You are on page 1of 2

Байымбет Абдракман уулу/Абдыракманов (Тоголок Молдо) (1860-жылы Ак-Талаа районундагы

Куртка деген айылда туулган - 1942) - жазма акын жана манасчы.

Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун
тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы
жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы
Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да,дал
ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга
кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле
сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да
жакындан тааныш болгон.

“Он сегиз жашка келгенде,

Акын болдум атанып.

“Манасты” бүт үйрөндүм,

Тыныбектен жат алып”

– деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун


тапканга да бир топ далалат кылган.

Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын
1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра баштан киришкен.
“Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп
айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.

Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замандаш
манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган
манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун өзү да тарых үчүн зор табылга десек
болот.

Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай сыяктуу чыгыштын улуу акындарынын чыгармалары менен
жакшы тааныш болгон жана кыргыздын оозеки чыгармалары менен жана мифтик түшүнүк,
ишенимдерден кабардар болот. Эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман»
сыяктуу дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшырган.
Ошондой эле эл кыдырып кыргыз тарыхын, санжыраларын жыйнап жазган.

Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас”
үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка
бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы”
сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Чоюке өмүр
уулу, Алмабек Тойчубек уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Кубанычбек Алмабековду эске
албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек
болгондуктан аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.

Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс
чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо
1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон.

You might also like