You are on page 1of 6

«Манастаануу» курсу боюнча семинардык сабактар

1- тема: Манасчылар менен жолугушуу. Эпостун өзөк окуялары


менен таанышуу. Кыргыз элинин Ала-Тоодон сүрүлүшү. Алтайды
байырлоо. Манастын балалык чагы, алгачкы эрдиктери. Жакыптын
образы. Акбалта менен Чыйырдынын Манасты патриоттуулукка,
кайраттуулукка, намыскөйлүккө тарбиялоодогу ролу. Эпостун бул өзөк
окуяларынан алган сабактар: эндекей жатып, жоодон чабылуудан сак
болуу, эмгектин мааниси, тууган жердин баркын билүү, мекенчил болуу.
1-тапшырма.Кыргыздардын чабылышын көрктүү окугула.
Алооке деген кан чыгып, Калайыктын баары ыйлап.
Айбатынан жан чыгып. Каргылданып, чал ыйлап,
Калың жаткан кыргыздын. Эртең тартып алат деп,
Кереге-уугун кыйратып, Жаш өспүрүм кыз ыйлап.
Келин, кызын ыйлатып. Жайнап жаткан кыргыздын,
Каяша сүйлөп койгонду, Жаккан отун өчүрүп.
Кызыл канга боѐду. Жалпы баарын көчүрүп,
Каарын салып уз алды. Артын Бапан айдаптыр,
Олжо кылып, оңбогур, Андалааган кыргыздын.
Беш көкүлдүү кыз алды. Минтип шору кайнаптыр,
Талдын баарын сулатты, Бирөө тентип Алтайга Бирөө
Тамдын баарын кулатты, тентип Кангайга,
Такыр чаап алды эми. Бирөө тентип Эренге.
Акыр, такыр заманды, Бирөө түшүп кетти тереңге.
Журт башына салды эми.
2-тапшырма. Эл мугалими Бектур Исаковдун төмөнкү пикиринин
тегерегинде ой жүгүрткүлө: “Кептин баары «кыргыздар кырылды,
талкаланды, чилче чачырады» дегенде эмес, ошол окуянын далдасында
турган элдик акылман ойду аңдап билүүдө. Ал мындай, жеңилүүнүн жана
талкалануунун сыры төмөнкүдөй:
1) караламан калк менен бийлик башындагылардын байланышынын
үзүлүп калышынан кыргыздар ыдырап, Алооке менен Каракандын балдары
өзүнчө, Акбалта өзүнчө, Кошой өзүнчө, Текечи менен Шыгай кан өзүнчө
согушат да, душман мындай бөлүнүп калган күчтөрдү оңой эле талкалайт;
2) Биримдиктен ажыраганда мамлекет талкаланып, эл тозот, кызыл
кыргынга учурап, аягы сай таппай кетет;
3) бул укум-тукумга айтылган бабалардын керээзи, сактандыруу, укум-
тукумга эскертүү, элдин келечегин сактап калууга болгон камкордугу;
4) демек, бийлик менен караламан калктын өз ара эриш-аркак бекем
мамиледе болушу мамлекет менен элдин сакталышынын бирден бир шарты,
ошондуктан мындай улуу мыйзамды аткарууга эл да, бийлик да милдеткер.
Эпос ушуну айтат. «Манаста» мындай акыл кенчтери толо, өзүнчө эле
аалам».
3-тапшырма. Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» аттуу
китебинен алынган төмөнкү үзүндү боюнча пикириңерди айткыла:
“Анысы да аздык кылды басташкан жоого. Билимдүү эл дүйнөдө бир
гана биздин эл болот деп, кытай кечилдери Ордонун казынасын талаганда
андагы бичик жазмаларды өрткө салды. «Кыргыздын башына түшкөн каран
түн мээсине да түшсүн, эгерим экинчи жазуу билбесин» деген бүтүм болду.
4-тапшырма. Текстти көңүл коюп окугула. Алтайга келгенден кийинки
Акбалтанын сөздөрүндө кандай акылмандык жатат?
Абаң Балта кыргызга Жан багуучу карыппыз,
Акыл айтат жаркылдап: Кара калмак, манжуунун
Капанын баарын чачалы Ортосунда калыппыз.
Кайгырсак да, бышсак да, Кесүүгө тиккен бак да жок,
Кайра кыргыз табылбайт. Керсейип жатар чак да жок.
Эми алтындын кенин казалы Талаага сайган бак да жок,
О, балдар, бел байлар бизде Талпайып жатар чак да жок.
бел да жок,
Сегиз, тогуз жыл өтсүн,
Белгилүү кыргыз эл да жок.
Бул жерди жердеп турушуп,
Талаада аккан булак жок,
Карып жанды багалык
Дардайып жатар убак жок.
Кара жер менен урушуп.
1-тапшырма. Бул үзүндү кайсы окуя тууралуу маалымат берет?
Кукулуктап үн чыкса Куудан аппак жүнү бар,
Куштан башка үнү бар, Айбат менен караса
Куйрук-башы жаркылдайт Алп кара куш сүрү бар.
Текөөрү болот темир дейт, Туяк — болот канжар дейт.
Серпкени өлгөн себил дейт. Жыпар менен жуулган
Тумшугу болот тунжур дейт, Жибектен боону тагыпмын.
2-тапшырма. Силерге түшүнүксүз сөздөрдү глоссарийден карап,
маанисин чечмелегиле.
1- тапшырма. “Оозеки тегерек стол” стратегиясы менен ар бириңер
Манастын төрөлүшү, ат коюу боюнча маалымат алмашып, өз
билимиңерди ортого салгыла.
2- тапшырма. Окумуштуу Сабыр Иптаровдун пикири боюнча
ойжүгүрткүлө: “Байыркы индустардын адабий тили – санскритте «Манас»
термини «акыл-эс, адамдын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү» дегенди
түшүндүрөт. Б.з.ч. V—III кк. жашаган шумерлердин тил жана маданий
булактарына таянып божомолдосок, «Манас»«асман» деген сөз менен
байланышып турат, анын грамматикалык курамындагы «ее» (ас) - кудай,
«ан» (ман) - асман деген сөздөр айкалыша келгенде Асман кудайы
дегенди билдирет. Мындай деп божомолдоого негиз болгон нерселер
кыргызда азыркы учурга чейин сакталып келет:
а) кыргыздар салттуу түрдө асманга сыйынат;
б) метатеза (сөз ичиндеги тыбыштардын орун алмашып өзгөрүү)
жолу менен ыйык нерселердин аталыштары табуланган (атоого тыюу
салынган): ас/ман - Ман/ас;
в) «асман эн тамгасы» анын ички дүйнөсүн мүнөздөгөн адабий
эпитеттерде да кездешет (айкөл - великодушный: ай - луна, көл - озеро;
көк жал (жаал) - бесстрашный: көк - 1. синий, 2. небо, жал — грива
(жаал — ярость). Ошентип, «Манас» мифониминде, байыркылардын
кудайы - Асмандын ысымы жашырылышы мүмкүн”.
3- тапшырма. Бул үзүндү кайсы окуядан, кандай тарбияга чоң маани
берилеип жатат?
Аңдасам балаң акыл аз, Алты ай малай берели,
Жөнүн таппайт, дөөлөт мас, Эркелетип олтурбай
Мал азабын балага Катыктырып көрөлү.
Бир тарттырып көрөлү, Сөз айтууга жатыксын,
Жайлоодогу койчуга Сөөгү бышып катыксын.
4- тапшырма.Төмөнкү үзүндүлөр боюнча каармандардын мүнөз-
сапаттарын салыштырып, таблицага жазгыла.
Жакыптын айтканы:
Куу балам, жетет экенсин Кайрылып айткан сөзү бул:
Капкайдагы түбүмө! Жакып, жылкың менен
жерге кир
Бул тентегиң койбосон,
Бизге белге таңуу уул ушул.
Козголоң салат уйкума.
Эркек бала шок болсун,
Көп манжуу чабуул койбойбу
Мал багар уул болгончо,
Эртең өрүштөгү жылкыма?!
Бар болгончо, жок болсун.
Чачасың жыйган малымды,
Артыңа колуң байланып,
Төктүрмөк болдуң, чунак
уул, Бери карай айдалып,
Бул калмакка канымды. Чыккан күнү өлгөнбүз,
Ак байбиче Чыйырды Өңгүрөп, өксөп жүргөнбүз.
Акырын сүйлөп муну айтып: Аман жүрсө бул уулуң
Аман болсо Манасың, Талаадан жыйнайт көчүңдү;
Атамдан калган мурас деп, Алып берет Манасым,
Кең-Көл, Талас жер табат, Капкайдагы өчүңдү.
Айланып кыргыз эл табат. Малга ишенген оңобу?
Уулум тентек чыкты деп, Малың бала болобу?
Абышкам, мынча муңайба! Сенин кейип жаткан бул
малың
Кайгырбагын малыңа,
Айдаса бир күн, жоонуку.
Кайрат бергин балаңа.
Бул тентек бала оңолот,
Сан дүйнө малды чачыңыз,
Өлбөсө бир күн журттуку
Арка кылып Манасты
Андан көрө, бай Жакып,
Бул Алтайдан качыңыз!
Кара малдын баарысын
Абакең Балта ак жолтой
Чубатууга салалык.
Сүйлөгөнү - жарыя,
Азуу сайып карыбас
Калың кыргыз ичинде,
Ат мыктысын табалы.
Кадыры бийик карыя
Ок өтпөс тон кийгизип,
Ок жетпес ат мингизип, Кыйналып калган жан элек,
Манасты жоого сактап Кулунум, кырылып калган эл
багалы элек.
Эрешен тартып эр болсо, Жакып мындай дегенде,
Билбегенин билгизип, Безге сайган эмедей
Туйбаганын туйгузуп, Ыргып кетти эр Манас:
Туура жолго салалы. "Кокуй, ата, не дейсиң,
Өйдө чыксак Манасты Неге мынча маанай бас?
Өбөк кылып алалы. Жоого намыс бергиче,
Ылдый түшсөк Манасты ажалым жетсе өлөйүн,
Жөлөк кылып алалы. Малым менен жанымды,
Бул тентек Манас баланы олжого кантип берейин!
Кыргыз бүткөн чогулуп, Катүгүн, ата, не дейсиң,
Эркелетип көрөлү. Аймаңбоз берчи минейин.
Ээленсе, кара калмактан, Капкайдан келген балбанды
Ушу Манас бала үчүн, Мен кайра Бак-Бурчун айдап
кирейин!
Ажал жетсе, өлөлү!
Өлбөй тирүү жүргөндө,
Ошондо Жакып дирилдеп,
не мураска жетейин.
Балам, кылсак кантет мындай
дейт: Калкым кыргыз, сен үчүн,
Айтканына көнөлү, курман болуп кетейин.
Ыгына дың дебестен кирели.
Алтайдан күткөн сан кара
Баарын тартуу кылып
берели.
Курган жан аман калалык,
Сулуу кыздан бир тогуз
Тандап тартуу кылалык,
Жанды сактап туралы.
5- тапшырма. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.
а)Баланы наристе кезинде ....................... бербейт.
б)Бешиктеги баланы ......................... калтырбайт.
в)Баланын кичине чагында бетине ............... коет.
г)Жаңы төрөлгөн баланы .................. менен оозантат.
Пайдаланылуучу сөздөр: көө сүртүп, көп карай, сары май, жабуусуз.
6- тапшырма. Бул ыр саптарында ким сүрөттөлгөн? Үзүндүнү
уланткыла:
Маңдайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш,
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү-калча, көзү-тик...

You might also like