You are on page 1of 1

Достор кокустан пайда болбойт.

Досторду табыш үчүн, албетте, бир нерседе окшош, бир нерседе


айырмаланышыңар керек. Достордун жашоого болгон көз карашы бирдей болуш керек. Окшош
кызыкчылыктар болсо деле, болбосо деле жакшы, анткени адамдар бири-бирине жаңы нерсени
үйрөтө алганды кызыктуурак деп көрөм.

"Досум" деген темада аңгеме жазуу тапшырмасын алганда эле, аны кимге арнаарымды дароо
түшүндүм. Адиля - менин эң жакын жана эң сүйүктүү досум. Бизде ар дайым сүйлөшө турган
нерселерибиз бар. Телефон менен сүйлөшүп жатканда, байкуш аппараттын мүнөттөрү түгөнсө да,
биздин сөзүбүз эч качан түгөнбөйт. Биз бири бирибизге ишенип, оор кырдаалда дайыма жардам
бергенге аракет кылабыз.

Адиля - аябай боорукер жана берешен адам. Ал акырын сүйлөйт, кээде эмне деп жатканы такыр
угулбай калат. Андан бир нерсе сурасаң, "жок" деп жооп бере албайт. Ушунусу менен экөөбүз
окшошбуз.

Бизди классташтарыбыз кээде эже-сиңди деп ойлоп, күлө беришет. Себеби биз дайыма чогуу
жүргөнгө, анча көп билинбейт экен. Бирок башкалар биздин сапаттарыбыз, баскан-турганыбыз
окшош деп айтышат. Адиля экөөбүз бул сөздөрдү укканда эле эмнеге билбейм күлкүбүз келет.

Мен досумду аябай жакшы көрөм. Менимче ал - чыныгы дос. Биздин достугубуз мен үчүн абдан
кымбат, жана бул достукту өмүрумдүн аягына чейин сактагым келет. Адиля, мен сенин досуң
болууга аябай кубанычтамын.

You might also like