You are on page 1of 1

АКК-3-18

Эмилбек кызы Айзирек

Адабият тектери жана жанрлары

Адабият тектери — адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко


ажыратуу принциби. Көркөм адабият, эпос, лирика драма деген тектерге бөлүнөт.
Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип
чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен
ажырабаган (синкреттүү) мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан
улам ич ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач
илимий сөз (термин) менен Аристотел атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү
чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт.
Эпос турмуш көрүнүштөрүн, келки окуяларды сүрөттөө аркылуу чагылдырууга
умтулат; драмада окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз ара сүйлөшүүсү
аркылуу берилет; лирикада адамдын ички сезимдери туюнтулат; ушуга жараша
лирикада — монолог, драмада — диалог, эпосто монолог-диалогдон башка
окуялардын жүрүшүн баяндоолор, портреттик жана пейзаждык мүнөздөмөлөр
басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен окчун ажырап турган
көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын
үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу (болжолдуу)
мүнөзгө ээ болот.

АДАБИЯТ ТҮРЛӨРҮ – адабий чыгармаларды системага салуунун жана аларды жикке


ажыратуунун дагы бир принциби. Бул чыгарманын сырткы белгисине карай аныкталат.
Адабияттын проза, поэзия, драма, деген үч түрү бар, алар ар бири өзүнчө өзгөчөлүктөргө
ээ. Проза–карасөз, поэзия – ыр, драма – диалогдук сөз болуп саналат.

Жанр же адабий жанр (фр.— тек, түр)—адабий чыгарманын негизги тектери — эпос,
лирика, драма жана алардын ар кыл бөлүнүштөрү жанрга кирет. Жанр деп азыркы учурда
адабий чыгармалардын түрлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн формалары да аталат. М:
лирикалык жанр. Ошондой эле тематикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша да жанрга бөлүнөт.
Мисалы, романдар тарыхый, психологиялык, саясий, илимий-фантастикалык роман болуп
ажыратылат.

Лиро-эпикалык жанр — коомдук турмушту эпикалык жана лирикалык сүрөттөөнүн


жуурулушунан жаралган көркөм чыгарманын бир түрү. Ал ыр түрүндө болот. Анын
жанрдык негизги өзгөчөлүгү турмуш көрүнүштөрү эпикалык мүнөздө баяндалуу менен
каармандардын ички сезимдери, санаркоолору лирикалык сүрөттөөлөргө тыгыз
айкалышта келгендигинде. Адатта мындай чыгармаларга поэмаларды, ыр менен жазылган
романдарды киргизет. Мисалга Аалы Токомбаевдин «Таң алдында», «Өз көзүм менен»,
«Комуз күүсү», Т. Үмөталиевдин «Кубат», «Ак алтын жөнүндө ыр», С. Эралиевдии «Ак
Мөөр», К. Маликовдун «Көл жээгинде кездешүү», А. Токтомушевдин «Сүйүү жана
коркунуч», «Алтын тоо» деген чыгармаларын келтирүүгө болот. «Олжобай менен
Кишимжан», «Жаңыл Мырза», «Ак Мактым» эпосторун да лиро-эпикалык жанрга
киргизүүгө болот.

You might also like