You are on page 1of 2

Он тогузунчу май, шейшемби.

Контролдук иши.
5-вариант.
А. “Жайлоодо” текст түзгүлө.
Б. Антоним сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.
В.”Менин классташтарым” . (көркөм стиль)

1.Жайлоодо
Жай келгенде, мен үй-бүлөм менен жайлоого барам. Биз Суусамыр өрөөнүнө кымыз
ичкени барабыз. Менин таенем бизге боз үй тигип берет. Мага жайлоодо өскөн
гүлдөр абдан жагат. Алар дайыма түрдү болушат: кызыл, көк, сары, ак. Гүлдөр абдан
жыттуу жана кооз болушат. Жайлоодо абдан таза аба болот, ошондуктан чыныгый эс
алгандай болосуң. Тоолорго чыгып, ат минип, саамал ичип, убакытты өткөрөбүз. Биз
жайлоого он күнгө барганда, каникулубузду эң сонун өткөрөбүз .
2. Антонимдер
1) Ысык – муздак
1. Кечинде мен ысык чай ичип, кино көрдүм.
2. Айдар муздак сууну абдан көп ичкен, ошондуктан анын тамагы оруп калды.
2) Чоң – кичинекей
1. Айжан Бурулга абдан чоң белек берди.
2. Султан эшиктен кичинекей күчүктү табып алды.
3) Жоопкерчиликтүү – жоопкерчиликсиз
1. Айнура жоопкерчиликтүү кыз болгондуктан, аны мугалимдер жакшы көрүшөт.
2. Айбек – жоопкерчиликсиз, жалкоо болгон бала.
3. Менин классташтарым
Мектепте окусаңар, силерде классташтарыңар бар. Менде дагы бар. Мен “Ариэл”
ОТКнин 11 классында окуйм. Биздин классыбызда 14 киши: 11 кыз жана 3 бала. Бирок
мурун (тогузунчу класска чейин) биз эки бөлөк класс болгонбуз: “А” жана “Б”. Мен,
Канаим, Катя, Илья, Марьяна, Юджин “А” классында окуганбыз; Даша, Вероника,
Милана, Алика, Дима, Лера, Элима “Б” классында окушкан. Захар онунчу класста
келген.
Башынан биз анча сүйлөшпөчүк,бүт баарыбыз өзүбүздүн классыбыз менен эле
жүрчүк, эки класстын балдары эле эң башынан жакшы сүйлөшчү. Бирок бир аздан
кийин, өзүбүз байкабай, достошуп калдык. Азыр биз бир ынтымактуу класспыз.
Аларды кайра көргөн күнүн күтөм.

You might also like