалоочу болуп
болбогону күмөндүү. Эгерде башка суу табылбай калса, бул суулар
менен даарат алынып, этияттык менен таяммум кылынат.
Кудуктардын тазаланышы
Бети жүз чарчы метрден (=68м2) аз болгон кудук (суусу канчалык
көп болсо болсун) чакан бассейн болуп эсептелет.
Мындай бир кудуктун ичине кан, заара сыяктуу суюк кир, же
болбосо адамдын заңы; мышык жана ит сыяктуу эти желбеген; тоок,
каз жана өрдөк сыяктуу эти желген жаныбарлардын кыктары аралашып

79
кетсе же болбосо кудукка чочко түшүп кетсе (чочко өлбөстөн жана
оозу сууга тийбестен чыгарылса да) кудуктун суусу булганган болот
жана анын суусу бүтүндөй бошотулууга тийиш.
Кудукка адам же кой менен эчки сыяктуу чоң жаныбарлар түшүп
өлсө, же чымчык жана чычкан сыяктуу кичинекей жаныбарлар түшүп
өлгөндөн кийин ичи көөп же жарылып, же болбосо жүнү жыдып кетсе
да кудуктагы суунун баары бошотулушу керек.
Жогоруда саналып кеткендер башка жерде өлсө, бирок кудукка
ташталса да, ушул эле өкүмдөр жүргүзүлөт.
Бир кудукта булганыч нерсе көрүлгөн мезгилден баштап кудук
булганган болуп эсептелет. Эгерде кудукта бир жаныбардын өлүгү
көрүнүп, кудукка түшкөн мезгили да билинсе, ошол убакыттан баштап
булганган болот. Эгерде жаныбардын өлүгүнүн кудукка кайсы мез-
гилде түшкөнү белгилүү болбосо жана ичи көппөгөн болсо болжол
менен бир күн мурун, ичи көпкөн болсо үч күн мурда өлгөн деп кабыл
алынат.
Ошол мөөнөт ичинде мындай суу менен даарат алгандар да,
жуунгандар да кайрадан даарат алып, намаздарын кайрадан окууга
тийиш. Мындай суу менен жуулган кийим-кечелер кайрадан жуулушу
керек.
Суунун таза болуп болбогонун жаңы ыкмалар менен текшерүү
дагы ишеничтүү жол. Албетте, тазалыкка негизделип курулган улуу
бир диндин мүчөсү болгон мусулмандардын бул ыкмалардан мүмкүн
болушунча пайдаланышы керек. Бирок бул ыкманын бардык жерде
жасалышы мүмкүн эмес.
Тазалык эмнелер менен жасалат?
Кир нерселерди тазалоонун көптөгөн жолу бар. Эң негизгилери
булар:
1) Суу менен жууп тазалоо
“Хадес” деп аталган жана өкүмдүк кир катары эсептелген
адамдардын дааратсыздык, жунуптук, айыздык жана нифас (төрөттөн
кийинки) абалдары “таза суулар” менен даарат алуу жана жуунуу
аркылуу тазаланат. Суу табылбаган учурда булардын ордуна таяммум
кылынат.
“Нажасати хакикийе” деп аталган материалдык кирлер да таза
суулар менен тазаланат.
Кирлер көзгө көрүнгөн кир жана көзгө көрүнбөгөн кир болуп
экиге бөлүнөт.

80
Көзгө көрүнгөн кир менен кирдеген бир нерсе суу менен же таза
бир суюктук менен жуулуп кир кетирилсе, тазаланган болот.
Көзгө көрүнбөгөн кир (заара сыяктуу) менен булганган бир нерсе
үч жолу жуулуп, ар жолкусунда сыгуу менен тазаланат. Үчүнчү жолу
сыгылганда суу тамчылабай калганчалык даражада бекем сыгылышы
керек.
Эгерде жуулган нерсе килем, таар, кийиз сыяктуу сыгылбаган
бир нерсе болсо, ар бир жуулушунда суунун тамчылары калбай калган-
га чейин илинип турушу керек жана ушундайча тазаланган болуп
саналат. Бүтүндөй кургашына керек жок. Мындай бир нерсе агын сууга
салынып, же үстүнө көп суу куюлуп жуулса, кирдин тагы калбай кал-
ганда тазаланган болот. Бул буюмдун сыгылып кургатылышына жана
сууга кайрадан салынышына керек жок.
Фарфор эмес жана үстүндө айнек болбогон, башкача айтканда
суу тарткан топурактан жасалып, отто бышырылган идиштер кирдеген-
де үч жолуу жуулат жана ар бир жуулушунда акыркы тамчысы тамчы-
лаганга чейин күтүлөт. Кирдин жыты толугу менен кеткендей кийин
идиш тазаланган болот.
2) Аарчып тазалоо
Бычак, айнек, күзгү, мрамор, фарфор жана темир табак сыяктуу
нерселер кирдегенде, мындай нерселер кирди соруп албагандыктан
чүпүрөк же топурак менен аарчылып тазаланат.
3) Отко жагып тазалоо
Айрым булганыч нерселер отко жакканда тазаланат. Мисалы, те-
зек күйүп, күлгө айланганда таза болот. Айрым нерселер сууга кайна-
тылып, кээ бир заттар болсо кыруу менен тазаланат.
Мындан сырткары азыркы күндө көптөгөн тазалоочу аппараттар
ойлоп табылып, ар түрдүү тазалоочу заттар өндүрүлүп жатат. Булар
кир жана булганычтуу нерселердин тазаланышын жеңилдеткендиктен
тазалыктын дагы жакшы жасалышы үчүн булардан да мүмкүн болу-
шунча пайдаланылышы керек.

81
ДААРАТ
Даарат жана анын мааниси
Даараттын арапчасы – “вудуу” . Сөздүктө тазалык жана сулуулук
маанисин түшүндүрөт. Ал эми термин катары белгилүү дене-мүчө-
лөрдүү жууп жана масх тартуу жолу менен жасалган тазалык.
Намаз окуу үчүн даарат алуу – шарт. Дааратсыз намаз туура
болбойт.
Ыйык Куранда даарат менен байланыштуу мындай деп бую-
рулган:

ٌٝ‫ج ْس ِبل ى ْسُمُ ِبج‬ٚ ُ‫٘ى ْسُم‬ٛ‫ ُمؾ‬ٚ‫ج ُم‬ٍٛ‫ ِبز ح ْس ِبض ُم‬ٍٛ ‫ جٌ ِهّٰلل‬ٌٝ‫ج ِبج ج لُم ْسّ ُمط ْسُ ِبج‬ٛٓ ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ُۜ ‫ ج ْسٌى ْسعر ْس ِب‬ٌٝ‫ج ْسر ُمؾٍى ْسُمُ ِبج‬ٚ ُ‫ج ذِب ُمل ُمؤ ِبُ۫صى ْسُم‬ٛ‫ج ْسِض ُمك‬ٚ ‫ج ْسٌّلج ِبِبك‬
“Оо, ыйман келтиргендер, намаз окууга турганыңарда жүзү-
ңөрдү, колуңарды чыканагыңарга чейин, бутуңарды кызыл ашыгы-
ңарга чейин жуугула жана башыңарга масх тарткыла.”66
Даарат тышкы дүйнө менен көбүрөөк байланышта болгон дене-
мүчөлөрүбүздүн тазаланышына, бул дене-мүчөлөр аркылуу кылган
күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жана акыретте бейишке киришибизге
себеп болот.67

66
Маида сүрөсү, 6-аят.
67
Даарат алуунун көздүн саламаттыгы боюнча оң натыйжаларын белгилеген Ирак
Улуттук коргонуу министрлиги Саламатыкты сактоо бөлүмү директору генерал Шакир
Фаик мындай дейт: «Ирак мамлекеттик ооруканасы көз оорулары бөлүмүнө иштеп
калдым. Бизге келген оорулардын көбү трахома оорусу менен оорушканын көргөндө
абдан таң калдым. Анткени 70%и трахома менен оорушат экен. Ушул мөөнөт ичинде
Азамийеде бир башталгыч мектептин окуучуларынын көздөрүн текшерип чыктым.
Окуучулардын 90%инин трахома менен оорушканын көрдүм. Ушул тармак боюнча
билимимди жогорулатуу үчүн Европага барууну чечтим. Лондонго келдим. Морфилд
көз оорулары ооруканасында иштей баштадым. Морфилд ооруканасында иштеген
профессор Көлн менден Багдаттагы трахома менен ооругандардын санын сурады. Мен
чындыкты болгондой айттым. Муну уккандан кийин абдан таң калып мындай деди:
“Силердин мусулман экениңерди билем. Мусулман киши беш маал намаз окуу үчүн
күнүгө беш жолу суу менен даарат алат жана жүзүн жууйт. Мындай кишилердин
трахома менен оорушу мүмкүн эмес. Андай болсо силердин атыңар гана мусулман.
Анткени даарат албайсыңар жана намаз кылбайсыңар. Же даарат алып, намаз окусаңар,
анда жайылган бул оору трахома эмес, башка бир оору болушу мүмкүн.
Мен “Оору чындап эле трахома, бирок биз дааратсыз жана намазсыз мусулмандарбыз”
деп айтканга мажбур болдум.» (Дин иштери башкармалыгынын төрагасы маркум
Хасан Хүснү Эрдемдин “Даарат алуунун тиш жана көз саламаттыгы боюнча мааниси”
деген чыгармасынан кыскартылып алынды. 28-бет.)

82
Пайгамбарыбыз даарат алуунун мартабасы жөнүндө мындай деп
буюрган:

‫ح ح ُمٖ ِبِ ْسٓ ؾض ِبل ِبٖ ق ِهّٰلل۪ت ِتْس ُملؼ ِبِ ْسٓ ْسُت ِبص‬ ‫ ُم‬ٛ‫ضأ ح ْسقضٓ ج ْسٌ ُم‬
‫ء لؾ ْسص‬ٛ‫ض‬ ‫ ِهّٰلل‬ٛ‫ِ ْسٓ ض‬
ٖ‫ج ْسفح ِبر ِب‬
“Бир киши жакшылап даарат алса, денесинен тырмактарынын
алдына чейинки күнөөлөрү төгүлөт.”68
Башка бир ыйык хадисте мындай деп буюрган:

‫ ُم‬ٛ‫َ ج ْسٌمِبححِ ِبس ُم ِهّٰلللًنج ُم ِهّٰللؿ ِبٍ ِبِ ْسٓ آغح ِبر ج ْسٌ ُم‬ٛ‫ْ ْس‬ٛ‫ِبئ ِهّٰللْ ُم ِهّٰللِ ِبِت ُم ْسل ْس‬
ْ‫ ِبء ّ ِبٓ ْسجصط حا ِبِ ْسٕى ْسُمُ ْس‬ٛ‫ض‬
ً‫ُم ِبحً ُم ِهّٰلللض ُمٗ ْسٍح ْسفع ْس‬
“Менин үмөтүм кыямат күнү даарат мүчөлөрү, даарат нурунун
жарыгы менен келет. Бул жарыкты дагы көбүрөөк узартуу кимдин
колунан келсе кылсын.”69
Бул тема менен байланыштуу Абу Хурайра мындай деп айткан:
“Пайгамбарыбыз бир күнү Мединанын көрүстөнүнө келип:
– Оо, момундардын мекени, силерге салам болсун. Буйруса, биз да
силерге кошулабыз. Туугандарымды көрүүнү каалар элем, – деп айтат.
Сакабалар:
– Оо, Расулалла, биз сиздин тууганыңыз эмеспизби? – деп
сурашат. Пайгамбарыбыз:
– Силер менин сакабаларымсыңар. Туугандарыбыз болсо али келе
электер, – деп айтат. Сакабалар:
– Оо, Алланын расулу, али келе элек болгон ошол туугандары-
ңызды кантип тааныйсыз? – дешет. Пайгамбарыбыз:
– Бир кишинин бардыгы бир өңчөй түстөгү аттардын арасында
маңдайы кашка жана үч буту алаяк бир аты болсо, аны тааныбай
коѐбу? – деп сурайт. Сакабалар:
– Албетте, тааныйт, – дешет. Муну уккан пайгамбарыбыз:
– Андай болсо, туугандарыбыз жүзү, колу жана буттары даа-
рат нуру менен агарып жаркырап келишет. Мен болсо алардан мурда
барып, көлмөктүн башында аларды күтөм, – деп буюрат.70

68
Муслим, Тахара, 33.
69
Бухарий, Вуду, 3.
70
Муслим, Тахара, 12.

83
Даараттын парздары
Ыйык Куранда даарат менен байланыштуу аяттан ачык-айкын тү-
шүнүктүү болгондой даараттын төрт парзы бар. Булар:
1) Жүздү бир жолу чайкоо.
Жүз – чекенин чач өскөн жеринен ээктин алдына чейинки жана
эки кулактын арасындагы аралык. Коюу болгон сакалды үстүнөн гана
жууп коюу жетиштүү. Ал эми сакал суюк болсо, анда астындагы тери-
ни да жууш керек. Мурут жана каштар жөнүндөгү өкүм да ушундай.
Сакалдын алдындагы тери көрүнбөсө, ал сакал коюу. Тери көрүнүп
турса, анда суюк. Жүздү чайкап жатканда кирпиктер менен көздүн кы-
чыктары да жуулушу керек. Көздүн ичин жуугандын кереги жок.
2) Эки колду чыканакка чейин бир жолу чайкоо. Чыканактан өй-
дө жагын жууштун кереги жок.
Манжалардан баштап, чыканакка карай чайкоо сүннөт болуп са-
налат. Чыканактан баштап манжаларга карай чайкоо жайыз болсо да,
сүннөткө туура келбейт.
3) Баштын төрттөн бирине масх тартуу.
Масх тартуу башка бир жерде колдонулбаган нымды бир жерге
тийгизүү дегендик. Колду жуугандан кийин андан арткан ным менен
башка масх тартуу жайыз болбойт. Анткени бул суу колдонулган. Баш-
ка масх тартуу үчүн кайрадан жаңы суу алыш керек. Башта масх тар-
тыла турган жер – эки кулактын үстү жагында калган жер. Бул жердин
төрттөн бирине масх тартуу жетиштүү. Кулактан ылдый түшкөн чачка
масх тартуунун кереги жок. Ошондой эле ушул эле чач түйүлүп коюлса
да масх тартылбайт.
4) Эки бутту кызыл ашыкка чейин бир жолу чайкоо.71
Буттун эки жагында чыгып турган сөөктөргө “кызыл ашык” деп
айтылат. Бутту жууп жатканда кызыл ашыкты да жууш керек. Согон-
чоктон өйдө карай жууштун зарылчылыгы жок. Даарат алып жатканда
буттарды чайкоо – парз. Жылаңач буттарга масх тартуу – жайыз эмес.
Даарат менен байланыштуу аяттагы ُ‫جرؾٍى‬ٚ сөзүн ُ‫ ذلؤصى‬сөзүнө
айлантып, ُ‫جرؾٍى‬ٚ сөзүнүн лам тамгасын эсре окуп, буга таянуу менен
буттарга жылаңач түрдө масх тартылышы керек экендигин жактаган
аалымдар да бар.

71
Шафий мазхабындагылар даараттын алты парзы бар деп эсептешет. 1) Ниет кылуу,
2) Жүздү чайкоо, 3) Колдорду чыканактар менен чогуу чайкоо, 4) Башка масх тартуу,
5) Буттарды чайкоо, 6) Бул мүчөлөрдү ушул кезек менен жууп тазалоо.

84
Чындыгында, ُ‫جرؾٍى‬ٚ сөзүнүн лам тамгасы үстүн да, эсре да болуп
окулат. Кыскасы, экөө тең окула берет. Үстүн окулган мезгилде аят
“Буттарыңарды да чайкагыла”, эсре окулган мезгилде болсо “Бутта-
рыңарга да масх тарткыла” деген маанилерди түшүндүрөт.
Бул маанилердин ичинен кайсынысы туура? Ислам укугунда бел-
гиленгендей көп маанилүү корутундулоочу сөздөр көп. Даарат аятын-
дагы ‫ وارجلكم‬сөзү да ушундай. Корутундулоочу сөз болгон бул аяттан
эмне деген маани түшүндүрүлгөн? Башкача айтканда, дааратта буттар-
дын чайкалышы буюрулганбы, же буттарга масх тартылышы буюрул-
ганбы?
Мунун бир түшүндүрмөсү болушу керек. Болбосо, эч кандай не-
гизге таянбай туруп, эки маанини тең түшүндүргөн аяттын буттардын
жуулушун билдирген маанисин таштап, башка маанисин тандап, жыла-
ңач буттарга масх тартылышын кабыл алуунун эч кандай илимий тая-
нычы болбойт. Курандан кийин диний өкүм-жоболор таянган экинчи
негиз эч шексиз пайгамбарбыздын сүннөтү. Ушул себептен дааратта
буттардын жуулушу, же буттарга масх тартылышы жөнүндөгү өкүмдүн
сүннөт менен түшүндүрүлүшү керек. Аткарылган да, түшүндүрүлгөн да
сүннөткө караганыбызда, пайгамбарыбыздын даарат алып жатканда
буттарын жууганы дайыма эскертилип келсе да, жылаңач буттарга масх
тартканына байланыштуу эч кандай икая айтылган эмес.72
Ал тургай пайгамбарбыз дааратта буттарын жууп жатканда бир
бөлүгүн жуубай койгон сакабаларды ‫حخ ِبِٓ جٌِٕهّٰللح ِبر‬
‫ ْس ٌدً ِبٌ ْس ْس م ِب‬ٚ “Мынабу таман-
дардын акыбалын карачы,”73 – деп эскерткен. Даарат алып жаткан бир
кишинин бутунун тырмактай бир жерин жуубай койгонун көргөндө:
“Кайра барып, дааратыңды жакшылап ал,”74 – деп буюрат. Ал киши
да кайра барып, бутунун бардык жагын чайкагандан кийин намазын
окуган.
Пайгамбарыбыздын сөздөрү жана даарат алганда өзгөчө бутта-
рын чайкашы аятта айтылган өкүм “дааратта буттардын чайкалышы
керек экендигин” ачык-айкын көрсөтүп турат. “Жерр” кыраатына тая-
нып, дааратта буттарга масх тартылышы керек экендигин жактоонун эч
кандай мааниси жок. Анын үстүнө даарат мындан мурун Меккеде
“Вахйи гайри метлувв” (Сөздөр болуп окулбастан, түздөн-түз пайгам-
бардын жүрөгүнө түшүрүлүү) менен парз кылынган жана кийинчерээк
Мединада бул аят менен бекемделген. Анткени даарат көз карандысыз
72
Жассас, Ахкамул-Куран, 2-том, 345-бет.
73
Бухарий, Вуду, 29; Муслим, Тахара, 9; Тирмизий, Тахара, 31; Абу Давуд, Тахара, 97;
Насаи, Тахара, 90.
74
Муслим, Тахара 10; Абу Давуд, Тахара.

85
бир ибадат болбой, намазга көз каранды болгондуктан, мезгил менен
шалаакылык көрсөтүлүп, шарттарынын орундатылбашы ыктымалына
каршы “вахйи метлувв” менен бекемделген жана аныкталган.75
Буттардын жуулушунда ‫ جٌىعر‬ٌٝ‫ ج‬сөзү жана кызыл ашык менен
чектелиши да буттардын чайкала турганын көрсөтөт. Анткени масхта
“бул жерге чейин” деген бир чектөө болбойт.
Мындан сырткары эң көп жуулуп тазаланышы зарыл болгон бут-
тардын дааратта жуулбашы Исламдын тазалык түшүнүгүнө туура кел-
бегендей эле, даарат аятынын акырындагы “Алла силерге кыйынчы-
лык бергиси келбейт, бирок силерди таптаза кылгысы келет” деген
түшүндүрмөгө да терс келет. Эгерде аятта буттарга масх тартылышы
айтылганда, башка масх тартууда тек гана ُ‫ ذلؤصى‬аталып кетекендей эле
буттарда да тек гана ُ‫جرؾٍى‬ٚ деп айтуу жетиштүү болуп, ‫ جٌىعر‬ٌٝ‫ ج‬деп
белгилөөгө зарылдык болмок эмес.
Булардын бардыгынан ачык-айкын түшүнүктүү болуп тургандай
ыйык аят канчалык кыска болсо да, буттарды чайкоонун парз экендиги
боюнча бекем. Бирок согончогу же болбосо бутунун бир бөлүгү тили-
нип кеткен киши бутунун калган бөлүгүн жуушу керек.
Колу кесилген киши да бул колун жуубайт. Чыканак же чыкана-
гы менен колунун бир бөлүгү кесилген болсо, калган жерлер жуулуш
керек.
Дааратта жуулушу зарыл болгон дене-мүчөлөрүндө суунун тери-
ге жетишине тоскоолдук кылган камыр, шам жана чылпак сыяктуу нер-
селер жакшылап тазаланышы керек. Суунун өтүшүнө тоскоолдук кыла
турган даражада катмар түзгөн лак жана ар түрдүү боѐктор да ушундай
эле өкүмдө. Суунун өтүшүнө тоскоолдук кылбаган хына менен боѐк-
чунун тырмагына сиңип калган боѐктор зарылдык болгондуктан даа-
ратка кедерги болбойт. Манжалар суу өткөрбөй турганчалык тийишкен
болсо, сөзсүз түрдө манжалардын арасына сууну жеткирүү керек. Кол-
го тагылган шакек тегеретилип, астына суунун өтүшү камсыз кылыны-
шы керек.
Даарат алгандан кийин чач алына турган болсо, кайра жаңыдан
масх тартуунун кереги жок. Ошондой эле даарат алынгандан кийин са-
кал, мурут жана тырмактар алынган учурда да кайрадан жуунуштун ке-
реги жок.
Даарат алына турган дене-мүчөлөрүндөгү жаранын жуулушу
зыяндуу боло турган болсо, дарынын үстүнө суу куюлуп тазаланат.

75
Дурарул-Хуккам, Шерху Гурарил-Ахкам, 1-том, 7-бет.

86
Мындай кылуу да зыян бере турган болсо, жаранын үстүнө масх тар-
тылат. Масх тартуу да зыяндуу болсо, анда ага тийүүнүн кажети жок.
Көзү ооруган киши көзүнө суунун зыян бере турганын өз тажы-
рыйбасынан билсе, же болбосо муну адис мусулман доктор айтса, анда
көзү ооруган мөөнөт ичинде көзүнө суу тийгизбейт.
Дааратта убажип жок.
Даараттын сҥннөттөрҥ
Даараттын башкы сүннөттөрү төмөнкүлөр:
1) Даарат алууну баштап жатканда алгач эки колду билекке чейин
чайкоо.
Кол таза болсо, чайкоо сүннөт болуп эсептелет. Ал эми таза эмес
болсо, буларды мурунтадан жууп тазалоо – парз. Ошентип башка дене-
мүчөлөр кирдебеген болот.
2) Дааратты “Ауузу” жана “Бисмилла” менен баштоо. Башкача
айтканда, “Ауузу биллаахи минаш-шайтанир-ражиим. Бисмиллаа-
хир-Рахманир-Рахим” деп айтуу.76
3) Даарат алууга ниет кылуу.
Ниет жүрөк менен болот. Тил менен “Алла тааланын ыраазы-
чылыгы үчүн даарат алууга ниет кылдым” деп айтуу жагымдуу.
4) Дааратты баштап жатканда, же болбосо мурунтадан тишти та-
залоо. Мисибек, же тиш щѐтка болбосо бармактар менен сүрүп чайкоо
да жетиштүү.
Тишти жана оозду тазалаган мисибек ден-соолукка абдан пайда-
луу жана Алла тааланын ыраазычылыгына ээ болууга да себеп болот.
Тиш тазалоо үчүн колдонулган мисибек Аравияда өскөн Эрак дара-
гынын бутактарынан жасалат. Жагымдуу жыты жана кычкыл даамы
менен антисептикалык (микроп өлтүрүүчү) өзгөчөлүктөрү болгон ми-
сибектин тиш ооруларына да пайдалуу экендиги белгилүү. Таза заттар-
дан жасалган тиш щѐткалары менен тишти тазалоо мисибектин ордуна
колдонулат. Натыйжада тиштер тазаланса эле болду.
5) Оозго үч жолу суу ууртап, ар бир жолкусунда түкүрүү. Оозго
суу алууга “мазмаза” деп айтылат.
6) Мурунга үч жолу суу жүгүртүү. Буга “истиншак” деп
айтылат.

76
Киши даарат алып баштаганда “бисмилла” айтууну унутуп калса сүннөттү аткар-
баган болот. Ал эми даарат убагында эстеген жерден “бисмилланы” айтуу мандуп бо-
луп саналат.

87
7) Оозго жакшылап суу ууртоо, мурунга да жакшылап суу тартуу.
Даарат алган киши орозо кармабаган учурда суу менен оозу-мурдун
жакшылап чайкайт. Эгерде орозо кармап жүргөн болсо тамагына суу
кирип, орозосунун бузулуу ыктымалынан улам оозу-мурдун этияттап
чайкайт.
8) Дааратта кезек менен даарат алуу. Башкача айтканда, алгач
жүздү, андан кийин колдорду жууп чайкоо, аркасынан башка масх
тартуу жана андан кийин буттарды жууп тазалоо.
9) Кол менен бутту жууп тазалоону оң тараптан баштоо. Бул
жуулушу зарыл болгон жуп дене-мүчөлөр боюнча. Ал эми жүз жалгыз
эле мүчө болгондуктан бул жерде оң тараптан баштоо деген болбойт.
Ал эми маасынын үстүнө масх тартып жатканда экөөнө бирдей
убакта масх тартуу – сүннөт. Эгерде бир колу жок болсо, же кандайдыр
бир оорудан улам колдонулбаса, бир кол менен масх тартуу оң тарап-
тан башталат.
10) Жуулган ар бир мүчөнү үч жолу жууп тазалоо.
Ар бир мүчөнү жууп тазалоонун биринчиси – парз, калган экөө –
сүннөт. Үч жолудан ашык жууп тазалоо сүннөткө терс келсе да, ыла-
йыктуу. Бирок даарат алган киши кандайдыр бир бушаймандык ичинде
болсо, көңүлүн сергитиш үчүн үч жолудан ашык да жууй алат. Эгерде
суу аз болсо, үч жолудан аз да жууса болот.
Масх тартылуучу мүчөлөргө бир жолудан ашык масх тартылбайт.
11) Колду жана бутту жууп тазалоодо манжалардын учунан
баштоо.
12) Колду жана бутту жууп жатканда манжалардын арасын ачып
тазалоо.
Колдун салааларын тазалоо аларды кайчылаштыруу аркылуу жа-
салат. Ал эми буттун манжаларынын арасын кол менен тазалоо керек.
Сол колдун чыпалагы менен оң буттун чыпалагынын арасынан баштап,
кезек менен улантылып, сол буттун чыпалагынын арасын тазалоо ме-
нен бүтүрүлүшү мустахаб. Бутту агып жаткан сууга салып тазаласа да
болот.
13) Жүздү үч жолу жуугандан кийин (сакалы болгон кишинин)
коюу болгон сакалдарынын арасын манжалары менен төмөндөн жогору
көздөй тазалашы.
14) Баштын бардык бөлүгүнө масх тартуу. Буга “каптама масх”
деп айтылат.
Баштын төрттөн бирине масх тартуу – парз, ал эми бардык
бөлүгүнө масх тартуу – сүннөт. Масх мындайча тартылат:

88
Колдор суу менен нымдалат. Эки колдун алаканын баштын
маңдай жагына коюлуп, арка тарапка карай сыланат. Каптама масхтын
башкача түрлөрү болсо да, эң оңой жолу – ушул.
15) Кулактарга масх тартуу.
Башка масх тартылгандан кийин колдор дагы эле ным болсо, кай-
радан нымдалбастан эле кулактарга масх тартылат. Бирок колдор кай-
радан нымдалгандан кийин кулактарга масх тартуу дагы жакшыраак.
16) Моюнга масх тартуу.
Баш менен эки кулакка масх тартылгандан кийин колду кайрадан
нымдабастан эле эки колдун сырты менен моюнга масх тартылат, ал
эми тамакка масх тартылбайт.
17) Даарат мүчөлөрүн жууп жатканда, жакшылап жышуу.
18) Даарат мүчөлөрүн токтолбостон жууп тазалоо. Буга “Вила”
деп айтылат. Башкача айтканда, бир мүчөнү жуугандан кийин ал кур-
гай электе кийинкилерин чайкоо.
Аба-ырайынын кургак же ысык болушу сыяктуу себептерден
улам жуулган дене-мүчөсү тез кургап кетсе, сүннөт аткарылбаган бо-
луп эсептелбейт.
Даараттын жол-жобосу
“Адаб” сөзү “эдеб” сөзүнүн көптүк санда айтылышы. Буга “мус-
тахаб” жана “мандуп” деп да айтылат.
Мандуп болгон нерсени жасаган киши сооп табат, жасабаган ки-
ши да айыпталбайт. Даараттын негизги жол-жоболору булар:
1) Үстүнө даарат суусунун чачырабашы үчүн бийигирээк бир
жерге отуруу.
2) Даарат алып жатканда, кыбылага карап туруу.
3) Даарат алып жатканда, башка кишиден жардам сурабоо.
Бирок кандайдыр бир кечиримдүү себептерден улам башка би-
рөөдөн жардам сурашы, же башка бир кишинин өз каалоосу менен даа-
рат суусун даярдап алып келиши жана куюп бериши жол-жобого терс
келбейт.
4) Даарат алып жатканда, мүмкүн болсо сүйлөбөө.
5) Оозго жана мурунга сууну оң кол менен алуу.
6) Сол кол менен чимкирүү.
7) Кечиримдүү себеби болгон кишилерден башка кишилер убак-
тысынан мурда даарат алышы керек. (Кечиримдүү себеби болгон ки-
шилер болсо убактысы келгенден кийин даарат алууга мажбур).

89
8) Чын көңүлдөн кылынган ниетти тил менен да айтуу.
9) Ар бир мүчөнү жууп жатканда же масх тартып жатканда
“Бисмилла” айтуу.
10) Ар бир мүчөнү жууп жатканда, же масх тартып жатканда
дуба окуу.
11) Шакекти тегеретүү.
12) Эки кулакка масх тартып жатканда чыпалактарды кулактын
ичине киргизүү.
13) Буттарды сол кол менен чайкоо.
14) Даарат алгандан кийин шахадат келмесин келтирүү.
15) Даарат алгандан кийин (орозо кармабаса) арткан суудан ичүү.
16) Таза бир жерде даарат алуу.
17) Даарат алгандан кийин “Кадр” сүрөсүн окуу.
18) Дааратта колдонулган суунун тамчыларынан кийимин сактоо.
19) Сууну бетине чачыратпоо.
20) Сууну ысырап да кылбоо, абдан аз да колдонбоо.
21) Жүздү чайкоодо жогору жагынан баштоо.
Даараттын тҥрлөрҥ
Үч түрдүү даарат бар:
1) Парз болгон даарат: Дааратсыз болгон кишинин намаз окуу,
тилават саждасына жыгылуу жана ыйык Куранды окуш үчүн даарат
алышы – парз.
2) Убажип болгон даарат: Дааратсыз болгон кишинин Каабага
тооп кылышы үчүн даарат алышы – убажип.
3) Мандуп болгон даарат: Дайыма даараттуу болуу, ар бир на-
маз убактысында даарат алуу, даараттуу болуп уктоо, даараттуу болсо
да кайра даарат алуу – мандуп.
Куран окуу, диний китептерди кармоо, хадис окуу, Пайгамбары-
быздын кабырын зыярат кылуу, Арафатта токтолуу, Сафа жана Марва
дөңсөөлөрүнүн ортосунда жүгүрүү, азан чакыруу, өлгөн кишинин сөө-
гүн жууш үчүн даарат алуу – мандуп. Ошондой эле кандайдыр бир кү-
нөө кылып, ачууланып, жалган сөз айтып, же бирөөнү жамандагандан
кийин да даарат алуу мандуп болуп саналат.
Даарат кандайча алынат?
Алгач көйнөктүн жеңи чыканактын үстүнө чейин түрүлөт. Мүм-
күн болсо бийигирээк бир жерге туруп, кыбыланы көздөй бурулуу
керек.

90
“Алланын ыраазычылыгы үчүн даарат алууга ниет кылдым” деп
ниет кылынат жана “Ауузу биллаахи минаш-шайтанир-ражиим, Бис-
миллаахир-Рахманир-Рахиим” деп айтылгандан кийин эки кол үч жолу
билекке чейин жуулат. Колдор жуулуп жатканда манжалар кайчылаш-
тырылып жуулат. Манжаларда шакек бар болсо, шакек тегеретилип,
асты жакшылап чайкалат.
Андан кийин оң кол менен оозго үч жолу бөлөк-бөлөк суу уурта-
лып, ар жолкусунда ооз жакшылап чайкалат. Ооз чайкалгандан кийин
оң кол менен суу алынып, мурунга үч жолу бөлөк-бөлөк суу жүгүртү-
лөт жана сол кол менен чимкирилип, мурун тазаланат.
Мындан кийин чекенин үстү жагынан баштап жүздүн бардык же-
ри үч жолу жуулат. Сакал бар болсо манжалар менен тырмалап жуулат.
Сакал суюк болсо, суунун териге жетиши камсыз кылынат.
Жүз чайкалгандан кийин алгач оң кол чыканакка чейин үч жолу
жуулат, андан кийин ушундай эле калыпта сол кол үч жолу чыканакка
чейин жуулат.
Сүннөт боюнча баштын бардык бөлүгүнө масх тарткысы келген
киши нымдаган эки колунун манжаларын баштын маңдай жагына
коюп, артка карай сылайт. Ушундайча баштын бардык бөлүгүнө масх
тартылган болот. Башка масх тартылгандан кийин оң колдун сөөмөйү
менен оң кулактын ичи, баш бармагы менен кулактын тышы, ошого
окшош эле сол колдун сөөмөйү менен сол кулактын ичи, баш бармагы
менен да кулактын тышы сыланат. Башка масх тарткандан кийин кол-
дун нымы кетпесе, анда кол кайрадан нымдалбастан эле кулактарга
масх тартылат. Бирок кол ным болбосо, сүннөттүн орундатылышы
үчүн колдор кайрадан нымдалат. Андан кийин колдорду кайрадан ным-
дабастан эле калган үч манжанын тышы менен моюнга масх тартылат.
Мындан кийин алгач оң бут, андан кийин сол бут кызыл ашыкка
чейин үч жолу жуулат. Буттардын жуулушу манжалардын учтарынан
башталат жана манжалардын арасы жакшылап тазаланат. Буттун салаа-
ларын тазалоо оң буттун чыпалагынан башталып, сол буттун чыпала-
гында бүтөт.
Даарат алгандан кийин кыбыланы көздөй карап, шахадат келмеси
келтирилет. Ошентип даарат өз ыкмасына жараша алынган болот.
Даарат алып жатканда мандуп болгон дубалар бар. Буларды
окубастан да даарат алса болот. Бирок бул дубаларды билген киши
окуса жакшы болот.
Даарат алып жатканда, окулушу мандуп болгон дубалар булар:

91
1) Даарат ала баштаганда, “Ауузу биллаахи минеш-шейтаанир-
ражим, Бисмиллаахи-р-Рахмаани-р-Рахиим” деп айткандан кийин бул
дуба окулат:

‫ ؾعً ْس ِب‬ٚ ‫رًنج‬ٛٙ‫ا جٌ ِهّٰلل ِبي ؾعً ج ْسٌّحء ط ُم‬


‫رًنج‬ٛ‫جا ْسص َ ُٔم‬ ‫ج ْسٌك ْسّ ُمل ِب ِهّٰلل ِب‬
Окулушу: Алхамду лиллаахил-лазии жа-алал маа-а тахууран
ва жа-алал ислаама нуураа.
Мааниси: “Сууну тазартуучу жана Исламды нур кылган Алла
таалага шүгүр.”
2) Оозго суу ууртаганда:

‫ ِبا ٔ ِبر ِبحِهّٰلله وحْس ًنصح ا ج ْسّح ُم ذ ْسعل ُمٖ جذ ًنلج‬ٛ‫ ِهّٰللُ ْسجص ِبم ِب ِبِ ْسٓ ق ْس‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу: Аллаахумма-скынии мин хавзи набиййика ка-сан
лаа азмау ба-да-хуу абадаа.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Мага пайгамбарыңдын кудугунан
ушундай бир чыны (суу) ичир, андан кийин такыр суусабас болоюн.”
3) Мурунга суу жҥгҥрткөндө:

‫ ِهّٰللُ ا ْسُت ِبل ْسِ ِب ر ِبجُيس ٔع ِب‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬


‫ ؾِٕهّٰللحضِبه‬ٚ ‫ِبحّه‬
Окулушу: Аллаахумма лаа тахримнии раайихата наьиимике
ва жаннаатик.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Мени ырыскыларыңдын жана бе-
йиштериңдин жыпар жытынан куру калтырба.”
4) Жҥздҥ жууганда:

‫ٌٖد‬ٛ‫ ُمؾ‬ٚ‫ ِهّٰللُم ُم‬ٛ‫ ض ْسض‬ٚ ‫ٌٖد‬ٛ‫ ُمؾ‬ٚ‫َ ض ْسرح ِهّٰللُم ُم‬ٛ‫ ِبرن ْس‬ٛ‫ ذِبُٕم‬ٙ‫ ْسؾ ِب‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ذ ِبحِهّٰلل ْس‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу: Аллаахумма баййид важхии бинуурика йавма
табйадду вужуухун ва тасвадду вужуух.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Кээ бир жүздөр агарып, кээ бир
жүздөр карара турган кыямат күнү менин жүзүмдү ак кыл.”
5) Оң колду жууп жатканда:

‫ ق ِبحص ْسر ِب قِب ضحذًنح ِبض ًنج‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ج ْس ِب ِب وِبطحذِب ذِبح ِبّح ِب‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу: Аллаахумма атинии китабии бийамиинии вa
хаасибнии хисаабaн йасиираа.

92
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Мага китебимди оң жагымдан бер
жана сурагымды жеңил кыла көр.”
6) Сол колду жууп жатканда:

‫ ا ُمُت ِبحص ْسر ِب قِب ضحذًنح عل ِب ًنلج‬ٚ ٜ‫ ِبل‬ٙ‫رج ِبء ْس‬ٚ ٓ‫ ا ِبِ ْس‬ٚ ٌ‫ ِهّٰللُ ا ضُم ْسع ِبط وِبطحذِب ذِب ِبغّح ِب‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу: Аллаахумма лаа ту-ти китабии бишималии вa лаа
мин вaрааи захри вa лаа тухасибнии хисабaн шaдидаа.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Мага китебимди сол тарабымдан
жана аркам жагымдан бере көрбө, мени оор суракка алба.”
7) Башка масх тартып жатканда:

‫ ج ْسٔ ِبز ْسي ِهّٰللل ِبِ ْسٓ ذلوحضِبه‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ِب ِهّٰللغ ِب ذِبل ْس طِبه‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу: Аллаахумма гашшинии бирахматика вa анзил
алаййа мин баракаатик.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Мени ырайымыңа чулга жана үс-
түмө берекеттериңди жаадыр.”
8) Кулактарга масх тартып жатканда:

ٗ‫ْ ج ْسقضٕ ُم‬ٛ‫ي حطِهّٰلل ِبر ُمع‬ٛ‫ْ ج ْسٌم ْس‬ٛ‫جؾع ْسٍ ِب ِبِٓ جٌ ِهّٰلل ِب ٓ ْسضط ِبّ ُمع‬
‫ ِهّٰللُ ْس‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу: Аллаахумма жалнии миналлазиина йастамиуунал-
кавла фа йаттаби-уунна ахсанах.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Мени туура сөз угуп, ошол сөздүн
сөөлөтүн билгендерден кыл.”
9) Моюнга масх тартып жатканда:

‫ ِهّٰللُ ج ْس ط ْسِبك رلر ِبِت ِبِٓ جٌِٕهّٰللح ِبر‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬


Окулушу: Аллаахумма атик ракабатии минаннаар.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Бүт денемди тозоктун отунан
куткар.”
10) Буттарды жууп жатканда:

َ‫َ ض ِبز ِهّٰللُمي ِبح ِبٗ ْسجا ْسللج ُم‬ٛ‫ ِهّٰللُ غ ِبِهّٰللر ْسص للِ ِهّٰلل ٰل جٌ ِب ِهّٰلل لجاِب ْس‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу: Аллаахумма саббит кадамаййа аьлассираати йавма
тазиллу фихил-акдаам.
Мааниси: “Оо, Алла таалам! Сырат көпүрөсүнөн буттар тай-
галана турган күнү менин буттарымды тайгалантпа.”

93
Даараттын макҥрөөлөрҥ
Даараттын негизги макүрөөлөрү булар:
1) Сууну ысырап кылуу. Башкача айтканда, сууну зарылдыгынан
ашыкча колдонуу жана бир мүчөнү үч жолудан ашык чайкоо.
Пайгамбарыбыз сакабаларынан Садды даарат алып жатканда
көрүп:
– Ой, Сад, сууну эмне мынча ысырап кылып жатасың? – дейт.
Анда Сад:
– Дааратта ысырап да болобу? – дегенде, пайгамбарыбыз:
– Ооба, агып жаткан суунун боюнда болсоң да, ысырап болот, –
деп буюрат.77
2) Сууну абдан аз колдонуу. Сууну масх тартып же май сүйкөп
жаткансып аз колдонуу же үч жолу жуулуш керек болгон мүчөнү үч
жолудан аз чайкоо.
3) Сууну бетке жана башка дене-мүчөлөрүнө катуу чачуу.
4) Даарат алып жатканда, зарыл болбосо да сүйлөшүү.
5) Муктаж болбосо да, даарат алып жатканда башка кишиден
жардам сурануу.
Кандайдыр бир кечиримдүү себептен улам жардам суроо – макү-
рөө эмес. Ушул сыяктуу эле бир башка кишинин өз калоосу менен даа-
рат суусун даярдашы жана суу куюп бериши да макүрөө болбойт.
6) Булганыч бир жерде даарат алуу.
Дааратты бузган нерселер
Даарат алган бир кишиде төмөнкүдөй көрүнүштөрдөн бирөө
пайда болсо, анда даараты бузулат:
1) Алды жана арка жактан заара, заң же желдин чыгышы.
2) Дененин кандайдыр бир жеринен кан же ириңдин агышы.78
Кан өзүнөн өзү агып кетсе да, сыгуу жолу менен чыгарылса да
дааратты бузат.
Ооздон келген кан түкүрүк менен бирдей көлөмдө же андан көп
болсо дааратты бузат. Түкүрүктөн аз болсо бузбайт. Бул түкүрүктүн
өңүнөн түшүнүктүү болот.

77
Ибн Мажа, Тахара, 48.
78
Шафий мазхабындагылар алды жана арт жактан сырткаркы дененин кайсы бир
жеринен аккан кан жана ириңден даарат бузулбайт деп эсептешет.

94
Жара жана чыйкандан чыккан ириң менен сары суу да дааратты
бузат. Кандайдыр бир оорудан улам көз, кулак жана эмчектен аккан
суюктук да дааратты бузат.
3) Ооз толтура кусуу.
Ооз толтура суу, тамак, зил жана уюган кан кусуу дааратты буз-
ган өңдүү эле жүрөгү айлангандыктан улам бөлүк-бөлүк болуп чыккан
кусундунун баары ооз толтура турганчалык көлөмдө болсо да дааратты
бузат.
4) Жатып, сүйөнүп же кандайдыр бир нерсеге таянып уктоо. Ант-
кени мындай калыпта уктаган киши жел чыгарышы мүмкүн.
Бир нерсеге таянып уктоонун дааратты бузушу үчүн таянылган
нерсе алынган учурда уктаган кишинин жыгылып кетиши керек. Тая-
нылган нерсе алынган учурда уктаган киши жыгылбаса, анда мындай
уйку дааратты бузбайт.
5) Эси ооп калуу.
6) Жиндеп кетүү, акылынан ажыроо.
7) Мас болуу.
8) Намаз окуп жатканда күлүү. Жаназа намазы менен тилават
саждасында күлүү дааратты бузбайт, тек гана жаназа намазы менен
тилават саждасы бузулган болот.
Жанындагы киши уга турганчалык даражада катуу күлсө даараты
да, намазы да бузулат. Өзү гана уга тургандай күлсө тек гана намазы
бузулат. Жылмаюу дааратты жана намазды бузбайт. Жаш бала намазда
күлсө, намазы гана бузулуп, даараты бузулбайт. Анткени милдеткер
эмес.
9) Эркек менен аялдын ортосунда эч нерсе болбостон жыныстык
мүчөлөрүнүн бири-бирине тийиши. Мындай абалда кандайдыр бир
суулануу пайда болбосо да, аялдын да, эркектин да даараты бузулган
болот. Ортодо дененин ысыктыгынын сезилишине тоскоолдук
кылбаган ичке бир нерсе болсо да, даарат бузулат.
Дааратты бузбаган нерселер
1) Алды жана арка жактан сырткары дененин кайсы бир жеринен
чыгып, акпастан катып калып, айланасына жайылбаган кан.
2) Бир жарадан кан акпастан, картынын түшүшү.
3) Жарадан, мурун жана кулактан курт түшүшү.
4) Аз көлөмдө кусуу.
5) Какырык түкүрүү.
6) Уюган кан кусуу.

95
7) Тиш щѐткасына, тиш чукугучка же тиштелген бир нерсеге
жуккан, бирок акпаган кан.
8) Кандайдыр бир оорудан эмес, ыйлагандан же күлгөндөн улам
аккан көз жашы.
9) Эгзама жана манжалардын арасындагы кабарчык, ак быштак
абал.
10) Тизелеп же мандаш токунуп отуруп уктоо.
11) Намазда үргүлөө. Анткени 10-11-бапта ачыкталган абалдарда
дааратты буза турган бир жагдайдын пайда болбой турганы кабыл-
данат. Бирок мындай абалдарда жел чыгаруу сыяктуу дааратты бузган
бир абал пайда болсо, анда даарат бузулат.
Дааратсыз кылынбаган иштер
1) Намаз окулбайт.
2) Кааба тооп кылынбайт. Каабаны даараттуу болуп тооп кылуу –
убажип.
3) Куранга кол тийгизилбейт. Ыйык Куранды дааратсыз кармоого
болбойт. Бирок кандайдыр бир баштык же тыш менен кармаса болот.
Дааратсыз бир киши Куранды жатка окуй алат. Көйнөгүнүн жеңи
менен Куранды кармоо макүрөө болуп саналат.
Балдар дааратсыз болуп ыйык Куранды кармай алышат. Анткени
милдеткер болуп саналаышпайт. Бирок аларды Куранды даарат алып
туруп кармоого көндүргөн жакшы болот. Дааратсыз болгон баланын
колуна ыйык Куранды берүүдө эч кандай зыян жок.
Мусулман болбогон бир кишиге эгер кааласа туура жолго
жетиши үмүтү менен ыйык Куран жана диний маалыматтар үйрөтүлсө
болот.
Үстүндө ыйык Курандан бир бөлүк же Алла тааланын ысымда-
рынан бирөө жазылуу болгон шакек менен ажаатканага кирүү макүрөө
болуп саналат. Үстүндө Куран жазылуу болгон нерсе чөнтөктө болсо
же кандайдыр бир нерсеге оролуу болсо, муну менен ажаатканага ки-
рүү макүрөө болбойт.
Дааратсыз болгон киши калем сыяктуу бир нерсе менен Куранды
барактай алат.

96
МААСЫНЫН ҤСТҤНӨ МАСХ ТАРТУУ
Маасы – бутту таманы менен бирге жапкан бут кийим.
Бутка кийилген жана маасы деп аталган бут кийимдин үстүнө
даарат алып жатканда масх тартуу жайыз болуп саналат. Бул көрүнүш
динибиздин жеңилдиктеринен бири. Пайгамбарыбыз маасынын үстүнө
масх да тартып, мунун жасалышын да айткан.
Бутка кийилген маасынын үстүнө масх тартуу үчүн жети нерсе-
нин болушу – шарт. Булар:
1) Маасы буттар жуулуп, даарат алынгандан кийин кийилиш
керек.
2) Маасы кызыл ашыкты жабышы керек.
3) Маасы он эки миң кадам, же мындан да көп жол баса тур-
гандай даражада бышык болушу керек.
4) Маасылардын ар биринде чыпалак жана үч манжанын көлө-
мүндө тешик, жыртык же сөгүлгөн жер болбошу керек. Бирок эки
маасыдагы жыртыктардын бардыгы үч манжанын көлөмүндө болсо,
жолтоо болбойт.
5) Маасы боосуз кийиле турганчалык калың болууга тийиш.
6) Маасы сууну сиңирип, бутка өткөрбөй турган сапатта болушу
керек.
7) Маасы кийген кишинин ар бир бутунун уч тарабында жок де-
генде үч эли өлчөмдө бош жер болууга тийиш. Бир же эки бутунун бар-
мактарынан ажыраган жана маасысынын уч тарабында жок дегенде үч
эли өлчөмдө орун калбаган киши бул бутуна масх тарта албайт, ошон-
дой эле соо бутуна да масх тарта албайт. Мындай абалда эки бутун тең
жуушу керек. Анткени бир бутка масх тартып, бир буттуу чайкоого
болбойт, башкача айтканда жайыз эмес.
Бирок бир буту билегине чейин кесик болгон кишиден бул буту-
нун жуулушу талап кылынбагандыктан, экинчи буту чак же болбосо
учунда эң аз үч эли өлчөмдө бош жер болсо, анда ал бутундагы маасыга
масх тартса болот.
Масхтын мөөнөтҥ
Жашоочу, б.а. конок болбогон киши бир күн, бир түндө (24 саат),
жолоочу болгон киши да үч күн, үч түндө (72 саат) маасынын үстүнө
масх тарта алат. Мөөнөт даараттын бузулушунан тартып башталат.
Мисалы, бир киши саат 12.00дө даарат алып, буттарын жууган
абалда маасысын кийсе жана алган даараты саат 16.00дө бузулса,
масхтын мөөнөтү даарат алып маасы кийген сааты 12.00дөн тартып

97
эмес, даарат бузулган саат 16.00дөн тартып башталат жана жолоочу
болбогондор үчүн эртеси күнкү 16.00гө чейин созулат. Ал эми жолоочу
болгондор үчүн бул мөөнөт – даарат бузулган сааттан тартып 72 саат.
Жолоочу болбогон бир киши маасысын кийгенден кийин 24 саат-
тык мөөнөт толо электе сапарга чыкса, масхтын мөөнөтү 72 саатка че-
йин улана берет. 24 сааттык мөөнөт толгондон кийин сапарга чыга тур-
ган болсо, масх мөөнөтү аяктагандыктан сапарга чыга электе буттарын
жуушу керек.
Ал эми жолоочу болгон кишинини 24 саат маасы кийгенден ки-
йин сапары аяктаса, масх мөөнөтү бүткөн болот. 24 саат толо электе са-
пары аяктаса 24 саатты толуктайт.
Маасынын ҥстҥнө кандайча масх тартылат?
Даарат алып жатып, кезек буттарга келгенде, колдор нымдалат.
Оң колдун манжалары оң буттун үстүнө (буттун манжалары тарапка),
сол колдун манжалары да сол буттун үстүнө коюлат. Манжалардын
арасы ачык абалда буттардын учунан баштап жогору көздөй жана
кызыл ашыктан өтө тургандай калыпта маасынын үстүнөн бир жолу
сыланат.
Маасынын таманын жууштун кереги жок. Маасынын каптал-
дары, өкчөсү жана кончуна да масх тартуу туура эмес.
Таңуунун ҥстҥнө масх тартуу
Дененин кайсы бир жериндеги сынык, же жара таңылып, бул та-
ңуу да даарат мүчөлөрүндө болсо, анда даарат алып жатканда, дененин
башка бир жеринде болсо, анда кусул даарат алып жатканда, таңуу
чечилип, асты жуулат жана жаранын үстүнө масх тартылат. Эгерде
таңууну чечүү зыяндуу боло турган болсо, таңуу чечилбестен колдор
нымдалып, таңуунун үстүнө бир жолу масх тартылат.
Мындай таңуулардын үстүнө масх тартуунун белгилүү бир мөө-
нөтү жок. Жара айыкканга чейин улана берет. Таңуунун үстүнө масх
тартуу үчүн таңуунун даараттуу болуп байланышы шарт эмес. Таңууга
масх тарткандан кийин бул таңуу алмаштырылса, кайрадан масх
таруунун кереги жок.
Жара айыга электе таңуу түшүп кетсе, масх бузулбайт. Ал эми
жаранын айыгышы менен таңуу алынып коюлса, анда масх бузулат.
Жара айыкса да таңуу болсо, масх бузулат. Мындай учурда жарага
зыян бербестен, таңуу чечилет.
Жарага кандайдыр бир дары сыйпалып, бирок таңылбаса жана
муну жуугандын да зыяны болбосо, анда жаранын үстү этияттык менен
жуулат. Ал эми суу зыян бере турган болсо, жуулбайт, масх тартылат.

98
Масх тартуу да зыян бере турган болсо, анда жарага тийүүнүн кажети
жок.
Жаранын үстүндөгү таңуу жара айыга электе намазда түшүп
кетсе, намаз улантылат. Жара айыккандан кийин түшүп кетсе, анда
масх тартылган жер жуулат жана намаз кайрадан окулат.
Масх тартууну бузган нерселер
1) Дааратты бузган бардык нерсе масхты да бузат. Даараты бу-
зулган киши кайрадан даарат алып жатканда, маасынын үстүнө сөзсүз
масх тартышы керек.
2) Маасынын бирөөсүнүн чечилип коюлушу, же өзүнөн өзү чы-
гып кетиши менен да масх бузулат.
Буттун көпчүлүгү маасынын кончуна чейин чыккан учурда бү-
түндөй чыккан болуп саналат. Мындай абалда даараттуу болсо, тек
гана буттарын жууйт.
Бир эле маасы чыгып кетсе да, эки бут тең жуулуш керек. Антке-
ни дааратта эки бут бир мүчө болуп эсептелгендиктен бирөө жуула тур-
ган болсо, экинчиси да жуулушу керек.
Масх тартылгандан кийин маасынын бирөөндө үч эли өлчөмүндө
бир тешик пайда болгон учурда да маасы чыгарылат жана буттар
жуулат.
3) Масх мөөнөтүнүн аякташы.
Масх мөөнөтү аяктаганда, даараттуу болгон кишинин маасысын
чыгарып, буттарын жууп коюшу жетиштүү. Масх мөөнөтү намаз окуп
жатканда аяктай турган болсо, ал намаз бузулат.
Башка кийилген, бетке жабылган жоолук жана колго кийилген
кол кап сыяктуу буюмдардын үстүнө масх тартылбайт.

99
ТАЯММУМ
Ниет кылып, таза топурак же топурак түрүнө кирген бир нерсеге
алаканды тийгизип силкип, жүзгө жана колго масх тартууга таяммум
деп айтылат.
Даарат жана кусул даарат алуу үчүн суу табылбай калган мезгил-
де, же табылса да, колдонулушу мүмкүн болбогон учурларда даарат
жана кусул даарат алуунун ордуна таяммум кылынат.
Таяммум ибадаттарыбызды кыла алышыбыз үчүн динибиз көр-
сөткөн бир жеңилдик жана бул үмөткө таандык сапаттардан.
Таяммум ыйык китебибиз Куранда жана сүннөттө айтылат. Даа-
рат жана кусул даарат үчүн суу таба албагандардын таяммум кылышы
менен байланыштуу ыйык Куранда мындай деп буюрулган:
“... жана суу таба албасаңар, таза топуракка таяммум
кылгыла, жүзүңөргө жана колуңарга аны менен масх тарткыла.”79
Таяммумдун туура болушунун шарттары
Таяммумдун туура болушунун сегиз шарты бар:
1) Ниет кылуу.
Колду таяммум кыла турган нерсеге тийгизип жатканда, же кол-
ду жерге тийгизип, бетке масх тарта турган мезгилде: “Кирден тазала-
нууга, же намаз окууга, же болбосо дааратсыз кылынышы туура эмес
болгон, бирок аткарылышы зарыл болгон бир ибадатты кылууга ниет
кылуу.”
Булардын ичинен бирөөнө ниет айтылбастан кылынган таяммум
менен намаз окулбайт. Ошондой эле, Куран окуу, Куранды колго кар-
моо, мечитке кирүү, кабырларды зыярат этүү үчүн кылынган таяммум
менен да намаз окууга болбойт. Анткени булардын бир бөлүгү үчүн
даарат алуу шарт эмес, бир бөлүгү да аткарылышы мажбур болгон бир
ибадат эмес.
2) Таяммум кылууну мубах кыла турган бир кечиримдүү себеп-
тин болушу.
Даарат же кусул даарат алууга жете турган суунун киши турган
жерден эң аз төрт миң кадам алыстыка болушу, же жанында болгон
сууну колдонгон учурда ооруп калуудан, оорунун күчөшүнөн, же уза-
рышынан коркуу таяммум кылууну мубах кылган кечиримдүү себеп-
терден болот. Бирок суунун денеге зыяндуу болору адамдын өз тажы-

79
Маида сүрөсү, 6-аят.

100
рыйбасына, же болбосо бир мусулман доктордун бере турган маалыма-
тына байланыштуу.
Жунуп болгон бир киши жуунуш үчүн жылуу суу жана жылуу,
ылайыктуу бир жай таба албаса, суук жерде жуунуп, ооруп калуудан
корко турган болсо, кусул даарат алуунун ордуна таяммум кылса бо-
лот. Бирок эң кыска мөөнөттө жуунуга тийиш.
Өзү менен ала турган суусунун ортосунда болгон душман, же
жан алгычтан корккон, жанында ичкенге жете турганчалык суусу бол-
гон, бирок муну менен даарат ала турган болсо, суусуз каларынан кам-
сана болгон киши жана кудуктан суу чыгарыш үчүн жип, чака сыяктуу
бир буюму болбогон киши да таяммум кыла алат.
Бир киши даарат алуу менен алек болгондо, жаназа жана айт
намаздарына жетише албай турганын түшүнсө, анда бул намаздарды
таяммум менен да окуй алат.
Ал эми жума жана күндөлүк намаздардын өтүп кетишинен кор-
куу таяммум үчүн кечиримдүү себеп эмес. Ушул себептен даарат алган
киши жума намазына жетише албай калса, дигер намазын окуйт. Даа-
рат ала турган болсо, бир парз намаздын өтүп кетерин түшүнгөн киши
да таяммум кыла албайт, даарат алат, намазды убагында окуй албай
калса, каза кылат.
Жакын жерде суу бар экенин божомолдогон киши муну илик-
теши керек. Эгерде жакын жерде суу жок экендигин так билсе, анда
иликтөөнүн кереги жок. Жолдошунда суу болсо, таяммум кылуудан
мурун андан суу сурайт, эгерде бербесе андан кийин таяммум кылат.
Жанында суусу болбогон, бирок суу табарын үмүт кылган киши-
нин (ибадат кылынышы коркунучтуу болгон мезгилге кирбөө жана
таяммум кылып, намаз окуй турган убакыттын калышы шарты менен)
намазды убактысынын акырына чейин кечиктириши мустахаб.
3) Таяммумдун топурак түрүнө кирген таза бир нерсе менен
кылынышы.
Топурак, таш, кум, кыш жана черепица сыяктуу нерселер менен
таяммум кылынат. Отун, жез, темир сыяктуу нерселер менен таяммум
кылынбайт. Бирок булардын үстүндө таза чаң болсо, бул чаң менен
таяммум кылса болот.
4) Таяммумда жүздү жана колдорду каптай турган калыпта масх
тартуу.
5) Масхты колдун баары же көпчүлүк бөлүгү менен тартуу. Эки
бармак менен масх тартуу жайыз эмес.

101
6) Алаканды таяммум кылына турган жерге эки жолу чапкылоо.
Башкача айтканда топурак түрүнө кирген нерсеге колдорду эки жолу
тийгизүү. Таяммумда биринчи жолу кол тийгизген жерге экинчи жолу
да тийгизсе болот. Бир киши таяммум кылган жерде башка бир киши да
таяммум кыла алат.
7) Даарат жана кусул даарат алууга тоскоолдук кылган абалдар-
дын бүтүшү же токтошу.
Мисалы, мурун канап жатканда, кан токтой электе даарат алуу –
туура эмес, ушул өңдүү эле таяммум кылуу да жайыз болбойт. Этек
кири келген аялдын этек кири каны токтой электе элк кусул даарат
алышы жана таяммум кылышы да туура эмес.
8) Масх тартыла турган мүчөлөргө масх тартууга тоскоолдук
кылган камыр жана ушул сыяктуу нерселердин мурунтан тазаланып
кетирилиши. Булар кетирилбестен тартылган масх денеге эмес, ошол
нерсенин үстүнө тартылган болот.
Таяммумдун парздары
Таяммумдун эки парзы бар:
1) Ниет кылуу.
2) Алаканды таза топуракка же топурак түрүнөн болгон бир нер-
сеге тийгизип силкип, биринчи тийгизгенде жүзгө, экинчи тийгизгенде
колго масх тартуу.
Таяммумдун сҥннөттөрҥ
1) Таяммумду баштаганда “Бисмилла” окуу.
2) Кезеги менен кылуу. Б.а. алгач жүзгө, андан кийин колдорго
масх тартуу.
3) Бири-биринин аркасынан дароо кылуу.
4) Алаканды топуракка тийгизгенде алгач колду астыга жыл-
дыруу.
5) Андан кийин артка тартуу.
6) Манжалардын арасын ачуу.
7) Колду жерден көтөргөндөн кийин бири-бирине чапкылап
күбүү.
Таяммумдун кылынышы
Эки кол билекке чейин түрүлөт. Эмне үчүн таяммум кылына тур-
ган болсо, ошого ниет кылынат. Манжалардын арасы ачык абалда ала-
кан таза топуракка же топурак түрүндөгү бир нерсенин үстүнө коюлат.
Колдор алгач астыга жылдырылат, андан кийин артка тартылып көтө-

102
рүлөт. Жанаша коюлуп, акырындык менен бири-бирине тийгизилип
күбүлөт жана алакан менен жүзгө бир жолу масх тартылат.
Алакан экинчи жолу топуракка тийгизилгенден кийин сол алакан
менен оң колго чыканакка чейин, оң алакан менен да сол колго чыка-
накка чейин масх тартылат.
Даарат менен кусул даарат үчүн кылынган таяммум бирдей. Б.а.
кылынышы боюнча араларында айырма жок.
Денесинин көпчүлүк бөлүгү, же жартысы жара болгон киши ку-
сул даарат алуунун ордуна таяммум кылат. Денесинин көбү соо болсо,
соо болгон жерлер жуулат, жаралуу болгон жерлерге масх тартылат.
Даарат мүчөлөрүнүн (саны боюнча) көпчүлүгүндө же жартысын-
да жара болсо, таяммум кылынат. Көбү соо болуп, азында жара болсо,
соо болгондору жуулат, жаралуу болгондоруна масх тартылат, таяммум
кылынбайт.
Даарат алууга кудурети жетпеген бир киши өзүнө даарат алдыра
турган киши таба албаса, таяммум кылат.
Колу чолок болуп, суу колдоно албаган киши жүзү менен колдо-
рун жерге тийгизип таяммум кылат, намазды таштабайт. Колдору ме-
нен буттары кесик болгон киши да жүзүн жерге тийгизип таяммум
кылат, жүзүндө жара болсо, таяммум кылбай эле намазын окуйт.
Намаз маалы келе электе таяммум кылса болот. Бир таяммум
менен каалаганча намаз окула берет.
Таяммумду бузган нерселер
1) Дааратты бузган нерселер таяммумду да бузат.
2) Даарат жана кусул даарат үчүн суу табылып жана бул сууну
колдонуу мүмкүн болсо, таяммум бузулат.
Таяммум менен намаз окуган киши колдоно ала турган сууну на-
маз окуп жатканда көрүп калса, намазы бузулат. Сууну намазды окуп
бүткөндөн кийин көрсө, кайрадан намаз окушунун кереги жок.
Жунуптуктан улам таяммум кылган кишиден дааратты буза тур-
ган бир нерсе болсо жунуп болбойт, тек гана дааратсыз болот. Мындай
учурда эгер даарат алууга жете турганчалык суу болсо, даарат алат, суу
болбосо ордуна кайрадан таяммум кылат.
3) Таяммум кылууну мубах кылган кечиримдүү себептердин аяк-
ташы менен да таяммум бузулат. Мисалы, ооруп калуу коркуусу менен
сууну колдоно албаганы үчүн таяммум кылган кишинин кечиримдүү
себеби аяктаганда, таяммум бузулат.

103
КУСУЛ ДААРАТ
Кусул (бой даарат) – дененин бардык жагын жууп тазалоо деген-
ди түшүндүрөт. Буга “Тахарети Кубра = Чоң тазалык”, бул тазалык-
тын кылынышын талап кылган абалдарга да “Хадеси экбер = Чоң
булганычтык” деп айтылат.
Кусул даарат алууну талап кылган абалдар
Кусул даарат алууну талап кылган абалдар төмөнкүлөр:
1) Тийүү, кароо, ойлонуу жана түшүркөөдөн улам делебеси коз-
голуп, жыныстык мүчөсүнөн суюктук чыкканда жана жетилген курак-
тагы аял менен эркек жыныстык катнашка киргенде, жунуптук пайда
болот жана жуунуп тазалануу парз болот.
Жыныстык катнашка кирген эркек менен аял суюктук келбесе да,
экөө тең жунуп болот жана кусул даарат алуулары керек.
Түшүркөгөн, же болбосо жыныстык катнашка кирген киши заара
кылбастан, же көп баспастан, же болбосо уктабастан жуунса, андан ки-
йин да суюктуктун калганы чыга турган босо, кайрадан кусул даарат
алууга тийиш.
Заара кылгандан, же көп баскандан, же уктап тургандан кийин
жуунган мезгилде калган суюктук кийин адам дүүлүкпөстөн чыга тур-
ган болсо, кайрадан жуунуштун кереги жок.
Бир киши уктап тургандан кийин түшүркөгөнүн эстеп, жыныс-
тык органынан суюктук чыкканын көрсө, кусул даарат алышы керек.
Ойгонгондон кийин түшүркөгөнү эсинде болбогон, бирок суюктук
акканын көргөн кишинин да кусул даарат алышы абзел. Түшүркөгө-
нүнө карабастан, жыныстык мүчөсүнөн суюктук чыкпаса, анда жуу-
нуштун кереги жок.
Жаңы мусулман болгон кишинин (жунуп болсо) кусул даарат
алышы – парз. Этек кири келип жатканда, же нифас (төрөттөн кийинки)
мезгилинде мусулман болгон бир аялдын да этек кири жана нифас
абалдары аяктаганда, кусул даарат алышы керек.
Мези – делебеси козголбосо деле жыныстык мүчөдөн чыккан ак
суюктук.
Аял менен эркелешип жатканда, жыныстык мүчөдөн делебеси
козголбосо деле агат жана адам көпчүлүк мезгилде мунун акканын
байкабайт. Мезинин агышы кусул даарат алууну талап кылбайт, бирок
дааратты бузат.

104
Веди – заара кылгандан кийин жыныстык мүчөдөн чыккан коюу
жана киргил суюктук. Вединин чыгышынан улам да кусул даарат алуу-
нун кереги жок.
2) Айыздын акканы бүткөндө. Башкача айтканда этек кири аяк-
таганда.
3) Төрөгөн аялдардын нифас абалы аяктаганда. Мындай абалдар-
да кусул даарат алуу парз болот.
Кусул даараттын парздары
Кусул даараттын үч парзы бар:
1) Оозго суу ууртап чайкоо.
2) Мурунга суу жүгүртүп тазалоо.
3) Бүт денени жууп тазалоо.
Кусул даарат алып жатканда, суунун чачтардын түптөрүнө, са-
кал, мурут жана каштардын алдына жеткирилиши, киндиктин ичи
менен кулактын ичинин да жуулушу керек. Сөйкө тешиктерине да суу-
нун жетиши камсыз кылынууга тийиш. Эгерде сөйкө болсо, жылдыры-
лып жуулат, болбосо үстүнөн жуулуп, тешикке суу жеткирилет. Ман-
жалардагы шакек да тегеретилип, алды жуулат.
Тиштердин арасында калган тамактын калдыктары чыгарылып,
тиштердин арасы тазаланат. Денеге жабышкан жана суунун денеге си-
ңишине тоскоол болгон нерселер кетирилет.
Кусул даараттын сҥннөттөрҥ
1) “Бисмилла” менен баштоо.
2) Ниет кылуу.
3) Бисмилла менен ниетти кусул даараттан мурун колдорду жууп
жатканда айтуу.
4) Колдорду чайкоо жана дененин кандайдыр бир жеринде кир
болсо, мурунтан аларды жууп тазалоо.
5) Жыныстык мүчөлөрдү жууп тазалоо.
6) Кусул дааратты баштаардан мурун жөнөкөй даарат алуу.
7) Даарат алып жатканда (жуунган жерге суу толуп кетсе), бут-
тардын жуулушун кийинкиге калтыруу, суу толуп кетпесе, буттарды да
жууп тазалоо.
8) Денени үч жолу суу куюунуп чайкоо жана ар бир куюнганда
денеге жайылтып куюу.
9) Суу куюнганда баштан куюп баштоо, андан кийин оң ийинге,
анан сол ийинге куюу.

105
10) Сууну биринчи төккөндө, денени жышуу.
11) Кусул даарат алып жатканда, сууну ысырап кылбоо, аз да
колдонбоо (Агын сууда жуунуп жатканда ысырап болбойт).
12) Жуунуп бүткөндөн кийин денени сүлгү, же ушуга окшогон
бир нерсе менен аарчуу.
13) Эч ким көрбөй турган бир жерде жуунуу.
Кусул даараттын жол-жоболору
Даараттын жол-жобосу кусул даараттын да жол-жобосу болуп
саналат. Бирок кусул дааратта кыбылага бурулбайт (Уяттуу жерлери
жабык болсо, анда коркунуч жок).
Кусул даараттын макҥрөөлөрҥ
Дааратта макүрөө болгон нерселер кусул дааратта да макүрөө
болуп саналат. Кусул дааратта ашыкча дуба окуу да – макүрөө.
Кусул даараттын алынышы
Алгач “Бисмилла” окулуп, андан кийин “Жунуптуктан таза-
лануу үчүн жуунуга ниет кылдым” деп ниет кылынат. Эки кол билекке
чейин жуулгандан кийин дененин кандайдыр бир жеринде кир болсо,
алар тазаланат, андан кийин жыныстык мүчөлөр жуулат.
Мындан кийин жогоруда сүрөттөлүп кеткендей намаз даараты
сыяктуу даарат алынат.
Даарат бүткөндөн кийин алгач башка, анан оң ийинге, андан ки-
йин сол ийинге, акырында дененин башка тараптарына үч жолудан суу
куюлуп, дене жуулат. Суу куюлган сайын суу дененин бардык жагына
жеткирилип, дене жышылып жуулат. Ийненин учундай да кургак жер
калбашы үчүн дененин бардык тарабы үч жолу жакшылап чайкалат.
Жуунуп жатканда суунун чачтардын түбүнө, сакал, мурут жана
каштардын алдына, киндиктин ичине, эки кулактын ичине жана сөйкө
тагылган тешиктерге жетиши камсыз кылынат.
Манжалардагы шакектер тегеретилип, алдылары жуулат. Денеге
жабышкан жана суунун денеге жетишине тоскоол болгон нерселер
кетирилет. Тиштердин арасына тыгылып калган тамактын калдыктары
менен нандын күкүмдөрү тазаланат.
Кусул даарат алып жатканда дуба окулбайт, жыныстык мүчөлөрү
жабык болбосо кыбылага бурулууга жана зарылсыз эле сүйлөөгө
болбойт.
Парздарына, сүннөт жана жол-жобосуна ылайыктуу түрдө алын-
ган кусул даараты ушундай болот.

106
Кусул дааратын алышы керек болгон киши оозу-мурдун жакшы-
лап тазалагандан кийин бир агын сууга, деңизге же чоң бассейнге
түшүп, денесинин бардык жагын чайкаса, кусул даарат алган болуп
эсептелет.
Кусул даараттын тҥрлөрҥ
Кусул даараттын үч түрү бар:
1) Парз болгон кусул даарат: Жогоруда түшүндүрүлүп
кеткендей;
а) Эркек менен аялдын жунуп болушу,
б) Аялдардын этек киринин аякташы,
в) Бала төрөгөн аялдардын нифас абалдарынын аякташы сыяктуу
абалдарда кусул даарат алуу – парз.
2) Сҥннөт болгон кусул даарат: Кусул даарат алуу парз эмес
болгон төмөнкүдөй учурларда кусул даарат алуу сүннөт болуп саналат:
а) Жума намазы үчүн.
б) Айт намаздары үчүн.
в) Ажылык жана умра үчүн ихрамга кирип жатканда.
г) Ажылык милдетин аткарган кишинин түштө Арафатта бол-
гонунда.
Эси оогондон кийин өзүнө келген, жиндиликтен жана мастыктан
соолуккан, өлгөн кишини жууган, күнөөлөрүнө тооба кылган, таза бо-
луп туруп (мурунтан кусул даарат алып туруп) мусулмандыкты кабыл
алган, жолдон келген, бир жамаатка барган, жаңы кийим кийген, жам-
гыр дубасына чыккан, Бараат жана Кадыр түндөрүнө жеткен кишилер-
дин кусул даарат алышы да – мандуп.
Жунуп болгон кишиге арам болгон нерселер
1) Намаз окуу.
2) Куран окуу.
Жунуп болгон киши Куран окуй албайт. Бирок дуба ниети менен
дуба аяттарын окуса болот. Шүгүр кылуу максаты менен “Алхамду-
лиллах” деп айта алат. Тамакта, же башка бир нерсени баштаганда
“Бисмилла” айтса болот. Тавхид келмесин окуй алат. Жунуп болгон
киши колдору менен оозун жуугандан кийин жеп-ичсе болот. Колдорун
жана оозун жуубастан ичип-жеши макүрөө болуп саналат.
3) Куранга кол тийгизүү.

107
Жунуп болгон кишиге Куранга кол тийгизүүгө болбойт жана аят
жазылган бир кагазды, же үстүндө Курандан бир бөлүм жазылуу бол-
гон акчаны да кармай албайт.
Бирок кандайдыр бир баштык же тыш менен Куранга кол тийгизе
алат, аят жазылган акчаны да баштык менен кармай алат. Жунуп бол-
гон кишинин колун тийгизбестен, Куранга карашында эч кандай корку-
нуч жок.
4) Мечитке кирүү.
Кандайдыр бир зарылдык болбосо, жунуп болгон киши мечитке
кире албайт. Душмандан, жырткыч айбандан жана сууктан сактаныш
үчүн, же башка жерден такыр суу таба албай калган учурларда мечит-
теги суудан алуу үчүн мечитке кирсе болот. Бирок мечитке кирүү үчүн
таяммум кылынса, жакшы болот.
5) Каабаны тооп кылуу.
Жунуп болгон киши Каабаны тооп кыла албайт. Тооп кылыш
үчүн кусул даарат жана даарат алган болушу керек.

108
АЯЛДАРДЫН ӨЗГӨЧӨ АБАЛДАРЫ
Аялдардын үч түрдүү өзгөчө абалы бар:
1) Айыздуу=этек кирдҥҥ абалы: Аялдардын балакатка жеткен-
де, этек кири келе баштайт. Айыз (этек кир) – кандайдыр бир оору же
нифас (төрөттөн кийинки) абалынан сырткары ай сайын жатындан
аккан кан. Буга “этек кирдүү абал” деп айтылат.
Аялдардын тогуз жашынан баштап этек кири келе баштайт. Тогуз
жашка толгон жана этек кири келе баштаган бир кыз балакатка жеткен
болуп саналат. Этек кир жалпысынан элүү беш жашта аяктайт. Элүү
беш жаштан кийин аккан кан этек кири эмес.
Этек кир эң аз үч күн (72 саат), эң көп он күн (240 саат) келет. Үч
күндөн аз аккан кан менен он күндөн ашык аккан кан – этек кир каны
эмес, истихаза. Башкача айтканда кечиримдүү себеп болуп саналат.
Муну менен байланыштуу маалымат истихаза бөлүмүндө берилет. Этек
кири ар аялда ар түрдүүчө болот. Ар бир айдын белгилүү күндөрүндө
келген этек кири айрым учурда да өзгөрөт. Бул күндөр ичинде кандын
үзгүлтүксүз агып турушу шарт эмес. Кан анда-санда акса да, бул мөө-
нөт этек кир маалы болуп эсептелет. Этек кири күндөрүндө аялдан
аккан кызыл, саргыл жана киргил түстөрдө аккан суюктуктардын баары
этек кири каны болуп саналат. Аккан суюктуктун өңү ак түскө айлан-
ганда этек кири каны токтогон болот.
Этек кири бүткөндөн кийинки таза болуу мөөнөтү (б.а. эки этек
кирдин ортосундагы мөөнөт) жок эле дегенде он беш күнгө созулат.
Бул мөөнөттүн эң көбү боюнча белгилүү бир чек жок, кээде бир нече
жылга да созулушу мүмкүн.
Этек кир жана нифас менен байланыштуу көптөгөн диний өкүм-
жобо болгондуктан аялдардын жана бойго жеткен кыздардын бул тема-
га көңүл бурушу жана жетиштүү маалыматка ээ болушу абдан чоң маа-
ниге ээ.
Аял кишинин биринчи жолу этек кири келгенде, ал балакатка
жеткен болуп эсептелет. Үч күндөн кем болбой жана он күндөн да өт-
пөй өзүнөн канча күн кан келсе бул мөөнөт анын “этек кири” болот.
Мисалы, биринчи жолу кан келе баштаган бир кыздын каны жети күнгө
созулуп, андан кийин 23 күн таза болсо, анын этек кири 7 күн болуп
белгиленген болот. Мындай абалда, өзүнөн кан ага баштаганда намаз-
ды жана орозону таштайт. Бир кыздын биринчи жолу этек кири келсе,
кан эч токтобостон ага берсе, бул кыз үчүн ар бир айдын он күнү этек
кири, жыйырма күнү да тазалык мөөнөтү кабылданат.
Аял киши дайыма бирдей абалда болбойт. Ар кандай таасирлер-
ден улам дене түзүлүшүндө пайда болгон өзгөрүүлөрдөн улам этек ки-

109
ри мөөнөтү кээде көбөйүп, кээде кемиши мүмкүн. Кээде да ай ичиндеги
белгилүү күнү өзгөрүп, мурунку айларга караганда мурунураак же
кийинчерээк келиши мүмкүн.
Мурунтан этек кири мөөнөтү беш күн болгон бир аял кийинки
айда бешинчи күн бүткөндөн кийин тазаланбаса, алтынчы, жетинчи,
сегизинчи, тогузунчу жана онунчу күндөрдө да кан ага берсе, бирок
бул жагдай он күндү ашпаса, мурунку беш күндөн кийинки келген кан
да этек кири болуп саналат. Б. а. канча күн кан келсе, этек кири мөө-
нөтү да ошончо күн болот.
Эгерде мурунку айларда этек кири мөөнөтү беш күн болгон аял-
дын каны он күндөн өтүп кетсе, мисалы 12 күн болсо, этек кири 5 эле
күн болуп саналат. Ал эми беш күндөн ашыкча болгон жети күндүк
мөөнөт истихаза, б.а. кечиримдүү себеп болуп эсептелет. Бул күндөрдө
окулбаган намаздар каза кылынышы керек. Намаз маалында (ал намаз-
ды кыла электе) аялдын этек кири келип калса, анда ал маалдын нама-
зын окубайт.
Этек киринен жаңы эле тазаланган бир аялдын кусул даарат алып
намаз окуй турганчалык убактысы болсо, ал маалдын намазын каза кы-
лышы керек. Кусул даарат алып, намаз окуй турганчалык убактысы
болбосо, анда ал маалдын намазын каза кылышынын кереги жок.
Кан үч күндөн аз мөөнөттө токтоп калса, бул этек кири болуп
саналбайт. Биринчи жолу этек кири келип жаткан жаш кыз намаз менен
орозону таштайт. Эгер кан үч күндөн мурун токтоп калса, этек кири
эмес экендиги түшүнүктүү болот жана кылбаган намаздарын каза
кылат, орозолорун да кармайт. Этек кири он күндөн мурун токтоп
калса, аял жуунганга чейин аны менен жыныстык катнашка кирүү
жайыз болбойт. Аял дароо жуунбай, ортодон кусул даарат алып, такбир
келтире турганчалык убакыт өтүп кетсе, жыныстык катнашка кирүү
адал болот.
Этек кири он күнгө созулгандан кийин токтоп калса, жуунбастан
аны менен жыныстык катнашка кирүү жайыз болуп саналат. Эгерде
этек кири үч күндөн ашык созулуп, бирок аялдын белгилүү этек кири
мөөнөтү бүтө электе токтоп калса, аял жуунса да мурунку этек кири
мөөнөтүн толтурганга чейин аны менен жыныстык катнашка кирүү
адал болбойт.
Этек кири жана нифас абалдарында орозо кармабаган бир аялдын
эч нерсе ичпей-жебей, орозо кармаган сыяктуу жүрүшү туура эмес. Та-
за абалында ниет кылып, орозо кармоону баштаган аялдын этек кири
күндүз кайсы бир саатта келип калса, кармаган орозосу бузулат. Ал
күндү кечке чейин орозо кармап өткөрүшү жайыз эмес. Орозо кармап
жаткансып ичпей-жебей жүрүшү да туура эмес. Бирок ачык эмес, баш-

110
каларга көрүнбөстөн тамактанышы керек. Этек кири келген аял күндүз
тазаланса, б.а. этек кири бүтсө, кечке чейин ичпей-жебей күндү өткөрсө
туура болот.
Бир аял эки айлык каффарат (кеперет) орозосун кармап жатканда
этек кири келип калса, ал күндөрдө орозо кармабайт. Бирок этек кири
бүтөрү менен дароо калган жеринен каффарат орозосун улантат жана
ушундайча кармаган орозолорун бири-бирине кошуп эсептеп, 60 күндү
толуктайт. Эгерде этек кири токтогондон кийин дароо орозо кармаган-
ды улантпастан, ортодон бир же эки күн өткөрсө, каффарат бузулган
болот жана каффарат орозосун кайрадан башташы керек. Анткени каф-
фарат орозосун аралыксыз кармоо зарыл.
Этек кири келген аялдын уяттуу жерине пахта же бир кездеме
коюшу жана этек кири канынын жагымсыз жытын кетириш үчүн жак-
шы жыттарды сыйпашы сүннөт болуп саналат. Этек кири же нифас аба-
лы уланып жатканда, түнкүсүн коюлган кездеме эртең менен булганба-
ган болсо, кездемени койгон убакыттан баштап нифас же этек киринин
бүткөнүнө тыянак чыгарылат жана окулбаган куптан намазы каза кы-
лынууга тийиш.
Таза болгон аял уяттуу жерине түнкүсүн таза кездеме коюп жа-
тып, эртең менен кан менен булганып калганын көрсө, канды көргөн
убакыттан баштап этек кири башталган болот. Бир аял этек киринин
келе турганын сезсе, бирок кан келбесе же кандын келиши кандайдыр
бир нерсе менен токтотулса, ал аялдын этек кири келген болуп санал-
байт жана мындай бир жагдайда даараты да бузулбайт. Бирок этек кири
келгенден кийин кандын келишин кандайдыр бир нерсе менен токтотуп
койсо, этек кири өкүмү уланат.
2) Нифас (төрөттөн кийинки) абал: Төрөгөндөн кийин аялдын
жатынынан келген кан. Мындай абалда болгон аял “нифас абалдуу”
деп айтылат.
Аялдын боюна бүткөндөн кийин этек кири келбейт. Нифас абал
баланын туулушунан тартып эң көп кырк күнгө созулат. Эгерде кырк
күндөн көпкө созулса, ашыкча болгону истихаза болуп эсептелет.
Нифас абалдын азынын белгилүү бир чеги жок. Кырк күндөн мурун да
аякташы мүмкүн. Мындай абалда болгон аял кусул даарат алып,
ибадаттарды орундатат, күйөөсү менен жыныстык катнашка кире алат,
кырк күндүн бүтүшүн күтпөйт.
Нифас күндөрүндө аккан нерсе белгилүү бир мөөнөткө токтоп,
кайра уланса, ал токтогон күндөр да нифас абалга кирет.
Колу, буту жана манжалары сыяктуу айрым жерлери билинип
калган бала бойдон түшүп калса, бул да төрөт болуп саналат жана аял
муну менен нифас абалда болот. Эч бир дене мүчөсү билине элек бала

111
бойдон түшсө, андан кийин келген кан үч күнгө созулуп жана андан
мурунку келген этек кир менен бойдон түшкөндөн кийин келген
кандын ортосунда он беш күн тазалык мөөнөтү өтсө, бойдон түшкөн-
дөн кийинки келген кан этек кири болуп саналат. Эгерде бойдон түш-
көндөн кийинки келген кан үч күнгө созулбаса жана мурунку этек кир
менен мунун ортосунда эң аз он беш күндүк бир тазалык мөөнөтү
болбосо, келген бул кан истихаза болуп саналат.
Бала төрөгөндөн кийин жатынынан кан келбеген бир аял кусул
даарат алып, ибадаттарын улантат. Нифас абалдуу аялдан келген кан
кырк күндөн өтүп кетсе, эгер ал аялдын мурунку төрөтүнөн кийинки
нифас мөөнөтү мисалы 30 күн болсо, кийинки нифас абалы да мурунку-
су сыяктуу отуз күн. Отузунчу күндөн кийин уланып, кырк күндөн да
өтүп кеткен кандар истихаза, б.а. кечиримдүү себеп болуп саналат.
Ушул себептен кечиримдүү эсептелген бул күндөрдө окулбаган намаз-
дар каза кылынышы керек.
Мурунку нифас абалы 30 күн болгон бир аялдан кийинки төрөттө
келген кан 30 күндөн көпкө созулса, бул мөөнөт кырк күндөн өтпөсө,
ашыкча болгон күндөрдүн баары нифас абалга кирет.
Мурунтан нифас абал көрбөгөн бир аялдын бул абалы да эң көп
кырк күнгө созулат. Биринчи жолу нифас абалы болгон бир аялдан кел-
ген кан кырк күндөн көпкө созулса, мунун кырк күнү нифас, ашыкчасы
болсо кечиримдүү кан эсептелет. Мындай абалда болгон бир аял кырк
күн бүткөндөн кийин кусул даарат алып, кечиримдүү себеп ээлери
сыяктуу намазын окуйт. Күйөөсү менен жыныстык катнашка кире алат.
Кош бойлуу бир аялдын ичи жарылып, баласы операция жолу менен
дүйнөгө келсе, эгер каны жыныстык органы аркылуу келсе, нифас каны
болот. Башка бир жерден акса, ал аял нифас абалдуу болуп саналбайт.
3) Истихаза: Бир тамырдан чыгып, жыныстык органы жолу ме-
нен келген кан. Жатындан эмес, кандайдыр бир оорудан улам тамырдан
келген бул кандын жыты жок. Бул жагдай аялдар үчүн бир оору жана
кечиримдүү себеп болуп саналат.
Аялдан аккан кан үч күндөн кем болсо, бул этек кир эмес, аял
үчүн кечиримдүү себеп болуп эсептелет. Этек кир он күндөн көпкө
созулса, анда бул ашыкчалык жана нифас абалдын кырк күндөн ашыгы
да – истихаза. Тогуз жашынан мурун жана элүү беш жашынан кийин
келген кан да ушундай.
Этек кирдҥҥ жана нифас абалындагы аялдарга арам болгон
нерселер
Этек кири келген жана нифас абалындагы аялдар төмөнкү нерсе-
лерди кыла алышпайт:

112
1) Намаз окуу
Аял киши бул учурларда кыла албаган намаздарын каза кылбайт.
Намаз күнүгө кайталангандыктан динибиз аялдарга жеңилдик көрсөт-
көн. Пайгамбарыбыз этек кир боюнча суроо сураган бир аялга: “Этек
кириң келгенде намазды ташта, этек кириң бүткөндө кусул даарат ал
жана намазыңды оку,”80 – деп буюрган
2) Орозо кармоо
Аялдар мындай абалдарда кармай албаган орозолорун кийинкиге
каза кылат. Азирети Айша мындай деген: “Пайгамбарыбыздын зама-
нында биз этек кирден тазалангандан кийин орозону каза кылып, на-
мазды каза кылбайт элек.81“
3) Куран окуу
Пайгамбарыбыз (а.с.) мындай деп буюрган:

‫ا ج ْسٌ ُمؿُٕم ُمد ع ْسحثًنح ِبِٓ ج ْسٌم ْسُملآِْب‬ٚ ‫ا ض ْسمل ِبئ ج ْسٌكحتِب ُم‬
“Этек кири келип жаткан аял жана жунуп болгон киши
Курандан эч нерсе окуй албайт.”82
Бирок этек кири келип жаткан бир аял Куран окуу ниети менен
эмес, үйрөтүү максаты менен тамгалап, же сөзмө сөз Куран үйрөтө
алат. Мындай абалда болгон аял дуба аяттарын дуба ниети менен окуй
алат. Шүгүр кылуу максаты менен “Алхамдулиллах” дей алат. “Бис-
милла” айта алат, Алланы зикир жана теспе кыла алат.
4) Куранга кол тийгизҥҥ
Этек кири келип жаткан жана нифас абалында болгон бир аял
Куранга кол тийгизе албайт. Бул тема боюнча ыйык Куранда:

ُْۜٚ‫ ُمل‬ٙ‫ا ّ ِهّٰللُمضُٗم ٓ ِبج ِهّٰللا ج ْسٌ ُمّ ِهّٰلل‬


“Ага (Куранга) тазалангандар гана тие алат,”83 – деп бую-
рулган, пайгамбарыбыз да: “Куранды таза болгон киши гана кармай
алат,”84 – деп эскерткен.
Мусулман болбогон бир кишиге эгерде кааласа, туура жолго тү-
шүрүү үмүтү менен Куран жана диний маалыматтар үйрөтүлсө болот.
Бирок кусул даарат алмайынча, Куранга кол тийгиздирилбейт. Этек ки-
ри келген жана нифас абалындагы аял тафсирден башка диний китеп-

80
Фетхур-Раббани, 2-том, 153-бет.
81
Абу Давуд, Тахара, 105; Насаи, Сыйам, 64.
82
Тирмизий, Тахара, 98; Ибн Мажа, Тахара, 105.
83
Вакыа сүрөсү, 79-аят.
84
Жамиус-Сагир, (Хадисти Таберани айтып берген.)

113
терди кармай алат. Кийген көйнөгүнүн жеңи менен Куранды кармоо –
макүрөө. Ал эми ичинде ыйык Куран китеби болгон кутучаны алып
жүрүү – жайыз.
Шакектин ташында Курандан бир бөлүк же Алла тааланын
ысымдарынын бирөө жазылуу болсо, бул шакекти тагынып жүргөндө,
ажаатканага кирүү макүрөө болот. Үстүндө Куран жазылуу болгон бир
нерсе чөнтөккө салынса же бир нерсеге оролгон болсо, макүрөө бол-
бойт. Муну менен бирге бул сыяктуу кыймыл-аракеттерден сактануу
дагы жакшы.
Этек кири келип жаткан, же нифас абалында болгон аялдын жана
жунуп болгон кишинин Куранга карашы жайыз болуп саналат.
5) Мечитке кирҥҥ
Мечит – намаз окулган бир куттуу жай. Этек кири келип жаткан
жана нифас абалында болгон аял намаз окуй албагандыктан ибадат
максаты менен мечитке кире албайт. Бирок душмандан, жырткыч жа-
ныбардан жана сууктан коргонуу, же болбосо табигый зарылдыктары
үчүн мечитке кире алат.
6) Каабаны тооп кылуу
Этек кири келип жаткан жана нифас абалында болгон аял Кааба-
ны тооп кыла албайт.
7) Жыныстык катнашка кирҥҥ
Эркек кишиге этек кири келип жаткан жана нифас абалында
болгон бир аял менен жыныстык катнашка кирүү – арам. Ушул өңдүү
эле аял кишиге буга мүмкүнчүлүк түзүү жана ыраазы болуу да – арам.
Мындай абалда жыныстык катнашка кирген киши абдан чоң күнөө
иштеген болот жана мындан кийин тооба кылышы керек. Ыйык
Куранда бул маселе боюнча мындай деп буюрулган:

ْ‫ ْسل‬ٙ‫٘ ِهّٰللُمٓ ق ِهّٰلل۪ت ْس ُم‬ٛ‫ا ض ْسملذُم‬ٚ ْۙ ‫ ج ْسٌّكح ِب‬ٝ‫ج جٌِٕهّٰللِبضحٓء ِب‬ٛ‫ح ْس ِبَتٌُم‬
“Этек кири келип жаткан аялдардан алыс тургула. (Алар
менен жыныстык катнашка кирбегиле) Тазаланганга чейин аларга
жакындабагыла.”85
Этек кири маалында жыныстык катнашка кирүүнүн аялдардын
көптөгөн ооруларына себеп болгону бүгүнкү күндө медицинада да да-
лилденген. Аялдын этек кири жөнүндө күйөөсүнө жаңылыш маалымат
бериши адал болбойт. Мисалы, этек кири келип жатса да, жыныстык
катнашка кирүү үчүн күйөөсүнөн муну жашыруу, же болбосо этек кири

85
Бакара сүрөсү, 222-аят.

114
келбесе деле күйөөсүнүн каалоосун токтотуу үчүн жалган жерге этек
киринин келип жатканын айтуу – адал эмес.
Этек кири келип жаткан жана нифас абалында болгон аял менен
чогуу жатууга болот. Киндигинен тизесине чейинки бөлүктөн сырткар-
кы жерлеринен кучактаса жана өпсө болот.
Кечиримдҥҥ себеп ээси болгондордун жагдайы
Дааратты бузган нерсенин намаз маалы бүтө электе улана бери-
ши “кечиримдүү себеп” деп айтылат.
Зааранын үзгүлтүксүз түрдө тамчылай бериши, мурундан же бир
жарадан токобостон кандын агышы, кандайдыр бир оорудан улам көз,
кулак жана эмчектен аккан ириң кечиримдүү себеп болуп саналат.
Ошондой эле, мурун түшүндүрүлүп кеткен истихаза каны да аялдар
үчүн кечиримдүү себеп болот. Мына ушундай кечиримдүү себеби бол-
гон киши “кечиримдүү себеп ээси” деп айтылат.
Бул кечиримдүү себептерден бирөө даарат алып, намаз окуй тур-
ганчалык кыска мөөнөткө да токтобостон, намаз маалында бүтүндөй
улана берсе жана андан кийинки ар бир намаз маалында да бул кечи-
римдүү себеп эң аз бир жолу пайда болсо, ал киши кечиримдүү себеп
ээси болуп саналат.
Эгерде кечиримдүү себеп бир намаз маалы ичинде эч пайда бол-
босо кечиримдүү себеп жоюлган болот жана ал киши да кечиримдүү
себеп ээси болуудан чыгат. Кечиримдүү себеп ээси кечиримдүү себеби
уланып жаткан мөөнөт ичинде ар бир намаз маалында даарат алат жана
бул даарат менен ал намаз маалы ичинде (башка бир нерседен улам
даараты бузулбаса) каалашынча парз жана напиле намазын окуй берет.
Ошону менен бирге казага калган намаздарды, жаназа жана айт намаз-
дарын да окуй алат, ыйык Куранды кармай алат.
Намаз маалы бүткөндөн кийин кечирмдүү себеп ээсинин даараты
бузулат. Мисалы, күн чыкканда багымдат намазынын маалы бүткөн-
дүктөн кечиримдүү себеп ээсинин да даараты бузулган болот. Намаз
маалынын келиши менен даарат бузулбагандыктан күн чыккандан ки-
йин майрам жана шашке намаздары үчүн даарат алган киши бул даа-
раты менен бешим намазын окуй алат.
Кечиримдүү себеби болгон кишиден аккан кан, ириң жана заара
ич кийимин булгаса, бирок муну жууса дагы аккан нерсе улана
бергендиктен кайрадан булгана турган болсо, ич кийимин жууштун
кереги жок. Кайрадан булгабай турган болсо, жуушу керек.

115
НАМАЗ
Намаз жана анын мааниси
Алгачкы милдетибиз – Алла тааланын бар экендигине жана жал-
гыздыгына, азирети Мухаммеддин (а.с.) пайгамбарлыгына ишенүү. На-
маз ыймандан кийинки эң маанилүү парз болуп саналат. Намаз – өзгөчө
кыймыл-аракеттер жана белгилүү дубалар менен орундатылган бир
ибадат. Беш маал намаз окуу хижраттан бир жарым жыл мурун Мираж
түнүндө парз кылынган.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз: “Намаз – диндин түркүгү!”86 – деп
буюруп, динибизде намаздын абдан маанилүү бир ибадат экендигин
белгилеп кеткен.
Алла тааланын алдындагы иш-аракеттердин эң жагымдуусу –
намаз. Намаз момундун миражы болуп саналат. Момун киши намаз ар-
кылуу Алла тааланын алдына көтөрүлүп, анын руханий жакындыгына
жетет. Ыймандын көрсөткүчү болгон намаз – жүрөктү тазарткан бир
жарык нур, жадаган жанга, кайгыга баткан капалуу көңүлдөргө бейпил-
дик берген руханий бир башпаана.
Намаз адамга дайыма Алла тааланы эскертип, жүрөгүнө жоопкер-
чилик сезимдин орношун камсыз кылат жана ушундайча адамды күнөө
кылуудан сактайт. Бул жөнүндө ыйык китебибиз Куранда мындай деп
буюрулган:

‫ ِبٓ ج ْسٌف ْسكغح ٓ ِبء‬ٕٝٙ‫ز ض ْس‬ٍٛ ‫زُۜ ِبج ِهّٰللْ جٌ ِهّٰلل‬ٍٛ ‫جلِبُِب جٌ ِهّٰلل‬ٚ ‫حخ‬
‫ُ۫قِب ِبجٌ ْسحه ِبِٓ ج ْسٌىِب ط ِب‬ٚ‫جُمض ُمْسً ِح ٓ جُم‬
ُۜ‫ج ْسٌ ُمّ ْسٕى ِبل‬ٚ
“Сага жиберилген китепти оку, намазды туура оку! Чынында
эле, намаз уятсыздыктан жана жамандыктан сактайт!”87
Намазды туура жана аң-сезимдүү түрдө окуган бир киши мезгил
менен жамандык кылуудан баш тартат. Чындыгында Алла тааланын ал-
дында кабылданган намаз, момунду жамандыктардан алыстаткан намаз
болуп эсептелет. Намазды туура окуган киши Алла тааланын сүймөн-
чүлүгүнө жана ыраазычылыгына ээ болот. Ыйманын бекемдейт.
Күнөөлөрүнөн арылып, түбөлүктүү таалайдын мекени болгон бейишке
кирүүгө татыктуу таза бир пенде болот. Пайгамбарыбыз:

86
Кашфул-Хафа, 2-том, 31-бет.
87
Анкабут сүрөсү, 45-аят.

116
 Силердин араңардан бирөөңөрдүн эшигинин алдынан бир дарыя
агып жаткан болсо жана ошол киши ал дарыяда күндө беш жолу
жуунуп тазаланса, анда кир деген нерсе калабы? – деп сурайт. Угуп
отургандар:
 Эч бир кир калбайт, оо, Расулалла! – деп жооп беришет. Андан
соң пайгамбарыбыз:
 Мына, беш маал намаз да ушуга окшойт, Алла намаз менен кү-
нөөлөрдү өчүрөт,88 – деп буюрат.
Намаздын адамдын ден-соолугу үчүн да көптөгөн пайдалуу жак-
тары бар экендиги анык. Анткени намаз окуган бир киши даарат алууга
тийиш. Ал эми бул – бир күндө бир нече жолу тазалануу дегенди
билдирет. Мындан сырткары намаздын туура болушу үчүн дене, кийим
жана намаз окула турган жердин да таза болушу абзел.
Намаз белгилүү аралыктар менен бир күндө беш жолу окулган-
дыктан, бул жагдай мусулмандын дайыма таза болушун талап кылат.89
Намаздын парз болушунун шарттары
Бир кишиге намаздын парз болушу үчүн төмөнкү үч шарт болу-
шу керек:
1) Мусулман болуу.
2) Эрезеге жетүү.
3) Акыл-эстүү болуу.
Эрезеге жеткен жана акыл-эстүү болгон ар бир мусулман беш
маал намаз окууга милдетүү. Намазын окуган киши бул дүйнөдөкү
милдетин орундаткан болот жана акыретте сооп табат.
Намаз – Куран, сүннөт жана ижма менен аныкталган парз. Намаз-
ды танган киши каапыр болот. Ишенгенине карабастан намазын оку-
баган киши каапыр болбойт, бирок милдетин аткарбагандыктан күнөө
иштеген болот. Балдарга жети жашынан баштап намаз окуу үйрөтүлөт.

88
Бухарий, Салат, 6; Муслим, Салат 51.
89
Намаздын адамдын ден-соолугуна тийгизген пайдалары тууралуу профессор Тевфик
Саглам мындай дейт: “Намаздын мусулмандардын ден-соолугу үчүн абдан пайдалуу
болгон бир нече маанилүү кыймыл-аракети бар. Намаздагы кыймыл-аракеттер жайма-
жай жасалат. Алар – адамды чарчатпаган, жаш-кары, арык-толук дебей бардык киши-
лер жасай ала турган жеңил кыймыл-аракеттер. Муну менен дененин булчуңдары чың-
далат, кубаттанат, муундар кеңири кыймыл-аракеттерге көнөт.
Намаз окуган киши ушундан улам шамдагай, күчтүү болот, тез чарчабайт жана муну
менен бирге Исламдын буйругу боюнча тамактанууда аша чаппаса семирбейт. Семиз-
дик – шекер диабети, кан басымдын жогорулашы сыяктуу көптөгөн оорулардын эң
негизги себептеринин бири. Намаз адамды ушундай оорулардан оолак кылууга да
жарайт.” (Дин иштери башкармалыгы журналы, 3-том, 1-сан, январь 1964).

117
Ата-эне жети жашка чыккан балдарына намазды үйрөтүп, аларды намаз
окууга көндүрүшү керек.
Бул тема боюнча пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

ٍ ‫ا و ْسُمُ ذِبحٌ ِهّٰلل ِبز ٌِبض ْسر‬ٚ‫ج ْس‬ٚ‫ُمِ ُمل‬


“Балдарыңар жети жашына чыкканда, аларга намаз окушун
буюргула.”90
Намаздын маалдары
Бир күндө беш маал намаз окулат. Булар – багымдат, бешим,
дигер, шам жана куптан намазы. Булардын ар биринин окула турган
белгилүү бир маалдары бар. Ыйык Куранда мындай деп буюурулган:

‫ضًنح‬ٛ‫لُم‬ٛ‫ز وحٔ ْسص ٰل ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِٕ وِبطحذًنح ِ ْس‬ٍٛ ‫ِبج ِهّٰللْ جٌ ِهّٰلل‬
“Эч шексиз, намаз момундарга белгилүү мезгилдерде окуш үчүн
парз кылынган.”91
Ар бир намаз өз мезгилинде окулушу керек. Намазды белгилен-
ген убагынан мурун окуу жайыз эмес жана ошондой эле, шариятка
ылайыктуу кечиримдүү себеп болбой туруп намазды маалынан кийин-
киге калтыруу да абдан чоң күнөө болуп саналат.
Багымдат намазынын маалы: Таң агарып, жерге жарык түшө
баштаган мезгилден тартып күн чыкканга чейинки убакыт. Чыгыш та-
рапта кыйырдын үстүндө жайылган жарык фажри садык, б.а. “чыныгы
жарык” деп айтылат. Багымдат намазынын маалы мына ушул жарык-
тын кыйырдын үстүндө жайылышы менен келген болот. Бул маал оро-
зо үчүн да имсак убактысы болуп саналат. Бул жарыктан мурун
кыйырдын үстүндө тикесинен көрүнүп, андан кийин жоголуп кеткен
жарык үчүн “жалганчы жарык” деген маанидеги фажри казип сөзү
колдонулат. Көрүнүп жок болгон бул жарыктын ордун кайрадан
караңгылык каптап, таңдын кандайдар бир жышааны байкалбагандык-
тан буга анчалык көңүл бурулбайт.
Бешим намазынын маалы: Күн так төбөгө келип, көлөкө чы-
гышты көздөй жыла баштаган мезгилден тартып (күн так төбөдө тур-
ганда тийген көлөкөдөн сыткары, бул фейи завал деп айтылат) бардык
нерселердин көлөкөсүнүн өзүнөн бир же эки эсе чоңойгонго чейинки
созулган убакыт. Бешим намазынын маалы Абу Ханифанын пикири
боюнча кандайдыр бир нерсенин көлөкөсү өзүнөн эки эсе узарганда,

90
Абу Давуд, Салат, 26.
91
Ниса сүрөсү, 103-бет.

118
Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин көз карашы боюнча болсо,
көлөкө бир эсе узарганда аяктайт. Ушундан улам бардык Ислам өлкө-
лөрүнүн календарларында жана азандарында ушул эки имамдын көз
карашы негиз катары алынууда. Мындай абалда бешим намазын кан-
дайдыр бир нерсенин көлөкөсү өзүнөн бир эсе узара электе, дигер на-
мазын болсо, көлөкө өзүнөн эки эсе узаргандан кийин окуу туура бо-
лот. Муну менен бирге, бардык нерсенин көлөкөсү өзүнөн эки эсе узар-
ганга чейин бешим намазы окула берет. Ошондой эле Имам Абу Юсуф
менен Имам Мухаммеддин көз караштары боюнча бардык нерсенин
көлөкөсү өзүнөн бир эсе узаргандан кийин дигер намазын окуса болот.
Дигер намазынын маалы: Бешим намазынын маалы аяктаган-
дан тартып күн батканга чейинки убакыт. Башкача айтканда, бардык
нерсенин көлөкөсү өзүнөн бир же эки эсе узарганда, бешим намазынын
маалы аяктап дигер намазынын маалы башталат жана күн батканга
чейин созулат.
Шам намазынын маалы: Күн баткандан тартып ал баткан кы-
йырдагы кызаруу, же андан кийин пайда болгон ак шоокум биротоло
өчкөнгө чейинки убакыт. Шам намазы маалынын күн баткан жердеги
кызыл түстүн суюулуп көрүнбөй калганга чейин созулушу – Имам Абу
Юсуф менен Имам Мухаммеддин жана калган үч агымдын молдоло-
рунун көз карашы. Ал эми кызыл түстүн ордунда пайда болгон ак шоо-
кум күүгүмдөнүп көрүнбөй калганга чейин созулушу – Имам Агзамдын
көз карашы.
Бул эки көз караш боюнча намаз окула берет.
Куптан намазынын маалы: Шам намазынын маалы өткөн мез-
гилден тартып багымдат намазынын маалы болгон таң агара башта-
ганга чейинки убакыт.
Битир намазынын маалы: Битир намазынын маалы да куптан
намазы окулган маал болуп саналат. Бирок битир намазы куптан нама-
зынан кийин окулат.
Жума намазынын маалы: Бешим намазы окулган маал.
Жогоруда көрүнгөндөй, беш маал намаздын ар бири үчүн бөлүн-
гөн убакыттын белгилүү бир чеги бар. Өз маалында окула турган на-
маздар бул убакыттын башталышынан тартып бүтүшүнө чейин каала-
ган мезгилде окула берет. Ошондой эле ар бир намазды маалы келгенде
кечиктирбестен окуу мартабалуу болуп саналат.
Бирок Ханафий мазхабында багымдат намазын күн бир аз агар-
гандан кийин окуу, бешим намазын жайкысын бир аз кечиктирип окуу,
дигер намазын кышында жана жайкысын күндүн жарыгы өзгөрбөй
турганчалык кечиктирип окуу – мустахаб. Дигер намазын күндүн нуру
көздү уялтпай турган абалга келгенге чейин кечиктирүү болсо –
макүрөө.

119
Шам намазын кышында жана жайкысын кечиктирбестен окуу –
мустахаб. Куптан намазын түндүн үчтөн бири өткөнгө чейин кечик-
тирүү да – мустахаб.
Мечитте жамаат менен окулган намаз өз маалында окулат, кечик-
тирилбейт.
Муздалифада болгон ажылардын курман айттын биринчи күнү
багымдат намазын (убажип болгон Муздалифа вакфасы себеби менен)
таң агара электе эртең менен эрте окушу дагы мартабалуу.
Эки жерде намаздарды бирге окуу – ажыларга гана таандык. Бири
– Арафатта арапа күнү түш ченде алгач бешим намазы, аркасынан да
дигер намазы бир азан жана эки коомат менен бирге окулат. Эки парз-
дын арасы башка намаз менен бөлүнбөй тургандыктан бешим намазы-
нын парзынан кийин бешимдин акыркы сүннөтү менен дигер намазы-
нын сүннөтү окулбайт. Бул жерде дигер маалы келе электе дигер нама-
зы бешим маалында бешим намазы менен бирге окулат. Буга “жам
такдим” деп айтылат.
Экинчиси да арапа күнү шам намазы кечкисин окулбастан, Муз-
далифада куптан маалында бир азан жана бир коомат менен окулат, б.а.
шам намазынын парзы үчүн гана коомат келтирилет, куптан намазы-
нын парзында келтирилбейт. Эки парздын арасы бөлүнбөй тургандык-
тан шам намазынын сүннөтү менен куптан намазынын алгачкы сүннөтү
да окулбайт. Бул жерде шам намазы менен куптан намазынын чогуу
окулушуна да “жам тахир” деп айтылат.92
Намаз маалдары белгиленбеген айрым жерлерде, түнү жана күн-
дүзү абдан узун болгон, мисалы, алты ай күндүз, алты ай түн болгон
уюлдук аймактарда болсо намаз кадимки аймактарга жараша эсептелип
окулат.93
“Маалы белгиленбеген намаздарды (орундуу бир себеби болбо-
гондугуна байланыштуу) окуунун кереги жок” деген көз карашты жак-
тагандар болсо да, беш маал намаз жалпысынан парз кылынып, аймак-
92
Ханафий мазхабында бул эки жерден сырткары башка жерлерде намаздарды бирик-
тирип кылуу жайыз эмес. Шафий, Ханбалий жана Маликий мазхабдарында бул эки
жерден башка жерге жолго чыкканда да жолоочу жеңилдик катары бешим менен дигер
жана шам менен куптан намаздарын “жам такдим” же “жам тахир” катары окуй алат.
Мындан сырткары Ханбалий жана Маликий мазхабдарында оорулуу болгон киши үчүн
намаздарды өз убагында окуу кыйын болуп жатса, анда бешим менен дигер жана шам
менен куптан намаздарын бирге окуй алат. Негизинен ар бир намазды өз убагында окуу
керек. Муну менен бирге Ханафий мазхабына таандык болгон кишилер да жолоочулук
жана оору сыяктуу жагдайларда намаздарды бириктирип окуса боло турганын айткан
Ислам аалымдарынын пикирине моюн сунуп намаздарды бириктирип окуй алышат. Ал
эми багымдат намазы өз маалында гана окулат, башка бир намаз менен бириктирип
окулбайт.
93
Ибнул-Хумам, Фатхул-Кадир, 1-том, 197-бет; Мажмаул-Анхур, 1-том, 69-бет;
Раддул-Мухтар, 1-том, 242-бет.

120
тардын арасында бир айырмачылык көрсөтүлгөн эмес. Ушул себептен
уюлдук аймактарда намаз маалын көрсөткөн белги болбосо да, убакыт
бар жана дүйнөнүн кайсы аймагында болушса да, мусулмандардын
намаз окушу керек.
Намаз маалын көрсөткөн белгинин болбошу намаз буйругун жой-
бойт. Мындай жагдайда кадимки аймактарга жараша эсептелип, намаз
маалдары түзүлөт.
Уюлдук аймактарда намаздар кандайча окула турганы боюнча
пайгамбарыбыздын бир ыйык хадиси жарык чачып, кандайча иш-ара-
кет кылынары жөнүндө жол көрсөтөт.
Пайгамбарыбыз бир күнү сакабаларына Дажжал жөнүндө сөз
кылып жатканда:
– Дажжал жер жүзүндө кырк күн калат. Мунун биринчи күнү
бир жыл, экинчи күнү бир ай, үчүнчү күнү да бир жума узундугунда
болот. Ал эми калгандары силердин кадимки күндөрүңөрдөй болот, –
деп буюрду.
Ал жерде тургандар:
– Оо, Алланын расулу! Бир жылчалык узун күндө кадимки
күндүн беш маал намазын окушубуз биз үчүн жетиштүү болобу? – деп
сурашканда, пайгамбарыбыз:
– Жок, жетиштүү болбойт, (кадимки күндөрдөгү өлчөм боюнча)
баалагыла, – деп буюрат.94
Орозо жана зекет дагы кадимки аймактарга жараша эсептелип
орундалат.95
Намаз окуунун макҥрөө болгон мезгилдери
Намаз окуунун макүрөө болгон мезгилдери бар. Булар “макүрөө
маалдар” деп айтылат. Айрым мезгилдерде эч кандай намаз окулбайт.
Айрым мезгилдерде да каза намазы окулат, бирок напиле намаз
окулбайт.
Эч бир намаз окулбаган мезгилдер
Эч бир намаз окулбаган үч маал бар:
1) Кҥн чыгып келе жатканда, күн чыга баштагандан тартып
болжол менен 40 мүнөт өткөнгө чейинки убакыт ичинде.
2) Кҥн так төбөдө турган убакытта, башкача айтканда күн так
төбөгө келип, али батыш тарапка оой электе.

94
Муслим, Фитен, 20.
95
Раддул-Мухтар, 1-том, 244-бет.

121
3) Кҥн батып бара жатканда, күн батар мезгилден болжол
менен 40 мүнөт мурун башталып, күн батканга чейин.
Бул үч мезгилде парз, убажип, напиле намаздардын эч бири окул-
байт. Ошондой эле өткөн намаздардын казасын да окууга болбойт. Тек
гана ошол күндүн дигер намазынын парзы окулбаган болсо, аны күн
батып бара жатканда да окуса болот. Намаз окуу макүрөө болгон бул үч
мезгилде салават окуу, дуба жана теспе менен алек болуу – Куран окуу-
дан мартабалуураак.
Напиле намаздын окулушу макҥрөө болгон мезгилдер
1) Багымдат намазынын маалы келгенден кийин.
Бул маалда багымдат намазынын сүннөтү гана окулат, башка
напиле намаз окуу макүрөө болуп саналат.
2) Багымдат намазы окулгандан кийин.
Убактысы келсе да күн чыгып кетсе, ал макүрөө болгон убакыт
өтө электе напиле намазды окуу макүрөө болуп саналат.
3) Дигер намазынын парзы окулгандан кийин.
4) Шам намазынын парзынан мурун.96
5) Айт намаздарынан мурун (үйдө жана мечитте).
6) Айт намаздарынан кийин (мечитте).
7) Убакыттын өтүшү менен парз үчүн абдан кыска убакыт
калганда.
8) Парзды башташ үчүн коомат келтирилип жатканда (багымдат
намазынын сүннөтүнөн сырткары).
9) Жума күнү молдонун кутпа айтыш үчүн минбарга чыгышынан
тартып жума намазынын парзы окулганга чейин.
Бул мезгилде кандайдыр бир напиле намаз окуу – макүрөө.
Ошондой эле жума намазынын алгачкы сүннөтүн окуу да макүрөө
болуп саналат. Бирок молдо минбарга чыга электен мурун жума нама-
зынын сүннөтү башталган болсо намаз окуу тезинен толукталат.
10) Ажааткана үчүн шашылып калган учурда.
11) Каалаган тамагы даяр болгон учурда.
12) Ажы мезгилинде Арафатта бешим жана дигер намаздары
бирге окулуп жатканда эки парз арасындагы сүннөттөр, Муздалифада
шам жана куптан намаздары бирге окулуп жатканда, кайра эле эки парз
арасындагы сүннөттөр окулбайт.

96
Шафий мазхабындагылар шам намазынын парзынан мурун эки ирекет напиле намаз
окууну мустахаб деп эсептешет.

122
Азан жана коомат
Азан сөздүктө кандайдыр бир нерсени кабарлоо деген маанини
билдирет. Ал эми диний термин катары – намаз маалдарын белгилүү
бир сөздөр менен өзгөчө бир түрдө кабарлоо.

Азан

‫ا ج ْسو ُم‬
‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬
‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬ ‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬
‫ج ِهّٰلل ُم‬
‫ ُمل ج ْسْ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ ج ْسع‬,‫جا‬
‫جا‬ ‫ ُمل ج ْسْ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ج ْسع‬
‫ ُمل ج ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ر ُمص ُم‬ٙ‫ج ْسع‬
‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ
‫جا‬
‫ ُمل ج ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ر ُمص ُم‬ٙ‫ج ْسع‬
‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ
‫جا‬
‫ ِبز‬ٍٛ ‫ ق ِهّٰلل ٰل جٌ ِهّٰلل‬,‫ ِبز‬ٍٛ ‫ق ِهّٰلل ٰل جٌ ِهّٰلل‬
‫ ق ِهّٰلل ٰل ْسجٌف ِبـ‬,‫ق ِهّٰلل ٰل جْسٌف ِبـ‬

‫ا ج ْسو ُم‬
‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬
‫ج ِهّٰلل ُم‬
‫ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
‫جا‬
Аллааху акбар – Аллааху акбар
Аллааху акбар – Аллааху акбар
Ашхаду анлаа илааха илаллах
Ашхаду анлаа илааха илаллах
Ашхаду анна Мухаммадан Расуулуллах
Ашхаду анна Мухаммадан Расуулуллах
Хаййа алас-салаах, Хаййа алас-салаах
Хаййа алал-фалаах, Хаййа алал-фалаах
Аллааху акбар, Аллааху акбар
Лаа илааха илаллах
Багымдат азанында “Хаййа алал-фалаах” деп айтылгандан кийин
эки жолу “намаз уйкудан кайрымдуу” маанисин түшүндүргөн “Асса-
лаату хайрун минаннавм” деп айтылат.

123
Коомат да азан сыяктуу. Бирок кооматта “Хаййа алал-фалаах”
тан кийин эки жолу ‫ز‬ ٌ‫“ لل لحِص ج‬Кад каматиссалах” деп айтылат.

Коомат

‫ا ج ْسو ُم‬
‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬
‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬ ‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬
‫ج ِهّٰلل ُم‬
‫ ُمل ج ْسْ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ ج ْسع‬,‫جا‬
‫جا‬ ‫ ُمل ج ْسْ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٙ‫ج ْسع‬
‫ ُمل ج ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ر ُمص ُم‬ٙ‫ج ْسع‬
‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ
‫جا‬
‫ ُمل ج ِهّٰللْ ُم ِهّٰللّ ًنلج ر ُمص ُم‬ٙ‫ج ْسع‬
‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ
‫جا‬
‫ ِبز‬ٍٛ ‫ ق ِهّٰلل ٰل جٌ ِهّٰلل‬,‫ ِبز‬ٍٛ ‫ق ِهّٰلل ٰل جٌ ِهّٰلل‬
‫ ق ِهّٰلل ٰل جْسٌف ِبـ‬,‫ق ِهّٰلل ٰل جْسٌف ِبـ‬
‫ ل ْسل لحِ ِبص جٌ ِهّٰلل ُمز‬,‫ل ْسل لحِ ِبص جٌ ِهّٰلل ُمز‬

‫ا ج ْسو ُم‬ ‫ ج ِهّٰلل ُم‬,‫ا ج ْسو ُم‬


‫ج ِهّٰلل ُم‬
‫ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
‫جا‬
Аллааху акбар – Аллааху акбар
Аллааху акбар – Аллааху акбар
Ашхаду анлаа илааха илаллах
Ашхаду анлаа илааха илаллах
Ашхаду анна Мухаммадан Расуулуллах
Ашхаду анна Мухаммадан Ресуулуллах
Хаййа алас-салаах, Хаййа алас-салаах
Хаййа алал-фалаах, Хаййа алал-фалаах
Кад каматис-салаах, Кад каматис-салаах
Аллааху акбар, Аллааху акбар
Лаа илааха илаллах

124
Азан – намазга чакыруу, чыныгы бакытка үндөө. Ошондой эле
Алла тааланын жалгыз экендигин жана азирети Мухаммеддин (а.с.)
пайгамбарлыгын жарыялоо болуп саналат. Азан – мусулмандыктын
белгиси, бир өлкөдө Исламдын бар экендигинин символу.
Ислам негиздерин жарыялаган, адамдарды түбөлүк бак-таалайга
үндөгөн бул үн адамдын жүрөгүнө бейпилдик орнотуп, рухтарга ише-
ним берет жана ыймандын тазарып бекемделишин камсыз кылат.
Азан чакырган киши “муэдзин” деп аталат. Мындай кадырлуу
бир милдетти аткарган муэдзиндин үнү жеткен жерге чейин азанды
уккан адам, жин жана бардык нерсенин муэдзин үчүн кыямат күнүндө
күбөлүк кыларын жана бардык нерселер анын кечирилишин суранарын
сүйүктүү пайгамбарыбыз кабар берген. Азирети Өмөр да: “Калыйпалык
милдетти аткарбаган болсом, муэдзиндик кылар элем,” – деп айткан.
Азан так сүннөт болуп, хижраттын биринчи жылында киргизил-
ген. Беш маал намаз менен жума намазы үчүн азан айтуу жана коомат
келтирүү эркектер үчүн сүннөт болуп эсептелет. Аялдар үчүн азан жана
кооматтын кереги жок.
Азан үчүн намаз маалынын келиши – шарт. Маалы келе электе
чакырылган азандын маалы келгенден кийин кайрадан окулушу керек.
Каза намаздары үчүн да азан айтылат жана коомат келтирилет. Бир
нече каза намазы бир убакта окулган мезгилде биринчи окулган намаз
үчүн азан да айтылат, коомат да келтирилет, ал эми кийинки намаздар
үчүн коомат гана жетиштүү болот.
Жума намазынан сырткаркы маал намаздары үчүн эки жолу азан
окулбайт жана эч бир парз намазы үчүн бирден ашык коомат айтуу да
мыйзамдуу эмес.
Азан чакырган кишинин мусулман, эркек жана акыл-эстүү болу-
шу керек. Ушул себептен мусулман болбогон бир кишинин азаны туура
эмес. Аялдын, акыл-эси жетилбеген баланын, жинди жана мастын азан
айтышы – макүрөө. Булар окуган азан жарабайт. Ал эми акыл-эси же-
тилген баланын азан чакырышы – жайыз.
Отуруп азан чакыруу жана коомат келтирүү макүрөө болуп
эсептелет.
Азан бийик үн менен, сөздөрү салмактуу жана тыным менен
чакырылат. Ал эми коомат үн көтөрүлбөстөн, сөздөр өз ырааты менен
тынымсыз окулат.
Азан жана коомат кыбыланы карай түз туруп чакырылат. Азан-
дын бийик бир жерде чакырылышы – сүннөт. Азан чакырган кишинин
үнүн бийик чыгаруу үчүн сөөмөйүнүн учу менен кулагын жабышы
мустахаб, ал эми колдорун кулактарынын аркасына коюшу болсо –

125
жайыз. Азанда “Хаййа алас-салаах” деп айтып жатканда, дене кыбыла-
дан бурула электе жүз оңго, “Хаййа алал-фалаах” деп айтып жатканда
да жүз солго бурулат. Мунарада азан айтылып жатса, шерефесинде
айланылат. Азанды дааратсыз айтуу жайыз болсо да, даарат алып айтуу
дагы жакшыраак.
Азанчы диний буйруктарды орундаткан, арам нерселерден сакта-
нып, туура жүргөн, адеп-ахлактуу, намаз маалдарын жана жол-жобосу
менен азан чакырганды билген киши болушу керек.
Азан чакырып жатканда азанчынын сүйлөшү эле эмес, ал тургай
берилген саламды алик алышы да – макүрөө. Азанды уккан киши ток-
топ, аны тыңшайт жана азанга баш иет, б.а. азанчынын окуган сүйлөм-
дөрүн дал өзүндөй кайталайт. Бирок “Хаййа алас-салаах” жана “Хаййа
алал-фалаах” окулуп жатканда, “Лаа хавла жа лаа куввата иллаа
биллаах” деп айтылат. Багымдат намазында “Ассалаату хайрун минан-
навм” окулуп жатканда да “Садакта ва барирте” деп айтылат. Бул
азанга баш ийүү дегенди түшүндүрөт.
Азан аяктап, пайгамбарыбызга салават жана салам айтылгандан
кийин төмөнкү дуба окулат:

‫ ج ْسٌفض ِبحٍس‬ٚ ‫ ِبصحٍس‬ٌٛ‫ جٌ ِهّٰلل ِبز ج ْسٌمحتِبّ ِبس ج ِبش ُم ِهّٰللّ ًنلج ج ْس‬ٚ ‫ ِبز جٌطِهّٰللح ِهّٰللِ ِبس‬ٛ ‫ ِهّٰللُ ر ِهّٰللخ ٘ ِب ِبٖ جٌ ِهّٰللل ْس‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
ٗ‫ لْسض ُم‬ٚ ‫ ًنج جٌ ِهّٰلل ِبي‬ّٛ‫حِح ْس ُم‬
‫ج ْسذع ْسػ ُمٗ ِم ًن‬ٚ
Окулушу: “Аллаахумма Раббa хаазихид-даватит-тааммати
вас-Салаатил-кааиматии аати Мухаммадан ил-васийлата вал-
фазийлата вабьасху макааман махмудан иллазий ваадтах.”
Мааниси: “Оо, кемчиликсиз чакырыктын (азандын) жана окула
турган намаздын жаратканы болгон Алла! Мухаммедге себеп жана
мартабаны (бейиште жогорку даражаны) ырооло жана убада кылган
бейиштеги кызматыңа (эң улуу шапаат кызматына) аны жеткир.”
Азирети пайгамбарыбыз: “Азан бүткөндөн кийин ким бул дубаны
окуса, кыямат күнү ал киши менин шапаатыма (көмөгүмө) ээ бо-
лот,”97 – деп буюрган.
Коомат намаз окулган жерде окулат жана дароо намазга турулат.
Коомат келтирилген мечитке кирген киши тик турган абалда күтпөйт,
отуруп “Хаййа алал-фалаах” айтылып жатканда гана намазга турат.

97
Бухарий, Азан, 8.

126
Намаздын тҥрлөрҥ
Намаз парз, убажип жана напиле болуп негизинен үч топко
бөлүнөт.
1) Парз намаздар
Парз намаздар экиге бөлүнөт:
а) Айын парзы болгон намаздар: Беш маал намаздын парзы
менен жума намазы айын парзы болгон намаздар.
б) Кифайа парзы болгон намаз: Жаназа намазы.
2) Убажип болгон намаздар
Битир намазы, Орозо айт жана Курман айт намаздары.
3) Напиле намаздар
Булар – парз жана убажиптерден сырткары окулган намаздар. На-
пиле намаздар сүннөт жана мустахаб болуп экиге бөлүнөт:
Сҥннөт намаздар
а) Багымдат намазынын парзынан мурун эки ирекет;
б) Бешим намазынын парзынан мурун төрт, парзынан кийин эки
ирекет;
в) Дигер намазынын парзынан мурун төрт ирекет;
г) Шам намазынын парзынан кийин эки ирекет;
д) Куптан намазынын парзынан мурун төрт, парздан кийин эки
ирекет.
Сүннөт намаздар да “муаккад (так) сүннөт” жана “гайру муак-
кад (так эмес) сүннөт” болуп экиге бөлүнөт.
Булардан багымдат, бешим жана шам намаздарынын сүннөттөрү
менен куптан намазынын акыркы сүннөтү “муаккад (так) сүннөт”, ал
эми дигер намазынын сүннөтү менен куптан намазынын парзынан му-
рунку сүннөтү “гайру муаккад (так эмес) сүннөт” болуп эсептелет.
Мустахаб (сооптуу) болгон намаздар
Булар – беш маал намаз менен байланышы болбогон жана башка
мезгилдерде соопко калуу максаты менен ашыкча окулган намаздар.
Булар “мандуп (орундуу) намаздар” деп да айтылат. Түнкү намаз,
истихара намазы жана шашке намазы сыяктуу.
Намаздардын дагы башкача бөлүнгөн эки түрү бар:
1) Рукуу жана саждалары болбогон намаз: Бул – жаназа намазы.
2) Рукуу жана саждалары болгон намаздар: Булар – парз, уба-
жип жана напиле болгон намаздар.

127
Намаздын парздары
Намаздын он эки парзы бар. Булардын алтоо – намаздын ичинде
эмес, б.а. мурунтан кылынышы керек болгон парздар. Булар “намаздын
шарттары” деп айтылат. Ал эми алтоо намаздын ичинде болот. Булар
болсо “намаздын рукундары (кыймылдары)” деп аталат. Намаздын туу-
ра болушу үчүн бул парздардын орундалышы керек.
Намаздын шарттары
1) Хадестик даарат: Жунуптук жана дааратсыз абал “хадес” деп
айтылат. Намаз окуу үчүн өкүмдүк кир болгон ушул хадестен таза-
лануу зарыл. Кусул жана даарат алуу ошол хадестен тазалануу болуп
эсептелет.
2) Кирден тазалануу: Намаз окуй турган кишинин денесинде,
кийген кийиминде жана намаз окуй турган жеринде (намазга тоскоол-
дук кыла турганчалык) кандайдыр бир кирлер болсо, буларды тазалоо.
3) Уяттуу жерлерди жабуу: Намаз окуй турган кишинин дене-
синдеги жашырылышы керек болгон уяттуу жерлерин жабышы деген-
ди билдирет.
Эркектерде жабылышы парз болгон жерлер – киндиктен тизеге
чейинки аралык (тизе да кирет).
Аялдарда жүз жана кол менен буттун башынан башка денесинин
бардык жеринин жабылышы парз болуп саналат.
Жабылышы керек болгон дене-мүчөлөрдөн бирөөнүн төрттөн
бир бөлүгү намаздын бир кыймылын аткара турганчалык мөөнөт ачы-
лып калса, намаз туура болбойт. Ичи көрүнбөсө да, денеге жабышып
турган тар көйнөк менен намаз окуу жагымдуу болбойт, бирок жайыз
болуп саналат. Дененин түсүн көрсөткөн жука көйнөк менен намаз
окулбайт.
4) Кыбылага кароо: Намазды кыбылага карап окуу. Кыбыла –
Меккеде Кааба деп аталган ыйык имарат. Кааба Алла тааланын буйругу
менен азирети Ибрахим жана анын уулу азирети Исмаил тарабынан
курулган.
Намазды кыбылага бурулуп окуу – шарт. Меккеде болгон жана
Каабаны көргөн киши түздөн-түз Каабанын өзүнө бурулат. Ал эми
Каабаны көрбөгөн киши Кааба турган тарапка бурулуп, намазын окуйт.
Кыбылага бурулган кишинин “кыбылага бурулдум” деп ниет кылы-
шынын кереги жок. Кыбыла – Кааба турган жер.
Оорулуу бир киши кыбылага бурулууга дарманы жетпесе жана
өзүн кыбылага бура турган киши да болбосо, же оорулуу болбосо да,

128
бир душмандан улам кыбылага бурулуудан корксо, күчү жеткен тарап-
ка бурулуп окуйт.
Кыбыланын кайсы тарапта экенин билбеген киши жанында бил-
ген бирөө болсо кыбыланы сурап билиши керек. Жанында сурай турган
киши болбосо, болжолдоп намазын окуйт. Намаз окугандан кийин
кыбыланын туура эмес экенин билсе, кайрадан намаз окубайт. Эгерде
намаз окуп жатканда кыбыла боюнча жаңылганын түшүнсө, ошол мез-
гилде кыбылага бурулуп, намазын толуктайт, намазды кайра башынан
башташтын кереги жок.
Кыбыланы билбеген киши жанында кыбыланы билген бирөө бол-
гонуна карабастан, андан сурабай, өз билгени боюнча намазын окуса,
кыбыла да туура болсо окуган намазы жайыз болот. Ал эми бурулган
жагы кыбыла болбосо, окуган намазы жайыз эмес.
Кыбыла боюнча күмөн санаган киши эч кандай сураштырбастан
намазын баштап, намаз окуп жатканда кыбыланын кай тарапта экенин
билсе, намазын кайра баштан окуйт. Так болбогон бир маалыматка
таянылган нерседен так тыянак чыкпайт. Намазды бүтүргөндөн кийин
кыбыланын кай тарапта экенин билсе, намазын кайрадан окубайт.
5) Убакыт: Намаздарды өз маалында окуу зарыл. Маалы келе
электе намаз окуу анчалык орундуу (жайыз) эмес.
6) Ниет: Кайсы намазды окуй турганын билүү жана бул ибадатты
Алла таала үчүн кылууну чын жүрөктөн каалоо. Ниеттин ачык айты-
лышы – мустахаб. Ошондой эле кайсы намазды окуй турганын да ниет
кылып жатканда белгилеши керек. “Алла тааланын ыраазычылыгы
үчүн бүгүнкү бешим намазынын парзын окууга ниет кылдым” сыяктуу.
Жамаат менен намаз окуган кишинин имамды ээрчүүгө да ниет кылы-
шы керек. Ниет кылып жатканда намаздын канча ирекет экенин айтуу-
нун кереги жок. Жамаат эркектерден турса, имамдык кылган киши өзүн
ээрчиген кишилерге имам болгонун ниетинде белгилешинин кереги
жок. Бирок өзүн ээрчиген аялдардын намаздарынын туура болушу үчүн
имам намазга ниет кылып жатканда, өзүн ээрчигендерге имам болго-
нуна да ниет кылышы керек.
Намаздын кыймылдары (рукундары)
1) Башталгыч (ифтитах) такбири: Намазды “Аллааху акбар”
деп баштоо. Бул такбирге “Тахрима” деп айтылат. Башталгыч такбири
Ханафий мазхабындагылардын көз-карашы боюнча намаздын кыймы-
лы эмес, намаздын шарттарынын бири. Бирок намаздын бөлүмдөрүнүн
бири болгон кыямга жанаша болгондуктан намаздын кыймылдарынын
арасында саналган.

129
Башталгыч такбиринин туура болушу үчүн айрым шарттар атка-
рылууга тийиш.
Бул шарттар төмөнкҥдөй:
а) Такбир менен ниеттин ортосуна тамактануу жана сүйлөө сыяк-
туу намазга терс келген кандайдыр бир көрүнүш кирбеши керек.
б) Такбирди тике туруп айтуу керек (Бирок тике тура албай тур-
ган абалда болгон киши отурган жеринен такбир айта алат).
в) Алгач намазга ниет кылып, андан кийин такбир айтуу керек.
г) Такбирди өзү уга ала турганчалык үн менен айтуу зарыл.
д) “Аллааху акбар” деп айтып жатканда “Аллаах” сөзүнүн
башындагы “А” үндүүсүн, “акбар” сөзүнүн “б” үнсүзүн узартпастан
айтуу керек.
е) Жамаат менен намаз окуп жатканда имам такбир айткандан ки-
йин такбир айтуу керек (Имамдан мурун такбир айтылса, намаз жайыз
болбойт).
2) Кыям: Намазда тике туруу дегенди билдирет. Парз жана уба-
жип болгон намаздарда кыям, б.а. тике туруу парз болуп саналат. Тике
турганга кудурети жетпегенге кыям парз эмес. Напиле намаздарда
кыям парз эмес.
Бир оорулуу кишинин тике турганга күчү жетсе да, рукууга жана
жайнамазга жыгылууга күчү жетпесе, тике туруп намаз окушунун кере-
ги жок. Намазды отуруп, белги менен окуй алат. Тике туруп намаз оку-
ган киши намаз учурунда кыйналып кетсе, намазын отуруп окуп бүтү-
рөт. Намазды отуруп окуп жаткан киши намаз учурунда жакшы болуп,
тике турганга күчү жеткенчелик абалга келсе, намазын туруп аяктайт.
3) Кыраат: Намазда Куран окуу дегенди билдирет. Намазда кыс-
ка бир аят болсо да, Куран окуу – парз.
Үч жана төрт ирекеттүү парз намаздардын эки ирекетинен кийин,
эки ирекеттүү парз намаздар менен битир жана напиле намаздардын ар
бир ирекетинен кийин Куран окуу – парз жана кыямда турганда окулат.
4) Рукуу: Намазда колду тизеге чейин жеткирип ийилүү дегенди
билдирет. Кырааттан кийин колдор тизеге жете турганчалык деңгээлде
баш жана далы түз кармалып, бел ийилет.
5) Сажда: Жайнамазга жыгылуу дегенди дегенди билдирет. Ру-
куудан кийин бут, тизе жана кол менен бирге маңдайды жерге тийги-
зүүгө сажда деп айтылат. Ар бир ирекетте эки жолу жайнамазга жыгы-
луу – парз.
Жайнамазга жыгылганда маңдай жерге тийгизилип, мурун тийги-
зилбесе, сажда жайыз болот. Бирок себепсиз түрдө мурундун жерге

130
тийгизилбеши – макүрөө. Мурун жерге тийгизилсе да кандайдыр бир
кечиримдүү себептен улам улам маңдай жерге тийгизилбесе, сажда
жайыз болуп саналат. Эч себепсиз түрдө маңдай жерге тийгизилбесе,
мындай сажда жайыз эмес.
Саждага жыгыла турган жер буттар турган жерден он эки эли би-
йик болсо, мындай бийик жерге саждага жыгылуу жайыз болбойт. Эки
буттун бармактары жерге тийбесе, сажда жайыз эмес. Сажда кылына
турган жер катуу болушу керек.
Ушул себептен жүн, кебез жана кар сыяктуу нерселердин үстүнө
сажда кылынган учурда жердин катуулугу сезилсе, сажда жайыз болот.
Бул нерселер өтө эле калың болуп, жердин катуулугу сезилбесе, анда
мындай нерсенин үстүндө сажда кылуу жайыз болбойт. Жерге жайы-
лып коюлган буудай жана арпа сыяктуу нерселердин үстүндө да сажда
кылынбайт. Эгерде булар каптын ичинде болсо, анда үстүнө сажда
кылынат.
6) Кадеи ахире (акыркы отуруш): Намаздын аягында “Аттахи-
йат” окуй турганчалык мөөнөткө отуруу дегенди түшүндүрөт. Бул оту-
руш намаздын парздарынын бири болуп саналат.
Намаздын убажиптери
Убажиптер парздарды, сүннөттөр убажиптерди, адептер да сүн-
нөттөрдү толукташ үчүн керек. Мына ушундайча намаз жок болуудан
сакталган болот.
Убажиптин өкүмү: Убажипти орундаткан киши сооп табат, ал
эми атайын эле орундатпаган киши азапка татыктуу болот. Унутуп, же
болбосо жаңылып калып орундабаган кишинин намазы толук болбо-
гондуктан сахив саждасын кылышы керек. Убажипти атайын эле аткар-
баган киши намазын кайра баштан окушу керек. Кайра баштан кылба-
са, намаз толук эмес окулган болот.
Намаздын негизги убажиптери төмөнкүлөр:
1) Намазды “Аллааху акбар” сөзү менен баштоо.
2) Намазда Фатиха сүрөсүн окуу.
3) Фатиха сүрөсүн парз намаздарынын алгачкы эки ирекетинде,
ал эми битир жана напиле намаздарынын ар бир ирекетинде окуу.
4) Парз намаздарынын алгачкы эки ирекетинде, битир жана напи-
ле намаздарынын ар бир ирекетинде сүрө же аят окуу.
5) Фатиханы сүрөдөн мурун окуу.
6) Жайнамазга жыгылганда маңдай менен бирге мурунду да жер-
ге тийгизүү.

131
7) Эки сажданы бири-биринин аркасынан кылуу.
8) Үч жана төрт ирекеттүү намаздардын экинчи ирекетинде Ат-
тахийат окуй турганчалык мөөнөткө отуруу. Буга “Кадеи улаа = би-
ринчи отуруш” деп айтылат.
9) Биринчи жана акыркы отуруштарда Аттахийат дубасын окуу.
10) Биринчи отурушта Аттахийат дубасын окугандан кийин ке-
чикпестен үчүнчү ирекетке туруу.
11) Битир намазында Кунут такбирин айтуу жана Кунут дубасын
окуу.
12) Айт намаздарында айтылган кошумча такбирлерди айтуу.
13) Намаз жамаат менен окулганда багымдат, шам, куптан, жума
жана айт намаздарынын биринчи жана экинчи ирекеттеринде, тараба
намазы менен Рамазан айында тарабадан кийин окулган битир намазы-
нын ар бир ирекетинде имамдын Фатиха жана кандайдыр бир сүрөнү
үнүн бийик чыгарып окушу.
14) Бешим жана дигер намаздарында буларды ичинен окушу.
15) Имамды ээрчиген жамааттын Фатиха жана сүрөнү окубастан,
үн чыгарбашы.
16) Тике турганда түптүз туруу, рукууда далыны бүкпөй жүгүнүү
(Аялдар белин азыраак бүгүп жүгүнүшөт). Рукуудан өйдө болуп жат-
канда жакшылап түздөнүү жана эки сажда ортосунда так отуруу.
17) Намаздын аягында салам берүү.
18) Намазда жаңылып кеткенде, сахив саждасын кылуу.
19) Намазда сажда аяты окулса, жайнамазга жыгылуу.
Намаздын сҥннөттөрҥ
Сүннөттүн өкүмү: Намазда сүннөттү орундатпай коюу намазды
бузбайт, сахив саждасын кылууну да талап кылбайт, бирок макүрөө бо-
луп саналат.
Намаздын негизги сүннөттөрү төмөнкүлөр:
1) Беш маал намаз менен жума намазы үчүн азан айтуу жана коо-
мат келтирүү – эркектер үчүн сүннөт (Аялдар үчүн макүрөө).
2) Намаздын башталгыч такбиринде, битир намазынын Кунут
такбиринде жана айт намаздарынын кошумча такбирлеринде колдорду
кулак көнчөгүнүн тушуна чейин көтөрүү (Аялдар манжаларынын учу
ийиндин тушуна чейин келе тургандай кылып көтөрүшөт).

132
3) Колдорду көтөргөндө, манжаларды өтө жакын же өтө да алыс
кармабоо, б.а. демейдегидей эле абалда кармоо, колдордун жана ман-
жалардын ич тарабын кыбылага каратып кармоо.
4) Имамды ээрчиген кишинин айткан башталгыч такбиринин
имамдын башталгыч такбирине жакын болушу.
5) Кыямда колдорду байлоо (Эркектер оң колун сол колунун
үстүнө коюп, оң колунун баш бармагы жана чыпалагы менен сол
колунун билегинен кармап, колдорун киндиктин астына коюшат.).
(Аялдар оң колу менен сол колунун үстүнө басып, колдорун
көкүрөгүнө коюшат. Эркектер сыяктуу оң колунун манжалары менен
сол колунун билегинен кармашпайт.)
6) Кыямда турганда эки буттун арасынын төрт эли энинде ачык
болушу.
7) Субхаанака окуу.
8) “Ауузу-биллаахи минаш-шайтанир-ражиим” деп айтуу.
9) Ар бир ирекетте Фатихадан мурун “Бисмиллахир-рахманир-
рахиим” деп айтуу.
10) Фатиха сүрөсү окулгандан кийин имамдын жана жамааттын
“Оомийин” деп айтышы.
11) Субхаанака, Ауузу-Бисмилла жана Оомийинди ичинен окуу.
12) Багымдат жана бешим намаздарында Фатихадан кийин узун,
дигер жана куптан намаздарында кыска, шам намазында дагы да кыска
сүрө окуу. Бул – жолоочу болбогондор үчүн. Жолоочу же убактысы тар
болгон киши өзү каалаган аятты жана сүрөнү окуйт.
13) Рукууга жүгүнүп жатканда “Аллааху акбар” деп айтуу.
14) Рукууга жүгүнгөндө колдун манжалары ачык абалда тизени
кармоо (Аялдар манжаларын ачпайт жана тизесин кармабайт, тек гана
колун тизесинин үстүнө коюшат).
15) Рукууга жүгүнгөндө тизени жана чыканакты түптүз кармап
бүкпөө (Аялдар болсо тизелерин бир аз бүгүп жүгүнүшөт).
16) Рукууга жүгүнгөндө далыны түптүз кармоо (Аялдар далысын
бираз бүгүп жүгүнүшөт).
17) Башты далы менен бирдей деңгээлде кармап, жогору
көтөрбөө жана ылдый ийбөө.
18) Рукууда үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтуу.
19) Рукуудан туруп жатканда “Самиаллаху лиман хамидах” деп
айтуу.
20) Рукуудан түздөлгөндө “Раббанаа лакал-хамд” деп айтуу.

133
21) Саждага (жайнамазга) жыгылып жатканда алгач тизелерди,
анан колдорду, андан кийин маңдай менен мурунду жерге тийгизүү.
22) Саждадан өйдө болуп жатканда алгач башты, андан кийин
колдорду көтөрүп, андан соң кол менен тизелерди таянып жерден
туруу.
23) Ар бир саждага жыгылганда “Аллааху акбар” деп айтуу.
24) Ар бир саждадан өйдө болуп жатканда “Аллааху акбар” деп
айтуу.
25) Жайнамазга жыгылганда жүздү эки колдун ортосуна алуу,
колдордун жүздөн артта жана алыс болбостон, жакын жана жүзгө
жанаша турушу. Колдордун манжалары бириктирилип, кыбылага
каратылып, алакан жерге коюлат.
26) Ар бир саждада үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтуу.
27) Эркектердин жайнамазга жыгылганда көөдөнүн сандарынан,
чыканактарын капталдарынан ачык, колдорун жерден көтөрүңкү абал-
да кармашы (Аялдар жайнамазга жыгылганда колдорун капталдарына
жанаштырып, көөдөнүн сандарына тийгизишет).
28) Эки сажда ортосунда отуруу.
29) Эки сажда ортосунда биринчи отурушта жана акыркы
отурушта колдорду сандардын үстүнө коюу.
30) Отурганда сол буттун башын жерге төшөп, үстүнө отуруу жа-
на оң бутту тике кармап, бармактарды кыбылага каратып коюу (Аялдар
буттарын оң тарабына сунуп, сол жагы менен жамбаштап отурушат).
31) Аттахийат дубасынын шахадат келмесинде оң колдун сөөмө-
йү менен белги берүү.
Белги берүү шахадат келмесинде “Лаа илааха” деп айтканда сөө-
мөйдү көтөрүү, “иллаллаах” деп айтканда да түшүрүү менен болот.
32) Аттахийат дубасын ичтен окуу.
33) Үч жана төрт ирекеттүү парздардын үчүнчү жана төртүнчү
ирекеттеринде Фатиха сүрөсүн окуу (Алгачкы эки ирекеттен кийин
Фатиха окуу болсо – убажип).
34) Акыркы отурушта “Аттахийат” дубасынан кийин “Аллаа-
хумма салли, Аллаахумма баарик” жана булардан кийин да дуба окуу.
35) Салам берип жатканда башты алгач оң тарапка, андан соң сол
тарапка буруу.
36) Саламда “Ассалааму алайкум ва рахматуллаах” деп айтуу.

134
37) Имамдын эки тарапка тең салам берип жатканда өзүн ээрчи-
ген жамаатты жана адамдын иштерин жазган периштелерге салам бе-
рүүгө ниет кылышы.
38) Жамаат менен намаз окула турган болсо, намаздын аягында
салам берилип жатканда, бул саламды жамаат менен имамга берүүгө
ниет кылуу.
39) Жалгыз өзү намаз окуп, салам бергенде периштелерге ниет
кылуу.
40) Имамдын сол тарабына салам берип жатканда үнүн бираз
акырындатышы.
41) Имамды ээрчиген кишинин саламынын имамдын саламына
жакын болушу.
42) Имамды кийинчерээк ээрчиген кишинин жетише албаган
ирекеттерин окуу үчүн имамдын экинчи саламын күтүшү.
Намаздын жол-жоболору
Намаздын жол-жоболору төмөнкүлөр:
1) Эркектердин башталгыч такбирин айтып жатканда, колдорун
жеңдеринен чыгарып турушу.
2) Намазда түз турганда жайнамазга жыгыла турган жерге, рукуу-
да буттун үчүна, жайнамазга жыгылганда мурундун таноолоруна, отур-
ганда көкүрөктөн ылдый жана салам берип жатканда ийиндин учуна
кароо.
3) Күчүнүн жетишинче жөтөлүүнү токтотуу. Эгер себепсиз түрдө
жөтөлүп, мындан белгилүү тыбыштар жарала турган болсо, намазды
бузат. Кекирүү да жөтөлүү сыяктуу.
4) Эстегиси келгенде оозун эриндери менен кармоо, бул мүмкүн
болбосо, оң колу менен оозун жабуу.
5) Коомат келтирилип жатканда “Хаййа алал-фалаах” деп
айтылганда жамаат менен имамдын намаз үчүн тике турушу.
6) “Кад каматис-салаах” деп айтылганда имамдын намазды
башташы (Коомат бүткөндөн кийин да намазды баштаса болот).

135
БЕШ МААЛ НАМАЗДЫН ОКУЛУШУ
Багымдат намазы
Экөө – сүннөт, экөө – парз болуп, жалпысынан төрт ирекеттен
турат. Алгач сүннөтү, андан кийин парзы окулат.
Багымдат намазынын сҥннөтҥнҥн окулушу
Биринчи ирекет:
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү багымдат нама-
зынын сүннөтүн окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат жана “Аллаа-
ху акбар” деп башталгыч такбири айтылып, колдор байланат. Тик
туруп кезеги менен Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана
Курандан дагы бир сүрө окулгандан кийин “Аллааху акбар” деп
рукууга жүгүнүлөт жана бул абалда үч жолу “Субхаана Раббийал-
азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп рукуудан
турулат жана өйдө болгондон кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айты-
лат. “Аллааху акбар” деп жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Суб-
хаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
жайнамаздан өйдө болуп отурулат. “Субхааналлах” деп айтканчалык
кыска мөөнөт күткөндөн кийин кайрадан “Аллааху акбар” деп жайна-
мазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айты-
лат. “Аллааху акбар” деп айтылып, өйдө (экинчи ирекетке) турулат
жана колдор кайрадан байланат.
Экинчи ирекет:
Өйдө болгондон кийин кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп рукууга жү-
гүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп рукуудан турулат жана өйдө бол-
гондон кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар”
деп жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла”
деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болунуп
отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга баш
коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллаа-
ху акбар” деп айтылып отурулат. Отурганда кезеги менен Аттахийат,
Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик, Раббанаа аатина дубалары
окулат. Алгач баш оң тарапка бурулуп, “Ассалааму алайкум ва рахма-
туллаах” деп айтылат. Андан кийин баш сол тарапка бурулуп, “Асса-
лааму алайкум ва рахматуллаах” деп айтылат.

136
Багымдат намазынын парзынын окулушу
Багымдат намазынын парзы да багымдаттын эки ирекет сүн-
нөтүндөй болуп окулат. Бирок сүннөттөн айырмаланып, парзга ниет
кылынат жана эркектер коомат келтирет.
Биринчи ирекет:
Коомат келтирилет (Эркектер үчүн).
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү багымдат нама-
зынын парзын окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат жанa “Аллааху
акбар” деп башталгыч такбири айтылып, колдор байланат. Тик туруп
кезеги менен Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Куран-
дан дагы бир сүрө окулгандан кийин “Аллааху акбар” деп рукууга
жүгүнүлөт жана бул абалда үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп
айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп рукуудан турулат жана
туруп турганда “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар”
деп жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла”
деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болуп
отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга баш
коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллаа-
ху акбар” деп айтылып, өйдө (экинчи ирекетке) турулат жана колдор
кайрадан байланат.
Экинчи ирекет:
Өйдө болгондон кийин кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп рукууга
жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп рукуудан турулат жана өйдө болгон-
дон кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болунуп
отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга баш
коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллаа-
ху акбар” деп айтылып отурулат. Отурганда кезеги менен Аттахийат,
Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик, Раббанаа аатина дубалары
окулат. Алгач баш оң тарапка бурулуп, “Ассалааму алайкум ва рахма-
туллаах” деп айтылат. Андан кийин баш сол тарапка бурулуп, “Асса-
лааму алайкум ва рахматуллаах” деп айтылат.

Бешим намазы
Бешим намазы: төртөө – биринчи сүннөт, төртөө – парз жана
экөө – акыркы сүннөт болуп, жалпысынан он ирекеттен турат.

137
Бешим намазынын алгачкы сҥннөтҥнҥн окулушу
Биринчи ирекет:
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү бешим намазынын
биринчи сүннөтүн окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху
акбар” деп башталгыч такбири айтылып, колдор байланат. Тик туруп
кезеги менен Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Куран-
дан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт
жана бул абалда үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп рукуудан турулат жана туруп
турганда “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болуп
отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга баш
коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат.
“Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө (экинчи ирекетке)
турулат жана колдор кайрадан байланат.
Экинчи ирекет:
Өйдө болгондон кийин кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп
айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн
кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
айтылып, жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-
аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп оту-
рулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу жайнамазга баш
коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллаа-
ху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп отурулат жана бул отурушта
тек гана “Аттахийат” окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, өйдө
(үчүнчү ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Ҥчҥнчҥ ирекет:
Тик турганда кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Куран-
дан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, рукууга жүгү-
нүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин
“Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп, тизелеп
отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып өйдө (төртүнчү ирекетке)
турулат жана колдор байланат.

138
Төртҥнчҥ ирекет:
Тик турганда кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Куран-
дан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, рукууга жүгү-
нүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин
“Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп, тизелеп
отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болуп
отурулат. Отурганда кезеги менен Аттахийат, Аллаахумма салли,
Аллаахумма баарик жана Раббанаа аатина дубалары окулат. Алгач
баш оң тарапка бурулуп, “Ассалааму алайкум ва рахматуллаах” деп
айтылат. Андан кийин баш сол тарапка бурулуп, “Ассалааму алайкум
ва рахматуллаах” деп айтылат.
Бешим намазынын парзынын окулушу
Биринчи ирекет:
Коомат келтирилет (Эркектер үчүн).
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү бешим намазынын
парзын окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху акбар” деп
башталгыч такбири айтылып, колдор байланат. Тик туруп кезеги менен
Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Курандан дагы бир
сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана бул абалда
үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман
хамидах” деп рукуудан турулат жана туруп турганда “Раббанаа лакал-
хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамазга баш коюлат жана
үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
айтылып, жайнамаздан өйдө болуп отурулат. Кайрадан “Аллааху ак-
бар” деп экинчи жолу жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаа-
на Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайна-
маздан өйдө (экинчи ирекетке) турулат жана колдор кайрадан байланат.
Экинчи ирекет:
Өйдө болгондон кийин кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп
айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн
кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айты-
лып, жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла”
деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп отурулат.

139
“Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу жайнамазга баш коюлат
жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар”
деп жайнамаздан өйдө болуп отурулат жана бул отурушта тек гана
“Аттахийат” окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, өйдө (үчүнчү
ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Ҥчҥнчҥ ирекет:
Тик турганда кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү окулат.
“Аллааху акбар” деп айтылып, рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу
“Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман хами-
дах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамазга баш коюлат жана
үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
жайнамаздан өйдө болуп, тизелеп отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар”
деп айтылып, экинчи жолу жайнамазга баш коюлат жана үч жолу
“Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып
өйдө (төртүнчү ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Төртҥнчҥ ирекет:
Тик турганда кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү окулат.
“Аллааху акбар” деп айтылып, рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Суб-
хаана Раббийал-азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп
түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат.
“Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамазга баш коюлат жана үч жолу
“Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайна-
маздан өйдө болуп, тизелеп отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп
айтылып, экинчи жолу жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаа-
на Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайна-
маздан өйдө болуп отурулат. Отурганда кезеги менен Аттахийат,
Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа аатина дуба-
лары окулат. Алгач баш оң тарапка бурулуп, “Ассалааму алайкум ва
рахматуллаах” деп айтылат. Андан кийин баш сол тарапка бурулуп,
“Ассалааму алайкум ва рахматуллаах” деп айтылат.
Мындан кийин “Аллаахумма антассалааму ва минкассалаам.
Табаракта йаа зал-жалаали вал-икраам” деп айтылат жана акыркы эки
ирекет сүннөтү окулат.
Бешим намазынын акыркы сҥннөтҥнҥн окулушу
Бешим намазынын акыркы сүннөтү багымдат намазынын сүннө-
түнө окшош, тек гана ниети боюнча айырмаланат.
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү бешим намазынын
акыркы сүннөтүн окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху

140
акбар” деп башталгыч такбири айтылып, колдор байланат жана багым-
дат намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.

Дигер намазы
Дигер намазы: төртөө – сүннөт, төртөө – парз болуп, жалпысынан
сегиз ирекеттен турат. Алгач сүннөтү, андан кийин парзы окулат.
Дигер намазынын сҥннөтҥнҥн окулушу
Биринчи ирекет:
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү дигер намазынын
сүннөтүн окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху акбар”
деп башталгыч такбири айтылып, колдор байланат. Түз турганда кезеги
менен Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Курандан
дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана
бул абалда үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат. “Сами-
аллаху лиман хамидах” деп рукуудан турулат жана өйдө болгондон
кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жай-
намазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан баш көтөрүлүп,
тизелеп отурулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу жайна-
мазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айты-
лат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан кайра өйдө (экинчи
ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Экинчи ирекет:
Өйдө болгондон кийин кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп
айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн
кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айты-
лып, жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла”
деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп, тизелеп
отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу жай-
намазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп ай-
тылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болуп отуру-
лат. Отурганда кезеги менен Аттахийат, Аллаахумма салли жана Ал-
лаахумма баарик окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, кайра өйдө
(үчүнчү ирекетке) турулат жана колдор байланат.

141
Ҥчҥнчҥ ирекет:
Туруп турганда кезеги менен Субхаанака, Бисмилла, Фатиха
сүрөсү жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп
айтылып, рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-
азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана
түзөлгөндөн кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху
акбар” деп айтылып, жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө
болуп, тизелеп отурулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, кайра өйдө (төртүнчү
ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Төртҥнчҥ ирекет:
Туруп турганда кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана
Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, рукууга
жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин
“Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп, тизелеп отуру-
лат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу жайнамазга
баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат.
“Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болуп отурулат.
Отурганда кезеги менен Аттахийат, Аллаахумма салли, Аллаахумма
баарик жана Раббанаа аатина дубалары окулат. Алгач баш оң тарапка
бурлуп, “Ассалааму алайкум ва рахматуллаах” деп айтылат. Андан
кийин баш сол тарапка бурулуп, “Ассалааму алайкум ва рахматул-
лаах” деп айтылат.
Бешим намазынын төрт ирекет болгон биринчи сүннөтү менен
дигер намазынын төрт ирекет сүннөтүнүн ортосундагы айырма, бешим
намазынын биринчи сүннөтү “так сүннөт” болуп саналат. Мунун
экинчи ирекетиндеги отурушта тек гана Аттахийат окулат жана үчүнчү
ирекетке турулганда Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Курандан дагы бир
сүрө окулат. Дигер намазынын сүннөтү “так эмес сүннөт” болуп эсеп-
телет. Мунун биринчи ирекетиндеги отурушта Аттахийат, Аллаахумма
салли жана Аллаахумма баарик окулат, үчүнчү ирекетке турулганда
алгач Субхаанака, андан кийин Ауузу-Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана
Курандан дагы бир сүрө окулат.

142
Дигер намазынын парзынын окулушу
Дигер намазынын парзы да бешим намазынын парзы сыяктуу,
бирок ниети башкача кылынат.
Коомат келтирилет (Эркектер үчүн).
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү дигер намазынын
парзын окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху акбар” деп
башталгыч такбири алынып, колдор байланат жана бешим намазынын
парзы сыяктуу окулат.

Шам намазы
Шам намазы: үчөө – парз, экөө – сүннөт болуп, жалпысынан беш
ирекеттен турат. Алгач парзы окулат.
Шам намазынын парзынын окулушу
Биринчи ирекет:
Коомат келтирилет (Эркектер үчүн). “Алла тааланын ыраазычы-
лыгы үчүн бүгүнкү шам намазынын парзын окууга ниет кылдым” деп
ниет кылынат. “Аллааху акбар” деп башталгыч такбири айтылып,
колдор байланат. Өйдө турганда кезеги менен Субхаанака, Ауузу-
Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Курандан дагы бир сүрө окулат.
“Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп
түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат.
“Аллааху акбар” деп жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайна-
маздан баш көтөрүлүп, тизелеп отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар”
деп айтылып, экинчи жолу жайнамазга баш коюлат жана үч жолу
“Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
жайнамаздан өйдө (экинчи ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Экинчи ирекет:
Өйдө болгондон кийин кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп рукууга
жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин
“Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамазга
баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат.
“Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп, тизелеп отурулат.
Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга баш коюлат
жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар”

143
деп айтылып, жайнамаздан өйдө болуп отурулат. Отурганда Атта-
хийат окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, өйдө (үчүнчү ирекетке)
турулат жана колдор байланат.
Ҥчҥнчҥ ирекет:
Туруп турганда кезеги менен Бисмилла жана Фатиха сүрөсү оку-
лат. “Аллааху акбар” деп айтылып, рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу
“Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман хами-
дах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп
айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамазга баш коюлат жана үч жолу
“Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайна-
маздан өйдө болуп, тизелеп отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп
экинчи жолу жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайна-
маздан өйдө болуп отурулат. Отурганда кезеги менен Аттахийат,
Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа аатина дуба-
лары окулат. Алгач баш оң тарапка бурулуп, “Ассалааму алайкум ва
рахматуллаах” деп айтылат. Андан кийин баш сол тарапка бурулуп,
“Ассалааму алайкум ва рахматуллаах” деп айтылат.
Мындан кийин “Аллаахумма антассалааму ва минкассалаам.
Табаракта йаа зал-жалаали вал-икраам” деп айтылат жана эки ирекет
сүннөтү окулат.
Шам намазынын сҥннөтҥнҥн окулушу
Шам намазынын сүннөтү да багымдат намазынын сүннөтү сыяк-
туу, тек гана ниети боюнча айырмаланат.
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү шам намазынын
сүннөтүн окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху акбар”
деп башталгыч такбири айтылып, колдор байланат жана багымдат
намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.

Куптан намазы
Куптан намазы: төртөө – биринчи сүннөт, төртөө – парз, экөө –
акыркы сүннөт болуп, жалпысынан он ирекеттен турат.
Куптан намазынын алгачкы сҥннөтҥнҥн окулушу
Куптан намазынын алгачкы сүннөтү да дигер намазынын сүннөтү
сыяктуу так эмес сүннөт болуп саналат. Булардын ортосундагы айырма
– ниеттердин башкача болушу.
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү кечтин куптан на-
мазынын биринчи сүннөтүн окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат.

144
“Аллааху акбар” деп башталгыч такбири алынып, колдор байланат
жана так эле дигер намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.

Куптан намазынын парзынын окулушу


Куптан намазынын парзы да бешим намазынын парзына окшош.
Экөөнүн ортосундагы айырма – ниеттин башкача болушу.
Коомат келтирилет (Эркектер үчүн).
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү кечтин куптан
намазынын парзын окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху
акбар” деп башталгыч такбири алынып, колдор байланат жана бешим
намазынын парзы сыяктуу окулат.
Куптан намазынын акыркы сҥннөтҥнҥн окулушу
Куптан намазынын акыркы сүннөтү да багымдат намазынын
сүннөтү сыяктуу, тек гана ниети башкача кылынат.
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү кечтин куптан
намазынын акыркы сүннөтүн окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат.
“Аллааху акбар” деп башталгыч такбири айтылып, колдор байланат
жана багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.

Битир намазы
Битир намазы – убажип. Куптан намазынын маалында жана куп-
тан намазынан кийин окулат. Үч ирекеттүү болгон битир намазынын ар
бир ирекетинде Фатиха жана Курандан дагы бир сүрө окулат. Мындан
сырткары үчүнчү ирекетте сүрө окулгандан кийин колдор көтөрүлүп,
“Аллааху акбар” деп айтылып байланат жана Кунут дубасы окулат.
Андан кийин рукууга жүгүнүлөт.
Жамаат менен окулуп жатканда имамды ээрчиген жамаат да
Кунут дубасын окуйт.
Кунут дубасын окубаган киши “Раббанаа аатинаа фиддунйа
хасанатан ва фил аахирати хасанатан ва кынаа аазабаннаар”, же үч
жолу “Аллаахуммагфирлии” окуйт, же болбосо үч жолу “Йа Раббы”
деп айтат.
Үчүнчү ирекетте Кунут дубасын эсинен чыгарып жиберген киши
рукууда жана рукуудан башын көтөргөндөн кийин эстесе, мындан соң
Кунут дубасын окубайт, намаздын аягында сахив саждасын кылат.
Эгерде жаңылыштык менен рукуудан кийин Кунут дубасын окуса,
кайра рукууга жүгүнбөйт. Намаздын аягында сахив саждасын кылат.

145
Битир намазы Рамазан айында гана жамаат менен окулат. Рамазандан
башка мезгилде жамаат менен окулушу макүрөө болуп саналат.
Жамаат менен окулуп жатканда, имамды ээрчиген киши Кунут
дубасын бүтүрө электе имам Кунут дубасын аяктап, рукууга жүгүнсө,
эгер имамга жетише турганына көзү жетсе, Кунут дубасын толуктайт.
Жетише албай турганын түшүнсө, Кунут дубасын калтырып, имам
менен бирге рукууга жүгүнөт.
Битир намазынын окулушу
Биринчи ирекет:
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү түндүн битир
намазын окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. “Аллааху акбар” деп
башталгыч такбири айтылып, колдор байланат. Туруп турганда кезеги
менен Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана Курандан
дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана үч
жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман ха-
мидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин “Раббанаа лакал-хамд”
деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамазга баш коюлат жана үч
жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
жайнамаздан баш көтөрүп, тизелеп отурулат. Кайрадан “Аллааху
акбар” деп экинчи жолу жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Суб-
хаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан
өйдө (экинчи ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Экинчи ирекет:
Өйдө болгондон кийин кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып,
рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп
айтылат. “Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн
кийин “Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
айтылып, жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-
аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп жайнамаздан өйдө болуп,
тизелеп отурулат. Кайрадан “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи
жолу жайнамазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла”
деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамаздан өйдө болуп
отурулат. Отурганда Аттахийат окулат. “Аллааху акбар” деп ай-
тылып, өйдө (үчүнчү ирекетке) турулат жана колдор байланат.
Ҥчҥнчҥ ирекет:
Өйдө турганда кезеги менен Бисмилла, Фатиха сүрөсү жана
Курандан дагы бир сүрө окулат. “Аллааху акбар” деп айтылып, колдор
жогору көтөрүлөт жана кайрадан байланат. Кунут дубалары окулат.

146
“Аллааху акбар” деп айтылып, рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу
“Субхаана Раббийал-азиим” деп айтылат. “Самиаллаху лиман ха-
мидах” деп түзөлөт жана түзөлгөндөн кийин “Раббанаа лакал-хамд”
деп айтылат. “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамазга баш коюлат
жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар”
деп жайнамаздан өйдө болуп, тизелеп отурулат. Кайрадан “Аллааху
акбар” деп айтылып, экинчи жолу жайнамазга баш коюлат жана үч
жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. “Аллааху акбар” деп
айтылып, жайнамаздан өйдө болуп отурулат. Отурганда кезеги менен
Аттахийат, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа
аатина дубалары окулат. Алгач башын оң тарапка буруп, “Ассалааму
алайкум ва рахматуллаах” деп айтылат. Андан кийин башын сол
тарапка буруп, “Ассалааму алайкум ва рахматуллаах” деп айтат.

Намаздан кийин окулган теспе (тасбих) жана дубалар


Парз намаздары окулгандан кийин:

‫ ْس ِب‬ٚ ‫جٌض ُمَ ضرحروْسص ح ج ج ْسٌ ِبؿ ِبي‬


َ‫جاوْسل ِبج‬ ‫ ِهّٰللُ جْٔسص ِهّٰلل‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫ ِبِ ْسٕه ِهّٰلل‬ٚ َ‫جٌض ُم‬
“Аллаахумма антассалааму ва минкассалаам, табааракта йа
залжалаали вал-икраам” деп айтылат. “Аллам! Сен ар түрдүү кем-
чиликтерден алыссың. Анык туура жол Сенде гана.”
Парздан кийин сүннөт намазы болбосо (багымдат жана дигер
намаздары сыяктуу):

‫ ٰل ج ِبي ص ِبحِهّٰلل ِبلٔح ُم ِهّٰللّ ٍل‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ِهّٰللِبً ٰل ص ِبحِهّٰلل ِبلٔح ُم ِهّٰللّ ٍل‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
“Аллаахумма салли алаа саййидинаа Мухаммадин ва аалаа
аали саййидинаа Мухаммад” деп, пайгамбарыбызга салават жана
салам айтылат. Парздан кийин сүннөт намазы болсо (бешим, шам жана
куптан намаздары сыяктуу), салават жана салам намаздын сүннөтү
окулгандан кийин айтылат.
Салават жана саламдан кийин:

‫حا ج ْسٌع ِب ِب ِهّٰللل‬


‫ز ِبجاِهّٰلل ذِب ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ا لُم ِهّٰلل‬ٚ ‫ي‬ٛ‫ ا ق ْس‬ٚ ‫جا ج ْسو ُم‬
‫ ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫جا‬ ‫ج ْسٌك ْسّ ُمل ِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫جا‬
‫ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫ا‬ ‫ُمص ْسركحْ ِهّٰلل ِب‬
‫ج ْسٌعظ ِبحُِب‬
“Субхааналлахи вал-хамду лиллаахи ва лаа илааха иллал-
лааху валлааху акбар ва лаа хавла ва лаа куввата иллаа бил-
147
лаахил-алиййил-азим.” “Өзүнөн башка эч бир жараткан болбогон
Алла – бирөө гана, түгөйү жана шериги жок. Эрктүүлүк аныкы.
Шүгүр жана мактоо Ага тиешелүү. Анын бардык нерсеге күчү же-
тет,” – деп айтылат.
Мындан кийин Ауузу-Бисмилла менен “Аайатул-Курсий” окулат.
Андан кийин кезеги менен:
33 жолу – ‫جا‬
‫“ ُمص ْسركحْ ِهّٰلل ِب‬Субхааналлах” “Алланы кем сыпаттардан
арылтам.”
33 жолу – ‫ا‬
‫“ ج ْسٌك ْسّ ُمل ِب ِهّٰلل ِب‬Алхамду лиллаах” “Бардык мактоо Аллага
тиешелүү.”
33 жолу – ‫ا ج ْسو ُم‬
‫“ ج ِهّٰلل ُم‬Аллааху акбар” “Алла баарынан улуу” – деп
айтылат.
Булардын аркасынан:

‫ ٰل و ِهّٰللِبُمً ع ْسح ٍة لل ِب ٌدل‬ٛ‫ ُ٘م‬ٚ ‫ ٌ ُمٗ ج ْسٌك ْسّ ُمل‬ٚ ‫ ْسقل ُمٖ ا عل ِبه ٌ ُمٗ ٌ ُمٗ ج ْسٌ ُمّ ْسٍ ُمه‬ٚ ‫جا‬
‫ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
“Лаа илааха иллаллааху вахдахуу лаа шариика лах, лахул-
мулку ва лахул-хамду ва хува аалаа кулли шайин кадир.” “Атагы
улуу Алланы теспе жана танзих кылам. Ал бардык кемчиликтерден
алыс. Шүгүр Аллага таандык. Алладан башка эч бир теңир жок.
Алла баарынан улуу. Буйруктарына баш ийүү, тыюуларынан сак-
тануу үчүн зарыл болгон күч жана кубат Алладан гана,” – деп айты-
лат жана дуба окулат.
Дуба – пенденин каалоо-тилектерин Алла таалага сунушу. Иба-
даттардын маңызы болгон дубанын шарты – тазалык жана ак
ниеттүүлүк.
Дубанын кыбыласы асман болгондуктан, дуба окуп жатканда
колдор жогору, б.а. көк жүзүнө карата жана көкүрөктүн тушуна келти-
рилип көтөрүлөт. Дубада колдордун арасын аз да болсо ачык кармоо –
мустахаб жана мартабалуу.98

98
ал-Фатава ал-Хиндиййа, 5-том, 318-бет: Хашийатут-Тахтави алал-Маракыл-Фалах,
207-бет.

148
НАМАЗДЫ БУЗГАН НЕРСЕЛЕР
1) Намазда сүйлөө (билип же билбестен, байкабастан, уйкусурап,
кыскасы кандай болбосун адамдын сөзү намазды бузат).
2) Адамдын сөзүнө окшогон дуба (Оо, Раббым! Мени мындай
кийиндир, мындай жедир, же болбосо баланча аялды мага насип кыл!
сыяктуу).
3) Намаз окуп жатканда бирөөгө салам берүү, же башкасы берген
саламды алик алуу. Бирок берилген саламды кол жаңсоо же баш ийкөө
менен алуу намазды бузбайт, макүрөө болуп саналат.
4) Намазда намазга тиешелүү болбогон бир ишти кылуу.
Буга “амали кесир” деп айтылат, мааниси боюнча “көп иш” деген-
ди түшүндүрөт. Намаздын бузулушуна себеп болгон бул “көп иштин”
белгиленишиндеги өлчөм төмөнкүдөй:
Намаз окуп жаткан киши намаз менен байланыштуу болбогон
бир иш менен алектенип жатканда, анын намазга турганын билбеген
жана бул абалда көргөн бир киши шек санабастан “Бул адам намазда
эмес, анткени намаз окуган киши мынчалык иш менен алек болбойт”
десе, б.а. сырттан караган адамды бул чечимге алып барган иштерге
“көп иш” деп айтылат.
Намаз окуп жаткан киши намазда экендигинен күмөн санала тур-
ган бир иш менен алек болсо, буга да “амали калил” деп айтылат, “аз
иш” дегенди түшүндүрөт. Бул болсо намазды бузбайт, бирок макүрөө
болуп эсептелет.
Намаз окуп жатканда чачты жана сакалды тароо, дененин кайсы
бир жерин намаздын бир кыймылында үч жолу тырмоо намазды бузат.
Бир же эки жолу тырмалса бузулбайт. Дененин кайсы бир жерин кол
көтөрбөстөн үч жолу тырмоо бир жолу тырмоо болуп эсептелет жана
бул тырмоо да намазды бузбайт.
Баланы алып эмгизүү да намазды бузат. Эгерде бала намаз окуган
аялдын эмчегин ээмп, сүт чыкса намаз бузулат, бир же эки жолу эмүү
менен сүт чыкпаса, намаз бузулбайт. Сүт чыкпаса да, эки жолудан
ашык эмгизүү да намазды бузат.
Намазда эч кандай себеп болбой туруп эле катары менен токто-
бостон үч кадам аттоо намазды бузат. Бир кишинин сүзүп алышы, же
кийиминен тартышынан улам намаз окулган жерден үч кадам жылып
кетүү да намазды бузат.
Намазда бир гана жолу бир кол менен баштагы чалма, же такыя-
ны алып жерге коюу, же болбосо буларды жерден алып башка кийүү
намазды бузбайт. Намазда чалма чечилип кетип, муну бир кол менен

149
бир же эки жолу оңдосо, намаз бузулбайт. Намаз окуган киши колу же
камчы менен бирөөнү чаба турган болсо, анда намаз бузулат.
Намаз окуган кишиге “алдыга жыл” же жанында намаз окуй тур-
ган кишиге “орун бошот” деп айтылса, ал да башкасынын айтканы ме-
нен болуп, буларды аткара турган болсо, анда намазы бузулат. Анткени
ал намазда башка бирөөнүн буйругу менен иш кылган болот. Бирок өзү
жыла турган болсо, же сапта орун ачса, намазы бузулбайт.
Намазда күндүн нурунан ыңгайсызданган киши бир же эки кадам
басып, көлөкө жерге турса, намазы бузулбайт. Намазда шымды байлоо
намазды бузат, ал эми чечүү бузбайт. Намаз окуп жаткан кишиден бир
нерсе суралса, ал да ооба же жок деген мааниде башын ийкесе, намазы
бузулбайт.
5) Көкүрөгүн кыбыладан буруу.
6) Бир нерсе алып жегендик.
7) Тиштерге тыгылып калган бир нерсени жутуу.
8) Сагыз же башка бир нерсе чайноо.
Оозго алынган момпосуй эриген сайын даамы тамакка жетсе, на-
маз бузулат. Намаздан мурун таттуу бир нерсе жеген киши намаз окуп
жатканда мунун даамын сезип, шилекейин жутса, намазы бузулбайт.
9) Намазда бир нерсе ичүү.
10) Себепсиз эле жөтөлүү.
Кандайдыр бир себептен улам жөтөлүү намазды бузбайт. Оку-
шуна тоскоол болгон какырыкты кетирүү, үндү оңдоп жакшыртуу,
жаңылыш окуган имамдын катасын түздөө жана намазда экендигин
билдирүү үчүн жөтөлүү намазды бузбаган себептерден болуп саналат.
11) Бир нерсени үйлөө.
12) “Ох! “ деп онтоо.
13) “Ах, ох” деп айтуу.
14) Кандайдыр бир оорудан же бул дүйнөгө таандык бир кыр-
сыктан улам үн чыгарып ыйлоо (бейиш же тозокту эстеп ыйлоо намаз-
ды бузбайт).
15) Чүчкүргөнгө “Йaрхамукеллаах”, жаман бир кабарга “Иннаа
лиллахи вa иннаа илaйхиражиуун”, жакшы кабарга “Aлхамдулиллаах”,
таң калычтуу бир кабарга “Субхааналлах” деп айтуу. Алла тааланын
ысмын укканда “жалла жалаалуху”, пайгамбарыбыздын ысмын уккан-
да “салават жана салам” айтуу.
Башка бир намаз окуган кишинин “валаддаллин” деп окуганын
угуп, “Оомийин” деген кишинин да намазы бузулат.

150
16) Бирөөгө жооп берүү максаты менен аят окуу (Жооп берүү
максаты менен эмес, намазда экендигин билдирүү үчүн окуса, намаз
бузулбайт). Намазда экендигин билдирүү үчүн үнүн көтөрүп окуу да
намазды бузбайт.
17) Таяммум менен намаз окуп жаткан кишинин сууну көрүшү
жана муну колдонууга күчүнүн жетиши.
18) Бутка кийилген маасынын масх мөөнөтүнүн намазда
аякташы.
19) Бутунан азыраак болсо да маасыларды чыгаруу.
20) Рукуу жана саждаларды ишаарат менен кылган кишинин
намаз окуп жатканда рукуу жана сажданы кылууга күчүнүн жетиши.
21) Багымдат намазын окуп жатканда, күндүн чыгышы.
(Айт намазын окуп жатканда намаз окулбай турган убакыттын
келиши жана жума намазын окуп жатканда дигер убактысынын келиши
менен да бул намаздар бузулат.)
22) Кечиримдүү себеп ээсинин себебинин жоюлушу.
23) Эсинен тануу же акылынан ажыроо.
24) Балакатка жеткен бир кыздын же бир аялдын жамаат менен
окулган намазда эркек кишинин жанында же алдында турушу. Буга
“мухазаты ниса” деп айтылат. Мындай абалда эркектин намазынын
бузулушу үчүн айрым шарттардын болушу керек. Булар:
а) Намаз окугандын милдеткер болушу (Баланын намазы
бузулбайт).
б) Эркек менен аялдын экөөнүн тең намазда болушу.
в) Намаздын рукуулуу жана саждалуу намаз болушу (жаназа
намазы мындай абалда бузулбайт).
г) Эркек жана аялдын, экөөнүн тең бир намазды бирге окушу.
д) Экөөнүн тең ортолорунда бөлүп турган көшөгө болбостон, бир
жайда болушу (Эгерде бирөө бир адамдын боюнчалык бийикте, экин-
чиси ылдыйраакта болуп жана дене-мүчөлөрү бири-биринин катарында
болбосо, намаз бузулбайт, ал эми экөө тең бир жерде болуп, ортолорун-
да бөлүп турган көшөгө же бир киши бата турганчалык аралык болсо
да намаз бузулбайт).
е) Имам намазды баштап жатканда, аялдардын жамаатына да
имам экендигине ниет кылышы.
ѐ) Аялдын эркектин жанында же алдында туруп, экөөнүн рукууга
бирдей мезгилде жүгүнүшү.
Жогоруда саналган шарттар эркектердин намазын бузат.

151
Эгерде аял киши намазда ээрчиген имамынын катарында же
алдында турса, имамдын намазы бузулат жана өзүнүн намазы да
бузулган болот.99
25) Бир намазды окуп жатканда, башка бир намазга өтүү максаты
менен такбир айтуу.
Мындай абалда экинчи бир намазга баштагандыктан, мурунку
кылган намазы бузулган болот.
26) Дененин жабылышы керек болгон жерлеринин кыска мөөнөт-
кө да болсо ачылып калышы, же болбосо намазга тоскоолдук кылган
булганыч нерсенин денеге жугушу. Ачылган жер дароо жабылса, намаз
бузулбайт.
27) Имамды ээрчиген кишинин бир рукунду (кыймылды) имам
менен бирге аткарбастан, андан өтүп кетиши. (Мисалы, имамдан мурун
рукууга жүгүнүп түзөлгөндөн кийин бул кыймылды имам менен бирге
кылбай, же болбосо имамдан кийин кайрадан кылбастан намазды улан-
тып, имам менен салам берсе, намазы бузулган болот.)
29) Намаздын аягында азыраак отургандан кийин намаздын ичин-
деги саждалардан бирөөнү же тилават саждасын кылбаганын эстеген
киши кылбаган саждасын орундаткандан кийин акыркы отурушту кай-
талабаса, намазы бузулган болот.
30) Үч жана төрт ирекеттүү парздарда өзүн конок деп ойлоп, эки
ирекеттин аягында салам берүү намазды бузат. Ошондой эле бешим
намазынын парзын жума, куптан намазынын парзын тараба деп ойлоп,
же болбосо билбегендиги үчүн төрт ирекетти эки ирекет деп ойлоп,
биринчи отуруштун аягында салам берүү да намазды бузат. Анткени
бул салам намазды бүтүрүү үчүн билип туруп берилген.
Төрт ирекеттүү бир намазды окуп жаткан киши экинчи ирекеттин
аягында муну акыркы ирекет деп ойлоп, жаңылыштык менен салам
берсе намазы бузулбайт. Имамга биринчи ирекеттен кийин жетишкен
киши имам салам берип жатканда, өзү салам бербестен, окуй албаган
ирекеттерин толуктоо үчүн өйдө турушу керек болсо да, жаңылыштык
менен имам менен бирге салам берсе, намазы бузулбайт.
31) Мааниси өзгөрө турганчалык даражада Куранды жаңылыш
окуу.
Бул “Зеллетүл-карии” деп айтылат. Мааниси “Окугандын булду-
рукташы”, башкача айтканда, жаңылыш окушу дегенди билдирет.
99
Шафий, Маликий жана Ханбалий мазхабындагылар имамдын аркасында намаз
окуган эркектердин жанында же алды жагында аял намаз окуй турган болсо, аялдын
намазы бузулбагандай эле эркектерден турган жамааттын да намазы бузулбайт деп
эсептешет.

152
Намазды бузуп бузбаганы боюнча бул теманын кыскача түшүндү-
рүлүшү керек. Эгерде, Куран атайылап туура эмес окулуп, муну менен
мааниси өзгөрсө, намаз бузулат. Ал эми жаңылыштык же унутуу менен
туура эмес окулган учурда:
а) Эгерде сөздөрдөгү үндүүлөрдүн созулуп же кыска айтылы-
шында жана тынымында жаңылыштык болсо (маанисинде кандайдыр
бир өзгөрүү болсо да, болбосо да) намаз бузулбайт. Ошондой эле жана-
ша келген эки окшош үнсүздү бир эле тыбыш катары окуу, же бир эле
үнсүз тыбышты эки үнсүз сыяктуу баса окуу менен да намаз бузулбайт.
б) Тыным ала турган жерде шар окуу, шар окула турган жерде
тыным алуу сыяктуу ката окулуштарда да мааниси өзгөрсө да, намаз
бузулбайт. Анткени буларды туура окуу адамдар үчүн анчалык оңой
эмес. Сөздү бөлүп окуу, мисалы, “Алхамду” сөзүн алгач “Алхам” деп,
калган бөлүгүн кийин толуктап окуу да намазды бузбайт.
в) Эгерде бир тыбыштын ордуна башка бир тыбышты окуп, муну
менен маани өзгөрбөсө жана Куранда ал сөздүн окшошу болсо, мындай
абалда да намаз бузулбайт. “Залимин” сөзүнүн ордуна “залимуун” деп
окуу сыяктуу. Эгерде тыбыштардын алмашышы менен сөздүн мааниси
өзгөрбөсө, бирок ал сөздүн окшошу Куранда болбосо, Имам Агзам
менен Имам Мухаммеддин айтканы боюнча намаз бузулбайт, Имам
Абу Юсуфтун пикири боюнча бузулат. “Кавваамине” сөзүнүн ордуна
“Каййамине” сыяктуу.
Эгерде тыбыштын өзгөрүшү менен сөздүн мааниси да өзгөрүп
жана ал сөз Куранда болбосо, намаз бузулат.
Бир сөздө окулушу керек болгон тыбыштын ордуна башка бир
тыбышты окуган жана айрым тыбыштарды айта албаган чулдур ки-
шилер туура окуш үчүн аракет кылууга тийиш жана айта албаган ты-
быштары болбогон аяттардан намаз жайыз боло турганчалык жатташы
керек. Анткенге да болбосо, окуй ала турганчалык намазын окуйт,
бирок башка бирөөнө намаз окута албайт.
Намазда даараттын бузулушу
Намазда даараттын бузулушунун эки түрү болот. Бири – өз каа-
лоосу болбой туруп, бири да – өз каалоосу менен даараттын бузулушу.
Намазда өз каалоосу болбой туруп даараты бузулган киши эч сүйлөбөс-
төн дароо эң жакын бир жерге барып дааратын алат жана намазын таш-
таган жеринен каалаган жерде толуктайт (Бул намазды куруу деп айты-
лат). Шафий мазхабында болсо намазды кайра баштан окушат. Кайсы
рукунда (кыймылда) даараты бузулса, кайрадан даарат алып, намазын
толуктайт. Эгерде намазда дааратын өз каалоосу менен атайылап буз-
ган болсо, намазды кайра баштан окуйт (Бул истинаф делет). Күмөндүү

153
ойлордон кутулуш үчүн мындай эки абалда тең намазды кайра баштан
окуу эң туурасы болот.
Намазды бузбаган нерселер
1) Намаз окуп жаткан киши Куранга болсун, башка бир жазууга
болсун, билип туруп карап, маанисин түшүнсө, намазда башка бир нер-
се менен алек болгону үчүн адепке терс жана жагымсыз иш кылган бо-
лот. Бирок маанисин түшүнгөн жазууну тили менен ачык айтпагандыгы
үчүн намазы бузулбайт. Капысынан көзүнө жазуу илээшип, маанисин
түшүнсө макүрөө болбойт.
2) Намаз окуп жаткан кишинин жайнамазга баш коѐ турган жери-
нен бирөөнүн өтүшү менен намаз бузулбайт. Ал өтүп кеткен мейли
эркек киши, мейли аял киши, мейли башка бир жандуу болсун.
Милдеткер болгон бир киши атайылап эле намаз окуп жаткан ки-
шинин алдынан өтө турган болсо, күнөө иштеген болот. Бул маселенин
төрт жагы бар:
а) Намаз окуган киши алдынан бирөөлөр өтө турган жерде тур-
баса жана аны айланып өтүү мүмкүн болсо да, мындай кылбай, намаз
окугандын алдынан өткөн киши күнөө иштеген болот.
б) Намаз окуган киши адамдар өтө турган жерде турса жана аны
айланып өтүүгө мүмкүн болбосо, андай абалда намаз окуган киши кү-
нөлүү, ал эми алдынан өткөн кишинин күнөөсү жок.
в) Намаз окуганга башка ыңгайлуу жер болсо да, намаз окуган
киши кишилер өтө турган жерде намаз окуса жана басып бараткан
киши да алыстан өтүү мүмкүн болгонуна карабастан, намаз окуган ки-
шинин алдынан өтсө, мындай учурда намаз окуган да, намаз окугандын
алдынан өткөн киши да күнөө иштеген болот.
г) Намаз окуган киши алдынан киши өтпөй тургандай ыңгайлуу
жай таба албаса жана ал жерден өткүсү келген киши да намаз окуганды
айланып өтө тургандай жол таба албаса, мындай абалда намаз окуган
да, алдынан өткөн киши да күнөө иштеген болбойт.
Намаздын макҥрөөлөрҥ
Намазда макүрөө болгон негизги нерселер төмөнкүлөр:
1) Намазда денесин, же кийим-кечесин кармалоо.
Булар намазда адепке терс кыймыл-аракеттерден болуп саналат.
Чекесиндеги чаңды жана терди аарчуу да – макүрөө. Бирок адамга ың-
гайсыздык берип жатса, буларды аарчуу макүрөө болбойт.
2) Манжаларды кырсылдатуу жана кайчылаштыруу, бөйрөктү
таянуу.

154
3) Эстөө, керилип чоюлуу.
4) Талаада намаз окуп жатканда, алдындагы кичинекей таштарды
оодарып оңдоо (Үстүнө сажда кылууга мүмкүн болбогон жерди бир
жолу түздөсө болот).
5) Көздүн кыйыгы менен эмес, моюнду буруп кароо. Намазда
кароо үч түрдүү:
а) Макүрөө болгон көз караш: Бул – моюнду буруп кароо.
б) Мубах болгон көз караш: Бул – моюнду бурбастан, көздүн
кыйыгы менен оңго жана солго кароо.
в) Намазды жойгон көз караш: Бул – көкүрөгүн кыбыладан буруп
кароо.
6) Намазда түкүрүү.
Бул – жөн гана түкүрүү дегедик эмес. Эгерде түкүрүп жатканда,
тыбыш пайда болсо намаз бузулат. Аргасыз калган учурда да жерге тү-
күрбөш керек, бир жүз аарчы менен аарчылышы абзел. Жерге түкүрүү
макүрөө болот.
7) Намазда себепсиз эле мандаш токунуп, же болбосо тизелеп
отуруу.
8) Эркектердин жайнамазга баш койгондо, колдорун жерге
жайышы.
9) Жеңди түрүп намаз окуу. Кыска жеңдүү көйнөк менен намаз
окуу – макүрөө эмес (Аялдардын көйнөгүнүн жеңи сөзсүз түрдө узун
болушу керек).
10) Көйнөк кийүү мүмкүн болгон учурда да, намазды шым менен
гана окуу (Бул нерсе эркек үчүн гана, эгерде аялдар мындай кыла тур-
ган болсо, намаз бузулат).
11) Баш ийкеп алик алуу.
12) Себепсиз эле мандаш токунуу.
13) Башына кол аарчы же чалма байлап, төбөсүн ачык таштоо.
14) Намазда көйнөк менен бир же эки жолу желпинүү.
15) Кыям абалындан башка жерде Куран окуу (Кыраатты рукууда
бүтүрүү сыяктуу).
16) Бир кыймылдан экинчи кыймылга өтүп жатканда айтылчу зи-
кирди өткөндөн кийин айтуу.
Мисалы, рукууга жүгүнгөндөн кийин “Аллааху акбар” деп айтуу,
рукуудан толугу менен түзөлгөндөн кийин “Самиаллаху лиман хами-
дах” деп айтуу. Чындыгында, такбир рукууга жүгүнө баштаганда ай-
тылат жана рукууга жүгүнгөндө бүтөт. “Самиаллаху лиман хамидах”

155
деп айтууга рукуудан түзөлүп жатканда башталат жана түзөлгөндө
бүтүрүлөт.
17) Намаздарда экинчи ирекетти биринчиден үч же дагы көбү-
рөөк аят окуп узартуу.
18) Парз намаздарда бир ирекетте бир сүрөнү кайрадан окуу,
башка сүрөнү жатка билсе да, биринчи ирекетте окулган сүрөнү экинчи
ирекетте билип туруп кайталоо (Напиле намаздарда бир сүрөнү кайра-
дан окуу макүрөө эмес).
19) Экинчи ирекетте биринчи ирекетте окулган сүрө же аяттан
мурунку сүрө же аятты окуу.
Намазда сүрө окулуп жатканда башынан аягына, б.а. жогорудан
төмөнгө карай окулат. Мисалы, биринчи ирекетте Фатихадан кийин
“Элемтере” (Фил) сүрөсү окулган болсо, экинчи ирекетте “Лии-
лаафи” (Курайш) сүрөсүнүн окулушу туура болот. Бирок биринчи
ирекетте “Лии-лаафи” сүрөсүн окуп, экинчи ирекетте “Элемтере”
сүрөсүн окуу тетири карай окуу болот жана бул макүрөө болуп саналат.
Биринчи ирекетте билбестен Фатихадан кийин “Кул ауузу бираббиннас-
ты” (Нас) окуса, экинчи ирекетте да аны кайталайт. Эгерде атайылап
окуй турган болсо макүрөө болот. Бирок кайра ошол эле сүрөнү окуйт.
20) Биринчи ирекетте бир сүрөнү окуп, экинчи ирекетте бир
сүрөнү таштап коюп, башка сүрөнү окуу.
Мисалы, биринчи ирекетте “Элемтере” окулуп, экинчи ирекетте
“Лиилаафи” окулуш керек болсо, бирок бул окулбастан “Эреейтел-
лезии” сүрөсүнүн окулушу – макүрөө. Бирок эки же андан ашык сүрө
ташталып окулбаса, макүрөө болбойт.
Бир ирекетте эки сүрө окуса да, эки сүрөнүн ортосунда бир же
бир нече сүрөнү калтырып окуу да – макүрөө. Ортодогу сүрө көлөмдүү
болсо, аны аттап өтүп, кийинки сүрөнү окуу макүрөө болбойт (Эки
сүрөнү бир ирекетте токтобостон биринин артынан бирин окуу – макү-
рөө эмес). Бир сүрөнүн аятынан бир же бир нече аятты аттап, башка
аятка өтүү да – макүрөө.
21) Бир ирекетте ортосунан бир же бир нече сүрө аттап, эки
сүрөө окуу (Эки сүрөнү бир ирекетте токтолбостон биринин артынан
бирин окуу – макүрөө эмес).
22) Намазда жагымдуу жыттанган бир нерсени жыттоо (Өз
эркинен сырткары мурдуна кандайдыр бир жыттын келиши – макүрөө
эмес).
23) Саждада кол жана буттун баштарын кыбыладан буруу.

156
24) Колдорду рукууда тизелерге, отуруштарда сандардын үстүнө
жана туруп турганда оң колду сол колдун үстүнө койбоо.
25) Көздү жумуу (Бирок намазда жөнөкөйлүктү жана бейпил-
дикти бузган нерселерди көрбөш үчүн көздү жумуу макүрөө болбойт).
26) Жогору жакты кароо.
27) Намазга терс келген “амали калилди” (аз ишти) кылуу
(Мисалы, чачынан бир тал жулуу сыяктуу).
28) Оозго эрибеген бир нерсени салуу (Оозго момпосуй сыяктуу
бир нерсени коюп, даамы тамагына жетсе, намаз бузулат).
29) Ысык, муздак же жердин катуулугу сыяктуу кандайдыр бир
аргасыз абал болбосо, сажданы чалманын ороосунун үстүнө кылуу.
30) Мурунунда кандайдыр бир себеп болбосо да, маңдайды гана
жайнамазга тийгизүү.
Анткени саждада чекени жерге тийгизүү парз, мурунду жерге тий-
гизүү убажип болуп саналат. Себепсиз эле убажипти аткарбай коюу –
макүрөө. О.э. мурунду жерге тийгизип, себеби болбой туруп чеке жерге
тийгизилбесе намаз туура болбойт.
31) Жолдун үстүндө, мончонун ичинде, жуунган жерлерде, ма-
зарда (намаз үчүн бөлүнгөн жайдан сырткары), таштанды болгон жер-
де, мал союлган жерде, булганыч нерселерге жакын жерде жана ээси-
нин макулдугу алынбаган жерде намаз окуу.
32) Ажаатканага баруу үчүн шаштысы кеткен убакта намаз окуу.
(Мындай абалда болгон киши эгерде намаздын маалынын өтүп
кетишинен коркпосо, ажаатканага баргандан кийин даарат алып, нама-
зын кайра баштан окуйт. Намаздын маалынын өтүп кетишинен корко
турган болсо, ошол абалы менен намазын акырына чейин окуйт.)
33) Тыкан эмес жана көпчүлүктүн көзүнчө кийип жүрүүгө болбой
турган бир кийим менен намаз окуу.
Азирети Өмөр бир кишинин салбыраган бир кийим менен намаз
окуп жатканын көрүп, ага:
– Сени ушул кийимиң менен бирөөлөргө жиберсем, барасыңбы? –
деп сурайт. Ал киши:
– Жок, – деп жооп берет. Муну уккан азирети Өмөр:
– Алдына тыкан кийим менен чыгуу Алла таалага дагы ылайык-
туураак, – деп айтат (Меракыюл-Фелаах, 93-бет).
34) Каалап жүргөн тамагы даяр болгон учурда намазга жыгылуу.
35) Аяттарды, рукуу жана саждалардагы теспелерди кол менен
саноо (Ичинен саноо макүрөө эмес, тил менен саноо намазды бузат).

157
36) Имамдын бир билек узундугунда (болжол менен 22 см.) би-
йикте, же ушул эле өлчөмдө төмөндө өзүнчө турушу.
37) Алдыңкы катарда бош орун болгонуна карабастан, арткы
катарда туруп намазга жыгылуу.
38) Кандайдыр бир жандуунун сүрөтүнүн үстүнө жайнамазга жы-
гылуу. Бир жандуунун сүрөтү болгон кийим менен намаз окуу. Намаз
окуган кишинин алды жагында, үстү жагында, оң же сол тарабында,
башынын үстүндө жана арка тарабында жандуулардын сүрөтүнүн
болушу.
Тике турган киши жердеги сүрөттү көрбөсө, көрүнбөй турганча-
лык даражада кичинекей болсо, же чоң болсо да башы болбосо, же
болбосо жансыз бир затка таандык сүрөт болсо намаз окуу макүрөө
болбойт. Ал эми чөнтөктөгү жана капчыктагы сүрөттүү акча жана кү-
бөлүктөр менен намаз окуу макүрөө эмес.
39) Алдынан адамдын өтүшү мүмкүн болгон жерде намаз окуп
жатканда алдына казык койбоо.
Казык деген жарым кулач узундугунда же андан да узунураак
бир жыгач же башка бир нерсе. Алдынан адамдын өтүшү мүмкүн эке-
нин божомолдогон кишинин намазды баштаардан мурун казыкты
жайнамазга жыгыла турган жеринин бираз илгерисине сайып коюшу –
мустахаб, сайбашы – макүрөө. Мындай бир жерде жамаат менен намаз
окулуп жатса, казыктын имамдын алдына сайылышы жетиштүү.
Намаз окулган жер катуу болуп, казыкты саюу мүмкүн эмес бол-
со, же отургуч сыяктуу жөлөп коѐ турган бир нерсе болбосо, казыкты
алдына туурасынан жаткырып коѐт, казык болбосо, бир нерсе менен
чийип коюу керек.
Намаз окуган киши алдында казык болсо да, болбосо да, алдынан
өткөн кишини алыстатууга аракет кылбашы керек.
Бирок баш, көз же кол кыймылы менен белги берип, же болбосо
“Субхааналлах” деп алдынан өтүшүнө тоскоол боло алат. Эркектер
алдынан өтүүгө тоскоол болуу үчүн үнүн бийик көтөрүп окуй алышат.
Аялдар оң колу менен сол колунун үстүнө чаба алат. Каабаны тооп
кылгандар ал жерде намаз окугандардын алдынан өтө алышат.
40) Чок болуп күйүп жаткан отту карап намаз окуу (Чырак, шам,
же лампага карап намаз окуу макүрөө болбойт).
41) Парз болгон намазда себепсиз эле кандайдыр бир нерсеге
таянуу.
42) Намазда адамдын жүзүнө карап туруу.

158
43) Жайнамазга жыгылып жатканда колдорду тизеден мурун жер-
ге коюу, саждадан өйдө болуп жатканда тизени колдон мурун көтөрүү
(Кандайдыр бир оорудан улам мындай кылса макүрөө болбойт).
44) Намаз окуп жатканда пальтону, же күрмөнү кийбестен, ийин-
ге желбегей жамынуу.
45) Маңдайында уктаган бир кишинин болушу.
46) Рукууда башын жогору көтөрүү же ылдый салаңдатуу.
47) Ауузу-Бисмилла, Субхаанака жана Оомийинди ачык айтуу.100
48) Рукуу жана саждада теспелерди айтпоо же үч жолудан аз
айтуу.
49) Мечитте өзү үчүн бир жерди белгилеп, намазды дайыма ошол
жерде окуу.
Намаз окуганга макҥрөө болбогон нерселер
Чепкен жамынган кишинин колдорун жеңине салбастан намаз
окушу жана Куран же кылычтын маңдайында намазга жыгылышы ма-
күрөө эмес.
Намаз окуп жатканда алдында бир кишинин маңдай-тескей эмес,
ары карап турушу макүрөө болбойт.
Кыймыл-аракетине жолтоо болбосо, намаз окуган кишинин мой-
нуна кылыч жана ушуга окшогон бир нерсени асып алышы макүрөө
эмес.
Чырак, шам жана лампаны карап намаз окуу, үстүнө баш коюл-
бай турган болсо, кандайдыр бир жандуунун сүрөтү болгон жабуунун
үстүндө намаз окуу да макүрөө эмес.
Намаз окуган кишинин көйнөгү рукууга жүгүнүп жатканда үстү-
нө жабышып, кандайдыр бир ыңгайсыздык бере турган болсо, акырын
тартып оңдой алат. Ошондой эле топурактуу бир жерде намаз окуган
кишинин да кийимин кирдеп калуудан сактоо үчүн аны акырындык
менен тартып коюшунда эч кандай ыңгайсыздык жок. Намаз окуган
киши маңдайына жабышып калган топуракты өзүнө ыңгайсыздык бер-
гени үчүн аарчый алат, ошондой эле терин да аарчый алат.
Жүзүн бурбастан, көзүнүн кыйыгы менен караса болот, бирок ка-
рабаса дагы жакшы болот. Чымын-чиркей намаз окуган кишинин тын-
чын ала турган болсо, аны кубалоо да макүрөө эмес.

100
Шафий жана Ханбалий мазхабындагылар Фатиха ачык окулган жерлерде “Оомийин”
да ачык айтылат деп эсептешет.

159
Намазды бузууну убажип жана жайыз кылган нерселер
Намазды бузуу арам болуп саналат. Бирок айрым учурларда на-
мазды бузуу – убажип, ал эми айрым учурларда жайыз.
Кол салууга дуушар болгондо, же сууга чөгүп бараткан бир киши
жардам суранган учурда, ага жардам берүү максаты менен намазды бу-
зуу убажип болот.
Бир короо койго карышкыр тийгенде, же кандайдыр бир жырт-
кыч жаныбар кол салганда, же болбосо сокур же коркунучту байкаба-
ган бир киши кудукка түшүү же тамдын үстүнөн учуп кетүү коркуну-
чуна туш болгондо, буларга жардам үчүн намазды бузуу – жайыз. Эгер-
де чындап эле түшүп, же учуп кете турган болсо, анда намазды бузуу
убажип болот. Киндик эненин төрөлө турган баланын же энесинин
өлүп калышынан, же болбосо бир дене-мүчөсүнүн майып болушунан
коркуп, намазын бузушу, же болбосо аны кийинкиге калтырышы да
убажип болуп эсептелет.
Кандайдыр бир жырткыч, сел, өрт коркунучунан корккон, же
болбосо душман менен бетме-бет келген кишилердин намаздарын ки-
йинкиге калтырышы – жайыз.
Напиле намаз окуп жаткан бир кишини энеси, же атасы (анын
намаз окуп жатканын билип туруп) чакырса, намазын буза алат. Эгер
баласынын намазда экенин билбестен чакырса, намазын бузушу уба-
жип болот. Эгерде парз намазда болсо ата-энесинен бирөө чакырса, на-
мазды бузбайт. Бирок кандайдыр бир коркунучтан улам жардам сура-
нышса, намазды бузуу убажип болот.
Бир күмүш сөлкөбай баасында болгон бир нерсенин (башка би-
рөөгө таандык болсо) уурдалып кетүү коркунучу болсо, мындай учурда
парз болсо да, намазды бузуу – жайыз.
Аял киши намаз окуп жатканда казандагы тамактын кайнап, та-
шып кетишинен же баласынын ыйлап, кыйнала турганынан корко тур-
ган болсо, намазын буза алат.

160
НАМАЗДЫН ЖАМААТ МЕНЕН ОКУЛУШУ
Жамаат менен намаз окуунун сообу
Динибиз жамаат менен намаз окууга абдан чоң маани берген.
Жамаат менен намаз окуган мусулмандар бири-бири менен жакындан
таанышышат. Билбегендер билген кишилерден үйрөнүшүп, жакшы
кулк-мүнөздөргө ээ болушуп, акырындык менен начар адаттардан
арылышат.
Жамаат менен намаз окууну уланткан мусулмандардын арасында
бири-бирине урмат көрсөтүү сезими пайда болуп, боордоштук жана кө-
мөктөшүү сезимдери чыңдалат. Жамаат менен намаз окуган момундар
жалгыз өзү намаз окугандарга караганда дагы көбүрөөк сооп табат. Бул
жөнүндө сүйүктүү пайгамбарыбыз мындай деп айтып кеткен:

‫ ِب ْسغ ِبل ٓ رؾس ًن‬ٚ ٍ ‫ِبز ج ْسٌف ِب ِهّٰلل ذِبض ْسر‬ ٓ‫ُمز ج ْسٌؿّح ِبس ج ْسض ُمً ِبِ ْس‬
“Жамаат менен окулган намаздын сообу жалгыз окулган намаз-
дан жыйырма жети эсе көп.”101

‫ ِ ْسٓ ِهّٰللٰل جٌ ِهّٰللُم ْسرف ِب‬ٚ ً‫ِ ْسٓ ِهّٰللٰل ج ْسٌعِبغحء ِب َجح ٍس ىحٔ ِهّٰللّح لحَ ِبٔ ْس ف جٌ ِهّٰللٍ ْسح ِب‬

‫َجح ٍس ىحٔ ِهّٰللّح ِهّٰللٰل جٌ ِهّٰلل ْسٍحً ُمو ِهّٰللٍُٗم‬


“Куптан намазын жамаат менен окуган бир киши түн жары-
мына чейин намаз окугандай болот. Багымдат намазын жамаат ме-
нен окуган бир киши түнү бою намаз окугандай болот.”102

‫ِبل ضس ًن ِبِ ْسٓ لجتِب ِب‬ ‫ش ِهّٰلل ِب‬ٛ


‫جا ٌِبح ْسم ِبض‬ ‫ ذ ْسح ٍص ِبِ ْسٓ ذ ُم ُمح ِب‬ٌٝ‫ ِبئ‬ٝ‫ل ِب ذ ْسح ِبط ِبٗ غ ُم ِهّٰللُ ِغ‬ٙ‫ِ ْسٓ ض ِهّٰلل‬
‫ ض ْسل ُم رؾس ًن‬ٜ‫جا ُم ْس ل‬ٚ ‫ِبحثس ًن‬ ‫جاح ُت ِهّٰللُم‬
‫ط‬ ‫ضح ُمٖ ِبئ ْسقل ُم ُم‬ٛ ‫ْس‬ ‫ِهّٰلل ِب‬
‫جا وحٔ ْسص‬
“Бир киши үйүндө жакшылап тазаланып, Алланын парздарынан
бирөөнү орундаш үчүн бир мечитке басып барса, баскан кадамдары-
нын бирөө күнөөлөрүн жоѐт, ал эми экинчиси анын даражасын жого-
рулатат.”103

101
Бухарий, Азан, 30; Муслим, Масажид, 42; Тирмизий, Салат, 161; Ибн Мажа,
Масажид, 16.
102
Муслим, Масажид, 46; Тирмизий, Салат, 165; Абу Давуд, Салат.
103
Муслим, Масажид, 51.

161
Киши парз намаздарды жалгыз да окуса болот. Бирок жамаат ме-
нен окулушу так сүннөт болуп саналат. Ар дайым мечитке баруунун
руханий пайдасы көп, коомчулуктун биримдигин камсыз кылууда да
чоң роль ойнойт.
Сүннөт жана напиле намаздар жамаат менен окулбайт. Бирок та-
раба намазы сүннөт болгонуна карабастан жалгыз да, жамаат менен да
окулат. Ал эми убажип болгон битир намазы Рамазан айында гана жа-
маат менен окулат. Жума жана айт намаздары жамаат менен окулат,
жалгыз окулбайт.
Мечит жана жамаат адеби
Мечит – мусулмандардын Алла таалага сыйынган жери. Жер жү-
зүнүн эң кадырлуу жерлери болгон мечиттер “Алланын үйү” деп ай-
тылат. Мечитке ибадат кылыш үчүн барган момун Алла тааланын зыя-
ратчысы жана коногу болуп саналат. Үй ээси үйүнө келген конокторун
бир нерселер менен сыйлайт эмеспи, анын сыңарындай мечитке барган
момундарга да Алла таала чоң сыйлыктар берет. Азирети пайгамбары-
быз бул тема боюнча мындай деп буюрган:

‫ زجتِب ُمل ِهّٰلل ِب‬ٛٙ‫ ج ْسٌّ ْسض ِبؿل ُم‬ٝ‫ء غ ُم ِهّٰللُ جض‬ٛ‫ض‬
‫جا ك ِهّٰلل ٌدك ٰل‬ ‫ ُم‬ٛ‫ضح ِب ذ ْسح ِبط ِبٗ ح ْسقضٓ ج ْسٌ ُم‬
‫ ِهّٰلل‬ٛ‫ِ ْسٓ ض‬
‫ ِبر ج ْسْ ُم ْسى ِبلَ جٌ ِهّٰللزجتِبل‬ٚ‫ج ْسٌّ ُمز‬
“Үйүндө жакшылап даарат алып, мечитке барган киши Алланын
зыяратчысы болуп саналат. Зыярат кылган кишиге Алла тартуу
берет.”104
Мечиттерге урмат көрсөтүү – ар бир мусулмандын милдети. Бул
милдеттер жалпысынан төмөндөгүлөр:
1) Мечитке даарат алып, таза жана тыкан кийим менен кирүү
керек.
2) Мечиттин босогосун оң бут менен аттап, кирип бара жатканда
пайгамбарыбызга салават айтыш керек.
3) Мечиттен чыгып баратканда сол бут менен аттап чыгыш керек.
4) Мечиттеги килемдердин үстүнө кир бут, же байпак менен
баспаш керек.
5) Кандайдыр бир кечиримдүү себеп болбосо, мечитте бутту су-
нуп отурбаш керек. Өкүрүп-бакыруу, ызы-чуу чыгаруу жана бул дүйнө-
гө тиешелүү нерселерди сүйлөшүү сыяктуу кылык-жоруктардан сакта-
нуу керек.

104
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 1-том, 214-бет.

162
6) Пияз жана сарымсак жеп, оозунун жагымсыз жыты менен ме-
читке барып, жамааттын тынчын алуу, кекирүү жана башка ушул сыяк-
туу кишилерди жийиркенте турган олдоксон кыймыл-аракеттерден
этият болуш керек.
Мечитте Куран окулуп, же болбосо насаат айтылып жатса, тынч-
танып көңүл буруп угуу абзел. Мечитке кеч келгендер алдыңкы катарга
өтүш үчүн жамааттын тынчын албастан, бош орундарга отурушу керек.
Имамдан талап кылынган сыпаттар
Имам жамаатка намаз окуткан киши дегенди түшүндүрөт. Бир
кишинин жамаатка намаз окутушу үчүн ал кишиде жети шарт болушу
керек. Булар:
1) Мусулман болуу.
2) Эрезеге жеткен болуу.
Эрезеге жетпеген бир баланын аркасында намаз окуу жайыз эмес.
3) Акыл-эстүү болуу.
Акыл-эси ордунда болбогон кишинин намазы туура эмес
болгондуктан, мындай бир кишинин имамдык кылышы да жайыз эмес.
Жинди жана мас киши сыяктуу.
4) Эркек болуу.
Эркектердин аял кишини ээрчип намаз окушу туура эмес.
Башкача айтканда аял эркектерге имамдык кыла албайт. Аялдардын өз
араларында жамаат түзүп, намаз окушу да макүрөө болуп саналат.
Эгерде жамаат түзүп окуй турган болушса, имамдык кылган аял алдыда
эмес, алардын арасында турат.
5) Намаз туура боло турганчалык даражада Куран жаттаган
болуу.
6) Кандайдыр бир кечиримдүү себеби болбоо.
Кечиримдүү себеби болгон кишинин зарылдыктан улам өз нама-
зы туура, бирок башка кишилерге имам боло албайт. Чулдур болгон
киши чулдур болбогон кишиге имамдык кыла албайт.
7) Намаздын шарттарынан бирөөнүн жоюлушу.
Мисалы, нажасаттан тазалануу намаздын шарттарынан бири бо-
луп саналат. Үстүндө намаз окууга кедерги боло турганчалык көлөмдө
кир болуп, бирок аны тазалаганга эч нерсе таба албаган киши таза
болгон бир кишиге имам боло албайт.
Бир жерде атайын дайындалган кызматкер имам болбосо, чогул-
ган жамаатка араларынан бирөө имамдык кылат. Мындай жагдайда
имамдык кыла ала турган, же болбосо имамдык кылгысы келген киши-

163
лер бирден көп болсо, имам боло турган кишиде саналган шарттардан
сырткары айрым сыпаттар да каралат.
Имам болууга намаз менен байланыштуу өкүм-жоболорду эң
жакшы билген киши ылайыктуу. Эгерде мында бардыгы бирдей бо-
лушса, анда Куранды окуганды дагы жакшыраак билген киши, мында
да бирдей болушса, арамдардан жана шектүү нерселерден дагы көбү-
рөөк сактанган киши, эгерде бардыгынын деңгээли бирдей болсо, кезе-
ги менен жашы боюнча улуу болгон, ахлагы дагы жакшы, жүзү дагы
сүйкүмдүү, ата-теги дагы намыстуу, үнү дагы укулуктуу жана кийим-
кечеси дагы тазараак болгон киши тандалат. Бул шарттардын барды-
гында тең бирдейлик боло турган болсо, анда чүчү кулак кармалат.
Бир жерде кызматкер имам болсо, намазды ал окутат. Аркасын-
дагы жамааттын ичинде андан дагы билимдүү жана Куранды жакшы
окуган киши болсо да, намаз окутуу – кызматкер имамдын акысы. Би-
рок имам кааласа, жамааттын ичинен имамдыкты билген кишини намаз
окутуу үчүн алдыга өткөрө алат.
Түркөй жана күнөөкөр кишинин имамдык кылышы – макүрөө.
Ал эми сокур кишинин имам болушу макүрөө эмес. Бирок көзү көргөн
киши болгонуна карабастан, көрбөгөн кишинин намаз окутушу макү-
рөө болот. Атасы белгисиз болуп төрөлгөн баланын да (мындайлар
жалпысынан билимсиз болгондуктары үчүн) имамдык кылышы – макү-
рөө. Бирок билимдүү жана ыймандуу болсо, макүрөө эмес.
Имамдагы кандайдыр бир жамандыктан улам аны жамаат каала-
баса, имамдын ал жамаатка намаз окутушу макүрөө болуп саналат.
Эгерде имамда кандайдыр бир жамандык болбосо, же андан дагы ыла-
йыктуу бирөө жок болсо, анда имамдык кылышы макүрөө болбойт.
Имамдын намазды жамаатты тажата турганчалык мөөнөткө созуп
жибериши – макүрөө. Анткени бул жагдай жамааттын тарап кетишине
себеп болот. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ ِبئ ج‬ٚ ‫ ج ْسٌى ِبر‬ٚ ُ‫جٌضم ِبح‬


‫ ِهّٰلل‬ٚ ‫جٌضعِبحف‬‫ ُمُ ِهّٰلل‬ٙ‫ِبئ ج ِهّٰللٰل ق ُملو ْسُمُ ٌِبٍِٕهّٰلل ِبحس ْسٍ ُمح ِهّٰللف ْسِبف ِبا ِهّٰللْ ِبح ِب‬
‫ ْسي ِح عحء‬ٛ‫ِهّٰللٰل ق ُملو ْسُمُ ٌِبٕ ْسف ِبض ِبٗ ْسٍ ُمح ِب ِهّٰلل‬
“Кимде-ким адамдарга имамдык кылса, жеңил окутсун. Анткени
алардын ичинде алсыз болгону бар, оорукчан болгону жана карысы бар.
Кимде-ким өзүнчө окуй турган болсо, каалашынча созсун.”105

105
Бухарий, Азан, 21; Муслим, Салат, 37-бет.

164
Намаз окуп жатканда имамды ээрчүүнүн туура болушу үчүн бир
нече шарт бар. Булар:
1) Намазды баштап жатканда намаз окууга да, имамды ээрчүүгө
да ниет кылуу.
Имамдын да өзүн ээрчиген аялдардын намаздарынын туура
болушу үчүн имам болгонуна ниет кылышы керек.
2) Имамдын жамааттын алды жагында турушу.
Башкача айтканда имамдын турган жери аны ээрчиген кишинин
катарынан алдыда болушу.106
Бул абал имамды ээрчиген киши бирөө гана болгондо болот. Ал
эми имамды ээрчигендер бирден көп болсо, имамдын аркасында
турушат.
3) Имамдын окуган намазынын абалы боюнча жамааттан ылдый
болбошу.
Имам напиле, жамаат да парз окуй турган болсо, парз окуган жа-
маат напиле окуган имамды ээрчий албайт.
4) Имамдын окуган парзынын жамааттын окуган парзынан башка
болбошу.
Мисалы, бири бешимдин, экинчиси дигердин парзын, же болбосо
бири ошол күндүн бешимин, экинчиси башка бир күндүн бешимин оку-
са, парз катары туура болбойт.
5) Имам менен аны ээрчиген жамааттын ортосунда кайык өтө ала
турганчалык чоңдукта бир суу же автомобиль өтө турганчалык кенен-
дикте жолдун болбошу.
Бул жерде намазга кедерги болгон нерсе – эки сап бата турганча-
лык бир ачыктыктын болушу. Эгерде жол тизилген саптар менен жабы-
лып, ортодо автомобиль өтө тургандай жол калбаган болсо, намаз
жайыз болот. Мечиттин ичинде бир нече саптык ачыктык болсо да,
имамды ээрчип намаз окуса болот. Мечиттин айланасы да мечит сыяк-
туу болуп саналат.
6) Имам менен жамааттын ортосунун аялдардын турган катар
менен бөлүнбөшү.
7) Жамааттын имамдын намаздагы кыймыл-аракеттерин түшүнү-
шүнө тоскоолдук кылган ортодо бир дубалдын болушу.
Имамдын үнүн угуп, же өзүн көрүп, намаздагы кыймыл-аракет-
терин түшүнсө, имамды ээрчүү туура болот. Ал эми имамды көрбөгөн

106
Маликий мазхабындагылар имамдын алдында тургандардын намазын туура деп
санашат. Бирок кандайдыр бир зарылдык болбой туруп жамааттын имамдын алдына
өтүшү – макүрөө.

165
жана үнүн да укпаган киши жамааттан айрым кишилерди көрүп, же
жамааттын ичинен такбир айткан кишинин такбирин укса, имамды
ээрчиши жайыз болуп саналат.
Эгерде бир киши намаздагы такбирлерди имамдан, же такбирлер-
ди алыста тургандарга угузган бир араачыдан укса, мечитке жанаша
болгон үйүнүн чатырында, же мечитке жанаша болуп, ортодон дубал
бөлүп турган үйүнүн ичинде мечиттеги имамды ээрчий алат. Эгерде
өзү үйдүн чатырында, имам болсо үйдүн ичинде болсо, же үйү мечитке
жанаша болбой, мечит менен үйүнүн ортосунда имамды ээрчүүгө тос-
коол болгон жол болбосо, такбирлерди угуп, имамдын намаздагы кый-
мыл-аракеттерин билсе, мында да имамды ээрчиши жайыз болот.
8) Башка мазхабга таандык бир имамдан өзүнүн мазхабы боюнча
дааратты бузган бир нерсе (кан агуу, же ооз толтура кусуу сыяктуу)
болгонун көрсө да, имамдын кайрадан даарат алганын билбөө.
Бир киши башка мазхабдан болгон имамдын аркасында намаз
окуй алат. Бирок өз мазхабы боюнча намазды бузган бир нерсе имамда
болбошу керек. Эгерде өз мазхабы боюнча намазды буза турган бир
нерсени имамдан көрсө, аны ээрчип, намаз окушу туура болбойт.
Багымдат намазында Шафий мазхабынан болгон имамды ээрчи-
ген Ханафий мазхабына таандык бир киши Шафийлер багымдат нама-
зынын экинчи ирекетинин рукуусунан кийин Кунут дубасын окуп жа-
тышканда, үн чыгарбастан колдорун ылдый таштайт жана күтөт.
Даараттуунун таяммум кылганды, дааратта бутун жуугандын бу-
тундагы маасынын үстүнөн масх тартканды, туруп намаз окугандын
отуруп окуганды, түз тургандын рукууга жүгүнгөндү ээрчиши туура
болот.
Рукуу жана саждаларды так орундатып окуган киши ишаарат ме-
нен окуган кишини ээрчий албайт. Себепсиз болгон кишинин кечирим-
дүү себеп ээсин ээрчиши жайыз болбойт. Эркектердин аялды, же жаш
баланы ээрчиши да жайыз эмес. Куранды жакшы окуган киши сабатсыз
(б.а. намаз туура боло турганчалык даражада Куран окуй албаган) ки-
шини ээрчий албайт. Сабатсыз киши сабатсыздарга намаз окута алат.
Сабатсыз болгон киши дудук кишини ээрчий албайт.
Парз намазды окуган киши напиле окуганды, бир парз намазын
окуган киши башка бир парз намазын окуган кишини ээрчий албайт.
Бирок напиле окуган киши парз окуган кишини ээрчий алат. Бир имам-
ды ээрчип намаз окуган киши кийинчерээк имамдын дааратсыз экенди-
гин билсе, намазды кайра баштан окуйт.

166
Катарлардын тартиби
Имамды ээрчиген эркек кишинин орду имамдын ордунан бираз
аркада боло тургандай калыпта имамдын оң тарабында турат. Сол жа-
гында же аркасында турушу – макүрөө. Имамды ээрчиген киши бир
гана аял болсо, имамдын аркасында турат. Бир эркек менен бир аял
болсо, эркек киши имамдын оң тарабында, аял киши аркасында турат.
Имамды ээрчиген жамаат бирден көп, б.а. эки же андан көп бол-
со, имамдын аркасында турат. Жамааттын саны көбөйгөндө, катарлар
төмөнкүдөй түзүлөт:
* Алгач эркектер.
* Андан кийин эркек балдар.
* Андан кийин да аялдар.
Мындан сырткары катарлар түз болушу керек жана катарда тур-
гандар бири-бирине жакын туруп, аралары ачык болбошу керек. Катар-
лардын жакын жана түз болушу имам тарабынан жамаатка эскертилет.
Катарлардын эң мартабалуусу – биринчи катар. Андан кийин экинчи
катар, андан кийин да үчүнчү катар. Ушундайча уланат.
Имамдын аркасында намаз окугандардын абалы
Имамды ээрчип намаз окуган кишини “муктадий” деп айтат.
Муктадий үчкө бөлүнөт:
1) Мудрик: Намаздын ар бир ирекетин имам менен окуган ки-
шини айтат.
2) Лахик: Намазды имам менен бирге баштаса да, уйку, даарат-
тын бузулушу сыяктуу себептер менен жамаат окуган намазга толук же
азыраак кечиккен киши “лахик” деп айтылат. Мындай киши кечигип
калгандыктан Куран окуй албайт, сахив саждасын да кыла албайт.
Алгач мүмкүн болсо, өткөрүп жиберген ирекеттерди жана намаздын
кыймылдарын орундатат. Андан кийин имамды ээрчип, аны менен
бирге салам берет.
Өткөрүп жибергендерин орундата турган болсо, имамга жетише
албай турганын түшүнгөн киши дароо имамды ээрчийт. Имам намазды
бүтүргөндө, өткөрүп жиберген ирекетерди же намаздын бөлүмдөрүн
аткарат.
3) Масбук: Имамды биринчи ирекеттин рукуусунан кийин ээр-
чиген кишини айтат. Мындай киши имам салам бергенден кийин окула
турган ирекеттерде кыраат боюнча намаздын башталышын, отуруш
боюнча намаздын аягын орундатып, жетише албаган ирекеттерин жал-
гыз окуйт.

167
Намаздын жамаат менен окулушу
Намаздын биринчи ирекетинде имамды ээрчигендердин абалы
Имамдын аркасында жамаат менен намаз окуган киши окула тур-
ган намазга да, имамды ээрчүүгө да ниет кылат. Мисал катары бешим
намазынын парзынын окулушун карап көрөлү:
Мындайча ниет кылат: “Алла тааланын ыраазычылыгы ҥчҥн
бҥгҥнкҥ бешим намазынын парзын окууга ниет кылдым, имамга
баш ийдим.”
Жамаат менен окулган бардык намаздарда имамды ээрчиген
киши ниеттин аягында “имамга баш ийдим” деген сүйлөмдү кошот.
Имам такбир айтканда, жамаат да дароо анын аркасынан такбир
айтып, колдорун байлайт жана ичинен “Субхаанака” дубасын окуп, үн
чыгарбай күтүшөт. Жамаат “Субхаанакадан” сырткары кийинки
ирекеттердин бирөөндө да тике туруп бир нерсе окубайт. Тек гана ачык
окулган намаздарда имам Фатихани бүтүргөндө ичинен “Оомийин”
деп айтат.
Рукууга жүгүнүлгөндө, жамаат бул жерде үч жолу “Субхаана
Раббийал-азиим” деп айтат. Ал эми имам “Самиаллаху лиман хами-
дах” деп өйдө болгондо, жамаат да тике туруп “Раббанаа лакал-хамд”
деп айтат.
Саждага баш койгон сайын үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла”
деп айтылат.
Отуруштарда имам менен бирге жамаат да Аттахийат, Аллаа-
хумма салли, Аллаахумма баарикти окуп, кайрадан имам менен бирге
салам берет.
Имамды ээрчип, жамаат менен намаз окуган киши такбир айтып
жатканда, рукууга жүгүнгөндө, рукуудан түзөлүп жатканда, жайнамаз-
га жыгылганда, жайнамаздан туруп жана салам берип жатканда
имамды ээрчип, андан алдыга өтүп кетпейт.
Бир ирекеттин рукуусунда, б.а. имам рукуудан өйдө боло электе
ниет кылып, такбир айткан жана рукууда имамды ээрчүүгө жетишип
калган киши ошол ирекетке жетишкен болуп саналат.
Экинчи ирекетте имамды ээрчигендердин абалы
Биринчи ирекеттин рукуусуна жетише албай калган киши жетиш-
кен жеринде ниет кылып, такбир айтат жана имамды ээрчип, имам
менен бирге намазын улантат. Акыркы отурушта “Аттахийат” дуба-
сын окуп, имамдын салам беришин күтөт. Имам оң тарабына салам
бергенде, өзү жетише албай калган ирекетти жалгыз окуу үчүн салам

168
бербестен “Аллааху акбар” деп өйдө болуп, Субхаанака, Ауузу-Бис-
милла, Фатиха жана Курандан дагы бир сүрө окуйт. Андан кийин ру-
кууга жүгүнүп жана саждага баш коюп отурат. Аттахийат, Аллаахума
салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа аатина дубаларын окуйт. Ал-
гач оң тарабына, андан кийин сол тарабына бурулуп салам бергенден
кийин намазын аяктайт.
Ҥчҥнчҥ ирекетте имамды ээрчигендердин абалы
Төрт ирекеттүү бир намаздын үчүнчү ирекетинде имамды ээрчи-
ген киши акыркы отурушта “Аттахийат” дубасын окуп, имамдын
салам беришин күтөт. Имам оң тарабына салам бергенде, өзү салам
бербестен “Аллааху акбар” деп өйдө болот жана жетише албай калган
эки ирекетти төмөнкүдөй толуктайт:
Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха жана Курандан дагы бир
сүрө окуп, андан кийин рукууга жүгүнүп жана жайнамазга баш койгон
соң “Аллааху акбар” деп өйдө турат. Бисмилла, Фатиха сүрөсүн жана
Курандан дагы бир сүрө окуп, кайрадан рукууга жүгүнүп, жайнамазга
жыгылгандан кийин отурат. Аттахийат, Аллаахумма салли, Аллаахум-
ма баарик жана Раббанаа аатина дубаларын окуп, алгач оң тарабына,
андан кийин сол тарабына бурулуп салам бергенден кийин намазын
аяктаган болот.
Үч ирекеттүү болгон шам жана битир намазынын үчүнчү иреке-
тинде имамды ээрчиген киши имам менен бирге ошол ирекетти окуйт.
“Аттахийат” дубасын окуп, имамдын салам беришин күтөт. Имам оң
тарабына салам бергенде, өзү салам бербестен “Аллааху акбар” деп
өйдө турат. Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фатиха жана Курандан дагы
бир сүрө окуп, рукууга жүгүнүп жана саждага баш коюп отурат. Отур-
ган соң тек гана “Аттахийат” дубасын окуйт жана “Аллааху акбар”
деп өйдө турат. Бисмилла, Фатиха жана Курандан дагы бир сүрө окуп,
кайрадан рукууга жүгүнүп, жайнамазга жыгылгандан кийин отурат.
Аттахийат, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа
аатина дубаларын окуп, алгач оң тарабына, андан кийин сол тарабына
бурулуп салам бергенден кийин намазын аяктайт.
Төрт ирекеттҥҥ бир намаздын төртҥнчҥ ирекетинде имамды
ээрчиген киши
Имам менен бирге ошол ирекетти окуйт жана акыркы отурушта
“Аттахийат” дубасын окуп, имамдын салам беришин күтөт. Имам оң
тарабына салам бергенде өзү салам бербестен “Аллааху акбар” деп
өйдө турат. Өйдө тургандан кийин Субхаанака, Ауузу-Бисмилла, Фати-
ха жана Курандан дагы бир сүрө окуйт. Андан кийин рукууга жүгүнүп,
жайнамазга баш коюп отурат жана тек гана Аттахийат дубасын окуп,

169
өйдө турат. Өйдө туруп Бисмилла, Фатиха жана Курандан дагы бир сү-
рө окуйт жана жол-жобосуна ылайыктуу түрдө рукууга жүгүнүп, жай-
намазга жыгылып, отурбастан өйдө турат. Тек гана Бисмилла менен
Фатиханы окугандан кийин рукууга жүгүнүп, жайнамазга жыгылып,
анан отурат. Аттахийат, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана
Раббанаа аатина дубаларын окуп, алгач оң тарабына, андан кийин сол
тарабына бурулуп салам берип, намазын аяктаган болот.
Акыркы ирекеттин рукуусунан өйдө болгондон кийин имамды
ээрчиген киши имам оң тарабына салам бергенде, “Аллааху акбар” деп
өйдө турат жана өзү жалгыз бардык ирекеттерди окуп, намазын толук-
тайт.
Жамаатка барбоону мубах кылган кечиримдҥҥ себептер
Төмөндөгү нерселер бир кишинин жамаатка барбашы үчүн кечи-
римдүү себеп болуп саналат. Булардын ичинен бирөө болсо, ал киши
жамаатка барбаса болот. Булар:
1) Жамгыр жана баткак.
2) Катуу суук же катуу ысык.
3) Өзүнө жана мал-мүлкүнө кол салуу коркуусу.
4) Абдан караңгылык.
5) Карызын төлөөдө кыйналган кишинин камалуу коркуусу.
6) Сокурдук.
7) Шал болуу.
8) Бир колдун жана бир буттун, же болбосо бир буттун эле чолок
болушу.
9) Оору-сыркоо.
10) Аксактык (Эгерде аксактык мечитке барып келүүгө тоскоол-
дук кылбаса, жамаатка барыш керек).
11) Көтөрүм болуу.
12) Баса албай калганчалык даражада карылык.
13) Ислам укугун үйрөтүү жана үйрөнүү менен алек болуу (Бирок
мындай абалда болгон киши дайыма жамаатты таштай албайт).
14) Каалап жүргөн тамагынын даяр болушу.
15) Сапарга чыгып жатканда.
16) Оорулууга кароо (Оорулуу кишинин жанынан алыстаса, ага
зыян келе турган болсо жамаатка барбайт).
17) Катуу шамал (Түнкүсүн катуу шамалдын болушу жамаатка
барууга тоскоол болот. Ал эми күндүзгү шамал тоскоол болбойт).
18) Ажаатканага барыш үчүн шашылуу.

170
Ушул себептердин бирөөнөн улам жамаатка кошулбаган, бирок
себеби болбогондо жамаатка баруу ниетинде болгон киши жамаат
сообун табат.
Жамааттын намазда имамды ээрчиген жана ээрчибей турган
нерселери
а) Имамды ээрчиген киши имам такбир айткандан кийин такбир
айтат жана тек гана “Субхаанака” окуп, үн чыгарбай турат. Фатиха
жана Курандан дагы бир сүрө окубайт. Имам менен бирге рукууга жү-
гүнгөндө үч жолу “Субхаана Раббийал-азиим” деп айтат. Имам “Сами-
аллаху лиман хамидах” деп рукуудан түзөлгөндө, имамды ээрчиген
киши тик туруп “Раббанаа лакал-хамд” дейт. Саждаларда да үч жолу
“Субхаана Раббийал-аьла” деп айтат.
Үч жана төрт ирекеттүү парздардын экинчи ирекеттериндеки
биринчи отурушта “Аттахийат” окуйт. Эки, үч жана төрт ирекеттүү
намаздардын акыркы отурушунда Аттахийат, Аллаахумма салли,
Аллаахумма баарикти окуйт жана имам менен бирге салам берет.
б) Имам менен намаз окуган бир киши рукууда үч жолу “Субхаа-
на Раббийал-азиим” деп айтып бүтө электе имам рукуудан түздөлсө,
анда буларды толук айтпастан, дароо имам менен бирге түздөлүп турат.
Саждаларда да үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтып бүтө
электе имам ордунан тура турган болсо, анда муну да толук айтып бү-
түрбөстөн, имамды ээрчип дароо турат.
в) Төрт ирекеттүү намаздардын биринчи отурушунда “Аттахи-
йатты” бүтүрө электе имам үчүнчү ирекетке турса, имамдын аркасын-
да окуган киши кааласа имам менен бирге дароо турат, кааласа “Атта-
хийатты” бүтүргөндөн кийин турат.
г) Эгерде акыркы отурушта “Аттахийатты” бүтүрө электе
имам салам берсе, анда ал киши “Аттахийатты” бүтүргөндөн кийин
салам берет.
д) Жамааттын ичинен бирөө “Аттахийатты” бүтүрүп, бирок
Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана дубаларды бүтүрө электе
имам салам берсе, анда ал киши салават жана дубаларды бүтүрбөйт,
дароо имамды ээрчип салам берет.
е) Битир намазында Кунут дубасын бүтүрө электе имам рукууга
жүгүнсө, Кунуттан бираз окуган болсо, имам менен бирге рукууга
жүгүнөт. Эгерде Кунут дубасынан окуй электе имам рукууга жүгүнсө,
имамга жетише тургандай калыпта Кунут дубасынан бираз окуйт.
ѐ) Имам ашыкча жайнамазга баш коѐ турган болсо, жамаат аны
ээрчибейт.

171
ж) Имам салам бериш үчүн намаздын аягында отургандан кийин
унутуп өйдө турса, жамаат аны ээрчибейт. Имамдын жаңылганын
эстетиш үчүн “Субхааналлах” деп айтат. Эгерде имам окуп жаткан
ашыкча ирекетинин жайнамазга баш коюсуна жете электе кайра
кайтып отурса, жамаат менен бирге салам берет жана сахив саждасын
кылышат.
з) Эгерде имам намаздын аягында отургандан кийин жаңы-
лыштык менен турган кийинки ирекеттин саждасын кылса, жамаат
имамды күтпөйт, өздөрүнчө салам бере беришет.
и) Имам намаздын аягында отурбастан өйдө турса, жамаат тур-
байт. “Субхааналлах” деп айтып, ага кайрадан отурушу үчүн эскертет.
Имам жаңылганын түшүнүп, дароо артка кайтып отурса, бирдикте са-
лам беришет жана сахив саждасын кылышат.
Имам кайра кайтып отура электе жана ашыкча окуган ирекети-
нин саждасын кыла электен мурун жамаат өзүнчө салам берсе, жамаат-
тын намазы бузулат. Эгерде имам сажданы кылгандан кийин салам
беришсе, имамдын да, жамааттын да намазы бузулат.
Имам намазда беш нерсени кылбаса, жамаат да буларды кылбайт.
Булар:
Кунут, айт такбирлери, биринчи отуруш, тилават саждасы жана
сахив саждасы.
Имам төрт нерсени кылса, жамаат аны ээрчибейт. Булар:
Ашыкча сажда, айт такбирлеринде ашыкчалык, жаназа такбирле-
ринде ашыкчалык, намаздын аягында ашыкча ирекетке туруу.
Тогуз нерсени имам кылбаса, жамаат кылат. Булар:
Башталгыч такбирде колдорду көтөрүү, Субхаанаканы окуу
(имам Фатиха окуп жатканда), рукууга такбир айтуу, рукууда теспе
айтуу, саждада теспе айтуу, рукуудан түзөлүп жатканда “Самиаллаху
лиман хамидах” деп айтуу, Аттахийат окуу, салам берүү жана ташрик
такбирлери.
Имамдын өз ордуна жамааттын ичинен бирөөнҥ өткөрҥшҥ
Намазда даараты бузулган имамдын өз ордуна жамааттын ичинен
бирөөнү өткөрүшү “истихлаф” деп айтылат.
Намаз окутуп жатканда даараты бузулган имам убакыт өткөрбөс-
төн, мурду канап жаткансып колу менен мурдун кармап, ордунан турат
жана жамааттын ичинен имамдык кыла ала турган бирөөнү же белги
берип, же өзү өзүнүн ордуна алып келип отургузат. Сөз менен айтып өз
ордуна өткөрбөйт. Эгерде сөз сүйлөй турган болсо, анда бардыгынын
намазы бузулат.

172
Имамдын ордуна өткөн киши ичинен имамдыкка ниет кылып,
намазды толуктайт. Имамдын өзү да даарат алып, намаздын калганын
окуйт.
Намаз окутуп жатканда имамдын даараты бузулуп, бирок өзү ор-
дуна эч кимди өткөрбөсө, жамаат өз ичинен бирөөнү өткөрсө, же бол-
босо жамааттын ичинен бирөө өзү эле имамдын ордуна өтө турган бол-
со, кыскасы мурунку имам али мечиттен чыга электе намазды окута
турган киши анын ордуна өткөн болсо жайыз болуп саналат.
Эгерде намазды окута турган киши имамдын ордуна өтө электе
имам мечиттен чыгып кеткен болсо, анда жамааттын намазы бузулат.
Намазды токтотуп парзга жетишҥҥ
Бир намазды баштагандан кийин аны себепсиз эле бузуу арам бо-
луп эсептелет. Бирок жалгыз окуган бир кишинин жамаатка кошулуп,
сооп табуу максаты менен намазын бузушу – жайыз.
Бир киши парз болгон бир намазды жалгыз окуй баштагандан ки-
йин жанында жамаат менен намаз окула баштаса:
Жалгыз окуган киши али биринчи ирекеттин саждасын кыла элек
болсо, тик турган абалда бир тарабына салам берип, намазын токтотот
жана имамды ээрчийт.
Эгерде биринчи ирекеттин саждасын кылып жана окуп жаткан
парз намазы да төрт ирекеттүү болсо, дагы бир ирекет окуп, эки ирекет-
ти толуктап салам бергенден кийин имамды ээрчийт жана парзды аны
менен окуйт. Өз алдынча окуган эки ирекет намазы напиле болот.
Жалгыз окуган киши эгерде төрт ирекеттүү намаздын үчүнчү
ирекетинин саждасын кылгандан кийин жанында жамаат менен намаз
окула баштаса, анда намазын токтотпойт. Төрт ирекетти өз алдынча
толуктап, андан кийин имамды ээрчийт. Бирок мындай абалда парз
болгон намаз өз алдынча окуган намазы болуп саналат. Ал эми имам
менен окуган намазы напиле болот. Бирок мындай абал дигер на-
мазында болбойт. Анткени дигер намазынан кийин напиле окуу – ма-
күрөө. Ушул себептен дигер намазын жалгыз окуп жатканда жанында
жамаат менен намаз окула баштаганын көргөн киши эгерде намаздын
үчүнчү ирекетинин саждасын кылган болсо, бул намазды бүтүргөндөн
кийин имамды ээрчибейт.
Багымдат жана шам намаздарынын парздарын окуп жатканда,
али экинчи ирекеттин саждасын кыла элек болсо, намазын токтотуп
имамды ээрчийт.
Экинчи ирекеттин саждасын кылган болсо, окуп жаткан парзын
бүтүрөт жана имамды ээрчибейт. Анткени багымдат намазынан кийин

173
напиле намаз окулбай тургандай эле шам намазынын парзынан кийин
да үч ирекеттүү бир напиле намаз окулбайт.
Эгерде бешим намазынын төрт ирекеттүү алгачкы сүннөтүн баш-
тагандан кийин жамаат менен намаз окула баштаса, эки ирекетти окуп
салам бергенден кийин имамды ээрчийт. Үчүнчү ирекеттин саждасын
кылган болсо, төрт ирекет сүннөтүн толуктап, андан кийин имамды
ээрчийт. Парзды жамаат менен окугандан кийин алгач бешим нама-
зынын төрт ирекет сүннөтүн кийинкиге калтырат, андан кийин да эки
ирекет сүннөтүн окуйт.
Мечитке келген мезгилде парз башталган болсо, сүннөттү оку-
бастан дароо имамды ээрчийт. Бирок багымдат намазынын парзы оку-
луп жатканда мечитке келген киши сүннөттү кыла турган болсо, имам-
га экинчи ирекетте “Аттахийат” окулуп жатканда жетише ала турга-
нын түшүнсө, алгач сүннөтүн окуйт, андан кийин имамды ээрчийт.
Эгерде “Аттахийат” окулуп жатканда жетише албасынан корксо,
анда сүннөттү окубайт. Имамды ээрчип парзды окуйт, ал эми сүннөт
болсо кийин окулбайт.
Эгерде окулган бешим намазынын парзы болсо, сүннөттү баш-
табастан имамды ээрчийт. Окуй албаган биринчи сүннөттү парздан
кийин окуйт. Жума намазынын биринчи сүннөтү да ушундай. Парздан
мурун окуй албаган куптан намазынын биринчи сүннөтүн парздан
кийин окушуна эч бир тоскоолдук жок. Имамга бир ирекеттин рукуу-
сунда жетишкен киши ал ирекетке жетишкен болуп эсептелет. Өзү
рукууга жүгүнө электе имам рукуудан түзөлсө, ал ирекетке жетишкен
болбойт. Намаздын бир же эки ирекетин жамаат менен окуган киши
жамаатка жетишкен болуп саналбайт, бирок сооп тапкан болот.
Намаз окуш үчүн мечитке келген киши азанчы кооматты баштай
элек болсо, сүннөттү мечитте же мечиттен сырткары каалаган жеринде
окуй алат. Азанчы кооматты баштап жатканда жана имам намазды
баштаган учурда сүннөттү окуу – макүрөө. Айрыкча катарга кошулуп
же дароо имамдын аркасында сүннөткө туруу – макүрөө.

174
ЖУМА НАМАЗЫ
Жума – мусулмандар үчүн ыйык бир күн. Жума намазы мусул-
мандарга айын парзы болуп саналат. Анын парз экендиги Куран, сүн-
нөт жана ижма (жыйнактар) менен бекемделген.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ ِب ْسو ِبل ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫ج ِبج‬ٛ‫ ِبَ ج ْسٌ ُمؿ ُمّع ِبس ْسحصع ْس‬ٛ‫ ِبز ِبِ ْسٓ ْس‬ٍٛ ‫ ٌِبٍ ِهّٰلل‬ٜ ‫ ِب‬ٛ‫ج ِبج ج ُٔم‬ٛٓ ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫ج‬ٚ‫ ُمر‬ٚ ‫جا‬
ّْٛ‫ج ْسٌر ْسح ُۜ ِبٌى ْسُمُ ْس ٌد ٌى ْسُمُ ِبج ْسْ ُمو ْسٕطُم ْسُ ض ْسعٍ ُم‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Жума күнү намазга чакырылган
(азан айтылган) убакта дароо Алланы эскерүүгө чуркагыла жана
соода-сатыкты таштагыла. Эгерде билген болсоңор, албетте, бул
силер үчүн дагы кайырдуу.”107
Даарат алып мечитке барып, жума намазын окугандар тууралуу
азирети пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

ٚ ‫ ج ْسٔ ص ُم فِبل ٌُٗم ِح ذ ْسحُٕٗم‬ٚ ّ‫ ج ْسٌ ُمؿ ُمّعس ْسحصط‬ٝ‫ء غ ُم ِهّٰللُ جض‬ٛ‫ض‬
‫ ُم‬ٛ‫ضح ح ْسقضٓ ج ْسٌ ُم‬
‫ ِهّٰلل‬ٛ‫ِ ْسٓ ض‬
َ‫ ِبز ح ُمز غ غ ِبس ج ِهّٰلل ٍح‬ٚ ‫ذ ْس ج ْسٌ ُمؿ ُمّع ِبس‬
“Бир киши жакшылап даарат алгандан кийин жума намазына
келип, унчукпастан кутпаны укса, үч күн ашыкчасы менен бир жума-
лык күнөөлөрүнүн баары кечирилет.”108
Жума намазын окубагандар тууралуу азирети пайгамбарыбыз аб-
дан маанилүү бир эскертүү айтып кеткен. Абу Хурайра менен Абдул-
лах бин Өмөр пайгамбарыбыздын минбардын үстүндө мындай деп
буюрганын угушканын айтышкан:

ِٓ‫ُٔم ِهّٰللٓ ِب‬ٛ‫ ْسُ غ ُم ِهّٰللُ ٌحىُم‬ٙ‫ذِب ِب‬ٍٛ‫جا ٰل لُم ُم‬


‫ ٌح ْس طِبّ ِهّٰللٓ ِهّٰلل ُم‬ٚ‫حش ج ْس‬ ‫ ُمُ ج ْسٌ ُمؿ ُمّع ِب‬ٙ‫ ْس ِب ِب‬ٚ ٓ‫ج ٌدَ ْس‬ٛ‫ ِهّٰلل ج ْسل‬ٙ‫ٌح ْسٕط ِب‬
‫ج ْسٌغح ِبٍ ِب‬
“Кандайдыр бир жамаат жума намазын таштап коюудан сак-
танышсын, болбосо Алла таала алардын жүрөктөрүнө мөөр басат да
аңкоолордон болушат.”109

107
Жума сүрөсү, 9-аят.
108
Муслим, Жума, 8.
109
Муслим, Жума, 12.

175
Жума күнү – мусулмандар үчүн салтанаттуу бир күн. Бул күнү
жуунуп-тазалануу, тырмактарды алуу, тиштерди тазалоо, жыпар жыт
себинүү, жакшынакай жана таза кийимдерди кийип мечитке баруу мус-
тахаб болуп саналат. Азан чакырылганда жума намазын окууга милдет-
кер болгондор иштерин таштап, дароо мечитке баруулары керек.
Жума намазынын бир кишиге парз болушу үчүн мусулмандык,
акыл-эстүүлүк жана эрезеге жеткендиктен сырткары дагы бир нече
шарт болушу керек.
Булар жума намазынын парз болушунун шарттары жана жума
намазынын туура болушунун шарттары болуп экиге бөлүнөт.
Жума намазынын парз болушунун шарттары
Жума намазынын бир кишиге парз болушу үчүн ал кишиде алты
шарт болушу керек.
1) Эркек болуу.
2) Көз карандысыз болуу.
3) Конокто болбоо.
4) Чың ден-соолуктуу болуу.
5) Көр (сокур) болбоо.
6) Буттардын майып болбошу.
Бул шарттарга ээ болбогон кишиге жума намазы парз эмес.
Бул боюнча аядарга, бирөөгө көз каранды болгондорго, жолоочу-
ларга, оорулууларга, эки көзү көр болгондорго, буту чолок болгон кө-
төрүмдөргө (шалдарга) жума намазы парз эмес. Бирок мындай абалда
болгондор мечитке барып, жума намазын окушса, намаздары туура
болот жана ошол күндүн бешим намазынын ордуна эсептелет.
Өздөрүнө жума намазы парз болбогон оорулуу жана жолоочунун
намаз окутушу жайыз болуп саналат.
Оорулуу кишиге караган бир киши аны таштап жума намазына
барганда, оорулуунун зыян тартарынан корксо, жума намазына барбаса
да болот.
Мечитке бара албай тургандай абалда болгондор менен мечитке
бара турган болсо, оорусунун күчөшүнөн же айыгышынын кечигиши-
нен корккон кишилерге да жума намазы парз эмес. Баса албай турган-
чалык даражадагы кары-картаңдарга да парз эмес.
Бир буту чолок же шал болуп, бирок кыйналбастан баса алган ки-
ши жума намазына барат, ал эми баса албаган киши барбайт.

176
Жума намазынын туура болушунун шарттары
Бул шарттар да алтоо:
1) Жума намазы окула турган жайдын калк жыш жайгашкан жер-
де же шаарда болушу.
2) Жума намазын мамлекет тарабынан милдеттендирилген бир
кишинин окутушу
Абдан чоң жамаат менен окулган жума намазын окуткусу келген
кишилердин арасында ар кандай түшүнүшпөстүктөр чыгышы мүмкүн.
Ошондой эле бир топ бир кишини чыгарышса, экинчи топ башка бир
кишини чыгарууга аракет кылышы мүмкүн. Мындан сырткары намаз-
дын маал ичинде саат канчада окула турганы боюнча да келишпес-
тиктер болушу ыктымал.
Ушул себептен жума намазын окутуу боюнча мусулмандардын
арасында чыгышы ыктымал болгон түшүнүшпөстүктөргө жол ачпоо
жана тартипти камсыз кылуу үчүн жума намазын окуткан кишинин
мамлекет тарабынан милдеттендирилген бир киши болушу керек.
Кандайдыр бир себептен улам уруксат алуу мүмкүн болбой, му-
сулмандар бир кишини орток чыгарышса, ал киши окуткан жума нама-
зы да зарылдыктан улам жайыз болуп саналат. Ошондой эле башкаруу-
чулары мусулман болбогон жерлерде да жума жана айт намаздарын
окуу да – жайыз.110
3) Жума намазынын түш ченде окулушу.
Түш боло электе жума намазы окулбайт, ушул сыяктуу эле түш
маалы өткөндөн кийин да окулушу туура болбойт.
4) Намаздан мурда кутпанын айтылышы.
Кутпа бир киши да болсо жамааттын алдында айтылышы керек.
Жамааттын оорулуу жана жолоочу болушу да жетиштүү. Башка жамаат
болбой, тек гана аял же бала болсо, кутпа айткан туура болбойт.
5) Жума намазы окулган жайдын бардык кишилерге ачык
болушу.
Анткени жума намазы Исламдын белгилеринен жана диний өзгө-
чөлүктөрүнөн бири болуп саналат. Ушул себептен ачык-айкын окулу-
шу керек.
Имам намаз окулган жердин каалгасын кулпулай турган болсо,
жума намазы жайыз болбойт. Башка кишилердин киришине уруксат бе-

110
Тахтави алал-маракыл-фалах, 331-бет; Раддул-Мухтар аладдур-рил-Мухтар (Ибн
Абидин), 1-том, 540-бет; ал-Фатавал-Хиндиййа, 1-том, 146-бет.

177
рилсе, жайыз болот. Ал эми бир сепилдин дарбазасын душман коркуну-
чу себебинен улам кулпулоо зыян бербейт.
6) Имамдан сырткары эң аз үч кишилик (эркек) жамааттын
болушу.
Кутпа айтылып жатканда даяр болгон жамаат барып, кутпа ай-
тылгандан кийин башка бир жамаат келсе, жума намазы туура эле бо-
лот. Жамааттын оорулуу жана жолоочулардан турушу да – жайыз.
Анткени булар имам боло алышканына караганда жамаат да боло
алышат.
Бирок башка жамаат болбой, жамаат тек гана аял жана балдардан
турган болсо, булар менен жума намазы жайыз болбойт. Анткени булар
имамдык кыла алышпайт. Ал тургай эки эркек менен бир аял же бир
бала болсо да, жума намазы туура болбойт.
Кутпа
Кутпанын мазмуну Алла тааланы эскерүүдөн турат. Арапчадан
башка бир тил менен да айтылса болот.
Алла таалага шүгүр, теспе жана такбир айтуу менен кутпанын
парзы орундалган болот, бирок сүннөт ташталганы үчүн макүрөө болуп
саналат.
Кутпанын туура болушунун шарттары
а) Кутпанын намаздан мурун айтылышы.
б) Кутпа максаты менен айтылышы.
в) Маал ичинде болушу.
г) Кутпа айтылып жатканда жамааттын ичинен жок дегенде бир
кишинин болушу.
д) Бул кишинин өзү менен жума намазы окула турган бир киши-
нин болушу.
е) Кутпа менен намаздын намазга терс келген бир иш менен
бөлүнбөшү (тамактануу, бир нерсе ичүү сыяктуу).
Кутпа – экөө, ортолору кыска бир отуруш менен бөлүнөт. Ар
биринде Алла таалага шүгүр кылынат. Шахадат келмеси келтирилет
жана салават айтылат. Биринчи кутпада аят окулуп, үгүт-насаат
айтылат. Экинчи кутпада момундарга дуба окулат.
Кутпанын сҥннөттөрҥ
1) Имамдын кутпадан мурун минбар тарапта болушу.
2) Минбарга чыкканда отурушу.

178
3) Азандын имамдын алдында айтылышы.
4) Азан айтылгандан кийин имамдын эки кутпаны тең тике туруп
айтышы (Себепсиз эле кутпаны отуруп же жөлөнүп айтуу – макүрөө).
5) Кутпаны жамаатка карап айтуу.
6) Кутпага үн чыгарбастан Ауузу-Бисмилла айткандан кийин
Алла таалага шүгүр кылып баштоо, Шахадат келмесин келтирүү жана
Пайгамбарыбызга салават айтуу.
7) Үгүт-насаат айтуу.
8) Курандан бир аят окуу.
9) Эки кутпа айтуу жана эки кутпанын арасында үч аят окула тур-
ганчалык мөөнөткө отуруу.
10) Экинчи кутпага да Алла таалага шүгүр кылып жана пайгам-
барыбызга салават айтып баштоо.
11) Мусулмандарга кечирим, жардам жана ден-соолук бериши
үчүн дуба окуу.
12) Экинчи кутпада үндү биринчи кутпага караганда бираз дагы
басаңдатуу.
13) Эки кутпаны тең көпкө создуктурбоо.
14) Кутпа аяктаганда коомат келтирүү.
Кутпа айтылып жатканда сүйлөө макүрөө болуп эсептелет жана
сүйлөгөн кишини тыюу үчүн сүйлөө да – макүрөө.
Имамдын минбарга чыгышынан баштап жума намазынын парзы
окулганга чейин сүйлөө, сүйлөгөн кишини эскертүү, Куран окуу, сала-
ват жана салам айтуу (пайгамбарыбызга салават жана салам айтылышы
керек болгон абал болсо, муну ичинен айтат), теспе тартуу, берилген
саламды алик алуу, тамактануу сыяктуу кутпаны укканга жолтоо бол-
гон нерселер макүрөө болуп саналат. Көзгө көрүнгөн бир жаңылыш-
тыкты баш ийкеп, көз жана кол менен белги берип оңдоого аракет кы-
луу макүрөө эмес. Кутпа айтылып жатканда намаз окуу да – макүрөө.
Имам минбарга чыга электе жума намазынын алгачкы сүннөтүн баш-
таган киши имам али кутпа айта элек болсо, убажиптерин орундатып,
намазды дароо бүтүрүшү керек. Кутпа айтылып жатканда каалагандай
отурса болот, бирок намазда отургандай отуруу – мустахаб.
Кандайдыр бир себептен улам жума намазына бара албаган ки-
шилердин (оорулуу, жолоочу жана камакта болгон кишилер сыяктуу)
жума күнү бешим намазын жума намазы окулгандан кийин окушу –
мустахаб. Ал эми жумадан мурун окушу – макүрөө.
Бир себептен улам жума намазына бара албаган, же болбосо се-
бепсиз эле барбаган кишилердин жума күнү жума намазы окулган
179
жерде бешим намазын жамаат менен окушу – макүрөө. Жума намазы
окулбаган айыл жана талааларда окуу – макүрөө эмес.
Жума намазында имамга экинчи ирекеттин отурушунда жетиш-
кен киши имам салам бергенден кийин жума намазын бүтүрөт жана
жума намазына жетишкен болуп саналат.
Жума намазынын окулушу
Жума намазы төртөө – алгачкы сүннөт, экөө – парз жана төртөө –
акыркы сүннөт болуп, жалпысынан он ирекеттен турат.
Жума күнү түш маалында азан чакырылгандан кийин биринчи
төрт ирекет болгон алгачкы сүннөтү окулат. Жума намазынын ниети
мындай: “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү жума нама-
зынын алгачкы суннөтун окууга ниет кылдым.”
Жума намазынын алгачкы сүннөтүнүн окулушу дал эле бешим
намазынын төрт ирекет сүннөтү сыяктуу. Сүннөт окулгандан кийин ме-
читтин ичинде дагы бир жолу азан чакырылат жана имам минбарга
чыгып кутпа айтат. Кутпа аяктагандан кийин коомат келтирилет жана
жума намазынын эки ирекет парзы жамаат менен бирге окулат. Имам-
дын аркасындагы жамаат мындай деп ниет кылат: “Алла тааланын
ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү жума намазынын парзын окууга ниет
кылдым, имамга баш ийдим.”
Парздан кийин жума намазынын акыркы төрт ирекет сүннөтү
окулат. Мунун окулушу да жума намазынын алгачкы сүннөтү сыяктуу.
Ниети мындай: “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн жума намазынын
акыркы сүннөтүн окууга ниет кылдым.”
Ушундайча жума намазы аяктайт.
Зухри ахир (акыркы бешим) намазы
Калк жашаган жерде бирден көп мечитте жума намазынын оку-
луп окулбашы боюнча Ислам аалымдарынын арасында ар кандай көз
караштар бар. Ханафий мазхабында кабылданган көз караш – бир жер-
де бирден көп мечитте окулган жума намазынын туура болушу.
Бирок Имам Абу Юсуфтун көз карашы боюнча жума намазы бир
жерде тек гана бир мечитте, шаар чоң болсо же ортосунан дарыя акса,
эки гана мечитте окулушу керек. Ал эми Шафий мазхабындагылар “за-
рылдык болбосо, бир гана мечитте окуса болот” дешет. Бул имамдар-
дын пикири боюнча бир жерде бирден ашык жума намазы окулса,
намазды биринчи баштагандардын намазы туура болот, кийинкиге кал-
гандардын намазы туура эмес. Бардыгы бирдикте окушса жана кайсы-
нысынын биринчи окуганы күмөндүү болсо, эч биринин намазы туура
болбойт. Мындай абалда жума намазынын шарттарынын бири өткөрү-

180
лүп, жума намазынын жайыз болушу күмөндүү абалга келген болот.
Бул пикирде болгондор жума намазынын туура эмес болушунан сакта-
нуу үчүн түш маалынын парзын окуу максатында “Зухри ахир” аты
менен төрт ирекет намаз окулушун керектүү көрүшкөн.
Бирден ашык мечитте окулган жума намаздарынын туура экенди-
гин жактагандар жана ушул себептен акыркы бешимди окуунун кереги
жок деген пикирде болгондор: “Жума намазынан кийин акыркы бешим
намазын окуу – этияттануу эмес. Эки далилдин кайсынысы эң күчтүү
болсо, аны менен иш кылуу чыныгы этияттануу болуп саналат. Бул
маселеде эң күчтүү далил – бирден ашык мечитте жума намазы окуу-
нун жайыз болушу,” – деп айтышкан.
Мындай абалда жума намазы жайыз болуп, бешим намазынын
ордуна эсептелгенине караганда ал күнү бешим намазын айрыкча
окуштун кереги жок.
Бул эки көз караштын бирөө менен иш кылуу жайыз болуп сана-
лат. Ушул себептен жума намазын окуган бир киши жума намазынан
кийин “акыркы бешим” ниети менен төрт ирекет намаз окууга мажбур
эмес. Анткени жума намазы бешим намазынын ордуна окулгандыктан
ал күнү айрыкча бешим намазы окулбайт. Ошондой эле “акыркы бе-
шим” намазын окууга да эч нерсе тоскоолдук кылбайт. Каалаган киши
төрт ирекет “акыркы бешим” менен эки ирекет да маал сүннөтүн
окуйт.
Акыркы бешим намазына “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн
убактысына жетишип, бирок али окула элек акыркы бешим намазымы
окууга ниет кылдым” деп ниет кылынат. Бул акыркы бешим намазы
бешим намазынын төрт ирекет парзы сыяктуу окулат. Ошондой эле
сүннөттөрдө болгондой төрт ирекеттин бардыгында Фатихадан кийин
Курандан дагы бир сүрө окулса, андан бетер жакшы болот.
Эки ирекет маал сүннөтүнө мындайча ниет кылынат: “Алла таа-
ланын ыраазычылыгы үчүн маал сүннөтүн окууга ниет кылдым.” Бул
намаз да багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.

181
АЙТ НАМАЗДАРЫ
Мусулмандардын бир жылда Орозо айт (Рамазан) жана Курман
айт деген эки диний майрамы бар.
Жума намазы парз болгон кишилерге айт намаздарын окуу – уба-
жип. Айт намазы эки ирекет болуп жамаат менен окулат. Айт намаз-
дарында азан чакырып, коомат келтирүүнүн кереги жок. Айт кутпасы
сүннөт болуп эсептелет жана намаздан кийин айтылат. Ал эми жума
кутпасы парз болуп саналат жана намаздан мурун айтылат.
Башка намаздардан айырмаланып, айт намаздарынын биринчи
ирекетинде үч, экинчи ирекетинде да үч жолу болуп, жалпысынан алты
такбир келтирилет. Буларга “зеваид (ашыкча) такбирлер” деп айтылат.
Айт намаздарынын окулушу
Орозо айт (Рамазан) намазы
Биринчи ирекет:
Жамаат катарга тизилип имамдын аркасынан орун алат жана
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн Орозо айт намазын окууга ниет
кылдым, имамга баш ийдим” деп ниет кылат.
Имам “Аллааху акбар” деп колдорун көтөргөндө, жамаат да
имамдын аркасынан “Аллааху акбар” деп колдорун жогору көтөрүп,
кайра түшүргөн соң байлайт.
Имам дагы, жамаат дагы үн чыгарбастан “Субхаанака” дубасын
окушат. Мындан кийин үч жолу такбир айтылат. Такбирлер төмөнкү-
дөй айтылат:
Биринчи такбир: Имам добушун көтөрүп, жамаат болсо үн чы-
гарбастан анын аркасынан “Аллааху акбар” деп (башталгыч такбири
сыяктуу) колдорун көтөрүп, кайра түшүрүп бош ташташат. Андан соң
бир аз токтоп турушат.
Экинчи такбир: Экинчи жолу “Аллааху акбар” деп айтышып,
колдорун көтөрүшүп, кайрадан ылдый түшүрүп бош ташташат жана
бул жерде да биринчи такбирдегидей эле бир аз күтүп турушат.
Ҥчҥнчҥ такбир: Кайрадан “Аллааху акбар” деп айтышып, кол-
дорун көтөрүшөт жана ылдый түшүрүп, мурункулардай бош ташта-
бастан байлашат.
Мындан кийин имам үн чыгарбастан “Ауузу-Бисмилла”, анан
үнүн көтөрүп Фатиха менен Курандан дагы бир сүрө окуйт. (Жамаат эч
нерсе окубайт, имамды угуп турушат.)

182
Рукууга жүгүнүшүп, жайнамазга жыгылгандан кийин өйдө болу-
шат (экинчи ирекетке) жана колдорун байлашат.
Экинчи ирекет:
Имам үнүн чыгарбастан Бисмилла, анан үнүн көтөрүп Фатиха
менен Курандан дагы бир сүрө окуйт. Имам сүрөлөрдү окуп бүткөндөн
кийин тышынан, жамаат болсо ичинен (биринчи ирекетте болгондой
эле) үч жолу такбир келтирет. Үчүнчү такбирден кийин колдорун бай-
лабастан төртүнчү такбир менен рукууга жүгүнүшүп, андан кийин жай-
намазга жыгылып отурушат.
Отурушта имам менен жамаат Аттахийат, Аллаахумма салли,
Аллаахумма баарик жана Раббанаа аатина дубаларын окушуп, алгач оң
тарабына, андан кийин сол тарабына салам беришип намазды аякташат.
Намаздан кийин имам минбарга чыгып, бирок отурбастан кутпа
айтат. Жума кутпасындагы “Алхамдулиллаах” ордуна айт кутпасына
“Аллааху акбар, Аллааху акбар, Лаа илааха иллаллаахү веллаахү экбер,
Аллааху акбар ве лиллаахил-хамд” деп баштайт. Жамаат да имам менен
бирге такбир келтирет. Айт кутпасын намаздан мурун окуу – макүрөө.
Ошондой эле кутпаны айтпоо да – макүрөө.
Имам Орозо айт кутпасында битир садагасы, Курман айт кутпа-
сында да курмандык тууралуу жамаатка маалымат берет.
Айт намазынан мурун үйдө жана мечитте, айт намазынан кийин
мечитте напиле намаз окуу макүрөө болуп саналат. Айт намазынан
үйгө келгенден кийин окуса болот. Кандайдыр бир себептен улам айт
намазын өткөрүп жиберген киши аны каза кыла албайт жана өзү жал-
гыз да окуй албайт.
Айт намазында биринчи ирекетте ашыкча (заваид) такбирлер ай-
тылгандан кийин имамды ээрчиген киши дароо ал такбирлерди айтат.
Биринчи ирекеттин рукуусунда жетишкен киши болсо тике туруп баш-
талгыч (ифтитах) такбирин айтат. Имамга рукууда жетише ала турга-
нына ишенсе, ашыкча такбирлерди да тике туруп айтат. Имамга жети-
ше албай турганын түшүнсө, башталгыч такбиринен кийин рукууга жү-
гүнөт жана рукуу теспелеринин ордуна колдорун көтөрбөстөн ашыкча
такбирлерди айтат. Такбирлерди айтып жатканда имам рукуудан тү-
зөлсө, калган такбирлерди айтышынын кереги жок.
Экинчи ирекетте имамга жетишкен киши имам салам бергенден
кийин тике туруп окубаган ирекетин такбирлер менен бирге орундатат.
Орозо айт намазы айт күнүнүн аныкталбашы, же болбосо катуу
жамгыр сыяктуу бир себеп менен биринчи күнү окула албай калса,
экинчи күнү окула берет. Экинчи күнү да окулбаса, андан кийин окул-
байт.

183
Курман айт намазы ушул эле себептер менен айттын биринчи
күнү окулбаса, экинчи күнү окулат. Экинчи күнү да окулбаса, үчүнчү
күнү окула берет. Мындан кийин окулбайт.
Курман айт намазы
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн Курман айт намазын
окууга ниет кылдым, имамга баш ийдим” деп ниет кылынат.
Имам “Аллааху акбар” деп башталгыч такбирин келтиргенде,
жамаат да имамдын аркасынан “Аллааху акбар” деп колдорун көтөрүп,
киндигинин астына байлайт.
Ниет кылынгандан кийин дал эле Орозо айт намазы сыяктуу
окулат. Намаз аяктагандан кийин кутпа айтылат.
Ташрик такбирлери
Курман айттан бир күн мурда, б.а. “Арапа” күнүнүн багымдат
намазынан тартып айттын төртүнчү күнүнүн дигер намазына чейин
жыйырма үч маал парз намаздарынан кийин бир жолу:

‫ا ج ْسٌك ْسّ ُمل‬


‫ ِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ا ج ْسو ُم‬
‫جا ج ْسو ُم ج ِهّٰلل ُم‬ ‫ا ج ْسو ُم ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
‫ ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫جا‬ ‫ا ج ْسو ُم ج ِهّٰلل ُم‬
‫ج ِهّٰلل ُم‬
“Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллааху вал-
лаахҥ акбар. Аллааху акбар ва лиллаахил-хамд” деп такбир айтуу –
убажип. Буга “ташрик такбири” деп айтылат.
Бул такбир жамаат менен да, жалгыз да намаз окуган кишиге,
жүргүнчүгө, жүргүнчү болбогонго, эркекке жана аялга да – убажип.
Имамды экинчи ирекетте ээрчиген киши жетише албай калган
биринчи ирекетин окугандан кийин ташрик такбирин айтат. Имам ме-
нен бирге такбир айтса, намазы бузулбайт. Намазда сахив саждасынын
кылынышын талап кылган бир жагдай болсо, ташрик такбири сахив
саждасынан кийин айтылат. Имам ташрик такбирин унутуп калса, жа-
маат бул такбирди айтууга тийиш.
Ташрик такбири саламдан кийин дароо айтылышы керек. Эгерде
саламдан кийин сүйлөсө, же мечиттен чыкса, мындан кийин такбир ай-
тылбайт.
Арафаттагы ажыларга окшошуу максаты менен арапа күнү ме-
читте же шаардын сыртына чыгып, башты ачып турууга жана талбийа
келтирүүгө болбойт. Ал тургай мындай кыймыл-аракет кылуу макүрөө
болуп саналат.
Ташрик такбирлери күндөрүндө окулбай калган намаздар ташрик
күндөрүндө каза кылынса, ташрик такбирлерин келтириш керек.
Ташрик күндөрү өткөндөн кийин каза кылынса, такбир келтирилбейт.

184
Айт майрамдарындагы милдеттерибиз
Айт күнү эртең менен эрте туруу, жуунуп тазалануу, тиштерди
тазалоо, эң жакшы кийимдерди кийүү жана жыпар жыттарды себинип
мечитке баруу, жолугушкан кишилер менен жылуу учурашуу, жакыр-
ларга жардам берип сүйүндүрүү, дин боордошторубузду айты менен
куттуктоо, улууларды зыярат кылуу, өлгөн жакындарыбыз үчүн садага
берүү, мазарларга барып Куран окуу жана дуба кылуу, таарынычтарды
жазуу, таарынышкандарды элдештирүү, балдарга белек-бечкек берип
сүйүндүрүү – айт майрамдарындагы аткарылышы керек болгон негизги
милдеттерибиз.

185
САХИВ (ЖАҢЫЛУУ) САЖДАСЫ
Намазда бир рукунду (кыймылды) кечиктирүү, эртерээк аткаруу,
кайталоо, бир убажипти таштоо, кечиктирүү же алмаштыруудан улам
намаздын аягында сахив саждасын кылуу убажип болот. Парздардан
бирөө унутулуп, же атайын эле аткарылбаса, намаз бузула турганы
үчүн сахив саждасы менен толукталбайт, намаз кайрадан окулуш керек.
Убажиптердин ичинен бирөөсү атайын эле орундалбаса, сахив сажда-
сынын керекги жок, намаздын жаңыдан окулушу убажип болот.
Сахив саждасы кандай аткарылат?
Намаз окуп жатканда парздардан же убажиптерден бирөө унуту-
луп кечиктирилсе, же болбосо убажиптерден бирөө орундалбай калса,
намаздын акыркы отурушунда тек гана Аттахийат окулуп, оң тарапка
салам айтылгандан кийин “Аллааху акбар” деп айтылып, жайнамазга
баш коюлат. Бул абалда үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айты-
лат. Андан кийин “Аллааху акбар” деп айтылып, экинчи жолу жайна-
мазга баш коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айты-
лат жана “Аллааху акбар” деп айтылып отурулат. Бул отурушта Атта-
хийат, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик жана Раббанаа аатина
дубалары окулуп, алгач оңго, андан кийин солго салам берилет. Бул
сахив саждасы деп айтылат.
Сахив саждасын талап кылган жагдайлар
а) Биринчи отурушта Аттахийат окуп, өйдө туруш керек бол-
гондо, “Аллаахумма салли аалаа Мухаммед” дей турганчалык ыйык са-
лаваттан окуса, парз болгон кыямды кечиктиргени үчүн сахив саж-
дасын аткарышы керек.
б) Туруп турганда алгач Курандан бир сүрө окуй баштаган киши
Фатиханы окубаганын эстегенде, Фатиханы окуйт. Андан кийин сүрөнү
кайрадан окуп, убажипти кечиктиргени үчүн сахив саждасын аткарат.
в) Парздардын алгачкы эки ирекетинде Фатиханы толук же көбүн
окубаган киши сахив саждасын аткарышы керек. Фатиханын көбүн
окуп, калганын унутуп калган киши аткарбайт. Парздардын акыркы эки
ирекетинде Фатиха окулбаса, сахив саждасынын кереги жок. Анткени
бул жерлерде Фатиха окуу – сүннөт. Бирок битир жана напиле намаз-
дарынын ар бир ирекетинде Фатиха окуу убажип болгондуктан булар-
дын кайсы бир ирекетинде Фатиха окулбаса, сахив саждасын аткаруу
керек. Тек гана Фатиханы окуп, сүрөнү окубаган же Фатиханы сүрөдөн
кийин окуган киши да сахив саждасын аткарышы керек.
Айт такбирлеринин бардыгын же айрымдарын аткарбаган, же
болбосо ашыкча кылган киши да сахив саждасын аткарат. Рукууга жү-
186
гүнүп жатканда эстесе, такбирлерди бул жерде орундатат. Намаздын
алгачкы эки ирекетинин бирөөндө Фатиханы кайрадан окуган киши да,
биринчи отурушта Аттахийат эки жолу окуган киши да сахив саждасын
аткарышы керек.
Намаздарда биринчи отуруш аткарыла электе өйдө турулса, уба-
жип аткарылбаганы үчүн сахив саждасы керек. Мындай учурда Аттахи-
йат окуш үчүн отурганды унутуп, өйдө турайын деп обдулган киши дал
ошол учурда жаңылганын түшүнсө, кайрадан отурат жана Аттахийат
окуйт. Эгерде турайын деп калган болсо, кайрадан отурбастан тике
туруп түзөлөт жана убажипти таштап өткөнү үчүн сахив саждасын
аткарат.
Эгерде төрт ирекеттүү бир намаздын аягындагы отурушту уну-
туп, өйдө болсо жана ашыкча болгон бул ирекеттин саждасына жыгыла
электе жаңылганын эстесе, дароо отуруп, парз болгон акыркы отуруш-
ту кечиктиргени үчүн сахив саждасын аткарат. Ашыкча болгон ирекет-
тин саждасына жыгылгандан кийин жаңылганын түшүнсө, парз намазы
напилеге айланат. Кааласа буга дагы бир ирекет кошуп, алты ирекет
окуйт, кааласа салам берип, намазын аяктайт. Бул жерде парз болгон
акыркы отуруш аткарылбагандыктан намаз кайрадан окулуш керек.
Төрт ирекеттүү бир намаздын акыркы отурушун орундаткандан
кийин унутуп калып өйдө турса жана бешинчи ирекеттин саждасына
жыгыла электе жаңылганын эстесе, кайрадан отуруп, убажип болгон
саламды кечиктиргени үчүн сахив саждасын кылат.
Эгерде бешинчи ирекеттин саждасына жыгылгандан кийин жа-
ңылганын түшүнсө, мындан кийин кайра артка кайтпастан, дагы бир
ирекет кошуп, алты ирекет окуйт. Намаздын аягында да сахив сажда-
сын аткарат. Мындай абалда алты ирекеттин төртөө парз катары оку-
луп, буга кошумча катары окулган эки ирекет да напиле болгон болот.
Үч ирекеттүү намаздын (шам намазынын) акыркы отурушун
орундагандан кийин ашыкча эле төртүнчү ирекетке, эки ирекеттүү на-
маздын (багымдат намазынын) акыркы отурушун орундагандан кийин
үчүнчү ирекетке турулганда да өкүм ушундай. Башкача айтканда бу-
ларда да ашыкча ирекеттин саждасына жыгыла электе жаңылганын эс-
тесе, кайра артка кайтат. Саждага жыгылгандан кийин эстесе, буларга
да экиден ирекет кошуп, сахив саждасын аткарат. Ашыкча болуп окул-
ган эки ирекет напиле болгон болот.
Тике туруп эч Куран окубастан рукууга жүгүнгөн киши дароо
өйдө туруп Куран окуйт жана кайрадан рукууга жүгүнөт. Эгерде рукуу-
га кайрадан жүгүнбөсө, намазы бузулган болот. Бул жерде намаздын
бир кыймылы болгон рукуу өз учурунда эмес, башка бир кыймыл бол-

187
гон кырааттан (Куран окуу) мурун аткарылганы үчүн сахив саждасы
талап кылынат.
Бирок кыямга кайтуу менен мурунтан аткарылган рукуу бузул-
гандыктан рукууга кайрадан жүгүнүү керек. Анткени рукуу кыраат
менен бекемделет. Кыраатсыз рукуу өтүмдүү болбогондуктан кыраат-
тын аткарылбашы менен рукуу бузулган болот.
Битир намазында Кунут дубасын жаңылыштык менен окубай ке-
тип, рукууда эстесе, артка кайтып, Кунут дубасын окуштун кереги жок.
Намаздын аягында сахив саждасын аткарышы керек. Бирок артка кай-
тып, Кунут дубасын окуган мезгилде аткарылган рукуу бузулбаган-
дыктан, кайрадан рукууга жүгүнүштүн кереги жок. Анткени рукуу
Кунут менен бекемделбегени үчүн Кунутсуз бир рукуу өтүмдүү. Мын-
дай учурда тек гана сахив саждасын аткарыш керек. Рукууда, сажда-
ларда жана отуруштарда Аттахийаттан мурун Куран окулса, сахив
саждасын аткарыш керек. Анткени бул жерлерде Куран окулбайт.
Аттахийаттан кийин аят окулган учурда:
Эгерде биринчи отурушта болсо убажип орундалбаганы үчүн са-
хив саждасы керек. Акыркы отурушта болсо кереги жок. Анткени бул
жерде дуба жана мактоо үчүн кеңири убакыт болгондуктан, убажип
орундалбаган болуп саналбайт.
Акыркы отурушта Аттахийат эки жолу окулса, сахив сажда-
сынын кереги жок. Тик турганда Фатихадан мурун окулса да кереги
жок. Анткени бул жер – дуба окула турган жер. Фатихадан кийин окул-
са, сахив саждасы керек. Анткени Фатихадан кийин Курандан бир сүрө
окулат. Аттахийат окулса, убажип аткарылбаган болот. Биринчи жана
экинчи отуруштарда Аттахийаттын бардыгын же бир бөлүгүн окубаган
киши да сахив саждасын аткарышы керек.
Имамдын Фатиханы ачык окуй турган намаздарда үн чыгарбас-
тан, үн чыгарылбай окула турган намаздарда да ачык окушу сахив саж-
дасын талап кылат.
Үн чыгарбай окуй турган жерде Фатиханын көпчүлүгүн ачык
окуса, жаңылганын байкаган мезгилде калганын ичинен окуйт. Ачык
окуй туган жерде жаңылыштык менен көпчүлүгүн үн чыгарбастан оку-
гандан кийин эстесе, Фатиханы кайра баштан окуйт.
Намазда ачык окулушу керек болгон жерде үн чыгарылбастан, үн
чыгарылбай окула турган жерде ачык түрдө Куран окулса, сахив сажда-
сы керек. Рамазан айында имам битир намазында кыраатты үн чыгар-
бай окуса да, сахив саждасы аткарылууга тийиш. Жалгыз намаз окуган
киши ачык же үн чыгарбай окушунан улам сахив саждасынын кереги

188
жок. Курандан сырткары намазда зикир, дуба жана Аттахийатты жаңы-
лыштык менен ачык окуу сахив саждасын талап кылбайт.
Намазда тилават саждасын аткарууну талап кылган бир аятты
окуп, бирок саждага жыгылганды унутуп калган киши муну намаздын
аягында эстесе, тилават саждасын орундатат жана аны кечиктиргени
үчүн да сахив саждасын аткарат.
Намазда сахив саждасын талап кыла турган бирден көп жаңы-
лыштык кылынса, булар үчүн бир гана сахив саждасы керек. Сахив
саждасында жаңылыштык болсо, ал үчүн кайрадан сахив саждасы ат-
карылбайт.
Жамаат менен намаз окулуп жатканда, имам сахив саждасын
талап кылган бир нерсе кылса, имамга да, аркасында намаз окугандарга
да сахив саждасы убажип болот. Мындай учурда имам сахив саждасын
аткарбаса, аркасында намаз окуган жамаат да аткарбайт. Имамдын
аркасындагы жамааттын ичинен бир киши сахив саждасын талап кыл-
ган бир жаңылыш иш кылса, имамдын да, ал кишинин да сахив сажда-
сын аткарышынын кереги жок.
Жума жана айт намаздарында жамаат абдан көп болгондуктан,
кандайдыр бир баш-аламандыкка жол ачпаш үчүн сахив саждасы атка-
рылбайт.
Сахив саждасын аткарышы керек болгон киши намазды аякташ
үчүн салам берип, бирок көкүрөгүн кыбыладан бурбаса жана сүйлөй
элек болсо, сахив саждасын аткарууга тийиш.
Өзүнө сахив саждасы убажип болгон бир киши салам берип, би-
рок али сахив саждасын аткара электе башка бирөө келип ага кошулса,
эгерде имам сахив саждасын аткарса, аны ээрчиген киши намазды баш-
таган болот, ал эми сахив саждасын аткарбаса, намазды баштаган бол-
бойт.
Имам акыркы отуруштан кийин салам бергенди унутуп калып өй-
дө турса, аркасындагы жамаат ага кошулбайт. Отурган жерлеринде
имамдын артка кайтышын күтүшөт. Эгерде имам турган ашыкча ире-
кетинин саждасына жыгыла электе кайра кайтып отурса, жамаат аны
менен бирге салам берет. Эгерде ашыкча ирекеттин саждасына жыгыл-
са, анда жамаат аны күтпөстөн, өз алдыларынча салам беришет.
Имамды биринчи ирекеттен кийин ээрчиген киши сахив сажда-
сында да аны ээрчийт. Эгерде имам менен бирге сахив саждасын аткар-
бастан өйдө турса, кайра отуруп имам менен бирге саждаларды аткарат,
андан кийин туруп намазын аяктайт. Эгерде кайра отурбаса намазы
жайыз болуп саналат. Бирок намазды бүтүргөндөн кийин сахив
саждасын аткарышы керек. Имамга кийинчерээк кошулуп, бирок

189
имамдан кийин жалгыз намазды бүтүргөн кишинин ушул учурда сахив
саждасын талап кылган кандайдыр бир жаңылыштык кетириши да
сахив саждасын зарыл кылат.
Имамга экинчи ирекеттен кийин кошулган киши жаңылып имам
менен бирге салам берсе, сахив саждасынын кереги жок.
Төрт же үч ирекеттүү бир намазды окуп жаткан киши намазды
бүтүргөнүн ойлоп, салам бергенден кийин эки ирекет окуганын эстесе,
көкүрөгүн кыбыладан бурбаса жана намазга терс келген бир иш кыл-
баса, кайрадан такбир албастан эле туруп намазын толуктайт жана
сахив саждасын аткарат.
Бир киши намазда канча ирекет окуганынан шектене турган бол-
со жана мындай абалга биринчи жолу туш болуп жатса, намазын бузуп
кайра баштан окуйт. Эгерде мындай абалга тез-тез кабылса, анда канча
ирекет окуганын өз ичинде божомолдоп, ошого жараша иш кылат жана
сахив саждасын аткарат.
Аттахийаттан кийин канча ирекет окуганын ойлонуп калган
киши үч жолу “Субхааналлах” дей турганчалык мөөнөт ойлонуп туруп
калса, биринчи отурушта кыямды, акыркы отурушта болсо саламды ке-
чиктиргени үчүн сахив саждасын аткарууга тийиш. Ал эми андан азы-
раак убакыт ойлонуп калса сахив саждасынын кереги жок. Сахив саж-
дасында парз, убажип жана напиле намаздар арасында бир айырма жок.

190
ТИЛАВАТ (ОКУУ) САЖДАСЫ
Тилават саждасы Алла таалага урмат көрсөтүү дегенди билдирет.
Ыйык Курандын он төрт сүрөсүндө саждага байланыштуу аяттар бар.
Булардан бирөөнү окуган же уккан кишиге саждага жыгылуу – убажип.
Сажда аяты намазда окулса, тилават саждасы намазда орундалы-
шы керек. Эгерде сажда аятынан кийин Куран окууну уланта турган
болсо, анда сажда аятын окугандан кийин дароо тилават саждасына
жыгылат жана кайрадан өйдө туруп, Куран окууну улантат.
Эгерде сажда аятынан кийин Куран окубай турган болсо, анда
бир-эки, эң көп үч аят окуп, рукууга жүгүнөт жана жайнамазга жыгы-
лат. Өзүнчө тилават саждасына жыгылыштын кереги жок.
Намазда окулган сажда аятын намаз окубай турган киши угуп
калса, жайнамазга жыгылышы керек. Намаз окуган бир киши намаз
окубай турган кишинин сажда аятын окуп жатканын угуп калса, намаз-
дан кийин тилават саждасына жыгылышы керек.
Намазда сажда аятын окуган киши намазда тилават саждасына
жыгылышы керек. Намаз бүткөндөн кийин кылынбайт. Имам намазда
тек гана сажда аятын окуса, өзү дагы, аны ээрчиген жамаат дагы жайна-
мазга жыгылат. Тилават саждасы – намаз окууга милдеттүү болгон
кишилерге убажип. Этек кири келип жаткан, же болбосо төрөгөндөн
кийинки нифас абалда болгон аялдарга убажип эмес.
Сажда аятынын котормосу окулганда да, тилават саждасы уба-
жип болот. Сажда аятын жазганда, же болбосо окубастан карап кой-
гондо, саждага жыгылуунун кереги жок. Ошондой эле эжелеп окуганда
да кереги жок. Сажда аяты жамааттын ичинде окулган мезгилде окуган
кишинин алдыга өтүшүнүн жана жамааттын сапка тизилишинин кереги
жок. Бардык кишилер турган жерлеринде кыбылага бурулушуп, сажда-
сын аткарышат. Саждага жыгылыш үчүн даяр болбогон кишинин жа-
нында сажда аятын үн чыгарбай окуу – мандуп.
Бир жерде бир сажда аятын кайталаган кишиге бир жолу саждага
жыгылуу жетиштүү. Бирок турган жеринен башка бир жерге барса, бир
сажда жетиштүү болбойт. Оорулуу болгон киши тилават саждасын ба-
шы менен ишаарат кылып аткарат. Ичинде сажда аяты болгон сүрөнү
же аяттарды окуп, бирок саждадан качыш үчүн сажда аятын аттап өтүү
– макүрөө. Намазды бузган нерселер тилават саждасын да бузат жана
саждага кайра баштан жыгылуу керек.
Тилават саждасынын аткарылышы
Киши даарат алып кыбылага бурулат. Тилават саждасына ниет
кылып, колдорун көтөрбөстөн “Аллааху акбар” деп жайнамазга жыгы-
лат. Ошол абалда үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айткандан

191
кийин “Аллааху акбар” деп өйдө турат. Өйдө туруп жатканда “Гуфраа-
нака Раббанаа ва илайкал-масиир” деп айтуу сооп болот. Сажда бир
жолу кылынат жана саждадан кийин салам берилбейт.
Ыйык Куранда сажда аяты болгон он төрт сҥрө ушулар:
1) Арааф сүрөсү (206-аят).
2) Рада сүрөсү (15-аят).
3) Нахл сүрөсү (48-аят).
4) Исра сүрөсү (107-аят).
5) Мерйем сүрөсү (58-аят).
6) Хаж сүрөсү (18-аят).
7) Фуркаан сүрөсү (60-аят).
8) Немл сүрөсү (25-аят).
9) Сажда сүрөсү (15-аят).
10) Саад сүрөсү (24-аят).
11) Фуссилет сүрөсү (37-аят).
12) Нажм сүрөсү (62-аят).
13) Иншикаак сүрөсү (21-аят).
14) Алак сүрөсү (19-аят).
Шҥгҥр саждасы
Кубанычтуу мезгилдерде жана кандайдыр бир нерсе сүйүнчү-
лөнгөн учурда берген ушул ырыскылары үчүн Алла таалага шүгүр
кылуу максаты менен саждага жыгылуу мустахаб жана сооптуу болуп
саналат.
Азирети пайгамбарыбыз жана сакабалары кандайдыр бир куба-
нычтуу кабар алышканда, шүгүр саждасына жыгылышкан. Шүгүр саж-
дасына жыгыла турган киши кыбылага бурулуп, “Аллааху акбар” деп
жайнамазга баш коѐт. саждада Алла таалага шүгүр кылып, теспе тарт-
кандан кийин такбир айтып турат жана ушундайча шүгүр саждасы
аткарылган болот. Намаздын артынан шүгүр саждасына жыгылуу –
макүрөө. Анткени ал аткарыла турган болсо, муну сабатсыз кишилер
сүннөт же убажип деп ойлоп калышат.

192
САПАР (ЖОЛООЧУ) НАМАЗЫ
“Сапар” сөзү сөздүктө жол тартуу, ал эми “мусапыр” сөзү жо-
лоочу деген маанини түшүндүрөт. Ал эми диний термин катары
“сапар” – орточо жүрүш менен жок дегенде 18 сааттык жолду басып
өтүү. Бир киши бир күндө орточо эсеп менен алты саат баса алат жана
үч күндө 18 сааттык жолду басып өтөт. Кадимки шарттар менен карай
турган болсок, бир адам бир саатта беш чакырым баса турган болсо,
анда 18 сааттык жол 90 чакырымга туура келет.
Ошентип дин боюнча мусапыр – жок дегенде 90 чакырымдык
жол жүргөн киши. Сапар жүргөн учурунда жолоочу деп саналган киши
барган жеринде 15 күндөн азыраак кала турган болсо да, жолоочу бо-
луп саналат. Бул жолду кандайдыр бир унаа менен, же болбосо кыска
убакытта басып өткөн киши да жолоочу катары эсептелет. Жолоочу
болбогон кишиге “тургун” деп айтылат.
Мындан аз жолго сапар тарткан киши дин боюнча жолоочу бол-
бойт. Ошондой эле үйүнөн чыгып жатканда, жок дегенде 90 чакырым-
дык алыстыкка бара турганына ниет кылбаган, бирок мынчалык же да-
гы көбүрөөк жол тарткан киши да жолоочу болуп саналбайт. Мисалы,
кимдир бирөөнүн аркасынан акмалоо үчүн жолго чыккан киши үйүнөн
чыгып жатканда, кай жерге чейин жана канча чакырым жол баса турга-
нын билбегендиктен, 90 чакырымдан ашык (мисалы 300 чакырым) жол
жүрсө да жолоочу катары эсептелбейт. Бирок үйүнөн чыгып жатканда,
90 чакырым же андан ашык жол жүрүүгө ниет кылып, бул ниет менен
жолго чыкса, анда ал жолоочу болуп саналат.
Жолго чыкканга чейин, б.а. тек гана сапарга ниет кылуу менен
бир киши жолоочу болбойт. Бирок жолоочу болгон киши барган жери-
не туруктуу жашоого ниет кылса, тургун болот.
Токсон чакырым же андан ашык аралыктагы бир жерге баргандан
кийин ал жерде эң аз он беш күн турууга ниет кылбаса, жолоочулук
улана берет. Токсон чакырым барбай туруп, кайра кайтууга чечим
кылган, же болбосо ал жерде жашоого ниет кылган киши тургун болот.
Жолоочулук менен байланыштуу өкүм-жоболорду жакшы түшү-
нө билүү үчүн бир кишинин жашаган жери деген маанини билдирген
“мекен” түшүнүгүн аңдай билүү абзел.
Ҥч тҥрдҥҥ жашоо жайы бар:
1) Мекен: Бир адамдын туулган же үйлөнгөн, же болбосо
тиричилигин өткөрүү үчүн көчүп барып жайгашкан жери.
2) Конуш: Бир кишинин отурукташуу максаты болбой туруп, бир
жерде жок дегенде он беш күн же андан ашык мөөнөткө убактылуу
жашоого ниет кылган жери.
193
3) Тҥнөк: Бир кишинин он беш күндүн ичинде айрыла турган
жери.
Бир киши мекени, б.а. туулуп-өскөн жеринен тиричилигин өт-
көрүү үчүн башка бир жерге жайгаша турган болсо, мындан кийин
туулган жери ал киши үчүн мекен болуудан чыгат. Анын мекени оту-
рукташкан экинчи жери болуп калат. Бул киши отурукташкан жеринен
туулган жерине бара турган болсо жана ал жерде он беш күндөн аз
убакыт турууга ниет кылса, жолоочу болуп эсептелет. Муну бир мисал
менен түшүндүрүп кетели:
Мисалы, Ошто төрөлүп, кийинчерээк Бишкекке көчүп барып оту-
рукташкан бир киши кандайдыр бир себеп менен туулган жери Ошко
барганында, он беш күндөн аз мөөнөт турууга ниет кылса, жолоочу
болуп саналат жана төрт ирекеттүү парз намаздарды эки ирекет окуйт.
Эгерде он беш күн же андан ашык калууга ниет кылса, анда бул мөөнөт
ичинде намаздарды толугу менен окууга тийиш. Анткени бир жерде
жок дегенде он беш күн турууга ниет кылган киши жолоочу эмес,
тургун болот.
Ал эми мекен деген жеринде абал мындай болбойт. Алсак, Ош-
тон Бишкекке кайткан бир киши мекени болгон Бишкекке кирери ме-
нен жолоочулуктан чыгат жана намаздарды толугу менен окуйт. Бул
жерде тургун болуу үчүн он беш күн калууга ниет кылуу шарт эмес. Ал
тургай 90 чакырымдык жолго чыгып, бирок кандайдыр бир иш үчүн
кайтып, үйүнө кайрылган киши да жолоочу болуудан чыгат. Ал учурда
намаз окуй турган болсо, намазды толугу менен окуйт.
Бир киши мекен деген жеринен 90 чакырым, же мындан да алыс
бир жерге барып, ал жерде эң аз он беш күн туруп калса, бул жер ал ки-
ши үчүн конуш болуп саналат жана бул жерде калган мөөнөт ичинде
намаздарды толук окуйт. Мисалы, Бишкекте жашаган бир киши На-
рынга он беш күн калыш үчүн бара турган болсо, анда намаздарын то-
лугу менен окуйт. Анткени бул жер ал киши үчүн конуш болот. Андан
кийин Нарындан Караколго барып, ал жерде он беш күн калгандан
кийин Бишкекке кайтып бара жатканда, кайра Нарынга кайрылса жана
бул жерде он беш күндөн аз кала турган болсо, жолоочу болуп саналат
жана төрт ирекеттүү парз намаздарды эки ирекет окуйт. Анткени
мындан мурун он беш күн жашаган Нарын шаары бул киши ал жерден
кеткенден кийин конуш болуудан чыккан. Ал жерге кайра келген киши
кайрадан он беш күн калууга ниет кылганга чейин жолоочу болуп
саналат жана төрт ирекеттүү парздарды эки ирекет окуйт.
Нарында бир иш үчүн он беш күн туруп, ал жерден Балыкчыга
бара жатканда, 90 чакырымды басып өтпөй Нарынга кайра кайтса, ал
учурда окуй турган намазын эки ирекет окуйт.

194
Бир жерде он беш күн же андан ашык калууга ниет кылган көч-
мөндөр конгон жеринде тургун болушат, б.а. жолоочу болушпайт.
Мындай кишилер 90 чакырымдык бир сапарга ниет кылышканга чейин,
б.а. бир өрүштөн башка бир өрүшкө, бир суудан башка бир суунун
жанына көчүү менен жолоочу болушпайт. Бирок жайында жайлаган
жеринен кышында кыштай турган жерине көчүүгө ниет кылса жана
ортодогу аралык 90 чакырымдык, же андан ашык болсо, анда сапар
учурунда жолоочу болуп саналышат.
Бир киши эки жерде жашабайт. Мисалы, бир киши күндүз бир
жерде иштеп, түнкүсүн башка жерде түнөй турган болсо, анын жаша-
ган жери түнкүсүн түнөгөн жери болот. Күндүз иштеген жерине бар-
ганы үчүн жолоочу болбойт.
Зулхижжа айынан мурун (Арафатка чыгуу күнүнө 15 күн же ан-
дан ашык мөөнөт калган болсо) Меккеге келген киши тургун болот.
Бул киши Арафатка чыга турган болсо деле тургун боло берет. Мекке-
де да, Арафат менен Минада да намаздарды толугу менен окуйт.
Зулхижжа айынын башында Меккеге келген киши Арафатка чыга
турган Тарвийа күнүнө 15 күндөн аз мөөнөт калгандыктан, жолоочу бо-
луп саналат. Анткени бул киши Меккеде 15 күн турган жок. Жолоо-
чулуктун жоюлушу үчүн Меккеде 15 күн туруу керек.
Бир иш үчүн барган жеринде канча күн турарына мурунтан че-
чим кыла албаган киши ана-мына деп жүрүп, ал жерде он беш күндөн
ашык, ал тургай бир нече ай туруп калса да, жолоочу болуп эсептелет.
Бир кеме капитан үчүн конуш болуп саналбагандыктан, капитан
муну менен сапар тарткан мезгил ичинде жолоочу болот.
Жеке өзү чечим чыгара албаган, б.а. башка бирөөгө көз каранды
болгон киши барган жеринде жашоого ниет кыла албайт. Мисалы, бир
жерде канча күн каларына командир чечим чыгаргандыктан, анын
буйругундагы аскер ошого жараша иш кылат, өз алдынча тургун же
жолоочу болууга ниет кыла албайт. Иш берген менен ишчи, мугалим
менен окуучунун абалы да ушундай. Душмандын өлкөсүнө кирген
аскер менен өлкө ичинде мамлекетке баш көтөргөндөрдү курчаган
аскер, ошол жерде 15 күндөн ашык болууга чечим чыгарылса да, сапар-
дык өкүм-жоболорго көз каранды болушат.
Жолоочуларга байланыштуу өкҥм-жоболор
Жолоочулукта айрым кыйынчылыктар болгондуктан, динибиз
жолоочу болгондор үчүн айрым жеңилдиктерди алып келген.
Жолоочу төрт ирекеттүү парз намаздардын эки ирекетин гана
окуйт. Буларды төрт ирекет окушу – макүрөө. Эки ирекетти төрт ирекет
окуган болсо, эгерде экинчи ирекетте Аттахийат үчүн отурган болсо,

195
алгачкы эки ирекети парз ордуна саналат. Ал эми акыркы эки ирекет
напиле болот. Экинчи ирекетте отурбаса, намаз бузулат. Багымдат на-
мазынын эки ирекет парзы менен шам намазынын үч ирекет парзын
жана үч ирекеттүү битир намазын толук окушу керек. Сапар мезги-
линде убакыт болсо, сүннөттөр кыскартылбастан окулат.
Сапарга чыккан киши жашаган шаарынан же айылынан чыккан-
дан кийин жолоочулук башталгандыктан, окуй турган намаздарын бул
жерден баштап кыскартып окуйт. Сапардан кайткан мезгилде шаар же
айыл башталган жерге киргенден тартып жолоочулук аяктаган болот.
Бир жолоочу намаз окуп жатканда, ошол жерден конуш кылууга
ниет кылса, окуп жаткан намазын төрт ирекет кылып толуктайт.
Жолоочу маалы келе электен мурун төрт ирекеттүү бир намазды
эки ирекет окугандан кийин ошол намаз маалында конуш кылууга ниет
кылса, анда намазында кандайдыр бир өзгөрүү болбойт. Бирок конуш
кылууга ниет кылганда, али намазын окуй элек болсо, анда ошол маал-
дын намазын төрт ирекет кылууга тийиш.
Жолоочу болгон бир киши жергиликтүү имамды ээрчий турган
болсо, аны менен бирге намазды төрт ирекет окуйт. Ал эми жолоочу
болгон бир киши жергиликтүү жамаатка имамдык кыла турган болсо,
анда имам экинчи ирекеттин аягында салам берет, жергиликтүү жамаат
болсо өз алдынча төрт ирекетти окуп бүтүрөт. Мындай абалдарда жо-
лоочу болгон имамдын намаздан мурун жамаатка “мен жолоочумун,
силер намазыңарды толук окугула” деп айтып коюшу – мустахаб.
Бир киши жолоочу болгон мезгил ичинде окубаган намаздарын
сапарын аяктап, үйүнө кайткандан кийин эки ирекет кылып каза кылат.
Тургун болуп турганда, б.а. жолоочу болбогон мезгилинде окубаган
намазын сапары мезгилинде каза кыла турган болсо, төрт ирекет кылып
каза кылат.
Жолоочу Рамазанда кааласа орозосун кармайт, кааласа кийинкиге
калтырып, үйүнө келгенден кийин кармайт. Бирок орозо кармашы үчүн
кандайдыр бир кыйынчылык болбосо, жолоочунун Рамазан айында
орозосун кармашы дагы кайырдуу болуп саналат.
Жолоочу бутундагы маасыга 72 саат масх тарта алат. Жума жана
айт намаздарын окубаса да болот, окуса да болот. Жума намазын окуй
албай калса, бешим намазын окушу керек. Жолоочуга курмандык чалуу
да – убажип эмес. Курмандык чала турган болсо кабыл болот жана сооп
табат.

196
ТАРАБА НАМАЗЫ
Тараба намазы жыйырма ирекеттен турат. Эркектер менен аялдар
үчүн так сүннөт болуп саналат. Рамазан айында окулат. Ооругандыктан
же сапарга чыгуудан улам орозо кармай албаган кишилердин тараба
намазын окушу – сүннөт. Тараба намазынын мечитте жамаат менен
окулушу – сүннөт жана сообу көп. Үйдө да жалгыз, же жамаат менен
окуса болот. Бирок мечитте окуу дагы да сооптуу болуп эсептелет.
Азирети пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

ٗ‫جقطِبضحذًنح ُم فِبل ٌ ُمٗ ِح ضم ِهّٰلللَ ِبِ ْسٓ ْسٔ ِبر ِب‬


‫ ْس‬ٚ ‫ِ ْسٓ لحَ رِضحْ ِبئ ّحًٔنح‬
“Сообуна ишенип жана сыйлык аларын үмүт кылып Алла ыраа-
зычылыгы үчүн Рамазан айынын түндөрүн ибадат менен өткөргөн
(тараба намазын окуган) кишинин мурунку күнөөлөрү кечирилет.”111
Тараба намазы куптан намазынан кийин окулат. Куптан намазы-
нан мурда окулушу туура эмес. Битир намазы Рамазан айында тараба
намазынан кийин окулат. Тараба намазынан мурда да окуса болот. Жы-
йырма ирекеттен турган тараба намазы ар бир эки ирекеттин аягында
салам берилип окулат. Ошондой эле төрт ирекетте бир салам берип
окуса да болот. Эки учурда тең намаз улантылат жана жыйырма ирекет
толукталат.112
Төрт ирекетте бир салам берип тараба намазын окуган киши
экинчи ирекетте отурбаган болсо, окуган төрт ирекети эки ирекет бо-
луп эсептелет. Ар бир эки ирекетте отуруу менен намазын улантып,
жыйырма ирекеттин аягында салам берсе, намаз бүтөт. Бирок тараба
намазынын мындай окулушу макүрөө болуп саналат.
Тараба намазын катым (Куранды баштан аягына чейин окуу)
менен окуу – сүннөт. Убактысында окулбай калган тараба намазы ки-
йинкиге калтырылбайт. Имам жана жамааттын ичинен бирөө куптан
намазын жамаат менен окубаган болсо, тараба намазын жамаат менен
окуй албайт. Анткени тарабанын жамааты куптандын жамаатына кирет.
Куптан намазын жалгыз окуган киши тараба намазын имамды ээрчип
окуй алат. Тараба намазын имам менен окуй албай калган киши битир
намазын имам менен окуй алат.

111
Бухарий, Иман, 27.
112
Тараба намазынын бардыгы бир гана намаз болуп саналгандыктан буга эң башта
ниет кылуу жетиштүү болсо да, ортолорунда берилген саламдан кийин намаз бүткөн-
дүктөн, кайрадан намазга баштап жатканда кайталап ниет кылуу эрежеге дагы ыла-
йыктуу болуп саналат.

197
Ар бир төрт ирекеттин аягында азыраак мөөнөткө отуруу – мус-
тахаб. Бул отурушта кааласа такбир, тахлил (Лаа илааха иллаллаах)
жана салават айтат, кааласа унчукпайт. Ар бир эки ирекеттен кийин
отуруу болсо – макүрөө.
Тараба намазын окуткан имам Куран окууну узартып, жамаатты
тажатып, таратып жиберүүдөн сактанышы керек. Анткени жамаатты
көбөйтүү намазда Куран окуудан дагы сооптуу. Бирок Фатихадан
кийин үч кыска аят, же болбосо үч кыска аяттын көлөмүнчөлүк бир
узун аяттан дагы аз окуу макүрөө болгондуктан, намазды окуткан киши
буга көңүл бурушу керек.
Имам намазды тез окутуп, анын маанисин бузбашы керек жана
ариптерди туура окуп, аалымдардын эрежелерине урмат көрсөтүүгө
тийиш. Ар бир эки ирекеттин башында Субхаанака жана Ауузу-Бис-
миллани, Аттахийаттан кийин Аллаахумма саллини, рукуу жана саж-
даларда да теспелерди унутуудан сактанышы керек.
Тараба намазынын эки ирекетте бир салам берилип, жамаат
менен окулушу
Куптан намазынын парзы жана акыркы сүннөтү окулгандан
кийин тараба намазы башталат.
Намаз окута турган имам “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн
тараба намазын окууга ниет кылдым, мага баш ийгендерге имам бол-
дум” деп ниет кылып, башталгыч такбирин айтып, колдорун байлайт.
Имамдын аркасында турган жамаат да “Алла тааланын ыраазы-
чылыгы үчүн тараба намазын окууга ниет кылдым, имамга баш ий-
дим” деп ниет кылат жана имам такбир келтиргенден кийин “Аллааху
акбар” деп такбир келтирет жана колдорун байлайт. Андан кийин имам
да, жамаат да үн чыгарбастан “Субхаанака” дубасын окушат. Субхаа-
нака окулуп бүткөндөн кийин имам ичинен “Ауузу-Бисмилла” аятын,
анан үнүн көтөрүп Фатиха менен Курандан дагы бир сүрө окуйт (Жа-
маат эч нерсе окубайт, имамды угуп турушат). Рукууга жүгүнүшүп,
жайнамазга жыгылгандан кийин экинчи ирекет үчүн өйдө турушат.
Бул жерде кайрадан имам үнүн чыгарбастан Бисмилла аятын,
анан үнүн көтөрүп Фатиха менен Курандан дагы бир сүрө окуп, жамаат
менен бирге рукууга жүгүнүп, жайнамазга жыгылып отурат. Бул оту-
рушта имам менен жамаат Аттахийат, Аллаахумма салли, Аллаахумма
баарик жана Раббанаа аатина дубаларын окушуп салам беришет.
Мына ушинтип эки ирекет намаз аяктайт.
Кайрадан өйдө туруп, жогоруда көрсөтүлгөндөй намазды эки
ирекеттен окууну улантышат. Он жолу эки ирекеттен окугандан кийин

198
жыйырма ирекет болгон тараба намазы толукталган болот. Мындан
кийин үч ирекеттен турган битир намазы да жамаат менен окулат.
Тараба намазынын эки ирекетте бир салам берилип, жалгыз
киши тарабынан окулушу
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн тараба намазын окууга
ниет кылдым” деп айтылып, ниет кылынат жана дал эле багымдат на-
мазынын эки ирекет сүннөтү сыяктуу окулат.
Жыйырма ирекет толукталганга чейин эки ирекеттен окуу улан-
тылат. Тараба намазы бүткөндөн кийин битир намазы окулат.
Тараба намазынын төрт ирекетте бир салам берилип, жамаат
менен окулушу
Намаз окута турган имам менен жамаат жогоруда көрсөтүлүп
кеткендей ниет кылышып, такбир келтиришет жана колдорун байла-
шат. Андан кийин имам да, жамаат да үн чыгарбастан “Субхаанака”
дубасын окугандан кийин имам ичинен “Ауузу-Бисмилла” дубасын,
үнүн көтөрүп Фатиха менен Курандан дагы бир сүрө окуйт. (Жамаат эч
нерсе окубайт, имамды угуп турушат.) Рукууга жүгүнүшүп, жайнамазга
жыгылгандан кийин экинчи ирекет үчүн өйдө турушат. Бул жерде
кайрадан имам үн чыгарбастан Бисмилла дубасын, анан үнүн көтөрүп
Фатиха менен Курандан дагы бир сүрө окуп, жамаат менен бирге ру-
кууга жүгүнүп, жайнамазга жыгылып отурат. Экинчи ирекеттин аягын-
дагы бул биринчи отурушта имам менен Аттахийат, Аллаахумма салли,
Аллаахумма баарик дубаларын окушуп, үчүнчү ирекет үчүн өйдө
турушат.
Үчүнчү ирекеттин башында имам да, жамаат да үн чыгарбастан
Субхаанаканы окушат. Андан кийин имам ичинен “Ауузу-Бисмилла”
аятын, анан үнүн көтөрүп Фатиха менен Курандан дагы бир сүрө окуйт
(Жамаат эч нерсе окубайт, имамды угуп турушат). Рукууга жүгүнүшүп,
жайнамазга жыгылгандан кийин төртүнчү ирекет үчүн өйдө турушат.
Бул жерде кайрадан имам үн чыгарбастан Бисмилла аятын, анан үнүн
көтөрүп Фатиха менен Курандан дагы бир сүрө окуп, жамаат менен
бирге рукууга жүгүнүп, жайнамазга жыгылып отурат. Бул отурушта
имам менен жамаат Аттахийат, Аллаахумма салли, Аллаахумма баарик
жана Раббанаа аатина дубаларын окушуп салам беришет. Мына ушин-
тип тараба намазынын алгачкы төрт ирекети окулат.
Кайрадан өйдө туруп, жогоруда көрсөтүлгөндөй намазды төрт
ирекеттен окууну улантышат. Беш жолу төрт ирекеттен окугандан ки-
йин жыйырма ирекет болгон тараба намазы толукталат. Мындан кийин
битир намазы да жамаат менен окулат.

199
Тараба намазынын төрт ирекетте бир салам берилип, жалгыз
киши тарабынан окулушу
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн тараба намазын окууга
ниет кылдым” деп айтылып, ниет кылынат жана кудум эле дигер нама-
зынын сүннөтү сыяктуу окулат. Тек гана ниеттин башкача болушу ме-
нен айрымаланат. Мына ушундайча төрт ирекеттен окулуп, жыйырма
ирекет толукталат. Тараба намазы бүткөндөн кийин битир намазы
окулат.

200
ООРУЛУУ БОЛГОН КИШИНИН НАМАЗЫ
Таканчыктап турууга даремети жетпеген жана өйдө тура турган
болсо, оорусунун ырбап, же болбосо күчүркөп кетишинен корккон
оорулуу киши отурган жеринде эле рукуу жана саждаларды орундатып,
намазын окуйт.
Рукуу жана саждаларды орундата албаса, ишаарат менен кылат.
Ишаарат намазда рукууга жүгүнүүнү жана саждага жыгылууну билди-
рүү үчүн баш ийкөө болуп эсептелет. Мындай абалда болгон киши
рукууда башын азыраак эңкейтет, ал эми саждада рукуудан бир аз дагы
ылдыйраак эңкейтиши керек. Эгерде башын сажда үчүн рукуудагыдан
көбүрөөк эңкейтпесе, намазы туура болбойт.
Саждада маңдайын жерге тийгизе албаган киши, жерден бир нер-
сени көтөрүп, ал нерсеге башын тийгизип сажданы орундата албайт.
Рукууга жүгүнүүгө дарманы жетсе да, саждага жыгыла албаган киши
экөөнү тең ишаарат менен орундатат.
Отуруп намаз окуй албаган киши чалкасынан жатып, рукуу ме-
нен сажданы башын ийкеп ышаарат кылуу аркылуу намазын окуйт.
Мындай абалда намаз окуган кишинин жүзү кыбалага карашы үчүн
башына бийигирээк жаздык жаздашы керек. Капталынан жатып, жүзүн
кыбылага каратып окушу да жайыз болуп саналат. Капталынан жатып
окуй турган болсо, оң капталына жатып окуса дагы туура болот.
Бир нерсеге жөлөнүп отуруп намаз окушу мүмкүн болуп турса
да, жатып алып окушу жайыз болбойт. Жатып алып ишаарат менен
намаз окуган жана буттарын кыбыла тарапка сунган киши мүмкүн бол-
со тизелерин бүгүп жатса туура болот.
Башын ийкеп ишаарат кылуу менен намаз окууга кубаты жетпе-
ген киши намазын кийинкиге калтырат. Көздөрү, каштары же жүрөгү
менен ишаарат кылып намаз окуй албайт. Оорулуу кишинин бул абалы
бир күн, бир түндөн ашык созула турган болсо, окуй албаган намазда-
рын кийинкиге калтырып, каза кылышынын кереги жок.
Бир киши таканчыктап тура алганына карабастан, рукуу жана
саждаларды орундата албаса, тике турган абалында ишаарат менен на-
маз окушу жайыз болсо да, отуруп ишаарат менен окушу дагы ыла-
йыктуу болот.
Башы айлангандыктан же башы ооругандыктан түз тура албаган
киши отуруп окуй алат. Өйдө туруп турганда заарасы тамчылаган, же
жарасынан ириң аккан киши отурган кезде булар токтой турган болсо,
намазын отуруп окуй алат.

201
Ден-соолугу чың болгон киши тике туруп намаз окуп жатканда,
ооруп калып, таканчыктап тура албай турган абалга келе турган болсо,
рукуу жана саждаларды отуруп орундатып, намазын бүтүрөт. Эгерде
рукуу менен саждаларды орундатканга шайманы келбей турган болсо,
анда отурган жеринен ишаарат менен орундатат. Отуруп ишаарат кы-
луу аркылуу окуй албаса, анда чалкасынан жатып намазын толуктайт.
Кыбылага бурулууга такыр кудурети жетпеген киши күчү жеткен жа-
гына бурулуп, намазын окуй алат.
Оорулуу болгону үчүн рукуу менен саждаларды отуруп орунда-
тып намаз окуган киши намаз окуп жатканда жакшы болуп кетсе жана
бутуна тура ала турганчалык абалга келсе, намазынын калганын тике
туруп окуйт. Намазды ишаарат менен окуп жатканда жакшы болуп,
рукуу менен саждаларды орундай ала турган абалга келген киши болсо
намазды кайра баштан окушу керек. Оорулуу киши такбир айта турган-
чалык же бир аят окуй ала турганчалык убакытка тике тура алса, булар-
ды кылгандан кийин отурат.

202
ӨТКӨН НАМАЗДАРДЫН КАЗАЛАРЫ
Бир намазды убактысында окуу “эда”, убактысы өткөндөн кийин
окуу “каза” деп айтылат. Намазды билип туруп кечиримдүү себеби
болбостон убактысынан кийинкиге калтыруу чоң күнөө болуп саналат.
Намаз каза кылынуу аркылуу орундатылган болуп эсептелет. Бирок
убактысынан кийинкиге калтырылганы үчүн Алла тааладан кечирим
тилөө керек.
Беш маал намаздын парздары менен битир намазы каза кылынат,
убактысы өткөндөн кийин сүннөттөрдүн казасы болбойт. Бирок багым-
дат намазын убагында окуй албаган киши ошол эле күнү шашке маалга
чейин парзы менен бирге сүннөтүн да каза кылат. Каза намазын окуш
үчүн белгилүү бир мезгил жок. Күндүз же түнкүсүн деле окула берет.
Бирок макүрөө деп эсептелген үч мезгилде, б.а. күн чыгып келе жат-
канда, чак түштө жана күн батып баратканда окулбайт.
Бир намазды унутуп калып, убагында окуй албай калган киши ал
намазды эстегенде каза кылат жана ошол маалдын намазынан мурун
окуйт. Эгерде каза кылган намазын окуп бүткөнгө чейин ошол маалдын
намазынын өтүп кетеринен корксо, анда алгач ошол маалдын намазын,
андан кийин каза кылган намазын окуйт.
Бир нече маалдык намаз казага калган болсо, аларды кезеги ме-
нен каза кылуу керек. Эгерде өткөн намаздар алты маалдык же андан да
көп болсо, кезеги менен окуунун кереги жок.
Багымдат намазынын сүннөтүн окуса, парзына жетише албай
турганын түшүнгөн киши сүннөтүн окубайт. “Сүннөттү баштагандан
кийин аны бузуп, имам менен парзды окуйт, (бузган сүннөтүн каза
кылышы убажип болот деген негиз менен) парздан кийин сүннөттү каза
кылат” деп айтылган сөздөр туура эмес.
Өткөн намаздарды каза кылып жатканда, кайсы күндүн кайсы
маалынын намазы экенин биле албай калса, мындай деп ниет кылат:
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн казага калган биринчи багымдат
намазынын парзын окууга ниет кылдым.” Башка каза кылынган намаз-
дар үчүн да биринчи бешим, биринчи дигер, биринчи шам, биринчи
куптан, биринчи битир намазы, же болбосо казага калган акыркы ба-
гымдат намазынын парзын окууга, калгандары үчүн да акыркы бешим,
акыркы дигер, акыркы шам, акыркы куптан жана акыркы битир нама-
зын окууга деп ниет кылынат.
Каза намаздары менен алек болуу – напиле намаздар менен алек
болуудан дагы жакшы жана дагы маанилүү. Бирок парз намаздар менен
окулган сүннөттөр мындан башкача. Буларды окубай туруп, ордуна
каза намазын окуу туура эмес. Ыйык хадистерде да айтылып өткөн

203
шашке жана теспе намаздары сыяктуу эле, напиле намаздары да
ушундай.
Намаздын карыз болуудан чыгарылышы (искаты салат)
Кандайдыр бир себептен улам убагында окулбай калган жана
ушундайча милдеткердин мойнуна карыз болуп калган намаздарды
төлөөнүн бир гана жолу бар. Ал да – каза кылуу (кийинкиге калтыруу),
б.а. өткөн намаздарды окуу. Намаздын карыз болуудан чыгарылышы
үчүн мындан башка мыйзамдуу бир жол жок.
Ал эми кармалбай калган орозолор намаз сыяктуу эмес. Орозо
үчүн фидья берүү боюнча далил бар. Буга байланыштуу Куранда:
“...Орозо кармаганга кудурети жетпегендер болсо бир жакырды
тойгуза турганчалык фидья беришет...,”113 – деп буюрулган. Кары-
лык, же айыкпас дартка чалдыгып калуу сыяктуу себеби болгондор
кармай албаган орозолорунун ордуна ар бир күн үчүн фидья беришет.
Ал эми окулбаган намаздары үчүн да фидья берилерине байланыштуу
бир далил жок.
Орозо үчүн фидьяга себеп болгон аргасыздыкты эске алып, намаз
үчүн да фидья берип, орозо менен салыштырууга болбойт. Анткени
орозо карызынын фидья менен төлөнүшүнө белгилүү бир өлчөм коюл-
ган, буга уруксат берген далил да бар. Ал эми намаз карызын да орозо
сыяктуу фидья менен төлөөгө болбойт, буга өлчөм да коюлган эмес
жана эч кандай далил жок.
Бирок орозодо фидья берүүнүн себебинин алсыздык экендигин
эске алган айрым Ислам аалымдары: “Ушул эле себеп намаз үчүн да
жарай берет. Мындай болбосо да, намаз үчүн берилген фидьялар кү-
нөөлөрдөн арылууга себеп болгон бир жакшылык болуп саналат,” –
деп, ишаарат менен да болсо убагында окуй албай калган жана кийин
да каза кыла албай өлгөн милдеткердин окуй албаган намаздары үчүн
фидья берилишин керээз катары айтып кетишин пайдалуу деп эсеп-
тешкен.
Ишаарат менен окууга да кудурети жетпеген жана намаздарын
каза кыла турганчалык даражада сакайа албай өлгөн кишинин булар
үчүн фидья берилишин керээз кылып айтышынын кереги жок.
Керээз кылып айтылган фидьялар өлгөн кишиден калган мал-
мүлктүн үчтөн биринен берилет. Өлгөн кишинин мындай керээзи
болбосо, мурасчылар фидья берүүгө тийиш эмес. Бирок мурасчылар-
дын жардам катары фидья бериши жайыз болот.

113
Бакара сүрөсү, 184-аят.

204
Бир киши башка бирөөнүн ордуна намаз окуй албайт, орозо кар-
май албайт. Бирок кылган ибадатынын сообун башка кишиге багыштай
алат.
Айрым кишилердин бей-бечараларга акча берип, өлгөн киши
үчүн намаз окутушу жана орозо карматышынын эч кандай маңызы жок.

205
НАПИЛЕ НАМАЗДАР
Парз, убажип жана беш маал намазга байланыштуу сүннөттөрдөн
сырткары сооп табуу максаты менен окулган напиле намаздар да бар.
Булардын айрымдары төмөнкүлөр:
Тахажжуд (тҥнкҥ) намазы
Куптан намазынан кийин али уктай электе, же болбосо уктаган-
дан кийин туруп окулган намаз түнкү намаз деп аталат. Сообу абдан
көп болгон бул намазды пайгамбарыбыз үзбөй окуган.
Тахажжуд намазы мандуп (орундуу) болуп саналат.
Түнкү намаздын эң азы эки ирекет, эң көбү сегиз ирекет болот.
Эки ирекетте бир салам берилип окулушу дагы мартабалуу.
Азирети пайгамбарыбыз (а.с.) мындай деп буюрган: “Кимде-ким
түнкүсүн ойгонуп, жубайын да ойготуп жана эки ирекет намаз окуса,
Алла тааланы көп эскерген эркектер менен аялдардан болуп жазы-
лышат.”114
Алла тааланы көп эскерген эркектер менен аялдарга болсо куду-
реттүү Алла таала кечирим кылат жана чоң сыйлык даярдаганын ыйык
Куранда билдирген.115
Тахиййатул-масжид (мечит намазы)
Мечитке кирген кишинин эки ирекет намаз окушу – сүннөт. Ме-
читке көрсөтүлгөн улуу урматты билдирген бул намаз тахиййатул-
масжид (мечит намазы) деп айтылат. Бул намаз мечиттин ээсине, б.а.
Алла таалага таазим кылуу болуп саналат.
Мечитке киргенде отурбай туруп намаз окуу – дагы мартабалуу.
Отургандан кийин да окула берет. Намаз окулушу макүрөө болгон
убакытта мечитке кирилсе, мечит намазы окулбайт.
Мечитке парз намазын окуу үчүн барган кишинин окуган бул на-
мазы мечит намазынын ордуна саналат. Бир күндө мечитке бир нече
жолу барган кишинин бир жолу мечит намазын окушу жетиштүү болот.
Киши кааласа бул намазды абалкы киришинде, кааласа акыркы кири-
шинде окуйт.
Харам мечитине тооп кылуу үчүн кирген киши мечит намазын
окубайт. Анткени тооп жетиштүү болот. Тооп кылуу ниети менен кир-
бесе, мечит намазын окуйт.

114
Абу Давуд, Салат, 307.
115
Ахзаб сүрөсү, 35-аят.

206
Шашке намазы
Күндүн чыгышынан болжол менен 50 мүнөт өткөндөн баштап
чак түшкө (саат 12.00гө) чейинки мезгил ичинде эң аз эки, эң көп он
эки ирекет намаз окуу орундуу болуп эсептелет. Буга шашке намазы
деп айтылат. Сегиз ирекет окулушу дагы сооптуу. Бул намазды пай-
гамбарыбыздын жеке өзү да кылган.
Теспе намазы
Теспе намазы төрт ирекеттен турат. Ар бир ирекетинде жетимиш
беш жолу, төрт ирекетте жалпысынан үч жүз жолу:

‫جا ج ْسو ُم‬


‫ ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫جا‬ ‫ج ْسٌك ْسّ ُمل ِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫جا‬
‫ ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫ا‬ ‫ُمص ْسركحْ ِهّٰلل ِب‬
“Субхааналлахи вал-хамду лиллаахии ва лаа илааха иллал-
лааху валлааху акбар” деп теспе окулат.
Теспе намазын окуунун сообу көп. Пайгамбарыбыз теспе нама-
зын окууну сунуш кылып, бул намазды окугандардын көптөгөн күнөө-
сүнүн кечириле турганын кабардаган.
Теспе намазы дайыма окула берет. Бир айда же бир жылда бир
жолу, эч болбосо өмүрдө бир жолу окулушу керек.
Теспе намазы мындайча окулат:
Биринчи ирекет:
“Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн намаз окууга ниет кыл-
дым” деп ниет кылынат.
“Аллааху акбар” деп башталгыч такбири айтылып колдор бай-
ланат.
Тике турганда кезеги менен Субхаанака окулат. Андан соң 15
жолу теспе окулат. Андан кийин Ауузу-Бисмилла, Фатиха жана Куран-
дан дагы бир сүрө окулуп, кайрадан 10 жолу теспе айтылат.
“Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-азиим” деп айтылат, андан кийин 10 жолу теспе окулат.
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана тике туруп “Раб-
банаа лакал-хамд” деп айтылат. Бул жерде 10 жолу теспе окулат.
“Аллааху акбар” деп жайнамазга жыгылат жана бул жерде үч
жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылгандан кийин 10 жолу теспе
окулат.
“Аллааху акбар” деп жайнамаздан баш көтөрүп отурулат жана 10
жолу теспе окулат.

207
Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга баш
коюлат жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. Дароо
аркасынан 10 жолу теспе окулат.
“Аллааху акбар” деп өйдө (экинчи ирекетке) турулат жана кол-
дор байланат. Мындан кийинки ирекеттерде да ушул эле санда теспе
окулат.
Экинчи ирекет:
Тике турганда кезеги менен 15 жолу теспе, Бисмилла, Фатиха
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-азиим” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана тике туруп
“Раббанаа лакал-хамд” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп жайнамазга жыгылат жана бул жерде үч
жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп жайнамаздан баш көтөрүп отурулат. (10
жолу теспе)
Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга жыгылат
жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп өйдө болуп отурулат.
Отурганда Аттахийат окулат.
“Аллааху акбар” деп өйдө (үчүнчү ирекетке) турулат жана
колдор байланат.
Ҥчҥнчҥ ирекет:
Тике турганда кезеги менен 15 жолу теспе, Бисмилла, Фатиха
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-азиим” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана тике туруп “Раб-
банаа лакал-хамд” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп жайнамазга жыгылат жана бул жерде үч
жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп жайнамаздан баш көтөрүп отурулат. (10
жолу теспе)
Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга жыгылат
жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп өйдө (төртүнчү ирекетке) турулат жана
колдор байланат.

208
Төртҥнчҥ ирекет:
Тике турганда кезеги менен 15 жолу теспе, Бисмилла, Фатиха
жана Курандан дагы бир сүрө окулат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп рукууга жүгүнүлөт жана үч жолу “Субхаана
Раббийал-азиим” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Самиаллаху лиман хамидах” деп түзөлөт жана тике туруп “Раб-
банаа лакал-хамд” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп жайнамазга жыгылат жана бул жерде үч
жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп жайнамаздан баш көтөрүп отурулат. (10
жолу теспе)
Кайрадан “Аллааху акбар” деп экинчи жолу жайнамазга жыгылат
жана үч жолу “Субхаана Раббийал-аьла” деп айтылат. (10 жолу теспе)
“Аллааху акбар” деп өйдө болунуп отурулат.
Бул отурушта кезеги менен Аттахийат, Аллаахумма салли,
Аллаахумма баарик жана Раббанаа аатина дубалары окулат.
Алгач оң тарапка, андан кийин сол тарапка салам берилип, намаз
аякталат.
Мына ушундайча төрт ирекет намазда жалпысынан 300 жолу
“Сүбхаанал-лаахи вал-хамду лиллаахии ва лаа илааха иллаллааху
валлааху акбар” деп окулган болот.
Ажат намазы
Ажат намазы мандуп болуп саналат. Дүйнө менен акыретке бай-
ланыштуу бир муктаждыгы болгон киши куптан намазынан кийин эки
ирекет намаз окуйт, андан кийин Алла тааланы даңазалап, пайгамба-
рыбызга салам жана салават айткандан кийин “Ажат дубасын” окуйт
жана тилегинин орундалышын Алла тааладан тилейт.
Азирети пайгамбарыбыз билдирген ажат дубасы мындай:

‫جا ر ِب ِهّٰللخ ج ْسٌع ْسل ِبط ج ْسٌعظ ِبحُِب ج ْسٌك ْسّ ُمل ِب ِهّٰلل ِب‬
‫ا ر ِب ِهّٰللخ‬ ‫جا ج ْسٌكٍ ِبح ُمُ ج ْسٌىل ِب ُمُ ُمص ْسركحْ ِهّٰلل ِب‬
‫ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
ٚ ‫ج ْسٌغٕ ِبحّس ِبِ ْسٓ و ِهّٰللِبُمً ذِب ٍِهّٰللل‬ٚ ‫ زجتِبُ ِ ْسغفِبلضِبه‬ٚ ‫حش ر ْس طِبه‬ ‫ج ْسٌعحٌّ ِب ج ْسصث ُمٍه ُمِ ِب‬
‫ؾر ِب‬ٛ
‫ ا قحؾس ًن‬ٚ ٗ‫ ا اِهّٰللًنح ِبجاِهّٰلل ِهّٰللل ْسؾط ُم‬ٚ ٗ‫ْٔسرًنح ِبجاِهّٰلل ف ْسلض ُم‬ ٌ‫جٌض ِس ِبِ ْسٓ و ِهّٰللِبُمً ِبجغْس ٍُ ا ضض ْس ِب‬
‫ِهّٰلل‬
‫ح ح ج ْسرقُ ِهّٰلل‬ٙ‫ضح ِبجاِهّٰلل لض ْسحط‬
‫جٌل ِب ِب‬ ‫ِ٘ب ٌه ِبر ًن‬

209
Окулушу:
“Лаа илааха иллааллаахул-халиимул-кариим. Субхаанал-
лахи Раббил-ар-шил-азиим. Алхамду лиллаахи раббил-ааламиин.
Асалука муужибаати рахма-тика ва азааима магфиратика вал-
ганиимата мин кулли биррин вас-салаамата мин кулли исмин лаа
тадалии занбан иллаа гафартах ва лаа хамман иллаа фарражтах,
ва лаа хаажатан хийа лака ридан иллаа кадайтахаа йаа архамар-
раахимиин.”116
Мааниси:
“Кең пейил жана ырайымдуу болгон Алладан башка теңир жок.
Бүткүл ааламдын жаратканы болгон Алла талаа бардык кемчилик-
терден алыс. Шүгүр ааламдын жаратканы болгон Аллага таандык.
Оо, Аллам! Сенден кайрымыңа себеп болгон жана күнөөлөрдү ке-
чиришиңди зарыл кылган нерселерди, бардык жакшылыкка жетүүнү
жана бардык күнөөдөн арылууну тилейм.
Оо, Аллам! Мен үчүн кечирилбеген бир дагы күнөө, сүйүнүчкө ай-
лантылбаган бир дагы кайгы, Сен ыраазы болгон нерселерден болбогон
бир дагы муктаждык калтырба.
Оо, ырайымдуулардын эң ырайымдуусу.”
Бул дубадан кийин бул дүйнө менен акыретке байланыштуу ти-
лектерин Алла тааладан тилейт.
Истихара намазы
Истихара намазы мандуп болуп саналат. Бир киши кылышы ке-
рек болгон бир иштин кайырдуу болуп болбоорун өзүнө Алла тарабы-
нан билдирилишин тилеп, жатардан мурун эки ирекет намаз окуйт.
Намаздын биринчи ирекетинде Фатихадан кийин “Кафирун” сү-
рөсү, экинчи ирекетте Фатихадан кийин “Ихлас” сүрөсүн окуйт. На-
маздан кийин да “Истихара” дубасын окуйт.
Ибадат жана сооп кылуу сыяктуу жакшы, арам жана күнөө сыяк-
туу жаман экендиги белгилүү болгон нерселер үчүн истихара кылын-
байт.
Истихара кылынышы туура жана орундуу болуп болбоору билин-
беген нерселер үчүн кылынат жана жети жолу кайталанат.
Чечим кабыл алынбаган бир иш боюнча истихара кылгандан ки-
йин адамдын көңүлү ачылат жана биринчи жолу көңүлгө келген нер-
сенин кайрымдуу экендиги кабылданып, ошого жараша иш жүргүзүлөт.

116
Тирмизий, Салат, 348.

210
Истихара намазын окуу мүмкүн болбосо, дубасын окуу деле же-
тиштүү болот.
Азирети пайгамбарыбыз окуган Истихара дубасы мындайча:

‫ ْسصأٌُمه ِبِ ْسٓ ْسضٍِبه ج ْسٌعظِبحُِب‬ٚ ‫ ْسصط ْسم ِبل ُمرن ذِب ُمم ْسلرضِبه‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ِبئ ِبٔ ِهّٰلل ْسصط ِب ُمن ذِب ِبع ْسٍ ِبّه‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫ ْٔسص ِهّٰلل ُمَ ج ْسٌغ ُمُمح ِب‬ٚ ُ‫ا ْس ٍ ُم‬ٚ ُ‫ض ْسعٍ ُم‬ٚ ‫ا ْسل ِبل ُمر‬ٚ ‫ِبأ ِهّٰلله ض ْسم ِبل ُمر‬
ُ‫ ِهّٰللُ ِبئ ْسْ ُمو ْسٕص ض ْسعٍ ُم‬ٙ‫خ جٌ ِهّٰللٍ ُم‬ٛ
‫ لحي ِب‬ٚ‫ حلِبر ِبس ْسِ ِبلي ـ ْس‬ٚ ‫ِع ِبحع‬ٚ ‫ِهّٰللْ ٘ ج جا ْسِل ْس ٌد ِبٌ ِب ِب ِب‬
‫حؾ ِبً ْسِ ِبلي‬

‫ ِبئ ْسْ ُمو ْسٕص ض ْسعٍ ُمُ ِهّٰللْ ٘ ج جا ْسِل ع ِهّٰللل ٌد‬ٚ ٗ‫ ِبِهّٰللض ْسل ُمٖ ِبٌ غ ُم ِهّٰللُ ذح ِبر ْسن ِبٌ ِبح ِب‬ٚ ٌ‫آؾ ِبٍ ِبٗ ـ ح ْسل ُمل ْسر ُمٖ ِب‬
‫ ِب‬ٚ
‫آؾ ِبٍ ِبٗ ـ ح ْس ِبل ْسُٗم‬
‫ ِب‬ٚ ‫حؾ ِبً ْسِ ِبلي‬
‫ِب‬ ‫ لحي ِب‬ٚ‫ حلِبر ِبس ْسِ ِبلي ـ ْس‬ٚ ‫ِع ِبحع‬ٚ ‫ِب ِب‬ ‫ِبٌ ِب‬
‫ج ْسل ُمل ْسر ِبٌ ج ْسٌ ْس ق ْسح ُم‬ٚ ٗ‫ج ْس ِبل ْس ِب ْسٕ ُم‬ٚ ‫ِب ِهّٰلل‬
ٗ‫ع وحْ غ ُم ِهّٰللُ ْسر ِبض ِب ذِب ِب‬
Окулушу:
“Аллаахумма! Иннии астахиирука би илмика ва астакдирука
би кудратика ва асалука мин фадликалазиим. Фаиннаке такдиру
ва лаа акдиру ва таламу ва лаа аламу ва анта аллаамулгуйууб.
Аллаахумма! Ин кунта таламу анна хаазал-амра хайрун лии
фии диинии ва ма-аашии ва аакибати амрии, ва аажили амрии ва
аажилихии факдурху лии ва йас-сирху лии сумму баариклии
фиихи.
Ва ин кунта таламу анна хаазаламра шаррун лии фии диинии
ва мааъшии ва аа-кибати амрии ва аажили ва аажилихии фасриф-
ху аннии васрифнии анху факдур лийалхайра хайсу каана сумма
ардинии бихии.”117
Мааниси:
“Оо, Аллам! Сен билгендиктен Сенден мен тууралуу эмне кайыр-
дуу болсо, мага билдиришиңди, кудуретиң менен мага күч-кубат бери-
шиңди жана ал кайырдын айкындалышын Сенин улуу даражаңдан су-
ранамын. Анткени Сенин кудуретиң бардык нерсеге жетет, меники
болсо жетпейт. Сен бардык нерсени билесиң, ал эми мен биле албай-
мын. Сен бардык жашыруун нерселерди эң жакшы билгенсиң.
Оо, Аллам! Сен билесиң, бул иш (кайсы иш үчүн истихара кылын-
ган болсо, бул жерде белгиленет) менин диним, жашоом, ишимдин

117
Бухарий, Тахажжут, 25.

211
натыйжасы, дүйнөм жана акыретим үчүн кайырдуу болсо, муну мага
арна, аны мага жеңилдет жана бул ишти мага куттуу кыл.
Эгерде бул иш менин диним, жашоом, ишимдин натыйжасы, дү-
нүйөм жана акыретим үчүн жаман болсо, менден алыстат, мени да
андан алыстат. Кайыр кайда болсо, аны мага ырооло жана аны менен
мени ыраазы кыл.”
Тообо намазы
Бир мусулман күнөө кылганда, дароо өкүнүп, буга тообо кылы-
шы керек. Кылган күнөөсүнө тообо кылуу үчүн жакшылап даарат алып,
эки ирекет намаз окушу орундуу болот.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Бир пенде күнөө кылган
кезде жакшылап даарат алып, андан кийин эки ирекет намаз окуп
жана күнөөсүнүн кечирилишин тилесе, күнөөсү кечирилет.”118
Адам табиятына байланыштуу кез-кезде күнөө кылып коѐ берет.
Мындай учурларда кылгандарына өкүнүп, дароо андан баш тартышы
абзел. Чын жүрөктөн тообо кылып, күнөөлөрүнүн кечирилишин Алла
тааладан суранышы зарыл. Күнөөдөн арылуунун чарасы – тообо жана
кечирим тилөө. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Күнөөлөрү үчүн
чын жүрөктөн тообо кылган киши эч күнөө кылбагандай болот.”119
Тообо жана кечирим тилөө дайыма кылына берет. Бирок таң ага-
рып келатканда көп эле кечирим тилей берүү – мустахаб. Кудуреттүү
Алла таала ыйык Куранда таңга маал күнөөлөрүнүн кечирилишин тиле-
гендерди мактаган (Заарият сүрөсү, 51/18).
Тообо жана кечирим тилөө дубаларынын башкысы жана эң мар-
табалуусу азирети пайгамбарыбыз билдирген “Саййидул-Истигфар”
дубасы болуп саналат.
“Саййидул-Истигфар” дубасы мындай:

‫ ْس ِبلن ِح‬ٚ ٚ ‫ ِبلن‬ٙ‫ جٔح ٰل ْس‬ٚ ‫ ج ٔح ْسر ُملن‬ٚ ‫ ِهّٰللُ جْٔسص رذ ِهّٰلل ِب ا ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل جْٔسص ٍ ْسمط ِب‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫ ُمء ذِب ٔ ِبْسيب‬ٛ‫ جذُم‬ٚ ‫ ُمء ٌه ذِبٕ ْسِبعّطِبه ِهّٰللل‬ٛ‫ ُم ذِبه ِبِ ْسٓ ع ِب ِهّٰللل ِح ٕ ْسع ُمص جذُم‬ٛ ‫ْسجصط ْسع ُمص ج ُم‬
‫خ ِبجاِهّٰلل جْٔسص‬ٛ‫ح ْس ف ْسِبلٌ ِب ِبحٔ ِهّٰللُٗم ا ْسغف ُمِبل جٌ ِهّٰللُمُٔم‬

118
Ибн Мажа, Салат, 193.
119
Ибн Мажа, Зухд, 30.

212
Окулушу:
“Аллаахумма анта раббии лаа илааха иллаа анта халактании
ва ана абдука ва ана алаа ахдика ва вадика мастатату ауузу бика
мин шарри маа санату Абуу лака би ниматика алаййа ва абуу
бизанбии фагфирлии фаиннахуу лаа йагфируз-зунууба иллаа
анта.”
Мааниси:
“Оо, Аллам! Сен Раббымсың, Сенден башка Теңир жок. Мени
Сен жараттың, мен Сенин кулуңмун, күчүмдүн жетишинче түбөлүккө
Сага берген сөзүмдө жана убадамда бекем турамын. Оо, Аллам! Кыл-
ган күнөөлөрүмдүн жамандыгынан Сага сыйынам. Мага берген ырыс-
кыларыңды танбаймын. Күнөөмдү да мойнума аламын. Күнөөлөрүмдү
кечир, анткени күнөөлөрдү Сен гана кечиресиң.”
Пайгамбарыбыз момун болгон кишинин бейишке кире турганын
билдирүү үчүн мындай деп буюрган:

ً‫ ِبِ ْسٓ ٘ ِبْس‬ٛٙ‫ُم‬ ‫ ِبِ ِبٗ ل ْسرً ْسْ ُم ْسّ ِبض‬ٛ‫ح ّحش ِبِ ْسٓ ْس‬ٙ‫ ِبلًٕنح ذِب‬ِٛ‫ح ِبر ُم‬ٙ‫ح ِبِٓ جٌِٕهّٰلل‬ٌٙ‫ِ ْسٓ لح‬ٚ
ً‫ ِبِ ْسٓ ٘ ِبْس‬ٛٙ‫ح ّحش ل ْسرً ْسْ ُم ْس ِبرف ُم‬ٙ‫ل ٌدِبٓ ذِب‬ِٛ‫ ُم‬ٛ‫ُ٘م‬ٚ ً‫ح ِبِٓ جٌ ِهّٰللٍ ْسح ِب‬ٌٙ‫ِ ْسٓ لح‬ٚ ‫ج ْسٌؿِٕهّٰلل ِبس‬
‫ج ْسٌؿِٕهّٰلل ِبس‬
“Кимде-ким сообуна жана изгилигине ишенип, бул дубаны күндүз
окуп, ошол эле күнү кечинде өлсө, ал киши бейиш ээлеринен (бейишке
кире тургандардан) болот. Кимде-ким сообуна жана изгилигине ише-
нип, бул дубаны түнкүсүн окуп, таң агара электе өлсө, ал киши да бе-
йиш ээлеринен болот.”120

120
Бухарий, Даават, 2.

213
ЖАМГЫР ТИЛӨӨ ДУБАСЫ (ИСТИСКА)
Истиска сөзү сөздүктө бирөөдөн суу суроо деген маанини түшүн-
дүрөт. Ал эми термин катары жамгыр жаабагандыктан улам пайда бол-
гон кургакчылык учурунда Алла тааладан жамгыр тилөө дегенди бил-
дирет. Бул бизде жамгыр дубасына чыгуу деп айтылат.
Ичерге жана колдонорго суусу болбогон, жан-жаныбарларды,
бак-дарак жана талааларды сугара турган кудук же агын суулары бол-
богон, же болбосо суулары муктаждыктарын канааттандырбаган бир
жердеги калктын жамгыр жаадырышы үчүн Алла таалага жалбарып,
дуба окушу жайыз болуп саналат. Жамгыр тилөө дубасы азирети пай-
гамбарыбыз жана анын калыйпалары тарабынан да окулган.
Азирети Айша мындай деп эскерген: “Кээ бир кишилер жамгыр
жаабай, кургакчылык болгондуктан кыйналып кетишкенин пайгамба-
рыбызга айтып келишет. Муну уккан азирети пайгамбарыбыз: “Жам-
гыр жаабайт деп даттанып жатасыңар, ал эми Алла таала дуба
окушуңарды буюрган жана (Ал окуган) дубаңарды кабыл кыла турга-
нын билдирген,”121 – дегенден кийин колдорун көккө каратып ачып, ду-
ба окуган. Дубадан кийин Алла тааланын амири менен жамгыр жааган.
Үч күн катары менен жамаат менен бирге айылдын, же шаардын
сыртына чыгып жамгыр дубасын окуу – мустахаб. Дубадан мурда бей-
бечараларга садага берип, бардык кишилер күнөөлөрүнө тообо кылып
жана кечирим сурап, акысыз түрдө алынган бир нерселери болсо, ээле-
рине берип адалдашуу керек. Жамгыр дубасына бара жатканда карапа-
йым болуу жана башты төмөн салып басуу, карылар менен балдарды,
ошону менен бирге малдарды да алып баруу – мустахаб. Жамгыр дуба-
сында алгач кыбыланы көздөй кароо керек, андан кийин имам турган
калыбында колдорун жогоруга көтөрүп дуба окуйт, жамаат да отурган
ордунда “Оомийин” деп бата кылат. Пайгамбарыбыз окуган жамгыр
дубаларынын бири мындай:

‫ ِهّٰللُ ْسجصمِبٕح ْسحػًنح ُمِغ ِبحػًنح ٕ٘ ِبحثًنح ِل ِبثًنح ِل ِب ًنعح لل ًنح ُمُم ِب ِهّٰللٍ ًن ص ِهّٰلل ًنكح ح ِهّٰللًِنح طرمًنح جتِب ًنّح‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫ ِبجاِهّٰلل ِبجٌ ْسحه‬ٛ‫جٌض ْسٕ ِبه ِح ا ٔ ْسغىُم‬ ‫ ِهّٰلل‬ٚ ‫ج ِبء‬ٚ‫ج ْسٌ ْسٍ ِبك ِبِٓ ج ْسٌ ِهّٰلل ْس‬ٚ ‫ ج ْسٌعِبرح ِب‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ِبج ِهّٰللْ ذِبح ْسٌ ِبر ِب‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
ٓ‫ ج ْسٔ ِبر ْسص ٌٕح ِبِ ْس‬ٚ ‫جٌضّح ِبء‬
‫حش ِهّٰلل‬ ‫ ج ْسصمِبٕح ِبِ ْسٓ ذلو ِب‬ٚ ‫حجٌض ْسلا‬ ‫ ج ِب ْسرٌٕ ِهّٰلل‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ج ْسٔ ِبر ْسص ٌٕح جٌ ِهّٰللز ْسرا‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬

121
Абу Давуд, Салат, 260.

214
‫ ِهّٰللُ ُمو ْسٕص ِهّٰللفحرًنج ح ْسر ِبص ِبً ِهّٰلل‬ٙ‫حش ْسجا ْسر ِبا ِبجٔ ِهّٰللح ٔ ْسضط ْسغف ُمِبلن ِبجٔ ِهّٰلله جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫جٌضّحء ٍ ْسحٕح‬ ‫ذلو ِب‬
‫ِبِ ْسلرجرًنج‬
“Аллаахумма аскынаа гайсан, мугиисан, ханииан, марииан,
марииан, гадакан, мужаллилан, саххан, аамман, табакан дааимаа.
Аллаахумма! Аскынал-гайса ва лаа тажалнаа минал-
каанитиин.
Аллаахумма! Инна бил-билаади вал-ибаади вал-халкы ми-
нал-лавааи вад-данки, маа лаа нашкуу иллаа илайк.
Аллаахумма! Анбит ланаз-зара ва адир ланад-дара ва аскы-
наа мин баракаатис-самааи. Ва анбит ланаа мин баракаатил-арди.
Аллаахумма! Иннаа настагфирука иннака кунта гаффаара,
фа-арсилис-самаъа алайнаа мидраараа.”
Оо, Aллa тaaлaм! Бизге aбдaн көп, пaйдaлуу, бaрдык жерди
сугaргaн берекеттүү жaмгыр жaaдыр.
Оо, Aллa тaaлaм! Бизге жaмгыр бер. Бизди түңүлгөндөрдөн кы-
лa көрбө.
Пенделериң, тaлaa-түздөр жaнa жaрaткaн нерселериң ушунча-
лык кыйынчылык тaртып жaтaт. Муну Сенден бaшкaсынa aйтa aл-
бaйбыз.
Оо, Aллa тaaлaм! Биз үчүн эгиндерибиз өсүп-өнсүн, мaлдaрыбыз-
дын сaaны көбөйүп сүт берсин, көк жүзү жана жер жүзүнүн бе-
рекеттери менен бизди кубaндыр, ырыскылaрынды aябa.
Оо кудурети күчтүү Aллa тaaлaм! Биз Сaгa сыйынып кечирим
тилейбиз. Сенин чексиз ырaйым ээси экендигиң тaлaшсыз. Бизге көк
жүзүнөн көнөктөтүп берекелүү жaмгыр жaaдыр.
Жамгыр жааганда:

‫ ِهّٰللُ ِبحِهّٰللرًنح ٔح ًنِبعح‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬


“Аллаахумма саййибан наафыан.” “Оо, Аллам! Муну бизге пай-
далуу бир жамгыр кыл! “ – деп айтылат.
Жамгыр ашыкча жаап, анын зыян бере турганынан корккон
мезгилде:

‫ ا ٍ ْسحٕح‬ٚ ‫جٌ ْسحٕح‬ٛ‫ ِهّٰللُ ق‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬

215
“Аллаахумма хаваалайнаа ва лаа алайнаа.” “Оо, Аллам! Муну
зыян бербей турган жерлерге жаадыр, биздин үстүбүзгө жаадырба! “
– деп дуба окулат. Имам Агзамдын айтканы боюнча жамгыр дубасында
окула турган сүннөт болгон намаз жок. Бирок жамааттын бөлөк-бөлөк
намаз окушу жайыз болуп саналат. Дуба окуп жатканда көйнөктү
тескерисинен которуп кийүүнүн да кереги жок.
Кусуф (кҥн тутулганда окулчу) намазы
Күн тутулганда жамаат менен эки ирекет намаз окулат. Пайгам-
барыбыз да күн тутулганда мечитке барып, жамаатка эки ирекет намаз
окуткан.
Муну жума намазын окуткан имам окутат. Бул намазда азан
окулбайт жана коомат келтирилбейт. Ачык түрдө Куран окулбайт. Жу-
ма намазын окуткан имам болбосо, жамаат намазды өз алдыларынча
имамсыз окушат.
Пайгамбарыбыздын уулу Ибрахим дүйнөдөн кайткан күнү күн
тутулган экен. Эл “Ибрахимдин өлүмүнөн улам күн тутулду” деп айты-
шат. Муну уккан азирети пайгамбарыбыз күн жана ай тутулушу менен
байланыштуу мындай ишенимдин туура эмес экендигин билдирип,
мындай деп буюрган:

‫ج‬ٛ‫ِهّٰللٍُم‬ ُ‫ا ٌِبكحح ِبض ِبٗ ِبا ج ر ْس ُمط ْس‬ٚ ‫ ِبش ق ٍل‬ٛ‫ج ْسٌمّل ا ْسٕى ِبضفحِْب ٌِبّ ْس‬ٚ ‫ِبئ ِهّٰللْ جٌغِهّٰلل ْسّش‬
‫ج ِهّٰللجا‬ٛ ‫ج ْس ُم‬ٚ
“Күн менен ай кимдир бирөөнүн өлүмү же жашоосунан улам
тутулбайт. Муну көргөндө намаз окугула жана Алла таалага дуба
кылгыла.”122
Хусуф (ай тутулганда окулчу) намазы
Ай тутулган мезгилде эки же төрт ирекет намаз окулат. Бул намаз
жамаат менен эмес, үйдө жалгыз окулат.
Катуу шамал, жер титирөө же жугуштуу оору сыяктуу корку-
нучтуу окуялар болуп жатканда да күн жана ай тутулушунда болгондой
намаз окулат.

122
Бухарий, Кусуф, 1; Муслим, Кусуф, 5.

216
ЖАНАЗА НАМАЗЫ
Өлүм алдында жаткан киши үчүн жасала турган иштер:
Өлүмү жакындаган киши оң капталы менен кыбыланы көздөй ка-
ратылып жаткырылат. Чалкасынан да жаткырылса болот жана мүмкүн
болсо башы азыраак көтөрүлүп, кыбыланы көздөй каратылат.
Мындай абалда болгон кишиге Шахадат келмеси эстетилет.
Оорулуу кишиге “келме келтир” деп айтылбайт, тек гана анын жанында
келме келтирилет. Чындыгында азирети пайгамбарыбыз да: “Өлүктө-
рүңөргө (б.а. өлүм алдында жаткандарга) Шахадат келмесин эстет-
киле,”123 – деп буюрган.
Ага-тууган, жоро-жолдош жана коңшулардын өлүм алдында жат-
кан кишинин зыяратына барышы – диний бир милдет. Оорулуу киши-
нин эти ысып жатса, ага аз-аздан суу берилет жана жанында “Ясин”
сүрөсү окулат. Оорулуу киши өлгөндө (оозу ачылып калбасын деп) ээ-
ги таңылат жана көздөрү жумдурулат. Уяттуу жерлеринин көрүнбөшү
үчүн үстүнө бир жабуу жабылгандан кийин кийимдери чыгарылат.
Шишип кетпеши үчүн өлгөн адамдын курсагына кандайдыр бир темир
коюлат жана колдору капталдарына келтирилет. Сөөк жуулганга чейин
жанында Куран окулбайт.
Сөөктҥн жуулушу
Сөөк жуула турган кезде бийигирээк бир жерге коюлат. Оозуна
жана мурдуна суу берилбестен, даарат алдырылат. Андан кийин үстүнө
суу куюлуп, башы менен денеси самындалып жылуу суу менен жуулат.
Андан соң сол капталына оодарып, оң капталы жуулат. Кайра оң капта-
лына оодарып, сол капталы жуулат. Сөөк отургандай абалга келтири-
лип, курсагынын үстүнө басылат. Эгерде сөөктөн кандайдыр бир нерсе
чыкса, жуулуп тазаланат, кайрадан жуугандын жана даарат алдыруунун
кереги жок.
Ар бир мүчөсү үч жолудан жуулуш керек. Сууну ашыкча ысырап
кылуунун кереги жок. Абдан шишип кеткен жана кармоого мүмкүн
болбогон сөөктү жуубай эле, үстүнө суу төгүп коюу да жетиштүү
болот.
Сөөк жуулган жер жабык болууга тийиш. Сөөктү жууган жана
ага жардам берген кишиден башка кишилер ал жерге кирбеши керек.
Сөөктү жууган кишинин даараттуу болушу мандуп болуп эсептелет.
Сөөктү жууган киши акысын сурай алат, бирок бул милдетти акы су-

123
Муслим, Жанаиз, 1.

217
рабай аткарса дагы сооптуу болот. Сөөктү жууй турган киши табылбай,
бул милдет ага калган болсо акы сурашы жайыз эмес.
Эркектин сөөгүн эркек, аял кишинин сөөгүн да аял киши жууйт.
Суу табылбай калган учурда да өлүккө таяммум алдырылат.
Кичинекей кыз баланы бир эркектин, кичинекей эркек баланы да
бир аялдын жуушу – жайыз. Өлгөн адамдын чачы менен сакалы тарал-
байт. Тырмак, чач жана муруту алынбайт, башына чалма оролбойт.
Жакшы көргөндүктөн улам өлгөн кишини өбүүнүн коркунучу жок.
Сөөк жуулгандан кийин кол аарчы менен аарчылып кургакталат
жана кепинделет. Башы менен сакалына жыпар жыт себилет, маңда-
йына, алакандарына, тизелерине жана бутунун манжаларына кафур
төгүлөт.
Сөөктҥн кепинделиши
Кепин ҥч тҥрдҥҥ болот:
1) Сҥннөт болгон кепин: Бул – эркектер үчүн көйнөк, изар жана
лифафа болуп үч бөлүктөн турат. Аялдардыкы болсо, эркектердин ке-
пинине жоолук менен көкүрөгүнө байланган кездеме кошулуп, беш
бөлүктөн турат.
2) Жетиштҥҥ (кифая) кепин: Эркектер үчүн изар жана лифафа
болуп эки бөлүк, аялдар үчүн буларга жоолук кошулуп, үч бөлүк болот.
3) Чарасыздык (зарурат) кепини: Эркек жана аял үчүн эмне та-
былса ошол бир кепин жетиштүү болуп, ага оролот. Бирок мүмкүнчү-
лүк болуп турса, бир кепин менен канааттанууга болбойт.
Эркектер үчүн үч бөлүктөн турган кепин булар:
1) Камис (көйнөк): Моюндан бутка чейин.
2) Изар: Баштан согончокко чейин.
3) Лифафа: Баштан согончокко чейин болгон кездеме (Лифафа эң
үстүнө, баш жана аяк жагынан буула тургандыктан узунураак жасалат).
Алгач лифафа жерге жайылат, анын үстүнө изар төшөлөт, андан
кийин көйнөк сыяктуу болгон камис сөөктүн башынан кийгизилип,
сөөк изардын үстүнө жаткырылат. Изар алгач оң тарабынан, андан ки-
йин сол тарабынан сөөктүн үстүнө оролот. Мындан кийин лифафа да
дал эле ушундай болуп оролот. Кепиндин ачылып кетишинен тынчсыз-
дана турган болсо, кепин кандайдыр бир чүпүрөк менен байланат.
Аялдар ҥчҥн беш бөлҥктөн турган кепин булар:
Эркектерде болгондой,
1) Көйнөк (камис).

218
2) Баштан согончокко чейин изар.
3) Баштан согончокко чейин лифафа.
Мындан сырткары,
4) Көкүрөккө байланган кездеме (хирка).
5) Жоолук (химар).
Өлгөн аялга алгач көйнөк кийгизилет. Андан кийин чачтары эки-
ге бөлүнүп өрүлүп, көйнөгүнүн үстүнөн көкүрөгүнө коюлат. Мындан
кийин жоолук бетине да жабылат. Андан соң изар оролот, изардын
үстүнөн туурасы көкүрөктөн киндикке чейин болгон көкүрөк жабуусу
байланып, андан кийин лифафа оролот. Кепиндин өңүнүн ак болушу –
мустахаб.
Жаназа намазы
Жаназа намазы кифайа парзы болуп саналат. Бул – өлгөн киши
үчүн окулган дуба. Мусулман боордошунун күнөө жана каталарынын
кечирилишин Алла тааладан тилеп, анын алдындагы акыркы милдетин
орундатуу.
Кимдерге жаназа намазы окулат?
Өлгөн бир кишиге жаназа намазынын окулушу үчүн төмөнкүдөй
алты шарт болушу керек. Бул шарттар мындай:
1) Маркумдун мусулман болушу.
2) Таза болушу (Б.а. жуулуп тазаланып, кепинге оролушу).
3) Жамааттын алдында болушу.
4) Маркумдун сөөгүнүн баары же денесинин жарымынан көбү-
нүн, же болбосо башы менен бирге денесинин жарымынын болушу.
5) Жаназа намазын окуй турган кишинин (майып болбосо) тик
туруп окушу.
6) Жаназанын жерде болушу, ийиндин үстүндө же кандайдыр бир
унаанын үстүндө болбошу.
Тирүү болуп төрөлгөн, же болбосо денесинин көпчүлүгү жандуу
болуп чыккан бала, төрөлөрү менен өлө турган болсо, анда ал жуулат
жана жаназа намазы окулат.
Дене-мүчөлөрү толук өрчүгөн же айрым органдары белгилүү
болгон бала бойдон түшүп калса, жуулат жана бир кездемеге оролуп
көмүлөт, ал эми намазы окулбайт. Эч бир органы белгилүү болбогон
бала бойдон түшсө, жуулбайт жана буга намаз окулбайт.
Жаназа намазы кифайа парзы болгондуктан айрым мусулмандар
бул намазды окушса, калган кишилердин окушунун кереги жок.

219
Жаназа намазында жамааттын болушу шарт эмес. Бир эле эркек киши
же аял киши жаназа намазын окуса, парз орундалган болот. Башка
намаздарды бузган нерселер жаназа намазын да бузат. Намаз окулушу
макүрөө болгон үч маалдан сырткаркы бардык убактарда жаназа нама-
зы окула берет.
Жаназа намазынын парздары – төрт такбир менен кыям. Салам
берүү – убажип. Жаназа намазында рукууга жүгүнүү жана жайнамазга
жыгылуу жок.
Жаназа намазынын сҥннөттөрҥ
1) Намазды окута турган имамдын маркумдун көкүрөгүнүн
тушунда турушу.
2) Биринчи такбирден кийин “Субхаанака” дубасын окуу.
3) Экинчи такбирден кийин Аллаахумма салли жана Аллаахумма
баарик дубаларын окуу.
4) Үчүнчү такбирден кийин дуба окуу.
Жаназа намазынын окулушу
Сөөк жуулуп жана кепинделип, намаз окула турган жерге таштан
жасалган текченин үстүнө коюлат. Жаназа жамааттын алдында болот.
Намазды окута турган имам маркумдун көкүрөгүнүн тушунда турат.
Жамаат тикесинен туруп жана кыбылага бурулуп, имамдын аркасына
сапка тизилет. Жамааттын үч сапка тизилип турушу ылайыктуу болот.
Ниет кылып жатканда, маркумдун эркек же аял киши, эркек бала
же кыз бала экени айтылат.
Намаз окута турган имам: “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн
жаназа намазын окууга, (маркум эркек киши болсо) бул эркек киши
үчүн дуба окууга ниет кылдым,” – деп ниет кылат.
Маркум аял киши болсо: “Бул аял киши үчүн дуба окууга” ;
Маркум эркек бала болсо: “Бул эркек бала үчүн дуба окууга” ;
Маркум кыз бала болсо: “Бул кыз бала үчүн дуба окууга” деп
айтылат.
Имамдын аркасында турган жамаат: “Алла тааланын ыраазычы-
лыгы үчүн жаназа намазын окууга, (маркум эркек киши болсо) бул
эркек киши үчүн дуба окууга ниет кылдым, имамга баш ийдим,” – деп
ниет кылат.
Маркум аял киши болсо: “Бул аял киши үчүн дуба окууга” ;
Маркум эркек бала болсо: “Бул эркек бала үчүн дуба окууга” ;

220
Маркум кыз бала болсо: “Бул кыз бала үчүн дуба окууга,” – деп
айтылат.
Жамааттын ичинен бир киши маркумдун эркек же аял киши
экенин биле албай калса, анда: “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн
имам окута турган бул жаназа намазын окууга, маркум үчүн дуба
окууга ниет кылдым, имамга баш ийдим,” – деп ниет кылат. Ниет кы-
лынгандан кийин имам үнүн бийик көтөрүп, анын аркасынан жамаат
ичинен “Аллааху акбар” деп биринчи такбирди келтирип, башка на-
маздарда болгондой эле, колдорун кулактын көнчөгүнө чейин көтөрүп,
киндиктин астына байлашат. Имам менен жамаат ичинен Субхаанака
дубасын окушат. Субхаанака дубасында башка намаздарда окулбаган
“ва жалла санааук” сүйлөмү да окулат.
Субхаанака окулуп бүткөндөн кийин колдор көтөрүлбөстөн имам
добушун көтөрүп, жамаат да ичинен “Аллааху акбар” деп экинчи
такбирди келтиришет. Имам да, жамаат да үндөрүн чыгарбастан Аллаа-
хумма салли жана Аллаахумма баарик дубаларын окушат. Андан кийин
дагы колдорун көтөрбөстөн кайрадан “Аллааху акбар” деп үчүнчү так-
бирди келтиришет жана жаназа дубасы окулат. Жаназа дубасын билбе-
ген киши анын ордуна Кунут дубаларын окуса болот. Кунут дубаларын
билбеген киши “Раббанаа аатинаа фиддунйа хасанатан ва фил-
аахирати хасанатан ва кынаа азаабаннаар” аятын окуйт. Мындан
кийин колдорун көтөрбөстөн кайрадан “Аллааху акбар” деп айтышып,
төртүнчү такбирди келтиришет жана эч нерсе окубастан алгач башта-
рын оң тарапка бурушуп, “Ассалааму алайкум ва рахматуллаах” деп
айтышат. Андан кийин баштарын сол тарапка бурушуп, “Ассалааму
алайкум ва рахматуллаах” деп айтышат жана ушундайча жаназа
намазы аяктаган болот.
Жаназа намазынын ҥчҥнчҥ такбиринен кийин окулган
дубалар
Ар бир маркум ҥчҥн алгач бул дуба окулат:

‫ و ِبر ِب ٔح‬ٚ ‫ ِبغ ِب ٔح‬ٚ ‫ جُمْٔسػحٔح‬ٚ ‫ و ِبلٔح‬ٚ ‫ حتِب ِبرٕح‬ٚ ‫ عحِ٘ب ِبلٔح‬ٚ ‫ ِ ِبحِهّٰللطِبٕح‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ج ْس ف ْسِبل ٌِبك ِبحِهّٰللٕح‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫جا ّحِْب‬ ‫ ِهّٰللُٗم ٰل ْس ِب‬ٛ‫ ِهّٰلل ْسحطُٗم ِبِِٕهّٰللح ط‬ٛ‫ ِ ْسٓ ض‬ٚ َ‫جا ْسص ِب‬
‫ ِهّٰللُ ِ ْسٓ ج ْسقح ْسحطُٗم ِبِِٕهّٰللح ح ْسق ِبح ِبٗ ٰل ْس ِب‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу:
“Аллаахуммагфир лихаййина ва маййитинаа ва шаахидинаа
ва гааибинаа ва закаринаа ва унсаанаа ва саагиринаа ва кабиири-
наа. Аллаахумма ман ахйайтахуу миннаа фа ахйихи алал-Ислаами
ва ман таваф-файтаху миннаа фа таваффаху алел-Иман.”

221
Мааниси:
“Оо, Кудай! Тирүүлөрүбүзгө, маркумдарыбызга, бул жерде тур-
гандарга, бул жерде болбогондорго, эркектерибизге, аялдарыбызга, ки-
чүүлөрүбүзгө жана улууларыбызга кечирим кыл. Оо, Кудай! Бизден
тарала турган жаңы урпактарды Ислам дининде жарат! Биздин
арабыздан ажалы жетип, өлтүрө тургандарыңды да ыйманы менен
өлтүр.”
Бул дубадан кийин жаназанын ким экендигине жараша төмөнкү
дубалардын бири окулат.
1) Маркум эркек киши болсо бул дуба окулат:

‫ ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫ ج ْسٌّ ْسغفِبل ِبز‬ٚ ‫جٌلجق ِبس‬


‫ ِهّٰللُ ِبج ْسْ وحْ ُم ْس ِبضًٕنح‬ٙ‫جِْب جٌ ِهّٰللٍ ُم‬ٛ‫جٌل ْسض‬ ‫ ُم ِهّٰللص ٘ ج ج ْسٌّ ِبحِهّٰللص ذِب ِهّٰلل‬ٚ
‫ ِهّٰلل‬ٚ ‫ ِبـ‬ٚ‫حٌل ْس‬
ٚ ‫ ج ْسٌىلجِس‬ٚ ٜ‫ ج ْسٌ ُمر ْسغل‬ٚ ِٓ‫ ٌ ِبِهّٰللم ِبٗ ْسجا ْس‬ٚ ‫ ْسز ْسُٕٗم‬ٚ‫ ِبج ْسْ وحْ ُمِ ِبضحثًنح طؿح‬ٚ ٗ‫ِبز ْس ِب ِبج ْسقضح ِبٔ ِب‬

‫ ذِبل ْس طِبه ح ج ْسرقُ ِهّٰلل‬ٝ‫جٌ ِهّٰللزُم ْسٌف‬


‫جٌلج ِب ِب‬
Окулушу:
“Ва хусса хазал-маййита бирравхи варрахати вал-магфирати
варридваан. Аллаахумма инкаана мухсинан фазид фии ихсанихии
ва ин каана мусииан фатажа-ваз анху ва лаккыхил-амна вал-буш-
ра вал-карамата ваз-зулфаа бирахматика йа архамаррахимиин.”
Мааниси:
“Кудайым! Бул маркумга таза аба ичинде түбөлүктүү ырахат,
чексиз ырайым, күнөөлөрүнө кечирим жана бейиштин ичинен жашоо
бер. Алла таалам! Бул маркум жакшылык кылган киши болсо, азыр Сен
да ага сыйлыгыңды ашыгы менен бер, эгерде бул маркум жамандык
кылган болсо, жазаландыруудан баш тарт. Күнөөлөрүнө кечирим кыл.
Бул маркумду коркунучтардан куткар, жакшылыгың менен сүйүндүр,
аны акыреттик урматка жана жогорку даражага жеткир. Оо, ыра-
йымдуулардын эң ырайымдуусу болгон Алла таалам! “
2) Маркум аял киши болсо, бул дуба окулат:

‫ ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫ ج ْسٌّ ْسغفِبل ِبز‬ٚ ‫جٌلجق ِبس‬


‫ ِهّٰللُ ِبج ْسْ وحٔ ْسص ُم ْس ِبضًٕنس ًن‬ٙ‫جِْب جٌ ِهّٰللٍ ُم‬ٛ‫جٌل ْسض‬ ‫ ُم ِهّٰللص ٘ ِب ِبٖ ج ْسٌّ ِبحِهّٰللطس ذِب ِهّٰلل‬ٚ
‫ ِهّٰلل‬ٚ ‫ ِبـ‬ٚ‫حٌل ْس‬
ٚ ٜ‫ ج ْسٌ ُمر ْسغل‬ٚ ِٓ‫ح ْسجا ْس‬ٙ‫ ٌ ِهّٰللمِب‬ٚ ‫ح‬ٕٙ‫ ْسز ْس‬ٚ‫ ِبج ْسْ وحٔ ْسص ُمِ ِبضحثس ًن طؿح‬ٚ ‫ح‬ٙ‫ِبز ْس ِب ِبج ْسقضحِٔب‬

‫ ذِبل ْس طِبه ح ج ْسرقُ ِهّٰلل‬ٝ‫ جٌ ِهّٰللزُم ْسٌف‬ٚ ‫ج ْسٌىلجِس‬


‫جٌلج ِب ِب‬
222
Окулушу:
“Ва хусса хаазихил-маййитата бирравхи варрахати вал-маг-
фирати варридваан. Аллаахумма инкаанат мухсинатан фазид фии
ихсанихаа ва инкаанат мусиатан фатажаваз анха ва лаккыхал-
амна вал-бушраа вал-карамата ваз-зулфаа бирахматике йа арха-
маррахимиин.”
Бул дубaнын мaaниси дa эркектер үчүн окулгaн дубa менен
бирдей.
3) Маркум эркек бала болсо, бул дуба окулат:

‫ ُمِغ ِهّٰللف ًنعح‬ٚ ‫ ْسؾع ْسٍ ُمٗ ٌٕح عح ًنِبعح‬ٚ ‫ ُم ْس لًنج‬ٚ ‫جؾع ْسٍ ُمٗ ٌٕح ج ْسؾلًنج‬
‫ ْس‬ٚ ‫جؾع ْسٍ ُمٗ ٌٕح لطًنح‬
‫ ِهّٰللُ ْس‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу:
“Аллаахуммаж-алху ланаа фаратан важ-алху ланаа ажран ва
зухран важ-алху ланаа шафиан ва мушаффаъа.”
Мааниси:
Алла таалам! Бул баланы бейиште бизди тосуп алуучу жана
акырет белеги кыл.
Алла таалам! Бул баланы биз үчүн колдоочу кыл жана колдоосун
кабыл кыл.”
4) Маркум кыз бала болсо, бул дуба окулат:

‫ ُمِغ ِهّٰللفعس ًن‬ٚ ‫ح ٌٕح عح ِبعس ًن‬ٍٙ‫ ْسؾع ْس‬ٚ ‫ ُم ْس لًنج‬ٚ ‫ح ٌٕح ج ْسؾلًنج‬ٍٙ‫جؾع ْس‬
‫ ْس‬ٚ ‫ح ٌٕح لطًنح‬ٍٙ‫جؾع ْس‬
‫ ِهّٰللُ ْس‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
Окулушу:
“Аллаахуммаж-алха ланаа фаратан важ-алхаа ланаа ажран
ва зухран важ-ал-хаа ланаа шафиатан ва мушаффаъах.”
Бул дубaнын мaaниси дa эркек балдар үчүн окулгaн дубa менен
бирдей.
Сөөктҥн ташылышы
Сөөктү мүрзөгө алып бара жатканда, табыттын төрт бутунан кар-
мап, алгач табыттын алды жагындагы сол бутун оң ийинге, андан ки-
йин арка тарабындагы сол бутун оң ийинге, андан кийин алды жагын-
дагы оң бутун сол ийинге жана арка тарабындагы оң бутун сол ийинге
коюп, кезек менен ташуу керек.
Чуркабастан, бирок бираз ылдамыраак басылат. Кичинекей бала-
нын сөөгүн бир киши бооруна көтөрүп мүрзөгө алып барса болот.

223
Жамааттын сөөктүн аркасынан басканы туура болот. Жамааттын
бир бөлүгүнүн сөөктүн алдынан басышы да жайыз болуп саналат.
Сөөктүн аркасынан баскан кишилер Алла тааланы эскерип, өлгөн ки-
шинин абалын жана дүйнөгө келгендердин акырынын ушундай боло-
рун ойлоп, пайдасыз нерселерди сүйлөшүүдөн алыс туруулары керек.
Сөөктүн аркасынан үндү бийик чыгарып зикир чалуу, такбир ай-
туу жана Куран окуу жайыз эмес. Мүрзөнүн жанына баргандан кийин
сөөк жерге түшүрүлүп коюлат. Сөөк жерге түшүрүлгөнгө чейин отуруу
– макүрөө, ошондой эле, түшүрүлгөндөн кийин (себепсиз түрдө) туруп
туруу да – макүрөө.
Сөөктҥн көмҥлҥшҥ
Кабыр (мүрзө): Мүрзөнүн узундугу өлгөн адамдын (сөөктүн)
бою менен бирдей, туурасы адамдын боюнун жарымынчалык,
тереңдиги болсо көкүрөгүнө келе турганчалык көлөмдө казылат жана
кыбыла тарабынан сөөк бата тургандай казанак оюлат. Сөөк кыбыла
тараптан мүрзөгө түшүрүлүп, бул казанакка коюлат. Зарылдыкка
жараша бир же бир нече киши казанактын ичине түшсө болот.
Сөөктү казанакка койгон киши “Бисмиллаахи ва алаа миллати
расуулиллаах” деп айтат. Казанакта сөөк оң капталынан жана жүзү кыбы-
лага карай тургандай калыпта жаткырылат жана кайра бурулуп кетпеши
үчүн аркасына топурак коюлат. Андан кийин кепендин боосу чечилет
жана казанактын оозу тактай же кирпичтер менен жабылат. Аял кишинин
сөөгү мүрзөгө коюлуп жатканда, казанак жабылганга чейин мүрзөнүн үс-
түнө бир жабуу жабылып турат. Эркектин мүрзөсү болсо, жабылбайт.
Казанак жабылгандан кийин кол, күрөк жана башка нерселер ме-
нен мүрзөгө топурак салынып толтурулат жана балык жон кылынып
жерден бир карыш, же андан да бийигирээк болуп көтөрүлөт, мүрзөнү
жер кыртышы менен бирдей түп-түз кылып калтырууга болбойт. Сөөк-
тү коюуга келгендердин да катары менен мүрзөгө үч ууч топурак
ыргытышы – мустахаб. Бир мүрзөгө ичинен чыккан топурактан сырт-
кары ашыкча топурак салуу макүрөө болуп эсептелет. Топурактын
ныкталышы үчүн үстүнө суу чачуунун эч кандай зыяны жок.
Аял кишинин сөөгүн мүрзөгө жакын тууганынын түшүрүшү туу-
ра болот. Сөөктү түнкүсүн коюуда кандайдыр бир терстик болбосо да,
күндүз коюу андан ылайыктуураак. Кандайдыр бир аргасыз абал
болбосо, бирден ашык сөөктүн бир мүрзөгө коюлушу жайыз болбойт.
Ал эми аргасыз абалдарда коюла берет. Мындай абалдарда сөөктөрдүн
арасы топурак же кирпич менен бөлүнөт.

224
Бир мүрзөгө коюлгандар бир жыныстан болсо, эң мартабалуу
болгону кыбыла тарабына коюлат. Ар башка жыныстан болушса, алгач
эркек, андан кийин эркек бала, анын аркасына да аялдын сөөгү коюлат.
Өлгөндүн сөөгү чирип, топуракка айланганга чейин мүрзөнүн
ачылышы жана экинчи бир сөөктүн коюлушу жайыз эмес. Бирок жер
табылбай калган учурларда мурунку өлгөн кишинин сөөктөрү бир тарапка
жыйналат жана алардын арасына топурак коюлуп жаңы сөөк көмүлөт.
Сөөк мүрзөгө коюлгандан кийин башка бир жерге которулушу
жайыз эмес. Бирок башка бирөөгө таандык бир жерге коюлган сөөктү
жердин ээси ал жерден чыгаргысы келсе, анда которулат. Бир кишинин
өзү үчүн даярдаган мүрзөсүнө башка бирөөнүн коюлушу (эгерде жер
кенен болсо) – макүрөө. Жер тартыш болсо, макүрөө эмес. Бирок
мүрзөнү даярдаганга чыгымын төлөө керек.
Топурак борпоң жана нымдуу болсо, сөөктү табыт менен мүрзөгө
койсо болот. Мүрзөдө сөөктүн алдына кебез, чий, жаздык сыяктуу нер-
селерди төшөө жайыз болбойт.
Бир киши көзү тирүүсүндө өзү үчүн мүрзө даярдашынын эч
кандай ыңгайсыз тарабы жок. Бирок адам каерде өлө турганын билбе-
гендиктен мунун зарылчылыгы да жок. Азирети Абу Бекир бир киши-
нин мүрзө даярдап жатканын көрүп, мындай деп айткан: “Өзүң үчүн
мүрзө даярдаба, өзүңдү мүрзөгө даярда.” Бир кишинин өлө электен
мурун кепинин даярдашы – макүрөө эмес.
Бир мусулмандын аялы христиан же жүйүт болсо жана көзү өтүп
кетсе, анын сөөгүн башка бир жерге коюу ылайыктуураак болот.
Көңҥл айтуу
Өлгөн кишинин жакындарына көңүл айтуу, кайрат кылуусун
тилөө жана Алла тааланын өлгөн кишинин күнөөлөрүн кечириши үчүн
дуба окуу жана жалынып-жалбаруу – мустахаб.
Көңүл айткандарды тосуу үчүн өлүктүн жакындары үч күн үйдө
турса болот. Жаназа көмүлгөндөн кийин көңүл айтуу керек. Өлүктүн
жакындарынын кайгысы өтө оор болсо, өлүк коюла электе да көңүл
айтса болот.
Биринчи күнү көңүл айтуу – баарынан ылайыктуу. Үч күн өткөн-
дөн кийин көңүл айтуу макүрөө болуп саналат. Анткени бул өлгөн
адамдын жакындарынын кайгысын жаңыртат. Бирок ал жерде болбой,
кийинчерээк келгендердин үч күндөн кийин да көңүл айтышы макүрөө
болбойт. Бир жолу көңүл айтып барган кишинин экинчи жолу көңүл
айтып барышы да – макүрөө.

225
Өлгөн кишинин туугандарынын келгендерге тамак тартышы да
макүрөө болуп саналат. Анткени тамак кубанычтуу мезгилдерде тарты-
лат. Бул жерде болсо кайгы бар. Өлгөн кишинин ага-туугандары менен
коңшуларынын өлүктүн үйүнө ошол күнү жана ошол түнү тамак алып
барышы – мустахаб.
Жаназа намазына байланыштуу маселелер
Имам биринчи такбирди айтып, жаназа намазын баштагандан
кийин келген киши имамдын экинчи такбирин күтөт жана аны менен
бирге такбир айтып, намазды баштайт. Имам намазды бүтүргөндөн
кийин жетише албай калган такбирин айтат. Имам экинчи жана үчүнчү
такбирлерди айткандан кийин жетишкен кишинин абалы да ушундай
болот. Имам төртүнчү такбирди айтып, али салам бере электе келген
киши да такбир айтып, намазга кошулат. Имам салам бергенден кийин
жаназа ордунан жылдырыла электе дуба окубастан, жетише албай
калган үч такбирди катары менен айтат.
Жаназа намазында төрт такбир айтылат. Такбирлерден бирөө эле
айтылбай калса, намаз жайыз болбойт. Имам үчүнчү такбирден кийин
унутуп калып, салам берсе, төртүнчү такбирди да айтат жана кайрадан
салам берет.
Имам жаназа намазында төрттөн ашык такбир айтса, жамаат аны
ээрчибейт. Имамды күтөт жана аны менен салам берет. Жаназа нама-
зында биринчи такбирден кийинки такбирлерде колдор көтөрүлбөйт.
Бир нече жаназа боло турган болсо, намаздарын өз-өзүнчө окуу – жак-
шыраак. Мындай учурда кайсы жаназа биринчи алып келинген болсо,
алгач анын намазы окулат. Чогуу алып келинген болсо, алгач эң марта-
балуу болгонунун намазы окулат.
Бир нече жаназанын бардыгына чогуу намаз окуу да – жайыз.
Мындай учурларда жаназалар катары менен жана бир деңгээлде кою-
лат. Имам булардын ичинен эң мартабалуусунун алдында турат.
Жаназаларды катары менен кыбылага каратып, бир сапка койсо
да болот. Мындай учурда эркек жаназалар имамдын алдына коюлат.
Андан кийин балдардын, анан аял кишилердин жаназалары коюлат.
Бир кишинин “Өлгөн кезимде мени баланча жуусун, жаназа
намазымды баланча киши окутсун” деп айткан керээздери өкүмсүз.
Мындай керээзди аткаруунун кереги жок.
Өлүк жуулбай, же болбосо намазы окулбай коюлган учурда мүр-
зөнүн үстүнө топурак толтурулган болсо, мындан соң мүрзө ачылбайт.
Мүрзөнүн үстүндө намазы окулат. Кудукка түшүп, чыгарылбай калган
же урап кеткен бир имараттын астында калып, чыгарылышы мүмкүн
болбогон кишилердин да намазы ушул эле өкүмдө. Мүрзөнүн үстүнө

226
топурак салынбаган болсо, өлүк чыгарылып, жаназа намазы окулат.
Жуулбай коюлган болсо, жуулат жана намазы андан кийин окулат.
Мүрзөдө өлүк оң капталы менен коюлбаган жана жүзү кыбылага
каратылбаган болсо, мүрзөгө топурак толтурулган болсо, мындан ки-
йин мүрзө ачылбайт. Эгерде топурак салынбаган болсо, анда мүрзө
ачылып, өлүк оң капталы менен жаткырылып, жүзү кыбылага кара-
тылат.
Намазы окулбай жана жуулбай коюлган бир өлүктүн денеси чи-
рий элек болсо, намазы мүрзөнүн үстүндө окулат. Өлүктүн көмүлгөнү-
нө көп убакыт болуп кетсе, анда окулбайт. Бул маселе боюнча күчтүү
ишеним эмне болсо, ошого жараша иш кылынат.
Жаназаны мечиттин ичине коюп, жаназа намазын мечитте окуу –
макүрөө. Жаназа мечиттин сыртына коюлуп, жамааттын бир бөлүгү
имам менен бирге жаназанын жанында, бир бөлүгү да мечиттин ичинде
турса, макүрөө болбойт. Жаназа намазынын көрүстөндө окулушу да
туура эмес. Бирок окула турган болсо, кабыл алынат. Жолдун боюнда
да жаназа намазын окуу – макүрөө.
Ата-энесин атайылап өлтүргөн кишинин жаназа намазы окул-
байт. Мамлекетке каршы чыккандар менен каракчылар салгылаш учу-
рунда өлтүрүлгөн болсо, жуулбайт жана намаздары окулбайт. Чынды-
гында азирети Али баш көтөргөндөрдүн жаназасын жууган эмес жана
намаздарын окуган эмес. Салгылаштан кийин кармалып өлтүрүлгөн-
дөрдүн намазы окулат. Атайылап киши өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына
тартылган кишинин да жаназа намазы окулат.
Өзүн-өзү өлтүргөн кишинин да жаназасы жуулат жана намазы
окулат.
Мусулман жакынынан башка эч кими болбогон бир мусулман
эмес киши өлсө, мусулман жакыны аны жууп, мүрзөгө коѐт же тиеше-
лүү элине тапшырат.
Ата-энесинин бирөөсү мусулмандыкты кабыл алган бала өлсө,
жаназа намазы окулат. Анткени дин боюнча ата-эненин кайсынысы
кайырдуу болсо, бала ага көз каранды болот.

227
ШЕЙИТ
Алла тааланын жолу үчүн өлтүрүлгөн мусулманга шейит деп
айтылат. Шейиттик – Алла тааланын алдындагы эң бийик даража.
Шейит Алла тааланын алдына тирүү болуп барып, ага сансыз
ырыскылар бериле тургандыгына жана бейишке кирерине күбө болгон-
дуктан бул атты алган.
Ыйык Куранда шейиттер тууралуу мындай деп буюрулган:

ْٚ‫ٌىِب ْسٓ ا ض ْسغ ُمع ُمل‬ٚ ‫جش ذ ْسً ج ْسقحح ٓ ٌدء‬ ‫حً ِهّٰلل ِب‬
ُۜ ‫ ٌد‬ِٛ‫جا ج ْس‬ ‫صر ِب‬ ً‫ج ٌِبّ ْسٓ ُم ْسمط ُم‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫ا ضمُم‬ٚ
“Алла жолу үчүн өлтүрүлгөндөргө (шейиттерге) “өлүктөр”
деп айтпагыла. Тескерисинче, алар тирүү, бирок силер аны байкай
албайсыңар.”124
Дагы бир аяттын мааниси да мындай: “Алла жолу үчүн өлтү-
рүлгөндөрдү өлүктөр деп ойлоп жүрбөгүлө. Тескерисинче, алар ти-
рүү. Алла тааланын алдында Анын жакшылыктарынын ичинен
өзүнө тийген шыбагасынын ырахатын көрүп, ырыскыларына же-
түүдө. Артынан аларга жете албаган (али шейит боло элек) киши-
лерге да эч бир коркунуч болбой турганына, алардын кайгыланбай
турганына сүйүнүшөт.”125
Шейиттер тууралуу сүйүктүү пайгамбарыбыз да мындай деп
сүйүнчүлөгөн:

ٓ‫ ِبح ِبل و ِهّٰللُمً ع ْسح ٍة ِبجاِهّٰلل جٌ ِهّٰللل ْس‬ٙ ‫جا ٌِبٍغِهّٰلل‬


‫ْسغف ُمِبل ِهّٰلل ُم‬
“Шейиттин кулдук карызынан башка бардык күнөөлөрүн Алла
кечирет.”126

‫ ٌُٗم ِح ٰل ْسجا ْسر ِبا ِبِ ْسٓ ع ْسح ٍة ِبئاِهّٰلل‬ٚ ‫ جٌ ِهّٰللُملْٔسحح‬ٌٝ‫ِبد ْسْ ْسل ِبؾ ِبئ‬ ‫ِح جق ٌدل ْسل ُم ُمً ج ْسٌؿِٕهّٰللس ُمُي ِهّٰللُم‬
‫ ِبِ ْسٓ ج ْسٌىلجِ ِبس‬ٜ‫جش ٌِبّح ل‬ ٍ ‫ جٌ ِهّٰللُملْٔسحح ُمح ْسمطً ْسغل ِ ِهّٰللل‬ٌٝ‫ح ُمل طّ ِهّٰلل ج ْسْ ْسل ِبؾ ِبئ‬ٙ‫جٌغِهّٰلل ِب‬
“Эч бир киши бейишке киргенден кийин бүткүл дүйнөгө ээ болсо
да, кайра дүйнөгө кайтууну каалабайт. Бирок шейиттер көргөн сый-

124
Бакара сүрөсү, 154-аят.
125
Али Имран сүрөсү, 169-170-аяттар.
126
Муслим, Имара, 32.

228
урмат жана кереметтеринен улам дүйнөгө кайтып, он жолу шейит
болууну самашат.”127
Алла тааланын жолу, мекен жана эли үчүн аянбастан жандарын
берген шейиттер акыретте абдан чоң соопко жетишет жана Алла
тааланын улуу ыраакымына ээ болушат.
Шейиттер ҥч тҥрдҥҥ болот
1) Дҥйнөдө да, акыретте да шейит болуу
Мындай жагдайда болгон шейиттер жуулбайт, үстүндөгү кийим-
дери чыгарылбайт. Ушул боюнча намаздары окулуп көмүлөт. Шейит-
тин кепини үстүндөгү кийими болуп саналат. Бирок шейиттин үстүндө-
гү кепин түрүнө кирбеген пальто, баш кийим, бут кийим жана мылтык
сыяктуу нерселер чыгарылат. Кийими жабылышы керек болгон жерге
чейин жетпесе, анда ал жерлер башка нерсе менен жабылат.
Булар – шейиттер үчүн жасалган дүйнөгө таандык өкүм-жоболор.
Булардын жуулбастан жаназа намаздарынын окулуп, кийимдери менен
көмүлүшү үчүн аларда алты шарт болууга тийиш. Бул шарттар мындай:
“Мусулман болуу, эрезеге жеткен болуу, этек киринин келбеши, нифас
абалда болбоо, жунуп болбоо жана өлүмүнө себеп болгон жаракатка
кабылгандан кийин жашоосу уланбастан дароо өлгөн болуу.”
Бул шарттардын бирөө эле кем болсо, шейит жуулат жана кепин-
ге оролот.
Согушта каапырлар тарабынан өлтүрүлгөн;
Денесинде жара изи болуп, согуш майданында өлүү табылган;
Мусулмандар тарабынан адилетсиз түрдө өлтүрүлгөн;
Көтөрүлүш чыгарган же каракчылардын өлтүргөн кишилери да
дүйнө жана акырет өкүм-жоболору боюнча шейит болуп саналышат.
Малын, ар-намысын, жанын жана башка мусулмандарды коргоп жатып
өлгөндөр да ушундай шейит түрүнө киришет.
2) Акырет өкҥм-жоболору боюнча шейиттер
Булар – жогоруда саналып кеткен шарттардын айрымдарынын
кем болушу себебинен улам жуулуп, кепинге оролгон жана акырет
боюнча шейит болгондор.
Буларга каапырлар, же болбосо көтөрүлүшчүлөр жана каракчы-
лар менен салгылашып жатып жаралангандан кийин дароо өлбөй,
тамак жеген, суу ичкен, уктаган, дарыланган, согуш майданынан башка
бир жерге которулгандан кийин өлгөн, көпкө чейин сүйлөгөн, соода-

127
Бухарий, Жихад, 6; Муслим, Имара, 29.

229
сатык кылган же акыл-эси ордунда болсо да, арадан бир намаз маалы
өткөндөн кийин өлгөндөр кирет.
Тумчугуп, күйүп, кандайдыр бир урандынын алдында калып өл-
гөндөр, үй-бүлөсү менен балдарынын тиричилигин камсыз кылуу үчүн
адал жолдон иштеп таап жатканда өлгөн кишилер менен билим үчүн
өлгөндөр да шейит болуп саналышат.
3) Дҥйнө өкҥм-жоболору боюнча шейит
Булар – мунапык болушканына карабастан мусулман болуп кө-
рүнгөн жана мусулмандардын жанында согушуп жатканда өлгөн киши-
лер. Булар да көрүнүштөрү боюнча жуулбастан, намаздары окулуп,
кийимдери менен көмүлүшөт. Бирок ишенимдери жок болуп, тек гана
дүйнөлүк максаттар үчүн согушуп өлүшкөндүктөн акыретте чыныгы
шейиттерге бериле турган сыйлыктан куру калышат.

230
КАБЫР ЗЫЯРАТЫ
Кабырларды зыярат кылуу эркектер үчүн эле эмес, аялдар үчүн
да орундуу болуп саналат.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ح ضُم ِهّٰللو ُمِبلو ُمُمُ ج ِب لز‬ٙ‫ر ِبأ ِهّٰلل‬ٛ‫ج ج ْسٌم ُمُمر‬ٚ‫ر‬ٚ


‫زُم ُم‬
“Кабырларды зыярат кылгыла. Анткени кабырларды зыярат кы-
луу акыретти эсиңерге салат.”128

‫ ِبر م ْسل ج ُم ِب ْ ٌ ُمِبّك ِهّٰللّ ٍل ِب ِبز حر ِبز ل ْس ِب ج ُم ِب ِهّٰللِ ِبٗ ُمز ُم‬ٛ‫ ْسح ُمطى ْسُمُ ْسٓ ِبز حر ِبز ج ْسٌم ُمُمر‬ٙٔ ‫ُمو ْسٕ ُمص‬
‫ح‬ٙ‫٘ح ِبأ ِهّٰلل‬ٚ‫ر‬ٚ
‫ض ْس وِبل ُمز ج ِب ل ِبز‬
“Мен силердин кабырларга зыярат кылуу үчүн барууңарга тыюу
салган элем. Бирок пайгамбарыңар Мухаммедге (а.с.) энесинин кабы-
рын зыярат кылуусу үчүн уруксат берилди. Силер да кабырларды зыя-
рат кылгыла. Анткени кабыр зыяраты акыретти эске салуу болуп
саналат.”129
Пайгамбарыбыз алгачкы мезгилдерде кабырларга зыярат үчүн
барууга тыюу салган эле. Мунун себеби да мындай болгон.
Исламият бир теңирге сыйынуу ишенимин алып келген. Ислам-
дын эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү – ушул. Бул ишеним жалгыз Алла таала-
га ишенүү негизине таянат. Алла таала бар жана бирөө гана. Шериги
жана теңдеши жок. Тек гана Ага сыйынылат жана тек гана Андан жар-
дам суралат. Ага көрсөтүлгөн сый-урмат менен таазимди башкага көр-
сөтүү бир теңирге сыйынуу ишенимине терс келет.
Исламияттан мурун Арап жарым аралында буттарга сыйыны-
шып, кабырларга жыгылып ибадат кылышкан. Жүйүттөр менен хрис-
тиандар да азиз деп эсептешкен кишилеринин кабырларын ибадат жа-
йы абалына айландырып алышкан. Алла тааланы бирөө гана деп билип,
Ага гана ибадат кылууга негизделген Ислам динин жаңы эле кабыл
алган адамдар Исламияттан мурунку көнүмүш адаттарын Исламга да
өткөрүшү мүмкүн жана ушундайча бир теңирге сыйынуу ишенимин
бузушат деген кооптонуу менен пайгамбарыбыз алгачкы мезгилдерде
кабырларга зыярат үчүн барууга тыюу салган. Мусулман болгондор

128
Ибн Мажа, Жанаиз, 47.
129
Муслим, Жанаиз, 36; Тирмизий, Жанаиз, 60; Абу Давуд, Жанаиз, 80; Ибн Мажа,
Жанаиз, 47; Насаи, Жанаиз, 100.

231
Исламиятты жана анын бир теңирге сыйынуу ишенимине берген маа-
нисин жакшылап түшүнүшкөндөн кийин пайгамбарыбыз кабырларга
зыярат үчүн барууга уруксат берген. Жеке өзү да энеси Аминанын мүр-
зөсүнө зыярат кылуу үчүн барган. Мындан сырткары пайгамбарыбыз
жыл сайын Ухуд согушунда шейит кеткендерди зыярат кылган. Кез-
кезде Мединадагы Баки көрүстөнүн да зыярат кылып, дуба окуган.
Азирети Айша да айрым мезгилдерде Меккеде көмүлгөн иниси
Абдуррахмандын кабырын зыярат кылган.
Ибн Аби Мулайка мындай деп эскерген: “Бир жолу азирети
Айша энекебиз кабыр зыяратынан кайтып келе жаткан экен. Андан:
– Оо, момундардын энеси, кайдан келе жатасыз? – деп сурадым.
Азирети Айша:
– Бир тууганым Абдуррахмандын кабырына барганмын, ошол
жактан келатам, – деди. Мен кайра:
– Пайгамбарыбыз кабырларды зыярат кылууга тыюу салган эмес
беле? – деп сурадым. Азирети Айша:
– Ооба, бир мезгилдерде тыюу салган, бирок кийин зыяратка ба-
рууга уруксат берди, – деп жооп берди.”130
Пайгамбарыбыз менен сакабаларынын кабыр зыяраты биз үчүн
үлгү болуп саналат.
Кабырларды зыярат кылып, өлгөндөргө дуба окуу жана алар үчүн
Алла тааладан кечирим тилөө өлгөндөр үчүн да, тирүүлөрдүн өлүмдү
эске салып, өздөрүн жөнгө салып туруулары үчүн пайдалуу болот. Пай-
гамбарыбыз кабыр зыяратынын себебин түшүндүрүп жатканда: “Ант-
кени кабыр зыяраты силерге акыретти эстетет,” – деп буюрган.
Кабырларды зыярат кылуунун адеби
Кабырларды бир жумада бир жолу, айрыкча жума же ишемби
күндөрү, эч болбосо майрам күндөрү зыярат кылуу жакшы болот.
Кабырларга зыярат үчүн барган киши кыбылага карап, же өлгөн
кишинин жүзүнө карата туруп, мындай деп дуба окуйт:

ُ‫ ٌى ُمُم‬ٚ ‫ْ ج ْسصح ُمي ِهّٰللجا ٌٕح‬ٛ‫جا ذِبى ْسُمُ اقِب مُم‬


‫ ِبجٔ ِهّٰللح ِبجْٔسغحء ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫ ٍَ ُمِ ْسإ ِبِٕ ِب‬ٛ‫ٌض ُمَ ٍ ْسحى ْسُمُ جر ل ْس‬
‫ج ِهّٰلل‬
‫ج ْسٌعح ِبحس‬

130
Сахихи Бухарий китеби, Тажриди Сарих котормосу, 4/374.

232
“Оо, момундар журтунун тургундары! Буйруса, биз да силер
менен жолугушабыз. Алла тааладан биз жана силер үчүн эсенчилик
тилеймин.”
Пайгамбарыбыз Баки көрүстөнүн зыярат кылганда ушинтип
салам берип, дуба окуган.
Зыярат кылган кишинин отуруп Куран окушу да сооп болот. Бул
соопту өлгөндөргө багыштоодон алар пайдаланат. Ал эми ага Алла
таала сооп жана сыйлык берет.
Кабырларга карап намаз окулбайт жана кабырлардын үстүнө
отурууга болбойт.
Пайгамбарыбыз:

‫ح‬ٙ‫ج ِبجٌ ْسح‬ٛ‫ ا ضُم ِهّٰللٍُم‬ٚ ‫ ِبر‬ٛ‫ ٰل ج ْسٌم ُمُمر‬ٛ‫ا ْسَتٍ ُمِبض‬
“Кабырлардын үстүнө отурбагыла, аларды карап намаз оку-
багыла,”131 – деп буюрган.
Дагы бир хадистин мааниси да мындай: “Силердин ичиңерден
бирөөнүн чоктун үстүндө отуруп, ал чокко кийимин күйүзүшү жана
анын этине чейин жетиши кабыр үстүнө отуруудан кайырдуу-
раак.”132
Күмбөзгө кол тийгизүүгө болбойт. Өлгөн кишилерге түлөө ба-
гышталбайт жана мүрзөлөрдөн бир нерсени тилөөгө болбойт.
Кабырларды тепселөөгө жана анын үстүндө уктоого болбойт.
Кабырлардагы дарактар кыйылбайт, жашыл чөптөр жулунбайт.
Бирок куурап калган дарак менен чөптөрдү кыюунун кандайдыр бир
коркунучу жок.

131
Муслим, Жанаиз, 33.
132
Муслим, Жанаиз, 33; Ибн Мажа, Жанаиз, 45.

233
МЕЧИТ ЖАНА МЕЧИТТЕРДИН МААНИСИ
Мечит сөздүктө сыйынуучу жер дегенди түшүндүрөт. Ал эми
термин катары Алла таалага ибадат кылынган куттуу жай дегенди бил-
дирет. Мечиттердин чоңуна жаами деп айтылат.
Исламда мечиттердин маанилүү орду бар. Алла тааланын үйү
катары кабылданган мечиттер Исламдын белгилери болуп саналышкан.
Бир жерде мечит бар болсо, ал жердеги элдин мусулман экендигин
көрсөтөт.
Пайгамбарыбыз жер жүзүндө Алла таалага эң сүймөнчүктүү бол-
гон жайлардын мечиттер экендигин билдирген.133 Ошондуктан ал Мек-
кеден Мединага көчүп бара жатканда, али Мединага жете электе Куба
мечитин, Мединага барышкандан кийин Наби мечитин салдырган.
Пайгамбарыбыздын бул иш-аракетинен үлгү алган мусулмандар,
өзгөчө мусулман түрк калктары барган жерлеринин бардыгына мечит
курушкан. Ибадат кылына турган мечиттерге өз үйлөрүнөн да өзгөчө
маани беришкен.
Мечит куруу – ыймандын жана диндарлыктын көрсөткүчү. Ыйык
Куранда мындай деп буюрулган:

ُ‫ٌ ْس‬ٚ ‫ز‬ٛ‫ جٌ ِهّٰللزو‬ٝ‫جض‬ٚ ‫ز‬ٍٛ ‫جلحَ جٌ ِهّٰلل‬ٚ ‫ ِبَ ْسجا ِب ِبل‬ٛ‫ج ْسٌح ْس‬ٚ ‫حا‬
‫جا ِ ْسٓ جِٓ ذِب ِهّٰلل ِب‬
‫حؾل ِهّٰلل ِب‬
‫ِبجٔ ِهّٰللّح ْسع ُمّ ُمل ِض ِب‬
ٓ ‫طل‬ٙ‫ج ِبِٓ ج ْسٌ ُمّ ْس‬ٛ‫ُٔم‬ٛ‫۬وٌ ٓ ِبثه ج ْسْ ىُم‬ٚ‫ جُم‬ٝٓ ‫ِيْسظ ِبج ِهّٰللا ِهّٰللجا عض‬
“Алланын мечиттерин тек гана Аллага жана акырет күнүнө
ыйман келтирген, намазын так окуган, зекетин берген жана тек
гана Алладан корккон кишилер оңдошот. Мына туура жолго түш-
көндөрдөн болуулары үмүт кылынгандар – ушулар.”134
Пайгамбарыбыз мечит салдыруунун акыбети тууралуу мындай
деп сүйүнчүлөгөн:

‫جا ٌُٗم ِبِػْسٍُٗم ِب ج ْسٌؿِٕهّٰلل ِبس‬ ‫ ْسؾٗ ِهّٰلل ِب‬ٚ ٗ‫ِ ْسٓ ذ ِ ْسض ِبؿ ًنلج ْسرط ِبغ ذِب ِب‬
‫جا ذ ِهّٰلل ُم‬
“Кимде-ким Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн мечит салдыр-
са, Алла таала ошого окшошун бейиште ал киши үчүн курат.”135
Муслимдин айтканы боюнча болсо мындай: “Алла таала бейиште ага
бир сарай салат.”

133
Муслим, Салат, 53.
134
Тообо сүрөсү, 18-аят.
135
Бухарий, Салат, 65; Муслим, Зухд, 3; Ибн Мажа, Масажид, 1.

234
‫ٌ ًنلج‬ٚٚ ٖ‫ٔغل ُم‬ٚ ‫ ِبض ِبٗ ِب ْسٍ ًنّح ِهّٰللٍُّٗم‬ٛ‫قضٕح ِبض ِبٗ ذ ْسعل ِ ْس‬ٚ ٗ‫ِبئ ِهّٰللْ ِب ِهّٰللمح ْسٍك ُمك ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِٓ ِبِ ْسٓ ّ ِبٍ ِب‬
‫لًنج‬ٙ‫ ٔ ْس‬ٚ‫حً ذٕح ُمٖ ْس‬ ‫جٌض ِبر ِب‬‫ ذ ْسحطًنح ِبا ْسذ ِبٓ ِهّٰلل‬ٚ‫ ِ ْسض ِبؿ ًنلج ذٕح ُمٖ ْس‬ٚ‫ ِهّٰللرغ ُمٗ ْس‬ٚ ‫ ُمِ ْس كفًنح‬ٚ ٗ‫حٌ ًنِبكح ضلو ُم‬
ٗ‫ ِبض ِب‬ٛ‫قحح ِبض ِبٗ ْسٍك ُممُٗم ِبِ ْسٓ ذ ْسع ِبل ِ ْس‬ٚ ٗ‫ح ِبِ ْسٓ ِح ِبٌ ِبٗ ِب ِب ِهّٰللك ِبط ِب‬ٙ‫ للس ًن ْس لؾ‬ٚ‫ْسؾلج ُمٖ ْس‬
Дагы бир хадисте мындай деп буюрулган:
“Бир момунга өлгөндөн кийин кылган иштери менен жасаган
жакшылыктарынын ичинен сообу тие тургандар: жайган билими, ар-
касына калтырган жакшы баласы, мурас катары калтырган Куран ки-
теби, салдырган мечити, жолоочулар(дын түнөшү) үчүн курдурган
үйү, агызган суусу, ден-соолугу жайында болгон кезинде мал-мүлкүнөн
берген садагасы. Булардын кайсынысын аткарган болсо, өлгөндөн ки-
йин анын сообу өзүнө тиет.”136
Ыйык хадистерде мечит менен башка кайырларды кылгандарга
акыретте чоң сыйлыктардын бериле тургандыгы сүйүнчүлөнгөн.
Мечиттердин ичинен эң мартабалуулары үчөө. Булар – Харам ме-
чити, Наби мечити жана Акса мечити.
Харам мечити: Каабаны айланта салынган мечит. Бул мечит
“Харам мечити” жана “Харами шариф” деп айтылат.
Харам кадырлуу жана касиеттүү дегенди түшүндүрөт. Ага урмат-
сый көрсөтпөө – жайыз эмес. Кааба жана аны айланта тоскон мечиттен
сырткары Меккеге да “Белдеи харам” (Касиеттүү шаар) деген ат берил-
ген. Бул шаарда кан төгүү, дарак кыюу жана аң уулоо арам кылынган.
Наби мечити: Пайгамбарыбыздын Меккеден Мединага көчүп
барганда салдырган мечити. Пайгамбарыбыздын кабыры да бул мечит-
тин ичинде.
Акса мечити: Кудустагы “Байтул Макдис” (Макдистин үйү).
Акса абдан ыраак дегенди түшүндүрөт. Харам мечитинен абдан алыста
болгондуктан бул ат берилген. Бул мечит Сулайман алайхис-салам та-
рабынан салынган.
Пайгамбарыбыз бул үч мечиттин мартабасы тууралуу мындай
деп буюрган: “Намаз жана ибадат үчүн эч бир мечитке сапар тар-
тылбайт (сапар тартуу туура болбойт). Бирок мынабу үч мечит үчүн
сапар тартылат. (Булар): Харам мечити, Наби мечити жана Акса
мечити.”137

136
Ибн Мажа, Мукаддима, 20.
137
Бухарий, Фазлус-Салат фи масжиди Макка вал-Мадине, 1; Муслим, Хаж, 74.

235
Бул мечиттер пайгамбарлар тарабынан салынгандыктан башка
мечиттерден өзгөчө болуп саналат. Ошол эле мезгилде Харам мечити
мусулмандардын кыбыласы болуп саналат. Акса мечити да өткөн үмөт-
төрдүн кыбыласы болгон. Булардын ичинен эң даражалуусу – Харам
мечити, андан кийин Наби мечити. Бул тууралуу пайгамбарыбыз да
мындай деп буюрган:

َ‫ج ُمٖ ِبجاِهّٰلل ج ْسٌّ ْسض ِبؿل ج ْسٌكلج‬ٛ‫ٍز ِبحّح ِبص‬ ‫ٌدز ِب ِ ْسض ِبؿ ِبلي ٘ ج ْس ٌد ِبِ ْسٓ ج ْسٌ ِبف‬
“Менин бул мечитимде окулган бир намаз Харам мечитинен
башка мечиттерде окулган миң намаздан дагы сооптуу.”138

ٚ َ‫ج ُمٖ ِبجاِهّٰلل ج ْسٌّ ْسض ِبؿل ج ْسٌكلج‬ٛ‫ٍز ِبحّح ِبص‬ ‫زٌد ِب ِ ْسض ِبؿ ِبلي ج ْسض ُمً ِبِ ْسٓ ج ْسٌ ِبف‬
ٖ‫ج ُم‬ٛ‫ٍز ِبحّح ِبص‬ ‫زٌد ِب ج ْسٌّ ْسض ِبؿ ِبل ج ْسٌكل ِبجَ ج ْسض ُمً ِبِ ْسٓ ِبِح ِبز ج ْسٌ ِبف‬
“Мечитимде окулган бир намаз Харам мечитинен башка мечит-
терде окулган миң намаздан кайырдуураак. Харам мечитинде окулган
бир намаз да башка мечиттерде окулган жуз миң намаздан дагы бере-
келүү.”139
Даражасы боюнча Куба мечити бул үч мечиттен кийин келет.
Мындан кийин эң эски, андан кийин эң чоң болгон мечиттер келет.
Бир кишинин жашаган жериндеги мечитте намаз окушу башка
мечиттерде намаз окушунан дагы көбүрөөк сооптуу болот. Ал эми өзү
жашаган жерден башка жердеги бир мечиттеги имам билимдүү жана
такыбаа ээси болсо, анда ал мечитке барып намаз окушу сооптуураак
болот.
Мечитте көңҥл бурулушу керек болгон нерселер
Мечиттер Алла таалага сыйынуучу жай болгондуктан куттуу
жерлерден болуп саналышат. Бул жерлерге жөн эле кире берүүгө бол-
бойт.
Мечитке киргенде намаз маалы болсо жана али намаз баштала
элек болсо, эки ирекет мечит намазы окулат. Пайгамбарыбыз: “Силер-
дин ичиңерден бирөө мечитке кирген мезгилде, отурардан мурун эки
ирекет намаз окусун,”140 – деп буюрган.
Пияз жана сарымсак жеп алган кишилердин мечитке кириши туу-
ра болбойт. Анткени булардын жагымсыз жыты башка кишилердин кө-
ңүлүн иренжитет. Пайгамбарыбыз:
138
Бухарий, Фазлус-Салат фи масжиди Макка вал-Мадина, 1; Муслим, Хаж, 94.
139
Ибн Мажа, Салат, 195; Ахмед б. Ханбал, 2/16-68.
140
Бухарий, Салат, 60; Муслим, Салатул-мусафирин, 11.

236
ٗ‫ ج ْسٌح ْسم ُمع ْسل ِب ذ ْسح ِبط ِب‬ٚ ‫ًن ْسٍح ْسع ِبَت ْسٌٕح ِ ْسض ِبؿلٔح‬ ‫ِ ْسٓ وً غ ُم ًن‬
‫ ذ‬ٚ‫ِح ج ْس‬ٛ
“Кимде-ким сарымсак менен пияз жеген болсо, бизден жана ме-
читибизден алыс турсун, үйүндө отурсун,”141 – деп буюрган.
Чындыгында, булар арам азыктардан эмес, адал болуп саналы-
шат. Бирок жыттары адамдын көңүлүн иренжиткендиктен, буларды
жеп алган кишилердин мечитке барбашы сунуш кылынган.
Мечиттерде ызы-чуу кылуу, жоголгон нерсени жарыя кылуу да
туура эмес. Ошондой эле соода-сатык кылуу жана тиленүү да – жайыз
эмес. Мечиттер сыйынуу жайы болгондуктан бул жерде (үгүт-насаат
айткандар, сабак бергендерден сырткары) үндү бийик чыгарып сүйлөө
да туура болбойт.
Мечиттерге эң жакшы жана таза кийимдерди кийип баруу абзел.
Жамааттын көңүлүн иренжите турган кир жана майланышкан кийим-
дер менен барбаш керек. Алла таала: “Оо, адам баласы! Мечитке бар-
ган сайын сый кийимдериңерди кийгиле,”142 – деп буюрган.
Мечиттердин курулушунан баштап, тазалыгына жана жарык бе-
рилишине чейин жасала турган бардык кызмат мактоого татыктуу бо-
луп саналат. Уламыш боюнча бир негр аял пайгамбарыбыздын мечитин
дайыма шыпырып, сүрүп тазалап турат. Арадан белгилүү бир мөөнөт
өткөндөн кийин көрүнбөй калат. Пайгамбарыбыз ал аялды сураганда,
көз жумганын айтышат. Пайгамбарыбыз буга абдан кайгырып: “Мага
өлүмүнөн кабар беришиңер керек эмес беле? Кана, мүрзөсүн көрсөт-
күлө,” – деп буюрат. Анан анын мүрзөсүнүн башына барып, намаз окуп
дуба кылат.143
Бул көрүнүш пайгамбарыбыздын мечитке кылынган кызматты
баалаганын айгинелеп турат.
Этек кири келип жаткан жана нифас (төрөттөн кийинки) абалын-
да болгон аялдын, ошондой эле, жунуп болгон кишилердин зарыл жаг-
дай болмоюнча мечитке кирүүлөрү жайыз эмес.
Мусулман болбогон кишинин мечитке кириши жайыз болуп са-
налат. Пайгамбарыбыз мусулман болбогон сакиф уруусунун өкүлдөрүн
мечитте коноктогон. Абу Суфян мусулман боло электе курайшылар
бузган Худайбия келишимин жаңылоо үчүн Мединага келген кезде аны
да мечитте кабыл алган.144

141
Бухарий, Муслим, Масажид, 17.
142
Аьрааф сүрөсү, 31-аят.
143
Бухарий, Салат, 74.
144
ад-Дуррул-Мухтар, 5-том, 340-341-беттер; ал-Ашбах ван-Назаир, 2-том, 176-бет.

237
ЫЙЫК НЕРСЕЛЕР (МУКАДДАСАТ) ЖАНА ДИНИЙ
НАРКТАРЫБЫЗ
Мукаддасат мукаддас сөзүнүн көптүк түрдө колдонулушу болуп
эсептелет. Мукаддас – ыйык, куттуу жана таза дегенди билдирет.
Динде таза жана рухий жактан жогору болгон нерселер ыйык бо-
луп эсептелет. Рухий жактан жогору жана кадырлуу болгон ыйык нер-
селерге кандай сый-урмат көрсөтүү керек экендиги тууралуу маалымат-
тар кыскача төмөндөгүдөй:
1) Алла таала
Алла таала – бизди, ааламды жана ааламда болгон бардык нерсе-
ни жараткан, жашаткан, сансыз ырыскы жана шык-өнөрлөр ыроологон
улуу жараткандын аты.
Ар бир кайырдуу жана пайдалуу ишти баштап жатканда, анын
атын эскерүү менен баштоо керек. Башкача айтканда, “Бисмиллаахир-
рахманир-рахиим” деп айтуу абзел. Алла тааланын аты эскерилип баш-
талбаган кайсы бир кайырдуу жана маанилүү иштен берекеттүү натый-
жа алууга болбойт. Ошондуктан пайгамбарыбыз: “Кандайдыр бир маа-
нилүү иш Бисмилла менен башталбаса, ал иш натыйжасыз калат,” –
деп буюрган (Фейзул-кадир, 5-том, 13-бет).
Куран окуудан сырткары кандайдыр бир иш башталып жатканда
Бисмилланы айтуу жетиштүү болот. Бирок Куран окула турган болсо,
Бисмилладан мурун “Ауузу-биллаахи минаш-шайтанир-ражиим” деп
айтылууга тийиш. Эти желген кандайдыр бир мал союлуп жатканда да,
Алла тааланын аты эскерилип мууздалат.
Алла тааланын аты эскерилгенде улуулугун түшүндүргөн “Жалла
жалаалуху” сөздөрү да айтылат. Булардын бардыгы Алла таалага кара-
та көрсөтүлгөн урматты түшүндүргөн нерселер.
2) Китептер
Алла таалага ишенүү жана Ага эң бийик урмат-сыйды көрсөтүү
парз болуп саналат. Ошондой эле Анын пайгамбарлары аркылуу жи-
берген ыйык китептерине ишенүү жана урмат көрсөтүү да – парз.
Ыйык Куран – Алла таала жиберген китептердин акыркысы. Пайгам-
барыбызга билдирилгениндей жана эч кандай өзгөрүүгө дуушар бол-
бостон азыркы күнгө чейин келип жетти. Анткени Алла таала ыйык
Куран үчүн: “Куранды Биз түшүрдүк, албетте аны Биз коргой-
буз,”145 – деп буюрган. Куран – адамдын сөзү эмес, Алла тааланын сөзү.

145
Хижр сүрөсү, 9-аят.

238
Ушул себептен, киши ыйык Куранды даарат алгандан кийин
кармайт. Дааратсыз болгон киши Куран окуй алса да, ага кол тийгизе
албайт.
Куран окууну баштаардан мурун алгач Бисмилла айтылат, б.а.
“Ауузу биллаахи минашшайтанир-ражиим, Бисмиллаахир-рахманир-
рахиим” деп айтылат, андан кийин окулат. Ыйык Куран таза жерлерде
жана аны уга турган абалда болгон кишилердин жанында окулат. Бул-
ганыч жерлерде, уяттуу жерлери ачык жана башка бир иш менен алек
болгон кишилердин жанында үн чыгарылып окулбайт.
Дүкөндө, базарда, паркта жана эс алуу жайларында жүргөн жана
угууга ыңгайлуу абалда болбогон кишилердин жанында Куранды алар
уга тургандай кылып, үндү бийик чыгарып окуу туура эмес. Анткени
Куранды уккан кишилерди руханий жоопкерчилик алдына киргизүү
абзел. Буга себеп болуу болсо туура эмес.
Колунда Куран китеби болгон киши ажатканага кире албайт.
Ошондой эле бармагындагы шакекте же болбосо мойнундагы мончокто
Курандан бир аят жазылган болсо, булар менен да ажатканага кирүүгө
болбойт.
Окулбай турган абалга келген Куранды бир таза кездемеге ороп,
эч ким тебелебей турган таза жерге көмүп коюу керек. Куранды өбүү
жайыз болуп саналат. Буга “диндарлык өбүүсү” деп айтылат.
3) Пайгамбарлар
Жалпыга маалым болгондой, пайгамбарлар – Алла тааланын эң
кадырлуу кулдары. Алар Алла тааланын буйруктары менен тыюу
салууларын адамдарга жеткирүү үчүн милдеттендирилген касиеттүү
кишилер болуп саналышат. Аларды бөлүп-жарбастан баарына ишенип,
бардык пайгамбарларга урмат көрсөтүү керек.
Пайгамбарлардын бирөөнүн аты аталганда салам менен (атына
“алайхис-салам” кошулуп) айтылат. Мисалы, Ибрахим алайхис-салам,
Иса алайхис-салам сыяктуу.
Пайгамбарыбыздын аты аталганда ага салават жана салам айты-
лат. “Мухаммед саллаллааху алайхи ва саллам”, же болбосо “алайхис-
салаату вас-салаам” деп айтылат.
Пайгамбарыбыздан башкалар салават жана салам менен эскерил-
бейт. “Өмөр алайхис-салаату вас-салаам”, же болбосо “Өмөр алайхис-
салам” деп айтылбайт. Бирок пайгамбарыбыз менен бирге эскерилген
кезде “Алла таала Мухаммедге жана анын үй-бүлөсү менен сакабала-
рына салават жана салам буюрсун” деген маанини билдирген “Саллал-
лааху алайхи ва алаа алихи ва сахбихи” сөзү айтылат.

239
Алла таала ыйык Куранда пайгамбарыбызга салават жана салам
айтышыбызды буюруп, мындай деген: “Алла жана периштелери пай-
гамбарга көп салават айтышат. Оо, момундар! Силер да ага сала-
ват жана чын жүрөктөн салам айткыла.”146
Алла тааланын салават айтышы кайрым көрсөтүшү дегенди тү-
шүндүрөт. Периштелердин салават айтышы пайгамбардын атак-даңкын
көтөрүү жана момундар үчүн Алла тааладан кечирим тилөө болуп са-
налат. Ал эми момундардын салават айтышы пайгамбарыбызга дуба
окушу дегенди билдирет.
Пайгамбарыбызга салават жана салам айткан кишиге Алла таала
да өз кайрымын көрсөтөт. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Ким-
де-ким мага салават айтса, Алла таала ал кишиге он жолу кайрым
көрсөтөт.”147
Бир жолу пайгамбарыбыз:
– Күндөрүңөрдүн эң мартабалуусу – жума күнү. Ошол күнү мага
көп жолу салават жана салам айткыла. Анткени силердин салават
жана саламыңар (периштелер аркылуу) мага тартууланат, – деп ай-
тат. Сакабалар:
– Оо, Алланын расулу! Айткан салават жана саламдарыбыз сизге
кантип тартуулансын. Ал убакта сиз чирип калган болосуз, – дешет.
Пайгамбарыбыз:
– Алла таала пайгамбарлардын сөөктөрүн жер жүзүнө арам
кылган (б.а. алардын сөөктөрү чирибейт) – деп буюрат.148
Абдуррахман Ибн Аби Лейла мындай деген: “Бир жолу Каб бин
Ужра мага келип:
– Оо, Ибн Аби Лейла! Пайгамбарыбыз саллаллааху алайхи ва
салламдан уккан бир салават менен саламды сага ыроолоюнбу? – деди.
Мен да:
– Ооба, ырооло, – дедим. Каб:
– Биз бир жолу Алланын расулу саллаллааху алайхи ва салламга:
“Оо, Алланын расулу! Ага-туугандарың катары сага кандайча салават
айталы? Анткени бизге Алла таала сага кандайча салам айтышыбызды
гана үйрөттү,” – дедик. Расулалла бизге: “Аллаахумма салли алаа Му-
хаммадин ва алаа аали саййидинаа Мухаммадин камаа саллайта алаа
Ибрахима ва алаа аали Ибрахима иннака хамидун межиид. Аллаахумма
баарик алаа Мухаммадин ва алаа аали Мухаммадин камаа бааракта алаа

146
Ахзаб сүрөсү, 56-аят.
147
Муслим, Салат, 17.
148
Насаи, 3/91.

240
Ибрахима ва алаа аали Ибрахима иннака хамидун мажиид” дегиле,”149 –
деп буюрду.
Салават жана салам Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн айтылат.
Бул дүйнөгө байланыштуу бир пайда табуу үчүн айтылбайт. Бир сатуу-
чу товарын бир кардарга көрсөтүп жатканда “Субхааналлаах” десе, же
болбосо пайгамбарыбызга салават жана салам айтып, муну менен това-
рын жактырткысы келсе, бул макүрөө болот. Анткени бул теспе, сала-
ват жана салам Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн эмес, товардын ка-
дырын көтөрүү үчүн айтылууда.
Пайгамбарыбызга салават жана салам айтуу кыямат күнүндө ага
жакын болууга жана шапаатына жетүүгө аралжы болот.
4) Азирети Мухаммеддин сакабалары
Пайгамбарыбызга ишенип, аны көрүү ырыскысына жеткен ки-
шилер сакабалар деп айтылат.
Булар – алгачкы мусулмандар. Пайгамбарыбыздын маегин угу-
шуп, түздөн-түз пайгамбарыбыздан билим алуу кадырына жеткен ки-
шилер. Пайгамбарыбыз менен бирге Ислам динин жайылтуу үчүн
абдан чоң кыйынчылыктарга чыдашып, бул жол үчүн мал-мүлкүн да
менен жанын да аябаган кадырлуу кишилер. Мусулмандардын
арасында булардын абдан бийик кадыр-баркы бар. Ошондуктан
алардан кийин келген кишилердин эч бири булардын Алла тааланын
алдындагы даражаларына жете алышпайт.
Пайгамбарыбыз сакабалары менен байланыштуу мындай деп
буюрган: “Эч качан сакабаларым тууралуу жаман сөз айтпагыла.
Аларды максат кылбагыла. Аларды сүйгөн киши мага болгон сүйүүсү-
нөн улам сүйөт. Аларды жек көргөн киши мага карата кек сактаган-
дыктан улам жек көрөт. Аларга кордук көрсөткөн мага кордук көр-
сөткөн болот. Мага кордук көрсөткөн да Алла таалага кордук көр-
сөткөн болуп саналат. Алла тааланы кордогонду болсо көп өтпөй Алла
таала өзү жазалайт.”150
“Эч качан сакабаларыма жаман айтпагыла (Анткени алардын
мартабасы силерден жогору). Силердин ичиңерден бирөө Ухуд тоосун-
чалык алтын садага берсе да, бул (садаганын сообу) сакабалардын би-
рөө берген эки ууч садагасына жетпейт. (Ал тургай) мунун жарымы-
на да жетпейт.”151

149
Бухарий, Бадул-Халк, 9.
150
Тирмизий, Манакыб, 59.
151
Бухарий, Фадаилүл-Асхаб, 5; Муслим, Фадаилүс-саба, 231, 232; Абу Давуд, Сунна,
10; Тирмизий, Манакыб, 58; Ахмед б. Ханбал, 3/11.

241
Азирети Мухаммеддин сакабаларынын аты аталганда урмат
менен эскерилет жана “Алла таала ага ыраазы болсун” деген мааниде
“Радийаллааху анх”, эскерилген сакаба аял киши болсо, “Радийаллааху
анха” деп айтылат. Эки сакаба эскериле турган болсо, “Радийаллааху
анхума”, экиден көп сакабанын аты аталса, “Радийаллааху анхум” деп
айтылат. Бул – сакабаларды урматтоонун бир белгиси.
5) Аалымдар
Ыйык Курандын алгачкы буйругу “Оку! “ болгон. Окуу, билимге
ээ болуу адам үчүн жогорку бир сапат. Анткени Алла таала билгендер
менен билбегендердин бирдей эмес экендиктерин билдирген.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган: “Айт: “Билгендер менен
билбегендер кантип бирдей болсун?”152
“Алла силердин ичиңерден ыйман келтиргендер менен өздөрү-
нө билим берилгендердин даражаларын жогорулатат.”153
“Кулдарынын ичинен билим ээси болгондору гана Алла таала-
дан коркот.”154
Пайгамбарыбыз да: “Алла таала кимдин жакшылыгын кааласа,
аны динде аалым жана факых кылат,”155 – деп айткан.
Билим жолу бейиш жолу болуп саналат. Пайгамбарыбыз: “Билим
алуу үчүн жолго чыккан киши үйүнө кайтканга чейин Алла тааланын
жолунда болот,”156 – деп буюрган.
Билим – адам үчүн абдан бийик асыл нарк. Билимсиз ибадат да
кылынбайт. Билим – адамдын башын жана айланасын жарык кылган
бир нур. Бул нурдан куру калган кишинин туура жолду табышы кыйын.
Билимдин жана аалымдын бийиктигин түшүндүргөн мына бул хадиске
көңүл буруу керек.
Абуд-Дерда радийаллааху анх мындай деп эскерген: “Пайгамба-
рыбыздын мындай деп буюрганын уктум: “Кимде-ким билим үйрөнүү
үчүн жолго чыкса, Алла таала ага бейиш жолун жеңилдетет. Периш-
телердин да жактырышканынан улам билимге талапкер болгондорго
канат жаяры талашсыз. Көк жүзүндө жана жер жүзүндө болгон
жандуулар, ал тургай суудагы балыктарга чейин, бардыгы билим ээле-
ри үчүн Алла тааладан кечирим тилешет. Бир билим ээсинин ибадат
кылган бир кишиден бийиктиги Айдын башка жылдыздардан бийик бо-

152
Зумар сүрөсү, 9-аят.
153
Мужадала сүрөсү, 11-аят.
154
Фатыр сүрөсү, 28-аят.
155
Бухарий, Илим, 10; Муслим, Зекат, 33; Тирмизий, Илим, 1.
156
Тирмизий, Илим, 2.

242
лушу сыяктуу. Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгам-
барлар мурас катары бир да алтын же күмүш калтырышкан эмес.
Бирок билимди мурас калтырышкан. Мына ошол мураска ээ болгон ки-
ши сансыз ыракат жана насипке ээ болгон болот.”157
Ушул себептен, билим ээлерине урмат көрсөтүү – Исламдык тар-
биянын зарылдыгы. Ислам дүйнөсүндө аалымдар дайыма урмат-сый
көрүшкөн жана аттары эскерилгенде аларга “Алла аларга кайрым кыл-
сын” деген маанидеги “Рахматуллахи алайх” же “рахимахуллах” деген
сөз кошулуп айтылган. Бул – аларга көрсөтүлгөн урмат-сыйды билди-
рет.
Пайгамбарыбыздын бардык жолдошторун, дин аалымдарын жак-
шылык жана урмат менен эскерүү, бардыгын жакшы көрүү, эч бири
тууралуу жаман айтпоо, адепсиздик көрсөтпөө динибиз үйрөткөн адеп
жана тарбия болуп саналат. Булардын өз араларында болгон талаш-
тартыштарын айтып, алардын кадыр-баркына шек келтирүү туура эмес.
Мындай нерсе чыныгы мусулманга эч жарашпайт.
6) Сыйынуучу жайлар
Мечиттер Алла таалага ибадат кылынган касиеттүү жайлар болуп
саналат. Булардын эң башында Каабаны курчаган Харам мечити менен
ичинде пайгамбарыбыздын мүрзөсү болгон Наби мечити жана Кудуста-
гы (Иерусалим) Акса мечити турат. Мечиттер – сый-урмат көрсөтүлү-
шү керек болгон жайлар. Бул жерлерге урмат менен кирүү керек. Бу-
лардын ичинде мечит адебине жарашпаган кыймыл-аракеттерди кылуу-
га болбойт. Мечиттерде уктоо жана тамактануу – макүрөө. Мындан
сырткары мечиттерде топтолуп, бул дүйнө иштерине байланыштуу сөз-
дөрдү сүйлөшүү да макүрөө болуп эсептелет. Анткени мечиттер бул иш
үчүн курулган эмес.

157
Тирмизий, Илим, 19; Абу Давуд, Илим, 1.

243
ОРОЗО
Исламдын беш шартынын бири да – Рамазан айында орозо кар-
моо. Орозо кармоо дегенибиз ага ниет кылып, таң сүргөндөн (б.а. имсак
убактысынан) баштап күн батканга чейин наар албай, бир нерсе ичпей
жана жыныстык катнаштан алыс туруу менен орундатылган бир ибадат
болуп эсептелет.
Орозо кармоо – бизди бул дүйнөдө жамандыктардан сактап, акы-
ретте болсо тозоктун азабынан коргогон жана күнөөлөрүбүздүн кечи-
рилишине себепкер болгон абдан маанилүү ибадат. Пайгамбарыбыз
ушул жакшы кабарды айткан:

ٗ‫جقطِبضحذًنح ُم فِبل ٌ ُمٗ ِح ضم ِهّٰلللَ ِبِ ْسٓ ْسٔ ِبر ِب‬


‫ ْس‬ٚ ‫ِ ْسٓ حَ رِضحْ ِبئ ّحًٔنح‬
“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп,
Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет.”158
Орозонун пайдалары
Биз орозону кандайдыр бир пайда табуу максаты менен эмес,
Алла тааланын буйругун орундатып, анын ыраазычылыгына ээ болуу
үчүн гана кармайбыз. Орозо ушул ниет менен кармалган учурда гана
кабыл болот.
Бирок Алла тааланын ар бир буйругунда болгондой эле, орозо
ибадатында да көптөгөн жашыруун сырлар, биз үчүн материалдык
жана руханий көптөгөн пайдалар бар. Биз орозону Алла тааланын
ыраазычылыгы үчүн кармоо менен бирге бизге берген пайдаларын
билүүгө жана баалоого тийишпиз.
а) Орозо ахлагыбызды сулуулайт
Орозо кармоо – тек гана белгилүү бир мөөнөткө ачка калуу көрү-
нүшү эмес. Орозо адамдын бүтүндөй эркин тарбиялайт. Адамды жаман
адаттардан арылтып, жакшы мүнөздөр берген бир ахлак тарбиясы бо-
луп саналат. Пайгамбарыбыз (а.с.) мындай деп буюрган:

‫ج ْسٌعًّ ذِب ِبٗ ٍ ْسحش ِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ ِبر‬ٚ‫ي جٌ ِهّٰللزُم‬ٛ‫ِ ْسٓ ٌ ْسُ ل ْسا ل ْس‬
‫علجذُٗم‬ٚ ‫ا قحؾسٌد ِب ْسْ لا طعحُِٗم‬
“Кимде-ким жалган айтканды жана жалган менен иш кылганды
токтотпосо, Алла таала анын жеген-ичкенин токтотконуна баа
бербейт.”159

158
Бухарий, Савм, 7.
159
Бухарий, Савм, 8.

244
Бул хадисте орозонун башкы максаты ачык-айкын көрсөтүлүп,
бул ибадаттын ачка жана суусуз калуудан гана турбаганын, мындагы
негизги максат адамды рухий жактан калыптантып, аны ахлак жана
нарк ээси катары тарбиялоо экендиги билдирилген.
б) Орозо жамандыктардан сактайт
Ыйык Куранда орозонун парз болгонун билдирген аятта куду-
реттүү Алла таала:

ُ‫ج ُموطِبد ٍ ْسحى ُمُمُ جٌ ِب ِهّٰلل حح ُمَ وّح ُموطِبد ٰل جٌ ِهّٰلل ٓ ِبِ ْسٓ ل ْسر ِبٍى ْسُمُ ٌع ِهّٰللٍى ْسُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ْْۙٛ‫ضطِهّٰللمُم‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункулар-
га парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга
өтө этияттык менен мамиле кылгыла,”160 – деп буюруп, орозонун
хикметине да көңүлүбүздү бурган.
Алла таала ар бир дарттын дабаасын да бергендей эле, бизге ар
кандай жамандыктарга каршы коргонуу куралын да берген. Орозо иба-
даты – булардын бири. Чындыгында, сүйүктүү пайгамбарыбыз орозо-
нун бул коргоочу өзгөчөлүгүн мындайча салыштыруу менен түшүндүр-
гөн: “Орозо – бир калкан.”161 Баарыбызга белгилүү болгондой калкан
эски мезгилдерде согуштарда адамды душмандын кылычынан коргогон
бир курал эле. Мына, орозо да мусулманды бул дүйнөдө күнөө кылуу-
дан, акыретте тозоктун отунан коргогон бир курал болуп саналат.
Бул дүйнөдөгү ар бир жамандыктын башаты – Алла тааланы эс-
тен чыгаруу жана жоопкерчилик сезимин жоготуу. Орозо Алла тааланы
дайыма биздин эсибизге салып, жоопкерчилик сезимибизди арттырат.
Бир айга чейин созулган бул руханий тарбиянын оң таасири менен адам
кыймыл-аракеттерин контролдоп, ар кандай жамандыктардан алыстайт.
в) Орозо адамдын боорукердик сезимдерин кҥчтөнтөт
Турмушунда ачкачылык менен жокчулуктун эмне экенин билбе-
ген бардар бирөө колунда жок ач-жылаңачтардын жокчулуктан тарткан
кыйынчылыктарын терең түшүнө алабы? Алардын көргөн азап-тозок-
торун жүрөгү менен сезе алабы? Албетте, алардай болуп сезе алабайт.
Бирок ошол киши орозо кармаганда гана ачкачылыктын эмне экенин
дагы жакшы түшүнөт. Мына ушундайча жокчулук ичинде азап чегип
жаткан жардылардын кыйынчылыктарын жүрөгү менен сезип, аларга

160
Бакара сүрөсү, 183-аят.
161
Бухарий, Савм, 2; Муслим, Сыйам, 30.

245
карата шапаат жана боорукердик сезими ойгонот. Акырында жарды-
жакырларга жардамга келет, алардын кыйынчылыктарын жоюуга ара-
кет кылат. Коомчулуктун жыргалчылыгы менен бак-таалайына салы-
мын кошот. Мына, орозонун бизге берген коомдук адилеттүүлүк саба-
гы ушундай.
Биз үчүн абдан сонун үлгү болгон сүйүктүү пайгамбарыбыз адам-
дардын эң жоомарты болгон. Ал ачка кишилерди тойгузуп, өзү ачка
калар эле. Рамазанда жоомарттыктын эң жогору чегине жетип, колунда
болгон нерселердин баарын бей-бечараларга тараткан. Пайгамбары-
быздын жубайы азирети Айша мындай деген: “Алланын расулу үч күн
катары менен кардын тойгузган эмес. Кааласа, тойгузат болчу. Бирок
жакырларды тойгузуп, өзү ачка калууну артык көргөн.”162
Азирети Айша пайгамбарыбыздын өлүмүнөн кийин качан болбо-
сун, тамак жесе эле ыйлай баштаган. Бир жолу андан эмне үчүн ыйлаа-
рын сурашканда, мындай деп жооп берген: “Азирети Мухаммед (а.с.)
көзү тирүү кезинде бир күндө эки жолу жакшылап тойгончо тамак
жей албады. Ошону эстеген үчүн ыйлап жатам.”163
Азирети Өмөр калыйпалык кылган учурда катуу ачарчылык бо-
луп, ал тогуз айга чейин созулат. Азирети Өмөр: “Муктаж болгондор
бизге келсин,” – деп элге жарыя кылат. Өзү да мусулмандар молчулук-
ка жеткенге чейин нан менен зайтун майынан башка эч нерсе жебей
турганын айтып ант ичет. Элдин тарткан кыйынчылыктарын абдан
жакшы сезген жана алардан айырмаланбай жашаган бул улуу киши
көйнөгү жуулуп, кие турган башка көйнөгү болбогондуктан бир күнү
жума намазына кечигип барат жана ошон үчүн жамааттан кечирим
сурайт.
Бир мезгилдерде Египетте көптөгөн жылдарга созулган бир ачар-
чылык болгон эле. Ошол кезде мамлекеттин казынасы Юсуф алайхис-
саламдын колунда болчу. Эл ачка, ал эми азирети Юсуф колунда бар-
дык мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан кардын тойгузган эмес. Эм-
не себептен мындай кылып жаткандыгын сурашканда, жашаган коому-
нун кайгы-санааларын жүрөгүнүн тереңинде сезген жоопкерчилик се-
зими менен мындай деп жооп берген: “Эгерде мен ток болсом, ачка-
лардын абалын түшүнө албайм, жакырларды керек болгондой ойлой
албайм.”164
Орозо аркылуу коомчулукта мээримдүүлүк жана боорукердик
сезимдер артып, адамдардын ортосундагы өзара мамилелер чыңдалат.

162
Тирмизий, Зухд, 38.
163
Шарани, Ат-Табакатул-Кубра, 1-том, 24-бет.
164
Алиййул-Кари, Миркатул-Мафатих, 2-том, 492-бет.

246
г) Орозо адамдын ден-соолугун чыңдайт
Сүйүктүү пайгамбарыбыз орозонун ден-соолук үчүн болгон
маанисин мындай деп белгилеген: “Орозо кармагыла, ден-соолук
табасыңар.”165
Адамзаттын улуу мүршидинин айткан бул сөзү медицинада да
далилденген. Бул тема менен байланыштуу чет элдик эки окумуштуу-
нун төмөнкүдөй аныктамалары бар.
1940 жылы медицина боюнча Нобель сыйлыгын алган атактуу
окумуштуу доктор Алексис Каррел “L’Hamme Cet İnconnu” аттуу
чыгармасында “орозо маалында денеде топтолгон азык заттардын
сарпталарын, кийин болсо алардын ордуна жаңыларынын келип, бү-
түндөй денеде бир жаңылануу процесси болорун айтат жана орозонун
ден-соолукка абдан пайдалуу экендигин” белгилейт. 166
Француз профессор Пиер Мулен да төмөндөгүлөрдү айткан:
“Ислам дүйнөсүнүн эң пайдалуу нерселеринин бири – орозо. Орозо – де-
ненин ары физикалык, ары руханий жактан эс алышы. Ткандарды
тазалайт, топтолгон токсиндерди, ууларды чыгарат. Мусулмандар
ушундайча жыл сайын бир ай денелерин эс алдырышат... Христиан
дининде орозонун болбошу чоң жоготуу болуп саналат.
Чындыгында адамдардын бир жумада бир күн орозо кармашы,
башкача түшүндүрсөк, диета кармап, мөмө ширесин гана ичиши –
ден-соолуктары үчүн өтө пайдалуу. Ошондо дене, ткан жана дене-
мүчөлөрдөгү уулардан арылып, ден-соолук чыңдалат.”167
д) Орозо адамга ырыскынын кадыр-баркын ҥйрөтөт
Адам колундагы ырыскынын баркын качан гана колунан кет-
кенден кийин билет жана ал учурда билгенинин эч кандай пайдасы
болбой калат. Орозо кармоодон улам белгилүү бир убакыт ырыскыдан
алыс калган адамга бу ырыскынын баркы демейдегиден дагы жакшы
билинет.
Бул түшүнүк адамга ал ырыскыларды мурункудан да жакшы кар-
манып, аздектеп сактап, аны насип кылган Алла таалага дагы көбүрөөк
шүгүрчүлүк кылууну үйрөтөт. Ал эми ырыскыларга шүгүрчүлүк кылуу
алардын көбөйүшүнө себеп болот.
Алла таала мындай деп буюрган:

165
Кашфул-Хафа, 2-том, 33-бет.
166
“Хайат” энциклопедиясы, “Орозо” беренеси.
167
“Гүнайдын” газетасы, 13 август 1982-жыл, 1-бет.

247
ُ‫ٌ ِب ْس عى ْسلضُم ْسُ از لٔ ِهّٰللى ْسُم‬
“Ант беремин, шүгүр кылсаңар албетте (ырыскымды)
көбөйтөм.”168
е) Орозо адамды сабырдуулукка ҥйрөтөт
Орозо кармоо менен белгилүү бир убакка чейин өзүн ачка кар-
моого көндүргөн адам турмушунда туш келген ар кандай кыйынчы-
лыктарды сабырдуулук менен кабылдап, азап-тозокторго чыдамдуу
болот жана ал кыйынчылыктарды жеңип өтө алат.
Орозо кармаган кишиден кҥтҥлгөн нерселер
Орозо ичип-жегенди гана токтотуу эмес, ошол эле мезгилде жа-
мандыктардан да алыстоо болуп саналат. Ашказаныбыз тамак-аш жана
ичимдиктерден алыс болсо, тилибиз жалгандан, колдорубуз арам иш-
терден, көздөрүбүз арам нерселерди кароодон, кулактарыбыз жалган
жана ушак-айыңдарды угуудан, буттарыбыз жаман иштердин аркасы-
нан чуркоодон алыстап, орозодон насибин алууга тийиш. Орозо кар-
маган кишиден мына ушул нерселерди күтүүгө болот.
Орозо кармаган бир мусулман ар түрдүү тамактар менен толту-
рулган дасторконго отурганда адал болгон ырыскыларга колун тий-
гизбейт, сабырдуулук менен ыптар убактысын күтөт.
Алланын буйругу алдындагы бул моюн сунуучулук – абдан сук-
танарлык бир көрүнүш. Орозонун мусулманга берген бул эрк тарбиясы
адамды напсилик каалоолордун туткунундан куткарып, периштеге
айланткан чыныгы бир тарбия.
Эми ынсабыбыз менен ойлонуп көрөлү. Адал болгон нерселерге
дагы кол тийгизбеген бул орозо кармаган киши арамга кантип кол сун-
сун? Денесинин зарылдыгы болгон пайдалуу тамак-аш жана ичимдик-
терди каалаган мезгилинде таштай алган бир момун зыяндуу ички-
ликтерди колдонуудан кантип баш тарта албасын? Орозо бизге белги-
лүү бир мөөнөт ичинде адал болгон нерселерден алыстоо менен арам-
дардан сактанууну үйрөтөт.
Орозонун сыйлыгы
Ырайымы менен кайрымы чексиз болгон кудуреттүү Алла таала
пенделеринин ибадаттарына, кылган жакшылыктарына он эседен жети
жүз эсеге чейин сыйлык бере турганын билдирсе да, бул ыйык хадисте:

168
Ибрахим сүрөсү, 7-аят.

248
“Орозо мен үчүн, анын сыйлыгын мен берем,”169 – деп буюруп, орозо-
го өзгөчө маани бере турганын кабарлайт. Муну менен сыйлыгынын
дагы да көп боло турганын билдирген.
Орозо абдан чоң сабырдуулук жана жан аябаган тобокелчилик-
тин натыйжасында орундалган бир ибадат болгондуктан анын акыбети
да ошого жараша эселеп берилет. Ал тургай орозо кармагандар бейиш-
ке өздөрү үчүн атайын бөлүнгөн “Раййан” каалгасынан кире турганы
пайгамбарыбыз тарабынан билдирилген.170 Орозо кармаган киши Алла
таалага жетип, жыргалчылыктын туу чокусуна чыккан күнү эң чоң ку-
банычтын даамын татат.
Орозо кимдерге парз
Бир кишиге орозо парз болушу үчүн төмөнкүдөй үч шарт болууга
тийиш. Булар:
1) Мусулман болуу; 2) Акыл-эстүү болуу; 3) Эрезеге жетүү.
Бул шарттарга ээ болсо да, орозо кармай албай турганчалык
даражада оорулуу болгондор менен жолоочулар орозо кармабаса болот.
Оорулуулар сакайганда, жолоочулар да үйүнө кайткандан кийин кар-
май албай калган күндөрүнүн орозосун каза кылышат.
Эрезеге жете элек балдарга орозо кармоо парз эмес. Ошондой
болсо да, ден-соолугуна зыян келбегидей бир негизде балдарды да акы-
рындык менен орозого көндүрө берүү туура болот.
Аялдар нифас (төрөттөн кийинки) абалдарында жана айызы кел-
ген убактарда орозо кармашпайт, намаз окушпайт. Бул абалдан өткөн-
дөн кийин кармалбай калган орозо күндөрүн каза кылышат, б.а. кийин
кармашат. Бирок окуй албай калган намаздарын каза кылышпайт.
Рамазан орозосу канча кҥн?
Рамазан айы кээ бир жылдары 29, кээ жылдары 30 күнгө созулат.
Рамазан айынын 29 күндүк орозосу деле толук орозо болуп саналат.
Анткени парз болгон нерсе – ошол айда толук орозо кармоо. Ушул
себептен Рамазан айы 29 күнгө созулган жылдарда кармалган орозону
кем деп айтууга болбойт. Акыйкатта, азирети пайгамбарыбыз тогуз Ра-
мазан айында орозо кармаган. Бул Рамазан айларынын төртөө 29
күндүк, бешөө 30 күндүк орозо болгон.
Рамазан айы келе электен мурун аны тосуу максаты менен бир же
эки күн орозо кармоо – туура эмес. Мындай орозо парз болгон Рамазан

169
Бухарий, Савм, 9; Муслим, Сыйам, 30.
170
Бухарий, Савм, 9; Муслим, Сыйам, 30.

249
орозосуна кошумчадай көрүнгөндүктөн макүрөө болуп саналган. Пай-
гамбарыбыз мындай деп буюрган:

َ‫ ُم‬ٛ ‫ْ ر ُمؾ ٌدً وحْ ُم‬ٛ‫ِ ْس ِب ِبئاِهّٰلل ْسْ ىُم‬ٛ‫ ْس‬ٚ‫ ٍَ ْس‬ٛ‫ ِبَ ْس‬ٛ‫ا طم ِهّٰلللِ ِهّٰللٓ ق ُملو ْسُمُ رِضحْ ذِب ْس‬
َٛ‫ ًنِح ْسٍح ُم ْسُ ٌِبه ج ْسٌح ْس‬ٛ‫ْس‬
“Силердин ичиңерден бирөөңөр Рамазанды бир күндүк же эки
күндүк орозо менен тоспосун! Бирок адаты болуп калган бир орозону
кармап жатса, аны кармасын.”171
Айдын же жуманын белгилүү күндөрүндө орозо кармаганды
адатка айландырып алган кишинин орозо кармаган күндөрү Рамазан
айынан мурунку эки күнгө туш келип калса, анда бул орозолорду кар-
моо – макүрөө эмес. Ошондой эле Рамазандан мурун эки күндөн ашык
орозо кармоо да макүрөө болуп саналбайт.
Рамазан айынын башталышы менен аякташынын
аныкталышы
Парз болгон орозонун убагы – Рамазан айы. Ушул себептен Рама-
зан айынын башталышы менен айт күнүнүн туура аныкталышы өзгөчө
мааниге ээ.
Рамазан айы менен айт күндөрү негизинен айдын көзөмөлдөнүшү
менен аныкталган. Ал эми бүгүнкү күндө буларды астрономия илими-
нин жардамы менен аныктоого болот. Негизги максат – Рамазан айы
менен айт күндөрүнүн туура белгилениши.
Мурун намаз маалдары ыйык Куран менен сүннөттө күндүн жыл-
ганына (т.а. жердин күндү айланышына) байланыштуу жер үстүндөгү
жарыкка жана көлөкөнүн абалына карай белгиленсе, азыр ал атайын
саат менен эсептелип календарларда көрсөтүлүүдө. Учурда жүргүзүлүп
жаткан астрономиялык байкоолор мурунку белгиленип келген намаз
убакыттарынын туура эле болгонун белгилөөдө.
1979-жылы 19 Ислам өлкөсүнөн 40 дин жана астрономия аалы-
мынын катышуусунда Стамбулда уюштурулган “Жаңырган айды
көрүү” аттуу конференцияда айбашы күндөрүн белгилөөдө, айдын кө-
рүнүшү (мейли жалаң көз менен болсун, мейли азыркы илимдин
байкоо ыкмалары менен болсун, жаңырган айды көрүү) негизги маани-
ге ээ болуу менен, астрономдун эсептөөлөрү боюнча белгиленген айба-
шы күндөрүнө диний көзөмөл жүргүзүп туруу чечими кабыл алынган.

171
Бухарий, Савм, 14; Муслим, Сыйам, 3.

250
Бул жөнүндө кеңири маалымат алгысы келгендер үчүн аталган
конференциядагы Дин иштери башкармалыгы тарабынан жасалган
илимий баяндаманын айрым бөлүмдөрүн корутундулап ушул жерде да
белгилей кетели: “Исламдын жол-жоболору боюнча намаз маалдарын
белгилөөдө Күндүн жылганы (т.а. жердин өз ордунда суткалык айланы-
шы жана күндү өз огу боюнча жылдык айланышы), ал эми орозо, зекет,
ажылык, битир садагасы, курман айт сыяктуу ибадаттардын убакытта-
рынын белгиленишинде болсо, Айдын айлык жана жылдык айлануу-
лары негизги мааниге ээ болууга тийиш. Аталган ибадаттардын өз уба-
гы менен жасалышы айбашы күндөрүн, айрыкча анын ичинен Рамазан,
Шаввал (мусулман календары боюнча онунчу ай) жана Зулхижжа
(мусулман календары боюнча он экинчи ай) айларынын биринчи күн-
дөрүн туура белилегенге жараша болот. Диндин негизги өкүм-жобо-
лоруна байланыштуу жазылган чыгармаларды изилдөөдө да байкал-
гандай, Ислам аалымдары жана укукчуларынын көпчүлүгү азирети
пайгамбарыбыздын: “Рамазан айынын жаңырганын көргөндө орозону
баштагыла, Шаввал айынын жаңырганын көргөндө айттагыла. Эгер-
де асман бүркөк болуп жаңырган ай көрүнбөсө (Шаабан жана
Рамазан айларын) 30 күнгө толуктагыла,”172 – деген ыйык хадисин
карманышкан. Ошентип, алар айбашы күндөрүн белгилөөдө жогору-
дагы айларга таандык жаңы айды көрүү керектигин, эгер ага аба ырайы
мүмкүндүк бербесе, ал айдын 30 күнгө толтурулушун туура көрүшүп,
бул жөнүндө эсептөөлөргө жана жылдыздарга карап төлгө ачуучулар-
дын сөздөрүнө ишенүү динде жайыз эместигин белгилешкен.
Ошондой эле ар бир кылымда сан жагынан аз болсо да, айбашы
күндөрүн (Рамазан, Шаввал жана Зулхижжа айларын) эсептөөлөр ме-
нен белгилөөгө мүмкүн жана анын жайыз болорун, ал тургай зарыл
экендигин айткан Ислам укукчулары да болгон.
Айбашы күндөрүн белгилөөдө руйат (жаңырган айды көрүү) эң
негизги нерсе катары караларын, ал эми эсептөөлөрдүн натыйжасында
белгилөө жайыз болбой тургандыгын жактагандардын таянган далил-
дери төмөндөгүлөр:
1) Ыйык хадисте: “Жаңырган айды көрбөй туруп орозону баш-
табагыла. (Ошондой эле кийинки) жаңырган айды көрбөй туруп орозо-
ну токтотуп айт майрамын өткөрбөгулө. Асман бүркөк болуп жаңыр-

172
ал-Бухарий, ал-Жамиус-Сахих, II, 279, Стамбул, 1315; Муслим, ал-Жамиус-Сахих,
II, 579 (Тахкик: М. Фуад Абдүлбаки), Кахире, 1375/1955; Абу Давуд, ас-Сунен, I, 543,
Египет, 1371/1952; ат-Тирмизий, ал-Жамиус-Сахих, III, 72 (Тахкик: М. Фуад
Абдулбаки), Египет, 1953; Ибн Мажа, ас-Сунен, I, 259 (Тахкик: М. Фуад Абдулбаки),
Египет, ад-Дарими, ас-Сунен, II, 3, Дару Ихйаис-суннетин-набавиййа.

251
ган айды көрө албасаңар ай күнүн 30 күнгө толтургула,”173 – деп бую-
рулуп, эсептөөлөр жана жылдыз саноочулардын маалыматтары жөнүн-
дө эч кандай сөз айтылган эмес. Тескерисинче, жаңырган айды көрүү,
эгер ал көрүнбөсө ай эсебин 30 күнгө толтуруу буюрулган. Эгерде
эсептөөлөр аркылуу айбашы күндөрүн белгилөө жайыз болсо, азирети
пайгамбарыбыз ай эсебин 30 күнгө толтурууну буюрбайт эле. “Эсеп
билгендерден сурагыла” деп айтат болчу.
2) Пайгамбарыбыз жылдыз саноочуларга ишенүүгө жана жыл-
дыздарга карап төлгө ачуу иштери менен алек болууга тыюу салып:
“Кимде-ким бир көзү ачыкка же жылдыздарга карап төлгө ачкан-
дарга барса (андан белгисиз болгон нерселер тууралуу сураса) ал
Мухаммедке жиберилгендерди чанган болуп эсептелет,”174 – деп
буюрган.
3) Жылдыздарга карап төлгө ачуу ойдон чыгарылган жана божо-
мол нерселер болуп саналат. Чыныгы маалыматты, же болбосо чын-
дыкка туура келген божомолду түшүндүрбөйт. Ушул себептен айбашы
күндөрүн белгилөөдө буга таянууга болбойт.
4) Диний милдеттердин убактысын эсептөөлөр аркылуу белгилөө
эсеп билгендердин аздыгынан улам диний өкүм-жоболордун аткарылы-
шын татаалдаштырат. Диндин максаты болсо адамдарга жеңилдиктер-
ди алып келүү. Ошондуктан ибадат убакыттарын белгилөө аалымдар
үчүн дагы, түркөйлөр үчүн дагы оңой боло тургандай жөнөкөй негиз-
дерге таянылган.
Ал эми айбашы күндөрүн (айрыкча Рамазан, Шаввал жана Зул-
хижжа айларындагы) жаңырган айды көрүп белгилөөдөн башка да ас-
трономиялык эсептөөлөр менен белгилөөгө боло тургандыгын жакта-
ган аалымдар аны жактабагандарга төмөнкүдөй жооп беришкен:
1) “Рамазан айынын жаңырганын көргөндө орозону баштагыла.
Шаввал айынын жаңырганын көргөндө орозону токтоткула. Асман
бүркөк болсо ай күнүн 30 күнгө толтургула” деген маанидеги ыйык
хадис айбашы күндөрүн астрономиялык эсептөөлөр аркылуу белгилөө-
гө тыюу салган эмес. Ал тек гана мусулмандардын орозо, ажылык, би-
тир садагасы, айт сыяктуу ибадаттарынын аткарылышы үчүн Айдын
кыймыл-аракеттерине байланыштуу так-эсептөөлөрдү үйрөнүүгө маж-
бур эмес экендигин жана бул иш үчүн төмөнкү катмардын да, жогорку
катмардын да байкап белгилей ала турган руйат (жаңырган айды
көрүү) жолун колдонсо болорун көрсөткөн.

173
ан-Навави, Шерху Сахихи Муслим, 5-том, 188-189-беттер, Бейрут, 1392/1972.
174
ат-Тархиб ват-тархиб 4-том, 34-бет (Хадисти Беззар айтып берген).

252
2) Ыйык хадисте тыюу салынган жылдыздарга карап белгисиз
нерселер жөнүндө маалымат берүү бүгүнкү күндөгү табигый астроно-
мия илими эмес. Бүгүнкү күндүн маанилүү илими болуп эсептелген
астрономияга Ислам дининин тыюу салышы мүмкүн эмес. Мындагы
белгиленген жана тыюу салынган нерсе жылдыздардын кыймыл-ара-
кеттерине карап, келечекке байланыштуу кабар жана өкүм-жоболорду
чыгарууга жана ар түрдүү негизсиз ишенимдерге жетүүгө аракет жаса-
лышы болуп саналат. Чындыгында, аалымдар ушул жана ушуга окшо-
гон хадистерде айтылган “мунажжим” термини тууралуу “жылдыз-
дардын чыгып батышына карап, келечекке байланыштуу кабар берген
адам”, ал эми “кахин” термини тууралуу “бир нерсенин боло турганын
алдын ала айткан, же болбосо жашыруун болгон нерселер жөнүндө
маалымат берген адам” деген аныктама беришкен.175
3) Мурунку чыгаан укукчулардын ойлору боюнча чындыкка туу-
ра келерлик божомол да боло албаган эсептөөлөр жана жылдыздарга
карап келечек жөнүндө маалымат берүүлөрдү бүгүнкү күндүн эсептөө-
лөрү жана астрономиясы менен салыштырууга болбойт. Балким алар
бүгүнкү күндөгү астрономия илимине байланыштуу алгачкы жана аб-
дан чектелген гана маалыматтар болушу мүмкүн. Ал эми бүгүнкү учур-
дагы астрономия илиминин бизге берген маалыматтарынын туура экен-
дигинде шек жок.
4) Рамазан, Шаввал жана Зулхижжа айларына тиешелүү айбашы
күндөрүн эсептөөлөр аркылуу белгилөө үчүн бардык мусулмандардын
астрономияны жана так эсептөөлөрдү үйрөнүүлөрүнүн зарылдыгы жок.
Мурун деле бардык киши айдын жаңырганын көрүү үчүн жооптуу бо-
лушкан эмес. Элдин ичинен бир нече киши, ал тургай бир-эки эле киши
бул иштен жооптуу болушуп, айдын жаңырганын көрүп, элге кабарлап
турушкан. Ал эми бүгүнкү күндө астрономиялык эсептөөлөр жаңырган
айды издегенге караганда алда канча оңой жана коомчулук үчүн өтө
ылайыктуу абалга жеткен. Андыктан, эсептөөлөр аркылуу айбашы күн-
дөрүн белгилөө мусулмандар үчүн бир кыйынчылык, же бир машакат-
туу иш эмес. Тескерисинче, жеңилдик болот.
Баарыбызга белгилүү болгондой улуу Жараткан ааламды кандай-
дыр бир ырааттуу тартип менен жараткан. Ыйык Куранда: “Күндү
жарык жана Айды нурдуу жараткан, (силердин) жыл санагын, ай
эсебин билишиңер үчүн Айга конок ордун даярдаган – Ал. Алла
таала буларды чындыкка жараша гана жараткан. Билген элге аят-
тарды кенен-кесири баяндап түшүндүргөн,”176 – деп буюрулган.

175
Ибн Абидин, Мажмуатур-расаил, I, 245.
176
Юнус сүрөсү, 5-аят.

253
Башка бир ыйык аятта болсо:

ْ۪ۖ‫ج ْسٌمّ ُمل ِبِبُم ْسضر ٍح‬ٚ ‫جٌغِهّٰلل ْسّ ُمش‬


“Күн менен Ай (белгилүү жана туруктуу) бир эсеп боюнча
кыймыл-аракетте болушат,”177 – деп белгиленген.
Жогоруда байкалгандай, бул аяттардын биринчисинде, адамдар-
дын ай менен жыл эсебин эсептей алышы үчүн Айда атайын орун-жай-
лар жасалганы белгиленген. Өзгөчө улуу теңирдик кудуреттин бар
экендигинин түшүнүктүү болушу үчүн Күн менен Айдын айлануу
системасынын үйрөнүлүшү жана астрономиялык билимге маани бери-
лиши керек экендиги колдоого алынган.
Экинчи ыйык аятта болсо, Күн менен Айдын башаламан эмес, ту-
руктуу бир тартип жана эсеп боюнча кыймылда болору айтылган.
Ыйык аяттардагы түшүндүрмөлөргө жооп катары Күн менен Ай-
дын кыймылдарын секундуна чейин өлчөп бере алган бүгүнкү астроно-
мияга терс көз караш менен карап, моюн толгоо жана диний ибадат
күндөрүн белгилөөдө бул жетишкендиктерди пайдалануунун ордуна
мурдагыдай эле “жаңырган айды көрүү” жолун жактоону улантуу биз-
дин оюбузча, Курандын жана сүннөттүн рухуна терс мамиле жасоо бо-
луп эсептелет.
Азирети пайгамбарыбыз бир ыйык хадисинде: “Биз сабатсыз
бир элбиз. Жазганды да, эсептегенди да билбейбиз. Бизге керек болгон
нерсе – айдын кээде 29, кээде болсо 30 күн болгондугун билүү,”178 – деп
буюрган.
Ушул ыйык хадис менен жогоруда белгиленген “Рамазан айы-
нын жаңырганын көргөндө орозону баштагыла. Шаввал айынын жа-
ңырганын көргөндө айттагыла. Аба ырайынын шарттарынан улам
айдын жаңырганы көрүнбөсө айды 30 күнгө толуктагыла” деген маа-
нидеги ыйык хадис чогуу изилдөөгө алына турган болсо, Алланын эл-
чисинин айбашы күндөрүн белгилөөдө “жаңырган айды көрүү” ыкма-
сын негиз катары карашынын себебин, ошол доордогу коомчулукта
жазуунун жана Айдын кыймылы менен байланыштуу эсептөөлөрдүн
болбогондугуна байланыштырып кароо жөндүү көрүнөт.
Ал мезгилдеги коомчулуктун ички абал-шарттарына жана мүм-
күнчүлүктөрүнө жараша көргөзүлгөн маалымат жолунан бүгүн калпыс-

177
Ар-рахман сүрөсү, 5-аят.
178
ал-Бухарий, ал-Жамиус-Сахих, II, 279, Стамбул, 1315; Муслим, ал-Жамиус-Сахих,
II, 579, Кахире, 1375/1955; Мирас Камил, Тажриди Сарих котормосу, VII, 308 (Хадис
№908) Стамбул, 1945.

254
тык издөө жана Исламдын ар түрдүү себепке байланыштуу берген та-
бигый маалыматтарынын натыйжаларына карата текебер мамиле кылуу
туура болбойт.
Айбашы күндөрүн белгилөөдө дин аалымдарынын “Айдын жа-
ңырганын көргөндө орозону баштагыла...” сыяктуу ыйык хадистерге
таянып, руйат (жаңырган айды көрүү) жолун негиз катары кармануу-
лары ал доорлордо жүргүзүлгөн астрономиялык эсептөөлөрдүн айбашы
күнүн белгилөөдө жетишерлик болгондугунан болсо керек. Бул көрү-
нүш жогоруда белгиленип кеткен азирети пайгамбарыбыздын “Биз
сабатсыз бир элбиз. Жазганды да, эсептегенди да билбейбиз...” деген
маанидеги ыйык хадисинен ачык көрүнөт. Айбашы күндөрүн белги-
лөөдө “жаңырган айды көрүү” жолунун тандалышы эсептөөлөр аркы-
луу аны жасоонун ошол мезгилде мүмкүн болбогондугу менен түшүн-
дүрүлөт. Ал эми бүгүнкү күндө болсо, Айдын бардык кыймылы секун-
дуна чейин эсептелип, мейли толгону, мейли жаңыдан жаңырышы
болсун, кайсы жерде качан көрүнө тургандыгы так аныкталууда.
Мурунураак да белгиленгендей, табигый жана коомдук илимдер-
дин Ислам дүйнөсүндө өнүгө баштаган Табиун доорунан баштап ар бир
кылымда сан жагынан аз болсо да, бир топ аалымдар Рамазан, Шаввал
жана Зулхижжа айларындагы айбашы күндөрүн белгилөөдө эсеп менен
ибадат кылуунун жайыз болоруна ишенишкен. Чындыгында эле, Айни-
нин179 көчүрмөлөрүнө караганда, Табиун доорунун улуктарынан болгон
айрым кишилер эсептөө жолу менен ибадат күндөрүн алдын ала белги-
лөөгө боло турганын кабыл алышкан. Ибн Сурайжтын айтканына
караганда, Мутаррыф бин Абддуллах бин Шыххир менен Ибн Кутайба
мына ошол аалымдардын ичине кирет.180 Бул залкар кишилер жогоруда
ар кандай себептер менен айтылып кеткен ыйык хадистеги: “Асман
бүркөк болсо, баалоо жолуна кайрылгыла,” – деген сүйлөмдү журтчу-
лук түшүнгөндөй “айды 30 күндүк кылып толуктап баалагыла” деген
сыяктуу эмес, “айдын маанилүү күндөрүн эсептөө жолу менен белгиле
жана баала” деп жоромолдошкон жана баяндап түшүндүрүшкөн.
Ахмед бин Ханбал болсо, бул сөздү “Асман бүркөк болгон кезде
жаңырган айды булуттардын аркасында турган сыяктуу кабыл
алгыла” деп түшүнгөн. Анын көз карашы боюнча, Шаабан айынын 29-
күнү асмандын бүркөктүгүнөн улам жаңырган ай көрүнбөсө, эртеси
күндү Рамазан айынын биринчи күнү катары кабыл алып, орозону баш-
тоо керек. Абдуллах бин Өмөрдүн көз карашы да ушуга окшойт.

179
ал-Айни, Умдетул-кари, Х, 271, Египет.
180
ал-Куртуби, ал-Жами ли ахкамил-Куран, II, 293, Кахире, 1354/1935.

255
Ыйык хадистеги “аны баалагыла” деген сүйлөмдүн “эсептөө
жолу менен белгилегиле жана баалагыла” деген өңдүү түшүнүлүшү
айрыкча жылдын көпчүлүк бөлүгүндө күндүн бети көрүнбөй асманды
булут каптап турган айрым географиялык аймактагылар үчүн айбашы
күндөрүн белгилөөдө жеңилдик берет. Ал эми жогорудагы сүйлөмдүн
“айды 30 күндүк кылып толуктап баалагыла” деген сыяктуу түшүнү-
лүшү бул географиялык аймактарда Рамазан айынын жаңырганын кө-
рүү мүмкүн болбогондой эле, андан мурунку Шаабан айынын жаңыр-
ганын көрүү да мүмкүн эмес. Ошондуктан мындай аймактарда айды
отуз күнгө толуктоо да оңойго турбайт.
Ибн Сурайжтын көчүрмөлөрүнө караганда, Имам Шафий дагы
айдын жаңырганын астрономиялык эсептөөлөр аркылуу алдын ала бел-
гилөө өкүмүн жактаган кишилердин эсеп жолу менен ибадат кылышы-
нын жайыз болорун айткан.181
Хижраттын 7-кылымындагы улуу дин аалымдарынын бири
Такыййуддин бин Дакык-ал-Ид болсо, бул маселе боюнча мындай көз
карашын билдирген: “Айдын тогошкон мезгилин эсептөөлөр аркылуу
белгилөө менен Рамазан орозосун баштоого болбойт. Анткени Айдын
жаңырганынын жерден көрүнгөн мезгили Айдын тогошкон мезгилинен
бир-эки күн кийин болот. Шариятта Айдын тогошкон мезгили эмес,
анын жаңыдан туулуп жаңырган күнү айбашы күнү катары белгилен-
ген. Ал эми булут, чаң, туман ж.б. ушул сыяктуу нерселердин айынан
Айдын жаңырганын көрүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да, анын көктө бар
экендиги астрономиялык эсептөөлөр аркылуу белгилене алса, демек
жаңы айдын башталганы катары кабыл алууга болот. Анткени жаңы
айдын башталышынын шарты – Айдын жаңырган абалынын сөзсүз
түрдө көктөн көрүнүшү эмес, анын көктө болушу. Бизге көрүнсө да,
көрүнбөсө да Айдын жаңыргандыгы белгилүү болсо, дин боюнча жаңы
ай башталган болуп эсептелет. Бул абал так билингенде бул маалымат
боюнча ибадат кылуу убажип болот.”182
Ал эми бул темага байланыштуу жогорудагы ыйык хадистерде
белгиленгендей, дин боюнча Рамазан айынын башталышы – бул айга
тиешелүү алгачкы жаңырган Айдын күн баткандан кийин жерден
көрүнө тургандай бир абалда көк мейкиндигинде болушу.
Хижраттын 8-кылымында жашаган Шафий укукчуларынын бири
эс-Субки да эсептөөлөр боюнча ибадат кылууну жактаган жана бул
тема боюнча канчалык катуу сын-пикирлерге кабылганына карабастан
ал көз карашынан тайбаган чыгаан аалым болгон. Бул тема боюнча
181
Мухаммед б. Абдил ваххаб, ал-Андалуси, ал-Азбуз-зулал, I, 244, Катар, 1973; (ал-
Хидайа журналы, 1398/1978, 6-саны, 82-бет, Тунус).
182
ал-Азбуз-зулал, I, 249-250, Катар, 1973.

256
жазган китепчесинде183 Субки: “Айдын отузунчу түнүндө жаңыруучу
Айды көрүүгө даярданып, Шахадат келмесин келтиргендерге астроно-
мия жана эсеп билген адистер “биздин эсеп боюнча бул түнү Айдын
жаңырганын көрүүгө мүмкүн эмес” дешсе, анда алар астрономия
жана эсеп адистеринин сөзү менен иш кылышып, келме келтирилүүдөн
баш тартышат. Анткени математикалык эсептөөлөр так болуп
эсептелет. Шахадат болсо божомол нерсе,” – деп белгилейт.184
Эсептөөлөр боюнча амал кылууну зарыл кылган себептердин би-
ри да, жер шарынын уюлдук аймактарына жакындаган сайын күндүн
чыкканы менен батканынын, же тескерисинче, батканы менен чыкка-
нынын арасындагы мезгилдин 6 айга чейин узарып кетиши болуп сана-
лат. Буга окшогон аймактарда бүгүнкү күндө адамдар жашашат жана
алардын арасында мусулмандар дагы бар. Бул аймактардагы мусулман-
дардын айдын жаңырганына карап орозо кармашы мүмкүн эмес жана
“бул мусулмандарга орозо парз эмес” деп айтуунун да мүмкүн болбой
тургандыгын эске алганда, Рамазан айын, ал тургай орозо сааттарын
күн, ай, саат эсебине карай белгилөө зарыл.
Анткени, орозо чынында эле “жаңырган айды көрүү” себебинен
улам эмес, Алла тааланын буйругу болгондугу үчүн парз болуп эсеп-
телет. Жаңырган Айдын көрүнүшү орозо кармоо парз болгон Рамазан
айынын башталганынын белгиси гана болот. Бир ибадаттын убактысы
үчүн белги катары көрсөтүлгөн нерсенин болбой калышынан улам ал
ибадатты орундатпай коюуга болбойт. Ошондой эле ал белгинин кө-
рүнбөй калышынан улам бир убакыттын жоюлушу да мүмкүн эмес.
Андай учурда ал убакыт башка бир белги менен белгиленет. Аныгында
эле, кеч киргенин күндүн батышынан, дигер маалынын болгонун бир
нерсенин көлөкөсүнүн өзүнөн бир же эки эсе узарганынан, куптан маа-
лынын келгенин күндүн нурунун таптакыр суюлуп толук караңгы кир-
генинен түшүнөбүз. Ошондой эле бул маалдарды саат менен да анык-
тап биле алабыз. Асмандын бүркөк болушунан улам көлөкөнүн тийи-
ши, таңдын агарганы же күндүн батканынын көрүнбөгөндүгү намаз
маалдарына кандай таасирсиз болсо, жаңырган Айдын көрүнбөшү да
Рамазан айындагы орозо үчүн дал ушундай эле таасирсиз болуп сана-
лат. Айдын жаңырганы көрүнбөсө, анын ордуна эсеп колдонулат.
Чындыгында, Айдын жаңырганын көрүү идеясын карманган
аалымдардын көз карашын өздөрү жашаган доорлордун чегинде алып
караганда, туура эле деп эсептесе болот. Анткени алар ишене алыш-
паган эсеп бүгүнкүдөй компьютер менен эсептелүүчү эсеп болгон эмес.

183
Рисаленин аты “ал-Илмул-Маншур фи, Исбатиш-Шухур”.
184
Ибн Абидин, Раддул-Мухтар, II, 251-252, Стамбул, 1307, Мирас Камил, а.а.ч, VI,
311.

257
Ошондой эле алардын бел тута албаган “жылдыз саноочулары” бүгүн-
күдөй Айдын ар бир кыймылын секундуна чейин белгилей алган астро-
номдор эмес болчу. Бул жерде бизге түшүнүксүз болгон нерсе эсептөө-
лөргө каршы чыккан мурунку аалымдардын көз карашы эмес, бүгүнкү
астрономиялык жана календардык эсептөөлөрдөн өөн издеп, маанилүү
диний күндөрдү белгилөөдө баягы эле “жаңырган Айды көрүү” ыкма-
сынан башканы кабыл алышпаган азыркы айрым кишилердин көз ка-
раштары болуп саналат.
Баарыбызга белгилүү болгондой, жаңырган Ай дегенибиз – бир
айдын алгачкы жана акыркы күндөрүндө жерден караганда ичке жаа
түрүндө болуп көрүнүшү. Тогошуу мезгилинде Ай көзгө көрүнбөйт.
Ошондуктан бул мезгилдеги Айды “жаңырган Ай” деп атоого болбойт.
Ыйык хадистердин кайсынысында болбосун, айбашы күндөрүн бел-
гилөөдө жаңырган ай жана аны көрүү жолу жөнүндө айтылгандарга
карап айдын тогошуу абалын айбашы күндөрүнүн башталгычы катары
кабыл алууга болбойт. Себеби, Айдын тогошуу абалынын айбашы күн-
дөрүнүн башталгычы катары кабыл алынышы ыйык хадистердин тү-
шүндүрмөсүнө терс түшө тургандай көрүнөт.
Айбашы күндөрүнүн эсептөөлөр аркылуу белгилениши менен
жаңырган айды көрүү жолу аркылуу белгиленишинде эч кандай айыр-
ма жок экендиги белгилүү. Андыктан, эсепти кабыл албагандар менен
эсептөө жолу менен айбашы күндөрүн белгилөөнү жактагандардын
арасындагы талаш-тартыштар өз маанисин жоготот.
Ошентип, шарият жолунда айдын башталышы Айдын жаңырган
абалында асмандан көзгө көрүнө тургандай абалга келиши менен бел-
гиленет.
Мында жердин кайсы бир аймагынан жаңырган Ай көрүнгөндө
жер бетинин калган бардык аймактарында убакыт жана сааттын бирдей
болбогондугун эске алуу керек. Мисалга алсак, 1978-жылы Шаввал
айынын жаңырганы биринчи жолу 3-сентябрь күнү (жекшембиден
дүйшөмбүгө караган түнү) Австралиянын түштүк-чыгыш алкагындагы
деңиз тарабында Гринвич сааты боюнча 07.17де көрүнгөн. Бул учурда
аталган аймакта күн баткан абалда болсо, ошол эле учурда батыш та-
рапта орун алган Меккеде күндүзгү саат боюнча 10.17 болуптур. Мын-
дай абалда 3-сентябрь жекшемби күнүн Айдын жаңырганы көрүнгөн
Австралияда мусулмандар үчүн орозо айт катары белгилөөгө мүмкүн
болсо, ал эми айдын жаңырганы али көрүнө элек Түркия, Сирия, Сауд
Аравиясы, Египет, Тунис, Марокка сыяктуу мусулман өлкөлөрдө аны
майрамдоого мүмкүн эмес. Бул учурда маселе төмөнкүдөй жол менен
чечилүүгө тийиш.

258
Айдын тогошуусунан кийин анын жаңырганын көргөн өлкөнүн
мусулмандарына жараша, берки али Айдын жаңырганын көрө элек
өлкөлөрдөгү мусулмандар да ошол Ай жаңырган түндүн эртесин айба-
шы күнү, же айт күнү катары белгилөөлөрү керек.
Ошондой болсо да, айрым учурларда бул өлчөмдүн Ислам дүйнө-
сүн бөлө тургандай абалдары болот. Орозонун башталган күнүнө жети-
ше алган жана башкаларга караганда дагы көбүрөөк батыш жакта орун
алган өлкөлөр Рамазанды же айт майрамын башташса, чыгыш жакта
болуп, бирок ал маанилүү күндөргө жетише албай калгандар бир күн
кечигип калышы мүмкүн.
Бүгүнкү күндө Айдын бардык кыймыл-аракети ийне-жибине че-
йин изилденип, эсептелип жана диний өлчөмдөргө ылайык жаңырган
Айдын көрүнөөр маалы жана орду белгиленип, ошого жараша айбашы
күндөрүнүн белгиленишинде астрономия илимине таянуу керек. Ошон-
дой эле диний бир жөрөлгөнүн сакталышы үчүн күрөшүү ниети менен
өзгөчө дин иштери боюнча жооптуу болгон мекемелер тарабынан Ай-
дын жаңырганына карап иш алпарууга да болот. Эсептөөлөр жаңырган
Айдын жер бетинен көрүнүшүнө ылайык жүргүзүлгөн учурда мурунку
ыкма менен азыркы эсептөө ыкмасынын ортосунда эч кандай карама-
каршылык болбойт.
Айдын жаңырышына байланыштуу эсептелген айлардын башта-
лышы үчүн негиз катары алына турган өлчөм Айдын тогошуу убагы
эмес, анын жаңырган абалында жерден көрүнгөн убагы болууга тийиш.
Анткени бул тема боюнча ыйык аяттарда руйат (көрүү) жана хилал
(жаңырган ай) деген сөздөр колдонулган. Айды тогошуу учурунда жер-
ден көрүүгө мүмкүн эмес. Жаңырган Ай болсо Айдын жерден караган-
да ичке жаа түрүндө көрүнгөнү болуп саналат.
Айбашы күндөрүн аныктоо үчүн жаңы тууган айдын жердин кай-
сы бир аймагынан көрүнүшү (же болбосо эсептөө жолу менен белгиле-
ниши) жетиштүү болушу керек. Бул аймакты Ислам өлкөлөрү менен
гана чектеп коюуга болбойт. Анткени азыркы күндө жер шарынын
бардык булуң-бурчтарында көптөгөн мусулман боордошторубуз бар.
Эгерде биз жаңырган айды көрүү жолун жалгыз гана мусулман өлкөлөр
менен чектеп койсок, анда жер жүзүндөгү бардык мусулмандар менен
Рамазан жана айт майрамдарында биримдик ичинде бирдей ниетте
боло албайбыз.
- Тогошуу мезгилинен кийин жаңы тууган айдын биринчи жолу
көрүнүшү кайсы өлкөгө туура келсе, ал өлкөдөгү мусулмандар менен
диндеш болгон башка өлкөдөгү бардык мусулмандар ошол түндүн
эртесин жаңы айдын биринчи күнү катары жарыялашы керек.

259
Орозонун тҥрлөрҥ
Беш түрдүү орозо бар:
1) Парз болгон орозолор: Рамазан айында орозо кармоо, Рама-
занда кармалбаган орозону башка күндөрдө каза кылуу жана каффарат
орозолору – парз.
2) Убажип болгон орозолор: Арноо (назр) иретиндеги орозо
менен бузулган напиле орозолорду каза кылуу – убажип.
3) Сҥннөт болгон орозолор: Мухаррам айынын тогузунчу жана
онунчу, же болбосо онунчу жана он биринчи күндөрүндө орозо кармоо
– сүннөт.
4) Мустахаб болгон орозолор: Мусулмандыктын жыл эсебинде-
ги бардык айлардын он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи күндөрү
менен аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жана Рамазандан
кийинки Шаввал айында алты күн орозо кармоо – мустахаб.
5) Макҥрөө болгон орозолор: Макүрөө болгон орозолор экиге
бөлүнөт:
а) Мухаррам айынын онунчу күнү менен жума күнү гана, же
ишемби күнү гана орозо кармоо, кечкисин ооз ачпастан, бир күндүн
орозосун эртеси күнкү орозо менен бириктирүү – макүрөө. Ошондой
эле адамды алсыз кылып, орозону көнүмүш адат абалына алып келе
турганы үчүн бир жыл бою орозо кармоо да макүрөө болуп саналат.
б) Арам кылынган макүрөө орозолор: Орозо айттын биринчи кү-
нү менен Курман айттын төрт күнүндө орозо кармоо – арам кылынган
макүрөө.
Бул күндөр – Алла тааланын кулдарына берген өзгөчө зыяпат
күндөрү. Орозо кармап, Алла тааланын бул зыяпатынан качуу туура
эмес.
Орозого кайсы убакта жана кандайча ниет кылынат?
Орозонун маанилүү бир шарты – ниет кылуу. Ниетсиз орозо
кабыл болбойт. Ушул себептен ниеттин кайсы убакта жана кандайча
кылынарын билүү керек.
Ниет убактысы боюнча орозолор экиге бөлүнөт:
1) Кеч киргенден баштап эртеси күнкү шашке маалына чейин
ниет кылына берген орозолор: Рамазан айында кармалган, белгилүү
күндөрдө кармалышы багышталган орозолор менен ашыкча кармалган
орозолор.

260
Бул орозолорго түнкүсүн имсак убактысынан мурда ниет кылына
берет жана күндүз шашке маалы болгонго чейин ниет кылса да болот.
Имсактан мурун ниет кылуу дагы жакшы.
Күндүз орозого ниет кылуунун жайыз болушу имсак убактысы-
нан мурун бир нерсе жебөөгө, ичпөөгө жана орозону бузган бир иш
кылбоого байланыштуу. Эгерде орозого терс келген бир нерсе кылын-
ган болсо күндүз ниет кылуу жайыз болбойт.
2) Имсак убактысынан мурун түнкүсүн ниет кылынышы керек
болгон орозолор:
Булар – Рамазанда кармалбай, башка мезгилде каза кылынган
Рамазан орозосу менен ар түрдүү каффарат орозолору, башталып бирок
бузулган напиле орозолордун казасы жана багышталган (убактысы
белгиленбеген) орозолор.
Бул орозолор үчүн белгиленген бир убакыт болбогондуктан бу-
лар үчүн имсактан мурун түнкүсүн ниет кылуу керек. Бул орозолорго
таң агаргандан кийин, б.а. имсак убактысы өткөндөн кийин ниет кы-
лынбайт.
Соордо тургусу келбегендер кеч киргенден кийин эртеси күнкү
орозо үчүн ниет кыла алат. Түн оокумда ойгонуп, кайрадан ниет кылы-
шы керек эмес. Соорго туруп, бирок орозо үчүн ниет кылууну унутуп
калып, эртең менен эстегендер да шашке маалына чейин ниет кыла
алат. Минтип кечирээк ниет кылгандардын орозосунда бир кемчилик
болбойт. Шашке маалынан өткөндөн кийин орозого ниет кылынбайт.
Рамазан айында кармалбаган орозо башка күндөрдө кармалган учурда
ниет түнкүсүн кылынууга тийиш. Каффарат орозолору да ушундай. Бул
орозолорго соордон кийин ниет кылынбайт.
Рамазан орозосуна кеч киргенден баштап эртеси күнкү шашке
маалына чейин ниет кыла берүүгө болот.
Мындайча айтканда, кадимки кармалган орозо үчүн соор тамагы
ичилгенден кийин ниет кылынат. Ал эми соордо ойгоно албай калып,
соор маалы аяктагандан кийин ойгонгон кимдир бирөө күн чыкса деле
шашке болгончо ошол күндүн орозосу үчүн ниет кыла алат. Бир гана
соор маалынан кийин орозону буза тургандай бир нерсе кылбаса
болгону.
Соордо тургусу келбегендер кеч киргенден кийин эртеси күнкү
орозо үчүн ниет кыла алат. Түн оокумда ойгонуп, кайрадан ниет кылы-
штын зарылчылыгы жок.
Орозо кармоо максаты менен соорго туруу ниет болуп саналат.
Соорго турбаган жана мындан мурун орозого ниет кылбаган бир киши
да шашке маалына чейин ниет кыла алат. Минтип кечирээк ниет кыл-

261
гандардын орозосунда бир кемчилик болбойт. Шашке маалынан өткөн-
дөн кийин орозого ниет кылынбайт.
Ниет негизинен адамдын жүрөгүндө болот. Б.а. түнүчүндө эртең
орозо кармай турганын жүрөгү менен кабыл алган жан ниет кылган
болуп эсептелет. Орозо кармоону ойлоп, соорго турган адамдын ал ой-
логону да ниет болот. Орозого чын жүрөктөн ниет кылса, жетиштүү.
Ошентсе да, жүрөк менен кабыл алган ниетти ооз жүзүндө айтуу андан
да жакшы. Ушундан улам орозо кармай турган адам ичинен ниет
кылып, ооз жүзүндө да: “Куттуу Рамазандын эртеңки орозосуна
ниет кылдым,” – деп айтышы керек. Ар бир күндүн орозосуна өзүнчө
ниет кылуу абзел.
Соор жана ыптардын берекеси
Соордо ойгонуп тамактануу – сооп. Сүйүктүү пайгамбарыбыз:
“Соорго туруп тамактангыла, анткени соордогу тамакта береке
бар”185 – деп буюрган. Соор тамагы орозо кармап жатканда, ачкачы-
лыкка чыдай турган күч берет. Ошондой эле окулган дубалар кабыл
боло турган убакыттардан бири да соор маалы болот. Соорго турган
киши тилегин айтып, дуба кылышы жана Алла тааладан кылган күнөө-
лөрүнүн кечирилишин суранышы керек.
Орозо ибадатын аткарып, ыптар маалына жетишкен киши мын-
дан чоң ырахат алат жана көңүлү толкуйт. Кармаган орозосунун акыбе-
ти кайтып, кыямат күнүндө Алла тааланын алдына барганында улуу
кубанычка батат.
Азирети пайгамбарыбыз мындай деп буюрат: “Орозо кармаган-
дар үчүн эки сүйүнүчтүү нерсе бар: Бири – ыптар кылган убак, экин-
чиси да – Алланын алдына барган мезгил.”186
Ыптар маалында окулган дубалар кабыл болот. Азирети пайгам-
барыбыз (а.с.) бул маселе боюнча мындай деп буюрган: “Үч кишинин
дубасы кайтарылбайт, кабыл болот:
1) Орозо кармаган кишинин ыптар мезгилиндеги дубасы.
2) Адилеттүү өкүмдардын дубасы.
3) Зулумдук көргөн кишинин дубасы.”187

185
Бухарий, Савм, 20; Муслим, Сыйам, 9.
186
Муслим, Сыйам, 30.
187
Ибн Мажа, Сыйам, 48.

262
Рамазан орозосун башка убакта кармоого тҥрткҥ болгон
кечиримдҥҥ себептер
Рамазан айында эч кандай себеби жок эле орозо кармабай коюу –
чоң күнөө, мындан сырткары мунун жазасы да бар. Ал эми бир киши
төмөнкү абалдарда Рамазан орозосун кармабаса да болот, же болбосо
баштаган орозосун буза алат. Бирок кийин мүмкүнчүлүк болору менен
кармай албаган орозолорун каза кылууга тийиш.
1) Оору-сыркоо: Оорулуу бирөө орозо кармаганда оорусунун кү-
чөп кетишинен, же созулуп кетишинен корксо, орозо кармабай деле
койсо болот. Оорусу сакайганда, кармай албай калган орозосун каза
кылат. Оорулуу кишиге караган киши да кийин кармаса болот. Бирок
бул оорулууга кароого мажбур болгон киши орозо кармаган учурда ал-
сырап, оорулууга жакшы карай албай калып, ушул себептен оору-
луунун өмүрү коркунучка түшө турган учурларда гана болот. Мындай
коркунуч болбосо, оорулууга караган кишинин күчү жетип турса, оро-
зосун кармашы керек, башка бир мезгилге калтырышы туура болбойт.
2) Жолоочулук: Рамазан айында эң аз дегенде 90 чакырымдык
жолго чыккан жолоочу орозо кармабаса деле болот. Жолоочулугу аяк-
тагандан кийин орозо кармай албай калган күндөрүн каза кылат. Эгерде
орозо кармоодо кандайдыр бир кыйынчылык болбосо, жолоочунун
жолдо орозо кармаганы абдан сооптуу болот.
3) Зордук көрҥҥ: Өмүрүнө, же ден-соолугуна кандайдыр бир
коркунуч туулган бирөө орозосун буза алат. Бузган орозосун кийин
кармайт.
4) Кош бойлуу жана эмчектеги баласы болуу: Кош бойлуу, же
эмчектеги баласы болгон бир аял орозо кармаганда өзүнө, же баласына
бир зыян боло турганынан корксо, орозо кармабай деле койсо болот.
Кош бойлуулук жана эмчек эмизген мезгили аяктаганда, кармабаган
орозосун каза кылат.
5) Жан кейиткен ачкачылык жана суусуздук: Орозо кармаган
киши ачкачылык, же суусуздуктун айынан акыл-эсинин бузуларынан,
же болбосо денесине коркунучтуу бир зыян келеринен корксо, орозо-
сун буза алат. Кийин ылайыгы келгенде, кармабаган орозосун каза
кылат.
6) Карылык жана алсыздык: Дене-бою күндөн күнгө алсырап,
орозо кармоого даремети жетпей калган кары адамдар орозо кармабай
деле койсо болот. Алар орозосун кийин дагы кармай алышпагандык-
тары үчүн кармай албаган ар бир орозо күнүнүн ордуна фидья беришет.
Сакаюу үмүтү болбогон оорулуулар да ушундай.

263
Фидья (Акчалай садага)
Орозо кармаганга даремети жетпеген алсыз жана кары адамдар
менен сакайып кетүүдөн үмүтү үзүлгөн оорулуулар Рамазан айынын ар
бир күнү үчүн фидья беришет. Фидьянын өлчөмү битирдин өлчөмү
менен бирдей болот. Бул фидьялар Рамазандын башында берилет,
ошондой эле Рамазан айынын ортосунда жана акырында да бериле
берет.
Кааласа фидьянын бардыгын колунда жок бир гана кишиге, каа-
ласа бир нече кишиге бере алат. Мындай абалдагылардын фидья берүү-
гө да күчтөрү жетпесе, Алла тааладан кечирим сурап жалынышат. Оро-
зо кармоого даремети жетпеген карылар жана айыгып кетүүдөн үмүтү
жок оорулуулар эгер кийинчерээк орозо кармагыдай абалга келсе, му-
рунку кармай албай калган орозолорун каза кылууга тийиш. Мындай
учурда мурунку берген фидьяларынын мааниси калбайт, алар пайдасыз
садага болуп эсептелет.
Каза жана каффарат (кеперет)
Каза – бузулган орозонун ордуна (бир күндүк болсо, бир күн)
орозо кармоо.
Каффарат – бузулган бир күндүк орозонун ордуна эки ай, же
болбосо алтымыш күн катары менен орозо кармоо. Мындан сырткары
бузулган орозо да каза кылынууга тийиш. Каффарат Рамазан айында
гана кармалган орозону себепсиз түрдө, билип туруп эле бузуунун
жазасы болуп эсептелет. Башка орозолор бузула турган болсо, каза
кылуу гана, б.а. бузулган орозонун ордуна гана орозо кармоо жетиштүү
болот.
Рамазан орозосунун кийинки айларда кармалып жатканда, кайра-
дан атайылап эле бузула турган болсо, кайрадан каза кылынууга ти-
йиш, каффараттын кереги жок.
Каффарат орозосу катары менен кармала тургандыктан Рамазан
айына жана орозо кармалышы арам болгон күндөргө туш келбеши
керек.
Камарий айлардан бирөөнүн биринчи күнү каффарат орозосу
кармала баштаса, эки ай катары менен орозо кармалат. Бул айлардан
экөө тең жыйырма тогуз күндүк болсо да, эки ай толук орозо кармал-
гандыктан каффарат толукталган болот.
Айдын биринчи күнү эмес, башка күндөрдө орозо кармала баш-
таса, 60 күн катары менен орозо кармалып, каффарат толукталат. Кан-
дайдыр бир себеп менен орозо токтотулуп, же болбосо кем кармалса,
кайрадан баштап, алтымыш күн катары менен кармап толукташ керек.

264
Аялдар каффарат орозосун кармап жатканда, ортодогу айыздык күндө-
рүндө кармашпайт. Айыздык күндөрү аяктаганда кайрадан үзгүлтүксүз
түрдө орозо кармоону улантып, алтымыш күндү толукташат. Аялдар
айызы бүткөнүнө карабастан, таза күндөрүндө орозо кармабай, каффа-
рат орозосун токтото турган болсо, каффаратты кайрадан баштоого
тийиш.
Ошол эле Рамазанда, же болбосо башка Рамазан айларында бир
нече жолу каффаратты талап кыла тургандай түрдө орозосун бузган ки-
шиге булардын бардыгы үчүн бир каффарат орозосу жетиштүү болот.
Бирок каффаратты орундаткандан кийин кайрадан билип туруп орозо-
сун буза турган болсо, мындан улам да өзүнчө каффарат керек.
Кары, же болбосо оорулуу болуп, каффарат орозосун кармоого
кубаты жетпеген киши каффарат катары алтымыш жакыр кишини
эртең менен жана кечкисин тамактандырып тойгузат, же ал тамактын
акчасын жакырдын колуна берет. Бир күндүк тамак бир битир өлчө-
мүндө болот. Битир өлчөмүндөгү бул акчаны ар башка алтымыш киши-
ге бере алат, ошондой эле, бир битир өлчөмүндөгү акчанын бардыгын
алтымыш күндө күн сайын бир жакырга гана берсе да болот.
Алтымыш күндүк азык-түлүктү же битир өлчөмүндөгү акчаны
бир күндө бир жакырга берсе, ал бир күндүк битирдин гана ордуна
эсептелет.
Орозону бузган нерселер
Орозого терс келген бир нерсе кылынса, орозо бузулат. Орозону
бузган айрым нерселер казаны да, каффаратты да талап кылат. Орозону
бузган айрым нерселер болсо тек гана казаны талап кылат.
Орозону бузуп, казаны жана каффаратты талап кылган
нерселер
1) Орозо кармап жатканын билип туруп себепсиз түрдө тамак-
тануу.
2) Тыштан буудай, арпа, күрүч жана күнжүт даанасынчалык бир
нерсени алып жутуу.
3) Орозо кармап жатканын билип туруп жыныстык катнашка
кирүү.
Аял же күйөөсүнүн бирөөсү экинчисин кыйнап жыныстык кат-
нашка кире турган болсо, жыныстык катнашка кирүүгө кыйнаган ки-
шиге каза жана каффарат, ал эми кыйналган кишиге да каза гана керек.
4) Чылым чегүү, же кандайдыр бир жыты жагымдуу өсүмдүктү
түтөтүп, түтүнүн соруу.
5) Насыбай (жыттаган) чегүү.

265
6) Буудай же арпа даанасын жутуу.
7) Аз өлчөмдө туз татуу.
8) Кан алдыргандан кийин же жөн эле аялын өпкөндөн кийин
орозосу бузулду деп ойлоп, атайын эле орозосун бузуу.
Рамазан айында ниет кылып, орозону баштаган киши жогоруда
саналган нерселердин бирөөнү билип туруп себепсиз түрдө кыла тур-
ган болсо, орозосу бузулган болот. Бузулган бул орозону каза кылышы
керек жана атайылап бузганы үчүн да каффарат кармашы абзел.
Каффаратты жойгон нерселер
Каффаратты талап кылган бир нерсени кылып, орозосун бузган
киши ошол күнү орозо кармай албай турганчалык даражада ооруп кал-
са, же аял кишинин этек кири келип калса, каффарат жоюлат, б.а.
каффарат орозосун кармоонун кереги жок. Бирок оорусунун өз эркинен
сырткары болушу – шарт. Өзү атайылап эле ооруга себеп болсо,
каффарат жоюлбайт. Ошондой эле сапар аралыгындагы бир саякатка
чыгышы менен да жоюлбайт.
Орозону бузуп, казаны гана талап кылган нерселер
1) Ун, камыр, бир жолкуда көп туз жана зайтундун данеги сыяк-
туу желиши, же болбосо жутулушу көнүмүш болбогон нерселерди жеп
коюу же жутуу.
2) Таш, топурак, темир, алтын жана күмүш сыяктуу нерселерди
жутуу.
3) Ичи болбогон жаңгак жана бадамды жутуу.
4) Тамакка кирген кар же жамгырды өз каалоосу болбостон
жутуу.
5) Башка бирөөнүн зордоосу менен орозону бузуу.
6) Тиштеринин арасына тыгылып калган нокоттун чоңдугун-
чалык тамактын калдыгын жутуу.
7) Даарат убагында оозду же мурунду чайкап жатканда, капыстан
тамакка суунун кирип кетиши.
8) Унутуп калып тамактангандан кийин орозосунун бузулганын
ойлоп жеп-ичүү.
9) Өз каалоосу менен ооз толтуруп кусуу.
10) Өз каалоосу менен ооз жана мурун көңдөйүнө түтүндү тар-
туу. Өз каалоосу менен болбосо орозо бузулбайт (Мурун көңдөйүнө
тамекинин түтүнү тартылса каффарат талап кылынат).
11) Күн бата элек болсо да, батты деп ойлоп ооз ачуу.

266
12) Ооз бекиткен (имсак) убакыт өтүп кетсе да, дагы убакыт бар
деп ойлоп тамактануу.
13) Жыныстык катнашка кирбестен, аялды кармалоо же өбүшүү
натыйжасында бошонуу.
14) Рамазан орозосунан башка бир орозону бузуу.
15) Жолоочулук мезгилинде орозону баштап, бирок белгилүү бир
мөөнөткө барган жеринде жашоого ниеттенгенден кийин тамактануу.
16) Жолго чыга электе орозону баштап, кийин сапарга чыгууга
ниеттенип, жашаган жеринин чегинен өткөндөн кийин орозону бузуу.
Булардын бирөө менен орозосу бузулган кишинин кечке чейин
орозону буза турган бир нерсе кылбашы – убажип.
Күндүз жакшы болуп калган оорулуу киши, сапары аяктаган жо-
лоочу, этек кири жана нифас абалынан арылган аял, балакатка жеткен
бала жана мусулман болгон кайрыдин Рамазан айында урмат үчүн
ошол күнү кечке чейин орозо кармап жаткансып, орозону буза турган
нерселерден сактанса, жакшы болот.
Орозого ниет кылган аялдын күндүз этек кири келип калса, оро-
зосун бузушу керек.
Аял киши али этек кири келе электе айыз күнүм деп орозосун
бузбашы керек.
Оорулуу жана жолоочу болуп, орозо кармабаган кишилердин же-
бей-ичпей жүрүшүнүн кереги жок. Бирок булар көрүнөө эмес, көмүскө
жерде тамактанууга тийиш.
Орозону бузбаган нерселер
1) Орозо кармап жатканын унутуп калып, тамактануу, бир нерсе
ичүү жана жыныстык катнашка кирүү.
Азирети пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Кимде-ким орозо
кармап жатканын унутуп калып, ичип-жесе, орозосун толуктасын,
(такыр) бузбасын. Анткени аны Алла жедирип, ичирди.”188
Унутуп калып ичип-жеп жатканда, орозо кармаганын эстей кой-
со, дароо оозундагыны түкүрүп оозен чайкайт жана орозосун улантат.
Орозо кармаганын эстегенден кийин тамагынан бир нерсе өтсө, анда
орозосу бузулат. Бир киши орозо кармап жатканын унутуп калып,
тамактанган бир кишини көргөндө, эгерде күч-кубаттуу болуп, орозого
туруштук бере алган бир киши болсо, орозо кармап жатканын анын
эсине салат, алсыз жана күчсүз бир киши болсо эстетпейт.
2) Сууга чөмүлүүнүн натыйжасында кулакка суунун кириши.

188
Бухарий, Савм, 7.

267
3) Өз каалоосунан сырткары тамагына чаң же түтүндүн кириши.
4) Кусууга аргасыз болуу.
5) Өзүнөн-өзү келген кусундунун кайра өзүнөн-өзү эле ичке
кетиши.
6) Түшүркөө.
7) Кармалабай жана өппөй туруп эле тек гана кароо, же ой-
лонуунун натыйжасында бошонуу.
8) Аялын тек гана өбүү.
9) Түнкүсүн жунуп болсо да эртең мененкиге чейин жуунбай,
күндүз жуунуу.
10) Тиштеринин арасына соордо тыгылып калган жана нокоттон
кичине болгон тамактын калдыгын жутуу.
11) Оозундагы шилекейди жутуу. Оозунан сыртка чыккан шиле-
кейди кайра жутуу орозону бузат.
12) Оозуна келген какырыкты жутуу.
13) Мурундан аккан сууну ичке тартып жутуу.
14) Оозуна салган (мисалы, тишине койгон) дарынын даамынын
тамагына жетиши.
15) Эркектин жыныстык органына дары же суу куюу.
Бул саналып өткөн нерселердин эч бири орозону бузбайт.
Орозону бузган жана бузбаган врачтык көзөмөлдөн өтҥҥ жана
дарылануу жолдору
а) Астым оорулары ҥчҥн колдонулган сыкма дары (спрей)
Өпкө оорулары үчүн колдонулган сыкма дары ap жолкусунда
1/20 мл сыяктуу аз өлчөмдө оозго сыгуу жолу менен пайдаланылууда.
Мунун көбүрөөк бөлүгү да ооз жана мурун көңдөйүндөгү былжырлуу
челдерге сиңип жок болот. Калган аз бир бөлүгүнүн шилекей аркылуу
ашказанга жетип жетпеси жөнүндө так маалымат жок. Даарат алганда
оозубузду чайкаган сууга салыштырмалуу колдонулган сыкма дарынын
өтө эле аз экендиги анык. Ал эми, орозо кармаган киши даарат алып
жатканда оозун чайкоо үчүн ууртаган суунун ооздо калган аз бир бөлү-
гүнүн шилекей аркылуу ашказанга жетишинен орозонун бузулбастыгы
тууралуу хадистер (Даримий, Савм 21) жана Ислам аалымдарынын орток
көз карашы (ижма) бар. Өзгөчө мисибектин айрым кыпындары жана
химиялык заттардын ашказанга барышы анык болгон күндө да азирети
пайгамбарыбыздын орозо күндөрүндө мисибек колдонгондугу ише-
нимдүү хадис булактарында орун алган (Бухарий, Савм, 27; Тирмизий, Савм,
29). Натыйжада, “анык, так билинген нерсе шек саноодон бузулбайт”

268
дегендей, ашказаныбызга жетип жетпегени күмөн болгон бул нерседен
орозо бузулбайт.
Андыктан, астма оорусу менен ооругандардын ден-соолугу орозо
кармаганга мүмкүн болуп башка оорусу болбосо, дем алуусун жеңил-
детүү максаты менен оозго сыгылган кычкылтектүү дары орозону
бузбайт.
б) Көз тамчысы
Адис көз докторлардан алынган маалыматтарга караганда, көзгө
тамчылатылган дары өлчөмү боюнча абдан аз (1 миллилитрдин 1/20сы
болгон 50 микролитр) болуп анын бир бөлүгү да көздүн ирмелиши
менен сыртка чыгат. Калган бөлүгү болсо көз менен мурун көңдөйүн
бириктирген каналдарда жана былжырлуу челдерде сорулуу жолу
менен денеге өтөт. Көз тамчысынын жок дегенчелик өлчөмдө абдан аз
бир бөлүгүнүн тамак сиңирүү каналдарына жетиши мүмкүн экендиги
айтылууда. Бул маалыматтар жогорудагы айтылгандар менен чогуу ка-
ралганда көз тамчысы орозону бузбайт.
в) Мурун тамчысы
Дары катары мурун көңдөйүнө тамчылатылган дарынын бир
тамчысы 0,06 см3 га жакын. Мунун бир бөлүгү да мурун көңдөйүнүн
ичиндеги былжырлуу майда түктөргө сиңип кетет. Калган бираз гана
бөлүгү ашказанга барат. Муну болсо мазмазадагыдай (оозду суу менен
үч жолу чайкоо) эле кечиримдүү абал катары да кароого болот.
г) Тилдин алдына коюлган дары
Айрым жүрөк оорулары үчүн тилдин алдына коюлган дарылар
түздөн түз ооз көңдөйүнүн нерв жолдору аркылуу сорулуп канга ара-
лашып жүрөк оорусунун алдын алат. Аталган дары ооз көңдөйүндө си-
ңип жок болгондуктан анын ашказанга жетиши мүмкүн эмес. Андык-
тан тилдин алдына коюлган дарыларды колдонуу орозону бузбайт.
д) Эндоскопиялык, колоноскопиялык текшерҥҥдөн өтҥҥ, б.а.
тҥз ичеги (көтөн чучук) же аялдардын жыныстык органы
аркылуу УЗИге тҥшҥҥ
Ашказан ооруларын аныктоо үчүн ашказандын ичин көрүү же ан-
дан суюктук алуу үчүн эндоскопиялык текшерүүдө ооз көңдөйү аркы-
луу ашказанга медициналык бир аспап киргизилип текшерүү бүткөн-
дөн кийин кайра суурулуп алынат. Ичеги-карын ооруларын аныктоо
максаты менен ичегинин ичин көрүү же андан суюктук алуу үчүн коло-
носкопиялык текшерүүдө түз ичеги (көтөн чучук) аркылуу ичегилерге
аспап киргизилип текшерүү бүткөндөн кийин кайра чыгарылат. Коло-
носкопиялык текшерүүдө дайыма, ал эми эндоскопиялык текшерүүдө

269
болсо көпчүлүк учурда карала турган бөлүктүн тазалыгын камсыз кы-
луу үчүн колдонулган аспап аркылуу суу берилет.
Эндоскопиялык же колоноскопиялык текшерүүдөн өтүү, б.а. түз
ичеги же аялдардын жыныстык органы аркылуу УЗИге түшүү тамакта-
нуу маанисинде болбосо да көпчүлүк учурда аспап аркылуу суу берил-
гендиктен орозо бузулат. Бирок аталган текшерүүлөрдө тиешелүү ас-
паптарды колдонуу учурунда тамак сиңирүү системасына суу, май
жана ушуга окшогон кандайдыр азык-заттар кирбесе орозо бузулбайт.
е) Сийдик бөлҥп чыгаруу каналын көрҥҥ жана ал канал
аркылуу дары берҥҥ
Сийдик бөлүп чыгаруучу каналдарга кирген аспаптар же ал
каналдар аркылуу дарылоо орозону бузбайт.
ѐ) Анестезия
Оору сездирген нерв жолдоруна таасир берип кандайдыр бир
деңгээлде ооруга бөгөт коюу ыкмасы анестезия деп аталат. Анестезия-
нын регионалдык, жергиликтүү жана жалпы анестезия делген үч түрү
бар. Жеңил операцияларда ооруган жерге ооруну сездирбөөчү укол
(наркоз) саюу жолу менен операция жасоо ыкмасы регионалдык анес-
тезия болуп эсептелет. Дененин андан да кеңирирээк бир бөлүгүнө,
алсак, дененин белден ылдыйкы жагы, же болбосо бир ыптасы опера-
цияны сезбеши үчүн омурткага же нерв жолдорунун байланышкан
түйүндүү жерлерине укол саюу ыкмасы жергиликтүү (перидуральный)
анестезия делет. Ал эми оор операцияларда оорулууга укол берүү аркы-
луу эч нерсени сезбей уктатып коюу ыкмасы менен ооруга бөгөт коюу
жалпы анестезия болуп саналат.
Анестезия дем алуу жолу же ийне саюу аркылуу денеге дары бе-
рүү ыкмасы менен ишке ашырылат. Дем алуу жолу же ийне аркылуу
жасалган анестезия ашказанга жетпегендиктен тамактануу маанисинде
кабыл алынбайт. Ал эми жергиликтүү жана жалпы анестезияда өзгөчө
шашылыш абалдарда дары жана суюктук бериш үчүн кан тамырлар
кеңейтилет жана ал проссец оорулууга серум берүү жолу менен ишке
ашырылууда. Натыйжада, регионалдык анестезия орозонун бузулу-
шуна себеп болбойт. Жергиликтүү жана жалпы анестезия болсо денеге
серум берилгендиктен орозо бузулат.
ж) Кулак тамчысы жана кулакты чайкоо
Кулакты тамакка туташтырган бир канал бар. Бирок кулактын
тарсылдагы бул каналды бүтөгөндүктөн кулакка кирген суу же дары
тамакка жетпейт. Андыктан кулакка тамчылатылган дары же кулакты
чайкоодо кулдонулган суюктук орозону бузбайт.

270
Кулактын тарсылдагында тешик болсо деле, кулакка тамчыла-
тылган дары кулак калканынын ичинде сиңип кеткендиктен ашказанга
жетпейт, жетсе да абдан аз бир бөлүгү жетиши мүмкүн. Бул өлчөм, жо-
горуда белгилегендей, орозо учурундагы кечиримдүү абал катары кара-
лат. Ошондой эле кулактын тарсылдагында тешик болуп ал аркылуу
кулакты чайкоодо колдонулган суюктуктун ашказанга жетиши толук
мүмкүн. Мындай абалда ал канал аркылуу орозону буза турганчалык
өлчөмдө суюктук ашказанга барса, анда орозо бузулат.
з) Свечка колдонуу, клизма жасатуу
Учурда ооруну басуу, температураны түшүрүү же башка максат
менен түз ичеги (көтөн чучугу) аркылуу, ал эми грибок оорусу жана
аялдарга тиешелүү кээ бир ооруларды дарылоо үчүн аялдардын жы-
ныстык органы аркылуу свечка (шам түрүндөгү кичинекей дары) кол-
донулууда. Клизма жасоону болсо, оорулууга операция жасоодон му-
рун же ич катканда түз ичеги аркылуу суу жиберип жоон ичегидеги
заңды сыртка чыгаруу катары түшүнсөк болот.
Тамак сиңирүү системасы ооздон башталып түз ичегиде аяктаган
сиңирүү каналы жана тамак сиңирүү бездеринен турат. Тамак сиңирүү
каналы болсо ооз көңдөйүнөн башталат. Ооз көңдөйүнүн түп жагында
алкым көңдөйү бар. Андан ары кызыл өңгөч, ашказан, ичке ичеги, жоон
ичеги жана түз ичеги жайгашкан. Тамак сиңирүү системасы негизинен
ичке ичегиде аяктайт. Жоон ичегиде болсо, суу, глюкоза жана айрым
туздар сиңет. Аялдардын жыныстык органы менен тамак сиңирүү сис-
темасынын ортосунда кандайдыр бир байланыш жок. Андыктан, аял-
дардын жыныстык органы аркылуу колдонулган свечкалар орозону
бузбайт. Түз ичеги аркылуу колдонулган свечкалар болсо канчалык та-
мак сиңирүү системасы менен байланыштуу болсо да тамак сиңирүү
процессинин ичке ичегиде аяктаары, свечкалардын азыктандыруу өзгө-
чөлүгү болбогондуктан жана свечка колдонуу тамактануу маанисин
билдирбегендиктен орозо бузулбайт.
Клизма жасатуу тууралуу ушул эки абалды баса белгилөөгө
болот: жоон ичегиде суу, глюкоза жана кээ бир туз элементтери сиң-
гендиктен азык-зат камтыган суюктуктун ичегилерге берилиши жана
орозону буза турганчалык деңгээлде суунун сиңиши, же ичегилерде
калышы орозону бузат. Ал эми суу ичегилерге берилгенден кийин көп
күттүрбөстөн ичегилер дароо тазаланса жана ал суу менен бирге иче-
гилердеги денеге керексиз азык-заттар да түз ичеги аркылуу сыртка
чыгарылса, мындай учурда ичегилерге сиңген суунун өлчөмү аз бол-
гондуктан орозо бузулбайт.

271
и) Диализ (бөйрөккө жардам берҥҥ)
Бөйрөк оорусу менен ооругандарга карата жасалган диализ ыкма-
сынын перитонеал диализ жана гемодиализ деген эки түрү бар.
Перитонеалдык диализ – карын көңдөйүнө берилген атайын даяр-
далган суюктук аркылуу оорулуунун өзүнүн карын челин колдонуп ка-
нын уулу заттардан арылтуу жана денедеги суюктуктун тең салмактуу-
лугун сактоо иши. Гемодиализ болсо кандын денеден алынып атайын
жасалган машинанын жардамы менен тазаланып кайра денеге берүү
иши болуп саналат. Кан ийне аркылуу оорулуунун колунан алынат.
Гемодиализ машинасы канды диализор аттуу чыпкадан өткөрүп аны
уулу заттардан жана ашыкча суудан арылтат. Чыпкаланган таза кан
экинчи бир ийне аркылуу оорулуунун кан тамырына кайра куюлат. Бул
жол-жобо аткарылып жатканда, айрым учурларда оорулууга азык-зат
камтыган суюктук берилет.
Жыйынтыктап айтканда, оорулууга кандайдыр бир суюктук зат
берилбестен жасалган гемодиализде орозо бузулбайт. Диализдин кал-
ган түрлөрүндө болсо денеге азык-зат камтылган суюктук берилген-
диктен орозо бузулат.
й) Ангио жасатуу
Эл ичинде ангио катары билинген операция ооруга диагноз коюу
(ангиография) жана дарылоо максаты менен жасалат. Ангиография
дегенди денедеги кан тамырлардын чагылдырылышы деп түшүнөбүз.
Тамырларга кирип алардын сыртка көрүнүшүн камсыз кылган жана
жараксыз зат катары билинген дарынын жардамы менен ангиограм
делген фильмдер тартылат. Ангиографиянын жардамы менен дене
мүчөлөрүн керектүү заттар менен камсыз кылган кан тамырлардын
сүрөттөрү чыгарылып кан тамыр ооруларын же болбосо, бул кан та-
мырлар аркылуу азыктанган мүчөлөрдөгү ооруга байланыштуу анализ-
дик маалыматтарды аныктоого болот. Дарылоо максаты менен жасал-
ган ангионун классикалык ыкмасы – ангиопласт. Ал ыкма тарыган же
таптакыр эле бүтөлүп калган кан тамырларды балон же болбосо стент
делген атайын даярдалган аспап аркылуу кайра кеңейтип ачуу үчүн
жасалат.
Ушул маалыматтарга таянуу менен ангиография жана ангиопласт
операциялары тамактануу маанисинде каралбагандыктан алардан орозо
бузулбай тургандыгын белгилөөгө болот.
к) Кан берҥҥ
Кан берүүнүн орозону бузуп бузбашы жөнүндө азирети пайгам-
барыбыздын “Бузук кандардан арылтууда аны жасагандын да, жасат-
кандын да орозосу бузулат” (Абу Давут, Сыям 28) деген хадисине таянып

272
айрым Ислам аалымдары кан берүүдөн орозо бузуларын айтышкан. Ал
эми көпчүлүк Ислам аалымдары азирети пайгамбардын орозо учурунда
бузук кандардан арылтылгандыгы менен байланыштуу уламыштарды
(Бухарий, Савм, 32; Абу Давут, Сыям, 29) негиз кылып кан берүүнүн орозону
бузбай тургандыгын белгилешкен.
Бул эки хадис жана аны менен байланыштуу уламыштарды жы-
йынтыктап карасак “Бузук кандардан арылтууда аны жасагандын да,
жасаткандын да орозосу бузулат” хадисин “Бузук кандардан арылтууда
аны жасагандын да, жасаткандын да орозосу бузулуу коркунучу бар”
деген мааниде түшүнсөк болот. Себеби бузук кандардан арылткан
киши бузук кандарды оозу менен соруп чыгаргандыктан оозго келген
кан тамагына чейин кирип кетиши мүмкүн болсо, ал эми аны жасаткан-
дын каны азайып өң-алеттен кетип алсырап тамак-аш жешке туура
келери белгилүү. Ушундан улам Энес б. Малик да бузук кандардан
арылуунун орозолууну алсыратарынан улам туура көрбөсүн айткан
(Бухарий, Савм, 32).
Натыйжада, бүгүнкү учурдун шарттарына ылайык кан берүүдөн
орозо бузулбайт.
л) Май дары (мазь) жана дарылык касиети бар
жабыштыруучу
Теридеги жылчыкчалар жана тери астындагы капилляр тамырлар
аркылуу денеге сүйкөлгөн май, май дары жана ушуга окшогондор си-
ңип канга аралашат. Бирок бул заттар денеге абдан аз өлчөмдө жана
көп убакытта сиңет. Ошондой эле бул процедура тамактанууга жат-
пайт. Андыктан териге сүйкөлгөн май, дары, дарылуу жабыштыруу-
чулар орозону бузбайт.
Орозо кармаган кишиге макҥрөө болгон нерселер
1) Бир нерсени жутпастан, даамын татуу.
Мисалы, бир аялдын күйөөсү тамактын тузунун көп же аз болу-
шуна байланыштуу аялынын тынчын алса, анда ал аял тамакты жутпас-
тан, тузун көрө алат. Тамак бышырып иштеген ашпоз үчүн да ушундай.
2) Керексиз түрдө бир нерсени чайноо. Баласы үчүн бир нерсени
чайнашы керек болгон аял, бул ишти кылуу үчүн башка бир жол таба
албаса, кичинекей баласын коргоо максаты менен чайнай алат.
3) Өзүнө ишеними болбогон бирөөнүн өз аялын өбүшү жана
кучакташы. Жыныстык жактан кандайдыр бир бошоо болбосо да бул –
макүрөө. Эгерде өбүү жана кучактоонун натыйжасында эркектик сези-
ми козголуп бошосо, анда макүрөө эле болбостон, орозосу да бузулат.
4) Түкүрүктү ооздо топтоп жутуу.

273
5) Өзүн алсыз кыла турганчалык даражада кан алдыруу, оор иш-
терди кылуу (Алсыз кылбай турган болсо макүрөө болбойт).
Орозо кармаган кишиге макҥрөө болбогон нерселер
1) Гүл жана жыпар жыттарды искөө.
2) Көздү калем менен боѐо.
3) Өзүнө ишенсе, аялын өбүү.
4) Мисибек колдонуу, тиштерди тазалоо.
5) Оозго суу ууртап чайкоо.
6) Мурунга суу жүгүртүү.
7) Сергүү үчүн жуунуу.
Орозо кармаган кишиге мустахаб болгон нерселер
1) Соордо туруп тамактануу.
2) Соордо кечирээк тамактануу. Ал эми тамакты күмөндүү бир
убакка чейин кечиктирүү – макүрөө.
3) Күндүн батканы даана белгилүү болгондон кийин ооз ачуу.
Намаздан мурун ооз ачып тамактануу да – мустахаб. Ыптарда мына бул
дубаны окуу сүннөт болуп саналат:

َٛ‫ ْس‬ٚ ‫ ٰل ِبر ْسزلِبه ج ْس ْسل ُمش‬ٚ ‫ ِهّٰللو ْسٍ ُمص‬ٛ‫ ٍ ْسحه ض‬ٚ ‫ ذِبه جِ ْسٕ ُمص‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ٌه ُم ْسّ ُمص‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫ ِح ج ِهّٰلل ْسل ُمش‬ٚ ‫ ْس ُمص ح ْس ف ْسِبل ِبٌ ِح ل ِهّٰللل ْسِ ُمص‬ٛٔ ْ‫ ِبل رِضح‬ٙ‫ج ْسٌغ ِبل ِبِ ْسٓ ع ْس‬
“Аллаахумма лака сумту ва бика ааманту ва алайка тавак-
калту ва алаа рызкыка афтарту ва савмалгади мин шахри Рамазана
навайту, фагфиирлии маа каддамту ва маа аххарту.”
Мааниси: “Оо, Аллам! Сенин ыраазычылыгың үчүн орозо карма-
дым, Сага ишендим жана Сага сыйындым. Сенин ырыскың менен ооз
ачтым жана Рамазан айынын эртеңки орозосуна да ниет эттим.
Менин өткөндөгү жана келечектеги күнөөлөрүмдү кечир! “
Орозо менен байланыштуу ар тҥрдҥҥ өкҥм-жоболор
Эсинен чыгарып жиберип тамак ичкен жана орозо кармап жат-
канда кускан киши орозосунун бузулганын ойлоп тамактанса, каза
талап кылынат. Ал эми кусуу менен орозосунун бузулбаганын билип
туруп тамактанган кишиге каза да, каффарат да керек.
Күндүз түшүркөгөн кишинин абалы да ушундай. Рамазанда күн-
дүз уктап жактакнда түшүркөгөн киши орозосунун бузулганын ойлоп
тамактанса, мындан улам орозосун каза кылууга тийиш. Түшүркөөнүн

274
орозону бузбаганын билип туруп тамактанса, анда ал киши каза да,
каффарат да кылышы керек.
Бир аял Рамазанда (али этек кири келе электе) айыз күнүм деп
орозосун бузса жана ошол күнү этек кири келбесе, эгерде ошол күндүн
орозосуна ниет кылбаган болсо, анда ал орозосун каза кылууга тийиш.
Эгерде ниет кылып, орозону баштагандан кийин бузган болсо каффарат
талап кылынат.
Тиштердин арасынан чыгып, шилекейге аралашкан кан шилекей-
ден көп же шилекей менен бирдей деңгээлде болуп, жутула турган бол-
со орозону бузат. Шилекейден аз болсо бузбайт.
Тиштерин тазалаган киши орозосунун бузулганын ойлоп, билип
туруп тамактанса ага каффарат керек.
Даарат алып жатып оозуна суу ууртаганда, капысынан тамагына
суу кирип кетсе, эгерде орозо экенин билсе, орозосу бузулат жана каза
талап кылынат. Эгерде ал учурда орозо кармап жатканы эсинде эмес
болсо, орозосу бузулбайт.
Жолоочу болбогон бир киши түнкүсүн ниет кылып орозону баш-
тагандан кийин күндүз сапарга чыга турган болсо да, ошол күндүн оро-
зосун кармашы керек. Жолго чыккандан кийин орозосун бузуп салса,
каза талап кылынат. Жолго чыгып, бирок жашаган жеринин чегинен
өтө электе орозосун бузса, анда ага каффарат керек.
Жолоочу болгон бир киши ниет кылып орозону баштагандан ки-
йин күндүз али сапары аяктай электе, же болбосо сапары аяктап, үйүнө
кайткандан кийин орозосун бузса, анда ага каза талап кылынат.
Рамазан айынан орозо карызы болгон бир киши буларды каза
кыла электе кийинки Рамазан келип калса, алгач Рамазан орозосун кар-
майт, андан кийин мурунку Рамазандан калган карыздарын кармайт.
Рамазан орозосун каза кылып жатканда, кааласа бул орозолорду
катары менен, кааласа арадан убакыт өткөрүп кармайт. Карыздарын
эртерээк төлөп кутуулуу үчүн катары менен баарын кармап салганы
дагы жакшы болот.
Бир аял орозо кармап жатканда этек кири келип калса, ошол күн-
дүн орозосун каза кылууга тийиш.
Бир киши ооруп калганы үчүн Рамазанда орозосун бузса жана
айыкпастан көзү өтүп кетсе, андан эч нерсе талап кылынбайт.
Даарат алгандан кийинки ооздо калган нымдуулук орозону буз-
байт. Сүйлөшүп жатканда нымдалган эриндеги шилекейди жутуу ме-
нен орозо бузулбайт.

275
Рамазанда эси ооп калган киши бир нече күн эсине келе албай
турган болсо, эси оогон күнүн каза кылбайт, анткени ниет кылып ошол
күндүн орозосун баштаган болчу. Бирок кийинки күндөрдү каза кылат.
Напиле катары кармалган орозону себепсиз эле бузуу – макүрөө.
Кандайдыр бир себеп менен бузулган напиле орозо каза кылынууга
тийиш.
Кармала башталган каффарат орозосу аяктай электе Рамазан айы
келсе, каффарат кайра баштан кармалышы керек.
Итикаф
Итикаф – ниет кылып, бир мечитте туруу дегенди билдирет.
Рамазандын акыркы он күнүндө мечитте туруу так сүннөт болуп эсеп-
телет. Жамааттын ичинен бирөө итикафка киргенде, бул милдет башка-
лардын мойнунан түшөт.
Итикафтын шарттары: ниет кылуу, орозо кармоо, итикафты беш
маал жамаат менен намаз окулган мечитте кылуу жана аялдын айыздык
жана нифас абалында болбошу. Аял киши мечитте эмес, үйүндө намаз
окулган бөлмөдө итикаф өтөйт.
Итикафтын адеби
1) Мечиттердин ичинен эң көп жамааты болгонунда жана Рама-
зандын акыркы он күнүндө итикафка кирүү.
2) Итикаф учурунда орунсуз нерселерди сүйлөбөө, Куран, хадис
жана пайгамбарыбыздын өмүр баяны тууралуу китептерди окуу.
3) Таза кийим кийинүү, жыпар жыт себинүү.
Итикафка кирген киши мечитте тамактанат, уктайт жана керек-
түү нерселерин мечиттен алат. Булар үчүн тышка чыга турган болсо,
итикаф бузулат.
Дааратканага баруу, даарат алуу жана зарыл болгондо кусул даа-
рат алуу сыяктуу табигый муктаждыктары үчүн мечиттен сыртка чыга
алат. Жума намазы бул жерде эмес, башка жерде окулса, жума намазы
үчүн турган жеринен чыгып, ошол жерге барса болот. Жаназа намазы
үчүн сыртка чыга албайт.
Өзүнө жана мал-мүлкүнө кандайдыр бир зыян тиет деген коопто-
нуудан улам жана зордук менен мечиттен чыгарыла турган болсо, баш-
ка бир мечитке өтүү үчүн ал мечиттен сыртка чыга алат.
Мындай аргасыз абалдардан сырткары мечиттен чыга турган бол-
со, итикафы бузулат. Итикафта болгон кишинин жубайы менен жы-
ныстык катнашка кириши итикафты бузат. Ошондой эле кучактоо жана

276
өбүшүүнүн натыйжасында бошоо болсо да бузулат. Ал эми түшүркөө
итикафты бузбайт.
Чын жүрөктөн берилип итикаф кылган момун белгилүү бир мөө-
нөткө дүйнөлүк иштерден ажырап, Алла таалага жүз бурат. Душманы
болгон шайтандын жамандыгынан эң бекем чепке жашырынып, Алла
тааланын үйү болгон мечитте Анын чексиз кайрымына баш пааналаган
болот. Мындай абалда болгон момун Алла тааланын үйүндө Анын
коногу болуп саналат. Үй ээсине жарашкан нерсе да – коногун сыйлоо.
Азирети пайгамбарыбыз дүйнөдөн кайтканга чейин Рамазандын
акыркы он күнүндө итикафка кирген.

277
БИТИР САДАГАСЫ
Карызынан же негизги муктаждыктарынан сырткары эң жок де-
генде өзүнө жетишерлик өлчөмдө мал-мүлкү, же ошончолук баада ак-
часы болгон мусулмандын битир садагасын бериши – убажип.
Бул кыскача “битир” деп айтылат. Битир садагасынын убажип
болушу үчүн зекетте болгондой мал-мүлк бергенден кийин бир жыл
өтүшү же көбөйүүчү сапатта болушу шарт эмес.
Битир – Рамазан айында жакырларга берилген садага. Айттан му-
рун берилсе, жакшы болот. Айт күнү же андан кийин да берсе болот.
Диний өлчөмдөр боюнча бай болгон кишинин өзүнүн да, эрезеге жет-
пеген балдарынын да битирлерин бериши – убажип.
Жакыр болгон баланын атасы өлгөн болсо, же болбосо колунда
жок болсо, небересинин битирин чоң атасы берет.
Бир киши аялынын же чоңоюп калган балдарынын битирин бе-
рүүгө милдеттүү эмес. Булар бай болсо, битирлерин өздөрү берүүгө
тийиш.
Аялынын жана чогуу жашаган чоң балдарынын битирин алардан
уруксат сурабастан бере алат. Ал эми өзүнчө жашаган чоң балдарынын
битирин болсо алардын уруксаты менен бере алат. Бир киши атасы ме-
нен энесинин битирлерин берүүгө милдеттүү эмес.
Битир бул төрт тҥр азык-тҥлҥктөн төмөнкҥдөй өлчөмдө берилет:
Тҥрҥ: Саны:
Буудай 1460 грамм.
Арпа 2920 грамм.
Мейиз 2920 грамм.
Курма 2920 грамм.
Бул азыктардын өзүн берүү менен бирге баасына карап акчалай
да берсе болот. Кайсынысы жакырга дагы пайдалуу боло турган болсо,
ошону берүү ылайыктуураак болуп саналат.189 Бир битир бир гана жа-
кырга берилет, экиге бөлүп берсе болбойт. Бир жакырга бирден көп
битир берсе болот. Битир ниет кылгандан кийин берилет. Бирок мунун
битир экендигин бере турган кишиге айтуунун кереги жок. Битир
берген кишинин ичинен ниет кылышы жетиштүү болот.

189
Белгиленген өлчөмдөр битирдин эң төмөнкү өлчөмү. Мындан да аз өлчөмдө битир
берилбейт. Битирдин көбү үчүн бир чек жок. Башкача айтканда, белгиленген өлчөмдөн
көбү бериле берет. Материалдык абалы жакшы болгондордун битирди бул
өлчөмдөрдөн көбүрөөк берилиши сунуш кылынат.

278
Зекет кайсы жакырларга берилсе, битир да ошолорго берилет.
Кандайдыр бир кечиримдүү себептен улам Рамазанда орозо кармай ал-
баган кишилер да жетиштүү мал-мүлккө ээ болушса, битирлерин бе-
рүүгө милдеттүү.
Колунда бар мусулмандар битир берүү аркылуу жакырларга май-
рамдык кубанычты тартуулашат. Мына ушундайча бир жагынан Алла
тааланын алдындагы карызын орундатып, ошол эле мезгилде соопко да
калган болушат.
Битир берүү орозосунун кабыл болушуна, өлүмдүн кыйынчылы-
гынан жана кабыр азабынан кутулууга себеп болот.
Анттын каффараты орундатылып жатканда он жакыр кишини
эртең менен, кечинде тойгузуу же он жакырга битир өлчөмүндө акча
төлөнүшү керек.
Маиде сүрөсүнүн 89-аятында ант каффаратынын кандайча орун-
датыла турганы билдирилгенде, “Үй-бүлөңөргө жедиргениңердей кы-
лып, он жакырды тойгузуу” сөздөрү орун алган.
Бул аят канчалык ант каффараты менен байланыштуу болсо да,
Рамазанда берилиши керек болгон битир менен ант каффараты үчүн
берилиши керек болгон өлчөмдүн бирдей болушу, битир берип
жатканда кайсы өлчөмдөрдү эске алышыбыз керек экендиги боюнча
бизге жол көрсөтүүдө.
Ошондуктан Рамазанда битир берген кишинин эртең менен жана
кечинде жеген тамактарынын акчалай наркын эсептеши жана битир
өлчөмүн өзүнүн дасторконундагы тамактарды эске алып бериши ыл-
йыктуураак болот.

279
ЗЕКЕТ
Исламдын беш шартынын бири болгон зекет мал-мүлк менен ат-
карылган ибадат болуп саналат. Хижраттын экинчи жылында парз кы-
лынган.
Зекет мал-мүлктүн белгилүү бир бөлүгүн жакыр болгон мусул-
манга берүү дегенди түшүндүрөт. Зекетти берүү мезгили келгенде ке-
чиктирилбестен орундалууга тийиш. Себепсиз түрдө зекетин кечиктир-
ген киши күнөөкөр болот.
Зекеттин мааниси
Динибиз коомчулуктун бейпилчилиги менен бак-таалайына аб-
дан чоң маани берип, муну ишке ашыруу үчүн бир нечелеген негиздер-
ди алып келген. Булардын бири – зекет. Динибиз зекетти парз кылып,
бардар кишилерге мал-мүлктөрү менен акчаларынын белгилүү бир бө-
лүгүн жыл сайын тартиби менен колунда жок жакырларга беришин
буйрук кылган.
Зекет аткарылып аткарылбашы боюнча адамдын эркине коюлган
бир көмөк эмес, жакырдын акысы жана бай кишинин орундатышы
керек болгон бир милдет болуп саналат. Бул тема боюнча ыйык Куран-
да мындай деп айтылган:

‫ج ْسٌّ ْسك ُمل ِب‬ٚ ً‫ِبٍضحٓتِب ِب‬


َٚ ‫ ْسُ ق ِهّٰلل ٌدك ٌ ِهّٰلل‬ٙ‫ج ِبٌ ِب‬ِٛ‫ ج ْس‬ٝٓ ٚ
“Алардын мал-мүлктөрүндө муктаж жана жакыр кишилер
үчүн бир акы бар.”190
Зекеттин Исламдын беш шартынын ичинде орун алышы жана
ыйык Курандын көптөгөн жеринде намаз менен бирге айтылышы анын
динибизде абдан чоң мааниге ээ болгон бир ибадат экендигин көрсөтүп
турат. Ислам дининин коомчулуктун дарттарын айыктыруу жана мук-
таждыктарына жооп берүү үчүн алып келген негиздеринин бири болгон
зекет коомдук жардамдашуу системасынын бир түрү болуп саналат.
Зекет жана башка жардамдашуу түрлөрү бай киши менен кедей
кишинин ортосундагы байлык айырмасынан улам туула турган тең
салмаксыздыктарды жоюп, коомчулукта бейпилчиликтин түзүлүшүн
камсыз кылат. Ыйык Куранда бул темага байланыштуу мындай деп
буюрулган:

ُُۜ‫ٌس ًن ذ ْس ْسجا ْس ِٕبحح ٓ ِبء ِبِ ْسٕى ْسُم‬ٚ ‫ْ ُم‬ٛ‫و ْس ا ىُم‬

190
Зарият сүрөсү, 19-аят.

280
“Бул мал-мүлк араңардан бай болгондордун арасында колдон
колго өткөн бир байлык абалына келбесин.”191
Зекет сөзүнүн сөздүктөгү маанилеринин бири да – “тазалоо.” Зе-
кет бай кишинин мал-мүлкүн жакырдын акысынан тазалайт. Ушул өң-
дүү эле, жүрөгүн да сараңдыктан тазалайт жана күнөөлөрдөн арылы-
шына аралжы болот. Чындыгында ыйык Куранда кудуреттүү Алла
таала:

ُُۜ‫ ْس‬ٙ‫ ِهّٰللِبً ٍ ْسح ِب‬ٚ ‫ح‬ٙ‫ ْسُ ذِب‬ٙ‫ضُمز ِهّٰللوح ِب‬ٚ ُ‫ ُمل٘ ْسُم‬ٙ‫ ْسُ للس ًن ضُم ِب ِهّٰلل‬ٙ‫ج ِبٌ ِب‬ِٛ‫ُم ْس ِبِ ْسٓ ج ْس‬
“(Оо, Мухаммед!) Алардын мал-мүлкүнөн аларды күнөөлөрдөн
арылтып жана тазарта турган кайыр-садага (зекет) ал жана
аларга бата тиле...”192 – деп буюруп, бул акыйкатты билдирген.
Зекет мал-мүлктү берекелүү кылып, чоңоюшун жана көбөйүшүн
камсыз кылат. Зекетин берүү менен жакырларга көмөк көрсөткөндөр-
дүн мал-мүлкүнүн көбөйгөнү жалпыга маалым болгон бир акыйкат. Эч
шексиз, мал-мүлктүн көбөйүшүндө сүйүнгөн жакырдын таза дилинин
чоң ролу бар. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ ُم ْسِي ِبٍ ُمفُٗم‬ٛٙ‫ِح ٓ جْٔسف ْسمطُم ْسُ ِبِ ْسٓ ع ْس ٍء ُم‬ٚ


“Силер Алла үчүн эмне берсеңер, Алла анын ордуна (дагы жак-
шысын) берет.”193 Алла таала бул аятта берилген зекеттин ордуна
анын жообун берерин убада кылган.
Зекет “садага” деп да айтылат. Садага “ак ниеттүү болуу” деген
маанини түшүндүрөт. Бул боюнча зекет – бир мусулмандын Алла
тааланын алдында ак ниеттүү жана чын жүрөктөн берилген кул экен-
дигин көрсөткөн бир ибадат.
Ислам дини бүткүл мусулмандарды бири-биринен айырмалабас-
тан, баарын бир тулку-бой катары карайт. Азирети пайгамбарыбыз
мындай деп айткан:

ٝ‫ ْسحُٕمُٗم ْسجعطى‬ٝ‫ ِبجِْب ْسجعطى‬ٚ ‫ ُمو ِهّٰللٍُمُٗم‬ٝ‫ ر ْس ُمصُٗم ِبج ْسعطى‬ٝ‫جقِب ٍل ِبجِْب ْسجعطى‬ٚ ًٍ ‫ْ ول ُمؾ‬ٛ‫ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبُِٕم‬
ٗ‫ُمو ِهّٰللٍُم ُم‬

191
Хашр сүрөсү, 7-аят.
192
Тообо сүрөсү, 103-аят.
193
Сабаъ сүрөсү, 39-аят.

281
“Бардык момундар бир киши сыяктуу, бирөөнүн башы ооруса,
бардыгынын башы ооруйт. Бирөөнүн көзү ооруса, бардыгынын көзү
ооруйт.”194
Бир киши катары кабыл алынган коомчулукта мусулмандардын
бири кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болсо, ал коомчулуктун
дене-мүчөлөрү сыяктуу болгон башка мусулмандар ошол эле кыйын-
чылыкты туюшат жана аны жоюуга аракет кылышат. Коомчулуктун эң
бечара жана жардамга муктаж бөлүгүн көзөмөлдөө жана бул коомдук
тынчсызданууну жоюу бай кишилерге берилген бир милдет болуп
эсептелет. Бир коомчулукта жашоо-тиричилигин камсыз кыла албай,
чарасыздык ичинде кыйынчылык тарткан жер караган жакыр кишилер
болуп турганда, байлык ичинде сүзгөн бардар кишилердин буларга
көңүл бурбашын ойлоо такыр мүмкүн эмес.
Жашаган өлкөсүнүн бейпилчилиги жана коопсуздугунун аркасы
менен пайда таап байыган киши жыйнаган байлыгына гана ыраазы бо-
луп, коомчулуктун кыйынчылыктарына кандайча кош көңүл мамиле
кыла алат? Алардын кыйынчылыктарына көңүл буруу бардар кишилер-
дин милдети гана болбостон, чыныгы мусулман болуунун өлчөмү да
болуп саналат. Жашаган коомчулугунун кайгы-капаларына көңүл бур-
баган кишилер тууралуу пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Короо-
лош кошунасы ачка отурганда, ток жашаган момун чыныгы момун
эмес.”195
Бизди жараткан жана жашаткан Алла, кандайча көптөгөн ырыс-
кыларды берген болсо, биз да булардын бир бөлүгүн жакыр жана муктаж
кишилерге берип, алардын кыйынчылыктарын жоюуга милдеттүүбүз.
Бардар мусулмандар зекеттерин иреттүү түрдө муктаж болгон ки-
шилерге берүү менен коомчулуктун тынчын алган коомдук бир дартты
айыктырып, ушундайча Алла тааланын ыраазычылыгына жана адам-
дардын сүйүүсүнө жеткен болушат. Ошентип бардык кишилердин
бири-бирине сүйүү жана урмат менен мамиле кылган, бири-бирине бе-
кем ишенген, кызганычтыктар жоюлган жана коомдук жардамдашуу эң
мыкты түрдө ишке ашырылган бейпил бир коомчулук жаралган болот.
Зекеттин парз болушунун шарттары
Бир кишинин зекет берүүгө милдеткер болушу үчүн ал кишиде
жана ээ болгон мал-мүлкүндө айрым шарттар болууга тийиш.
Мал-мҥлк ээсинде болушу зарыл болгон шарттар
1) Мусулман болуу.
194
Жамиус-сагир (хадисти Муслим жана Ахмед б. Ханбал айтып берген).
195
ат-Тергив ват-Тархиб, 3-том, 358-бет (Хадисти Таберани айтып берген).

282
2) Эрезеге жеткен болуу.
3) Акыл-эстүү болуу.
4) Көз карандысыз болуу.
5) Мал-мүлкүнүн баасынчалык карызынын болбошу, же болбосо
карызын төлөгөндөн кийин калган мал-мүлкүнүн нисап деп белгилен-
ген өлчөмдөн аз болбошу.
Мусулман болбогондордун, эрезеге жетпеген балдардын (Шафий
мазхабындагылардын көз карашы боюнча балдардын жана акыл-эссиз
кишилердин мал-мүлктөрүнөн да зекет берилиши керек. Бул милдетти
алардын ата-энеси орундатат.), акыл-эси ордунда болбогон кишилер
жана азаттыгы жок кулдардын зекет бериши парз эмес. Колунда нисап
өлчөмүндө, же андан да ашык мал-мүлкү болсо да, мал-мүлкүнүн өлчө-
мүндө, же андан да көп карызы болгон киши зекет берүүгө милдеттүү
эмес.
Мал-мҥлктө болушу зарыл болгон шарттар
1) Мал-мүлктүн нисап деп белгиленген өлчөмдө болушу.
2) Мал-мүлктүн табигый түрдө, же наркы боюнча көбөйүүчү са-
патта болушу.
3) Нисап өлчөмүндөгү мал-мүлккө ээ болгондон кийин бир жыл
өтүшү.
Нисап – динибиз тарабынан белгиленген бир өлчөм. Карызынан
жана негизги муктаждыктарынан тышкары бул өлчөмдө мал-мүлкү, же
болбосо акчасы болгон киши дин боюнча бай деп эсептелет жана бу-
ларга ээ болгондон кийин бир жыл өткөн соң зекет берүүгө милдеттүү
болот. Мал-мүлкү жана акчасы нисап өлчөмүнө жетпеген, же жетсе да
жеткенине бир жыл өтпөгөн киши зекет берүүгө милдеттүү эмес.
Соода-сатык мал-мүлктөрү менен сүтү жана төлдөп көбөйүшү
үчүн багылган малдар чындыгында эле көбөйүүчү сапатта болгон мал-
мүлктөр болуп саналат. Колдо болгон алтын, күмүш жана накталай
акча менен акча сыяктуу колдонулган баалуу докуметтер (тилкат, чек
ж.б.) иштетилип көбөйтүлүшү мүмкүн болгондуктан, булар да наркы
боюнча көбөйүүчү сапатка ээ.
Нисап өлчөмүндөгү мал-мүлктүн үстүнөн толук бир жыл өтүүгө
тийиш. Мал-мүлк жылдын башында нисап өлчөмүндө болууга тийиш,
ошондой эле, жылдын аягында да нисап өлчөмүндө болушу керек. Жыл
ичиндеги мал-мүлктөгү азаюулар эске алынбайт. Жылдын ичиндеги
көбөйүүлөр да өз-өзүнчө эсептелбейт, булар да ошол эле мал-мүлккө
кошулуп, жылдын аягында бардыгынын зекети берилет.

283
Жылдын башында нисап өлчөмүндө болгон бир мүлк, жыл ичин-
де азайып, нисап өлчөмүнөн аз болуп калса жана жылдын аягында да
нисап өлчөмүнө жетпесе, бул мүлктөн зекет берүүнүн кереги жок. Кай-
радан нисап өлчөмүнө жеткен мезгилден баштап бир жыл өткөндөн ки-
йин зекет берилиши керек.
Нисап өлчөмдөрҥ
Алтын: 80.18 грамм (20 мыскал).
Күмүш: 561 грамм (200 сөлкөбай).
Акча: Алтын же күмүштүн нисабы өлчөмүндө акча.
Соода-сатык мал-мүлктөрү: Алтын же күмүш нисабы баасында
мал-мүлк.
Кой жана эчки: кырк кой же кырк эчки.
Уй: Отуз уй.
Төө: Беш төө.
Негизги зарылдыктар
Бир кишинин жана кароого милдеттүү болгон кишилеринин
зарылдыгы болгон негизги нерселерге “негизги зарылдыктар” деп
айтылат.
Жашалган үйлөр, керектүү болгон үй буюмдары жана кийим-
кечектер, пайдаланылган унаалар, өздүк китептер, өнөрпоздөрдун ас-
паптары, бир жылдык алимент негизги зарылдыктар болуп саналат.
Булар үчүн зекет берүүнүн кереги жок.
Алтын жана күмүштөн сырткары соода-сатык үчүн болбогон бер-
мет, зумурут, алмаз сыяктуу асыл таштан жасалган буюмдардан да зе-
кет берүүнүн кереги жок. Бирөөгө таандык болсо да, анын колунан
чыккан жана кайра бир жолу колуна өтүү ыктымалы болбогон мал-
мүлктөрдөн да зекет берүү зарыл эмес.
Танылган жана далилдөөгө мүмкүн болбогон аласалар, деңизге
түшүп кетип чыгарылбай калган мал-мүлктөр, талаада сакталып коюл-
ган жери унутулган акчалар да ушундай. Бирок булар качандыр бир
убакта колго тийсе жана андан кийин арадан бир жыл өтүп, нисап өлчө-
мүнө жете турган болсо зекеттерин берүү керек.
Бир кишинин нисап өлчөмүндө мал-мүлкү, же акчасы болгону
менен ошончолук өлчөмдө карызы болсо, анда ал зекет берүүгө мил-
деттүү эмес. Карызын төлөгөндөн кийин колунда нисап өлчөмүндө
мал-мүлк, же акчасы калса, булардын зекетин берүүгө тийиш. Нисап
өлчөмүнөн аз болсо, анда зарыл эмес.

284
Соода-сатык үчүн болбогон үй, дүкөн, аспап жана унаалардан зе-
кет берүүнүн кереги жок. Булардын коюлган күрөөсүнөн жана киреше-
синен алынган акчалар нисап өлчөмүнө жетип, анан арадан бир жыл
өтсө, же болбосо адал жолдор менен табылган башка акчаларга кошула
турган болсо зекеттери берилүүгө тийиш.
Эгерде бир мал-мүлк зекет парз болгондон кийин али зекет бери-
ле электе зыянга учураса, анда зекет жоюлат. Мал-мүлктүн бир бөлүгү
жок болсо, анда бул бөлүктүн зекети берилбейт. Мал-мүлк атайылап
эле колдон чыгарылса, зекет карызы жоюлбайт жана төлөнүшү керек.
Зекеттин туура болушунун шарты
Намазда жана орозодо ниет – шарт, ошондой эле, бир ибадат бол-
гон зекеттин туура болушу үчүн ниет кылуу да шарт болуп саналат.
Зекетти жакырга берип жатканда, же жакырларга берүү үчүн бө-
лүп жатканда, мунун зекет экендигине ниет кылынышы керек. Ачык
айтуу зарыл эмес. Бир мал-мүлктү, же акчаны жакырга берип жатканда
анын зекет экендигине ичтен ниет кылуу жетиштүү. Зекет экендиги
айтылбай, кайыр-садага экени айтылса да, берилген нерсе зекет болуп
саналат. Эң негизгиси – берилген нерсенин зекет экендигине чын жү-
рөктөн ниет кылынышы.
Жакыр кишиге зекет ниети менен берилбеген акча жана мал-мүлк
жакырдын колунда турган болсо, зекет экендигине ниет кылуу жайыз.
Эгерде жакырдын колунан чыккан болсо, ал учурда зекетке ниет кы-
лынбайт.
Зекет берүүгө милдеттүү болгон киши зекетти жеке өзү бере алат,
ошондой эле, башка бирөөнү өкүл кылуу аркылуу да берсе болот. Эки
абалда тең зекет бере турган киши өзү ниет кылышы керек. Өкүл кыл-
ган кишисинин ниети таасирдүү болбойт.
Ушул себептен зекет бере турган киши бирөөнү өкүл кыла турган
болсо, бере турган мал-мүлкүн өкүлгө тапшырып жатканда зекетке
ниет кылышы зарыл.
Өкүл болгон киши жакырларга таратуу үчүн өзүнө тапшырылган
мал-мүлктөн өзү үчүн эч нерсе ала албайт, бирок жакыр болгон жакын
кишилерине бере алат.
Бир киши колунда болгон мал-мүлкүнүн бардыгын жакырларга
кайыр-садага катары берсе, зекет берүүгө милдеттүү болбойт. Эгер
мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн кайыр-садага катары тарата турган болсо,
анда тараткан бөлүгүнүн гана зекети берилбейт.

285
Зекет катары берилиши керек болгон мал-мҥлктөр
Зекет катары берилиши керек болгон мал-мүлктөр, булардын
нисап өлчөмдөрү жана ар биринен канчалык өлчөмдө зекет бериле
тургандыгы төмөндө кезеги менен көрсөтүлдү.
1) Алтындын зекети
Алтындын нисап өлчөмү – 80.18 грамм. Бул өлчөмдөн аз болгон
алтындан зекет берилбейт. Нисап өлчөмүнө жеткидей алтын болсо, ара-
дан бир жыл өткөндөн кийин кырктан бир бөлүгү зекет катары бери-
лиши керек.
Алтын уюган алтын болсо да, кооздук буюму болсо да, же идиш-
аяк катары колдонулса да бардыгы зекетке кирет.
Эгерде алтын башка метал менен аралашкан болсо, аралашманын
көпчүлүк бөлүгү да алтындан болсо, анда ал зат алтын катары эсеп-
телет. Эгерде аралашманын көпчүлүк бөлүгү башка метал болсо, анда
ал алтын катары эсептелбейт. Соода-сатык мүлкү катары саналып, нар-
кы канчалык болсо, ошого жараша зекет берилет.
2) Кҥмҥштҥн зекети
Күмүштүн нисап өлчөмү – 561 грамм. Бул өлчөмдөн аз болгон
күмүштөн зекет берилбейт.
Кооздук буюму болсо да, идиш-аяк катары колдонулса да, күмүш
нисап өлчөмүнө жетип, арадан бир жыл өткөндөн кийин зекети берили-
ши керек.
Алтында болгондой эле, күмүш да башка бир метал менен ара-
лашкан болсо жана аралашманын көбү күмүш болсо, анда бул зат кү-
мүш катары эсептелет. Аралашманын көбү башка металдан болсо, анда
ал соода-сатык мүлкү катары бааланат.
Алтын менен күмүштөн зекет берилбеши үчүн булардын оордук-
тары эске алынат. Алтындан жасалган бир буюм оордугу боюнча нисап
өлчөмүнө жетпесе, бирок наркы боюнча нисап өлчөмүнө жетсе да зекет
берилбейт. Күмүш үчүн да ушундай.
Мисалы, элүү грамм оордуктагы бир билерик кол өнөрчүлүк нар-
кы боюнча алтындын нисап өлчөмү болгон 80.18 грамм алтындын нар-
кына жетсе деле, мындан зекет берилбейт. Ошондой эле бир күмүш
буюм үч жүз грамм оордукта болгонуна карабастан кол өнөрчүлүк
наркы боюнча нисап өлчөмү болгон 561 грамм күмүштүн баасында
болсо да, мындан зекет берилбейт. Бирок башка мал-мүлк жана акчасы
болуп, булар алтын жана күмүш менен кошулуп, жалпы нарктары ни-
сап өлчөмүнө жете турган болсо, зекеттерин берүү керек.
3) Соода-сатык мал-мҥлктөрҥнҥн зекети
286
Кайсы түрдөн болсо дагы соода-сатык мал-мүлкүнүн наркы
алтын же күмүштөн бирөөнүн нисап өлчөмүнө жетсе, зекети берилүүгө
тийиш.
Соода-сатык мал-мүлкү бааланып жатканда алтын менен
күмүштүн кайсынысы жакырлардын пайдасына дагы көбүрөөк жарай
турган болсо, анын нисап өлчөмү негиз алынат.196
Алтын менен күмүштүн ар бири нисап өлчөмүнө жетпесе, булар
бири-бирине, соода-сатык буюму да алтын менен күмүшкө кошулуп,
нисап өлчөмү толукталат жана бардыгынын наркынан зекет берилет.
Ар түрдүү фирма жана ишканалар тарабынан чыгарылып, биржа-
да алынып сатылып жаткан үлүш тилкаттары соода-сатык мал-мүлкү
сыяктуу болгондуктан булардын наркынын кырктан бир бөлүгү (б.а.
%2.5) зекет берилиши керек.
Кайсы бир фирманын киреше жана чыгашаларда ортоктугун кү-
бөлүгү болгон үлүш тилкаттарынын зекети болсо ушундай: Товар алып
сатуу аркылуу соода менен алпурушкан фирманын үлүш тилкаттарына
ээ болгон киши да тилкаттардын наркынын кырктан бир бөлүгүн
(%2.5) зекет катары берет.
Фирма өнөр-жай же өндүрүүчүлүк менен иш жүргүзсө, б.а. өндү-
рүү, жүк ташуу, боѐо жана муздатуу ж.б. фирмалары сыяктуу капиталы
машина, аспап жана унаалардан турса, мындай ишканага орток болгон
киши зекетин колундагы үлүш тилкаттарынын баасы боюнча эмес, бир
жылдык пайдасынан бериши керек.
4) Акчалардын зекети
Колдогу акчалардын көлөмү соода-сатык буюму, алтын же кү-
мүштөн бирөөнүн нисап өлчөмүнө жеткенде зекет берилет.
Колдогу акча накталай нисап өлчөмүнө жетпесе жана анын ал-
тын, күмүш жана соода-сатык буюму бар болсо, алар менен чогуу эсеп-
телип, бардыгынын жалпы наркы нисап өлчөмүнө жетсе, зекеттери
берилиши керек.
5) Жан-жаныбарлардын зекети
Көбөйтүү, сүт же жүн алуу максаты менен багылган жана жарым
жылдан көбүрөөк жалаң жайыттарда багылган кой, эчки, уй, топоз, жа-
на төөлөр саны боюнча нисап өлчөмүнө жеткенде, зекеттери берилет.

196
Белгилүү өлчөмдөгү алтын менен күмүш зекет үчүн нисаб болсо да, азыркы күндө
күмүштүн баасы алтынга салыштырмалуу абдан эле төмөндөп кеткен. Ушул себептен
акча жана соода мал-мүлкү боюнча (кедей кишинин пайдасы көңүлгө алынып)
алтындын нисабы негиз алынып зекет төлөнүшү ылайыктуу болот. Бирок колунда
нисап өлчөмүндө же андан көп күмүшү болгон киши зекетин бул нисап боюнча берет.

287
а) Төөлөрдҥн зекети
Төөнүн нисап өлчөмү – беш. Бештен аз болгон төөдөн зекет
берилбейт. Төөлөрдүн саны бешөө болуп, арадан бир жыл өткөн соң
тогуз төөгө чейин көбөйсө да зекет катары бир кой берилет. Ал эми он
төө үчүн эки кой зекет катары берилет жана он төрткө чейин ушул
боюнча уланат.
Он беш төө болгондон кийин он тогуз төөгө чейин үч кой;
Жыйырмадан жыйырма төрт төөгө чейин төрт кой;
Жыйырма бештен отуз бешке чейин эки жылдык бир ургаачы
бото;
Отуз алтыдан кырк беш төөгө чейин үч жылдык бир инген;
Кырк алтыдан алтымыш төөгө чейин төрт жылдык бир инген;
Алтымыш бирден жетимиш беш төөгө чейин бир каймал;
Жетимиш алтыдан токсон төөгө чейин үч жылдык эки ургаачы
төө;
Токсон бирден жүз жыйырма төөгө чейин төрт жылдык эки инген
берилет.
Мындан соң жүз жыйырма төөдөн кийин кошулган ар бир беш
төө үчүн төрт жылдык эки төө менен бирге бирден кой кошулуп бери-
лет. Жүз кырк беш төөгө чейин ушундай созулат.
Бул сандан дагы көп болгон төөлөрдөн бериле турган зекет өл-
чөмдөрү Ислам укугу китептеринин буга байланыштуу бөлүмдөрүндө
толугу менен түшүндүрүлгөн.
Зекет катары бериле турган төөлөрдүн ургаачы болушу шарт.
б) Уйлардын зекети
Уйдун нисап өлчөмү – отуз. Отуз уйдан аз болсо зекет берилбейт.
Уйлардын саны отузга жетип, андан соң бир жыл өткөндөн кийин зекет
катары эки жылдык эркек же ургаачы бир торпок берилет.
Уйлардын саны кырк болгондо үч жылдык бир кунажын берилет
жана кырктан алтымыш уйга чейин ушул негизде уланат. Уйлардын
саны алтымыш бир болгондо эки жылдык эки кунажын берилет.
Жетимиш уй болгондо бирөө эки жылдык, бирөө үч жылдык болгон
эки кунажын; сексен уйга жеткенде үч жылдык эки кунажын; токсон уй
болгондо эки жылдык үч кунажын; жүз уйга жеткенде эки жылдык эки
кунажын жана үч жылдык бир кунажын; жүз он уй болгондо эки
жылдык бир кунажын жана үч жылдык эки кунажын берилет.
Топоздон да уйдуку сыяктуу эле зекет берилет.
в) Кой жана эчкилердин зекети
288
Кой менен эчкинин нисап өлчөмү – кырк. Кырктан аз болсо зекет
берилбейт. Кой жана эчкинин саны кыркка жетип, мындан соң бир жыл
өткөндөн кийин бир кой зекет катары берилет жана жүз жыйырмага че-
йин ушинтип улана берет. Кырк койдон баштап жүз жыйырма койго
чейин башка зекет берүү зарыл эмес.
Жүз жыйырма бирден эки жүз бир койго чейин эки кой; эки жүз
бирден төрт жүз койго чейин үч кой, төрт жүз кой үчүн төрт кой зекет
берилет. Мындан кийин ар бир жүз кой үчүн дагы бирден кой кошулат.
Эчкинин зекети да койдуку сыяктуу эле берилет. Булардын эркек
жана ургаачыларынын арасында айырма жок, б.а. зекет катары берил-
ген кой эркек да, ургаачы да болушу мүмкүн.
Кой менен эчки бир түргө киргендиктен нисап өлчөмүнүн толук-
талышы үчүн бири-бирине кошулат. Мисалы, бир кишинин жыйырма
беш кою менен он беш эчкиси болсо, булардын саны кырк болгон-
дуктан бир кой зекет берилиши керек.
Короодо кой жана эчкинин кайсынысы көбүрөөк болсо зекеттин
андан берилиши сүннөткө ылайыктуу. Бирдей болсо ээси каалаганынан
берет. Короодо жалаң кой болсо, анда зекет катары кой берилиши ке-
рек. Анын ордуна эчки зекет катары берилбейт. Короодо жалаң эчки
болсо, мунун зекети да эчки менен берилет, кой менен берилбейт.
Бир жылдык боло элек кой, же болбосо эчкилерден зекет берил-
бейт. Бирок булардын арасында бир жылдык болгон бир кой, же бир
эчки бар болсо, анда буга байланыштуу зекеттери берилет.
Музоо жана ботолор үчүн да абал ушундай. Жан-жаныбарлардан
берилген зекеттерде белгиленген жан-жаныбарлар зекет катары бери-
лет. Ошондой эле алардын акчалай наркын да берсе болот. Жан-жаны-
бар менен берилген зекетте эң арыгы же эң семизи эмес, орточо абалда
болгону берилет.
Жүк ташуу, минүү жана жер айдоо үчүн багылган жаныбарлар-
дан зекет берүүнүн кереги жок. Эттери үчүн багылган малдар менен эң
аз алты ай короолордо жем менен багылган малдардан да зекет
берилбейт.
Соодалоо үчүн багылган жан-жаныбарлардын зекети башка соо-
да-сатык мал-мүлктөрү сыяктуу акчалай наркынан берилет. Ат, качыр
жана эшек үчүн зекет берүүнүн кереги жок. Бирок соодалоо үчүн багы-
ла турган болсо, булардын да соода-сатык мал-мүлкү сыяктуу зекетте-
ри берилиши керек.
6) Дан-эгиндердин зекети

289
Жерден алынган түшүмдөн да белгилүү бир өлчөмдөрдө зекет
берилүүгө тийиш.
Абу Ханифанын көз карашы боюнча буудай, арпа, күрүч сыяктуу
дан-эгиндер менен дарбыз, коон, жашылча жана мөмө-жемиштердин
бардыгынан зекет берилет. Буларга бир өлчөм коюлбайт. Аз болсо да,
көп болсо да зекети берилиши керек. Бул түшүмдөр алынгандан кийин
бир жыл өтүшү да шарт эмес.
Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин пикири боюнча
дыйкан-чарбалык түшүмдөрдөн жана бир жылга чейин сакталган баш-
ка түшүмдөн да зекет берилет. Бирок булардын нисап өлчөмүнө жети-
ши шарт. Булардын нисап өлчөмү – 1000 кг. (Жерден алынган түшүм-
дөрдүн нисап өлчөмү боюнча Шафий, Маликий жана Ханбалий мазха-
бындагылар да ушул эле пикирде.) Миң килограммдан аз болгон тү-
шүмдөрдөн зекет берилбейт.
Ошентип жерден алынган түшүмдөр үчүн бүгүнкү күндөгү шарт-
тардан улам жумшалган чыгымдар чыгарылгандан кийин калган түшүм
нисап өлчөмүнө жетсе, табигый жолдор менен сугарылган талаадан
ондон бир бөлүгү, чыгым жана эмгек жумшоо менен сугарылган та-
лаадан жыйырмадан бир бөлүгү зекет катары берилиши керек. Нисап
өлчөмүнө жеткен бул түшүм алынгандан кийин бир жыл өтүшү шарт
эмес.
Зекет берилиши керек болгон талааларда өндүрүлгөн балдын да
зекетинин берилиши зарыл. Отун, камыш жана чөптөн башка жерден
өнүп чыккан ар бир дан азыктарынан аз болсо да, көп болсо да зекет
берилет.
7) Аласалардын зекети
Аласалар үч түргө бөлүнөт:
1) Күчтүү аласалар: Булар – карызга берилген акчалар менен
соода-сатык мал-мүлкүнүн наркы болгон аласалар. Аласалар алынган-
дан кийин өткөн жылдардын зекеттерин да берүү керек. Бул аласалар
жашыруун бир аласа болсо, алынгандан кийин өткөн жылдарга таан-
дык зекеттерин берүүнүн кереги жок. Колунда аласасын күбөлөгөн тил-
каты болгон кишинин аласасы күчтүү аласа болуп эсептелет.
2) Орто даражалуу аласа: Булар – соода-сатык үчүн болбогон,
мал-мүлк үчүн болгон аласалар. Колдонулган кийимдин наркы
сыяктуу.
Булар кардардын колуна өткөн жылдан баштап зекети берилиши
керек. Бирок булар нисап өлчөмүндө колго өтпөсө, зекет берүүнүн ке-
реги жок.

290
3) Жеңил аласалар: Булар – кандайдыр бир мал-мүлк үчүн болбо-
гон аласалар. Мурас жана керээз сыяктуу. Бул мал-мүлктөр колго өткөн
мезгилден тартып нисап өлчөмүнө жетсе жана андан бир жыл өтсө,
зекет берилүүгө тийиш.
Зекет кимдерге берилет?
Зекет бериле турган киши жана жайларга байланыштуу ыйык
Куранда мындай деп айтылган: “Зекеттер Алладан бир парз катары
жакырларга, бей-бечараларга, (зекет чогулткан) кызматкерлерге,
календерлерге, (кулчулук менен күңчүлүктөн кутулгусу келген) кул
жана күңдөргө, (карызын берүүгө мал-мулкү болбогон) карыздарларга,
Алла тааланын жолунда болгондорго, (акчасыз калган) жолоочуга
берилет. Алла билерман жана акылман.”197
Бул аят боюнча зекет бериле турган кишилер булар:
1) Жакырлар – нисап өлчөмүнөн аз мал-мүлкү болгон, диний
өлчөмдөр боюнча бай деп эсептелбеген кишилер.
2) Бей-бечаралар – таптакыр эч нерсеси болбогон кишилер. Бу-
лар – жакырлардан да бечара абалда болгондор.
3) Карыздарлар – карызынан башка жетиштүү өлчөмдө мал-
мүлкү болбогон жана карызын төлөй албай турган абалда болгон
кишилер.
4) Жолоочулар – өзүнүн жеринде мал-мүлкү болгонуна карабас-
тан жолдо акчасыз калган, колунда эч нерсеси болбогон кишилер.
Мындай кишилерге үйүнө жете ала турганчалык өлчөмдө зекет берсе
болот. Үйүнө жете ала турганчалык акчасы болсо, анда зекет берил-
бейт.
5) Алла тааланын жолундагылар – булар материалдык мүм-
күнчүлүгү жок болгондуктан согушка катыша албай калгандар, же
болбосо ажыга баруу үчүн жолго чыгып, акчасыз калгандар жана бүт-
күл ишин таштап, өзүн илимге арнаган кишилер.
Зекет бериле турган кишилердин ар бирине өз-өзүнчө же бирөөнө
эле берсе да болот.
Жакырларга зекет берип жатканда төмөнкүдөй кезек менен берүү
ылайыктуу болот:
а) Алгач жакыр болгон бир туугандар.
б) Бир туугандардын балдары.
в) Аба, эже, таяке жана таяжелер.
г) Булардын балдары.

197
Тообо сүрөсү, 60-аят.

291
д) Башка туугандар.
е) Кошуналар.
ѐ) Кесиптештер.
ж) Зекет бере турган кишинин жашаган айылындагы жана шаа-
рындагы жакырлар.
Бир киши өз жакындары муктаж болуп турганда аларды таштап,
башкаларга зекет берсе, зекет карызын төлөгөн болот, бирок соопко
калбайт.
Зекет мал-мүлк турган жердеги жакырларга берилет, башка жерге
ташылышы макүрөө болуп саналат. Бирок башка жерде жакындары
жана муктаж кишилер болсо, анда ташылышы жайыз болот. Зекет акча-
сын күнөө иштер үчүн корото турган, же болбосо ысырап кыла турган
кишилерге берүү туура эмес.
Зекет кимдерге берилбейт?
Төмөнкүдөй кишилерге зекет берилбейт:
1) Ата-эне, чоң ата жана чоң энеге.
2) Балдар жана неберелерге. Эркек жана кыз балдарга, ошондой
эле, экөөнөн тең болгон неберелерге зекет берилбейт.
3) Аял-күйөө бири-бирине. Б.а. күйөөсү аялына, аялы да күйөө-
сүнө зекет бере албайт.
4) Бай кишилерге (Нисап өлчөмүндө мал-мүлкү жана акчасы бол-
гон байларга зекет берилбейт).
Бай кишинин эрезеге жете элек кичинекей баласына зекет берил-
бейт. Бирок бай кишинин жакыр болгон чоң баласына жана жакыр бол-
гон атасына башка бир кишинин зекет бериши жайыз болуп саналат.
5) Мусулман болбогондорго зекет берилбейт. Бирок садага берсе
болот. Зекет – мусулман болгон жакырдын акысы.
6) Зекет мечит, кудук, жол жана көпүрө сыяктуу жайларга да бе-
рилбейт. Анткени зекеттин мүлк катары берилиши шарт. Башкача айт-
канда, жакыр кишинин колуна берилип, анын жеке менчигине өткөрү-
лүшү керек. Ал эми мечит жана ушул сыяктуу жайларда жеке менчикке
өткөрүү деген нерсе жок. Өлгөн кишинин кепинин жана карыздарын да
зекеттен түшкөн акча менен камсыз кылууга болбойт. Анткени бул
жерде да мүлк катары берүү жок.
Зекетке байланыштуу айрым маселелер
Мал-мүлктөн бериле турган зекет малк-мүлк катары берилет, же
болбосо алардын акчалай наркын да берүүгө болот.

292
Зекетти бир нече жакырга аз-аздан бергенден көрө бир эле жакыр
кишиге тобу менен берип, аны чарасыздыктан куткаруу артыгыраак.
Бирок бир жакырга нисап өлчөмүнө жете турганчалык даражада көп
зекет берүү макүрөө болуп саналат.
Бай болгон бир киши үйүндө киреде жашаган жакырдан кире
акысын албай, муну зекет катары эсептөө менен зекетин төлөгөн бол-
бойт. Анткени зекетте мал-мүлк жана акчанын жакырдын колуна тийи-
ши шарт. Бул жерде пайдалануу болсо да, жакырдын колуна тийген эч
нерсе жок.
Жетимге берилген тамак зекет катары эсептелбейт. Бирок ага бе-
рилген азык-түлүк жана кийим-кечектер зекет ниети менен берилсе, зе-
кет катары эсептелет. Майрамдарда жана башка күндөрдө муктаж бол-
гон кызматчылар менен балдарга, же болбосо кандайдыр бир нерсени
сүйүнчүлөп келген жакырларга берилген белектерди зекет ниети менен
берсе болот.
Бай киши бир жакырга алгач карыз берип, андан кийин муну зе-
кет катары эсептегиси келсе, карыз берген акчасы жакыр кишинин ко-
лунда болуп, али коротула элек болсо, анда берген акчасын зекет ката-
ры ниет кыла алат. Ал эми жакыр киши акчаны коротуп жиберген бол-
со, анда бул акчанын зекет катары эсептелиши туура болбойт.
Жакыр кишидеги аласасын зекет катары эсептегиси келген киши
канча аласасы болсо, ошол көлөмдөгү акчаны жакырга зекет катары бе-
рет. Жакыр киши да берилген бул акчаны карызын төлөө үчүн аласа-
лууга кайра тапшырат. Ушуну менен бай киши зекетин берген, жакыр
киши да карызынан кутулган болот.
Арам мал-мүлк үчүн зекет берүүнүн кереги жок. Арам мал-мүлк
(ээси болсо) ээсине берилиши, ээси болбосо жакырларга таратылышы
керек. Адал болгон мал-мүлккө арам мал-мүлк аралашып, муну бөлүү
мүмкүн болбосо, бардыгынын зекетин берүү керек.
Үйү болбогон бир киши үй алыш үчүн топтогон нисап өлчөмүн-
дөгү акчасынын үстүнөн бир жыл өтүп, али үй ала элек болсо, анда бул
акчанын зекетин берүүгө тийиш.
Зекет берүүдө аял киши да эркек сыяктуу эле берет. Аял киши ээ
болгон нисап өлчөмүндөгү алтын жана күмүшүнүн зекетин бериши ке-
рек. Алтын жана күмүштөн сырткаркы бермет, зумурут жана жакут
сыяктуу асыл таштардан зекет берилбейт. Бирок булар соода-сатык
үчүн болсо, зекеттерин берүү керек.
Бир киши аялынын мурунку күйөөсүнөн болгон жакыр балдары-
на зекет бере алат.
Берилген зекетти кайра алууга болбойт.

293
Бир короо койго орток болгон эки кишинин 80 кою болсо, ар би-
ринин үлүшүнө 40 койдон түшкөндүктөн экөө тең бир койдон зекет
берүүгө тийиш.
Орток болгон эки кишинин бирөө ортогунун буйругу болбой
туруп мал-мүлктүн баарынын зекетин бере турган болсо, төлөгөн зеке-
ти тек гана өз үлүшүнө түшкөн мал-мүлктүн зекети катары эсептелет
жана ортогунун акчасын төлөп бериши керек. Анткени орток кишилер
ибадатта бири-биринин өкүлү болуп саналбайт.
Эгерде ортоктордон бирөө зекет берүү боюнча экинчисин өкүл
кылып, ортогу да бардык мал-мүлктүн зекетин берсе, мына ошондо
экөөнүн тең зекети төлөнгөн болот.
Бир жакырдын карызын анын өтүнүчү боюнча бай киши бере
турган зекети менен төлөсө, зекеттин ордуна эсептелет. Анткени бул
жерде аласалуу киши карыздар болгон жакырдын өкүлү катары зекетти
алды. Карыздар болгон кишинин каалоосу болбой туруп карызы төлөн-
сө, зекеттин ордуна эсептелбейт.
Нисап өлчөмүндө мал-мүлкү жана акчасы болгон киши буларга
ээ болгондон кийин бир жыл өтө электе зекетин бере алат. Ал тургай
бир нече жылдын зекетин алдын-ала берүү да жайыз болуп саналат.
Бирок мал-мүлкү жана акчасы нисап өлчөмүнөн аз болсо, берген акча-
сы зекет ордуна саналбайт, садага болот.
Жакыр деп ойлоп зекет берилген кишинин кийинчерээк бай экен-
диги белгилүү болсо, зекет кайра алынбайт.
Бир киши сураштыруу менен жакыр экендигине чечим кылган
бир кишисине зекетин бергенден кийин ал кишинин бардар экендиги
белгилүү болсо, кайра баштан зекет беришинин кереги жок. Эгерде
сураштырбай туруп зекетин берсе, белгилүү бир мезгилден кийин бул
кишинин бардар экендиги түшүнүктүү болсо, жаңыдан зекет бериши
зарыл.
Бир киши башка бирөөдөн ала турган аласасын колундагы мал-
мүлкүнүн зекети катары эсептеп, бир жакырга берсе жана ал кишиге
муну алышын айтса, жакыр алган бул акча ал кишинин зекети катары
саналат.
Зекет карызы болгон киши зекетин бере электе өлө турган болсо,
ниет болбогондуктан анын мал-мүлкүнөн зекет алынбайт. Бирок керээз
катары айтып кетсе, анда мал-мүлкүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн зекет
төлөнөт.

294
АЖЫЛЫК
Ислам дининин беш шартынын бири – ажыга баруу. Ал хижрат-
тын тогузунчу жылында парз болгон. Ажылыктын парз болушу Куран
жана сүннөт менен бекемделген.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ُۜ ‫ا ٰل جٌِٕهّٰلل ِبحس قِب ِهّٰللُمؽ ج ْسٌر ْسح ِبص ِ ِبٓ ْسجصط حا ِبجٌ ْسح ِبٗ صرح ًن‬
‫ ِب ِهّٰلل ِب‬ٚ
“Барууга кудурети жеткендердин Каабаны зыярат этиши
(ажыга барышы) Алланын адамдардагы акыларынын бири.”198
Пайгамбарыбыз мындай деп айткан: “Ислам дининин беш негизи
бар: Алладан башка жараткан жок экендигине жана Мухаммеддин
Алла тааланын расулу экендигине күбөлүк кылуу, намаз окуу, зекет
берүү, Каабаны зыярат кылуу жана Рамазан орозосун кармоо.”199
Ажыга баруунун пайдалары
Ажыга баруу – бардык нерседен мурун Алла тааланын буйругу
жана ушул себептен орундатылууга тийиш. Муну менен бирге ажыга
баруунун көптөгөн пайдалары бар.
Ажыга баруу күнөөлөрдүн каффараты болуп саналат. Алла таала-
нын ыраазычылыгы үчүн ажылыгын өтөгөн кишинин анча-мынча кү-
нөөлөрү кечирилет. Ошондуктан пайгамбарыбыз:

‫ِ ْسٓ ق ِهّٰللؽ ِب ِهّٰلل ِب‬


‫ٌل ْسضُٗم ج ُم ِهّٰللُمُِٗم‬ٚ َ‫ ِب‬ٛ‫ ٌ ْسُ ْسف ُمض ْسك رؾ وح ْس‬ٚ ‫ا ٍ ْسُ ْسل ُم ْسع‬
“Кимде-ким Алла үчүн ажылык милдетин аткарып, ыпылас сөз-
дөрдөн жана начар жүрүм-турумдардан оолак турса, ал энесинен
туулган күнүндөгүдөй таптаза болуп, (күнөөлөрүнөн арылып, ажы-
дан) кайтат,” – деп буюрган.200
Алла тааланын расулу азирети пайгамбарыбыз туулуп өскөн,
Ислам дини дүйнөгө жайылган куттуу жерлерди көрүү – адамдын жан
дүйнөсүн байытат жана диний сезимдерин бекемдейт.
Адамдын ажылык мезгилинде кадимки кийимдерин чечип, их-
рамга кириши ага Макшар күнүн эстетет. Мындан сырткары ажылык
сапары адамды кыйынчылыктарга чыдамкайлык көрсөтүү күчүнө ээ
кылат.

198
Али Имран сүрөсү, 97-аят.
199
Бухарий, Иман, 2; Муслим, Иман, 5.
200
Бухарий, Хаж, 4.

295
Ошондой эле адамдын мал-мүлккө болгон кызыгуусун азайтып,
кедей-кембагалдарга жана бей-бечараларга карата боорукердик жана
кайрымдуулук сезимдерин күчтөндүрөт.
Ажыга баруу – дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндө жашаган мусул-
мандардын бир жылда бир жолу чогулуп, бири-бири менен таанышы-
шын, бири-биринин кайгы-капа жана кыйынчылыктарына чара табы-
шын камсыз кылат.
Өлкөлөрү, тилдери жана өңү-түстөрү бири-биринен айырмалан-
ган мусулмандардын бирдей максат менен бир жерге чогулушу жана
бирдикте Алла таалага багыт алып сыйынышы, Андан кечирим сурашы
алардын ички дүйнөсүн тазартып, Ислам боордоштугун чыңдайт.
Бай-кедей дебестен, ар кандай деңгээлдеги мусулмандардын их-
рамга кирип, бирдей кийим менен сыйынышы адамдардын көңүлүнө
туулгандан Алла тааланын алдында бирдей экендиктери пикирин
берет.
Ажыга баруу кимдерге парз?
Ары мал-мүлк, ары дене-мүчө менен аткарылган бир ибадат бол-
гон ажылык төмөндөгүдөй шарттарга ээ болгондорго парз болуп эсеп-
телет:
1) Мусулман болуу.
2) Акыл-эстүү болуу.
3) Эрезеге жеткен болуу.
4) Көз карандысыз болуу.
5) Ажыга баруунун парз экендигин билүү.
(Бул шарт мусулман эмес өлкөлөрдөгү мусулмандыкты кабыл
алган кишилер үчүн. Ислам өлкөлөрүндө жашаган мусулмандардан
мындай шарт талап кылынбайт.)
6) Негизги зарылдыктардан тышкары ажыга барып кайтканга
чейин жеке өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-тиричилигин
камсыз кыла ала турганчалык деңгээлдеги байлыкка ээ болуу.
7) Ажылык сапары үчүн өзүнө керектүү унаа жана жол чыгымда-
рына жете турганчалык акча каражаты болуу.
8) Ажылык милдетин өтөй турган мезгилге жетишүү.
Ажылыкты өтөөнҥн жеке кишилик шарттары
Жогоруда саналып кеткен шарттардан тышкары ажылык милдет-
ти өтөөнүн айрым шарттары дагы бар. Буларга ажылыкты өтөөнүн же-
ке кишилик шарттары деп айтылат жана алар төмөнкүдөй:

296
1) Ден-соолугу чың, дени сак болуу. Сокур, шал жана ажылык
саякатына чыдай албай турганчалык даражада оорукчан жана кары
болбоо.
2) Түрмөдө болуу сыяктуу ажыга барышына тоскоолдук кылган
бир себептин болбошу.
3) Жол коопсуздугунун болушу.
4) Аял кишинин жанында күйөөсүнүн, же үйлөнүшү жайыз бол-
богон бир эркек тууганынын болушу.201
Күйөөсү өлгөн, же болбосо ажырашып кеткен аялдын башынын
биротоло бош болушу.
Ажылыктын туура болушунун шарттары
1) Мусулман болуу.
2) Акыл-эстүү болуу.
3) Ихрамды чулгануу.
4) Ажылыкты белгилүү мезгилде өтөө.
5) Вакфа (Арафат тоосунда туруу), таваф (Каабаны тооп кылуу)
жана сай (Сафа менен Марванын ортосунан чуркоо) сыяктуу ибадат
бөлүмдөрүнүн ар бирин белгиленген жерлерге аткаруу.
Ажылыктын мезгили
Ажылык милдетти өтөөнүн белгилүү бир мезгили бар. Ажылык
ушул мезгилде орундалат. Ыйык Куранда мындай деп айтылган:

‫ِ ٌد‬ٍٛ‫ ٌدل ِ ْسع ُم‬ٙ‫ج ْسٌك ِهّٰللُمؽ ج ْسع ُم‬


‫حش‬
“Ажылык белгилүү айларда өтөлөт.”202
Ажылык айлары – ажылык ибадаты башталып созулган Шаввал,
Зилкаде айлары менен Зулхижжанин алгачкы он күнү. Ажылык милде-
ти бул айларда өтөлөт.

201
Ханафий мазхабында жанында күйөөсү же үйлөнүшү жайыз болбогон бир махрамы
болбогон аялдын дин боюнча сапар болуп эсептелген бир узактыкка саякатка чыгышы
жайыз эмес. Ал эми Шафий мазхабында жанында күйөөсү же махрамы болбогон аял
ишенимдүү аялдар менен бирге жолго чыгып парз болгон ажылыкты өтөй алат. Азыр-
кы күндөгү ажылык да ушул боюнча өтөлөт. Бул Шафий мазхабында парз болгон ажы-
лык жана умра үчүн ушундай. Напиле ажылык жана умра үчүн болсо жанында күйөөсү
же махрамы болбогон бир аялдын сапарга чыгышы Шафий мазхабында жайыз болуп
саналбайт.
202
Бакара сүрөсү, 197-аят.

297
Ажылыктын парздары
Ажылыктын парздары үч топко бөлүнөт. Булардын бирөө – шарт,
экөө – рукун (ичиндеги парз):
1) Ихрамды чулгануу (шарт).
2) Арафатта токтолуу.
3) Каабаны тооп кылуу.
Ихрам
Ихрам – ажылык милдетин, же болбосо умра өтөй турган киши-
нин адал болгон айрым кыймыл-аракеттерди жана жүрүш-туруштарды
белгилүү бир мөөнөт үчүн өзүнө арам кылып, атайын ак кийимди
кийиши.
Ихрамдын эки рукуну (шарты) бар:
1) Ниет – өтөгүсү келген ажылык, же умраны чын жүрөктөн бел-
гилөө. Муну ачык айтуу мустахаб болуп саналат.
2) Талбийа, б.а.:

‫ ج ْسٌ ُمّ ْسٍه‬ٚ ‫ جٌِٕهّٰلل ْسِبعّس ٌه‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ٌ ِهّٰللر ْسحه ٌ ِهّٰللر ْسحه ا عل ِبه ٌه ٌ ِهّٰللر ْسحه ِبج ِهّٰللْ ج ْسٌك ْسّل‬ٙ‫ٌ ِهّٰللر ْسحه جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫ا عل ِبه ٌه‬
“Лаббайк, Аллаахумма лаббайк, Лаббайка лаа шарика лака
лаббайк. Инналхамда ван-нимата лака вал-мулк лаа шариика
лак,” – деп айтуу.203
Ажылыкка, же умрага, же болбосо экөөнө тең ниет кылып, талби-
йа айтуу менен ихрамга кирген жана ажылыктын алгачкы парзы орун-
далган болот.
Тек гана ниет кылуу, же болбосо тек гана талбийа айтуу менен
ихрамга кирилген болбойт.204 Бир киши ихрамга кирген кезде ажылык,
же умра, же болбосо экөөнү тең өтөөгө ниет кылбаса да, баары бир
ихрамга кирген болуп эсептелет.
Кимде-ким эмнени өтөгүсү келгенин тоопко баштай электен му-
рун белгилей турган болсо, анда ушул чечими боюнча ибадатын толук-
тайт. Ажылыкты, же умраны өтөй турганын белгилебей туруп тоопко

203
Мааниси: “Алла таалам! Чакырыгыңа өз ыктыярым менен баш ийдим, буйругуңа
даярмын. Теңдешиң жана шеригиң жок. Сага багыт алдым, шүгүр сага, ырыскылар се-
ники, мал-мүлк да сеники. Теңдешиң жана шеригиң жок.”
204
Шафий, Маликий жана Ханбалий мазхабдарында болсо ихрамга кирген болуп
эсептелиш үчүн талбийа келтирүү шарт эмес, ниет гана жетиштүү.

298
баштаса, умра үчүн ихрамга кирген болуп саналат. Алгач умраны
өтөйт, андан кийин ажылык үчүн кайрадан ихрамга кирет. Ушундайча
Таматту ажылыгын өтөгөн болот.
Эгерде ажылыкты, же умраны өтөй турганын белгилебей жана
тооп кылбай туруп Арафатта токтоло турган болсо, ажылык үчүн их-
рамга кирген болуп эсептелет жана Ифрад ажылыгын орундаган болот.
Киши кайсы бир ажылык түрү үчүн ихрамга кирип, андан кийин
мунун ажылык, же умранын кайсынысы үчүн экендигин, же болбосо
экөө үчүн тең ихрамга киргенин эсинен чыгарып жиберсе, Кыран ажы-
лыгы үчүн ихрамга кирген болот.205
Ихрамды оронуунун мезгили жана орду
Ажылык, же умра өтөө үчүн сырттан келе турган кишилердин их-
рамсыз өтпөшү керек болгон жерлерге “микат” деп айтылат, бул че-
киттер төмөнкүлөр:
Зулхулайфа: Меккеге Медина тарабынан келгендердин чеги. Ази-
рети пайгамбарыбыз бул жерде ихрам кийимин кийген. Алиге чейин
бул жерге “Абары Али” деп айтылат.
Жухфа: Шам тарабынан келгендердин чеги.
Зату урк: Ирак тарабынан келгендер бул жерде ихрамга
киришет.
Карн: Нажыд тарабынан келгедердин чеги.
Йаламлам: Йемен тарабынан келгендердин чеги.
Кызыл деңиз, Сувайш тарабынан келгендер “Жухфа” чегине
жакын “Рабиг” чендеринде ихрамга киришет.
Аба жолдору менен Жиддага келе турган ажы талапкерлери бол-
со кайсы тараптан келе турган болушса, ошол тараптагы чекке келгенде
ихрамга киришет.
Харам аймагына ихрамсыз кирҥҥ
Харам аймагына байланыштуу айрым өкүм-жоболор бар. Булар-
дын бири – бул аймакка кайсы максат менен болсо да киргиси келген
кишилердин микат чегинен өтө электе ихрамга кириши. Анткени ихрам
бул касиеттүү аймакка урмат көрсөтүү үчүн убажип кылынган. Бул
тема боюнча ажылык жана умра өтөө үчүн келгендер менен башка
максаттар, мисалы соода-сатык жана зыярат үчүн келгендердин ара-

205
Ал эми Ханбалий мазхабында бул абалдагы ихрамдуу киши каалаган ажылык түрүн
белгилей алат жана ошону аткарат.

299
сында айырма жок. Ошентип Меккеге же Харам аймагына келген ки-
шилер ажылык жана умраны өтөгөндөн кийин ихрамдан чыгышат.206
Микат чектери менен Харам аймагынын ортосунда жашагандар
ажылык же умра милдеттерин өтөп, ихрамдан чыгышкандан кийин соо-
да-сатык, же болбосо башка бир иш үчүн Харам аймагынын сыртына
чыкпаса, Меккеге ихрамсыз кире алышат. Мисалы, Жиддага келген
чоочун кишилердин да микат чегинен чыкпаса, Меккеге ихрамсыз ки-
ришинде кандайдыр бир коркунуч жок.
Түздөн-түз Харам аймагына, же болбосо Меккеге баруу ниети
болбой, микат чегинин ичине кирген жерлерге, мисалы Жиддага бара
турган чоочун кишилер бул чекти ихрамсыз өтө алышат. Мындай абал-
да болгондор Харам аймагына жана Меккеге кирип чыгуу боюнча
Жиддада жашагандар сыяктуу болушат. Бир мисал берүү керек болсо,
кандайдыр бир иш үчүн Жиддага келген киши кийинчерээк Меккеге
бара турган болсо Жиддада жашаган киши сыяктуу ихрамга кириши
керек эмес. Бирок ажылык, же умра милдетин өтөгүсү келсе, турган
жеринен ихрамга кирет.
Ихрамдын убажиптери
1) Микат чегин ихрамсыз өтпөө.
2) Ихрамдын тыюуларынан сактануу.
Ихрамдын сҥннөттөрҥ
1) Тырмактарды алуу, зарыл болсо чач менен сакал-мурутту алуу,
колтуктун жүнүн тазалоо.
2) Ихрамга кирүүдөн мурун тазалык үчүн кусул даарат алуу.
Кусул даарат даараты болгондор жана этек кири келип жаткан аялдар
үчүн да сүннөт болуп саналат. Кусул даарат алуу мүмкүн болбосо, анда
даарат алуу керек. Суу болбогондуктан даарат алуу мүмкүн болбосо,
сүннөттү орундоо үчүн таяммумдун кереги жок. Анткени бул жердеги
кусул даарат менен даарат тазалык үчүн. Бирок кийинчерээк ихрам на-
мазы үчүн таяммум кылынышы керек.
3) Эркектердин изар жана рида деп аталган эки оромолго (б.а.
ихрам) оронушу.
Изар – белден ылдыйга ороло турган оромол, рида – дененин үс-
түңкү бөлүгүн жапкан оромол. Бул оромолдордун ак түстүү, жаңы жана
жуулуп тазаланган болушу – мустахаб.

206
Шафий мазхабында ажылык жана умра максатынан сырткары Харам аймагына
келген кишилердин ихрамсыз кирип чыгышы жайыз болсо да, микатта ихрамга
кирүүлөрү мустахаб.

300
4) Ихрамды чулгангандан кийин намаз окууга боло турган маал
болсо, эки ирекет ихрам намазын окуу. Намаздан кийин болсо ниет
кылынат жана талбийа айтылат.
5) Ихрамды оронуп жүргөн мөөнөт ичинде мүмкүнчүлүк тапкан
сайын бийик добуш менен талбийа айтуу.
6) Ихрамды чулгануудан мурун денеге жыпар жыттарды сүйкөө.
7) Ажылык үчүн ажылык айлары башталгандан кийин ихрамга
кирүү.
Ихрамдын тыюулары
Ихрамды чулганган кишинин (ихрамдан чыкканга чейин) кылы-
шына тыюу салынган иш-аракет жана жүрүм-турумдар булар:
1) Чач жана сакалды алдыруу, мурутту кестирүү.
2) Колтук жана дененин башка жериндеги кылдарды алуу же
жулуу.
3) Тырмактарды алуу.
4) Сулуулук үчүн чач, сакал жана мурутту майлоо, же хына сүй-
көө. Лак, помада жана жыпар жыттуу самын колдонуу.
5) Жыпар жыт себинүү.
6) Көйнөк кийүү.
7) Башты жана жүздү жабуу.
8) Кол кап, байпак же согончокко жейин жабык болгон бут ки-
йимди кийүү.
Кийим менен байланыштуу бул тыюулар эркектерге гана таан-
дык. Аялдар болсо кадимки эле кийимдерин кийишет. Ихрамды чулга-
нышканда тек гана беттерин жабышпайт.
9) Жыныстык катнашка кирүү.
10) Делебени козгой турган сөздөрдү айтуу.
11) Арам болгон нерселерди кылуу.
12) Башка кишилер менен сөз талашуу, урушуу, сөгүнүү, жаман
сөз айтуу жана начар жүрүм-турумдарды кылуу.
13) Жерде жашоочу бардык жаныбарларга ууга чыгуу, көрсөтүү,
же болбосо аңчыга жардам берүү.
Ихрамды чулганган кишиге сууда жашоочу жаныбарларды уу-
лоого болот. Муну менен бирге кой жана тоок сыяктуу үй жаныбар-
ларын союуга да тыюу салынган эмес.
Мекке шаары жана айланасындагы “Харам” деп аталган аймак-
тагы жаныбарларга ууга чыгууга, өсүмдүктөрдүн кыйылышына, же

301
жулунушуна ихрамдуу жана ихрамсыз болгон бардык кишилер үчүн
тыюу салынган.
Ихрамдуу кишинин кылышына уруксат берилген иш-аракет
жана жҥрҥм-турумдар
1) Жууну, жытсыз самын колдонуу.
2) Кол чатыр колдонуу.
3) Ихрам оромолдорун жууп тазалоо, алмаштыруу.
4) Сынып калган тырмакты жулуп таштоо.
5) Тиштерди тазалоо, көздү боѐо.
6) Дененин кайсы бир жериндеги жараны таңуу.
7) Кан алдыруу, тиш суурутуу, укол салдыруу.
8) Курал алып жүрүү, кол саат жана шакек тагынуу.
9) Кур колдонуу, ийинге баштык асуу.
10) Пальто же күрмөнү кийбестен далыга жамынуу.
11) Жүздү жана башты жаппоо шарты менен жууркан же кан-
дайдыр бир жамынчы колдонуу.
12) Балык уулоо.
13) Капыстан кол салып тиштеген ит, жылаан, чаян, чычкан жана
башка уулоого болбой туган жаныбарлар менен курт-кумурскаларды
өлтүрүү.
Ажылыктын негиздери (рукундары)
Ажылыктын эки негизи бар. Бирөө – Арафатта токтолуу
(вакфа), экинчиси – зыярат тообу.
Арафатта токтолуу (вакфа)
Вакфа бир жерде кыска мөөнөт болсо да токтолуу дегенди тү-
шүндүрөт. Ажылыктын эң маанилүү кыймылы Арафатта токтолуу
болуп саналат. Пайгамбарыбыз: “Ажылык бул – Арафатта болуу”207 –
деп айткан.
Арафатта токтолуунун жери
Арафат аймагынын “Урана өрөөнүнөн сырткаркы” бардык же-
ринде токтолууга болот.
Арафаттагы “Намира” мечитинин бир бөлүгүндө (түндүк-батыш
тарабында) да токтолууга болбойт.

207
Тирмизий, Тафсирул-Куран, 3; Абу Давуд, Манасык; Ибн Мажа, Манасык, 57.

302
Арафатта токтолуунун мезгили
Арафатта токтолуунун мезгили – Зилхижжа (мусулмандыктагы
он экинчи ай, курман айы) айынын тогузунчу күнү, б.а. Арапа күнү түш
ченден баштап айттын биринчи күнү таң агарганга чейинки мезгил. Бул
мөөнөт ичинде Арафаттын Урана өрөөнүнөн сырткаркы бардык жерин-
де (токтолууга ниет кылса да, кылбаса да, билип туруп да, билбей ту-
руп да, ойгоо да, уктап да, эси оогон абалда да, кыскасы кандай жагдай
менен болсо да) кыска убакытка эле болгон киши парз болгон вакфаны
орундаган болот. Арафатта ушул мөөнөт ичинде аз убакытка болуу
менен ал жерден жөө же унаа менен өтүүнүн арасында эч кандай айыр-
ма жок.
Арапа күнү түш ченден тартып айттын биринчи күнү таң агар-
ганга чейин Арафатта аз убакытка болсо да токтолбогон киши ажылык-
ка жетишпеген болот. Кийин кайрадан ажыга барууга тийиш. Арафатта
токтолуунун күн батканга чейин созулушу убажип болуп саналат.208
Арафатта токтолуунун сҥннөттөрҥ
1) Тарвийа күнү, б.а. Зулхижжа айынын сегизинчи күнү (Арапа-
дан бир күн мурун) Мина өрөөнүнө баруу жана ал жерде Арапа күнү
таң агарганга чейин күтүү. Күн чыккандан кийин бул жерден Арафатты
көздөй жол тартуу. Бул сүннөттү бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүк болбо-
гондуктан бардык кишилер аткара албоодо.
2) Арафаттагы Намира мечитинде бешим намазынан мурун
имамдын (жума намазында болгондой) эки кутпа окушу.
3) Андан кийин бешим жана дигер намаздарын бир азан жана эки
коомат менен түш ченде чогуу окуу. Буга жам такдим деп айтылат.
4) Түштөн кийин мүмкүн болсо кусул даарат алуу. Бул сүннөттү
аткарам деп башка кишилердин тынчын алуу туура эмес.
5) Токтолуу мезгилинде даараттуу болуу.
6) Орозо кармабоо.
7) Мүмкүн болсо Жаббал рахман (ырайым чокусу) деп аталган
дөңсөөгө жакын жерде токтолуу.
8) Арафатта болгон мезгил ичинде талбийа, такбир, тахлил, сала-
ват айтуу жана Кудайдан кечирим тилөө, Куран окуу жана намаз окуу.
9) Өзү, ата-энеси жана бардык мусулмандар үчүн дуба окуу жана
кечирим тилөө.

208
Шафий мазхабында күн батканга чейин күтүү сүннөт болуп саналат. Күн бата электе
Арафаттан кеткен киши сүннөттү гана таштаган болот, жаза курмандыгын чалышынын
кереги жок.

303
10) Вакфаны намаздан кийин дароо орундатуу. Арафатта токто-
луп жатканда отургандан көрө туруп турган дагы мартабалуу.
11) Кыбылага бурулуп токтолуу (вакфаны орундатуу).
12) Түш маалы боло электе Арафатта болуу.
Арафатта бешим жана дигер намаздарынын бирге окулушу
Арапа күнүн Арафатта бешим жана дигер намаздарын түш ченде
бирге окуу – сүннөт.
Имам Агзам Абу Ханифанын пикири боюнча бешим жана дигер
намаздарынын түш ченде бирдикте окулушу үчүн:
а) Арапа күнү ажылык үчүн ихрамга кирип Арафатта болуу;
б) Намира мечитинде имам менен бирге окуу шарт болуп
саналат.
Бул боюнча бешим жана дигер намаздарын турган чатырларында
окуган кишилер жамаат менен да, өзү жалгыз да болсо, бул намаздарды
бирдикте окуй алышпайт. Ар бир намазды өз маалында окушу керек.
Ал эми Шафий, Маликий жана Ханбалий мазхабдары менен
Ханафий мазхабынан болгон Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммед-
дин көз карашы боюнча Арапа күнүн ажылык үчүн ихрамга кирген ки-
шилердин Арафатта бешим жана дигер намаздарын Намира мечитинде,
же чатырларда, же жамаат менен, же болбосо жалгыз өзү деле окушу
сүннөт болуп саналат. Бүгүнкү күндө да бул көз караш боюнча ишке
ашырылууда.
Бул намаздар бирдикте окулуп жатканда азан чакырылат. Алгач
бешим намазынын биринчи сүннөтү окулат. Андан кийин коомат айты-
лып, бешим намазынын парзы окулат. Анан кайрадан дароо коомат ай-
тылып, дигер намазынын парзы окулат. Дигер намазы үчүн өзүнчө азан
чакырылбайт жана эки парздын ортосунда да сүннөтү окулбайт. Ушун-
дайча бешим намазынын акыркы сүннөтү менен дигер намазынын сүн-
нөтү окулбайт.
Тооп (таваф)
Кара таштын тушунан баштап, Кааба сол тарапта кала тургандай
абалда жети жолу Каабанын тегерегин айланып чыгуу дегенди түшүн-
дүрөт. Ар бир айлануу “шавт” деп айтылат. Жети шавт бир тооп болуп
эсептелет.
Тооптун тҥрлөрҥ
Ажылыкта мыйзамдуу болгон үч түрдүү тооп бар:

304
1) Келҥҥ (кудум) тообу: Меккеге келүү тообу дегенди түшүндү-
рөт. Бул тооп – сүннөт.
Ифрад же Кыран ажылыгын аткарууга ниет кылып, ихрамга кир-
ген киши Арафатта токтолуудан мурун Меккеге келери менен келүү
тообун орундатат.
Меккеликтер, Меккеге жакын жерлерден ажыга келгендер, тек
гана умра же Таматту ажылыгы үчүн келгендер, Ифрад ажылыгы үчүн
келсе да Меккеге кайрылбастан, түздөн-түз Арафатка чыккандар менен
өзгөчө абалдарынан улам келүү тообун аткарууга убакыт таба албай
Арафатка чыккан аялдардын келүү тообун аткарышынын зарылчылыгы
жок.
Келүү тообунун убактысы – Меккеге келген мезгилден баштап,
Арафатта токтолгонго чейинки мөөнөт. Арафатта токтолуунун орунда-
лышы менен келүү тообунун убактысы аяктайт.
2) Зыярат тообу: Бул – ажылыктын эки негизинин бири болгон
парз тооп. Бул тооп аткарылганга чейин ажылык толукталбайт.
Зыярат тообунун убактысы – Арафатта токтолуудан кийин Кур-
ман айттын биринчи күнүнөн баштап, өмүрдүн аягына чейинки болгон
мөөнөт.209 Бирок Имам Агзам Абу Ханифанын көз карашы боюнча
зыярат тообунун курмандык чалуу күндөрүндө, т.а. айттын үчүнчү
күнү күн батканга чейин аткарылышы – убажип. Мындан кийинкиге
калтырыла турган болсо, жаза курмандыгы талап кылынат.
Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин көз карашы боюнча
тооптун курмандык чалуу күндөрүндө аткарылышы убажип эмес,
сүннөт болуп саналат. Себепсиз түрдө кийинкиге калтырылышы
макүрөө болуп, эч кандай жазанын кереги жок.210
3) Коштошуу тообу: Сырттан келген ажы талапкерлеринин
акыркы милдети. Ажыдан кийин өлкөлөрүнө кайта турган ажылардын
Меккеден кете электен мурун коштошуу тообун аткаруулары – убажип.
Бул “Садер тообу” деп да айтылат.211
Меккеде, Меккеге жакын жерлерде (микат деп аталган чек ичин-
де) жана Харам аймагында жашагандар менен умра өтөө үчүн гана кел-
гендерге убажип эмес.

209
Шафий жана Ханбалий мазхабында Арапа күнү түн жарымынан кийин башталат.
210
Шафий жана Маликий мазхабында болсо зыярат тообунун курмандык чалуу
күндөрүндө кылынышы сүннөт болуп саналат.
211
Маликий мазхабында Меккеден кете турган ажыга коштошуу тообу убажип эмес,
мандуп болуп саналат.

305
Мындан сырткары коштошуу тообун орундай электе этек кири
келип калган жана тазалана электе Меккеден кетиши керек болгон
аялдарга коштошуу тообу парз эмес.
Коштошуу тообу зыярат тообунан кийин аткарылат. Зыярат тоо-
бунан кийин кылынган ар бир тооп коштошуу тообу болуп саналат.
Меккеден чыгып, микат чегинен өткөнгө чейин убактысы аяктабайт.
Меккеден чыкса да, микат чегинен өтө элек болгон киши Меккеге кай-
ра кайтат жана коштошуу тообун орундайт.
Эгерде микат чегинен чыгып кеткен болсо, кайра кайтышынын
кереги жок. Жаза курмандыгын чалат. Бирок микат чегинен өтүп кет-
кендиктен, жаңыдан ихрамга кирип кайтып, умра өтөгөндөн кийин
коштошуу тообун орундай турган болсо, жаза курмандыгы керек эмес.
Коштошуу тообун аткаргандан кийин куттуу Месжиди Харам ме-
читине кирип намаз окуунун жана тооп кылуунун эч кандай коркунучу
жок. Мындай учурда акыркы кылынган тооп коштошуу тообу болуп
саналат.
Тооптун туура болушунун шарттары
1) Ниет кылуу. Ниетсиз кылынган тооп туура болбойт. Бирок
тооптун түрүн (келүү, зыярат же коштошуу тообу сыяктуу) белгилөө
өтө деле зарыл эмес, тек гана тоопко ниет кылуу жетиштүү.
2) Куттуу Харам мечитинин ичинде жана Каабанын айланасында
тооп кылуу. Мечиттин сыртында айлануу тооп болуп саналбайт.
3) Айлануунун (шавттын) көпчүлүгүн, б.а. эң аз дегенде төртөөнү
аткаруу. Жети жолу толук айлануу – парз эмес, убажип. Бирок төрт
жолу айлангандан кийин аткарылбай калган ар бир айлануу жазаны
талап кылат. Сүннөт жана напиле тооптордо жаза талап кылынбайт.
4) Ажылык менен байланыштуу тооптордун ар бирин белгилен-
ген убакыттарында аткаруу.
Тооптун убажиптери
1) Даараттуу болуу. Дааратсыз тооп кылган киши Меккеде бол-
гон мөөнөт ичинде кайрадан тооп кылат. Ушуну менен кемчилигин то-
луктаган болот.
Зыярат тообун дааратсыз кылган киши айт күндөрү аны кайра
орундата турган болсо, жаза берилбейт. Эгерде зыярат тообун айт күн-
дөрүнөн башка күндөрдө кайрадан орундата турган болсо, Абу
Ханифанын айтканы боюнча жаза курмандыгын чалууга тийиш.
Ошондой эле дааратсыз кылган зыярат тообун даарат алып, кайрадан
орундатпай туруп өлкөсүнө кайта турган болсо, анда жаза курман-
дыгын чалышы керек.

306
2) Уяттуу жерлерди жабуу. Аял жана эркек үчүн намаз окуп жат-
канда жабылышы убажип болгон уяттуу жерлерди жабуу.
Парз жана убажип болгон тооптордо уяттуу болуп саналган дене-
мүчөлөрдөн бирөөнүн төрттөн бир бөлүгү же дагы көбүрөөгү ачылып
кала турган болсо, жаза курмандыгын чалуу керек. Төрттөн бир бөлүгү-
нөн аз болсо, эч нерсенин кереги жок. Ал эми башка тооптордо кайыр-
садага жетиштүү болот.
3) Тооп кылып жатканда Каабаны сол тарабына келе тургандай
калыпта айлануу.
4) Тоопко кара таштын жанынан же тушунан баштоо.
5) Хатимдин сыртынан айланып тооп кылуу. Анткени Хатим да
Каабага карайт.
6) Зыярат, умра жана коштошуу тоопторун жети жолу айланып
бүтүрүү.
7) Кечиримдүү себеби болбосо, жөө тооп кылуу. Оору-сыркоо же
карылык сыяктуу кечиримдүү себеби болуп, жөө тооп кыла албаган ки-
шилер коляскага түшүп алып тооп кылышат.
8) Тооп намазын окуу. Тооптун кайсы түрү болсо да, акырында
эки ирекет тооп намазын окуу.
Тооптун бул убажиптеринин бири себепсиз түрдө орундалбай
турган болсо, тооп туура боло берет. Бирок жаза талап кылынат. Кайра-
дан тооп кылына турган болсо, жаза талап кылынбайт.
Тооптун сҥннөттөрҥ
1) Тооп кылып жатканда, намаздагыдай эле, денеде же кийимде
намазга тоскоолдук кыла турган кир жана булганыч нерселердин бол-
бошу.
2) Тоопко баштап жатканда кара таштын жанына же тушуна
рукнул Йеман тараптан келүү.
3) Кара ташты кол менен сылоо.212
Рукнул Йеман да ушундай эле сыланат, бирок өбүүгө болбойт.
Кол тийгизип сылоо үчүн жакындоо мүмкүн болбосо, алыстан белги

212
Истилам хажарул-асвад (кара ташка) кол тийгизүү жана өбүү дегенди түшүндүрөт.
Тоопко баштап жатканда жана ар бир айланууну бүтүрүп капталына келген сайын жана
тооп намазынан кийин Кара ташка карай бурулуп, намазга тургандай калыпта такбир
жана тахлил келтирилип, колдор көтөрүлүп үстүнө коюлат жана өбүлөт. Кара ташка
башкалардын тынчын албадан жакындоо мүмкүн болбосо, алыстан Кара ташка карай
бурулуп, алакандар Каабага каратылат. Колдор кулактын капталына чейин көтөрүлөт,
“Бисмиллах Аллаху акбар” деп Кара ташка салам берилет жана оң алакан өбүлөт.

307
берүү менен сылоонун кереги жок. Бул – сүннөт эмес, мустахаб. Ал
эми башка кыймылдарда кол менен сылоо жок.
4) Ийинди ачык калтыруу. Тактап айтканда, белден жогоруга
оролгон оромолдун бир учун оң колтуктун алдынан өткөрүп, сол ийин-
дин үстүнө артып, оң ийин жана колду ачык таштоо.
Рукнул Йеман 213 жасалышы керек болгон тооптордун бардык ай-
лануусунда ийин менен колду ачык калтыруу – сүннөт. Тооп бүткөндөн
кийин ийин жабылат. Тооп намазында ийин жабылып окулат.
5) Тооптун бардык айланууларын токтолбостон катары менен ат-
каруу. Тооп кылып жатканда, маал намазы үчүн коомат келтирилсе, же
болбосо даарат бузулуп, же тоопту таштоону зарыл кылган башка бир
себеп чыга турган болсо, тооп ошол жерден токтотулат. Намаз окулган-
дан, даарат алынгандан, же кечиримдүү себеп аяктагандан кийин тооп-
тун калган бөлүгү толукталат.
6) Эркектердин мүмкүн болушунча Каабага жакындашы, ал эми
аялдардын эркектердин арасына кирбей тургандай калыпта тооп кылышы.
Тооптун сүннөттөрүнүн эч бир себеби жок эле орундатылбашы
макүрөө болуп саналат. Өзүнчө бир жаза талап кылынбайт.
Тооптун аткарылышы
Кайсы тооп кылына турган болсо, киши ошого ниет кылат жана
Рукнул Йеман тараптан кара таштын жанына же тушуна келет. Такбир
жана тахлил айтып, кара ташты өбөт, же болбосо колу менен сылайт
жана дуба окуп тоопко баштайт. Ар бир айлануунун башында кара таш
сылангандан кийин дуба кайталанат.
Жети жолу айланып чыккандан кийин орун болсо Ибрахимдин
жеринде (Каабада сакталган бир таш), орун болбосо Каабанын айлана-
сында бир жерде эки ирекет тооп намазы окулат жана акырында да бата
тиленет.
Ажылыктын убажиптери
а) Сай кылуу (барып-келүү)
Сафа жана Марва деп аталган эки дөңсөөнүн ортосунда жети жо-
лу барып келүү дегенди түшүндүрөт. Сафа менен Марва дөңсөөлөрү-
нүн ортосундагы аралыкка барып-келинген жер деген мааниде “меса”
деп айтылат.

213
Ремел – эркектердин тооптун алгачкы үч шавтында кыска кадамдар менен чуркап
жана ийиндерин силкилдетип көкүрөгүн көтөрүп ылдам басышы.

308
Сайдын туура болушунун шарттары
1) Сайдын ажылык же умра өтөө үчүн ихрамга киргенден кийин
орундалышы.
Ихрамды оронгондон мурун аткарылган сай туура болуп эсептел-
бейт. Бирок ажылык сайынын ихрам менен аткарылышы да шарт эмес.
Ихрамды чыгаргандан кийин да кылса болот.
Ажылык үчүн ихрамга кирген киши ажылык сайын Арафатта
токтолуудан мурун аткара турган болсо (мындай кылуу туура), ихрамга
кирип аткарышы керек. Арафаттан кайтып келип, зыярат тообунан ки-
йин аткара турган болсо, ихрамсыз эле аткарат. Сүннөткө туура келге-
ни да ушундай.
Ал эми умра сайынын умра тообунан кийин али сакал-мурут алы-
на электе ихрамга кирген абалда аткарылышы – убажип.
Умра тообунан кийин сайды кыла электе сакал-мурутун алган ки-
ши ихрамдан чыккан болот. Сакал-мурутту алгандан кийин ихрамсыз
кылынган сай да туура болуп эсептелет. Бирок убажип аткарылбаган-
дыктан, жаза курмандыгы талап кылынат.
2) Сайдын толугу менен кылынган тооптон кийин орундалышы.
Толугу менен кылынган тооп болсо жунуптук жана айыздык
абалдардан тазалангандан кийин аткарылган тооп болот. Тооптон
мурун аткарылган сай туура болбойт.
3) Сайды Сафа дөңсөөсүнөн баштап, Марва дөңсөөсүндө бүтүрүү.
Марвадан баштала турган болсо, ал барып-келүү эсепке алын-
байт, кайрадан аткаруу керек.
4) Ажылык сайынын ажылык айлары башталгандан кийин атка-
рылышы.
Ажылык айларынан мурун ажылык үчүн ихрамга кирүү – жайыз.
Бирок ажылык менен байланыштуу башка эрежелердин ажылык ай-
лары баштала электе аткарылышы туура эмес.
Сайдын убажиптери
1) Сайды төрт жолу барып-келүү менен жетиге толуктоо.
2) Сайды жөө басып аткаруу. Бирок кандайдыр бир кечиримдүү
себебинен улам жөө басып орундата албаган киши унаага түшүп алып
сайды аткара алат. Ушундан улам кандайдыр бир жазага кириптер
болбойт.
Сайдын сҥннөттөрҥ
1) Тооп кылгандан кийин дароо сайды аткаруу.

309
2) Сайдан мурун кара ташты кол менен сылап, Сафа дөңсөөсүнө
баруу.
3) Сайдын шавттарын токтолбостон аткаруу.
4) Сайды даарат алып аткаруу.
5) Денеде жана кийим-кечекте намазга тоскоолдук кыла турган
кирдин болбошу.
6) Ар бир барып-келүүдө Сафа жана Марва дөңсөөлөрүнүн Кааба
көрүнө турган жерлерине чейин чыгуу.
7) Ар бир барып-келүүдө Сафа жана Марвада жүзүн Кааба тарап-
ка буруп, такбир, тахлил айтуу жана дуба окуу.
8) Эркектердин Сафа жана Марва дөңсөөлөрүнүн ортосунда жа-
шыл түстөгү жарык менен жарык кылынган устундардын арасында
кыска кадамдар менен чуркап басышы (Ал эми аялдар чуркашпайт).
9) Сай кылып жатканда такбир, тахлил айтуу жана дуба окуу ме-
нен алек болуу.
Ибадаттагы бир сүннөт мүмкүнчүлүккө жараша орундалууга ти-
йиш, мүмкүнчүлүк болбосо аткаруунун кереги жок. Ар бир барып-ке-
лүүдө Сафа жана Марва дөңсөөлөрүнүн Кааба көрүнө турган жерле-
рине чейин чыгуу – сүннөт. Бирок эл абдан көп болгондуктан, бул сүн-
нөттү орундатат элем деп башка кишилердин тынчын алуу да туура
эмес жана мындай учурларда бул сүннөт аткарылбайт.
Сайдын аткарылышы
Ажы талапкери тооп кылгандан кийин кара ташты колу менен
сылап, Сафа дөңсөөсүнө чыгат.
“Алла таалам! Сенин ыраазычылыгың үчүн Сафа менен Мар-
ва арасында жети жолу ажылык (же умра) сайын аткаргым келет.
Мага муну жеңил кыл жана кабылда,” – деп ниет кылат.
Сафа дөңсөөсүндө Каабага бурулуп, такбир жана тахлил айтып,
пайгамбарыбызга салават айтат. Колдорун жогору көтөрүп дуба окуйт
жана Марваны көздөй басат. Эркектер жашыл жарыктуу устундардын
арасынан кыска кадамдар менен чуркашат.
Марвада да Каабага бурулуп, такбир, тахлил келтирилет жана
пайгамбарыбызга салават айтылат. Колдор жогору көтөрүлүп дуба оку-
лат. Ушуну менен сайдын бир шавты толукталган болот.
Ушундай эле калыпта Сафадан Марвага төрт жолу бауу, Марва-
дан Сафага үч жолу кайтуу менен жети шавт толукталган болот.

310
Ажылык үчүн да, умра үчүн да сай бир жолудан кылынат, жөн
эле аткара берүүнүн кереги жок. Ошондуктан ар бир тооптон кийин сай
кылынбайт.
Ажылык сайы зыярат тообунан кийин аткарылса жакшы болот.
Бирок зыярат тообунан кийин эл абдан көп боло тургандыктан, Ара-
фатка чыгардан мурун бир напиле тооптон кийин да аткарса болот.
Таматту ажылыгын кылгандарга келе турган болсок, алар умраны
бүтүргөндөн кийин ихрамдан чыгышат. Ал эми сай болсо ихрамга кир-
генден кийин гана аткарылат.
Таматту ажылыгын кылган киши зыярат тообунан мурун ажылык
сайын аткаргысы келсе, Тарвийа күнү же андан мурун ажылык үчүн
ихрамга киргенден кийин бир жолу напиле тообун кылат, андан кийин
ажылыктын сайын аткара алат.
б) Муздалифада токтолуу
Муздалифа – Харам чеги ичинде Арафат менен Мина өрөөнүнүн
ортосундагы бир жер.
Ажылар Арапа күнү күн баткандан кийин Арафаттан бул жерге
келишет. Бул жерде шам жана куптан намаздары куптан маалында бир-
ге окулат. Буга жам тахир деп айтылат жана убажип болуп саналат.214
Шам жана куптан намаздары Арафатта жана жолдо окулбайт.
Эгерде окула турган болсо, куптан маалы аяктай электе Муздалифага
келген соң кайрадан окулушу керек.215
Ажы талапкери Муздалифага келе электе Арафатта же жолдо
куптан маалынын өтүп кете турганынан корко турган болсо, анда шам
жана куптан намаздарын Муздалифага жете электе окуйт.
Муздалифада шам жана куптан намаздарын бирдикте окуш үчүн
ажы талапкеринин ихрамга кирген абалда болушу, Арападан айт күнү-
нө караган түнү Муздалифада болушу жана куптан маалынын баштал-
ган болушу – шарт.
Шам жана куптан намаздары бирдикте окулуп жатканда эки парз-
дын ортосунда сүннөт окулбайт. Ошондуктан шам намазынын сүннөтү
менен куптан намазынын сүннөтү окулбайт.
Эки намаз тең бир азан жана коомат менен окулат. Куптан нама-
зы үчүн өзүнчө азан жана кооматтын кереги жок.

214
Шафий мазхабында Муздалифада шам жана куптан намаздарын куптан намазынын
убактында бирге окуу сүннөт болуп саналат.
215
Имам Абу Юсуфтуп көз карашы боюнча Арафатта же жолдо шам намазын окуу –
макүрөө. Бирок окулган болсо анда кайра окуунун кереги жок.

311
Куптан намазынын парзынан кийин эки ирекет сүннөт менен би-
тир намазы окулат.
Муздалифада токтолуунун шарттары
Муздалифа аймагынын (Мухассыр өрөөнүнөн сырткаркы) бар-
дык жеринде токтолууга болот. Ал эми Кезах тоосунун үстүндөгү
Машарул-харам деп аталган дөңсөөгө жакын жерде токтолуу – сүннөт.
Мухассир – Муздалифа менен Мина өрөөнүнүн ортосундагы бир
өрөөн жана бул жерде токтолуу туура эмес.
Муздалифа токтолуусунун туура болушу үчүн ихрамга кирген
болуу, Арафатта токтолууну ишке ашыруу жана Курман айттын
биринчи күнү таң агаргандан баштап күн чыкканга чейинки мезгил
ичинде ишке ашырылган болушу – шарт.216
Түндү Муздалифада өткөрүү сүннөт болуп саналат. Айттын би-
ринчи күнү шайтанды таш бараңга алуу үчүн таштардын бул жерден
чогултулушу – мустахаб. Ажылар Муздалифада токтолгондон кийин
күн чыга электе Мина өрөөнүн көздөй жолго чыгышат. Бул мезгил
ичинде ал жерде кыска мөөнөт (ойгоо да, уктап да, эси оогон абалда да)
болгондор токтолууну ишке ашырышкан болушат.
Муздалифада токтолуунун сҥннөттөрҥ
1) Муздалифада түнөө.
2) Маалы келери менен багымдат намазын окуу.
3) Багымдат намазынан кийин талбийа, такбир, тахлил айтуу жа-
на дуба окуп, Алла тааладан кечирим тилөө менен алек болуп, айлана
жакшылап жарык болгонго чейин токтоо мезгилин создуктуруу.
4) Мүмкүн болсо Машарул-харам дөңсөөсүнө жакын жерге ток-
толуу.
5) Жерге жакшылап жарык киргенден кийин күн чыга электе
Мина өрөөнүн көздөй жолго чыгуу.

216
Ханафий мазхабынан башка мазхабдарда Муздалифада вакфанын убактысы – Арапа
күнүнөн айт күнүнө караган түн. Мындайча:
а) Маликий мазхабында күн баткандан баштап таң агарганга чейинки убакытта Музда-
лифада кылына турган вакфа жетиштүү.
б) Шафий жана Ханафий мазхабдарында болсо түн жарымынан башталат. Түн жары-
мынан кийин кыска мөөнөткө да болсо ал жерде калгандар, ал тургай ал жерден өткөн-
дөр да вакфа кылган болуп саналышат.
Муздалифада вакфаны таштаган киши жаза курмандыгын чалат. Бирок оору же дене-
синин алсыздыгы сыяктуу бир себеп менен вакфаны аткара албай калса, анда эч нер-
сенин кереги жок. Эл көп болгондуктан вакфаны орундай албаган аялдарга да жаза
зарыл эмес.

312
в) Шайтанды таш бараңга алуу
Шайтанды таш бараңга алуу – айт күндөрүндө Мина өрөө-
нүндөгү Кичи жамра (кичи шайтан), Орто жамра (орто шайтан)
жана Акаба жамрасы (чоң шайтан) деп аталган таш үймөктөрүнө ки-
чинекей таштарды ыргытуу. Бул ажылыктын убажиптеринин бири бо-
луп саналат.
Таш ыргытуунун мезгили
Айттын төрт күнүндө тең таш ыргытыла берет.
Айттын биринчи күнү тек гана Чоң шайтанга таш ыргытылат.
Мунун убактысы – айттын биринчи күнү таң агара баштагандан тартып
айттын экинчи күнү ошол эле убакытка чейинки болгон мөөнөт.217
Айттын экинчи жана үчүнчү күндөрү үч шайтанга да таш ыр-
гытылат. Айттын экинчи жана үчүнчү күндөрү таш ыргытуунун убак-
тысы – күн так төбөгө келгенден тартып, эртеси күнү таң агара баш-
таганга чейинки болгон мөөнөт. Чак түштөн мурун ыргытылышы болсо
жайыз эмес.218 Айттын төртүнчү күнү күндүн батышы менен таш ыр-
гытуунун убактысы аяктайт.
Шайтанды таш бараңга алуунун туура болушунун шарттары
1) Таштарды шайтандарга кол менен ыргытуу.
Таштарды жаа менен атуу, же бут менен ыргытуу туура эмес,
ошондой эле, кол менен алып барып коюу да жайыз болбойт.
2) Ыргытылган нерселердин топурак түрүнөн болушу.
Жыгач, темир сыяктуу нерселерди ыргытуу жайыз эмес.219
3) Таштардын бардыгын бир чогуусу менен эмес, өз-өзүнчө
ыргытуу. Бардыгы бир ыргытылса, бир гана таш ыргытылган болуп
саналат.
Таштарды үймөктөрдүн үстүнө же жакынына түшүрүү.
4) Таш үймөктөрүнөн алыс түшкөн таштар ыргытылган болуп
саналбайт. Алардын ордуна жаңыдан таш ыргытылышы керек.
5) Таштардын ыргытылган жерге таш ыргыткан кишинин
аракетинин натыйжасында түшкөн болушу.
Ыргытылган таш бир жерге түшкөндөн же тийгенден кийин бул
жердин таасири болбостон, өзүнөн өзү ыргытылган жерге жетсе туура

217
Шафий жана Ханбалий мазхабдарында болсо түн жарымынан башталат.
218
Абу Ханифа майрамдын 2 жана 3-күндөрүндө таштарды түштөн мурун да ыргытууга
боло турганын айтып кетсе да, таштардын түштөн кийин ыргытылышы көп айтылат.
219
Башка мазхабдарда таштан башка бир нерсенин ыргытылышы жайыз эмес.

313
болот. Бирок бирөөнүн ийнине же башына түшкөндөн кийин бул киши-
нин кыймылы натыйжасында түшсө, ыргытылган жерге жетсе да туура
болбойт. Кайра баштан ыргытылышы керек.
6) Кудурети жеткен кишинин таштарды жеке өзүнүн ыргытышы.
Бирок таштарды ыргыта албай турганчалык даражада оорукчан
болгон кишилер башкаларды өзүнө өкүл дайындашып, таштарын ыр-
гыттырышат.
7) Таштарды белгилүү бир мөөнөт ичинде ыргытуу.
Шайтанды таш бараңга алуунун сҥннөттөрҥ
1) Таштарды шайтанга жакындап, 3,5 метр алыстыктан ыргытуу.
2) Жети ташты удаа-удаа ыргытуу.
3) Ар бир ташты ыргытып жатканда, “Бисмиллаахи Аллааху ак-
бар” деп айтуу.
4) Айттын экинчи жана үчүнчү күндөрүндө алгач Кичи, анан
Орто, андан кийин Акаба жамраларына кезеги менен таш ыргытуу.
5) Ыргытылган таштар нокоттон чоң, фундуктан кичине болушу
керек.
Шайтанды таш бараңга алуунун макҥрөөлөрҥ
1) Чоңураак бир таштын өзүн, же болбосо аны сындыруу менен
бир нече таш кылып ыргытуу.
2) Шайтандарга ыргытылган жерде чогулган таштардан алып
ыргытуу.
3) Бир шайтанга ошол эле күнү жетиден ашык таш ыргытуу.
4) Таза эмес (ыплас нерселер жугуп калган) таштарды ыргытуу.
5) Шайтандардын арасындагы кезекке моюн сунбоо.
Ыргытыла турган таштардын саны
Айттын биринчи күнү тек гана Акаба жамрасына (Чоң шайтанга)
7 таш ыргытылат. Айттын экинчи жана үчүнчү күндөрү болсо үч шай-
тандын ар бирине жетиден, жалпысынан 21 таш ыргытылат.
Шайтанды таш бараңга алуу
Ыргытыла турган таштар Муздалифада чогултулат жана тазала-
нып жуулат.220

220
Таштарды сөзсүз Муздалифада чогултуу керек эмес. Муздалифада да чогултса бо-
лот, ошондой эле Минага бара жатканда жолдон, Минадан жана башка бир жерден да
алса болот. Ал эми шайтандардын жанында чогулуп калган таштарды алып ыргытуу
макүрөө болуп саналат.

314
Ажылар айт күнү эртең менен Мина өрөөнүнө келишип, Акаба
жамрасына барышат. Мина өрөөнү оң тарапта жана Мекке сол тарапта
кала тургандай калыпта шайтанга жакшылап жакындашат жана токто-
шот. Андан кийин шайтанга жети таш ыргытышат. Ар бир ташты:

ٗ‫ قِب ْسزذِب ِب‬ٚ ‫ا ج ْسو ُم ر ْس ًنّح ٌِبٍغِهّٰلل ْسح حِْب‬ ‫ذِب ْسضُِب ِهّٰلل ِب‬
‫جا ج ِهّٰلل ُم‬
“Бисмиллаахи Аллааху акбар, рагман лиш-шайтаании ва
хизбихии” деп айтышып ыргытышат жана ал жерден дароо кетишет.
Алгачкы таштын ыргытылышы менен талбийа келтирүү токто-
тулат жана мындан кийин талбийа келтирилбейт.
Ыргытылган таш ордуна жетпесе, же алыска түшүп калса, ордуна
башкасы ыргытылат.
Айттын экинчи жана үчүнчү күндөрү чак түштөн кийин кезеги
менен Кичи шайтан, анан Орто шайтан, андан кийин Чоң шайтандын ар
бирине жогорудагыдай эле жетиден таш ыргытылат. Кичи жана Орто
шайтандарга таш ыргытылгандан кийин башкаларга тоскоол болбой
турган жерде токтолот жана дуба окулат. Бирок Чоң шайтанга таштар
ыргытылгандан кийин ал жерде турууга болбойт, дароо алыстоо керек.
Эгерде ажылар Мина өрөөнүндө айттын төртүнчү күнү да кала
турган болушса, жогорудагыдай эле үч шайтандын ар бирине жетиден,
жалпысынан 21 таш дагы ыргытышат.
Шайтанды таш бараңга алууну кечиктирҥҥ
Жогоруда түшүндүрүлүп кеткендей, шайтанды таш бараңга алуу
– убажип. Таш бараңга алууну айттын 4 күнүндө тең ишке ашырса бо-
лот. Убагында ыргытылбай калган таштар таш бараңга алуу мөөнөтү
ичинде каза кылынат (ыргытылат). Айттын төртүнчү күнү күндүн ба-
тышы менен таш бараңга алуу убактысы аяктайт. Мындан кийин таш
ыргытылбайт.
Таштар убагында ыргытылбай турган болсо, жаза курмандыгы
чалынат. Убагында ыргытылбаган таштар ыргытуу мөөнөтү ичинде ка-
за кылынса да, баары бир жаза курмандыгы зарыл.221

221
Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин айтканы боюнча убагында ыргытыл-
баган таштар, таш бараң мөөнөтү аяктай электе каза кылынса жазанын кереги жок.
Шафий жана Ханбалий мазхабында болсо убагында ыргытылбаган таштар айттын 4-
күнү күн бата электе ыргытылса орундалган болот жана жазанын кереги жок.

315
Шайтанды таш бараңга алууда өкҥлдҥк
Таштарды жеке өзү ыргыта албай турганчалык даражада оорулуу,
кары жана майып болгон кишилер ылайыктуу кишилерди өкүл дайын-
дап, таштарын ыргыттырышат.
Эл абдан көп болуп, кары кишилер менен аялдардын таш ыргы-
тышы мүмкүн болбосо, түнкүсүн ыргытышат. Таштарын түнкүсүн ыр-
гытууга алы жеткендердин өздөрүнө өкүл дайындашы жайыз болбойт.
Анткени өкүлдүк алсыздарга гана тиешелүү. Таш ыргытуу мөөнөтү
ичинде кайсы бир мезгилде ыргытууга күчү жеткен киши өкүл дайын-
дай албайт. Өкүл болгондор алгач өздөрүнүн таштарын, андан кийин
өкүл болгон кишилеринин таштарын ыргытышат.
Артып калган таштар ташка зарыл болгондорго берилет, же бол-
босо ылайыктуу бир жерге ташталат. Ашыкча болгон таштардын шай-
тандарга ыргытылышы – макүрөө.
Мина өрөөнҥндө тҥнөө
Айт күндөрүндө Мина өрөөнүндө түнөө сүннөт болуп саналат.222
Чачты алдыруу же кыскартуу
Чачты алдыруу же кыскартуу да – ажылык жана умранын уба-
жиптеринин бири.223
Аялдар чачын алдырбайт, ихрамдан чыгуу үчүн тек гана чачы-
нын учтарынан азыраак кесип коюшат.
Дааратта масх тартуу сыяктуу эле, эркектер чачынын төрттөн бир
бөлүгүн алдырышат, же болбосо чачынын учтарынан кестиришип
кыскартышат.224
Ал эми чачтын бардыгын алдыруу, же чачтын бардыгынын кыс-
картылышы – сүннөт.
Чачты алдыруунун мезгили жана орду
Ажыга барганда чачты алдыруунун, же кыскартуунун мезгили –
курмандык чалуу күндөрү. Ал эми орду – Харам аймагы.
Айт күндөрү аяктагандан кийин жана Харам аймагынан сырткар-
кы жерлерде чач алдыруу менен ихрамдан чыккан болот жана жаза

222
Шафий мазхабында айт күндөрү Минада түнөө убажип болуп эсептелет. Түнөбөсө
жаза курмандыгы чалынууга тийиш. Бирок оорулуу, же оорулуунун жакыны болгон
кишилер Минада түнөбөй турган болушса эч нерсе кылуунун кереги жок.
223
Шафий мазхабында чачты алдыруу же кыскартуу убажип эмес, парз болуп саналат.
224
Шафий мазхабында чачтан эң аз дегенде үч кыл кесилиши же кыскартылышы
жетиштүү.

316
талап кылынат.225 Бирок чач алдырылбаса, ихрамдан чыккан болуп
эсептелбейт.
Чач алдыруу менен ажылыктын башка эрежелеринин
арасындагы кезек
Айттын биринчи күнү Муздалифадан Мина өрөөнүнө келгенде,
кезеги менен Акаба жамрасына 7 таш ыргытылат. Кыран жана Таматту
ажылыгы үчүн ниет кылгандар курмандык чалышат жана чачтарын
алдырып ихрамдан чыгышат. Андан кийин Меккеге барышып, зыярат
тообун аткарышат.
Мина өрөөнүндө алгач шайтанды таш бараңга алуу, андан кийин
курмандык чалуу, анан чач алдырып ихрамдан чыгуу милдеттеринин
ушундай кезек менен аткарылышы убажип болуп саналат. Бул кезек
бузула турган болсо, жаза курмандыгын чалуу керек.226
Бирок зыярат тообунда кезекке моюн сунуу – убажип эмес, сүн-
нөт. Тооптун жогорудагы эрежелерден мурун же ортосунда кылынышы
макүрөө болсо да туура жана кандайдыр бир жазанын да кереги жок.
Чачты алдыруу же кыскартуунун мааниси
Чачты алдыруу же кыскартуу менен ажыга баргандар ихрамдан
чыгат жана жыныстык катнаштан тышкаркы башка тыюулар жоюлган
болот. Жыныстык катнашка тыюу салуу болсо, зыярат тообу аткарыл-
ганга чейин уланат. Зыярат тообунун орундалышы менен бу да аяктайт.
Ажылыктын сҥннөттөрҥ
1) Келҥҥ тообу
Бул тооп Ифрад же Кыран ажылыгын өтөө үчүн сырттан келген
ажы талапкерлерине сүннөт болуп саналат. Меккеге келгенде, дароо
орундатылат.

225
Ажылык үчүн ихрамга кирген киши маалынан мурун айттын биринчи күнү таң агара
электе чачын алдырса, ихрамдан чыккан болбойт, ихрам күнөөсүн кылган болот. Имам
Абу Юсуф менен Имам Мухаммед, Имам Шафии жана Ахмед ибн Ханбалдын айткан-
дары боюнча, чачты алдыруу же кыскартуунун курмандык чалуу күндөрүндө болушу –
убажип эмес, сүннөт. Кийинкиге калтырылса жаза талап кылынбайт, сүннөт орундалба-
ган болот.
Имам Абу Юсуф жана Зуфардын айткандары боюнча чачты алдыруу же кыскартуунун
харам чегинин ичинде болушу убажип эмес, сүннөт. Харам чегинен сырткаркы жерлер-
де чачты алдыруу же кыскартууга жаза талап кылынбайт, тек гана сүннөт орундалбаган
болот.
226
Имам Абу Юсуф, Имам Мухаммед айткандары боюнча, о.э. Шафий, Маликий жана
Ханбалий мазхабында болсо, бул кезек убажип эмес, сүннөт. Буга моюн сунулбаса жаза
талап кылынбайт, тек гана сүннөт орундалбаган болот.

317
Келүү тообу да зыярат тообу сыяктуу аткарылат. Бирок ажылык-
тын сай милдети бул тооптон кийин аткарылбай турган болсо, эркек-
тердин ихрамды ийинди ачык калтырып оронуунун жана алгачкы үч
айланууда кыска кадам жасап чуркашынын кереги жок.
2) Арапа кҥнҥ Мина өрөөнҥндө тҥнөө
Зулхижжа (Курман) айынын сегизинчи күнү (б.а. Тарвийа күнү)
күн чыккандан кийин Меккеден Мина өрөөнүнө келүү. Бул жерде бе-
шим, дигер, шам, куптан намаздарын окуу жана түндү бул жерде өткө-
рүп, Арапа күнү багымдат намазын окугандан кийин күн чыкканда
Арафаттан жолго чыгуу.
3) Айттын алгачкы тҥнҥн Муздалифада өткөрҥҥ
Арафаттан Муздалифага келгенде, айттын алгачкы түнүн бул
жерде өткөрүү – сүннөт.227 Айт күнү эртең менен таң агара баштагандан
кийин токтолуу убажип болуп саналат.
4) Айт кҥндөрҥндө Мина өрөөнҥндө болуу
Курмандык чалуу күндөрүндө Мина өрөөнүндө болуу жана ал
жерде түнөө – сүннөт.228
Умра деген эмне? Кандайча өтөлөт?
Умра – өзүнүн жол-жобосуна жараша ихрамга кирип, тооп кылып
жана сай милдетин аткаргандан кийин чач менен сакал-мурутту алды-
рып, ихрамдан чыгуу. Адамдын өмүрүндө бир жолу умра өтөшү –
сүннөт.229
Умра үчүн белгилүү бир мезгил жок. Дайыма өтөлө берет. Бирок
Арапа жана анын аркасынан келген Курман айт күндөрү умра өтөө –
макүрөө. Анткени бул беш күн ажылык күнү болуп эсептелет. Бир
жылда бирден ашык умра өтөөнүн эч кандай коркунучу жок.230
Умра ҥчҥн ихрамга кирҥҥ жерлери
Меккеге микат чегинин сыртынан келгендер жолдогу микат чек-
теринен же тушунан ихрамга киришет.
Меккеликтер менен микат чектеринин ичинде жашагандар Харам
аймагына кире электе, Хилл аймагында ихрамга киришет.

227
Шафий мазхабында Муздалифада түнөө – убажип.
228
Башка мазхабдарда курмандык чалуу күндөрүндө Минада түнөө – убажип.
229
Шафий жана Ханбалий мазхабында болсо парз болуп саналат.
230
Маликий мазхабында бир жылда бирден көп умра өтөө макүрөө болуп саналат.

318
Умранын өтөлҥшҥ
Умра өтөгүсү келген киши микатта же Хилл аймагында ихрамга
кирүү үчүн ихрам намазын окуйт. Намаздан кийин “Алла таалам! Ум-
ра өтөгүм келет, аны мага жеңил кыл жана менден деп кабылда” –
деп ниет кылат, абдан кийин талбийа келтирет.
Ал эми Каабага келгенде: “Алла таалам! Сенин ыраазычылы-
гың үчүн умранын тообун кылгым келет. Аны мага жеңил кыл жа-
на кабылда,” – деп ниет кылып, умранын тообун кылат.
Топ намазын окугандан кийин Сафа дөңсөөсүнө барып: “Алла
таалам! Сенин ыраазычылыгың үчүн Сафа жана Марва дөңсөөлөрү-
нүн ортосунда умра үчүн сайды аткаргым келет. Аны мага жеңил
кыл жана кабылда,” – деп ниет кылат жана андан соң умранын сайын
аткарат. Мындан кийин чачтарын алдырып, же кыскартып, ихрамдан
чыгат.
Ажылыктын өтөлҥшҥ
Ажылык өтөлүшү боюнча Ифрад, Таматту жана Кыран болуп үч
түргө бөлүнөт. Меккеликтер менен Харам аймагында жана микат чек-
теринин ичинде жашагандар тек гана Ифрад ажылыгын өтөшөт, Тамат-
ту же Кыран ажылыгын өтөй алышпайт.
Ажылык айларынан мурун башка өлкөлөрдөн Меккеге келип,
умра өтөгөн ажы талапкерлери да булар сыяктуу эле Ифрад ажылыгын
өтөшөт. Таматту же Кыран ажылыгын өтөй алышпайт. Булар Меккеде
жашаган мезгил ичинде башка умра өтөй алышпайт. Зулхижжанин се-
гизинчи (Тарвийа) күнү ажылык үчүн ихрамга киришет жана Ифрад
ажылыгын өтөшөт. Эгерде булар ажы айлары башталгандан кийин
умра өтөй турган болушса, Таматту ажылыгын өтөгөн болушпайт. Бул
жаңылыш иш-аракеттеринен улам жаза курмандыгын чалышат.
Ифрад ажылыгы
Тек гана ажылык үчүн ихрамга кирип, умрасыз өтөлгөн ажылык
болуп саналат. Төмөнкүдөй өтөлөт:
* Ихрамга кирүүдөн мурун өсүп кеткен тырмактар алынат.
* Колтуктагы жана чаттагы кылдар тазаланат.
* Чач жана сакал-мурут алынат.
* Кусул даарат жана даарат алынат. Кусул даарат дагы жакшы.
* Бар болсо, жыпар жыт себилет.
* Эркектер бардык кийимдерин чечишип, жаңы же жуулган изар
жана рида деп аталган эки ихрамга (оромолго) киришет. Баштары жы-
лаңбаш жана буттары жылаңайлак болот. Бирок согончоктору жана үс-

319
тү ачык бут кийим кийсе болот. Белдерине кур курчанып, ийиндерине
баштык арта алышат. Кол чатыр колдонуу жана көлөкөлөнүү – жайыз.
Ал эми аялдар кадимки эле көйнөк жана кийим-кечектери менен
ихрамга киришет. Алардын жабык бут кийим, байпак жана кол кап ки-
йишинде эч кандай коркунуч жок. Бир гана жүздөрүн ачык кармашат.
Намаз окууга тоскоолдук кылбаган маал болсо эки ирекет ихрам
намазын окушат. (Эки ирекетте Фатихадан кийин Кафирун, экинчи
ирекетте болсо Ихлас сүрөсүн окушса жакшы болот.)
Намаздан кийин: “Алла таалам! Ажылык милдетимди өтөгүм
келет. Аны мага жеңил кыл жана менден деп кабылда,” – деп ниет
кылынат. Андан кийин:

‫ ج ْسٌ ُمّ ْسٍه‬ٚ ‫ جٌِٕهّٰلل ْسِبعّس ٌه‬ٚ ‫ ِهّٰللُ ٌ ِهّٰللر ْسحه ٌ ِهّٰللر ْسحه ا عل ِبه ٌه ٌ ِهّٰللر ْسحه ِبج ِهّٰللْ ج ْسٌك ْسّل‬ٙ‫ٌ ِهّٰللر ْسحه جٌ ِهّٰللٍ ُم‬
‫ا عل ِبه ٌه‬
– деп үн бийик чыгарылып талбийа айтылат. Аялдар болсо үндөрүн
бийик чыгарышпайт.
Мына ушундайча ажы талапкерлери ихрамга киришет жана их-
рам тыюулары башталган болот. Мындан кийин тигилген жана токул-
ган кийимдерди кийишпейт, баштары менен жүздөрүн жабышпайт.
Чачы менен сакал-муруттарын алдырышпайт, денелеринен такыр кыл
жулушпайт. Тырмактарын алышпайт, жыпар жыт себинишпейт. Харам
аймагынын өсүмдүктөрүн жулушпайт. Башка кишилер менен талашып-
тартышышпайт, жаман жана адамдын көңүлүн калтыра турган сөз-
дөрдү сүйлөшпөйт. Жанындагы жолдошу же жубайы менен жыныстык
катнашка киришпейт, жыныстык катнашка алып барган кыймыл-ара-
кеттерден алыс турушат.
Ихрамды чулганып жүргөн мөөнөт ичинде туруп жүргөндө, отур-
ганда, жатканда, басып жүргөндө, кандайдыр бир унаанын үстүндө
жүргөндө талбийа айтууну улантышат.
Ажы талапкери Меккеде жашай турган жерине келип жайгаш-
кандан кийин Каабага барат. Каалгада талбийа айтууну токтотуп, так-
бир, тахлил келтирип жана салават айтып, ак ниет жана терең урмат
менен ичкериге кирет. Кааба көрүнгөндө үч жолу такбир жана тахлил
айтып дуба окуйт.
Масжиди Харамда парз намазы окулбаса, дароо тооп кыла баш-
ташат. Буга (кудум) келүү тообу деп айтылат. Мындайча ниет кылы-
нат: “Алла таалам! Сенин ыраазычылыгың үчүн келүү тообу катары

320
Каабаны жети жолу айланып тооп кылгым келет, муну мага жеңил
кыл жана менден деп кабылда.”
Тооптон кийин мүмкүн болсо Каабадагы кара таштын жанында,
же болбосо Каабанын ылайыктуу бир жеринде эки ирекет тооп нама-
зын окушат жана бата тилешет.
Ажылыктын сай милдети тооптон кийин орундатыла турган
болсо, тоопто ихрам оромолу ийинден түшүрүлүп оролот жана эркек-
тер жүгүрүп тооп кылышат. Тооптон кийин ажылыктын сай милдетин
орундатуу үчүн Сафа дөңсөөсүнө барышат. Сафа жана Марва дөңсөө-
лөрүнүн ортосунда өзүнүн жол-жобосу боюнча жети жолу жүгүрүшөт.
Жүгүрүүгө Сафа дөңсөөсүнөн башташып, Марва дөңсөөсүндө бүтүрү-
шөт. Мындан кийин ихрамдан чыкпастан Меккеде жашай башташат.
Тарвийа (Арападан бир күн мурун) күнү болгондо, Меккеден чы-
гышып, Мина өрөөнүнө же Арафатка жолго чыгышат. Алгач Мина
өрөөнүнө барышса, бешим, дигер, шам жана куптан намаздарын ал
жерде окушат жана Арапа күнү багымдат намазын окушкандан кийин
Арафатты көздөй сапар тартышат.
Арапа күнү Намира мечитинде же чатырларда түш ченде бешим
жана дигер намаздары бирге окулат. Ажы талапкерлери намаздардан
кийин мүмкүнчүлүк болсо Рахман тоосуна жакын жерде, мүмкүнчүлүк
болбосо чатырларда токтолушат.
Күнү бою талбийа, такбир, тахлил айтуу жана теспе тартуу, Ку-
ран окуу, дуба окуу, тообо кылуу жана кечирим тилөө сыяктуу ибадат-
тар кылынат. Күн баткандан кийин шам намазын окушпастан, Муз-
далифага карай сапар тартышат. Машарул-харам деп аталган жерге жа-
кын калганда токтошот. Шам жана куптан намаздарын куптан маалын-
да бирге окушат. Ажы талапкерлери айт түнүн бул жерде өткөрүшөт.
Ылайыктуу убакытта шайтанды таш бараңга алуу үчүн колдонула
турган таштарды чогултушат жана жууп тазалашып баштыктарына
салышат.
Убакыт келгенде багымдат намазы эрте окулат. Намаздан кийин
бираз токтолуп турушат. Бул мезгилде да дуба окуп, кечирим тилешет.
Айланага жакшылап жарык киргенден кийин күн чыга электе Мина
өрөөнүн көздөй сапар тартышат. Мина өрөөнүнө келишкенден кийин
Чоң шайтанга (Акаба жамрасына) барышат жана 7 таш ыргытышат.
Андан кийин чачтарын алдырышат, же кыскартышат. Ушуну менен
ихрамдан чыккан болуп саналышат. Мындан кийин Меккеге барышып,
парз болгон зыярат тообун кылышат.
Зыярат тообунун айттын биринчи күнү орундалышы абдан жак-
шы болот. Ал күнү кылынбаса, экинчи же үчүнчү күнү кылына берет.

321
Себепсиз түрдө үчүнчү күнү күн баткандан кийинкиге калтырыла тур-
ган болсо, жаза курмандыгы талап кылынат.231
Зыярат тообунан кийин кайрадан Мина өрөөнүнө келишет. Шай-
танды таш бараңга алуу күндөрүндө Мина өрөөнүндө түнөө – сүннөт.
Айттын экинчи күнү түштөн кийин кезеги менен Кичи, Орто жа-
на Чоң шайтандарга жетиден таш ыргытылат. Кичи жана Орто шайтан-
дарга таш ыргытышкандан кийин бир бурчта кыбылага бурулушуп ду-
ба окушат. Ал эми Чоң шайтанга таш ыргыткандан кийин ал жерде ту-
рууга болбойт, дароо ал жерден кетүү керек. Айттын үчүнчү күнү да
экинчи күндөгүдөй эле түштөн кийин Кичи, Орто жана Чоң шайтандар-
га жетиден таш ыргытылат.
Ажы талапкерлери Меккеге кайтуу үчүн шаша турган болушса,
таштар ыргытылгандан кийин күн бата электе Мина өрөөнүндөн кетип
калуу сүннөт болуп саналат. Ал эми күн баткандан кийин кетүү – макү-
рөө.
Айттын төртүнчү күнү эртең менен таң ата электен мурун Мина
өрөөнүнөн кете элек болгон ажылар ал күнү да ар бир шайтанга жети-
ден таш ыргытышат. Төртүнчү күнү таштардын түштөн мурун ыргыты-
лышы Абу Ханифанын көз карашы боюнча жайыз болуп саналат.
Сырттан келген ажы талапкерлери Меккеден кетер мезгилдерин-
де коштошуу тообун кылып туруп кетишет.
Таматту ажылыгы
Таматту ажылыгы – ажылык айларында умра жана ажылыкты өз-
өзүнчө ихрамга кирүү менен өтөө.
Таматту ажылыгын өтөө үчүн ажы талапкерлери микат чегинде
ихрамга киришет жана: “Алла таалам! Сенин ыраазычылыгың үчүн
умра милдетин өтөгүм келет, аны мага жеңил кыл жана менден
деп кабылда,” – деп умрага ниет кылышат.
Умра үчүн тооп кыла турган мезгилде: “Алла таалам! Сенин
ыраазычылыгың үчүн умра тообун кылгым келет, аны мага жеңил
кыл жана кабылда,” – деп ниет кылышып, умранын тообун орундаты-
шат. Тооптон кийин сай милдети орундатыла тургандыктан, тооп
кылып жатканда ихрам оромолу ийинден түшүрүлүп оролот жана
алгачкы үч айланууда эркектер жүгүрүп тооп кылышат.
Тооптон кийин умранын сай милдети да аткарылган соң ажылар
чачтарын жана сакал-муруттарын алдырышып ихрамдан чыгышат.

231
Бул Абу Ханифанын айтканы боюнча. Башка аалымдардын айтканы боюнча сүннөт
орундалбагандыктан макүрөө гана болот, жаза талап кылынбайт.

322
Тарвийа күнү ихрам үчүн керектүү тазалык жасалып, даярдык
көрүлгөндөн кийин ажы талапкерлери эки ирекет ихрам намазын
окушат жана: “Алла таалам! Ажылык милдетимди өтөгүм келет.
Аны мага жеңил кыл жана менден деп кабылда,” – деп ажылык үчүн
ниет кылышат. Андан кийин талбийа келтиришип, жаңыдан ихрамга
киришет.
Бир киши ажылыктын сай милдетин зыярат тообунан мурун
орундаткысы келсе, орундата алат. Мындай учурда алгач бир напиле
тооп кылат, андан кийин да ажылыктын сай милдетин орундатат.
Ушундайча ажылыктын убажиптеринен болгон сай милдетин аткар-
гандыгы үчүн зыярат тообунан кийин сай милдетин орундатпайт.
Таматту ажылыгы үчүн ихрамга кирген киши айт күнү эртең ме-
нен кезеги менен Чоң шайтанга таш ыргытат, курмандыгын чалат жана
чачын алдырып, ихрамдан чыгат. Мындан кийин Ифрад ажылыгына
ниет кылган кишинин кылгандарын кылат.
Кыран ажылыгы
Кыран ажылыгы – умра жана ажылык үчүн бир эле жолу ихрамга
кирүү.
Кыран ажылыгын өтөй турган киши микат чегинде: “Алла
таалам! Сенин ыраазычылыгың үчүн умра жана ажылык милде-
тимди өтөгүм келет. Буларды мага жеңилдет жана кабылда,” –
деп ниет кылат жана талбийа келтирет. Ошентип Кыран ажылыгы үчүн
ихрамга кирген болуп саналат.
Кыран ажылыгы үчүн ниет кылган киши Таматту ажылыгына
ниет кылган киши сыяктуу алгач умра тообун кылат. Бул тоопто да их-
рам оромолу ийинден түшүрүлүп оролот жана эркектер алгачкы үч
айланууда жүгүрүшөт. Тооп намазы окулгандан кийин Сафа жана
Марва дөңсөөлөрүндө умра үчүн жүгүрүшөт.
Умранын сай милдети орундалгандан кийин чачтар алынбайт жа-
на ихрамдан чыкпайт. Азыраак эс алышкандан кийин келүү тообун
кылышат. Ажы талапкери кааласа, ажылыктын сай милдетин бул тооп-
тон кийин орундата алат. Мындай мезгилде ихрам оромолу ийинден
түшүрүлүп оролот жана эркектер алгачкы үч айланууда жүгүрүшөт.
Кыран ажылыгын өтөгөн киши ихрамдан чыкпастан Меккеде
калат жана Тарвийа күнү болгондо Арафатка барат. Мындан кийин
Таматту ажылыгын өтөгөн киши сыяктуу эле айт күнү эртең менен Чоң
шайтанга таш ыргытат, андан кийин курмандык чалат, анан чачын ал-
дырып, ихрамдан чыгат. Мындан кийинки милдеттердин аткарылышы
боюнча Ифрад, Таматту жана Кыран ажылыгын өтөгөндөрдүн арасын-
да эч кандай айырма жок.

323
Аялдардын ажылык өтөөдөгҥ айырмачылыктары
Аялдар ажылык жана умраны эркектер сыяктуу эле өтөшөт. Би-
рок мына бул нерселер боюнча айырмаланышат:
1) Ихрамды чулганышканда кадимки эле көйнөк, байпак жана
бут кийимдерин да кийишет. Баштарын жабышып, жүздөрүн ачык
кармашат.
2) Талбийа, такбир келтирип жана дуба окуп жатканда үндөрүн
бийик чыгарышпайт.
3) Тооп кылып жатканда ихрам оромолун ийиндеринен түшүрүп
оронушпайт жана эркектер сыяктуу жүгүрүшпөйт.
4) Сай милдетин аткарып жатышканда жашыл жарыктуу устун-
дардын арасынан жүгүрүшпөйт.
5) Ихрамды чыгаруу үчүн чачтарын түбүнөн алдырышпайт, учта-
рынан гана азыраак кыркып коюшат.
6) Этек кири келип жаткан аялдар ажылыктын тооптон сырткар-
кы бардык милдеттерин орундатышат. Мындай абалда болгон бир аял
келүү жана умра тообун кыла электе Арафатта токтолгонго мажбур бо-
луп, Кыран ажылыгын өтөө үчүн ихрамга кирген болсо, анда умрасы
бузулат жана Ифрад ажылыгын өтөгөн болот.
Эгерде Таматту ажылыгынын умрасын өтөө үчүн ихрамга кирген
болсо, ажылык үчүн ниет кылып жана талбийа келтирип, умра ихрамын
жоѐт жана Ифрад ажылыгын өтөгөн болот.
Мындай эки абалда тең шүгүрчүлүк курмандыгын чалышынын
кереги жок. Бирок ажылык милдетин өтөгөндөн кийин өтөй албай кал-
ган умра милдетин каза кылат (өтөйт) жана умраны жоюп жиберген-
дигинен улам жаза курмандыгын чалат.232
Ажылык жана умрада кылмыштар
Кылмыш – ихрамга кирип, Харам аймагында болгондуктан кы-
лынышына тыюу салынган иш.
Ажылык менен умрада кылмыш катары эсептелген иш кылын-
ганда, жаза талап кылынат. Жасалган иштин кылмыш экендигин билүү

232
Калган үч мазхабда Таматту ажылыгынын умрасын өтөө үчүн ихрамга кирип, этек
кири токтобогондуктан Арафатка чыгууга мажбур болуп калган аял ажылык үчүн ниет
кылат жана талбийа келтирет. Ушундайча умра ихрамы менен ажылык ихрамы
бириккен болот жана Кыран ажылыгын өтөгөн болот жана шүгүр курмандыгын чалат.
Ажылык үчүн кылынган тооп жана сай умра үчүн да жетиштүү болот, башка тооп жана
сай кылышынын кереги жок. Кыран ажылыгын өтөө үчүн ихрамга кирген болсо,
мындай абалда умра жоюлган болбойт. Шүгүр курмандыгын чалышы керек. Ажылык
үчүн кылынган тооп жана сай умра үчүн да эсептелет.

324
же билбөөнүн ортосунда эч кандай айырма жок. Ошондой эле кылмыш-
ты атайылап, жаңылыштык менен, унутуп калып, өз эрки менен же күч
менен кылуунун ортосунда да айырма жок.
Кыран ажылыгына ниет кылган киши ихрамдагы мезгилинде ты-
юу салынган нерселердин бирөөнү кыла турган болсо, бири умранын,
экинчиси да ажылыктын ихрамы болуп, ар бир кылмыш үчүн эки жаза
төлөөгө тийиш.
Умра тообунун дааратсыз кылынышы жана коштошуу тообунун
орундалбашы сыяктуу тек гана ажылыкка байланыштуу убажиптердин
бирөөнү орундатпаган киши Кыран ажылыгына ниет кылган болсо да,
бир гана жаза төлөйт.
А) Ажылык менен умраны бузуп, казасын талап кылган
кылмыштар
1) Ажылык үчүн ихрамга киргенден кийин Арафатта токтолуудан
мурун жыныстык катнашка кирүү.
Бул кишинин ажылыгы бузулат. Бирок бузулган ажылыкты таш-
тап койбой толукташы, кийинки жылдардын биринде кайрадан өтөшү
жана кылган кылмышынан улам бир кой же бир эчки союшу керек.
2) Умра үчүн ихрамга киргенден кийин тооп кылып жатканда
жок дегенде төрт жолу айлана электе жыныстык катнашка кирүү.
Ушундайча умрасы бузулган бул кишинин умраны толукташы,
кылган кылмышынан улам бир кой же бир эчки союшу жана бузулган
умраны кайрадан өтөшү керек.
Б) Бодо малды (төө жана уйду курмандыкка чалууну) талап
кылган кылмыштар
1) Арафатта токтолгондон кийин (б.а. чачты жана сакал-мурутту
алдырып, ихрамдан чыгардан мурун) жыныстык катнашка кирүү.233
2) Зыярат тообун жунуптук абалда кылуу.
Аялдардын этек киринин келип жаткан учуру да жунуптук абалга
кирет.
В) Майда жандыктарды (кой жана эчкини курмандыкка
чалууну) талап кылган кылмыштар
Булар да ажылыктын убажиптеринин бирөөнү аткарбай коюу,
кечиктирүү же ихрам тыюуларына баш ийбөө менен байланыштуу
кылмыштар болуп экиге бөлүнөт:
233
Арафатта вакфа кылгандан кийин жаңы эле чачын алдырып ихрамдан чыгардан му-
рун жыныстык катнашка кирген кишинин Ханафий мазхабынан башка үч мазхабда да
ажылыгы бузулган болот. Ханафий мазхабында ажылыгы бузулбайт, бирок мунун жа-
засы катары бир уй же бир төө курмандык чалууга тийиш.

325
а) Ажылыктын убажиптеринин бирөөнҥ орундатпай коюу, же
болбосо убагында аткарбоо менен байланыштуу кылмыштар
1) Микат чегин ихрамга кирбестен өтүү.
Эгерде ажылык же умрада зыярат кылына турган жерлерде эч
нерсе кылбастан, кайрадан микат чегине кайтып келип ихрамга кирсе,
анда эч кандай жазанын кереги жок.
2) Сай милдетин өтөп жатканда бардыгын, же болбосо жок де-
генде төрт жолу барып-келүүнү орундатпай коюу.
3) Муздалифада токтолууну кечиримдүү себеп болбой туруп
аткарбай коюу.
Оору, карылык же элдин абдан көп болушунан улам Муздалифа-
да токтолбогондордон жаза талап кылынбайт.
4) Шайтанды таш бараңга алууну аткарбоо, же бир күндө ыргы-
тылышы керек болгон таштардын жарымынан көбүн ыргытпоо.
5) Зыярат же умра тообунун акыркы үч айлануусун же бирөөнү
гана аткарбоо.
6) Сырттан келген ажылардын коштошуу тообун кылбай коюшу,
же көбүн, б.а. төрт же андан ашык айлануусун аткарбашы.
7) Зыярат же умра тообун дааратсыз, коштошуу же келүү тообун
жунуптук абалда кылуу.234
Зыярат жана умра тообун дааратсыз, коштошуу же келүү тообун
жунуптук абалда кылгандан кийин буларды кусул даарат алып,
кайрадан кылган кишиден жаза талап кылынбайт.
8) Арафаттан күн бата электе кетүү.235
9) Зыярат тообун себепсиз түрдө айт күндөрүнөн кийин кылуу.
10) Ихрамды чыгаруу үчүн Харам аймагынан башка жерде же айт
күндөрүнөн кийин чачты жана сакал-мурутту алдыруу.236
11) Тартипке баш ийбөө. Тактап айтканда Курман айттын бирин-
чи күнү Чоң шайтанга таш ыргытуу, курмандык чалуу жана чачты,

234
Калган үч мазхабда хадестен тахарат тооптун туура болушунун шарты болгондуктан
дааратсыз кылынга тооп туура болбойт.
235
Шафий мазхабында күн батканга чейин Арафатта токтоп туруу сүннөт болгондуктан
күн бата электе Арафаттан кетип калган кишиге жаза курмандыгы убажип болбойт.
236
Шафий, Ханбалий мазхабдарында жана Абу Юсуфтун айтканы боюнча ихрамдан
чыгуу үчүн айт күндөрүнөн кийин же Харам аймагынын сыртында чачты алдырууга
жаза курмандыгынын кереги жок.

326
сакал-мурутту алдыруу милдеттерин кезеги менен аткаруу – убажип.
Бул кезек бузула турган болсо, жаза курмандыгы талап кылынат.237
б) Ихрам тыюуларына баш ийбөө менен байланыштуу
кылмыштар
1) Бир жолкуда жана бир жерде дененин же бир мүчөнүн бар-
дыгына жыпар жыт сүйкөө.
Бир мүчөнүн бардыгына эмес, бир бөлүгүнө жыпар жыт сүй-
көлсө, садага берүү жетиштүү болот.
2) Бир мүчөгө май сыйпоо, же болбосо сулуулук үчүн хына
сыяктуу бир нерсе менен боѐо.
Дарылоо үчүн сыйпалган дары, дары май же жытсыз майлар үчүн
эч кандай жазанын кереги жок.
3) Толук бир күн же түнү бою көйнөк, байпак же согончогу
жабык бут кийим кийүү, башты жана жүздү жабуу.
Толук бир күн же түнү бою эмес, азыраак мөөнөт кийилсе же
жабылса, анда садага берүү жетиштүү болот.
4) Чач, сакал же дененин бир башка мүчөсүндөгү кылды алуу.
Чач же сакалдын, же болбосо дененин башка бир мүчөсүндөгү
кылдын төрттөн бир бөлүгүнөн азыраагынын алынышы садага берүүнү
талап кылат.
5) Бир жерде жана бир жолкуда тырмактардын бардыгын, же
болбосо бир кол же бир буттун тырмактарынын бардыгын алуу.
Өзүнөн өзү түшүп калган, же сынган тырмактар үчүн эч бир
жазанын кереги жок.
6) Чач менен сакал-мурутту алдырып, ихрамдан чыккандан ки-
йин, бирок зыярат тообун кыла электе жыныстык катнашка кирүү.
7) Ихрамга кирген мезгилде жыныстык катнашка жол ача турган
кыймыл-аракеттерди жасоо. (Жубайын жыныстык каалоо менен өбүү,
кучактоо, жыттоо жана тийишүү сыяктуу.)238
Абдан каалап кароо жана ойлонуунун натыйжасында кумардануу
үчүн болсо, жаза талап кылынбайт.

237
Калган үч мазхабда жана Абу Юсуф менен Мухаммеддин айтканы боюнча кезек
убажип эмес, сүннөт. Ошондуктан мунун бузулушунан улам жаза курмандыгы керек
эмес.
238
Маликий мазхабында жыныстык катнашка жол ачкан кыймыл-аракеттерди жасоо
менен инзал ваки болсо ажылыгы бузулат. Башка мазхабдарда болсо бузулбайт.

327
Кечиримдҥҥ себептен улам ихрамдын тыюуларына баш ийбөө
Кандайдыр бир зарылдыктан жана кечиримдүү себебинен улам
ихрам тыюуларына моюн сунбаган (мисалы, оорусунан улам ихрамга
кире албаган, же чачын алдыралбаган) киши эркин болуп саналат. Каа-
ласа Харам аймагында жаза курмандыгын чалат, кааласа каалаган же-
ринде катары менен үч күн, же арадан күн өткөрүп үч күн орозо кар-
майт. Же болбосо алты жакыр кишини эртеден кечкечейин бир күн, же
бир жакырды алты күн тойгузат. Же алты жакыр кишиге битир сада-
гасын берет.
Г) Битир садагасынчалык садага берҥҥнҥ зарыл кылган
кылмыштар
1) Дененин кайсы бир мүчөсүнүн бардыгына эмес, бир бөлүгүнө
жыпар жыт же май сүйкөө.
2) Ихрамдуу мезгилде сакалды же чачты төрттөн бир бөлүгүнөн
аз алдыруу.
3) Толук бир күн же толук бир түндөн дагы аз бир убакыт тигил-
ген көйнөк, согончокторду жапкан бут кийим кийүү, же башты жабуу.
4) Бир колдун же бир буттун тырмактарынын бир бөлүгүн, т.а.
бештен азын алуу. Же болбосо бир кол же бир буттун тырмактарынын
бардыгын башка-башка жерлерде, же башка-башка мезгилдерде алуу.
Мындай учурда ар бир тырмак үчүн өзүнчө садага берилиши керек.
5) Келүү, коштошуу же кайсы бир напиле тоопту дааратсыз
аткаруу.
6) Коштошуу тообунун же сайдын төртүнчү шавттан кийинки
шавттарын кем калтыруу.
Аткарылбай калган ар бир шавт үчүн өзүнчө садага берилет. Ал
эми келүү тообунда кем шавттар үчүн эч нерсенин кереги жок.
7) Шайтандарга жетиден кем таш ыргытуу.
Кем болгон ар бир таш үчүн өзүнчө садага берилет.
8) Башка бирөөнүн чачын алуу.
Бул киши ихрамда болсо да, болбосо да, айырмасы жок. Башка
бирөөгө тигилген көйнөк кийгизүү, же жыпар жыт себүүгө жаза
берилбейт.
Харам аймагынын жаныбарлары жана өсҥмдҥктөрҥнө
байланыштуу кылмыштар
Харам аймагына байланыштуу тыюулар тек гана ихрамдагы ки-
шилер үчүн эмес. Бул аймактын аң уулоо, өзүнөн өзү өсүп калган жана
кургабаган дарак менен өсүмдүктөрдүн кыйылышы, же жулунушу

328
ихрамда болгон жана ихрамда болбогон бардык кишилер үчүн арам
болуп саналат.
Харам аймагында аң уулаган киши аң катары ууланган жаны-
бардын наркын садага катары берет. Мунун ордуна орозо кармоо
жайыз болбойт.
Харам аймагында өзүнөн өзү өсүп жетилген дарак жана өсүмдүк-
төрдү кыйган, же болбосо жулуп салган киши булардын наркын садага
катары жардыларга берүүгө тийиш. Ал эми жердин ээси кыйып таш-
таса жаза талап кылынбайт. Адамдар тарабынан тигилген дарактар
менен эгилген өсүмдүктөр үчүн улам кандайдыр бир жазанын кереги
жок.

329
ХАДИЙ
Ажыда жана умрада чалынган курмандыктар хадий (арноо) деп
аталат.
Хадий курмандыгын чалууга милдеттҥҥ болгондор
Ифрад ажылыгын өтөгөн кишилердин ажыда курмандык чалышы
убажип эмес. Эгерде каалашса, напиле курмандык катары соѐ алышат.
Ал эми Таматту же Кыран ажылыгын өтөгөн кишилердин хадий
курмандыгын чалышы убажип болуп саналат.
Хадий курмандыгы Курман айтта союлган курмандык сыяктуу
төө, уй жана майда жандык түрүнөн болот. Төө жана уй жети, майда
жандык болсо бир киши үчүн союлат.
Курмандыкка орток болгондордун бардыгы курмандык ниети ме-
нен кошулууга тийиш. Бардыгынын ниети ибадат болушу керек. Ошон-
дой эле айрымдарынын курмандык, айрымдарынын шүгүр же жаза кур-
мандыгы, же болбосо жөн эле ниет менен кошулушу да мүмкүн.
Жашы жана кандайдыр бир майыптыгы боюнча курмандык боло
албай турган жаныбарлар хадий курмандыгы да боло алышпайт.
Убажип болгон хадий курмандыктары шүгүр, жаза жана түлөө
курмандыгы сыяктуу бөлүктөргө бөлүнөт.
Таматту же Кыран ажылыгын өтөгөндөрдүн чалган курмандыгы
шүгүр курмандыгы, ажылыктын убажиптеринин бири аткарылбаган-
дыктан улам чалынган курмандык жаза курмандыгы, ажылыкты же
умраны өтөө үчүн ихрамга киргенден кийин оору-сыркоо же акчасы-
нын жоголуп кетиши сыяктуу бир себеп менен ажылыкты улантуу
мүмкүнчүлүгү болбогону үчүн токтолуу же тооп кылбай туруп ихрам-
дан чыгууга мажбур болгон кишинин чалышы керек болгон курмандык
ихсар курмандыгы жана Харам аймагында союу үчүн багышталган
курмандык назир курмандыгы деп айтылат.
Хадий курмандыгынын союла турган жери
Хадий Каабага жана Харамга белек катары багышталып чалын-
ган курмандык дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан убажип болсо да,
напиле болсо да Харам аймагынын чеги ичинде союлат.
Хадий курмандыгынын кайсы бир түрү Харам аймагынын чеги-
нен сырткары жерде союла турган болсо, Харам аймагынын ичинде
кайрадан чалынууга тийиш. Ал эми напиле болсо, анда Харам аймагы-
нын ичинде кайрадан курмандык чалынбайт.

330
Ал эми орозо үчүн кандайдыр бир жай жана катары менен кар-
моо шарты жок. Садага да ушул өңдүү, каерде берилсе да туура болот.
Хадий курмандыгынын чалынуу мезгили
Таматту жана Кыран ажылыгын өтөгндөрдүн чалышы убажип
болгон шүгүр курмандыктарынын айттын биринчи күнү таң аткандан
баштап үчүнчү күнү күн батканга чейин чалынышы убажип болуп
саналат. Бул мөөнөт ичинде союлбай кийинкиге калтырылса, анда жаза
курмандыгы да керек.239
Кыран жана Таматту курмандыктарынан башка хадий курман-
дыктарынын чалынышы үчүн атайын белгиленген убакыт жок. Хара-
мын чегинин ичинде кайсы убак болбосун чала берсе болот.
Хадий курмандыгынын эти
Таматту же Кыран ажылыгына баргандардын чалуусу керек бол-
гон курмандыктар менен напиле катары чалынган курмандыктардын
этин ээлери жана бай-кедей дебестен бардык кишилер жей алышат.
Жаза жана ихсар курмандыгынын этинен ээлери, аны баккан ки-
шилер жана байлар жей алышпайт. Ал курмандыктардын эти кедей-
кембагалдарга таратылып берилүүгө тийиш. Эгер андан жешсе анын
баасынчалык акчаны садага катары бирөөлөргө берүүлөрү керек.240
Курмандыктын ордуна орозо
Таматту же Кыран ажылыгына барган киши курмандык чалганга
мал таба алышпаса он күн орозо кармайт. Бул он күндүк орозонун үч
күнүн ажылык мезгилинде, калган күндөрүн болсо өлкөсүнө кайтып
барганда кармайт.
Эгерде үч күн кармала турган орозону майрамга чейин кармабаса
анда сөзсүз түрдө курмандык чалат. Үч күн орозо кармагандан кийин
курмандык чалуу күндөрүндө сакал-мурутун алып ихрамдан чыга элек-
те курмандык мал тапса орозо жетиштүү болбойт. Анда курмандык ча-
239
Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин айтканы боюнча жазанын кереги жок.
Анткени булардын көз карашы боюнча шүгүр курмандыктарынын айт күндөрүндө
чалынышы – убажип эмес, сүннөт. Шүгүр курмандыктарынын себепсиз эле айттын
алгачкы үч күнүнөн кийинкиге калтырылышы макүрөө болсо да кандайдыр бир жаза
керек эмес. Шафий мазхабында Таматту жана Кыран курмандыктары жаза курмандыгы
болуп эсептелгендиктен булардын союлушу үчүн атайын белгиленген бир убакыт жок.
Айттын үч күнүнөн мурда союлса болот, ошондой эле айттын үчүнчү күнүнөн кийин да
союлушу жайыз болуп саналат. Айттын төртүнчү күнү күн батканга чейин союлушу –
сүннөт.
240
Шафий мазхабында Таматту жана Кыран ажылыгы өтөгөндөрдүн союуга милдеттүү
болгон курмандыктары жаза курмандыгы болуп саналгандыктан эти жарды-жалчылар-
га таратылат, ээлери менен бай кишилер бул курмандыктардын этинен жей алышпайт.

331
лууга тийиш. Сакал-мурутун алып ихрамдан чыккандан кийин курман-
дык мал тапса орозо жетиштүү болуп курмандык чалбаса да болот.
Ихсар
Ихсар – ажылык же болбосо умра үчүн ихрамга кирген кишинин
Арафатка баруу жана Каабага тооп кылуу ибадаттарын аткара албай
калышы.
Душмандык, туткунга түшүү, оору-сыркоо, акчасын жоготуп
ийүү же аял кишинин жолдошунан айрылуусу өңдүү ажылык сапары-
нын же Арафат жөрөлгөсү жана Кааба зыяратынын аткарылышын ток-
тоткон бардык себептер ихсар себеби болушу мүмкүн.241
Ихсар себебинен улам Арафат жөрөлгөсүнөн жана Кааба зыяра-
тынан кур калган киши ихсар хадий курмандыгын чалып ихрамдан
чыгат. Ихсардуу киши Кыран ажылыгы үчүн ихрамга кирген болсо
ажылык үчүн жана ошондой эле умра ихрамы үчүн да эки башка ихсар
хадий курмандыгын чалууга тийиш.
Ихсар хадий да башка курмандыктардай эле Харам аймагынын
ичинде чалынууга тийиш болгондуктан ихсардуу киши Харам аймагы-
нын тышында болсо курмандык малын же анын баасына тете акчаны
Харам аймагына жөнөтүп жиберип өзү ал жерде хадий курмандыгы
чалынганга чейин күтүшү керек. Хадий курмандыгы чалынгандан ки-
йин чач, сакал-мурутун албаса да ихрамдан чыккан болуп эсептелет.242
Ихсар себебинен улам ихрамдан чыккан ажылык же умра кийин
ылайыгы келген убакта каза кылынышы абзел. Ажылык үчүн ихрамга
киргендер ажылык жана бир умра, Кыран ажылыгы үчүн ихрамга кир-
гендер ажылык жана эки умра, умра үчүн ихрамга киргендер болсо бир
гана умра каза кылышат.
Ажылыкты өткөрҥп жиберҥҥ
Ажылыгын өтөө үчүн ихрамга кирген киши арапа күнү завал (чак
түш) маалынан баштап айт майрамынынын аткан таңына чейин кыска
убакытка болсо да Арафатка барбаса анда ал ажылыкты өткөрүп жи-
берген болот. Бул киши;
а) Ифрад ажылыгын өтөө үчүн ниет кылып ихрамга кирген болсо
умра кылып ихрамдан чыгат жана кийинки жылдарда ажылыгын каза
кылат.

241
Ханафий мазхабынан сырткаркы мазхабдарда ихсар бир гана душмандын тоскоол
болушу менен пайда болот.
242
Шафий мазхабында ихсар курмандыгы ихсарлар болгон жерде союлат. Харам
аймагында союлушу шарт эмес. Мындан сырткары ихсар курмандыгынын союлушу
менен ихрамдан чыгылган болбойт. Чачты алдыргандан кийин чыгылат.

332
б) Таматту ажылыгын өтөө үчүн ихрамга кирсе жана умраны
кылгандан кийин ажылык үчүн ниет кылган болсо бир умра дагы кы-
лып ихрамдан чыгат жана кийинки жылдарда ажылыгын каза кылат.
ж) Кыран ажылыгы үчүн ихрамды кийип умранын тооп жана са-
йын орундаткан болсо дагы бир умра кылып ихрамдан чыгат. Эгерде
умранын тообу менен сайын орундатпаган болсо, алгач умра ихрамы-
нан чыгуу үчүн тооп жана сай кылат, андан соң ажылык ихрамы үчүн
тооп жана сай кылып чачы-башын алып ихрамдан чыгат. Кийинки
жылдарда ажылыкты гана каза кылат.
Ажылыкта өзҥнҥн ордуна бирөөнҥ жиберҥҥ
Ибадаттар үч түргө бөлүнөт:
1) Дене аркылуу гана кылынган ибадаттар: намаз окуу, орозо кар-
моо өңдүү. Бул түрдөгү ибадаттардын аткарылышында бирөөнүн орду-
на башкасынын өкүлчүлүк кылышы жайыз эмес.
2) Мал-мүлк аркылуу гана жасалган ибадаттар: зекет, битир сада-
галары жана курмандык чалуу сыяктуу. Бул түрдөгү ибадаттардын ат-
карылышында бирөөнүн ордуна башкасынын өкүлчүлүк кылышы
жайыз болуп эсептелет.
3) Дене аркылуу да, мал-мүлк аркылуу да кылынган ибадаттар:
ажылык өңдүү. Бул түрдөгү ибадаттын аткарылышында алсыз же айла-
сыз абалда болгон бирөөнүн ордуна башка бирөөнүн өкүлчүлүк кылы-
шы – жайыз.243 Ал эми ал ибадатты аткарууга алы жеткендер үчүн
өздөрүнүн ордуна башкасын өкүл кылып жиберүүсү жайыз эмес.
Ажылык парз экендигине карабастан аны орундата албаган киши
көзүнүн тирүүсүндө ажылык парзы үчүн өзүнүн ордуна башка бирөө-
нүн өкүлчүлүк кылышын керээз калтырышы керек. Эгер мал-мүлкүнүн
үчтөн бир бөлүгү ажылык үчүн башка бирөөнүн өкүлчүлүк кылышына
жетсе анда мураскору бул керээзди аткарууга милдеттүү. Эгерде жетпе-
се керээзди аткарууга милдеттүү эмес.
Ал эми керээз кылбаган болсо мураскорлору ажылык үчүн анын
ордуна бирөөнү жиберүүгө милдеттүү эмес.244 Ошондой болсо да му-
раскорлору ажылык парзын аткара албай калган ал киши үчүн ажы-
лыкта сарптала турган каражаттардын бир бөлүгүн же бүт бардыгын
өздөрү чыгарып бирөөнү өкүл кылып жиберүү аркылуу маркумду

243
Маликий мазхабында болсо тирүү болгон бир кишинин атынан башка бирөөнүн
ажылык өтөшү жайыз жана туура эмес.
244
Шафий жана Ханбалий мазхабдарында керээз шарты жок. Керээз болбосо да
мураскорлордун өкүл жибериши убажип болуп саналат.

333
ажылык карызынан арылтса болот. Бир ирет хасам уруусунан бир аял
коштошуу ажылыгында пайгамбарыбызга келип:
– Оо, Расулалла, Алланын кулдарынын ажыга баруусу жөнүндөгү
буйругу атама карып, алдан күчтөн тайып ат үстүндө жүрө албай кал-
ган кезинде келди. Анын атынан ажыга барсам ажылык карызынан ку-
тула алабы? – деп сурады. Пайгамбарыбыз ага:
– Ооба, кутула алат, – деп жооп берди.245
Дагы башка бир уламышта жухайна уруусунан бир аял пайгам-
барыбызга келип:
– Энем ажыга барууга ниеттенген эле, бирок ажыга бара албастан
көзү өтүп кетти. Анын атынан ажыга барсам болобу? – деп сурап калат.
Пайгамбарыбыз ага:
– Ооба, ажыга бар. Энеңин бирөөнө карызы болгон болсо, аны
сен төлөп берет элең, туурабы? Ошондуктан Алла таалага болгон ка-
рызын да сиз кайтарып бериңиз. Себеби Алланын акысын кайтарып
берүү баарынан ылайыктуураак,246 – деп буюруптур.
Өзүнө ажыга баруу биринчи жолу парз кылынган жылы ажыга
баруу үчүн аттанып, бирок ажылык парзын аткара албай жолдо өлгөн
киши өзүнүн атынан башка бирөөнүн ажыга барышын керээз калтыр-
бай эле койсо болот. Ал эми өзүнө ажыга баруу парз кылынган жылы
барбай кийинки жылдарда ажыга баруу үчүн жолго чыгып жолдо өлгөн
киши өзүнүн атынан бирөөнүн өкүлчүлүк кылышын керээз калтырышы
убажип болот.
Парз болгон ажылык ҥчҥн өзҥнҥн атынан башка бирөөнҥ
жиберҥҥнҥн шарттары
Кимдир бирөөнүн атынан ажыга барган өкүл өзүн жиберген
кишини ажылык карызынан кутултушу үчүн төмөнкүдөй шарттар бо-
лушу керек:
1) Өкүл катары ажыга барган киши ихрамга кирип жатканда ким-
дин атынан келсе ошол кишинин атынан чын жүрөктөн ниет кылууга
тийиш. Ичинен ниет кылса да болот. Ал эми ооз жүзүндө да “баланча
киши ҥчҥн ниет кылдым, ихрамга кирдим, баланчанын атынан
талбийа айттым” деп айтса дагы да сооптуу болот.
2) Өзүнүн атынан ажылык үчүн башка бирөөнү өкүл катары жи-
берген киши ал парзды өзү аткара албай турганчалык даражада алсыз
болушу керек. Ден-соолуугу ордунда болуп ажыга барууга өзүнүн деле
чамасы жеткидей абалда туруп өкүл жөнөтүшү жайыз эмес.
245
Бухарий, Хаж, 1-2; Муслим, Хаж, 713.
246
Бухарий, Жазаус-Сайд, 22.

334
3) Өзүнүн атынан өкүл жөнөткөн киши өмүрүнүн акырына чейин
ажыга бара албай турганчалык абалда болушу керек. Эгер кийинчерээк
ден-соолугу ордуна келип ажыга бара алгыдай абалга жетсе өкүлүнүн
ажылыгы жетиштүү болбостон анык өзү ажыга барышы абзел.247
4) Өзүнүн атынан өкүл жөнөткөн кишиге ажылык парз болушу
керек. Ажылык парз болбогон жакыр бирөөнүн атынан өкүл болуп
ажыга баруу напиле болуп эсептелет. Андай адамга кийинчерээк ажы-
лык парз кылынса кайрадан ажыга барууга тийиш болот, эгер өзү ажы-
га бара албагыдай болсо өкүл жибериши керек.
5) Башка бирөөнү өзүнүн атынан ажылык үчүн өкүл кылып
дайындоодон мурда сөзсүз түрдө ажыга бара албай тургандай ден-
соолугуна байланыштуу кемчилиги болууга тийиш.
Ажыга барууга кудурети жетип туруп башка бирөөнү өкүл кы-
лып жөнөткөн болсо жана андан соң ажыга бара албагыдай абалга тү-
шүп калса, ага чейинки өкүлү тарабынан кылынган ажылык жетиштүү
болуп эсептелбейт жана кайрадан өкүл жибериши керек болот.
6) Өкүл катары ажыга барган кишинин барып келүүдө керекте-
лүүчү каражаттынын бардыгы же көбү аны жиберген киши тарабынан
камсыздандырылышы керек. Мураскор ага мурас калтырган адамдын
атынан өз каражаты менен ажыга барса болот, же башка бирөөнү өкүл
кылып жиберсе да болот.
7) Өкүл кылып жиберген киши кайсы ажылыктын кылынышын
кааласа, өкүлү Микатта ошол ажылыкка ниет кылып ихрамга кирүүгө
тийиш. Ифрад ажылыгын кылуу үчүн жиберилген өкүл алгач умра кы-
лып, андан кийин Меккеде ажылыкка ниет кыла турган болсо бул
жайыз болуп эсептелбейт.
Эгер өкүлүн Ифрад ажылыгын кылуусу үчүн жиберсе, ал барып
Кыран ажылыгын кылса бул да жиберген кишинин атынан кылынган
болуп эсептелбейт.248
Өзүнүн атынан ажылык үчүн өкүл жиберген киши өкүлүнө кайсы
ажылыкты кылышы керек экендигин айтпастан тек гана ажыга баруу-
сун каалаган болсо өкүл Ифрад ажылыгын кылуусу керек. Эгер ажыга
жиберген киши өкүлүнө “каалаган ажылыгыңды кыл” деген болсо
өкүл каалаган ажылыгын кылса болот.
Өлгөн киши өзүнүн атынан ажылык кылынышын керээз калты-
рып, ал үчүн сарптала турган каражаттын өлчөмүн же ихрамга кире

247
Ханбалий мазхабында кечиримдүү себеби жоюлса да өкүлдүн өтөгөн ажылыгы
жетиштүү болот.
248
Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммеддин айтканы боюнча жагымдуу жайыз
болот.

335
турган жерди белгилесе ошол жерде ихрамга кирет. Ихрамга кире тур-
ган жерди белгилебесе жашаган жеринен өкүлүн жиберүүгө тийиш.
9) Өзүнүн атынан ажылык кылуу үчүн өкүл жиберүүчү киши өкү-
лүнөн өтүнүшү керек. Башка бирөөнүн атынан анын уруксатысыз же
керээзисиз кылынган ажылык ал кишинин парз кылынган ажылыгынын
аткарылышы болуп саналбайт. Ал эми мураскордуку болсо бул өкүмгө
кирбейт. Маркумдун мураскору ал үчүн өзү ажыга бара алат же башка
бирөөнү өкүл кылып жөнөтө алат. Бул эки абалдын кайсынысы атка-
рылса да маркум ажылык парзынан кутулат.
Өкүл үчүн акы төлөө шарты коюлбашы керек. Себеби ажылык –
бир ибадат. Ибадаттар болсо акы төлөнүп кылынбайт. Ал эми өкүл
ажылык кылуу үчүн берилген акча каражатын ажылыктын эреже-шарт-
тарына жараша сарптайт. Артканы болсо ээсине кайтарып берет. Эгер
ажылык сапарынан артып калган акчаны ээси өкүлүнө ыроолосо мында
кандайдыр бир терстик болбойт.
10) Өкүл катары жиберилген киши акыл-эси ордунда, эресеге
жеткен бирөө болушу керек. Эресеге жете элек болсо да ак караны ай-
рып калган өспүрүмдүн өкүл катары жиберилиши да жайыз болот.
Өкүл катары жибериле турган кишинин ага чейин ажыга барышы
шарт эмес. Ошондой болсо да ага чейин ажыга барган кишинин өкүл
катары жиберилиши андан да сооптуу болот.249
11) Өкүл ажыга кандайдыр бир унаа аркылуу барышы керек.
Эгерде унаа акысын өзү алып калыш үчүн ажыга жөө бара турган болсо
өзүнүн атынан ажылык кылган болуп эсептелет. Анда алган акчасын
ээсине кайра кайтарып берүүгө тийиш.
12) Өкүл катары дайындалган киши ажыга өзү барышы керек.
Өкүл катары ажылык сапары үчүн алган каражатты кандайдыр бир се-
беп менен башка бирөөгө берип аны өзүнүн ордуна өкүл кылып жибе-
риши жайыз эмес. Бирок бул жөнүндө ага жиберген киши тарабынан
укук берилген болсо, анда жайыз болот.
Ал эми напиле катары башка бирөөнүн ордуна ажылык кылуу
үчүн болсо, өкүлдүн мусулман, акыл-эси толук жана ак караны айрып,
акыл токтотуп калган чагында болушу жана ажылыктын акы төлөн-
бөстөн кылынышы өңдүү шарттар жетиштүү.

249
Шафий жана Ханбалий мазхабында өкүл жибере турган кишинин мурдатан өзү үчүн
ажылыгын өтөгөн болушу шарт.

336
АЗИРЕТИ ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН КАБЫРЫН ЗЫЯРАТ
КЫЛУУ
Дүйнө жүзүнүн эң ыйык жана эң сыймыктуу жери – Мединадагы
пайгамбарыбыздын сөөгү коюлган жай. Ошондуктан анын ыйык кабы-
рын зыярат кылуу шарыятка ылайык келет.
Чындыгында, ажыга барып анан пайгамбарыбыздын кабырын жа-
на хижрат журту жана Ислам дининин ааламга жайылган жери болгон
нурдуу Мединаны зыярат кылбаган момунду элестетүү кыйын. Кандай-
дыр бир аргасыздык болбосо бир момундун мындай руханий насиптен
өзүн куру калтырышын ойлоо мүмкүн эмес.
Азирети пайгамбарыбыздын ыйык кабырын зыярат кылуунун
сообу тууралуу ыйык хадистер да бар. Алардын ичинен бирөө төмөндө-
гүдөй:
Уламышка караганда Ибн Өмөргө (Аллах ага ыраазы болсун)
пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ؾر ْسص ٌ ُمٗ عفح ِبِت‬ٚ ‫ِ ْسٓ زجر ل ْس ِب ي‬


“Ким менин кабырымды зыярат кылса ага акысы шапаатым
болот.”250
Пайгамбарыбыздын мечитинде намаз окуунун сообу тууралуу
мындай деп буюрулган:

َ‫ج ُمٖ ِبجاِهّٰلل ج ْسٌّ ْسض ِبؿل ج ْسٌكلج‬ٛ‫ٍز ِبحّح ِبص‬ ‫زٌد ِب ِ ْسض ِبؿ ِبلي ٘ ج ْس ٌد ِبِ ْسٓ ج ْسٌ ِبف‬
“Менин ушул мечитимде окулган намаз (Меккедеги) Харам
мечитинен башка мечиттерде окулган миң намаздан кайырдуу.”251
Ошондуктан ажыга барган мусулмандын ажылыктан мурун же
кийин Мединага да барып пайгамбарыбыздын ыйык кабырын зыярат
кылышы жана анын мечитинде намаз окушу колдон чыгарбашы керек
болгон эң сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Зыярат кылуунун ыгы жана адеби
Нурдуу Медина алыстан көрүнгөндө: “Аллахым, бул – Сенин
пайгамбарыңдын ыйык жери, вахийиң түшкөн касиеттүү жай. Бул

250
Кашфул-Хафа, 2/250, Бейрут 1351. Хадисти Таберани жана Дарекутни айтып
беришкен.
251
Бухарий, Макка вал-Мадина, 1; Хаж, 94.

337
жерди мен үчүн тозоктон сактанып, азаптан жана эсептен кут-
кара турган себеп кыл,” – деп дуба кылынат.
Мединада коно турган жерге баштык-үштүгүн жайгаштырган ки-
ши эгер мүмкүнчүлүгү болсо кусул даарат алат, мүмкүнчүлүгү болбосо
даарат алат. Таза кийим кийип, жыпар жыт себинип, салават айтып
Масжиди Саадатка (бакыттын мечити-Наби мечити) барат.
Намаз окууга боло турган маал болсо эки ирекет напиле намаз
окуйт. Тилек тилеп дуба кылат. Андан кийин чын жүрөктөн берилип
адептүү түрдө Кабри Саадатка (бакыттын кабыры) жакындайт. Пай-
гамбарыбыздын ыйык башынын тушуна барып жүзүн пайгамбары-
бызга буруп токтойт жана аны менен байланыштуу салам дуба кылат.
Андан кийин бир метрдей оңго жылып азирети Абу Бекирдин (Аллах
ага ыраазы болсун) башынын тушуна туруп салам дуба кылгандан ки-
йин бир метрдей дагы оңго жылып азирети Өмөрдүн (Аллах ага ыраазы
болсун) башынын тушуна турат. Салам айтып дуба окугандан соң кай-
радан азирети Мухаммедин башы нынтушуна келип кыбылага карап
дуба кылат. Андан кийин азирети пайгамбарыбыздын кабырынын
тушуна барып ал жерде тилегин айтып дубалар окуйт жана көп жолу
кайталап салават айтат.
Пайгамбарыбыздын кабырын Каабаны тооп кылган сыяктуу тооп
кылуу жайыз эмес. Ыйык кабырга кол тийгизүү же аны өбүү – макүрөө.
Нурдуу Мединада болгон мезгилде беш маалкы намаз Масжиди
Саадатта окулат. Ажылар бош убакыттарын буга чейинки намаздарын
каза кылуу, напиле намаз жана Куран окуу менен өткөрөт. Нурдуу
Мединадан чыгарында Наби мечитине келип эки ирекет намаз окуп
дуба кылып, анан жолго чыгат.252

252
Бул зыяраттарда окула турган дубалар «Ажылык» китепчесинде бар.

338
КУРМАНДЫК ЧАЛУУ
Курмандык чалуу деген эмне?
Курмандык чалуу – бул ибадат ниети менен белгилүү бир мезгил-
де белгилүү сапаттагы малды союу дегенди түшүндүрөт. Бул
“Удхиййа” деп да айтылат.
Курмандык чалуу – мал-мүлк аркылуу аткарыла турган ибадат-
тардын бири. Бул адам уулунун жакшылык ыроологон Алла таалага
кандайдыр бир шүгүрчүлүк карызы болуп эсептелет.
Курмандык чалуу ибадатынын тарыхый таржымалы болушунча
тереңге кетет. Бүгүнкү абалында Ибрахим алайхис-саламга таянат.
Азирети Ибрахим уулдуу болсо, аны Алла жолуна курмандык ча-
ларына сөз берип түлөө айтып койгон эле. Арадан көп жыл өтүп уулдуу
болот. Бирок ал айткан түлөөсүн унутуп калат. Түшүндө уулун өз колу
менен курман чалып жатканын көрүп айткан убадасын эстейт. Түшүн
уулу Исмаил алайхис-саламга айтканда, уулу аны чын көңүлдөн кабыл
алып Аллага берилгендигин көрсөтөт. Ошентип убадасын аткаруу үчүн
уулун курмандыкка чалууга бел байлайт. Бирок Алла таала анын бул
бекем ишениминин акыбети катары азирети Исмаилдин ордуна бир
койдун курмандык чалынарын Жебирейил алайхис-салам аркылуу ага
билдирет. Бул жөнүндө ыйык Куранда мындайча буюрулган:
“ (Азирети Исмаил) атасы (Ибрахим алайхис-салам) менен
бирге жүрүп кыдыра турган абалга жеткенде:
– Кулунум, түшүмдө сени мууздап жатканымды көрдүм, муну
кандай деп жооруйсуң? – деп сурады. (Азирети Исмаил ага):
– Атакебайым, буюрулган нерсени кыл, буйруса мени сабыр
кылгандардын арасынан табасың, – деди.
Экөө тең буйрукка моюн сунуп (атасы уулун) көмкөрөсүнөн
жаткырганда:
– Ой Ибрахим, түшүңдү чынга айланттың, биз жан-дүйнөсү
менен берилгендерди ушундайча сыйлайбыз. Себеби бул – чынында
эле бир сыноо болчу, дедик.
Биз уулунун ордуна ага бир чоң курмандык фидья бердик. Өзү-
нөн кийинки муундарга анын жакшы атын калтырдык. “Ибрахимге
салам” дедик. Биз жан-дүйнөсү менен берилгендерди ушундайча
сыйлайбыз. Себеби ал – биздин момун кулдарыбыздын бирөө.”253

253
Саффат сүрөсү, 102, 111-аяттар.

339
Азирети Исмаилдин ордуна бир койдун курмандык чалынышы-
нын өкүм кылынышы Алла тааланын адам баласына ыйгарган чоң жак-
шылыгы болуп саналат. Ушундайча курмандык чалуу жөрөлгөсү ази-
рети Ибрахимден сүннөт катары бизге чейин жетип отурат.
Курмандык чалуу – адамдын Аллага жакындашына себеп болгон
бир ибадат. Курман сөзүнүн өзүнчө бир мааниси бар. Адамдар бул мил-
детти орундатуу аркылуу, б.а. курмандык чалуу менен азирети Ибра-
хим өңдүү Аллага жана анын буйруктарына чын көңүлдөн байланган-
дыгын, керек болсо анын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн жанын берүү-
гө даяр экендигин көрсөткөн болуп саналат. Ушундан улам, бардык
ибадаттарда болгондой эле курмандык чалуу ибадатында да жакшы
ниет жана чын дилинен берилүү негизги мааниге ээ.
Ыйык Куранда да: “Алардын эттери да, кандары да Аллага
жетпейт. Бирок Ага силердин такыбаалыгыңар, ыкыласыңар же-
тет.”254 – деп буюрулган. Чындыгында, Алла таала такыбаа ээлеринин
кылган ибадаттарын гана кабыл алат.
Азирети пайгамбарыбыз да кылынган амалдардын акыбетинин
ниетке гана жараша болорун, ким эмнеге ниеттенип ал ишти жасаса,
ошол ниет кылган нерсесине гана жетерин билдирген. (Бухарий, Иман, 41;
Муслим, Имаре, 45)
Курмандык чалуу, ошол эле мезгилде Исламчылыктагы коомдук
өз ара көмөктөшүү жана бири-бирине арка-жөлөк болуунун бир башка
үлгүсү болуп саналат. Күнүгө жер жүзүндө миңдеген малдын союлганы
жана андан көбүнчө колунда барлардын пайдаланганы белгилүү. Ал
эми Курман айтта диний бир милдетти орундатуу ниети менен чалын-
ган курмандыктардан көбүнчө кедей-кембагалдар жана кайрымдуулук
коомдору пайда көрүшөт. Ошондой эле бул ибадат жашоонун маани-
лүү булагы болгон мал-чарбачылык тармагынын өсүп-өнүгүшүнө да
түрткү болот.
Курмандык чалуунун өкҥм-жобосу
Курмандык чалуу – имамы агзам (эң улук имам) Абу Ханифанын
көз-карашы боюнча убажип. Таянган далили:
‫ ْس‬ٚ ‫ِهّٰللً ٌِبلذِب ِهّٰلله‬
ُۜ‫جْن ْسل‬ ‫ِب‬
“Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал”255 – деген ыйык
аяттын ышаараты менен Азирети пайгамбарыбыздын:

254
Хажж сүрөсү, 37-аят.
255
Кавсар сүрөсү, 2-аят.

340
‫ِهّٰللٔح‬ ِ‫ْسم ُملذ ِهّٰللٓ ُم‬ ‫ٌ ْسُ ُمض ِب ِهّٰللف‬ٚ ‫ؾل صعس ًن‬ٚ ٓ‫ِ ْس‬
“Эгерде ким төрт түлүгү түгөл болуп туруп курмандык
чалбаса мечитибизге жакындабасын”256 – деген хадисиндеки катуу
эскертүүсү.257
Мындай эскертүү убажип болгон ибадатты чангандар үчүн гана
берилет. Б.а. курмандык чалуу убажип болбогондо аны чангандар үчүн
пайгамбарыбыз антип буюрбайт эле.258
Кимдир бирөө зекет, ажылык, битир садага, ант каффараты же
курмандык чалуу өңдүү карызы болуп, аларынан кутула электе көзү
өтүп кетсе жана ал карыздарынан кутулуу үчүн артында калган мал-
мүлкүнүн үчтөн биринин колдонулушун керээз кылган болсо (бере-
селери үчүн мал-мүлкүнүн үчтөн бир бөлүгүнүн колдонулушун гана
керээз кыла алат) жана ошондой эле ал мал-мүлк карыздарынан куту-
лууга жетсе, анда карыздарынын баары төлөнөт. Ал эми мал-мүлкүнүн
үчтөн бири керээз кылган карыздарынан кутулууга жетпесе, алгач зекет
карызы төлөнөт. Анткени ал береселеринин ичинен эң маанилүүсү
болуп саналат. Зекет карызынан кутулгандан кийин мал-мүлкү артып
калса ажылык карызынан кутултат. Мындан кийин битир карызы төлө-
нөт. Андан соң ант каффараты аткарылат. Мындан кийин эгер малы
калса курмандык чалуу карызынан куткарылат.
Курмандык чалууга укуктуу болгондор
Төмөнкү шарттарга ээ болгон кишилердин курмандык чалуусу
убажип болуп саналат:
1) Мусулман болуу;
2) Акыл-эси толук болуу;
3) Эресеге жетүү;
4) Көз-карандысыз болуу;
5) Өз ордунда болуу, б.а. конокто болбоо;
6) Нисаб өлчөмүндө материалдык байлыгы болуу.

256
Ибн Мажа, Адахи, 2.
257
Шафий мазхабында адам үчүн өмүрүндө бир жолу курмандык чалуу айн сүннөтү,
үй-бүлө мүчөлөрү үчүн болсо кифайа сүннөтү болуп саналат. Башкача айтканда, үй-
бүлө мүчөлөрүнүн жашоо-тиричилигин камсыз кылууга милдеткер болгон киши кур-
мандык чалса, үй-бүлө мүчөлөрү милдеттүүлүктөн кутулат.
258
Абу Ханифадан башка аалымдар Шафий, Маликий жана Ханбалий менен Ханафий
мазхабдарынан Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммеддин айтканы боюнча болсо
курмандык убажип эмес, муаккад (татаал) сүннөт.

341
Колунда жокторго, б.а. нисаб өлчөмүндө материалдык байлыгы
болбогондорго курмандык чалуу – убажип эмес, о.э. конокто бол-
гондорго (сапарда жүргөндөргө) да убажип болбойт. Азирети Абу
Бекир менен азирети Өмөр сапарда жүргөн мезгилдеринде курмандык
чалышчу эмес. Азирети Али да: “Конок үчүн жума намазы менен кур-
мандык чалуу карыз болбойт,” – деп айткан. Ошондой болсо да, сапар-
да жүргөн киши напиле катары курмандык чалса жайыз болот, ал эми
чалбаса да жоопко тартылбайт.
Курмандык чалуу нисабы
Нисаб динибиз тарабынан белгиленген байлыктын өлчөмү деген-
ди түшүндүрөт.
Курмандык чалуу нисабы адамдын жашоо үчүн зарыл болгон
муктаждыктарынан (үйү, жетиштүү деңгээлде үй оокаты, унаасы, кор-
гоно турган куралы, үч сыйра кийим-кечеси, өзүнүн жана жашоосу
үчүн жооптуу болгондордун бир жылдык муктаждыктарын камсыз кы-
ла тургандай туруктуу маянасы) жана карыздарынан башка 20 мыскал
(80.18гр) алтын же анын баасына тете акча же мал-мүлккө ээ болуусу
болуп эсептелет. Бул нисабка ээ болгон киши үчүн Курман айтта кур-
мандык чалышы убажип болот.
Зекет нисабы менен курмандык нисабы бирдей болсо да зекет ни-
сабындагы сыяктуу курмандык нисабында мал-мүлктүн же акчанын кө-
бөйүүчү сапатка ээ болушу же нисаб өлчөмүнө жеткенине бир жыл
толушу өңдүү шарттар каралбайт. Мурунураак жакырчылыкта жашап
жүрүп курмандык чалуу күндөрүндө байыган киши үчүн курмандык
чалуу убажип болот.
Курмандык катары союлуучу жаныбарлар
Курмандык катары кой, эчки, уй, топоз жана төө союлат. Бул жа-
ныбарлардын эркектери сыяктуу ургаачыларын да курмандык катары
союуга болот.
Булардын ичинен төө беш жылдык, уй менен топоз эки жылдык,
кой менен эчки бир жылдык болгондон кийин гана курмандык катары
чалынышы керек. Бирок алты айлык козунун көрүнүшү бир жылдык
койдой болсо, анда курмандык катары союла берет. Ал эми эчки үчүн
мындай жагдай жок, бир жылдык болушу шарт. Бул жаныбарлардан
башка кайсы бир жаныбардын курмандык чалынышы туура эмес.
Кой жана эчкинин ар бири бир кишилик гана курмандык болуп
эсептелет. Ал эми уй, топоз жана төөнүн ар бирин бир кишиден тартып
жети кишиге чейин ортоктошо курмандык чалса болот. Жети кишиден
ашырбоо шарты менен ортоктордун жеке же жуп болушунун бир ың-

342
гайсыздык жагы жок. Ортоктошуп курмандык чала тургандар баары
чогуу барып бир малды сатып алышат, же араларынан бирөөнү мал
сатып келиши үчүн өкүл кылып шайлашат. Бирөө өзү үчүн сатып алган
курмандыкка кийинчерээк башкалар да ортоктош боло алышат, бирок
бул макүрөө болуп саналат.
Ортоктоштордун ар кимиси ар башка курмандыкты ниет кылыш-
са да негизгиси буга курмандык чалуу ниети менен ортоктош болууга
тийиш. Алсак, ортоктоштордун бирөө убажип болгон курмандыкты, да-
гы бирөө түлөө курмандыгын, башкасы напиле курмандыгын чалууга
ниет кылса да жалпысынан бардыгы курмандык чалуу ибадатын атка-
рууга ниет кылган ортоктоштор болуп эсептелет. Ал эми ортоктош-
тордон арасынан бирөө кандайдыр бир ибадат кылуу ниети менен эмес,
эт алуу максаты менен катышкан болсо, ал туура болбойт жана калган-
дарынын ниет кылып сойгон курмандыгы ибадат катары эсептелбейт.
Малдын курмандык катары союлушуна тоскоол болгон жана
болбогон абалдар
Курмандык чалуу бир ибадат болгондуктан курмандык катары
чалынуучу малдар кемчиликсиз болууга тийиш. Малдын курмандык
катары чалынышына тоскоол болгон кээ бир кемчиликтер – төмөн-
күлөр:
* Бир же эки көзү тең сокур болсо;
* Сөөгүнүн ичинде чучугу калбаганчалык даражада арык болсо;
* Союлуучу жерге басып бара албай турганчалык даражада аксак
болсо;
* Кулагынын же куйругунун үчтөн бир бөлүгүнөн көбү жок
болсо;
* Тиштеринин жарымынан көбү түшүп калган болсо;
* Тубаса кулаксыз болсо;
* Эмчегинин учу кесик болсо;
* Кой менен эчкинин бир эмчегинен, ал эми уй менен топоздун
эки эмчегинен сүт чыкпаса;
* Мүйүздөрүнүн бири же экөө тең түбүнөн сынган болсо;
* Дарынын айынан сүтү тартылып кеткен болсо;
* Кандайдыр бир ыпылас нерсе жеп анан биртоп убакыт камалып
жатып таза жем-чөп жебеген болсо;
* Мурду жырык болсо;
* Тилинин көбү кесик же үзүк болсо;

343
* Өлө турганчалык кесел болсо, мындай малдарды курмандык
катары чалууга болбойт.
Токол же мүйүзүнүн учу сынган, кээ бир тиштери түшкөн жана
акталган малдардын курмандык катары чалынышы жайыз болот. Кары-
ганына байланыштуу сүт бербей же төл бербей калган, кулагы жырыл-
ган, тешилген же сынган жана музоолуу же козулуу малды курмандык
катары чалууга уруксат берилсе да макүрөө болуп саналат.
Курмандык чалуунун туура болушунун шарттары
Курмандык чалуунун туура болушунун шарттары – төмөнкүлөр:
а) Курмандык катары союла турган малда курмандыкка тоскоол
болуучу кемчиликтердин болбошу;
б) Курмандык чалуу маалында союлушу.
Курмандык чалуу күндөрү катары, айт намазы окулган жерлерде
намаз окулуп бүткөндөн баштап айт майрамынын алгачкы үч күнү
эсептелет. Арапа күнү же айттын алгачкы үч күнүнөн кийин курмандык
чалынбайт. Ошондой болсо да ыйык хадисте: “Бул күндөрдө биздин
жасашыбыз керек болгон эң биринчи нерсебиз – намаз окуу. Андан ки-
йин (үйлөрүбүзгө) барып курмандык чалуу болот. Бардык кишилер
ушундай кылышса, сүннөтүбүзгө ылайыктуу иш жасаган болушат.
Кимде-ким (намаздан) мурун курмандык чалса ал жөн гана үй-бүлөсүнө
тартуулаган эт болуп саналат, курмандык болбойт,”259 – деп бую-
рулган.
Курмандык чалуунун негизги шарты
Курмандык чалуунун негизги шарты – курмандык катары чалы-
нышы жайыз болгон жаныбарлардын бирөөнү союу. Курмандык ката-
ры чалынуучу малды тирүү боюнча же анын баасына барабар акчаны
колунда жокторго берүү жолу менен бул ибадат аткарылбайт. Андай
кылуу садага берген болуп саналат. Курмандык чалуу үчүн сатылып
алынган малды кандайдыр бир себептен улам сойбой курмандык чалуу
күндөрүн өткөрүп жиберсе, анда малды тирүү боюнча, же али сатылып
алына элек болсо акчасын кедей-кембагалдарга берүү керек, кийинки
жылга калтырууга болбойт. Эгерде курмандык чалынуучу мал тирүү
боюнча колунда жок бирөөнө берилсе, анын этинен берген киши жей
албайт.

259
Бухарий, Адахи, 1; Муслим, Адахи,1.

344
Курмандыкты ким чалат?
Курмандык чала турган киши эгер колунан келсе өзү эле сойгону
туура. Эгер сойгонду билбесе анда билген бирөөнү өзүнүн атынан өкүл
кылып дайындап анан ага сойдурушу жана өзү да анын жанында даяр
турушу керек. Анткени пайгамбарыбыз кызы азирети Фатимага: “Кур-
мандыгың чалынып жатканда ал жерде даяр тур. Себеби кылган ар
бир күнөөң курмандыктын канынын алгачкы тамчысы жерге тамган-
да кечирилет,”260 – деп буюрган.
Пайгамбарыбыздын өзү да курмандыгын башка бирөөнү өзүнүн
атынан өкүл кылып дайындап ага сойдурганы белгилүү.
Курмандыктарын өзү жашаган жерден алыс бир жерде чалгысы
келгендер эгер өзү бара албаса тааныган бирөөнү өкүл кылып дайындап
ага сойдурса болот. Курмандыкты мусулман эркек же аял киши соѐт.
Курмандыкты Курандын көрсөткөн ыгына жараша союу канча-
лык адал болуп эсептелсе, бул бир ибадат болгондуктан аны мусулман
кишинин союшу да ошончолук ылайыктуу болот.
Курмандык кандайча чалынат?
Курмандык катары чалынуучу мал аярдык менен союла турган
жерге алпарылат. Курмандык мал (төөдөн башкасы) кыбылага караты-
лып сол капталы менен акырын жерге жаткырылат. Оңой мууздалышы
үчүн үч буту бириктирилип байланат. Анан аны чала турган киши:

‫ذِب ٌِبه‬ٚ ٗ‫ا ر ِب ِهّٰللخ ج ْسٌعحٌّ ْۙ ۝ ا عل ه ٌ ُم‬


‫ ِب ِهّٰلل ِب‬ٝ‫محض‬ٚ ٜ‫ ْسحح‬ٚ ٝ‫ُٔم ُمضى‬ٚ ٝ‫ض‬ ْ‫لُم ْسً ِبج ِهّٰلل‬
ّ‫ ُمي ج ْسٌ ُمّ ْسضٍِب‬ٚ‫جٔح۬و ج ِهّٰلل‬ٚ ‫ج ُم ِبِ ْسل ُمش‬
(Аньам, 6/161-162).
Ыйык аяты менен:

‫ا ج ْسو ُم‬ ‫ا ج ْسٌك ْسّ ُمل ذِب ْسضُِب ِهّٰلل ِب‬


‫جا ج ِهّٰلل ُم‬ ‫ ِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ا ج ْسو ُم‬
‫جا ج ْسو ُم ج ِهّٰلل ُم‬ ‫ا ج ْسو ُم ِبجٌٗ ِبجاِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
‫ ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫جا‬ ‫ا ج ْسو ُم ج ِهّٰلل ُم‬
‫ج ِهّٰلل ُم‬
“Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллаху
валлааху акбар, Аллааху акбар ва лиллаахил-хамд. Бисмиллаахи
Аллааху акбар” – деп, көп күттүрбөстөн чоң жана курч бычак менен
мууздайт.

260
Мажмуаз-Заваид ва Манбаул-Фаваид, 6-том, 17-бет (Хадисти Таберани айтып
берген).

345
Бул ыйык аят менен дубаны окубастан тек гана “Бисмиллаахи
Аллааху акбар”, же “Бисмиллах” деп туруп сойсо деле жайыз болот.
Өз ыгына жараша мууздоо үчүн курмандыктын кекиртегин, кы-
зыл өңгөчүн жана эки күрө тамырын кесүү керек. Курмандыктын али
жаны чыга электе башын денесинен ажыратуу жана терисин сыйра
баштоо макүрөө болуп эсептелет.
Курмандык чалынгандан кийин анын ээси Алланын ыраазычы-
лыгы үчүн эки ирекет намаз окуйт. Андан кийин дуба кылып Жарат-
канга тилегин айтат.
Курмандыктын этинин бөлҥштҥрҥлҥшҥ
Төө жана уй өңдүү малдарды ортоктошуп курмандык чалганда
эти болжолдуу түрдө эмес таразага тартуу жолу менен бөлүштүрүлөт.
Ал эми бир киши өз үй-бүлөсү менен гана курмандык чалса анын этин
үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлүштүрүүнүн кажети жок.
Ошондой эле ортоктошуп курмандык чалгандар курмандыктын
этин толугу менен кедей-кембагалдарга тарата турган болушса, же бир
кайрымдуулук коомуна бере турган болушса мындай абалда да анын
этин өз ара бөлүштүрүүнүн зарылдыгы жок.
Курмандыктын этин бүт бойдон колунда жокторго таратуу, же
өзү, бала-бакырасы менен колдонуу жайыз болуп эсептелсе да, эң
туурасы – курмандыктын этин үчкө тең бөлүп, бир бөлүгүн курмандык
чалбаган колунда жокторго садага иретинде таратуу; бир бөлүгүн да
тууган-уруктарына, кошуна-колоңдоруна жана тааныган жакындарына
ыроолоо; калган бир бөлүгүн болсо өзү бала-бакырасы менен колдонуу.
Мусулман кошуна-колоңдорго курмандыктын этинен тартуулоо
жайыз болгон сыяктуу эле, мусулман эмес кошуналарга тартуулоо да
жайыз болуп саналат. Ошондой эле курмандык чалган кишинин бала-
бакырасы көп жана жашоо-шарты да абдан жакшы эмес болсо, курман-
дыгынын этин садага жана тартуу катары таратпастан толугу менен
бала-бакырасы үчүн колдонгону туурараак.
Курмандык катары чалынган малдын териси
Курмандык катары чалынган малдын терисинен жайнамаз же үй-
дө колдонулуучу бир буюм жасоо жана жакыр бирөөнө, же кайрым-
дуулук коомдоруна берүү жайыз болуп саналат.
Курмандыктын териси анын бир бөлүгү болгондуктан сатылышы
жайыз эмес жана курмандыкты сойгон кишиге союш акысы катары да
берилбейт. Акыйкатта, азирети пайгамбарыбыз: “Курмандыгынын те-

346
рисин саткан кишинин курмандыгы жок,”261 – деп буюрган. Пайгамба-
рыбыз бул сөздөрүү аркылуу курмандыгынын терисин сатып акчасын
жеш туура эмес экендигин белгилеген.
Колунда жокторго эти толугу менен таратылууга тийиш
болгон курмандыктар
Динибизде кээ бир курмандыктардын эти толугу менен колунда
жокторго таратылууга тийиш. Алар – төмөнкүлөр:
а) Түлөө курмандыгы. Бул курмандыкты чалган киши колунда
жок болсо да өзү, бала-бакырасы, алардын балдары жана ата-энеси, чоң
ата, чоң энеси, таята, таенеси болуп бири-бирине акысы өткөн бардык
тууган-туушкандары жана колунда бар байлар бул курмандыктын эти-
нен жешпейт. Бул курмандык чалынгандан кийин эти толук бойдон
кедей-кембагалдарга таратылып берилиши керек.
б) Кимдир бирөөнүн көзүнүн тирүүсүндө калтырып кеткен ке-
рээзи боюнча ал өлгөндөн кийин мураскорлору тарабынан малынын
үчтөн бир бөлүгүнөн чалынган курмандык.
Бул курмандыктын этинен да өлгөн кишинин мураскорлору
менен байлар жей алышпайт. Бул да кедей-кембагалдарга таратылып
берилиши керек.
Ал эми көзү өткөн кишинин керээзисиз эле мураскорлору тара-
бынан ал киши үчүн чалынган курмандык андай эмес. Бул курмандык-
тын этинен аны чалгандар да жей алышат.
в) Курмандык чалуу күндөрүндө кандайдыр бир себептен улам
чалынбаган жана садага катары берилүүгө тийиш болгон курмандык.
Бул курмандык да желбейт, колунда жокторго садага катары
таратылып берилиши керек.
г) Ортоктошуп курмандык чалгандардын бир бөлүгү адаа (иба-
датты орундатуу) үчүн, бир бөлүгү болсо каза кылуу үчүн ниет кылган
болсо бул курмандыктын этинен курмандык чалгандар жана алардын
жакындары жегенге болбойт. Анын эти толугу менен садага катары
таратылышы керек. Анткени курман айт күндөрүндө чалынбаган кур-
мандык каза кылынбайт. Мындай каза кылуу ниети менен чалынган
мал курмандык болуудан чыгып, садагага айланат. Ушул себептен
улам, ортоктошуп чалынган курмандыктын садага абалындагы үлүшү
курмандык болуп эсептелбегендиктен (бөлүнгөн үлүштөрдүн ичинен
бирөө эт алуу максаты менен чалынган курмандык сыяктуу) ибадатты
орундатуу ниети менен чалынган берки үлүштөрдү да курмандыктан
чыгарат.
261
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 2-том, 156-бет (Хадисти Хаким айтып берген).

347
Акыйка курмандыгы
Жаңы төрөлгөн бала үчүн чалынган курмандык акыйка
курмандыгы деп айтылат.
Ислам дининен мурунку караңгылык доорунда Араптар кыз
балалуу болгусу келишчү эмес. Ал тургай кыз балдарды жеришип
тирүүлөй жерге көмүшөр эле. Эркек баласы үчүн болсо “акыйка”
курмандыгын чалышчу.
Пайгамбарыбыз бул курмандыкты Аллага шүгүрчүлүк кылуу
максаты менен эркек баласы үчүн да, кыз баласы үчүн да чалына тур-
гандай түргө алып келди жана мурунку мезгилде жасалган түркөйлүк
жөрөлгөсүн түп тамыры менен өзгөрттү. Ошондой эле “чануу, моюн
толгоо” маанисинде колдонулган “акыйка” сөзүн болсо, “таат-
ибадат” маанисинде колдонулган “насика” сөзү менен алмаштырды.
Жаңы туулган балага жети күн болгондо бир кой же эчки союп зыяпат
берүү жана баланын чачын алуу мубах болуп саналат. Б.а. каалагандар
жасашат, каалабагандар жасашпайт.
Бул жөрөлгө Маликий жана Шафий агымдарында мустахаб (парз
жана убажиптен башка сооптуу бир иш), ал эми Ханбалийларда сүннөт
болуп саналат.
Акыйка курмандыгы жаңы төрөлгөн балага жети же он төрт, же
болбосо жыйырма бир күн болгондо чалынат. Бирок жети күн болгондо
чалуу – баарынан кайырдуу. Ошондой эле бала төрөлгөндөн тартып
бой жеткенге чейин да чалса болот.
Чалынган бул курмандыктын этин ээси жесе, же башкаларга же-
дирсе болот жана ошондой эле колунда жокторго садага катары берсе
да болот.

348
КУТТУУ КҤНДӨР ЖАНА ТҤНДӨР
1) Жума кҥнҥ
Жума күнү – куттуу күн. Бул күн мусулмандар үчүн бир майрам
күнү болуп эсептелет. Жумалык ибадатыбыз болгон жума намазы ушул
күнү окулат. Пайгамбарыбыз:

ٚ ‫ ِبح ِبٗ ج ُم ْس ِب ً ج ْسٌؿِٕهّٰللس‬ٚ َ‫ ُمَ ج ْسٌ ُمؿ ُمّع ِبس ِبح ِبٗ ُم ٍِبك ج ُم‬ٛ‫ ٍَ طٍع ْسص ٍ ْسح ِبٗ جٌغِهّٰلل ْسّ ُمش ْس‬ٛ‫ْس ُم ْس‬

‫ ُمَ ِهّٰلل‬ٛ‫ ِبح ِبٗ ضمُم‬ٚ ‫ح‬ٕٙ‫ِبح ِبٗ ج ُم ْس ِبلؼ ِبِ ْس‬
‫جٌضح سُم‬
“Көктө күнү тууган эң кайырдуу күн – жума күнү. Адам ушул
күнү жаратылып, ушул күнү бейишке киргизилген жана ушул күнү
бейиштен чыгарылган. Кыямат кайым да жума күнү болот,”262 – деп
буюрган.
Жума күнүндө бир учур (кабыл алуу сааты) бар экендигин жана
ошол учурда окулган дуба-тилектердин Алла таала тарабынан кабыл
болорун пайгамбарыбыз сүйүнчүлөгөн.263 Жума күнүндө дубалар ка-
был боло турган бул учур адамдардын Аллага жакпаган нерселерден
оолак болуулары жана ыраазы болуучу иштер менен алектенүүлөрү
үчүн жашыруун бойдон калган. Аны менен катар Жараткан Алла бе-
йиште момун кулдарына жума күнү көрүнүп улуу урмат-сыйга ээ
кылат. (Ибни Каййым, Задул-Меад, 1/138)
Жума намазы
Окулушу парз кылынган бул намаздын мааниси өтө чоң. Курани
Каримде мындайча буюрулган: “Эй момундар, жума күнү намазга
чакырылган (азан окулган) убакта дароо соода-сатыкты таштап,
Алланы зикир кылуу үчүн (мечитке) чуркагыла. Эгер билсеңер,
албетте, бул силер үчүн кайырдуураак.”264
Жума күнү жуунуп-тарангандан кийин мечитке барып кутпа
угуп, намаз окуган кишинин ошол күнкү жана андан мурунку кылган
күнөөлөрүнүн кечирилери пайгамбарыбыз аркылуу билдирилген.265
Пайгамбарыбыз жума намазына барбагандар тууралуу мындай
деп буюрган: “Алла таала орундуу себеби жок эле үч жолу жума
намазына барбаган кишинин жүрөгүнө мөөр басат.”266

262
Муслим, Жума, 18; Тирмизий, Жума, 353.
263
Тирмизий, Жума, 354; Абу Давуд, Жума, хадис № 1046.
264
Жума сүрөсү, 9-аят.
265
Бухарий, Жума, 6; Муслим, Жума, 26.
266
Абу Давуд, Салат, хадис № 1052.

349
Жума күнү жума намазынан мурда ушул нерселердин жасалышы
сүннөт болуп саналат:
а) Бой (кусул) дааратын алуу;
б) Мурутту кыскартуу, тырмак-башты алуу жана ушуга окшогон
дене-бой тазалыгын кылуу;
в) Мисибек же тиш жуугуч менен тишти тазалоо;
г) Жакшы жана таза кийим кийүү;
д) Жыпар жыт себинүү;
е) Мечитке эрте баруу;
ж) Көп-көп дуба кылуу жана пайгамбарыбызга салават айтуу.
Жума кҥнҥ жасалышы макҥрөө болгон нерселер
Имам кутпа айта баштагандан тартып намаз окуганга чейин соо-
да-сатык же ушуга окшогон күнүмдүк тиричилик иштери менен алек
болуу жана жума күнү намаз маалы келген кезде намаз окубастан са-
парга чыгуу макүрөө болуп эсептелет. Ал эми намаз маалы келе электе
сапарга чыкса кандайдыр бир тоскоолдук болбойт.
2) Куттуу ҥч ай
Ражаб, Шаабан жана Рамазан айлары динибизде “Куттуу үч ай”
деген ат менен белгилүү. Мусулмандардын руханий жашоосунда бул
айлардын өзгөчө маанилүү бир орду бар. Анткен себеби, бул айлар –
куттуу түндөргө бай. Ражаб айынын биринчи жума түнү – Рагаиб түнү.
Ал эми жыйырма жетинчи түнү болсо Мираж түнү. Шаабан айынын он
бешинчи түнү – Бараат түнү. Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнү
болсо куттуу Кадыр түнү болуп саналат.
Рамазан орозосунан кийинки эң сооптуу орозо – Ражаб жана
Шаабан айларында кармалган орозо. Шаабан айы пайгамбарыбыздын
Рамазандан кийинки эң көп орозо кармаган ай экендиги белгилүү.
Азирети Айша (р.а.): “Мен Расулаллахтын Рамазандан башка эч
бир айды жалаң орозо кармоо менен өткөргөнүн көргөн жокмун. Шаа-
бан айындагыдай эч бир айда орозо кармаганын да көргөн жокмун,”267
– деп айткан.
Усама (р.а.) Шаабан айында пайгамбарыбыздын анчалык көп
орозо кармашынын себебин сураганда пайгамбарыбыз: “Шаабан айы –
Ражаб менен Рамазандын арасында адамдардын өздөрүнө келе албай
турган абалына туш келген бир ай. Ошондой болсо да, ичинде амалдар
Аллага багышталган айлардын бири. Мен да орозо абалымда амалда-

267
Бухарий, Савм, 52; Муслим, Сыям, 34.

350
рымын Аллага жетишин тилейм.” (Мына ушул себептен, бул айда да
көбүрөөк орозо кармайм) – деп буюрган.268
Ыйык Куран түшкөн жана орозо ибадатынын аткарылышына
өкүм кылынган ай болгон Рамазан айынын да бул айлардын ичинде
болушу “үч айды” калган айлардан айырмалап турат. Бул айларда му-
сулман киши өзүн тартипке келтирип, ага чейинки өткөргөн турмушуна
баа берип келечекке карай жаңы бир дем-күч менен умтулушу керек.
Жамандыктарын жана жаман адаттарын азайтып жакшылыктарды кө-
бөйтүшү керек. Мүмкүнчүлүгүнө жараша кедей-кембагалдарга көңүл
бөлүп көз салышы абзел. Мына ошондой кылган учурда бул куттуу ай-
ларды туура баалап алардын руханий ырыскыларынан пайдаланган
болот.
3) Рагаиб тҥнҥ
Рагаиб түнү Ражаб айынын алгачкы жума түнү болуп эсептелет.
Рагаиб “регибе” сөзүнүн көптүк санда айтылышы. Регибе сөзү болсо
көп ыроолоо жана жакшылык дегенди билдирет.
Буга байланыштуу Рагаиб түнү дегенди, эл арасында айтылып
жүргөндөй, пайгамбарыбыздын эне жатынына жайгашкан түнү эмес,
момундарга Алланын ырахматы, жакшылыгы жана ырыскысы көп бе-
рилген түн катары түшүнсө болот. Себеби бул жөнүндө туура хадис
болбогондой эле, чындыкка коошкон уламыш да жок. Ошондой болсо
да, кылынган дуба жана ибадаттар кабыл болгон жана Жараткандын
рахмат-ырайымы, жакшылык-сыйы көп-көп берилген бир түн катары
белгиленип келген.
Ушул жерден ушул түнгө байланыштуу “Рагаиб намазы” деп
билинген жана окулуп жүргөн намаздын кандайдыр бир негизге таян-
багандыгын белгилеп кетсе болот. Себеби мындай “Рагаиб намазы”
аттуу намазды пайгамбарыбыз да жана анын сахаба замандаштары да
окуган эмес. Бул жөнүндөгү хадистер чындыкка дал келбейт.
Бул түндө кылынуучу ибадат – башка куттуу түндөрдөгүдөй эле
көп-көп каза жана напиле намазын окуу, Куран окуу жана Алладан
ырайым жана маркамат тилөө.
4) Исра жана Мираж тҥнҥ
Исра түнкү сапар дегенди түшүндүрөт. Мираж болсо “шаты,
лифт” деген маанини билдирет.
Исра менен Мираждын анык мааниси пайгамбарыбыздын бир
түнкү саякаты жана көккө көтөрүлүшү болуп саналат. Улуу кудуреттүү

268
Найлул Автар, 4-том, 276-бет.

351
Жаратканга жакын болуунун эң жогорку даражасы болгон Мираж –
адам баласынын акыл чегине сыйбай турган керемет окуя. Муну та-
бияттын мыйзамдары менен түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес. Бул окуя
пайгамбарыбыздын Мединага көчүшүнөн бир жыл мурда Меккеде
болгон.
Мираждын кыскача таржымалы мындайча баяндалат:
Пайгамбарыбыз Ражаб айынын 27-түнүндө Каабада уйкуда жат-
кан учурунда ага Жебирейил алайхис-салам аттуу периште келип анын
Алланын жогорку кабатына чакырылганын кабарлайт. Ушул себептен
улам пайгамбарыбыз Жебирейил алайхис-саламдын жол көрсөтүүсү
боюнча руханий бир ат-улоо болгон Бурак менен Меккедеги Масжиди
Харамдан Кудустагы Масжиди Аксага келет. Мираждын бул бөлүмү
Исра сүрөсүнүн алгачкы аятында төмөнкүдөй белгиленген:

ٜ ‫ ج ْسٌّ ْسض ِبؿ ِبل ْسجا ْسل ح جٌ ِهّٰلل‬ٌٝ‫ ذِبع ْسر ِبلٖ ٌ ْسح ًن ِبِٓ ج ْسٌّ ْسض ِبؿ ِبل ج ْسٌكل ِبجَ ِبج‬ٜ‫ ج ْسصل‬ٜ ٓ ‫ُمص ْسركحْ جٌ ِهّٰلل‬

‫جٌضّح ُم ج ْسٌر ُم‬ ‫ ِهّٰلل‬ٛ‫ٌُٗم ِبٌ ُم ِب ُٗم ِبِ ْسٓ ج حضِبٕحُۜ ِبجٔ ِهّٰللُٗم ُ٘م‬ٛ‫ذحروْسٕح ق ْس‬
“Бир түнү өзүнө аяттарыбыздын бир бөлүгүн көргөзөлү деп
кулун Масжиди Харамдан Биз айланасын берекелүү кылып койгон
Масжиди Аксага алып барган Алланын кудурети улуу. Чындыгында
Ал  угарман жана көрөгөч.”
Кудуста аз убакыт туруп Масжиди Акса мечитинде эки ирекет
намаз окуйт. Андан соң башка бир ат-улоо менен мираж (маанавий-
рухий лифт) аркылуу көк үстүнө чыгат. Анан эч бир адам жана периш-
те жете албай турган жогорку орунга көтөрүлөт. Ортосунда эч бир
ортомчу болбостон түздөн-түз Алланын өзүнөн вахий алат.
Мираждын сырга толгон бул бөлүмү жөнүндө Нажм сүрөсүндө
ышаарат берилген. Алла таала бул чоң окуя жөнүндө баяндаган жана
бирдей ат менен колдонулган Исра сүрөсүндө пайгамбарына вахий
кылган ахлак жана адамдык ариеттин эрежелерин билдирген. Ал эре-
желер – жалпы жонунан ушулар:
“– Аллага орток болбогула;
– Ата-энеңерге таазим кылып урмат-сый көрсөткүлө;
– Акылуулардын акысын бергиле;
– Ысырапчылык кылбагыла;
– Аша чабуулардан сактангыла;
– Балдарыңарды өлтүрбөгүлө;
– Никесиз жыныстык катнашка кирбегиле;

352
– Адилетсиздик менен бирөөнү өлтүрбөгүлө;
– Жетимдерге жылуу мамиле кылгыла;
– Өлчөп-ченөө, таразалоо иштеринде адилеттүүлүктөн
тайбагыла;
– Билбеген нерсеңердин артынан сая түшүп куубагыла;
– Жер үстүндө текеберчилик менен бой көтөрүп жүрбөгүлө.”
Ошентип пайгамбарыбыз ошол эле түнү кайра кайтып келген
жана өзү менен кошо бир топ руханий белек-бечкек да ала келген.
Булар – күндө беш маал намаз окуу, каалаган кишилеринин Аллага
шерик табуудан сырткаркы күнөөлөрүн кечирери жана Бакара
сүрөсүнүн акыркы үч аяты.
Пайгамбарыбыз таң атып эл турганда бул окуя тууралуу кабар
берген жана сакабалары ага ишенишкен. Себеби андан эч качан калп
сөз угушкан эмес. Ал тургай, анын чынчылдыгына душмандары да
ишенишер эле. Ал эми Мекке билермандары окуяны угушканда: “Бир
түндө ошончолук жерди кыдырып чыгууга мүмкүнбү? – дешип та-
ңыркашкан. Алар Мираждагы акылга сыйбаган чындыктарды аңдап
билер абалда эмес эле. Алланын кудурет күчү менен адам баласына
таандык кадыресе күчтү айырмалап карашпастан бардык нерсеге ма-
териалдык өңүттөн карап баа бычышчу. Ал эми Алланын чексиз куду-
ретине ишенгендер окуяны укканда эч ыргылжың болуп арсар абалда
калбастан дароо туура кабыл алышкан.
Мына, Мираж түнү ушундай куттуу түн. Бул түндүн эң маанилүү
окуясы, албетте, момундун миражы катары эсептелген беш маалдык
намаздын парз кылынышы болуп эсептелет.
Бул түнү кылына турган ибадаттардын ичинен эң маанилүүсү –
намаз окуу. Намаз карызы болгондор окуй алышынча каза намаздарын
окуулары керек. Намаз карызы болбогондор болсо напиле намаз, Куран
окуулары керек, тообо кылып, күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеп дуба
окуу менен түндү өткөрүүлөрү абзел. Ошондой эле бул түнү өзгөчө
кедей-кембагалдарга жана жетим-жесирлерге жардам көрсөтүп көңүл-
дөрүн көтөрүп ыраазычылыгын алуу максатка ылайык.
5) Бараат тҥнҥ
Үч айдын ичинен Шаабан айынын он төртүнөн он бешине кара-
ган түн Бараат түнү болуп эсептелет.
Бараат сөзү – “Бераает” сөзүнүн кыскартылган түрү. Карыздан,
күнөөдөн жана жазадан, оору-сыркоодон кутулуу дегенди билдирет.
Ушундан улам “Бараат түнүн” күнөөлөрдөн арылуу түнү катары
түшүнүшүбүз керек. Бараат түнүнүн мусулмандар тарабынан терең

353
урмат жана толкундануу менен куттукталышынын себеби ушул. Бул
түн кечирим кылуу түнү деп да айтылат. Анткени пайгамбарыбыз ушул
түнү Алла таала тарабынан көптөгөн кишинин күнөөлөрүнүн
кечирилерин билдирген.
Пайгамбарыбыз бул түндү жалаң ибадат кылуу менен өткөргөн.
Бейхакинин Алаа б. эл-Харис аркылуу баян кылган ыйык хадисте
азирети Айша (р.а) мындай деген: “Пайгамбарыбыз бир түнү туруп
намаз окуду. Саждасы ушунчалык көпкө созулгандыктан мен аны саж-
дада өлдү го деп ойлодум. Туруп барып колуму бутуна тийгизгенимде
ордунан козголду. (Сүйүнүп) кайра ордума келдим. Саждада намаз
окуп жатканда минтип жалбарганын кулагым чалды: “Аллахым,
азабыңдан ырайымыңа, каарыңдан ыраазычылыгыңа корголоп, Сенден
кайра эле Сага баш калкалап жатам. Даңкың улуу. Сага айткан даңк-
тоому Сенин өзүңө айткан даңктооңо тең көрбөйм. Сага ылайык
кызмат кылууда алсызмын.”
Башын саждадан көтөрүп намазын бүтүргөн соң:
– Айша, Алланын расулу мага адилетсиздик кылат деп ойлодуң-
бу?- деп буюрду. Мен:
– Жок расулалла, антип ойлогон жокмун. Бирок саждада көпкө
кыймылсыз калганыңыздан өлдүбү деп корктум. Анда пайгамбарыбыз:
– Бул түн кайсы түн, билесиңби? – деп сурады. Мен:
– Алла жана расулу дагы жакшы билет, – дедим. Пайгамбарыбыз:
– Бул түн – Шаабан айынын он бешинчи түнү. Алла таала Шаа-
бандын он бешинчи түнүндө кулдарына ырайымы менен сыр көрсөтүп
кечирим сурагандардын күнөөсүн кечирет, маркамат тилегендерге
ырайым кылат, ниети карарып кекенип кек сактагандарды өз жайына
коѐт,269 – деп буюрган.”
Белгилүү болгондой, Исламдын алгачкы жылдарында Каабанын
ичи таш буркандарга толуп тургандыктан пайгамбарыбыз намаздарын
Байтул-Макдиске карап окуур эле. Ошондой болсо да кыбыланын өз-
гөрүшүн каалачу. Бул жагдай пайгамбарыбыздын Мединага көчүшүнөн
кийин да он алты ай жана бир нече күнгө созулган. Хижраттын экинчи
жылынын Шаабан айынын он бешинчи күнү пайгамбарыбыз зыярат
кылып барган Бани Салама деген жердеги мечитте бешим намазынын
экинчи ирекетин окуп жатканда, кыбыланын өзгөргөндүгү тууралуу аят
түшкөн. Аятта төмөндөгүдөй буюрулган:

‫ه ع ْسل‬ٙ‫ ْسؾ‬ٚ ‫ ِبِهّٰللي‬ٛ ۪ۖ‫ح‬ٙ‫ٌِهّٰللِبحِٕهّٰلله ِبل ْسرٍس ًن ض ْسلضح‬ٛ‫جٌضّح ٓ ِبء ٍُٕم‬


‫ِهّٰلل‬ ‫ه ِب‬ٙ‫ ْسؾ ِب‬ٚ ‫ ضم ِهّٰللٍُمد‬ٜ‫ل ْسل ٔل‬
269
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 2-том, 119-бет, Бейрут 1968.

354
َُۜ‫ج ْسٌّ ْسض ِبؿ ِبل ج ْسٌكل ِبج‬
“(Эй, Мухаммед! ) Биз сенин жүзүңдүн көк жүзүнө карай бу-
рулганын көрүп жатабыз. Мына эми сени өзүң ыраазы болгон кыбы-
лага бурабыз. Мындан ары жүзүңдү Масжидул-Харам тарапка
бургун.”270
Мына ушундайча кыбыла өзгөрүлдү. Пайгамбарыбыз намаз окуп
жатып дароо Кааба тарапка бурулду. Жамаат да катары менен Кааба
тарапка бурулду.
Биримдүүлүктүн символу болгон бул тарыхый окуя Бараат түнү-
нүн кадыр-баркын дагы да арттырган эң негизги себептердин бири
болуп саналат. Пайгамбарыбыз ушундай ырыскыны берген Жаратканга
шүгүрчүлүк кылуу карызын орундатуу үчүн бул түндү куттуу түн ка-
тары белгилеп, өлүүлөр жана тирүүлөр үчүн дуба окуп Алладан алар-
дын күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеген.
Бараат түнүнө тиешелүү окулган атайын бир намаз же ибадат
жок. Бул түн Куран окуп, дуба кылуу жана Жаратканга жалбарып ке-
чирим суроо, каза, напиле намаздарын окуп колунда жокторго жардам
берүү жолу менен белгиленет. Намаз карызы болгондорго бул куттуу
түндө эң жок дегенде бир күндүк каза намазын окуулары сунушталат.
6) Рамазан айы
Рамазан айы – эң берекеттүү айлардын бири. Адамзаттын күүгүм-
дөнгөн жан дүйнөсүнө жарык чачкан Курани Карим ушул айда түшө
баштаган. Исламдын беш шартынын бири болгон орозо да ушул айга
таандык. Ыйык Куранда мындайча буюрулган:

‫ج ْسٌف ْسُمللحِْب‬ٚ ٜ‫ل‬ٙ‫حش ِبِٓ ج ْسٌ ُم‬


ٍ ٕ‫ذ ِبحِهّٰلل‬ٚ ‫ ٌِبٍِٕهّٰلل ِبحس‬ٜ‫ ج ُم ْسٔ ِبزي ح ِبٗ ج ْسٌم ْسُملج ُمْ ُم٘ ًنل‬ٜٓ ‫ ُمل رِضحْ جٌ ِهّٰلل‬ٙ‫ع ْس‬

‫ِ ْسٓ وحْ ِل ًن‬ٚ ُٗۜ‫ل ْسٍح ُم ْسّ ُم‬ٙ‫ل ِبِ ْسٕى ُمُمُ جٌغِهّٰلل ْس‬ٙ‫ّ ْسٓ ع ِب‬
َ‫ ٰل صف ٍل ِبع ِهّٰلللزٌد ِبِ ْسٓ ج ِهّٰلل ٍح‬ٚ‫ضح ج ْس‬
‫ج ِهّٰللجا ٰل‬ٚ‫ ِبٌطُمى ِب ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫ج ج ْسٌ ِبع ِهّٰلللز‬ٍٛ‫ ِبٌطُم ْسى ِبّ ُم‬ٚ َۘ‫ا ُمل ُمل ذِبى ُمُمُ ج ْسٌ ُمع ْسضل‬ٚ ‫جا ذِبى ُمُمُ ج ْسٌ ُمح ْسضل‬
‫ج ُم لُۜ ُمل ُمل ِهّٰلل ُم‬
ْٚ‫ٌع ِهّٰللٍى ْسُمُ ض ْسغى ُمُمل‬ٚ ُ‫ِح ٘ل ى ْسُم‬
“Рамазан айы – адамдарга жол көрсөткөн, акыйкаттын жа-
на акыйкатты жалгандан айырмалоонун ачык далили катары
өзүнө Куран түшүрүлгөн бир ай. Силерден ким бул айга күбө болсо
270
Бакара сүрөсү, 144-аят.

355
орозо кармасын. Эгерде ким ооруп калса, же сапарда жүргөн болсо
орозо кармай албай калган күндөрүнүн санына тууралап башка күн-
дөрдө кармасын. Алла силерге жеңилдикти каалайт, оорчулук каа-
лабайт. Ал санды толукташыңарды жана силерге туура жол көр-
сөткөндүгү үчүн Аллага таазим кылышыңарды каалайт. Шүгүр-
чүлүк кылышат деп үмүттөнөм.”271
Рамазан айы – ибадаттардын айы. Бул айда берки айлардан өзгө-
чөлөнгөн жана көбүрөөк кылынган ибадаттарыбыз бар. Буларды ушун-
дайча жалпылоого болот:
а) Орозо
Орозо динибиздин негизги беш ибадатынын бирөө катары Рама-
зан айында кармалат.
б) Тараба намазы
Бул намаз – Рамазан түндөрүн нурга бөлөгөн жана мечиттери-
биздин жамаат менен толуп ташышын камсыз кылган намаздардын
бири. Пайгамбарыбыз мындайча буюрган:

ٗ‫جقطِبضحذًنح ُم فِبل ٌُٗم َ ضم ِهّٰلللَ ِبِ ْسٓ ْسٔ ِبر ِب‬


‫ ْس‬ٚ ‫ِ ْسٓ لحَ رِضحْ ِبج ّحًٔنح‬
“Эгер кимде-ким ыйык Рамазан түндөрүндө ибадаттын сообуна
ишенип жана сыйлыгынан үмүттөнүп Алланын ыраазычылыгы үчүн
Тараба намазын окуса ага чейинки күнөөлөрү кечирилет.”272
в) Мукабала (үн чыгарып) окуу жана ыйык Курандын толук
окулуп бҥткөрҥлҥшҥ
Мукабала кайсы бир китепти бирөөнүн үн чыгарып окушу жана
башкалардын аны тыңшап угуусу дегенди билдирет.
Пайгамбарыбыз менен Жебирейил алайхис-салам Рамазан түндө-
рүндө кезектешип Курани Каримди окушучу жана тыңшашчу.
Сакабалардын арасынан хафиз жана аалым болушкан Убайй б.
Кааб, Абдуллах ибн Масуд жана Муаз (Алла баарына ыраазы болсун)
Рамазанда ыйык Куранды толугу менен окуп чыгышар эле. Хафиз бол-
богондор болсо жатка билген сүрөлөрүн окушчу. Ханафий агымынын
имамы Абу Ханифанын (Алла ага ыраазы болсун) Рамазан айында
Курани Каримди алтымыш бир жолу баштан аяк окуп чыккандыгы
айтылып жүрөт. (Меракыйул-Фелах, Теравих бахси)

271
Бакара сүрөсү, 185-аят.
272
Бухарий, Таравих, 1; Муслим, Салатул-Мусафирин, 25.

356
Рамазанда мечиттерде мукабала окуу – пайгамбарыбыз жана са-
кабалары менен Ислам улууларынын жашоо-турмушунан алынган
жакшы адаттардын бири.
7) Кадыр тҥнҥ
Түндөрдүн эң берекелүүсү – Кадыр түнү. Анткени ыйык Куранда
аты эскерилген бир гана түн бар, ал – Кадыр түнү.
Адамзат үчүн “туура жол көрсөтүүчү булак” болгон акыркы
китеп Курани Карим ушул түнү түшө баштаган. Ошондой эле ушул
түнү кылынган ибадат Кадыр түнү болбогон миң айда кылынган
ибадаттан сооптуураак. Кадр сүрөсүндө мындайча буюрулган:

‫ِح ٓ ج ْسر ه ِح ٌ ْسحٍسُم ج ْسٌم ْسل ِب ُۜر ۝ ٌ ْسحٍسُم ج ْسٌم ْسل ِبر ْس ٌد ِبِ ْسٓ ج ْسٌ ِبف‬ٚ ‫ِبجٔ ِهّٰللح ٓ جْٔسز ْسٌٕح ُمٖ ٌ ْسحٍ ِبس ج ْسٌم ْسل ِبر ۝‬
ٓ
‫ ْسُ ِبِ ْسٓ و ِهّٰللِبُمً ج ْسِ ٍلْۙۛ ۝ ص ٌدٌَ۠ۛ ِ٘ب ق ِهّٰلل۪ت‬ٙ‫ح ذِب ِبح ْسِْب رذِب ِهّٰلل ِب‬ٙ‫ـ ح‬ٚ ‫ ِهّٰلل‬ٚ ‫ ٍ ُۜل ۝ ض ِهّٰللن ُمي ج ْسٌٍّ ِبثىسُم‬ٙ‫ع ْس‬
‫جٌلُم ُم‬
‫ل۝‬ ‫ِ ْسٍ ِب ج ْسٌف ْسؿ ِب‬
“Албетте, Биз аны (Куранды) Кадыр түнүндө түшүрдүк. (Эй,
Мухаммед) Кадыр түнүнүн эмне экендигин сен кайдан билмек элең.
Кадыр түнү миң айдан кайырдуураак. Периштелер жана Рух
(Жебирейил) ошол түнү Жаратканынын уруксаты менен ар кандай
иш үчүн (жерге) түшүшөт. Ал түн – тээ таң агарганга чейин
тынчтык-амандык”
Имам Бухарийдин көптөгөн рабаяттарына караганда, Кадыр тү-
нүнүн Рамазандын акыркы он түнүнүн бирөөндө болушу керектиги
ыктымалы күчтүүрөөк. Себеби пайгамбарыбыз Рамазандын бул акыркы
он күнүндө мечитке тигилген кичинекей чатырда транска кирип
(итикаф) өзүн баш-оту менен ибадатка берер эле. Пайгамбарыбыз иба-
дат кылган ал чатырдын бир түрк чатыры болгондугун Муслимин Абу
Саиди-Худриден алынган аңыз кептерден байкоого болот (Муслим
Сыйам, 40).
Пайгамбарыбыздын өткөргөн Кадыр түндөрү жөнүндө айтылып
жүргөн уламыштардын ичинде Рамазандын жыйырма жетинчи түнүнө
байланыштуу уламыш аалымдардын көпчүлүгү тарабынан иргелип
алынып, Кадыр түнү катары белгиленилип келген. Акыйкатта, убакыт-
тын баркын сезип баалай билгендер үчүн кайсы мезгил болбосун
Кадыр түнү өңдүү эле баалуу. Болгону ал убакыттарды алар өздөрүн
жараткан жана чексиз ырыскы ыроологон Алла тааланын ыраазычылы-
гына ээ болуу ниети менен колдонсо жетиштүү.

357
Алланын ышкы отуна кабылгандардын бири болгон Ибн Фариз:
“Улуу Дос менен жолугушар күн жума күнү, ошондой эле, эгер Ак
таала кааласа, бардык түндөр Кадыр түн болот,”  деген сөзү менен
таамай белгилеп кеткен.
Кадыр түнүнүн ибадат менен өткөрүлүшү – чоң сооп. Анткени
бул түнү кылынган ибадат миң ай бою кылынган ибадаттан сооптуу-
раак.
Бул түнгө тиешелүү атайын бир ибадат жок. Бул түнү кылына
турган нерселер ушулар: Куран окуу, намаз окуу, дуба кылуу, күнөө-
лөрүнүн кечирилиши үчүн тооп кылуу жана кечирим суроо. Азирети
Айшага тиешелүү аңыз кептерге караганда пайгамбарыбыз Рамазан
түндөрүн ушул өңдүү ибадаттар менен өткөрчү экен.
Мойнунда намаз карызы болгон кишинин бул түнү жок дегенде
бир күндүк намаздарын каза кылуусу ылайык көрүлөт. Ал ушундайча
карызынан да кутулган болот, кутту түндү да тоскон болот.
Азирети Айша (р.а.) пайгамбарыбыздан: “Оо, Алланын расулу,
Кадыр түнүнө кабылсам кандай дуба кылайын?- деп сурайт. Пайгам-
барыбыз:

‫ ٌد ُم ِبُت ِهّٰللُم‬ٛ‫ ِهّٰللُ ِبئٔ ِهّٰلله ف ِهّٰللُم‬ٙ‫جٌ ِهّٰللٍ ُم‬


‫ ح ْس ُمف ِب ِهّٰلل‬ٛ‫د ج ْسٌع ْسف‬
“Аллахумма иннака афуввун тухиббул-афва фафу анни”
(Аллахым Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң, мени да
кечир) – деп дуба кыл деп буюрат” (Тирмизи, Давет, 84; Ибни Маже, Дуа, 5).
Бул түнгө байланыштуу пайгамбарыбыз мындайча буюрган:

‫ ْس‬ٚ ‫ِ ْسٓ لحَ ٌ ْسحٍس ج ْسٌم ْسل ِبر ج ِبّحًٔنح‬


ٗ‫جقطِبضحذًنح ُم فِبل ٌُٗم ِح ضم ِهّٰلللَ ِبِ ْسٓ ْسٔ ِبر ِب‬
“Эгер ким берекетине ишенип үзүрүнөн үмүттөнүп Кадыр түн
тоссо, мурунку күнөөлөрү кечирилет.”273
8) Диний майрамдар
Бирөө орозо айт (Рамазан), экинчиси курман айт деп аталган эки
диний майрамыбыз бар.
а) Орозо айт (Рамазан майрамы)
Орозо айт Рамазан айынан кийин келген Шаввал айынын бирин-
чи күнү башталып үч күнгө созулат.

273
Бухарий, Таравих, 2; Муслим, Салат, 25.

358
Рамазан айы боюнча орозо кармаган мусулмандар Шаввал айын-
да ыптар кылышат жана майрамдык маанай башталат. Бул майрамга
тиешелүү ибадаттарыбыз битир, садага берүү жана айт намазын окуу
болуп эсептелет. Бул садагалар майрамдан мурда берилиши керек.
б) Курман айт
Курман айт майрамы Ислам календары боюнча Зулхижжа айы-
нын онунчу күнү башталат жана төрт күнгө созулат.
Арапа (айбашы) күнү да майрам күндөрүнө кошулуп бул беш күн
“Ташрик күндөрү” деп аталат. Минтип аталышынын себеби, бул күн-
дөрдө окулган парз намаздарынан кийин такбир айтылышына байла-
ныштуу болгон. Б.а. “Такбир күндөрү” деген маанини билдирет. Бул
такбирлер Арапа күнүнүн багымдат намазынан кийин башталып май-
рамдын төртүнчү күнүнүн дигер намазына чейин 23 маал айтылат.
Курман айттын Арапа жана айт күндөрү Ислам дүйнөсүнүн эң
маанилүү күндөрү болуп эсептелет. Себеби Арапа күнү дүйнөнүн ар
жеринен келген ажы талапкерлери Арафат тоосуна чогулушуп Аллага
жан-дилден берилип таазим кылышып, Андан кечирим жана ырайым
тилешет. Арафат жөрөлгөсү Исламдын биримдик жана боордоштукка
канчалык маани бергендигинин белгиси экендигин айгинелейт.
Исламдын беш негизги ибадатынын бири болгон ажылык жана
курмандык чалуу, ташрик такбирлери жана айт намазы, буларга Арапа
күнү да кошулуп баардыгы Курман айтка тиешелүү ибадаттарыбыз
болуп жаналат.
9) Моолут (Мавлут) тҥнҥ
Моолут төрөт маалы дегенди билдирет. Милад (эра) сөзү да
ушундай эле маанини түшүндүрөт. Моолут пайгамбарыбыздын туулган
түнү үчүн, Милад болсо азирети Исанын туулган мезгилине тиешелүү
өзгөчө бир мезгил катары колдонулган.
Пайгамбарыбыз биздин эранын 571-жылы 20-апрелге туура
келген Рабиул-аввал айынын 12-түнү таңга жуук ыйык Мекке шаарын-
да Дарут Табабиа деп аталган үйдө туулган.
Пайгамбарыбыздын атасы Абдулмутталибдин уулу Абдуллах, ал
эми энеси болсо Вахбдын кызы Амина. Пайгамбарыбызды алгач энеси
эмизди. Кийинчерээк аны Абу Лахабдын азаттык берген күңү Сувайда
да эмизди. Бирок ошондой болсо да пайгамбарыбыздын чыныгы эмчек
энеси Халима болуп эсептелет.
Пайгамбарыбыздын ысымы – Мухаммед. Бул ысымды ага чоң
атасы Абдулмутталиб койгон. Анын эң көп колдонулган белгилүү

359
ысымдары – Мухаммед менен Ахмет. Бул ысымдар ыйык Куранда да
эскерилет.
Мухаммед аты Фатх сүрөсүндө колдонулат. Ахмет аты жөнүндө
болсо Саф сүрөсүнүн 6-аятында төмөндөгүдөй хабар берилет:
“Эстегин, Марйам уулу Иса: “Эй Исраил уулдары! Мен силерге
Алланын элчисимин, менден мурун келген Тооратты ырастап-туу-
ралоочу жана менден кийин келе турган Ахмет аттуу бир пайгам-
бар туураалуу куш кабар берүүчү болуп келдим” – деген эле.
Пайгамбарыбыз төрөлгөнгө чейин азирети Исанын алып келген
дини бузулуп бурмаланган эле. Христиандар бир теңирдүүлүктөн үч
башка кишинин биригишинен пайда болгон Теңирге ишене башташкан.
Араптар болсо таштан, жыгачтан жасалган буттарга сыйынышар эле.
Каабанын ичи-тышы буттарга толуп кеткен болчу. Адамдар ар түрдүү
баалуулуктарын жоготушуп жолдорунан адашкан эле. Алпооз сөздөр
жана адилетсиздик көңүлдөрүн бузуп, Алланын жолунан алысташкан
болчу. Коомдук турмуштун ырааты нугунан тайып, адеп-ахлак түп
тамыры менен бузулган. Аялдар колго түшкөн туткун сыяктуу кордук
көрүшүп, кадыресе буюм сыяктуу алынып сатылышып, кыз балдар
ырайымсыздык менен тирүүлөй жерге көмүлүшчү.
Пайгамбарыбыз мына ушундай бир заманда жарык дүйнөгө кел-
ди. Ал төрөлгөн түндүн таңы чындыгында эле куттуу бир таң болуучу.
Адамзат үчүн жаңы күн чыгып, жарык чачкан жаңы доор башталган.
Кут болуп түшүп Ак жолуна шам болуп жагылган пайгамбары-
быздын туулган күнү  Алланын бүткүл адамзатына ыроологон эң чоң
ырыскыларынын бири. Бул боюнча ыйык Куранда мындайча буюрул-
ган: “Араларынан өздөрүнө Алланын аятын окуган, өздөрүн (күнөө-
лөрүнөн) тазалай турган, өздөрүнө китеп жана хикметти үйрөтө
турган бир пайгамбар жиберүү аркылуу Алла момундарга чоң жак-
шылык кылды.”274
Мына ушул себептен мусулмандар бул куттуу түнгө өзгөчө маа-
ни беришет. Аны ибадат кылуу менен тосууга аракет кылышып, колун-
да жокторду жана багар-көрөрү жок балдарды кубантышат.
10) Ашура кҥнҥ жана орозосу
Ашура – Ислам календары боюнча Мухаррам айынын онунчу кү-
нүнүн аты. Бул сөз эл оозунда ашура деп колдонулууда. Мухаррамдын
онунчу күнү өңдүү эле дан азыктарынан жана мөмө-жемиштин кагынан
жасалган таттуу тамак да ашура деп аталат.

274
Али Имран сүрөсү, 164-аят.

360
Ашура жөрөлгөсүнүн тарыхы өтө терең. Азирети Ибрахимге,
азирети Нухка, ал тургай Адам алайхис-саламга чейин барат. Ушундан
улам диндердин тарыхындагы куттуу күндөрдүн арасынан ашура
сыяктуу тарыхы терең жана түрдүү улуттардын арасында өзгөчө орунга
ээ болгон башка бир куттуу күн жок десек да болот. Б.а. ашура күнү тээ
байыртадан бери ар түрдүү элдер тарабынан диний өңүттөн куттукта-
лып келе жаткан бир күн болуп эсептелет.
Бухарийдин азирети Айша (р.а.) тууралуу уламышына караганда
Исламдан мурунку түркөйлүк доорунда курайшы уруусу ашура күнү
орозо кармаар эле. Пайгамбарыбыз да бул салтты сактап орозо карма-
ган. Ал тургай Мединага көчкөндөн кийин да бул күнү орозосун улант-
кан жана муну кармоону сунуш кылган. Бирок Рамазан орозосу парз
кылынгандан кийин өзү ашура күнү орозо кармоону таштаган. Мындан
кийин ашура күнү мусулмандардын каалаганы орозо кармаган, каала-
ганы кармаган эмес.275 Бул уламыштан, пайгамбарыбыздын Рамазан
орозосу парз кылынганга чейин ашура орозосун кармагандыгын, ал эми
Рамазан орозосу парз кылынгандан соң ашура орозосун ар кимдин өз
эркине койгондугун түшүнүүгө болот.
Пайгамбарыбыз ашура орозосун кармагандыгы үчүн бул орозону
кармоо мустахаб болуп саналат. Ошондой болсо да жүүттөр да бул
күнү орозо кармагандыктан аларды туураган сыяктуу болбош үчүн бир
гана ашура күнү эмес Мухаррам айынын тогузунчу, онунчу күнүндө же
онунчу, он биринчи күнүндө орозо кармоо ыңгайлуу. Ушундан улам
бир гана ашура күнүндө орозо кармоо макүрөө болуп эсептелген.

275
Бухарий, Савм, 69.

361
АНТ (ЙАМИН)
Йамин (ант) сөзү сөздүктө күч-кубат, оң кол деген маанилерди
түшүндүрөт. Диний термин катары айтылган сөздү Алланын атын
эстөө менен бекемдөө.
Анттын тҥрлөрҥ
Анттын үч түрү бар:
1) Йамини гамус: Өткөн же азыркы учурга тиешелүү кандайдыр
бир иш боюнча атайын жалган жерден ант берүү. Бул ант аны айткан
кишини күнөөгө батыргандыгы үчүн ушундайча аталып калган.
Мындай ант берүү чоң күнөө болуп саналат.
Бул өңдөнгөн ант үчүн каффарат кылууга болбойт. Себеби мунун
күнөөсү каффарат кылуу аркылуу кечирилбейт. Тообо кылып Алладан
кылган күнөөсүнүн кечирилишин тилеши керек. Эгерде ошол ант
берүүсүнүн айынан бирөөнүн акысы желсе, ал акыны ээсине кайтарып
берип, анын кечиримин алгандан кийин Алладан кечирим тилөө абзел.
2) Йамини мунакида: Келечекке тиешелүү бир ишти жасоо же
жасабоо үчүн ант берүү: “Кудай урсун, мен бул ишти эч качан жаса-
байм” же “Мен бул ишти жасай турганыма Кудай алдында ант бе-
рем” сыяктуу. Бул түрдөгү берилген ант аткарылбаса, каффарат талап
кылынат. Жасалышы же жасалбашы тууралуу ант берилген бир иш
парз, убажип, күнөө же мубах болсо да, талап кылынган каффарат бир-
дей.
Ал эми “Кудай урсун, бүгүн мен бешим намазын окуйм” деген
сыяктуу ансыз деле кылынышы парз болгон бир ишти жасоо же “Кудай
урсун, мындай кийин мен ичкилик ичпейм” деген өңдүү жасалышы арам
болгон бир нерсени жасабоо үчүн ант берген киши бул антын бузбашы
керек. Пайгамбарыбыз:

ٗ‫ْسع ِب ِب‬ ‫ِهّٰللجا‬ ‫ ِ ْسٓ ٔ ر ج ْسْ ْسع ِب‬ٚ ٗ‫ِ ْسٓ ٔ ر ج ْسْ ُم ِبح ِهّٰللجا ح ْسٌ ُمح ْسِبع ُم‬
“Эгер ким Аллага моюн сунууга сөз берсе (өзүн арнай турган
болсо сөзүндө турсун жана) Аллага моюн сунсун,”276 – деп буюрган.
Эгерде “Кудай урсун, Рамазан айында орозо кармабайм” же
“Кудай урсун, ичкилик ичем” деген сыяктуу динде аткарылышы керек
болгон бир милдетти чануу же жасалышы күнөө болгон бир ишти жа-
соо үчүн ант берсе, дароо берген антын бузуп каффарат төлөөгө тийиш.

276
Бухарий, Айман, 38.

362
Анткени минтип ант берүү күнөө болот. Азирети пайгамбарыбыз
мындайча буюрган:

‫ ْسٌح ْسفع ِبً جٌ ِهّٰلل ِبي‬ٚ ٗ‫ح ْسٍ ُمحى ِهّٰللف ْسِبل ْسٓ ّ ِبح ِبٕ ِب‬ٕٙ‫ ْس ٘ح ْس ًنج ِبِ ْس‬ٜ‫ِ ْسٓ قٍف ٰل ّ ِب ٍ لج‬

‫ ْس ٌد‬ٛ‫ُ٘م‬
“Кимдир бирөө бир нерсеге ант берип бирок башка бирөөнүн
ишин андан кайырдуураак көрсө, дароо ошол кайырдуу ишти кылсын,
антын бузгандыгы үчүн каффарат берсин.”277
Эгер “Кудай урсун, мындан ары напиле намазын окубайм. Кудай
урсун, оорулуунун абалын сурап барбайм” деген сыяктуу мандуп болуу-
чу бир ишти жасабоого же болбосо “намаз окуп жатканда эки жакты
карайм” деген өңдүү макүрөө болуучу бир ишти жасоого ант берсе,
мандуп болгон ишти кылып макүрөө болгонун кылбоо үчүн антын бу-
зуп каффарат бериши туура болот.
Эгерде “Кудай урсун ушул үйгө экинчи кирбейм. Кудай урсун,
ушул тамакты экинчи жебейм” деген сыяктуу мубах болгон бир ишти
жасабоо үчүн ант берсе, анда бул антты бузбашы туура болот.
Каффарат берүүдө анттын атайын эле, же жаңылыштык менен,
же болбосо унутуп, же бирөөнүн кыйноосу менен бузулушунун
айырмасы жок.278
Анттын шарттары
Анттын туура аткарылышы үчүн ант бергенге, ант берилгенге
жана берилген антка тиешелүү бир нече шарттар бар.
а) Ант бергенге тиешелҥҥ шарттар: Ант берген кишиде берген
антынын туура болушу үчүн эки шарт болушу керек. Биринчиси, ант
берген киши акыл-эси ордунда жана эресеге жеткен бирөө болуп ант
берип жаткандыгын билдирүүгө тийиш. Бул боюнча караганда,
баланын, акылынан айныган бирөөнүн жана уйкуда болгон бирөөнүн
берген анты туура болбойт. Экинчиси, ант берген киши мусулман
болушу керек. Каапырдын анты туура болбойт. Анткени анттын
каффараты ибадат болуп саналат. Каапыр болсо ибадат кылуу өкүмүнө
ээ эмес.279

277
Муслим, Айман, 3.
278
Шафий жана Ханбалий мазхабдарында болсо зордук менен буздурулган ант менен
унутуп калып бузулган ант үчүн каффараттын кереги жок.
279
Шафий жана Ханбалий мазхабындагылар ант ичкен кишинин өз эрки менен ант
ичкен болушун шарт коюшат. Бирөөлөрдүн зордугу менен ант ичкен кишинин анты
кабыл болбойт.

363
б) Ант берилген нерселер менен байланыштуу шарттар: Ант
берилген нерселер менен байланыштуу бир шарт бар, ал шарт  ант
берилген нерсенин ант берүү мезгилинде жана аны аткаруу мөөнөтүндө
бар болушу. Ант берүү учурунда жок болгон нерсеге берилген ант ант
катары эсептелбейт. Чакада суу жок болсо деле, “Кудай урсун, мен ча-
кадагы сууну ичпейм” деп ант берген өңдүү.
в) Ант сөзҥ менен байланыштуу шарттар: Ант берүүдө
колдонулууга тийиш болгон сөздөр ушулар:
1) Алланын ысымдарынын ичинен бирөөнҥ атоо менен ант
берҥҥ.
Мубах болуучу ант – “Аллах” сөзү менен берилген ант. Ислам
аалымдары Алланын ысымдарын айтуу менен берилген анттын мубах
болору тууралуу бирдей пикирде. Бул ысымдын “Аллах” жана
“Рахман” сөздөрү өңдүү өзгөчө мааниге ээ болушу менен катар эле,
“Aалым, Aким, Керим, Халим ж.б.” өңдүү орток колдонулган ысым-
дардан болушунун айырмасы жок. Бул орток ысымдар канчалык жара-
тылгандар үчүн колдонулса да, ант берүү мезгилинде бул ысымдар
аталганда Жараткан тууралуу айтылып жаткандыгы түшүнүктүү болот.
Себеби Алладан башкаларга ант берүү жайыз эмес.
Анттын тамгалары
Анттын тамгалары “В”, “Б”, жана “Т” . Валлахи, Биллахи,
Таллахи өңдүү.
2) Алланын сыпаттарынын ичинен бирөөнҥ атоо менен ант
берҥҥ.
Алланын сыпаттары үч бөлүктөн турат:
а) Жалгыз гана Алла таала үчүн колдонулган сыпаттар (Алланын
улуулугу, бийиктиги, барынан жогорулугу үчүн өңдүү). Бул сыпат-
тарды айтуу менен берилген ант өтүмдүү.
б) Аллага жана Алладан башкаларга карата да колдонулган сы-
паттар (Алланын кудурети, күч-кубаты, эрки, ыраазычылыгы, акысы
үчүн өңдүү). Бул сыпаттарды оозго алуу менен берилген ант да өтүм-
дүү.
в) Алла таала менен Андан башкалар үчүн орток болгон жана
көбүнчө Алладан башкалар үчүн колдонулган сыпаттар (Алланын или-
минин акысы үчүн, Алланын ырайымынын акысы үчүн деген өңдүү).
Бул сыпаттарды атоо менен берилген ант ант катары эсептелбейт.

364
Алла жана Анын сыпаттарынан башка сөздөрдү айтуу менен ант
берилбейт. Мисалы, пайгамбар акысы үчүн, Кааба акысы үчүн, Куран-
дын акысы үчүн деген өңдүү.280
Ошондой эле “Алла акысы үчүн” деп берилген ант кабылданат.
Анткен себеби, “Ак, Акы” Алланын ысымдарынын бири болуп эсепте-
лет жана бул сөз аркылуу Алланын бир сыпаты айтылат.281
“Ант берем”, же “Аллага ант берем”, “Ант ичем”, же “Аллага
ант ичем”, “Күбө болом”, же болбосо, “Аллага күбө болом” деген
сыяктуу берилген убадалар да ант болуп эсептелет.
Кимдир бирөө Ислам дининен чыгуу үчүн сөз берсе, б.а. “Экинчи
мындай кылсам жөөт, христиан болоюн, же Исламдан, Алланын
элчисинен, же Курандан алыс турайын, же болбосо каапыр болоюн” 
деп убада берсе, булар да ант берген болуп эсептелет.282
Эгер “Мындай кылсам бул мага арам болсун,” же “Муну жаса-
сам адал болгон нерсе мага арам болсун,”  деп ант берип, кийин кайра
ал антын бузса өз эркине коѐт. Кааласа өзүнө арам кылган нерседен
баш тартат, кааласа каффарат берет.283
Анттын каффараты
Берилген ант бузулган убакта каффарат берүү керек.
Ант жана каффарат менен байланыштуу Курани Каримде
мындайча буюрулган:

ْ‫ٌىِب ْسٓ ُمإج ِب ُم و ْسُمُ ذِبّح ِهّٰللم ْسلضُم ُمُ ْسجا ْسّح‬ٚ ُ‫ ج ْسّح ِبٔى ْسُم‬ٝٓ ٛ‫جا ذِبحٌ ِهّٰللٍ ْسغ ِب‬
‫ا ُمإج ِب ُم و ُمُمُ ِهّٰلل ُم‬
ٚ‫ ْسُ ج ْس‬ٙ‫ضُم ُم‬ٛ‫ و ْسِبض‬ٚ‫ْ جْ٘سٍحى ْسُمُ ج ْس‬ّٛ‫ص ِبط ِح ضُم ْس ع ُمِب‬ٚ‫ى ِهّٰللفحرضُمُٗم ٓ ِبج ْسطعح ُمَ غل ِبز ِضحو ِبِ ْسٓ ج ْس‬
ُُۜ‫ْسُتل ُمل رلر ٍ ُۜس ّ ْسٓ ٌ ْسُ ِبَي ْسل ِب حح ُمَ غٍػ ِبس ج ِهّٰلل ٍحَُۜ ٌِبه و ِهّٰللفحر ُمز ج ْسّح ِبٔى ْسُمُ ِبج ج قٍ ْسف ُمط ْس‬

‫جٓ ج ْسّحٔى ْس ُُۜمُ و ٌِبه ُمر ِهّٰللِب ُم ِهّٰلل ُم‬ٛ‫جقفظُم‬


ْٚ‫جا ٌى ْسُمُ ج حضِبٗ ٌع ِهّٰللٍى ْسُمُ ض ْسغى ُمُمل‬ ‫ ْس‬ٚ

280
Маликий, Шафий жана Ханбалий мазхабдарында Куран үстүнө ичилген ант ант
болуп саналат.
281
Имам Абу Ханифа, Имам Мухаммед жана Имам Абу Юсуфтан бир уламыш боюнча
“Алла акысы үчүн” ичилген ант ант болбойт.
282
Маликий, Шафий жана Ханбалий мазхабдарында бул сөздөр ант болбойт. Анткени
бул сөздөрдө Алла тааланын ысмы менен сыпаты айтылууда. Бул сөздөр менен ант
ичүү күнөө болуп саналат.
283
Шафий жана Маликий мазхабдарында бул ант эмес жана мындан улам эч нерсенин
кереги жок.

365
“Алла оозуңардан байкоосуздан чыгып кеткен ант үчүн силер-
ди жоопко тартпайт, бирок атайылап берген антыңар үчүн (Эгер
ошол антты бузсаңар) жоопко тартат. Мунун каффараты – үй-
бүлөңөргө берген орточо өлчөмдөгү тамак-аштан он кембагалга
берүү, же аларды кийим-кече менен камсыз кылуу, же болбосо бир
кулду азаттыкка чыгаруу. Буларды таба албаган адам үч күн орозо
кармоого тийиш. Берген антыңарды бузган учуруңарда анын
каффараты ушундай болот. Антыңарды (бузуудан) сактангыла.
Алла силерге аяттарын ачык-айкын баяндайт. Шүгүр кыласыңар го
деп үмүттөнөм.”284
Курандын аяты боюнча анттын каффараты кулду азат кылуу, он
кембагалга эртең менен кечинде орто деңгээлде тамак берүү, же баш-
тан аяк толук кийим-кече менен камсыз кылуу болуп саналат. Буларды
кыла албаган киши үч күн катары менен орозо кармайт.
Каффарат берилген ант бузулгандан кийин берилет. Каффаратты
ант бузула электе берүү туура эмес. Каффараттын берилиши үчүн бел-
гилүү бир убакыт жок. Ант бузулган соң мүмкүнчүлүк болору менен
берилүүгө тийиш.
Каффаратты берүүдө колунда бар бирөө жогорудагы үч жолдон
кайсынысын кааласа ошол жол боюнча берет. Бул жолдордон үчөөнүн
бирөөсү боюнча бергенге да чамасы жетпесе убакыт өткөрбөстөн үч
күн орозо кармайт. Он кембагалга тамак-аш берүүнүн ордуна бирден
битир-садага берсе да болот. Бир кембагалга он күн боюнча эртең
менен кечинде тамак берүүгө, же бир кембагалга он күнгө толуктап күн
сайын бирден битир берсе да болот.
Кийим-кече жөнүндө айта турган болсок, эң азы адамдын тулку
боюн толук жаба тургандай абалда болууга тийиш.
3) Йамини лагв (Негизсиз берилген ант): Өткөн же азыркы
учурга таандык бир иш үчүн чындыгын ырастабай туруп эле ага карата
берилген ант. Мисалга алсак, Акмат менен сүйлөшкөндүгү чын болсо
да сүйлөшкөн жокмун деген ой менен “Кудай урсун, Акмат менен
сүйлөшкөн жокмун” деп касам ичип карганган сыяктуу.
Ислам аалымдары мындай ант үчүн каффарат берүүнүн кереги
жок экендиги тууралуу бирдей көз-карашта. Минтип ант берген киши-
нин кандайдыр бир жаман ниети болбогондугу үчүн Алла тааланын
аны кечиреринен үмүт кылышат.

284
Маида сүрөсү, 89-аят.

366
НАЗИР (АТОО)
Назир – бир кишинин аткарууга милдеттүү болбосо да, парз же
убажип түрүнө кирген бир ибадатты аткара турганын убада кылышы
жана Алла таалага сөз бериши.
Назирдин шарттары
Бир назирдин дин боюнча туура болушу үчүн назир айткан
кишиде жана айтылган нерседе айрым шарттар болушу керек.
а) Назир айткан кишиде болушу керек болгон шарттар
1) Мусулман болуу.
2) Акыл-эстүү жана эрезеге жеткен болуу.
Баланын жана акыл-эси кем кишинин назирлери эске алынбайт.
Анткени булар эч бир диний өкүм-жободон милдеттүү эмес.
б) Назир айтылган нерседе болушу керек болгон шарттар
1) Назир айтылган нерсенин чындап эле мүмкүн болушу жана
дин тарабынан кабылданган болушу.
Мисалы, “Түнкүсүн орозо кармоо назирим болсун”, же болбосо
“Этек кирим келген күндөрдө орозо кармоо назирим болсун” деп
айтпоо сыяктуу. Түнкүсүн орозо кармалбагандай эле, этек кири келип
жаткан аялдын орозо кармашы да дин тарабынан ылайык көрүлгөн
эмес жана жайыз да болбойт.
2) Назир айтылган нерсенин бир ибадат түрү болушу керек. Иба-
дат болбогон нерсени багыштоо туура эмес. Мисалы, “Арак ичүү нази-
рим болсун”, же болбосо “Баланчаны уруу назирим болсун” деп айтуу
сыяктуу. Пайгамбарыбыз:
‫ ا ِبحّح ا ْسٍّ ُم‬ٚ ‫ا ٔ ْس ر ِب ِ ْسع ِب ح ٍس‬
َ ‫ِبه جذْس ُمٓ ج‬
“Алла таалага моюн сунбоо үчүн назир айтылбайт. Ошондой эле
адам баласынын колунан келбеген бир нерсеге айтылган назир да назир
болбойт,”285 – деп буюруп, Алла таалага моюн сунбаш үчүн назир
кылынбай турганын билдирген.
3) Назир айтылган нерсе парз же убажип түрүнө кирген бир иба-
дат болушу керек. Намаз, орозо, ажылык, садага, итикаф, курмандык
чалуу сыяктуу ибадаттар назир боло алат. Бирок сооп болгон жана ата-
йы максат кылынган бир ибадат болбогон, оорулууларды зыярат этүү,
жаназаны узатуу, даарат алуу, кусул даарат алуу, мечитке кирүү, моо-
лут окутуу жана ушуга окшогон нерселерди назир кылуу туура эмес.286

285
Муслим, Нузур, 3; Абу Давуд, Айман ван-Нузур.
286
Шафий мазхабында болсо мустахаб болгон бардык иштер назир айтыла берет.

367
4) Багышталган мүлктүн багыштоо учурунда багыштаган киши-
нин менчигинде болушу, же болбосо назирдин мүлккө же мүлк себеби-
не кошулган болушу. Бул боюнча ээ болунбаган бир мүлктү садага
катары багыштоо кабылданбайт.
5) Назир айтылган нерсе айткан кишиге мурдатан парз же убажип
болбошу керек. Маал намаздары, Рамазан айы орозосу, парз болгон
ажылык жана убажип болгон курмандык чалуу сыяктуу бир ибадат
назир айтыла турган болсо, бул да жарабайт. Анткени назир айткан
киши ансыз да буларды аткарууга милдеттүү.
Күмбөздөргө шам жагуу, чүпүрөк байлоо, короз союу, момпосуй
жана халва таратуу сыяктуу назир салттарынын да динде орду жок.
Назирдин тҥрлөрҥ
Назирлер жалпысынан көз каранды жана көз карандысыз болуп
экиге бөлүнөт.
а) Мутлак (көз каранды эмес) назирлер
Кандайдыр бир шартка байланыштуу болбогон назирлер. “Алла
тааланын ыраазычылыгы үчүн мынча күн орозо кармаймын”, же
болбосо “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн курмандык чаламын”
сыяктуу.
б) Мукаййад (көз каранды) назирлер
Кандайдыр бир шартка байланыштуу болгон назирлер. “Алла
таала оорукчан тууганыма шыпаа берсе, баланча киши келсе”, же
болбосо “Балам окуусун бүтүрсө, бир курмандык чаламын” сыяктуу.
Назирдин бул түрү да экиге бөлүнөт:
Биринчиси – ишке ашышы жүрөк каалаган бир шартка байла-
ныштуу болгон назир. Жогорудагы мисалдарда болгондой. Назир
айткан киши шарттын ишке ашышын жана Алла таала ыраазычылыгы
үчүн айткан ибадатын орундоону каалайт.
Экинчиси – ишке ашышы жүрөк каалабаган бир шартка байла-
ныштуу болгон назир. “Баланча менен сүйлөшсөм, жалган айта тур-
ган болсом он күн орозо кармайын” сыяктуу. Мындай назир айтуунун
максаты ибадат эмес, адамдын кандайдыр бир ишти аткарып аткарбоо
боюнча өзүн-өзү текшериши. Бул түргө кирген назирлер бир түр ант
болуп да саналат.
Назирдин өкҥм-жобосу
Эгерде назир кылынган нерсенин аты аталган болсо, назир кан-
дай түргө кирсе да, орундалышы – убажип.
Айткан киши “назирим болсун”, же болбосо “эгерде мынабу
ишти аткарсам, назирим болсун” деп, эмнени назир кылганынын атын
атаган болсо, ниет кылган нерсесинин орундалышы убажип болот.

368
Эгерде назир кылган кишинин кандайдыр бир ниети болбосо
(буга белгисиз назир деп айтылат), ант каффараты төлөшү керек. Пай-
гамбарыбыз да:

‫و ِهّٰللفحر ُمز جٌِٕهّٰلل ْس ِبر و ِهّٰللفحر ُمز ج ْسٌحّ ِب ِب‬


“Назирдин каффараты – ант каффараты,”287 – деп буюрган.
Назир белгисиз болуп, айткан киши да орозого ниет кылса, бирок
канча күн экендигин айтпаса, үч күн орозо кармоого тийиш. Эгерде
“назирим болсун” деп тамак жедирүүгө ниет кылса, бирок канча
кишиге экендигин белгилебесе, анда он жакыр кишини эртең мененден
баштап кечке чейин тойгузушу керек.
Назирдин өкҥм-жобосу качан туруктуу болот?
Назир белгилүү бир мөөнөткө жана шартка байланыштуу кы-
лынбаган болсо, айтылары менен карыз болот жана дароо орундалышы
мустахаб болот.
Эгерде назир белгилүү бир шартка байланыштуу болсо, мисалы,
“Эгерде Алла таала оорукчан тууганыма шыпаа берсе, бир ай орозо
кармоо назирим болсун” деп айтылган болсо, оорукчан тууганы айык-
канда, бир ай орозо кармашы убажип болот.
Шарт али ишке аша электе, мисалда көрсөтүлгөндөй оорулуу
киши айыга электе орозо кармай турган болсо, бул жарабайт, напиле
болот. Оорулуу айыккандан кийин кайрадан кармалышы керек. Бул –
назирдин ишке ашышын жүрөк каалаган бир шартка байланыштуу
болгон учурда ушундай.
Назирдин ишке ашышы жүрөк каалабаган бир шартка байла-
ныштуу болсо, “жалган айтсам 15 күн орозо кармоо карызым болсун”
сыяктуу шарт ишке аша турган болсо, назир айткан киши каалаганын
кылат. Кааласа айткан нерсесин орундатат, башкача айтканда, 15 күн
орозо кармайт. Кааласа ант каффаратын берет.
Эгерде назир айтылып жатканда, кандайдыр бир жер аталган
болсо (“Баланча жерде эки ирекет намаз окуу”, же болбосо “баланча
жердеги жакырларга садага берүү назирим болсун” сыяктуу), бул
назирдин ал жерде орундалышы шарт эмес. Кандайдыр бир жерде эки
ирекет намаз окуу жана кандайдыр бир жердеги жакырларга садага
берүү менен назир орундалган болот.
Ушул сыяктуу эле, Харам мечитинде эки ирекет намаз окууну
назир кылган киши башка бир жерде да намазын окуса, назири орун-
далган болуп эсептелет.

287
Муслим, Нузур, 5; Абу Давуд, Айман ван-Нузур.

369
Эгерде назирдин орундалышы келечектеги бир мезгилге байла-
ныштуу болсо (“Ражаб айында ороз кармоо назирим болсун” сыяк-
туу), анда бул назирдин убактысы  назир айтылган мезгил. Бирок
муну мурунтан да орундаса болот.288
Эгерде назирдин мезгили белгисиз болуп, айткан кишинин да бир
ниети болбосо (“Бир ай орозо кармоо назирим болсун” сыяктуу),
аалымдардын көпчүлүгүнүн пикири боюнча мезгилге байланыштуу
болбогон көз каранды эмес назирде болгондой, бул назирди айткан
киши каалаган мезгилинде орундай алат.
Эгерде назирдин мезгили белгилүү болсо (“Эртең орозо кармоо
назирим болсун” сыяктуу), кандайдыр бир себеп болбосо, кечиктирил-
бестен назирдин учурунда орундалышы убажип болот.
Курмандык назир кылуу
Курмандык чаламын деп айтылган назирлердин туура болушу
үчүн айтылган малдын курмандыкка чалынышы жайыз болгон жаны-
барлардан болушу шарт.
Назир курмандыгы
Назир үчүн курмандык экиге бөлүнөт:
1) Эч нерсеге көз каранды болбостон айтылган назирлер.
Бир киши “Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн курмандык чала-
мын” деп назир айтса, курмандык чалууга милдеттүү болуп калат жана
бул назирди каалаган мезгилинде орундата алат.
2) Бир нерсенин ишке ашышына, же ашпашына байланыштуу
айтылган назирлер.
Мисалы, “Оорукчан жакыным айыгып кетсе, Алла тааланын
ыраазычылыгы үчүн курмандык чалам” деп назир кылган киши оору-
луу жакыны айыкканда, курмандык чалууга милдеттүү болуп калат.
Айткан иши али ишке аша электе курмандык чалышы туура эмес.
Назир курмандыгы үчүн да курмандык катары чалына турган
жаныбарлар гана союулушу керек. Тоок, короз сыяктуу үй канаттуу-
лары назир курмандыгы катары эсептелбейт.
Назир үчүн союлган малдын этинен назир айткан кишинин өзү,
күйөөсү же аялы, ата-энеси, балдары жана неберелери жегенге болбойт.
Ошондой эле жетиштүү санда мал-мүлкү болуп, бай деп эсептелгендер
да жей алышпайт. Назир үчүн союлган курмандыктын этинин баары
колунда жокторго таратылышы керек.

288
Имам Мухаммед болсо садага сыяктуу мал-мүлктүк ибадаттарда ушул пикирге
кошулганын, ошондой эле орозо жана намаз сыяктуу денелик ибадаттарда төлөө
убактысынын белгиленген убакыт болгонун айткан.

370
ҤЧҤНЧҤ БӨЛҤМ
АДАЛДАР ЖАНА
АРАМДАР
АДАЛДАР ЖАНА АРАМДАР
Адал: Жасалышына жана желип-ичилишине дин тарабынан ты-
юу салынбаган нерсе дегенди түшүндүрөт.
Арам: Жасалышына жана желип-ичилишине дин тарабынан то-
лук тыюу салынган нерсе болуп саналат.
Бул аныктама боюнча адал болгон нерсе арам болбойт, ошондой
эле, арам болгон нерсе да адал боло албайт. Алла таала жараткан бар-
дык нерседе негизги нерсе – адал жана мубах болуу. Арам экендиги
билдирилгендерден башка эч бир нерсе арам эмес. Арам болгон нерсе-
лер саналуу жана чектүү гана болуп, алардан сырткаркы нерселердин
бардыгы адал болуп эсептелет.
Алла таала жакшы, таза жана адамдын ден-соолугуна пайдалуу
болгон нерселерди адал, ал эми жаман, булганыч жана зыяндуу болгон
нерселерди арам кылган. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ ْس ُُۜ لُم ْسً جُمقِب ِهّٰللً ٌى ُمُمُ جٌ ِهّٰلل ِبحِهّٰللر ُم‬ٙ‫ٔه ِح جٓ جُمقِب ِهّٰللً ٌ ُم‬ٍٛ‫ْسض ُم‬
ْۙ‫حش‬
“Өздөрү үчүн кайсыл нерселердин адал кылынганын сенден су-
рашат, (ошондо) мындай дегин: “Жакшы жана таза нерселердин
бардыгы силерге адал кылынган.”289
Алла тааланын адал кылган нерселерин адал, ал эми арам деп
билдиргендерин арам катары кабыл алыш керек. Алла тааланын адал
кылган нерселерин арам деп, арам катары билдирген нерселерин болсо
адал деп кабыл алуу динден чыгуу болуп саналат. Ыйык Куранда мын-
дай деп буюрулган:

‫جُۜ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا ا ُمُي ِهّٰللُم‬ٚ‫ا ض ْسعط ُمل‬ٚ ُ‫جا ٌى ْسُم‬
‫ِبد‬ ‫ج ط ِبحِهّٰللر ِب‬ِٛ‫ج ا ُمُت ِب ِهّٰللل ُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫حش ِح ٓ جق ِهّٰللً ِهّٰلل ُم‬
ٓ ‫ج ْسٌ ُمّ ْسعطل‬
“Оо, момундар! Алланын силерге адал кылган жакшы жана
таза нерселерин арам кылбагыла. Аша чаап кетпегиле. Алла аша
чапкандарды сүйбөйт.”290
‫ج ٰل ِهّٰلل ِب‬ٚ‫٘ ج قلج ٌدَ ٌِبط ْسفَتُم‬ٚ ‫ج ٌِبّح ض ِب ُمف ج ْسٌ ِبضٕ ُمطى ُمُمُ ج ْسٌى ِب خ ٘ ج ق ٌدي‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫ا ضمُم‬ٚ
‫جا‬
ُْۜٛ‫جا ج ْسٌى ِب خ ا ُم ْسفٍ ُمِبك‬
‫ْ ٰل ِهّٰلل ِب‬ٚ‫ج ْسٌى ِب خُۜ ِبج ِهّٰللْ جٌ ِهّٰلل ٓ ْسفَتُم‬
289
Маида сүрөсү, 4-аят.
290
Маида сүрөсү, 87-аят.

372
“Тилиңердин жалган деп көрсөткөн нерселери тууралуу: “Бул
адал, бул болсо арам” – деп айтпагыла. Анткени (минтип айтканы-
ңарда) Алланын алдында жалган айткан болосуңар. Эч шексиз,
Алланын алдында жалган айткандар жыргалчылыкка жете
алышпайт.”291
Арамдын тҥрлөрҥ
Түпкүлүгүндө арам болгон нерсе “түздөн-түз арам” (харам
лиайнихи) деп айтылат. Мисалы, чочконун эти жана шарап сыяктуу.
Түпкүлүгүндө адал болуп, бирок сапаты жагынан арам болгон
нерсе болсо “кошумча арам” (харам лигайрихи) деп айтылат. Мисалы,
уурдалган бир кой же нан түпкүлүгүндө адал нерселер. Бирок башкага
таандык болгону жана ээсинин уруксатысыз алынганы үчүн арам болуп
эсептелет.
Адал жана арам кылган – Алла таала
Бир нерсени адал кылган да, арам кылган да – Алла таала. Ал эч
кимге арам кылуу укугун берген эмес. Бул маселе маанилүү болгондук-
тан Ислам аалымдары арам болгондугуна байланыштуу так далилден-
беген эч бир нерсени арам деп айтышкан эмес, анын ордуна “жагым-
дуу эмес, начар” сыяктуу сөздөрдү айтууну туура көрүшкөн. Анткени
Алла таала мындай деп буюрган:

‫ج‬ٛ‫ْسق لُم ْسً ِ٘ب ِبٌ ِهّٰللٍ ٓ جُِٕم‬ ‫جٌ ِهّٰلل ِبحِهّٰللر ِب‬ٚ ٖ ‫ِت ج ْس لؼ ِبٌعِبرح ِب‬
‫حش ِبِٓ ِب ِهّٰلل‬
ُۜ ‫جٌلز ِب‬ ‫لُم ْسً ِ ْسٓ ق ِهّٰلللَ ز ٕس ِهّٰلل ِب‬
ٓ ‫جا جٌ ِهّٰلل‬
ّْٛ‫ ٍَ ْسعٍ ُم‬ٛ‫حش ٌِبم ْس‬‫َ ج ْسٌمِبحّ ِب ُۜس و ٌِبه ُٔمف ِب ِهّٰلل ُمً ْسجا ِب‬ٛ‫ ِبز جٌ ِهّٰللُملْٔسحح ح ِبٌ س ًن ْس‬ٛ‫ِب ج ْسٌكح‬
“Айт: “Алланын пенделери үчүн чыгарган (жараткан) кооз-
дуктарын жана сонун ырыскыларын ким арам кылды?” Айт: Алар
дүйнөлүк жашоого ишенгендердики. Ал эми кыямат күнүндө тек
гана момундардыкы. Мынакей, билгендер үчүн аяттарды мындайча
түшүндүрөбүз.”292
ٓ ُۜ ‫ق ًن‬ٚ ‫لُم ْسً جرج طُ ِح ٓ جْٔسزي ِهّٰللجا ٌىُمُ ِبِٓ رز ٍْسق ؿع ْسٍطُ ِبِٕٗ قلجِح‬
‫ا لُم ْسً ج ِهّٰلل ُم‬
ُ‫ا ج ِب ْ ٌى ْسُم‬ ‫ًن‬ ‫ُم ْس ْس ُم‬ ‫ُم ْس ْس ِب‬ ‫ْس ُم ْس‬
‫ج ْسَ ٰل ِهّٰلل ِب‬
ْٚ‫جا ض ْسفَتُم‬

291
Нахл сүрөсү, 116-аят.
292
Аьрааф сүрөсү, 32-аят.

373
“Деп айт: Алланын силерге түшүргөн ырыскысынын бир бөлү-
гүн адал, бир бөлүгүн да арам кылганын көрбөй турасыңарбы? Айт:
Алла силерге уруксат бердиби, же болбосо Аллага жалаа жаап
жатасыңарбы?”293
Зарылдыктар арамдарды мубах кылат
Ислам дини – жеңилдиктердин дини. Бир киши аргасыздыктан
улам арам болгон бир нерсени жесе, же болбосо бир ишти аткарууга
мажбур болсо, аны адал деп эсептебөө шарты менен мажбур болгон
муктаждыгына керектей турганчалык арам болгон нерседен пайдаланса
болот, бул күнөө болуп эсептелбейт. Ыйык Куранда мындай деп
буюрулган:

‫جض ُم ِهّٰللل‬ ‫ِح ٓ جُمِ٘ب ِهّٰللً ذِبٗ ٌِبغ ْس ِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ٌ ْسكُ ج ْسٌ ِب ْسن ِبل‬ٚ َ‫جٌ ِهّٰللل‬ٚ ‫ِبجٔ ِهّٰللّح ق ِهّٰلللَ ٍ ْسحى ُمُمُ ج ْسٌّ ْسحطس‬
‫جا ّ ِبٓ ْس‬

‫رٌد رق ٌد‬ٛ‫ا ح ٍ ٓ ِبج ْسغُ ٍ ْسح ِب ُۜٗ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا فُم‬ٚ ٍ ‫ْس ذح‬
ُ‫ح‬
“Алла силерге өз ажалы менен өлгөн малдын, канды, чочконун
этин жана Алладан башкасына аталып союлган малды гана арам
кылды. Кимде-ким булардан жегенге мажбур болсо, пайдаланбастан
жана зарылдык өлчөмүн ашпастан жесе, күнөө болбойт. Эч шек-
сиз, Алла абдан кечиримдүү жана коргоочу.”294
Мажбур жагдайлардан сырткары арам болгон нерселерден
сактануу керек..
Тамак-аш жана ичимдиктердин ичинен адал жана арам
болгондор
А) Тамак-аштардын ичинен арам болгондор
1) Өлҥмтҥк: Өз ажалы менен өлүп калган жаныбар.
Муунуп өлгөн, таш, таяк жана ушул сыяктуу бир нерсе менен өл-
түрүлгөн, бийик жерден учуп, же башка бир айбан тарабынан жара
сүзүлүп өлгөн жана жырткыч айбандар же алгыр куштар тарабынан
өлтүрүлүп тарпы калган жаныбарлар да өз ажалы менен өлгөн болуп
эсептелип, эти желбейт. Ал эми булар өлө электен мурун мууздала
турган болсо эти желет.
2) Кан: Өзүнүн жол-жобосу менен союлган малдын денесиндеги
кандын көп бөлүгү сыртка агып чыгат. Мына ушул аккан кан желбейт.

293
Юнус сүрөсү, 59-аят.
294
Бакара сүрөсү, 173-аят.

374
Бирок өт жана боор сыяктуу органдарда калган кан акпагандыктан бу-
лар менен бирге желе берет.
3) Чочконун эти: Жогоруда түшүндүрүлүп кеткендей, Алла
таала булганыч жана зыяндуу нерселерди арам кылган. Чочко да –
булардан бирөө.
Чочко булганыч азыктарды абдан жакшы көргөндүктөн анын
денесинде көптөгөн микроп бар. Бул микроптордун эң негизгилери –
тришин жана теня. Булар адамдын ден-соолугу үчүн абдан кооптуу.
Чындыгында азыркы медицина илиминде да чочконун этинин бардык
климаттарда, өзгөчө ысык аймактарда адамдын ден-соолугу үчүн абдан
зыяндуу экендиги аныкталган.
Чочконун этинин арам кылынышы ушул жана ушуга окшогон
учурдагы айрым белгилүү себептер менен гана чектелүү эмес. Балким,
келечекте билине турган дагы башка бир нече себептери болушу мүм-
күн. Ал тургай билинбей турган себептери да болушу ыктымал. Бирок
биздин так билген жана ишенген бир несебиз бар, ал – Алла тааланын
арам кылган нерселеринин биз үчүн зыяндуу болушу.
4) Алла тааладан башкага аталып союлган мал: Ар бир жан-
дууну жараткан – Алла таала, ошондой эле, өлтүргөн да – Өзү. Ал
жаныбарларды адамдардын пайдаланышы үчүн жараткан. Адамдар
этин жана терисин пайдаланыш үчүн малды союп жатканда Жаратуу-
чусунан уруксат алууга тийиш. Жаратуучусунун атын атап союу Андан
уруксат алуу дегенди билдирет. Ал эми унутуп калып “бисмилла” айт-
паса андан зыян болбойт. Ал эми малды союп жатканда Алла тааладан
башканын аты атала турган болсо, анда ал малдын эти желбейт.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган: “Өлүмтүк, кан, чочко-
нун эти, Алладан башкасына аталып мууздалган, муунуп өлгөн,
атып өлтүрүлгөн, бийик жерден учуп өлгөн, сүзүлүп өлгөн, ит-куш
жеген малдар (өлө электе жетишип мууздагандарыңардан сырт-
кары), буттардын үстүндө мууздалган малдар жана төлгө октору
менен таалай издөө силерге арам кылынган...”295
Жогоруда жазылгандардан сырткары желиши адал жана арам
болгон кургакта жана сууда жашоочу жаныбарлар менен канаттуулар
“Малдын союлушу” бөлүмүндө көрсөтүлгөн. Ошол бөлүмдөн караса-
ңар болот.
Б) Ичимдиктердин ичинен арам болгондор
1) Ичкилик: Ичкенде адамдын башын айлантып мас кыла турган
ичимдик. Анын аз же көп ичилишинин айырмасы жок.

295
Маида сүрөсү, 3-аят.

375
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ً‫ ْسجازْسا ُمَ ِبر ْسؾ ٌدش ِبِ ْسٓ ّ ِب‬ٚ ‫حخ‬ ‫ ْسجا ْسٔ ُم‬ٚ ‫ج ْسٌّ ْسح ِبض ُمل‬ٚ ‫جٓ ِبجٔ ِهّٰللّح ج ْسٌ ْسّ ُمل‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ُ‫ ِبل ذ ْسحٕى ُمُم‬ٛ‫ْ ۝ ِبجٔ ِهّٰللّح ُمل ُمل جٌغِهّٰلل ْسح ح ُمْ ج ْسْ ُم‬ٛ‫ ُمٖ ٌع ِهّٰللٍى ْسُمُ ضُم ْسفٍ ُمِبك‬ٛ‫حؾطٕ ُمِبر‬
‫جٌغِهّٰلل ْسح حِْب ْس‬
‫ ُم ِهّٰلللو ْسُمُ ْسٓ ِب ْسو ِبل ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ج ْسٌّ ْسح ِبض ِبل‬ٚ ‫ ج ْسٌ ْسّ ِبل‬ٝ‫ج ْسٌر ْسغضحٓء ِب‬ٚ ‫ز‬ٚ‫ج ْسٌعلج‬
ً‫ ْس‬ٙ ‫ ِبز‬ٍٛ ‫ ِبٓ جٌ ِهّٰلل‬ٚ ‫جا‬
‫۝‬ ْٛٙ‫ج ْسٔ ُمط ْسُ ُمِ ْسٕط ُم‬
“О, ыйман келтиргендер! Шарап, кумар, таш буркандар
(буттар) төлгө жана (оңой жол менен пайда табуу) жебелеринин ар
бири – шайтандын ыплас иши. Булардан оолак болсоңор түбөлүк
жыргалга жетесиңер. Шайтан ичкилик жана кумарга азгыруу жо-
лу менен ортоңорго от жагып кастык жаратып Алланы унуттур-
гусу келет. Эми алардан баш тартасыңар, туурабы?”296
Аятта ичүүгө тыюу салынган ичкилик катары бир гана шарапты
белгилесе да пайгамбарыбыз:

َ‫ و ِهّٰللُمُمً َخْس ٍل قلج ٌد‬ٚ ‫و ِهّٰللُمُمً ُمِ ْسضىِب ٍل َخْس ٌدل‬


“(Адамды) мас кылган бардык нерсе – шарап. Ал эми бардык
шарап – арам.”297 – деп буюруп адамды мас кылган бардык ичкиликтин
шарап сыяктуу эле арам экендигин белгилеген. Пайгамбарыбыз:

َ‫ِح ج ْسصىل و ِبػ ُم ُمٖ مٍ ِبح ُمٍ ُمٗ قلج ٌد‬


“Көп ичсе мас кыла турган ичкиликтин азы да арам болот”298 –
деп өкүм кылып мас кыла турган бардык ичкиликтин арамдык жагынан
эч кандай айырма болбой тургандыгын айткан.
Ичкилик – арам нерсе. Анткени анын көптөгөн зыяндуу жактары
бар. Ичкилик адамдардын ортосуна от коюп бири-бири менен кас-
таштырат. Ыйык Куранда ичкилик жана кумардын зыяндуу жактары
жөнүндө сөз болгондо: “Шайтан ичкилик жана кумарга азгыруу
жолу менен араңарга кастык отун тутандырып, силерди Алланы
эскерүүдөн жана намаздан биротоло кол үздүргүсү келет,” – деп
белгиленет.

296
Маида сүрөсү, 90-91-аят.
297
Муслим, Ашриба, 7.
298
Тирмизий, Ашриба, 3; Абу Давуд, Ашриба.

376
Ичкилик адамдын акылын башынан алат. Ден-соолугуна да терс
таасирин тийгизип, ашказан, боор өңдүү ички организмдерди жабыр-
катуу менен дененин иштөө функциясын бузат. Эбегейсиз көп жоготуу-
ларды алып келген жана нечендеген адамдардын өмүрүнө залакасы
тийип канчасынын майып болуп калышына себепкер болгон жол кыр-
сыктарынын көпчүлүгү ошол ичкилик ичип алып автомобиль айдоонун
кесепетинен келип чыгат.
Ичкилик адамдардын нерв системасын да жабыркатып, коомдо
ар кандай кылмыштардын жасалышына түрткү болот. Ичкилик – үй-бү-
лөлүк жашоо түйшүгүн токтотуп, аны биротоло кыйратуучу нерсе. Ич-
килик ичкен бир киши аялынын жана балдарынын бакубат жашоосуна
жолтоо болот жана анын айынан ар кандай араздашуулар келип чыгып,
аягы ажырашууларга барып, үй-бүлөнүн куту качып, берекеси кетет.
Ошон үчүн пайгамбарыбыз:

‫ح ج ُم ِهّٰللُمَ ج ْسٌ رحتِب ِبع‬ٙ‫ج ج ْسٌ ْسّل ِبحٔ ِهّٰلل‬ٛ‫ِبج ْسؾطٕ ُمِبر‬
“Ичкиликтен сактангыла. Анткени ал – бардык ыпластыктар-
дын энеси.”299 – деп буюрган.
Ичкилик менен дарылануу
Ислам аалымдары ичкиликти дары катары пайдалануунун да
арам экендигин айтышкан.
Тарык б. Сүвейд эл-Жуфи пайгамбарыбыздан шарапты жасоого
болуп болбой тургандыгы жөнүндө сурайт. Пайгамбарыбыз ага шарап-
ты жасоого тыюу салынарын айтат. Тарык ага:
– Мен аны дарычылык үчүн жасап жатам,– дейт. Анда
пайгамбарыбыз:
– Ал дары эмес, дарт!300 – деп жооп берет.
Бирок ошондой болсо да мейли ичкилик болсун, мейли арам деп
эсептелген башка нерселер болсун алардын бүгүнкү күндө айрым
ооруларга пайдасы тие тургандыгы белгилүү. Андыктан эгер башка
дары жок болсо, андай учурда арам болгон нерсе менен дарылануу
жайыз болуп эсептелет.
Атыр сууларды колдонуу
Мас кыла турган бардык ичкиликтердин арам экендиги жогоруда
айтылды. Шараптын азы да, көбү да – арам, ошондой эле, ал ыплас

299
Жамиулусул фи Ахадисир-Расул, 5-том, 103-бет.
300
Муслим, Ашриба, 3.

377
нерсе катары да каралат. Ал денеге, кийим-кечеге, же болбосо жай
намазга жугуп калса, аны тазалабай туруп окулган намаз кабыл
болбойт. Анткени жараткан Алла ыйык Куранда шарапты “арам жана
ыплас” нерсе катары мүнөздөйт (Маиде, 5/90). Шараптан башка адамды
мас кылуучу ичимдиктердин ичилүүсү арам болсо да, динде алардын
шарап сыяктуу ыплас нерсе катары каралып каралбашы тактала элек.
Имам Агзам шарап жана жүзүмдөн жасалган ичимдиктерден
башка ичкиликтердин төрт жүздөн биринин кийимге жугуп калышы
намазды бузбай тургандыгын айткан.301
Жыйынтыктап айтканда, спирттердин жана атыр суулардын ичи-
лиши арам болуп эсептелет. Ал эми алардын колдонулушу, алынып-
сатылышы жайыз болуп саналат.
Баңги заттар
Жогоруда белгилегенибиздей, ыйык Куранда арам болгон бардык
ичимдиктер саналып берилген эмес. Бирок жаман, ыплас жана адамдын
ден-соолугуна зыяндуу болгон бардык нерселер арам кылынган.
Пайгамбарыбыз да бул темада сөз кылып жатып бир илдеттин бар эке-
нин айткан. Ичинде ошол илдет болгон бардык нерсе арам болот деген.
Бул илдет “мас кылуу жана эч нерсени сездирбей салуу” илдети болуп
эсептелет. Бул илдетти алып жүргөн бардык нерсе – арам. Наша,
апийим, героин, кокоин жана морфик сыяктуу заттарда бул илдет бар
болгондугу үчүн булар да арам болуп эсептелет. Өзгөчө бул заттар
адам үчүн алкоголдук ичимдиктерге караганда дагы көбүрөөк зыяндуу.
Ошондуктан баңги заттардын колдонулушу – арам жана алардын
алынып сатылышы да жайыз эмес.302
Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда, булардын эң негизги жана
баарына мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – абдан аз колдонулса деле
бара-бара аз убакыттын ичинде организмге сиңип адамды андан арыла
алгыс абалга жеткирип коюшу. Мисалга алсак, героинди бир-эки жолу
колдонуп көнүп калган адамдын андан кутулушу кыйын. Ал эми наша

301
Сарахси, Мабсут, 24-том, 14-бет (Китабул-Ашриба).
Куранды чечмелеген улуу дин аалымы Элмалылы Хамди Языр да “Ак дин, Куран
тили” аттуу тапсиринде Бакара сүрөсүнүн 219-аятын мындай деп чечмелеген: “Жүзүм-
дүн шарабы жана мындан жасалган мас кылуучу нерселердин дал өздөрү жийирке-
ничтүү. Ал эми калгандарынын булганыч экендиктери күмөндүү. Мисалы, үстүнө
шарап, шампан, арак, коньяк төгүлгөн кишилер жуунмайынча намаз окуй алышпайт.
Бирок жүзүмдүн шарабынан жасалбаган спирт, пиво жана башка мас кылуучу
ичимдиктер ичилбесе да кийимге же денеге жугушу намазга тоскоолдук кылат деп
айтуу мүмкүн эмес. Абу Ханифа шараптан башка мас кылуучу нерселердин өзүнүн же
тамчыларынын кийимге же денеге жугушунун арам эмес экендигине ишенген.”
302
Дуррул-Мухтар, 5-том, 452-бет; Фатава, Ибни Нужайм, 102-бет.

378
болсо аны колдонгон адамдын ичиндеги терс кыялын карматат жана
адамды жиндиликке, ал тургай өлүм менен аяктаган жаман натыйжа-
ларга алып келет.
Бул баңги заттарды колдонгон киши анын мурункудай таасир
бериши үчүн өлчөмүн уламдан улам көбөйтүп турууга аргасыз болот.
Бул көрүнүш ошол баңги затка болгон талаптын мурункудан да өсүшү-
нө себепкер болот. Мындай учурда ал эгер акчасы жетпесе үйдөгү
буюмдарын сатуудан, ал гана эмес уурулукка барып кылмыш кылуудан
кайра тартпай калат.
Баңги заттарды колдонуунун кейиштүү натыйжаларынын бири –
аны колдонгон адамдын үй-бүлө жана коом менен болгон байланышы-
нын үзүлүшү. Ошентип ал үй-бүлөсүнө жана балдарына карата болгон
жоопкерчилигин жоготот. Үй-бүлө мүчөлөрү ал үчүн эч кандай баага
арзыбай калат. Издегени жалгыз гана өзүн жипсиз байлап алган баңги
зат болуп, ал үчүн келечек деген нерсе жоголот. Баңги заттарын кол-
донгондор акыры алган заттарынын өз өлчөмүнөн көп колдонуунун
айынан өлүмгө дуушар болушат.303 Ошондуктан инсанды рухий жана
биологиялык жактан жабыркатып, мезгилсиз өлүмгө дуушар кылган
баңги зат коркунучуна карата абдан этият болууга аргасызбыз.
Эч бир адам мен аракеч болом деп ичкилик ичип, же болбосо
героинчи же нашакор болом деген ой менен баңги заттарын колдоно
баштабайт. Бул сыяктуу зыяндуу нерселерди көбүнчө кызыгуу же
кимдир бирөөнүн таасирине кирүү менен колдоно башташат. Анан эле
бир карасаң, ичкиликтин же бир наркотикалык заттын айрылгыс кулу
болуп коркунучтуу бир жолго киргенин көрөсүң. Баңги заттарды кол-
донуу бир адамдын көрүп-билип туруп эле өзүн-өзү коркунучка
түртүшү болуп саналат. Кудуреттүү Алла таала ыйык Куранда: “Өз
колуңар менен өзүңөрдү коркунучка салбагыла,”304 – деп эскертет.
“Айтмакчы, баңги зат деген өзү кандай нерсе?” же болбосо “Бир
жолу колдонгондон эмне болмок эле” деген ой менен баңги заттарды
колдоно баштагандардын кайра андан кутулушу кыйын. Анткени баңги
заттарды колдонуу уунун даамын татып тажырыйба жасаган өңдүү
нерсе. “Айтмакчы, уу чын эле өлтүрөбү?” – деп аны байкап көрүүгө
аракет кылгандардын акыры эмне болору баарына белгилүү.
Ошондуктан адамдын ден-соолугун бузуп, аны материалдык
жана рухий жактан жабыркаткан жана жалпы адамзат коому үчүн
олуттуу коркунуч туудурган баңги заттардын зыяндуу жактарын

303
Кеңири маалымат үчүн караңыз: Проф. Д-р. Алпарслан Өзязыжы, Алкоголдуу
ичимдиктер, чылым жана башкалар, Анкара 1993.
304
Бакара сүрөсү, 195-аят.

379
жеткиликтүү түрдө адамдарга түшүндүрүп аларды бул балекеттен
куткарууга аракет жасашыбыз керек.
В) Пайда табууда арам болгондор
1) Кумар
Ортого акчаны коюп коюп ойнолгон шанс оюну болуп саналат.
Оюндун ойнолгон эрежеси жана ыкмасы анчалык маанилүү эмес.
Эгерде бир оюн аны ойногондордун бирине же бир канчасына
материалдык пайда же зыян алып келип жатса, анда ал оюн кумар
болуп эсептелет жана аны ойногонго тыюу салынат. Бул жол менен
табылган акча арам болот.
Ыйык Куранда да мындай деп буюрат: “О, ыйман келтиргендер!
Шарап, кумар, таш буркандар (буттар), төлгө жана (оңой жол
менен пайда табуу) жебелеринин ар бири – шайтандын ыплас иши.
Булардан оолак болсоңор түбөлүк жыргалга жетесиңер.”305
Пайгамбарыбыз жолдошторуна “кел, кумар ойнойлу” деген ким-
дир бирөөнүн бул сөзүнүн Алла тарабынан кечирилиши үчүн бирөө-
лөргө садага берүүлөрү керектигин сунуш кылган.306
Кумардын арам болушунун себептери жөнүндө ой жүгүрткөн
учурларда төмөнкү маселелер ойго келиши мүмкүн:
а) Пайда табуунун көптөгөн мыйзамдуу жолдору бар. Бул жол-
дордун бири менен жетиштүү турмушта жашоого аракет кылуу керек.
Муну бир Кудайдын буйругу, же өзүнөн өзү боло калчу бир нерсе
катары кароого болбойт.
б) Кумар адамдын эмгектенүүсүнө, үй-бүлөсү жана коому, ал
гана эмес адамзаты үчүн пайдалуу иштер жасашына жана Аллага
карата ибадат иштерин орундатышына жолтоо болот.
в) Кумардын алып келген зыяндары ойногон киши менен эле
чектелип калбайт. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жана коомчулукка да терс таа-
сирин тийгизет. Кыларга иши болбогон бекерпоздордун көбөйүшүнө
жана ошондон улам биртоп социалдык кризистердин келип чыгышына
себеп болот.
Кумардын айынан жасалган кылмыш иштери жана өз жанын өзү
кыюулардын аз эмес экендиги жана ошолордун себебинен көптөгөн үй-
бүлө очогунун өчкөндүгү чындык. Кумардын жогоруда белгиленген-
дерден башка да биртоп зыяндуу жактары бар. Ошондон улам, дини-
бизде кумар арам нерсе катары каралат. Ал эми бул жол менен табыл-
ган пайда мыйзамсыз болуп эсептелет.
305
Маида сүрөсү, 90-аят.
306
Бухарий, Суретун-Нажм, 2.

380
Мелдештерде берилген сыйлык адал болот
Дене-бойдун өсүп каруу-күчкө толушу жана согуштук жөндөмүн
өнүктүрүү максатында чуркоо, мылтык атуу, ат чабыш жана күрөш
сыяктуу оюндун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештер жайыз болуп
саналат.
Пайгамбарыбыз ат оюндарын жана мылтык атууну колдогон
жана ат чабыштарды өткөргөн.307 “Балдарыңарга сууда сүзүүнү жана
мылтык атууну, кыздарга болсо жип ийрүүнү үйрөткүлө” – деген
ыйык хадисинде эркек менен кыз балдарды мезгилдин кырдаал-шарт-
тарына жараша тарбиялоо керектигин белгилеген.308
Пайгамбарыбыздын жубайы азирети Айша минтип айтат: “Бир
жолку сапарда пайгамбар менен жарышып андан ашып кеттим. Кийин
бир жолу дагы жарыштык. Бирок бул жолкусунда мурункудан толук
болгондугум үчүн Алланын элчиси менден ашып кетти. Анан ал: “Бул
– мурунку жарыштын жообу”309 – деп айтты.”
Азирети Өмөр дагы Шам калкына жазып жөнөткөн катында:
“Балдарыңарга сууда сүзүүнү, мылтык атууну жана атка мингенди
үйрөткүлө,”310 – деген сунушун айткан.
Мелдештерде ийгиликке жеткен ошол мелдештин катышуучула-
рына аларга тиешеси болбогон үчүнчү тараптагы бир кишинин, же бир
мекеменин сыйлык берүүсү жайыз болуу менен бирге берилген сый-
лыкты кабыл алуу да мубах болуп эсептелет.
Эки кишинин: “Эгер сен менден ашсаң, сага ушунча акча берем.
Ал эми мен сенден ашсам эч нерсе албайм,” – деп өз ара шарт коюп
алып жарышкандары жайыз болуп эсептелет. Мындай бир жактуу шарт
коюп алып жарышуу арам болбогондуктан бул шартка ылайык жеңген
тараптын сыйлык алуусунда эч кандай ыңгайсыздык жок.311
Илимий мелдештер деле ушуга окшойт. Б.а. эки киши кандайдыр
бир илимий маселе боюнча талашып калышса, анан булардын бири
экинчисине: “Эгер бул маселе сен айткандай болсо, мен сага ушунча
акча берем. Ал эми менин айтканым туура болсо, эч нерсе албайм,” –
деген шарт коюп, анан экөө мелдешсе, бул дагы жайыз болуп сана-
лат.312 Мында да жеңген тараптын шарт боюнча сыйлык алышында
кандайдыр бир жосунсуздук болбойт.

307
Бухарий, Жихад, 56; Муслим, Имара, 25.
308
Кашфул-Хафа, 2-том, 68-бет.
309
Абу Давуд, Жихад, 68.
310
Файзул-Кадир, Шарху, Жамиус-Сагыр, 4-том, 327-бет.
311
Дуррул-Мухтар, 5-том, 396-бет; Дурар, 1-том, 321-бет.
312
Дуррул-Мухтар, 5-том, 396-бет; Дурар, 1-том, 321-бет.

381
Мелдеште эки тарап тең жеңүүчүгө берилүүчү сыйлык боюнча
шарт коюшса, б.а. атаандаштардын бири экинчисине: “Эгерде мен
жеңсем, сен ушунча акча бересиң. Ал эми сен жеңсең, мен ушунча акча
берем,” – деп эки тараптуу макулдашып алып жарышкандары кумар
жана арам болуп эсептелет.313
Чҥчҥкулак кармоо – жайыз
Чүчүкулак кармоо – кандайдыр бир темада аны менен байла-
нышы барлардын арасынан керектүүлөрдү тандоодо калыстык болушу
үчүн ылайык көрүлгөн жол. Бул жолду колдонууга Куранда да уруксат
берилген жана сүннөттө да бар.
Ыйык Куранда мурунку пайгамбарлардын айрымдарынын да кү-
бө болгон кээ бир түшүнбөстүктөр чүчүкулак кармоо жолу менен жөн-
гө салынгандыгы белгиленет.
Ата-энесинен айрылып томолой жетим калган азирети Мариям-
дын кимдикинде жашай тургандыгы тууралуу туугандарынын арасын-
да түшүнбөстүктөр келип чыгат. Бул маселени чечүү үчүн алар чүчүку-
лак кармашат. Акырында азирети Мариям таежесинин күйөөсү Зекерия
алайхис-саламга берилет. Бул жөнүндө Аали-Имран сүрөсүнүн 44-
аятында баяндалган.
Зекерия алайхис-саламдын бул колдонгон ыкмасы биз үчүн да
үлгү болуп саналат жана зарыл болгон учурда чүчүкулак кармоодо ың-
гайсыз көрүнбөгөндүгүн аныктаган бир далил катары каралат. Ошон-
дой эле чүчүкулак кармоону пайгамбарыбыз да ылайыксыз көрбөйт. Ал
тургай аны колдонууну сүннөт катары белгилеген. Пайгамбарыбыз
мындай деп буюрат:

ٗ‫ج ٍ ْسح ِب‬ّٛ‫ ُم‬ٙ‫ج ِبجاِهّٰلل ج ْسْ ْسضط ِب‬ٚ‫ ِبي غ ُم ِهّٰللُ ٌ ْسُ ِبَي ُمل‬ٚ‫ جٌ ِهّٰلل ِب ِهّٰللف ْسجا ِهّٰلل‬ٚ ‫حس ِح ِب جٌِٕهّٰللِبلج ِبء‬
‫ ْسعٍ ُمُ جٌِٕهّٰلل ُم‬ٛ‫ٌ ْس‬
...ٗ‫ج ٍ ْسح ِب‬ّٛ‫ ُم‬ٙ‫ا ْسصط‬
“Адамдар азан чакыруунун жана алдыңкы катарда туруп
намаз окуунун канчалык сооп болорун билишкенде, буга жетүү үчүн
чүчүкулак кармоодон башка чара таба алышпайт эле. Сөзсүз түрдө
өз араларында чүчүкулак кармашат эле.”314
Пайгамбарыбыз бейишке чыга тургандыгын сүйүнчүлөгөн он ки-
шинин бирөө болгон Зубейр бин Аввамдын баяндап бергенине караган-
да бир аял Ухуд согушунда шейит болгон азирети Хамзаны орош үчүн

313
а.а.ч.
314
Муслим, Салат, 28; Тирмизий, Салат, 166; Ибн Мажа, Салат, 51.

382
эки көйнөк алып келет. Бул көйнөктөрдүн бирөө менен азирети Хамза,
экинчиси менен жергиликтүү калктын ичинен бөлөк бир шейит ороло
турган болот. Бирок бул көйнөктөрдүн бирөө чоң, бирөө кичине болчу.
Ушуга байланыштуу чоң көйнөк менен кимди орой турганы чүчүкулак
кармоо менен белгиленет.315 Ислам дүйнөсүндө жана күндөлүк турму-
шубузда да мунун көптөгөн мисалдары бар.
Бир коомчулук ичинде атайын дайындалган имам болбосо жана
бир канча киши имам болууну каалап турушса, биринчи иретте алар-
дын билимдүүрөөгү, Куранды кырааты менен окуган, жаман иштерден
сактанган, жашы боюнча улуу, адеп-ахлактуу, келбети, сыны, теги, үнү,
кийингени боюнча баарынан жакшы болгону тандалат. Эгерде баа-
рынын деңгээли бирдей эле болсо, анда алар чүчүкулак кармашат. Ким-
ге туура келсе, ошол имам болот.316
Бир сапар учурунда кол башчы болгон Сад бин Эби Ваккас жоо-
керлердин ичинен азан чакыргысы келгендерди чогултуп алып чүчү-
кулак карматкан. Ошентип ал азанчыны калыстык менен дайындаган.317
Чүчүкулак кармоо жолу менен бир нерсени бөлүштүрүү, же
ыйгаруу күндөлүк турмушубузда көп эле колдонулат. Төө, уй өңдүү
бодо малдарды бир нече киши биригип курмандыкка чалганда алгач
этин таразага тартып өз ара бөлүштүрүшөт. Андан кийин баш, шыйрак,
тери, ичеги, боор ж.б. сыяктуу мүчөлөрүн бөлүштүрүп алууда ортоктор
арасында чүчүкулак кармалат жана өз ара бири-бирибизде акыбыз
калбасын деп адалдашышат. Ушул сыяктуу эле мурас бөлүштүрүүдө да
мураскорлор арасында кийин ар кандай жагымсыз көрүнүштөр бол-
бошу үчүн чүчүкулак кармалат.
Бир жолу эки киши бир мураска байланыштуу маселе менен пай-
гамбарыбызга келишет. Бирок экөөнүн тең канааттандырарлык билим-
дери жок эле. Пайгамбарыбыз буларга:
– Карагыла, мен деле бир адаммын. Силер мага доо-арыз менен
кайрылып жатасыңар. Албетте, араңардан бирөөң өз оюңарды абдан
таасирдүү, маанилүү кылып айтышыңар мүмкүн. Мен да укканым
боюнча ошонуңарга ыйгарып коюшум мүмкүн. Бирок бир чындык бар,
эгерде бул мурас мен ыйгарган кишиден көбүрөөк тиги кишиге тиеше-
лүү болсо, анда мен ыйгарып койгон кишидеги мурас тозок отунун бир
бүркүмү болуп калат. Эми бул мурасты ал кааласа алсын, кааласа
албасын, – деп буюрат. Бул сөздөрдү уккан доочулар көз жаштарын
төгүшүп:

315
Ахмед б. Ханбел, Муснад, 1/165.
316
Дуррул-Мухтар, 1/521-522.
317
Бухарий, Азан, 9.

383
– Сен ал, мен албайм, – дешип бири-бирине ыроолой башташат.
Пайгамбарыбыз:
– Андай болсо, бул мурасты экиге бөлгүлө. Анан кайсы бөлүгү
кимге берилерин белгилөө үчүн чүчүкулак кармагыла жана
адалдашкыла, – деп буюрат.318
2) Пара
Бир ишти бирөөгө жасатууда жеңилдик болуш үчүн ошол чөйрө-
гө таасирдүү бирөөнө мыйзамсыз жол менен акча же мал-мүлк түрүндө
берилген пайда.
Мындай максат менен бирөөнө бир нерсе берүүгө, бирөөдөн бир
нерсе алууга, же ал өңдөнгөн иштердин жасалышында ортомчу болууга
динде тыюу салынат жана күнөө болуп эсептелет. Анткени пара акы-
лууну акысыз, акысызды акылуу кылып көрсөтүп, адилеттүүлүктүн ор-
ношуна бөгөт болот. Ыйык Куранда мындай деп айтылат:

ٓ‫ج ل مًنح ِبِ ْس‬ٍٛ‫ ج ْسٌ ُمك ِهّٰللى ِبحَ ٌِبطحْس ُمو ُم‬ٌٝ‫ح ٓ ِبج‬ٙ‫ج ذِب‬ٛ‫ضُم ْسلٌُم‬ٚ ً‫جٌى ْسُمُ ذ ْسحٕى ْسُمُ ذِبح ْسٌرحط ِبِب‬ِٛ‫جٓ ج ْس‬ٍٛ‫ا ضحْس ُمو ُم‬ٚ
‫ ِبجي جٌِٕهّٰلل ِبحس ذِب ْس ِب‬ِٛ‫ج ْس‬
ُّْ۟ٛ‫ج ْسٔ ُمط ْسُ ض ْسعٍ ُم‬ٚ ‫حا ْسغُِب‬
“Өз мүлкүңөрдү өзүңөргө чачып, болбогон себептер менен ко-
ротпогула. Өзүңөр көрүп билип туруп, экинчисине көз артып, калп
айтып, касам ичип, шахадат келтирип, малын жеш үчүн ач көз
бийлерге мал-мүлк бербегиле.”319
Пара жеке адамдар үчүн эле эмес, жалпы коомчулук үчүн дагы
абдан терс натыйжаларды алып келет. Паракорлук жайылган жерде
адилетсиздик көбөйөт. Коопсуздук жана ишеним жоголот. Коомдук
тартип бузулат. Ошон үчүн пайгамбарыбыз:

‫ج ْسٌ ُمّ ْسلض ِبغ ِب جٌِٕهّٰللح ِبر‬ٚ ‫ج ِهّٰللٌل ِبجع‬


“Параны алган дагы, берген дагы тозокко кирет,”320 – деп
буюрган.
Андыктан пара алуу жолу менен тапкан пайда арам болуп эсеп-
телет. Мындан сактануу зарыл.

318
Абу Давуд, Акдийа, 7; Ахмед б. Ханбел, Муснад, 6/320.
319
Бакара сүрөсү, 188-аят.
320
Абу Давуд, Акдийа, 4; Мажмауз-Заваид, 4-том, 199-бет.

384
3) Пайыз (акчанын пайызы)
Арам болуп эсептелинген кирешелердин бири пайыз болуп сана-
лат. Пайыз – бирдей түрдөгү эки мал-мүлктүн өз ара алмаштырылы-
шындагы келишимде бир тараптын кабыл алган акысыз ашыкча пай-
дасы. 10 гр. алтынды 11 гр. алтынга саткан өңдүү. Мындагы 1 гр. алтын
акысыз ашыкча пайда. Мына ушул пайыз алуу болуп эсептелет. Ыйык
Куранда мындай деп буюрулган:

ُۜ‫ ُمَ جٌ ِهّٰلل ي ط ِهّٰللر ُمُٗم جٌغِهّٰلل ْسح ح ُمْ ِبِٓ ج ْسٌّ ِب ِهّٰللش‬ٛ‫ْ ِبج ِهّٰللا وّح مُم‬ِٛٛ‫ُم‬ ‫ج ا م ُم‬ٛ‫جٌلذ‬ ‫ْ ِب ِهّٰلل‬ٍٛ‫جٌ ِهّٰلل ٓ حْس ُمو ُم‬
‫ق ِهّٰلللَ ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫جا ج ْسٌر ْسح‬
ُۜ‫ج‬ٛ‫جٌلذ‬ ‫جٓ ِبجٔ ِهّٰللّح ج ْسٌر ْسح ُم ِبِػ ُمْسً ِب ِهّٰلل‬ٛ‫ ْسُ لحٌُم‬ٙ‫ٌِبه ذِبحٔ ِهّٰلل ُم‬
‫جق ِهّٰللً ِهّٰلل ُم‬ٚ ۢ‫ج‬ٛ‫جٌلذ‬
“Пайыз жеген кишилер (кабырларынан) шайтан ургандай
шалдырап турушат. Алардын бул абалы “соода да пайыз сыяктуу”
дешкендиктеринен. Ал эми Алла таала сооданы адал, пайызды бол-
со арам кылган.”321

ُ‫ِبح ْسْ ٌ ْس‬ ‫۝‬ ِٕ‫جٓ ِبج ْسْ ُمو ْسٕ ُمط ْسُ ُمِ ْسإ ِب‬ٛ‫جٌلذ‬
‫ج ِح ذ ِبم ِبِٓ ِب ِهّٰلل‬ٚ‫ ُمر‬ٚ ‫ج ِهّٰللجا‬ٛ‫ج جض ِهّٰللمُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ّْٛ‫ج ِبٌى ْسُمُ ا ض ْسظٍ ُمِب‬ِٛ‫ ِبج ْسْ ضُم ْسرطُم ْسُ ٍى ْسُمُ ُمر ُمؤ ُمُ۫س ج ْس‬ٚ ٗ‫ٌِب‬ٛ‫ر ُمص‬ٚ ‫جا‬
‫ج ِبِب ْسل ٍخ ِبِٓ ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ج حْس ُٔم‬ٍٛ‫ض ْسفع ُم‬
‫ْ ۝‬ّٛ ‫ا ضُم ْسظٍ ُم‬ٚ
“Оо, (Аллага) ыйман келтиргендер! Алла таалага терс келүү-
дөн сактангыла жана чынында эле момун болсоңор пайыз алганды
таштагыла. Эгер антпесеңер, Алла жана Анын элчисине каршы
согушкан болосуз. Эгер тообо кылып, топуктуу болсоңор, өзүңөрдүн
акчаңар өзүңөргө буюрат. Ошентип силер башкалардын акысын
жеген болбойсуңар, башкалар да силердин акыңарды жеген болуш-
пайт.”322
Пайгамбарыбыз да минтип айткан: “Силерди өлтүрө турган
жети нерседен сактангыла.” “Булар эмнелер, оо, Алланын расулу?” –
деп сурагандарга: “Алла таалага шерик табуу, сыйкырчылык кылуу,
(Алла арам кылган бирөөнү) жөн жерден өлтүрүү, жетимдин мал-
мүлкүн жеп-ичүү, пайыз алуу, душманга чабуул койгон мезгилде
согушуудан качуу, абийирдүү момун аялдарды бузулган аял деп
аларга ак жерден жалаа жабуу,”323 – деп жооп берет.

321
Бакара сүрөсү, 275-аят.
322
Бакара сүрөсү, 278-279-аяттар.
323
Бухарий Тыб; Муслим, Иман, 38; Абу Давуд, Басайа.

385
Пайыздын эки түрү бар:
а) Убакытка карата алынган пайыз
Бир эле түрдөн болгон эки нерсенин бирин экинчисине насыяга
сатуу, же болбосо түрлөрү башка, бирок баалары бирдей болгон эки
нерсенин бирин экинчисине насыяга берүү жолу менен алмаштыруу.
Бул алмаштыруу да бирдей санда, же болбосо ар башка болсо де-
ле араларында баасы боюнча эч айырма болбойт. Мисалга алсак,
бирөөнө бир жылдан кийин алам деп 50 кг. алтынды 55 кг. алтынга
сатуу, же болбосо бирөөнө кышкысын бир кап буудай берип жайында
кырман толгон кезде бир жарым кап буудай алуу.
Ыйык Курандын тыюу салган пайызы – ушул. Булардын арам
болгондугу тууралуу Ислам аалымдарынын көз караштары бирдей. Бул
пайыздын чоң күнөө экендигинде талаш жок. Исламдан мурдагы караң-
гылык доорунда колдонулган пайыз ушул болчу.
Бирөө экинчисине алтын же күмүш, же болбосо белгилүү бир
өлчөмдө акчаны карызга берер эле. Өз ара белгилешкен мөөнөттөн
кечиксе, үстүнө белгилүү бир өлчөмдө акча төлөп бере тургандыгын
мурунтадан макулдашып алышчу. Эгер белгиленген мөөнөт келгенде
алган карызын төлөп бере албай калса, дагы бир мөөнөткө жылдырып,
пайызын мурункудан дагы арттырчу. Ошентип насыя мөөнөтү улам
узартылган сайын пайыз да көбөйүп отурчу. Айрым учурда бул мөөнөт
узарып жүрүп отуруп, анын пайызы алган акчадан бир нече эсеге
көбөйүп кетер эле.
б) Ашыгы менен алуу пайызы
Бирдей баадагы мал-мүлктөрдү алмаштырууда түшкөн ашыкча
пайда.
Алтын, күмүш, буудай, арпа, туз жана курма сыяктуу нерселерди
ошол эле түрдөгү нерселерге, алсак, алтынды алтын менен, күмүштү
күмүш менен, буудайды буудай менен, арпаны арпа менен, тузду туз
менен, курманы курма менен алмаштырууда өлчөмдөрү бирдей болууга
тийиш. Эгерде булардын бирөөнүн өлчөмү тигинисиникинен ашыкча
болсо, бул ашыкча бөлүгү пайыз болуп эсептелет. Ал эми алмаштырыл-
ган нерселер түрү боюнча ар башка болсо, анда бирөөнүн өлчөмүнүн
көбүрөөк болушу пайыз катары эсептелбейт. Бул 10 гр. алтындын 100
гр. күмүш менен алмаштырылышы сыяктуу болот. Бул мисалда канча-
лык өлчөмдөрүндө айырма болсо да, алмаштырылган нерселердин
түрлөрү башка болгондуктан ашыкча пайыз болуп саналбайт. Алмаш-
тырылган нерселердин жаңысы менен эскисинин, сапаттуусу жана
сапатсызынын арасында айырма болбойт.

386
Сапаттуу буудай менен сапатсыз буудайды алмаштырганда да
өлчөмдөрү бирдей болушу зарыл. Эгер андай болбосо буудайдын
көбүрөөгүн алган тарап ашыкча пайыз алган болуп эсептелет.
Алтын менен алтынды, же күмүш менен күмүштү алмаштырган
учурда да булардын сапаты, жасалгасы көңүлгө алынбайт жана булар
үчүн өзгөчө бир баа бычылбайт.
Пайыздын ушул түрү дагы арам болуп саналат. Мунун арам бо-
лушу сүннөт аркылуу бекемделген. Пайгамбарыбыз Адый эл-Энсари-
нин инисин Хайбарга аким кылып жөнөтөт. Бул киши Хайбардан
жаниб деп аталган курманын бир түрүн алып келип, пайгамбарыбызга
тартуулайт. Пайгамбарыбыз:
– Хайбардын бардык курмалары ушундайбы? – деп сурайт.
– Жок, о Алланын элчиси! Биз бул курманын бир баштыгына эки
баштык курма беребиз, эки баштыгына болсо үч баштык курма алабыз,
– деп жооп берет. Анда пайгамбарыбыз:
– Мындай кылганың жарабайт. Кадимки жөнөкөй курманы
акчага сат. Анан ал акчага (каалашыңча) жакшы сорттогу курма-
дан ал, – деп буюрат.324 Пайгамбарыбыз минтип айткан:

ٚ ‫ جٌطِهّٰلل ْسّ ُمل ذِبحٌطِهّٰلل ْسّ ِبل‬ٚ ‫جٌغِهّٰلل ع ِب ُم ذِبحٌغِهّٰلل ع ِب ِب‬ٚ ‫ج ْسٌ ُم ِهّٰللُم ذِبح ْسٌ ُم ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫ِبض ِبس‬
‫ِبضسُم ذِبح ْسٌف ِهّٰلل‬
‫ج ْسٌف ِهّٰلل‬ٚ ‫جٌ ِهّٰلل ٘ ُمد ذِبحٌ ِهّٰلل ٘ ِبد‬
‫حف‬ ‫ج ٍء ًنلج ذِبح ٍل ِبح ج ج ْس طٍف ْسص ٘ ِب ِبٖ ْسجا ْس ٕ ُم‬ٛ‫ج ًنء ذِبض‬ٛ‫ج ْسٌ ِبّ ْسٍ ُمف ذِبح ْسٌ ِبّ ْسٍ ِبف ِبِ ْسػ ًن ذِب ِبّػ ٍْسً ص‬
‫ج و ْسحف ِبع ْسثطُم ْسُ ِبج ج وحْ ذِبح ٍل‬ٛ‫ر ِبح ُمع‬
“Алтын менен алтын, күмүш менен күмүш, буудай менен буу-
дай, арпа менен арпа, курма менен курма, туз менен туз жана жез
менен жез бирдей баада сатылат. Ал эми булардын түрлөрү өзгөр-
сө, анда каалаган баада сата бергиле.”325
Ыйык хадисте саналып өткөн алтын, күмүш, буудай, арпа, курма
жана туз сыяктуу товарлардагы пайыз иши боюнча Исламдын ичиндеги
ар түрдүү диний агымдардын имамдары бирдей пикирде экендиктерин
билдиришкен. Ал эми булардан башка нерселердеги пайыз иши жөнүн-
дө захирлер агымынан башка төрт агымдын имамдарынын көз караш-
тары бирдей. Бир гана орток илдет (себептер) жөнүндөгү көз караш-
тарында айырмачылыктар бар.
Ханафий агымынын өкүлдөрүнүн көз карашы боюнча бир товар-
да пайыз болушу үчүн эки нерсенин болушу зарыл: түр жана өлчөм
324
Бухарий, Буйу, 89; Муслим, Мусакат, 18.
325
Бухарий, Буйу, 78; Муслим, Мусакат, 15.

387
бирдейлиги. Бул эки нерсе кайсы товарда болбосун, аларды ар кандай
баада сатканда ашыкчасы пайыз болот. Андыктан аны насыя катары
сатуу да жайыз эмес.
Алсак, бир кап буудайды накталай бир жарым кап буудайга сатуу
– арам, ошондой эле, бир кап буудайды кайра эле бир кап буудайга бел-
гилүү бир мөөнөт менен сатуу да – арам. Анткени пайгамбарыбыз
пайыз менен байланыштуу товарлардын бир гана баага сатыла турган-
дыгын айткан.
Ошондой эле темир, жез, акиташ сыяктуу материалдарды да
ошол эле түрдөгү материалдарга бирдей эмес салмакта накталай же
насыя катары сатуу же алмаштыруу пайыз болуп эсептелет.326
Эки сапаттын (бирдей түрдө жана бирдей өлчөмдө болуу) эч би-
рөөсү болбосо анда товарды накталай, же болбосо насыя катары бер-
гендеги кошумча акча адал болуп саналат.
Мисалга алсак, салмагына карата өлчөнгөн алтын менен кабына
карай өлчөнгөн буудайды накталай же кийин төлөө жолу менен узак
мөөнөткө сатууда натыйжасы кандай болсо да жайыз болуп эсептелет.
Анткени алардын түрлөрү да, өлчөмдөрү да бирдей эмес.
Эгер эки товардын арасында жогорудагы эки сапаттын бирөө эле
болсо, анда накталай сатуу жайыз болуп эсептелет, ал эми кийин төлөө
жолу менен сатуу адал болбойт.
Алсак, бир кап буудайды эки кап арпага накталай сатуу жайыз
болуп саналат. Ошол өңдүү эле белгилүү бир салмактагы алтынды ан-
дан эки эсе оор салмактагы күмүшкө накталай сатууга болот. Бирок
булардын насыя катары сатылышы жайыз болуп эсептелбейт. Себеби
булардын түрлөрү башка болгону менен өлчөм бирдиктери бирдей.
Узундук өлчөмү менен өлчөнгөн жана саналган товарларда пайыз
болбойт.
Алсак, он жумуртканы он беш жумуртка менен, беш метр кезде-
мени он метр кездеме менен накталай алмаштырууга болот.
Бири-бирине абдан окшогон насыя катары сатылгандагы алынган
пайыз менен карыз берүүнүн ортосундагы айырма, карыз берүүдө уба-
кытка көз каранды болуп байланып калбайсың. Түзүлгөн келишим
боюнча баасы белгилүү бир мөөнөттүн акырында төлөнө турган болуп
сатылып алынган товардын акысын саткан киши ал төлөнө турган мөө-

326
Шафий мазхабында бир мал-мүлктүн пайызы болушу үчүн ал мал-мүлктүн эки
сыпаты “тамак” же “баалуу” болуу менен бир түрдөн болушу керек. Ушул себептен
темир, акиташ, коргошун жана жез сыяктуу заттардан пайыз болбойт. Анткени булар
желбегендей эле баалуу да эмес.

388
нөттөн эрте сураганга укугу жок. Ошондой эле сатып алуучу да ал мөө-
нөттөн эрте төлөгөнгө мажбур эмес.
Ал эми карыз берүүдө андай эмес. Карыз берген киши кайсы убак
болбосун берген карызын сураганга акылуу, ошондой эле карыз алган
киши да карыз ээсинин карызын сураган учурунда берүүгө милдеттүү.
Пайыздын арам болушунун себеби
Пайыз – арам жана чоң күнөөлөрдүн бири.
Чынында эле улуу Жараткандын арам кылган бардык нерсесинде
сөзсүз түрдө биз үчүн бир топ зыяндуу нерселердин бар экендиги
белгилүү. Бул зыяндуу нерселерден сактануу Алла тааланын тыюу
салган нерселеринен оолак болуу менен гана ишке ашат.
Пайыз дагы ошондой көптөгөн зыяндуу жактары болгон жана
Алла таала тарабынан тыюу салынган нерсе. Бул зыяндуу жактарынын
айрымдары төмөнкүлөр:
Пайыз – бул таман акы, маңдай териң менен табылбаган пайда.
Берилген жүз грамм алтындын ордуна алынган жүз он грамм алтындын
он граммы бекер келген алтын болуп саналат. Ал эми адамдын өзүнө
тиешелүү мал-мүлкү жаны сыяктуу эле кол тийгис ыйык нерсе. Бирөө-
нө таандык болгон бир мүлктү акысыз өзүнө ыйгарып алуу – күнөө.
Пайыз товардын наркын өстүрөт. Пайыздуу карыз акча колдон-
гондор пайызды да товардын наркына кошкондуктан товардын наркы
жогорулап, керектөөчүнүн турмушунун начарлашына себепкер болот.
Пайыз адамдардын өз таман акы, маңдай тери менен иштеп,
адамдардын жашоосу үчүн керектүү бир нерсе өндүрүү менен алекте-
нүүсүнөн алыстатат. Анткени колунда бар болгон капиталды пайызга
берип коюп, байлыгын дагы арттырган адамдар коммерция, же бир
нерсе өндүрүү иши менен алектенгиси келбейт. Ушул себептен улам
жогорку деңгээлде өндүрүү жөндөмүнө ээ болгон көптөгөн адамдардан
коомчулугу кол жууйт. Чындыгында коомчулук мындай адамдардын
чыгармачылык менен жүргүзгөн иш-аракеттеринин негизинде гана
өнүгөт.
Пайыз адамдардын бири-бирине карыз берүү аркылуу өз ара
көмөктөшүүлөрүнө, бири-биринин арман-муңун угуп жардамдашуу-
ларына жолтоо болот. Бул болсо коомдун мүчөлөрүнүн арасындагы
ынтымак-ырашкердиктин начарлашына алып келет.
Пайыз көп колдонулган коомчулукта байлар менен кедейлердин
жашоо-турмушундагы айырма болушунча чоңоѐт. Байлар мурункудан
бетер байыйт. Кедейлер болсо мурункудан дагы жакырланат. Бул көрү-
нүш коомдогу тең салмактуулуктун бузулушуна жана коомчулуктун

389
көңүлүн ооруткан олуттуу проблемалардын келип чыгышына себеп
болот.
6) Пайызчылык жасабагандар колдорундагы бул мүмкүнчүлүктү
пайдаланышпаганы үчүн зыян тартышкандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок
алар өз напсилерин тыйып, улуу кудуреттүү Жараткандын буйругуна
моюн сунушканы үчүн Анын сообуна жана сыйына татыктуу болушат.
Ошондой эле улуу Жараткан алардын пайыз аралашпаган адал байлы-
гын мурункудан алда канча берекелүү кылат жана көбөйтөт. Бул жө-
нүндө ыйык Куранда минтип белгиленген:

‫ جٌ ِهّٰلل لل ِب‬ٝ‫ ُم ْسلذِب‬ٚ ‫ج‬ٛ‫جٌلذ‬


ُۜ‫حش‬ ‫جا ِب ِهّٰلل‬
‫ْسّك ُمك ِهّٰلل ُم‬
“Алла таала пайызды жок кылат (пайыз байлыкка аралашса,
анын берекесин кетирет). Садагаларды көбөйтөт (садага катары
берилген мал-мүлктөрдүн берекесин арттырат).”327
4) Соода-сатыкта белгилҥҥ мөөнөт ичинде төлөөнҥн
өзгөчөлҥгҥ
Соода-сатыкта белгилүү мөөнөт ичинде төлөөнүн өзгөчөлүгүнүн
пайыз менен байланышы бар, же жок экендигин иликтөө үчүн муну
пайыз бөлүмүнүн акырына жалгоону ылайык көрдүк.
Алгач соода-сатыктын өкүм-жобосу жөнүндө түшүндүрмө бе-
рели: Соода-сатык мубах жана мыйзамдуу иш болуп саналат. Ыйык
Куранда минтип айтылган: “Алла таала соода-сатыкты адал,
пайызды болсо арам кылган.”328
“Оо, ыйман келтиргендер! Өз араңарда ыраазычылык менен
макулдашып, башма-баш соодалашсаңар мейли, бирок мал-мүлкү-
ңөрдү адилетсиздик (акысыз жана арам жолдор) менен өз ара чачып
коротпогула жана (ошентип) өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө. Албет-
те, Алла таала – сактоочу.”329
Пайгамбарыбыздан:
– Кандай табылган пайда баарынан таза болот? – деп сурашат.
Анда пайгамбарыбыз:
– Адамдын өз кол эмгеги менен жасалган жана алдамчылык
менен кыянаттыктан алыс соода-сатык, – деп жооп берет.330
Соода-сатык иши коомчулуктун зарылчылыгы болуп эсептелет.
Бул зарылчылыкты канааттандыруу ошол эле учурда коомчулукка кыз-

327
Бакара сүрөсү, 276-аят.
328
Бакара сүрөсү, 275-аят.
329
Ниса сүрөсү, 29-аят.
330
Субубус-Селам, 3-том, 4-бет.

390
мат кылуу болуп саналат. Жыйынтыктап айтканда, соода-сатык мубах
жана пайда табуунун мыйзамдуу бир жолу. Ал гана эмес пайгамба-
рыбыз туура сүйлөп түз жүргөн ишенимдүү соодагердин кыямат күнү
пайгамбарлар, сыдыктар жана шейиттер менен бирге болорун сүйүн-
чүлөгөн.331 Бул кыскача түшүндүрмөдөн кийин сөз козгой турган анык
темабызга келели. Накталай соода кылуу жайыз болуп эсептелгендей
эле насыя жолу менен соода кылуу да жайыз болуп эсептелет. Анткени
ыйык Куранда:

ُٖۜ‫ ُم‬ٛ‫ ح ْسوطُم ُمر‬ّٝ‫ جؾ ًٍ ُمِض ِهّٰلل ًن‬ٌٝٓ‫جٓ ِبج ج ضلج ْسٕطُم ْسُ ذِبل ْس ٍٓ ِبج‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөт үчүн бири-
бириңерге карыздар болсоңор аны жазып койгула,”332 – деп бую-
рулган.
Аалымдардын көпчүлүгү бул ыйык аяттын товарды насыя жолу
менен сатууга жана карызга берүүгө уруксат бергендигин белгилешкен.
Пайгамбарыбыздын жеке өзү дагы бир жөөттөн карызга тамак-аш ал-
гандыгы жана бир темир зоотун күрөгө койгондугу белгилүү.333 Бул
далилдерге таянып Ислам аалымдары накталай соода жүргүзүү сыяктуу
эле насыя жолу менен соода жүргүзүүнүн дагы жайыз болгондугу жө-
нүндө бир пикирге келишкен.
Насыя жолу менен, б.а. фьючерстик жол менен соода жүргүзүү
жайыз болгондо, ал товардын накталай сатуудагы баасынын үстүнө
берилген мөөнөт үчүн төлөнчү кошумча баанын кошулушу аалымдар-
дын арасында ар түрдүү көз караштарды пайда кылган.
Бул тууралуу Ханафийлердин Ислам укуктарына байланыштуу
эң баалуу маалымат булактарынын бири болуп эсептелген “Эл-Мебсут”
аттуу китептин 13-томунун 8-бетинде мындай деп жазылган: “Эгерде
кимдир бирөө белгилүү бир мөөнөттө акысын төлөп берүү үчүн ушун-
ча баада, ал эми накталай ушунча баада сатуу үчүн келишим түзсө, же
болбосо “Бир айда төлөп берсең ушул баада, эки айда төлөп берсең бул
баада сатам” десе, бул соода иши туура эмес болуп саналат. Анткени
мында белгиленген баада соода жүргүзүү иши жасалбаган жана ал баа
такталган эмес болот. Пайгамбарыбыз бир соода кылууда эки шартты
коюуга тыюу салган. Ал эки шарт жогоруда белгиленгендей бир товар-
га эки баа коюу шарттары болот. Шарият боюнча түзүлгөн келишим-
дерде мындай чексиз шарт коюулар түзүлгөн келишимдин туура эмес
болгондугун белгилейт. Бул болсо сатуучу менен алуучунун ушул

331
Тирмизий, Буйу 4; Ибн Мажа, Тижарат, 1.
332
Бакара сүрөсү, 282-аят.
333
Бухарий, Буйу, 14.

391
боюнча (кайсы баада болсо да толук бир чечимге келе электе) айрылы-
шып кетүүлөрүнө чейин ушундай мүнөздө болот. Ал эми эгер сатуучу
менен алуучу өз ара түшүнүшүп, бир гана баада келишим түзүшсө, ал
жайыз болуп саналат. Анткени бул учурда келишим түзүүнүн шартта-
рын туура аткарып, анан айрылышкан болушат.”
Бул маалыматтан ушуну түшүнүүгө болот: Сатылуучу товардын
накталай баасы менен насыя жолу боюнча сатыла турган баасы сатып
алуучуга айтылганда, ал бул баалардын кайсынысын кабыл алгандыгын
ачык айтпастан тек гана кабыл алгандыгын билдирип кетсе, ал кели-
шим туура эмес түзүлгөн болуп эсептелет. Ал эми сатуучунун айткан
бааларынын бирөөнү сатып алуучу кабыл алып ошол боюнча келишим
түзсө, бул түзүлгөн келишим туура болот жана ал соода жайыз катары
эсептелүүгө тийиш. Аныгында сатуучу саткан товарынын накталай
жана насыя жолу менен сатылуучу баасын айтканда сатып алуучу
“кабыл аламын” деп билдирсе, анда сатуучу сөзсүз түрдө бул айтылган
баалардын кайсынысын кабыл алгандыгын сурайт жана анын жообуна
карата түзүлгөн соода келишиминде эч кандай калпыстык болбойт.
Жыйынтыктап айтканда, бир товарды накталай баасына кара-
ганда башкача бир баа менен насыя жолу боюнча сатуу жайыз болуп
саналат.
Алыпсатарлык (чайкоочулук)
Чайкоочулук айрым азык-түлүк продукцияларын сатып алып,
алардын баалары кымбаттаганга чейин сактоо дегенди билдирет.
Имам Абу Юсуфдун көз карашы боюнча чайкоочулук бир гана
азык-түлүк продукциялары үчүн эле эмес, адамдын күндөлүк турму-
шунда зарыл болгон бардык нерселердин жогорудагыдай жол менен
сатылышы үчүн да айтылат.
Чайкоочулук – арам кылынган макүрөө иш. Аны жасаган киши
Алла таала алдында жооп берет. Алыпсатарлык – пайда табуунун мый-
замсыз бир жолу. Алыпсатарлыкта кырк күндүк мөөнөттүн белгиле-
ниши ал товарды сатуу боюнча дүйнөдөгү жүргүзүлгөн иштерге гана
байланыштуу болуп саналат. А болбосо эл үчүн зарыл болгон товарды
аз убакытка болсо да кармап туруп алып элге зыян келтирген киши
күнөө жасаган болот жана акыреттин азабын тартууга ылайык көрүлөт.
Алыпсатарлык кылган адам жеке кызыкчылыгы үчүн башкаларга зыян
келтирип, оор абалга дуушар кылган жана өзү жашаган коомчулукка
зулумдук жана адилетсиздик кылган адам болуп эсептелет.
Чынчылдык, адеп-ахлактык баалуулуктарга жана дин боордош-
тугу түшүнүгүнө терс түшкөн бул алыпсатарлык, чайкоочулук иши бир
мусулманга дегеле жарашпаган ыплас иш жана жаман жорук болуп

392
саналат. Өз кызыкчылыгы үчүн башкалардын кыйын акыбалда калы-
шын күтүү, дагы көбүрөөк пайда табуу үчүн коомчулуктун оор күндөр-
гө кабылышын эңсөө – кандай гана жаман мүнөздүү адат. Пайгамба-
рыбыз бул өңдөнгөндөрдүн ички жүзүн мындайча белгилеген: “Алып-
сатар – кандай гана жаман адам. Арзанчылык болсо кайгырат,
кымбатчылык болсо сүйүнөт.”334
Бир ыйык хадисинде да: “Товарын базарга алып чыккан киреше
табат, (ал эми аны) жыйнап сактап калган каргышка калат,”335 –
деп буюрган.
Пайгамбарыбыздын ушул эскертүүлөрүнө да назар салалы. Ал
минтип эскертет: “Кимде-ким чайкоочулук кылса, ал – ахлаксыз,
күнөөкөр.”336
“Кимде-ким мусулмандардын тамак-ашына чайкоочулук жа-
саса, Алла таала аны ала оорусуна (лепра) кабылтат жана аны
банкрот кылат.”337
“Кырк күн боюнча үммөтүмдүн азык-түлүгүнө чайкоочулук
кылган киши акырында ал тапкан пайдасын садага катары элге
таратса, анын бул садагасы кабыл болбойт.”338
Арамдан кутулуу
Пара, кумар, уурулук, алдамчылык жана адилетсиздик сыяктуу
мыйзамсыз жолдор менен арам оокат тапкан киши кылган иштерине
өкүнүп, учурунда өз менчигине ыйгарып алган товарлардын күнөө-
лөрүнөн арылууну кааласа, төмөнкү эки нерсени кылууга тийиш.
Биринчиси – ошол арам болгон кирешени өз менчигинен чыга-
руу. Экинчиси – тообо келтирип, чексиз ырайымдуу жана кечиримдүү
Алла тааладан кечирим тилөө.
Арам жолдор менен табылган пайданы өз менчигинен чыгаруу
үчүн эгер билинсе өз ээлерине, же өз ээлери өлгөн болсо алардын
мураскорлоруна берүү зарыл. Ал эми өз ээлери билинбесе, же аларды
табуу мүмкүн эмес болсо, анда алардын атынан кедей-кембагалдарга
садага катары таратуу керек.

334
Мажмауз-Заваид ва Манбаул-Фаваид, 4-том, 101-бет (Хадисти Таберани айтып
берген).
335
Ибн Мажа, Тижарат, 6.
336
Муслим, Мусакат, 26; Тирмизий, Буйу, 40.
337
Ибн Мажа, Тижарат, 6.
338
Ибн Асакир айтып берген.

393
МАЛ СОЮУ
Эти желе турган бодо малдарды адалдаштырып жеш үчүн аны
өзүнүн жол-жобосу боюнча союу керек.
Мал союуда аны мууздоонун эки тҥрҥ бар
а) Кадимки көнгөн адат боюнча мууздоо. Бул колго багылган бир
малды союдагы жанын чыгарыш үчүн колдонулган кадимки ыкма бо-
луп эсептелет.
б) Аргасыз абалда калгандагы адаттан тышкары мууздоо. Кадим-
ки көнгөн адат боюнча мууздап союу мүмкүн болбогон учурда адамдар
мал союуда анын жанын чыгаруунун ушул түрүн колдонот. Эгерде
союлуучу мал качып кетип карматпай койсо, же кандайдыр бир кудук-
тун түбүнө түшүп кетип, аны тирүүлөй чыгарууга мүмкүн болбосо, ан-
да ал атайын аң уулоодо колдонулган мылтык менен атылып өлтүрүлөт
жана ушундайча мууздалган болуп эсептелинет.
Малды союуга укуктуу болгондор
Төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөргө ээ болгон адамдардын сойгон
малы адал болот:
1) Мусулман болуу.
2) Пайгамбарлардын жана төрт ыйык китептин ичинен бирөөнө
ишенген адам болуу. Жөөттөр жана христиандар өңдүү. Булардын бир
Ислам өлкөсүндө жашашы, же өз өлкөлөрүндө жашаганы анчалык маа-
нилүү эмес.
Ыйык Куранда минтип эскертилген: “Өздөрүнө китеп берилген-
дердин (жөөт, христиан ж.б.) жегени (б.а. сойгону) силер үчүн адал,
силердин жегениңер (б.а. сойгонуңар) да алар үчүн адал.”339
Бирок малды союп жатып христиандар Масыктын, жөөттөр болсо
Узейирдин атына арнап коюшкандыгы билинип калса, анда ал союлган
мал адал болбой калат. Анткени ыйык Курандын Маиде сүрөсүнүн 3-
аятында эти арам кылынган жаныбарлар саналган учурда “Алладан
башканын атына арналып мууздалган” жаныбарлар да эскертилип,
алардын эттеринин да арам экени белгиленген. Бутпарастар менен отко
табынган мажусулардын жана “бисмилладан” атайы баш тарткандар-
дын сойгон малдары адал болбойт.
3) Акылдуу болуу. Адамдын балалык чагынан өтүп бойго жетүү-
сү зарыл шарт катары эсептелбейт. Ак караны айрып калган, б.а. кимге
кандай сүйлөп, кандай мамиле кылуу керек экендигин билип калган

339
Маида сүрөсү, 5-аят.

394
баланын сойгон малы адал болуп саналат. Ал эми эс тарта элек бала-
нын, акыл-эсинен айныган бирөөнүн жана мас кишинин сойгон малы
адал болбойт.340
Мал союуга укуктуу болгондордун аялы менен эркегинин, дени
соо болгондор менен дааратсыз, же болбосо айызы келген аялдардын
сойгон малынын жайыз жана адал болушунда эч кандай айырма жок.
Тактап айтканда, бул адамдардын бардыгынын сойгон малы желет.
Мал союунун шарттары
1) “Бисмилла” айтуу. ‫ا ج ْسو ُم‬ ‫”ذِب ْسضُِب ِهّٰلل ِب‬Бисмиллаахи Аллааху акбар”
‫جا ج ِهّٰلل ُم‬
деп малды союу башталат. Эгерде “бисмилла” атайын эле айтылбай
кетсе, анда союлган малдын эти желбейт. Ал эми “бисмилла” унутулуп
калып айтылбай калса, анда анын зыяны болбойт.341
2) Мууздалганда малдын кызыл өңгөчү жана кекиртеги менен эки
күрөө тамырынын бирөө же экөөнүн тең кесилиши. Бул төрт органдар-
дын жарымы же жарымынан азы, мисалы, бир гана күрөө тамырлары
кесилсе, же болбосо кекиртеги менен эле кызыл өңгөчү кесилип, күрөө
тамырлары кесилбесе, же жалгыз эле кекиртеги кесилип калгандарына
бычак мизи тийбесе, анда бул мал адал болбойт.342
Мал союунун сҥннөттөрҥ
1) “Бисмилла” менен кошо такбир айтуу, б.а. “Бисмиллаахи
Аллааху акбар” деп айтуу.
2) Союлуучу малдын жана касапчынын кыбылага карашы.
3) Союлуучу малды кыбылага каратып, сол капталынан кыйнабай
акырын жыгуу.
4) Төөнү жыкпай туруп кекиртегинин көөдөнгө бириккен жери-
нен, ал эми калган малды болсо кекиртегинин алдыңкы жаакка бирик-
кен жеринен кесүү.
5) Кекиртегин, кызыл өңгөчүн жана күрөө тамырларын толук
бойдон кесүү.

340
Шафий мазхабында жинди менен мас кишинин сойгону да макүрөө болсо да адал
болуп саналат.
341
Шафий мазхабында малды союп жатканда “бисмилла” айтуу – шарт эмес, сүннөт.
Эгерде малды сойгон киши “бисмилланы” атайылап эле же унутуп калып айтпаса
союлган малдын эти адал болот. Бирок атайылап эле “бисмилланы” айтпай коюу сүн-
нөткө терс келгендиктен макүрөө болуп саналат.
342
Имам Мухаммеддин айтканы боюнча бул төрт органдын ар биринин көбү кесилбесе
адал болбойт. Маликий мазхабында болсо сөзсүз түрдө бул төрт органдын бардыгы ке-
силүүгө тийиш. Шафий жана Ханбалий мазхабдарында болсо кызыл өңгөч менен ке-
киртек кесилиши керек. Эки күрөө тамырдын кесилиши керектүү эмес, мустахаб.

395
6) Малды соѐ турган бычакты мурунтадан жакшы курчутуп
даярдап коюу.
Малды союуда макҥрөө болгон нерселер
Союлуучу малды кыбыладан башка терс жакка буруу; башын
денесинен бөлүп салуу; союлуучу жерге сүйрөп алып баруу; жыгып
буттарын байлап койгондон кийин анын көзүнчө бычак курчутуу;
малды башка бир малдын көзүнчө союу; мууздалган малдын жаны
толук чыга электе терисин сыйыра баштоо; мууздаганда кекиртеги
менен астыңкы жаактын бириккен жеринен эмес, андан ылдый, же
моюндун ортосунан кесүү жана жүлүнүнө бычак сайып аны кыйноо
макүрөө болуп эсептелет.
Мал союунун ыкмасы
Мал соѐрдо кабелтең жана курч бычак даярдалышы керек. Сою-
луучу малды уруп-сокпостон акырын союучу жерге алып баруу абзел.
Төөдөн башка союлуучу бардык малдар кыбыланы каратып сол ыптасы
менен жаткырылат. Анан аны соѐ турган киши: ‫ا ج ْسو ُم‬ ‫“ ذِب ْسضُِب ِهّٰلل ِب‬Бисмил-
‫جا ج ِهّٰلل ُم‬
лаахи Аллааху акбар” деп “бисмилла” айтып дароо малдын кекир-
теги, кызыл өңгөчү жана эки күрөө тамырын кесип мууздайт. Мууздал-
ган малдын жаны толук чыкканча бир азга күтүп туруп качан гана
жаны толук чыккандан кийин терисин сыйрууну баштоо керек.
Сойгондо кыйналбасын деп ток урдуруп эсин оодарып туруп али
жаны чыга электе өз ыгы боюнча союулган малдын эти желет. Эгерде
токтун жардамы менен эсин оодарган мал мууздай электе эле өлүп
калган болсо анда анын эти желбейт.
Тапанча менен башка атылып союлган мал да ушул сыяктуу.
Эгерде атылгандан кийин али өлө электе мууздалса эти желет. Ал эми
мууздагыча өлүп калган болсо эти желбейт. Эгерде союлган мал бооз
болуп ичин жарганда ичиндеги баласы:
a) Өлүү болсо анын эти желбейт.
б) Ал эми бооз мал союлуп ичи жарылганда баласы тирүү болсо
жана ал өлө электе мууздалса ал адал болуп эсептелет.
в) Мал союлгандан кийин ичиндеги баласы мууздай электе өлүп
калса анын эти желбейт. Анткени энеси мууздалганда баласы да мууз-
далган болуп эсептелбейт. Ал эми ал союлуп эти желүүсү үчүн жандуу
болушу керек.343

343
Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммед менен башка мазхабдардын имамдары жа-
ныбарлардын баласынын энесине таандык болгонун, энесинин союлушу менен да
союлган болуп эсептеле турганын айтышкан.

396
Эти желген жана желбеген жаныбарлар
а) Сууда гана жашаган жаныбарлар
Сууда жашаган жаныбарлардан балык түрүнө киргендер гана
адал, калгандары болсо арам болуп эсептелет. Ханафийден башка
агымдарда сууда жашаган бардык жаныбарлар мубах болуп саналат.
Аларда бир гана өзүнөн өзү өлүп суу үстүнө калкып калган балыктарды
жегенге болбойт.
б) Кургактыкта гана жашаган жаныбарлар
Булар үчкө бөлүнөт:
Биринчиси, чегиртке, чымын-чиркей, курт-кумурска, жөргөмүш,
аары, бөйөн-чаян сыяктуу уулу жана кансыз майда жандыктар. Булар-
дын арасынан чегирткеден башкасы адал болуп эсептелбейт. Анткени
булардан адам табиятынын итиркейи келет.
Экинчиси, жылан, кескелдирик, кене, бит жана чычкан сыяктуу
топуракта жашоочу жана сойлоп жүрүүчүлөр; кирпичечен, талаа чыч-
каны жана аларга окшогон агызар каны болбогон жандыктар.
Булар уулу болгондуктан, о.э. адам табиятын жийиркенткен-
диктен жана пайгамбарыбыз тарабынан эгер жолугуп калса өлтүрүүгө
буйрук кылынгандыктан этин жеш арам болуп эсептелет. Бул тууралуу
пайгамбарыбыз: “Алланын амирин тааныбаган беш нерсе бар. Булар
микат маалынан башка (бардык жерде) Харамда (ихрам кийгенден
баштап Каабага чейинки аралык) да өлтүрүлөт. Алар: жылан, ала
карга, чычкан, кутурган ит жана айры куйрук,” – деп буюрган. 344
Үчүнчүсү, жылуу кандуу жаныбарлар. Булар үй жаныбарлары
жана жапайы жаныбарлар болуп экиге бөлүнөт.
Үй жаныбарларынын ичинен төө, уй, буйбол, кой, эчки, тоок, каз,
өрдөк жана көгүчкөн адал болуп саналат. Ал эми качыр менен эшектин
эти арам болот. Жылкынын эти болсо адал болгону менен аны жеген
макүрөө болуп эсептелет. Мунун себеби, бул жаныбар байыртадан бери
негизги унаа катары пайдаланылгандыктан жана согушта абдан маа-
нилүү роль ойногонунан болсо керек.345 Ошондой эле иттин жана киш-
тин эти арам болуп саналат.
Ал эми жапайы жаныбарлардын ичинен азуусу менен алганын
жара тарткан жырткыч айбандар (арстан, жолборс, карышкыр, аюу,
пил, маймыл, кабылан, илбирс жана чөө ж.б.) жана кармаганына кандуу

344
Муслим, Хаж, 9.
345
Шафий мазхабында да качырдын эти арам болуп саналат. Маликий мазхабында да
бул пикир кеңири жайылган.

397
тырмагын матырган алгыр куштар (бүркүт, ителги, шумкар, жору ж.б)
өңдүү айбандардын эти арам болуп эсептелет.
Жогоруда белгиленген азуулуу менен тырмактуудан башка жапа-
йы жаныбарлардын ичинен кийик, жапайы уй, жапайы эшек сыяктуу
жаныбарлардын эти адал болуп саналат. Ошону менен бирге эле коѐн-
дун эти дагы адал болот. Ушул сыяктуу эле жапайы куштардын ичинен
да жырткыч болбогон көгүчкөн, таранчы жана алардын бардык түрлө-
рү, каркыра-турна жана аларга окшогондор да адал болуп эсептелет.
в) Сууда да кургактыкта да жашаган жаныбарлар
Бака, таш бака, суу чаяны, жылан, крокодиль, суу ити жана бу-
ларга окшогон жаныбарлардын эти адал эмес.
Ошондой эле эти желген жана өз ыгына жараша союлууга тийиш
болгон жаныбарлардын ичинен муунуп же чалынып калып өлгөн, же
болбосо кандайдыр бир курал менен урулуп өлтүрүлгөн, же жардан
учуп өлгөн, же болбосо башка бир айбан сүзүп өлтүргөн жаныбарлар-
дын эти желбейт.
Союлган малдын желбей турган мҥчөлөрҥ
Кой жана уй сыяктуу эти желген жаныбарлардын желбей турган
мүчөлөрү ушулар: аккан каны, табарсыгы, чандыры, умасы, өтү жана
бездери.
Эгерде өз ыгына жараша союлган бир тоок жүнүнүн жулунушу
үчүн кайнак сууга салынып, анан ал суу ичине кирип кеткенге чейин
сууда күттүрүлсө ал эт таза болбойт. Эгерде суу кайнап жаткандагы
даражадай ысык болбосо, же суунун жылуулугу тооктун жүнүн жыды-
та тургандай болуп, бирок тоок ага аз эле убакыт салынып калса анда
ал тооктун этин үч жолу чайкоо керек.
Кир булганыч нерселерди жеген жаныбарлардын сүтүн жана этин
тамак-аш катары колдонуу макүрөө болуп саналат. Мындай нерселерди
жеген жаныбарларды союудан мурун эгер тоок болсо үч күн, кой жана
эчки болсо төрт күн, уй жана төө болсо он күн боюнча атайын торго
кармап таза жем менен багуу керек.

398
АҢ УУЛОО ЖАНА АНЫН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

Арапчасы сайд деп айтылган аң уулоо иши Меккенин Харам


(ихрам кийген жерден баштап Каабага чейинк аралык) чегинен тыш-
каркы жерлерде мубах кылынган. Аңчылыктын мубах болгондугу
Куран, сүннөт жана диний жыйнактарда бекемделген. Ыйык Куранда
минтип айтылган:

ُۜ‫ج‬ٚ ‫ ِبج ج قٍ ْسٍ ُمط ْسُ ح ْس ح ُم‬ٚ


“Ихрамдан чыккандан кийин гана (кааласаңар) аң уулагыла.”346
Бул ыйык аятта ихрам кийгендерден башкаларга аң уулоого урук-
сат берилген. Азирети Пайгамбарыбыз да:

‫ضحْسو ْسُمً ِبحٔ ِهّٰللٗ ِبجٔ ِهّٰللّح‬ ‫ و ْسلش ْسجصُ ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ِبئ ج ْسرص ْسٍص و ْسٍره‬
ٗ‫جا ٍ ْسح ِبٗ ى ْسُمً ِبا ْسْ جوً ِبِ ْسٕ ُم‬
ٗ‫ج ْسِضه ٰل ٔ ْسف ِبض ِب‬
“Итиңди коѐ бергенде “бисмилла” деп айт, эгер алса (бул аң
этинен) же. Эгер итиң алган аңынан жеген болсо андан жебе.
Анткени аны ал бир гана өзү үчүн кармаган болуп эсептелет,”347 –
деп буюрган жана белгилүү ыкма боюнча кармалган айбанаттын мубах
экендигин билдирген.
Аалымдар дагы аңчылык кылуунун мубах экендиги жөнүндө
бирдей көз карашта.
Аң катары ууланган жаныбарлар эти желе тургандар жана эти
желбей тургандар болуп өз ичинен экиге бөлүнөт. Эти желе турган жа-
ныбарлар эти үчүн, ал эми эти желбей турган жаныбарлар болсо тери-
си, жүнү, же айрым мүчөлөрүнөн пайдалануу үчүн, же болбосо алар-
дын зыяндарынан коргонуу үчүн кармалышат. Көңүл ачуу үчүн аң
уулоо макүрөө болуп эсептелет.
Аңчылык, аң жаныбары жана аң уулоо үчүн колдонулган курал
боюнча эске алынышы керек болгон нерселер ушулар:
Аңчылык кылуу ҥчҥн зарыл болгон шарттар
1) Аңчылык кылуучу киши дин боюнча мал союуга укуктуу
бирөө болуусу керек.

346
Маида сүрөсү, 2-аят.
347
Муслим, Сайд, 2.

399
Мусулман менен пайгамбарлардын жана төрт ыйык китептин би-
рөөнө ишенгендердин кармаган аңынын эти желет. Мажусулар менен
бутпарастардын аңынын эти желбейт.
2) Аңчылык кылган киши аң уулоосу адал болбогон бирөөлөр
менен чогуу аңчылыкка чыкпоого тийиш.
3) “Бисмилланы” атайын эле чанып айтпай койбошу керек.
Малды мууздап жатканда “Бисмиллаaхи Аллаaху Акбар” деп
айтуу кандай шарт болсо, аң уулоодо куралды колдонуп жатканда, же
болбосо аң уулоо үчүн атайын үйрөтүлгөн айбанды коѐ берерде ‫ا‬ ‫ذِب ْسضُِب ِهّٰلل ِب‬
‫جا ج ِهّٰلل ُم‬
‫“ ج ْسو ُم‬Бисмиллаaхи Аллаaху Акбар” деп келме келтирүү да ошондой эле
– шарт. Ал эми “бисмилланы” унутуп айтпай калса зыяны болбойт.348
Аңчы аң уулоо ниети менен гана курал колдонушу керек, же ити
менен кушун салууга тийиш. Аңчы куралын колдонгон убакта, же ити
менен кушун салып жатканда башка нерселер менен алек болбошу
керек жана аңынын артынан сая түшүшү абзел. Минтип аркасынан
түшкөн учурда жарадар болгон аңы өлүү табылса эти желет. А бирок ал
жарадар болгон аңынын артынан түшпөй коюп аны кийин өлүү тапса,
же ал жарадан эмес башка бир себептен өлүп калган болсо анын эти
желбейт.
Аңчынын колдонуучу куралына байланыштуу шарттар
Аң уулоодо колдонулуучу куралдын эки түрү бар. Бири – кол
куралы, экинчиси – аң уулоо үчүн үйрөтүлгөн айбандар.
а) Кол куралы: жаа, найза, бычак жана мылтык сыяктуу
жаралоочу жана өлтүрүүчү куралдар болуш керек.
6) Ҥйрөтҥлгөн айбандар: ит, бүркүт, ителги, шумкар, ылаачын
өңдүү атайын аң уулоого үйрөтүлгөн айбан жана алгыр куштар болууга
тийиш.
Аң уулоо ҥчҥн ҥйрөтҥлгөн айбандарда болушу зарыл болгон
шарттар
Аң уулоодо колдонулган айбан бул иш үчүн атайын үйрөтүлгөн
болушу керек. Алсак, иттин атайын аңчылык үчүн үйрөтүлгөндүгү
анын алган аңынан жебегендигинен белгилүү болот.349 Аңчы айбандар

348
Жогоруда да белгиленгендей Шафий мазхабында “бисмилла” сүннөт болгондуктан
атайылап айтылбаса да ал малдын эти желе берет.
349
Шафий жана Ханбалий мазхабдарында иттин үйрөтүлгөн болуп эсептелиши үчүн
алган аңын жебеши керек. Муну менен бирге коѐ бергенде чуркап, токтоткондо туруп
калууга тийиш.

400
ээси тарабынан атайын коѐ берилиши керек. Мындай атайын бир тап-
шырма менен коѐ берилгендигин сезгенде гана ал алган аңын жебейт.350
Аң уулоо учурунда аңчы айбанга үйрөтүлбөгөн башка бир айбан
кошулбашы керек. Үйрөтүлбөгөн айбандын алган аңы жегенге болбойт
жана анын үйрөтүлгөн айбан менен кошулуп алган аңы да желбейт.
Анткени мындай учурда аңды кайсынысынын алганы билинбей калат.
Бирок минтип кармалган аң али тирүү болуп, аңчы тарабынан мууз-
далса анда желе берет.
Аңчы айбан алган аңын жара тартып өлтүрүшү керек. Эгерде ал
аңын муунтуп, же уруп өлтүрсө бул аң желбейт.351 Аңчы ит алган
аңынан жебеши керек. Эгер жеген болсо бул аң желбейт. Анткени ал
бул аңын ээси үчүн эмес өзү үчүн алган болуп эсептелет Ал эми алгыр
куштардын алган аңын жегенинде кандайдыр бир терстик болбойт.
Аң уулоодо колдонулган куралдар абдан курч жана өткүр болушу
керек. Таяк же ташбараңга алынып жара ачылбай өлтүрүлгөн аңдын
эти желбейт.
Аңда болушу зарыл болгон шарттар
Аң катары ууланган жаныбар эти желген жаныбарлардан болушу
керек. Аң катары ууланган жаныбар үй жаныбарларынан да болбошу
керек. Себеби үй жаныбарларын уулоого болбойт. Алар кадимкидей
эле өз ыгына жараша союлат. Ал эми үй жаныбарларынан бирөө
жапайылашып кетип аны кармоого мүмкүн болбосо, же терең бир
кудуктун түбүнө түшүп кетип алып чыгуу кыйын болсо курал аркылуу
өлтүрүүгө болот. Ошондой эле бугу, эликке окшогон айрым жапайы
жаныбарлар колго үйүр алдырылса аларды да аң катары уулоого
болбойт. Алар кадимки мал сыяктуу ыгына жараша союлат.
Аң жаныбары эгер мууздалбай туруп өлгөн болсо анда алган
жаратынан өлгөн болушу керек. Ал эми алган жараттан эмес, корк-
конунан же жаралагандын катуу соккусунан өлгөн болсо эти желбейт.
Жаралангандан кийин сууга түшүп думугуп калып, же учуп өлгөн аң да
ушул өңдүү.
Аң жаныбары кармалганда али тирүү болуп аны мууздоого мүм
күндүк болсо мууздалышы керек. Ал эми аңчынын аны мууздоого
мүмкүнчүлүгү болуп туруп мууздабай койсо бу да желбейт.

350
Шафий, Маликий, жана Ханбалий мазхабдарында болсо аңчы сөзсүз түрдө ала тур-
ган аңын көрүп белгилегенден кийин аңчы айбанды коѐ бериши керек. Бул боюнча аң-
чы киши аңчы айбанды белгилүү бир аңга коѐ берип, айбан андан башка аңды ууласа,
анда бул аңдын эти желбейт.
351
Шафий мазхабында аңчы айбан аңын эзип өлтүрсө да желе берет.

401
КАРЫЗ АЛУУ ЖАНА БЕРҤҤ
Карыз – акча, же бир мал-мүлктү кийин кайра ошого окшогонун
алуу шарты менен бирөөгө берүү.
Аят жана хадистерде “карыз алуу жана берүү” колдоого алын-
ган. Бакара сүрөсүнүн 245инчи, Маида сүрөсүнүн 12инчи, Момундар
сүрөсүнүн 20ынчы, Хадид сүрөсүнүн 11инчи жана 18инчи, Тагабун
сүрөсүнүн 17инчи аяттарында “пайызсыз берилген карыз” (карзы
хасен) сөзүнүн колдоого алынары эскертилген. Өзгөчө Бакара сүрөсү-
нүн 282-аятында карыз алуу жана берүү ишинде байкоого алынышы
сунуш кылынган жол-жоболор майда-чүйдөсүнө чейин баяндалган.
Пайгамбарыбыз бул тууралуу минтип буюрган:

‫ح ِ ِهّٰلللزًن‬ٙ‫ضح ِ ِهّٰلللض ْس ِب ِبئاِهّٰلل وحْ و للطِب‬ ‫ِح ِبِ ْسٓ ُمِ ْسضٍ ٍِبُ ُم ْسم ِبل ُم‬
‫ا ُمِ ْسضٍ ًنِبّح ل ْسل ًن‬
“Бир мусулманга бир нерсени эки жолу карызга берген адам ал
нерсени бир жолу садага берген сыяктуу сооп табат.”352
“Миражга чыккан түнүмдө бейиштин каалгасында “садагадан
он эсе сооп табылат. Карыздан болсо он сегиз эсе сооп табылат”
деген жазууну көрдүм. Жебирейилден:
– Карыз берҥҥнҥн садагадан бийик болушунун себеби эмне? –
деп сурадым. Жебирейил мага:
– Анткени тилемчи колунда бар болсо деле тилене берет. Ал эми
карыз сураган киши качан гана ага муктаж болуп калганда сурайт,”–
деди.353
Муктаж болгон бирөөнүн карыз алуусу мубах, ал эми андай
муктаждыгы болгон бирөөнө карыз берүү мандуп (шарыят боюнча
ылайык көрүлгөн) болуп эсептелет жана садага берген сыяктуу сооп
табат. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Эгер ким бир момундун
жашоодогу сар-санааларынын биринен арылтып ажатын ачса,
Алла таала да анын кыямат күнүндөгү сар-санааларынын биринен
арылтат.
Кимде-ким колунда жок карыздарга жеңилдик берсе, Алла
таала да бу дүйнөдө жана акыретте ага жеңилдик берет.
Кимде-ким бир мусулмандын абийир-уятын жапса, Алла
таала да бу дүйнөдө жана акыретте анын абийир-уятын жабат.

352
Ибн Мажа, Садакат, 19.
353
Ибн Мажа, Садакат, 19.

402
Эгер ким дин боордошуна жардам берсе, Алла таала да ага
жардам берет.”354
Карызга алына турган жана бериле турган нерселер
Карыз алуу жана берүү иши өлчөнүп ченелген буюм жана ага
окшогон нерселер үчүн колдонулат. Ал эми кыймылсыз мүлк жана мал
сыяктуу дал өзүндөй окшошу болбогон ар башка нерселерди карызга
алуу жана берүү жайыз эмес. Булар аманат катары башкасын эмес
кайра эле өзүн кайтарып берүү шарты менен алынат жана берилет.
Карыз берген адам бул ишти Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн
жасашы керек. Карыз алган адамынан кандайдыр бир нерсе күтпөөгө
тийиш. Карыз берген адам карыз бергендиги үчүн алган адамдан өз
пайдасына бир нерсени суроо, же бир ишти талап кылуу арам болуп
эсептелет. Анткени ал пайыз катары каралат. Мисалы, “Сага ушунча-
лык карыз берем. Сен ал карызыңды бергенге чейин мен сенин үйүңдө
акысыз жашайм” деген өңдүү, же болбосо “Сага жүз сом карыз
берем. Сен мага кийин жүз он сом бер” деген сыяктуу. Минтип карыз
берүү жолу менен табылган пайда адал эмес. Ал эми карыз алганда
андай эч кандай шарт коюлбаса, же болбосо ал аймакта андай бир салт
да жок болсо деле карыздар киши өзүнө жасалган жакшылык үчүн
түрү, өлчөмү же саны боюнча алган нерсесинен дагы жакшыраак, же
көбүрөөк берсе болот жана карыз берген кишинин да муну алууга
укугу бар. Анткени бул жакшылыкка жараша жасалган жооп болуп
эсептелет. Бирок эки тарап тең муну бир шарт катары көрбөшү керек.
Бул жөнүндө пайгамбарыбыз:

‫ِبح ِهّٰللْ ْس ِب رح ِب ِهّٰلل ِب‬


‫ ْسُ لضح ًنء‬ٙ‫جا ج ْسقضُٕم ُم‬
“Алланын кулдарынын эң кайырдуусу – алган карызын жакшы
кайтарып бергендер,”355 – деп буюрган. Жабир (р.а.) да:
“Пайгамбарыбызда аласам бар эле, мага кайра төлөп берди, ал
тургай ашыгы менен берди,”356 – деп айткан.
Карыз катары алынган кагаз акча мезгилдин өтүшүнө байланыш-
туу наркы өсүп же төмөндөп кетсе Абу Ханифанын ою боюнча алганы-
нан бир эсе көбүрөөк төлөп берсе жетиштүү болот. Имам Абу Юсуф-
тун көз карашы боюнча карыз алынган кездеги акчанын наркына жара-
ша төлөп берүү керек.357

354
Муслим, Зикр, 38.
355
Муслим, Мусакат, 22.
356
Хадисти Бухарий менен Муслим айтып беришкен. Найлул-Автар 5-том, 261-бет.
357
Раддул-Мухтар, 4-том, 32-33-бет.

403
Бүгүнкү күндө айрым өлкөлөрдө акчанын наркы буюмга салыш-
тырмалуу күн өткөн сайын төмөндөөдө. Мисалы, эгерде биз бирөөнө
карызга жүз сом берсек жана ал акчаны бир жылдан кийин кайтарып
ала турган болсок, анан ал акчанын наркы бул бир жылдын ичинде
кырк пайызга арзандап кетсе жана ошондон улам берген жүз сомубуз
сатып алуу күчүнүн кырк пайызын жоготкон болсо аны кайра ошол
санда алганыбызда биз чыгымга учураган болобуз. Ал эми бирөөнө
зыян келтирүү, же бирөөнөн зыян көрүү деген нерселер динибизге жат
келет. Мындай учурда карыз алуу жана берүү ишин татаалдаштырбаш
үчүн жана карыз берип сага жакшылык кылган бирөөнө зыян келтир-
бөө үчүн Имам Абу Юсуфтун көз карашындагыдай карыз алып жаткан-
да акчанын ошол убактагы наркына (сатып алуу күчүнө) көңүл буруу
жана өзгөчө эки тарап тең нааразычылыгы жок экенин билдирүүсү
максатка ылайык болот.

404
БАГЫШТОО (КАЙРЫМ ЖАРДАМЫ)
Багыштоо (кайрым жардамы) кандайдыр бир нерсеге (буюм-
тайым, мал-мүлк ж.б.) башка бирөөнү акысыз ээ кылуу дегенди түшүн-
дүрөт. Ал башка келишимдер сыяктуу эле багыштоо жана кабыл алуу
иш-аракеттери аркылуу ишке ашат. Кайрым жардамын кайрымга мук-
таж болгон кишинин алышы менен аяктайт.
Багыштоо кимдир бирөөнө “ушул нерсени сага багыштадым” де-
генди билдирет. Кабыл алуу болсо багышталган нерсени алуучу киши-
нин “кабыл алдым” деген сөзү болуп эсептелет.
Кайрым жардамында “багыштадым, арнадым, тартууладым”
деген сөздөр сыяктуу эле кимдир бирөөнүн жубайына жасалгалуу бир
буюмду берип “ал тагын”же болбосо “ал, колдон” деген сөздөр да ага
акысыз ээ кылууга далалаттануу, арноо маанисин билдирет. Ал эми ал
адам берилген жасалганы кабыл алган учурда кайрым келишими ишке
ашкан болуп саналат.
Кайрым адамдардын ортосундагы урмат-сыйдын чыңдалышына
себеп болгондугу жагынан да абдан маанилүү болуп эсептелет. Пайгам-
барыбыз минтип буюрган:

‫ج‬ٛ‫ج ُتحذ ِهّٰللُم‬ٚ‫ح ْس‬ٙ‫ض‬


“Бири-бириңерге белек-бечкек бергиле, араңардагы урмат-сый
күчөсүн.”358
Тартууга келген бир нерсени унчукпастан алуу кабыл алгандык
болуп эсептелет.
Багыштоонун шарттары
а) Багыштаганда болушу зарыл болгон шарттар
Кандайдыр бир нерсесин бирөөнө багыштаган адам акыл-эси то-
лук жана бойго жеткен бирөө болушу керек. Бала менен акыл-эси жа-
йында болбогондордун багыштоосу туура болбойт. Ошондой эле бала-
сына тиешелүү бир нерсени атасынын кимдир бирөөнө багыштаганы да
жайыз болуп эсептелбейт.
б) Багышталган нерседе болушу зарыл болгон шарттар
1) Багышталуучу нерсе багышталып жаткан учурда бар болууга
тийиш. Бир жемиш багынын келечекте бере турган мөмөсүн, же бир
уйдун али туула элек музоосун багыштоо туура эмес.

358
Раддул-Мухтар, 4-том, 32-33-бет.

405
2) Багышталган нерсе дин боюнча арам кылынган нерсе болбошу
керек. Айрыкча тарп, кан, чочко жана шарапты багыштоого болбойт.
Анткени бул нерселер динде эч кандай баа-баркы болбогон нерселер
катары каралат.
3) Багышталган нерсе багыштоочунун өзүнө таандык болушу ке-
рек. Башка бирөөгө таандык болгон бир нерсени анын уруксатысыз
бирөөнө багыштоо жайыз эмес.
4) Багышталган нерсе кабыл алынууга тийиш. Багыштоо ишинин
бүтүшү үчүн бул шарт зарыл. Анткени багышталган нерсе кабыл
алынбай туруп багышталган адамдын менчиги катары каралбайт.
Багыштоонун өкҥм-жобосу
Багыштоонун өкүм-жобосу – багышталган нерсенин акысыз
түрдө аны кабыл алган адамдын менчиги болгондугу.
Багыштоодон баш тартуу
Бир нерсесин бирөөнө багыштап жаткан киши бул чечиминен
кайра баш тарта алат. Бул жайыз болуп саналат. Бирок ошол эле убакта
макүрөө катары каралган одоно бир мамиле болуп эсептелет. Анткени
бул тууралуу пайгамбарыбыз минтип буюрган:

ٗ‫ج ْسٌعحتِب ُمل ِب ِ٘ب ط ِبر ِبٗ وح ْسٌعحتِب ِبل ِب ل ْسح ِبث ِب‬
“Багыштоодон баш тартылган (нерсе) кусундуга айланган
нерсе сыяктуу”359
Шафий жана Ханбалийлердин көз карашы боюнча атасынын
баласына багыштоосунан баш тартышынан башка бардык багыштоодон
баш тартуу иштери адал болуп эсептелбейт. Пайгамбарыбыз да минтип
буюрган: “Баласына бир нерсени багыштаган атадан башка киши-
нин багыштаган нерсесинен баш тартышы адал болуп эсептел-
бейт.”360
Багыштоодон кайра баш тартууга тоскоол болгон нерселер
1) Багышталган нерсени кабыл алган киши аны өзгөртүп наркын
мурункудан дагы жогорулатып коюшу. Мисалы, багышталган бир
имаратты кабыл алган адам аны мурункудан жакшы кылып ремонттоп
же жасалгалап коюшу;

359
Муслим, Хибат, 2.
360
Тирмизий, Буйу, 62; Ибн Мажа, Хиба, 2.

406
2) Багышталган нерсе кабыл алынгандан кийин багыштоо
келишимин түзгөн эки тараптын бирөөсүнүн кайтыш болушу;
3) Багышталган нерсенин кабыл алынгандан кийин кандайдыр
бир себептен кабыл алган кишинин жеке менчигинен чыгышы.
Мисалы, багышталган нерсенин кабыл алынгандан кийин сатылып
кетиши;
4) Багышталган нерсенин жок болушу;
5) Аялынын күйөөсүнө, же күйөөсүнүн аялына багыштаган
нерсеси;
6) Теги жакын болгон туугандарына багыштоо;
7) Бир нерсенин акысы катары багыштоо. Мисалы, өмүрүнүн
акырына чейин карагандыгы үчүн мал-мүлкүн багыштоо;
Мына ушул жогоруда саналып өткөндөрдүн бардыгы багыштоо-
дон кайра баш тартууга тоскоол болот.
Атасынын балдарына энчи бөлҥҥсҥ
Бир адам өзүнө тиешелүү нерсени башкаларга да, балдарына да
багыштай алат.
Бир атанын балдарына энчи бөлгөндө баарына бирдей бөлүшү
мустахаб (жактырылган), ал эми ар түрдүү өлчөмдө багыштоосу болсо
макүрөө катары каралат. Бул боюнча Ислам аалымдарынын көпчү-
лүгүнүн көз караштары бирдей.
Асхабтан Нуман б. Бешир (р.а) минтип айткан: Атам мага энчи
бөлдү. Энем Раваха кызы Амра атама:
– Сенин бул энчиңе пайгамбарыбызды күбө кылмайынча ишен-
бейм, – деди. Буга байланыштуу Бешир пайгамбарыбызга келип:
– О, Алланын элчиси, мен жубайым Раваха кызы Амрадан төрөл-
гөн уулума энчи бердим. Бирок Амра менден сизди күбө кылышымды
каалады, – деп айтты. Пайгамбарыбыз:
– Нумана берген өңдүү башка балдарыңа да энчи багышта-
дыңбы? – деп сурады. Анда Бешир:
– Жок, багыштабадым,– деп жооп берди. Муну уккандан кийин
пайгамбарыбыз:
– Алладан корккула жана балдарыңардын арасында адилеттүү
болгула, – деп буюрду.
Андан ары Нуман минтип эскерет. Атам пайгамбарыбыздын жа-
нынан келип мага багыштаган энчисин кайра алды.”361

361
Бухарий, Хиба, 13; Муслим, Хибат, 3.

407
Балдарынын ичинен бирөөнө же бир нечесине өзгөчө энчи ба-
гыштоо күнөө болбосо да макүрөө болуп саналат. Бул көрүнүш бал-
дардын атасына болгон урмат-сыйын азайтат жана бир туугандар ара-
сында таарынычтардын, ал тургай касташуулардын келип чыгышына
себеп болот. Ал эми өзгөчө энчи багыштоонун орундуу бир себеби бол-
со, алсак, өзгөчө энчи бөлүнгөн бала сокур, шал сыяктуу иштөө мүм-
күнчүлүгү жок майып абалда болсо анда анын эч кандай ыңгайсыздыгы
жок болуп эсептелет.

408
КЕРЭЭЗ
Керээз бир мал-мүлктү, же пайданы өзү өлгөндөн кийин ала
тургандай шартта бир адамга, же болбосо бир кайрымдуулук коомуна
акысыз (багыштоо жолу менен) мүлк катары берүү дегенди түшүн-
дүрөт. Керээз Куран жана сүннөт менен далилденген мыйзамдуу бир
жол болуп эсептелет.
Адам абалына карап боору ачыган же, мураскору болбогон жа-
кындарына жардам берип, бу дүйнөдө кайрымдуу бир адам катары
эскерилип акыретте болсо анын акыбет-сообун алгысы келет. Колунда
жокторго, алсыздарга жана багар-көрөрү жок жетим-жесирлерге өз
мал-мүлкүнөн бир үлүш бөлүп берүүнү акырет менен байланыштуу бир
сооп катары көрөт.
Демек, керээз дегенди мына ушундай жакшы ой-сезимдердин
натыйжасында жаралган бир иш деп айтсак болот.
Керээздин тҥрлөрҥ
Керээздин төрт түрү бар:
а) Убажип болгон керээз
Аманат катары берилген нерселерди, ээси билинбеген карыздар-
ды ээлерине берүү, зекет, ажылык, орозо фидьясы жана каффарат сыяк-
туу ибадат менен байланыштуу карыздарынын төлөнүшү үчүн керээз
калтыруу убажип болгон керээз болуп эсептелет. Эгер бул керээз кал-
тырылбаса акыретке мойнунда карызы бар бойдон кеткен болот.
б) Мустахаб болгон керээз
Мураскору жана кимдир бирөөгө карызы болбогон адамдын мал-
мүлкүнүн бир бөлүгүн кайрымдуулук коомуна керээз калтырышы
мустахаб болуп эсептелет. Керээздин бул түрүн калтыруу үчүн адам
милдеттүү эмес. Бирок муну аткарган киши Алла тааланын алдында
сый көрөт.
в) Мубах болгон керээз
Жакындарына же бөлөк эле бай адамдарга керээз калтыруу мубах
болуп саналат. Б.а. андай жашоо-турмушу жакшы, колунда бар адам-
дарга керээз калтуруунун эч кандай ыңгайсыздыгы жок.
г) Макҥрөө болгон керээз
Ар кандай күнөөлүү иштерди жасаган жана Алла тааланын өкүм-
жоболоруна моюн сунбаган кимдир бирөөлөргө керээз калтыруу макү-
рөө болуп эсептелет.

409
Мураскорлору жакыр болгон адамдын убажип болгон керээзден
тышкары башка бирөөлөргө керээз калтыргандан көрөкчө малын-мүл-
күн мураскорлоруна калтырганы дагы орундуу болот. Ал эми мурас-
корлору бай болуп, же калтырыла турган керээзден кийин алар башка-
лардын жардамына муктаж болбогудай болсо анда аларга деле керээз
калтырганы туура болот жана сооп табат.
Пайгамбарыбыз ооруп жаткан Сад б. Эби Ваккасты (р.а) зыярат
кылганы барат. Сад:
– О, Алланын элчиси, мал-мүлкүмдүн баарын керээз калтырууну
каалайм, – дейт. Пайгамбарыбыз ага:
– Кой, андай кылба, – деп буюрат. Анда Сад:
– Эч болбосо жарымын керээз калтырайын, – деп суранат.
– Жок, жарымын дагы керээз калтырба, – деп жооп кайтарат
пайгамбарыбыз.
– Анда байлыгымдын үчтөн бир бөлүгүн керээз калтырайын, –
дейт Сад. Пайгамбарыбыз:
– Макул, үчтөн бири жетет. Ал тургай бул деле көптүк кылат.
Анткени мураскорлорунду байытып кетүүң, эл алдында кол каратып
ар кимден жардам сурап калгыдай даражада жакыр абалда таштап
кеткениңе караганда кайырдуу,”362 – деп буюрат.
Кайрым жардам үчүн калтырылуучу керээзди өлгөндөн кийинки-
ге калтыргандын ордуна тирүү кезде берүү дагы сооптуу болот. Анткен
себеби, бул керээзди өзүнүн көзү өткөндөн кийин мураскорлорунун
орундатарына эч кимдин көзү жетпейт. Айрыкча өзү учурунда жаса-
баган бир ишти башка бирөөдөн талап кылуу да анчалык орундуу эмес.
Пайгамбарыбыздан:
– Кандай садага дагы сооптуу болот?– деп сурашыптыр. Анда
пайгамбарыбыз:
– Соо кезинде, жокчулуктан корккон, бай болууну үмүттөнгөнүң
үчүн сараң болуп жүргөн убагыңда берген садагаң сооптуу болот. А
болбосо шалаакылык кылып жүрө берип качан гана жаның көзүңө
көрүнгөндөн кийин баланчага ушунча, түкүнчөгө мынча болсун
дегенден эч кандай пайда жок. Ансыз да байлыгың алардыкы болуп
калат.363
Керээздин өкҥм-жобосу
Керээздин өкүм-жобосу башка алыш-бериш иштеринде түзүлгөн
келишим сыяктуу багыштоо жана кабыл алуу иш-аракеттери аркылуу
ишке ашат.
362
Бухарий, Басайа, 2; Муслим, Басайа, 1.
363
Бухарий, Басайа, 2; Муслим, Зекат, 31.

410
Багыштоо “Ушул мал-мүлкүмдүн үчтөн бирин ушул кайрымдуу-
лук коомуна керээз калтырдым”, же болбосо “Ушул малымды ушул
кишиге керээз калтырдым” же “Мен өлгөндөн кийин артымда калган
байлыгымдын үчтөн бири ушул кишиге берилсин” деген өңдүү ачык
айтылган сөз болуп эсептелет.
Кабыл алуу болсо “калтырылган керээзди кабыл алдым” деп ай-
туу менен, же болбосо керээз калтырган кишинин өлүмүнөн кийин ке-
рээзди кабыл алган киши аны кабыл алганын көрсөтүп ал керээзден
сарптагандыгы менен белгилүү болот.
Эгер керээз колунда жоктор, ажылык, мечиттердин муктаждыкта-
ры үчүн калтырылган сыяктуу так белгилүү болбогон бир керээз болсо
мында кабыл алуунун зарылдыгы жок.364 Керээз калтыруу келишимин
оозеки түрдө да, жазуу түрүндө да жүргүзүүгө болот.
Керээз калтыруунун шарттары
а) Керээз калтыруучу менен байланыштуу шарттар
1) Керээз калтырган киши кайрым жардам бергенге укуктуу, б.а.
акыл-эси жайында жана бойго жеткен бирөө болушу керек. Ошондук-
тан акыл-эси ордунда болбогон бирөө менен баланын керээзи жайыз
эмес жана керээз катары каралбайт.
2) Керээз калтыруучу өз каалоосу менен чын көңүлдөн керээз
калтыруусу керек. Жаңылыштык менен, же болбосо бирөөнүн кыйноо-
сунан улам, же тамашалап керээз калтыруу туура эмес.
3) Керээз калтыруучу эч кимге көз каранды эмес эркин бирөө бо-
лушу керек.
4) Керээз калтырган киши артында калган байлыгынын баарын
бергенде араң кутула тургандай бирөөнө карызы болбошу керек. Эгер
мындай абалда болсо алган карызын төлөп берүү убажип болгондуктан
бирөөнө керээз калтырышы мүмкүн эмес.
б) Өзҥнө керээз багышталган киши менен байланыштуу
шарттар
1) Керээз багышталган адам ал керээз калтырылып жаткан убакта
тирүү болушу керек. Өлгөн бирөөнө керээз калтыруу туура эмес. Бирок
төрөлөөрү жакындап калган балага керээз калтырууга болот.
2) Керээз багышталган киши белгилүү бирөө болушу керек. Эгер-
де кимдир бирөө “Мал-мүлкүмдүн үчтөн бирин Акматка” же болбосо
“Асанга керээз калтырдым” десе, же ким экендигин ачык айтпастан

364
Имам Зуфердин айтканы боюнча керээзде кабыл алуунун кереги жок. Анткени
керээз кылынган киши мураскор даражасында. Мураскордун кабыл алуусунун
зарылдыгы болбогондой эле мурас кылган кишинин да кабыл алуусу зарыл эмес.

411
“малымды бирөөнө керээз калтырдым” десе жана аларды эч ким таа-
ныбаса бул керээз калтыруу туура болбойт. Анткени мында керээздин
Акмат менен Асандын кимисине берилгендиги жана алардын ким экен-
диги белгисиз бойдон калат.
3) Керээз багышталган киши керээз калтырган кишини өлтүргөн
кылмышкер болбошу керек. Кандайдыр бир кылмышкерге керээз кал-
тыруу туура эмес.
4) Керээз багышталган киши керээз калтыргандын мураскору
болбошу керек. Бирок анын мындан башка мураскору болбосо, же бол-
со да алар буга уруксат беришсе анда мындай керээз калтырууда эч
кандай жаңылыштык болбойт. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ج ِبر ٍظ‬ٛ‫ ِب حِهّٰللس ٌِب‬ٚ ‫ و ِهّٰللُمً ِب ي ق ٍ ِهّٰللك ق ِهّٰللمُٗم‬ٝ ‫ِبئ ِهّٰللْ ِهّٰللجا ل ْسل ْس‬
“Алла таала сөзсүз түрдө бардык акысы болгондорго (мурас-
тан) өз акыларын берген. Мындан ары мураскор болгонго керээз
калтыруу деген жок.”365
Башка бир ыйык хадисте да мындай деп эскертилген:

‫رغسُم‬ٌٛ‫ج ِبر ٍظ ِبجاِهّٰلل ج ْسْ ُمَي ِب ج ْس‬ٛ‫ ِب حِهّٰللس ٌِب‬ٚ ‫ا‬


“Мураскорлордун уруксат бергенинен башка мураскор
болгонго керээз калтыруу деген жок.”366
в) Керээз катары калтырыла турган нерселер менен
байланыштуу шарттар
1) Керээз калтырылган нерсе мал-мүлк, же бир пайда сыяктуу
башка бирөөнүн жеке менчигине өткөрүлө тургандай түрдөн болушу
керек.
2) Керээз катары калтырылган нерсе динде баа-баркы болгон, б.а.
андан пайдалануу мубах болгон нерселер болушу керек. Ал эми ички-
лик өңдүү динде эч баа-баркы болбогон нерселер керээз катары калты-
рылбайт.
3) Керээз калтырылган нерсе башка бирөөлөр тарабынан ээлик
кылууга мүмкүн болгон нерсе болууга тийиш. Келечекте боло турган
мал жандыктарын керээз калтыруу туура эмес.
4) Керээз катары калтырылган нерсе керээз калтырган кишинин
өзүнө тиешелүү болушу керек. Башка бирөөнө тиешелүү бир нерсени
керээз калтыруу туура эмес.

365
Ибн Мажа, Васайа, 6; Тирмизий, Басайа, 5.
366
Найлул-автар, 6-том, 40-бет (Хадисти Дарекутни айтып берген).

412
5) Керээз калтырылган нерсе мыйзамдуу болушу керек, б.а. ке-
рээзди кабыл алган кишинин кандайдыр бир күнөөгө башы малы-
нуусуна себеп болбошу керек. Ошондой эле өлүм алдындагы кишинин
* Өлүмүнөн кийин ыйлатуу үчүн акча берип аялдарды жалдоо-
лорун жана аларга тамак берүүлөрүн;
* Үйүнө көмүүлөрүн;
* Жаназа намазын баланчанын көтөрүшүн;
* Ушундай түрдө, ушундай түстөгү кездеме менен кепиндөөлө-
рүн;
* Кабырынын үстүнө күмбөз салынышын;
* Мүрзөсүнүн башында Куран окуучу молдолорго ушунча акча
берүүлөрү керек экендигин;
* Үйүндө же мүрзөсүндө Куран окулушун жана башка ушуга
окшогон нерселерди керээз калтыруусу туура эмес.367
Өлгөндҥн артында калган мал-мҥлкҥнҥн ҥчтөн биринен көп
болгон керээз
Киши артында кала турган мал-мүлктүн үчтөн бирин гана керээз
калтырганга укуктуу. Мал-мүлкүнүн ошол үчтөн бирин өз шартына
ылайык бирөөнө керээз катары калтырганда жана ал кабыл алынганда
анын өлүмүнөн кийин бул иш мураскорлору тарабынан орундатылышы
керек. Эгер алар бул милдетти аткарышпаса Алла таала алдында жооп
беришет. Ал эми калтырылган керээз өлүүнүн артында калган мал-
мүлкүнүн үчтөн биринен көп болсо аны багышталган кишиге берүү
иши мураскорлорунун уруксаты менен орундатылат. Мураскорлору
анын ошол боюнча берилишин кабыл алышпаса анда ашыкча бөлүгү
алынып салынып, керээз калтырган кишинин артында калган бардык
мал-мүлкүнүн үчтөн бири керээз катары берилет. Эгерде мураскорло-
рунун бир бөлүгү кабыл алып бир бөлүгү кабыл албаса, кабыл алган-
дардын мурастан ала турган үлүштөрүнөн бөлүнүп алынып керээз
аткарылат.
Ажылыктын керээз калтырылышы
Эгер кимдир бирөө өзүнүн мойнунда парз болуп да аткара албай
калган ажылык ишин бирөөнө бардык каражаттарын төлөп берүү
шарты менен анын атынан аткарууну керээз калтырса, мураскорлору
бул кэрээзди аткарууга тийиш.

367
Кеңири маалымат үчүн Ибн Абидин, 5-том, 654-бетке караса болот.

413
ТАБЫЛГА
Эгерде бирөө кимдир бирөөнүн жоголгон бир нерсесин таап алса
алышы керекпи, же болбосо эч колун да тийгизбей кандай турса
ошондой калыбында ташташы керекпи? Бул тема боюнча Ислам
аалымдарынын арасында ар кандай көз караштар бар. Эң ылайыктуусу
жоголгон нерсе табылса алуу керек. Анткени мусулман болгон бир дин
боордошуна тиешелүү нерсени сактоо ар бир мусулмандын милдети.
Пайгамбарыбыз мусулман боордошуна жардам берген адамга
Жараткан өзү жардам берерин белгилеген.
Эгер бирөө кимдир бирөөнүн жоголгон буюмун же малын таап
алып, аны албай койгондо кайра жоголуп кетери анык болсо жана
ошондон чочулап аны ээсине берүү үчүн алуусу мандуп, ал эми жого-
луп кетишинен чочулабаса да аны ээсине берүү үчүн алышы мубах
болуп эсептелет. Бирок таап алган нерсени ээсине берүү максаты менен
эмес, өзү үчүн алса арам болуп саналат. Пайгамбарыбыз мындай деп
буюрган:

‫جٌضحٌ ِهّٰللس ِبجاِهّٰلل ض ِهّٰلل ٌدحي‬


‫ ِهّٰلل‬ٜ‫ا ُم ْسإ ِب‬
“Жоголгон нерсени акылынан адашкан (тайкы) бирөө гана өз
дүнүйөсүнө кошуп алат.”368
Жоголгон нерсени таап алган бирөө аны сактап ээси чыкканда
тапшырарын күбө болгондорго айтса ал нерсе аманат катары анда ка-
лат. Бул табылган нерсе таап алган кишинин колунда туруп бузулса, же
таптакыр колдонууга жараксыз болуп калса таап алган киши аны ээси-
не төлөп берүүгө мажбур эмес. Анткени табылган нерсени ээси чыкса
бере турган шарт менен күбөлөрдүн алдында аны өзүндө сактоого ди-
ний уруксат алган. Пайгамбарыбыз минтип буюрган:

‫ ل ٍْسي‬ٜ‫ ْس‬ٚ ‫ ْسل‬ٙ‫ؾل ٌُمم س ًن ْسٍح ْسغ‬ٚ ٓ‫ِ ْس‬


“Кимде-ким жоголгон нерсени таап алса дароо адилеттүү эки
кишини күбө кылсын...”369
Күбөлөргө: “Кимдин жок издегенин уксаңар ага менин таап ал-
ганымды айтып койгула”  деп эскертип койгону жетиштүү. Эгерде
бирөөнүн жоголгон бир нерсесин таап алган киши күбөлөргө антип
айтпаса анда ал нерсени өзү алып алган болот. Мындай абалда эгер ал

368
Муслим, Луката, 1; Ибн Мажа, Луката, 1; Абу Давуд, Луката, 1.
369
Ибн Мажа, Луката; Абу Давуд, Луката.

414
таап алган нерсеси колунда туруп бузулуп, же колдонууга жараксыз
болуп калса ээси келсе аны төлөп берүүгө милдеттүү.
Жоголгон нерсени таап алган кишиге байланыштуу
иш-аракеттер
Жоголгон бир нерсени таап алган киши аны ошол табылган же-
ринен ар түрдүү жолдор менен ошол тегерекке жарыялайт. “Ушундай
бир нерсе жоготкон адам болсо мага келсин”  деп айтат.
Жарыя кылуунун мөөнөтү табылган нерсенин түрүнө жана саны-
на жараша болот. Эгерде табылган нерсенин өлчөмү отуз грам же андан
көп болсо ал элге жарыялангандан кийин бир жылга чейин ээсин күтүү
керек. Бул мезгилдин ичинде ээси чыкса берилет. Эгер ээси чыкпаса
жарды-жакырларга таратып берүү максатка ылайык. Ал эми табылган
нерсенин өлчөмү отуз грамдан аз болсо аны жарыялагандан кийин ээ-
син бир нече күн күтүү жетиштүү. Эгерде бул мезгилдин ичинде ээси
чыкпаса жана аны таап алган киши бай бирөө болсо ал табылган нер-
сени пайдалануусу жайыз болбойт. Аны да жарды-жакырларга садага
катары берүүгө тийиш. Анткени башка бирөөнө таандык болгон бир
нерсени ээсинин уруксатысыз пайдалануу жайыз катары эсептелбейт.
Пайгамбарыбыз минтип буюрган:

ْ‫ ِبج ْس‬ٚ ٗ‫ْسٍ ُمحع ِب ِهّٰللل ْسف صٕس ًن ِبح ْسْ ؾحء حقِب ُمر ُمٗ ْسٍ ُم ِهّٰللُم ُمٖ ِبجٌ ْسح ِب‬ ‫ا ِبُت ِهّٰللُمً جٌِهّٰللُمٍم سُم ّ ِبٓ ج ْسٌطمط ع ْسحثًنح‬
ٗ‫حْس ِبش ْسٍحط ِهّٰللل ْسق ذِب ِب‬ ُ‫ٌ ْس‬
“Табылган нерсе адал болбойт. Аны тапкан киши бир жыл
бою тапканын жарыяласын. Ээси чыкса берсин, эгер ээси чыкпаса
садага катары таратсын.”370
Эгерде жоголгон нерсени таап алган киши колунда жок бирөө
болсо жана элге жарыя кылгандан кийин ээси чыкпаса анда ал нерсени
колдонсо болот.
Табылганы элге жарыяланып анан жарыялоо мөөнөтү өтүп кет-
кенден кийин ал нерсенин ээси чыгып калса жана анын садага катары
таратылганын кабыл алса сообу ага тиет. Ал эми аны кабыл албаса ал
нерсени таап алган адам төлөп берүүгө аргасыз болот. Эгерде ал нерсе
садага катары алган жакыр адамдын колунда ошол бойдон турган болсо
кайра андан ала алат.

370
Насбур-Райа 3/466 (Беззар менен Дарекутни айтып беришкен).

415
НИКЕ
Маданий бир жол менен түзүлгөн келишим болуп эсептелген
нике ибадат катары да каралат. Анткени үй-бүлөнү түзгөн жана аны
бекемдеген нерсе нике болуп саналат. Ал эми динибиз үй-бүлөгө абдан
чоң маани берген. Чындыгында эле, үй-бүлө бир жагынан адамдын
бакыт таба турган чөйрөсү болсо, экинчи жагынан анын тукумунун
уланышына себеп болгон нерсе жана ошондой эле сойкулук сыяктуу
жеке адамды жана коомчулукту балекеттерге алпара турган ар түрдүү
жамандыктардан алыстатуучу бир мекеме болуп эсептелет.
Үйлөнүү пайгамбарлардын да сүннөтү болгон. Бир ыйык хадисте
мындай деп буюрулган:

ُ‫ج ِبا ِبٔ ِهّٰلل ُمِىحغ ٌدِبل ذِبى ُمُم‬ٛ‫ ُمؾ‬ٚ‫ضز ِهّٰلل‬ٚ ‫حـ ِبِ ْسٓ ُمصِٕهّٰلل ِبِت ّ ْسٓ ٌ ْسُ ْسعّ ْسً ذِب ُمضِٕهّٰلل ِبِت ٍ ْسحش ِبِ ِب ِهّٰلل‬
‫جٌِٕهّٰللِبى ُم‬
ُِ‫جاُم‬
“Нике – менин сүннөтүм. Менин сүннөтүмдү жасабаган мен-
ден эмес. Үйлөнгүлө, мен башка үммөттөрдүн алдында силердин
саныңардын көп болгондугу менен сыймыктанам .”371
Ҥйлөнҥҥнҥн өкҥм-жобосу
Адамдардын мыйзамсыз жолдор менен өз ара мамиледе болуш-
кандыгы жөнүндө шек-шыбалар өкүм сүргөн учурда үйлөнүү убажип,
б.а. орундатылышы керек болгон милдет болуп эсептелет. Ал эми үй-
бүлө укуктарына урмат көрсөтүлбөй тургандыгы жана адилетсиздик
болоору алдын ала көбүрөөк байкалса мындай учурда үйлөнүү макүрөө
болот. Булардан тышкаркы абалдарда үйлөнүү сүннөт болуп саналат.
Нике жана анын кемчиликсиз болушунун шарттары
Нике багыштоо жана кабыл алуу иш-аракеттери менен ишке
ашат. Багыштоо үйлөнө түргандардын бирөөсүнүн, мисалы, эркектин
аялга “Сени өмүрлүк жарым катары никеледим” деген сөзү болуп
саналат. Кабыл алуу болсо, аялдын буга жооп иретинде “Мен да
өмүрлүк жарым катары сага барууну кабыл алдым” деген сөзү болуп
эсептелет.
Никенин туура кыйылышы үчүн керектүү болгон шарттар
ушулар:

371
Ибн Мажа, Никах, 1.

416
1) Үйлөнө турган аял аны менен үйлөнүшү арам болбой турган
аял болушу керек. Эркек үчүн үйлөнүүгө арам болуучу аялдар төмөн-
дөгүлөр:
* Энеси, чоң энеси жана таенеси;
* Кызы, же болбосо уулунун же кызынын кызы, б.а. небереси;
* Бир тууганы, б.а. эжеси же карындашы, же болбосо бир тууган-
дарынын кызы;
* Атасынын кыз бир тууганы;
* Таежеси, б.а. апасынын кыз бир тууганы;
* Кайненеси, б.а. аялынын энеси;
* Өгөй кызы, б.а. аялынын мурунку күйөөсүнөн болгон кызы;
* Келини, б.а. уулунун аялы;
* Балдызы, б.а. аялынын сиңдиси;
Эки кыз бир туугандын бирөөсү менен үйлөнгөн киши аны менен
ажырашпай туруп, же ал кайтыш боло электе эле экинчиси менен үйлө-
нө албайт. Ошондой эле күйөөсү бар бир аял аны менен ажырашпай ту-
руп, же болбосо күйөөсү өлө электе башка бирөө менен үйлөнө албайт.
* Таш буркандарга (бутка), отко, жылдыздарга табынгандар.
Төрт китептин бирине ишенгендер, т.а. христиан жана жүүттөр-
дүн аялдары менен үйлөнүү жайыз болуп эсептелет. Ал эми мусулман
аялдардын мейли жүүт болсун, мейли христиан болсун, иши кылып
мусулман болбогон бирөө менен үйлөнүшү жайыз катары эсептелбейт.
* Эмчек энеси;
* Эмчектеш кыз бир тууганы.
Эмчектеш бир туугандык
Бир бала эки жашына чейин өз энесинен башка бир аялды эмсе,
анда ал аял ал баланын эмчек энеси болот, ал эми ал аялдын эмчек
эмизген башка балдары ал баланын эмчектеш бир туугандары болуп
саналат. Ыйык Куранда бул жөнүндө минтип буюрган:

ُ‫حضُمى ُمُمُ جٌ ِهّٰلل ِٓت ج ْسرض ْسعٕى ْسُم‬ِٙ‫ج ُم ِهّٰلل‬ٚ


“Силерди эмизген эмчек энеңер (да) силерге (үйлөнүүгө) 
арам.”372

372
Ниса сүрөсү, 23-аят.

417
Эмчектеш бир туугандыкты ишке ашыруунун шарттары
а) Эмчек эмген баланын эки жаштан ашпоосу керек.373 Эки жаш-
тан өткөндөн кийин эмизилген балдар эмчектеш болбойт.
б) Эмизилген адам аял болушу керек. Балдарды бир эркектин эм-
чегин эмиздирүү менен эмчектеш тууган кылууга болбойт.
в) Эмизилген сүт ооз же мурун аркылуу ашказанга барышы ке-
рек. Кулакка же жарага тамызуу аркылуу же кандайдыр бир түтүк ме-
нен баланын алдынан же аркасынан берилген сүт аркылуу эмчектеш
бир тууган кылууга болбойт.
Эне сүтүнүн эмчектен берилиши менен кандайдыр бир шише ар-
кылуу берилишинин эч кандай оңтойсуз жагы жок. Эң негизгиси эмчек
сүтүнүн ооз же мурун аркылуу ашказанга барышы эсептелет. Баланын
эмчектин үрпүн оозуна салып бирок эмген эмбегени, же ашказанына
сүттүн барган барбаганы билинбесе анда эмизилген балдар эмчектеш
болбойт.
г) Эмчек сүтүнө башка бир нерсе аралаштырылган болбошу ке-
рек. Эгерде сүткө кандайдыр бир суюктук аралаштырылган болсо ал
аралаштырылган суюктук менен сүттүн кайсынысынын өлчөмү көп
болсо ошого жараша болот. Эгерде сүттүн өлчөмү аралаштырылган
суюктуктан көп болсо же аны менен бирдей болсо, анда балдарды эм-
чектеш тууган кылууга болот. Ал эми сүткө аралаштырылган суюктук-
тун өлчөмү сүттөн көп болсо андай учурда балдар эмчектеш болбойт.
Ошондой эле сүт кандайдыр бир коюу тамакка аралаштырылып берил-
се да туура болбойт.
Эмилген сүт көп болобу аз болобу, ал тургай балдарга бир жолу
эле эмизилген болсо да алар эмчектеш бир тууган болуп эсептелет.374
Эмчектештин ҥйлөнҥҥдөгҥ өкҥм-жобосу
Эмчектеш туугандын үйлөнүүдөгү өкүм жобосу айрым нерселер-
дин тышында, туугандыктын өкүм-жобосу менен окшош. Башкача айт-
канда, бир адам туугандык жакындыгына байланыштуу кимдер менен
үйлөнө албаса, эмчектеш болгон да алар менен үйлөнө албайт. Пайгам-
барыбыз мындай деп буюрган:

‫جٌلضح ِبس ِح ْسُي ُمل ُمَ ِبِٓ جٌِٕهّٰللض ِبد‬


‫ْسُي ُمل ُمَ ِبِٓ ِهّٰلل‬
373
Абу Ханифанын айтканы боюнча эмүү мөөнөтү – отуз ай. Бул мөөнөт ичинде эмүү
менен эмчектеш бир туугандык ишке ашат.
374
Шафий жана Ханбалий мазхабдарында эмчектеш бир туугандыктын ишке ашышы
үчүн баланын жок дегенде беш жолу эмиши – шарт. Беш жолудан аз эмүүнүн бир өкү-
мү жок.

418
“Ата-теги жагынан арам болгондор, сүт эмүү жагынан да
арам болушат.”375
Бул жөнүндөгү колдонулган эреже ушундай:
1) Эмчек эмген эмизгендин ата-тегине, ал эми эмизген болсо эм-
гендин тукумуна арам кылынган. Бул өкүм-жобого ылайык, бир баланы
эмизген аял анын эмчек энеси болот. Ал эми ал аялдын ал баладан
мурунку жана кийинки эмизген балдары ал баланын эмчектеш тууганы
болушат.
Кимдир бирөө апасы жана эжеси, же карындашы, же башка кыз
туугандары менен үйлөнө албайт. Ошондой эле эмчек энеси жана эм-
чектеш туугандары менен да үйлөнө албайт. Бирок баласынын эмчек
энеси, эмчектеш туугандары менен үйлөнө алат.
2) Никенин туура болушунун дагы бир шарты кыйылуучу нике
убактылуу болбошу керек.
Айрым муваккат нике жана мута нике деп аталган никелер сыяк-
туу белгилүү бир мөөнөт үчүн кыйылган убактылуу никелердин бирөө
дагы жайыз болуп эсептелбейт.
Ислам дининен мурун буларга окшогон убактылуу никелер бар
болчу. Пайгамбарыбыз коомчулукта кеңири колдонулган никенин бул
түрлөрүн башка жагымсыз үрп-адаттар сыяктуу эле дароо жоюп салган
эмес. Кээ бир согуштарда ага келип никенин бул түрүн колдонууга
уруксат сурагандарга уруксат берген. Бирок кийинчерээк акырындап
мута никесине толук түрдө түбөлүккө тыюу салган. Пайгамбарыбыз
бул жөнүндө мындайча буюрган:

‫ ِبئ ِهّٰللْ ِهّٰللجا ل ْسل‬ٚ ‫حا ِبِٓ جٌِٕهّٰللِبضح ِبء‬


‫ْسص ٌى ْسُمُ ِب ج ِبا ْسصط ْسِبّط ِب‬ ‫حس ِبئ ِبٔ ِهّٰلل ل ْسل ُمو ْسٕ ُمص ِب ٔ ُم‬
‫ح جٌِٕهّٰلل ُم‬ٙ‫ح ِهّٰللُم‬
‫ج‬ٚ ‫ا ضأْس ُم ُم‬ٚ ‫ ٌدء ْسٍ ُمح ِهّٰللِبً ص ِبرحٍُٗم‬ٝ‫ ِهّٰللٓ ع ْس‬ٙ‫ ِبَ ج ْسٌمِبححِ ِبس ّ ْسٓ وحْ ِب ْسٕل ُمٖ ِبِ ْسٕ ُم‬ٛ‫ ْس‬ٌٝ‫ق ِهّٰلللَ ٌِبه ِبئ‬
‫٘ ِهّٰللُمٓ ع ْسحثًنح‬ّٛ‫ِب ِهّٰللمح آض ْسح ُمط ُم‬
“Оо, адамдар! Мен силерге аялдар менен мута никесин кыюу-
ңарга уруксат берген элем. Бирок Алла муну кыямат күнүнө чейин
арам кылган. Кимдин жанында мындай (нике менен кыйылган) аял-
дардан бар болсо дароо аны жөнөтсүн жана аларга (бул нике үчүн)
берген нерсеңердин эч бирин кайра албагыла.”376

375
Бухарий, Никах, 20; Муслим, Никах, 1.
376
Муслим, Никах, 3.

419
Ал эми Бухарийдин Али б. Абу Талибден жазып алганына кара-
ганда пайгамбарыбыз Хайбар күнү аялдардын убактылуу никелени-
шине жана эшектин этин жегенге тыюу салган.377
Мута никесинин арам болгондугун шиилерден башка бардык
Ислам аалымдары кабыл алышат. Чындыгында, үйлөнүү жыныстык
кумарын кандыруу үчүн жасалган бир нече күндүк бир үлпөт эмес.
Үйлөнүү деген үй-бүлө уясын куруу, ошол уяда бактысын табуу, туку-
мунун көбөйүшү жана уланышына салым кошуу дегенди түшүндүрөт.
Мындай бийик максат мута никесинде болбойт. Ошондуктан да нике-
нин бул түрү арам кылынган.
3) Никени күбөлөрсүз кыюуга болбойт.
Нике кыйууда эң жок дегенде эки кишинин күбө болушу зарыл.
Күбөсүз кыйылган нике туура эмес жана ал нике катары кабыл алын-
байт.
Жыйынтыктап айтканда, үйлөнүүлөрүндө кандайдыр бир тос-
коолдук болбогон аял менен эркектин өз каалоолору боюнча күбөлөр-
дүн алдында нике кыйдырышы жана нике кыюучу тарабынан экөөнүн
баш кошкондугунун жарыяланышы алардын үйлөнүшкөндүгүн айгине-
лейт жана алардын үйлөнүү иши расмий түрдө толук аяктаган болуп
эсептелет.
Аял-эркектин акылары
Никелерин кыйдырган аял менен эркектин бири-биринин алдын-
да бир нече акысы жана милдети бар. Бул жөнүндө ыйык Куранда мын-
дайча буюрулган:

‫ ِهّٰللٓ رؾ ُۜسٌد‬ٙ‫ِبٍلؾ ِبحي ٍ ْسح ِب‬ ۪ۖ ‫ ِهّٰللٓ ذِبح ْسٌّ ْسع ُمل ِب‬ٙ‫ ِهّٰللٓ ِبِػ ُمْسً جٌ ِهّٰلل ي ٍ ْسح ِب‬ٙ‫ٌ ُم‬ٚ
‫ٌ ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫ف‬ٚ
“Эркектердин аялдарында акылары болгондой эле, аялдардын
да күйөөлөрүндө белгилүү бир мыйзам чегинде өз акылары бар. Ушу-
ну айта кетели, эркектердин аялдарындагы акылары бир даража
көбүрөөк?”378
Пайгамбарыбыз минтип буюрган:

ُ‫ ِبٌِٕبضحتِبى ْسُمُ ٍ ْسحى ْسُمُ ق ِهّٰلل ًنمح أ ِهّٰللِح ق ِهّٰللُممى ْسُمُ ٰل ِٔبضحتِبى ْسُم‬ٚ ‫ا ِبئ ِهّٰللْ ٌى ْسُمُ ٰل ِٔبضحتِبى ْسُمُ ق ِهّٰلل ًنمح‬
ٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫ق ِهّٰللُمم ُم‬ٚ ‫ْ ا‬ٛ‫ ِبضى ْسُمُ ٌِبّ ْسٓ ض ْسىلُ٘م‬ٛ‫ا أْس ِهّٰللْ ِب ذ ُم ُمح‬ٚ ْٛ‫ ِبط ْس ُم ُملعى ْسُمُ ِ ْسٓ ض ْسىلُ٘م‬ٛ‫ُم‬

377
Бухарий, Магази, 38.
378
Бакара сүрөсү, 228-аят.

420
ٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫طعح ِبِ ِب‬ٚ ٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫ ِبض ِب‬ٛ‫ ِهّٰللٓ ِب و ْسِبض‬ٙ‫ج ِبئٌ ْسح ِب‬ٛ‫ٍ ْسحى ْسُمُ ْسْ ُم ْسُت ِبضُٕم‬
“Абайлагыла, силердин аялдарыңарда акыңар бар, аялдарыңар-
дын да силерде акысы бар.”
“Силердин аялдарыңардагы акыларыңар көңүлүңөргө жакпаган
бирөөлөрдү силердин ордуңарга отуртпоолору жана сүйбөгөн бирөө-
лөрдүн үйүңөргө киришине уруксат бербөөлөрү болуп эсептелет. Көңү-
лүңөрдөн чыгарбагыла, аялдарыңардын силердеги акысы болсо, алар-
дын кийим-кечелерин, тамак-ашын жакшылап ырастооңор.”379
Аялдын акылары
1) Михир (калың)  үйлөнүп жатканда эркектин аялга төлөгөн
же төлөө үчүн убада кылган акчасы, же мал-мүлкү жана ошондой эле
аялдын ала турган өз акысы болуп саналат.
2) Нафака (алимент)  адамдын багууга милдеттүү болгон ки-
шилеринин тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай чыгымдарын тө-
лөөсү дегенди түшүндүрөт.
Нике иштери аяктагандан кийин аялдын алименти, башкача айт-
канда тамак-аш, кийим-кечеси жана жашай турган жайы кадыресе өл-
чөмү боюнча күйөөсүнө тиешелүү болот. Ыйык Куранда мындайча
буюрулган:

‫ ِهّٰللٓ ذِبح ْسٌّ ْسع ُمل ِب‬ٙ‫ضُم ُم‬ٛ‫و ْسِبض‬ٚ ٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫ ِب ٌ ُمٗ ِبر ْسزلُم ُم‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫ ٰل ج ْسٌّ ْس‬ٚ
ُۜ‫ف‬ٚ
“Энелердин тамак-ашын жана кийим-кечесин жакшылык ме-
нен камсыздоо атанын милдети.”380
Күйөөсүнө тиешелүү болгон аялынын алименти коомдук ал-абал-
га жараша болушу керек. Эгерде күйөөсү бай бирөө болсо аялынын
түйшүгүн жеңилдетүү үчүн ага атайын үй иштерин жасаганга кызмат-
чы жалдап берсе да болот. Анткени аялынын буга акысы бар.
Кҥйөөнҥн акылары
Күйөөнүн акылары жана аялдын милдеттери ушулар:
1) Күйөөсүнө урмат көрсөтүү, анын табигый жана мыйзам-ченем-
дүү каалоолорун аткаруу, үй-бүлөнүн бакубат жана ырааттуу турму-
шун бузуучу кыймыл-аракеттерден сактануу;

379
Тирмизий, Рыда, 11.
380
Бакара сүрөсү, 233-аят.

421
2) Күйөөсүнө сүйүү менен берилүү жана аялдык милдетин орун-
датуу;
3) Үй-бүлөнүн ар-намыс, абийирин коргоо, күйөөсүнүн үйүн
жана оокат-жайын сактоо, сарптоо иштерин үнөмдөп жүргүзүү жана
ысырапчылыкка жол бербөө.
Аял менен эркек ар кимиси өзүнүн ушул укук-милдеттерин ка-
был алып ага ылайык иш алпарганда өздөрү да бактылуу болот жана
андай бактылуу бир уяда өсүп-чоңоюучу балдар да ата-энесин жана
коомчулукту сыйлаган адамдардан болушат.
Өмүр бою сүрө турган бул үй-бүлөлүк турмуш ар дайым ынты-
мак жана ырашкердик ичинде өтүшү керек. Кээде өз ара түшүнбөс-
түктөр болушу мүмкүн. Анткени дүйнөдө жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс
туяк болбойт дегендей, жаңылбаган жана кемчилик кетирбеген адам
болбойт. Ошентсе да, эң негизгиси, жакшы ниет жана түшүнүктүүлүк
менен мамиле кылып үй-бүлөдөгү бакубат жашоону андан ары улантуу
керек. Бул жөнүндө ыйык Куранда мындайча буюрулган:

ٗ‫جا ح ِب‬ ‫٘ ِهّٰللُمٓ ذِبح ْسٌّ ْسع ُمل ِب‬ٚ‫ ِبحع ُمل‬ٚ
‫ ْس‬ٚ ‫ج ع ْسح ًن ح‬ٛ‫ ج ْسْ ض ْسىلُ٘م‬ٝ‫٘ ِهّٰللُمٓ ع ٓض‬ّٛ‫ف ِبح ْسْ و ِبل ْس٘طُم ُم‬ٚ
‫َيعً ِهّٰلل ُم‬
‫ْس ًنج وػ ًنج‬
“Аялдар менен жакшы жашагыла. Эгер аларды жактырбаса-
ңар (ушуну билгиле) Алла тааланын силерге абдан кайырдуу болуучу
бир нерсесин жактырбаган болушуңар мүмкүн.”381
Жубайлар бири-биринин кемчиликтерине чыдамдуу болуулары
керек жана кичинекей нерселерди чоңойтуп жагымсыз көрүнүштөргө
жол ачпоого тийиш. Жубайлардын аракеттерине карабастан үй-бүлө-
нүн ырааттуу турмушу бузулса жана ал уянын биротоло кыйроо корку-
нучу пайда болсо, анда сотко кайрылуудан башка чара жок. Ыйык
Куранда бул тууралуу мындай өкүм айтылган:

ٓ‫ح ِبج ْسْ ُمل لج‬ٙ‫قى ًنّح ِبِ ْسٓ ج ْسٍِ٘ب‬ٚ ٗ‫ج قى ًنّح ِبِ ْسٓ ج ْسٍِ٘ب‬ٛ‫ّح حذْسعػُم‬ٙ‫ ِبج ْسْ ِب ْسف ُمط ْسُ ِبعمحق ذ ْسح ِبٕ ِب‬ٚ

‫ّحُۜ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا وحْ ٍ ًن‬ٙ‫جا ذ ْسحٕ ُم‬


‫حّح ر ًنج‬ ‫ ِهّٰلل ِبِبك ِهّٰلل ُم‬ٛ‫ِبج ْس ًنقح ُم‬
“Эгер эрди-катындын ажырашуусунан корксоңор, анда эр
тууганы жагынан бир калыс, аял төркүнү жагынан бир калыс
чакыргыла. Калыстар аларды жараштыргысы келсе Алла жардамга

381
Ниса сүрөсү, 19-аят.

422
келет. Акыйкатта Алла бардык нерсени билет, бардык нерседен
кабары болуп турат.”382
Ал эми калыстардын ак ниеттүү аракеттеринен бир майнап чык-
паса акыркы чара аларды ажыраштыруу болуп саналат. Ажырашуу
мыйзам-ченемдүү көрүнүш катары каралса да акыйкатта Жараткандын
жактырбаган адал иши болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз мындай өкүм
кылган:

‫ ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫جذْسغ ُم ج ْسٌك ِبي ِبج‬


‫جا جٌ ِهّٰلل ُمق‬
“Алланын алдында адал болгон нерселердин эң жагымсызы –
алган жары менен ажырашуу.”383

‫ح ر ِبجاسُم ج ْسٌؿِٕهّٰلل ِبس‬ٙ‫ح ط ل ًنح ِبِ ْسٓ ْس ِب ذأْس ٍس كلج ٌدَ ٍ ْسح‬ٙ‫ؾ‬ٚ‫ِهّٰللُمّح ج ْسِل ٍز صأٌ ْسص ز ْس‬
“Орундуу бир себеби жок эле күйөөсүнөн өзүн талак кылуусун
суранган аялга бейиш  арам.”384
Нике менен байланыштуу айрым темалар
1) Эки майрамдын аралыгында нике кыюу
Кээ бир жерлерде эл арасында ушундай бир ишеним бар. Орозо
айт майрамы менен Курман айт майрамынан сөз кылышып: “Эки май-
рамдын аралыгында нике кыйылбайт”  деп коюшат. Бул сөздүн эч
кандай диний негизи жок. Бул сөз кандайдыр бир туура эмес түшүнүү-
лөрдөн улам пайда болсо керек. Ошондуктан эки майрамдын аралы-
гында үйлөнүү тоюн өткөрүү жана нике кыюуунун динибизде эч кан-
дай оңтойсуз жагы жок. Ал тургай пайгамбарыбыздын жубайы азирети
Айшанын никеси эки майрам ортосунда Шаввал айында кыйылган.
2) Кош бойлуулукка бөгөт коюу
Кош бойлуулукка бөгөт коюу дегенди ар кандай себептер менен
балалуу болууну каалабаган жубайлардын алдын алуу чаралары катары
түшүнүүгө болот.
Тектүүлөрдүн бир бөлүгү менен айрым можахеддер жана аалым-
дар кош бойлуулуктун алдын алуу чараларын макүрөө деп эсептешсе
да алардын көпчүлүгү муну жайыз катары карашкан.

382
Ниса сүрөсү, 35-аят.
383
Абу Давуд, Талак, Хадис № 2178.
384
Тирмизий, Талак, 11.

423
Акыйкатта, адамдын үйлөнүшүнүн эң башкы себептеринин бири
укум-тукумун улоо жана көбөйтүү экендигин унутпашыбыз керек жана
биротоло тукумсуздукка дуушар кылган алдын алуу чараларынан сак-
танышыбыз абзел.
Ал эми эне жатынындагы түйүлдүктүн түшүрүлүүсү же алдыры-
лышы (аборт) кош бойлуулуктун алдын алуу чараларына кирбейт.
Мында бир адам түйүлдүгүн жок кылуу жана эненин ден-соолугу жө-
нүндө сөз козголууда. Бүгүнкү күндө төрт айлык боло элек түйүлдүктү
алдырууга боло тургандыгы кээ бир аалымдар тарабынан канчалык
айтылса да олуттуу бир себеби болбосо жатындагы түйүлдүктүн ар
кандай дары-дармектер аркылуу түшүрүлүшү же алдырылышы Ислам
аалымдарынын көпчүлүгүнүн көз карашы боюнча жайыз эмес. Төрт
айлыктан өтүп калган баланы бойдон алдыруу болсо арам жана күнөө
болуп эсептелет.

424
КИЙИНҤҤ
Кийим адамдын келбет-көркү болгондой эле, анын муктаждыгы
да болуп эсептелет. Киши кийим менен абийирдүү жерлерин жабат
жана ысык-сууктан коргонот.
Исламда сулуулук жана тазалык негизги мааниге ээ болгондуктан
мусулмандын таза болушу, мечит сыяктуу көпчүлүк болгон жерлерге
барганда кийимдердин жаңы жана жарашыктуусун кийинүүсү динибиз
сунуштаган жакшы жөрөлгөлөрдүн бири болуп саналат. Ыйык Куранда
мындай өкүм айтылган:

‫ج ز ٕطى ْسُمُ ِب ْسٕل و ِهّٰللِبُمً ِ ْسض ِبؿ ٍل‬ٚ ‫ح ذ ٓ ج َ ُم ُم‬


“Оо, Адам уулу, кайсы мечитке барсаңар да эң жакшы кийи-
миңерди кийингиле.”385
Пайгамбарыбыз намазга барарда көбүнчө баасы жогору кийим
кийчү. Ал да бул жөнүндө мындай өкүм сөзүн аткан: “Алла берген
ырыскысынын жемишин кулунун үстүнөн көргөндү жакшы көрөт.”386
Абу Ханифа да жолдошторуна жакшы кийинип жүрүүнү сунуш
кылган, өзү дагы жакшы кийим кийинер эле.
Эң аз кийинүү, албетте абийирдүү жерлерин жабуу болуп эсепте-
лет. Динибизде эркектер жана аялдардын көздөрүн арамдан сактоолору
жана денесинин белгилүү бир жерлерин көргөзбөгөндөй кылып кийи-
нип жүрүүлөрү керек экендиги айтылган жана дененин кайсы жерлери-
нин жабыла тургандыгы белгиленген. Бул тууралуу ыйык Куранда
мындайча буюрулган:

‫ ْس ُُۜ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا‬ٙ‫ ٌ ُم‬ٝ‫ ْسُُۜ ٌِبه جزْسو‬ٙ‫ؾ ُم‬ٚ‫ج ُم ُمل‬ٛ‫ ْسُيفظُم‬ٚ ُ‫ج ِبِ ْسٓ جذْس ح ِبرِ٘ب ْس‬ٛ‫ُمض‬ ‫لُم ْسً ِبٌ ْسٍ ُمّ ْسإ ِبِٕ غ ِهّٰللُم‬
ٓ‫ ْسُيف ْسظ‬ٚ ٓ‫ض ْسضٓ ِبِ ْسٓ جذْس ح ِبرِ٘ب ِهّٰلل‬ ‫حش ْسغ ُم‬ ‫لُم ْسً ِبٌ ْسٍ ُمّ ْسإ ِبِٕ ِب‬ٚ ‫ْ ۝‬ٛ‫ر ٌد ذِبّح ْس ٕ ُمع‬
ٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫ذِب ِب‬ٛ‫ ْسٌح ْسض ِبلذْسٓ ِب ُمُمّ ِبلِ٘ب ِهّٰللٓ ٰل ُمؾ ُمح‬ٚ ‫ح‬ٕٙ‫ل ِبِ ْس‬ٙ ‫ ِهّٰللٓ ِبج ِهّٰللا ِح‬ٙ‫ا ُم ْسرل ٓ ز ٕط ُم‬ٚ ٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫ؾ ُم‬ٚ‫ُم ُمل‬
“Оо, Мухаммед! Момун эркектерге (арам нерселерди) кара-
башын жана намыс-абийирлерин да сактоолору керек экендигин
айт. Анткени бул өздөрү үчүн да таза жүрүш-туруш болуп сана-
лат. Акыйкатта Алла алардын эмне кылгандарын билет.

385
Аьрааф сүрөсү, 31-аят.
386
Мажмауз-Заваид, 5-том, 132-бет.

425
Момун аялдарга да айт, кароого тыюу салынган нерселерге көз
салбасын, абийирлерин сактасын, атайын көркөмдүк үчүн тагын-
ган нерселеринен башкасын көрсөтпөсүн. Жоолугу менен көйнөгүнүн
жакасын жабышсын.”387

ُۜٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫ ِهّٰللٓ ِبِ ْسٓ ؾ ذح ِبر ِب‬ٙ‫ٍ ْسح ِب‬ ٔ‫ُملْس‬ ِٕ‫ِٔبضح ٓ ِبء ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِب‬ٚ ‫ذٕحضِبه‬ٚ ‫جؾه‬
‫ ِب‬ٚ‫ب لُم ْسً ِبازْس‬
‫ح جٌِٕهّٰلل ِب ِهّٰللُم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫حّح‬
‫رًنج رق ًن‬ٛ‫جا فُم‬
‫وحْ ِهّٰلل ُم‬ٚ ُۜٓ‫ُم ْسإ ْس‬ ٓ‫ ج ْسْ ُم ْسعل ْس‬ٝٓٔ‫ٌِبه ج ْس‬
“Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момундардын
зайыптарына тышка чыкканда жамынган үлпүнчөк-бүркөнүчтө-
рүн алууларын айт. Алардын таанылып, таарынтылбашы үчүн эң
ылайыктуусу ушул. Опуза кордуктан оолак болушат. Алла абдан
ырайымдуу жана чексиз боорукер.”388
Эркектер эң жок дегенде киндиги менен тизесинин арасы (тизе
томугу менен бирге) жабылгандай кийиниши керек. Аялдардын болсо
колу (билегине чейин), бутунун башы (кызыл ашыкка чейин) жана жү-
зүнөн башка жерлеринин баары жабык болууга тийиш.
Бир жолкусунда азирети Айшанын эжеси Эсма жука көйнөк ки-
йинип пайгамбарыбыздын алдына барганда пайгамбарыбыз анын бети
колдорун жаңсап көргөзүп:

‫٘ ج‬ٚ ‫ح ِبئاِهّٰلل ٘ ج‬ٕٙ‫ ِبِ ْس‬ٜ‫ٌ ْسُ ض ْس ُمٍ ْسف ْسْ ُمل‬ ‫ح ْسْسح ُمء ِبئ ِهّٰللْ ج ْسٌّ ْسل ز ِبئ ج ذٍغ ِبص ج ْسٌّكِب ح‬
– Ой, Эсма, бойго жеткен аялдын ушул ушул жерлеринен баш-
касынын көзгө көрүнгөнү туура эмес,” – деп эскерткен.389
Жогоруда жазылган ыйык жана улуу хадистерден улам Ислам
аалымдары мусулман аялдарынын намазда жана намаздан башка убак-
тарда да колу, бутунун башы жана жүзүнөн башка калган жерлерин өзү
менен үйлөнүү жайыз болгон бөлөк эркектердин жанында ачпоолору
керек деген бүтүмгө келишкен. Андыктан аяттардын түшкөн мезгили-
нен баштап бүгүнкү күнгө чейин Ислам өлкөлөрүндө бул эреже колдо-
нулуп келген.
Кийинүүнүн максаты дененин жабылышы керек болгон жерле-
рин жабуу болуп эсептелет. Бул жөнүндө атайын кийим белгиленген
эмес. Негизинен кийимдер климаттык шарттарга, айлана-чөйрөгө жана
коомчулуктун түшүнүк, үрп-адаттарына жараша өзгөрөт.

387
Нур сүрөсү, 30-31-аяттар.
388
Ахзаб сүрөсү, 59-аят.
389
Абу Давуд, Либас, 31.

426
Аялдардын ачык кийинбөөсү болсо алардын укугунун жана эр-
киндигинин чектелгендиги эмес, тескерисинче жаман ниеттүү бирөө-
лөрдүн көзүнө чалдыгып, же алар тарабынан зордук-зомбулукка кабы-
лып опузаланып кордук көрбөсүн деген максат болуп эсептелет.
Динибиз кол жана тил аркылуу мусулмандардын көңүлүн оору-
тууга тыюу салган жана бирөөгө сугун артып жаман ниет менен ка-
роону да жактырбайт. Андыктан, ыйык Куранда эркектерге аялдарды
сугун артып кадала карап аларды ыңгайсыз абалга кабылтпоолору
керек экендиги эскертилсе, аялдарга да мындай нерселерге мумкүн-
чүлүк бербегендей түрдө кийинүүлөрү керек экендиктери айтылат.

427
ДЕНЕ-МҤЧӨЛӨРДҤ АЛМАШТЫРУУ
Ислам дини адам өмүрүнө өтө олуттуу маани берген жана анын
сакталышы үчүн көптөгөн принциптерге таянган жана ар түрдүү өкүм-
жоболорду кабыл алып, сунуш-пикирлер берген.
Улуу кудуреттүү Алла таала адамды башка жандыктардын ичи-
нен баарынан улуу, баарынан кадырлуу жана жогору жараткан. Ушун-
дан улам мейли тирүү болсун, мейли өлүү болсун адамдын денесинин
кандайдыр бир мүчөсүн кесип алып сатып пайда табуу жана өлгөн
адамдын денесин бөлүп майдалап жакындарын ого бетер сыздатуу
туура эмес. Мындай мамиле адамдын адамдык абройуна да эч ылайык
келбейт. Ошондой болсо да, айрым зарыл шарттарда абал өзгөрүүгө
учуроодо. Дарылоо максаты менен өлгөн адамдын денесинен алынган
айрым мүчөлөр же булчуңдардын бир оорулууну сакайтуу үчүн
колдонулушу өлгөн адамды кордогондук эмес, тескерисинче, бул иш
анын рухуна карата сый-урматтын көрсөтүлүшүнө себепчи болот.
Ошондон улам Ислам аалымдары өлгөн аялдын курсагында ти-
рүү болгон баласын аман сактап калуу үчүн энесинин ичин жарууну
туура көрүшкөн.390
Ушул сыяктуу эле, ыйык Куранда өз ажалы менен өлгөн жаныбар,
чочко, кан жана шарап сыяктуу нерселердин желип-ичилишине тыюу са-
лынган, бирок адам аргасыз абалда калган учурларда алардан колдонууга
уруксат берилген. Бакара сүрөсүнүн 173-аятында мындайча өкүм кылын-
ган: “Алла силерге өлүктү (тарп), канды, чочконун этин жана
Алладан башка бирөөгө арналып союлган малдын этин гана арам
кылды. Эгерде кимде-ким булардан жегенге мажбур болуп калса баш-
ка бирөөлөргө кол салбастан жана чегинен ашпастан бир аз жесе
күнөө болбойт. Акыйкатта Алла абдан ырайымдуу жана боорукер.”
Анаам сүрөсүнүн 119-аятында да арам кылынган нерселерден
аргасыз абалда калганда жесе боло тургандыгы билдирилген. Динде
желип-ичилиши арам болгон нерселердин адам өмүрү коркунучка ка-
былган мезгилдерде зарылчылыгына жараша желип-ичилишинин му-
бах болгондугу жогорудагы эки аятта тең ачык түшүндүрүлөт.
Ушул түшүндүрмөлөрдөн улам Ислам аалымдары адам өмүрүнө
байланыштуу ар түрдүү зарылчылыктардын келип чыгышы жана бу-
лардан башка жолдорду колдонуу мүмкүн болбой калган учурда арам
кылынган нерселерден зарылдыгына жараша колдонуу мубах болот
деген бүтүмгө келишкен.391

390
Фатва ал-Хиндиййа, 5-том, 360-бет.
391
Навави ал-Мажму, 3-том, 137-138-беттер; Хашийатуш-Ширвани ала Тухфатил-
Мухтаж, 2-том, 125-126-беттер.

428
Бул маселе диний (укуктук) өкүм-жоболор жазылган китепте
“Зарылчылыктар арам кылынган нерселерди мубах кылат” деген сүй-
лөм менен бир мыйзам катары белгиленген. Курандын жана сүннөттүн
ортого койгон негизги принциптери жана буларга таянып чыгарылган
жалпы өкүм-жоболор жана эрежелер дарылоонун бир ыкмасы болгон
адамдын дене-мүчөлөрүн алмаштыруу ишинин жайыз болоорун
көрсөтүүдө. Ошентип медицина бүгүнкү деңгээлдегиге салыштырма-
луу алда канча төмөн болгон мурунку доорлордо башкача жол менен
дарылоого мүмкүн болбогон кимдир бирөөлөрдүн сынган сөөктөрүнүн
ордуна башка бирөөлөрдүн сөөктөрүн салууну жайыз деп эсептеген Ис-
лам аалымдарынын бул көз карашы бүгүнкү күндө бизге дене-мүчөлөр-
дү алмаштыруу жолу аркылуу адам баласын өлүмдөн сактап калуу
аракетине негиз түзүүдө. Диний чыгармаларды изилдөө кеңешинин
дене-мүчөлөрдү алмаштыруу жөнүндөгү 1960-жылдын 25-октябрын-
дагы 492-токтому мындайча: “Бир жаралууга же оорулууга дарылоо
максаты менен башка бирөөнүн канын куюуда, же бир сокурду көр-
гөзүү үчүн өлгөн адамдын көзүнүн бир бөлүгүн алып ага салууда динде
кандайдыр бир ыңгайсыздык болуп болбошу тууралуу Көз Банкы коо-
мунун суроо-талабына ылайык абал кеңешибиз тарабынан иликтенди:
Куран аяттарынын түшүндүрмөлөрүнөн да белгилүү болгондой
Ислам дининде адам өмүрүн сактоо зарылчылыгынан улам арам
нерселердин деле зарылдыгына жараша желүүсү, ичилүүсү жайыз
болгондуктан бир оорулуунун же жаралуунун дарыланышында кандын
жандуу бирөөлөрдөн алынып, куюла турган кишинин канына туура
келген убакта муну жасоонун кандайдыр бир ыңгайсыздыгы жок
экендигинин;
Бир сокурдун көрүүсү үчүн өлгөн бир адамдын керээзи боюнча
көздөрүнүн керектүү бөлүгүн алуу иши, Ислам укукчуларынын айрым-
дарынын өлгөн бир адамдын сөөктөрүнүн айрым бөлүктөрүн ал сөөккө
муктаждыгы болгон тирүү адамга салууга боло тургандыгы жөнүндөгү
көз караштарынан улам кандайдыр бир ыңгайсыздык көрүнбөй тур-
гандыгынын аты аталган коомго жооп катары билдирилиши ылайык
көрүлүп Жогорку Башкармалыктын атынан токтом кылынды.
25.10.1960.”
Ислам укукчулары ачкачылык жана суусуздуктан улам арам нер-
селерди колдонууну да зарылчылыктан пайда болгондуктан мубах деп
эсептешкен. Ошондой эле башка нерселер менен дарыланууга мүмкүн
болбой калган учурда арам кылынган дары жана ар кандай заттар
менен дарыланууну жайыз катары карашкан.392

392
Фатава ал-Хиндиййа, 5-том, 355-бет; Раддул-Мухтар аладдуррил-Мухтар, 5-том,
383-бет.

429
Бүгүнкү күндө кан, булчуң жана башка мүчөлөрдү алмаштыруу
дарылоонун кеңири колдонулган ыкмаларынын бири болуп саналат.
Адамдарды дарылоонун бул ыкмасында да жетишилген биртоп ийги-
ликтүү натыйжалардын бар экендиги белгилүү. Ошентип адам өмүрүн,
же болбосо адамга өмүр берген бир мүчөсүн аман сактап калуу үчүн
башка чара табылбай калган учурда белгилүү шарттарга ылайык кан,
булчуң жана дене-мүчөлөрүн алмаштыруу жолу менен дарылоонун
жайыз болушу туура көрүлөт.
Булчуң жана дене-мүчөлөрүн алмаштыруунун жайыз болушу
үчүн керектүү шарттар ушулар:
1) Зарылчылыктын болушу. б.а. оорулуунун өмүрүн, же өмүр сү-
рүшү үчүн өтө керектүү болгон мүчөсүн сактап калуу үчүн андан баш-
ка чара табылбай тургандыгы өз кесибин жакшы билген, ишенимдүү
адис дарыгер тарабынан аныкталышы;
2) Оорунун булчуң жана дене-мүчөлөрүн алмаштыруу жолу ме-
нен сакая тургандыгына дарыгердин толук көзү жетүүсү;
3) Мүчө жана булчуңу алынган кишинин бул иштерди жасап жат-
канда өлүү абалда болушу;
4) Алынуучу булчуң жана дене-мүчө үчүн эч кандай акы төлөн-
бөшү;
5) Мүчө же булчуңу алынуучу киши тирүү кезинде буга уруксат
берүүсү, же болбосо тирүү кезинде буга каршы бир нерсе айтпашы жа-
на өлгөндөн кийин жакындары тарабынан уруксат берилүүсү;
6) Дарылануучу адамдын жасала турган дене-мүчөлөрдү алмаш-
тыруу операциясына макулдук берүүсү.
Тиш каптатуу
Түшкөн тиштин ордуна жаңы тиш салдыруунун жана чирип оюл-
ган тиштин ордун толтуруу же каптатуунун кандайдыр бир ыңгайсыз-
дыгы жок. Булар даарат жана кусул алууга эч кандай жолтоо болбойт.
Бирок чыгарылып кайра тагылган кеп тиштер кусул алганда чыгары-
лып ооз чайкалышы керек. Себеби кусулда оозду чайкоо парз болуп
эсептелет. Ал эми даарат алганда кеп тиштерди чыгаруу зарыл болбосо
да тазалык үчүн аны чыгарып оозду чайкоо ыңгайлуу болот.
Эркектердин алтын тиш салдырышы жайыз эмес. Ошондуктан
Имам Аазамдын ою боюнча эркектердин алтын тиш салдырышы же
каптатышы макүрөө болуп саналат. Имам Мухаммеддин көз карашы
боюнча болсо, зарылчылыктан улам алтын тиш салдырышы же кап-
татышы жайыз болуп эсептелет.

430
ТӨРТҤНЧҤ БӨЛҤМ
КҤНӨӨЛӨР
ЖАСАЛЫШЫ КҤНӨӨ БОЛГОН НЕРСЕЛЕР
Кҥнөө тҥшҥнҥгҥ
Күнөө динде кылмыш катары эсептелген, Алла тааланын буйрук-
тарына терс келген иш жана сөз дегенди түшүндүрөт.
Алла таала ыйык Куранда: “Ойноштуктан алыс болгула, ант-
кени бул – уятсыздык жана ыпылас бир жол,”393 – деп буюруп,
ортосунда никеси болбогон аял менен эркектин жыныстык катнашка
киришине тыюу салган. Андыктан, Алла тааланын бул тыюу салуусуна
моюн сунбай, ортосунда никеси болбогон эркек менен аялдын ойнош
болуп, жыныстык катнашка кириши – күнөө жана кылмыш.
Ошондой эле Алла таала: “Намазды окугула, зекетти берги-
ле,”394 – деп, бирөө денеге, экинчиси болсо материалдык күчкө байла-
ныштуу болгон эки ибадатты буюрган. Ошондуктан момундун намаз
окубашы, байдын да зекет бербеши – жогорудагыдай эле күнөө, диний
бир кылмыш болуп эсептелет.
Бул эки мисалдан түшүнүктүү болуп тургандай, Алла тааланын
буюрган нерсесин кылбоо күнөө болуп саналат. Ошондой эле тыюу
салган нерсесин кылуу да – күнөө. Алла тааланын буйругуна терс кел-
ген иш жана айтылган сөздөрдүн бардыгы күнөө катары эсептелет жана
ал күнөөлөр ыйык Куранда жана пайгамбарыбыздын хадистеринде чоң
жана кичине күнөөлөр болуп экиге бөлүнөт:
Чоң күнөө “кебире”, көптүк түрүндө “кебаир” деп аталса, кичи-
не күнөө “сагире”, көптүк түрүндө “сегаир” деп түшүндүрүлөт.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ُٔم ْسل ِب ْسٍى ْسُمُ ُمِ ْسل ًن ول ًنّح‬ٚ ُ‫ْ ْسٕ ُمٗ ُٔمى ِهّٰللف ْسِبل ْسٕى ْسُمُ ص ِبحِهّٰلل ح ِبضى ْسُم‬ٛ‫ ْس‬ٕٙ‫ج ورحٓتِبل ِح ضُم ْس‬ٛ‫ِبج ْسْ ْسَتطٕ ُمِبر‬
“Эгер силер тыюу салынган күнөөлөрдүн чоңунан сактанса-
ңар, кылган кичине күнөөлөрүңөрдү өчүрөбүз жана силерди улук
жай  Бейишке киргизебиз.”395
Ал эми башка бир ыйык аятта:

ُۜ‫ ِبجص ُم ج ْسٌّ ْسغفِبل ِبز‬ٚ ‫جقِب ظ ِبج ِهّٰللا جٌ ِهّٰللٍُُّۜ ِبج ِهّٰللْ رذ ِهّٰلله‬ٛ‫ج ْسٌف‬ٚ ‫جاغْسُِب‬
‫ْ ورحٓتِبل ْس ِب‬ٛ‫َيطٕ ُمِبر‬
‫جٌ ِهّٰلل ٓ ْس‬

393
Исра сүрөсү, 31-аят.
394
Бакара сүрөсү, 110-аят.
395
Ниса сүрөсү, 31-аят.

432
“Майда-барат каталардан башка күнөөнүн чоңдорунан жана
жагымсыз иштерден оолак болгондор үчүн албетте, Алланын
кечирими көп,”396 – деп буюрулган.
Айрым аалымдардын айтуусуна караганда, Алла таала киши өл-
түрүү жана ойноштук кылуу сыяктуу жазасыз калбай турган күнөө-
лөрдү жасаган кишилерге тозокто азап тарттырарын билдирген күнөө-
лөр абдан чоң күнөөлөр болуп саналат.397
Куранды чечмелеген аалым Ибн Кесир бул aныктaмaнын чоң
күнөөлөр жөнүндөгү эң тaaмaй аныктама экендигин айтат.398 Aйрым
аалымдар болсо, чоң күнөөлөрдү пайгамбарыбыздын бул тема жөнүн-
дөгү хадистерине таянып белгилешкен, ал эми булардан сырткаркы
күнөөлөрдүн кичине күнөөлөр экендигин айтышкан.
Абдуллах Ибн Аббас тообо келтиргенде чоң күнөөлөрдүн өчү-
рүлөрүн, ал эми күнөө кылуу улантыла берсе, кичине күнөөнүн да чоң
күнөөгө айланарын айткан.399 Бул көз караш боюнча, кичине күнөөлөр
тынбай кайталанып жасала берсе, кичине болуудан чыгып чоң күнөөгө
айланат. Ошондуктан мусулман киши күнөөлөрдүн чоң же кичине
экендигине карабастан жана анын кимге карата кылып жатканын кө-
ңүлгө түйүү менен бардык күнөөлөрдөн сактанышы керек.
Пайгамбарыбыздан башка эч ким айыпсыз, сүттөн ак, б.а. күнөө
кылуудан оолак телегейи тегиз жаратылган эмес. Андыктан бардык
адамдар күнөө кылышы мүмкүн. Пайгамбарларда болушу керек болгон
сапаттардын бири да алардын “исмет” болушу, б.а. күнөө кылуудан
оолак жаратылышы.
Чоң же кичине экендигине карабастан күнөө кылган киши күнөө-
көр болуп эсептелет, бирок динден чыкпайт. Анткени аят жана хадис-
терде чоң күнөө кылгандардын да момун экендиги белгиленген. Бул
тема боюнча дин аалымдарынын арасында кайчы пикирлер жок.
Чоң күнөө жасагандар да пайгамбарыбыздын доорунан тартып
бүгүнкү күнгө чейин бир мусулманга кандай мамиле жасалса, алар да
ошондой эле мамилени көрүп келишкен.
Айрым чоң кҥнөөлөр
1) Көп кудайга ишенҥҥчҥлҥк
Көп кудайга ишенүүчүлүк – Алла таалага шерик табуу, Алла
тааладан башка жаратуучунун бар экендигине ишенүү болуп эсептелет.

396
Нажм сүрөсү, 32-аят.
397
Шархул-макасид, 2-том, 175-176-беттер.
398
Ибн Кесир Тафсири, 1-том, 487-бет.
399
Ибн Кесир Тафсири, 1-том, 486-бет.

433
Көп кудайга ишенүүчүлүк дегенде адеп акылга келе тургандар – ушу-
лар. Көп кудайга ишенүүчүлүк Алла таала алдында чоң күнөө гана
эмес, Ага акарат айтып сөккөндүк болуп саналат. Анткени Алла таала
бирөө гана, шериги жана ортогу жок. Ыйык Куранда мындай деп бую-
рулган:

ُُ۟‫ح‬
‫جٌلق ُم‬ ‫ ِهّٰلل‬ٛ‫جقِب ٌدل ا ٓ ِبجٌٗ ِبج ِهّٰللا ُ٘م‬ٚ ‫ى ْسُمُ ِبجٌٌٗد‬ٙ‫ ِبجٌ ُم‬ٚ
‫جٌل ْس ُمٓ ِهّٰلل‬
“Жаратканыңар бирөө гана. Андан башка Жараткан жок. Ал
 кайрымдуу жана ырайымдуу.”400
Ихлас сүрөсүндө да:

‫۝‬ ‫ًنج جق ٌدل‬ٛ‫ٌ ْسُ ى ْسُمٓ ٌُٗم ُموفُم‬ٚ ‫ٌ ْس ْۙل ۝‬ٛ‫ٌ ْسُ ُم‬ٚ ‫ا جٌ ِهّٰلل ّ ُمل ۝ ٌ ْسُ ِبٍ ْسل‬ ‫ ِهّٰلل ُم‬ٛ‫لُم ْسً ُ٘م‬
‫جا جق ٌدل ۝ ج ِهّٰلل ُم‬
“Айт: “Ал Алла – бирөө гана. Алла эч кимге муктаж эмес. Ал
тууган жана туулган эмес. Эч ким Ага түгөй, же тең эмес,”401 – деп
буюрулган.
Алла таалага шерик тапкан киши буга тообо келтирбесе, Алла
таала аны кечирбей турганын билдирген. Ал эми Куранда мындай деп
буюрулган:

‫ِ ْسٓ ُم ْسغ ِبل ْسن ذِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ْ ٌِبه ٌِبّ ْسٓ غح ٓ ُمء‬ٚ ‫ ْسغف ُمِبل ِح ُم‬ٚ ٗ‫ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا ا ْسغف ُمِبل ج ْسْ ُم ْسغلن ذِب‬
‫حا م ِبل‬
‫حّح‬‫ ِبجغْس ًنّح ظ ًن‬ٜٓ ‫ج ْسَت‬
“Алла Ага шерик тапканды албетте кечирбейт. Мындан баш-
ка күнөөлөрдү Өзү каалаган пенделери үчүн кечирет. Ким Аллага
шерик тапса чоң күнөө кылган жана жалаа жапкан болот.”402
Көп кудайга ишенүүчүлүктүн бир түрү да – Алла таала үчүн кы-
лынган ибадатка башкасын орток кылуу жана айрым ортомчуларды
ортого салуу.
Ибадат – Алла таала үчүн гана кылынат жана Анын гана акысы
болуп эсептелет. Андан башкалардын өздөрү үчүн ибадат кылдырууга
акысы жок. Күндө беш маал окуган намазыбыздын ар бир ирекетинде
окулган Фатиха сүрөсүндө:

400
Бакара сүрөсү, 163-аят.
401
Ихлас сүрөсү.
402
Ниса сүрөсү, 48-аят.

434
ُۜ ‫ ِبج ِهّٰللحن ٔ ْسضطع ُم‬ٚ ‫ِبج ِهّٰللحن ٔ ْسع ُمر ُمل‬
“Оо, Раббибиз! Сага гана ибадат кылып, Сенден гана жардам
тилейбиз,” – деп айтабыз.
Пайгамбарыбыз Алла тааладан башкасына ибадат маанисинде
колдонулган ар кандай сөздөрдү айтып, кыймыл-аракет жасоодон
сактанышыбыз керек экендигин эскерткен жана бул маселе боюнча
мындайча буюрган:

‫ج ْسر ُمل ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫ ج ْسذٓ ِ ْسل ُ ِبحٔ ِهّٰللّح جٔح ْسر ُمل ُمٖ مُم‬ٜ‫ وّح ج ْسطل ِبش جٌِٕهّٰلل حر‬ٝ‫ِٔب‬ٚ‫ا ضُم ْس ُمل‬
ٚ ‫جا‬
‫ٌُمُٗم‬ٛ‫ر ُمص‬
“Христиандардын Мариямдын уулу Исаны макташканы сымал
мени мактабагыла. Албетте, мен Алла тааланын кулумун. Мага “Алла-
нын кулу жана Анын элчиси” дегиле.”403
Белгилүү болгондой христиандар азирети Исаны теңирге теңеп
ашкере даңазалашкан жана ушундан улам чоң күнөөгө батышкан. Ал
эми ыйык Куранда:

ً ‫حف ح ذ ٓ ِبج ْسصلجٓء‬ ‫لحي ج ْسٌّض ُم‬ٚ ُُۜ ‫حف ج ْسذ ُمٓ ِ ْسل‬ ‫ ج ْسٌّض ُم‬ٛ‫جٓ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا ُ٘م‬ٛ‫ٌم ْسل وفل جٌ ِهّٰلل ٓ لحٌُم‬
‫ ُٗم جٌِٕهّٰلل ُمُۜحر‬ٚ‫ِحْس‬ٚ ‫جا ٍ ْسح ِبٗ ج ْسٌؿِٕهّٰللس‬ ‫رذ ِهّٰللى ْس ُُۜمُ ِبجٔ ِهّٰللُٗم ِ ْسٓ ُم ْسغ ِبل ْسن ذِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ٝ‫ج ِهّٰللجا رذ ِهّٰلل‬ٚ‫ج ْس ُمر ُمل‬
‫حا م ْسل ق ِهّٰلللَ ِهّٰلل ُم‬
‫ِح ٌِبٍظِهّٰللحٌِبّ ِبِ ْسٓ ج ْسٔ ح ٍر‬ٚ
“Ант урсун, “Алла – Мариям уулу Месих” дегендер каапыр
болушту. Акыйкатта болсо Месих: “Оо, Исрайил уулдары! Раббим
жана Раббиңер болгон Аллага кулдук ургула. Билип койгула, кимде-
ким Аллага шерик тапса, Алла ага бейишти арам кылат жана
анын бараар жайы (тозок) оту болот. Зулумдар үчүн бир да жар-
дамчы болбойт” деп айткан,”404 – деп буюрулган.
Христиандардын Исаны (аларга эскерткенине карабастан) теңир-
ге теңеши аларды чоң күнөөгө батыргандыктан пайгамбарыбыз бизге
эскертип, мындай олуттуу катачылыктарды кетирбешибиз үчүн өзүнө
тек гана “Алланын кулу жана элчиси” деп айтышыбыздын жетиштүү
экендигин билдирген. Анткени азирети Иса менен байланыштуу мисал-
403
Бухарий, Анбия, 48.
404
Маида сүрөсү, 72-аят.

435
дагыдай пайгамбар да болсо, бир адамды ашкере мактоо жана ага өтө
таазим кылуу адамдарды көп кудайга ишенүүчүлүккө жана чоң күнөөгө
батышына түрткү болот. Адам адам катары сүйүлүп, адам катары гана
урматталышы керек. Жаратканга көрсөтүлүшү керек болгон сүйүү
жана өзгөчө урмат-сыйды жаратылганга көрсөтүү жаңылыштык жана
чоң ката болуп саналат. Ыйык Куранда да:

‫جٓ جع ِهّٰللُمل‬ٛ‫جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٚ ‫جا‬


ُۜ ‫د ِهّٰلل ِب‬ ‫ِْب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ ِبِٓ جٌِٕهّٰلل ِبحس ِ ْسٓ طِهّٰلل ِب ُم ِبِ ْسٓ ُم‬ٚ
‫ ْسُ و ُمك ِب ِهّٰلل‬ٙ‫ٔ ُم‬ٛ‫جا جْٔسلج ًنج ُمُي ِهّٰللِبرُم‬
‫ُمق ِهّٰللرًنح ِب ِهّٰلل ِب‬
ُۜ‫ا‬
“Айрым кишилер Алладан башкасын Аллага тең көрүшүп,
аларды Алланы сүйгөндөй сүйүшөт. Ал эми ыйман келтиргендер
Алланы андан да көбүрөөк сүйүшөт,”405 – деп буюрулуп, Алла таалага
көрсөтүлгөн сүйүү жана урмат-сыйды анын жараткандарынын кайсы
бирине көрсөтүүнүн туура болбой турганын билдирген.
Бутпарастар да Алла тааланы билишип, Ага ишенишкен. Ал эми
буттардын аларды Алла таалага жакындатып, Алла тааланын алдында
аларга ортомчу болушу үчүн сыйынышканын айтышкан.
Алла таалага жакындоо үчүн адамдар кандайдыр бир ортомчуга
муктаж эмес. Анткени Алла таала адамга өзүнүн күрөө тамырынан
дагы жакын. Адамга мынчалык жакын болгон улуу Жаратканга жетиш
үчүн кандайдыр бир ортомчунун кереги барбы? Албетте, жок. Адамдар
Алла тааланын жиберген акыркы пайгамбары азирети Мухаммед
Мустафаны (а.с.) ээрчисин, анын сүннөтүн өз жан-дүйнөсүнө сиңирсин,
бул ага жетиштүү болот. Ыйык Куран да бизге бул жолду сунуш кыл-
ган жана анда:

‫ ُم ْسُي ِبر ْسرى ُمُمُ ِهّٰلل ُم‬ٝٔٛ‫ْ ِهّٰللجا حض ِهّٰلل ِبر ُمع‬ٛ‫لُم ْسً ِبج ْسْ ُمو ْسٕ ُمط ْسُ ُم ِبُت ِهّٰللرُم‬
‫ ِهّٰلل ُم‬ٚ ُ‫ذى ْس ُُۜم‬ٛ‫ ْسغف ْسِبل ٌى ْسُمُ ُمُٔم‬ٚ ‫جا‬
‫رٌد‬ٛ‫جا فُم‬
ُ‫ح‬
‫رق ٌد‬
“Айт: “Эгерде Алланы сүйсөңөр, мени ээрчигиле, Алла да силерди
сүйсүн жана күнөөлөрүңөрдү кечирсин. Алла абдан кечиримдүү жана
коргоочу,”406 – деп буюрулган.
Алла тааланын шапааты тууралуу айтсак, бул да Анын уруксаты-
на байланыштуу. Алла таала уруксат бергенге чейин эч ким Анын дара-

405
Бакара сүрөсү, 165-аят.
406
Али Имран сүрөсү, 31-аят.

436
жасында арага түшө албайт. Бул маселе боюнча Куранда да мындай деп
буюрулган:

ُۜ‫ا ض ْسٕف ُم جٌغِهّٰلل فح سُم ِب ْسٕل ُمٖ ٓ ِبج ِهّٰللا ٌِبّ ْسٓ ج ِب ْ ٌُٗم‬ٚ
“Алланын алдында өзүнүн уруксат берген кишилеринен баш-
касынын шапааты пайда бербейт.”407
Булардын бардыгы көрсөтүп тургандай, адам бардык ишинде
Алла таалага баш коюп, Ал ыраазы боло турган иштерди кылып, сы-
йынганда Ага башканы шерик кылбашы керек.
Көп кудайга ишенүүчүлүктүн башка бир түрү да – эки жүздүү-
лүк. Эки жүздүүлүк – бул башкаларга көрүнүү үчүн ибадат жана кай-
рым кылуу. Айрым адамдар ушундай жол менен Алла тааланын ыраа-
зычылыгы үчүн эмес, бул дүйнөдө өз материалдык кызыкчылыгы үчүн
пайда табууну көздөйт. Ибадат Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн га-
на жасалат жана буга Ал гана акылуу. Башкаларга көрүнүү үчүн ибадат
кылынбайт. Ыйык Куранда да:

‫۝‬ ‫ا ُم ْسغ ِبل ْسن ذِبعِبرح ِبز رذِب ِهّٰلل ٓٗ جق ًنلج‬ٚ ‫حٌ ًنِبكح‬ ‫ج ٌِبمحٓء رذِب ِهّٰللٗ ْسٍح ْسعّ ْسً ّ ًن‬ٛ‫ّ ْسٓ وحْ ْسل ُمؾ‬
“Кимде-ким Жаратканына жетүүнү үмүт кылса, жакшы иш
кылсын жана Жаратканына ибадат кылууда эч кимди Ага шерик
кылбасын,”408 – деп буюрулган.
Бирөөлөрдөн кандайдыр бир пайда күтүү менен кылынган иба-
датты Алла таала кабыл кылбайт жана мындай ибадатка маани бербейт.
Анткени пайгамбарыбыз Алла тааланын төмөнкүчө буюрганын бил-
дирген:

‫جٌغ ْسلنِب ِ ْسٓ ِبًّ ّ ًن ج ْسعلن ِبح ِبٗ ِ ِب‬


ٚ ‫ ضل ْسوطُمُٗم‬ٜ ‫ ْس ِب‬ٝ‫ع‬ ‫ِهّٰللُم‬
‫جٌغلوح ِبء ِبٓ ِب ِهّٰلل‬ ‫جٔح ج ْس‬
ٗ‫ِبع ْسلو ُم‬
“Мен ортоктордун ортоктуктан эң токпейил болгонумун.
Кимде-ким кылган иши менен ибадатында мага башкасын шерик
кылса (эки жүздүүлүк кылса), аны тапкан шериги менен жалгыз
калтырабыз (кылган иштеринин сообунан куру калтырабыз).” 409

407
Сабаъ сүрөсү, 23-аят.
408
Кахф сүрөсү, 10-аят.
409
Муслим, Зухд, 5.

437
Пайгамбарыбыз да мындай деп буюрган:
“Кыямат күнү адамдардын ичинен биринчи суракка тартыла
турган үч кишинин бири шейит болгон киши болот. Алла тааланын
алдына алынып келет. Алла таала ага берген ырыскыларын санайт, ал
да өзүнө ыроолонгон бул ырыскыларды жашырбастан кабылдайт.
Алла таала андан:
– Бул ырыскылардын кайтарымы катары эмне жасадың? – деп
сурайт. Ал да:
– Сенин жолуң үчүн согуштум жана шейит болдум, – дейт. Алла
таала:
– Жалган айтып жатасың, мага эр жүрөк деп айтышсын деп
согуштуң, ошентип да айтылды, – деп айтат. Андан кийин шейит
киши берилген буйрук менен көмкөрөсүнөн сүйрөтүлүп барып, тозокко
ыргытылат.
Экинчиси да билим алып, билим берген жана Куранды окуган ки-
ши болот, бул да алынып келет. Алла таала ага тартуулаган ырыскы-
ларын санайт. Ал да бул ырыскыларды танбастан, мойнуна алат. Алла
таала андан:
– Бул ырыскыларга жооп катары эмне кылдың? – деп сурайт. Ал
киши:
– Билим үйрөндүм жана үйрөттүм, Куран окудум, – дейт. Алла
таала:
– Жок, жалган айтып жатасың. Билимди сага аалым деп ай-
тышсын деп үйрөндүң. Куранды сага (жакшы) окуйт дешсин деп оку-
дуң. Чындыгында да бул сөздөр айтылды, – деп айтат. Берилген
буйрук менен бул киши да көмкөрөсүнөн сүйрөтүлүп барып, тозоктун
отуна ыргытылат.
Үчүнчүсү – Алла таала тарабынан мүмкүнчүлүк берилип, бай-
лыктын бардык түрү тартууланган киши. Бул да тигил кишилер өңдүү
Алла тааланын алдына алынып келет. Алла таала ага берген ырыс-
кыларын санайт. Ал да аларды танбастан, мойнуна алат. Андан кийин
Алла таала андан:
– Буларга жооп катары эмне кылдың? – деп сурайт. Ал киши:
– Байлыгымды Сенин жолуң үчүн жумшадым, – дегенде, Алла
таала:
– Жалган айтып жатасың. Буларды мага берешен деп ай-
тышсын деп жасадың. Бул сөз да айтылды, – деп айтат. Андан кийин

438
берилген буйрук менен бул киши да сүйрөтүлүп барып, тозокко
ыргытылат.”410
Көрүнүп тургандай, Алла таала башка максаттар үчүн жасалган
ибадаттарды кабыл кылбайт жана мындай иш кылган эки жүздүүлөрдү
аѐосуз түрдө жазалайт.
2) Киши өлтҥрҥҥ
Киши өлтүрүү да чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат. Адам ба-
ласы төрөлүү менен бирге айрым негизги укуктарга ээ болот. Булардын
эң башкысы – жашоо укугу. Бардык адамдар жашаш үчүн бирдей укук-
тарга ээ. Бул укукту адамга аны жараткан Алла таала берген. Алла таа-
ладан башка эч кимдин адамды бул укугунан ажыратууга акысы жок.
Муну кылган, б.а. башка бир кишини жашоо укугунан ажыраткан киши
чоң күнөө кылып, Алла тааланын азабына ылайык көрүлгөн болот.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ُۜ‫جا ِبج ِهّٰللا ذِبح ْسٌك ِب ِهّٰللك‬


‫ج جٌِٕهّٰلل ْسفش جٌ ِهّٰللِت ق ِهّٰلللَ ِهّٰلل ُم‬ٍٛ‫ا ض ْسم ُمط ُم‬ٚ
“Орундуу бир себеп болбосо, жанды кыйбагыла, (анткени)
Алла муну арам кылган.”411
Бир башка ыйык аятта мындай деп буюрулган:

‫ا‬ٚ ‫جٌِبل ْس ِبٓ ِبج ْسقضحًٔنح‬ٌٛ‫ذِبح ْس‬ٚ ُۜ‫ج ذِبٗ ع ْسح ًن ح‬ٛ‫ج جض ُمْسً ِح ق ِهّٰلللَ رذِهّٰللُمى ْسُمُ ٍ ْسحى ْسُمُ ج ِهّٰللا ضُم ْسغ ِبلوُم‬ٛ‫لُم ْسً ضعحٌ ْس‬
‫ل‬ٙ ‫جقِب ظ ِح‬ٛ‫ج ج ْسٌف‬ٛ‫ا ض ْسملذُم‬ٚ ُ‫ ِبج ِهّٰللح٘ ْسُم‬ٚ ُ‫ق ْسْن ُمٓ ٔ ْسلزُملُمى ْسُم‬ ُۜ ٍ ِ‫ا و ْسُمُ ِبِ ْسٓ ِبج ْس‬ٚ‫ج ج ْس‬ٛٓ ٍ‫ض ْسمطُم ُم‬
ٗ‫ ِهّٰلل حى ْسُمُ ذِب‬ٚ ُ‫جا ِبج ِهّٰللا ذِبح ْسٌك ِب ِهّٰللكُۜ ِبٌى ْسُم‬
‫ج جٌِٕهّٰلل ْسفش جٌ ِهّٰللِت ق ِهّٰلللَ ِهّٰلل ُم‬ٍٛ‫ا ض ْسم ُمط ُم‬ٚ ٓ ‫ِح ذ‬ٚ ‫ح‬ٕٙ‫ِبِ ْس‬
‫۝‬ ٍْٛ‫ٌع ِهّٰللٍى ْسُمُ ض ْسع ِبم ُم‬
“Айт: “Келгиле, Раббиңердин силерге эмнелерди арам кылга-
нын окуп берейин. Ага эч нерсени шерик кылбагыла, ата-энеге жак-
шылык кылгыла, жакырдык коркуусу менен балдарыңарды өлтүрбө-
гүлө, силердин да, алардын да ырыскысын биз беребиз. Жамандык-
тардын ашкересине да, жашыруунуна да жакындабагыла жана
акысыз түрдө жанды кыйбагыла, анткени Алла буга тыюу салган.

410
Муслим, Имара, 43.
411
Исра сүрөсү, 33-аят.

439
Мына силерге түшүндүрүлгөн ушул нерселерди Алла буюрду, балким
ойлонуп түшүнөсүңөр деп үмүт кылынат.”412
Динибиз жан кыйганды чоң кылмыш катары эсептеген. Куранда
бир кишини өлтүрүүнүн бардык кишилерди өлтүрүү сыяктуу күнөө
экендиги билдирилген (Маиде сүрөсү, 5/32). Кыямат күнү адамдар дүйнөдө
кылгандарынын эсебин берип жатканда, алгач бул кылмыш боюнча
суракка алынышат. Пайгамбарыбыз да:

‫َ ج ْسٌمِبححِ ِبس جٌ ِب ِهّٰلللِح ُمء‬ٛ‫ ذ ْس جٌِٕهّٰلل ِبحس ْس‬ٝ‫ ُمي ِح ُم ْسمض‬ٚ‫ِهّٰلل‬


“Кыямат күнү адамдардын биринчи сурак бере турган нерсеси –
кун,”413 – деп буюрган.
Динибиздин беш негизги максатынын бири да – адамдын жашоо-
сун коргоо. Бул – адамдын жооптуу милдеттеринин бири. Ушул себеп-
тен адамдын жашоосун коргоо үчүн өлтүрүлгөн болсо, шейит болору
пайгамбарыбыз тарабынан билдирилген. Бир адамдын башка бир адам-
ды акысыз түрдө өлтүрүшү чоң күнөө болгон сыяктуу эле, адамдын өз
жанын кыюусу, б.а. өзүн өзү өлтүрүшү да ушул эле даражадагы чоң
күнөө болуп саналат. Пайгамбарыбыз өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн тарта
турган катуу азабы тууралуу мындай деп түшүндүргөн:

‫ح‬ٙ‫ ِبح ِبٗ ح ِبٌ ًنلج ُمُم ِهّٰللٍ ًنلج ِبح‬ٜ ‫ِٕهّٰللُ َت ِهّٰلل‬ٙ‫ ِب ٔح ِبر ؾ‬ٛٙ‫ ِبِ ْسٓ ؾر ًٍ مطً ٔ ْسفضُٗم ْس‬ٜ ‫ِ ْسٓ ضل ِهّٰلل‬
‫ِٕهّٰللُ ح ِبٌ ًنلج‬ٙ‫ِب ٔح ِبر ؾ‬ ٖ‫ِبل ِبٖ طك ِهّٰللضح ُم‬ ‫ ْسِهّٰللًنح مطً ٔ ْسفض ُمٗ ض ِهّٰللُمّ ُمٗ ِب‬ٝ‫ِ ْسٓ ُت ِهّٰللض‬ٚ ‫ذ ًنلج‬
‫ح ِب ذ ْس ِبٕ ِبٗ ِب‬ٙ‫َيأ ُم ذِب‬ ٖ‫ِبل ِب‬ ‫ِ ْسٓ لطً ٔ ْسفضُٗم ِبِب ِبل ل ٍز ك ِبل لضُمُٗم ِب‬ٚ ‫ح ذ ًنلج‬ٙ‫ُمُم ِهّٰللٍ ًنلج ِبح‬
‫ح ذ ًنلج‬ٙ‫ِٕهّٰللُ ح ِبٌ ًنلج ُمُم ِهّٰللٍ ًنلج ِبح‬ٙ‫ٔح ِبر ؾ‬
“Кимде-ким бир тоодон (бийик бир жерден) өзүн таштап өл-
түрсө, тозок отунун үстүндө түбөлүктүү жана туруктуу түрдө өзүн
бийиктиктен төмөнгө ыргыткан болот (ушундай азап көрсөтүлөт).
Бир киши уу ичип, жанын кыйса, ууну колуна кармап ичип жүргөн
абалда түбөлүктүү жана туруктуу түрдө тозоктун отунда (азап
кылынат) болот. Кимде-ким өзүн бир темир менен өлтүрсө, ал да
бычакты колуна кармап, кардына сайган абалда түбөлүктүү жана
туруктуу түрдө тозокто (азап көрөт) болот.”414

412
Аньам сүрөсү, 151-аят.
413
Бухарий, Рикак, 48; Муслим, Касама, 8.
414
Бухарий, Тыбб, 56.

440
Адам дүйнөдө ар түркүн кыйынчылык жана кайгы-капаларга ка-
былышы мүмкүн. Мүмкүнчүлүгү жетпеген көрүнүштөргө дуушар бо-
лушу мүмкүн. Бирок кайгыга алдырып, акыл-эсин жоготпостон, бул
окуяларга чыдамдуулук көрсөтүп, Алла таалага жалынып, Андан өзүн
куткарышын тилеши керек. Бул – момундун кыла турган иши. Ал эми
санаа тартып, жанын кыйышы жана ушундай жол менен ал абалдан ку-
туларын ойлошу туура эмес. Пайгамбарыбыз өлүм менен карылыктан
сырткаркы бардык дарттын дабаасы табыларын билдирген. Ошондук-
тан мусулман киши дуушар болгон ар кандай кыйынчылыктарга чыдап,
Алла тааладан медет күтөт жана андан кутулуу үчүн жанын кыйбайт.
3) Абийирдҥҥ жана ыймандуу кишилерге жалаа жабуу
Коомчулуктун тынчын алган эң начар илдеттердин бири – жалаа.
Жалаа жабуу – бир кишинин кылбаган нерсесин кылды деп, айтпаган
сөзүн айтты деп, аны ак жерден каралоо.
Динибиз адамдын абийирине жана ар-намысына өтө чоң маани
берип, коомчулуктун ичинде өз кадыр-баркын сактоолору керектигин
буюрган. Ушул себептен адамга жалаа жабууну чоң күнөө деп эсепте-
ген. Негизинен эле динибиз бир нерсени так билбесек, буга этият мами-
ле кылышыбызды насаат кылат. Куранда да мындай деп буюрулган:
ٓ
‫۬وٌ ِبثه وحْ ْسُٕٗم‬ٚ‫ج ْسٌفُمإج و ِهّٰللُمُمً جُم‬ٚ ‫ج ْسٌر ل‬ٚ ّ‫جٌض ْس‬ ‫ا ض ْسم ُمف ِح ٌ ْسحش ٌه ذِبٗ ِب ْسٍ ٌد ُُۜ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰلل‬ٚ
‫إ ًنُ۫ا ۝‬
‫ِ ْسض ُم‬
“Бир нерсени так билбесең, билем дебе. Анткени кулак, көз
жана жүрөк, булардын бардыгы кылганынан жооптуу.”415
Адам аныгына жетпей туруп, ар бир уккан сөзүнө ишенип, аны
башкаларга жайбашы керек. Натыйжада уккан сөзүнүн жалган экенди-
ги, чындык менен эч кандай айкалышпаганы белгилүү болсо, ал буга
капа болот. Акыйкатта, Алла таала да бизге эскертип, мындай деп
буюрган:

‫ج‬ٛ‫حٌ ٍس طُم ْس ِبر ُمك‬ٙ‫ ًنِح ِبِب‬ٛ‫ج ل ْس‬ٛ‫ج ج ْسْ ضُم ُمحر‬ٛٓ ‫ج ِبج ْسْ ؾحٓءو ْسُمُ ِبحص ٌدك ذِبٕرحٍ طرحِهّٰللُٕم‬ٛٓ ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫۝‬ ِ ‫ٰل ِح ع ْسٍ ُمط ْسُ ٔح ِب‬
“Оо, момундар! Эгерде күнөөкөрдүн бирөө силерге бир кабар
алып келсе, анын чындыгын иликтегиле. Болбосо, аныгын билбей

415
Исра сүрөсү, 36-аят.

441
туруп бир коомго шек келтирип аласыңар, андан кийин кылганы-
ңарга өкүнүп каласыңар.”416
Пайгамбарыбыз да мындай деп буюрган:

‫ ذِبح ْسٌّ ْسل ِبء و ِب ذًنح ْسْ ُمُي ِب ِهّٰلللظ ذِبى ِهّٰللِبُمً ِح ِبْس‬ٝ‫وف‬
“Адамдын ар укканын айта бериши (башкаларга) жалган ка-
тары жетет.”417
Жалаанын көп түрлөрү бар. Алардын эң начары жана эң жагым-
сызы  ар-намыс, ыйман жана абийир менен байланыштуу болгону. Ар-
намыстуу бир аялга жалаа жабуу анын абийирин булгап, очогун өчү-
рүп, үй-бүлөсүн чар учкандай кылат. Күнөөсүз жерден эле өмүрүнүн
акырына чейин кайгы тартышына себеп болот. Ушул себептен пайгам-
барыбыз ар-намыстуу аялдарга жалаа жабууну адамды жок кылуучу
күнөөлөрдөн деп эсептеп, мындайча буюрган:

‫ ِبِهّٰلل‬ٚ ‫حا‬
‫جٌض ْسك ُمل‬ ‫ٌغ ْسل ُمن ذِب ِهّٰلل ِب‬
‫ِح ٘ ِهّٰللُمٓ لحي ج ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫جا‬ ‫ي ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ج ح ر ُمص‬ٛ‫حش لحٌُم‬ ‫ذِبم ِب‬ّٛ‫جٌض ْسر ج ْسٌ ُم‬ ‫ج ِهّٰلل‬ٛ‫جؾطٕ ُمِبر‬ ‫ْس‬
َٛ‫ ِبٌ ِهّٰلل ْس‬ٛ‫جٌطِهّٰلل‬ٚ ‫ و ُمْسً ِ ِبحي ج ْسٌحطِبحُِب‬ٚ ‫جٌلذح‬ ‫ و ُمْسً ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫جا ِبئاِهّٰلل ذِبح ْسٌك ِب ِهّٰللك‬
‫ل ْسط ُمً جٌِٕهّٰلل ْسف ِبش جٌ ِهّٰلل ِبِت ق ِهّٰلللَ ِهّٰلل ُم‬ٚ
‫حش ج ْسٌغح ِب ِبش‬
‫حش ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِٕ ِب‬
‫ل ْس ُمف ج ْسٌ ُمّ ْسك ٕ ِب‬ٚ ‫جٌ ِهّٰللز ْسق ِبف‬
“Адамды жок кыла турган жети нерседен алыс болгула.
– Оо, Алланын расулу! Бул жети нерсе эмне? – деп сурашканда,
пайгамбарыбыз:
– Алла таалага шерик табуу, сыйкырчылык кылуу, Алла тарабы-
нан өлтүрүлүшүнө тыюу салынган жанды жөнү жок өлтүрүү, сүт-
кордук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн алуу, душманга чабуул койгондо
согуштан качуу, ар-намыстуу жана өз адеби менен жүргөн момун аял-
дарга ойноштук өңдүү жалаа жабуу.”418
Жалаага кабылган киши көпчүлүк учурда өзүн коргой албайт
жана аны булгаган кирди тазалоого чамасы жетпейт. Мындай абалга
калган кишинин Алла таалага сыйынуудан башка чарасы калбай калат.
Ушундай чарасыздык менен Алла таалага баш койгон жана Ага жал-
барган кишинин дубасын Алла тааланын кабыл кыларын пайгамбары-
быз билдирген.

416
Хужурат сүрөсү, 6-аят.
417
Муслим, Мукаддима, 3.
418
Бухарий, Тыбб, 48; Муслим, Иман, 38.

442
Бир күнү Алла тааланын алдында кылган иштеринин эсебин жеке
Алла таалага бере турганына ишенген киши эч качан башкаларга жалаа
жаап, так билбеген бир нерсеси тууралуу сөз айтпайт.
4) Ойноштук
Ойноштук чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат. Ойноштук –
мыйзамсыз, никесиз түрдө эркек менен аялдын жыныстык катнашка
кириши. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫صحٓء صرح ًن‬ٚ ‫ ِبجٔ ِهّٰلل ُمٗ وحْ حقِب غ ُۜس ًن‬ٝٓٔ‫ج جٌ ِب ِهّٰللز‬ٛ‫ا ض ْسملذُم‬ٚ
“Ойноштукка жакындабагыла. Анткени анын бир түр уят-
сыздык жана жаман жол экендиги шексиз.”419
Пайгамбарыбыз да:

ٓ ‫ِح ذ‬ٚ ‫ح‬ٕٙ‫ل ِبِ ْس‬ٙ ‫جقِب ظ ِح‬ٛ‫ ِبٌ ٌِبه ق ِهّٰلللَ ج ْسٌف‬ٚ ‫جا‬
‫ا ق ٌدل ْس ِبِٓ ِهّٰلل ِب‬
“Момундарды жамандыктардан Алладан артык коргогон эч ким
жок. Андыктан Алла таала ачык жана жашыруун түрдөгү
сойкулукту (ойноштукту) арам кылган,”420 – деп айткан.
Ойноштуктун ахлактык, коомдук, укуктук жана ден-соолукка
байланыштуу көптөгөн зыяндары бар.
Коомчулуктун өзөгүн үй-бүлө түзөт. Толук кандуу таза муун бул
уядан өсүп чыгат. Баланын физиологиялык өрчүшү алгач ушул жерде
башталып, адеп-ахлагы менен тарбиясын да алгач ушул жерден алат.
Адамдарга болгон сүйүүсүнүн башаты да үй-бүлө болуп саналат. Бул
уя үчүн эң кооптуу нерсе – ойноштук. Ойноштук бардык нерседен му-
рун үй-бүлөнүн курулушуна бөгөт болот. Ал тургай курулган үй-бүлө-
нүн бузулуп тарап кетишине да себепкер болот.
Ойноштук  адамдын ден-соолугу үчүн да зыяндуу. Көптөгөн
жыныстык оорулардын булагынын ойноштук экендиги медицинада
аныкталган. Ал тургай бүгүнкү күндө бүтүндөй адамзатка коркунуч
туудурган СПИД оорусу да көбүнчө жыныстык органдары аркылуу
жугат. Ойноштук кеңири таралган коомчулуктарда адам өлүмүнүн
көбөйөрүн кабардаган пайгамбарыбыз мына ушул нерсеге көпчүлүктүн
көңүлүн бурган (Эт-тергиб вет-терхиб, 3-том, 286-бет).
Ойноштуктун натыйжасында бойго бүткөн балдардын төрөлү-
шүнө көпчүлүк учурда тоскоолдук кылынат. Ал эми дүйнөгө келген-

419
Исра сүрөсү, 32-аят.
420
Бухарий, Муслим, Тавба, 7.

443
дери болсо, кароосуз калып, жапа чегишет. Ата-эне мээриминен куру
жалак калышат. Баласына чексиз мээримин төгүп, кайрымдуу болгон
жана баласы үчүн эч качан кара жанын аябаган эненин баласын таштап
кетишине себеп болгон нерсе да – ушул уятсыздык.
Мына ушундайча ойноштук адамды эң бийик адамкерчилик сапа-
тынан, сүйүү жана маркамат сезиминен ажыратып абийрин төгүп салат.
Андыктан динибиз бир аял менен бир эркектин бир жерде жалгыз ка-
луудан сактанууларын сунуш кылган. Мүмкүнчүлүгү болгондордун да-
роо үйлөнүшүн буюруп, үйлөнүүгө ашыкча чыгымдар жумшоо менен
кыйын абалга кабылбашы керектигин да насаат кылган.
Дининбиз балалуу болуунун (айрым кишилер ойлогондой) адам-
ды жакырчылыкка алып келбестигин, тескерисинче колунда жоктордун
үйлөнгөндөн кийин турмушу оңолуп, Алла таала тарабынан көптөгөн
ырыскы ыроолонорун билдирген. Арам иштен сактануу үчүн үйлөнгү-
сү келгендерге жардам көрсөтүлүшү керектигин айткан.
Мединадан келип, Меккенин четиндеги Акаба деп аталган жерде
пайгамбарыбыз менен жолугушуп, анын акыл-насаатын уккандан ки-
йин мусулман болгусу келгендерге пайгамбарыбыз:

ُ‫ا و ْسُم‬ٚ‫ج ْس‬ٍٛ‫ا ض ْسم ُمط ُم‬ٚ ‫ج‬ٛ‫ا ض ْسزُٔم‬ٚ ‫ج‬ٛ‫ا ض ْسض ِبللُم‬ٚ ‫حا ع ْسحثًنح‬
‫ج ذِب ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ٰل ْسْ ا ضُم ْسغ ِبلوُم‬ ٔ‫ ِب‬ٛ‫ذح ِب ُمع‬
ٍ ‫ج ِب ِ ْسع ُمل‬ٛ ‫ا ض ْسع ُم‬ٚ ُ‫ ْسر ُمؾ ِبٍى ْسُم‬ٚ ُ‫ْس ِبل ى ْسُم‬
‫ف‬ٚ ‫ٔ ُمٗ ذ ْس‬ٚ‫ط ٍحْ ض ْسفَتُم‬ٙ‫ج ذِب ُمر ْس‬ٛ‫ا ضأْسضُم‬ٚ
“Аллага шерик таппоо, уурулук жасабоо, ойноштук кылбоо,
балдарды өлтүрбөө, оюңардан чыгарган кайсы бир жалган сөздү
жайылтып ушак айтпоо жана бирөөгө жалаа жаап, чындыкка каршы
келбөө үчүн мага моюн сунгула,”421 – деп буюрган.
Натыйжада ойноштук чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Андык-
тан ал таза ыйман менен бирге боло албайт. Ошондуктан пайгамба-
рыбыз:

ٓ‫ ُمِ ْسإ ِبِ ٌد‬ٛ‫ُ٘م‬ٚ ٔ‫ْسز ِب‬ ‫ا ْسز ِبٔ جٌ ِهّٰللزج ِبٔ قِب‬
“Ойноштук кылар киши ошол учурда (анык жана чыныгы) мо-
мун болсо, ойноштук кылбайт,”422 – деп буюрган.

421
Бухарий, Иман, 11.
422
Бухарий, Ашриба, 1.

444
5) Согуштан качуу
Диний милдеттерибиздин бири да – мекенибизди коргоо, зарыл
болгон учурда мекенибиз үчүн кан-жаныбызды аябоо.
Мекен – мусулмандар үчүн баарынан ыйык жана баш тарткыс
байлык. Анткени адамдардагы дин, абийир жана эркиндик өңдүү асыл
нарктар мекен аркылуу гана корголушу мүмкүн. Ушул себептен меке-
нибиз үчүн бардык кыйынчылыктарга чыдайбыз. Чындыгында буга
мажбурбуз. Андай болбогон күндө, бизди ар дайым мекенсиз калуу жа-
на жок болуп кетүү коркунучу менен коштоп жүрөт.
Мекенди коргоо үчүн аскердик кызматты өтөө диний бир милдет-
ти ишке ашыруу дегенди түшүндүрөт. Анткени мекенди коргоо ошол
эле мезгилде абийир жана ар-намысты коргоо болуп саналат. Ал эми
буларды коргоонун диний бир милдет экендигинде күмөн жок.
Динибиз аскердик кызматты өтөөгө абдан чоң маани берген. Пай-
гамбарыбыз чек арада бир күн, бир түн күзөттө туруунун күндүз орозо
кармап, түнкүсүн намаз окуу менен өткөргөндөн да кайырдуу экен-
дигин белгилеген (Несаи, Жихат, 39).
Аскердик кызмат өтөө мекенди коргоо үчүн даярдык көрүү
дегенди билдирет. Тынчтыкта бакубат жашоо үчүн бул зарыл нерсе.
“Эгер тынчтыкта жашоону кааласаң согушка даяр бол” деген
учкул сөз бул абалды толук түшүндүрүп турат. Бакубат жашагысы
келген адам ар дайым согушка даяр болуп, согуш үчүн керектүү болгон
бардык камылганы көрүп жүрүшү керек. Бул тема менен байланыштуу
ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ ٍز‬ٛ‫ ْسُ ِح ْسجصط ْسع ُمط ْسُ ِبِ ْسٓ لُم ِهّٰلل‬ٙ‫ج ٌ ُم‬ٚ‫ج ِب ِهّٰللُمل‬ٚ
“Душмандарга каршы күчүңөрдүн жетишинче курал-жарак
даярдагыла.”423
Аскер зарыл болгон учурда согушка кирет. Мекен үчүн согушуу
да – Алла тааланын буйругу. Муну казат деп айтабыз.
Кайсыл иштин баарынан жогору экендигин сураган бир кишиге
пайгамбарыбыз: “Алла таалага ыйман келтирҥҥ жана Анын жолу
ҥчҥн согушуу,”424 – деп айткан.
Мекени үчүн согушуп өлгөндөрдү шейит дейт. Ал эми шейиттик
– бул дүйнөдө бир мусулман үчүн эң бийик даража.

423
Анфал сүрөсү, 60-аят.
424
Бухарий, Иман, 18; Муслим, Иман, 36.

445
Душман менен согушуу жана шейит кетүү чоң сооп табуу үчүн
канчалык себеп болсо, согуштан качуу да ошончолук чоң кылмыш
жана күнөө болуп эсептелет. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ٓ‫ِ ْس‬ٚ ‫٘ ُمُمُ ْسجا ْسذحر ۝‬ٛ‫ٌِهّٰللُم‬ٛ‫ضُم‬


‫ج ز ْسقفًنح‬ٚ‫جٓ ِبج ج ٌمح ُمط ُمُ جٌ ِهّٰلل ٓ وف ُمل‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫ ِبث ٍس م ْسل ذحٓء ذِبغض ٍد ِبِٓ ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫ ُمِطك ِب ِهّٰلل ًنج ِبج‬ٚ‫ِ ِبث ٍ ُم ذُمل ُمٖ ٓ ِبج ِهّٰللا ُمِطك ِب ِهّٰللل ًنح ِبٌمِبط ٍحي ج ْس‬ٛ‫ ْسُ ْس‬ٙ‫ ِبٌ ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ُم‬
‫جا‬
‫ُم۝‬ ٌّ‫ذِبثْسش ج ْس‬ٚ ُُۜ ‫ِٕهّٰلل ُم‬ٙ‫ ُمٗ ؾ‬ٚ‫ِحْس‬ٚ
“Оо, момундар! (Согушта) тобу менен болгон каапырларга
жолукканыңарда, аларга аркаңарды салбагыла (коркуп качпагыла).
Кайра согушуу үчүн бир жерге чегинүү жана экинчи бөлүккө
жетип, жер ээлөөдөн сырткары кимде-ким мындай бир күндө
аркасын салса (коркуп качса), ал сөзсүз түрдө Алла тааланын азабы
менен кайтат, жайы да – тозок. Ал кандай жаман жер.”425
Бир согуш майданында мамлекеттин аскерге катышуу чакыры-
гына баш ийбей, качкын болуунун Алла таала менен анын пайгамбары
тарабынан абдан жаман жана жек көрүү менен кабыл алынгандыгын
Табук казатына катышпаган үч киши менен байланыштуу баяндалган
окуядан көрсөк болот. Окуя мындайча баяндалат: “Табук казатына эч
кандай себеби жок туруп эле катышпаган Каб Ибн Малик, Мураре бин
эр-Раби эл-Амри жана Хилал бин Умаййа эл-Вакыфи пайгамбарыбыз
тарабынан абдан катуу жазаланат. Пайгамбарыбыз мусулмандардын
бул үч киши менен сүйлөшүүсүнө тыюу салып коѐт. Чындыгында эле
бул абдан оор жаза болчу. Базарда, дүкөндөрдө кыдырып жүрүшкөндө,
эч ким буларга салам бербей, сүйлөшүшпөй, тескери карап кетишет.
Булар мындан аябай өкүнүшүп, санаа тартып саргайып кетишет. Алла
таалага жалбарышып, бул кылмыштарынын кечирилишин суранышат.
Акырында арадан элүү күн өткөндөн кийин гана Алла таала тооболо-
рун кабыл кылып, аларды кечиргенин билдирет.”
Муну менен байланыштуу мындай маанидеги аят түшөт: “Жана
(согушка) катышпаган үч кишинин да тооболорун кабыл кылды. Тээ
аларга кең жер тардык кылып, жүрөктөрү сыгылып, Алланын
Өзүнө гана тообо кылуудан башка чара болбогонун түшүнүшкөнгө
чейин. Андан кийин (мурунку абалдарына) кайтышы үчүн Алла алар-
дын тообосун кабыл кылды. Анткени Алла тооболорду көп кабыл
алуучу жана көп коргоочу.”426

425
Анфал сүрөсү, 15-16-аяттар.
426
Тообо сүрөсү, 118-аят.

446
Мындан кийинки казаттарга мусулмандардын бири калбай
катышышкан, андан качкан же барбай калгандар болгон эмес.
6) Сыйкыр
Сыйкыр да чоң күнөөлөрдөн болуп саналат.
Сыйкыр сөздүктө себеби жашыруун болгон адаттан тышкаркы
бир күч деген маанини билдирет. Ал эми динде себеби жашыруун
болгон жана чындык катары кабыл алынбаган нерсени айтат жана ал
көз боѐмочулук жана алдамчылык түрүнө да кирет.
Сыйкырды кесип кылган кишини “сыйкырчы” дешет.
Сыйкырдын пайда болуу тарыхы байыркы доордогу айрым коом-
чулуктардын ишенимдерине таянат. Чындык менен айкалышпаган
жана кызылдай көз боѐмочулуктан турган сыйкырлар болгондой эле,
чыныгы натыйжасы жана таасирлери болгон сыйкырлар да бар. Куран-
ды чечмелеген чыгаан аалым Мухаммед Хамди Языр, Фахреддин
Разинин тапсиринде айтылып кеткен сыйкырдын сегиз түрү жөнүндө
түшүнүк бергенден кийин акырында мындайча корутундулаган: “Буга
чейин саналып кеткен сегиз түрдүү сыйкыр айланып келип түпкүлүгүн-
дө эки негизге таянат. Биринчиси – бүтүндөй жалган жана чындыкка
коошпогон калп сөз, же болбосо кандайдыр бир кыймыл-аракеттин
таасири менен көз будамайлаган сыйкыр, экинчиси болсо – кандайдыр
бир логикага туура келген чындыктын терс максатта колдонулушу
менен ортого чыккан сыйкыр. Сыйкырдын бүтүндөй табияты кыялды
чындай кылып көрсөтүп, адамдын руханий дүйнөсүнө адаттан тыш-
кары таасир жаратуудан турса да, мунун бир бөлүгүн бүтүндөй кыял-
дан жаралган нерселер түзүп, ал эми калган бөлүгүн жарым жартылай
болсо да чындык менен байланыштырууга болот.”427
Сыйкыр эң көп рухтарга таасир этет. Ал адамдын акыл-эсин
адаштырып, башын айлантып, адеп-ахлагын начарлатат. Аял-эркектин
мамилесин бузуп, үй-бүлө очогун өчүрөт. Коңшуларды бири-бири ме-
нен чатакташтырып, коомчулукту кооптуу жолго салат. Мына ушул
себептен динибиз сыйкырчылык кылууга тыюу салып, сыйкырчылар-
дын жаман ниетүү адамдар экендигин, бул дүйнөдө да, акыретте да
азапка түшө тургандыктарын билдирген. Ошондой эле ыйык Куранда:

‫ا ُم ْسفٍ ُمِبف ِهّٰلل‬ٚ


‫جٌضحقِب ُمل ق ْسح ُم‬
ٝ‫ع ج ض‬
“Сыйкырчы кайда барса, кутула албайт,”428 – деп буюрулган.

427
Хак дини Куран дили, 1-том, 369-бет; Бакара сүрөсүнүн 102-аятынын тапсири.
428
Таха сүрөсү, 69-аят.

447
Чынында эле, дал ушундай. Күйөөсү менен аялын бири-биринен
ажыраткан, үй-бүлө очогун өчүргөн, коңшуларды, досторду бири-бири
менен араздаштырган, адамдардын ортосундагы биримдик, ынтымак-
ырашкердикти бузган киши жаман рухтуу эмей эмне? Алла таала мын-
дай кишилерге эч убакта бак-таалайды насип кылбайт.
Бухарий менен Муслимдин айтып берген текстериндеги ыйык ха-
дисте кишилер менен коомдорду жок кыла турган жети чоң күнөөнүн
бирөө сыйкыр экендиги белгиленген. Сыйкырчынын сыйкырдоосу кан-
чалык күнөө болсо, бир мусулмандын кандайдыр бир маселени чечүү
үчүн сыйкырчыга барышы да ошончолук күнөө болуп саналат. Антке-
ни бул – аны туура табуу жана ага ишенүү деген маанини түшүндүрөт.
Пайгамбарыбыз:

ٓ‫ ِ ْس‬ٚ ٗ‫ ُمصكِب ل ٌ ُم‬ٚ‫ صكل ج ْس‬ٚ‫ٓ ٌ ُمٗ ج ْس‬ٙ‫ ضُم ُمى ِب ِهّٰلل‬ٚ‫ٓ ج ْس‬ٙ‫ ضى ِهّٰلل‬ٚ‫ ضُم ُم ِب ِهّٰلل ٌ ُمٗ ج ْس‬ٚ‫ٌ ْسحش ِبِِٕهّٰللح ِ ْسٓ ض ِهّٰلل ج ْس‬

‫ي م ْسل وفل ذِبّح ج ُم ْسٔ ِبزي ٰل ُم ِهّٰللّ ٍل ِهّٰللٰل ِهّٰلل ُم‬ٛ‫ُم‬


ٍُ‫ص ِهّٰلل‬ٚ ٗ‫جا ٍ ْسح ِب‬ ‫ِهّٰللللُٗم ذِبّح م ُم‬ ‫ وحِ٘ب ًٕنح‬ٝ‫جض‬
“Айрым нерселерди жамандыкка жоруган жана башка бирөөнө
ушул сыяктуу жоромолдорду жасаткан, төлгө ачкан же ачтырган,
сыйкыр кылган же кылдырган киши бизден эмес. Кимде-ким бир төл-
гөчүгө барып, анын айтканына ишенсе, ал киши Мухаммедке (а.с.) тү-
шүрүлгөндү танган болот,”429 – деп буюрган.
Бул тема менен байланыштуу болгондуктан көзү ачыктык жана
төлгөчүлүктөн да кыскача сөз кылып кетүү пайдалуу. Анткени динибиз
көзү ачыктыкка да, төлгөчүлүккө да тыюу салып, булардын курулай
ишеним, негизсиз нерселер экендигин билдирип, булар менен
күрөшүүгө чакырган.
Көзҥ ачыктык жана төлгөчҥлҥк
Көзү ачыктык келечекте боло турган бир окуяны алдын-ала би-
лип кабардоо дегенди билдирет. Бул иш менен алек болгон, б.а. келе-
чектен кабар берерине ишенилген кишини да “көзҥ ачык” дейт.
Тарыхтын кайсы гана мезгилинде жана кайсы гана калктарда бол-
босун адамдар келечек менен байланыштуу окуяларды алдын-ала бил-
гиси келишкен. Көзү ачыктык менен төлгөчүлүк болсо ушул талаптар-
дан улам пайда болгон.
Динибиз негизсиз ишенимдердин бардыгын жоюу үчүн күрөш
жүргүзүүдө көзү ачыктык жана төлгөчүлүктү жоюуга да бөтөнчө маани
берген. Анткени көзү ачык жана төлгөчү – келечекте боло турган окуя-

429
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 4-том, 33-бет (Хадисти Беззар айтып берген).

448
лардан кабар берүү үчүн ортого чыккан пайдакеч ач көз адамдар болуп
эсептелет. Алар кайыптан кабар алуу аркылуу бардык сырларды би-
лебиз дешет. Муну Алла тааладан башка эч ким биле албайт. Буга бай-
ланыштуу Куранда мындай деп буюрулган:

ُۜٛ‫ح ٓ ِبج ِهّٰللا ُ٘م‬ّٙ‫ ِب ْسٕل ُمٖ ِفحض ُمِبف ج ْسٌغ ْسح ِبد ا ْسعٍ ُم‬ٚ
“Сырдын ачкычтары Алланын жанында. Ошондуктан жашы-
руун сырды жалгыз Ал билет...”430

‫ ْسجا ْسر ِبا ج ْسٌغ ْسحد ِبج ِهّٰللا ِهّٰلل ُم‬ٚ ‫جش‬
ُۜ‫جا‬ ‫ ِب‬ّٛ‫جٌض‬
‫ِهّٰلل‬ ‫لُم ْسً ا ْسعٍ ُمُ ِ ْسٓ ِب‬
“Айт: “Көк жүзүндө жана жерде Алладан башка эч ким жа-
шыруун сырды билбейт.”431

‫ا ٓ جلُم ُم‬ٚ ‫ا ٓ ج ْس ٍ ُمُ ج ْسٌغ ْسحد‬ٚ ‫جا‬


ْ‫ ٍِ ٌده ِبج ْس‬ٝ‫ي ٌى ْسُمُ ِبجٔ ِهّٰلل‬ٛ ‫لُم ْسً ا ٓ جلُم ُم‬
‫ي ٌى ْسُمُ ِب ْسٕلي زجٓتِب ُمٓ ِهّٰلل ِب‬ٛ
ُۜ ‫ ِبجٌ ِهّٰلل‬ٝٓ ‫ق‬ٛ‫جض ِهّٰلل ِبر ُم ِبج ِهّٰللا ِح ُم‬
ٝ
“(Оо, Мухаммед!) Айт: “Мен силерге Алланын казыналары жа-
нымда деген жокмун, жашыруун сырды да билбейм, силерге мен бир
периштемин деген да жокмун. Мен мага билдирилген Курандан
башкага ишенбейм.”432
Качан кыямат боло турганы боюнча берилген суроого пайгамба-
рыбыз: “Бул маселе боюнча суралган (киши) сурагандан артык бил-
бейт,”433 – деп жооп берген.
Булардын бардыгы көзү ачыктар билебиз дешкен келечек менен
байланыштуу маалыматтарды Алла тааладан башка эч кимдин билбей
турганын көрсөтүп турат. Ушул себептен көзү ачыкка барып, андан ке-
лечек тууралуу маалымат алууга динибиз тыюу салган. Пайгамбарыбыз
бул тема боюнча мындай деп буюрган:

‫ِهّٰلللل ُمٗ ذِبّح م ُم‬


‫ي م ْسل وفل ذِبّح ج ُم ْسٔ ِبزي ٰل ُم ِهّٰللّ ٍل‬ٛ‫ُم‬ ‫ ِهّٰللل| ًنح‬ٚ‫ وحِ٘ب ًٕنح ج ْس‬ٝ‫ِ ْسٓ جض‬
“Кимде-ким көзү ачыкка, же төлгөчүгө барып, анын айтканда-
рын туура тапса, ал киши Мухаммедге (алайхис-саламга) түшүрүлгөн-
дү танган болот.”434
430
Аньам сүрөсү, 59-аят.
431
Намл сүрөсү, 65-аят.
432
Аньам сүрөсү, 50-бет.
433
Бухарий, Иман, 37.

449
‫ ًنِح‬ٛ‫ُمز ج ْسرذع ِب ْس‬ ‫ِهّٰللللُٗم ٌ ْسُ ضُم ْسمر ْسً ٌُٗم‬ ‫ ِهّٰلللج ًنح ضحٌُٗم ْسٓ ع ْس ٍء‬ٝ‫ِ ْسٓ جض‬
“Кимде-ким төлгөчүгө барып, андан бир нерсе сурап, аны да
туура тапса, ал кишинин кырк күн намазы кабыл болбойт.”435
Төлгөчүлүк да көзү ачыктык өңдүү эле келечектен кабар берүү
дегенди билдирет. Динибиз тарабынан буга да тыюу салынган жана
андыктан бул да күнөө болуп эсептелет.
Исламдан мурун араптардын “Эзлам” деп аталган төлгө октору
менен салган төлгөлөрү абдан кеңири колдонулар эле. Бул октор үчөө
болчу. Булардын биринде “кыл”, экинчисинде “кылба” жазуу бар эле.
Ал эми үчүнчүсүнүн эч кандай жазуусу жок болчу. Бир ишти кылгысы
келген, же сапарга чыгууну ойлогон киши бул иштин же бул сапардын
пайдалуу болуп болбоорун бул октор аркылуу билгиси келген. “Кыл”
деп жазылган ок чыкса, кылгысы келген ишти кылган же сапарга чык-
кан. “Кылба” деп жазылган ок чыкканда, ал ишти кылган эмес, же са-
парга чыккан эмес. Жазуусуз ок чыга турган болсо, жазылуу ок чыккан-
га чейин төлгө улантыла берген.
Ислам дини бардык негизсиз ишенимдер сыяктуу эле буга да ты-
юу салып, мунун шайтандын иши экендигин билдирген.436 Тыюу са-
лынган нерсе – тек гана “эзлам” деп аталган октор менен төлгө ачуу
эмес. Бүгүнкү күндө жылдыз, кофе, нокот, карта сыяктуу нерселер
менен салынган төлгө жана буларга ишенүү чоң күнөө болуп саналат.
7) Сҥткордук
8) Алкоголдук ичимдиктерди жана баңги заттарды колдонуу
9) Паракордук
10) Кумар
Бул төрт темадагы күнөөлөр менен байланыштуу керектүү
маалыматтар китептин “Адалдар жана арамдар” деген бөлүмүндө
берилген.
11) Жетимдин ырыскысын жегендик
Адамдардын абалы дайыма бирдей эмес. Айрымдары бапырап
бай, айрымдары да колунда жок кедей болушат. Бир бөлүгүнүн ден-
соолугу чың болсо, бир бөлүгү оорулуу жана майып. Үй-бүлөсү менен
бактылуу турмушта бакубат жашагандар болгондой эле, булардын жа-

434
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 4-том, 34-бет (Хадисти Беззар айтып берген).
435
Муслим, Салам, 35.
436
Маида сүрөсү, 90-аят.

450
нында очогу өчүп, уясы бузулуп, маанайы пас, курсагы ач жетимдер да
бар.
Динибиз коомдогу адамдардын бири-бирине арка-жөлөк болу-
шун насаат кылуу менен бирге өзгөчө колунда жок адамдарды көрүп,
аларга каралашышыбызды, жетимдерди өз балдарыбыз сыяктуу коргоп,
тарбиялап өстүрүшүбүздү каалайт. Пайгамбарыбыз:

‫حض ْس ِب ِب ج ْسٌؿِٕهّٰلل ِبس‬ٙ‫ و‬ٛ‫ُ٘م‬ٚ ‫ ٌِبغ ْس ِب ِبٖ ٔح‬ٚ‫وح ُمِبً ج ْسٌحطِبحُِب ٌُٗم ْس‬
“Өзүнө жана башкасына таандык кайсы бир жетимди көрүп,
ага камкордук көрсөтүүнү өз мойнуна алган киши менен мен бейиште
ушунчалык жакын болом,” – деп буюруп, чыпалагы менен ортонун көр-
сөткөн.437
Жетимдер бизге Алла тааланын аманаты болуп саналат. Алардын
энеси да, атасы да  бизбиз. Аларды тарбиялап өстүрүүү жана коомго
пайдалуу бир адам катары калыптандыруу – биздин милдетибиз. Же-
тимдердин өздөрүн гана эмес, аларга таандык мал-мүлктөрдү да кор-
гоону – бизге Алла таала буюрган. Алардын мал-мүлкүн жоголуп кет-
пеши үчүн өз мүлкүбүз сыяктуу сактап, ал эми чоңоюшканда кайра
аларга тапшырабыз. Бул тема менен байланыштуу ыйык Куранда мын-
дай деп буюрулган:

ٖ‫ج ِحي ج ْسٌحطحُِب ِبج ِهّٰللا ذِبحٌ ِهّٰللِت ِ٘ب ج ْسقض ُمٓ ق ِهّٰلل۪ت ْسر ُمٍ ج ُمع ِهّٰللل ُم‬ٛ‫ا ض ْسملذُم‬ٚ
“Эрезеге жеткенге чейин жетимдин мал-мүлкүнө тийбегиле.
Тийсеңер эң жакшы ниет жана максат менен болсун.”438
Жетимдердин мал-мүлкүнө жаман ниет-максат менен жакындап,
аларды өз мал-мүлктөрүнө кошуп жегендер чоң убалга калары жөнүндө
Куранда билдирилген жана мындай деп буюрулган:

ٌٝٓ‫ ْسُ ِبج‬ٙ‫جٌ ُم‬ِٛ‫جٓ ج ْس‬ٍٛ‫ا ضحْس ُمو ُم‬ٚ ‫د‬


۪ۖ ‫ج ج ْسٌ رحع ذِبحٌ ِهّٰلل ِبحِهّٰلل ِب‬ٛ‫ا ضطر ِهّٰلللٌُم‬ٚ ُ‫ ْس‬ٙ‫جٌ ُم‬ِٛ‫ ج ْس‬ِٝٓ‫ج ج ْسٌحطح‬ٛ‫جضُم‬ٚ
‫ذًنح ور ًنج‬ٛ‫ج ِبٌى ْس ُُۜمُ ِبجٔ ِهّٰللُٗم وحْ ُمق‬ِٛ‫ج ْس‬
“Жетимдерге мал-мүлкүн бергиле, тазасын кирине алмаш-
тырбагыла. Мал-мүлкүңөрдү алардын мал-мүлкүнө кошуп жебегиле.
Анткени бул – чоң күнөө.”439

437
Муслим, Зухд, 2.
438
Аньам сүрөсү, 152-аят.

451
ْٛ‫صح ْس ٍ ْس‬ٚ ُۜ‫ ْسُ ٔحرًنج‬ٙ‫ ِبٔ ِب‬ٛ‫ذ ُم ُم‬ ٍْٛ‫ ُم ْسٍ ًنّح ِبجٔ ِهّٰللّح حْس ُمو ُم‬ِٝ‫جي ج ْسٌحطح‬ِٛ‫ْ ج ْس‬ٍٛ‫ِبج ِهّٰللْ جٌ ِهّٰلل ٓ حْس ُمو ُم‬
ُ۟‫صع ًنج‬
“Акысыз түрдө жетимдердин мал-мүлкүн жегендер эч шек-
сиз, өздөрүнүн өзөгүнө өрт салган болушат. Ансыз да алоолонгон
отко киришет.”440
Башка бирөөгө таандык болгон мал-мүлккө акысыз түрдө ээ бо-
луп, жеп-ичүү да – арам жана күнөө. Эгерде бул мал-мүлк жетимдики
болсо жана аны өзүбүздүн мал-мүлкүбүз сыяктуу сактап, чоңойгондо
кайра ага кайтарып берүү үчүн жооптуу болсок, анан аны акысыз түрдө
өз мал-мүлкүбүзгө кошуп жеп алсак – бул албетте, чоң күнөөлөрдүн
бири болуп эсептелет. Чыныгы момунга жарашкан нерсе – мындай кү-
нөөнү кылбоо жана өзүн өзү отко салбоо.
12) Ата-энеге каршы чыгуу
Динибиз мусулмандын бардык милдеттерин эки негизде топ-
тогон. Алардын бири – Алла таалага гана ибадат кылуу, экинчиси бол-
со – Анын жараткандарына мээрим жана маркамат көрсөтүү.
Жаратылгандардын ичинен ата-эне биринчи орунга коюлуп,
аларга баш ийүү керек экендиги буюрулган. Анткени адамды жараткан
– Алла таала болсо, ата-эне да анын дүйнөгө келишине себеп болот.
Ошондой эле алар – анын өсүп, тарбия алышын жана коомго пайдалуу
бир адам катары калыптанышын камсыз кылган кишилер. Алар ушул
максат менен бардык кыйынчылыкка чыдап, андан кандайдыр бир пай-
да күтпөстөн чын көңүлдөн өздөрүн бул жооптуу ишке арнашат.
Андыктан адам алгач өзүн жоктон жараткан Алла таалага ибадат
кылып, андан кийин да анын жаралышына себепкер болгон ата-энесине
моюн сунууга милдеттүү. Бул маселе ыйык Куранда (Исра сүрөсү, 17/23)
жана ыйык хадистерде (Бухарий, Жихат, 1; Муслим, Иман, 36) ушундайча
билдирилген. Мына ушул себептен улам болсо керек, динибиз ата-
энеге жаман мамиле кылууга жана аларга каршы чыгууга тыюу салып,
муну чоң күнөөлөрдөн деп эсептеген. Пайгамбарыбыз:

‫ ج ْسٌحّ ِب ُم ج ْسٌغ ُمّ ُم‬ٚ ‫ ل ْسط ُمً جٌِٕهّٰلل ْسف ِبش‬ٚ ٓ‫جٌِبل ْس ِب‬ٌٛ‫ق ج ْس‬ٛ‫ُم‬
‫س‬ٛ ‫ج ْسٌىرحتِب ُمل ج ْس ِبا ْسعلج ُمن ذِب ِهّٰلل ِب‬
‫ ُم م ُم‬ٚ ‫حا‬

439
Ниса сүрөсү, 2-аят.
440
Ниса сүрөсү, 10-аят.

452
“Чоң күнөөлөр – Аллага шерик табуу, ата-энеге каршы чыгуу,
киши өлтүрүү жана жалган жерден (карганып) ант ичүү,”441 – деп
буюрган.
Алла таала пайгамбарыбызга адамдардын жасаган күнөөлөрүнүн
ичинен каалаганын акыретке калтыра турганын, бирок ата-энеге жасал-
ган жаман мамиленин жазасын өлө электен мурун бул дүйнөдө аны
жасаган кишиге бере турганын билдирген. Пайгамбарыбыз мындай деп
буюрган:

‫ ُمز ج ْسٌّ ْسظ ُمٍ ِب‬ٛ ‫ ِهّٰللٓ ْس‬ٙ‫حش ا ع ِهّٰلله ِبح ِب‬
‫ ُمز‬ٛ ‫ ْس‬ٚ ‫ ُمز ج ْسٌ ُمّضح ِب ِبل‬ٛ ‫ ْس‬ٚ َٛ ٍ ٛ ‫ظ‬
‫جش ُمِ ْسضطؿحذ ٌد‬ ‫غ ُم‬
ٖ‫ٌ ِبل ِب‬ٚ ‫ج ِبٌ ِبل ٰل‬ٌٛ‫ج ْس‬
“Үч дуба бар, булардын кабыл боло турганынан күмөнүм жок.
Булар: кордук көргөндүн (эзүүгө дуушар болгондун) дубасы, коноктун
дубасы, ата-эненин балдарына окуган дубасы.”442

‫ ج ْسٌفِبل ُمجر ِبِٓ جٌ ِهّٰللز ْسق ِبف‬ٚ ٓ‫جٌِبل ْس ِب‬ٌٛ‫ق ج ْس‬ٛ‫ُم‬ ‫ ج ِب ِهّٰلل‬:ً‫ ِهّٰللٓ ّ ٌد‬ٙ‫غ غسٌد ا ْسٕف ُم ِع ُم‬
‫ٌغ ْسل ُمن ذِب ِهّٰلل ِب‬
‫ ُم م ُم‬ٚ ‫حا‬
“Үч нерсе бар, булардын адамга пайдасы болбойт. Алар: Аллага
шерик табуу, ата-энеге каршы чыгуу жана согуштан качуу.”443
Ата-энеге, өзгөчө карып калганда көрсөтүлө турган кызмат жана
урмат адамдын бейишке кирүүгө татыктуу болушуна, ал эми тескери-
синче болсо, бейиштен кол жууп калышына себеп болот. Ошондуктан
пайгамбарыбыз:
– Мурдунан суу аксын (б.а. маскара жана уят болсун), дагы мур-
дунан суу аксын, кайра эле мурдунан суу аксын, – деп буюрганда:
– Кимдин, оо, Алланын расулу? – деп сурашат. Пайгамбарыбыз:
– Ата-энесинин бирөөсүнүн, же экөөнүн тең карылыктарын
көрүп, андан кийин бейишке кире албагандын, – деп буюрат.444
Ата-энеге жасалган жагымсыз мамиле менен байланыштуу пай-
гамбарыбыздын көптөгөн эскертүүлөрү бар. Акырында, төмөнкү ыйык
хадис менен бул теманы жыйынтыктайлы:

‫ج ِبٌ ِبل‬ٌٛ‫جٌل ِب ِهّٰللخ ِب ص ِبط ج ْس‬


‫ص ُمط ِهّٰلل‬ٚ ‫ج ِبٌ ِبل‬ٌٛ‫جٌل ِب ِهّٰللخ ِب ِبرضح ج ْس‬
‫ِبرضح ِهّٰلل‬
441
Бухарий, Айман, 16.
442
Тирмизий, Бирр, 7.
443
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 3-том, 328-бет (Хадисти Таберани айтып берген).
444
Муслим, Бирр, 3.

453
“Алланын ыраазычылыгы ата-эненин ыраазычылыгында. Алла-
нын каары ата-эненин каарында.”445
13) Жалган жана жалган жерден кҥбө болуу
Момун бир адам үчүн ыймандан кийинки эң мыкты сыпаттын
чынчылдык экендигинде күмөн жок.
Чынчылдык – пайгамбарларда болушу керек болгон беш сапат-
тын бири. Чынчылдык – ахлактын негизи жана бардык жакшылыктар-
дын башаты. Чынчылдык – канчалык асыл сапат, жакшы мүнөз болсо,
мунун терси болгон калпычылык да – ошончолук жаман мүнөз, жаман
адат. Ошондуктан динибиз калп айтууга тыюу салган. Момун калп ай-
тып жанын жебейт. Анткени момун ишенимдүү киши дегенди түшүн-
дүрөт. Ал эми калп буга жолтоо болот. Пайгамбарыбыздан:
– Момун коркок болобу? – деп сурашкан экен.
– Болушу мүмкүн, – деп буюрат.
– Момун сараң болобу? – деп да сурашканда, пайгамбарыбыз:
– Болушу мүмкүн, – дейт.
– Момун жалганчы болушу мүмкүнбү? – деп кайрадан собол
кылышканда, пайгамбарыбыз:
– Жок, боло албайт, – деп жооп берет.446
Жалганчылык – адам үчүн эң начар сыпат болгон мунапыктык-
тын (эки жүздүүлүктүн) белгиси. Ошондуктан пайгамбарыбыз мындай
деп буюрган:

‫آ سُم ج ْسٌ ُمّٕح ِبِبك غ ٌد‬


ْ‫ ِبئ ج ج ْسؤضُم ِبّٓ ح‬ٚ ‫ ل ْس ٍف‬ٚ ‫ ِبئ ج‬ٚ ‫ظ ِبئ ج ق ِهّٰلللظ و خ‬
“Мунапыктын үч белгиси бар. Сүйлөгөн мезгилде жалган сүй-
лөйт, убада берген учурда убадасын аткарбайт, ага бир нерсе аманат
кылынган кезде (ал ага) кыянаттык кылат (аны коргобойт).”447
Бул дүйнөдө да, акыретте да жалганчынын жүзү кара болот. Ант-
кени адам жалган сүйлөп жүрүп, аны адатка айлантып алса, Алланын
алдында жалганчы болуп жазылат. Пайгамбарыбыз мындай деп буюр-
ган: “Чынчылдыкты адат кылгыла (андан тайбагыла), анткени чын-
чылдык жакшылыкка алып барат, жакшылык да бейишке жеткирет.
Адам туура сүйлөп, туураны сураштырса, Алланын алдында чынчыл
болуп жазылат. Жалгандан алыс болгула, анткени жалган жаман-
дыкка алып барат. Жамандык да тозокко жеткирет. Адам жалган

445
Тирмизий, Бирр, 3.
446
Танвирул-хавалик ала Муваттаил-Имам Малик, 2-том, 252-бет.
447
Бухарий, Иман, 24; Муслим, Иман, 25.

454
сүйлөсө жана жалгандын аркасынан чуркаса, Алланын алдында жал-
ганчы болуп жазылат.”448
Пайгамбарыбыз балдарды сооротуу жана алаксытуу үчүн аларга
жалган айтуунун да күнөө болоорун, мындан да сактануу керек экен-
дигин билдирген.
Абдуллах бин Амр мындай деп эскерет: “Пайгамбарыбыз үйүбүз-
гө келген күндөрдүн биринде апам: “Уулум, кел, сага бир нерсе берем,”
– деп мени чакырып калды. Пайгамбарыбыз апамдан:
– Балага эмне берейин дедиң эле? – деп сурады. Апам:
– Курма берейин дегем, – деди. Ушундан кийин пайгамбарыбыз:
– Эгерде бир нерсе бербегениңде (баланы ушинтип алдаганыңда),
сага бир жалган күнөө болуп жазылмак, – деп буюрду.”449
Жалгандын бардык түрү күнөө болуп эсептелет, бирок анын ичи-
нен эң жийиркеничтүүсү – жалган жерден күбө болуу. Бирөөнүн көңү-
лү үчүн, же болбосо кандайдыр пайда көздөп сотто жалган жерден күбө
болуу чоң күнөө болуп саналат. Жалганчы күбө башка бирөөнүн дүй-
нөсүн курам, көңүлүн улайм деп жандалбастап жатып, өз акыретин
кыйратып алат. Ошондой эле ал жалган күбө болуу менен чындыктын
бурмаланышына жана күнөөсүз адамдардын запкы көрүп, жапа тарты-
шына да себепкер болот. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ٚ‫ٰل ج ْسٔف ِبُمضى ْسُمُ ج ِب‬ ‫لجٓء ِب ِهّٰلل ِب‬ٙ‫جِ ذِبح ْسٌم ْسِبض ِبط ُمع‬ٛ‫ج ل ِهّٰلل‬ٛ‫ُٔم‬ٛ‫ج وُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ٓ ٛ‫ٌ ْس‬ٚ ‫ا‬
ْ‫ ج ْس‬ٜٓ ٌٛٙ‫ج ج ْس‬ٛ‫ّح ضطِهّٰلل ِبر ُمع‬ٙ‫ ذِب ِب‬ٌٝٚ‫حا ج ْس‬ ‫ م ًنج ِهّٰلل ُم‬ٚ‫ ْسجا ْسللذ ِبج ْسْ ى ْسُمٓ ِٕبحِهّٰللًنح ج ْس‬ٚ ٓ‫جٌِبل ْس ِب‬ٌٛ‫ج ْس‬
‫ ضُم ْسع ِبل ُم‬ٚ‫ُٓ۫ج ج ْس‬ٛ‫ ِبج ْسْ ض ْسٍ ُم‬ٚ ‫ج‬ٛ‫ض ْسع ِبلٌُم‬
‫ْ ر ًنج‬ٍٛ‫ج ِبح ِهّٰللْ ِهّٰللجا وحْ ذِبّح ض ْسعّ ُم‬ٛ‫ض‬
“Оо, момундар! Адилеттүүлүк үчүн туруктуу болгула. Өзү-
ңөр, ата-энеңер жана жакындарыңарга каршы чыксаңар да, Алла
үчүн күбө болгон кишилерден болгула. (Күбө болгон кишилериңер)
мейли бай, мейли жарды болсун, Алла аларга (силерден) дагы жа-
кын. Жыргалга азгырылып, адилеттиктен тайбагыла, (күбөлүктөн)
эгерде баш тартып, же болбосо күбө болуудан качсаңар, (билип
койгула) Алла кылгандарыңарды билип турат.”450
Пайгамбарыбыз да:

448
Бухарий, Адеп, 69; Муслим, Бирр, 29.
449
Абу Давуд, Адеп, 88.
450
Ниса сүрөсү, 135-аят.

455
– Чоң күнөөлөрдүн эң чоңун силерге билдирейинби? – деп айтат.
Сакабалар:
– Ооба, билдир, оо, Алланын расулу! – дешет. Пайгамбарыбыз:
– Алла таалага шерик издөө, ата-энеге каршы чыгуу, – деп айтат.
Андан кийин таянып отурган жеринен түздөлүп отуруп:
– Жакшылап уккула, мындан сырткары жалган жерден күбө
болуу, – деп буюрат жана бул сөздү кайра-кайра кайталай берет.
Сакабалар: “Унчукпай калса, кана,” – дешет.451
Жалган жерден күбө болгон киши үч түрдүү күнөө кылган болот.
Булар: жалган айтуу, акысыз же күнөөлүү болгон кишиге жардам
берүү, акылуу же күнөөсүз болгон кишини кыйын абалга түшүрүү.
Андыктан, момун калп айтпайт жана жалган жерден күбө болбойт.
Булар – мусулманга такыр жарашпаган начар мүнөздөр.
14) Ушак (жамандоо)
Чоң күнөөлөрдүн бири да – ушак. Абу Хурайранын айтканы
боюнча пайгамбарыбыз:
– Ушак эмне билесиңерби? – деп сурайт. Сакабалар:
– Алла таала менен пайгамбары бизден жакшы билет, – деп
жооп беришет. Ушундан кийин пайгамбарыбыз:
Тууганынын аркасынан ага жакпаган бир нерсе менен эскерүү, –
деп айтат. Сакабалар:
– Тууганымда ошол айткан нерсе болсо, эмне дейсиз? – дешет.
Пайгамбарыбыз:
– Эгерде айткан айыбың тууганыңда болсо, анда ушак болот.
Болбосо, аны ушактап, жалаа жапкан болосуңар, – деп буюрат.452
Адамдын абдан этият колдонушу керек болгон дене-мүчөлөрүнүн
бири – албетте, тили. Пайгамбарыбыз:

‫ جٌِٕهّٰللح ِبر ْسذعل ِب ِهّٰللمح ذ ْس ج ْسٌّ ْسغ ِبل ِبق‬ٌٝ‫ح ِبج‬ٙ‫ح ِبز ِهّٰللُمي ذِب‬ٙ‫ِبئ ِهّٰللْ ج ْسٌع ْسرل ٌحطى ِهّٰللٍ ُمُ ذِبح ْسٌىٍِبّ ِبس ِح طر ِهّٰلل ُم ِبح‬
‫ج ْسٌّ ْسغ ِبل ِبخ‬ٚ
“Бир киши ойлонбой туруп ар кандай сөз айтып жибериши мүм-
күн. Ушул себептен ал тозоктун чыгыш менен батыштын ортосун-

451
Бухарий, Шахадат, 10; Муслим, Иман, 38.
452
Муслим, Бирр, 20; Абу Давуд, Адеп, 40.

456
дагы аралыктан да алыс бир жерине түшөт,”453 – деп буюрган жана
тилибизге ээ болуп байкап сүйлөөбүз керектигин насаат кылган.
Тилдин көптөгөн руханий оорулары бар. Булардын бири да –
ушак. Ушак – жогорудагы ыйык хадисте да түшүндүрүлүп кеткендей,
бир адамдын аркасынан анын кемчилигин айтуу, аны жамандоо. Бул
кемчилик анын дене-мүчөсү, теги, адеп-ахлагы, кийим-кечеси, дини ме-
нен байланыштуу болушу мүмкүн. Бою кыска, атасы жаман киши, эки
жүздүү, жалганчы, кумарпоз, ишенимсиз киши сыяктуу. Ушул жана
ушуга окшогон кемчиликтер менен айыптарды дин боордошунун арка-
сынан айтуу – ушак жана күнөө. Ыйык Куранда Алла таала мындай деп
буюрган:

ُٖۜ‫ ُم‬ّٛ‫ِبد جق ُملو ْسُمُ ج ْسْ حْسوُمً ٌ ْسكُ ج ح ِبٗ ِ ْسحطًنح ى ِبل ْس٘ ُمط ُم‬
‫ضحُۜ ج ُمُي ِهّٰللُم‬ ‫ا ْسغط ْسد ذ ْسع ُم‬ٚ
‫ضى ْسُمُ ذ ْسع ًن‬
‫۝‬ ُ‫ح‬ ‫ ٌد‬ٛ‫جا ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا ض ِهّٰلل‬
‫جخ رق ٌد‬ ُۜ ‫ج ِهّٰلل‬ٛ‫جض ِهّٰللمُم‬ٚ
“Бирөөнүн артынан сүйлөбөгүлө. Силердин бирөөңөр эле өлгөн
бир тууганынын этин жегиси келеби? Албетте, мындан жийиркен-
диңер. Андай болсо, Алладан корккула. Албетте, Алла тооболорду
кабыл кылуучу, абдан мээримдүү.”454
Имам Газали ушактын эң башкы себептеринин биринин кек сак-
тоо экендигин айткан. Бир киши кимдир бирөөгө кек сактагандыктан,
аны ушактап, анын аркасынан жаман сөз айтуудан ыракат алат деген.
Ал эми, момун кек сактабайт. Ага жарашкан нерсе – кечирим көрсөтүү,
кең пейил болуу.
Азирети Айша мындай деп эскерет: “Мен бир күнү пайгам-
барыбызга:
– Оо, Алланын расулу! Сафиййанын (бул да пайгамбарыбыздын
жубайы болгон) мындай болушу (айрым айтылгандар боюнча кыска
бойлуу экенин көрсөтүп) сага жетет, – дегем, анда пайгамбарыбыз:
– Айша, ушундай бир сөз айттың дейсиң, эгерде бул сөз деңиздин
суусуна аралашканда, аны бузуп жибермек эле455, – деп айткан.”
Ошондой эле азирети Айша мындай деп да эскерет: “Мен дагы
бир күнү пайгамбарыбызга бир кишинин тышкы көрүнүшү менен кый-
мыл-аракеттерин туурап, айтып берген элем. Муну көрүп отуруп пай-
гамбарыбыз: “Мага бул үчүн бүтүндөй дүйнөнү беришсе да, бир адам-

453
Муслим, Зухд, 6.
454
Хужурат сүрөсү, 12-аят.
455
Абу Давуд, Адеп, 40; Тирмизий, Бирр, 20.

457
дын кандайдыр бир кемчилигин туураганды жана аны сүрөттөгөндү эч
качан жактырбайм,” – деп айткан.”
Пайгамбарыбыз мусулман боордошунун аркасынан ушактаган-
дардын абдан катуу азап тартышарын эскертип, мындай деп буюрган:
“Мен миражга чыккан түнү бир элдин жанынан өттүм. Булар жез
тырмактары менен беттери менен көкүрөктөрүн тырмалап жатыш-
ты. Мен:
– Оо, Жебирейил! Булар кимдер? – деп сурадым.
– Булар адамдардын этин жегендер (ушак айткандар), алардын
абийири менен ар-намысына сөз тийгизгендер, – деди.”456
Ушак айтуу күнөө болгондой эле, айтылган ушакты угуу да – кү-
нөө. Бир жерде боордошу жамандалып жатканда, анын абийири менен
ар-намысына сөз тийип жатканда, муну уккан мусулман кишинин мил-
дети – буга бөгөт болуу. Анткени бир мусулмандын каны жана мал-
мүлкү сыяктуу абийири жана ар-намысы да арам, б.а. ал ар түрдүү
өкүм-зордуктан калкаланган. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрат:

‫َ ج ْسٌمِبححِ ِبس‬ٛ‫ ِبٗ جٌِٕهّٰللحر ْس‬ٙ‫ ْسؾ ِب‬ٚ ٓ‫جا ْس‬


‫ِ ْسٓ ر ِهّٰلل ْسٓ ِب ْسل ِبا ِب ح ِبٗ ر ِهّٰلل ِهّٰلل ُم‬
“Бир киши боордошунун абийири менен ар-намысына сөз тийгиз-
ген кишиге каршы чыгып, аны жактаса, Алла таала кыямат күнү ал
кишини тозоктон алыстатат.”457
Ушак айткан киши күнөөкөр болот. Бул күнөөлөрдөн арылуу
үчүн тек гана тообо кылып, Алла тааладан кечирим суроо жетиштүү
эмес. Тообо кылуу менен бирге аны ушактаган боордошуна барып, ан-
дан кечирим сурап ыраазычылыгын алуу керек. Ошондо гана бул
күнөөдөн арылган болот.
15) Чагымчылык (сөз ташуу)
Динибиз бардык мусулмандардын боордош экендиктерин белги-
леп, боордоштукка зыян келтире турган бардык нерсеге тыюу салган.
Боордоштукка залакасын тийгизе турган начар мүнөздөрдүн бири да –
чагымчылык. Арап тилинде ал немине, ал эми аны жасаган адам
неммам деп айтылат.
Чагымчылык – адамдардын мамилесин бузуу үчүн бирөөнүн сө-
зүн экинчисине жеткирүү. Бул – абдан жаман мүнөз, момунга эч качан
жарашпайт. Чагымчы адам адамдарды бири-бири менен кайраштырат.

456
Абу Дабуд, Адеп, 40.
457
Тирмизий, Бирр, 20.

458
Бир тууганды бир тууганга кас кылат. Ата менен баланы, аял менен кү-
йөөнү бири-биринен ажыратат. Чоң балээлерге себеп болот.
Момундун милдети – адамдарды кайраштырып, мамилелерин бу-
зуу жана аларды бири-бири менен кас кылуу эмес. Тескерисинче, таа-
рынгандарды жараштырып, касташкандарды достоштуруп аларды би-
ри-бирине жакындаштыруу, мамилелерин оңдоо.
Чагымчылык кылгандар көргө киргенден баштап эле Алла таала-
нын казабына кабылышып, азап тартышат.
Ибн Аббас мындай деп эскерет: “Пайгамбарыбыз эки мүрзөнүн
жанынан өтүп баратканда: “Бул мазарда жаткандар азап тартууда.
Бирок алардын бул азабы (алардын ою боюнча) анчалык чоң нерсе үчүн
деле эмес,” – деп айтат. Андан кийин сөзүн улантып: “Ооба (алар му-
ну канчалык жөнөкөй нерсе катары көрүшсө да), күнөөлөрү чоң эле.
Бирөө заарадан этияттап жакшылап тазаланбайт эле. Экинчиси
болсо чагымчылык кылчу,”– деп белгилейт”458
Башка бир ыйык хадисте мындай деп айтылган:

َ‫ا ْسل ُم ُمً ج ْسٌؿِٕهّٰللس ٔ ِهّٰللّح ٌد‬


“Мамилелерин бузуу үчүн бирөөнүн сөзүн бирөөнө жеткирген ки-
ши бейишке кире албайт.”459
Пайгамбарыбыз жолдошторунун эч биринин сөзүнүн өзүнө баш-
калар аркылуу жетишин жактырбай минтип буюрган: “Сакабаларым-
дын эч бири башка бирөө жөнүндө мага жакпай турган нерсени жет-
кирбесин. Анткени мен силердин алдыңарга таза жүрөгүм менен (мээ-
рим толгон көңүлүм менен) чыккым келет.”460
Эки жүздүүлүк – момун үчүн эң начар сапаттардын бири. Пай-
гамбарыбыз:

ٍٗ ‫ ْسؾ‬ٛ‫ ٘ ُمإا ِبء ذِب‬ٚ ٍٗ ‫ ْسؾ‬ٛ‫ ْس ِب جٌ ِهّٰلل ِب ي حْس ِبض ٘ ُمإا ِبء ذِب‬ٙ‫ ْسؾ‬ٌٛ‫ِبج ِهّٰللْ ِبِ ْسٓ ِبعلج ِبر جٌِٕهّٰلل ِبحس ج ج ْس‬
“Албетте, адамдардын эң жаманы эки жүздүү кишилер, алар
бирөөнө башка жүз менен, экинчисине башка бир жүз менен бары-
шат.”461
Бул тема менен байланыштуу ыйык Куранда мындай деп буюрул-
ган:

458
Бухарий, Жанаиз, 89; Муслим, Тахара, 111.
459
Бухарий, Адеп, 50; Муслим, Иман, 45.
460
Абу Давут, Адеп, 33.
461
Бухарий, Жанаиз, 82; Адеп, 49.

459
‫۝‬ ٍ ّٕ‫ ٍ ْۙ ۝ ا ِهّٰللح ٍز ِغِهّٰلل ح ٓ ٍء ذِب‬ِٙ ‫ا ضُم ِب ْس و ِهّٰللُمً ق ِهّٰلل ٍف‬ٚ
ُْۙ‫ح‬
“Анткор, абийирсиз, ар дайым ар кимден кемчилик издеген
жана сөз ташыганга моюн сунба.”462
16) Жаман ойлоо
Алла таала ыйык Куранда мындай деп буюрган:

ُُۜ‫ا ض ْسم ُمف ِح ٌ ْسحش ٌه ذِبٗ ِب ْسٍ ٌد‬ٚ


“Так билбеген нерсең тууралуу сөз сүйлөбө...”463
Алла таала бул аят менен бизге абдан маанилүү бир маселе боюн-
ча эскертип, жакшы билбеген жана көрбөгөн кишилерибиз тууралуу
сөз сүйлөшүбүзгө, жаман пикирде болушубузга тыюу салган. Анткени
адамдын уккан нерселеринин көбү жалган, бир бөлүгү да кек сактоо
менен жек көрүүнүн натыйжасы болушу мүмкүн. Ошондуктан так
маалыматка таянбаган нерселерден сактаныш керек.
Негизинен мусулман киши бардык нерсеге абайлап, этияттык ме-
нен мамиле кылат. Анткени пайгамбарыбыз:

‫ ذِبح ْسٌّ ْسل ِبء و ِب ذًنح ج ْسْ ُمُي ِب ِهّٰلللظ ذِبى ِهّٰللِبُمً ِح ِبْس‬ٝ‫وف‬
“Укканынын баарын айта берүү – калпка айланып адамга же-
тет,”464 – деп буюрган.
Кээде жакшы билбеген бир нерсе жөнүндө сөз кылып, анан акы-
рында анын биз айткандай эмес экендиги түшүнүктүү болгондо, уят
болуп, “биз ушинтип ойлогонбуз” деп айтууга мажбур болобуз. Өзгөчө
чын-төгүнү белгисиз, божомол сөздөрдү угуп алып, анан ага таянып
дин боордошубуз жөнүндө жаман ойлоп, ал тууралуу жаңылыш бүтүм-
гө келсек, анда абдан чоң адилетсиздик кылып, күнөөгө баткан боло-
буз. Кимдир бирөөнүн кандайдыр бир кыймыл-аракетинен шек санап,
дароо ал тууралуу жаман ойго келип бүтүм чыгарбашыбыз керек.
Итбан бин Малик мындай деп эскерет: “Мен өз уруум Бени
Салимге намаз окутар элем. Бени Салим менен мен жашаган жердин
ортосунда бир суу бар эле. Жамгыр жааганда ал суу кирип алардын ме-

462
Калем сүрөсү, 10-11-аят.
463
Исра сүрөсү, 36-аят.
464
Муслим, Иман, 3.

460
читине барышым кыйын болуп калчу. Ушул себептен бир күнү пайгам-
барыбызга барып:
– Оо, Алланын расулу! Көздөрүм начарлады. Жолумда бир аккан
суу бар, жамгыр жааган кезде аны кечип, мечитке барышым кыйын бо-
луп жатат. Менин мындай тилегим бар, бир күнү мага келип, үйүмдүн
бир бурчунда намаз окут, мен да намаз окуган жериңди намаз жайы кы-
лып алайын (мечитке бара албай калганымда, намазымды ал жерде
окуюн), – дедим. Пайгамбарыбыз (Бадр согушуна катышкан бул киши-
нин көңүлүн жай кылыш үчүн):
– Буйруса, бул тилегиңди аткарамын, – деди.
Эртеси күнү эртең менен пайгамбарыбыз менен Абу Бекир күн
көтөрүлгөн кезде мага келишти. Пайгамбарыбыз үйүмө кириш үчүн
уруксат сурады, дароо ичке киргиздим. Үйгө киргенде отурган жок.
– Кайсы жерде намаз окушумду каалайсың? – деп сурады. Намаз
окушун каалган жеримди ага көрсөттүм. Пайгамбарыбыз дароо намазга
турду. Биз да аркасында катар турдук. Эки ирекет намаз окутуп, салам
берди. Биз да салам бердик. Ал үчүн даярдалган ич майга ундан кууру-
луп бышырылган шорпону ичүү үчүн отургуздук. Пайгамбарыбыздын
үйүмө келгенин уккан эл үйүмө батпай кетти. Элдин ичинен бирөө
(Малик бин эд-Духшумду айтып):
– Малик кайда? – деп сурады. Ошол жерде тургандардын бири:
– Ал  Алла тааланы жана пайгамбарын сүйбөгөн бир мунапык, –
деди. Муну уккан пайгамбарыбыз:
– Андай дебе, көрбөй турасыңбы? Ал Алла тааланын ыраазычы-
лыгын айтып “Лаа илааха иллаллах” деп жатат, – деп айтты. Тиги
киши:
– Алла таала менен пайгамбары бизден жакшы билет, бирок
ошондой болсо да биз Алла тааланы оозго алып касам ичип карганып
туруп айта алабыз. Биз Маликтин мунапыктарды жакшы көргөнүн жана
алар менен сүйлөшкөнүн көрүп жүрөбүз, – дегенде, пайгамбарыбыз:
– Алла тааланын ыраазычылыгын көздөп, “Лаа илааха иллаллах”
деп айткан кишиге Алла таала тозокту арам кылган, – деп буюрду
(ушундайча чын-төгүнү билинбеген бул божомол айтуунун туура эмес
болорун билдирди).465
Алла таала ыйык Куранда:

ُ‫جٌظِهّٰلل ِب ِهّٰللٓ ِبجغْس ٌد‬ ‫ج وػ ًنج ِبِٓ جٌظِهّٰلل ِب ِهّٰللٓ ِبج ِهّٰللْ ذ ْسع‬ٛ‫جؾطٕ ُمِبر‬
‫ج ْس‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬

465
Муслим, Масажид, 47.

461
“Оо, момундар! Жоромолдун көбүнөн сактангыла, анткени
жоромолдун айрымдары бар, алар – күнөө,”466 – деп буюрган.
Пайгамбарыбыз да:

‫جٌظِهّٰلل ِهّٰللٓ ِبح ِهّٰللْ جٌظِهّٰلل ِهّٰللٓ ْسو ُمخ ج ْسٌك ِبل ِبع‬ٚ ُ‫ِبج ِهّٰللحو ْسُم‬
“Жаман божомол ойлордон сактангыла. Анткени божомол –
сөздөрдүн эң жаманы,”467 – деп буюрган.
Жогорудагы ыйык аятта Алла таала бирөө тууралуу жаман ой-
лоодон сактанышыбызды буюруп, эч кимдин жашыруун абалдарын,
айып жана кемчиликтерин иликтебешибизди насаат кылган. Башкалар-
дын кемчиликтерин издеген кишилердин өз кемчиликтерин Алла таала
ортого чыгарып коѐт. Ошондуктан пайгамбарыбыз да мындай деп
буюрган: “Мусулмандардын кемчиликтерин издебегиле. Кимде-ким му-
сулмандардын кемчиликтерин издесе, Алла таала да анын кемчилигин
ашкерелеп, өз үйүндө да болсо аны уят кылып, маскаралайт.”468
Айтылып жүргөн уламыштарга караганда азирети Өмөр калыйпа
болуп турганда, Мединаны түнкүсүн байкоо үчүн кыдырчу экен. Бир
түнү бир үйдө ырдап отурган бир кишинин үнүн угат. Дубалдан ашып
өтүп, үйдүн ичине кирип барат. Караса, бир киши бир аял менен жа-
нында шарап коюп алып отурган экен. Ал кишиге:
– Оо, Алла тааланын душманы, сен күнөө кылсаң, Алла таала
сенин күнөөңдү жашырат деп ойлодуңбу? – деди. Тиги киши:
– Шашпа, оо, момундардын амири, мен бир күнөө кылган болсом,
сен үч күнөө кылдың. Алла таала: “Кемчиликтерди иликтебегиле,”–
деп буюрат. Сен жашыруун болгонду иликтедиң. Алла таала: “Үйлөр-
гө эшигинен киргиле,”469 – деп буюрат, сен болсо дубалдан ашып кир-
диң. Алла таала: “Өз үйүңөрдөн башка үйгө келгениңерди билдирип,
үйдөгү кишилерге салам бермейинче кирбегиле,”470 – деп буюрат, сен
болсо менин үйүмө уруксатсыз кирдиң, – деди. Муну уккан азирети
Өмөр:
– Кандайча, азыр мен силерге кечирим кылсам, силер да мени ке-
чирип тообо кыласыңарбы? – деди. Андан кийин үйдөн чыгып кетти.471
Көрүнүп тургандай бирөө жөнүндө жаман ойлоо жана дин боор-
дошунун жашыруун кемчиликтери менен айыптарын иликтөөгө дини-
466
Хужурат сүрөсү, 12-аят.
467
Бухарий, Адеп, 58; Муслим, Бирр, 9.
468
Тирмизий, Бирр, 83.
469
Бакара сүрөсү, 189-аят.
470
Нур сүрөсү, 27-аят.
471
Суйути, Ад-Дуррул-Мансур, 6-том, 93-бет.

462
бизде тыюу салынган жана ал күнөө болуп эсептелет. Мындай күнөө
кылган киши бул күнөөдөн арылыш үчүн дароо тообо кылып, жаман
ойлогон кишилерден кечирим сурап ыраазычылыгын алуу керек.
Божомол ойлордун бардыгы эле күнөө боло бербейт. Алсак, ким-
дир бирөө тууралуу жакшы нерселер ойлоо күнөө эмес. Пайгамбарыбыз:

‫ ُم ْسُي ِبض ُمٓ جٌظِهّٰلل ِهّٰللٓ ذِب ِهّٰلل ِب‬ٛ‫ُ٘م‬ٚ ‫ض ِهّٰللٓ ق ُملو ْسُمُ ِبئاِهّٰلل‬ّٛ‫ا ُم‬
‫حا‬
“Силердин араңардан Алла таала жөнүндө жакшы ойлобостон
өлүп кеткен болбосун,”472 – деп буюрган.
Жакшы деп ойлогон кишибиз ойлогонубуздай чыкпаса, биз ал
үчүн жооптуу болбойбуз. Анткени биз так билбеген бир маселеде адам-
дар жөнүндө жакшы гана ойдо болгонбуз. Ал эми, ал жөнүндө жаман
пикирде болсок, анда Алла тааланын буйругуна терс иш кылганыбыз
үчүн күнөөгө баткан болобуз.
Мусулманды каапыр деп айтууга болбойт
Ыйман – ишенилиши керек болгон нерселерди чын жүрөктөн ка-
былдоо. Ал эми ишенимин ачык айтуу – жүрөктөгү ыймандын көрсөт-
күчү. Аллага чын жүрөктөн ишенген жана анысын ачык айткан киши
момун, б.а. мусулман болот. Ишенимдин негиздерин танбаса, ал киши-
ни каапыр деп айтууга болбойт.
Ишенген бир киши ишениминин зарылдыгы катары Алла таала-
нын буйруктарын орундатып, тыюу салган нерселеринен сактанышы
керек. Диний өкүм-жоболорго каршы келбесе да напсисине жеңилип,
же жалкоолуктун айынан буйруктарды орундатпаган жана тыюу салын-
ган нерселерди орундатпаган киши милдетин аткарбагандыгы үчүн кү-
нөөкөр болот, бирок динден чыкпайт. Мындай бир кишини каапыр
дешке болбойт. Ал киши момун эле болуп эсептелет. Алла таала ыйык
Куранда мындай деп буюрган:

ُ‫ رذِهّٰللُمى ْسُمُ ج ْسْ ُمى ِهّٰللفِبل ْسٕى ْسُم‬ٝ‫ق ُۜح ض‬ٛ ‫ ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫جٓ ِبج‬ٛ‫ذُم‬ٛ‫ج ضُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫ذس ًن ٔ ُم ًن‬ٛ‫جا ض ْس‬
ُ‫ص ِبحِهّٰلل ح ِبضى ْسُم‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Чын жүрөктөн тообо кылып,
Аллага кайрылгыла. Балким, Раббиңер силердин жамандыктары-
ңарды жашырат.”473

472
Муслим, Жаннат, 19.
473
Тахрим сүрөсү, 8-аят.

463
Улуу кудуреттүү Жаратканыбыз күнөө кылган пенделерине мо-
мун катары кайрылып, аларды тообо кылууга чакырып жатканда, бир
мусулман башка бир мусулманды күнөө кылганынан улам кантип
каапыр дей алат? Бир мусулман дин боордошун жолдон чыккан жолбун
жана каапыр катары күнөөлөп элге маскара кыла албайт. Мындай кый-
мыл-аракет мусулманга таптакыр жат көрүнүш. Мындай аракеттин аб-
дан коркунучтуу жана кооптуу экендигин Сахихи Бухарийде орун ал-
ган бир хадистен билсек болот. Абу Зер тарабынан айтылган хадисте
пайгамбарыбыз мындай деп буюрат:

ٓ‫ا ْسل ِبِح ِبٗ ذِبح ْسٌ ُمى ْسف ِبل ِبئاِهّٰلل ج ْسرض ِهّٰللل ْسش ٍ ْسح ِبٗ ِبئ ْسْ ٌ ْسُ ى ْسُم‬ٚ ‫ق‬ٛ
‫ا ْسل ِبِ ر ُمؾ ٌدً ر ُمؾ ًن ذِبح ْسٌف ُمُمض ِب‬
‫حقِب ُمرُٗم و ٌِبه‬
“Эч бир киши башка бир кишиге жолдон чыккан жолбун деп сөз
тийгизип, каапыр деп айта албайт. Эгерде анын жолбун деген кишиси
жолбун эмес, каапыр деген кишиси каапыр эмес болсо, бул сыпаттар
сөзсүз түрдө аларды айткан кишиге кайтат.”474
Бул маселе боюнча дагы бир хадисте мындай деп айтылган:

‫ح جق ُمل ُماح‬ٙ‫جٌل ُمؾ ُمً ج ح ُمٖ م ْسل ذحء ذِب‬


‫ِبج ج جوْسفل ِهّٰلل‬
“Бир киши дин боордошуна каапыр деп айтса, бул сөз экөөнүн
бирөөнө кайтат.”475
Башкача айтканда, бир мусулман дин боордошун жолдон чыгып,
каапыр болдуң деп күнөөлөсө жана күнөөлөгөн кишиси чындап эле
ошондой болсо да, аны антип күнөөлөп көргөзүү жайыз эмес. Эгерде
жолдон чыккан деген кишиси жолдон чыкпаган болсо, анда өзү жолдон
чыгат. Каапыр деген кишиси каапыр болбосо, анда бул сөз кайтып, аны
айткан кишинин каапыр болушуна себеп болот. Анткени ал бул сөзү
менен бир момундун каапыр экендигине өкүм чыгарган болот. Өкүм
чыгарган кишиси чындап эле каапыр болбосо, анда өзүнө өкүм чыгар-
ган болот.476 Ал эми минтип күнөөлөө бир мусулмандын өзү үчүн жаса-
ган абдан чоң жамандыгы болуп эсептелет. Бул тема боюнча башка бир
хадисте да мындай деп айтылган:

‫ ِهّٰلل ِب‬ٚ‫ لحي ُمل ِهّٰلل‬ٚ‫ِ ْسٓ ح ر ُمؾ ًن ذِبح ْسٌ ُمى ْسف ِبل ج ْس‬
ٗ‫ٌ ْسحش و ٌِبه ِبجاِهّٰلل قحر ٍ ْسح ِب‬ٚ ‫جا‬

474
Бухарий, Адеп, 44-аят.
475
Бухарий, Адеп, 73; Муслим, Иман, 26.
476
Умдадул-Каари, 22-том, 157-бет.

464
“Кимде-ким бир кишиге “Оо, каапыр!”, же “Алланын душма-
ны!” десе, бирок ал киши айтканындай болбосо, ал сөздөр аны айткан-
га кайтат.”477
Демек, мусулмандын милдети – башка кишилердин кемчиликте-
рин жайып, аларды капа кылуу эмес, аларга кеңеш берүү жана көңүлүн
оорутпагыдай жылуу сөздөр аркылуу эскертүү.
Бир мусулманды каапыр деп айтуу – абдан коркунучтуу. Анткени
ал башка бирөөнүн каапыр болушуна ыраазы болуу дегенди билдирет
жана бул бир мусулман үчүн ойго келбей турган нерсе. Анын үстүнө
бир мусулмандын каапыр экендигине өкүм чыгаруу абдан кыйын. Бир
мусулмандын каапыр экендигин көрсөткөн көптөгөн ышаараттар болсо
жана каапыр эмес экендигин көрсөткөн бир ышаарат да болсо, ал
кишинин каапыр эмес экендигине бүтүм чыгарылат.478 Ал тургай бир
кишиде болгон жүз сыпаттын токсон тогузу каапыр экендигин, бири
болсо каапыр эмес экендигин көрсөтсө, анда деле ал кишинин мусул-
ман экендигине өкүм чыгарылат.479
Бир кишинин кылган ибадаттары менен мактанып, башкалардын
жанында бой көтөрүшү да туура эмес. Ошондуктан ыйык Куранда:

ُ۟ٝ‫ ج ْس ٍ ُمُ ذِبّ ِبٓ جض ِهّٰللم‬ٛ‫ج ج ْسٔفُمضى ْس ُُۜمُ ُ٘م‬ٛٓ ‫ضُمز ِهّٰللوُم‬
“Өзүңөрдү актабай эле койгула, анткени Ал (Алла таала) жа-
мандыктан сактангандарды абдан жакшы билет,”480 – деп буюрул-
ган. Пайгамбарыбыз да мындай деп айткан:

ْ‫ ٰل ج ْس‬ٝ‫ طحٌ ِهّٰلل‬ٜ ‫ ؾ ِهّٰللً ِ ْسٓ ج جٌ ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫جا ِهّٰللز‬


‫جا ِبٌ ُمف ٍْ محي ِهّٰلل ُم‬ ‫ ِهّٰلل ِب‬ٚ ً‫لحي ر ُمؾ ٌد‬
‫جا ا ْسغف ُمِبل ِهّٰلل ُم‬
‫ ج ْسقر ْس ُمص ٍّه‬ٚ ‫ ل ْسل ف ْسل ُمش ٌُٗم‬ٝ‫ا ج ْس فِبل ِبٌ ُمف ٍْ ِبجِٔهّٰللِب‬
“Бир киши: “Кудай урсун, Алла таала баланча кишини кечир-
бейт,” – дейт. Бул сөздөн улам азиз жана улуу Алла таала: “Баланча
кишини кечирбей турганымды ким далилдей алат. Албетте мен ал
адамды кечирип, сенин кылган амалдарыңдын сообун болсо жоюп
салам,” – деп буюрат.”481

477
Риязус-Салихин, 3-том, 259-бет.
478
Дурар, 1-том, 324-бет.
479
Алиййул-Каари, Шерхул-Фыкхыл-Акбар, 296-бет.
480
Нажм сүрөсү, 32-аят.
481
Муслим, Бирр, 137.

465
Башкаларды жамандоо, алардын кемчиликтери менен каталарын
ашкерелеп, өзүн актоо туура эмес. Ошондой эле Алла тааланын кимди
кечирип кимди кечирбей турганы тууралуу өкүм чыгарууга да эч ким-
дин акысы жок. Мусулман киши башкалардын кемчиликтери менен
алек болбой, өзүнүн кемчиликтерин оңдоого аракет кылышы абзел.
17) Мазактоо
Динибиз бардык мусулмандарды боордош кылып, ал эми боор-
доштукка жатпаган жана алардын мамилесин буза турган ар кандай
сөздөр менен кыймыл-аракеттерге тыюу салган.
Ошону менен бирге эле динибиз бир кишини мазактоонун, анын
көңүлүн оорута турган кандайдыр бир катуу сөз айтуунун жана ага
жакпаган такма ат коюнун чоң күнөө экендигин билдирип, булардан
оолак болууга үндөгөн. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

‫ا ِٔبضح ٓ ٌدء‬ٚ ُ‫ ْس‬ٙ‫ج ْس ًنج ِبِ ْسٕ ُم‬ٛ‫ُٔم‬ٛ‫ ج ْسْ ىُم‬ٝٓ ‫ ٍَ ض‬ٛ‫ ٌدَ ِبِ ْسٓ ل ْس‬ٛ‫ْسل ل ْس‬ ‫ج ا ْسض‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ُۜ ‫ج ذِب ْسحا ْسٌم ِب‬ٚ‫ا ضٕحذ ُمز‬ٚ ُ‫ج ج ْسٔفُمضى ْسُم‬ٚٓ ‫ا ض ْسٍ ِبّ ُمز‬ٚ ٓ‫ ِهّٰلل‬ٙ‫ْس ًنج ِبِ ْسٕ ُم‬
‫حخ‬ ٓ‫ ج ْسْ ى ِهّٰللُم‬ٝٓ ‫ِبِ ْسٓ ِٔبضح ٓ ٍء ض‬
‫۝‬ ّْٛ‫۬وٌ ٓ ِبثه ٘ ُمُمُ جٌظِهّٰللحٌ ُمِب‬ٚ‫ِ ْسٓ ٌ ْسُ طُم ْسد حُم‬ٚ ‫ق ذ ْسعل ْسجا ّحِْب‬ٛ
‫ذِبثْسش ِبجا ْسص ُمُ ج ْسٌف ُمُمض ُم‬
“Оо, момундар! Бир эл башка бир элди мазактабасын. Балким
алар тигилерден дагы жакшыраак. Аялдар да аялдарды келеке кыл-
басын. Балким алар өздөрүнөн дагы жакшыраак. Өзүңөрдү өзүңөр
кемсинтпегиле, бири-бириңерди жаман такма ат менен чакырба-
гыла. Ыймандуу бирөөнүн бузуку деген атка конушу кандай жаман.
Кимде-ким тообо кылбаса, мындай кишилер – зулумдар.”482
Пайгамбарыбыз да: “Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла.
Соода-сатыкта бири-бириңерди алдабагыла. Бири-бириңерге таары-
нып жүрө бербегиле жана бири-бириңерден жүзүңөрдү үйүрбөгүлө.
Бири-бириңердин бүтөйүн деп калган соодаңарды бузбагыла. Алла
тааланын пенделери, бир тууган болгула.
Мусулман – мусулмандын бир тууганы. Ага зулум көрсөтпөйт,
аны көмөксүз калтырбайт, аны кемсинтпейт,” – деп буюруп, андан
кийин үч жолу көкүрөгүн көрсөтүп: “Такыбаалык – мынабу жерде.
Бир кишинин жаман болушу үчүн мусулман боордошун кемсинтиши
жетиштүү. Мусулмандын мусулманга каны, мал-мүлкү, ар-намысы –

482
Хужурат сүрөсү, 11-аят.

466
арам,”483 – деп буюрган жана мусулманды мазактап, кемсинтүүнүн
канчалык жаман жорук экендигин билдирген.
Бир адамды мазактоо аны өзүнөн төмөн көрүү дегенди билдирет.
Чындыгында, адам – урмат-сыйга татыктуу улуу бир зат. Алла таала ка-
дырлаган адамды кемсинтүү – жаңылыштык жана ката. Ошондой эле
Алла таала, мазакталган кишинин Алла тааланын алдында мазактаган
кишиден кадырлуураак болушу мүмкүн экендигин билдирип, мада-
нияттуулукка жана адамкерчиликке жатпаган бул жүрүш-туруштан
арылууну буюрган.
Алла таала колу менен, же тили менен бирөөгө тийишкенди, же
бирөөнү таарынтканды адат кылып алган ушакчылар менен байланыш-
туу мындай деп буюрган:
‫ ِهّٰللل ُمْٖۙ ۝ ْسُيض ُمد ج ِهّٰللْ ِحٌ ُمٗ ٓ ج ْس ٍل ُمٖ ۝ و ِهّٰلل‬ٚ ‫ ْس ٌدً ِبٌى ِهّٰللِبُمً ُماز ٍز ٌُمّز ٍ ْۙز ۝ جٌ ِهّٰلل ي َج ِ ًنحا‬ٚ

‫لل ُمْۙز ۝ جٌ ِهّٰللِت ض ِهّٰلل ِبٍ ُم‬ّٛ‫جا ج ْسٌ ُم‬ ‫ِح ٓ ج ْسر ه ِح ج ْسٌ ُمك ّسُمُۜ ۝ ٔ ُمحر ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ٌ ُمح ْسٕر ِهّٰللْ ِب ج ْسٌ ُمك ّ ِب َۘس ۝‬
‫ل ٍز ۝‬ ‫ّ ٍل ُمم ِهّٰلل‬ ‫إ لزٌدْۙ ۝‬‫ ْسُ ُمِ ْس‬ٙ‫ح ٍ ْسح ِب‬ٙ‫ٰل ْسجا ْس ِبل ِب ُۜز ۝ ِبجٔ ِهّٰلل‬
“Аркадан жамандагандын, бетке чаап айтып шылдыңдаган-
дын, башкаларды кемсинткендин жана дүнүйө-мүлк жыйнап, аны
саноо менен күн өткөргөндөрүн жазасы тозок болсун. Ал мал-мүлкү
өзүн түбөлүктүү кылып койгон деп ойлоп жатабы? Жок, ант урсун,
ал Хутамага (тозоктун бешинчи кабатына) ыргытылат. Хутама-
нын эмне экени сага айтылдыбы? (Ал) Алланын жалындаган, күйгөн
сайын жүрөктүн тээ үстүнө чыккан (тозок) оту. Алар бул оттун
ичинде түркүктөргө байланган жана ошол абалда каалгалар сыр-
тынан жабылган.”484
Демек, кимдир бирөөнү шылдыңдап мазактоо аны капа кылып,
көңүлүн оорутат. Ал эми башка бирөөнү жөн жерден таарынткан киши
күнөө кылган болот. Анткени динибиз адамга эле эмес, башка жан-
дууларга да кордук көрсөтүүнү арам кылып, ага тыюу салган.
18) Уурулук жана адилетсиздик
Динибиз боюнча адамдын өмүрү, абийири жана ар-намысы сыяк-
туу эле мал-мүлкү да – кымбат жана кол тийгис. Бир адамдын жанын
кыюу, абийири менен ар-намысына шек келтирүү канчалык чоң күнөө
болсо, анын мал-мүлкүн акысыз түрдө колунан алуу да ошондой эле
чоң күнөө жана арам.

483
Муслим, Бирр, 10.
484
Хумаза сүрөсү.

467
Жок жерден пайда табуу дегенде адеп акылга келген нерсе ууру-
лук жана андан табылган пайда. Алдамчылык, көз боѐмочулук, чөн-
төкчүлүк, жалган күбөчүлүк, паракордук жана ушуга окшогон кан-
дайдыр бир мыйзамсыз жол менен башка бирөөнүн мал-мүлкүн колу-
нан алуу да уурулуктун түрүнө кирет жана күнөө болуп саналат. Алла
таала ыйык Куранда мындай деп буюрган:

ٓ‫ْ ِبَتحرزًن ْس‬ٛ‫جٌى ْسُمُ ذ ْسحٕى ْسُمُ ذِبح ْسٌرحط ِبِبً ِبج ِهّٰللا ٓ ج ْسْ ضىُم‬ِٛ‫جٓ ج ْس‬ٍٛ‫ج ا ضحْس ُمو ُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬

‫ج ج ْسٔفُمضى ْس ُُۜمُ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا وحْ ذِبى ْسُمُ رق ًن‬ٛٓ ٍ‫ا ض ْسمطُم ُم‬ٚ ُ‫جا ِبِ ْسٕى ْسُم‬
‫حّح‬ ٍ ‫ضل‬
“Оо, момундар! Ортоңордо эки тараптын тең ыраазычылы-
гына таянган сооданын болушу – өзгөчө, ырым-жырымдар (акысыз
түрдө жана арам жолдор) менен араңарда жебегиле жана өзүңөрдү
өлтүрбөгүлө. Албетте, Алла силерге кайрым кылат.”485
Пайгамбарыбыз да мындай деп буюрган:

‫ ْس ِ ْسمعل ُمٖ ِبِٓ جٌِٕهّٰللح ِبر‬ٛ‫ ْسٌحطر ِهّٰلل‬ٚ ‫ ِح ٌ ْسحش ٌ ُمٗ ٍ ْسحش ِبِِٕهّٰللح‬ٝ ‫ِ ِبٓ ج ِهّٰلل‬
“Кимде-ким негизсиз эле талашып, өзүнүкү болбогон бир нерсени
өзүнө ыйгарып алууга аракет кылса, ал бизден эмес. Ал тозоктогу жа-
йына даярдансын.”486
Момун киши эч кимдин мал-мүлкүнө акысыз түрдө кол сунбайт.
Талаада, бакта жана бакчада өз чегинен өтүп, кошуналарынын мүлкүнө
кол салбайт.
Кишилердин жеке менчигине таандык болгон мал-мүлк жана
жерлеринен акысыз түрдө бир нерсени алуу канчалык күнөө болсо,
жалпы коомго таандык мал-мүлк жана жерлерден бир нерсени уурдоо
да ошондой эле деңгээлде күнөө болуп саналат. Анткени мында бардык
элдин, ал гана эмес али жетиле элек жетимдин да акысы бар.
Уурулук жол менен өз менчигине мал, акча жана жер өткөрүп ал-
гандардын кыямат күнү жазаландырыла турганы пайгамбарыбыз тара-
бынан билдирилген жана мындай деп буюрулган:

‫ ص ْسر ِب ر ِبض‬ٌٝ‫َ ج ْسٌمِبححِ ِبس ِبئ‬ٛ‫ِبِٓ جا ْسر ِبا ع ْسحثًنح ذِبغ ْس ِب ق ِبِهّٰللم ِبٗ ُم ِبضف ذِب ِبٗ ْس‬ ٓ‫ِ ْس‬

485
Ниса сүрөсү, 19-аят.
486
Ибн Мажа, Ахкам, 6.

468
“Кимде-ким акысыз түрдө башкага таандык жерден бир нерсе
алса, кыямат күнү уруксатсыз алган жеринен жети кабат жерге кир-
гизилет.”487

‫ل ُمٗ ِبِ ْسٓ ص ْسر ِب ر ِبض‬ٛ‫ِ ْسٓ ٍُ لِبحل ِبع ْس ٍ ِبِٓ جا ْسر ِبا طُم ِب ِهّٰلل‬
“Бир киши акысыз түрдө башка бирөөнүн жерин ээлеп алса, ал
жердин жети кабаты да ал кишинин мойнуна өткөзүлөт.”488
Чындыгында, мусулман – мусулмандын боордошу, ага зулумдук
көрсөтпөйт, адилетсиздик кылбайт. Бир күнү Алла тааланын алдында
кылгандарынын эсебин бере турганын, кылган күнөөлөрүнүн жазасын
тарта турганын билет. Ушул себептен пайгамбарыбыз момундардын
Алла тааланын алдына арам пайда жана кул акысы менен барбашын на-
саат кылып, мындай деп буюрган:

‫َ ل ْسرً ْسْ ا‬ٛ‫ْسٍحطك ِهّٰللٍ ْسٍُٗم ِبِ ْسُٕٗم ج ْسٌح ْس‬ ‫ ٍء‬ٝ‫ ع ْس‬ٚ‫ِ ْسٓ وحٔ ْسص ٌُٗم ِ ْسظٍّسٌد ِباق ٍل ِبِ ْسٓ ِب ْسل ِبض ِبٗ ْس‬
ُ‫ ِبئ ْسْ ٌ ْس‬ٚ ٗ‫ِب ِبِ ْسٕ ُمٗ ذِبم ْسل ِبر ِ ْسظٍّ ِبط ِب‬ ‫ا ِب ْسرُ٘ ِبئ ْسْ وحْ ٌ ُمٗ ّ ٌدً حٌِبف ُم‬ٚ ‫ْ ِب ٕحر‬ٛ‫ىُم‬
‫ٌد‬ ‫ٌد‬ ‫ٌد‬
‫حش ُم ِب ِبِ ْسٓ ص ِبحِهّٰللث ِب‬
ٗ‫حش حقِب ِبر ِبٗ ُمك ِبًّ ٍ ْسح ِب‬ ‫ضى ْسُمٓ ٌُٗم قضٕ ٌد‬
“Кимде-ким дин боордошунун абийирине, же болбосо мал-мүл-
күнө акысыз түрдө кол тийгизген болсо, алтын, күмүш табылбаган
(кыямат) күнүнөн мурун аны менен адалдашсын. Болбосо, кылган ади-
летсиздигинин өлчөмүндө анын жакшылыктарынан алынып, акы ээси-
не берилет. Жакшылыгы жок болсо, акы ээсинин күнөөлөрүнөн алы-
нып, адилетсиздик кылганга жүктөлөт.”489
Анткени, кыямат күнү бардык кишилердин акысы толугу менен
берилет, эч кимге адилетсиздик көрсөтүлбөйт.
Тообо
Тообо сөздүктө “сөзүн кайра алуу, сөзүнөн кайтуу” дегенди тү-
шүндүрөт. Ал эми диний термин катары кылган кандайдыр бир күнөө-
сүнө өкүнүп, экинчи аны кылбай турганына байланыштуу Алла таалага
убада берүү жана Андан кечирим суроо.
Тообо – Алла тааланын бизге, б.а. пенделерине ыроологон бир
жакшылыгы. Кылган күнөөлөрүбүздөн арылуунун жолу. Пайгамбар-

487
Бухарий, Мазалим, 13; Муслим, Мусакат, 30.
488
Бухарий, Мазалим, 13; Муслим, Мусакат, 30.
489
Бухарий, Мазалим, 10.

469
лардан башка эч кимдин телегейи тегиз эмес, андыктан күнөө кылышы
мүмкүн. Ошондуктан пайгамбарыбыз:

ْٛ‫جذُم‬ٛ‫ِهّٰللحتِب جٌطِهّٰلل ِهّٰلل‬ ٌ‫ ْس ُم ج ْس‬ٚ ‫ِهّٰللح ٌدء‬ َ ‫و ِهّٰللُمُمً ذ ِب آ‬


“Адам баласынын бардыгы күнөө кылат. Ал эми күнөө кылган-
дардын эң кайырдуусу – тообо кылгандар,”490 – деп буюруп, катасыз
адам болбой тургандыгын билдирген.
Бир киши катасынын көптүгүнөн улам үмүтсүздүккө кабылбай,
кылган каталарынан улам өкүнүп, Алла таалага баш коѐ турган болсо,
кудуреттүү Жараткандын тообосун кабыл кылып, аны кечире турганын
билиши керек. Чындыгында, ыйык Куранда да мындай деп буюрулган:

ٍْْۙٛ‫ ْسعٍ ُمُ ِح ض ْسفع ُم‬ٚ ‫حش‬ ‫ج ِبٓ ِهّٰلل‬ٛ‫ ْسعفُم‬ٚ ٖ ‫ذس ْسٓ ِب رح ِب‬ٛ‫ جٌ ِهّٰلل ي ْسمر ُمً جٌطِهّٰلل ْس‬ٛ‫ُ٘م‬ٚ
‫جٌض ِبحِهّٰلل ِب‬
“Алла пенделеринин тообосун кабыл кылат, жамандыктарды
кечирет жана кылгандарыңарды билет.”491
Тообо – Алла тааланын буйругу. Кылган күнөөлөрүбүз үчүн тоо-
бо кылышыбызды Алла таала буюрган. Ыйык Куранда мындай деп
буюрулган:

ْٛ‫ْ ٌع ِهّٰللٍى ْسُمُ ضُم ْسفٍ ُمِبك‬ٛ‫حعح ج ِهّٰللُمٗ ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبُِٕم‬ ‫ ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫جٓ ِبج‬ٛ‫ذُم‬ٛ‫ضُم‬ٚ
‫جا َج ًن‬
“Оо, момундар! Ыракатка жетиш үчүн бардыгыңар Аллага
тообо кылгыла.”492

‫ ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫جٓ ِبج‬ٛ‫ذُم‬ٛ‫ج ضُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬


‫ذس ًن ٔ ُم ًن‬ٛ‫جا ض ْس‬
ُۜ‫قح‬ٛ
“Оо, ыйман келтиргендер! Мындан кийин (күнөөгө) кайтпай
турган тообо менен тообо кылгыла.”493
Пайгамбарыбыз да:

‫ ِبَ ِبئٌ ْسح ِبٗ ِبِحتس ِ ِهّٰللل ٍز‬ٛ‫خ ِب ج ْسٌح ْس‬ٛ ‫ ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫ج ِبئ‬ٛ‫ذُم‬ٛ‫حس ضُم‬
‫جا ِبا ِبٔ ِهّٰلل ضُم ُم‬ ‫ح جٌِٕهّٰلل ُم‬ٙ‫ح ِهّٰللُم‬
“Оо, адамдар! Аллага тообо кылгыла жана Андан кечирим ти-
легиле, мен күнүгө жүз жолу тообо кыламын,”494 – деп буюрган.

490
Ибн Мажа, Зухд, 30.
491
Шура сүрөсү, 25-аят.
492
Нур сүрөсү, 8-аят.
493
Тахрим сүрөсү, 8-аят.
494
Муслим, Зикр, 12.

470
Момундун өмүрүнүн акыркы деминдеги тообосунун да кабыл
боло турганы айтылса да, тообону мынчалык кечиктирүү эч туура эмес.
Ката кылган соң дароо аркасынын тообо кылып, Алла тааланын чексиз
ырайымы жана кечиримдүүлүгүнө сыйынуу керек. Ошондуктан ыйык
Куранда да мындай деп буюрулган:

‫۬وٌ ٓ ِبثه‬ٚ‫ْ ِبِ ْسٓ لل ٍد حُم‬ٛ‫ذُم‬ٛ‫حٌ ٍس غ ُم ِهّٰللُ طُم‬ٙ‫ء ِبِب‬ٛٓ ‫جٌض‬


‫ْ ِهّٰللُم‬ٍٛ‫جا ِبٌ ِهّٰللٍ ٓ ْسعّ ُم‬
‫ٰل ِهّٰلل ِب‬ ‫ذسُم‬ٛ‫ِبجٔ ِهّٰللّح جٌطِهّٰلل ْس‬
ٍْٛ‫ذسُم ِبٌ ِهّٰللٍ ٓ ْسعّ ُم‬ٛ‫ٌ ْسحض ِبص جٌطِهّٰلل ْس‬ٚ ‫حّح ۝‬ ‫حّح قى ًن‬ ‫جا ٍ ًن‬ ‫وحْ ِهّٰلل ُم‬ٚ ُُۜ ‫ ْس‬ٙ‫ٍ ْسح ِب‬ ‫جا‬
‫خ ِهّٰلل ُم‬ٛ
‫ُمط ُم‬
ْٛ‫ضُم‬ّٛ‫ا جٌ ِهّٰلل ٓ ُم‬ٚ ٓ ٌ‫ ُمش لحي ِبجٔ ِهّٰلل ضُم ْسر ُمص ج ْس‬ٛ‫۪ت ِبج ج قضل جقل٘ ُمُمُ ج ْسٌّ ْس‬ ‫جٌض ِبحِهّٰلل ِب‬
ٓ ‫حش ق ِهّٰلل‬ ‫ِهّٰلل‬
ٓ
‫ ْسُ جذًنح جٌ ًن‬ٙ‫۬وٌ ِبثه ج ْس طلْسٔح ٌ ُم‬ٚ‫٘ ْسُمُ ُمو ِهّٰللف ُۜحرٌد جُم‬ٚ
‫حّح ۝‬

“Алла кабыл кыла турган тообо – билбей туруп жамандык


кылып, андан кийин тез аранын ичинде тообо кылгандардын гана
тообосу. Мына, Алла ушулардын тообосун кабыл кылат. Алла
бардык нерсени билет, билим ээси. Күнөө иштер кылып жүрүп,
качан араларынан бирөөсүнө өлүм келгенде “эми тообо кылдым”
дей тургандардын жана каапыр бойдон өлүп кете тургандар үчүн
(кабыл боло турган) тообо жок. Алар үчүн абдан катуу азап даяр-
далган.”495
Жогорудагы аяттардан түшүнүктүү болуп тургандай, жаны оо-
зуна келип, бирок али жашоодон үмүтүн үзө электе тообо кылып, ый-
ман келтирүүгө болот. Ал эми жаны чыгардан мурун жашоодон үмүтүн
үзгөн кишинин тообо кылып, ыйман келтириши кабыл болбойт. Ыйман
келтиргенден кийин жакшы иш кыла турганчалык бир мөөнөт болушу
керек. Бирок күнөөкөр мусулмандын өмүрүнүн акыркы деминдеги
тообосу да кабыл болушу мүмкүн. Анткени Алла тааланын ырайымы-
нан үмүт үзүлбөйт.
Кҥнөөлөр өз ичинен дагы экиге бөлҥнөт:
Биринчиси – ичкилик сыяктуу Алла таалага гана карата болуп,
кул акысы менен байланышы болбогон күнөөлөр. Мындай күнөөлөргө
тообо кылуунун үч шарты бар:

1) Күнөөдөн таптакыр алыстоо.


2) Кылган ишине өкүнүү.

495
Ниса сүрөсү, 17-18-аяттар.

471
3) Мындан кийин экинчи жолу кылбоо үчүн чечим чыгаруу.
Ал эми экинчиси – пара алуу, жалаа жабуу сыяктуу адамдын акы-
сы менен байланыштуу болгон күнөөлөр.
Мындай күнөөлөр үчүн тообо кылуунун жогорудагы шарттары
менен бирге башка бир шарты дагы бар. Ал – акы ээсине акысын кайта-
рып берүү, же болбосо аны менен адалдашуу.
Мына ушундайча шарттарына баш ийип, күнөөлөрүнө тообо кыл-
ган кишинин тообосу кабыл болот жана Алла таала ал кишини кечи-
рип, тообо кылганы үчүн да ага ыраазы болот. Пайгамбарыбыз мындай
деп буюрган:

‫ٍز‬ ‫ل ْسل ض ِهّٰللٍُٗم ِب ْسر ِبا‬ٚ ٖ‫ذ ِبس ْسر ِبل ِبٖ ِبِ ْسٓ ق ِبلو ْسُمُ صمط ٰل ذ ِبع ِب ِب‬ٛ‫ا ْسل ُمـ ذِبط ْس‬
‫ج ِهّٰلل ُم‬
“Кулу тообо кылганы үчүн Алла тааланын кубанычы силердин
бирөөңөрдүн ээн талаа, эрме чөлдө төөсүн жоготуп жиберип, кайра
тапкандагы кубанычынан көбүрөөк.”496
Алла таала тообо кылган кишинин күнөөлөрүн кечирип, ал гана
эмес жамандыктарын да жакшылыкка айлантат.

496
Бухарий, Даават, 4; Муслим, Тавба, 1.

472
БЕШИНЧИ БӨЛҤМ
АХЛАК
АХЛАК
Ахлак – адамдын ички дүйнөсүнө сиңип калган кулк-мүнөз жана
көнүмүш адаттар. Бул адаттар менен мүнөздөр өз эркибиз менен жаса-
ган кыймыл-аракет жана жүрүш-туруштарыбызды пайда кылат.
Тулку-боюбуздун кыймыл-аракети ички дүйнөбүзгө байланыш-
туу. Рухубузга жакшы мүнөз жана адаттар сиңсе, дене-мүчөлөрүбүздүн
кыймыл-аракети да жакшы болот. Бул “жакшы ахлак” деп айтылат.
Эгерде рухубузга жаман мүнөз жана жаман адаттар сиңген болсо, анда
дене-мүчөлөрүбүздүн кыймыл-аракеттери менен жүрүш-туруштары да
жаман болот. Бул болсо “жаман ахлак” деп айтылат.
Ушул себептен сүйлөгөн сөзүбүз жана жүрүш-туруштарыбыздын
жакшы, ахлагыбыздын бийик болушу үчүн жан-дүйнөбүздү жаман
адаттардан арылтып, жакшы адаттарды сиңдиришибиз керек.
Ахлактын мааниси
Динибизде ахлактын абдан чоң мааниси жана олуттуу орду бар.
Исламдын максаты – адамдарды бийик ахлакка ээ кылып, аларды ар та-
раптан өнүктүрүү. Диндин буйруктары менен тыюу салган нерселерине
көз жүгүртсөк муну ачык-айкын түрдө көрө алабыз. Пайгамбарыбыз:

‫ْسص ِباُمض ِبِهّٰللُّ ِىح ِبرَ ْسجا ْس ِبق‬


‫ذ ُم ِبعػ ُم‬
“Мен бийик ахлакты толукташ үчүн жиберилдим,”497 – деп
буюруп, акыркы жана эң кереметтүү дин болгон Исламдын максаты
менен башкы мүдөөсүн билдирген. Исламда бийик ахлактын ордун да
төмөнкү сөздөр менен белгилеген:

‫ج ْس ِبا ْسص ُمَ ُمق ْسض ُمٓ ج ْسٌ ُم ْسٍ ِبك‬


“Ислам – бийик ахлак.”498
Исламдын өзү бийик ахлак болгонуна караганда ага ишенген му-
сулман да бийик ахлакка ээ болушу керек. Чындыгында, мусулмандын
кадыр-баркы ахлагынын мыктылыгы менен өлчөнөт. Бийик ахлак –
ыймандын жемиши. Мыкты жана бийик ахлакка ээ болбогон киши мө-
мөсүз даракка окшош болот. Бир мусулман Алла таала менен пайгамба-
рынын сүйүүсүнө жакшы жүрүм-турумдары жана бийик ахлагы аркы-
луу ээ болот.

497
Муватта, Хуснул-Хулк, 1.
498
Канзулуммал, 3/17, Хадис №5225.

474
Пайгамбарыбыздан минтип сурашат:
– Алла тааланын алдында эң сүйүктүү кулдар кимдер?
– Ахлагы эң бийик болгондор,499 – деп буюрат.
Ошондой эле бир ыйык хадисинде да:

‫َ ج ْسٌمِبححِ ِبس ق ِبحصٕى ْسُمُ ْس ل ًنح‬ٛ‫ُمٍ ًنِبضح ْس‬


‫ ْسللذِبى ْسُمُ ِبِ ِب ِهّٰلل ْس‬ٚ ٝ‫ِبئ ِهّٰللْ ِبِ ْسٓ ق ِبِهّٰللرى ْسُمُ ِبئٌ ِهّٰلل‬
“Силердин ичиңерден ахлагы эң бийик болгон киши мен үчүн эң
сүймөнчүктүү жана кыямат күнүндө мага эң жакын киши болот,”500
– деп буюрган.
Көрүнүп тургандай, ырайымы чексиз кудуреттүү Алла тааланын
ыраазычылыгына жетүү бул дүйнөгө кайыр үчүн жиберилген пайгамба-
рыбыздын сүйүүсүнө арзып, ага жакын болуп, бийик ахлактын ээси бо-
луу аркылуу гана мүмкүн.
Адамдын ахлактуу болушу – көкүрөгүндөгү чыныгы ыймандын
көрсөткүчү. Башкача айтканда, бекем жана чыныгы ыйманга ээ болгон
кишинин ахлагы да жакшы болот, мындай кишилер жаман кылык-жо-
руктарды көрсөтүшпөйт. Пайгамбарыбыздын төмөнкү хадиси муну ай-
гинелеп турат. Анда мындайча буюрган:

...‫ ْسُ ُم ُمٍمًنح‬ٙ‫ِبئ ِهّٰللْ ِبِ ْسٓ وْسّ ِبً ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِ ِبٕ ِبئ ّحًٔنح ْسقضُٕم ُم‬
“Момундардын ичинен ыйманы боюнча эң тазасы – ахлагы эң
бийик болгону.”501
Бийик ахлак мусулманды Алла тааланын сүйгөн кулдарынын
даражасына чыгарып, пайгамбарыбызга жакындатуу менен натыйжада
анын бейишке киришине жана түбөлүк бак-таалайга жетишине түрткү
болот.
Ахлактын булагы
Ислам ахлагынын булагы – ыйык Куранда орун алган ахлак жо-
болору менен буларды турмушта ишке ашырган пайгамбарыбыздын
жарык чачкан жашоосу жана үлгүлүү жүрүш-турушу.
Пайгамбарыбыз Алла тааланын таалим-тарбиясын алуу менен
бир пайгамбарда болуучу сапаттарга ээ болуп, бүткүл жакшылык жана
сулуулуктарды өзүндө топтогон. Ал ошол бийик ахлагын Курандан ал-
ган. Кадырлуу жубайы азирети Айша пайгамбарыбыздын ахлагынын

499
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 3-том, 408-бет (Хадисти Таберани айтып берген).
500
Тирмизий, Бирр, 71.
501
Тирмизий, Иман, 6; Абу Давут, Суннат, 14.

475
кандай экенин сураган кишиге мындай деп жооп берген: “Сен Куранды
такыр окубайсыңбы? Анын ахлагы Куран болчу.”502
Ахлактын санкциясы
Исламда ахлак эрежелеринин санкциясы бир гана коомчулуктун
айыптоосу же айрым жазалоочу чаралар эмес, адамдардын жүрөгүндө
орун алган Алла таала коркуусу жана жоопкерчилик сезими болуп
эсептелет. Андыктан, мусулман өзүн эч ким көрбөгөн ээн жайда бир
гана ыйманы менен калган учурларда да кылган кыймыл-аракетине,
жүрүш-турушуна көңүл буруп, ахлак эрежелерине баш иет.
Чыныгы ишенимге ээ болгон киши өзүнүн жасаган ар бир араке-
тин Алла тааланын көрүп турарын билет. Бул дүйнөдө кылган ар бир
иши жана жүрүш-турушунун эсеби кыямат күнүндө өзүнөн сурала тур-
ганына, жүрүш-турушу жакшы болгондордун акырында анын акыбетин
көрөрүнө, жамандык кылгандардын да ага жараша жазаланарына толу-
гу менен ишенет жана ошого жараша иш кылат. Кудуреттүү Алла таала
мындай деп буюрган:

‫۝‬ ٖ‫ِ ْسٓ ْسعّ ْسً ِبِػْسمحي ِهّٰللر ٍز ع ِهّٰلللًنج ل ُم‬ٚ ‫ّ ْسٓ ْسعّ ْسً ِبِػْسمحي ِهّٰللر ٍز ْس ًنج ل ُمُٖۜ ۝‬
“Кимде-ким кыпындай эле жакшылык кылса, аны(н үзүрүн)
көрөт. Кимде-ким кыпындай эле жамандык кылган болсо, аны(н
жазасын) көрөт.”503
Бул ишенимди алып жүргөн мусулман бардык кылган аракетте-
рине көңүл буруп, эч кимге жамандык кылбайт. Колунан келишинче
жакшылык кылууга тырышат. Ал эми андай ишенимден куру калган
жана башка кишилер тарабынан айыпталбайм деген ойдо болгон киши
болсо, мүмкүнчүлүгүнө жараша ар кандай жамандыктарды жасашы
мүмкүн. Анткени жүрөгүнүн түпкүрүндө Алла таала коркуусу жок,
жоопкерчилик сезими тайкы бул кишинин кыймыл-аракеттерин дайы-
ма көзөмөлдөө, же болбосо ар бир адамды көзөмөлдөп жүрө турган ата-
йын кызматкерлерди милдеттендирүү да мүмкүн эмес. Бирок ар бир
адамдын жүрөгүнө өзүн өзү көзөмөлдөй турган кандайдыр бир руханий
күч-ишеним жайгаштырууга мүмкүн. Ушул себептен “Билимдин баша-
ты – Алла коркуусу” деп айтылган.
Улуу түрк акыны Мехмет Акиф Эрсой бул маселени төмөнкү ыр
саптары аркылуу эң сонун айтып берген:

502
Муслим, Салат, 139.
503
Зилзал сүрөсү, 7-8-аяттар.

476
Абийир да эмес, акыл да эмес, ахлакты туу туткан,
Болот бардык асыл сезим Акка болгон коркуудан.
Кетсе эгер көкүрөктөн Алла таала коркуусу,
Акылдын да, абийирдин да калбайт таасир-окуусу.
(Сафахат, 251-бет).
Мына ошол руханий коргоочу – адамдан эч качан бөлүнбөгөн, ар
дайым жана ар жерде аны менен бирге болуп ага өз жоопкерчилигин
эске салып турган Алла таала коркуусу.
Ахлактык милдеттерибиз
Исламдын өкүм-жоболорун кыскача эки бапта жыйынтыктасак
болот. Булар:
1) Алла таалага ибадат кылуу.
2) Алла тааланын жараткандарына мээрим төгүп кайрымдуулук
көрсөтүү.
Көрүнүп тургандай, Алла таалага ибадат кылуу менен эле милде-
тибиз бүтүп калбайт, ахлактык милдеттерибизди да аткарууга тийиш-
пиз. Чыныгы мусулман өзүн жараткан Алла тааланын алдындагы мил-
деттерин аткаруу менен гана чектелип калбайт. Ошол эле мезгилде чөй-
рөсүндөгү адамдарга жана бүтүндөй жандууларга да жылуу мамиле жа-
сап, эч бирине залакасын тийгизбей аларга колунан келишинче мээрим
төгүп боорукердик жана сезимталдуулук менен жанашып жакшылык
кылат. Анткени Алла таалага ибадат кылуу биз үчүн кандай парз болсо,
адамдар менен кошо эле Ал жараткан бүткүл жандууларга ырайымдуу-
лук менен жылуу-жумшак мамиле кылуу да – ошондой эле парз, дини-
биздин буйругу. Мусулман бул эки милдетти тең бирдей орундаткан
мезгилде гана чыныгы мусулман болот.
Негизинен ахлак, ыйман жана ибадаттардын ортосунда терең
байланыш бар. Алла таала тарабынан кабыл болгон ибадат – адамды
жамандыктардан оолактаткан жана бийик ахлакка бөлөгөн ибадат.
Мусулманды жаман кылык-жоруктардан жана жагымсыз кый-
мыл-аракеттерден арылтпаган, ага ахлактык баалуулуктарды бербеген
бир ибадат Алла таала үчүн эч бир баага арзыбайт.
Адамдардын жана ал жашаган коомдун бейпилдиги менен бак-
таалайы динибиз алып келген бийик ахлак принциптеринин үйрөнүлү-
шүнө жана турмушка ашырылышына байланыштуу болот.
Исламдын ахлак негиздери алгач жеке өзүбүздү, андан кийин
туулуп өскөн үйүбүз жана үй-бүлөбүздү, анан жашаган коомубузду,
эсеп жеткис ырыскы-байлыгынан пайдаланган ата мекенибизди жана
бүтүндөй адам баласын, анын пайдасына берилген бардык жандуулар-

477
ды да ичине камтыганчалык кеңири масштабга жана ааламдык сапатка
ээ. Бул бөлүмдө ахлактык милдеттерибиздин эмнелер болорун, кимдер-
ге кандай мамиле кылышыбыз керек экендигин ачып берүүгө аракет
кылмакчыбыз.
Жеке өзҥбҥздҥн алдыбыздагы милдеттерибиз
Мусулман Алла тааланын, пайгамбардын жана Курандын алдын-
да аткарууга тийиш болгон негизги милдеттери менен бирге ахлактык
милдеттерин да орундатышы керек. Буларды ден-соолугу чың жана
жан дүйнөсү таза киши гана орундата алат. Ушул себептен адам алгач
жеке өзүнүн алдындагы милдеттерин аткарышы керек.
Адам – дене менен рухтан жаралган бир жан. Материалдык байлы-
гыбыз болгон денебиздин алдында милдеттерибиз бар. Ошол сыяктуу эле
руханий байлыгыбыз болгон рухубуздун алдында да аткарышыбыз керек
болгон милдеттерибиз бар. Булардан бирөө аткарылбай калса, дене менен
рухтун айкалышы бузулган болот. Мындай абалдагы адам жашоодогу
эңсеген жыргалчылыгына жете албайт. Ошондой эле орундатканга мил-
деттүү болгон ибадаттарын да так аткара албайт. Ушул себептен aлгaч
жеке өзүбүздүн aлдыбыздaгы милдеттерибизди жaкшы билишибиз керек.
Жеке өзүбүздүн aлдыбыздaгы милдеттерибиз экиге бөлүнөт:
1) Денебиздин алдындагы милдеттерибиз
а) Туура тамактануу.
Күчтүү жана чың ден-соолуктуу болуш үчүн организмибиз талап
кылган азыктарды алуубуз керек.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

َۘ‫ ْسجا ْسر ِبا ق ًنا ط ِبحِهّٰللرًنح‬ٝ‫ج ِب ِهّٰللمح ِب‬ٍٛ‫حس ُمو ُم‬
‫ح جٌِٕهّٰلل ُم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
“Оо, адамдар! Жер жүзүндөгү адал жана таза болгон
нерселерди жегиле.”504
Пайгамбарыбыз да:

‫جا ِبِٓ ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِ ِبٓ ِهّٰلل‬


‫جٌضع ِب‬
‫ِبحف‬ ‫ ِهّٰلل ِب‬ٌٝ‫د ِبئ‬ ‫ ِهّٰللُم‬ٛ‫ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِ ُمٓ ج ْسٌم ِب‬
‫ ق ِهّٰللُم‬ٚ ‫ي ْس ٌد‬
“Күчтүү момун алсыз момундан дагы кайырдуу жана Алланын
алдында дагы сүймөнчүктүү болот,”505 – деп буюруп, мусулмандын
күч-кубаттуу болушунун маанисин белгилеген. Дене – рухтун унаасы.
Рухтун өз милдеттерин жакшы аткара алышы унаасынын чың болушу-
504
Бакара сүрөсү, 168-аят.
505
Муслим, Кадер, 8.

478
на байланыштуу. Бул болсо ден-соолукка жакшы карап, аны начарлата
турган нерселерден коргоо менен мүмкүн.
Динибиз денени алсырата турганчалык даражада ашыкча ибадат
кылууну да туура көрбөйт. Энес бин Малик мындай деп эскерген: “Бир
жолу сахабалардын ичинен үч киши пайгамбарыбыздын ибадатын
сурап билүү максаты менен анын жубайларынын үйлөрүнө барышат.
Пайгамбарыбыздын (кандайча жана канчалык) ибадат кылганын би-
лишкенден кийин, алар муну аздай көрүшүп:
– Биз кайда, расулалла кайда? Албетте, Алла таала анын буга
чейинки кылган жана келечекте кылышы мүмкүн болгон бардык күнөө-
лөрүн кечиргендир, – дешет. Арасынан бирөө:
– Мен түнкүсүн тынбай намаз окуйм, – дейт. Экинчиси:
– Мен да дайыма (күнүгө) орозо кармайм, – деп айтат. Үчүнчүсү
болсо:
– Мен да аялдардан бөлөк жашайм, эч качан үйлөнбөйм, – дейт.
Алар бул сөздөрдү айтып жатышканда, пайгамбарыбыз келип ка-
лат жана аларга мындай деп буюрат:
– Силер мындай андай деп айткан кишилерсиңер, туурабы? Би-
рок ушуну жакшы билип алгыла. Мен силердин ичиңерден Алла таала-
дан эң көп корккон жана сактанган кишимин. Ошентсе да, кээде на-
пиле эле орозо кармайм, кээде болсо кармабайм. Түндүн бир бөлүгүн
напиле намаз окуу менен өткөрөм, бир болүгүн болсо уйку менен. Аял-
дар менен да үйлөнөмүн. (Мына менин сүннөтүм ушундай.)
Кимде-ким менин жолума түшпөй, андан жүз үйүрсө, ал мендик
эмес,”506 – деп буюрган.
б) Денени зыяндуу нерселерден сактоо.
Динибиз организмибизге зыяндуу жана ден-соолугубуздун бузу-
лушуна себеп боло турган нерселерден сактанышыбызды буюруп, ар
түрдүү алкоголдук ичимдиктер, апийим, гераин жана нашаа ж.б. өңдүү
баңги заттарды колдонууга толук тыюу салган. Буларды колдонуу бир
адамдын билип туруп өзүн өзү коркунучка түртүү дегенди билдирет.
Алла таала ыйык Куранда:

ۛ‫ ُمٍى ِبس‬ٙ‫ جٌطِهّٰلل ْس‬ٌٝ‫ج ذِبح ْسل ى ْسُمُ ِبج‬ٛ‫ا ضُم ْسٍمُم‬ٚ
“Өзүңөрдү өзүңөр коркунучка түртпөгүлө,”507 – деп буюруп,
мусулмандардын зыяндуу жана коркунучтуу нерселерден сактанышын
талап кылган.

506
Бухарий, Никах, 1.
507
Бакара сүрөсү, 195-аят.

479
Ден-соолук – адамдар үчүн баркын жакшы билүүгө тийиш бол-
гон ырыскылардын бири. Адам өзүнө ыроолонгон бул ырыскысынын
баркын жакшы билип, аны жакшы сактоого аракет кылышы керек.
Пайгамбарыбыздын төмөнкү эскертүүсүн көңүлгө түйүшүбүз
керек. Ал мындай деп буюрган: “Беш нерседен мурун беш нерсенин
баркын бил:
1) Өлүм келе электе өмүрүңдүн;
2) Ооруй электен мурун ден-соолугуңдун;
3) Иштен мурун бош убактыңдын;
4) Карый электен мурун жаштыгыңдын;
5) Жардылыктан мурун байлыгыңдын.”508
Ден-соолугубузду сактап, оорубаш үчүн алдын ала бардык чара-
ларды көрүү башкы милдетибиз болгондой эле, ооруганда дарылануу,
ден-соолугубузду кайрадан чыңдоо үчүн чара көрүү да – милдетибиз.
Пайгамбарыбыз:

‫جا ج ًنء ِبئاِهّٰلل ْٔسزي ٌُٗم ِبعفح ًنء‬


‫ِح ْٔسزي ِهّٰلل ُم‬
“Алла таала берген ар бир дарттын дабаасын да берген,”509 –
деп эскертүү менен ар бир оорунун дарысынын бар экендигин жана
аны дарыласа боло турганын билдирген.
Дагы бир хадисинде: “Алла таала жараткан ар бир илдетинин
дарысын да жараткан. Дарылангыла!”510 – деп буюруп, оорудан куту-
луунун жолун көрсөткөн.
Жыйынтыктап айтканда, мусулман адал жана таза тамак-аштар
менен азыктанып, зыяндуу болгон нерселерден оолак болуп, ден-соо-
лугун сактап, ооруса айыгуунун жолдорун издеп, ден-соолугун кайра-
дан чыңдаш үчүн колунан келгенин кылышы керек.
Исламда аша чабуу жок
Адам – дене менен рухтун биригишинен жаралган жан. Ушул се-
бептен динибиз анын денелик жана рухий зарылдыктарын эске алып,
материя менен маанинин ортосунда ырааттуу бир тең салмактуулук
түзгөн.
Ислам дини адамдын табиятына ылайыктуу өкүм-жоболорду
камтыгандыктан, диний темаларда тең салмактуулук чегинде туруп,

508
Кашфул-хафа, 1-том, 148-бет (Хадисти Хаким жана Вайхаки айтып берген).
509
Бухарий, Тыбб, 1.
510
Бухарий, Тыбб, 19.

480
бул чектин алдына түшүнүү каалабайт. Муну менен бирге андан жо-
гору өтүп, аша чаап кетүүнү да эп көргөн эмес.
Динибиз адамдарга мыйзам чегинен ашпоо шартын коюу менен,
аларды эч бир жыргалчылыктан куру калтырган эмес. Ошону менен эле
өзүн толугу менен ибадатка арнап, денесин кыйноону да ылайык көр-
бөгөн жана эч кимге мүмкүнчүлүгү жетпегидей милдет жүктөгөн эмес.
Чындыгында ыйык Куранда да:

ُۜ‫ح‬ٙ‫ ْسصع‬ٚ‫جا ٔ ْسف ًنضح ِبج ِهّٰللا ُم‬


‫ا ُمى ِهّٰللٍ ُمِبف ِهّٰلل ُم‬
“Алла эч кимге күчү жетпей турган бир нерсени жүктө-
бөйт,”511 – деп буюрулган.
Исламда жеңилдик – эң негизги нерсе. Бул маселе ыйык Куранда
жана пайгамбарыбыздын хадистеринде ачык-айкын көрүнөт. Бул тема
менен байланыштуу аяттардын айрымдары төмөнкүлөр:

َۘ‫ا ُمل ُمل ذِبى ُمُمُ ج ْسٌ ُمع ْسضل‬ٚ ‫جا ذِبى ُمُمُ ج ْسٌ ُمح ْسضل‬
‫ُمل ُمل ِهّٰلل ُم‬
“Алла силерге жеңилдик гана каалайт, кыйынчылык каала-
байт.”512

ُ‫ٌ ُمِبحط ِهّٰللِبُ ٔ ْسِبعّطُٗم ٍ ْسحى ْسُم‬ٚ ُ‫لو ْسُم‬ٙ‫ٌىِب ْسٓ ُمل ُمل ٌ ُمِبح ِب ِهّٰلل‬ٚ ‫جا ٌِبح ْسؿعً ٍ ْسحى ْسُمُ ِبِ ْسٓ قل ٍؼ‬
‫ِح ُمل ُمل ِهّٰلل ُم‬
“Алла силерге кыйынчылык берүүнү каалабайт, тескерисинче,
силерди тазалоону жана шүгүр кылууңар үчүн Өз ырыскыларын
толук кылып берүүнү каалайт.”513

ُۜ‫ِح ؾعً ٍ ْسحى ْسُمُ ِب جٌ ِهّٰللل ِبٓ ِبِ ْسٓ قل ٍؼ‬ٚ


“Алла динде силерге эч бир кыйынчылык кылган жок.”514
Пайгамбарыбыз да мындай деп буюрган:

‫ج‬ٛ‫ لح ِبر ُمذ‬ٚ ‫ج‬ٚ ‫ ٌ ْسٓ ُمغح ِهّٰلل جٌ ِب ِهّٰللل ٓ جق ٌدل ِبجاِهّٰلل ٍرُٗم ض ِب ِهّٰللل ُم‬ٚ ‫ِبج ِهّٰللْ جٌ ِب ِهّٰللل ٓ ُم ْسض ٌدل‬

511
Бакара сүрөсү, 286-аят.
512
Бакара сүрөсү, 185-аят.
513
Маида сүрөсү, 6-аят.
514
Хаж сүрөсү, 78-аят.

481
“Албетте, бул дин – жеңил дин. Бир киши дин боюнча өзүн кый-
наса, дин аны жеңет (б.а. ал киши эзилип, таптакыр ибадат кыла ал-
бай турганчалык абалга келет). Андыктан, өз ченеминен ашпагыла.”515
Дагы бир ыйык хадисте да мындай маани айтылган: “Орто жол ме-
нен жүргүлө. Иш-аракеттериңерди эң мыкты түрдө кылганга умтул-
гула. Эртеден кечке чейин жана азыраак убакыт да түнкүсүн иштегиле.
Мыйзам ченемдүүлүктөн ажырабагыла, максатыңарга жетесиңер.”516
Пайгамбарыбыздан кайсы иштин Алла таалага жагары сурал-
ганда, ал: “Аз да болсо, үзгүлтүксүз жасалганы,”517 – деп буюрган.
Жогорудагы аяттар менен хадистерден түшүнүктүү болуп турган-
дай, динибизде кыйынчылык жок. Ашыкча эле татаалдаштырып жибе-
рүү жана өзүн өзү кыйноо туура көрүлбөстөн орто жол сунуш кылын-
ган. Азирети пайгамбарыбыз:

ْٛ‫ٍ٘ه ج ْسٌ ُمّطٕ ِب ِهّٰلل ُمع‬


“Диний иштерде аша чаап кеткендер жок болду,”518 – деп бую-
руп, бул сөзүн үч жолу кайталаган.
Дагы бир ыйык хадисинде да аша чаап кетүүдөн этият болушу-
бузду талап кылып, төмөнкүчө эскерткен:

ٓ‫ جٌ ِب ِهّٰللل ِب‬ٝ‫ ِب‬ٛ‫ جٌ ِب ِهّٰللل ِبٓ ِبحٔ ِهّٰللّح ٍ٘ه ِ ْسٓ وحْ ل ْسرٍى ْسُمُ ذِبح ْسٌ ُمغ ُمٍ ِب ِهّٰلل‬ٝ‫ ِب‬ٛ‫ ج ْسٌ ُمغ ُمٍ ِهّٰلل‬ٚ ُ‫ِبج ِهّٰللحو ْسُم‬
“Динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Силерден мурункулар
динде аша чаап кетүүлөрүнөн улам жок болушту.”519
Энес мындай деп эскерет: “Пайгамбарыбыз мечитке киргенде,
эки түркүктүн ортосуна керилген бир жипти көрүп калды.
– Бул жип эмне? – деп сурады. Ал жердегилер мындай деп жооп
беришти:
– Зейнептики, ал чарчаган кезде аны карманат. Муну уккан пай-
гамбарыбыз:
– Ал жипти чечип салгыла, араңардан кимиңер болбосун каала-
ган мезгилинде намазын окусун, чарчаганда да жатып уктасын,520 –
деп буюрду.”

515
Бухарий, Иман.
516
Бухарий, Рикак, 18.
517
Бухарий, Рикак, 18.
518
Муслим, Илим, 4.
519
Ахмед бин Ханбел, Муснад, 1/125.
520
Бухарий, Тахажжут, 18; Муслим, Салат, 31.

482
Ибни Аббас да мындай деп эскерген: “Азирети пайгамбарыбыз
сахабаларга кайрылып жатканда, тикесинен турган бир кишини көрүп,
анын ким экенин сурады. Ал жерде тургандар:
– Абу Исраил, күндүн ысыгында турууну, отурбоону, көлөкөлө-
бөөнү, сүйлөбөөнү жана орозо кармоону ыйык тутуп өзүн ага арнаган,
– деп айтышты. Муну уккан пайгамбарыбыз Мухаммед алайхис-салам:
– Ага айткыла, сүйлөшсүн, көлөкөлөсүн, отурсун, бирок орозосун
толуктасын,521 – деп буюрду.”
Азирети пайгамбарыбыз сахабалардын ичинен Салман менен
Абуд-Дерданы бир тууган кылган эле. Ушул себептен Салман Абуд-
Дерданын зыярат кылат. Абуд-Дерданын жубайынын эски көйнөк ки-
йип жүргөнүн көргөндө:
– Бул абалыңды кандай түшүнсөк болот? – дейт. Абуд-Дерданын
жубайы:
– Бир тууганың Абуд-Дерданын дүйнө менен иши жок, – деп
жооп берет. Көп өтпөй Абуд-Дерда келип калат. Салман үчүн тамак
даярдайт жана:
– Мен орозомун, силер тамакка карагыла, – дейт. Салман:
– Сен жебесең, мен да жебейм, – дейт. Ушундан улам Абуд-
Дерда да тамактанат. Түн киргенде Абуд-Дерда ибадатка даярдана баш-
тайт. Салман ага:
– Уктай бер, – дейт. Абуд-Дерда да уктайт, бирок белгилүү бир
мөөнөттөн кийин кайра тура турган болот. Салман кайрадан:
– Уктай берсең, – деп айтат. Таң агара баштаганда Салман Абуд-
Дердага:
– Мына, эми турсаң болот, – дейт. Анан экөө тең туруп, бирге на-
маз окушат. Андан кийин Салман Абуд-Дердага мындай дейт:
– Сенде Раббиңдин акысы бар. Напсиңдин акысы бар. Үй-бүлөң-
дүн акысы бар. Ушул акылардын бардыгын ээлерине кайтарып бер.
Абуд-Дерда бул окуяны пайгамбарыбызга айтып берет. Пайгам-
барыбыз: “Салман туура айтыптыр,”522 – деп буюрат.
Ибадатта гана эмес, акчабызды жана мал-мүлкүбүздү пайдала-
нууда да өз өлчөм-ченемдерин сактообуз буюрулган. Акча кандай жол-
дор менен табылат, кандайча колдонулат, кантип адам өңдүү жашоо ке-
рек? Мына, бул маселелер боюнча да динибиз туура багыт берип орто
жолду көрсөткөн.

521
Бухарий, Айман, 21.
522
Бухарий, Савм, 51.

483
Акчасын чогултуп, бирок учуру келгенде коротпогон сараңдар
колдору мойнуна байланган туткундар сыяктуу болушат. Колундагы
акчасын үй-бүлөсү, кедей-кембагалдар жана кайыр мекемелери үчүн
короткусу келбеген кишилердин туткундан эмне айырмасы бар? Акча
эмне үчүн табылат? Адам сыяктуу жашап, жардамга муктаж кишилерге
көмөк көрсөтүп, бул дүйнөдө адамдардын алкоосуна, Алла тааланын
ыраазычылыгына, акыретте болсо түбөлүктүү бак-таалайга жетүү үчүн
эмеспи? Мындайча колдонулбаган байлык менен акчанын эмне баркы
бар? Андыктан, пайдаланылышы керек болгон жерде акчаны колдон-
боо – сараңдык.
Ошону менен бирге эле мунун тескерисин да ойлоп көрөлү. Ко-
лун жайып салып, керексиз нерселер үчүн болгон акчасын коротуп,
тапкан-ташыганын төгүп-чачып, колунда эмнеси болсо, баарын түгө-
түү. Бай болуп туруп кедейликке түшүү, берген киши болуп туруп ал-
ган киши абалына келүү. Бул да – ысырапкордук.
Булардын экөө тең туура эмес. Исламдын алып келген ахлак тү-
шүнүгүнө туура келбейт. Эң туура болгону – бул экөөнүн ортосундагы
тең салмакты сактоо. Сараң эмес, сарамжалдуу болуу, үй-бүлө мүчөлө-
рүнө жана жардамга муктаж болгондорго керектүү өлчөмдө акча коро-
туу, керектүү өлчөмдө көмөк көрсөтүү. Акчаны сарптап жатканда ысы-
рапчыл эмес, жоомарт болуу. Жасалган жардамдар үчүн акчаны орду
менен колдонуп, кайрымдуу иштерге жумшоо.
Акчаны сарптоодо сараңдык жана ысырапчылыктан сактанып,
орто жана тең салмактуу жолду тандоону буюрган жана сунуш кылган
кээ бир аяттардын маанилери төмөндөгүдөй:
“Ошондой эле тууганыңа, бей-бечарага, жолоочуга акысын
бер. Жөнү жок эле төгүп-чача бербе.”523
“(Бакыл-сараңдык менен) Колуңду мойнуңа байлап да алба.
Ысырыпкорчулук кылуу менен аны бүтүндөй жайып да салба.
Антпесе кийин жек көрүнүп өкүнүчтө каласың.”524
“Алар (мал-мүлктөрүн) пайдаланышканда, ысырап да кылыш-
пайт, сараңдык да кылышпайт, экөөнүн ортосунда тең салмак бир
жол менен кетишет.”525
Пайгамбарыбыз да бул темада мындай деп буюрган: “Сарам-
жалдуу киши муктаж болбойт.”526

523
Исра сүрөсү, 26-аят.
524
Исра сүрөсү, 29-аят.
525
Фуркан сүрөсү, 67-аят.
526
Ахмед бин Ханбел, Муснад, 1/447.

484
“Сарамжалдуу болуу, (акчаны) пайдаланууда тең салмакты сак-
таган орто жол менен кетүү – турмушун туура жолго коюнун жары-
мына тете.”527
Тамактануунун адеби
Тамак ичип жатканда сакталышы керек болгон айрым адептер
менен тарбия эрежелер бар. Булар тамактануудан мурун, тамактануу
учурунда жана тамактангандан кийин болуп үчкө бөлүнөт.
А) Тамактануудан мурун:
а) Тамак-аштар адал жол менен табылып, таза болууга тийиш.
Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ً‫جٌى ْسُمُ ذ ْسحٕى ْسُمُ ذِبح ْسٌرحط ِبِب‬ِٛ‫جٓ ج ْس‬ٍٛ‫ا ضحْس ُمو ُم‬ٚ
“Мал-мүлкүңөрдү араңарда арам жолдор менен жебегиле.”528

‫ج ِبِ ْسٓ ط ِبحِهّٰللر ِب‬ٍٛ‫ج ُمو ُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬


ُ‫حش ِح رز ْسلٕحو ْسُم‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыларыбыздын
жакшы жана таза болгондорунан жегиле.”529
б) Тамактануудан мурун колду жууш керек.
Б) Тамактануу учурунда:
* Тамакка “Бисмиллах” деп баштоо абзел.
* Тамакты оң кол менен жеш керек.
* Тамак бир табактан желе турган болсо, өзү тарабынан алып
жеш керек.
Өмөр бин Эби Селеме мындай деген: “Пайгамбарыбыз мага:
“Бисмиллах дегин, оң колуң менен жана өз алдыңдагыны жегин,”530–
деп айтты.”
* Тамакты жактырбай коюуга болбойт.
Пайгамбарыбыз эч бир тамакты жаман деп айткан эмес. Ал же-
гиси келсе жеген, жегиси келбесе жеген эмес.531
* Тамакты ченеп алып, жакшылап чайнап жутуу керек.

527
Ал-фатхул-кабир, 1/507.
528
Бакара сүрөсү, 188-аят.
529
Бакара сүрөсү, 172-аят.
530
Муслим, Ашриба, 108.
531
Муслим, Ашриба, 108.

485
* Тамакты чайнап жатып сүйлөбөш керек.
* Сууну ичээрден мурун чынынын ичине кароо керек.
* Суунун бардыгын бир ууртоо менен ичпеш керек. Пайгамба-
рыбыз сууну үч ирет уртап ичкен.532
* Суу ичип жатканда чынынын ичине дем албаш керек.
* Тамактануу учурунда башкалардын көңүлүн иренжите турган
сөздөрдү айтууга, же кыймыл-аракеттер жасоого болбойт.
* Тамактануу учурунда унчукпай отуруу жакшы эмес. Тамакта-
нуу учурунда жакшы жана жагымдуу нерселерди айтуу туура болот, ал
эми тамак жеп жаткандарды жийиркенте турган нерселерди айтуудан
сактануу керек.
* Нанды жерге түшүрбөө жана үстүнө табак, туз салгыч жана
башка нерселерди койбоо керек.
Пайгамбарыбыз: “Нанды урматтагыла,”533 – деп буюрган.
Колду же бычакты нан менен аарчуу да туура эмес. Эгерде бычак нан
менен аарчылып, ал нан желе турган болсо, анда мунун кооптуу жагы
жок.
* Нанды тиштеп, оозго алгандан кийин тамактын ичине салбаш
керек.
* Чүчкүрөрдө, же ооздон кандайдыр бир нерсе чыгарарда башты
дасторкондон буруп, же болбосо оозду жабыш керек.
* Көпчүлүк менен бирге тамактанып жатканда, ар ким өзүнүн
алдындагы тамакка карап, эки жакка көз жүгүртпөй, жанында отурган
кишинин тамагына же тамак келген тарапка карабаш керек.
* Ооздогу тамакты жутпай туруп, экинчисин албаш керек. Ар
кандай үлпөттөрдө конокторго үй ээсинин жеке өзүнүн кызмат көрсө-
түшү туура жана жагымдуу кыймыл-аракет болуп саналат. Пайгамба-
рыбыз да конокторуна жеке өзү кызмат кылган.
Тамак берилип жатканда үй ээсинин унчукпай отурушу туура
эмес болгон сыңары, кызмат кылгандарды коноктордун жанында жеме-
леши да туура болбойт. Үй ээсинин көңүл бурушу зарыл болгон нерсе-
лердин бири да – конокторунун ыңгайсыз абалда калышына себеп бол-
гон башка кишилердин ал жерде болбошу. Конок да үй ээсинин макул-
дугун албай туруп, тамакка барганда жанына башка кишини ээрчитип
келбеши керек.

532
Бухарий, Муслим.
533
Кашфул-хафа, 1-том, 170-бет.

486
Көпчүлүк менен бирге тамак желип жатканда (тамак жегенди
уланткандарды уялтпаш үчүн), башка кишилер тамагын жеп бүтүрө
электе дасторкондон туруп кетүүгө болбойт. Конок киши үй ээсинин
уруксатын албай жана бата кылбай туруп, ал жерден кетип калбашы
керек. Караңгыда тамактануу да – макүрөө.
В) Тамактануудан кийин:
Тамак ичилип бүткөндөн кийин “Алхамдулиллаах” деп айтуу ке-
рек. Пайгамбарыбыз тамактан кийин: “Бизди жедирген, ичирген жана
мусулман катары жараткан Алла таалага шүгүр болсун,” – деп дуба
окуп, бата кылган.
Дасторконго отурганда “Бисмилланын” тегерегиндегилер уга
тургандай үн менен айтылышы ылайык көрүлөт. Бирок дасторкон-
догулардын баары тамактанып бүтө электе аларга угула тургандай үн
менен “Алхамдулиллаах” деп айтуу – туура эмес.
Колдорду жана оозду чайкоо да – тамактан кийин орундатылышы
керек болгон эрежелердин бири.
2) Рухубуздун алдындагы милдеттерибиз
Ден-соолугубуздун саламаттыгы сыяктуу эле рухубуздун сала-
маттыгына маани берип, рухубуздун алдындагы милдеттерибизди да
орундатышыбыз керек. Бул милдеттер кыскача төмөнкүдөй:
а) Рухубузга туура жана бекем ишеним берҥҥ
Рухубуздун эң маанилүү азыгы – ыйман. Дене-боюбуз азык-тү-
лүктөр менен тамактанып күчтөнөт, ал эми рухубуз туура жана бекем
ишеним менен күчтөнөт. Бул ишеним – бизди жана бүтүндөй жан-
дууларды жараткан, күчү, кудурети жана ырайымы чексиз болгон Алла
таалага жана бизди бак-таалайлуу болууга үндөгөн элчисине ишенүү.
Адам дайыма Алла таалага муктаж. Ага ишенген бир киши руха-
ний жактан азыктанып, күч-кубатка ээ болуп жүрөгү нурга толот.
Адамдын руханий талаптары менен каалоо-тилектери чексиз. Адамдын
бак-таалайга жетиши ал тилектердин орундалышы менен гана мүмкүн
болот. Бул талаптар менен каалоо-тилектер орундалбаса, руху канаат-
танбайт. Адамдын ач ашказаны айрым пайдалуу тамак-аштар менен
азыктанганда ачкалыктан арылып канааттанса, рух да руханий азыгы
болгон чыныгы ыйман менен азыктанганда гана канааттанып, ыракатка
жетет.
б) Рухубузду туура жана пайдалуу маалыматтар менен байытуу
Тамак-аш жана суусундуктар кандай денебиздин азыгы болсо,
рухубуздун ошондой азыгы да – билим. Материалдык жактан азыктана
албаган киши жашоосун уланта албайт. Ушул сыяктуу эле белгилүү
487
бир мезгилден кийин көзү өтүп кетип, рухун жетиштүү маалымат ме-
нен байыта албаган, ага руханий азыгын бере албаган киши да руханий
жактан ач калат жана ошондон улам руханий жашоосун жоготот.
Алгачкы буйругу “Оку!” болгон динибиз билимге абдан чоң маа-
ни берет. Ошондой эле пайгамбарыбыз да:

ُ‫طٍ ُمد ج ْسٌ ِبع ْسٍُِب ل ِبضسٌد ٰل و ِهّٰللِبُمً ُمِ ْسضٍ ٍِب‬
“Билим алуу – ар бир мусулманга парз,”534 – деп буюруп, мусул-
мандар үчүн илимдин абдан маанилүү экендигин баса белгилеген.
Кудуреттүү Алла таала ыйык Куранда:

ُّْۜٛ‫جٌ ِهّٰلل ٓ ا ْسعٍ ُم‬ٚ ّْٛ‫ي جٌ ِهّٰلل ٓ ْسعٍ ُم‬ٛ‫لُم ْسً ٘ ْسً ْسضط ِب‬
“Айт: “Билгендер менен билбегендер бирдей болобу?”535 – деп
буюрган жана аалым менен сабатсыздын бирдей деңгээлде болбой
турганын билдирген.
Анткени билим – нур, жарыктык. Ал эми сабатсыздык – караңгы-
лык. Албетте, жарыктык менен караңгылык бирдей болбойт. Билим
алууда карылык жок, б.а. жаш менен чектелбейт. Мусулман бешиктеги
кезинен тартып ажалы жетип көргө киргенге чейин билим алып, бир
нерселерди үйрөнүүгө милдеттүү.
Билимдин кимден жана кайдан алынышы керек экендиги боюнча
кандайдыр бир чектөө коюлган эмес. Тескерисинче, мүмкүн болгон
бардык жерден билим алуу керек экендиги билдирилген. Пайгамбары-
быз бул маселе боюнча барар жолубузду белгилеп, мындай деп буюр-
ган: “Билим–момундун жоготкон нерсеси, аны кайдан тапса алат.”536
Бул дүйнө менен акыреттеги бак-таалайдын ачкычы – билим.
Анткени билимсиз бул дүйнөдө да, акыретте да жыргалчылыкка же-
түүгө болбойт. Рухубузду негизсиз ишенимдер менен ыксыз ырым-жы-
рымдардан тазалап, жүрөгүбүзгө бекем жана туура ишенимдерди сиңи-
рүү да билим аркылуу ишке ашат. Материалдык жактан өнүгүү билим
аркылуу ишке ашкандай эле, руханий жактан жогорулоо да билим ме-
нен мүмкүн болот. Адамдардын өсүп-өнүгүшү жана калктардын жа-
шоосунун жогорулашы да билим аркылуу жүзөгө ашат.
Жыйынтыктап айтканда, бул дүйнөдө жыргалчылыкка жетүүнү
самаган киши да, акыретте бак-таалайга батууну каалаган киши да би-

534
Ибн Мажа, Мукаддиме, 17.
535
Зумар сүрөсү, 9-аят.
536
Ажлуни, Кашфул-хафа, 1-том, 363-бет.

488
лимге умтулушу керек. Ошондой эле бул дүйнөдө да, акыретте да жыр-
галчылыкка жетүүнү каалаган киши да кайра эле ошол билимге умту-
лууга тийиш. Бешиктен көргө киргенге чейин билим алууну сунуш
кылган динибиздин буйругу ушундай.
в) Рухубузду жаңылыш жана негизсиз ишенимдерден арылтуу
Динибиз акыл-эске, ой-пикирге жана билимге абдан чоң маани
берип, ыйык Курандын көптөгөн аятында адамдарды ар дайым ойло-
нууга жана акыл-эстүү түрдө иш кылууга чакырган. Ушул себептен
ишене турган нерселерибизди жакшылап иликтеп, туура экендигин так
билгенден кийин кийин кабылдап, динде орун албаган жана илимге
негизделбеген негизсиз нерселерге ишенип, алардын артынан сая кууп
кетпешибиз керек. Бузулган азык заттар дене-боюбузга зыяндуу бол-
гондой эле, ырым-жырымдар менен негизсиз ишенимдер да рухий жак-
тан тынчсызданууларга себеп болуп, адамдын ак менен караны туура
ажырата билүүсүнө жолтоо болот.
Сабатсыздыктан улам мусулмандардын арасында жайылып, дин
менен байланышы болбосо да, туура ишеним катары кабыл алынган не-
гизсиз ишенимдер менен ырым-жырымдардын айрымдары төмөнкүлөр:
Үкүктүн күндүз же түнкүсүн үйлөргө конушун, эртең менен бир
жерге бара жатканда алдынан мышыктын же коѐндун өтүшүн, короз-
дун убактысынан мурун кыйкырышын, шейшемби күнү кир жуулушун,
үйдөн бири алыскы сапарга кеткенде үч күн өтпөй үйдүн шыпыры-
лышын жамандыкка жоруу; Орозо айт менен курман айт майрамынын
ортосунда нике кыйбоо; төлгөчүлүк кылуу, жоголгон бир нерсени та-
быш үчүн төлгөчүгө баруу; келечектеги окуялардан кабар берген көзү
ачыктарга ишенүү; тилегинин орундалышы үчүн дарактар менен мазар-
ларга чүпүрөк байлоо; мазарларга жана күмбөздөргө шам жагуу; ыгы
жок эле кудайы өткөрүү жана ээн жерлерде адамдарга зыян берүүчү ар
кандай азыткыларбын бар экендигине ишенүү.
Жогорудагы саналып өткөндөр – динде эч кандай орду болбогон,
акылга сыйбаган жана илимий негиздер менен коошпогон негизсиз
жана жаңылыш ишенимдер. Булардын булагы – түркөйлүк жана илим
менен акылдын дини болгон Ислам тууралуу жетиштүү маалыматка ээ
болбоо. Пайгамбарыбыз бактысыздык, же болбосо “жолу жаман” ише-
ниминин туура эмес экендигин, үкүктүн сайрашынын эч кимге терс
таасир тийгизбээрин, эч бир убакыттын кайырсыз эмес экендигин бил-
дирген.537
Мусулман адам негизсиз ишенимдер менен ыксыз ырым-жырым-
дарды көңүлүнө бекем түйүп албашы керек. Эгерде кандайдыр бир жа-
537
Бухарий, Тыбб, 19.

489
ңылыштык кылган болсо, руху менен көңүл-маанайын сөзсүз түрдө бул
өңдөнгөн ишенимдерден тазалап арылтууга тийиш. Анткени бир идиш-
теги кир сууну төкпөй туруп, ага тунук жана таза суу куюу мүмкүн
эмес. Негизсиз ишенимдерге ишенгендер бардык нерседен шектенип,
көңүлү бузулат. Кээ бир айлар менен күндөрдүн жамандык алып келе-
рине ишенгендер убакыттарын уттуруп иштеринен илкип артта калы-
шат. Төлгөчүлөргө ишенүү адамдардын жаңылыш ойлорго кабылып,
бири-бирине кек сакташына жана ар кандай кастыктарга жол ачат.
Бир иш менен байланыштуу тилегинин орундалышын каалаган
кишинин алгач анын себептерин куржалашы туура эмес. Ийгиликке
жетүү үчүн Алла таалага дуба кылуунун ордуна чүпүрөктөрдөн, мазар-
ларда күйгүзүлгөн шамдардан медет кылуу – Исламдын өзөгү менен
байланышпаган өтө жаңылыш бир ишенимдин кесепети. Акыл-эси жа-
лаң негизсиз ишенимдер жана ырым-жырымдар менен чырмалышып
калган кишилер чындыкты көрө албайт, туураны таба албайт, акый-
катка жете албайт. Анткени негизсиз ишенимдер чындыкка кеткен жол-
до чоң тоскоолдук болуп эсептелет.
Туура же туура эмес экендигин сураштырбай, диний негизи бар
экендигин жакшылап үйрөнбөй туруп, бир нерсеге дароо ишенгендер
жана түпкүлүгүн түшүнбөй туруп анын аркасынан сая түшкөндөр акы-
ры буга жооп беришет. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган: “Билбе-
ген бир нерсеңдин артынан түшпө, чындыгында кулак, көз жана
жүрөк, булардын бардыгы кылгандарынан жооптуу.”538
Ҥй-бҥлөбҥздҥн алдындагы милдеттерибиз
Ҥй-бҥлөнҥн мааниси
Үй-бүлөнү ата-эне жана анын балдары түзөт. Аял-эркектин баш
кошуусу менен курулган үй-бүлө коомчулуктун өзөгү, элдин пайдуба-
лы болуп саналат. Ал эми эл деп аталган чоң коомчулук үй-бүлөлөрдүн
биргелешип бир коом түзүүлөрүнөн пайда болот.
Динибиз элдин биримдиги менен ынтымагына, күчтүү жана ку-
баттуу болушуна олуттуу маани берген. Бир имараттын бекем болушу
аны пайда кылган бөлүкчөлөрдүн жана колдонулган материалдардын
бекемдиги менен мүмкүн болгон өңдүү, бир элдин күч-кубаттуу бо-
лушу да – аны түзгөн үй-бүлөлөрдүн ынтымактуу болушуна байланыш-
туу. Үй-бүлөлөр канчалык бактылуу жана ынтымактуу болушса, эл да
ошончолук күч-кубаттуу болот.
Үй-бүлө – диний жана ахлактык темалар тууралуу алгачкы маа-
лыматтар берилген, улуттук жана руханий нарктар үйрөтүлгөн, үрп-

538
Исра сүрөсү, 36-аят.

490
адаттар менен каада-салттар жашатылган бир мектеп. Адамдын бак-
таалайдын бешиги болгон бул уяда бакубат жыргалчылыкта жашашы
үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине карата болгон милдеттеринин орун-
датышы менен камсыз болот. Андыктан, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири-
нин өз милдеттерин жакшы билип, ахлактык милдеттерин толук орун-
датышы үй-бүлөнүн бак-таалайы менен элдин келечеги үчүн чоң
мааниге ээ.
Никелешүү менен курулган үй-бүлөнүн түбөлүктүүлүгү – негиз-
ги нерсе. Динибиз үйлөнүп үй-бүлө курууну сунуш кылуу менен бирге
үй-бүлөнүн бузулушуна себеп боло турган сөздөрдөн жана жүрүш-ту-
руштардан этият болууну талап кылып, зарылсыз эле жана утурумдук
ыракат үчүн ажырашып, үй-бүлөнү бузуунун жаңылыштык экенин бил-
дирген.
Аял менен күйөөнүн мойнундагы милдет – бири-бирине сүйүү
жана урмат менен берилип, пайдубалын бирге түптөгөн ыйык уяларын
этияттык менен коргоо. Ал үчүн аял менен күйөөнүн бири-биринин
укуктарына жана милдеттерине урмат менен мамиле кылуулары абдан
чоң мааниге ээ.539 Пайгамбарыбыз:

‫ح آ ل‬ٕٙ‫ح ُم ُمٍمًنح ر ِبض ِبِ ْس‬ٕٙ‫ا ْسفل ْسن ُمِ ْسإ ِبِ ٌدٓ ُمِ ْسإ ِبِٕس ًن ِبئ ْسْ و ِبلٖ ِبِ ْس‬
“Бир киши жубайын жек көрбөсүн. Эгерде өзүнө жакпаган мү-
нөздөрү болсо, сөзсүз түрдө жага турган мүнөздөрү да бар,”540 – деп
буюруп, эркек кишинин жубайынын жүрүм-турумдарына сабырдуулук
көрсөтүшүн талап кылган.
Эркек киши аялынын жана багууга милдеттүү болгон башка үй-
бүлө мүчөлөрүнүн тамак-ашы, кийим-кечеси жана башка зарылдыкта-
рын камсыз кылуу үчүн керектүү каражаттарды адал жана мыйзамдуу
жолдор менен иштеп таап, аларга арам тамак жедирбеши керек.
Киши үй-бүлөсүнүн муктаждыктары үчүн жумшаган акчасынын
кайтарымы катары сооп да табат. Пайгамбарыбыз бул маселе боюнча
мындай деп буюрган: “Алла таала жолунда жумшаган акчаң, бир кул-
ду азаттыкка чыгарыш үчүн берген акчаң жана үй-бүлө мүчөлөрүнө
сарптаган акчаң бар эмеспи? Мына, ушулардын ичинен эң сооптуусу
үй-бүлөңө жумшаган акчаң.”541

539
Аял-эркектин бири-биринин алдындагы милдеттери жогоруда “Нике” бөлүмүндө
түшүндүрүлгөн.
540
Муслим, Рыда, 18.
541
Муслим, Зекат, 12.

491
Ал эми үй-бүлөсүн жакшы карабагандар тууралуу пайгамбары-
быз мындай деп эскертүү берген:

‫ ذِبح ْسٌّ ْسل ِبء ِبئغْس ًنّح ْسْ ُمض ِبحِهّٰلل ِ ْسٓ م ُم‬ٝ‫وف‬
‫ش‬ٛ‫ُم‬
“Бир кишинин жашоо-тиричилик үчүн керектүү болгон нерсе-
лерге маани бербеши анын күнөөкөр болушуна жетиштүү болот.”542

‫ ذِبح ْسٌّ ْسل ِبء ِبئغْس ًنّح ْسْ ْسُي ِبرش ِهّٰللّ ْسٓ ْسٍّ ُم‬ٝ‫وف‬
ٗ‫ض ُم‬ٛ‫ِبه لُم‬
“Бир кишинин багууга милдеттүү болгон кишилеринин жашоо
каражатын азайтуусу анын күнөөкөр болушуна жетиштүү болот.”543
Эркек киши жубайынын диний милдеттерин аткаруусу боюнча
ага көмөк көрсөтүп, кемчиликтери болсо үйрөтүүгө тийиш. Аялдарга
жакшы мамиле кылган киши кайрымдуу киши болуп саналат. Пайгам-
барыбыз мындай деп буюрган:

ُ‫ ْس‬ٙ‫ ِب ح ُمحرو ْسُمُ ِب ح ُمحرو ْسُمُ ِبٌِٕبضحتِب ِب‬ٚ ‫ ْسُ ُم ُمٍمًنح‬ٙ‫وْسّ ُمً ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِ ِبٕ ِبئ ّحًٔنح ْسقضُٕم ُم‬
“Момундардын ичинен ыйманы боюнча эң мыктысы – адеп-ахла-
гы жагынан эң мыкты болгону. Силердин эң кайрымдууңар – аялдарга
карата эң жакшы мамиле кылганыңар.”544
Аял киши күйөөсүн чын дили менен берилип сүйүп, күйөөсүн ка-
па кыла турган жана көңүлүн калтыра турган кылык-жоруктарды жаса-
башы керек. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ٍ ِبص ج ْسٌؿِٕهّٰللس‬ ٍ ‫ح ر‬ٕٙ‫ح ْس‬ٙ‫ ُمؾ‬ٚ‫ز ْس‬ٚ ‫ِهّٰللُمّح ج ْسِل ٍز ِحض ْسص‬
‫جا‬
“Бир аял күйөөсүнүн ыраазычылыгына татып өлсө, ал аял бе-
йишке кирет.”545
Аял киши сарамжалдуу болуп, күйөөсүнүн тапкандарын ысырап
кылбай, балдарынын тарбиясында күйөөсүнө жардам көрсөтүүгө ти-
йиш. Аял киши үй-жайына байыр алып, аялдык ар-намысын бекем сак-
тап, үй-бүлөсүнүн ынтымагына доо кетирген, же үй-бүлө очогунун бу-
зулушуна себеп болгон кыймыл-аракеттерден алыс болушу керек.

542
Абу Давут, Зекат, 45.
543
Муслим, Зекат, 12.
544
Тирмизий, Рыда, 11.
545
Тирмизий, Рыда, 10.

492
Күйөөсүнө терең урмат көрсөткөн аялдар тууралуу пайгамбары-
быз ушул куш кабарды берген: “Аял киши беш маал намазын окуп, Ра-
мазанда орозо кармап, ар-намысын коргоп жана күйөөсүнө урмат көр-
сөтсө, ага “Кайсы каалгадан кааласаң, ошол каалгадан бейишке кир”
деп айтылат.”546
Бири-бирине чын дили менен сүйүп берилген аял менен эркек ба-
кытты үйүндө табышат жана бардык чарчагандыктары унутулат.

Балдарыбыздын алдындагы милдеттерибиз


Бала Алла тааланын ата-энеге берген бир аманаты болуп саналат.
Аны жакшы тарбиялап өстүрүп, коомчулукка пайдалуу бир киши ката-
ры даярдоо – ата-эненин эң башкы милдеттеринин бири. Бала кичине-
кей кезинен баштап жакшы тарбияланса, үй-бүлөсүнө да, элине да пай-
далуу жана кайырдуу бир киши болот. Кичинесинен жакшы каралбаса
жана жетиштүү деңгээлде тарбия берилбесе, өзүнө да, башка кишилер-
ге да пайдалуу боло албайт жана коомчулукка зыяндуу бир адам ката-
рына да айланышы мүмкүн. Ушул себептен ата-эне Алла тааланын ал-
дында да, элдин алдында да баласынын таалим-тарбиясынан жооптуу.
Бала төрөлгөндө ага жакшы ат коюп, анын анатомиялык жана ру-
хий саламаттыгынын чың болуп өсүшүнө көңүл буруу керек. Анткени
балдардын келечекте материалдык жана рухий жактан өсүп жогорула-
шы, турмушта ийгиликке жетиши, анын жакшы жана жетиштүү дең-
гээлде тамактанышы жана ден-соолуктуу чоңоюшуна байланыштуу.
Бала төрөлгөндөн кийин аны белгилүү бир мөөнөт эне сүтү менен та-
мактандыруу эненин мойнундагы маанилүү милдет. Жаңы төрөлгөн на-
ристе үчүн эң пайдалуу азык эне сүтү экендиги – медицинада да далил-
денген. Анын ордун эч нерсе өзгөртө албайт. Эмизүү – бала үчүн
пайдалуу болгондой эле, эне үчүн да пайдалуу.547

546
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 3-том, 52-бет (Хадисти Ахмет жана Таберани айтып берген).
547
“Эне сүтү наристенин чоңоюшу жана өсүшү үчүн тоюндуруучу заттарды эң
ылайыктуу өлчөмдө камтыган бир суюктук.” (THE MERCK MANUEL Teşhis/Tedâvi el
kitabı, которгон: Др. Р.Мехмет Пекус, 2-том, 1380-бет).
Эне сүтүн протеин, көмүртек гидраты жана майлардын аралашмасы катары гана кара-
баш керек. Ал ар бир наристенин организминин зарылдыгына жараша тоюндуруучу
заттарды жетиштүү өлчөмдө камтыган жaнa биологиялык пaйдaсы өтө жогору болгон
физиологиялык бөбөк aзыгы болуп сaнaлaт. Бул теңдешсиз aзыктaн нaристелердин
жетиштүү түрдө пaйдaлaнa билиши үчүн энелерге пaйдaлуу жaнa жөнөкөй мaaлы-
мaттaр берилиши керек.
Ымыркай 4-5 aйлык болгонго чейин эненин сүтү менен гaнa тойгузуу жетиштүү.
Ошондой эле, бул aйлaрдaн кийин бериле бaштaгaн кошумчa тaмaктaр менен бирге эне
сүтү дa бир жaштан өткөнгө чейин сөзсүз түрдө берилүүгө тийиш. (Çocuk Sağlığı,
Temel Bilgiler, Sayfa:17, 19, 30, Doç. Dr. Turgay COŞKUN, Ankara 1988)

493
Динибиз баланын эне сүтү менен тамактанышына абдан чоң маа-
ни берген. Эгерде Рамазанда орозо кармоо сүт эмген наристеге, же эмиз-
ген энеге зыян бере турган болсо, анда эне орозону кийинкиге калтыра
алат. Балдарга диний милдеттерин үйрөтүү да – ата-эненин милдети.
“Балдарыңарга жети жашына келгенде, намаз окушун буюр-
гула.”548
Ата-эне балдарынын тамак-ашын, кийим-кечесин жана башка ма-
териалдык зарылдыктарын ойлогонундай эле руханий зарылдыктарын
да ойлоого тийиш. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

ٍٓ ‫ٌ ًنلج ِبِ ْسٓ ْسْن ًٍ ْسضً ِبِ ْسٓ ٍخ قض‬ٚ ‫ج ِبٌ ٌدل‬ٚ ً‫ِح ْن‬
“Эч бир ата баласына жакшы тарбиядан артыгыраак жакшы-
лык жасай албайт.”549
Балдар тамактанууга, ичүүгө жана кийинүүгө муктаж болгондой
эле, мээримге да муктаж. Балдарды мээрим төгүп эркелеткенде, аларга
белек берип жатканда бөлүп-жарбастан, адилеттүү болууга көңүл бу-
руш керек. Баланы окутуп, келечекте кыйналбай жашап кете ала турган
бир кесипке ээ кылуу да – ата-эненин милдеттеринин бири.
Балдарга адеп-ахлак үйрөтүлүп, тарбия берилип жатканда, ата-
эне да жүрүш-турушу менен балдарына жакшы үлгү болууга тийиш.
Антпесе жакшы натыйжа алуу мүмкүн эмес. Ата-эне балдарынын ким-
дер менен жүргөнүн, кимдер менен достук курганын көзөмөлдөп, бала-
нын адеп-ахлагына терс таасир тийгизе турган, ага жаман көнүмүш
адаттарды үйрөтө турган кишилерден жана чөйрөлөрдөн коргошу ке-
рек. Жыйынтыктап айтканда, балдарын үй-бүлөсүнө, элине жана ата
мекенине пайдалуу жана кайрымдуу бир киши катары өстүрүү – ата-
эненин эң маанилүү милдети.
Ата-энебиздин алдындагы милдеттерибиз
Кудуреттүү Алла таала ыйык китеби Куранда Ага ибадат кылы-
шыбызды буюргандан кийин ата-энебизге жакшылык кылышыбызды
буюрган,550 ал эми азирети пайгамбарыбыз да: “Алла тааланын алдын-
да эң жакшы амал эмне?” – деп сураган кишиге: “Убагында окулган
намаз, ата-энеге жакшылык кылуу жана Алла таала жолу үчүн согу-
шуу” – деп жооп берген.551

548
Абу Давуд, Салат, 26.
549
Тирмизий, Бирр, 33.
550
Исра сүрөсү, 23-аят.
551
Бухарий, Мавакитис-салат, 5; Муслим, Иман, 36.

494
Ата-эненин акы-укугуна урмат көрсөтүп, аларга жакшылык кы-
луу – динибизде эң маанилүү темалардын бири. Ал тургай бул дүйнөдө
бейпилчиликке, акыретте да түбөлүк бак-таалайга жетүүнүн жолу ата-
энеге урмат-сый көрсөтүү жана аларды ыраазы кылууга байланыштуу
экенин айтса болот.
Балдардын ата-энесинин алдындагы милдеттери кыскача ушулар:
* Ата-энеге жарык маанайда болуп, жакшы сөз айтуу.
* Аларга ачууланып, же кабагын бүркөп карабоо.
* Аларды сөз, же жасаган мамиле аркылуу эч качан капа кылбоо,
ал тургай кабак чытып, каш бүркөбөө.
* Алар чакырганда күттүрбөө.
* Буйруктары менен тилектерин (бул буйруктарда Алла таалага
каршы чыгуу болбосо) орундатуу.
* Бардык иштерде аларды ыраазы кылуу.
* Алардын жанында үндү бийик чыгарып сүйлөбөө.
* Жолдо баратканда алардын оозунуп алдыга өтпөө.
* Материалдык жактан кыйналып жатышса, алардын муктажды-
гын камсыз кылуу.
* Ооруп калып, же карылыктан улам жардамга муктаж болуп ка-
лышканда, чын жүрөктөн аларга кызмат кылуу.
Ата-энебиз өлгөндөн кийин да алар үчүн аткарышыбыз керек
болгон айрым милдеттерибиз бар.
* Аларды ыраматылык деп эскерүү.
* Аларга дуба окуу.
* Алардын руху үчүн кайыр берүү.
* Керээздери болсо, орундатуу.
* Алардын жолдошторуна жакшылык кылуу жана ата-энеге сөз
тийишине себеп боло турган кыймыл-аракеттерден сактануу.
Вени селеми уруусунан келген бир киши пайгамбарыбыздан:
– Оо, расулалла! Ата-энемдин өлүмүнөн кийин аларга кыла тур-
ган бир жакшылыгым барбы? – деп сурайт. Пайгамбарыбыз:
– Ооба, алар үчүн Алла тааладан кечирим тилөө, керээздерин
жана убадаларын орундатуу, алар аркылуу жакындыгы болгон киши-
лердин (аба, эже, таяке, таяже өңдүү) барып ал-жайын суроо жана
алардын жолдошторуна белек-бечкек берүү,”552 – деп буюрат.

552
Абу Давуд, Адеп, 129.

495
Бир туугандарыбыздын алдындагы милдеттерибиз
Бир туугандар бири-бирин толуктаган бөлүкчөлөр сыяктуу болот.
Ушул себептен бир туугандардын ортосунда абдан бекем биримдик бо-
лууга тийиш жана эч нерсе бир туугандарды бири-биринен алыстатпа-
шы керек. Мурас, мал-мүлк жана акча өңдүү нерселер, материалдык
кызыкчылыктар бир туугандардын талаштуу маселесине айланып,
алардын ынтымагын бузбашы керек.
Мусулман бардык адамдарга жакшылык кылууга милдеттүү. Ан-
дай болсо, жакшылык кылууга эң ылайыктуу болгондор бизге абдан
жакын болгон бир туугандарыбыз болушу керек. Парздардан бири бол-
гон зекет берилип жатканда, колунда жок бир туугандардын биринчи
болуп эске алынышы, бир туугандарга жакшы мамиле кылууга жана
аларга жардам көрсөтүүгө динибиздин канчалык чоң маани бергенин
көрсөтүп турат.
Бир туугандардын ар бири калгандарынын кызыкчылыгын өз кы-
зыкчылыгындай ойлоп, коргоого аракет кылышы керек. Өзгөчө улуу
бир туугандар ата-энелери болбосо, алардын жоктугун сездирбей, ки-
чүү бир туугандарына мээрим төгүп жана ызаат көрсөтүп, аларды кор-
гоого тийиш.
Улуу бир туугандар кичүүлөрү үчүн ата-эне сыяктуу болот. Ушул
себептен күчүүлөр да улуу бир туугандарына урмат көрсөтүп, аларга
каршы чыгуудан, каяша айтуудан жана калпыс мамиле кылуудан алыс
болушу керек. Бир туугандарды бири-бири менен араздаштыра турган
кара ниеттик жана бузукулуктарга каршы дайыма сезимталдуу жана
этият болуу керек. Бир туугандар бири-бирине жакын болуп, үй-бүлө
ынтымагын коргоого тийиш.
Жалпы ага-туугандардын алдындагы милдеттерибиз
Жалпысынан алганда ага-туугандар да үй-бүлөбүздүн бир толук-
тоочу мүчөлөрү болгондуктан, алардын алдында да айрым милдеттери-
биз бар.
Кез-кезде ага туугандарыбыздын барып алы-жайын суроо, жылуу
сөз айтып жакшы мамиле көрсөтүү, жардамга муктаж болгондорго
жардам берүү, муктаж болушпаса да, белек алып барып, көңүлдөрүн
көтөрүү, алыста болгондорго кат жазып, же телефон чалып, ал-абалда-
рын суроо жана ушундайча туугандык байланыштарды чыңдоого ара-
кет кылуу, туугандарды бири-биринен алыстатып, мамилелерин бузуу-
га себеп боло турган сөз жана кыймыл-аракеттерден алыс болуу ахлак-
тык милдеттерибиздин ичинде орун алат.

496
Динибиз ага-туугандарга карата жакшы мамиле кылынышына
олуттуу маани берген. Буга байланыштуу ыйык Куранда мындай деп
буюрулган:

ِٝ‫ج ْسٌحطح‬ٚ ٝ‫ذِب ِب ي ج ْسٌم ْسُملذ‬ٚ ‫جٌِبل ْس ِبٓ ِبج ْسقضحًٔنح‬ٌٛ‫ذِبح ْس‬ٚ ‫ج ذِبٗ ع ْسح ًن ح‬ٛ‫ا ضُم ْسغ ِبلوُم‬ٚ ‫ج ِهّٰللجا‬ٚ‫ج ْس ُمر ُمل‬ٚ

‫جذْس ِبٓ ِهّٰلل‬ٚ ‫جٌ ِهّٰلل حقِب ِبد ذِبح ْسٌؿ ْسٕ ِبد‬ٚ ‫ج ْسٌؿح ِبر ج ْسٌ ُمؿُٕم ِبد‬ٚ ٝ‫ج ْسٌؿح ِبر ِب ي ج ْسٌم ْسُملذ‬ٚ ‫ج ْسٌّضحو ِب‬ٚ
ْۙ ‫جٌضر ِب‬
ً‫ح‬
ُُۜ‫ِح ٍِى ْسص ج ْسّحُٔمى ْسُم‬ٚ
“Аллага ибадат кылгыла жана Ага эч кимди шерик таппа-
гыла. Ата-энеге, ага-тууганга, жетимдерге, бей-бечараларга, жакын
жана алыскы кошуна-колоңдорго, жаныңардагы жолдошко, жолоо-
чуга жана жылдызыңар түшкөн кишилерге жакшылык кылгыла.”553
Бир киши пайгамбарыбызга:
– Оо, расулалла! Мага бейишке киришиме себеп боло турган бир
иш-аракет айт, – деп суранат. Пайгамбарыбыз:
– Алла таалага ибадат кылып, ага эч нерсени шерик таппагын,
намазыңды окуп, зекетиңди берип, туугандарыңды карагын,554 – деп
буюрат.
Ага-туугандарга жакшылык кылуу бейишке киришибизге себеп
болот, ал эми алар менен байланышыбызды үзүү бизди бул ырыскыдан
куру калтырат. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

ٍُ ‫ا ْسل ُم ُمً ج ْسٌؿِٕهّٰللس لح ِبط ُم ر ْسق‬


“Туугандары менен карым-катнашын үзүп койгон киши бейишке
кире албайт.”555
Кошуналарыбыздын алдындагы милдеттерибиз
Үй-бүлө жана ага-туугандарыбыздан кийин бизге эң жакын бол-
гон, күн сайын жолугушушкан, көпчүлүк учурда бирге болгон кошуна-
ларыбыз менен жакшы мамиледе болуу, алардын тынчын албоо – дини-
биздин буйругу. Пайгамбарыбыз коңшу акылары менен байланыштуу
мындай деп эскерткен:

553
Ниса сүрөсү, 36-аят.
554
Бухарий, Адеп, 10; Муслим, Иман, 4.
555
Бухарий, Адеп, 10; Муслим, Бирр, 6.

497
...ٖ‫ُم ْسإ ِب ؾحر ُم‬ ‫ ِبَ ج ِب ِبل‬ٛ‫ج ْسٌح ْس‬ٚ ‫حا‬
‫ِ ْسٓ وحْ ُم ْسإ ِبِ ُمٓ ذِب ِهّٰلل ِب‬
“Аллага жана акырет күнүнө ишенген киши коңшусуна кордук
көрсөтпөсүн.”556
Кошунасына кордук көрсөткөн киши чыныгы мусулман болбойт
жана бейишке да кире алабайт. Абу Хурайра мындай деп эскерген:
“Пайгамбарыбыздын үч жолу “Кудай урсун, момун болбойт” деп
айтканын уктум.
– Оо, Расулалла! Ким момун болбойт? – деп сурашты. Пайгамба-
рыбыз:
– Жаман киши экенине коңшусу толук ишенген киши,557 – деп
жооп берген.
Көрүнүп тургандай, чыныгы жакшы бир мусулман болуу – кошу-
насынын тынчын албоосу менен байланыштуу, бирок бул да жетиш-
сиздик кылат. Коңшуга жакшылык кылуу да – өтө маанилүү бир ахлак-
тык эреже. Пайгамбарыбыз бул тууралуу мындай деп буюрган:

ٖ‫ ؾح ِبر ِب‬ٌٝ‫ ِبَ ج ِب ِبل ْسٍ ُمح ْسك ِبض ْسٓ ِبئ‬ٛ‫ج ْسٌح ْس‬ٚ ‫حا‬
‫ِ ْسٓ وحْ ُم ْسإ ِبِ ُمٓ ذِب ِهّٰلل ِب‬
“Аллага жана акырет күнүнө ишенген киши кошунасына жак-
шылык кылсын.”558
Мусулман киши кошунасынын кубанычы менен кайгы-капасын
тең бөлүшүп, муктаж болгондо жардамга чуркап, кыйынчылыктарын
жоюуга аракет кылышы керек. Чыныгы мусулман жана жакшы коңшу
болуунун шарты ушундай.
Пайгамбарыбыздын бул эскертүүлөрүн ар бир мусулман эске
алышы абзел. Ал мындай деп буюрган: “Так түбүндөгү кошунасы ачка
отурганда, ток жашаган момун чыныгы момун эмес.”559
“Жаныдагы кошунасынын ачка экенин билип туруп, ток жаткан
киши мага ыйман келтирген эмес.”560
Кошуналардын алдындагы негизги милдеттерибиз төмөнкүдөй:
* Кошуналардын акыларына урмат көрсөтүү.
* Аларды сөзүбүз жана кыймыл-аракеттерибиз менен капа кылбоо.

556
Бухарий, Адеп, 10; Муслим, Иман, 19.
557
Бухарий, Адеп, 29.
558
Муслим, Иман, 19.
559
Ат-Таргиб ват-Тархиб 3/358 (Хадисти Хаким айтып берген).
560
Ат-Таргиб ват-Тархиб 3/358 (Хадисти Таберани менен Веззар айтып берген).

498
* Кубанычтары менен кайгы-капаларын тең бөлүшүү.
* Дарттары менен кыйынчылыктарын жоюуга аракет кылуу.
* Зарыл болгон учурларда көмөк көрсөтүү, карыз берүү, белек-
бечкек берүү.
* Оорулууларды зыярат кылып, өлгөндүн жаназасына катышып,
көңүл айтуу.
Жыйынтыктап айтканда, өзүбүз үчүн ыраа көргөн нерселерибиз-
ди кошуналарыбыз үчүн да чын жүрөктөн тилеп, өзүбүзгө кылынышын
каалабаган нерселерибизди аларга да ылайык көрбөө жана кылбоо.

Коноктордун алдындагы милдеттерибиз


Конокторго сый-урмат көрсөтүү жана аларга арнап белек-бечкек
берүү да – динибиз сунуш кылган ахлактык кыймыл-аракеттердин би-
ри. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ ِبَ ج ِب ِبل‬ٛ‫ج ْسٌح ْس‬ٚ ‫حا‬


‫ِ ْسٓ وحْ ُم ْسإ ِبِ ُمٓ ذِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ٖ‫ ِبَ ج ِب ِبل ُم ْسإ ِب ؾحر ُم‬ٛ‫ج ْسٌح ْس‬ٚ ‫حا‬ ‫ِ ْسٓ وحْ ُم ْسإ ِبِ ُمٓ ذِب ِهّٰلل ِب‬
‫ ٌِبح ْس ُمّ ْسص‬ٚ‫ ِبَ ج ِب ِبل ْسٍحم ْسُمً ْس ًنج ْس‬ٛ‫ج ْسٌح ْس‬ٚ ‫حا‬ ‫ِ ْسٓ وحْ ُم ْسإ ِبِ ُمٓ ذِب ِهّٰلل ِب‬ٚ ‫ْسٍ ُمح ْسى ِبل ْسَ ض ْسحفُٗم‬
“Аллага жана акырет күнүнө ишенген киши коногуна сый көр-
сөтсүн. Аллага жана акырет күнүнө ишенген киши жакындары менен
карым-катнашын улантсын. Аллага жана акырет күнүнө ишенген ки-
ши же кайырдуу бир сөз айтсын, же үн чыгарбасын.”561
Коноктордун алдындагы негизги милдеттерибиз төмөнкүлөр:
* Конокторду жарык маанай жана жагымдуу сөздөр менен тосуп
алуу.
* Эң жакшы деңгээлде урмат-сый көрсөтүү жана аларга бир нер-
селерди тартуулоо.
* Конокторго суук мамиле кылып, кабак чытып каш бүркөбөө.
* Алардын жанында балдарды жана кызмат кылгандарды жеме-
лебөө.
* Конок кете турган мезгилде аларды жайдары жүз менен узатуу.
Ыңгайлуу учурларда жакындарыбыздын, улууларыбыздын жана
жолдошторубуздун зыяратына баруу да орундатылышы керек болгон
ахлактык милдеттерибизден болуп саналат. Зыярат мезгилинде төмөн-
кү нерселерге көңүл буруу зарыл:

561
Бухарий, Адеп, 85; Муслим, Иман, 19.

499
* Зыярат үчүн ыңгайлуу бир учурду тандоо.
* Улам-улам бара берип аларды тажатып жибербөө.
* Мүмкүн болсо, зыяратына бара турган кишиге күн мурунтан ка-
бар берүү.
* Таза жана тыкан кийинип баруу.
* Уруксатсыз бирөөнүн үйүнө же бөлмөсүнө кирбөө.
* Алдына тартылган тамакты жамандабоо.
* Үй ээсинин кубанычын же кайгы-капасын тең бөлүшүү.
Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн дин боордошторунун зыяра-
тына баргандар Алла тааланын сүймөнчүгүнө ээ болушат.
“Бир киши башка бир айылда жашаган бир дин боордошунун
зыяратына бара жатканда, Алла таала бул кишинин жолун тосуш үчүн
бир периштени милдеттендирет. Ал киши периштенин жанына келген-
де, периште кайда бара жатканын сурайт.
– Мынабу айылда бир боордошум бар, ошого бара жатам, – деп
жооп берет. Периште:
– Ал адам сага жакшылык кылды беле, ошол үчүн бара жа-
тасыңбы? – дейт. Ал киши болсо:
– Жок, мен ал кишини Алла таала үчүн гана сыйлаймын, – деп
жооп берет. Мындан соң периште:
– Мен Алла тааланын сага жиберген элчисимин. Сен ал адамды
кандай сыйласаң, Алла таала да сени ошондой сыйлайт, – деп айтат.”562
Саламдашуу
Саламдашуу – мусулмандардын ортосунда урмат-сый менен дос-
тук сезимдеринин артышына себеп болгон жакшы адаттардын бири.
Салам берүү – сүннөт, ал эми берилген саламды алик алуу – парз. Са-
лам деген сөз – ошол эле мезгилде Алла тааланын ысымдарынын бири.
Алла таала ыйык Курандын он эки жеринде момундарга салам берген.
Салам ар кандай кырсык-балээ жана жамандыктардан алыс болуу
деген маанини билдирет. Ошентип салам берген киши дин боордошу-
нун кырсык жана жамандыктардан алыс болушун каалап, анын жакшы-
лыгы үчүн дуба окуган болот. Саламдашуу тууралуу ыйык Куранда
мындай деп буюрулган:

ُۜ‫٘ح‬ٚ‫ ُمر ِهّٰللُم‬ٚ‫ح ٓ ج ْس‬ٕٙ‫ج ذِبح ْسقضٓ ِبِ ْس‬ٛ‫ ِبج ج ُمقحِهّٰللحطُم ْسُ ذِبطكِب حِهّٰلل ٍس كحِهّٰللُم‬ٚ

562
Муслим, Бирр, 12.

500
“Силер менен бирөө жылуу саламдашкан кезде, силер да андан
бетер жылуу саламдашкыла, же болбосо ошондой маанайда жооп
бергиле.”563
Азирети пайгамбарыбыздан бирөө:
– Оо, расулалла! Исламдын кайсы ибадаты кайырдуу? – деп су-
райт. Пайгамбарыбыз:
– Тамак берүү жана тааныганыңа да тааныбаганыңа да салам
берүү,564 – деп жооп берет.
Саламдашуу мусулмандардын ортосундагы урмат-сыйды күчө-
түп, алардын боордоштук сезимдеринин чыңдалышына түрткү болот.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:
‫ُم‬
‫ا ُم ٌ ِهّٰللى ْسُمُ ٰل ْس‬ٚ . ‫ج‬ٛ‫ج ق ِهّٰلل۪ت ُتحذ ِهّٰللُم‬ٛ‫ا ضُم ْسإ ِبُِٕم‬ٚ ‫ج‬ٛ‫ْ ج ْسٌؿِٕهّٰللس ق ِهّٰلل۪ت ضُم ْسإ ِبُِٕم‬ٍٛ‫ا ض ْسل ُم ُم‬
‫عح ٍة ِبئ ج‬
ُ‫جٌض َ ذ ْسحٕى ْسُم‬ ‫ج ِهّٰلل‬ٛ ‫ ُمٖ ُتحذ ْسر ُمط ْسُ ْسغُم‬ّٛ‫ع ْسٍ ُمط ُم‬
“Ыйман келтирмейинче, бейишке кире албайсыңар. Бири-бири-
ңерди жакшы көрбөсөңөр да ыйман келтирген болбойсуңар. Силерге
эгер аткарсаңар бири-бириңерди жактыра турган бир нерсе айтайын-
бы? Араңарда саламдашууну жайгыла.”565
Саламдын айтылыш калыбы “Ассалоому алейкум” сөзү болуп
саналат. Алгач салам берген киши муну айтат. “Салам алейкум” деп
айтса да болот. Ал эми саламды алик алуу сөзү болсо “Ва алейкум-
салам”. Муну “Алейкум ассалам” деп айтууга да болот. Берилген са-
ламды “Ва алейкумсалам ва рахматуллах ва берекатух” деп алик
алуу эң жакшысы.
Салам берген кишинин да “Ассалоому алейкум ва рахматуллах
ва берекатух” деп салам бериши дагы мартабалуу. Берилген мындай
саламга “Ва алейкумсалам ва рахматуллах ва берекатух” деп жооп
берилет.
Салам берип жатканда салам берилген кишиге эч кандай зыян
келтирбөө жана аны тынчын албоо ниети менен салам берилет. Ушун-
дайча саламдашуу салам берген жана алик алган кишинин бири-бирине
жакшы сезимдерин түшүндүрүп, бири-бирине болгон ишениминин ар-
тышына себеп болот. Негизи эле берилген саламга ошондой ниет менен
жооп берүү керек.

563
Ниса сүрөсү, 86-аят.
564
Бухарий, Иман, 20; Муслим, Иман, 14; Абу Давуд, Адеп, 142.
565
Муслим, Иман, 22; Тирмизий, Истизан, 1; Абу Давуд, Адеп, 142.

501
Салам берҥҥнҥн адеби
Жаш киши кары кишиге;
Атчан киши жөө кишиге;
Арка тараптан келген киши алдыда бара жаткан кишиге;
Аз жамаат көп жамаатка салам берет.
Улуу болсо да, кичүү болсо да, аз болсо да, көп болсо да бир жер-
ден келген киши отурган кишиге салам берет.
Көпчүлүккө салам берилгенде, алардын ичинен бирөө саламды
алик алса, калгандары алик албаса да болот. Эч кимиси берилген салам-
ды алик албаса, анда көпчүлүктүн ичиндегилердин бардыгы жооптуу
болуп калат. Ал эми саламды берген көпчүлүк болсо, алардын ичинен
бирөө салам бергенде эле сүннөт орундалган болот, калгандарынын са-
лам беришинин кажети жок. Башкача айтканда, көпчүлүктүн ичинен
бир кишинин салам бериши калгандарынын жоопкерчилигин жойгон-
дой эле, көпчүлүктүн ичинен бир кишинин саламды алик алышы да
калгандарынын жоопкерчилигин жоѐт. Мусулман киши салам берүү
менен дин боордошун кадырлап, урмат көрсөткөн болот.
Биринчи салам берген киши Алла тааланын жана пайгамбарынын
алдында дагы сүймөнчүктүү болот. Салам бергендин сообу саламды
алик алганга караганда көбүрөөк. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

َ‫حٌض ِب‬ ‫ جٌِٕهّٰلل ِبحس ذِب ِهّٰلل ِب‬ٌٝٚ‫ِبئ ِهّٰللْ ْس‬


‫حا ِ ْسٓ ذل ٘ ْسُمُ ذِب ِهّٰلل‬
“Адамдардын ичинен Алла тааланын алдында эң жогорусу –
оозунуп салам айткандар.”566
Бир кишиден салам-дубай алып келгенин билдирген кишиге “Ва
алейке ва алайхиссалам” деп жооп берилет. Бир катта жазылган са-
ламга же кат менен, же сөз менен жооп кайтарылат. Бир киши бирөөнө
“Баланчага менден салам айт” деп айтса, муну айтууга макул болгон
киши убадасын орундатууга тийиш. Анткени айтам деп өз мойнуна
алган бул милдет – бир аманат.
Өзүнүн үйүнө кирген киши да үй-бүлөсү менен учурашат. Азире-
ти Энеске пайгамбарыбыз мындай деп айткан:

‫ ٰل ٘ ِبْسً ذ ْسحطِبه‬ٚ ‫ ُمْ ذلوس ًن ٍ ْسحه‬ٛ‫ْسٍص ٰل ْسٍِ٘به ض ِهّٰللٍ ْسِبُ ىُم‬ ‫ح ذ ُم ِهّٰلل ِبئ ج‬
“Уулум, сага жана үй-бүлөңө берекет келсин десең, үй-бүлөңдүн
жанына барганда салам бер.”567

566
Абу Давуд, Адеп, 144.
567
Тирмизий, Истизан, 10.

502
Башка бирөөнүн үйүнө киргенде да салам берилет. Ыйык Куран-
да мындай деп буюрулган:

ٓ ‫ج‬ّٛ‫ضُمض ِهّٰللٍ ُمِب‬ٚ ‫ج‬ٛ‫ ِبضى ْسُمُ ق ِهّٰلل۪ت ض ْسضطحْسٔ ُمِبض‬ٛ‫ضًنح ْس ذ ُم ُمح‬ٛ‫ج ذ ُم ُمح‬ٍٛ‫ج ا ض ْسل ُم ُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫ٰل‬
ْٚ‫حُۜ ِبٌى ْسُمُ ْس ٌد ٌى ْسُمُ ٌع ِهّٰللٍى ْسُمُ ض ِهّٰللو ُمل‬ٙ‫ج ْسٍِ٘ب‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Өз үйүңөрдөн бөлөк үйлөргө уруксат
албай туруп, үн чыгарып үй ээлерине салам бербей туруп кирбегиле.
Эгер ойлоп көрсөңөр, бул силер үчүн дагы кайырдуу.”568
Башка бирөөнүн үйүнө барганда, алгач үйгө кирүү үчүн уруксат
суралат, андан кийин салам берилип анан ал-жай сурашып сүйлөшүү
башталат.
Намаз окуп жаткан, уйкудагы жана ажатканадагы кишиге салам
берилбейт. Азан чакырылып жатканда салам берүү макүрөө болуп са-
налат. Куран окуган же окулган Куранды угуп отурган кишиге салам
берүү да – макүрөө. Бирок азан чакырылып жана Куран окулуп жат-
канда салам бергендердин саламы алик алынат. Кутпа угуп жатканга да
салам берилбейт. Тамак жеп жаткан кишиге оозундагысын жута электе
салам берилбейт. Бир мечитте жамааттын бир бөлүгү намаз окуп жат-
канда, бир бөлүгү окубай турса, мечитке кирген киши намаз окубаган-
дарга салам бере алат. Салам бербесе да сүннөттү кылбаган болуп эсеп-
телбейт.
Ата мекенибиздин алдындагы милдеттерибиз
Туулуп өскөн жерибизди мекен дейбиз. Дүйнөдө ар-намысыбыз
менен абийирибизди сактап, бейпилчилик жана коопсуздук ичинде жа-
шоо көз-карандысыз бир мекенге ээ болуу менен гана мүмкүн.
Диний милдеттерибизди жол-жобосуна жараша орундатышыбыз
да ата мекенибиздин абалына байланыштуу. Ушул себептен динибиз
мекендин корголушуна абдан чоң маани берип, мекен сүйүүсүн ыйман
менен бирдей эсептеген.
Ата мекенибиздин алдындагы эң башкы милдеттерибиздин бири
– аскердик кызмат. Аскердик кызмат улуттук болгондой эле, диний да
бир милдет болуп саналат. Мусулман аскердик кызматын өтөө менен
ата мекенин душмандардан коргоп, зарыл болгондо да бул үчүн согу-
шуп, жанын берүүгө даяр болот.
Ата мекенибиздин алдындагы милдетибиз тек гана аны коргоо

568
Нур сүрөсү, 27-аят.

503
үчүн жан аябай, аскердик кызматты өтөө менен чектелбейт. Мамлеке-
тибиздин өнүгүшү жана элибиздин жашоо-шартынын жогорулашы
үчүн салык төлөп жана башка атуулдук милдеттерибизди да аткарышы-
быз керек.
Коомдун алдындагы милдеттерибиз
Адамдар коом болуп жашашат. Коомду түзгөн кишилердин бири-
биринин алдында жоопкерчиликтери жана аткарууга тийиш болгон
милдеттери менен укуктары бар.
Динибиз адамдардын арасындагы өз ара карым-катыштарга чоң
маани берип, сакталууга тийиш болгон укуктук жана ахлактык эреже-
лерди белгилеген. Бул эрежелер сакталган мезгилде коомдо тартип ор-
нойт. Аны менен бирге мусулмандар бейпилчилик жана коопсуздук
ичинде биримдик жана ынтымак ичинде бактылуу жашашат.
Мусулмандын эң башкы милдети – башка кишилердин акы-укук-
тарын тебелеп-тепсебөө жана ага терең урмат көрсөтүү. Бул акылар ах-
лактык жактан гана эмес, укук боюнча да кепилге алынып, зордук-зом-
булуктарга каршы берилүүчү жазалар белгиленип корголгон.
Пайгамбарыбыз айтылуу коштошуу кутпасында адамдардын жа-
ны, мал-мүлкү жана ар-намысынын ыйык акылар экендигин жарыялап,
мындай деп буюрган: “Оо, адамдар! Силер үчүн бүгүнкү күндөрүңөр
канчалык ыйык болсо, бул айларыңар канчалык ыйык ай болсо, бул шаа-
рыңар (Мекке) канчалык ыйык шаар болсо, жаныңар, мал-мүлкүңөр
жана ар-намысыңар да ошончолук даражада ыйык болуп эсептелет.
Ар кандай зордук-зомбулуктардан корголгон.”569
Жашоо укугу адамдын эң башкы негизги акысы болуп саналат.
Адамдын бул укугуна урмат көрсөтүү, зордук кылбоо – адамдардын
биринчи милдети.
Акысыз түрдө бир адамдын жанын кыюу, жашоосун бүтүрүү –
абдан чоң күнөө жана динибиз бул күнөөнү кылгандарга бул дүйнөдө
да, акыретте да оор жазалар берилерин белгилеген.
Жеке өзүнө тиешелүү мал-мүлк күтүү акысы да адамдардын маа-
нилүү акыларынын бири болуп эсептелет. Ар бир киши жеке өзүнө га-
на тиешелүү мал-мүлк күтүүгө укуктуу. Мыйзамдуу жолдордон мал-
мүлккө ээ болуу жана өз мал-мүлкүн үнөмдөө акысына ээ болгон киши-
нин ээ болгон байлыгы бардык зордук-зомбулуктардан корголгон.
Ушул укук-акыга урмат көрсөтүү жана зордук кылбоо да – му-
сулмандын милдети. Уурдоого, зордоп тартып алууга, алдоого жана
мыйзамсыз болгон башка жолдор менен башка бир кишинин мал-мүл-
569
Бухарий, Магази 75; Муслим, Касама, 9.

504
күн жеке менчигине өткөрүп алууга жана ага зыян берүүгө динибиз та-
рабынан тыюу салынган.
Акысыз түрдө башка кишилердин мал-мүлкүн жегендер мунун
жазасын тозоктун отуна ыргытылуу менен тартат. Пайгамбарыбыз
мындай деп буюрган: “Бир киши касам ичип карганып туруп бир му-
сулмандын акысын зордоп тартып алса, Алла таала ал кишиге тозок-
ту убажип (зарыл), ал эми бейишти арам кылат.”
Бул сөздөрдөн улам бир киши:
– Эгерде ал акы эч кандай баа-баркы жок бир нерсе болсо деле,
ошондой болобу? – дегенде, пайгамбарыбыз:
– Ооба, ошондой, жада калса мисибек дарагынын бир бутагы
болсо да, – деп буюрат. 570
Мамлекеттин мүлкү да ушундай. Мамлекеттин мүлкү элдин мүл-
кү болуп саналат. Анда бардык кишилердин акысы бар. Ушул себептен
бир мусулман мамлекеттин мүлкүн уурдап, ага зыян келтирүүдөн алыс
болууга тийиш. Ал тургай мамлекеттин мүлкүн өз мүлкүндөй коргошу
керек.
Адамдардын абийири, ар-намысы жана кадыр-баркы да зордук-
зомбулуктан корголгон. Жалаа жабуу, ушак кылуу, сөгүү, шылдыңдоо
жана жамандоо аркылуу башка кишинин ар-намысы менен абийирин
тебелеп-тепсөө, акарат айтуу мусулманга таптакыр жарашпаган жат
мүнөздөр жана чоң күнөө болуп саналат. Адамдардын жүрөгүнө катуу
тийген, шагын сындырып, көңүлүн калтырган бул кыймыл-аракеттер
коомдо бир туугандык сезимдеринин бошоңдошуна, биримдик жана
ынтымактын бузулушуна себеп болот.
Негизинен чыныгы мусулман башка кишилердин укук-акылары-
на урмат көрсөткөн, аздектеп аяр мамиле жасаган жана эч кимге зыяны
тийбеген адам болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз мусулманды мындайча
сүрөттөгөн:

ٖ‫ ِبل ِب‬ٚ ٗ‫ْ ِبِ ْسٓ ٌِبضح ِبٔ ِب‬ّٛ‫ج ْسٌ ُمّ ْسضٍ ُمِبُ ِ ْسٓ صٍِبُ ج ْسٌ ُمّ ْسضٍ ُمِب‬
“Мусулман – колунан жана тилинен зыян келбей турганына ише-
нилген киши.”571
Адамдардын жанына, мал-мүлкүнө, абийири менен ар-намысына
кол салган кишилер бул кылгандарынын жазасын катуу тартышат жана
ага чейинки тапкан соопторунан кол жууп, куру жалак калышат. Пай-
гамбарыбыз:

570
Муслим, Иман, 61.
571
Бухарий, Иман, 4; Муслим, Иман, 19.

505
– Билесиңерби, куру жалак калган ким? – деп сурайт.
– Биздин оюбузча, акчасы жана мал-мүлкү болбогон кишилер, – деп
жооп беришет. Бул жооптон кийин пайгамбарыбыз мындай деп буюрат:
– Менин үммөтүмдөн куру жалак калган киши – ушул, ал кыямат
күнүндө намаз, орозо жана зекет менен келет. Бирок ал бирөөнү сөгүп,
бирөөгө жалаа жаап, бирөөнүн мал-мүлкүн жеп, дагы бирөөнүн канын
төгүп, бирөөнү урган экен. Ушул себептен анын сооптору андан запкы
көргөн ошол кишилердин ар бирине таратылып берилет. Эгер ал киши-
лердин акылары толук кайтарыла электе сооптору түгөнүп калса,
акы ээлеринин күнөөлөрү ал кишинин мойнуна жүктөлөт. Андан кийин
ал киши тозокко киргизилет.”572
Мусулман кыямат күнүндө бул абалга түшпөш үчүн башка киши-
лерге жамандык кылуудан, зыян келтирүүдөн, акыларын жегенден
алыс болууга тийиш. Эгерде андай нерселерди кылган болсо, убакытты
өткөрбөстөн акы ээлеринен кечирим сурап адалдашуусу абзел. Кул
акысы менен акыретке барбашы керек. Пайгамбарыбыз бул маселе
боюнча бизге андан кутулуу жолун көрсөтүп, мындай деп буюрган:
“Бир киши боордошунун абийири менен ар-намысына, же болбосо мал-
мүлкүнө акысыз түрдө зордук-зомбулук кылган болсо, алтын жана кү-
мүш табылбаган кыямат күнүнөн мурун аны менен адалдашкыла
(ыраазычылыгын алгыла). Антпесе көрсөткөн зордук-зомбулугунун өл-
чөмүндө анын жасаган жакшы иш-амалдарынан алынып, акы ээсине
берилет. Жакшы иш-амалы болбосо, акы ээсинин күнөөсүнөн алынып,
адилетсиздик кылган кишиге жүктөлөт.”573
Башка кишилерге жакшы мамиле кылуу жана колдон келишинче
пайдалуу болуу – бийик ахлактуу болуунун биринчи шарты.
Пайгамбарыбыз:
– Ар бир мусулман садага берүүгө тийиш, – деп буюрат.
– Садага бергидей эч нерсеси болбосо, эмне кылат? – деп сура-
гандарга:
– Кол жоорутуп мээнет тартып иштеп, андан өзү да пайдала-
нат, садага да берет, – деп буюрат.
– Муну да кыла албаса? – деп сурашканда:
– Кыйынчылык тартып жаткан кишиге жардам кылат, – деп
буюрат.
– Бул да колунан келбесечи? – деген суроого:
– Жакшылык кылууну буюрат, – дейт.
– Аны да кыла албаса, кантет? – деген суроо берилгенде:

572
Муслим, Бирр, 15.
573
Бухарий, Мазалим, 10.

506
– Жамандык кылуудан тартынат, бул да садага болуп саналат,
– деп жооп берет.574
Эмри бил-Маруф Нехйи анил-Мҥнкер
Динибиздин коомго жүктөгөн милдеттеринин бири да – “Эмри
бил-Маруф Нехйи анил-Мүнкер.” Башкача айтканда, шарияттын өкүм-
жоболоруна ылайык жакшылыкты буюруу жана жамандыктан баш
тарттыруу милдети.
Алла таала адам баласын жараткандан кийин аны жалгыз калтыр-
ган эмес, жиберген пайгамбарлары аркылуу бул дүйнөдө да, акыретте
да аны бак-таалайга жеткирүү жолдорун көрсөткөн. Алгачкы киши бол-
гон Адам алайхис-салам ошол эле мезгилде алгачкы пайгамбар болуп
саналат.
Азирети Адамдан тартып акыркы пайгамбар Мухаммед Мустафа-
га (а.с.) чейин көптөгөн пайгамбар келип кеткен. Бул пайгамбарлар
адамдарга Алла тааланын буйруктары менен тыюу салган нерселерин
билдиришип, жакшылыкты шардана кылуу менен жамандыктан баш
тарттырууга аракет жасашкан.
Акыркы пайгамбар болгон биздин пайгамбарыбыз да бул милде-
тин кемчиликсиз түрдө ийине жеткире орундатып, мунун ыракаты жана
кубанычы менен акыретке аттанган. Пайгамбарыбыз дүйнөдөн кайткан-
дан кийин (башка пайгамбар келбей тургандыктан) бул милдетти улан-
туу бизге, мусулмандарга калгандыгында күмөн жок. Ансыз да ыйык
Куран бул милдетти бизге тапшырган. Анда мындай деп буюрулган:

ْٛ‫ضُم ْسإ ِبُِٕم‬ٚ ‫ْ ِبٓ ج ْسٌ ُمّ ْسٕى ِبل‬ٛ‫ ْس‬ٕٙ‫ض ْس‬ٚ ‫ف‬ٚ
‫ْ ذِبح ْسٌّ ْسع ُمل ِب‬ٚ‫ُمو ْسٕطُم ْسُ ْس ج ُم ِهّٰللِ ٍس ج ُم ْس ِبلؾ ْسص ٌِبٍِٕهّٰلل ِبحس ضحْس ُمِ ُمل‬
‫ذِب ِهّٰلل ِب‬
ُۜ‫حا‬
“Силер (бүтүндөй) адамдардын жакшылыгы үчүн ортого чы-
гарылган эң кайырдуу үммөтсүңөр, (анткени силер адамдарга) жак-
шылыкты буюруп, жамандыктан алыстатасыңар жана Алла
таалага ишенесиңер.”575

‫ْ ذِبح ْسٌّ ْسع ُمل ِب‬ٚ‫ٌِبحح ٓ ُمء ذ ْسع ٍ ۢ حْس ُمِ ُمل‬ٚ‫ ْسُ ج ْس‬ٙ‫ض ُم‬
ٓ‫ْ ِب‬ٛ‫ ْس‬ٕٙ‫ ْس‬ٚ ‫ف‬ٚ ‫ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبِٕ ُم‬ٚ ْٛ‫ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبُِٕم‬ٚ
‫حش ذ ْسع ُم‬
‫ج ْسٌ ُمّ ْسٕى ِبل‬

574
Бухарий, Зекат, 30; Муслим, Зекат, 16.
575
Али Имран сүрөсү, 110-аят.

507
“Момун эркектер жана момун аялдар бири-биринин жардам-
чылары болушат, жакшылыкты буюруп, жамандыкты тыйы-
шат.”576

ٍ ‫ج ْس ِبل ْسا ِبٓ ج ْسٌؿحِ٘ب‬ٚ ‫جْس ُمِ ْسل ذِبح ْسٌ ُمع ْسل ِبف‬ٚ ٛ‫ُم ِب ج ْسٌع ْسف‬
“Кечире бил, жакшылыкты буюр, түркөйлөрдөн жүзүңдү
үйүр.”577

ُۜ‫ْ ِبٓ ج ْسٌ ُمّ ْسٕى ِبل‬ٛ‫ ْس‬ٕٙ‫ ْس‬ٚ ‫ف‬ٚ


‫ْ ذِبح ْسٌّ ْسع ُمل ِب‬ٚ‫ حْس ُمِ ُمل‬ٚ ‫ ج ْسٌ ْس ِب‬ٌٝ‫ْ ِبج‬ٛ ‫ ْسٌطى ْسُمٓ ِبِ ْسٕى ْسُمُ ج ُم ِهّٰللِسٌد ْسل ُم‬ٚ
“Силердин ичиңерде кайырга үндөгөн, жакшылыкты буюруп,
жамандыктан баш тарттырган бир коом болсун.”578
Пайгамбарыбыз да:
– Жол боюнда отуруудан сактангыла, – деп буюрат. Сахабалар:
– Жол боюнда отурууга биз мажбурбуз, биз ал жерде отуруп сүй-
лөшөбүз, – дешет. Пайгамбарыбыз:
– Жол боюнда отуруудан баш тарта алабасаңар, анда жолдун
акысын бергиле, – дейт. Сахабалар:
– Оо, Алланын расулу! Жолдун акысы деген эмне? – деп сура-
шат. Пайгамбарыбыз:
– Көздү жумуу (арамга карабоо), өткөн кеткенге жапа чектир-
бөө, саламды алик алуу, жакшылыкты буюруп, жамандыктан баш
тарттыруу,579 – деп буюрат.
Жакшылыкты буюруу жана жамандыктан баш тарттыруу милдети
мусулмандардын коомдук турмушунда өтө чоң мааниге ээ. Бул милдет-
тин аткарылбашы жамандыктардын жайылышына, коомчулукта тынч-
сыздануу жана өз ара карама-каршылыктын пайда болушуна себеп бо-
лот. Ушул себептен пайгамбарыбыз:

ٗ‫ ِبِ ْسٕى ْسُمُ ُمِ ْسٕىلًنج ْسٍ ُمحغ ِب ِهّٰلل ْس ُمٖ ذِبح ِبل ِبٖ ِبح ْسْ ٌ ْسُ ْسضط ِب ْس ِبرٍِبضح ِبٔ ِبٗ ِبح ْسْ ٌ ْسُ ْسضط ِب ْس ِبرم ْسٍ ِبر ِب‬ٜ ‫ِ ْسٓ ر‬
ْ‫جا ّح‬ ‫ جٌِبه ج ْسضع ُمف ْس ِب‬ٚ

576
Тообо сүрөсү, 71-аят.
577
Аьрааф сүрөсү, 199-аят.
578
Али Имран сүрөсү, 104-аят.
579
Бухарий, Мазалим, 22; Муслим, Либас, 32.

508
“Силердин араңардан кимде-ким жагымсыз бир иш-аракет көр-
сө, аны колу менен, буга күчү жетпесе, тили менен токтотсун. Ага да
күчү жетпесе, аны чындап жек көрсүн. Бул болсо – ыймандын эң тө-
мөнкү даражасы,”580 – деп буюрган жана бул милдеттин маанилүүлү-
гүнө көңүлүбүздү бурган.
Пайгамабарыбыз бул хадисинде коомдо пайда болгон жамандык-
ка карата үч түрдүүчө чара көрүү керек экендигин билдирген.
а) Кол менен токтотуу: Башкача айтканда, күч колдонулуп ток-
тотулушу. Бул – мамлекеттин милдети. Жамандыкка карата көрүлгөн
чаралардын бул түрүн бардык кишилер кыла турган болсо, анда уруш
чыгып, башаламандык пайда болот. Ошондукдан бул милдет мамлекет
тарабынан аткарылат. Бирок коомчулук бул маселе боюнча мамлекет-
тик кызматкерлерге колдоо көрсөтүшөт жана көрсөтүүгө тийиш.
б) Тил менен токтотуу: Бул жамандыктын алып келе турган
зыяндарын түшүндүрүп, андан баш тарттыруу дегенди түшүндүрөт.
Башкача айтканда, аны жасаган коомдордун көзүн ачуу жана эскертүү.
Коомду туура жолго багыттоо, жасалган жаман иштердин кооптуулу-
гун жеткиликтүү ачып берүү иши аны талдап-таразалаган аалымдардын
милдети экендиги талашсыз. Бул түшүндүрүү иштери үгүт-насаат,
осуят, басма сөз жана теле көрсөтүүлөр аркылуу жүргүзүлөт.
Бул милдет коомчулукту кабардар кылуу жагынан абдан маани-
лүү. Ал тургай пайгамбарыбыз да диндин акыл-насааттан турарын бил-
дирген. Бул милдетти аткара турган кишилер айрым сапаттарга ээ
болууга тийиш. Бул сапаттар кыскача төмөнкүдөй:
1) Үгүт-насаат жана осуят айта турган киши алгач билимдүү бо-
лушу керек. Билими болбогон киши бул милдетти аткара албайт. Киши
башкаларга үйрөтө турган бир маселени алгач өзү билүүгө тийиш.
Андай болбосо, билбеген бир маселесин башка кишилерге кантип үй-
рөтмөкчү? Мисалы, сабатсыз бир киши башка кишинин кантип саба-
тын жоѐ алат?
Тигүүчүлүктү түшүнбөгөн, кездеменин кандайча кесилерин жана
көйнөктүн кандайча тигилерин билбеген киши башка бирөөгө тигүүчү-
лүктү үйрөтө алабы? Ушул сыяктуу эле диний темалар боюнча жетиш-
түү билимге ээ болбогондор кантип башкалардын бул тема боюнча то-
лук маалымат алышын камсыз кыла алат?
Үгүт-насаат айта турган киши өзүнүн көз-караштарын эмес, Алла
тааланын жана пайгамбарынын буйруктары менен тыюу салган нерселе-
рин айтат. Буларды билбеген киши коомдун көзүн ачпай эле, тескери-

580
Муслим, Иман, 78; Абу Давуд, Салат, 232.

509
синче, коомго жаңылыш маалыматтар берген болот. Ал эми мунун уба-
лы абдан жаман. Чындыгында, ыйык Куранда да мындай деп буюрулган:

‫ج ٰل ِهّٰلل ِب‬ٚ‫٘ ج قلج ٌدَ ٌِبط ْسفَتُم‬ٚ ‫ج ٌِبّح ض ِب ُمف ج ْسٌ ِبضٕ ُمطى ُمُمُ ج ْسٌى ِب خ ٘ ج ق ٌدي‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫ا ضمُم‬ٚ
‫جا‬
ُْۜٛ‫جا ج ْسٌى ِب خ ا ُم ْسفٍ ُمِبك‬
‫ْ ٰل ِهّٰلل ِب‬ٚ‫ج ْسٌى ِب خُۜ ِبج ِهّٰللْ جٌ ِهّٰلل ٓ ْسفَتُم‬
“Тилиңердин жалган катары сыпаттаган нерсеси тууралуу “Бул
– адал, бул – арам” дебегиле, анткени Алла тааланын алдында жалган
айткан болосуңар. Албетте, Алла тааланын алдында жалган айткан-
дар бактылуу боло алышпайт.”581
2) Үгүт-насаат жана осуят айтуунун максаты Алла тааланын
ыраазычылыгы болууга тийиш. Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн
болбогон эч бир нерсенин Алла тааланын алдында эч кандай кадыры
жок.
3) Кишилерге жана коомго жол көрсөтө турган киши жагымдуу
сөздөрдү айтып, маңдайындагы кишиге жылуу мээрим менен жакында-
шы керек.
Алла таала Муса алайхис-саламды иниси азирети Харун менен
бирге өзүн теңирмин деп шардана кылган Фараонго (аны эскертүүлөрү
үчүн) жөнөтүп жатканда, мындай деп буйрук берген:

ٝ‫ ِيْسغ‬ٚ‫ ًنا ٌ ِبحِهّٰللًٕنح ٌع ِهّٰللٍُٗم ط ِهّٰللو ُمل ج ْس‬ٛ‫ا ٌُٗم ل ْس‬ٛ‫مُم‬


“Аны менен жылуу жумшак сүйлөшкүлө, балким анын акылы
ордуна келер, же коркор.”582
Имам Газали “Ихяу улумид-Дин” аттуу чыгармасында ушул аң-
геме баяндалган: “Бир киши Аббаси калыйпаларынан болгон Мемунга
абдан катуу түр менен үгүт-насаат айта баштады. Мемун:
– Таксырым, өзүңдү кармап токтолуп туруп, жакшы сөз менен
айтып түшүндүр. Анткени Алла таала сенден дагы жакшысын менден
дагы жаманына жибергенде, ага жылуу сөз менен сүйлөшүүнү буюруп:
“Аны менен жылуу жумшак сүйлөшкүлө. Балким (ушул себептен)
анын акылы ордуна келер, же коркор,” – деп айкан.
Маанилүү болгон нерсе – ишендирүү. Андыктан элдин аң-сези-
мин ойготуп туура жолду көрсөтүү милдети жылуу сөз жана жумшак
мамиле менен аткарылышы керек.

581
Нахл сүрөсү, 116-аят.
582
Та-ха сүрөсү, 44-аят.

510
Бир жаш жигит пайгамбарыбызга келип:
– Оо, Алланын расулу! Башкалар менен ойноштук кылуума урук-
сат бересиңби? – деп тайманбай сурайт. Ал жерде тургандар: “Бул эмне
деген адепсиздик?” – деп чурулдап жиберишет. Пайгамбарыбыз:
– Жигитти коѐ бергиле, жаныма келсин, – деп буюрат. Тиги жи-
гит жакындап келет. Пайгамбарыбыз:
– Сенин энең менен башка кишинин ойноштук кылышын каалай-
сыңбы? – деп сурайт. Жигит:
– Жок, каалабайм, оо, Алланын расулу! Жанымды сага садага ча-
байын! – деп жооп берет. Пайгамбарыбыз:
– Мына, ошол сендей эле кишилер башка кишилердин энелери
менен ойноштук кылышын жактырышпайт, – деп эскертүү менен:
– Кызыңдын ойношун каалайсыңбы? – деп өзүнө дагы суроо уза-
тат. Тиги жигит:
– Жанымды сага садага чабайын, каалабайм, оо, Алланын расулу!
– деп айтат. Пайгамбарыбыз:
– Кишилердин бардыгы сен сыяктуу эле башкалардын кыздары
менен ойноштук кылышын каалашпайт, – деп буюрат. Андан кийин:
– Каарындашың үчүн муну каалайсыңбы? – деп сурайт кайрадан.
Жаш жигит:
– Жанымды сага садага чабайын, каалабайм, оо, Алланын расулу!
– дейт. Ушундан кийин пайгамбарыбыз касиеттүү колдорун жаш жи-
гиттин көкүрөгүнө коюп:
– Оо, Алла таалам! Бул жигиттин көңүлүн тазарт, күнөөсүн ке-
чир, абийирин сакта жана ага ойноштукту бардык нерседен жаман көр-
сөт, ойноштуктан жийиркент, – деп дуба окуйт. Пайгамбарыбыздын
бул дубасынан кийин ал жигиттин жан-дүйнөсүндөгү эң начар нерсе
ойноштук болуп калды.583
Мынакей, үгүт-насаат жана осуяттагы эң таасирдүү ыкма. Жак-
шылыкты буюруп, жамандыкка тыюу салган киши сабырдуу болууга
тийиш. Абдан ырааттуу тартип менен иш кылышы керек. Айткандарын
өзү да аткарышы абзел. Айткан үгүт-насааты менен осуятынын ишен-
дирүүчү жана таасирдүү болушу үчүн аларды алгач өзү ишке ашыры-
шы керек.
Ичкилик ичкен кишинин башка бирөөгө “Ичкилик – арам, ден-
соолукка зыяндуу” деп үгүт-насаат айтышы канчалык таасирдүү боло
алат? Ушундан улам Алла таала ыйык Куранда мындай деп буюрган:

583
Ахмед бин Ханбел, 5-том, 265-бет.

511
‫ْ ۝ و ُم ِ ْسمطًنح ِب ْسٕل ِهّٰلل ِب‬ٍٛ‫ْ ِح ا ض ْسفع ُم‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫ج ٌِبُ ضمُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
‫ج ِح ا‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫جا ج ْسْ ضمُم‬
ٍْٛ‫ض ْسفع ُم‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Кыла албай турган иштериңерди
эмнеге айтасыңар? Алла тааланын алдындагы эң чоң күнөө – кыла
албай турган нерселериңерди айтышыңар.”584
Алла таала Шуайб алайхис-саламдан кабар берип, анын жиберил-
ген коомчулугуна мындай деп айтканын эскерген:

ُۜ‫حى ْسُمُ ْسُٕٗم‬ٙ‫ ِح ٓ جْٔس‬ٌٝ‫ِح ٓ جُمر ُمل ج ْسْ ج ُم حٌِبفى ْسُمُ ِبج‬ٚ
“Силер үчүн тыюу салган нерселеримди өзүм (бузуп) кылып
кайра силерге каршы чыккым келбейт.”585
Алла таала башка кишилерге айткан насаатын өздөрү аткара ал-
багандарга мындай деп эскерткен:

ٍْٛ‫ض ْسع ِبم ُم‬ ‫ْ ج ْسٌىِب طحخُۜ ج‬ٍٛ‫ج ْسٔ ُمط ْسُ ض ْسط ُم‬ٚ ُ‫ْ ج ْسٔفُمضى ْسُم‬ٛ‫ض ْسٕض ْس‬ٚ ‫ْ جٌِٕهّٰللحس ذِبح ْسٌ ِب ِب ِهّٰلل‬ٚ‫جضحْس ُمِ ُمل‬
“(Оо, аалымдар!) Силер китепти окуп, чындыктарды билип
туруп, адамдарга жакшылыкты буюруп, өзүңөрдү унутуп калып
жатасыңарбы?”586
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Кыямат күнү бир киши
алынып келип, тозокко киргизилет. Ичегилери чубалып сыртка чыгып
кетет жана ошол абалында тегирменди айланткан эшек сыяктуу ай-
ланат. Тозоктогулар анын жанына чогулушуп:
– Оо, баланча, бул абалың эмне? Бизге жакшылыкты буюруп,
жамандыктан баш тарттырган сен эмес белең? – дешет. Ал болсо:
– Ооба, мен жакшылыкты буюрат элем, бирок аны (өзүм) кылчу
эмесмин. Жамандыкты тыяр элем, бирок аны өзүм жасачумун, –
дейт.”587
Мейли, айтылган үгүт-насаат менен осуяттын таасирдүү болушу
үчүн болсун, мейли, айткан кишинин жоопкерчиликтен кутулуп, кыл-
ган кызматына акы алышы үчүн болсун, башкаларга айткан үгүт-на-
саатына өзү да баш ийиши жана ишке ашырышы керек. Мына, ушул
584
Сафф сүрөсү, 2-3-аяттар.
585
Худ сүрөсү, 88-аят.
586
Бакара сүрөсү, 44-аят.
587
Муслим, Зухд, 7.

512
жакшылыкты буюруу жана жамандыктан баш тарттыруу боюнча элдин
аң-сезимин ойготуу милдетин аткарган кишилерде жогоруда түшүндү-
рүлүп кеткен ушул сапаттар болууга тийиш.
в) Жамандыкка каршы чара көрүүнүн үчүнчү жолу болсо – жа-
мандыкты чындап жек көрүп, аны таптакыр жактырбагандыгын жана
колдобой турганын билгизүү. Бул ыймандын эң төмөнкү даражасы.
Жогорудагы хадисте белгиленип кеткендей мамлекет менен эл
бирге күрөшсө, жамандыктар жоюлат жана коомдун бейпил турмушу
камсыз кылынган болот. Коом бул милдетин аткарбай, зарылсыз нерсе
катары эсептесе, жамандык жайылат жана бул бир гана жамандыкты
кылгандарга эмес, бүтүндөй коомго терс таасир тийгизет. Болору бо-
луп, боѐсу кангандан кийин өкүнүү да эч кандай пайда алып келбейт.
Пайгамбарыбыздын бул маселе жөнүндөгү төмөнкү эскертүүсүн
дайыма көңүлгө түйүп жүрүшүбүз керек. Ал мындай деп буюрган:
“Алла таала койгон чектен чыкпаган киши менен бул чекке көңүл да
буруп койбогон киши мына бул коомго окшойт. Алар кемедеги орунда-
рын чүчү кулак кармап бөлүшүшөт. Бир бөлүгү кеменин үстүңкү каба-
тынан, бир бөлүгү да алдыңкы кабатынан жай алышат. Төмөнкү ка-
батка жайгашкандар суу алыш үчүн жогоруга чыгышканда, үстүңкү
кабаттагылардын жанынан өтүшөр эле. Бир күнү алар: “Чүчү кулак
кармаганда үлүшүбүзгө түшкөн астыңкы кабаттагы жерибизден бир
тешик ачсак (ушундайча бул тешиктен ичкериге кирген суудан алсак)
да, жогорудагылардын тынчын албасак,” – дешет. Бирок үстүңкү ка-
баттагылар каалаганын кылышсын деп, буларды жөн коѐ турган бол-
со, (кеменин ичине суу толуп чөгөт жана) баары чөгүп өлүшөт. Эгерде
аларды (кеменин чөгүшүнө себеп боло турган) бул кооптуу иштен баш
тарттырыша турган болсо, андан өздөрү да кутулушат. Аларды да
куткарган болушат.”588
Пайгамбарыбыз коомдогу терс көрүнүштөргө карата эскертүү
милдетин аткарбаган кишилердин акырында ал коом менен бирге кан-
дайча жок болуп кетишерин ушундай сонун мисал менен билдирип кет-
кен.
Бир кишинин пайгамбарыбыздын алкоосуна татыктуу чыныгы
бир мусулман боло алышы үчүн анда айрым бийик ахлактык сапаттар
болууга тийиш. Буларды кыскача төмөнкүдөй корутундулоого болот:
Мусулман боорукер болот
Ал адамдар менен кошо эле бардык башка жандууларды сүйүп,
аларга мээримдүү мамиле жасайт. Эч кимди капа кылбайт. Муктаж

588
Бухарий, Шарика, 6.

513
болгондорго жардам көрсөтөт. Мындай кишиге Алла таала да ырайым
кылат.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Ырайым кылгандарга
Алла да ырайым кылат. Көк жүзүндөгүлөр силерге ырайым кылсын де-
сеңер, силер да жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла.”589

ُ‫ِ ْسٓ ا ْسلق ْسُ ا ُم ْسلق ْس‬


“Ырайым кылбаганга ырайым көрсөтүлбөйт.”590
Чыныгы бир мусулман адамдарга гана эмес, башка жандууларга
да боорукердик менен мамиле кылып, жан-жаныбарларга мээримин
төгөт. Алла таала жараткан жандууларына боорукердик менен мамиле
кылгандардын күнөөлөрүн кечет.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Күндөрдүн биринде бир
киши жолдо баратып аябай суусайт. Акырында бир кудук таап, анын
ичине түшүп, суу ичип чыгат. Ошол мезгилде бир ит тилин чыгарып
акактап, суусаганынан нымдуу топуракты жалап турган экен. Ал ки-
ши муну көрүп: “Бул байкуш ит да мендей болуп катуу суусаган экен,”
– деп, дароо кудукка кайра түшүп, маасысына суу толтуруп, аны ти-
ши менен тиштеп, кудуктан чыгат жана итке суу ичирет. Анын бул
мамилесине Алла таала ыраазы болуп, анын күнөөлөрүн кечет.
Сакабалар пайгамбарыбыздан:
– Оо, Расулалла! Жан-жаныбарлардан да биз үчүн сооп барбы? –
деп сурашат.
– Ар бир жандууга жакшылык кылсаңар, сооп болот, – деп
буюрат.”591
Динибиз адамдардын гана эмес, жан-жаныбарлардын акыларына
да сый-урмат көрсөтүлүшүн, аларга мээрим төгүп, кайрымдуулук ме-
нен мамиле кылууну буюрат. Жан-жаныбарлар адамдардын пайдасы
үчүн жаратылган. Ар бир жаныбарды жаратылышына ылайыктуу түрдө
пайдаланып, аларды мындан сырткаркы максаттар үчүн колдонбоо ке-
рек. Үй айбандарынын учурунда тамактанышына көңүл буруп, аларды
ачка жана суусуз калтырбоо керек.
Пайгамбарыбыз ачкачылыктан курсагы кабышып калган бир төө-
нү көрүп: “Мына бул тилсиз жаныбарладын убалы боюнча Алла таала-

589
Абу Давуд, Адеп, 66; Тирмизий, Бирр, 16.
590
Бухарий, Адеп, 18.
591
Бухарий, Адеп, 27; Муслим, Салам, 41.

514
дан корккула, аларды семиртип туруп мингиле, эттерин (пайдалангы-
ңар келсе) да семиртип туруп (союп) жегиле,”592 – деп буюрган.
Жан-жаныбарларды күчү жетпеген иштерге салып чарчатуу, алар-
ды башка чабуу, жабыркатуу, ачка жана суусуз калтыруу боорукердик-
ке жатпайт. Мындай мамиле дартын түшүндүрө албаган жаныбарлар
үчүн наадандык болуп саналат. Ал эми Алла тааладан башка коргоо-
чусу болбогон бул жандууларга ырайымсыздык менен аѐосуз түрдө ма-
миле кылуунун жазасы абдан оор.
Азирети Абу Бекирдин кызы Эсма мындай деп эскерген: “Ази-
рети пайгамбарыбыз күн тутулган күнү кусуф намазын окугандан ки-
йин мындай деп буюрду:
– Мага намазда тозок көрсөтүлдү. Тозоктун оту мага ушунча-
лык жакындап калган эле, мен “Оо, Алла таалам! Мен да тозоктогу-
лар (отко ыргытылгандар) менен биргеминби?” деп карбаластап кет-
тим. Ал жерден бир аялды көрдүм. Бул аялдын бети-башын бир мы-
шык тыткылап жатты.
– Бул аялдын күнөөсү эмне? – деп азап периштелерине сурасам:
– Бул аял дүйнөдө бир мышыкты ачка боюнча өлгөнгө чейин ка-
мап салган, – деп жооп беришти.”593
Канаттуу-куштардын уяларынын бузулушу, балапандарынын уя-
ларынан алынып, энелерине чый-пыйы чыгып чебелектеп аларды изде-
шине себеп болуу да туура эмес.
Ибн Аббас мындай деп эскерген: “Бир жолу пайгамбарыбыз ме-
нен бирге сапарда болчубуз. Конуп эс алган жерибизден эки балапанды
көрүп, аларды алып алган элек. Аңгыча болбой балапандардын энеси
келип, биздин үстүбүздөн чыйпылыктап айланып, такыр кетпей койду.
Бул абалды көргөн пайгамбарыбыз: “Балапандарын алып, бул кушту
ким сыздатты? Балапандарын ага бергиле!” – деп буюрду.”594
Жан-жаныбарлардын көпчүлүгү биздин пайдабыз үчүн жаратыл-
ган. Бирок аларды пайдалануу максаты менен эмес, жөндөн жөн өлтү-
рүү туура эмес. Азирети пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Кимде-
ким себепсиз эле бир таранчыны өлтүрө турган болсо, ал макулук кыя-
мат күнү: “Оо, Раббым! Баланча киши мени пайдаланыш үчүн эмес,
жыргалчылыгы үчүн өлтүрдү,”595 – деп Алла таалага даттанат.”
Чыныгы мусулман жан-жаныбарларга кордук көрсөтүүдөн жана
жабыр тарттырып жанын кыйноодон алыс болууга тийиш. Айрым жер-
592
Абу Давуд, Жихад, 47.
593
Бухарий, Мусакат, 9.
594
Абу Давуд, Жихад, 112.
595
Насаи, Дахайа, 8.

515
лерде жаныбарларды алыштырып-уруштуруу сыяктуу абдан начар үрп-
адаттар бар. Жаныбарларды бири-бири менен алыштырып коюп анан
аларды маашыркап карап туруу – жаныбарларга кордук көрсөтүүнүн
бир башка түрү болуп саналат. Азирети пайгамбарыбыз жаныбарларды
бири-бири менен уруштурууга тыюу салып,596 жан-жаныбарларга кор-
дук жана запкы көрсөткөндөрдү каргаган.597
Абдуллах бин Өмөр бир күнү тооктуу бута коюп алып, аны жаа-
нын огу менен атып жаткан балдардын жанынан өтүп бараткан эле. Бул
балдар Абдуллахты көргөндө, тарап кетишет. Муну көргөн Абдуллах:
“Бул тоокту ким бута кылып койду? Акылыңарга түйүп алгыла, азирети
пайгамбарыбыз тоок же кандайдыр бир жаныбарды бута коюп өлтүр-
гөн кишини каргады,”598 – деген.
Тоок өңдүү канаттууларды канатынан, айрым жаныбарларды да
шыйрагынан кармап сүйрөө аркылуу аларга кордук көрсөтүүдөн сакта-
ныш керек. Жан-жаныбарларга карата да абдан боорукердик менен ма-
миле жасаган пайгамбарыбыз суу куюлган идишти эңкейтип, мышык-
тарга суу ичирген.599
Пайгамбарыбыздын жолун уланткан ата-бабаларыбыз да жаны-
барлардын акыларын бекем коргошкон. Алардын жеми, суусу, сарайы,
ал тургай дем алуулары үчүн мал-мүлктөрүнүн бир бөлүгүн кайыр бе-
ришкен. Бул темадагы көптөгөн мисалдын бири катары – көз уялткан
көркөм чыгармалары аркылуу түрк тарыхынын алтын барактарына аты
жазылган чыгаан архитектор Синандын Түркиянын Кайсери аймагына
караштуу Агырнас айылында Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн сал-
ган суу түтүгүгүнө жакын жердеги узундугу 260 метр, туурасы 160
метр келген өзүнүн талаасын түтүккө суу ичүү үчүн келген малдын эс
алышы үчүн багышташын айтсак болот.600
Мусулман киши жан-жаныбарларга карата боорукердик менен ма-
миле кылса, Алла таала да ага ырайымын көрсөтөт. Пайгамбарыбыздын
бул сөздөрүнө кулак салалы. Ал мындай деп буюрган: “Ырайым кыл-
гандарга Алла да ырайым кылат. Көк жүзүндөгүлөр силерге ырайым
кылсын десеңер, силер да жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла.”601

596
Абу Давуд, Жихад, 56; Тирмизий, Жихад, 28.
597
Насаи, Дахайа, 8.
598
Бухарий, Забаих, 25.
599
Жамиус-сагир, “Кане” темасы.
600
Mimarbaşı Koca Sinan Yaşadığı Çağ ve Eserleri, 19-бет.
601
Абу Давуд, Адеп, 66; Тирмизий, Бирр, 16.

516
Мусулман чынчыл болот
Туура сүйлөгөн, өзүнө сөзү төп келген киши элдин арасында ур-
мат-сыйга татып, ага ишеним көрсөтүлөт. Чынчылдык – коомдо киши-
лердин бири-бирине болгон ишенимин камсыз кылган абдан жакшы
бир мүнөз. Ахлактын негизи да – чынчылдык. Чынчылдык бир мусул-
манда болушу керек болгон жакшы мүнөздөрдүн да биринчиси болуп
эсептелет. Кудуреттүү Алла таала мындай деп буюрган:

‫ ْسغف ْسِبل‬ٚ ُ‫ُم ْس ٍ ْسِبف ٌى ْسُمُ ج ْس ّحٌى ْسُم‬ ‫۝‬ ْۙ‫ ًنا صل ًنلج‬ٛ‫ج ل ْس‬ٛ‫ٌُم‬ٛ‫لُم‬ٚ ‫ج ِهّٰللجا‬ٛ‫ج جض ِهّٰللمُم‬ٛ‫ح جٌ ِهّٰلل ٓ جُِٕم‬ٙ‫ح ٓ ج ِهّٰللُم‬
ُُۜ‫ذى ْسُم‬ٛ‫ٌى ْسُمُ ُمُٔم‬
“Оо, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана туура сөз-
дү сүйлөгүлө. Анткени мындай кылсаңар, Алла иштериңерди оң-
дойт жана күнөөлөрүңөрдү кечирет.”602
Пайгамбарыбыз да мындай деп буюрган: “Чынчылдыктан тай-
багыла. Анткени чынчылдык жакшылык менен бирге болот. Чынчыл
жана жакшы кишилер бейиште болушат. Жалгандан сактангыла.
Анткени жалган жамандык менен бирге болот. Жалганчылар менен
жамандар тозокто болушат.”603
Мусулман эмгек жолунда да чынчылдыктан тайбайт.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫َ ج ْسٌمِبححِ ِبس‬ٛ‫لج ِبء ْس‬ٙ‫جٌغ‬


‫ق ج ْسٌ ُمّ ْسضٍ ُمِبُ ِ ِهّٰللُم‬ٚ
‫حؾ ُمل جا ِبِ ُم جٌ ِهّٰلل ُمل ُم‬
‫جٌطِهّٰلل ِب‬
“Чынчыл жана ага ишенилген мусулман соодагер кыямат күнүн-
дө шейиттер менен бирге болот.”604
Мусулман жоомарт болот
Чыныгы мусулман Алла таала ага кандай байлык берсе, ал да му-
нун бир бөлүгүн бей-бечараларга, колунда жокторго жана ага муктаж
болгон кишилерге берип, алардын кыйынчылыктарын жеңилдетип,
ыраазычылыгын алат. Ал муну менен эң жаман мүнөздөрдүн бири бол-
гон сараңдыктан жан-дүйнөсүн тазалаган болот. Боордоштук сезими-
нин бекемделишине, коомогу тынчтыктын өкүм сүрүшүнө көмөкчү
болот. Алла таала мындай деп буюрган:

602
Ахзаб сүрөсү, 70-71-аяттар.
603
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 3/591.
604
Ибн Мажа, Тижарат, 1.

517
ُْۜٛ‫ج ِب ِهّٰللمح ُم ِبُت ِهّٰللرُم‬ٛ‫ج ج ْسٌ ِب ِهّٰلل ق ِهّٰلل۪ت ضُم ْسٕ ِبفمُم‬ٛ‫ٌ ْسٓ ضٕحٌُم‬
“Жакшы көргөн нерселериңерден (Алла жолу үчүн) сарптаба-
саңар, албетте чыныгы жакшылыкка жете албайсыңар.”605
Пайгамбарыбыз да мындай деп буюрган: “Жоомарт киши Алла
таалага жакын, бейишке жакын, адамдарга да жакын, тозоктон
алыс болот. Сараң болсо, Алла тааладан алыс, бейиштен алыс, адам-
дардан алыс, тозокко жакын болот. Жоомарт болгон түркөй киши
Алла тааланын алдында дайыма ибадат кылган сараң кишиден дагы
сүймөнчүктүү.”606
Мусулман киши жөнөкөй болот
Чыныгы мусулман башка кишилерди кемсинтпейт, алардын ал-
дында манчыркап бой көтөрбөйт. Өзүн бийик сезип, башка кишилерди
кемсинткен киши коомго жакпайт жана жек көрүндү болот. Мындай
кишилерди Алла таала да сүйбөйт. Алла таалага да, адамдарга да жак-
паган киши болуудан сактанышыбыз керек.
Чыныгы мусулманга жарашкан нерсе – карапайым болуу, башка-
лар менен жакшы мамиледе болуп, алардын жек көрүүсүнө себеп бол-
гон кыймыл-аракеттерден сактануу. Алла таала мындай деп буюрган:

‫ا ض ْسّ ِبظ ِب ْسجا ْسر ِبا ِل ًنقحُۜ ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا ا ُمُي ِهّٰللُم‬ٚ ‫ا ضُم ِهّٰللع ْسِبل ِهّٰلللن ٌِبٍِٕهّٰلل ِبحس‬ٚ
‫ِبد و ِهّٰللُمً ُم ْسُمط ٍحي‬
‫ ٍر‬ٛ ‫ُم‬
“Адамдарды кемсинтип, далыңды салба жана жер жүзүндө
чалкалап төшүңдү көтөрүп баспа. Чындыгында, Алла таала мен-
менсинип мактанган кишини сүйбөйт.”607
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Кимде-ким мусулман боор-
дошуна жөнөкөй мамиле кылса, Алла таала ал кишинин кадырын жо-
горулатат. Кимде-ким мусулман боордошуна текеберленип, аны тең-
синбесе, Алла таала да аны төмөндөтөт.”608

‫ جق ٌدل ٰل‬ٝ‫ ا ْسرغِب‬ٚ ‫ج ق ِهّٰلل۪ت ا ْسف ل جق ٌدل ٰل جق ٍل‬ٛ‫جض ُمع‬ٛ‫ ْسْ ض‬ٝ‫ ِبئٌ ِهّٰلل‬ٝ‫ق‬ٚ‫ِبئ ِهّٰللْ ِهّٰللجا ْس‬
‫جق ٍل‬
605
Али Имран сүрөсү, 92-аят.
606
Тирмизий, Бирр, 40.
607
Локман сүрөсү, 18-аят.
608
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 5/561 (Хадисти Таберани айтып берген).

518
“Акыйкатта, Алла таала мага силердин карапайым болушуңар-
ды билдирди. Эч бир киши башка кишилерге мактанбасын жана эч ким
башка кишиге кордук көрсөтүп, зордук-зомбулук кылбасын.”609
Мусулман кечиримдҥҥ болот
Өзүнө жасалган бир жамандыкка карата кечиримдүүлүк менен
мамиле кылуу жана жамандык кылганды кечирүү – чыныгы момундук
сапаттардын бири. Чындыгында, аша чаап кетпей адилетсиздикке жооп
кайтаруу жайыз болсо да, мындан баш тартуу албетте андан да жакшы-
раак. Алла таала мындай деп буюрган:

‫ْ ج ْسْ ْسغفِبل ِهّٰلل ُم‬ٛ‫جُۜ جا ُم ِبُت ِهّٰللرُم‬ٛ‫ ْسٌح ْس ف ُمك‬ٚ ‫ج‬ٛ‫ ْسٌح ْسعفُم‬ٚ
ُُۜ‫جا ٌى ْسُم‬
“... Кечирим кылышсын, акыларынан баш тартышсын. Алла-
нын силерге кечирим көрсөтүшүн каалабайсыңарбы?”610
Пайгамбарыбыз да:

‫ ِبجاِهّٰلل ِب ِهّٰللزًنج‬ٍٛ ‫جا ْسر ًنلج ذِبع ْسف‬


‫ ِح زج ِهّٰلل ُم‬ٚ
“Алла таала кылмышты кечиргендин кадыр-баркын гана көтө-
рөт,” – деп буюрган.
611

Мусулман дин боордошунун муктаждыктарын камсыз кылат


Чыныгы мусулман жардамга муктаж болгон кишилерге колунан
келишинче андан эч кандай пайда күтпөстөн, Алла тааланын ыраазы-
чылыгы үчүн гана жардам берет, алардын кыйынчылыктарын жоюуга
аракет кылат.
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган: “Мусулман мусулмандын
бир тууганы. Ага кордук көрсөтпөйт, ырайымсыздын колуна ташта-
байт. Кимде-ким мусулман боордошунун муктаждыгын камсыз кылса,
Алла таала да ага жардам берет. Кимде-ким мусулмандын бир кыйын-
чылыгын жойсо, Алла таала да кыямат күнү кайгыларынын бирөөнү
андан алат. Кимде-ким дин боордошунун кемчилигин жашырса, Алла
таала да кыяматта анын кемчилигин жашырат.”612

609
Ибн Мажа, Зухд, 23; Абу Давуд, Адеп, 48.
610
Нур сүрөсү, 22-аят.
611
Муслим, Бирр, 19.
612
Бухарий, Мазалим, 3; Муслим, Бирр, 15.

519
Мусулман жалган сҥйлөбөйт
Жалган – бул бир кишинин билгенинин тескерисин айтышы де-
генди түшүндүрөт. Жалганчынын ичи-тышы бирдей болбойт. Жалган-
чылар болгон коомдо адамдар бири-бирине ишене алышпайт. Ишеним
болбогон жерде бейпилчилик менен тартип болбойт. Жалганчылык –
мусулманга таптакыр жарашпаган абдан начар мүнөз, руханий бир ил-
дет. Жалганчы бул дүйнөдө да, акыретте да шылдың болот.
Пайгамбарыбыз жалганчынын бара турган жеринин тозок экенди-
гин мындай деп билдирген: “Жалгандан качкыла, анткени жалган жа-
мандыкка, жамандык да адамды тозокко алып барат. Киши жалган ай-
та берип, Алла тааланын алдында жалганчылардан болуп жазылат.”613
Мусулман ушак айтпайт, башка кишилерди жамандабайт
Ыйык Куранда мусулмандардын бири-бирин жамандашына тыюу
салынган жана мунун өлгөн кишинин этин жегендей деңгээлдеги өтө
ыплас бир кыймыл-аракет жана жийиркеничтүү адат экендигин бил-
дирген.614
Тирүү кишилерди ушактоо күнөө болуп эсептелет. Ошону менен
бирге өлгөн кишилерди ушактоо да туура эмес. Динибиз өлгөн киши-
нин жамандыктарын айтуудан сактанып, жакшылыктарын айтышы-
бызды сунуш кылган. Пайгамбарыбыз буга байланыштуу мындай деп
буюрган:

ُ‫ ْس‬ٙ‫ ِب‬ٚ‫ج ْسٓ ِضح ِب‬ٛ‫ ُمو ِهّٰللُمف‬ٚ ُ‫ضحو ْسُم‬ٛ‫ج ِبحصٓ ِ ْس‬ٚ‫ج ُم ْسو ُمُمل‬
“Өлгөндөрүңөрдүн жакшы жактарын эскергиле, жамандыкта-
рын айткандан тартынгыла.”615
Мусулман эч кимди алдабайт
Мусулман киши дайыма убадасында турат жана иш-аракеттерин-
де да чынчыл болуп, эч кимди алдабайт. Бул – чынчыл болуунун зарыл-
дыгы. Чындыктарды бурмалап башкача көрсөтүп, мусулмандарды
алдоо – да өтө жаман сапат жана жагымсыз аракет.
Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз базарда жыйылып турган
дандын жанынан өтүп бара жатып, колун бул үймөктүн ичине салса ко-
лу нымдашып чыгат.
– Оо, дандын ээси, бул эмнең? – деп сурайт. Тиги киши:

613
Бухарий, Мазалим, 3; Муслим, Бирр, 15.
614
Хужурат сүрөсү, 12-аят.
615
Абу Давуд, Адеп, 50.

520
– Жамгыр жааганда суу болуп калды, оо, Алланын расулу! – деп
жооп бергенде, пайгамбарыбыз:
– Нымдуу бөлүгүн дандын үстүнө койсоң, адамдар көрсө бол-
бойт беле? Бизге көз боѐмочулук кылган, бизди алдаган бизден эмес,616
– деп буюрган.
Мусулман чагымчылык кылбайт
Чагымчылык – бул бир кишиден уккан сөзүн башка бирөөгө ай-
тып баруу аракетин түшүндүрөт. Ал адамдардын ортосундагы өз ара
мамиленин начарлашына жана коомдо бейпилчиликтин бузулушуна
себеп болгон абдан начар жана зыяндуу бир адаттардын бири. Чагым-
чылыкка динибиз тарабынан да катуу тыюу салынган. Ар бир мусул-
ман мындан оолак болууга тийиш. Пайгамбарыбыз мындай деп буюр-
ган: “Ичи тардык, чагымчылык жана көзү ачыктык кылгандар менден
эмес, мен да алардан эмесмин.”617
“Чагымчылык кылган бейишке кире албайт.”618
Мусулман аманатка кыянат кылбайт
Мусулман адам өзүнө убактылуу сакташы үчүн тапшырылган
нерсени коргоп, аманатка кыянат кылбайт. Бул аманат кишилерге, же
мамлекетке таандык бир мүлк болушу мүмкүн. Ошондой эле аткары-
лышы керек болгон бир милдет да болушу мүмкүн.
Аманат кылынган мүлктү сактоо, берилген милдетти аткаруу –
ахлактык бир милдет жана динибиздин буйругу. Амантка кыянат кыл-
гандар чыныгы мусулман боло алышпайт. Аманатка кыянат кылуу –
мунапыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси.
Пайгамбарыбыздын төмөнкү хадисине көңүл буралы, ал мындай
деп буюрган:

‫آ سُم ج ْسٌ ُمّٕح ِبِبك غ ٌد‬


ْ‫ ِبئ ج ج ْسؤضُم ِبّٓ ح‬ٚ ‫ ل ْس ٍف‬ٚ ‫ ِبئ ج‬ٚ ‫ظ ِبئ ج ق ِهّٰلللظ و خ‬
“Мунапыктын үч белгиси бар:
Сүйлөсө, жалган сүйлөйт.
Убада берсе, убадасында турбайт.
Ага бир нерсе аманат кылынса, ага кыянаттык кылат.”619

616
Муслим, Иман, 43.
617
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 3/499 (Хадисти Таберани айтып берген).
618
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 3/499 (Хадисти Таберани айтып берген).
619
Бухарий, Иман, 24; Муслим, Иман, 25.

521
Мойнубузга алган мамлекеттик кызматтар да аманат болуп эсеп-
телет. Аманаттардын ээсине берилиши, ишти билген кишилердин кыз-
матка коюлушу – Алла тааланын буйругу. Ыйык Куранда мындай деп
буюрулган:

‫ج‬ّٛ‫ ِبج ج قى ْسّ ُمط ْسُ ذ ْس جٌِٕهّٰلل ِبحس ج ْسْ ْسُتى ُمُم‬ٚ ْۙ‫ح‬ٙ‫ ج ْسٍِ٘ب‬ٌٝٓ‫حش ِبج‬
‫ج ْسجاِحٔ ِب‬ٚ‫ِبج ِهّٰللْ ِهّٰللجا حْس ُمِ ُملو ْسُمُ ج ْسْ ضُمإ ِهّٰللُم‬
ُۜ ‫ذِبح ْسٌعل ِب‬
‫ْسي‬
“Чындыгында Алла силерге аманаттарды ээлерине бериши-
ңерди жана адамдардын арасында бийлик жүргүзгөн мезгилде ка-
лыстык менен бийлешиңерди буюрат.”620
Мамлекеттик иштердин жана элге таандык кызматтардын адис
кишилерге берилиши жана коомдо адилеттүүлүктүн камсыз кылыны-
шы – элдин бейпилчилиги менен мамлекеттин түбөлүктүүлүгү үчүн
зарыл. Олуттуу иштердин аны билбеген кишилерге тапшырылышынын
жаман натыйжасы тууралуу пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ ْس ِب ج ْس٘ ِبٍ ِبٗ حْٔسط ِبظ ِبل ِهّٰلل‬ٌٝ‫ ِبِهّٰللصل ْسجا ْسِ ُمل ِبج‬ٚ‫ِبج ج ُم‬
‫جٌضح س‬
“Иш билбеген кишиге берилген кезде кыяматты күт.”621
Элдин ишин аткарган милдеттүү жана жооптуу кишилер үчүн
бул сөз – өтө маанилүү бир эскертүү.
Мусулман тополоң чыгарбайт
Бир мусулман адамдардын өз ара мамилесин буза турган сөздөр-
дөн алыс болууга тийиш. Ошондой эле коомчулуктун бейпилчилигин
бузган, адамдарды бири-бири менен араздаштырып, элдин бөлүнүп-
жарылууларына себеп боло турган сөз жана кыймыл-аракеттерден да
сактанышы керек.
Ыйык Куранда мусулмандардын тополоң чыгаруудан, бөлүп-жа-
руучулуктан сактанышы талап кылынган жана тополоң чыгаруунун ки-
ши өлтүрүүдөн дагы жаман экендиги мындайча билдирилген:

ً‫ج ْسٌ ِبف ْسطٕسُم جع ِهّٰللُمل ِبِٓ ج ْسٌم ْسط ِب‬ٚ


“Тополоң чыгаруу – киши өлтүрүүдөн да жаман.”622

620
Ниса сүрөсү, 58.
621
Бухарий, Рыкак, 35.
622
Бакара сүрөсү, 191-аят.

522
ًُۜ‫ج ْسٌ ِبف ْسطٕسُم ج ْسو ُم ِبِٓ ج ْسٌم ْسط ِب‬ٚ
“Тополоң чыгаруу – киши өлтүрүүдөн да чоң күнөө.”623
Түшүнүшпөстүк жана бөлүнүүчүлүк – тек гана бир кишиге жа-
салган жамандык эмес, бүтүндөй эл-журтка карата жасалган бир кыл-
мыш, эң чоң күнөө.
Мусулмандардын ынтымагы жана биримдиги үчүн талбай кү-
рөшкөн пайгамбарыбыз бул ынтымакты бузууга аракет кылгандардын
кайгыга кабылышарын билдирген. Ал мындай деп буюрган:

‫ِ ْسٓ ِهّٰلللق ٍ ْسحش ِبِِٕهّٰللح‬


“Бөлүүчүлүк кылган бизден эмес.”624
Мусулмандын милдети – ынтымакка залакасын тийгизе турган
сөз жана кыймыл-аракеттерден этият болуу, таарынгандарды жарашты-
рып, коомдун бейпилчилигине жана элдин биримдигине салым кошуу.
Кудуреттүү Алла таала мындай деп буюрган:

ُ‫ ْسى ْسُم‬ٛ ‫ج ذ ْس ج‬ٛ‫زٌد ح ْس ٍ ُمِبك‬ٛ ‫ْ ِبج ْس‬ٛ‫ِبجٔ ِهّٰللّح ج ْسٌ ُمّ ْسإ ِبُِٕم‬
“Момундар – бир туугандар. Андай болсо, бир туугандарды
жараштыргыла.”625
Азирети пайгамбарыбыз:
– Силерге орозо, намаз жана садагадан да жогору болгон бир
нерсе тууралуу кабар берейинби? – деп сурайт.
– Ооба, бер – деп жооп беришет. Пайгамбарыбыз:
– Эки кишини жараштыруу. Анткени эки кишинин мамилесинин
бузулушу (динди) түп тамыры менен жок кылат.”626
Мусулман уяттуу болот
Айыптоону зарыл кылган нерселерден улам кайгы тартуу – чоң
эрдик. Бул сезим адамды уят кыла турган кылык-жоруктардан оолак
кармайт. Натыйжада эл алдында абийири төгүлүп бет кызарткан оңтой-
суз абалда калбайт.

623
Бакара сүрөсү, 217-аят.
624
Жамиус-сагир, “Мен” темасы.
625
Хужурат сүрөсү, 10-аят.
626
Абу Давуд, Адеп, 58.

523
Киши бир гана адамдардан эмес, Алла тааладан да уялууга ти-
йиш. Эч ким көрбөгөн бир жерде да кандайдыр бир жаман иш жасаба-
шы керек. Анткени каерде болсок да, Алла таала бизди көрөт, сөздөрү-
бүздү угат жана кылгандарыбызды билет.
Ар түрдүү жамандыктарга калкан болгон уялуу сезими – ыйман-
дан келет. Пайгамбарыбыз:

‫ج ْسٌكحح ُمء ِبِٓ ْس ِب‬


‫جا ّحِْب‬
“Уят – ыймандан болот,”627 – деп буюрган.

Мусулман ичи тардык кылбайт


Ичи тардык – башка кишинин ээ болгон ырыскысын кызгануу
жана бул ырыскынын ал кишинин колунан кетишин каалоо. Көптөгөн
жамандыктардын башаты болгон көрө албастык сезими өтө зыяндуу
мүнөздөрдүн бири болуп саналат. Пайгамбарыбыз мусулмандардын
мындан баш тартышын талап кылып, мындай деп буюрган: “Бири-би-
риңерге ичи тардык кылбагыла.”628
Ичи тардык кылган киши соопторун жоготуп, мунун зыянын тар-
тат. Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫حش وّح ضأْسو ُمُمً جٌِٕهّٰلل ُمحر ج ْسٌك د‬


‫ج ْسٌكضل ِبا ِهّٰللْ ج ْسٌكضل أْسو ُمُمً ج ْسٌكضٕ ِب‬ٚ ُ‫ِبئ ِهّٰللحو ْسُم‬
“Ичи тардыктан сактангыла, анткени от отунду жегендей
(күйгүзгөндөй) эле ичи тардык да жакшылыкты жейт, б.а. жок
кылат.”629
Мусулман таарына бербейт
Дүйнөдөгү бүткүл мусулмандар – бир тууган. Бир туугандардын
бири-бирине таарынып, анан жазылбай жүрүүлөрү туура эмес. Таары-
ныч бир туугандык сезимдерин начарлатып, коомдун биримдигине
зыян келтирет. Пайгамбарыбыз:

‫ق غ ٍظ‬ٛ‫ ُمؿل ح ُمٖ ْس‬ٙ‫ا ُي ِهّٰللُمِبً ٌ ُمِبّ ْسضٍ ٍِبُ ْسْ ْس‬
“Бир мусулмандын дин боордошу менен үч күндөн ашык таары-
нып жүрүшү адал болбойт.”630

627
Бухарий, Иман, 15; Муслим, Иман, 12.
628
Бухарий, Адеп, 57.
629
Абу Давуд, Адеп, 52.
630
Бухарий, Адеп, 62; Муслим, Бирр, 8.

524
ٗ‫ وض ْسف ِبه ِبِ ِب‬ٛٙ‫ِ ْسٓ ٘ؿل ح ُمٖ صٕس ًن ُم‬
“Бир киши мусулман боордошу менен бир жыл таарынышып
жүрсө, анын канын төккөн сыяктуу күнөө кылган болот,”631 – деп
буюрган.
Мусулман сабырдуу болот
Сабыр – жакшы бир мүнөз, бийик сапат. Кыйынчылыктарга, оор
абалдарга чыдап, ийгиликке жетишүү сабыр менен гана ишке ашышы
мүмкүн болот. Ал эми кандайдыр бир адилетсиздик жана жамандыктан
кутулуу мүмкүн болуп турса да, буга аракет жасабай, чыдап жүрө берүү
– сабыр эмес, кордук көрүү, бечаралык, сабырды туура эмес түшүнүү.
Кээ бир кырсык-балээлер болот, буларды болтурбоого адамдын
эч кандай кудурет-күчү жетпейт. Мындай абалга дуушар болгондо, кай-
гыга батып капалана бербей, тагдырга моюн сунуп сабыр кылуу жана
мындай окуяларга токтоолук менен мамиле кылуу керек. Мындай учур-
ларда тагдырына моюн сунуп сабыр кылгандарга Алла таала сыйлык
ыйгарат. Ыйык Куранда мындай деп буюрулган:

ٍ ‫ْ ج ْسؾل٘ ْسُمُ ذِبغ ْس ِب قِب ض‬ٚ‫ جٌ ِهّٰلل حذِب ُمل‬ٝ‫ ِهّٰلل‬ٛ‫ِبجٔ ِهّٰللّح ُم‬
‫حخ‬
“Сабыр кылгандарга чексиз сыйлык тартууланат.”632
Мусулман эмгекчил болот
Динибиз адал жана мыйзамдуу жолдордон эмгектенип пайда та-
бууну буюруп, жалкоолукту сүйгөн эмес. Кудуреттүү Алла таала мын-
дай деп буюрган:

‫ ا ض ْسٕش ٔ ِبحره ِبِٓ جٌ ِهّٰللُملْٔسحح‬ٚ


“Дүйнөдөгү насибиңди да унутпа...”633
Пайгамбарыбыз да: “Силердин кайрымдууңар – бул дүйнө үчүн
акыретти, акырет үчүн да бул дүйнөнү таштабаган, экөө үчүн тең
эмгектенген жана башка адамдарга жүк болбогонуңар,”634 – деп бую-
руп, эмгектенүүнүн маанисин билдирген.

631
Абу Давуд, Адеп, 55.
632
Зумар сүрөсү, 10-аят.
633
Кысас сүрөсү, 77-аят.
634
Ажлуни, Кашфул-хафа, 2-том, 169-бет.

525
Пайгамбарыбыз кайра эле:

ْ‫ ٌد‬ٛ‫ ِ ْسغ ُمر‬ٛٙ‫ِح ُمٖ ُم‬ٛ‫ ْس‬ٜٛ‫ِ ِبٓ ْسجصط‬


“Эки күнү бири-бирине окшош болгон киши алданат,”635 – деп
буюруп, мусулмандардын күн сайын алдыга илгерилешинин зарылды-
гын билдирген.
Мусулман улууларга урмат, кичҥҥлөргө ызаат көрсөтөт
Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган:

‫ ْسٕٗ ِبٓ ج ْسٌ ُمّ ْسٕى ِبل‬ٚ ‫ف‬ٚ


‫ حْس ُمِ ْسل ذِبح ْسٌّ ْسع ُمل ِب‬ٚ ‫لِهّٰلل ْسِبل ور ِب ٔح‬ٛ‫ ُم‬ٚ ‫ٌ ْسحش ِبِِٕهّٰللح ِ ْسٓ ٌ ْسُ ْسلق ْسُ غ ِب ٔح‬
“Кичүүлөргө ызаат көрсөтпөгөн, улууларды урматтабаган, эч
кимге жакшылык кылбаган жана жамандык жасаганды токтотпо-
гон киши бизден эмес.”636
Мусулман напсисин башкара алат
Бир киши пайгамбарыбызга:
– Мага бир сунуш бер, – деп кайрылат. Пайгамбарыбыз:
– Ачууланба, – деп буюруп, бул сөзүн бир нече жолу кайталайт.637
Пайгамбарыбыз:
– Силердин оюңарча балбан ким? – деп сурайт. Ал жерде тургандар:
– Эч ким жеңе албаган киши, – деп жооп беришет. Пайгамбарыбыз:
– Жок, чыныгы балбан – ачууланып турганда, ачуусун тыя алган
киши,638 – деп буюрат.

635
Ажлуни, Кашфул-хафа, 2-том, 233-бет.
636
Бухарий, Адеп, 76.
637
Абу Давуд, Адеп, 3.
638
Бухарий, Адеп, 76.

526
АЛТЫНЧЫ БӨЛҤМ
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ
АЗИРЕТИ МУХАММЕД
АЛАЙХИС-САЛАМ
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ӨМҤР-БАЯНЫ
Пайгамбарыбыз туулган доордо дҥйнөдөгҥ жалпы абал
Кудуреттүү Алла таала Өз буйруктары менен тыюу салган нерсе-
лерин адамдарга кабарлап, бул дүйнөдө жана акыретте бак-таалайга
жетүүнүн жолун көрсөтүү үчүн биринчи пайгамбар Адам алайхис-са-
ламдан баштап көптөгөн пайгамбарларды жер жүзүнө жөнөткөн.
Ошентсе да, адамдар мезгил өткөн сайын пайгамбарлар көрсөт-
көн жолдон четтешип, Алла тааланын жалгыз экендигине болгон ише-
ним унутулган. Тең укуктуулук жана адилеттүүлүк деген түшүнүктөр
жоголуп, түркөйлүк, зордук-зомбулук жана адеп-ахлаксыздык чыйыры-
нан чыгып, дүйнөнү кара тумандай каптаган.
Мунун кесепетинен күчтүүсү күчсүзүн эзип, алдуусу алсызын ба-
сып эптеп күн өткөрүп келишкен. Аялдар болсо бүтүндөй адамдык укук-
тарынан ажырап кадыресе бир буюм сыяктуу колдон колго өтүп, алы-
нып сатылган. Адамдардын жүрөктөрүн муз каптап, мээримдүүлүк жана
боорукердик сезимдеринен таптакыр ажырап калышкандыктан, Арап
жарым аралында кыз балдарды тирүүлөй жерге көөмп салуу салтка ай-
лануу менен бирге, жүрөктү түшүргөн мындай коркунучтуу көрүнүш-
төрдү токтотууга эч кимдин чамасы жеткен эмес.
Дүйнөнүн башка жерлеринде да жагдай мындан артык эмес эле.
Түрк акыны Мехмет Акиф Эрсой бир ырында дүйнөнүн ошол мезгил-
деги абалын мындайча сүрөттөгөн:
Aдамдардын жырткычтыгы карышкырдан калбаган,
Күчсүз болсо адам эгер, туугандары жалмаган.
Андыктан ушул мезгилде адамдарды ошол коркунучтуу абалдан
куткарып, аларга бул дүйнөдө бейпилдик жана жыргалчылыктын, акы-
ретте түбөлүктүү бак-таалайдын жарык жолун көрсөтө турган акыркы
пайгамбардын келишине абдан катуу зарылдык туулган.
Пайгамбарыбыздын төрөлҥшҥ (Б.з. 571-жылы)
Биздин пайгамбарыбыз – азирети Мухаммед алайхис-салам. Ата-
сынын аты – Абдуллах, энесинин аты – Амина. Ата тарабынан да, эне
тарабынан да ыймандуу жана ар-намыстуу бир үй-бүлөгө таандык бол-
гон пайгамбарыбыздын ата-теги азирети Ибрахимге барып такалат.
Пайгамбарыбыз азирети Мухаммед 571-жылы 20-апрелге туш
келген Рабиул-аввал айынын он экинчи күнү дүйшөмбүгө караган түнү
таңга маал Меккеде жарык дүйнөгө келген.
Ал туулган күнү жер жүзү нурга бөлөнгөн. Атасы Абдуллах ал
төрөлөрдөн эки ай мурда көз жумгандыктан жалгыз уулун көрө албай

528
калган. Азирети Амина мына ушундай нур жүздүү уулду дүйнөгө алып
келгенде, чоң атасы Абдүлмутталиб чоң той берип, сүйүктүү небереси-
не Мухаммед деп ат койгон.
– Ата-бабалардын ичинде мындай ат жок эле. Бул атты кандай
максат менен койдуң? – деп сурагандарга:
– Аны көктө Кудай, жерде эл мактайт деп үмүттөнөм, – деп жооп
берген.
Пайгамбарыбыз төрөлгөн түнү дүйнөдө көптөгөн таң каларлык
окуялар болуп өткөн. Ошол түнү Иран өкүмдарынын (Кисранын) сара-
йындагы он төрт устун кулап, Сава көлү соолуп, мажусулардын (отко та-
бынгандардын) миң жылдан бери үзгүлтүксүз күйүп келген очоктору ка-
пысынан эле өчүп калган. Бул окуялар келечекте Иран бийлигинин кый-
рашынын, Византия императорлугунун кулашынын жана бутпарастык-
тын жоюлушунун жышааны болчу. Чындыгында эле, ушундай болду.
Пайгамбарыбыздын балалык чагы
Меккелик ак сөөктөрдүн бир жөрөлгөсү бар эле. Жаңы төрөлгөн
балдарын Меккенин айланасында жашаган уруулардагы эмчек энелерге
берип бактырышкан. Анткени Меккенин абасы абдан оор жана ысык
болуп, жаш наристелер үчүн таптакыр эле ылайыксыз болчу.
Пайгамбарыбызды азирети Амина үч күн, ал эми Сувайба айым
эки күн эмизген. Кийинчерээк азирети Мухаммед Сад уулдары уруусу-
нан Халима аттуу эмчек энеге берилген. Халима аны өз баласынан да
артык сүйүп, желп эткен желден калкалап, бөпөлөп баккан. Халиманын
кичүү кызы, ошол эле учурда азирети Мухаммеддин эмчектеш бир туу-
ганы болгон Шайма да аны абдан жакшы көрүп, дайыма аны менен
бирге ойногон. Халима бул баланы көзүнүн карегиндей коргоп, ага
кыпындай да зыян келбеши үчүн абдан этияттап баккан. Бир күнү
Мухаммед эмчектеш бир тууганы менен чак түштө үйдөн чыгып, ко-
зулардын жанына барат. Халима бул окуяга абдан кейип, балдар үйгө
келишкенде, кызы Шаймага: “Эмне үчүн күн аябай катуу тийип тур-
ганда сыртка чыктыңар?” – деп сурайт. Шайма болсо ага: “Биз эч
кандай ысыкты сезген жокпуз. Мухаммеддин башынын дал үстүндө
бир булут ээрчип жүрдү. Aл кайда басса, булут да бирге жылып, кай
жерде токтосо, булут да токтоп калып жатты. Үйгө чейин көлөкө-
нүн астында келдик,” – деп жооп берет.
Мына, кудурети чексиз Алла таала аны күндүн ысык аптабынан
ушинтип сактаган. Бул жетим бала өзүн караган үй-бүлөгө береке алып
келген ак жолтой уул болгон. Халиманын күйөөсү бир күнү бул жөнүн-
дө минтип айткан: “Халима, бул бала биз үчүн абдан ак жолтой бала
болду. Aл үйүбүздүн босогосун аттаган күндөн бери жандыктарыбыз-

529
дын сүтү, сүтүбүздүн майы көбөйдү. Үйүбүзгө берекет толду. Колубуз
узарды. Мен бул балада бир өзгөчөлүк бар экендигин сезип жүрөм.”
Азирети Мухаммед бул үй-бүлөнүн ичинде беш жыл жашагандан
кийин кайрадан Меккедеги энесинин жанына келет.
Азирети Мухаммеддин энеси Аминанын Мединада туугандары
бар эле. Амина бир чети алар менен учурашып келүү, экинчиден уулу-
на атасынын мүрзөсүн көрсөтүү үчүн баласы менен бирге Мединага
барат. Мединада бир айча туруп калышат. Пайгамбарыбыздын атасы
Абдуллахтын мүрзөсүн зыярат кылышат. Азирети Амина уулу жана
жанындагы кызматчысы Умму Айман менен бирге Меккеге кайтыш
үчүн жолго чыгат. Кечке маал Абва айылына келишкенде, Амина катуу
ооруп калат. Жанында отурган жалгыз чүрпөсүнө мээримин төгүп жыт-
тап, көкүрөгүнө кысып, кучактап сүйөт. Көп өтпөй көз жумарын жана
уулунан айрыларын сезген эне уулунун жүзүнө карап, ушул сөздөрдү
айтат: “Aр бир жаңы нерсе эскирет жана бардык нерсе жок болот,
уулум. Мен да өлөм. Бирок буга эч кайгырбайм. Aнткени чолпондой бир
уул төрөдүм. Дүйнөгө улуу жана кайырдуу бир пендени калтырып ке-
тип жатам.”
Бул сөздөрдү айткандан кийин Амина көз жумат. Ал мезгилде
азирети Мухаммед алты жашында эле. Умму Айман баланы алып, Мек-
кеге кайтат.
Атасы менен энесинен ажырап, томолой жетим калган азирети
Мухаммедди чоң атасы Абдулмутталиб асырап алат. Пайгамбарыбыз
эки жыл чоң атасынын колунда чоңоѐт. Абдулмутталибдин өлөр күнү
жакындаганда, небересин пайгамбарыбыздын аталаш агасы Абу Талиб-
ге дайындап, ага абдан жакшы кароосун керээз кылат. Пайгамбарыбыз
ошол кезде сегиз жашар бала болчу. Абу Талиб менен жубайы Фатма
айым баланы өз балдарынан кем көрбөй, жакшы багып өстүрүшөт.
Пайгамбарыбыздын жаштык кези
Азирети Мухаммед (а.с.) пайгамбарлыгынан мурун эле туура
сүйлөп, түз жүргөн ишенимдүү киши болгон. Ушул асыл сапаттарынан
улам эл аны “Мухаммед ал-амин”, башкача айтканда, “ишенимдүү
Мухаммед” деп атаган. Ал чөйрөсүндөгү бардык адамдардын урмат-
сыйына ээ болгон. Таза абийри жана үлгүлүү жашоосу менен журтчу-
луктун ичинде бир жылдыз сымал жаркырап көрүнүп турар эле. Алла
таала аны абдан жакшы тарбиялап, ага мыкты адеп-ахлак жана айкөл-
дүк берген. Анткени алдыдагы жылдарда адамзаттын азаптан куткары-
лышы үчүн ага пайгамбарлык милдетин тапшырмак эле.
Сел каптап, айрым жерлери урап калган Каабаны меккеликтер
оңдоого киришишет. Дубалдары көтөрүлүп, “Хажарул-асвад” деп атал-

530
ган ыйык кара ташты Кааба дубалындагы ордуна коюуга кезек келген-
де, ар бир уруу бул кадырга ээ болуш үчүн биринен бири оозунуп, аны
коюуга аракет кыла башташат. Ал тургай, мунун айынан араларында ар
кандай түшүнбөстүктөр чыгып, чатакташканга чейин барышат. Акы-
рында чындап эле ишенимдүү жана адилет киши деп таанышкан ази-
рети Мухаммедди калыс кылууга жана анын бере турган бүтүмдөрүнө
моюн сунууга чечим кылышат.
Азирети Мухаммед “кара ташты” бир оромолдун үстүнө коюп, ар
бир уруунун башчысына оромолдун үчүн карматат. Бардыгы бирдикте
ташты жогору көтөрүшөт. Азирети Мухаммед ташты куттуу колдору
менен көтөрүп, дубалдагы ордуна жайгаштырат. Анын бул адилеттүү
мамилеси бардык кишилерди ыраазы кылат. Мына ушундайча аягы чыр-
чатакка айланып бараткан ортодогу өз ара түшүнбөстүк жоюлат. Бул
учурда азирети Мухаммед отуз беш жашында эле.
Пайгамбарыбыздын азирети Кадичага ҥйлөнҥшҥ
Пайгамбарыбыз курайшы уруусунун кадырлуу жана бай аялы
Кадича менен баш кошот. Азирети Мухаммед ал мезгилде жыйырма
беш жашында эле. Ал эми Кадича кырк жашка келип калган болчу.
Ошентип бактылуу бир үй-бүлө очогу пайда болот.
Пайгамбар болушу (Б.з. 610-жылы)
Азирети Мухаммед (а.с.) биздин замандын 610-жылы Рамазан
айында бир дүйшөмбүгө караган түнү Хира тоосундагы үңкүргө барып,
бүтүндөй жан дүйнөсү менен берилип, Алла таалага сыйынат. Ушул
мезгилде Жебирейил (а.с.) ага көрүнүп, ыйык Куранда Алак сүрөсүнүн
башталышында орун алган аяттарды алып келет жана Алла таала тара-
бынан пайгамбар катары милдеттендирилгенин билдирет.
Бул аяттардын мааниси төмөнкүдөй:
“Жараткан Раббиңдин атынан оку!
Ал адамды уюган кандан жаратты.
Оку! Жаратканың чексиз ырайым ээси.
Калем менен жазганды Ал ҥйрөттҥ.
Адамдын билбегенин Ал ҥйрөттҥ.”
Мына ушундайча азирети Мухаммедге алгачкы вахий (кабар) ке-
лип, Курандын аяттары түшө баштаган.
Ал өзүнө берилген бул ыйык милдетинин оордугунун таасиринде
үйүнө кайтат. Эч кандай материалдык күчкө ээ эмес эле. Кандайдыр
бир жардамчысы да жок болчу. Мындай кадырлуу, бирок оор милдетти

531
жалгыз башына кантип аткармакчы. Анын үстүнө ошол маалда дүйнө
түркөйлүк менен адеп-ахлаксыздыкка белчесинен батып турган.
Үйүнө келгенде Хира тоосунда пайгамбар катары милдеттенди-
рилгенин жана Курандын түшө баштаганын жубайы азирети Кадичага
айтып берет. Пайгамбарыбызга татыктуу бир жубай экендигин бардык
жүрүм-туруму менен далилдеп келген азирети Кадича анын көңүлүн
жайгарып, мындай дейт: “Сүйүнүчтүү кабар! Кайраттуу бол! Өмү-
рүмдү өзүнүн колунда туткан Алла тааланын атынан ант ичемин.
Сен бул үммөттүн пайгамбары болосуң. Анткени сен туугандык
укуктарына урмат көрсөтөсүң. Кыйынчылыктарга чыдайсың. Конок-
торду сыйлап тососуң. Башына кыйынчылык түшкөндөргө жардам
кылыш үчүн чуркайсың. Алла таала мындай кулун эч качан жалгыз кал-
тырбайт.”
Алгачкы мусулмандар
Жебирейил (а.с.) экинчи жолку келишинде пайгамбарыбызга
“Тургун дагы, адамдарга эскерт!” деген маанидеги аятты алып келген-
де, пайгамбарыбыз жаткан жеринен турат. Анын туруп алганын көргөн
азирети Кадича:
– Эмне үчүн уктап эс албадыңыз? – деп сураганда, пайгамбарыбыз:
– Оо, Кадича, мен үчүн уйку жана эс алуу мезгили өттү, – деп,
мындан ары Ислам динин адамдарга билдирүү милдетинин башталга-
нын түшүндүрөт жана “Оо, Кадича, кимди үндөйүн, ким мага кошу-
лат?” – деп сурайт. Азирети Кадича:
– Оо, Алланын расулу! Мен сага кошуламын. Бардыгынан мурун
динди мага түшүндүр, – деп айтат. Пайгамбарыбыз жубайынын бул
сөздөрүнө абдан ыраазы болуп, Ислам динин алгач ага түшүндүрүп
берет.
Пайгамбарыбызга биринчи ишенген жана аны менен биринчи
жолу намаз окуган киши ушул кадырлуу мусулман аял азирети Кадича
болгон. Бул тектүү жана кадырман аял пайгамбарыбызды ыйык милде-
тинде эч качан жалгыз калтырбастан, кыйын күндөрүндө ага дем-күч
берип, ар дайым көмөк көрсөткөн. Пайгамбарыбыз Нур (Хира) тоосун-
да жүргөндө, жанына Жебирейил (а.с.) келип, мындай деп айткан: “Оо,
Алланын расулу! Мына бул – Кадича. Сени көздөй келе жатат, жанын-
да бир баштык бар, анын ичинде да тамак-аш бар. Кадича сага келген-
де, ага Раббиң менен менин атымдан салам айт жана анын бейиште
берметтен салынган бир сарайда болорун сүйүнчүлө...”639

639
Бухарий, Фадаил, 20-бет.

532
Азирети Кадичадан кийин күйөө баласы азирети Али, кулчулук-
тан кутулуп, азаттыкка жеткен Зайд бин Хариса жана улуу кишилерден
азирети Абу Бакир Алла таалага ыйман келтирип, мусулман болушат.
Азирети пайгамбарыбыз Исламга даватты үч жылча жашыруун
түрдө жүргүзгөндөн кийинки анын элди ачык-айкын түрдө Ислам ди-
нине үгүттөп-үндөй баштаган мезгили төмөнкү маанидеги аяттардын
түшүшү менен башталган: “Сен эң жакын туугандарыңды эскерт, се-
нин жолуң менен кеткен момундарга кайрымдуу бол жана камкор-
дук көрсөтүп, карамагыңа ал. Эгерде сага баш ийбей каршы чыгыш-
са, аларга “Мен силердин кылган иштериңерден таптакыр ыраак-
мын” деп айт.”640
“Эми сага буйрук кылынгандарды ачык-айкын билдир. Бутпа-
растардан жүзүңдү бур.”641
Мына ушундан кийин пайгамбарыбыз алгач жакын туугандары-
нан баштап, Мекке калкын Ислам динине үндөй баштаган. Бир күнү
ушул максат менен Сафа дөбөсүнө чыгып, бүткүл меккеликтерге кай-
рылып: “Оо, курайшы калкы!” – деп үн салат.
Анын үнүн уккандар дароо ал жерге чуркап жетишип, айла-
насында топтоло башташат. Пайгамбарыбыз алардан:
– Силерге мына бул дөбөнүн аркасында бир душман кошуунунун
турганын кабар кылсам, мага ишенесиңерби? – деп сурайт. Ал жерде
тургандардын баары бир ооздон:
– Ооба, ишенебиз. Анткени сенин жалган сөз сүйлөгөнүңдү эч
уккан жокпуз, – дешет. Ошондо пайгамбарыбыз аларга мындай дейт:
– Андай болсо, мен силерге алдыбызда абдан азаптуу бир күндүн
болгонун, Алла таалага ишенбеген жана ага кулдук кылбагандардын
ушул азапка дуушар болорун кабардаймын. Ант ичемин, Алла тааладан
башка ибадатка татыктуу теңир жок. Мен болсо, силерге жана бүт-
күл адамдарга жиберилген Алла тааланын пайгамбарымын.
Оо, курайшы калкы! Силер уйкуга батып бара жаткансып өлө-
сүңөр. Уйкудан ойгонуп жаткансып тирилесиңер. Кабырдан туруп,
Алла тааланын алдына барганда, сөзсүз түрдө дүйнөдө кылгандары-
ңардын бардыгынан суракка алынасыңар. Жакшылыктарыңардын сый-
лыгын, жамандыктарыңардын да жазасын көрөсүңөр. Ал сыйлык –
түбөлүктүү болгон бейишке кирүү, ал эми жаза – тозокко кирүү.
Тилекке каршы, ошол жерде турган Ислам душманы Абу Лахаб
ордунан тура калып, пайгамбарыбызга карата катуу сөз айтып, аны аб-

640
Шуара сүрөсү, 214-216-аяттар.
641
Хижр сүрөсү, 94-аят.

533
дан капа кылат. Жыйынга катышкандар бул сөздөрдү уккандан кийин
тарап кетишет. Бирок пайгамбарыбыз үмүтсүздүккө кабылбастан, эң
кыйын шарттарда да Ислам динин түшүндүрүү иштерин уланткан. Бут-
парастардын бардык тоскоолдуктарына карабастан Исламдын нуру кө-
ңүлдөрдү агартып, мусулмандардын саны күн өткөн сайын көбөйө
берген.
Азирети Хамзанын мусулман болушу
Пайгамбарыбыз (а.с.) Исламды жайылтууга аракет кылып жүр-
гөндө, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон. Бирок буга карабастан
милдетин уланта берген жана мусулмандардын саны да күн өткөн са-
йын көбөйгөн.
Пайгамбарлыгынын алтынчы жылы болгон эле. Күндөрдүн би-
ринде азирети Мухаммед (а.с.) Сафа дөңсөөсүндө отурганда, ал жерден
өтүп бара жаткан Абу Жахил пайгамбарыбызды сөгүп жиберет. Анын
мындай адепсиз мамилесине пайгамбарыбыз жооп кайтарбайт. Ушун-
дай жагымсыз окуяга күбө болгон бир аял аны пайгамбарыбыздын аба-
сы Хамзага айтып барат. Хамза али мусулман боло элек эле. Бирок бир
тууганынын уулуна карата жасалган бул адепсиздик үчүн абдан ачуу-
ланат. Дароо курайшы бутпарастарынын жыйналган жерине барып,
Абу Жахилге кайрылып: “Менин агамдын уулуна тил тийгизип, капа
кылган сенсиңби?”– деп, жаасы менен Абу Жахилди баштан ары тар-
тып жиберет.
Бул окуядан кийин азирети Хамза мусулмандыкты кабыл алып,
пайгамбарыбыздын жанынан орун алат.
Азирети Өмөрдҥн мусулман болушу
Ал доордо Мекке калкы буттарга сыйынышар эле. Азирети
Хамзанын мусулман болушу жана күн өткөн сайын мусулмандардын
күч алышы Курайшы бутпарастарын коркута баштайт. Бул жагдайдын
бир чарасын табыш үчүн “Дарун-надва” деп аталган бир жерде чогу-
лушат. Жагдайды талкуулап чыгышкандан кийин Абу Жахилдин суну-
шу менен азирети Мухаммедди өлтүрүүгө чечим кылышат. Бул корку-
нучтуу чечимди ишке ашыруу милдетин араларынан эң тайманбасы
болгон Өмөргө беришет. Ошол мезгилде 33 жашта болгон Өмөр белине
кылычын байланып алып, азирети Мухаммедди өлтүрүү үчүн жолго
чыгат.
Мусулмандар Эркамдын үйүндө чогулушкан эле. Пайгамбарыбыз
да ошол жерде болчу. Өмөр жолдо бара жатканда Нуаймга жолугат.
Нуайм:
– Оо, Өмөр, кайда баратасың? – деп сурайт. Өмөр:

534
– Элдин ыркын бузган Мухаммеддин көзүн тазалаганы баратам,–
деп жооп берет. Нуайм Өмөргө:
– Абдан кыйын бир ишке камынып алыпсың, – дегенде, Өмөр:
– Сен дагы Мухаммеддин тарабында көрүнөсүң? – деп кекетет.
Нуайм:
– Эй, Өмөр, сен мени коюп, адегенде өзүңдүн үй-бүлөңдү кара-
саң, жездең Саид менен эжең Фатма мусулман болуп алышты, – деген-
де, Өмөр:
– Анда биринчи алардын ишин бүтүрөйүн, – деп жолун алмашты-
рып, эжесинин каалгасын кагат. Ошол мезгилде эжеси менен жездеси
пайгамбарыбызга жаңы эле түшүрүлгөн “Таа-хаа” сүрөсүндөгү аяттар-
ды окуп отурушкан болчу. Өмөрдүн куралдуу келгенин көргөндө кор-
куп кетишип, Курандын барактарын беките коюшат.
Өмөр ичкериге кирери менен эмне окуп отурушканын сурайт.
Алар да: “Эч нерсе эмес,” – деп жооп беришет. Өмөрдүн кыжыры кай-
нап: “Демек уккандарым туура экен,” – деп, жездесин жакадан алып,
жерге жаткырып, тепкилеп ура баштайт. Күйөөсүн куткарыш үчүн күй-
пөлөктөгөн эжеси Фатманы жаактан ары бир коѐт. Бечара аялдын оозу-
мурдунан кан кетип, жерге сулап түшөт. Ошондо Фатма ишениминин
берген тайманбыстыгы менен Өмөргө:
– Кудайдан корк. Бир аялга кылгандарыңа карасаң боло. Жолдо-
шум экөөбүз тең мусулман болдук. Башыбызды кесип салсаң да, мын-
дан кайтпайбыз, – деп айтат. Анда Өмөр:
– Кана, окуп отурган немеңерди мага алып келгилечи, – дейт.
Эжеси Курандын барактарын чыгарып берет. Өмөр кунт коюп
окуй баштайт. Окуган сайын жүрөгү жибий берет. Ыйык Курандын
теңдешсиз мукамы, маанисиндеги бийиктик, окулушундагы жагымдуу-
лук жана сулуулук Өмөрдүн жүрөгүн бийлеп алат. Мына эми Өмөрдүн
көңүлү да Исламга оой баштайт. Дароо азирети Мухаммеддин алдына
барат. Анын алдында чөгөлөп олтуруп, келме келтирип, мусулман бо-
лот. Бул окуяга ошол жерде тургандар абдан кубанышат. Бардыгы бир-
ге Шахадат келмесин келтиришет. Өмөрдүн Ислам динине кириши
менен мусулмандык дагы да күч алат. Өмөр:
– Жарандарыбыз канча киши? – деп сурайт.
– Сени менен кырк киши болду, – деп жооп беришет.
Өмөрдүн каалосу менен пайгамбарыбыз баштаган мусулмандар-
дын баары туура Каабаны көздөй жөнөшөт. Ал жерде бардыгы бирдик-
те ачык асман алдында намаз окушат. Ал эми тигил тарапта болсо,

535
пайгамбарыбызды өлтүрүү үчүн жөнөтүлгөн Өмөрдүн мусулман болго-
нун уккан бутпарастар алапайын таппай калышат.
Пайгамбарыбызды өлтүрүү үчүн жолго чыккан Өмөрдүн кара
мүртөз жана таштан катуу жүрөгүн эжесинин үйүндө окуган Курандын
аяттары жумшарткан эле. Ошентип ал караңгылык ичиндеги көңүлүн
нур менен толтуруп, пайгамбарыбызга карата болгон кастык сезимде-
рин достукка айландырат.
Мусулмандарга көрсөтҥлгөн зордук-зомбулуктар
Бутпарастар айрыкча эч кимиси жок болгон мусулмандарга абдан
катуу азап-кордуктарды көрсөтүшүп, аларды мусулмандыктан чыга-
рыш үчүн ар кандай жамандыктарды кылышып, кыйноо көрсөтүүдөн
тартынышкан эмес.
Мусулман болгону үчүн азап чеккендердин бири азирети Билал
ал-Хабаши (Эфиопиялык Билал) болгон. Исламдын эң коркунучтуу
душмандарынан бири Умаййа бин Халафтын кулу болчу. Үмаййа бе-
чара жана коргоосуз Билалды ысык кумга жаткызып, көкүрөгүнө да
таштарды жыйгандан кийин: “Эгерде мусулмандыктан баш тартпа-
саң, сени ушинтип өлтүрөмүн,”– дейт. Бирок Ислам ишеними көкүрө-
гүнүн тереңдигине жакшылап сиңип, ыймандын даамын татып калган
бул чыныгы мусулман “Aлла бирөө гана, Aлла бирөө гана” деп жооп
берет. Билалдын Ислам дининен чыкпай турганын түшүнгөн зулум
Умаййа анын мойнуна сыйыртмак салып, Меккенин бир тарабынан
экинчи тарабына сүйрөтүп барат. Азирети Билал ушул абалында да
Алла тааланы көңүлүнөн чыгарбай, тили менен “Aлла бирөө гана, Aлла
бирөө гана” деп айтканын токтоткон эмес.
Акырында азирети Абу Бакир Билалды сатып алып, аны зулум
Умаййанын колунан куткарат жана азаттык берет. Абдан уккулуктуу
жана мукамдуу үнү болгон азирети Билал кийинчерээк пайгамбарыбыз-
дын азанчысы болгон.
Зордук көрсөтүлгөндөрдүн бири да – Аммар бин Ясир. Бутпарас-
тар Аммарды да ысык кумга жаткырышып, эси оогонго чейин сабаш-
кан. Аммардын атасы Ясир менен энеси Сумаййа да кордук көргөн-
дөрдүн арасында болушкан. Исламдын эң чоң жана коркунучтуу душ-
маны Абу Жахил Сумаййаны найза менен сайып өлтүрүп, байкуш аял-
ды шейит кылган. Аммардын атасы Ясир да көргөн азап кордуктары-
нан улам өлгөн.
Хаббаб бин Эрет да күйүп турган кыпкызыл көмүр чогунун үс-
түнө жаткырылып, бул аз келгенсип көкүрөгүнө бир киши чыгарылган.
Байкуш Хаббаб күйүп турган көмүрдүн үстүндө азап тартып жатканда,
ага Мухаммедден баш тарт дегендерге:

536
– Аны эч качан чанбайм, кыямат күнү да аны менен биргемин, –
деп жооп берген.
Азирети Хамза менен азирети Өмөрдүн мусулман болушу жана
Исламдын тездик менен жайылышы бутпарастарды абдан тынчсыздан-
дыра баштайт. Ушул себептен улам чогулушуп, мусулмандарга каршы
мындайча бойкот жарыялоо чечимин алышат: “Мындан ары мусул-
мандар жана аларды коргогондор менен, Мухаммеддин тууганда-
ры болгон хашым уулдары менен бардык карым-катыштар ҥзҥлөт.
Ошондой эле мындан ары эч ким алар менен жолугушпайт; соода
кылышпайт; кыз алышып беришпейт.”
Бутпарастардан Мансур бин Икриме бул чечимди жазып, чогуу-
чараан Каабанын дубалына асып коюшат.
Бойкот чечими үч жылга созулат. Бул мезгил ичинде мусулман-
дар аябай көп кыйынчылык тартышат. Бутпарастар мусулмандардын
чогуу жашашакан айылдарына тамак-аш, суусундук киргизбөө үчүн
колдорунан келгенинин бардыгын кылышат. Мусулмандар Ислам үчүн
бардык кыйынчылыкка, ачкачылыкка жана суусуздукка чыдап жашай
беришет. Ал тургай дарактын жалбырактарын жеп жашаганга мажбур
болушат. Айрыкча ачкачылыктан боздоп ыйлаган балдардын аянычтуу
абалы адамдын жүрөгүн сыздатып, зээнин кейитер эле.
Ошентсе да, бутпарастар мындай таш боордук иштеринен да бир
натыйжа ала алышкан жок. Баары бир Исламдын нурунун жайылышы-
на тоскоол боло алышпады. Бул мезгилде бир күбө Каабанын дубалына
асылган чечимдин кагазын жеп, “Алла” атынан башка бардык жазуу-
ларды бүтүндөй жок кылып койгон эле. Андан да кызыгы, Мансур Ибн
Икрименин чечимди жазган колу карышып чолок болуп калган болот.
Ал учурда “Бисмилла” ордуна “Бисмикаллахумма” колдонулчу.
Акырында бутпарастардын бир нече кишиси ынсапка келип, жа-
зылган чечимди жыртып салышат. Ушинтип бойкот аяктап, мусулман-
дар да абдан чоң кыйынчылыктан кутулушат. Мусулмандарга жарыя-
ланган бойкот пайгамбарлыктын жетинчи жылынан онунчу жылына
чейин, тагыраак айтканда үч жылга жакын созулат.
Пайгамбарыбыздын Меккеден Мединага көчҥшҥ (Б.з. 622-ж.)
Ислам тарыхында пайгамбарыбыздын Меккеден Мединага көчү-
шү “хижрат” деп аталат.
Бутпарастардын кысым көрсөтүүлөрү менен зордук-зомбулукта-
ры токтолбостон улана бергендиктен, пайгамбарыбыз мусулмандардын
Меккеден Мединага көчүшүнө уруксат берет. Мусулмандар топ-топ бо-
луп Мединага көчө башташат. Туулуп өскөн мекени менен мал-мүлктө-

537
рүн дин үчүн таштап кетүүгө аргасыз болушат. Мединада жанган үмүт
жарыгын көздөй жол алышат.
Меккеде пайгамбарыбыз менен бирге азирети Абу Бакир, азирети
Али жана бир нече мусулмандан башка эч ким калбай калат. Пайгамба-
рыбыз бардык кыйынчылыктарга карабастан милдетин аткарып, пай-
гамбарлыгынын 13-жылын да Меккеде өткөрөт.
Бутпарастар пайгамбарыбыз менен мусулман болгондорго абдан
катуу кордуктарды көрсөтүшөт. Алар Ислам динин түп-тамыры менен
жок кылыш үчүн “Дарун-надва” деген жерде жашыруун түрдө чогулу-
шат. Абу Жахилдин сунушу боюнча пайгамбарыбызды өлтүрүүгө дагы
чечим кылышат. Бул коркунучтуу чечимди ишке ашыруу үчүн ар бир
уруудан бирден жаш жигит тандашат. Тандалган бул куралдуу жигит-
тер пайгамбарыбыздын үйүн курчоого алышып, сыртка чыгышын күтө
башташат. Бутпарастардын жашыруун түрдө алган өлтүрүү чечими
Алла таала тарабынан Жебирейил аркылуу пайгамбарыбызга билдири-
лет. Ошентип анын көчүшүнө уруксат этилет. Пайгамбарыбыз өзүнүн
төшөгүнө азирети Алини жаткырып, үйүн курчоого алган бутпарастар-
ды жазгырып чыгып, азирети Абу Бакирдин үйүнө барат. Алла таала
пайгамбарыбызды ушинтип сактап калат. Аңдып турган курал-жарак-
туу бутпарастар аны көрбөй калышат.
Жолго чыгууга даярдык көрүшкөндөн кийин пайгамбарыбыз ме-
нен азирети Абу Бакир Меккеге бир жарым саат алыстыктагы Савр тоо-
суна түн катып барышып, ал жердеги бир үңкүргө жашырынып калы-
шат. Пайгамбарыбыздын үйдөн чыгып кеткени таң аткандан кийин
гана түшүнүктүү болот. Бутпарастар Мухаммедди тапкан кишиге жүз
төө сыйлык берилерин убада кылышат. Пайгамбарыбызды издегендер
жолдогу издердин аркасы менен жүрүп отурушуп, үңкүрдүн оозуна че-
йин келип жетишет. Үңкүрдүн кире беришине бир жөргөмүштүн желе
тартып койгонун көрүшөт. Үңкүрдүн ичинен карайлы деп ойлошот, би-
рок алардын ичинен бирөө: “Мунун ичине адам кирген болсо, анда бул
жерде жөргөмүштүн желеси менен көгүчкөндүн уясы болмок эмес,” –
деп айтканда, кайра кайтып кетип калышат. Бутпарастар үңкүрдүн оо-
зуна келишкенде, азирети Абу Бакир тынчсызданып:
– Оо, Алланын расулу, эми бизди көрүп калышат, – дейт. Анда
азирети пайгамбарыбыз:
– Кабатыр болбо, Алла биз менен бирге, – деп жооп берет.
Үңкүрдүн кире беришине жөргөмүштөрдүн желе тартышы жана
ал жерге өсүп чыккан бир дарактын бутактарына көгүчкөндөрдүн уя
салып, жумурткалап салышы – бир керемет. Кудуреттүү Алла сүйүктүү
пайгамбарын ушундай кереметтери менен коргоп, үңкүрдүн оозуна че-

538
йин келген душмандарды кандайдыр бир сыйкырдуу күч менен кайра
кайтарган.
Пайгамбарыбыз жана азирети Абу Бакир үңкүрдө үч күн турган-
дан кийин Мединага барыш үчүн жолго чыгышат. Пайгамбарыбыздын
артынан сая түшкөн Сурака аттуу бир балбан алардын изин таап, ошол
из боюнча атынын болгон күчүнө салып кубалап отуруп, аларга жакын-
дап калганда, аты мүдүрүлүп жыгылат. Томолонуп жумаланып атына
минип, кайрадан кууп жөнөйт. Бирок бул жолкусунда атынын төрт ая-
гы тизесине чейин кумга батып, ордунан кыймылдай албай туруп ка-
лат. Эмнегедир, кандайдыр бир сыйкырдуу күч аны кармап жаткан бол-
чу. Сурака бул абалды көрүп корко баштайт. Кылгандарына өкүнүп,
пайгамбарыбыздан кечирим сурап, кайра артка тартат. Аркасынан келе
жаткандарга: “Мен бул жерлерди издеп чыктым, эч ким көрүнбөйт,” –
деп, аларды кайра кайтарат. Мына ушул окуядан кийин Сурака да му-
сулман болуп калат. Абу Жахил Сураканын мындай кылганын кийин
угуп калып, аны катуу жемелейт. Ошондо Сурака Абу Жахилге мындай
дейт: “Атымдын аяктарынын жерге кантип батып кеткенин көргөнүң-
дө, сен дагы Мухаммеддин пайгамбарлыгына ишенер элең.”
Сүйүктүү пайгамбарыбыз бир жумага созулган тарыхый сапарын
карытып, бир дүйшөмбү күнү Мединага жакын жердеги Куба айылына
барат. Аны бул жерде абдан чоң урмат-сый менен кабыл алышат. Пай-
гамбарыбыз бул айылда он күндөн ашык туруп калат. Ушул мөөнөттө
Куба мечитин курдурат. Мечит курулуп жатканда, касиеттүү колдору
менен таш ташып, бир курулушчу сыяктуу иштейт. Ислам тарыхында
курулган алгачкы мечит – Куба мечити. Пайгамбарыбыздан үч күн ки-
йин Меккеден чыккан азирети Али бул жерде пайгамбарыбызга жети-
шип келип калат.
Пайгамбарыбыздын Мединада кабыл алынышы
Азирети пайгамбарыбыз бир жума күнү өзүн коштогон мусул-
мандарды жанына алып, Кубадан Мединага сапар тартат. Салим уулда-
рынын журтуна келгенде түш чен болуп калган болчу. Пайгамбарыбыз
мусулмандарга жума намазынын парз кылынганын кабарлайт. Ошол
жерде алгачкы жума намазын окушат. Бул пайгамбарыбыз окуткан би-
ринчи жума намазы эле. Биринчи жума кутпасын да бул жерде окуган.
Пайгамбарыбыз биринчи жума кутпасында Алла таалага шүгүр кылып,
аны даңктагандан кийин мындай деп буюрган: “Оо, адамдар! Тирүү ке-
зиңерде акырет үчүн даярдык көргүлө. Муну акылыңарга түйүп койгу-
ла, бардыгыңар өлөсүңөр жана малыңарды чабансыз таштайсыңар.
Андан кийин Алла таала ага сурайт, бирок кантип сурайт? Тилмечи
жок, жеке өзү мындай дейт: “Сага менин пайгамбарым келип билдир-

539
ген жокпу? Мен сага мал-мүлк бердим, ыракым көрсөттүм жана
жакшылык кылдым, сен өзүң үчүн эмне даярдадың?”
Ал киши да оң жагына, сол жагына каранып, эч нерсе көрө ал-
байт. Алды жагын карайт, бирок тозоктон башка эч нерсе көзүнө
чалдыкпайт. Андай болсо, кимде-ким өзүн жарым курма менен болсо
да, тозоктун отунан куткара алса, дароо ал кайырды жасасын. Андай
кыла албаса, жок дегенде жылуу сөз айтып, өзүн куткарсын. Анткени
жасалган бир жакшылык үчүн он эседен жети жүз эсеге чейин сооп
берилет. Алла тааланын саламы, ырайымы жана берекеттери үстү-
ңөргө жаасын.”
Пайгамбарыбыз намаздан кийин Мединаны көздөй сапарын улан-
тат. Мединалыктар абдан кубанышып, бул ардактуу конокту шаан-шө-
көт менен тосуп алыш үчүн жолдун эки тарабына тизилип турушкан
болчу. Пайгамбарыбыз өтүп баратканда: “Кош келдиңиз, оо, Алла-
нын расулу,” – дешип, ал эми кичинекей балдар да: “Алланын элчиси
келди,” – деп, сүйүнүчтөн кыйкырышып күтүп алышат. Тамдын үстү-
нө чыгып карап турушкан аялдар: “Кош келдиңиз,” – дешет. Ал эми
пайгамбарыбыз үйлөрүнүн алдынан өтүп баратканда, бардык үй ээ-
лери: “Келиңиз, оо, Алланын расулу!” – дешип, анын төөсүнүн чыл-
бырынан жылоолошуп, аны коноктоп сыймыкка ээ болгулары келишет.
Пайгамбарыбыз эч кимдин көңүлүн ооруткусу келбегендиктен
аларга мындай дейт: “Төөнү өз жайына койгула, анын кайда бара тур-
ганы ага буюрулган. Буюрулган жерге барат.”
Төөсү жүрүп отуруп ээн бир жерге келгенде чөгөт. Бирок ал жер-
ден дароо кайра туруп, дагы бираз жүргөндөн кийин кайрадан чөгөт
жана ал жерден турбайт. Азирети пайгамбарыбыз: “Буюрса, конушубуз
ушул жер болот экен,” – деп, төөсүнөн түшөт. Бул жерге эң жакын үй
Халид бин Зайддин, б.а. Абу Аюб Ансаринин үйү болчу. Азирети
пайгамбарыбыз анын үйүнө конок болот. Абу Аюб Ансаринин эки
кабат үйү бар эле. Ал пайгамбарыбызды үстүңкү кабатында конокто-
гусу келет. Бирок пайгамбарыбыз өзүнө зыярат кылуу үчүн келген
кишилер үй ээсинин тынчын албашы үчүн биринчи кабатка жайгашат.
Азирети пайгамбарыбыз Наби мечитинин жанына өзү үчүн жашай тур-
ган жай салынганга чейин жети айча бул үйдө жашап калат.
Сүйүктүү пайгамбарыбызды үйүндө коноктоо сыймыгына ээ бол-
гон бул айтылуу сакаба Абу Аюб Ансари 675-жылы Стамбулду курчоо-
го алган Ислам кошуунуна катышып, шейит болгон. Пайгамбарыбызды
үйүндө коноктогон жана калк тарабынан “Аюб султан” деп эскерилген
бул кишинин сөөгү Стамбулда Аюп кичи районундагы күмбөзүнө
коюлган.

540
Медина калкы Абу Аюб Ансаринин үйүндөгү пайгамбарыбызды
зыярат кылганы топурап келе башташат. Ушул мезгилде жөөт аалымда-
рынан Абдуллах бин Салам да келет. Пайгамбарыбыздын нур төгүлгөн
жүзүнө көз жүгүртүп жакшылап карагандан кийин: “Бул жүз – жалган-
чынын жүзү эмес,” – деп, мусулмандыкты кабыл алат.
Азирети пайгамбарыбыз төөсү адеп чөккөн жерди ээсинен сатып
алып, ал жерге бир мечит салдырат. Мединада “Наби мечити” деп таа-
нылган жана мусулмандар тарабынан зыярат кылынган мечит – пай-
гамбарыбыз салдырган ушул мечит. Бул мечит курулуп жатканда, пай-
гамбарыбыз жонуна кирпич жүктөп ташып, катардагы бир жумушчу
өңдүү тыным албай иштеген. Мечит салынып бүткөндөн кийин айлана-
сына бир нече бөлмө салынат жана азирети пайгамбарыбыз конок ката-
ры жашаган үйүнөн бул жерге көчүп келет. Мечиттин алгачкы көрүнү-
шү ушундай жөнөкөй болгон.
Пайгамбарыбыздын азанчысы болуу менен сыймыгы арткан ази-
рети Билал ал-Хабашинин укулуктуу муукам үнү менен Медина
аймагын жаңыртып айткан азанын уккан мусулмандар бул чакырыкка
кулак беришип, мечитти көздөй чуркашып, эки дүйнөнүн жарыгы
болгон азирети пайгамбарыбыздын аркасына катар тизилип жамаат
болушуп, намаз окуунун ыракатын көрүшкөн.
Мечитте алгач минбар болгон эмес. Азирети пайгамбарыбыз бир
курма дарагынын согогуна жөлөнүп, жамаатка кутпа айткан. Кийинче-
рээк үч тепкичтүү бир минбар жасалып, пайгамбарыбыз кутпаларын
бул минбардын үстүнө чыгып айткан. Күндөрдүн биринде ушундай бир
кереметтүү көрүнүшкө туш болушат. Пайгамбарыбыз кайсы бир жума
күнү кутпасын бул минбардын үстүнө чыгып алып айта баштаганда,
мындан мурун жөлөнүп кутпа айтып жүрчү курма дарагынын согогу
пайгамбарыбыздан бөлүнүп калганы үчүн ботосунан ажыраган төөдөй
онтой баштаганы угулат. Муну уккан пайгамбарыбыз минбардан тү-
шүп, бул курма дарагынын согогун кучактап сылаганда, согоктун он-
тогону басылат. Ошондо пайгамбарыбыз: “Эгерде мен аны кучактаба-
ганымда, кыямат күнүнө чейин ушинтип онтой бермек,”642 – деп айтат.
Ансар менен мухажирлердин ортосундагы туугандык
Меккеден Мединага көчүп келген мусулмандарга “мухажир”
(көчмөн), ал эми жергиликтүү калкка да көчмөндөргө көмөк көрсөтүш-
көндүгү үчүн “ансар” (көмөкчү) деген ат берилет.
Мединалыктар мал-мүлктөрүн таштап келген мухажирлерге кол-
дорунан келишинче көмөк көрсөтүшөт. Аларга кучак жайып, үйлөрүн-

642
Ибни Маже, 1-том, 454-бет.

541
дө жашатышып, алар менен бир сындырым нанды тең бөлүшүп жешет.
Дүйнө тарыхында бири-бирине мынчалык урмат-сый көрсөткөн, бири-
бирине ушунчалык чын дили менен берилген башка бир калк болгон
эмес. Бүткүл дүйнөгө үлгү болгон бул окуя  Ислам боордоштугунун
эң сонун күбөсү.
Пайгамбарыбыз мухажирлердин ар бирин ансарлардан бирөө ме-
нен тууган кылат. Ошол туугандык байланыш бир туугандыктан дагы
бекем болгон. Ислам тарыхында дайыма урмат менен эскерилген ан-
сарлар менен мухажирлер динибизге абдан чоң кызмат кылышкан.
Исламдын тездик менен жайылышы
Пайгамбарыбыз менен мусулмандар бутпарастардын жасаган
аѐосуз зордук-зомбулуктарынан жана көрсөткөн кордуктарынан улам
туулуп-өскөн мекени болгон Мекке шаарынан Мединага көчүп кетиш-
кенден кийин да бутпарастар касташканын токтотушкан жок. Ислам-
дын жарыгын өчүрүш үчүн кол жыйнап кошуун даярдашып, мусул-
мандарга кол салышат. Мындай коркунучка каршы коргонуу үчүн
согушуудан башка чаралары калбаган мусулмандар эр жүрөктүүлүк
менен кармашышып, өздөрүнөн бир нече эсе көп болгон душман күч-
төрүн Алла тааланын жардамы менен жеңилүүгө дуушар кылышат.
Ошентип душмандар арам максаттарына жете алышпайт. Мусулман-
дардын саны күн өткөн сайын көбөйүп Исламдын жарык нуру абдан
тездик менен жайыла берет.
Мурунтан Исламга каршы чыгып, мусулман болбош үчүн каршы
турушкандар мезгилдин өтүшү менен чындыкты көрө башташат. Мекке
каратылып, Кааба буттардан арылтылгандан кийин Исламдын таасири
мурункудан да алда канча тездик менен жайыла баштайт. Адамдар өз
алдынча да, топ-тобу менен да келишип Ислам динин кабыл ала башта-
шат. Аравиянын төрт тарабынан келген өкүлдөр пайгамбарыбызды
зыярат кылышып, мусулман болушкандыктарын билдиришет.
Пайгамбарыбыздын кoңшу өлкөлөрдҥн башчыларына
жиберген Исламга дават каттары
Азирети Мухаммед бүткүл адамзатына пайгамбар катары жибе-
рилген эле. Ушул себептен улам Худайбия келишиминен кийин Ислам
динин дүйнөгө жайылтуу иш-аракетин баштайт. Византия императору-
на, Иран, Египет, Эфиопия, Оман жана Бахрейн өлкөлөрүнүн башчыла-
рына элчилер жөнөтөт. Аларга Исламга дават (чакыруу) каттарын
жиберет. Пайгамбарыбыз күмүштөн бир мөөр жасатып, анын бетине
“Мухаммедур-Расуулуллах” деген сөздөрдү жаздырып, каттардын ая-
гына бул мөөрдү басат.

542
Эфиопиянын өкүмдары пайгамбарыбыздын катын алганда, му-
сулмандыкты кабыл алат. Ал эми Византия императоруна мындай кат
жиберилет: “Бисмиллаахиррахманиррахиим. Алла тааланын кулу
жана расулу Мухаммедден урумдардын башчысы Гераклге, туура
жолго түшкөндөргө дубай салам. Мындан ары мен сени Исламга үн-
дөймүн. Эсенчиликке жетиш үчүн мусулман бол. Алла таала да
сага эки эсе көп сооп берет. Эгер кабыл албасаң, элиңдин убалы
сенин мойнуңда болот.
Оо, бир Кудайга ишенгендер! Силер менен биздин ортобуздагы
орток бир сөздү сүйлөйлү. Алла таалага гана кулдук уралы. Ага эч
качан шерик издебейли. Айрымдарыңар Алла тааланы таштап,
башкаларды өздөрүнө теңир кылбасын. Эгерде жүз буруп кетишсе,
күбө болгула, биз мусулманбыз дегиле.”
Византия императору Геракл пайгамбарыбыз жиберген элчиге:
“Мен бул пайгамбардын келерин билген элем, бирок анын Аравиядан
чыгарын ойлогон эмесмин. Эгерде ага жете ала турганымды билсем,
бардык кыйынчылыкка чыдайт элем. Жанында болсом, буттарын жууп,
кызмат кылмакмын,” – дейт. Император мусулмандыкты кабыл албайт.
Бирок пайгамбардын элчисине жылуу мамиле кылып, ага ар түрдүү бе-
лектерди берип, кайра жөнөтөт.
Иран өкүмдарына болсо ушул кат жиберилет: “Бисмиллаахир-
рахманир-рахиим. Алла тааланын кулу жана пайгамбары Мухаммед-
ден Перстин башчысы Кисрага, туура жолго түшкөндөргө, Алла
таалага жана пайгамбарына ыйман келтиргендерге, Алла тааладан
башка эч кандай теңирдин жок экенин жана Мухаммеддин анын
пайгамбары болгонун келме келтирип айткандарга дубай салам.
Оо, Кисра! Мен сени Исламга үндөймүн. Мен бардык адамдар-
га жиберилген Алла тааланын бир пайгамбарымын. Жашап жат-
кан адамдарга (Aлла тааланын азабын) эскертемин. Эсенчиликке
жетиш үчүн мусулман бол. Эгерде болбосоң, бардык мажусулардын
убалы мойнуңа түшөт.”
Иран өкүмдары Хусрав Первиз пайгамбарыбыздын катын оку-
ганда, катуу каарданат. Салт боюнча өкүмдарларга жиберилген каттар
алардын аты менен башталчу. Ал эми пайгамбарыбыз жиберген кат
Алла тааланын ысмы менен башталып, пайгамбарыбыздын аты да
өкүмдардын атынан мурда орун алган болчу. Өкүмдар мына ушуга аб-
дан катуу ачууланат жана: “Менин кулум мага ушинтип кайрылып
жатабы?” – деп, пайгамбарыбыздын катын каары менен айрып ыргы-
тат. Бечара өкүмдар бул кылыгы менен өзүнүн атын айрып ыргытып
жатканын түшүнгөн эмес. Өкүмдардын мындай адепсиз мамилеси туу-
ралуу пайгамбарыбызга кабардар кылынганда ал: “Бөлҥнҥп-жары-

543
лышсын!”  деп буюрат. Көп өтпөстөн Хусрав Первиз өзүнүн уулу
Шируйа тарабынан курсагынан жарылып өлтүрүлгөн. Иран султанды-
гы азирети Өмөрдүн калыйпалыгы учурунда кулап чабылып-чачылып
жок кылынган.
Бир тараптан бул катка каарданган өкүмдар өзүнүн карамагында
болгон Йемендин акими Базанга кат жазып: “Хижаз аймагында пайгам-
бар экендигин айтып жүргөн кишини мага жибер,” – деп буюрат. Йе-
мендин акими да пайгамбарыбызга: “Дароо Иран өкүмдарынын жаны-
на баргайсың,” – деп кат жазып, эки кызматкерин Мединага жөнөтөт.
Кызматкерлер Мединага келишип, пайгамбардын алдына барышып,
катты беришет. Эгерде өкүмдардын жанына барбаса, анын жок кылына
турганын айтышат. Пайгамбарыбыз: “Эртең жооп берем,” – деп, алар-
ды бөлмөсүнөн чыгарып жиберет.
Ушундан кийин эле Алла таала тарабынан Иран өкүмдарынын
ошол түнү уулу тарабынан өлтүрүлгөнү пайгамбарыбызга билдирилет.
Пайгамбарыбыз кызматкерлерди чакыртып, аларга акыркы жагдай туу-
ралуу кабар берет жана: “Ислам дини жакында Иран өлкөсүндө өкүм
сүрөт. Аким Базанга айтып баргыла, ыйман келтирсин,” – деп буюрат.
Кызматкерлер Йеменге келишип, акыркы жагдайды акимге ка-
бардашат. Чындап эле пайгамбарыбыз кабар берген мезгилде өкүмдар-
дын өлтүрүлгөнү түшүнүктүү болгондо, бул кереметти көргөн аким жа-
на жанындагылар да мусулман болушат.
Меккенин каратылышы (Б.з. 630-жылы)
Пайгамбарыбыз (а.с.) 630-жылы Меккени каратып алууга чечим
кылат жана 10.000 кишилик Ислам кошууну төрт тараптан Меккеге ки-
рет. Азирети пайгамбарыбыз Меккенин каратылышында кан төгүлү-
шүн такыр каалаган эмес болчу. Ушул себептен жоокерлерге мындай
деп кайрылат: “Эч кимди өлтүрбөгүлө, куралдуу урушка кирбегиле.”
Айтканындай эле болот. Мекке кан төгүүсүз каратылып алынат.
Пайгамбарыбыз Каабага барып, аны буттардан тазалатат жана ал жерде
топтолгон адамдарга өтө маанилүү бир кутпа айтат. Пайгамбарыбыз
бул кутпасында Алла тааланын жалгыздыгын, адамдардын баарынын
бирдей экендигин, өткөн замандардагы кун куумай салтынын жоюлга-
нын түшүндүргөндөн кийин бул маанидеги аятты окуйт: “Оо, адамдар!
Биз силерди бир эркек менен бир ургаачыдан жараттык. Тааныш-
кыла деп силерди калктарга, урууларга бөлдүк. Силердин ичиңерден
Алла тааланын алдында эң кадырлуу болгонуңар – Андан эң көп

544
коркконуңар. Алла таала (бардык нерсени) билет жана эшитет.
Буга эч шегим жок.”643
Бул сөздөрдү угуп отурган меккеликтер убагында пайгамбары-
бызды өлтүргөнгө аракет кылышып, алгачкы мусулмандарга адам чы-
дагыс кордуктарды көрсөтүшүп, Исламдын нурун өчүрүш үчүн колдо-
рунан келген бардык жамандыктарды жасашкан болчу. Ал эми азыр
жерди карашып, өздөрү жөнүндө бериле турган чечимди күтүп отуруш-
кан эле. Пайгамбарыбыз алардан мындай деп сурайт:
– Оо, курайшы калкы! Силерди эмне кылат деп ойлоп
жатасыңар?
– Сен айкөл жана кадырлуу бир боордошубузсуң, – деп айтышат.
Пайгамбарыбыз бул жерде да улуулугун көрсөтүп:
– Бүгүн силерди айыптабайм, баарыңар эркинсиңер, – деп бую-
руп, бардыгына кечирим кылат.
Меккени басып алган улуу пайгамбар айкөлдүгү жана кечирим-
дүүлүгү менен адамдардын жүрөгүнөн орун алат. Адамзатка эң сонун
ахлак жана айкөлдүк сабагын берет. Мекке каратылган күнү Эфиопия-
лык азирети Билал Каабанын чатырына чыгып, бешим намазы үчүн
азан чакырат. Намаз окулгандан кийин пайгамбарыбыз Сафа дөңсөө-
сүнө чыгат. Жаңы эле мусулман болгондор да ошол жерге топтолушат.
Алгач эркектер, андан кийин аялдар кулдук урушат (башкача айтканда,
ага баш ийишерине убада беришет).
Коштошуу ажылыгы (Б.з. 632-жылы)
Меккенин каратылып алынышынан кийин Ислам дини өзгөчө
бир тездик менен дүйнөгө жайыла баштайт. Алла тааланын бирөө гана
экендиги ишеними адамдардын көңүлүнүн тереңинен орун алат. Туура
жолдун Исламда экендигине ишенген адамдар өздөрүнөн өзү эле топ-
топ болуп келишип, Ислам динин кабыл алышат. 23 жыл бою талбай
абийирдүүлүк менен жүргүзгөн күрөшүнүн акыбетин көргөн пайгам-
барыбыз хижраттын онунчу жылында жүз миңден ашуун мусулман
менен бирге ажыга барат.
Пайгамбарыбыз Арафатта болжол менен 124.000 мусулманга кай-
рылып, жалпыга белгилүү кутпасын айтат. Муну “Коштошуу кутпасы”
деп коюшат. Бул кутпадан кийин мына бул маанидеги Куран аяты тү-
шүрүлөт: “Бүгүн силердин диниңерди телегейи тегиз кылдым. Си-
лерге берилген ырыскы-дөөлөттөрдү толуктадым жана силерге дин
катары Исламды тандадым.”644

643
Хужурат сүрөсү, 13-аят.
644
Маида сүрөсү, 3-аят.

545
Азирети пайгамбарыбыз акыретке сапар алар күн мезгилинин жа-
кындаганын жана мындан кийин ажыга келе албай тургандыгын сезген-
диги үчүн бул жерде мусулмандар менен коштошот. Ушул себептен
пайгамбарыбыздын бул ажылыгы “Коштошуу ажылыгы” деп аталып
калган.
Пайгамбарыбыз ажылык милдетин бүтүргөндөн кийин жанын-
дагы мусулмандар менен бирге Мединага кайтат.
Коштошуу кутпасында тең укуктуулук жоболору билдирилип,
чыныгы бейпилчилик жана бак-таалайдын пайдубалдары түптөлгөн.
Бул доордо үндү алыска жеткире турган репродуктор сымал бир аспап
болгон эмес. Ошондуктан пайгамбарыбыз айткан ар бир сүйлөм бир
башка кишилер тарабынан бир ооздон кайталанып, бардык жамаатка
дароо жеткирилген. Бул кутпа адам укуктарынын дүйнөлүк стандарт-
тагы эрежелеринен алда канча мурун эле адам укуктарын коргоочу маа-
нилүү өкүм-жоболорду алып келген.

Пайгамбарыбыздын тарыхый коштошуу кутпасынан айрым


бөлҥмдөр
ОО, АДАМДАР! Сөзүмө жакшылап кулак салгыла! Билбеймин,
балким бул жылдан кийин силер менен дагы бир жолу бул жерде көрү-
шө албай калам.
ОО, АДАМДАР! Силер үчүн бүгүнкү жашап жаткан күндөрүңөр
канчалык ыйык болсо, бул айларыңар канчалык ыйык ай болсо, бул
шаарыңар (Мекке) канчалык ыйык шаар болсо, жаныңар, мал-мүлкүңөр
жана ар-намысыңар да ошончолук даражада ыйык болуп эсептелет. Ар
кандай зордуктардан сакталып келген.
ОО, САКАБАЛАРЫМ! Эртең Кудайыңарга жетесиңер жана бү-
гүнкү акыбалыңар менен баскан-турганыңар боюнча сөзсүз түрдө су-
ракка алынасыңар. Менден кийин мурунку түркөйлүгүңөргө кайтып,
бириңдин башыңды бириң алып жүрбөгүлө. Бул керээзимди укпаган-
дарга ушул жерде тургандар түшүндүрүп айтсын. Балким, бирөө аркы-
луу уккан киши бул жерде туруп уккан кишиден дагы жакшы түшүнүп
сактайт.
ОО, САКАБАЛАРЫМ! Кимдин мойнунда бирөөнүн аманаты
бар болсо, аны ээсине берсин. Пайыздын бардык түрлөрү жоюлду, теп-
сеп салдым. Бирок негизги карызыңарды беришиңер керек. Кордук
көрсөтпөгүлө, кордукка да дуушар болбогула. Алла тааланын буйругу
менен мындан кийин пайыз өндүрүүгө тыюу салынды. Түркөйлүк доо-
рунан калган бул начар адаттын бардык түрүн тепсеп таштадым.

546
ОО, САКАБАЛАРЫМ! Түркөйлүк доорунан калган кун кубалоо
да түп тамыры менен жоюлду.
ОО, АДАМДАР! Бүгүн шайтан силердин жериңерде жаңыдан
күчтөнүп өз өкүмүн жүргүзүү күчүн түбөлүккө жоготту. Бирок силер
бул жойгон нерселеримден сырткары кээ бир иштерде кенебестик кы-
лып аны ээрчисеңер, бул нерсе да аны ыраазы кылат. Диниңерди сак-
таш үчүн булардан да сактангыла.
ОО, АДАМДАР! Аялдардын укуктарын коргоону жана бул масе-
ле боюнча Алла тааладан коркууну сунуш кылам. Силер аялдарды те-
ңирдин аманаты катары алдыңар. Алардын намысы менен абийирин
коргоо үчүн Алла тааланын атынан сөз берип, баш коштуңар. Силердин
аялдарыңарда акыңар бар жана алардын да силерде акысы бар. Силер-
дин аялдарыңардагы акыңар – алардын үй-бүлө очогун силер жактыр-
баган эч бир кишиге тепсетпөөсү.
ОО, МОМУНДАР! Силерге бир аманат таштап кетип баратам,
аны бекем кармансаңар, эч качан жолуңардан адашпайсыңар. Ал ама-
нат Алла тааланын китеби – ыйык Куран.
ОО, МОМУНДАР! Сөзүмдү жакшылап уккула жана эсиңерге
түйүп калгыла. Бир мусулман – башка бир мусулмандын боордошу.
Кыскасы, бүткүл мусулмандар бир тууган. Дин боордошуңарга таандык
болгон кандайдыр бир акыга зордук менен ээ болуу эч качан адал бол-
бойт. Ал боордошуңардын өз ыраазычылыгы менен бергени туура.
ОО, САКАБАЛАРЫМ! Өзүңөргө да кордук көрсөтпөгүлө. Өзү-
ңөрдүн үстүңөрдө да акыңар бар.
ОО, АДАМДАР! Алла таала ар бир кишиге өз акысын (Куранда)
берген. Ошондуктан керээз кылып айтуунун эч кажети жок.
ОО, АДАМДАР! Кудайыңар бир. Атаңар бир, бардыгыңар Адам
атанын балдары болосуңар. Ал эми Адам топурактан жаралган. Алла
тааланын алдында эң кадырлуу киши – Ага эң көп урмат көрсөткөн ки-
ши. Араптын арап болбогон калктан Алла таалага урмат даражасынан
башка эч бир артыкчылыгы жок.
ОО, АДАМДАР! Эртең мен тууралуу силерден сурашат, эмне
деп айтасыңар?
“Алла тааланын элчилигин аткардың, милдетиңди орундаттың,
бизге керээз жана насаатыңды айттың, мына ушуларга күбөлүк кы-
лабыз.”
Бул сөздөрдөн кийин Алла тааланын элчиси куттуу сөөмөйүн
көккө көтөрүп, андан кийин жаамаатка буруп, мындай деп буюрду:
“Оо, Кудайым! Күбө бол. Оо, Кудайым! Күбө бол. Оо, Кудайым! Күбө
бол.”

547
Пайгамбарыбыздын сыркоолошу жана дҥйнөдөн кайтышы
(Б.з. 632-жылы)
Пайгамбарыбыз акыркы ажылык милдетин өтөп, Мединага кай-
тып келет. Арадан көп убакыт өтпөй эле ооруп калат. Ал пайгамбарлык
милдетинин аяктаганын жана бул дүйнөдөн кайтуу мезгилинин келге-
нин билген болчу. Дарты күндөн-күнгө күчөп бараткан. Бирок ооруга-
нына карабастан азан чакырылганда мечитке барып, намаз окутууну
уланта берет. Өлүмүнө үч күн калганда оорусу абдан күчөп кетет. Ме-
читке бара албай калат. Азирети Абу Бакирдин жамаатка имам болуп,
намаз окутушун буюрат.
Оорусу күчөгөн күндөрүнүн биринде сакабаларына бул сөздөрдү
айтат: “... Муну билип койгула, силер кайра эле мага жетесиңер. Биз
жолугуша турган жер – Көөсөр кудугунун бою. Кимде-ким мени менен
ал жерде жолугушкусу келсе, колу менен тилин керексиз иштерден
жана сөздөрдөн оолак кармасын. Мага бул дүйнөдөн кайтуу мезгили
келгени тууралуу кабар берилди. Алла таалага бара турганым үчүн ку-
банычтуумун. Үммөтүмдөн ажырай турганым үчүн да капалуумун.
Мен кабарды алдым. Алла таалага кетип баратам.”
Өлүмүнөн эки күн мурун айрым сакабаларынын жардамы менен
мечитке келет. Акырын келип, минбарга чыгып отурат. Жүзүн жамаат-
ка буруп, мындай деп кайрылат: “Оо, мусулмандар! Эгерде араңардан
бирөөгө жамандык кылган болсом, анын жообун кабыл алууга даяр-
мын. Кимдир бирөөнү урган болсом, мына, аркама келип урсун. Кимдин
менде аласасы бар болсо, мынакей мал-мүлкүм, келип акысын алсын.”
8-июнь, дүйшөмбү күнү таңга жуук пайгамбарыбыздын оорусу
бираз басаңдаганда мечитке барат. Отурган ордунан жылбастан азирети
Абу Бакирдин аркасында багымдат намазын жамаат менен бирге окуйт.
Мечиттен үйүнө кайтып келгенден кийин оорусу күчөйт. Ошол күнү
шашке ченде: “Оо, Жараткан! Өлүмдүн кыйынчылыгы алдында мага
жеңилдик бер. Жанымды кейитпей ал,” – деп дуба кылат. Жанында бир
идиште муздак суу турган эле. Улам-улам колун сууга салып, анан
нымдуу колдору менен нурдуу жүзүн сылай берет. Акыры түшкө жакын
колун кыймылдатат. Сөөмөйүн жогору көтөрүп: “Алла таалага – Улуу
доско,” – деп айтып, көз жумат. Анын акыркы сөзү ушундай болот.
Алла тааланын элчиси 63 жашында касиеттүү рухун Жаратканы-
на тапшырат (12-Рабиул-аввал, дүйшөмбү, хижраттын 10-жылы/ Б.з.
632-жылы 8-июнь).
Пайгамбарыбыз дүйнөдөн кайткан жерине коюлган. Анын мүр-
зөсү Мединада жана бул жер “Равзаи мутахарра” (Aз. Мухаммеддин
мүрзөсү) деп аталат. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын 23 жылдык пайгам-
барлык өмүрүнүн 13 жылы Меккеде, ал эми 10 жылы Мединада өткөн.

548
Ал адамзаттын бактысы үчүн күрөшкөн. Акыркы пайгамбар катары
милдетин толугу менен орундаткандан кийин дүйнөдөн кайткан.
Дүйнө эмнеге ээ болсо, баары Анын бергени,
Ага карыз жамааты, ага карыз өз эли.
Карыз ал ак элчиге бүт адамзат жердеги,
Бул сөз менен Макшарда тирилт, Кудай пендеңи.
Мехмет Акиф ЭРСОЙ

Пайгамбарыбыздын балдары
Пайгамбарыбыздын жети баласы болгон. Булардын үчөө – уул,
төртөө – кыз эле.
Эркек балдары: Касым, Абдуллах жана Ибрахим.
Кыз балдары: Зейнеп, Рукиййа, Умму-Гулсум жана Фатима.
Булардын алтоо – азирети Кадичадан, уулу Ибрахим болсо
Марийадан төрөлгөн.
Касым менен Абдуллах атасына пайгамбарлык келе электе, али
кичине кездеринде эле чарчап калышат. Пайгамбарыбыз балдарынын
өлүмүнө абдан кайгырган. Пайгамбарыбыздын лакап аты да “Абул-
Касым” болгон. “Касымдын атасы” деген маанини билдирет. Пайгамба-
рыбызга бул лакап аты абдан жаккан. Бул лакабында кичине кезинде жо-
готкон уулунун аты айтылганы үчүн муну менен өзүн-өзү жубатар эле.
Ал эми кийинки уулу Ибрахим хижраттан кийин Мединада туул-
ган. Ал да кичинекей кезинде эле чарчап калган. Уулу өлгөндөн кийин
пайгамбарыбыз көз жашын төгүп, бул сөздөрдү айтат: “Көз жаш кыл-
гырат, жүрөк сыздайт. Бирок Алла тааланын буйругу ушундай экен,
башка сөз айта албайбыз. Оо, Ибрахим, сени жоготконубуз үчүн те-
рең кайгыга батып турабыз.” Ибрахим өлгөн күнү күн тутулган болчу.
Айрым кишилер “Ибрахимдин өлүмү үчүн күн тутулду” деп айтышат.
Пайгамбарыбыз бул көз караштын туура эмес экендигин билдирип,
мындай деп буюрат: “Күн менен ай Алла тааланын аяттарында ай-
тылган эки алаамат экендиги талашсыз. Бирок булар эч качан бир ки-
шинин өлүмүнөн, же өмүрүнөн улам тогошпойт.”
Пайгамбарыбыздын кыздарынын баары аман-эсен бой жетип,
турмушка чыгышкан. Бирок азирети Фатимадан башка үч кызы азирети
пайгамбарыбыздан мурда көз жумушкан. Кенже кызы Фатима азирети
Али менен баш кошкон жана пайгамбарыбыздын өлүмүнөн кийин алты
ай дагы жашаган. Пайгамбарыбыздын тукуму анын балдары менен
уланган. Азирети Хасан менен азирети Хусейин ошол кенже кызы
Фатиманын балдары.

549
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН БИЙИК АХЛАГЫ
Алла тааланын эң сүйүктүү пендеси, акыркы жана эң улуу пай-
гамбар азирети Мухаммед бак-таалай чачкан күндүн жарык нуру ката-
ры туулду. Кургак жер суу менен көгөргөндөй эле пайгамбарыбыз ме-
нен дүйнөгө жаңы бир жашоо келди. Адамдардын жүрөгүнө жайгаш-
тырган ыйман нурунун жардамы менен жалган жаңылыш ишенимдер
жоюлуп, түркөйлүктүн ордуна билимдүүлүк, өкүм-зордуктун ордуна
укук жана адилеттик, өчөгүшүү менен кастыктын ордуна сүйүү, таш-
боордуктун ордуна мээримдүүлүк жана боорукердик келди. Чыныгы
Ислам боордоштугу орноп, коомчулук тынчтык менен бейкуттукка
жетти.
Адамдарга бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуунун жа-
рык жолун көрсөткөн пайгамбарыбыз, элге үйрөткөн ахлак жоболорун
алгач өзү ишке ашырып, эң мыкты үлгү көрсөткөн. Кудуреттүү Алла
таала ыйык Куранда пайгамбарыбыз тууралуу: “Жана сен албетте,
бийик ахлакка ээсиң,”645 – деп буюруп, анын абдан бийик ахлакка ээ
бир киши экендигин билдирген. Ал ахлагын Курандан алып, бардык
жакшы сапаттарды өзүндө топтогон. Кадырлуу жубайы азирети Айша
пайгамбарыбыздын ахлагынын кандай экендиги суралганда: “Анын ах-
лагы – Куран болчу,”646 – деп жооп берген.
Аны кудуреттүү Алла таала өстүрүп-өнүктүрүп, адамзатка үлгү бол-
сун деп өзгөчө кылып тарбиялады. Пайгамбарыбыз да: “Мени Раббим
тарбиялады жана тарбиямды мыкты берди,”647 – деп айтып кеткен.
Ал жүрүш-турушу жана бийик адамгерчилиги менен адамзат
үчүн эң сонун үлгү болуп калды. Муну менен байланыштуу Алла таала
ыйык Куранда: “Ант ичемин, Алланын элчисинде силер үчүн, Аллага
жана акырет күнүнө жетүүнү үмүт кылган, Алланы көп эскерген
кишилер үчүн сонун үлгү бар,”648 – деп буюрган жана анын жашоосу-
нан үлгү алышыбызды талап кылган.
Мусулман катары биздин милдетибиз – пайгамбарыбыздын бийик
ахлактуу жана мартабалуу жашоосун жакшылап үйрөнүү, анын адеп-
ахлактуу жүрүш-туруштарынан үлгү алып жашоо. Эми кыскача пайгам-
барыбыздын жашоосун жана адеп-ахлактуу кыймыл-аракеттерин үйрө-
нүүгө аракет кылалы.

645
Эл-калем сүрөсү, 4-аят.
646
Муслим, Мусафирун, 139-бет.
647
Аль-Жамиус-Сагир (Мунави, Файз. Хадис №310).
648
Ахзаб сүрөсү, 21-аят.

550
Пайгамбарыбыздын чынчылдыгы
Пайгамбарыбыз чынчылдыктын жана ак ниеттүүлүктүн эң мыкты
үлгүсү болгон. Ал бала кезинен баштап чынчылдыктан тайбаган жана эч
кимге жалган айткан эмес. Пайгамбарлыгынан мурун жаштык кезинде
чынчылдыгы жана ишенимдүү адамгерчилигинен улам аны “Мухаммед
ал-амин”, б.а. “ишенимдҥҥ Мухаммед” деп айтышкан. Ал тургай душ-
мандары да анын чынчылдыгын моюнга алышып, аны жалганчы дей
алышкан эмес.
Пайгамбарыбыздын эң коркунучтуу душманы болгон Абу Жахил
“Мухаммед! Биз сени танган жокпуз, биздин оюбуз боюнча сен туура-
сың. Бирок биз сенин алып келгениңди танып жатабыз,” – деген. Бул
сөз да пайгамбарыбызды капа кылган. Ушундан улам “Алардын айт-
кандарынын сени капа кылганын албетте билебиз. Чындыгында алар
сени танышкан жок, бирок ал наадандар ачык-айкын түрдө Алланы
аяттарын танып жатышат”649 деген аят түшкөн.
Курайшынын улуктарынан Харис бин Амир да мындай деген:
“Оо, Мухаммед! Кудай урсун, сен бизге эч жалган айткан жоксуң. Би-
рок биз сага кошула турган болсок, ордубуздан ажырайбыз, ушул се-
бептен ыйман келтирбей жатабыз.”650
Абу Суфян мусулман боло электе соода кылуу максаты менен
Шамга барганда Византия императору аны кабыл алат жана андан пай-
гамбарыбыз тууралуу айрым нерселерди сурайт. Бул суроолорунун
бири да мындай болгон:
– Пайгамбар экендигин шардана кылган бул кишинин мындан
мурун жалган айтканын уктуңарбы? Абу Суфян:
– Эч качан жалган айтканын уккан жокпуз, – деп жооп берген.
Мындан кийин император:
– Сизден пайгамбар экендигин айтып жүргөн кишинин мындан му-
рун жалган айтып айтпаганын сурадым. Анын эч качан жалган сүй-
лөбөгөнүн айттыңыз. Эгерде бул киши Алла таала жөнүндө жалган айткан
болсо, мындан мурун адамдарга жалган айтышы керек болчу,” – деген651
жана пайгамбарыбыздын чынчылдыгынан улам чындап эле пайгамбар
экендигин айткан.
Пайгамбар болгон кезинде Меккенин элин Исламга үндөө үчүн
жыйнайт. Сафа дөңсөөсүнө чыгып, ал жерге чогулгандарга:
– Оо, курайшы калкы! Силерге бул дөбөнун аркасында бир душ-
ман кошуунунун турганын кабар кылсам, мага ишенесиңерби? – деп
сурайт, ал жерде тургандар:

649
Аньам сүрөсү, 33-аят.
650
Рухулмани, 7-том, 136-бет.
651
Бухарий, Бадул-Вахй, 1.

551
– Бардыгыбыз ишенебиз, анткени сен өмүрүңдө такыр жалган айт-
кан жоксуң, – деп жооп беришет. Бул жерге жыйналган адамдардын
арасында пайгамбарыбыздын эң коркунучтуу душмандары да бар болчу.
Алар дагы пайгамбарыбыздын чынчылдыгын моюндарына алышкан.
Пайгамбарыбыз өзү туура сөздүү болгондой биздин да чынчыл
болушубузду жана жалганчылыктан оолак турушубузду талап кылып,
мындай деп буюрган: “Чынчылдыктан тайбагыла. Анткени чынчыл-
дык жакшылык менен бирге болот. Чынчыл жана жакшы болгондор
бейишке киришет. Жалгандан качкыла, анткени, жалган жамандык
менен бирге болот. Жалган айткан жана жамандык кылгандар да
тозокко киришет.”652
Ал жалганды эч жактыбай, жалганчыларды да сүйгөн эмес. Пай-
гамбарыбыз балдарды сооротуш үчүн калп айтууну да жакшы кабыл
алган эмес. Абдуллах бин Амр мындай деген: “Пайгамбарыбыз бир кү-
нү үйүбүзгө келген мезгилде апам мага:
– Кел уулум, мен сага бир нерсе беремин, – деп чакырып калды.
Пайгамбарыбыз апама:
– Балага эмне берейин дедиң эле? – деп сураганда, апам:
– Курма беремин, – деп жооп берди. Пайгамбарыбыз мындан кийин:
– Эгерде аны алдап, эч нерсе бербегениңде, сага бир жалган кү-
нөөсү жазылат болчу,653 – деп буюрду.”
Пайгамбарыбыз бир нерсе жөнүндө убада бергенде, айткан уба-
дасына туруп, эмне керек болсо орундаткан.
Худайбия тынчтык келишиминин чечимдеринен бири да – мекке-
ликтерден бири мусулмандарга баш калкаласа, ал мусулман болсо да,
кайра кайтарылат, бирок мусулмандардан меккеликтерге баш калкала-
гандар болсо, кайра кайтарылбайт эле.
Мусулмандар үчүн абдан оор болгон бул келишим жаңы эле жа-
зылып бүткөндө, меккеликтердин атынан келишимге кол коѐ турган
Сухайлдын мусулман болгон уулу Абу Жендел бир жолуп таап качып,
бутундагы чынжырын сүйрөп келип калат. Бул келишим боюнча Абу
Женделди кайра кайтарыш керек болчу. Мусулмандар буга абдан катуу
кейишет жана Абу Женделди кайра кайтаргылары келишпейт. Пайгам-
барыбыз Абу Женделге бурулуп: “Оо, Абу Жендел, сабыр кыл, биз бер-
ген сөзүбүздөн кайтпайбыз. Жакында Алла таала сага эркиндик жолун
ачат,” – деп жубатат654 жана ал кол коюла элек болсо да, оозеки түрдө
чечим кылынган келишимге моюн суна турганын белгилейт.

652
ат-Таргиб ват-Тархиб, 4-том, 370-бет.
653
Абу Давуд, Адеп, 88.
654
Бухарий, Шурут, 25; Ибн Хишам, 3-том, 318-бет.

552
Ал эркиндиктин чынчылдыкта болгонун билдирип, чынчыл ки-
шилердин кыямат күнү пайгамбарлар менен бирге болорун кабардаган.
Пайгамбарыбыздан “адамдардын кайрымдуусу ким?”  деп сураш-
канда, пайгамбарыбыз: “Бардык таза жүрөктүү жана туура сөздүү
болгондор,”655 – деп буюрган.
Пайгамбарыбыздын боорукердиги
Пайгамбарыбыздын мээримге, ырайымга жана сүйүүгө толгон се-
зимтал жүрөгү бар эле. Кудуреттүү Алла таала ыйык Куранда ал туу-
ралуу мындай деп буюрган: “Оо, Мухаммед! Биз сени дүйнөгө кайрым
кылсын деп гана жөнөттүк.”656
Анын мээримдүүлүгү менен боорукердиги жашоосунун бардык
мезгилинде ачык-айкын көрүнүп, кайрымдуулук сезимдерине канган
жүрөгү ар дайым жакшылык үчүн соккон. Эч кимдин башына кандай-
дыр бир жамандыктын келишин, эч кимдин кайгырып кан жутушун
каалаган эмес.
Кадырлуу жубайы азирети Кадича менен абасы Абу Талиб пай-
гамбарыбызга абдан көп көмөк көрсөтүшкөн. Бул экөө удаалаш көз
жумганда, Ислам душмандары пайгамбарыбызга карата зордук-зомбу-
луктарын мурункудан да күчөтүшкөн. Ушундан улам пайгамбарыбыз
алгачкы мусулмандардан болгон Зайд бин Хариса менен бирге Мекке-
ден чыгып, Таиф калкын Исламга үндөөгө барат. Таифтиктер Исламды
кабыл алышпаганы аз келгенсип, пайгамбарыбызды ташбараңга алы-
шат. Ал эми Зайд денеси менен пайгамбарыбызды калкалап, ыргытыл-
ган таштардын соккусунан коргойт. Ыргытылган таштардан улам пай-
гамбарыбыздын буттары жараланып, канга боѐлуп, баса албай турган
абалга жетет жана жол боюндагы бир жүзүм бакчасына барып баш кал-
калайт.
Анын ушундай катуу кыйынчылыкка кабылганынан улам куду-
реттүү Алла таала Жебирейилди жиберип, тоолор периштесинин анын
буйргугуна берилгенин жана эмне кааласа бул периштеге буюра ала
турганын билдирет. Ушундан кийин тоолорго буйрук берген периште
пайгамбарыбызга үн катып салам берет жана: “Сен эмне кааласаң, буй-
ругуңа даярмын. Эгерде мынабу эки тоонун меккеликтердин үстүнө чө-
гүп, бири-бири менен биригип бутпарастарды бүтүндөй басып калы-
шын кааласаң, аны да буюр” – дейт.
Эгерде пайгамбарыбыз кааласа, аны аѐосуз түрдө таш бараңга ал-
гандар жана канга боѐгондор бир заматта жок болор эле. Бирок пайгам-

655
Ибн Мажа, Зухд, 24.
656
Анбия сүрөсү, 107-аят.

553
барыбыз абдан капалуу болсо да, сүйүү жана боорукердик менен тол-
гон жүрөгү алардын жазаландырылышына жол берген эмес жана пе-
риштеге мындай деген: “Жок! Мен аны каалабайм, мен Алла тааланын
бул бутпарастардын тукумунан бир Аллага ибадат кылган жана Алла-
га эч качан шерик издебеген адамдарды чыгарышын каалайм.”657
Пайгамбарыбыз адамдарга жана башка жандууларга ырайым көр-
сөткөндөргө Алла тааланын ырайым көрсөтүү менен жооп берерин
билдирип, мындай деп буюрган: “Ырайым кылгандарга Алла да ыра-
йым кылат. Көк жүзүндөгүлөр силерге ырайым кылсын десеңер, силер
да жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла.”658
Ырайымсыздар тууралуу мындай деп эскерткен: “Ырайым кыл-
баганга ырайым көрсөтүлбөйт.”659
Ал мээримге жана жардамга муктаж болгон жетимдерге айрыкча
көңүл буруп, мусулмандарга да жетимдерге ырайым көрсөтүүлөрүн су-
нуш кылган. Пайгамбарыбызга бир киши келип, өзүнүн ташбоор экен-
дигин айтып даттанат. Муну уккан пайгамбарыбыз ага: “Жүрөгүңдүн
жибишин жана муктаж болгон нерсеңе жетишин каалап жатсаң,
жетимге ырайым көрсөт, башынан сыла жана тамагыңдан ага же-
дир. Ушундай кылсаң, жүрөгүң жибийт жана муктаж болгон нерсеңе
жетесиң,”660 – деп жооп берет.
Пайгамабарыбыз адамдарга гана эмес, жан-жаныбарларга да мээ-
римин төгүп ырайымдуулук менен мамиле кылган. Ал суусаган бир
мышыкка өз колу менен суу ичирип, жаныбарлардын ач калтырылба-
шын, аларга жакшы мамиле кылынышы керектигин буюрган. Ибн
Масуд мындай дейт: “Пайгамбарыбыз менен бирге сапар тартып барат-
кан элек. Пайгамбарыбыз бир зарылдыгы үчүн артта калып калган эле.
Ал жерден эки балапаны болгон бир таранчыны көрүп, балапандарын
алып алдым. Таранчы аркамдан калбай ээрчип, балапандары үчүн чый-
пылыктап үстүмдөн айлана баштады. Муну көргөн пайгамбарыбыз:
“Бул куштун балапандарын алып сыздаткан ким? Балапандарын ага
бергиле,”661 – деди.”
Бир жолу пайгамбарыбыз бир ачка төө көрөт. Төөнүн курсагы ачка-
лыктан эки кат болуп кабышып калган экен. Буга капаланган пайгам-
барыбыз: “Малыңар боюнча Алла таалдан корккула,”662 – деп буюрган.

657
Бухарий, Бадул-халк, 7.
658
Абу Давуд, Адеп, 66; Тирмизий, Бирр, 16.
659
Бухарий, Адеп, 18.
660
Ат-Таргиб ват-Тархиб, 3-том, 344-бет (Хадисти Таберани айтып берген).
661
а.а.ч. 3-том, 205-бет.
662
Абу Давуд, Жихад, 47.

554
Дагы бир жолу пайгамбарыбыз Мединалык бир мусулмандын
бакчасында бир төөнүн ачкалыктан бакырганын көрүп, буга абдан ка-
паланат. Төөнүн жанына барып, аны сылап, ээсинин ким экендигин су-
рап билет. Андан кийин: “Малга кылган мамилеңизден улам Алла таа-
ладан коркпойсузбу?”663 – деп, төөнүн ээсин эскерткен.
Пайгамбарыбыздын жоомарттыгы
Пайгамбарыбыз адамдардын эң жоомарты болгон. Андан бир
нерсе сураган кишини эч качан куру кол жибербей, колуна эмне тийсе,
муктаж болгондорго таратып: “Мен тек гана таратуучумун, берген –
Алла таала,” – деп айткан. Ошондой эле тилемчиликти жек көрүп, ти-
лемчилерге муктаждыктарын эмгектенип маңдай терлери менен табуу-
нун жолдорун көрсөткөн.
Сакабалардан Жабир мындай деп айткан: “Пайгамбарыбыз өзү-
нөн бирөө бир нерсе сураганда эч качан жок деп айткан эмес.664 Бир
күнү пайгамбарыбызга бир түр кездеме тартууланып, ал да бул белекти
кабыл алат. Буга зарылдыгы да бар эле. Жанында отурган кишилердин
бири “кандай сонун кездеме” деп суктанганда, пайгамбарыбыз кездеме-
ни ага берет.
Ал кедей-кембагалдарды, жардамга муктаж адамдарды өзүнөн
көп ойлоп, өзүнүн ач калганына карабай, башкаларды тойгузган. Пай-
гамбарыбыздын материалдык мүмкүнчүлүктөрү жакшы болуп турган
мезгилде да жөнөкөй турмушта жашап, өзү үчүн эч нерсе алып кал-
бастан, колунда болгон нерселердин баарын ага муктаж адамдарга та-
ратып берип ачка уктаган күндөрү да көп болгон. Жубайы азирети
Айша мындай деген: “Пайгамбарыбыз үч күн удаасы менен кардын
тойгузган эмес. Кааласа, тойгузуп алат болчу. Бирок ал колунда жок-
торду тойгузуп, өзү ачка калууну туура көрчү.”665
Колунда бар кишинин колунда жокторго жардам көрсөтүшү, кар-
ды ток болгон кишинин ачкаларды тойгузушу албетте жакшы нерсе.
Жоомарттык сезиминин бир белгиси. Бирок колунда эмнеси болсо, бар-
дыгын жакырларга берген, өзүнүн тамагын ач болгондорго берип, өзү
ачка калган кишинин жоомарттыгы болсо сөз менен өлчөөгө мүмкүн
болбой турган башкача бир бийик сезимдин сереси. Жоомарттыктын эң
мыктысы.
Мына, жүрөгү сүйүү, мээримдүүлүк жана кайрымдуулук сезим-
дерине толгон сүйүктүү пайгамбарыбыздын жоомарттыгы ушундай
болгон жана өмүрүнүн аягына чейин ушундайча сакталган.

663
Абу Давуд, Жихад, 47.
664
Бухарий, Адеп, 39.
665
Тирмизий, Шамаил, 43-бет.

555
Пайгамбарыбыздын тилемчиликти жек көрҥшҥ
Пайгамбарыбыз абдан жоомарт киши болгонуна карабастан, ти-
лемчиликти эч качан жактырган эмес жана мындай деп буюрган: “Си-
лердин ичиңерден бирөөнүн бир жип алып, бир боо отунду байлап алып
келип сатышы жана ушундан улам Алла тааланын ал пендесинин на-
мысын ар кимдин тепсендисинде калышындан коргошу албетте ти-
лемчилик кылышынан дагы кайрымдуу.”666
Пайгамбарыбызга көптөгөн жыл кызмат кылган Энес бин Малик
мындай деп эскерген: “Ансарлардан бирөө пайгамбарыбызга келип, са-
дага сурайт. Пайгамбарыбыз:
– Үйүңүздө бир нерсеңиз барбы? – деп сурайт. Ал киши:
– Ооба, бир төшөнчүм бар, жарымынын үстүнө жатып, жарымы
менен да жамынып жүрөм. Мындан сырткары суу ичкен бир идишим
бар, – дейт. Пайгамбарыбыз:
– Кана жөнө, ошолорду алып кел, – деп буюрат. Ал киши үйүнө
барып, буюмдарын алып келет. Пайгамбарыбыз аларды колуна алып:
– Буларды сатып ала турган киши барбы? – деп элге кайрылат.
Бир киши:
– Мен бир дилдеге ала аламын, – деп айтат. Пайгамбарыбыз эки
же үч жолу:
– Мындан ашык берген жокпу? – деп сурайт. Дагы бир киши:
– Мен эки дилдеге ала аламын, – дегенде, пайгамбарыбыз бул
буюмдарды ошол кишиге эки дилдеге сатып жиберет. Алган эки дил-
дени буюмдардын ээсине берет жана мындай деп буюрат: “Бир дилдеге
балдарыңа тамак-аш ал. Бир дилдеге болсо бир жип сатып алып,
андан кийин отун кыйып, базарга алып келип сат, он беш күн көзүмө
көрүнбө.”
Бул киши пайгамбарыбыздын айткандарын аткарып, он беш күн-
дөн кийин келип, он дилде тапканын, мунун бир бөлүгүнө кийим-кече,
бир бөлүгүнө да тамак-аш алганын айтат. Муну уккан пайгамбарыбыз:
“Ушинтип (маңдай терди агызып) жашаганың жакшыбы, же болбосо
кыямат күнү маңдайыңда тилемчилик эн тамгасы менен Алла таала-
нын алдына чыкканың жакшыбы?” – деп айтат.667
Абу Саид ал-Худри мындай деп айткан: “Ансарлардын ичинен
айрым кишилер пайгамбарыбыздан садага сурашат. Пайгамбарыбыз да
аларга берет. Андан кийин алар дагы сурашат, пайгамбарыбыз дагы
бир жолу куру кол жөнөтпөйт. Үчүнчү жолу сурашат, пайгамбарыбыз
666
Бухарий, Зекат, 50.
667
Абу Давуд, Зекат, 26.

556
бул жолу да берет. Ал тургай жанында эч нерсе калбайт. Андан кийин
мындай деп буюрат: “Садага үчүн бөлүнгөн мүлктүн жанымда болго-
нун силерге бердим. Башкаларга берүү үчүн силерден кандайдыр бир нер-
се жашырган жокмун. Кимде-ким тиленүүдөн сактанса, Алла таала ал
кишини (күнөөлөрүнөн) арылтат. Кимде-ким адамдардан ток пейил
болгусу келсе, Алла таала да ал кишиге байлык тартуулайт. Кимде-
ким сабыр кылгысы келсе, Алла таала да ага сабыр берет. Сабырдан
да кайрымдуу, сабырдан да кенен кандайдыр бир ырыскы эч кимге бе-
рилген эмес.”668
Пайгамбарыбыз өзү жана жакындары үчүн садага кабыл алган
эмес. Бир жолу небереси азирети Хасан кичинекей кезинде садага ка-
тары берилген курмалардан бирөөнү оозуна сала коѐт. Муну көргөн
пайгамбарыбыз: “Түкүр, түкүр, биздин садага жебегенибизди билбей-
сиңби?”669 – деп буюрат, азирети Хасан да ал курманы түкүрүп салат.
Пайгамбарыбыздын жөнөкөйлҥгҥ
Пайгамбарыбыз абдан жөнөкөй, бирок ошол эле учурда намыскөй
киши болгон. Ал эч качан бой көтөрбөгөн жана бир жерге барган кезде
адамдардын орундарынан тура калышын, же келип колунан өбүшүн
каалачу эмес. Бир жолу бир киши колунан өбөйүн дегенде, пайгам-
барыбыз колун тартып алат. Кандайдыр бир жыйынга барганда, бош
турган жерге эле отуруп, кишилер болгон тарапка бутун сунган эмес.
Пайгамбарыбыз айрым учурларда үй иштерин жеке өзү аткарган.
Көйнөгүн өзү жамап, бөлмөсүн шыпырып, дүкөнгө барып керектүү
нерселерин сатып алып келген. Ал тургай бут кийимдери жыртылган
учурда да, аларды өзү жамаган. Ал мындай деп буюрган: “Кимде-ким
мусулман боордошуна жөнөкөй мамиле кылса, Алла таала аны бийик-
тетет. Кимде-ким менмесинип, бой көтөрсө, Алла таала аны төмөн-
дөтөт.”670
Пайгамбарыбыз бай-кедей деп ылгабастан, карапайым кишилер
үйүнө чакырганда, сөзсүз барган. Кембагал жана жакыр кишилер менен
бирге отуруп тамак жеген. Абдан кембагал кишилердин үйүнө барып,
ал-акыбалдарын сураган.
Ал оорулуу кишилерди зыярат кылып, мунун мусулман үчүн бир
милдет экендигин айткан.671 Пайгамбарыбыз бир оорулуунун зыярат
кылганда, ага үмүт берип, анын тамырынын согушун текшерип, маңда-

668
Бухарий, Зекат, 50.
669
Бухарий, Зекат, 60.
670
ат-Таргиб ват-Тархиб, 3-том, 561-бет (Хадисти Таберани айтып берген).
671
Бухарий, Мерда, 4.

557
йынан сылап,672 айыгып кетиши үчүн дуба окуп, “Буйруса, кутула-
сың”деп айткан.673 Ошондой эле ал оорулууларды да алыс-жакынды-
гына карап бөлчү эмес, ким болсо да зыярат кылган.
Бир жолу бир жөөттүн баласы ооруп калат. Пайгамбарыбыз анын
зыяратына барып, баланын ал-акыбалын сурагандан кийин аны мусул-
ман болууга үндөгөн. Бала атасынын жүзүнө карайт, атасы: “Уулум,
пайгамбар эмне десе, аткар” – дейт жана бала мусулман болот.674
Пайгамбарыбыз башка кишилер сүйлөп жатканда, сөзүн бөлбөй,
аларды уккан. Жашоосу абдан жөнөкөй болчу. Өзүнө берилген тамакты
жакшы көрүп жеген. Жактырбаган тамагын жебесе да, аны эч качан жа-
мандаган эмес.
Бир жолу сакабалары менен сапарга чыгып, өргүп алыш үчүн бир
жерде түнөп калышат. Сакабалар тамак даярдоо үчүн өз араларында иш
бөлүштүрүшөт. Пайгамбарыбыз да: “Андай болсо, мен да жагыш үчүн
отун чогултайын,”– дейт. Сакабалары анын көрсөткөн жолу үчүн жан-
дарын берүүгө, ага ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр болушкан. Ошон-
дой болсо да ал өз ишин өзү кылып базардан же дүкөндөн алына турган
нерселери болсо өзү сатып алып, өзү ташып жеткирип эч кимди убара
кылчу эмес.
Ошондой эле ал өзү кандайдыр бир унаага мингенде, жанындагы
кишинин жөө жүрүшүн да каалабаган. Пайгамбарыбыз бир күнү сака-
баларынан бирөөнүн үйүнө барып калат. Кайра кайтып келатканда үй
ээси өзүнүн атын пайгамбарыбызга берип, уулунун да жөө басып, пай-
гамбарыбызга шерик болушун айтат. Бирок пайгамбарыбыз баланын
жөө басышына ыраазы болбой, аны да атка мингизип, жолго чыгат.
Пайгамбарыбыздын мактоону жактырбашы
Пайгамбарыбыз Алла таала жиберген акыркы пайгамбар болсо да,
ашкере мактоону эч жактырган эмес. “Таксырыбыз, улуу даражалуубуз”
сыяктуу сөздөрдөн ыңгайсыз болуп, мындай деген: “Христиандардын
Мариямдын уулу Исаны макташканы сымал мени мактабагыла. Албет-
те, мен Алла тааланын кулумун. Мага “Алланын кулу жана элчиси” де-
гениңер жетиштүү.”675
Муаввиз бин Афранын кызы Рубаййи мындай деген: “Мен үйлөнүп
жатканда, пайгамбарыбыз биздин үйгө келди. Мен үчүн жасалган жай-
намаздын үстүнө мынабу отурганым сыяктуу болуп отурду. Тойго келген

672
Бухарий, Мерда, 4.
673
Бухарий, Мерда, 10.
674
Бухарий, Мерда, 11.
675
Бухарий, Анбия, 4.

558
күңдөр аны курчашып, Бадр согушунда шейит кеткен аталарыбыз үчүн
жазылган кошокторду окуй башташкан болчу. Ошол мезгилде алардын
ичинен бирөө бир маалда “Арабызда эртең эмне болорун билген бир пай-
гамбар бар” деген мааниде бир сап окуду. Муну уккан пайгамбарыбыз:
“Муну ташта, андай айтпа, мындан мурун айтканыңдай айт,”676 – деп
буюруп, ашкере мактоолорду жактырбагандыгын билдирет.
Пайгамбарыбыз бир жолу даарат алып жаткан эле. Сакабалары
анын колдонгон жана төккөн суусун чогултууну каалашат. Пайгамба-
рыбыз эмне себептен мындай кылып жатышканын сураганда, мунун
ага болгон берилүүдөн улам экенин айтышат. Ушундан кийин пайгам-
барыбыз: “Араңардан бир киши Алла таала менен пайгамбарды сүйүп,
андан ыракат алгысы келсе, оозун ачкан кезинде сөздүн туурасын айт-
сын. Ак ниеттүү болсун, ага ишенилген мезгилде ишенимди актасын,
башка кишилер менен чогуу жашаган убакта коңшулук укуктарына ур-
мат көрсөтсүн,”677 – деп буюрган.
Күндөрдүн биринде бир киши пайгамбарыбызды заярат кылып,
анан өзүнүн бир пайгамбардын алдында турганын түшүнүп,
толкунданып титирей баштайт. Пайгамбарыбыз ага: “Апкаарыба! Мен
бир өкүмдар эмесмин. Мен курайшы уруусунан кургак нан жеген бир
аялдын уулумун,”678 – деп, аны жайгарат.
Пайгамбарыбыз ушунчалык карапайым киши болгон, кишилер-
дин ага урмат-сый көрсөткөндүгүн билдирген сөздөрдү колдонушуна
да уруксат берген эмес.
Пайгамбарыбыздын сабырдуулугу жана кечиримдҥҥлҥгҥ
Пайгамбарыбыз жылуу жүздүү, жумшак мүнөздүү жана абдан
сылык киши болгон. Оройлук ага жат эле. Оозунан эч качан ачуу сөз
чыккан эмес. Ал өмүрүндө эч кимге жаман сөз айтып, орой мамиле кы-
лып, бирөөнүн көңүлүн ооруткан эмес.
Он жыл пайгамбарыбызга кызмат кылган Энес мындай деп эс-
керет: “Пайгамбарыбыз бир да жолу мага ачууланган жок. Кандайдыр
бир иш кылсам, муну эмнеге мындай кылдың, же болбосо бир ишти
кыла албай калсам, эмнеге кылган жоксуң деп тилдеген эмес.”679
Пайгамбарыбыз көргөн айыптарын эч кимдин бетине чаап айткан
эмес. Кандайдыр бир жаңылыш кыймыл-аракетти көргөндө, “Айрым
кишилер мындай кылышат, мындай деп айтышат, бирок булар туура

676
Бухарий, Никах, 48; Абу Давуд, Адеп, 59.
677
Мишкатул-масабих.
678
Ибн Мажа, Китабул-Атима, 30.
679
Бухарий, Адеп, 39.

559
эмес” деген сыяктуу жалпыланган сөздөр менен насаат айтып, ушун-
дайча эч кимди уялтпастан, алардын кетирген кемчиликтерин жана ка-
таларын оңдогон. Ага бир нерсе тартуу кылынганда, аз да болсо, аны аз
көрбөстөн жогору баалаган. Жасалган жакшылыкка ыраазычылыгын
билдирип, аларды жакшы сөздөр менен эскерген.
Пайгамбарыбыз абдан кайрымдуу адам болгон. Өзүнө жакшылык
кылгандарды эч качан унуткан эмес. Аялдардын ичинен Исламды би-
ринчилерден болуп кабыл алган кадырлуу жубайы азирети Кадича бол-
гон. Кадича пайгамбарыбызды ыйык милдетинде жалгыз калтырбай,
ага ар дайым арка-жөлөк болгон жана кыйын кезеңдерде кайрат айтып,
дем-күч бере алган руханий денгээли бийик бир аял болгон. Пайгамба-
рыбыз адеп-ахлагы менен көпчүлүккө үлгү болгон кадырлуу жубайын
өлүмүнөн кийин да эсинен чыгарган эмес. Аны ар дайым жакшы сөз
менен эскерип, эгер кой сойсо, анын этинен азирети Кадичанин тууган-
дарына жиберген.
Пайгамбарыбыз эмчек энеси менен эмчектеш туугандарына да
сый-урмат көрсөтүп, аларга өзгөчө көңүл буруп турган. Эмчек энеси
Халима аны зыярат кылганда, аны “энекем, энекем” деп тосуп алып, ал-
дына тонун жайып отургузуп, урмат көрсөткөн.
Ошону менен бирге эле ал абдан кечиримдүү да адам болгон.
Ухуд согушунда душмандар пайгамбарыбызга каршы ок атышып, үстү-
нө таш жаадырышып, аны касиеттүү тиштерин сындырышып, жүзүн
жаралашкан. Алардын бул кылыгына жооп катары пайгамбарыбыз жа-
ман сөз айтып, сөгүп каргаган эмес. Ал жүзүндөгү кандарды аарчып
жатып мындай деп дуба кылат: “Оо, Алла таалам! Калкымды кечире
көр! Алар эмне кылып жатканын билишпейт.”680
Пайгамбарыбыз өзүнө карата жасалган жамандыктарга кечирим-
дүүлүк менен мамиле кылып, колунда мүмкүнчүлүк болгонуна карабас-
тан, эч кимден өч алган эмес. Бирок башка кишилердин адилетсиздикке
дуушар болуп жабыр тартышына чыдап тура албай, теңдик жана ади-
леттүүлүктүн орношу үчүн өзгөчө жанын үрөгөн. Албетте, кишинин
өзүнө жасалган жамандыктарды, адилетсиздикти кечире билиши – аб-
дан чоң айкөлдүктү талап кылат.
Меккелик бутпарастар убагында пайгамбарыбызды өлтүргүлөрү
келет. Исламдын жарык нурун өчүрүш үчүн пайгамбарыбызга да, му-
сулмандыкты кабыл алгандарга да колдорунан келген жамандыктардын
бардыгын жасашат. Мунун натыйжасында мусулмандар туулуп-өскөн
шаарлары Меккеден Мединага көчүүгө аргасыз болушат. Пайгамбары-
быз да Мединага көчүп кетет.

680
Мажмауз-Заваид, 6-том, 117-бет.

560
Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин пайгамбарыбыз он миң ки-
шилик кошуун менен Меккени кан төкпөстөн каратып алат. Ага чейин
пайгамбарыбызды өлтүргүсү келген жана мусулмандарга ар кандай
жамандыктарды кылгандар пайгамбарыбыздын алдында баштарын
жерге салышып, анын бере турган чечимин күтүп турушат. Пайгамба-
рыбыз да бул жерде айкөлдүгүн көрсөтүп, бардыгына кечирим кылат.
Мына ушундайча ырайымдуулугу жана кечиримдүүлүгү менен адам-
дардын жүрөгүнөн түнөк таап, адамзатка абдан бийик ахлак жана мар-
табалуулуктун сабагын калтырган.
Пайгамбарыбыздын адилеттҥҥлҥгҥ
Пайгамбарыбыз абдан адилетүү жана ынсаптуу киши эле. Анын
адилеттүүлүгүн душмандары да моюнга алышкан. Өтө кыйын жана та-
таал маселелерде уруулар анын калыстыгына кайрылышып, чечимин
урмат менен кабыл алышкан.
Бир жолу пайгамбарыбыз согушта колго түшкөн олжолорду тара-
тып жаткан. Эл ушунчалык көп топтолот. Ал тургай бир киши түртү-
шүп отуруп пайгамбарыбыздын үстүнө минип калат. Пайгамбарыбыз
колундагы ичке таягын өйдө көтөргөндө таяктын учу бул кишинин бе-
тине тийип, тытып кетет. Пайгамбарыбыз дароо таягын ал кишинин ко-
луна карматып:
– Мен сени чапкандай кылып, сен да мени чап, – дейт, бирок ал
киши:
– Оо, Алла тааланын расулу, жок, мен сизге таарынган жокмун,681
– деп жооп берет.
Бир жолу махзуми уруусунан бир аял уурулук кылат. Меккенин
улуктары кадырлуу бир үй-бүлөгө таандык болгон бул аялдын жазалан-
дырылышын каалашпай пайгамбарыбыз абдан жакшы көргөн Усама бин
Зайдди ортого салышат. Пайгамбарыбыз Усаманы уккандан кийин: “Си-
лерден мурункулар да ушул сыяктуу (айыпкерди) жактоолорунан улам
жок болушкан. Алар кедей-кембагалдарга эң оор жазаларды беришип,
бай жана кадыр-барктуу кишилерге болсо жаза беришкен эмес,”682 –
деп айтып, мыйзамдардын ишке ашырылышында кадыр-көңүл менен ма-
миле кылуунун коомчулуктун жок болушуна себеп болорун билдирген.
Азирети Айша мындай деп эскерген: “Пайгамбарыбызга эки иш
берилгенде, күнөө болбосо, алардын жеңилин тандаган. Эгер ал нерсе
күнөө болсо, анда ал иштен эң оолак адам ал болоор эле. Пайгамбары-
быз өз напсисине жеңилип бирөөдөн өч алган эмес. Бирок Алла таала-

681
Абу Давуд, Дийат, 15.
682
Бухарий, Худут, 11.

561
нын тыюуу салууларына моюн сунулбаган учурларда адилеттүүлүгүн
көрсөткөн.”683
Пайгамбарыбыз адамдардын жакындыгына же башка өзгөчөлүк-
төрүнө карап бөлүүчүлүк кылбастан, бардыгына бирдей мамиле жаса-
ган. Анын көз-карашы боюнча бай-кедей, улуу-кичүү дебестен барды-
гы бирдей эле.
Бадр согушунда колго түшкөн туткундардын арасында пайгамба-
рыбыздын али мусулман боло элек аталаш агасы Аббас да бар эле. Тут-
кундар айып төлөп, туткундуктан кутулуп кетип жатышкан. Анткени
ушундай чечим кылынган болчу. Ансарлардын (жергиликтүү калктын)
айрымдары пайгамбарыбыз менен Аббастын туугандыгын билишкен-
ден кийин ага кечирим көрсөтүлүшүн суранышат. Пайгамбарыбыз:
“Жок, мындай нерсе болушу мүмкүн эмес. Ал төлөй турган айыбын то-
лугу менен төлөсүн, бир да акчасы кем болбосун,” – деп буюрган.684
Пайгамбарыбыз өмүр бою эч кимге өзгөчө өң-кадыр менен мами-
ле кылбай, эрежелерди жана мыйзамдарды бардык кишилер үчүн бир-
дей колдонгон. Ошондой эле жолдошторунун арасында да өзүнө өзгөчө
мамиле көрсөтүлүшүн жактырган эмес.
Пайгамбарыбыз пайгамбар боло электен мурун аны менен соода-
сатык кылгандар анын чынчылдыгын жана чындык үчүн жүргүзгөн
иш-аракетин абдан жогору баалашкан. Ал тургай анын пайгамбар ката-
ры жиберилгенин угушкандан кийин ага душман болгондор да аманат-
тарын ага тапшыруудан тартынышкан эмес.
Бир күнү Саиб аттуу бир арап соодагери пайгамбарыбыз менен таа-
ныштырылат жана ага пайгамбарыбыздын абдан чынчыл бир киши экен-
диги айтылат. Пайгамбарыбыз аларга: “Мен бул кишини силерден жакшы
тааныйм,” – дейт. Саиб да: “Ооба, соода кылып жүргөндө жолдош бол-
гонбуз, бардык эсеп-кысаптары абдан так болчу,” – деп ырастайт.
Бир күнү бедуиндердин бири пайгамбарыбыздан аласасын алыш
үчүн келет. Бедуиндер абдан орой болгондуктан, бул киши пайгамба-
рыбызга орой сөздөр сүйлөйт. Сакабалар бул кишинин мындай мамиле-
сине ачууланышып:
– Кудай ургур, сен ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби? –
дешет, ал киши эч камаарабастан:
– Мен акымды алыш үчүн келдим, – деп айтат. Мындан соң пай-
гамбарыбыз жолдошторуна:

683
Бухарий, Худут, 10.
684
Бухарий, Магази, 173.

562
– Силер анын тарабында болушуңар керек, анткени, бул адам
акысын сурап жатат, – деп буюрат жана Хавла бинт Кайска кабар жө-
нөтүп, карызга курма суратат. Хавланын карызга берген курмасы менен
бедуин кишиге болгон карызын төлөйт, бул аз келгенсип, ага тамак да
берет. Бедуин:
– Сен менин акымды эң мыкты түрдө төлөдүң. Алла таала да сага
сыйлыгын толугу менен берсин, – деп дуба кылат. Андан кийин пай-
гамбарыбыз:
– Мына, булар (б.а. акы ээлеринин тарабында болуп, акынын бе-
рилишине көмөкчү болгондор) – адамдардын эң кайрымдуулары. Ичин-
де алсыз бирөөнүн адамдык укугун башка кишилерди таарынтпастан
коргой албаган бир коом өнүкпөйт,685 – деп буюрат.
Пайгамбарыбыздын баатырдыгы
Пайгамбарыбыздын асыл сыпаттарынын бири да – анын эр көкү-
рөк жана эч кимден жалтанбас баатырдыгы эле. Ал адамдарды Исламга
үндөй баштаган мезгилинде жалгыз болчу. Алгачкы жылдарда мусул-
мандыкты кабыл алгандар да аз санда эле. Ал эми ага каршы чыгып
Исламды жок кылгысы келгендердин саны көп, материалдык жактан да
күчтүү болушчу.
Пайгамбарыбыз пайгамбардык ыйык милдетин аткарып жүргөн-
дө, көптөгөн чоң коркунучтарга кабылган. Душмандары аны өлтүрүп,
Исламдын жарыгын биротоло өчүрүш үчүн коркунучтуу пландарды тү-
зүшкөн. Күчтүү кошуундары менен мусулмандарга кол салышкан. Би-
рок пайгамбарыбыз эч качан кайратынан кайтып үмүтсүздүккө кабыл-
бастан иш-аракетин жүргүзүүнү уланта берген.
Мекке мусулмандар тарабынан каратылып алынып, Кааба бут-
тардан арылтылган болчу. Буга абдан катуу тынчсызданышкан душ-
мандар мусулмандарга кол салыш үчүн Хунайн деп аталган жерде
20.000 кишилик бир кошуунду жыйнашат. Душмандын бул даярдыгы
тууралуу кабар алган пайгамбарыбыз 12.000 кишилик кол курап, алар-
ды көздөй аттанат. Ислам кошууну бир тар капчыгайдан өтүп бара жат-
канда, бул жерге буктурма жасаган душмандар капысынан мусулман-
дарга кол салат. Али таң агара электе душмандардын чабуулуна дуу-
шар болгон мусулмандар бүлгүнгө учурашып башаламан кача башта-
шат. Бул көрүнүш Исламдын келечеги үчүн абдан кооптуу болчу.
Душмандын бул катуу чабуулуна каршы артка чегинбей, жанын-
дагы аз сандагы жолдошу менен душманга тик багып согушту уланткан
бир гана баатыр калган болчу. Ал баатыр азирети Мухаммед (а.с.) эле.

685
Ибн Мажа, Садакат, 17.

563
Пайгамбарыбыз: “Мен пайгамбармын, мында жалган жок...” – деп,
бөлүнүп-чачылган мусулмандарды кайра жанына чакырат. Анын үнүн
уккан Ислам кошууну кайрадан топтолуп, кайрат-күчүн жыйнашып
душманды көздөй катуу чабуулга өтүшөт. Душман аскерлери эмнеге
кабылышканын биле албай, чилдей тарап кача башташат жана акырын-
да жеңилүүгө дуушар болушат. Согуш Ислам кошуунунун жеңиши
менен аяктайт. Мына ушинтип Исламдын келечеги өтө кооптуу бир
коркунучтан кутулат.
Бул согушта мусулмандар пайгамбарыбыздын тайманбас эрдиги-
нин натыйжасында жеңишке жетишишкен. Анын өмүр таржымалында
ушуга окшогон көптөгөн эр жүрөктүүлүк жана баатырдык үлгүлөрдү
көрүүгө болот. Ал керектүү учурда сабырдуулук, чечкиндүүлүк, тай-
манбастык жана баатырдык өңдүү сапаттарын көрсөтүү менен мусул-
мандар үчүн эң мыкты үлгү болгон.
Пайгамбарыбыздын Алла таалага болгон ишеними
Пайгамбарыбыз Алла таалага чын жүрөктөн берилип Анын өзүн
ийгиликке жеткире турганына терең ишенер эле жана бул ишениминен
эч качан тайган эмес. Пайгамбарыбыз Мекке шаарында жалгыз калып,
ойго келбей турган коркунучтуу кырсыктарга дуушар болгон Ухуд жа-
на Хунайн согуштарында эң кооптуу коркунучтарга кабылган учурла-
рында да Алла таалага болгон ишенимин жоготкон эмес.
Пайгамбарыбыз мусулмандыкты ачык-айкын жарыялай башта-
ганда, курайшы уруусунун, б.а. меккеликтердин улуктары аталаш ага-
сы Абу Талибге кайрылышып: “Оо, Абу Талиб! Бир тууганыңдын уулу
теңирлерибизге тил тийгизип, ата-бабаларыбыздын бузулуп кетишке-
нин айтып, бизди да акмактык менен күнөөлөп жатат. Ошондуктан же
аны коргогонуңду кой, же ачык-айкын түрдө анын тарабына өт, биз да
ошого жараша иш кылалы,” – дешет.
Абу Талиб бул жагдайдын акыры жамандык менен аяктаарынан
кооптонот. Анткени меккеликтер аны бул максаттан баш тарттырууга
катуу киришишкен эле. Өзү да аларга каршы чыга турган күчтө эмес
болчу. Ушул себептен пайгамбарыбызга:
– Уулум! Мага мынчалык оор жүктү жүктөбө. Анткени муну кө-
төрө албайм, – дейт. Пайгамбарыбыз өзүн коргогон агасынын мындан
баш тартуу ниетинде болгонун түшүндүргөн бул сөздөрүн укканда да,
Алла таалага болгон ишениминен кайтпай:
– Абаке! Алла тааланын алдында ант ичемин. Бул кишилер бир
колума күндү, бир колума айды карматышса да, пайгамбарлыгымдан
кыпындай да баш тартпайм. Алла таала пайгамбарлыгымды уланты-
шым үчүн мага күч-кубат берет, антпеген күндө да бул максат үчүн

564
жанымды беремин, – деп жооп берет. Бул сөздөргө абдан таасирленген
Абу Талиб:
– Бар, уулум, эч ким сенин кылыңды кыйшайта албайт, – деп кай-
ра ага дем-күч берет.686
Пайгамбарыбыз Нажд согушунан кайтып келаткан эле. Абдан
чарчап-чаалыгышкан болчу. Жолдоштору менен бирге бир дарактын
көлөкөсүнө эс алыш үчүн токтошот. Бардыгы уктап калышат. Пайгам-
барыбыздын кылычы даракта илинип турган эле. Ушул мезгилде ошол
жерден өтүп бара жаткан бедуин калкынан бир киши бул учурдан пай-
даланып, пайгамбарыбыздын кылычын алып, кынынан сууруп пайгам-
барыбызга жакындайт. Пайгамбарыбыз ойгонуп кетип, бедуиндин өзүн
көздөй келатканын көрөт. Бедуин:
– Эми сени менин колумдан ким куткарат? – деп бакырат. Пай-
гамбарыбыз эч камырабай:
– Алла таала куткарат, – деп жооп берет. Бул жоопту угуп, кал-
чылдап кеткен бедуиндин колундагы кылыч жерге түшүп кетет.687
Пайгамбарыбыздын Алла таалага болгон ишеними чексиз болгон
жана өзүнө берилген милдеттерди толугу менен аткарган. Мунун эң
мыкты далили Мекке шаарынан Медина шаарына көчүү учурундагы
кылган иши. Алгач Алла тааланын көч буйругун жашырып, азирети
Абу Бакирден башка эч кимге айткан эмес. Андан кийин азирети Алини
өз төшөгүнө жаткырып, түндү анын төшөгүндө өткөрүшүн буюрган.
Андан кийин бара турган багытына терс жерде болгон Савр үңкүрүнө
жашырынган. Булардын бардыгы ошол күн үчүн көрүлүшү зарыл чара-
лар болчу. Пайгамбарыбыз булардын бардыгына маани берип, бардык
чараларды көрүп, андан кийин Алла тааладан медет кылган. Ошондук-
тан пайгамбарыбыз төөсүн агытып жиберип, Алла таалага тапшырга-
нын айткан бир кишиге: “Адегенде төөңдү байла, андан кийин Алла
таалага тапшыр,” – деп буюрган.
Пайгамбарыбыздын меймандостугу
Пайгамбарыбыздын бийик адамгерчилик сапаттарынын бири да
меймандостугу болгон. Аны көрүш үчүн жакындан да, алыстан да кел-
гендердин саны көп эле. Ал конокторун абдан жакшы тосуп, аларга же-
ке өзү кызмат кылган. Пайгамбарыбыз мусулман эмес конокторуна да
ушундай эле мамиле көрсөткөн.
Конок-каралар көп келгендиктен үйүндөгү болгон тамак-ашын
аларга берип, бала-чакасы менен түнкүсүн ачка жаткан күндөрү да бол-

686
Ибн Хишам, 1-том, 266-бет.
687
Бухарий, Магази, 31; Муслим, Фадаил, 4.

565
гон. Ал коноктор менен байланыштуу мындай деп буюрган: “Алла таала-
га жана акырет күнүнө ишенген киши коногуна ырыскы ыроолосун.”688
Пайгамбарыбыздын тазалыкка маани бериши
Пайгамбарыбыздын жашоосу жөнөкөй жана таза болгон. Тулку-
боюн дайыма таза кармап, кийимдеринин тазалыгына абдан көңүл бур-
ган. Тиштеринин тазалыгына өзгөчө маани берип, тиштерин тазалаш
үчүн ошол доордогу тиш жуугуч куралы болгон мисибекти колдонгон.
Сакабаларына да тиштерин тазалоону сунуш кылган.
Пайгамбарыбыз үстү-башы кир кишилерди, ыпыластыкты
жактырган эмес. Сакабаларына мечитке таза кийинип келүүлөрүн
айткан. Бир жолу бети-башы кир болуп, мечитке келген кишилерге:
“Жуунуп туруп келсеңер, дагы жакшы болмок,” – деп кайрылган.
Пайгамбарыбыздын ибадаты
Пайгамбарыбыз ар бир ишин так жана ырааттуу бир тартип ме-
нен аткарган. Ибадат мезгилдери, эс алуу үчүн бөлгөн сааттары белги-
лүү болчу. Убакыттарын бош өткөрбөй, ар бир мүнөтүн пайдалуу бир
иш үчүн колдонгон.
Пайгамбарыбыз Алла тааланын эң сүймөнчүктүү пендеси болсо
да, Алла тааладан абдан коркуп, кыямат күнүнөн тынчсызданган. Ал ар
дайым Алла тааланы эскерип, Ага ибадат кылуудан абдан чоң ыракат
алган. Түнкүсүн окуган намаздарында көпкө туруп калгандыктан, бут-
тары шишип кетер эле. Жубайы Азирети Айша бир күнү анын бул аба-
лын көргөндө:
– Оо, Алланын расулу! Алла таала сенин өткөн мезгилдеги жана
келечектеги күнөөлөрүңдү кечсе да, эмне себептен мынчалык кыйын-
чылык тартып жатасың? – деп сурайт. Анда пайгамбарыбыз ага мындай
деп жооп берет:
– Алла таалага шүгүр кылган бир кул болбой эле коѐюнбу?689
Пайгамбарыбыз ибадатка абдан берилген адам болгонуна кара-
бастан кечилдикти такыр жактырган эмес. Кечилдик дүйнөнүн бар түй-
шүгүнөн кечип жашоо, тек гана акырет үчүн эмгектенүү дегенди тү-
шүндүрөт. Пайгамбарыбыз муну эч качан жактырган эмес. Ал тургай
айрым сакабалар христиандардын таасиринде калып, бул дүйнөнүн
түйшүгүнөн кол үзүүгө көңүлдөнүшсө да, пайгамбарыбыз аларды бул
жолдон кайтарган.
Араптар бир нече күндү бири-бирине кошуп, орозо кармашып,
буга да “Савмы висал” (жетүү орозосу) деп аташкан. Айрым сакаба-

688
Бухарий, Адеп, 31.
689
Бухарий, Тахажжуд.

566
лар ушундайча орозо кармагылары келген, бирок пайгамбарыбыз алар-
ды мындан да баш тарттырган.
Абдуллах бин Өмөр абдан диндар жана Алла тааладан корккон
бир киши болгон. Күндөрүн күндүз орозо кармап, түнкүсүн да ибадат
кылып өткөргөн. Пайгамбарыбыз анын бул адатын укканда, ага:
– Сенин үзгүлтүксүз түрдө орозо кармап, ыптарда да ооз ачпа-
ганың тууралуу кабар алдым. Түнкүсүн да намаз окуп, уйку көрбөйт
экенсиң. (Мындай кылба,) кээде орозо карма, кээде да ыптарда ооз ач.
Түнкүсүн туруп намаз да оку, бирок уктап да эс ал. Анткени көздө-
рүңдүн сенде акысы бар. Тулку-боюңдун жана бала-чакаңдын сенде
акылары бар. Бир айда үч күн орозо жетиштүү, – деп айтат. Абдуллах
бин Өмөр:
– Бирок мен дагы көп орозо кармай алам, – дейт. Пайгамбарыбыз:
– Андай болсо эки күндө бир орозо карма. Орозонун эң мыкты
түрү – ушул, – деп буюрат. Ибн Өмөр дагы көбүрөөк орозого уруксат
кылынышын суранганда, пайгамбарыбыз:
– Жок, мындан ашыгы жакшы эмес, – деп айткан.
Бир сапарда сакабалардын бири бир үңкүргө туш болот. Үңкүр-
дүн оозунда суу агып, айланасы жапжашыл болчу. Бул сакаба пайгам-
барыбыздын жанына келип:
– Мен бир үңкүр таптым. Айланасында суу агып, жапжашыл түз-
дүк бар экен. Ал жерге барып, жалгыз жашоо сүргүм келип жатат, –
дейт. Пайгамбарыбыз мындай кылышынын туура эмес экенин билди-
рүү үчүн мындай деп буюрган:
– Мен жөөттүктү, же христиандыкты үйрөтүү үчүн келген
жокмун. Мен силерге Ибрахимдин жөнөкөй жана жеңилдик менен ат-
карылган динин алып келдим.”690
Мына ушулардын бардыгы пайгамбарыбыздын бу дүйнөнүн бар
түйшүгүнөн кечип жалаң акырет үчүн жашаганды жактырбагандыгын,
тирүү кишинин бул дүйнөнүн ырыскы жана кооздуктарынан ыракат
алып алардан пайдаланып бакубат турмуш өткөрүшү диндин буйругу
экенин баса белгилегенин көрсөтүп турат.
Пайгамбарыбыздын Алла таала коркуусу
Пайгамбарыбыз дүйнөгө куткаруучу катары жиберилген акыркы
пайгамбар болсо да, башка кишилерге караганда Алла тааладан көбү-
рөөк коркуп, “Кыямат күнү кантээр экенмин?” деп түйшөлгөн.

690
Ахмед бин Ханбел, Муснад, 5-том, 266-бет.

567
Мусулман болгондордун он төртүнчүсү жана Медина мухажир-
леринин арасынан алгачкылардан болуп дүйнөдөн кайткан сакаба
Осман Ибн Мазун өлгөн кезде пайгамбарыбыз өлүм кабарын алары ме-
нен анын үйүнө барат. Ансарлардан Умму Ала бинти Харис Османдын
сөөгүн көрсөтүп:
– Оо, Абу Саиб, Алла таала ырайымын көрсөтсүн. Сен жөнүндө
билген жана жамаатка айтайын дегеним ушул: Сен Алла тааланын кай-
рымы менен жакшылыгына жеткен бирисиң, – дейт. Муну укканда пай-
гамбарыбыз аялга бурулуп:
– Алла тааланын бул маркумга ырыскы ыроолоп, жакшылык
кылганын кайдан билесиң? – деп сурайт. Аял:
– Оо, Алланын расулу! Ата-энем сенден айлансын. Алла таала
бул ыймандуу, Өзүнө көңүлдөн берилген кулуна жакшылык кылбай,
кимге жакшылык кылмак эле? – дейт. Пайгамбарыбыз:
– Осман Ибн Мазун өлдү. Алла тааланын алдында ант беремин,
мен да бул касиеттүү маркум үчүн кайыр жана бакыт тилеймин. Би-
рок Алла тааланын аты менен ант беремин, мен Алла таала тара-
бынан жиберилген бир пайгамбар болсом да, кыямат күнү мага кандай
мамиле көрсөтүлө турганын биле албайм, – деп буюрат.691
Бир күнү азирети Абу Бакир пайгамбарыбызга:
– Оо, Алланын расулу! Чачтарыңыздын агарып баратканын көрүп
жатам, – дейт. Пайгамбарыбыз да:
– Ооба, Худ, Ваакеа, Мурсалаат жана Амма сүрөлөрү мени ка-
рытып жиберди, – деп жооп берет.692
Бир күнү пайгамбарыбыз бир жаназага катышып, маркумдун ка-
быры казылып жаткандыктан, күтүүгө аргасыз болот. Бул учурда муу-
ну бошоп жашып кетет. Ылдый аккан көз жаштары топуракты нымдап
жиберет. Андан кийин ал жерде тургандарга карап: “Боордошторум,
өзүңөрдү бул күн үчүн даярдагыла,”693 – деген насаатын айтат
Пайгамбарыбыздын Алла таалага болгон сҥйҥҥсҥ
Ыйык Куран момундардын Алла тааланы башка бардык нерседен
күчтүү сүйүшөрүн билдирген.694 Пайгамбарыбыздын да Алла тааланы
бардык нерседен дагы көп сүйгөндүгү шексиз. Ушундан улам ал түнкү-
сүн буттары шишигенге чейин намаз окуган.

691
Бухарий, Жанаиз, 3.
692
Тирмизий, Тафсирул-Куран, 57.
693
Ибн Мажа, Зухд, 19.
694
Бакара сүрөсү, 165-аят.

568
Азирети Айша мындай деп эскерет: “Пайгамбарыбыз багымдат
намазынын эки ирекет сүннөтүн окугандан кийин: “Бул эки ирекеттин
берген ыракатынын жанында дүйнөнүн бардык жыргалчылыктары эч
нерсеге татыбай калат,”695 – деген.”
Бул – пайгамбарыбыздын Алла таалага болгон чексиз сүйүүсүнөн
улам Ага ибадат кылуудан канчалык ыракат алганынын далили.
Азирети Өмөр мындай деп эскерет: “Бир күнү пайгамбарыбыз бала-
сынан айрылып калган бир аялды көрөт. Аял баласын сагынып куса бол-
гондуктан, жолунан жолуккан кайсы бала болбосун кучагына алып, эмизе
берет. Пайгамбарыбыз ошол жерде турган жолдошторуна кайрылып:
– Бул аял баласын отко ыргытышы мүмкүнбү? – деп сурайт, ал
жерде тургандар:
– Эч качан, – деп жооп беришет. Мындан кийин пайгамбарыбыз:
– Андай болсо, муну билип койгула, Алла тааланын пенделерине
болгон мээрими бул аялдын баласына болгон мээриминен да көп,696 –
деп буюрат.
Пайгамбарыбыздын ҥй-бҥлөлҥк турмушу
Пайгамбарыбыз үй-бүлөнүн ээси катары да башкаларга үлгү бол-
гон. Ал жубайларына сүйүктүү бир жар, балдарына мээримдүү бир ата
болгон. Пайгамбарыбыз үй иштеринде жубайларына көмөк көрсөтүп,
кийимдерин өз колу менен жамап, бут кийимдерин оңдоп, үйдү шы-
пырган. Үйгө керектүү нерселерди өзү базарга же дүкөнгө барып алып
келген. Ал аялына болсун, кызматчысына болсун, деги эле эч кимге кол
көтөрмөк тургай таарынткан да эмес.
Пайгамбарыбыздын үйү дүйнөдөгү эң бактылуу үй-бүлө очогу эле.
Бул очокто эч качан уруш-талаш болгон эмес. Ар дайым бакытка толуп
кут төгүлүп турган. Пайгамбарыбыз үйүндө ар дайым жарык маанай
жайдары мүнөз менен жүргөн. Жубайларына эч качан орой сүйлөп, ол-
доксон мамиле жасап алардын шагын сындырып, шаабайын сууткан
эмес. Ал мусулмандардын да аялдарына ушундай мамиле кылышын
каалап, аларга мындай деп буюрган: “Силердин эң кайрымдууңар – жу-
байларыңарга эң жакшы мамиле кылганыңар.”
Азирети пайгамбарыбыз эркек кишинин жубайынын жүрүш-ту-
руштарына сабырдуулук көрсөтүшүн талап кылып, мындай деп сунуш
кылган: “Бир киши жубайын жек көрбөсүн, анткени көңүлүнө жакпа-
ган мүнөздөрү болсо, мунун тескерисинче көңүлүнө жага турган мү-
нөздөрү да бар.”697

695
Муслим, Салатул-мусафирин, 14.
696
Бухарий, Адеп, 18.
697
Муслим, Рида, 18.

569
Пайгамбарыбыздын балдарга болгон сҥйҥҥсҥ
Пайгамбарыбыз балдарды абдан сүйгөн. Аларды кучагына алып
отуруп, мээримин төгүп, өөп эркелеткен. Пайгамбарыбыз неберелери
азирети Хасан жана азирети Хусейинди өөп эркелетип жаткан. Ал жер-
де турган бир киши муну көргөндө:
– Менин он балам бар, алардын бирөөнү да өпкөн эмесмин, –
дейт. Пайгамбарыбыз ага:
– Мээрим көрсөтпөгөнгө мээрим көрсөтүлбөйт, – деп айткан.
Пайгамбарыбыз намаз окуп жатканда, сүйүктүү неберелери Хасан
менен Хусейин жонуна чыгып ойношкон. Ал ибадат кылып жатканда
да балдардын бул кылыктарына сабырдуулук менен мамиле кылып,
оюндарын бузган эмес.
Бир жерде отурганда, кызы азирети Фатима келип калса, ордунан
туруп, аны маңдайынан өөп, андан кийин ордуна отурган. Ал өзүнүн
гана балдары менен неберелерин эмес, кайсы гана баланы көрсө, аны ме-
нен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, аларга мээримин төгүп эркелетип,
алардын көңүлүнө жаккан нерселерди берип кубандырган. Ал мусулман
болбогон кишилердин балдарын да ошондой эле сүйүп эркелеткен.
Пайгамбарыбыз балдарга өзгөчө көп көңүл бурган. Бир жолу бал-
дардын арасында жарыш уюштуруп, өзү болсо марага барып турат.
Чуркап жанына келген балдарды өөп, аларга белектерин берет.698 Пай-
гамбарыбыз балдар менен байланыштуу ушул насаатын айткан: “Алла
тааладан корккула, балдарыңарга бирдей мамиле кылгыла.”699
“Албетте, Алла таала балдарыңарды өпкөндө да, баарына
бирдей мамиле кылышыңарды жактырат.”700
Жыйынтыктап айтканда, пайгамбарыбыз ички дүйнөсү да тышкы
жүрүш-турушу да суудай таза, жүрөгү мээримге толгон боорукер, баш-
ка кишилерди өзүнөн көп ойлогон камкор, өмүрүн адамзаттын жыргал-
чылыгы үчүн арнаган залкар пайгамбар, айкөлдүгү жана бийик ахлагы
менен бүтүндөй адамзатка үлгү болгон телегейи тегиз киши эле.
Анын жолу менен жүргөндөр кандай гана бактылуу.
Анын өрнөктүү өмүр жолун жана адеп-ахлактуу жүрүш-турушун
өздөрүнө үлгү кылгандар кандай гана бактылуу.

698
Ахмед бин Ханбел, Муснад, 1-том, 214-бет.
699
Бухарий, Хиба, 8/26.
700
Аль-Жамиус-Сагир.

570
AЗ. МУХAММЕД (АЛAЙХИС-СAЛAМ)

Aaлaмдaгы окшошу жок нур экен,


Көп өзгөчө сaпaткa ээ бири экен.

Жaрнaк болуп жaзылыптыр жaкшы aты,


Көрктөнгөн Aны менен көктөгү Aршы.

Чын сүйүктүү, телегейи тегиз жaн.


Теңдеши бaр десеңер мынa мaйдaн.

Тең дей aлбaйм Юсуфту Aны менен.


Жылдыз болсо эгер aл, бул күн белем.

Aбийриңди тыңдaгын, күтпө менден.


Курaн дa Aндaн кеп сaлaт сыймык менен.

Бир сaпaты бaр эле ыймaн менен


Aк кaрaны aнык тaк тaлдaй билген.

Aкыл-ою aнын курч курaлы эле,


Aны менен динин туу кылaр эле.

Көкөлөдү колундa Тавхид күнү,


Aккa шерик издегендин өчтү үнү.

Бaкыт күнү жaркырaп тийип көктө,


Чын aдилет орноду дүйнөбүздө.

Жер жүзүнө кaнaтын жaйгaн кенен,


Чын ырaйым ээси Aл, бүткүл элге.

Көргөн Ошол, aaлaмдaн Aк жaмaлын,


Көрсөткөн дa Aл, aнык момун aбaлын.

Кaнчa жылы түркөйлүктү жоюу үчүн aлышты.


Aр бир жерде aдaмдaргa Aрштын ээсин тaaнытты.

Aл мезгилде aхлaк өстү, жaз гүлүндөй aчылып.


Жердин бети көрккө толду, жaңы кыйыр aшылып.

571
Жaкшылыктын жaрыгын жaйды aaлaмгa,
Кaлып жер, көк, берди жaнын Жaнaнгa.

Aктын бизге ыроологон белеги – Aл.


Кaлктын сүйгөн Мустaфaсы, кереги – Aл.

Чөгөлөдү aлдындa Aнын, дaлaй эр.


Көп тилешти: “төгүп Сырдaн кaбaр бер”.

Тaзa дил, чын көңүлдөн куруп үлпөт,


Кылaр эле aр ким менен жылуу мaек.

Көтөрүп көңүлдөрүн сaкабaлaрдын,


Жүрчү эле, күлүп жaйнaп нуру aалaмдын.

Сүйчү эле, тыңдaaр эле кaлкын жaндaн.


Aлсызды коргоор эле зулумдaрдaн.

Жыгылсaң колдон сүйөп турaр эле,


Жетимди муңдaн оолaк кылaр эле.

Эрк кaйрaп зулумдуктун үйүн жыкты,


Aйгaйлaп aдилдикти Aршкa чыкты.

Aдaмзaт тaрыхындa жок мисaлы,


Aр дилде жaшaйт Aнын ой-кыялы.

Жүрөктү ээлер, aдaмдык сулуулугу.


Көңүлгө aлбaс, уятты улуулугу.

Көк жүзү, жеткен жери кемелине,


Периште aйрaн кaлгaн жaмaлынa.

Aл жөнүндө aйтсaк сөздүн оролун:


Aдaм эле периштеден жогору.

Руху Aнын ушундaй улуу эле,


Тулку дaгы эркектен сулуу эле.

572
МАЗМУНУ

БАШ СӨЗ ..................................................................................................... 5

БИРИНЧИ БӨЛҤМ
ИШЕНИМ

ДИН ЖАНА ДИНГЕ БОЛГОН МУКТАЖДЫК .................................. 8


Дин деген эмне?............................................................................................ 8
Динге болгон муктаждык ............................................................................ 8
Диндин булагы ........................................................................................... 11
Теңирдик (чыныгы) диндер жана өзгөчөлүктөрү ................................... 11
Ислам дини жана башка көктөн түшкөн диндер ..................................... 12
Ислам дининин өзгөчөлүктөрү ................................................................. 12
ИСЛАМДА МАЗХАБДАР (СЕКТАЛАР) ............................................ 16
Мазхаб деген эмне? .................................................................................... 16
Ишенимге таандык мазхабдар (секталар) ................................................ 17
Амалга таандык мазхабдар (секталар) ..................................................... 18
ДИНИЙ ӨКҤМ-ЖОБОЛОРДУН БУЛАКТАРЫ .............................. 20
Китеп ........................................................................................................... 20
Сүннөт ......................................................................................................... 21
Ижма ............................................................................................................ 23
Кыяс ............................................................................................................. 24
ЫЙМАН ..................................................................................................... 25
Тавхид келмеси жана Шахадат келмеси .................................................. 25
Ыйман менен амал арасындагы байланыш.............................................. 26
Чыныгы ыйман жана анын кабыл болушунун шарттары....................... 27

573
Ыйман – бейпилчилик менен бак-таалайдын булагы ............................. 27
Кабылдаган жана танган кишилер ............................................................ 27
Ыймандын негиздери ................................................................................. 28
АЛЛАГА ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ ........................................................... 29
Алланын сыпаттары ................................................................................... 29
Затий сыпаттар ........................................................................................... 30
Субутий сыпаттар....................................................................................... 31
Алла таала сүйүүсү..................................................................................... 32
Алла таала коркуусу................................................................................... 34
ПЕРИШТЕЛЕРГЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ .......................................... 35
Периштелердин мааниси жана касиеттери .............................................. 35
Периштелерге ишенүүнүн пайдалары ...................................................... 35
Улук периштелер жана милдеттери ......................................................... 36
Жин жана шайтан ....................................................................................... 36
КИТЕПТЕРГЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ ................................................. 38
Вахийдин (аян, кабар) мааниси жана түрлөрү......................................... 38
Ыйык китептер жана баракчалар .............................................................. 39
Курандын түшүшү...................................................................................... 41
Курандын жазылышы жана китеп түрүнө келтирилиши ....................... 42
Китептин нускаларынын көбөйтүлүшү.................................................... 42
Курандын өзгөчөлүктөрү........................................................................... 43
Курандын алдындагы милдеттерибиз ...................................................... 44
ПАЙГАМБАРЛАРГА ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ..................................... 46
Пайгамбарлар жана пайгамбарга болгон муктаждык ............................. 46
Пайгамбарлардын милдеттери жана сыпаттары ..................................... 46
Пайгамбарларда болушу зарыл болгон сыпаттар: .................................. 46
Куранда ысмы айтылган пайгамбарлар ................................................... 47
Пайгамбарлардын билдирген диндеринде бирдей болгон негиздер ..... 48
Мужиза жана керемет ................................................................................ 48

574
Пайгамбарыбыздын мужизалары ............................................................. 49
Пайгамбарыбыздын сыпаттары ................................................................ 50
АКЫРЕТ КҤНҤНӨ ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ ........................................ 51
Акырет деген эмне?.................................................................................... 51
Кыямат качан болот?.................................................................................. 51
Өлгөндөн кийин тирилүү........................................................................... 52
Акыретке ыйман келтирүүнүн пайдалары ............................................... 52
Өлүм, кабыр жана кыямат ......................................................................... 52
Амал дептери .............................................................................................. 55
Эсеп.............................................................................................................. 55
Бейиш жана тозок ....................................................................................... 56
Алла тааланын ырайымы ........................................................................... 56
Кыямат күнү пайгамбарыбыздын шапааты ............................................. 57
ТАГДЫР ЖАНА КЫРСЫККА ЫЙМАН КЕЛТИРҤҤ .................... 59
Кырсык жана тагдырга ишенүүнүн пайдалары ....................................... 60
Тобокел жана эмгектенүүнүн мааниси..................................................... 61
Тобокел деген эмне? .................................................................................. 61
Эмгектенүүнүн мааниси ............................................................................ 61
Ырыскы жана ажал..................................................................................... 62

ЭКИНЧИ БӨЛҤМ
ИБАДАТ

Ибадат.......................................................................................................... 64
Ибадатка муктажбыз .................................................................................. 64
Ибадаттын пайдалары ................................................................................ 66
Ибадаттын түрлөрү .................................................................................... 67
ИСЛАМ ...................................................................................................... 69
Исламдын шарттары .................................................................................. 69

575
МИЛДЕТКЕР ............................................................................................ 71
Милдеткер ................................................................................................... 71
Милдеткердин иштери ............................................................................... 71
ТАЗАЛЫК ................................................................................................. 74
Тазалыктын мааниси .................................................................................. 74
Тазалыктын түрлөрү .................................................................................. 75
СУУЛАР ..................................................................................................... 78
Арткан суулар ............................................................................................. 79
Кудуктардын тазаланышы ......................................................................... 79
Тазалык эмнелер менен жасалат? ............................................................. 80
ДААРАТ ..................................................................................................... 82
Даарат жана анын мааниси ........................................................................ 82
Даараттын парздары................................................................................... 84
Даараттын сүннөттөрү ............................................................................... 87
Даараттын жол-жобосу .............................................................................. 89
Даараттын түрлөрү ..................................................................................... 90
Даараттын макүрөөлөрү ............................................................................ 94
Дааратты бузган нерселер ......................................................................... 94
Дааратты бузбаган нерселер...................................................................... 95
Дааратсыз кылынбаган иштер................................................................... 96
МААСЫНЫН ҤСТҤНӨ МАСХ ТАРТУУ .......................................... 97
Масхтын мөөнөтү ....................................................................................... 97
Маасынын үстүнө кандайча масх тартылат? ........................................... 98
Таңуунун үстүнө масх тартуу ................................................................... 98
Масх тартууну бузган нерселер ................................................................ 99
ТАЯММУМ ............................................................................................. 100
Таяммумдун туура болушунун шарттары.............................................. 100
Таяммумдун парздары ............................................................................. 102
Таяммумдун сүннөттөрү.......................................................................... 102

576
Таяммумдун кылынышы ......................................................................... 102
Таяммумду бузган нерселер .................................................................... 103
КУСУЛ ДААРАТ .................................................................................... 104
Кусул даарат алууну талап кылган абалдар........................................... 104
Кусул даараттын парздары ...................................................................... 105
Кусул даараттын сүннөттөрү .................................................................. 105
Кусул даараттын жол-жоболору ............................................................. 106
Кусул даараттын макүрөөлөрү................................................................ 106
Кусул даараттын алынышы ..................................................................... 106
Кусул даараттын түрлөрү ........................................................................ 107
Жунуп болгон кишиге арам болгон нерселер........................................ 107
Аялдардын өзгөчө абалдары ................................................................... 109
Этек кирдүү жана нифас абалындагы аялдарга арам болгон нерселер ... 112
Кечиримдүү себеп ээси болгондордун жагдайы ................................... 115
НАМАЗ ..................................................................................................... 116
Намаз жана анын мааниси ....................................................................... 116
Намаздын парз болушунун шарттары .................................................... 117
Намаздын маалдары ................................................................................. 118
Намаз окуунун макүрөө болгон мезгилдери.......................................... 121
Эч бир намаз окулбаган мезгилдер......................................................... 121
Напиле намаздын окулушу макүрөө болгон мезгилдер ....................... 122
Азан жана коомат ..................................................................................... 123
Намаздын түрлөрү .................................................................................... 127
Намаздын парздары.................................................................................. 128
Намаздын шарттары ................................................................................. 128
Намаздын кыймылдары (рукундары) ..................................................... 129
Намаздын убажиптери ............................................................................. 131
Намаздын сүннөттөрү .............................................................................. 132
Намаздын жол-жоболору......................................................................... 135

577
Беш маал намаздын окулушу .................................................................. 136
Багымдат намазы ...................................................................................... 136
Бешим намазы........................................................................................... 137
Дигер намазы ............................................................................................ 141
Шам намазы .............................................................................................. 143
Куптан намазы .......................................................................................... 144
Битир намазы ............................................................................................ 145
Намаздан кийин окулган теспе (тасбих) жана дубалар ........................ 147
Намазды бузган нерселер ........................................................................ 149
Намазда даараттын бузулушу ................................................................. 153
Намазды бузбаган нерселер .................................................................... 154
Намаздын макүрөөлөрү ........................................................................... 154
Намаз окуганга макүрөө болбогон нерселер ......................................... 159
Намазды бузууну убажип жана жайыз кылган нерселер ..................... 160
Намаздын жамаат менен окулушу .......................................................... 161
Жамаат менен намаз окуунун сообу ....................................................... 161
Мечит жана жамаат адеби ....................................................................... 162
Имамдан талап кылынган сыпаттар ....................................................... 163
Катарлардын тартиби ............................................................................... 167
Имамдын аркасында намаз окугандардын абалы ................................. 167
Намаздын жамаат менен окулушу .......................................................... 168
Жамаатка барбоону мубах кылган кечиримдүү себептер .................... 170
Жамааттын намазда имамды ээрчиген жана ээрчибей турган
нерселери................................................................................................... 171
Имамдын өз ордуна жамааттын ичинен бирөөнү өткөрүшү ................ 172
Намазды токтотуп парзга жетишүү ........................................................ 173
Жума намазы ............................................................................................ 175
Жума намазынын парз болушунун шарттары ....................................... 176
Жума намазынын туура болушунун шарттары ..................................... 177

578
Кутпа.......................................................................................................... 178
Кутпанын туура болушунун шарттары .................................................. 178
Кутпанын сүннөттөрү .............................................................................. 178
Жума намазынын окулушу...................................................................... 180
Зухри ахир (акыркы бешим) намазы ...................................................... 180
Айт намаздары .......................................................................................... 182
Айт намаздарынын окулушу ................................................................... 182
Орозо айт (Рамазан) намазы .................................................................... 182
Курман айт намазы ................................................................................... 184
Ташрик такбирлери .................................................................................. 184
Айт майрамдарындагы милдеттерибиз .................................................. 185
Сахив (жаңылуу) саждасы ....................................................................... 186
Сахив саждасы кандай аткарылат? ......................................................... 186
Сахив саждасын талап кылган жагдайлар ............................................. 186
Тилават (окуу) саждасы ........................................................................... 191
Тилават саждасынын аткарылышы ........................................................ 191
Шүгүр саждасы......................................................................................... 192
Сапар (жолоочу) намазы.......................................................................... 193
Жолоочуларга байланыштуу өкүм-жоболор ......................................... 195
Тараба намазы........................................................................................... 197
Оорулуу болгон кишинин намазы .......................................................... 201
Өткөн намаздардын казалары ................................................................. 203
Намаздын карыз болуудан чыгарылышы (искаты салат) ..................... 204
Напиле намаздар....................................................................................... 206
Тахажжуд (түнкү) намазы ....................................................................... 206
Тахиййатул-масжид (мечит намазы) ...................................................... 206
Шашке намазы .......................................................................................... 207
Теспе намазы............................................................................................. 207
Ажат намазы ............................................................................................. 209

579
Истихара намазы ...................................................................................... 210
Тообо намазы ............................................................................................ 212
Жамгыр тилөө дубасы (истиска)............................................................. 214
Кусуф (күн тутулганда окулчу) намазы ................................................. 216
Хусуф (ай тутулганда окулчу) намазы ................................................... 216
Жаназа намазы .......................................................................................... 217
Сөөктүн жуулушу..................................................................................... 217
Сөөктүн кепинделиши ............................................................................. 218
Жаназа намазы .......................................................................................... 219
Кимдерге жаназа намазы окулат? ........................................................... 219
Жаназа намазынын сүннөттөрү .............................................................. 220
Жаназа намазынын окулушу ................................................................... 220
Сөөктүн ташылышы ................................................................................. 223
Сөөктүн көмүлүшү ................................................................................... 224
Көңүл айтуу .............................................................................................. 225
Жаназа намазына байланыштуу маселелер ........................................... 226
Шейит ........................................................................................................ 228
Шейиттер үч түрдүү болот ...................................................................... 229
Кабыр зыяраты ......................................................................................... 231
Кабырларды зыярат кылуунун адеби ..................................................... 232
Мечит жана мечиттердин мааниси ......................................................... 234
Ыйык нерселер (мукаддасат) жана диний нарктарыбыз ...................... 238
ОРОЗО ...................................................................................................... 244
Орозонун пайдалары ................................................................................ 244
Орозо кармаган кишиден күтүлгөн нерселер ........................................ 248
Орозонун сыйлыгы................................................................................... 248
Орозо кимдерге парз ................................................................................ 249
Рамазан орозосу канча күн? .................................................................... 249
Рамазан айынын башталышы менен аякташынын аныкталышы ........ 250

580
Орозонун түрлөрү .................................................................................... 260
Орозого кайсы убакта жана кандайча ниет кылынат? .......................... 260
Соор жана ыптардын берекеси ............................................................... 262
Рамазан орозосун башка убакта кармоого түрткү болгон кечиримдүү
себептер ..................................................................................................... 263
Фидья (Акчалай садага) ........................................................................... 264
Каза жана каффарат (кеперет) ................................................................. 264
Орозону бузган нерселер ......................................................................... 265
Орозону бузуп, казаны жана каффаратты талап кылган нерселер ...... 265
Каффаратты жойгон нерселер ................................................................. 266
Орозону бузуп, казаны гана талап кылган нерселер ............................. 266
Орозону бузбаган нерселер ..................................................................... 267
Орозону бузган жана бузбаган врачтык көзөмөлдөн өтүү жана
дарылануу жолдору .................................................................................. 268
Орозо кармаган кишиге макүрөө болгон нерселер ............................... 273
Орозо кармаган кишиге макүрөө болбогон нерселер ........................... 274
Орозо кармаган кишиге мустахаб болгон нерселер .............................. 274
Орозо менен байланыштуу ар түрдүү өкүм-жоболор ........................... 274
Итикаф ....................................................................................................... 276
Итикафтын адеби...................................................................................... 276
Битир садагасы ......................................................................................... 278
ЗЕКЕТ ....................................................................................................... 280
Зекеттин мааниси ..................................................................................... 280
Зекеттин парз болушунун шарттары ...................................................... 282
Мал-мүлк ээсинде болушу зарыл болгон шарттар................................ 282
Мал-мүлктө болушу зарыл болгон шарттар .......................................... 283
Нисап өлчөмдөрү...................................................................................... 284
Негизги зарылдыктар ............................................................................... 284
Зекеттин туура болушунун шарты.......................................................... 285

581
Зекет катары берилиши керек болгон мал-мүлктөр.............................. 286
Зекет кимдерге берилет?.......................................................................... 291
Зекет кимдерге берилбейт? ..................................................................... 292
Зекетке байланыштуу айрым маселелер ................................................ 292
АЖЫЛЫК ............................................................................................... 295
Ажыга баруунун пайдалары .................................................................... 295
Ажыга баруу кимдерге парз? .................................................................. 296
Ажылыкты өтөөнүн жеке кишилик шарттары ...................................... 296
Ажылыктын туура болушунун шарттары .............................................. 297
Ажылыктын мезгили................................................................................ 297
Ажылыктын парздары ............................................................................. 298
Ихрам ......................................................................................................... 298
Ихрамды оронуунун мезгили жана орду ............................................... 299
Харам аймагына ихрамсыз кирүү ........................................................... 299
Ихрамдын убажиптери ............................................................................ 300
Ихрамдын сүннөттөрү ............................................................................. 300
Ихрамдын тыюулары ............................................................................... 301
Ихрамдуу кишинин кылышына уруксат берилген иш-аракет жана
жүрүм-турумдар ....................................................................................... 302
Ажылыктын негиздери (рукундары) ...................................................... 302
Арафатта токтолуу (вакфа)...................................................................... 302
Арафатта токтолуунун жери ................................................................... 302
Арафатта токтолуунун мезгили .............................................................. 303
Арафатта токтолуунун сүннөттөрү ........................................................ 303
Арафатта бешим жана дигер намаздарынын бирдикте окулушу ........ 304
Тооп (таваф) .............................................................................................. 304
Тооптун түрлөрү ....................................................................................... 304
Тооптун туура болушунун шарттары ..................................................... 306
Тооптун убажиптери ................................................................................ 306

582
Тооптун сүннөттөрү ................................................................................. 307
Тооптун аткарылышы .............................................................................. 308
Ажылыктын убажиптери ......................................................................... 308
Сайдын туура болушунун шарттары ...................................................... 309
Сайдын убажиптери ................................................................................. 309
Сайдын сүннөттөрү .................................................................................. 309
Сайдын аткарылышы ............................................................................... 310
Муздалифада токтолуунун шарттары .................................................... 312
Муздалифада токтолуунун сүннөттөрү.................................................. 312
Таш ыргытуунун мезгили ........................................................................ 313
Шайтанды таш бараңга алуунун туура болушунун шарттары ............ 313
Шайтанды таш бараңга алуунун сүннөттөрү ........................................ 314
Шайтанды таш бараңга алуунун макүрөөлөрү ...................................... 314
Шайтанды таш бараңга алуу ................................................................... 314
Шайтанды таш бараңга алууну кечиктирүү .......................................... 315
Шайтанды таш бараңга алууда өкүлдүк ................................................ 316
Мина өрөөнүндө түнөө ............................................................................ 316
Чачты алдыруу же кыскартуу ................................................................. 316
Чачты алдыруунун мезгили жана орду .................................................. 316
Чач алдыруу менен ажылыктын башка эрежелеринин
арасындагы кезек...................................................................................... 317
Чачты алдыруу же кыскартуунун мааниси ............................................ 317
Ажылыктын сүннөттөрү .......................................................................... 317
Умра деген эмне? Кандайча өтөлөт? ...................................................... 318
Умра үчүн ихрамга кирүү жерлери ........................................................ 318
Умранын өтөлүшү .................................................................................... 319
Ажылыктын өтөлүшү............................................................................... 319
Ифрад ажылыгы ....................................................................................... 319
Таматту ажылыгы ..................................................................................... 322

583
Кыран ажылыгы ....................................................................................... 323
Аялдардын ажылык өтөөдөгү айырмачылыктары ................................ 324
Ажылык жана умрада кылмыштар ......................................................... 324
Кечиримдүү себептен улам ихрамдын тыюуларына баш ийбөө ......... 328
Харам аймагынын жаныбарлары жана өсүмдүктөрүнө байланыштуу
кылмыштар ............................................................................................... 328
Хадий ......................................................................................................... 330
Хадий курмандыгын чалууга милдеттүү болгондор............................. 330
Хадий курмандыгынын союла турган жери .......................................... 330
Хадий курмандыгынын чалынуу мезгили ............................................. 331
Хадий курмандыгынын эти ..................................................................... 331
Курмандыктын ордуна орозо .................................................................. 331
Ихсар ......................................................................................................... 332
Ажылыкты өткөрүп жиберүү .................................................................. 332
Ажылыкта өзүнүн ордуна бирөөнү жиберүү ......................................... 333
Парз болгон ажылык үчүн өзүнүн атынан башка бирөөнү жиберүүнүн
шарттары ................................................................................................... 334
Азирети пайгамбарыбыздын кабырын зыярат кылуу........................... 337
Зыярат кылуунун ыгы жана адеби .......................................................... 337
КУРМАНДЫК ЧАЛУУ......................................................................... 339
Курмандык чалуу деген эмне? ................................................................ 339
Курмандык чалуунун өкүм-жобосу ........................................................ 340
Курмандык чалууга укуктуу болгондор................................................. 341
Курмандык чалуу нисабы ........................................................................ 342
Курмандык катары союлуучу жаныбарлар ............................................ 342
Малдын курмандык катары союлушуна тоскоол болгон жана
болбогон абалдар ...................................................................................... 343
Курмандык чалуунун туура болушунун шарттары............................... 344
Курмандык чалуунун негизги шарты ..................................................... 344
Курмандыкты ким чалат? ........................................................................ 345

584
Курмандык кандайча чалынат? ............................................................... 345
Курмандыктын этинин бөлүштүрүлүшү ................................................ 346
Курмандык катары чалынган малдын териси ....................................... 346
Колунда жокторго эти толугу менен таратылууга тийиш болгон
курмандыктар ........................................................................................... 347
Акыйка курмандыгы ................................................................................ 348
КУТТУУ КҤНДӨР ЖАНА ТҤНДӨР ................................................. 349
Жума күнү ................................................................................................. 349
Куттуу үч ай .............................................................................................. 350
Рагаиб түнү ............................................................................................... 351
Исра жана Мираж түнү ............................................................................ 351
Бараат түнү................................................................................................ 353
Рамазан айы .............................................................................................. 355
Кадыр түнү ................................................................................................ 357
Диний майрамдар ..................................................................................... 358
Моолут (Мавлут) түнү ............................................................................. 359
Ашура күнү жана орозосу ....................................................................... 360
АНТ (ЙАМИН)........................................................................................ 362
Анттын түрлөрү ........................................................................................ 362
Анттын шарттары ..................................................................................... 363
Анттын тамгалары.................................................................................... 364
Анттын каффараты ................................................................................... 365
НАЗИР (АТОО) ....................................................................................... 367
Назирдин шарттары ................................................................................. 367
Назирдин түрлөрү .................................................................................... 368
Назирдин өкүм-жобосу ............................................................................ 368
Назир курмандыгы ................................................................................... 370

585
ҤЧҤНЧҤ БӨЛҤМ
АДАЛДАР ЖАНА АРАМДАР

Адалдар жана арамдар ............................................................................. 372


Арамдын түрлөрү ..................................................................................... 373
Адал жана арам кылган – Алла таала ..................................................... 373
Зарылдыктар арамдарды мубах кылат ................................................... 374
Тамак-аш жана ичимдиктердин ичинен адал жана арам болгондор ... 374
Мелдештерде берилген сыйлык адал болот .......................................... 381
Чүчүкулак кармоо – жайыз...................................................................... 382
Пайыздын арам болушунун себеби ........................................................ 389
Алыпсатарлык (чайкоочулук) ................................................................. 392
Арамдан кутулуу ...................................................................................... 393
МАЛ СОЮУ ............................................................................................ 394
Малды союуга укуктуу болгондор ......................................................... 394
Мал союунун шарттары ........................................................................... 395
Мал союунун сүннөттөрү ........................................................................ 395
Малды союуда макүрөө болгон нерселер .............................................. 396
Мал союунун ыкмасы .............................................................................. 396
Эти желген жана желбеген жаныбарлар ................................................ 397
Союлган малдын желбей турган мүчөлөрү ........................................... 398
АҢ УУЛОО ЖАНА АНЫН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ ............................. 399
Аңчылык кылуу үчүн зарыл болгон шарттар ........................................ 399
Аңчынын колдонуучу куралына байланыштуу шарттар...................... 400
Аң уулоо үчүн үйрөтүлгөн айбандарда болушу зарыл болгон
шарттар ...................................................................................................... 400
Аңда болушу зарыл болгон шарттар ...................................................... 401
КАРЫЗ АЛУУ ЖАНА БЕРҤҤ............................................................. 402
Карызга алына турган жана бериле турган нерселер............................ 403

586
БАГЫШТОО (КАЙРЫМ ЖАРДАМЫ) ............................................ 405
Багыштоонун шарттары........................................................................... 405
Багыштоонун өкүм-жобосу ..................................................................... 406
Багыштоодон баш тартуу ........................................................................ 406
Багыштоодон кайра баш тартууга тоскоол болгон нерселер ............... 406
Атасынын балдарына энчи бөлүүсү ....................................................... 407
КЕРЭЭЗ .................................................................................................... 409
Керээздин түрлөрү ................................................................................... 409
Керээздин өкүм-жобосу ........................................................................... 410
Керээз калтыруунун шарттары ............................................................... 411
Ажылыктын керээз калтырылышы ........................................................ 413
ТАБЫЛГА ............................................................................................... 414
Жоголгон нерсени таап алган кишиге байланыштуу иш-аракеттер.... 415
НИКЕ ........................................................................................................ 416
Үйлөнүүнүн өкүм-жобосу ....................................................................... 416
Нике жана анын кемчиликсиз болушунун шарттары ........................... 416
Эмчектеш бир туугандык ........................................................................ 417
Эмчектеш бир туугандыкты ишке ашыруунун шарттары.................... 418
Эмчектештин үйлөнүүдөгү өкүм-жобосу .............................................. 418
Аял-эркектин акылары............................................................................. 420
Нике менен байланыштуу айрым темалар ............................................. 423
Кийинүү..................................................................................................... 425
Дене-мүчөлөрдү алмаштыруу ................................................................. 428
Тиш каптатуу ............................................................................................ 430

ТӨРТҤНЧҤ БӨЛҤМ
КҤНӨӨЛӨР

Жасалышы күнөө болгон нерселер ........................................................ 432

587
Күнөө түшүнүгү........................................................................................ 432
Айрым чоң күнөөлөр ............................................................................... 433
Мусулманды каапыр деп айтууга болбойт ............................................ 463
Тообо ......................................................................................................... 469

БЕШИНЧИ БӨЛҤМ
АХЛАК

Ахлак ......................................................................................................... 474


Ахлактын мааниси ................................................................................... 474
Ахлактын булагы...................................................................................... 475
Ахлактын санкциясы................................................................................ 476
Ахлактык милдеттерибиз ........................................................................ 477
Жеке өзүбүздүн алдыбыздагы милдеттерибиз ...................................... 478
Исламда аша чабуу жок ........................................................................... 480
Тамактануунун адеби ............................................................................... 485
Үй-бүлөбүздүн алдындагы милдеттерибиз ........................................... 490
Балдарыбыздын алдындагы милдеттерибиз .......................................... 493
Ата-энебиздин алдындагы милдеттерибиз ............................................ 494
Бир туугандарыбыздын алдындагы милдеттерибиз ............................. 496
Жалпы ага-туугандардын алдындагы милдеттерибиз .......................... 496
Кошуналарыбыздын алдындагы милдеттерибиз .................................. 497
Коноктордун алдындагы милдеттерибиз ............................................... 499
Саламдашуу .............................................................................................. 500
Ата мекенибиздин алдындагы милдеттерибиз ...................................... 503
Коомдун алдындагы милдеттерибиз ...................................................... 504
Эмри бил-Маруф Нехйи анил-Мүнкер................................................... 507
Мусулман боорукер болот ....................................................................... 513
Мусулман чынчыл болот ......................................................................... 517

588
Мусулман жоомарт болот........................................................................ 517
Мусулман киши жөнөкөй болот ............................................................. 518
Мусулман кечиримдүү болот .................................................................. 519
Мусулман дин боордошунун муктаждыктарын камсыз кылат ........... 519
Мусулман жалган сүйлөбөйт .................................................................. 520
Мусулман ушак айтпайт, башка кишилерди жамандабайт .................. 520
Мусулман эч кимди алдабайт ................................................................. 520
Мусулман чагымчылык кылбайт ............................................................ 521
Мусулман аманатка кыянат кылбайт ..................................................... 521
Мусулман тополоң чыгарбайт ................................................................ 522
Мусулман уяттуу болот ........................................................................... 523
Мусулман ичи тардык кылбайт .............................................................. 524
Мусулман таарына бербейт ..................................................................... 524
Мусулман сабырдуу болот ...................................................................... 525
Мусулман эмгекчил болот ....................................................................... 525
Мусулман улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат көрсөтөт..................... 526
Мусулман напсисин башкара алат.......................................................... 526

АЛТЫНЧЫ БӨЛҤМ
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ АЗИРЕТИ МУХАММЕД
АЛАЙХИС-САЛАМ

ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН ӨМҤР-БАЯНЫ ..................................... 528


Пайгамбарыбыз туулган доордо дүйнөдөгү жалпы абал ..................... 528
Пайгамбарыбыздын төрөлүшү (Б.з. 571-жылы) .................................... 528
Пайгамбарыбыздын балалык чагы ......................................................... 529
Пайгамбарыбыздын жаштык кези .......................................................... 530
Пайгамбарыбыздын азирети Кадичага үйлөнүшү ................................ 531

589
Пайгамбар болушу (Б.з. 610-жылы) ....................................................... 531
Алгачкы мусулмандар ............................................................................. 532
Азирети Хамзанын мусулман болушу ................................................... 534
Азирети Өмөрдүн мусулман болушу ..................................................... 534
Мусулмандарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктар ............................... 536
Пайгамбарыбыздын Меккеден Мединага көчүшү (Б.з. 622-ж.) .......... 537
Пайгамбарыбыздын Мединада кабыл алынышы .................................. 539
Ансар менен мухажирлердин ортосундагы туугандык ........................ 541
Исламдын тездик менен жайылышы ...................................................... 542
Пайгамбарыбыздын кoңшу өлкөлөрдүн башчыларына жиберген
Исламга дават каттары ............................................................................. 542
Меккенин каратылышы (Б.з. 630-жылы) ............................................... 544
Коштошуу ажылыгы (Б.з. 632-жылы) .................................................... 545
Пайгамбарыбыздын сыркоолошу жана дүйнөдөн кайтышы
(Б.з. 632-жылы) ......................................................................................... 548
Пайгамбарыбыздын балдары .................................................................. 549
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН БИЙИК АХЛАГЫ ................................ 550
Пайгамбарыбыздын чынчылдыгы .......................................................... 551
Пайгамбарыбыздын боорукердиги ......................................................... 553
Пайгамбарыбыздын жоомарттыгы ......................................................... 555
Пайгамбарыбыздын тилемчиликти жек көрүшү ................................... 556
Пайгамбарыбыздын жөнөкөйлүгү .......................................................... 557
Пайгамбарыбыздын мактоону жактырбашы ......................................... 558
Пайгамбарыбыздын сабырдуулугу жана кечиримдүүлүгү .................. 559
Пайгамбарыбыздын адилеттүүлүгү ........................................................ 561
Пайгамбарыбыздын баатырдыгы............................................................ 563
Пайгамбарыбыздын Алла таалага болгон ишеними ............................. 564
Пайгамбарыбыздын меймандостугу....................................................... 565
Пайгамбарыбыздын тазалыкка маани бериши ...................................... 566

590
Пайгамбарыбыздын ибадаты .................................................................. 566
Пайгамбарыбыздын Алла таала коркуусу ............................................. 567
Пайгамбарыбыздын Алла таалага болгон сүйүүсү ............................... 568
Пайгамбарыбыздын үй-бүлөлүк турмушу ............................................. 569
Пайгамбарыбыздын балдарга болгон сүйүүсү ...................................... 570

591

You might also like