You are on page 1of 1

КЫРГЫЗ ТЕАТРЫНЫН ТАРЫХЫ 103

музыкалык, опералык спектаклдерде башкы жана негизги партияларды ат-


карган. 1952-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрын-
да солист болуп эмгектенген. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры-
на єтїп, ємїрїнїн акырына чейин ушул коллективде иштеген.
А. Боталиевдин 50-жылдардан кийинки кєрїнїктїї ролдору катары «Мыл-
тыкчан киши» менен «Бийик жерде» спектаклдеринде (1952, 1953) Совет
мамлекетинин, тоталитардык системанын негиздєєчїсї Ленин, «Єлбєстїн
їрєнї» оюнунда (1964) XIX кылымдагы бугу уруусунун башчысы Боромбай
эсептелет.

Куттубаева Анвар (1915/1913–1977) – актриса, опера


ырчысы, бийчи. Кочкордун Ак-Кудук айылында туулган.
1928-жылы 15 жашында кыргыз музыкалуу-драма студия­
сына кирген. Ошол эле жылы К. Жантєшевдин «Карачач»
драмасында Карачачтын ролун ойноп, дароо актердук
жєндємїн кєрсєткєн. А. Куттубаева кыргыз театрынын
30-жылдардагы эў атактуу актрисасы, ырчысы болуп са-
налат. Анын этаптуу ролдору: Зулайка («Ажал ордуна»),
Чынар («Алтын кыз»). Ушул эки ролу менен 1939-жылы
СССРдин борбору Москвада єткєн кыргыз искусствосу
менен адабиятынын он кїндїгїгїнє (декада) катышып, Ленин ордени ме-
нен сыйланып, «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген ардак наамды алган.
1946-жылга чейин музыкалуу-драма, андан соў опера жана балет театрын-
да иштеген. 1946-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик филармониясынын
элдик бий ансамблин жетектеген. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик драма
театрына кирип, ардактуу эс алууга кеткенге чейин эмгектенген. А. Кутту-
баева аткарган ырлар кыргыз радиосунун алтын фондунда сакталуу.

30-жылдардагы театр
Коллективдештирїї саясатынын агитациялык-пропагандалык
куралы же колхоз-совхоз театрларынын тїзїлїї максаты

Отузунчу жылдардын башында, бїтїндєй СССРдин аймагында,


анын ичинде Кыргызстанда, 1917-жылдан кийинки совет бийлиги,
большевиктердин коммунисттик партиясы жеке менчикке каршы
жїргїзгєн саясий-идеологиялык кампаниясынын їчїнчї толкуну
башталат. Советтик бийлик коллективдїї менчикке негизделген
жаўы типтеги кооперация жолу менен (биргелешип) чарба жїргїзїї

You might also like