You are on page 1of 87

үлгү

ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ
Абдушүкүр Нарматов
Бишкек-2011
ЖАШООŒДУ
ЄЗГЄРТ

Даярдаган:

үлгү
Абдушікір Нарматов

БИШКЕК 2011
УДК 29
ББК 86.38
Н 29

Даярдаган:
КИУнун ректору Абдушүкүр Нарматов
Редактору:
Алайчы Сеитбеков

Жашооңду өзөгөрт
Абдушукур Нарматовдун жума кутбалары
Б.: 2012. 85- б.

ISBN 978-5-904491-36-9

Бул китеп, жашоо нугун жакшы тарапка бурууну


каалаган ар бир адам үчүн баалуу белек. Жашоодо-
гу туура эмес адеп-ахлактарды оңдоого салым кошуп,
бактылуу жашоого жол көрсөткөн бул китеп эч кимди
кайдыгер калтырбайт. Китептке намаз окуунун жеңил
жолдору да киргизилген.

үлгү
Китеп жалпы окурмандарга арналат.

И 0403000000-11 УДК 29
ББК 86.38

ISBN 978-5-904491-36-9 © Абдушукур Нарматов


© Алайчы Сеитбеков
Мээримдүү жана Ырайымдуу
Аллахтын аты менен баштаймын.

Жакшылыктарды тартуулоочу, жандарды тазалоочу,


адеп-ахлактарды оңдоочу Аллах Таалага мактоолор болсун!
Баардык айып-кемчиликтерден таза, кайыптарды билүүчү
Аллах Таала: “Сен-улуу кулк-мүнөз ээсисиң” – деп макта-
ган, толук адеп-ахлактын ээси Пайгамбарыбыз Мухаммадга
(С.А.В) жана анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына салават-са-
ламдар болсун.
Баарыбызга белгилүү болгондой, Пайгамбарыбыз
(С.А.В) биздин адеп– ахлагыбыз үчүн күзгү. Арабызда жак-
шы адеп-ахлактуу, өзүн жана башкаларды бактылуу кылу-
учулар, ошол эле учурда жаман адеп– ахлагы менен айла-
насындагы адамдарга жаман таасир калтыргандар да жок
эмес. Биздин динибиз мамилелерди оңдоочу дин. Жакшы
жана жаман адеп-ахлактарды айырмалай албагандардын
жана жашоону сүйүүчүлөрдүн жашоосун өзгөртүү үчүн
бул китепче жазылды. Китеп эки бөлүктөн турат. Биринчи
бөлүктө, шарияттагы адептер туралуу кыскача маалымат-
тар киргизилди.
Экинчи бөлүктө, жумшактык менен адеп-ахлак­тарды

үлгү
оңдоо туралуу сөз козголот. Ар бир китеп окуучунун кадыр-
баркы көтөрүлүп, жакшы адеп-ахлак менен өмүр сүрүүсүнү
Жараткан Аллах насип кылсын.
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Киришүү
Кулк-мүнөз – бул, адамдын ички жан дүйнөсүнүн аба-
лы. Адамдын сооптуу же күнөө иштерди жасоосу, анын ички
дүйнөсүнө көбүрөөк байланыштуу болот.
Кулк-мүнөз нафстын туруктуу абалы. Адам андан кандай-
дыр бир ойго муктажсыз эле жакшы же жаман иштерди жасайт.

Ахлагыбызды кимден оңдойбуз?


Кураанда: “Чындыгында, Аллахтын элчисинде сонун
үлгүлөр бар” – деп айтылган. (Ахзаб: 21).
Адамдар илим алуу жана адеп-ахлакты үйрө­нүүдө, Ал-
лахтын
элчисинен (С.А.В) башка жакшыраак жана татыктуура-
ак адамды таба алышпайт. Ошондуктан анын адеп-ахлагы,
анын улуу инсан экенин билдирет. Жада калса, ал өзүнүн эл-
чилик жоопкерчилигин гана аткарып тим болбостон, адеп-
ахлактын негиздерин да бекемдеп кеткен.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– “Мен жакшы кулк мүнөздөрдү жогорку даражага жеткирүү
үчүн жиберилгенмин” – деп айткан. Ооба, сен Куранды, сүнөттү
жана Пайгамбардын (С.А.В) үлгүлүү өмүр баянын билмейинче,
улуу Пайгамбардын адеп-ахлагын көз алдыңа тарта албайсың. Мо-
мундардын энеси Аиша, Пайгамбардын адеп-ахлагы жөнүндө:
– “Анын кулк-мүнөзү Кураан эле” – деп айткан. Пайгам-
бар (С.А.В) өзүнүнүн өмүр баяны жана адеп-ахлагы менен

үлгү
бардык сахабаларга, алардан кийин аны кыямат күнүнө
чейин ээрчигендерге жакшы үлгү болгон. Ким Аллах Таа-
ланын ыраазылыгына жетүү үчүн Ага жакындоону кааласа
Пайгамбардын (С.А.В) артынан ээрчип, баардык иштеринде
анын адеп-ахлагын бекем кармануусу зарыл.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– “Момундардын эң ыймандуусу, кулк-мүнөзү жакшы-
сы” – деген. Ошондой эле:
– “Пенденин таразасына салмак болуучу, жакшы кулк-
мүнөздөн өткөн амал жок. Жакшы кулк-мүнөздүү адам, оро-

6
Абдушүкүр Нарматов

зо кармоочулардын жана намаз окуучулардын даражасына


жетет” – деп айткан.
Доктор Абдулхалим Махмуд мындай дейт:
– “Ислам дининде адеп-ахлак өзгөчө мааниге ээ. Ант-
кени, ал Улуу Аллах Тааладан ыйык вахий аркылуу келген
жеке адамдын жана коомдун дүйнөлүк жана диний максат-
тарын ишке ашыруучу жүрүм-турум”.

Адеп-ахлактын мааниси:
Адеп-ахлак адамдын жүрүм-турумунун негизи. Адам-
дын жүрүм-туруму жана мамилеси, анын жакшы кулк-
мүнөзүнө байланыштуу болот.
Адеп-ахлак , жүрүм-турумдун мыйзамы. Бул жерде тек
гана жакшы адеп-ахлак жөнүндө теориялык көз карашты
айтуу туура эмес. Тескерисинче, адамда калыптанган адеп-
ахлакты тажрыйба жүзүнө ашыруу керек. Адамзат бул дүйнө
жана акырет бактылуулугуна бир гана жакшы адеп-ахлак
менен жетет. Биз жакшы адеп-ахлактарды кармануу менен
гана, жерде өзүбүздөн кийин канааттандыраарлык урпак-
тарды калтыра алабыз. Буга Пайгамбарыбыз, (С.А.В) анын
халифалары жана алардын жолун жолдогондор эң жакшы
далил боло алат. Ал эми, биз көрүп турган мусулмандар ара-
сындагы тынчсыздануулар, көйгөйлөр жана адашуулар, биз-
дин адеп-ахлактарды таштап салуубуздун натыйжасы.

үлгү
Ислам адеп-ахлактарынын өзгөчөлүктөрү:
→ Замандын жана абалдын өзгөрүүсү менен өзгөрбөйт.
→ Адамдын жашоодогу баардык абалдарын камтыйт.
Ислам
→ Адамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдейт.
адеп → Бактылуулукка алып баруучу эң жакшы жол.
→ Мусулмандардын ишениминин булагы.
ахлагы
→ Жашоону жеңил кылат.
→ Ыкласты бекемдейт.

7
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Адеп-ахлак – бул, ыйык Кураандын жана Пайгамбары-


быз Мухаммаддын (С.А.В) сүннөтүнүн негизиндеги мусул-
мандын ишениминин булагы.
Ыйык Кураанда: «Чындыгында, Аллах адилет­түүлүктү,
жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну
буйруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуу-
дан тыят. Аллах силерге (ушундай) насыят берет. Балким
түшүнөөрсүңөр» – айтылган. (Нахл: 90).
Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айткан:
– «Аллага ыйман келтирген адам каралоочу болбойт,
каргыш айтпайт, адепсиздик жана уятсыздык кылбайт».
(Тирмизий).
Ыйык Кураандын аяттары жана Пайгамбардын (С.А.В)
хадистери эң жакшы адеп-ахлакка кызыктырган жана бузу-
кулуктан тыйган эскертмелерге бай.
Аллах Таала Кураанда айтат: «Сабырдуу бол. Чынды-
гында, Аллах жакшы иш-амалдарды жасагандардын мээне-
тин текке кетирбейт». (Худ: 115).

Адеп-Ахлак ар дайым туруктуу болот.


Ал убакыттын, абалдын өзгөрүүсү
менен өзгөрбөйт.
Юсуф пайгамбарды кудукка ыргытышкандан баштап,
Аллах аны Египеттин казына башчысы кылып койгонго

үлгү
чейин, басып өткөн жолуну кара! Вазирдин аялы аны аз-
гыргандан кийин зынданга түшкөндө да анын адеп-ахлагы
өзгөргөн жок.
Биздин Пайгамбарыбыздын (С.А.В) балалык чагына,
жаштыгына карасаң, ал койчуман, соодагер болгон. Ал эми,
кийинчерээк Аллахтын динине чакыруучу, сахабаларын
тарбиялоочу, аскерлерге башчы, адамдарга имам, аялга
күйөө, балдарына ата болгон. Душмандарын жеңип алганда
да, кысым-эзүүлөрдө да, кыйынчылыктарда да адеп-ахлагы
туруктуу болгон. Душмандын курчоосунда калуу, мекенин

8
Абдушүкүр Нарматов

таштоо ага таасир берген эмес. Пайгамбар (С.А.В) адамдар-


га алардын кылган мамилесине жараша эмес, жакшы адеп-
ахлак менен мамиле кылган.

Адеп-ахлак бардык адамдардын ортосунда сүйүүнү


көбөйтөт.
Аллах Таала айтты: «Жакшылык менен жамандык тең
эмес. Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун. Ошонтсең
сени менен анын ортосунда душмандык болгон адам да өтө
жакын достой болуп кетет». (Фуссилат: 34).
Сахл ибну Саьд Ас-садий риваят кылган хадисте, Ал-
лахтын элчиси (С.А.В) айтты:
– “...Адамдагы нерселерге көз артпасаң, адамдар сени
жакшы көрөт”. (Тирмизий).

Жакшы кулк– мүнөз, жеңил ырыскынын жолу.


Аллах Таала айтты: « Биз үчүн умтулуп аракеттенген-
дерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Аллах
жакшылык кылуучулар менен бирге». (Анкабут: 69).
Абу Саьид Альхудрийдин риваят кылган хадисте, Ансар-
лардын кээ бирлери Аллахтын элчисинен (С.А.В) бир нерсе
сурашканда ал аларга берди, кийин дагы сурашты эле дагы
берди, ушинтип Пайгамбар (С.А.В) колундагысы түгөнүп
калганга чейин бере берди. Андан кийин Пайгамбар (С.А.В)
айтты:

үлгү
– “Мен колумда бар нерсени силерден эч качан аябай-
мын. Ким өзүн сактаса (тыйса) Аллах аны сактайт, эч ким-
ден сурабаса Аллах аны байытат, ким сабыр кылса Аллах
аны жубатат. Сабырдан баалуу жана жакшы нерсе эч кимге
берилген эмес”.
Жакшы кулк-мүнөз ээси бардык адамдарга үлгү болот.
Мусулман мусулман эмесине, үй-бүлөсүнө, жалпы элге, кедей-
байга, чоң кичинеге жана ден соолугу чың жана ооруларга үлгү
болот. Анткени, ал ушуну менен жаратуучуга ибадат кылат.

9
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Жакшы кулк-мүнөз, жашоодо кайгы


капасыз ырахат алуучу жол.
Жакшы кулк– мүнөздүн ээси адамдар менен достошот
жана адамдар да аны менен достошушат. Кыйынчылыктар-
га моюн сунбайт, кубанычка бөлөнгөндө Аллахка мактоо
айтууга, жамандыкка туш болгондо Аллахка сабыр кылууга
өзүн даярдап, Анын ыраазылыгына жетүүгө шашат. Кураан-
ды жана сүйүктүү Пайгамбардын (С.А.В) куттуу сүннөтүн
бекем кармап, аны өз жашоосунда негизги көрсөтмө курал
кылат. Анткени, Аллах Таала айткан: «Эркекпи же аялбы ый-
ман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага мыкты жашоо
беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен жакшыраак
сыйлык беребиз». (Нахл: 97).

Акылмандар айтышат:
Ибну Мубарактан жакшы адеп-ахлак деген кандай деп
сурашканда:
– “Жакшы адеп-ахлак бул жылмаюу, жакшылык кылуу,
жамандыкты кетирүү” – деп жооп бериптир.
Имам Ахмад:
– “Эң жакшы кулк-мүнөз бул ачууланбоо, бирөөнү жек
көрбөө” – деген. Дагы бир сөзүндө мындай дейт:
– “Жакшы кулк-мүнөз, адамдар көрсөткөн зыянга чы-
доо”.
Умар ибну Хаттоб:

үлгү
– “Адамдын асылдыгы анын акылында, өзүнү эсеп-кы-
сап кылуусунда, дининде, марттыгында жана адеп-ахлагын-
да” – деген экен.
Аиша энебиз айтты:
– “Жакшы кулк мүнөз дүйнөдө да, акыретте да жакшы-
лыкты гана алып келет”.
Бирөө айтат:
– “Диндин бардыгы кулк мүнөз. Ким сенден кулк мүнөзү
жагынан озуп кетсе, демек ал дин жагынан да озуп кетип-
тир”.

10
Абдушүкүр Нарматов

– “Жакшы адеп-ахлактар менен кулк-мүнөздү өзгөртүү,


дүйнөдөгү бакытка жана акыреттеги Аллах Тааланын ыраа-
зылыгына жетүү болуп эсептелет”.
– “Дүйнөдө жана акыретте адамдардын эң илим­дүүсү,
Мээримдүү Аллах үчүн ак ниеттүү болгондор, пайгамбар-
дын (С.А.В) сүннөтүн ээрчигендер жана жакшы адеп-ахлака
ээ болгондор”.
Адеп-ахлак эч нерсеге муктаж болбой бай болуп жашоо
эмес. Тескерисинче, ал Ислам ыраазы болгон жашоонун не-
гизги эрежеси. Ислам буйруган ибаадаттар бийик адеп-ах-
лак жана туура жолду көрсөтүү үчүн жардам берсе гана то-
лук болот жана милдети аткарылат.

Кулк-мүнөз.
Адамдарды Аллахтын динине багыттайт.

→ Рухту ырахат алдырат.
Жакшы
→ Амалдарды эң мыкты деңгээлде аткарууга жетки-
рет.
кулк → Кыямат күнү пайгамбарыбызга жакын кылат.
→ Аллахка моюн сунууда бекем болууга шарт түзөт.
-мүнөздүн → Орозо тутуучу жана намаз окуучунун даражасына
жеткирет.
→ Өмүрү берекелүү болот.

үлгү
пайдалары
→ Денеси тозок отуна арам болот.
→ Бейиштин эң бийик даражасына жетүүгө себеп
болот.

Адамдарды Аллахтын динине багыттайт:


Соодагер жана саякатчы мусулмандардын жакшы
кулк-мүнөзүнүн таасири менен Ислам дини дүйнөнүн 4/1
бөлүгүнө таралды. Ар бир мусулман Улуу Аллахтын динине
чакыруучу. Ошондуктан, өзүбүз динге чакырып жаткан му-
сулман жана мусулман эместерге эң жакшы үлгү болуу баа-
рыбыздын милдетибиз.

11
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Рух ырахаттанып, бактылуу болот.


Жакшы кулк мүнөздүү адамда жек көрүү жана
көралбастык болбойт. Адамдардын ортосундагы байланыш
бекем болот жана жакшылыка жеткирет. Амр ибну Абдулла
риваят кылган хадисте:
– “Пайгамбарыбыз (С.А.В) орой жана адепсиз болгон
эмес” – деп айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыз:
– “Силердин эң жакшыңар, кулк мүнөзүңөр жак­шыңар”
– деп айтчу.
Ошондой эле жакшы кулк-мүнөздүү адам, дүйнөдө жет-
пей калган нерсесине кайгырбайт жана бейпилдикте жа-
шайт. Пайгамбарыбыз (С.А.В) айткан:
– “Эгерде дүйнөдөгү төрт сыпат сенде болсо, башка жет-
пей калган нерселерге кайгырба! Алар: сөзүндө чынчыл бо-
луу, аманатка бек болуу, жакшы кулк– мүнөздүү болуу жана
адал тамактануу”.

Амалдарды мыкты деңгээлде


аткарууга себеп болот:
Жакшы кулк мүнөздүн ээси, Аллах Таала ар бир ишти
чеберчилик менен жасагандарды жакшы көрөөрүн би-
лет. Аиша энебиз риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз
(С.А.В) айткан:
– “Чындыгында Аллах Таала ар бир ишти чеберчилик

үлгү
менен жасагандарды жакшы көрөт.” Ар бир ишти чеберчи-
лик менен аткаруунун натыйжасында, коом өнүгөт жана
экономикалык өсүү болот. Тагыраак айтканда мусулмандар-
дын ырыскысы кенен болот.

Өмүрү узун болот:


Аиша энебиз риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз
(С.А.В) айтты:
– “Бир туугандар менен байланышуу, жакшы кулк-
мүнөздүү болуу жана кошуна менен жакшы мамиледе болуу

12
Абдушүкүр Нарматов

өмүрдү узартып, иштерге ийгилик берет”. (Имам Ахмад).

Пайгамбарга (С.А.В) кошуна болот.


Жаабир риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айт-
ты:
– «Кыямат күнү мага жакыныраагыңар кулк-мүнөзү
жакшыраагыңар. Ал эми, мага жек көрүнгөндөр жана мен-
ден алыс болуучулар, пайдасыз сөздөрдү көп сүйлөгөндөр».
Сахабалар сурашты:
– “Оо Аллахтын элчиси! Пайдасыз, маанисиз
сүйлөгөндөр кимдер”? Пайгамбар (С.А.В) айтты:
– «Текеберлер». (Тирмизи).

Канткенде кулк мүнөздү жакшыртабыз?


Аллах Таала айтат: «Кимде-ким аны (нафсисин) тазала-
са ал ийгиликке жетишет. Ал эми, кимде-ким аны булгаса
зыян тартат». (Шамс: 9-10).
Кулк мүнөздү оңдоочу жолдор көп. Алардын кээ бирле-
ри төмөндөгүлөр:
• Өзүбүздүн жаман мүнөздөрүбүздү билип, аны жоёбуз.
• Жакшы кулк-мүнөзгө ээ болууга аракет кылабыз.
• Пайгамбардын өмүр баянын окуп, жолун жолдойбуз.
• Сахабалардын өмүр баянын билип, алардын жакшы
сыпаттарынан үлгү алабыз.
• Жаман кулк-мүнөздүн дүйнөдө жана акыретте корку-

үлгү
нучтуу зыян экенин эсибизден чыгарбайбыз.
• Жакшы адеп-ахлактын дүйнөдө жана акыретте пай-
да берээрин жана артыкчылыгын сезип жүрөбүз.
• Жакшылар жана үлгүлүү адеп-ахлактуулар менен до-
стошобуз. Пайгамбар (С.А.В) айткан:
– «Ар бириңер достошкон адамыңардын динине кара-
гыла». (Абу Дауд). Ошондой эле:
– «Момундар менен дос болгун, тамагыңды такыбалар
гана жесин» – деп айткан. (Абу Дауд).
• Жаман мүнөздү жакшы мүнөзгө алмаштыруу үчүн

13
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

тооба кылабыз. Чынчыл момундардын насыятын кабыл кы-


лабыз. Умар Ал-Фарук айткан: «Менин кемчиликтеримди
айткан адамды Аллах ырайым кылсын».
• Кичи пейил, кедей кембагалдарга кам көрүүчү жана
динчил адамдар менен бирге болобуз.

Эмне үчүн кулк мүнөздү оңдоого чакырабыз?


Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айтты:
– «Ар бир дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү амалдар Ал-
лахтын алдына көтөрүлөт. Аллах Таала Өзүнө шерик кошпогон
баардык адамдардын күнөөлөрүн кечирет. Бирок, бири-бирине
таарынышкан эки адамдын күнөөсүн кечирбейт. Аллах Таала: “
Ал экөөнү жарашканга чейин таштап койгула” – деп айтат.
Көрдүңбү, сүйүктүү мусулман бир тууганым! Көптөгөн
жакшы иштерди жаман кулк-мүнөз жана жаман мамиле ме-
нен бузуп алуу коркунучтуу. Күндүзү орозо кармап, түндөсү
намаз окуп бирок, тили менен кошуналарына зыян жет-
кирген аялдын окуясын эсте. Анын туткан орозосу жана
окуган намазы аны куткара алган жок. Ал аялдын тозок-
ко кирүүсү жөнүндө Пайгамбар (С.А.В) кабар берди. Бул
окуя жогоруда айтылган сөздү бекемдейт. Биз кайсы бир
инсанга жүрүм-турумубуз менен туура эмес мамиле жасап
коюп, аны унутуп коёбуз. Бирок, бул Аллахтын алдында
унутулбайт. Көңүлүн оорутуп койгон адамдарыбыздан кечи-
рим сурап, өлүм келгенге чейин аларды ыраазы кылуу биз

үлгү
үчүн зарыл. Анткени, жасаган амалдарыбыздын акыбетин
өлгөндөн кийин көрөбүз. Амалдардын кабыл болуу ачкычы
Аллах Таалага болгон ыкластуулукта жана Пайгамбардын
(С.А.В) сүннөтүн ээрчүүдө. Ошондуктан, жакшы кулк-мүнөз
менен мүнөзүбүздү өзгөртөбүз. Амалдарыбыз кабыл болуп
Аллахтын ыраазылыгына жетүүбүз үчүн, мамилебизге жана
жүрүм-турумубузга кылдаттык менен көңүл бурабыз. Коом
менен жакшы мамиледе болуу бир туугандыкты арттырат.
Адамзат Бейиштин эң жогорку даражасында жыргап жашо-
ого татыктуу болот. Аллах Таала Кураанда айтат: «Эркек-

14
Абдушүкүр Нарматов

пи же аялбы ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага


мыкты жашоо беребиз. Ошентип, аларга кылган иштеринен
жакшыраак сыйлык беребиз». (Нахл: 97).
Бүгүнкү күндөгү адамдардын абалына көз жүгүрткөн
адам, адеп-ахлакты оңдоого, Пайгамбардын жана сахаба-
лардын адеп-ахлагына чакыруучу мезгилдин келгендигин
көрө алат.

үлгү
15
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Экинчи бөлүм.
Адептер:

1. Адамдын өзү менен болгон адеби.


2. Үй бүлөсү менен болгон адеби.
3. Достору менен болгон адеби.
4. Тазалык адеби.
5. Мечиттин адептери.
6. Аалымдар менен болгон адептер.
7. Кураан менен болгон адептер.
8. Ажылыктын адептери.
9. Базар адептери.
10. Мекеме-ишканаларда сакталуучу адептер.
11. Адамдарды урматтоо адеби.
12. Бакча жана коомдук жайларда сакталуучу адептер.
13. Конокко баруу адеби.

Адамдын өзү менен болгон адептери:
• Чачымдын тазалыгына жана тырмагымды жума сай-
ын кыскартып турууга көңүл бурамын.
• Жүзүмө көңүл бурамын.
• Кийим кийүүдө ысырап кылбаймын.
• Тилимди сактап, ойлонуп сүйлөймүн.
• Жагымдуу атыр колдономун.
• Тишимди мисвак же тиш пастасы менен тазалаймын.

үлгү
Чач жана тырмактар.
Ислам дини мусулманды жагымдуу көрүнүштө болуусуна
чакырат. Пайгамбар (С.А.В) ушуга өтө көп көңүл бурат эле.
Пайгамбар: (С.А.В) – «Кимдин чачы болсо, аны кадыр-
ласын» – деп айткан. (Абу Дауд).
Анас айтат: “Пайгамбар (С.А.В) чачын майлап тарайт
эле”. (Тирмизий).
Жаабир айтат: бир жолу Пайгамбар (С.А.В) бир киши-
нин чачы үксүйүп калганын көрүп: – “Бул адам чачыны тара-

16
Абдушүкүр Нарматов

ганга эч нерсе таппадыбы” – деп айтты.


Абу Хурайрадан риваят болгон хадисте, Пайгамбар
(С.А.В) айтты: – “Беш нерсе табияттан: сүннөткө отургузуу,
аврат жерлердеги жана колтуктагы түктөрдү тазалоо, тыр-
мактарды алуу, мурутту кыскартуу”. (Бухарий).
Ислам дини ар дайым тазалыкка чакырат. Тазалык ден-
соолукту чындоого, рухту тазалоого жана Аллахка жакындоо-
го шарт түзөт. Ошондой эле, өздүк гигиенанын жоопкерчили-
гин сезе билүү да исламдагы негизги милдет болуп эсептелет.
Бирок, кээ бир адамдар тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин
ичүү жана башка ушул сыяктуулар менен өздөрүн зыянга учу-
ратышат. Мектеп жашындагы эле кыз-балдардын тамеки тар-
тып бара жатканын көрүп жаның кейийт. Аганы көрүп ини
өсөт дегендей агаларын көргөн жаштарга мындай нерселер
кызыктуу көрүнсө керек. Алар өз жандарын өлүмгө түртүп
жатышкандарын кайдан билишсин.
Колтуктагы түктөрдү тазалабай коюу гигиеналык кор-
кунучтарга алып келет. Мындан сырткары жагымсыз жыт-
тар чыгып айланасындагыларга зыян тийгизет.
Азыркы кезде биздин татынакай эле кыздарыбыз тыр-
мактарын ороктой кылып өстүрүп алгандары аз келгенсип,
кызыл-тазылга боёп да алышат. Сырттагы адамга бул өтө
жийиркеничтүү көрүнгөнү менен аларга мода болуп жат-
пайбы. Менимче төмөндөгү далилдер аларга сабак болоор.
Тырмакты албай коюу бактериялардын көбөйүү­ сүнө

үлгү
жана тырмактын алдындагы назик теринин ичине кирип
кетүүсүнө себеп болот. Бул көптөгөн ооруларды алып ке-
лет. Анан да узун тырмактуу жаныбарларга окшогон бул
көрүнүш эч кимге жакшы таасир калтырбайт.
Ислам дини кандай сонун, ал бизди сырткы кооздугу-
бузду сактоого чакырат. Сырткы көрүнүшүбүздү жакшы сак-
тообуз ибаадат болуп да эсептелинет.

17
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Тиштер
Тиш Аллах Тааланын бизге берген белеги. Тиш ме-
нен денеге пайда берүүчү тамактар чайналат. Тишти таза-
лоо ден-соолукту сактоонун эң маанилүү каражаттарынан.
Анын оорусу өтө катуу. Ошол себептен, аны дарылоо мил-
дет. Пайгамбар (С.А.В) инсандын ден соолугун сактаганды-
гы үчүн жана башкаларды ооздон чыккан жагымсыз жыт
менен жийиркентпөө үчүн тиштерди тазалоого көп көңүл
бурган. Пайгамбар: (С.А.В)
– «Мисвак колдонгула, ал тишти тазалайт жана Аллах-
тын ыраазылыгына жеткирет. Жабраил мага мисвак колдо-
нууну өтө көп осуят кылгандыктан, мисвак мага жана менин
үммөтүмө парз болуп калат го деп ойлоп калдым” – деп айт-
кан. (Ибну Маажа).
Абу Айюб Ал-ансарий риваят кылган хадисте, Пайгам-
бар (С.А.В) айткан:
– «Эки периште үчүн, намаз окуп жаткан кишинин ти-
шинин арасындагы тамактын калдыгын көрүүдөн өткөн жа-
гымсыз нерсе жок”.
Мисвак тишти сактайт, тиштин бүйлөсүн бекемдейт
жана шилекей бездерин жакшы иштетет. Тиштин таза жана
жакшы жыттануусу үчүн тиш пастасын, тиш щеткасын
колдонууга да болот. Булардын баары адамдын чың ден-
соолукта, жакшы жашоо сүрүүсүүнө шарт түзөт.
Пайгамбарыбыз (С.А.В) сарымсак же пияз жеген адам-

үлгү
дын мечитке келүүсүснө эмне үчүн тыюу салганын эми
түшүндүңбү?

Кийимдер.
Кийим уяттуу жерлерди жабат, намаз үчүн адамды ко-
оздойт.
Аллах Таала: “Эй, адам балдары! Ибаадатка эң мыкты
кийиминерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкор-
лук кылбагыла! Анткени, Аллах ысырапкорлорду жакшы
көрбөйт” – деп айткан. (Аараф:31). Ошондой эле: “Эй, адам

18
Абдушүкүр Нарматов

балдары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жа-


буу үчүн кийим түшүрдүк. Бирок, такыбалыктын кийими
-эң жакшы (кийим). Бул – Аллахтын белгилеринен. Балким
түшүнөөрсүңөр” – деген. (Аараф: 26).
Инсан өзү жашап жаткан чөйрөсүнө көрүнүшү, тазалы-
гы жагынан ылайыктуу кийинүүсү керек.
Абдулла ибну Масуьд риваят кылган хадисте, Пайгам-
бар: (С.А.В)
– «Кимдин жүрөгүндө кыпынчалык текеберлик болсо
бейишке кирбейт» – деп айтты. Ошондо бир адам:
– «Эгерде кооз кийимдерди кийүүнү кааласак, бул дагы
текеберлик болобу” – деп сурады.
– “Аллах Таала сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт. Ал
эми, текеберлик ал акыйкатты кабыл кылбоо жана адамдар-
ды кемсинтүү» – деп жооп берди Аллахтын элчиси (С.А.В).
(Муслим).
Инсан кандай жумуш менен алектенбесин, жумушун да
өз убагында аткарып, сырткы көрүнөшүнө да көңүл буруп
жүрүүсү керек. Бул ысырапкордук же текеберлик эмес.

Жыттуу атырлар

Пайгамбарыбыз (С.А.В) жыттуу атыр себинип, адамдар-


ды да атыр себинүүгө кызыктырат эле. Ар бир инсан өзү жа-
шаган чөйрөсүнө жараша атырдын түрүн тандайт. Сүйүктүү

үлгү
Пайгамбарыбызга (С.А.В) атыр белек кылышса, аны кайтар-
чу эмес. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбары-
быз (С.А.В) айткан: – «Кимге райхан сунушталса, аны кай-
тарбасын. Себеби ал сонун жыттуу суюктук”.
Ибн Кыйам айтат: «Жыпар жыттардан рух азыктанып
кубаттанат. Ал эми, кубаттуулук жыпар жыт менен күчөйөт”.
Атыр себинүү мээге, жүрөккө, жада калса ички орган-
дарга да таасирин тийгизет. Жүрөгү жана нафси кубанып,
руху жыргайт. Дүйнөдөгү адамдардын эң жыпар жыттуусу
сүйүктүү Пайгамбарыбыз (С.А.В) эле.

19
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Шамдагайлык жана жылмайуу.


Абу Зарр риват кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айт-
ты: – “Бир тууганыңды жылмайып тосуп алууну «же­ңил нер-
се» – деп кош көңүлдүк кылба!” ( Муслим).
Аллах ыраазычылыгы үчүн жүрөктөн чыккан чыныгы
жылмаю кандай сонун! Жылмаюу, кыйынчылыктарга дуу-
шар болгон адамга колдоо көрсөтүп, сабыр кылуусуна дем
берет. Башкалардын кыйынчылыгын бөлүшүп, жүрөктөрүн
сүйүүгө толтурат. Жылмаюу, ички дүйнөсүндөгү сезимдерди
ойготуп, толкундануу жана кубануу чагылгандай жаркырап
жүзүнө чыгат. Жада калса рухтар жана жүрөктөр эс алат. Абу
Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Чындыгында силер адамдарга мал дүйнөңөр менен
эмес, жылмаюу жана жакшы кулк-мүнөз менен гана жардам
бере аласыңар” – деп айткан. (Тирмизий).
Сага бир тууганың дайыма жылмайып караганын
эстейсиңби? Аны жакшы дубанда унутпа.

Тил
Аллах Таала инсанды кадырлап тил нээматын берди. Ал-
лах Таала Кураанда: “Анан да тили менен эки эриндеринчи?
Аны эки жолго багыт алдырдык” – деп, тилди немат кылып
бергендиги жөнүндө айткан. (Балад: 9-10). Ошондой эле:
“Мээримдүү (Аллах) Ага сүй­лөөнү үйрөткөн” – деген да аят-
тар бар. (Аррохман: 1-4).

үлгү
Тил Улуу Аллахтын пендесине берген жакшылыгы. Аны
адамдар өз эркин билдирүүчү, түшүндүрүүчү булак катары
пайдаланышат. Тилдин баркыны сүйлөй албаган дудуктар
гана билишет.
Тил, жакшылыкты же жамандыкты айтып билди­рүүчү
мүчө. Ошол себептен Аллахка эсеп берүүнү же азапты ой-
лобой, тилди бош коюп, каалаганын сүйлөй бербөө керек-
тигин эскертип, Аллах Таала: “Эмне сөз сүйлөсө да, анын
алдында көзөмөлдөгөн (периште) даяр турат” – деп айткан.
(Коф: 18). Ошондой эле: “Ар бир чоң жана майда иштер (жа-

20
Абдушүкүр Нарматов

зылган)” – деп да эскерткен. (Комар: 53).


– Бир сөздү айтуу менен Исламга киребиз, бир сөздү ай-
туу менен Исламдан чыгабыз.
– Бейишке кирүү өлүмдөн мурда айтылчу шахаадат кел-
месине байланыштуу эмеспи?
– Эки жашты бакытка бөлөөчү нике да тил менен болот
эмеспи?
– Үй-бүлөнү бузуучу талак да тил менен болбойбу?
– Жакшы сөздөрдү сүйлөөгө кызыктырган жана уятсыз
сөздөрдөн сактанууну эскерткен да тил эмеспи.
– Адамдардын соода-сатыктагы мамилелери тил менен
болбойбу?
– Далил жана күнөөдөн баш тартуу тил менен эмеспи?
– Баардык мүчөлөдүн күн сайын тилге кайрылышаарын
уккан эмес белең? Алар эртең менен тилге кайрылып: “ Биз
үчүн Аллахтан корк. Эгер сен туура жолго барсаң биз да ту-
ура жолго барабыз, эгер сен туура эмес сүйлөсөң, анда биз
азап тартабыз” – деп суранышат го.
Жакшы жагымдуу сөзгө элдер тартылат. Жаман жагым-
сыз сөздөрдөн элдер качышат. Тилдин заарын айбандардын
да билгени (сезгени) таң калыштуу. Жакшы жана жаман
сөздүн натыйжасын салыштыр. Жалаа жана чагымчылык
кылуу тил менен эмеспи? Жана ал экөөнү Аллах Таала арам
кылган эмес беле? Күндүзү орозо тутуп, түнкүсүн намаз окуп
бирок, тили менен кошунасына тынчтык бербегендиги үчүн

үлгү
тозокко кирген аял жөнүндө билбейсиңби?
“Аллах жакшы сөздү бекем тамырдуу, бутагы көктү ти-
реп өскөн мыкты даракка салыштырып мисал кылганын
көрдүңбү” – деген аятты уккан белең.
Пайгамбардын (С.А.В) хадистерине кунт коюп окуп
көрчү. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар:
(С.А.В)
– « Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе жакшы сөз
сүйлөсүн же унчукпасын» – деп айткан. (Бухарий).
Бир жолу Абу Муса Пайгамбарга (С.А.В) кайрылып:

21
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

– «Оо, Аллахтын элчиси! Кандай мусулман жакшыра-


ак»? – деп сурады. Пайгамбар: (С.А.В)
– «Башка мусулмандар анын тилинен жана колунан
зыян тартпаган адам» – деп жооп берди. (Бухарий).
Ибн Умар риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Аллахты эскерүүсүз сөздү көбөйтпөгүлө. Чындыгын-
да Аллахты эскербей көп сүйлөө жүрөктү карартат. Эгер
адамдар Аллахтан алыстаса жүрөгү таш боор болуп калат»
– деген. (Тирмизий).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Кимде-ким, эки жаагынын жана эки бутунун орто-
сундагы мүчөлөрүн Аллах ыраазылыгы үчүн күнөөдөн сак-
таса, ал бейишке кирет» – деген. (Тирмизий).
Ошондой эле Пайгамбарыбыз (С.А.В) айткан:
– «Эгерде пенде Аллахты ыраазы кылуучу сөздөрдү
сүйлөсө, Аллах анын даражасын көтөрүп, балээден сактайт.
Эгерде Аллахты каарданткан сөздөрдү сүйлөсө, анда балээге
кабылып, тозокко түшүрүлөт». (Бухарий).
Мусулман пенде, эч кимге каргыш айтпайт жана до-
омат кылбайт. Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгам-
бар: (С.А.В)
– «Аллага ыйман келтирген адам каралоочу болбойт,
каргыш айтпайт, адепсиздик жана уятсыздык кылбайт» – де-
ген. (Тирмизий).
Абу Дарда риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)

үлгү
– “Ким башка бирөөнү каргаса, ошол каргышы асман-
га көтөрүлөт, ага асман эшиктери жабылат да кайра жерге
түшөт. Жердин да эшиктери жабылат. Оңго карайт, солго
карайт жана наалат кылынган кишиге барат. Эгер ал ошого
татыктуу эмес болсо, айткан кишинин өзүнө кайтат» – де-
ген. (Абу Дауд).
Мусулман пенде жалган сүйлөбөйт, керексиз талашып-
тартышпайт.
Абу Умама Аль-Баахилий риваят кылган хадисте, Пай-
гамбар: (С.А.В)

22
Абдушүкүр Нарматов

– “Сөзү акыйкат болсо да талашып-тартышууну таш-


таган адамга бейиштин четинен үй курулат. Тамаша болсо
дагы жалган сүйлөбөгөн адамга бейиштин ортосунан үй ку-
рулат. Ал эми, жакшы кулк-мүнөз ээсине бейиштин төрүңөн
үй курулат» – деп айткан. (Абу Дауд).
Биз дагы мусулманбыз. Аллахтын китеби жана Пай-
гамбардын (С.А.В) сүннөтү сыяктуу байлыктар бизге да
тиешелүү. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, кыйбат-ушак, талаш-
тартыш, каргыш жана тилдөө, жалган айтуу жана уятсыз
сөздөрдү сүйлөөдөн өзүбүздү тыя албай келебиз.
Адамдардын бүгүнкү абалына көз жүгүртсөк каргыш
сөзүнүн көп жайылганына таң калабыз. Каргыш айтуучу
адам каргышы менен өзүнүн мүмкүнчүлүгүн чечип алам деп
ойлойт. Ошондой эле башкаларды күлдүрүү үчүн жалган та-
машаларды ойлоп чыгаргандар да бар.
Бахз Ибну Хакимдин чоң атасы риваят кылган хадисте,
Пайгамбар (С.А.В) айткан:
– “Адамдарды күлдүрүү үчүн жалган айткан адамга то-
зок болсун”!
Кээ бир адамдар үйүндө, чогулуштарда, ишин-
де бирөөлөрдү жамандап же мактап бекер олтурушат.
Сүйлөшүүдө Аллах Тааланы эстөө, Кураан окуу, Пайгамбар-
дын (С.А.В) сүннөттөрүн үйрөнүү, жакшы адамдардын өмүр
баянын окуу болсо гана дүйнөдө жана акыретте пайда бе-
рет. Ошондуктан пайдасыз ашыкча сөздөрдөн алыс болуп,

үлгү
пайдалуу иштер менен алек болуу керек. Пайгамбарыбыз
(С.А.В) унчукпаса ойлонуп, сүйлөсө зикир кылчу.

23
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Өзүңдү текшер:

Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө Кээде Өтө аз

1. Жылмайып жүрүүгө аракет


кыламын
2. Тиштеримди жууймун же
мисвак колдоном
3. Кийимдин тазалыгына көнүл
бурамын
4. Тырмактарымды жума күнү
кыскартамын
5. Жыттуу атыр колдономун
6. Чачымдын тазалыгына кө­нүл
бурамын
7. Сүйлөөрдөн мурда сөзүмдү
тандаймын
8. Ушактан алыс болом
9. Убактымды Аллахты эстөө
менен өткөрөмүн

Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.


Өтө аз 1 даража.
Эң жогорку даража 36. (4×9=36). Кимдин даражасы
18ден аз болсо, анда өзүн тарбияласын.

үлгү
Yй-бүлөдөгү адептер.
→ Балдарымдын тарбиясына көңүл бурамын
→ Ата-энеме жакшы мамиле кылам жана байланышта
үйүмдө болом.
→ Аялыма жакшы мамиле жасап, акысын берем.
→ Күйөөмдү сыйлаймын жана ага жардам берем.

Балдар

24
Абдушүкүр Нарматов

Кээ бир адамдар, балдарын тойгозуп жана кийиндирип


коюуну негизги милдетим деп түшүнүшөт. Ооба, мындай
ишти аткаруу абдан зарыл. Бирок, андан да маанилүү, андан
да зарыл иш, балдарга жакшы тарбия берүү. Дене муктажды-
гын тамак менен тойгозууга болот. Ал эми жан-дүйнө ачка-
лыгын жакшы тарбия менен гана тойгозо алабыз. Көптөгөн
ата-энелер балдарынын балээ болгонун айтып арызданы-
шат. Кээ бирөөлөрү карыялар үйүндө жатышат. Балдарынан
орой сөз угуу ары турсун, алардан таяк жеп калгандар да жок
эмес. Эмне үчүн? Мунун баарына ким күнөөлүү? Албетте, өз
убагында аларга туура тарбия бере албай калган ата-эне өзү
күнөөлүү. Ошондуктан, эртедир-кечтир кайгы кесесинен
суу ичип калбоо үчүн, балдарды Аллахтын дининде, пайгам-
бардын сүннөтү менен тарбия кылуу керек. Кураанда Аллах
Таала айткан: “Оо, ыймандуу пенделер. Отуну адамдар жана
таштардан болгон тозок отунан өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү
сактагыла...” (Тахрим: 6). Ибну Умар риваят кылган хадисте,
Пайгамбарыбыз: (С.А.В)
– “Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганы­ңарга
жооп бересиңер. Имам кайтаруучу жана кайтарганына
жооп берет. Эркек үй-бүлөсүнө кайтаруучу жана кайтарга-
нына жооп берет. Аял үй иштерине кайтаруучу жана кай-
тарганына жооп берет. Баарыңар кайтаруучусуңар жана
кайтарганыңарга жооп бересиңер” – деп айткан. (Бухарий,
Муслим).

үлгү
Балдарды тарбиялоодо эмнеден адашабыз?
Эгерде баланы көп урса:
– Баланы көп уруу аны акылсыз, келесоо кылат.
– Адамгерчиликсиз болуп чоңоёт.
– Ата-энени жек көрүп калат.
Ибну Халдун өзүнүн сөзүндө мындай дейт:
– «Ким зордук зомбулукта тарбияланса, жалкоо, жал-
ганчы жана адепсиз болуп калат».
Эгерде бала тарбиялоодо уруу зарыл болсо, ал ыкма-

25
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

нын акыркысы гана болсун. Биз баланы жакшы көрүүгө,


мээримдүүлүк көрсөтүүгө, белек берүүгө, көңүлүн көтөрүүгө,
жакшы көргөн нерселерин алып берүүгө, күчү жеткен жеңил
иштерге жумшоого жана ошол эле мезгилде уруудан башка ык-
маларды колдонууга милдеттүүбүз.Ошондой эле, ар бир бала-
нын өзүнүн журум-турумуна жараша мамиле кылуу керек. Эгер
баланы уруу керек болсо анын жүзүнө, сезимтал жерлерине
уруудан жана жанын оорута тургандай уруудан алыс болуу ке-
рек. Пайгамбарыбызда (С.А.В) кандай сонун үлгүлөр бар. Анас,
Пайгамбардын колунда он жыл кызмат кылды, пайгамбар аны
бир жолу да урушпады жана урган жок.
Баланын каалаган нерсесин , каалаган убакта ата эне-
синин көзөмөлүсүз жасоосу ашыкча эркелик. Анын кылган
иши, журум-туруму туура эмес болсо да, ата энесинин ба-
ласын кичинекей бала деп ошол ишин улантууга колдоо
көрсөтүүсү туура эмес. Ошол эле мезгилде, ата-эне өз жүрүм-
турумуна көңүл буруусу зарыл. Анткени уяда эмнени көрсө,
учканда ошону алат деген накыл бар эмеспи.

Булардын аягы жаман жолго алып барат:


• Бирөөнүн буюмдарын уруксатсыз алуу.
• Өзүнөн жашы улуу адамдар менен адепсиз сүйлөшүү.
• Башкаларды уруу.
• Керектүү буюмдарды бузуу.
• Сыналгыдан пайдасыз берүүлөрдү көрүүдө өз эркине коюу.

үлгү
• Бардык каалоосун аткара берүү.
Кээ бир ата энелер тыюу салууну, кысымга алууну,
сараңдыкты жакшы ыкма деп ойлоо менен балдарынын
бирөөнүн колун карап калуусуна жол ачышат. Алар баласы
муктаж болгон нерселерди алып беришпейт. Балдары болсо
айлана-чөйрөсүнө карап ошолордой болууну каалашат да, ар-
гасыз уурулукка же башка бир ушундай жаман иштерге бара
башташат.

Ар бир баланын келечеги үчүн Аллах Тааладан корколу.

26
Абдушүкүр Нарматов

Пайгамбардын (С.А.В) сүннөтүнө ээрчийли. Жакшы тарбия


кылуучулардан кеңеш сурайлы.

Аталар
Биз өз милдеттерин жакшы түшүнгөн, аялынын жана
балдарынын кадыр-баркын жакшы билген көптөгөн аталар
жана күйөөлөр бар экенин көрүп-билип жүрөбүз. Бирок, кээ
бирөөлөрдүн аялдарын үн чыгартпастан каардуулук менен
башкарууну туура деп эсептешкени бизди аябай кайгыртат.
Алардын оюу боюнча, аял кандай абал, кандай себеп, кай-
сы убакта болбосун күйөөсүнүн талабын тезинен аткаруусу
керек. Башкаруу деген сөздүн маанисин туура түшүнүүчү эр
жүрөктөрдүн кулагына шыбырап, аялдары жана балдары
менен Пайгамбардын (С.А.В) өмүр баянына кайрылып, ал
жөнүндө ой жүгүртүүсүн сунуш кылабыз.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айткан:
– «Силердин ыйманыңардын толугураагы кулк-мүнөзү
жакшыңар. Ал эми, эң жакшыңар аялдарына жакшы мамиле
кылганыңар». (Тирмизий).
Аял күйөөсүнүн жашоодогу шериги, кыйынчылыктагы
таянычы. Анын да өзүнө жараша сезимдери, каалоолору,
муктаждыктары бар. Ошондой эле анын иштерине күйөөсү
да жооптуу болот. Анан кантип ортолорундагы урмат-сыйды
унутушат. Урматтуу күйөө болгон бир тууганым! Өзүңдүн

үлгү
кулк-мүнөзүңө, андан кийин сүйүктүү Пайгамбардын
(С.А.В) кулк-мүнөзүнө карап көрчү.
Аиша энебиз айтат:
– “Аллахтын элчиси эч качан кызматчысына да аялына
да кол көтөргөн эмес. Аллах жолунда согушка чыкканда гана
душманга кол көтөргөн. Эки ишти бири-биринен артык
көргөн эмес. Бирок, жеңил жана оор иш болсо эгер күнөө иш
болбосо жеңилин тандаган. Эгерде ал иште күнөө бар болсо
андан өтө алыс болгон. Өзү үчүн эч качан өч алган эмес. Би-
рок, Аллахтын мыйзамдарын бузуучудан Аллах ыраазылыгы

27
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

үчүн өч алган». (Имам Ахмад).


Сүйүктүү бир тууганым! Сүйүү ордуна жек көрүүнү ор-
нотуп албооң үчүн, балдарыңа жана аялыңа кубаныч тарту-
улоону унутпа.
Аиша энебиз айтат:
– “Аллахтын элчиси сахабалары менен отурган. Мен ага
тамак жасасам, Хафса да тамак жасаптыр. Хафса менден би-
ринчи жасап, Пайгамбарга алып барып берди. Мен кызмат-
чы аялга: – барып, Хафсанын тамагын көңтөрүп сал!– дедим.
Тамакты Пайгамбарыбыздын астына узатканда, кызматчы
аял табакты көңтөрүп жиберди. Тамак жерге төгүлүп, жай-
ылып кетти. Пайгамбарыбыз жерде жаткан тамакты чогул-
туп, тазалап жеди. Анан мен тамагымды бердим. Пайгамба-
рыбыз аны Хафсага берип: “сынган идиштин ордуна муну
алгыла да, ичиндегисин жегиле” – деп айтты.

Үйдү тартиптөө.
Кээ бир аталар үйлөрүн унутуп коюшуп, башка иш-
терге көп алагды болушат. Ар бир буюм өз ордунда тур-
ган, таза жана тартиптелген үйдү көрүү кандай жакшы.
Үйдүн кооздугун толуктоо үчүн аракет кылуу керек. Кээ бир
үйлөргө кирсең ашкана буюмдары уктоо бөлмөсүндө, уктоо
бөлмөсүндө керектелүүчү буюмдар, конок үйүндө жатат.
Бут кийим, окуу китептери жана башка буюмдар кичине-
кей балдарга оюнчук болуп керебеттин үстүндө жатканын

үлгү
көрөсүң. Бул көрүнүштөр, балдардын эртеден кечке урушуп,
талашып-тартышуусунан жана эненин чарчоосунан кийин
пайда болгон. Биз үйдү жыйноодо жана тартиптөөдө, бак-
тылуулук жана кубанычтын бар экенин унуттук. Балдардын
тартиптүү болуп чоңоюусу үчүн, атасы аларга сыйлык берип,
үй жыйноодо апасына жардам берүүгө көндүрүүсү зарыл.
Атанын бул жерде өтө чоң орду бар, анткени ал балдарына
үлгү. Атанын үй жыйноосу жана тартипке келтирүүсү айып
эмес. Эң жакшы инсан жана акыйкатты жакшы көрүүчү
Аллахтын сүйүктүүсү Пайгамбарыбыз (С.А.В) үй-бүлөсүнө

28
Абдушүкүр Нарматов

кызмат кылган, бут кийимин өзү жамаган, төөнү да өзү


саап келчү. Инсандын кадыр-баркы үй буюмдарын тазалоо
менен кемибейт. Бардык жүктү аялга таштап коюу бул чоң
жаңылыштык.
Эркектин үй иштерине аралашуусу балдарынын жакшы
тарбиялануусуна чоң таасир тийгизет.

Ой жүгүртүп көрчү:
• Балдарың менен акыркы жолу качан ойногонуңду
качан тамашалашканыңды жана кубандырганыңды эстей
аласыңбы?
• Балдардын түйшүктөрү, сабактары, жөндөм­дүүлүгү
жөнүндө акыркы жолу качан сурадың?
• Балдарың менен тамактануунун адеби жөнүндө олту-
руп сүйлөштүң беле?
• Үйдө нафил намаздарын окуйсуңбу?
• Сен үйүңө келгенде аялың, балдарың сени кубанып
тосуп алышабы?
• Акыркы жолу качан аялыңа белек бергениңди эстей
аласыңбы?
• Аялың менен акыркы жолу качан кеңешип, сүйлөшүп
олтурдуң эле?
• Аялың менен болгон маселелерди балдарыңа угузбай
чечүүгө аракет кыласыңбы?
• Аялыңдын укугун өзүңдүн укугуңдай ойлой­суңбу?

үлгү
• Үйдү жыйноодо, тазалоодо аялыңа жардам берүүнү
ойлондуң беле?
• Эгер үйгө ачка келсең, даяр тамак таппасаң
ачууланбайсыңбы?
• Эгер дүйнөлөк бир иште сени менен аялыңдын орто-
сунда келишпестик күчөп кетсе, эмне кыласың?
• Дин илиминде аялың билбеген нерселерди үйрөтүүгө
умтуласыңбы?
• Аялың үй жумуштарын берилип жасаганы үчүн ага
сөз же иш-аракет менен ыраазычылык айтасыңбы?

29
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Энелер
Эмки сөз аялдар жөнүндө болсун. Жогоруда күйөөгө, үй
жумуштарын жана балдарды тарбиялоону жалгыз гана аял-
га таштап койбоосу керектигин айттык. Тескерисинче, аялга
жардам берүүгө чакырдык. Аялдын убактысы канча тар бол-
босун жана балдары канча көп болбосун, ал үйдү тартипке
келтирип турса гана үйдө тазалык болот. Күйөөсү жумуштан
келгенде, жагымсыз (пияз, сарымсак, май ж.б.у.с.) жыттанып
же тамак жасаган кийими менен тосуп алуусу туура эмес.
Ал күйөөсүнүн кайсы убакта жумушунан кайтарын билет.
Ошондуктан, жарашыктуу кийинип, жакшы тосуп алууга
аракеттенүүсү зарыл. Аялдын ашкана үчүн атайын кийими
болуусу керек. Ашканага киргенде ошол кийимин кийип, ал
эми башка учурда башка кийимин кийгени жагымдуу болот.
Терезе-текчелердеги, эшиктин туткаларындагы,
үстөлдөрдөгү, жада калса ашканадагы идиш-аяктарда көзгө
көрүнүп турган чаңдар кандай жаман көрүнүш. Ал үйдө аял
жокпу деп ойлоп кетесиң.
Үйгө кирген кезде дубалдагы, устундардагы, олтур-
гучтардын аркасында жана башка көптөгөн жерлерде
жөргөмүштүн желеси самсаалап турган үйлөр да жок эмес.

үлгү
Шыпка дагы бир жолу карасаң, желе баскан шамалдаткыч-
ты көрөсүң. Бир күнү килемден жагымсыз жыт чыгып жат-
канын сезесиң. Бул үйдүн аялына кандай баа беребиз?
Талабы көп, дайыма нараазы, тили заар, кабагы ачыл-
баган, күйөөсү үчүн кооздонбогон, балдарынын тарбиясына
көңүл бурбаган, убактысынын көбүн телефондо сүйлөшүү ме-
нен жана сыналгы көрүү менен өткөргөн аялга кандай баа бе-
ребиз?
Күйөөсүн уйкудан ойгонгон кезде жылмайып тосуп ал-

30
Абдушүкүр Нарматов

ган, кулагына жагымдуу сөздөрдү сүйлөгөн, жарашыктуу


кийинген, тамак берип узаткан, үйүнө жана балдарына жак-
шы көңүл бурган аял кандай жакшы аял. Анын сыйлыгын
Аллах Таала гана берет.
Ата-эне менен болгон адеп
Ата-энеге жакшылык кылууда бар күчүбүздү жумшасак
да, ал экөөнүн акысын актай албайбыз. Биз аларга жакшы-
лык кылуу менен өзүбүзгө пайда алабыз. Балдарыбыздын
бизге болгон жакшылыктарына жана Аллахтын ыраазылы-
гына жетебиз.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айткан:
– «Бала, өз атасынын кул экенин көрсө, акысын төлөп
сатып алып азаттыка чыгарат». (Муслим)
Ошону менен бирге эле ата-энесинин кадырына жет-
пеген адамдарды да көрөбүз. Кудум эле өзүн атадай, ал эми
ата-энесин баладай кылып үнүн жогору көтөрүп орой мами-
ле кылгандардарды учуратабыз. Биз, Аллах Тааланын Куран-
дагы эскертмесин унутуп койдукпу? Аллах Таала:
«Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буй-
рудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт.
Аны эмизүү мөөнөтү эки жыл. Биз буйруганбыз: «Мага жана
ата-энеңе шүгүр кыл. Кайтуу Мага гана» – деп эскерткен
эмес беле. (Лукман: 14).

үлгү
Кээ бир балдар, ата-энеси менен маектешип олтуруу,
Аллах жолунда согушка чыккандан да артыгыраак экенин
билишпейт. Амир бин Ааьс риваят кылган хадисте, мынтип
айтылган:
– «Бир күнү Пайгамбарыбызга бир киши келип:
– «Аллахтын жакшылыгын үмүт кылып, сиз менен согушка
чыгууга келишим түзгөнү келдим» – деди. Пайгамбар: (С.А.В)
– «Ата-энең тирүүбү?» – деп сурады. Ал:
– «Ооба, экөө тең тирүү» – деп жооп берди. Пайгамбар:
(С.А.В)
– «Аллахтын жакшылыгын каалайсыңбы?» – деп сурады

31
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

кайрадан.
– «Ооба» – деди тиги.
– «Баргын да ал экөөнө жакшы мамиле кыл» – деди Пай-
гамбарыбыз (С.А.В) ага карап. (Бухарий, Муслим).
Бир жолу Абдулла Ибну Масуьд Пайгамбарга (С.А.В)
кайрылып:
– «Аллага жаккан эң жакшы амалдар кайсылар?» – деп
сурады. Пайгамбар: (С.А.В)
– «Өз убагында окулган намаз» – деди.
– “Андан кийин кайсы” – деп сурады.
– «Ата-энеге жакшылык кылуу» – деди.
– “Андан кийинчи” – деп сурады.
– «Аллах жолунда согушка чыгуу» – деп жооп берди Пай-
гамбарыбыз. (С.А.В) ( Бухарий, Муслим).
Амир бин Ааьс риваят кылган хадисте, Пайгамбар
(С.А.В) айткан:
“Аллахка шерик кошуу, ата-энеге жаман мамиле кылуу
жана адам өлтүрүү чоң күнөөлөрдөн”. (Муслим).
Урматтуу жаштар! Силер ата-энеңерге иш-араке­тиңер
же сөзүңөр менен жамандык кылсаңар, аларды жаман
көзүңөр менен карасаңар, аларга аяр мамиле жасабасаңар
анын кайрымжысын жакында эле өз балдарыңардан кайта-
рып аласыңар. Же алардан ата-энеңерди сыйлагандай сый
көрөсүңөр. Ошондуктан силерге ажал келе электен мурда
тооба кылууга шашылгыла. Берешен, Кечиримдүү Аллах

үлгү
күнөөңөрдү кечирет. Ата-эненин көзү тирүүсүндө урматтап-
сыйлап, алардын батасын, ыраазылыгын алууга шашылгы-
ла! Анткени, ким ата-энесинин ыраазылыгына жетсе, ал
бактылуу адам. Себеби, ата-энеси ыраазы болгон адамдан
Аллах да ыраазы болот.

32
Абдушүкүр Нарматов

Өзүңдү текшер:
Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө К э э - Өтө аз
де
Акчамды өз үй-бүлөмө сар-
птаймын.
Балдарымдын келечегине кам
көрөмүн.
Өз үй-бүлөөмө жоопкерчилик
менен караймын.
Үйгө салам айтып киремин.
Балдарыма Кураан окууну
үйрөтөмүн.
Балдарыма намаз окууну
үйрөтөмүн.
Yй-бүлөмдүн ибаадаттарын
көзөмөлдөймүн.
Аялымдын жана балдардын
ден-соолугуна көңүл бурамын.
Үй жумуштарында аялыма
жардам беремин.
Маселе чечүүдө аялым менен
кеңешемин.

Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.


Өтө аз 1 даража.

үлгү
Эң жогорку даража 40. (4×10=40). Кимдин даражасы
20дан аз болсо, анда өзүн тарбияласын.

33
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Достор менен болгон адептер.


→ Менден мамилесин үзгөндөр менен мамиле кыла
берем.
→ Аманаттарды өз убагында ээсине кайтарып берем.
→ Берген убаданы аткарам.
Досторум → Досума жардам берем, анын абийирин төкпөймүн.
→ Кемчиликтерди кечире билем, ар дайым жоомарт-
менен
тык кылам.
→ Тааныган, тааныбаган адамдарга салам айтамын.
→ Башкаларга насаат айтам жана мага айтылган наса-
атты кабыл кылам.

Убадага бек болгун.


Мусулмандын негизги милдеттеринин бири, берген уба-
дасын так аткаруу болуп эсептелет. Убадага бек болуу, өзүн-
өзү урматтап-сыйлоонун жана сүйүктүү элчинин сүннөтүнө
амал кылуунун белгиси. Аллах Таала: «Убадаңарды аткар-
гыла. Акыйкатта убадаңарды аткарганыңар тууралуу жооп
бересиңер» – деп айткан. (Исра: 34). Ошондой эле: «…Ким
өз убадасын аткарса, Аллахтан корксо… Чындыгында, Ал-
лах такыбаларды сүйөт” – деген. (Алу Имран: 67).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Мунафыктын белгиси үчөө. Сүйлөсө жалган сүйлөйт,
убада берсе аткарбайт, эгер аманат берилсе ага кыянат кы-

үлгү
лат» – деп айткан. (Муслим).
Абу Хусна риваят кылган хадисинде мындай дейт: «Пай-
гамбар (С.А.В) пайгамбар боло электе аны менен жолугушу-
уга убадалашып, анан убадамды yнyтyп коюпмун. Үч күндөн
кийин убадалашкан жерден өтүп баратып, Пайгамбардын
(С.А.В) мени күтүп отурганын көрдүм. Ал мага карап:
– «Оо, жаш жигит! Мени кыйнадың го, сени үч күндөн
бери күтүп олтурам» – деди. (Абу Дауд).
Эй, бир тyyганым! Убаданы аткаруу – жакшы
адептүүлүктүн белгиси. Бул кандай жакшы сыпат. Бирок,
Аллахтын сөзүн унутуп, бул сыпатка ээ болбогон адамдар да

34
Абдушүкүр Нарматов

кездешет. Аллахтын жек көрүүсүнө жана азабына ким чы-


дай алат? Ушундай эскертүүлөрдөн кийин да “саат жетиде
келем” деп убада берип, анан эч нерсе болбогондой саат се-
гизде келген адамдар бар. Ал байкуш канчалык зыян тартып
жатканын кайдан билсин.
Убаданы аткарбоо көп көйгөйлөргө себеп болот. Карыз-
ды өз убагында кайтарбай, убадалашкан келишимди бузуп
коюу менен ортодо келишпестиктер пайда болот. Жумуш-
тан кайткан кезде баласына жакшы көргөн нерсесин алып
келем деп убада берип, убадасын аткарбаган адам жөнүндө
оюң кандай?
Бирөө досуна айтат имиш: Саат жетиде мени күтүп тур,
эгер саат сегизде келбесем саат ондо кете бер.

Кесиптештер менен жакшы мамиледе бол.


Кээ бирөө бузулган буюмун оңдотуу үчүн уста досуна
алып барат. Оңдоп бергендиги үчүн акы төлөөгө келген-
де кечиктирет. Ушунун айынан эки достун мамилеси бу-
зулат. Ошондуктан досторубузга айтарыбыз, эң биринчи
досуң менен баасын келишип ал. Эгер келишим жакпай
калса, экөөңөрдүн мамилеңер бузулуп калбоосу үчүн башка
бирөөгө алып бар. Себеби, бул анын акысын кечиктирүүдөн
жакшыраак. “Эсептүү дос айрылбайт” – деп бекеринен ай-
тылган эмес.

үлгү
Насаат угууну жана айтууну унутпа!
Аллах ыраазылыгы үчүн берилген насыйкат эң жакшы
иш. Динибиз ага кызыктырат жана ал туралуу Кураанда
ачык далилдер бар. Аллах Таала, пайгамбардын тили менен
айтат: «Мен силерге Раббимден (келген) кабарларды жетки-
ремин. Мен силер үчүн ишеничтүү насаатчымын». (Аароф:
68).
Тамим ибну Аус Аддар риваят кылган хадисте, Пайгам-
бар: (С.А.В)
– “Дин бул насыйкат» – деп айтты. Сахабалар:

35
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

– “Ким үчүн” – деп сурашты. Пайгамбар: (С.А.В)


– «Аллах, Анын элчиси жана жалпы үммөт үчүн» – деп
жооп берди. (Муслим).
Насаат угуучу адамга жалгыз калган убакта мисалдар
менен насаат айтуу керек. Толук түшүндүрө албасаң да, бир
аз маалымат берип коюу зарыл. Эң негизгиси мусулман
адам насаатты кабыл алуусу керек. Себеби, өзү билбеген,
билгендерди укпаган адам жакшылыкка жетпейт.

Кечирим суроону унутпа!


Кетирген кемчилигин сезип, ал үчүн кечирим суроо
мыкты жүрүм-турумдун дагы бир бутагы болуп эсептелет.
Ар дайым кечирим суроо жана кечиримдүү болуу, бейпил
жашоого алып келет. Адам эч качан шалаакылыктан кутула
албайт. Кимдир бирөөгө сөзсүз туура эмес мамиле кыласың.
Ошол убакта андан кечирим суроону унутпа. Эгер анын
даражасы жана жашы кичүү болсо да кечирим сурай бер.
Кечирим суроодон эч нерсе кемип калбайт. Тескерисинче,
кадыр-барк көтөрүлөт, кичипейилдик артат. Төмөндөгү ха-
дис жө­нүндө ой жүгүртүп көр:
Талха Ибну Абдулла айттат: «Биз Пайгамбар (С.А.В) ме-
нен бирге бир коомдун жанынан өтүп бараттык. Алар курма
дарагынын башында жүрүшкөн.
– «Бул курмаларды эмне кылып жатасыңар?» – деп сура-

үлгү
ды Пайгамбар (С.А.В). Алар айтышты:
– “Биз чаңдаштырып жатабыз”. Пайгамбар: (С.А.В)
– «Бул жасаганыңардын пайдасы жок деп ойлоймун» –
деди. Алар бул сөздү yккан соң чаңдаштырууну таштап са-
лышты. Пайгамбар (С.А.В) алар туралуу укканда мындай
деди:
– «Эгер ошол нерсе силерге пайда берсе жасагыла. Мен
бир нерсе жөнүндө айтсам мени кечиргиле. Аллахтан келген
нерсени айтсам кабыл кылгыла. Анткени, мен Аллах тарабы-

36
Абдушүкүр Нарматов

нан жалган айтпаймын». (Муслим).


Сүйүктүү бир тyyганым! Жаратылгандардын эң ар-
дактуусу Пайгамбар (С.А.В) дүйнө иштериндеги ойлору
жөнүндө да кечирим сурайт эле. Ал эми, сен текебер болбо!
Бир тyyганыңа туура эмес мамиле кылганың себептүү, жак-
шы амалдарың кайтарылып, кабыл кылынбай калса ыраазы
болор белең?
Кулк-мүнөзүбүздү жакшыртууга шашылалы. Жүрөк­
төрүбүздү сүйүүгө, ынтымакка толтуруп, жек көрүү­ дөн,
көрөалбастыктан алыс бололу. Кечирим суроону унутпайлы.
Ар дайым жакшы мамиледе бол!
Адамдар бири-бирине муктаж. Анткени, инсан коом-
чулукта бири-бири менен мамиле курууда, сүйлөшүүдө,
жашоого кам көрүүдө, шериктеш болууда, жашоону калы-
бына келтирүүдө бири-бирине жардам берүүлөрү керек.
Ислам дини адамдарды ошол мамилелерди иретке салууга,
дүйнөдө жана акыретте бактылуу болууга чакырат. Мами-
лени жакшыртуу, укуктарды сактоо, адамдардын ортосунда
пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү туралуу Кураанда көптөгөн
аяттар келген.
Укба Ибну Амр риваят кылган хадисте, Аллахтын элчи-
си: (С.А.В)

үлгү
– «Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулумдук
кылбасын. Ким мусулман бир тууганынын муктаждыгын че-
чип берсе, Аллах Таала анын муктаждыгын чечет.Ким бир
мусулмандын кайгысын кетирсе, Аллах Таала андан Кыямат
күнүнүн кайгыларын кетирет. Ал эми, ким мусулмандын ай-
ыбын жашырса, Аллах Таала Кыямат күнү анын айыбын жа-
шырат» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).
Убаданы аткарбоо жана жалган айтуу мусулмандын
жүрүм-турумуна ылайык келбеген сыпат. Карызы болуп өз

37
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

убагында кайтарып бербегенден Аллах Өзү сактасын. Кээ


бир адамдар сүйүктүү бир тууганын туура эмес түшүнүп,
көптөгөн көйгөйлөрдү пайда кылат. Чынчыл адамды бузуку
деп каралашат. Бир тyyганынан карыз алып аны кайра бер-
бей коюу кандай уятсыздык. Бир тyyгандыкты жана достук-
ту cyyткан мындай адамдарга оюң кандай? Бирөөнүн буюму
жагып калса аны эч кандай суроосуз эле алып алгандарга
эмне дейсиң?
Мурасты мураскорлорго бөлүштүрүүдө бирин-бири жек
көрүп калбагыдай кылып адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү
керек. Өлүктү көмгөндөн кийинки эн негизги амал этият-
тык жана бир тyyгандардын укуктарын, мамилелерин сак-
тоо үчүн мурасты тезинен бөлүштүрүү керек. Себеби, биз
эртең эмне болоорун билбейбиз. Аллах Таала: «Акыйкатта,
Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшы-
рууга буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда
өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгар-
гыла. Албетте, Аллах силерди үндөп жаткан нерсе кандай
сонун! Акыйкатта, Аллах– Угyyчy, Көрүүчү!» – деп айткан.
(Ниса: 58).

Байланыштарды эч качан үзбө!


Ата-энебиз, жакын туугандарыбыз, досторубуз ж.б.
менен байланышууну эч качан унутпайлы. Байлынышты

үлгү
бекемдөөнү Аллах Таала буйруган. Пайгамбарыбыз (САВ)
байланышты бекемдөөгө чакырган. Биздин ортобуздагы
аралык алыс болсо да, аны жакындаткан Аллах берген нээ-
маттар бар. Алар: телефон, компьютер,ташуучу транспорт-
тор ж.б. Ушул нээматтарды берген Аллахка шүгүр кылуубуз
керек. Аларды пайдаланууда иштерибизди, сөздөрүбүздү
оңой жеткирип, убакытты текке кетирбейбиз. Эгер Аллах
Тааланын ачуусун келтире турган нерселерди пайдалансак,
мээриминин ордуна ачуусун жаадырып коёт. Мындан, Ал-
лах Өзү сактасын.

38
Абдушүкүр Нарматов

Телефон колдонуучулардын кулагына шыбырайбыз:


Телефонго шариятка туура келбеген музыканы тандоодо Ал-
лахтан корккула. Ар түрдүү азгыруучу сүрөттөрдү киргизбе-
гиле. Мечитке киргенде телефонду өчүрүп койгула. Пайда-
луу СМС каттарын колдонуу менен, ар бир намаз убактысын
билүүнү, эртең мененки намазга ойготууну пайдалансак да
болот.
Ыймандуу аялдардын кулагына шыбырайбыз: Теле-
фондо сүйлөшүүдө убакытты, акчаны үнөмдөп колдонуу ке-
рек. Акчаны көп ысырап кылуу күйөөсүнө карата адепсиз
мамиле болот. Ошондуктан аялдарга күйөөсүнүн байлыгы
үчүн Аллахтан коркуусун эскертебиз.

Жоомарт жана кичипейил бол.


Пайгамбарыбыздын (С.А.В) бул темага байланыштуу
хадистерин эскерип, өзүбүздү шарият таразасында байкап
көрөлү. Саубан риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)
– «Ким мага адамдардан эч нерсе сурабаймын деп ке-
пилдик берсе, ага бейиш кепилдик кылынат» – деди. Мен
айттым: « Оо. Аллахтын элчиси! Мен эч кимден суранбай-
мын» – дедим жана өмүр бою элдерден эч нерсе сураган жок-
мун.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)

үлгү
– «Байлык малдын көптүгүндө эмес, канаат кылууда» –
деген. (Бухарий, Муслим).
Хаким ибни Хазам риваят кылган хадисте, Пайгамба-
рыбыз: (С.А.В)
– “Берүүчү кол суроочу колдон жакшыраак. Садаканын
жакшысы өзү муктаж болуп турганда берилгени жана кара-
магындагы адамдардан башталганы. Ким Аллахтан арамдан
тыйылууну талап кылса аны арамдан тыйылуучу кылат. Ким
каниеттүү болсо, Аллах аны муктажсыз кылат”. (Бухарий,
Муслим).

39
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Пайгамбар (С.А.В) бейиш ээлерин санап, алар таза, ка-


рапайым жана жоомарт адамдар экендигин айтты.
Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)
– “Кимге Аллах жакырчылыкты жиберсе жана ал элдер-
ге арызданса, ал жакырчылыкты эч ким тосо албайт. Ал эми
Аллах Таалага кайрылса ага тезинен ырыскы берилет” – деп
айткан. (Абу Дауд).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз
(С.А.В) айткан:
– “Кимде-ким муктаж болбостон эле адамдардан суран-
са, ал тозок отун чогултуптур”. (Абу Дауд).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)
– “Ким адамдардан суранууну көбөйтсө, ал тозоктун чо-
гун сурайт. Кааласа көп, кааласа аз сурасын” – деп айткан.
(Муслим).
Сахихул-Бухарийде: Хайбар согушунан кайткан кезде
ансарлар Мадинага барып, майда жандык жана мөмөлөрүн
мухажирлерге беришкендиги тууралуу жазылган.
Абдулла Ибну Масьуд өлүм алдында уулун чакырып
мындай деди:

үлгү
– “Оо, Абдурахмаан! Мен сага беш даанышман эрежени
осуят кылам, аны эсиңе тутуп ал:
• Эгер алар абдан бай болсо да, адамдарга кедейликти
түшүндүр.
• Эгер абдан кедей болсоң да, муктаждардын талабын
орундат.
• Тыюу салынган иштерден баш тарт. Ага амал кылба.
• Бүгүнкү күнүң кечеги күнүңдөн жакшыраак болуусу
үчүн колуңдан келишинче аракет кыл.
• Эгер намаз окусаң акыркы жолу окуп жаткандай бе-

40
Абдушүкүр Нарматов

рилип оку.
Аллах Таала айтат: “Мал мүлктөрүн күнү түнү жашы­
руун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын)
өздөрүнүн Раббисинин алдында. Аларга (эч кандай) корку-
нуч жок, алар кайгырышпайт”. (Бакара: 274).
Абу Умама риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
– “Оо, адам баласы! Эгер берешен болсоң ал өзүң үчүн
жакшы. Эгер ичи тардык кылсаң ал өзүң үчүн жаман. Керектүү
тамак-аштарды камсыз кыл жана карамагыңдагылардан
башта. Жогорку кол төмөнкү колдон жакшыраак” – деп айт-
ты. (Муслим).
Пайгамбарыбыз (С.А.В) айткан төмөнкүдөй сөз бар:
– “Чындыгында, Аллах Берешен. Ал берешендерди жак-
шы көрөт. Аллах Айкөл, айкөлдөрдү жакшы көрөт”.
Кадыр-барктуу инсандар менен кандай мамиле кылуу-
буз ылайыктуу. Пайгамбарыбыз айткан:
– “Эгер бир коомдун кадыр-барктуу адамы келсе, аны
сыйлагыла”. (Бухарий, Муслим). Дагы бир хадисте:
– “Конокту сыйлабаган адамга эч кандай жакшылык
жок” – деп айтылган.
Ким материалдык жактан дүйнөгө байланып, бай-
лыгы анын жүрөгүн ээлеп алса, анан байлыгын эсептеп,
чөнтөгүндөгүнү түбөлүк калат деп жакшы иштерге аны сар-
птабаса, ал адамдын жашоосунда жакшылык жок.

үлгү
Айкөлдүк деген бул – сенин кудуретиңе, жөндө­мүңө,
кесибиңе, жумуш ордуңа ылайык өзүңдүн ага-инилериңе
көрсөтө алчу кызматың. Ошондой эле, эгерде сенде
муктаждыгыңдан ашыкча мал дүйнөң болсо, аны колунда
жокторго берүү айкөлдүк болуп эсептелет.
Абу Саьид Альхудрий айтат: “Биз Пайгамбар (С.А.В) ме-
нен сапарда бара жатканыбызда бир киши өзүнүн төөсүнө
минип келип, оң-солго көз жүгүртө баштады. Аны көргөн
Аллахтын элчиси: (С.А.В)

41
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

– “Кимдин башкаларга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү


болсо, жардам берсин” – деп айтты. (Муслим).
Чыныгы ыймандуу киши бир тууганынын муктаждык-
тарын айттырбай эле алдын-ала билип, анын муктаждыгын
кетирүүгө умтулат жана аны ыңгайсыз абалда калтырбаган-
га аракет кылат.
Амыр ибну Ааьс риваят кылган хадисте: Бир киши Ал-
лахтын элчисинен: (С.А.В)
– “Исламдагы эң жакшы амал кайсы” – деп сурады. Ал-
лахтын элчиси (С.А.В)
– “Адамдарды тамактандыруу жана тааныган тааны-
баган адамдарга салам айтуу” – деп жооп берди. (Бухарий,
Муслим).
Бир хадисте айтылган:
– “Кимде жери болсо ага эгин эксин. Эгер экпесе, анда
башкаларга алар эгин эгип пайдалануусу үчүн берсин”.
Сен өзүңдүн илимиң, кесибиң аркылуу жана айдап
жүргөн унааң менен кантип айкөл боло аласың? Ойлон!

Саламдашууну унутпа
Ассалам, бул – Аллахтын ысымдарынын бири. Ал тын-
чтык деген маанини билдирет. Ислам дини – тынчтыктын
дини. Ошондуктан, Аллах Таала биздин динибизди Ислам

үлгү
деп атаганы жана саламдашуубузду Ислам саламы кылганы
үчүн сыймыктанышыбыз керек. Аллах Тааланын “Ассалам”
деген ысымы бейпилдик, ырахат, амандык, сүйүү жана ын-
тымак дегенди түшүндүрөт. Биз “Ассаламу алайкум” деп са-
ламдашып бири-бирибизге кандай тилектерди айтып жат-
каныбызды терең түшүнүшүбүз керек. Бирок, тилеке каршы
азыркы күндө мусулмандын адеп-ахлагын бузуучу көптөгөн
батыштын терс көрүнүштөрү коомубузду ээлеп алды. Миса-
лы: учурашканда алыстан эле баш ийкеп коюу же кол булга-
лап коюу менен чектелип калабыз. Мындай жан кейиткен
көрүнүштөрдүн чеги жок.

42
Абдушүкүр Нарматов

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (С.А.В) “Тааныган тааны-


баган адамдарга салам айт” – деген осуятынан четтеп бара
жатканыбыз өкүнүчтүү. Төмөнкү хадистерге жакшылап көз
жүгүртүп, алардын маанилерин терең түшүнүүгө аракет
кыл.

Имран Ибну Хусайн айтат: “Бир киши Пайгамбардын


(С.А.В) жана сахабалардын жанына келип: “Ассалааму алай-
кум” – деди. Ага жооп беришти. Ал отурду. Ошол мезгилде
Пайгамбар (С.А.В)
– «Он» – деп койду. Экинчи бир адам келип: “Ассалааму
алайкум ва рохматул-Лоохи” – деди. Анын да саламына жооп
беришти. Пайгамбар (С.А.В)
– «Жыйырма» – деди. Үчүнчү бир адам келип: “Ассала-
аму алайкум ва рохматуллоохи ва барокаатуху» – деп салам
айтып отурду. Ага да жооп беришкенден кийин, Пайгамбар:
(С.А.В)
– «Отуз» – деди. Сахабалар Анын айткандары жөнүндө
сурашканда:
– Биринчи адам он, экинчи адам жыйырма, ал эми
үчүнчү кирген адам отуз соопко ээ болду” – деп айтты Пай-
гамбарыбыз (С.А.В). (Абу Дауд, Тирмизий).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айткан:
– «Улоочон адам жөө бараткан адамга, басып бараткан

үлгү
адам олтургандарга, аз сандагы адам көп адамга салам бер-
син». (Бухарий, Муслим).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Ыйман келтирмейинче бейишке кирбейсиңер.
Бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө толук ыймандуу
болбойсуңар. Силерге бири-бириңерди жакшы көрсөтүүчү
амалды айтайынбы? Араңарда саламды жайып айткыла» –
деди. (Муслим).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айтты:

43
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

– «Эгерде, бир адам мусулман бир тyyганына жолукса


ага салам берсин. Эгер экөөнүн ортосун дарак, дубал же
таш ажыратса кайра бириккенде дагы саламдашсын». (Абу
Дауд).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айтты:
– «Эгер силердин бирөөңөр чогулушка кирсе, салам бер-
син. Эгер ал жерден кетүүнү кааласа дагы салам берсин. Бул
эки саламдын айырмасы жок». (Абу Дауд, Тирмизий).
Калда Ибну Ханбал айтат: Бир жолу Пайгамбардын
(С.А.В) жанына киргенде салам берген жокмун. Ал мага ка-
рап:
– «Артыңа кайтып, анан ассалааму алайкум деп киргин»
– деди. (Абу Дауд,Тирмизий).
Альбароо риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
– «Эки мусулман жолугушуп кол алышып учурашса, ал
экөө колдорун ажыратканга чейин Аллах Таала алардын
күнөөлөрүн кечирет» – деген. (Абу Дауд).
Оо, менин мусулман бир тyyганым! Ойлондуңбу?! Жо-
горку хадистерди дагы бир ирет окуп чыгууңду суранамын.
Мусулман бир тyyганы менен ар бир көргөн сайын кучак-
ташып саламдашуу Исламдан жана сүйүүдөн деп эсептеген-
дерге Пайгамбардын (С.А.В) төмөнкү хадисин эскертип кет-
мекчимин. Анткени, Пайгамбар (С.А.В) саламдашуу – кол
алышуу жана салам сөзүн айтуу менен болорун айтып кет-

үлгү
кен.
Анас риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбызга (С.А.В)
бир адам келип:
– «Оо, Аллахтын элчиси. Бир адам досуна же мусулман
бир тууганына жолукса, ага ийилеби” – деп сурады? Пайгам-
барыбыз: (С.А.В)
– «Жок» – деп жооп берди.
– Аны өбүүсү ага милдетпи?– деп сурады тиги.
– Жок – деди.
– Кол кармашуу керекпи? – кайра сурады тиги адам.

44
Абдушүкүр Нарматов

– Ооба – деп жооп берди Пайгамбар (С.А.В).


Ал эми, батыш маданиятына сугарылып, алардын ар
бир кылганын өзүбүзгө үлгү кылабыз жана акыйкат дини-
бизди үйрөнүүнү таштайбыз деп ойлогондорго айтарыбыз:
Ойлонгула, акыл эсиңерге келгиле! Аллах Таала бизден бул
дүйнө жашоосунда чоң жана кичине, жашыруун жана ачык-
айкын кылган иштерибиз үчүн акыретте сурак алат.
Ислам саламын тил менен айтпай эле кол жана баш ме-
нен ишаара кылуу жетиштүүбү?
Кураанда: «Качан силерге салам берилсе, силер алар-
дын саламынан жакшы алик алып саламдашкыла, же
анын өзүндөй кайтаргыла. Акыйкатта, Аллах ар бир ишти
Эсептөөчү» – деп айтылган. (Ниса: 86).
Баардык тараптан коомдун коопсуздугун моюнга алуу
ар бирибиздин милдетибиз. Аллахтын ыраазылыгы үчүн,
саламды жандандыруу, Пайгамбардын сүннөтүн тирилтүү
жана мусулмандардын ортосунда сүйүү менен достукту жай-
ылтуу ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Өзүңдү текшер.
Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө К э э - Өтө аз
де
Карыз алсам кайтарып берген-
ге чейин жазып коём.

үлгү
Убада берсем, аны аткарамын.
Досума кызмат акысын төлөп
берем.
Тааныган-тааныбагандарга са-
лам айтамын.
Бардык жакындарым менен
байланышта болом.
Ар бир инсанга жакшылыкты
насаат кыламын.

45
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Өзүм аткарбаган ишти башка-


лардан талап кылбаймын.
Кошаматчылык кылып жагы-
нуудан сактанам.
Кызматымды чын ыклас менен
аткарамын.
Мага тиешеси жок ишке ара-
лашпаймын.
Аллахка ибаадат кылуусунда
досторума жардам берем.

Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.


Өтө аз 1 даража.
Эң жогорку даража 44. (4×11=44). Кимдин даражасы
22ден аз болсо өзүн тарбияласын.

Мечит адептери.

→ Намазга эрте барамын.


→ Намазга таза кийинип, жакшы жыт менен ба-
рамын.
Мечитте → Баламды мечитке ээрчитип барамын.
→ Мечиттин ичинде үнүмдү акырын чыгарамын.
→ Мечитти калыбына келтирүүгө жардам бере-

үлгү
мин.

Жер жүзүндөгү эң таза жер – бул, Аллах Тааланын


үйлөрү. Ал жерге рух денелер тартылышат. Жүрөк гана эмес
акыл тынчтанат, суусагандар сугарылат,оорулуулар дабаа
табышат.
Аллах Таала айтат: “Тан калыштуу эмес! Мечиттин ку-
руучуларына жана кызматчыларына асман жердин Роббиси
эң көп жана эң жакшы сыйлыктарды берет”. (Тооба:18).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)

46
Абдушүкүр Нарматов

– «Аллахка эң сүйүктүү болгон жерлер мечиттер. Ал эми


эң жек көрүнгөн жерлер базарлар» – деген. (Муслим).
Мечитте бул иштерди унутпа:
• Мечитте түкүрсөң , анын көмүп коюу керек.
Анас риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
– “Мечиттин ичинде түкүрсөң анын кафаараты (кечи-
рими) көмүп коюу” – деп айткан. (Муслим).
• Мечитке сарымсак же пияз жеп барба.
Жаабир риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (С.А.В)
айтты:
– “Сарымсак жана пияз жегендер мечиттерибизге жа-
кындабасын”. (Тирмизий). Дагы бир айтылышта: “адам ба-
ласы жийиркенген нерседен периштелер да жийиркенет” –
деп айтылган.
• Мечитте тамеки чегүүгө, аны кирдетүүгө, соода-сатык
кылууга жана жаман сөздөрдү сүйлөөгө тыюу салынган.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айткан:
– «Эгер мечитте сатып же сатып алып жаткандарды
көрсөңөр: «Соодаңда береке жок!» – деп айткыла. Жаман-
дыкка чакырып ырдап жаткандарды көрсөңөр: “Аллах сени
андан тыйган!» – деп айткыла. (Тирмизий).
Пайгамбар (С.А.В) мечитте үндү бийик чыгарып
сүйлөөнү, башкаларга тоскоол болбоосу үчүн, Кураан оку-
ганда үндү акырын чыгарып окууга буйруду. Аяттарга көңүл

үлгү
буруу үчүн ойлонуу жакшы болот. Ошондой эле Пайгамба-
рыбыз (С.А.В) башкаларды козгобой бош болгон орунга ол-
турууну жана эки адамдын ортосуна алардын уруксаты ме-
нен гана отуруу керек экенин айткан.
Аллахтын үйү менен болгон адепти сактабагандар да
бар. Алар телефондорун өчүрүшпөйт. Арам болгон музы-
калар менен мусулмандардын көңүлүн бурушат, пайдасыз
сөздөрдү сүйлөшөт. Намаз окуп жаткандардын астынан
өтүшөт. Досу менен сүйлөшүп олтуруп имам руку кылганда
гана кечигип намазга кошулушат.

47
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Буларга көңүл бур:


• Кийимиң жана денең таза болсун.
• Зыян жеткирген адамга кичи пейилдүүлүк жана акы-
рындык менен насаат айт.
• Даараттын суусун ысырап кылба.
• Дааратканалардын тазалыгына көңүл бур.
• Балдарга мечит адептерин үйрөт.
• Намазга ылайыктуу кийим кий.
• Мечитте үнүңдү акырын чыгар.
• Мечиттин ичин таза карма.
• Мечитке кирээрде телефонду өчүрүп кой.

Өзүңдү текшер.
Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө Кээде Өтө аз
Намазга эрте барамын.
Биринчи сапта турууга аракет
кыламын
Намаз окуп жаткандардын ал-
дынан өтпөймүн.
Үнүмдү бийик чыгарбаймын.
Мечитти тазалоого катыша-
мын.
Мечитти оңдоого жардам бере-
мин.

үлгү
Намазда ката кетиргендерге
насаат айтамын.
Намазды күтүп мечитте отура-
мын.
Мечитке балдарымды ээрчитип
барамын.
Башкаларды мечитке чакыра-
мын.
Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.
Өтө аз 1 даража.
Эң жогорку даража 40. (4×10=40). Кимдин даражасы
20 га жетпесе, анда өзүн тарбияласын.

48
Абдушүкүр Нарматов

Аалымдар менен болгон адептер.


Аалымдарды сыйлайбыз.
Аалымдар бул дүйнөнүн жылдыздары.
Аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору.
Аалымдар Алардын насаатын угабыз.
Аалымдар Аллахтын динин адамдарга тараты-
шат.
Аалымдардан үлгү алабыз.

Аллах Таала айтты: “Оо,Раббим! Илимимди арттыр” –


дегин. (Тохаа: 114).
Ошондой эле, Аллах Таала: “(Оо, Мухаммад!) Аларга:
Билгендер менен билбегендер тең боло алабы? – деп айт.
Чындыгында, акыл ээлери гана (Кураандан) насаат ала
алат” – деп айткан. (Зумар:9).
Кураанда дагы: “Аллах силердин араңардагы ыйманду-
улардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт”
– деп айтылган. (Мужаадала: 11).
Ыйык Кураан бизге аалымдардын даражасы туралуу
дагы көптөгөн аяттар бар. Шарият илимин, учурдун илимин
билбесек, бейпил жашоо болбойт. Бул эки илим дүйнөнү
сактоочу, жашоону жакшыртуучу негизги булак болуп эсеп-
телет. Ошондой эле, жашоо турмушубузда адал менен арам-

үлгү
ды айырмалап, туура түшүнүктү алганда гана, Аллах Таала-
га татыктуу кул боло алабыз.
Абу Дарда риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах анын бей-
ишке баруучу жолун жеңил кылып коёт. Периштелер анын
жасап жаткан ишине ыраазы болуп канаттарын таманынын
астына коюшат. Аалым үчүн асмандагы, жердеги, жада кал-
са суудагы жаныбарлар кечирим сурашат. Ай, жылдыздардан
өзгөчөлөнүп турган сыяктуу эле, аалым да жөнөкөй ибадат
кылуучудан айырмасы бар. Аалымдар пайгамбарлардын му-
раскорлору, пайгамбарлар алтын же күмүш мурас калтырба-

49
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

ды, алар илимди мурас кылып калтырышты, ким аны алса,


ал чоң үлүшкө ээ болот» – деп айткан. (Абу Дауд,Тирмизий).
Бул хадистин ичинде ой жүгүртүүчү маанилер жана
кыйынчылыктардан чыгууну үйрөткөн жолдор бар.
Урматтуу бир тууганым! Бул хадисти жашооңдо үлгү
кылып алууң үчүн, маанисине өтө терең көңүл бур. Имам-
дардын мыктысы Али ибну Абу Толиб аалымдар туралуу бу-
ларды айткан:
“Көпчүлүккө салам айтканда, аалымга өзүнчө салам
бергиле”.
“Анын жанында олтурганда колуң менен ишаара кылба,
көзүң менен белги бербе”.
“Эгер сени бир нерседен тыйса, аны кайра кайталаба”.
“Ал туруп турган кезде анын кийимин кармаба”.
“Анын сырын ачпа”.
“Анын астында эч кимди жамандаба”.
“Эгер мурда жаңылып калса, аны кечирип кой, ага: ба-
ланча ушинтип айтты, баланча сага каршы айтты – деп баш-
ка аалымды сыпаттаба”.
“Аалым менен маегиңди узартпа”.
“Эгер анын жанында башка адамдар болсо, аларды да
сыйла”.
“Ал мөмөлүү дарак сыяктуу, сен болсо мындан качан
мөмө түшөт деп күтүп турган адам сыяктуусуң”.
Башында эскергендерибиз билим алуучунун аалымга

үлгү
болгон милдети жөнүндө болсо, эми аалымдын билим алуу-
чуга болгон милдеттерин айтабыз.
• Мугалим окуучусуна тарбия, илим бергенде, насаат
айтканда өз балдарындай аяр мамиле кылсын.
• Ага сылыктык менен насаат кылып, катуу урушпа-
сын.
• Окуучулар менен чогуу иштешкенде алардын ара-
сындагы жеке айырмачылыктарга көңүл бурсун.
• Аларга бардык нерседе эң жакшы үлгү болсун, себе-
би мугалим алардын көңүл борборунда болот.

50
Абдушүкүр Нарматов

Ушул адептерди, кулк-мүнөздөрдү өзүнө мисал кылып


жашабаган мугалимдерди, аалымдарды кезиктире алабыз.
Шайтан аларды жакшылыктан жана чындыктан алагды
кылат. Аалымдардын илиминен туура пайдалана албаган
окуучулар да жок эмес. Эгер алар ниеттерин жаңылап, жак-
шылап угушса, кенен илимге, чоң пайдага жетишет. Ал эми,
кээ бир адамдар аалымдарды сыйлабайт жана урматтабайт.
Аларды ушактап, алар менен сүйлөшкөндө жаман мамиле
кылып, илимдин жана аалымдардын кадырын кетиришет.
Аалымдар дааваттын жана илимдин ыкмаларын өнүктүрүү
үчүн түндөрдү өткөрүшөт, күчүнүн жетишинче адамдарга
жана илим талап кылуучуларга илим таратышат. Сөзү жана
иши менен башкаларга мисал болот.
Аллах Таала айткан: «Силер Китепти (Тооратты) окуп
туруп адамдарды жакшылыкка буйруп, а өзүңөрдү унутуп
коёсуңарбы? Акылга келбейсиңерби?» (Бакара: 44).
Мектептердеги, жогорку окуу жайлардагы жана мечит-
теги жүрүм сага мугалимдерибиздин, имамдарыбыздын
абалынан кабар берет . Өзүбүз жана алар үчүн Аллахтан ке-
чирим сурайбыз.

Ой жүгүрт:
• Кайсы бир мугалим же аалым сага таасир бергенби?
Өзгөчөлүгүн эстеп туурайсыңбы?
• Илим талап кылуу диплом алуу үчүн эле керекпи?

үлгү
• Дүйнөнүн жана диндин жакшы болуусу, илим ээси
адептүү жана үлгүлүү аалым болуусуна байланыштуу экени-
не ишенесиңби?
• Тынчтыктын сакталуусу, аалымдарды сыйлап, айтка-
нын угуп жана аны иш жүзүнө ашыруу менен болот.

Кураан менен болгон адептер.

51
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

→ Күн сайын Кураанды тилават кыламын (окуймун).


→ Кураандын маанилерин окуймун.
→ Кооз кылып, тажвид эрежеси менен окуймун.
Кураан → Күчүмдүн жетишинче жаттаймын.
менен
→ Кураанды балдарыма жана аялыма үйрөтөмүн.
→ Кураан менен өкүм чыгарамын.
→ Анын өкүмдөрүнө моюн сунамын.

Аллах Таала адамзатты туура жолго баштоочу элчилер-


ди чыгарып, жана аларга китептерди түшүрдү. Пайгамбар-
лардын эң жакшысы жана акыркысы пайгамбарыбыз Му-
хаммад (С.А.В). Анын алып келген китеби китептердин эң
жакшысы. Ал Аллахтын сөзү Кураанул-Карим. Бул китепти
окуу менен ибадат кылынат. Кураан баардык адамзатты,
кайсы убакыт жана кайсы орунда болбосун туура жолго
баштайт.
Аллах Таала айтты: “Кыямат күнү ар бир коомдун ичи-
нен бирден күбө алып келебиз. Сени болсо ушул коомго күбө
кылабыз. Ошондуктан сага ар нерсени түшүндүрүп бере
турган жана мусулмандар үчүн туура жол, мээрим, кубаныч
түрүндө Кураанды түшүрдүк”. (Нахл: 89).
Пайгамбарыбыз (С.А.В) Кураанды окууга, аяттары
жөнүндө ой жүгүртүүгө жана амал кылууга чакырган.
Абу Умама риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси:

үлгү
(С.А.В)
– “Кураанды (көп-көп) окугула. Анткени, ал кыямат
күнү окуган адамды шапаат кылат” – деп айткан. (Муслим).
Чындыгында, Аллах Таала Кураандын акыйкатын
түшүнүп, сактаган адамдардын даражасын көтөрөт. Бул
жөнүндө Умар ибну Хаттоб риваят кылган хадисте, Пайгам-
бар: (С.А.В)
– “Чындыгында, Аллах Таала бул китеп менен кээ
бирөөнүн даражасын көтөрөт жана кээ бирөөнү төмөндөтөт”
– деп айткан. (Муслим).

52
Абдушүкүр Нарматов

Кураанды окуп, анда айтылгандарга амал кылуучулар-


дын даражасы көтөрүлөт. Ага көңүл бурбай, өз акылы менен
иш кылуучулар зыянга учурайт.
Аллах Таала Кураанда бул жөнүндө мындай дейт: “Жана
Пайгамбар айтты: Оо, Раббим! Менин элим Кураанды таш-
тап койду”. (Фуркан: 30).
Адамдар Кураанга амал кылууда аны эрчүүчү, каршы
чыгуучу жана оюнан чыгаруучулар болуп бөлүнүшөт. Кээ
бирлери Кураанды жакшылык, береке болуусу үчүн унаалар-
га, ишканаларына жана үйлөргө илип коюшат. А биз болсо
ушуну менен эле чектелип калбастан, эки дүйнөдө бактылуу
болуу үчүн, Аллахка кулчулук кылып, Кураан менен жашоо-
буз керек.
Өзүңдү текшер.
Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө Кээде Өтө аз
Кураанды окуймун.
Жаттаган сүрөлөрдү кайталай-
мын.
Аяттарга ой жүгүртөмүн.
Аяттар мага айтылып жатат деп
эсептеймин.
Кураанда буйрулган иштерди
аткарамын.
Кураанда тыюу салынган иш-

үлгү
терге жакындабаймын.
Бардык иштеримде Кураан ме-
нен өкүм чыгарамын.
Кураандагы пайгамбарлардын
жашоосунан үлгү аламын.

Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.


Өтө аз 1 даража.
Эң жогорку даража 32. (4×8=36). Кимдин даражасы 16
дан аз болсо, анда өзүн тарбияласын.

53
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Ажылыктын адептери.

→ Ажыларга кызмат кылуучулардын эмгегин баа-


лаймын.
→ Ажыларга зыян, ызаа берүүдөн сактанамын.
→ Ажылыкта муктаждыкка кабылгандарга жардам
Ажылыкта беремин.
→ Ажылыкта, баардык жерде тазалыкты сактай-
мын.
→ Ажылык амалдарын билбегендерге кеңеш бере-
мин.
→ Кыйынчылыктарга сабыр кылып чыдаймын.
Коопсуздук көрсөтмөлөрдү аткарам.

Ажылык абдан сооптуу амал. Аллах Таала ар бир


мүмкүнчүлүгү бар адамга өмүрүндө бир жолу аткарууну
буйруган. Анткени, бул амалды аткаруу менен күнөөлөр ке-
чирилип, энеден төрөлгөндөй таза болосуң. Бирок, биз бул
улуу чогулушта кээ бир туура эмес жүрүм-турумдарды бай-
кайбыз:
Тавафта жана шайтанга таш атууда адамдар бири-би-
рин тебелеп, кээде бирөөлөрдүн өлүмүнө да себепкер бо-
лушат. Ал эми, шариятта өзүбүзгө да, башкаларга да зыян
келтирүүгө тыюу салынган.

үлгү
Кээ бирөөлөр, амалдарды аткаруу учурунда жанында-
гыларга орой мамиле жасашат. А бирок, бул амалды аткару-
уда жумшак жана сыпайы болуу керектиги айтылган.
Садака иретинде таратылган тамак жана суусундуктар-
ды өтө көп алуу (ач көздүк кылуу) менен ысырапкорлукка
барган адамдар да бар. Ач көздүк менен алынган тамак-
тар бузулуп, таштандыга ташталат. Ошол эле убакта башка
бирөөлөргө тамак жетпей калуусу да мүмкүн.
Бирөөлөр болсо, жалкоолук кылып таштандыларды ар
кайсы жерге ыргытышат. Таштандылар жолдордун таруусу-
на, жагымсыз жыттардын жайылуусуна, анын айланасында

54
Абдушүкүр Нарматов

чымын-чиркейлердин көбөйүүсүнө жана айланага көптөгон


оорулардын жайылуусуна себеп болот. Эгерде, ар бир адам
таштандыны белгиленген орунга таштаса, тарчылык жана
ыпластык болмок эмес. Динибиз тазалыктын жана сулуу-
луктун дини. Ошондой эле, башкаларды ырайымдуулукка
чакыруучу, зыян берүүдөн тыйуучу дин. Пайгамбарыбыз-
дын (С.А.В) сүннөтүндө тыгылыштан четтетүүчү, ажылар-
га ырайымдуулук кылууга чакыруучу жана башка көптөгөн
ажылыкка тиешелүү жеңилдиктер бар.

Базардын адептери.

→ Көзүмдү сактаймын.
→ Сатуу жана сатып алууда жакшы мамиле жасаймын.
→ Буюмдардын кемчиликтерин жашырбай айтамын.
Базарда → Базарга киргенде дуба окуймун жана анда көпкө
жүрбөймүн.
→ Соодада жалган айтпаймын.

Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)


– “Аллахка эң сүйүктүү болгон жерлер мечиттер жана эң
жаман көрүнгөн жерлер базарлар” – деген. (Муслим).
Себеби, базар шайтандын жайы. Жалган касам ичүү,
жалганды чындай кылып айтуу, соодада алдоо, таразадан

үлгү
алдоо, уурулук ж.б. жаман иштер көп болот. Бул иштер-
дин баары шайтандын амалы. Чындыгында соода-сатык эң
берекелүү иш. Ислам соода-сатык кылууга тыюу салбайт.
Бирок, соода адал жана туура болуу керек. Эгер андай бол-
босо, ал жерге Аллахтын каары түшөт. Себеби, шайтан ошол
күнөө иштерди инсандарга кооз кылып көрсөтөт. Исламга
тиешеси болбогон көптөгөн жүрүм-турумдарды жана тыюу
салынган жаман иштерди базарлардан көрүүгө болот.
Абу Катада риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Соодада касам ичүүдөн сактангыла. Анткени, касам
ичүү пайда берет же жок кылат» – деп айткан.

55
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Аллах Таала айтты: “(Оо, Мухаммад!) Момундарга айт-


кын: (Ар кайсы аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташ-
сын жана уятуу жерлерин (аягы суюктук кылуудан) сакта-
сын. Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында,
Аллах эмне жасагандарыңардан Кабардар”. (Нур: 30).
Пайгамбар (С.А.В) базарга кирген адамга төмөнкү ду-
баны үйрөткөн: “Лаа илааха илла -Лооху вахдаху лаа ша-
риика лах. Лахул-мулку ва лахул-хамду юхйи ва юмииту
ва хува ьалаа кулли шайиң кодиир”. (Тирмизи). Маани-
си: “Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу кудай жок.
Аллах жалгыз, Анын шериги жок. Баардык падышалык
жана мактоолор Ага гана тиешелүү. Ал өлтүрөт жана
тирилтет. Ал баардык нерсеге күчү жетүүчү”.
Салман Фарсий риваят кылган хадисте, Пайгамбар
(С.А.В) айткан:
– «Базарга биринчи киргендерден жана акыркы чык-
кандардан болбогула. Анткени, ал шайтандын майданы,
аны менен өзүнүн максатын орундатат”. (Муслим).

Мекемелердеги адептер.
→ Мекемедеги убакытты жумуш менен гана
өткөрөмүн.
→ Мекеменин буюмдарын жеке кызыкчылыгым
үчүн колдонбойун.

үлгү
Мекемеде → Жумушумду эң мыкты аткарамын.
→ Иш убактысына көңүл бурамын.
→ Мүдүрүмдү жана кесиптештеримди жамандабай-
мын.
→ Алга карай умтуламын.

Мекемелерде иштөө, ар бирибизге берилген Аллахтын


нематтарынан. Ар бир адам ырыскысын адал жол менен та-
бууга көңүл буруусу зарыл. Мекемеде да үйдөгүдөй иштөө
керек. Сунуш кылынган иште Аллахтан коркуп мекеменин
өнүгүүсүнө аракет кылуу керек. Ошондой эле тартипти сак-

56
Абдушүкүр Нарматов

тоо, башчылары, достору менен жакшы мамиледе болуу


жана аларга жакшы ниет менен кеңеш берүү, мекеменин
максаттарын аткарууда шериктеш болуу сыяктуу зарылдык-
тарды да эстен чыгарбоо керек.
Буларды эсиңе түй:
• Жумушчулардан сурабай же аларга билдирбей өзүнө
тиешелүү эмес буюмдарды жеке кызыкчылыгы үчүн колдон-
боо керек.
• Ар түрдүү шылтоолор менен жумушун толук аткар-
бай коюудан сактан. Мисалы: айлык маянанын аздыгынан,
мүдүр же дос менен болгон мамиленин жамандыгынан.
• Ишке байланышы жок көп сүйлөшүүлөр менен жу-
муш убактысын өткөрбөөгө тырыш.
• Жеке кызыкчылыгыңды көздөп мекемеден уруксат-
сыз чыкпагын.
• Пара алуу жана берүү сыяктуу жаман иштерден сак
бол.
Экөөбүз бирге көз жүгүртөлү. Бул орунда сага айткым
келген пайдалуу кеңешти алууң керек. Умар ибну Абдул
Азиз бал кошулган тамакты жегенди жактырчу. Бир күнү
үйүндөгүлөрдөн бал сурады. Үйүндө бал болбогондуктан, ага
башка жактан алып келип беришти. Балды жеген соң аны
кайдан алышканын, сурады. Аялы: – кызматчысына эки ди-
нар берип, балды саттырып алгандыгын айтты. Абдул Азиз
алып келген балды садака кылууга касам ичти. Анткени, ал

үлгү
казынанын бир тыйынын да алчу эмес. Балы бар идишти
алып келишкенде, аны сатып түшкөн кирешени мусулман-
дардын казынасына берди. Ал өзүнүн каалоосунан мусул-
мандардын каалоосун жогору койгон. Ага Аллахтын рахма-
ты болсун! Жада калса казынага түшкөн атырдын жытын да
жыттачу эмес. Чындыгында биз ыйман жана такыбалыкта
андай боло албайбыз, бирок үлгү алабыз жана Аллахтын ал-
дында суралуудан коркуп, мүмкүнчүлүктүн болушунча жеке
максатты көздөп мекеменин мүлктөрүн жумушка тиешеси
жок колдонбойбуз.

57
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Ой жүгүртүп көр!
• Эгер сени менен бирге иштеген досуң адамдарга бол-
гон көз карашы жаман болсо, сен ага кандай насаат айтасың?
• Жумушчулар мекемеде маектешип отурушуп башка
жумушчуларды жана башчыларды жамандаса же чагымчы-
лык менен алардын абийирин кетиришсе, аларга кандай ма-
миле кыласың?
• Эгер сенин досуң мекемедеги буюмдарды начар кол-
донгонун көрүп калсаң эмне кыласың?
• Досуңдун бийик максатка, эң жакшы сыйга жетиш-
кендигин билсең эмне кыласың?

Эскертүү:
Жумушчуларды жалдап иштетүүчү туугандарыбызга
жумушчулардын акыларын өз убагында берүүсүн, зулумдук
көргөндөрдүн ага карата тескери дубасынан сактануусун
эскертебиз.
Аллах алардын ырыскысын өлчөп, бөлүштүрүп койгон.
Адамда жакшылыктан топтогон сообу жана жамандыктан
топтогон күнөөсү калат. Башкаларга кандай мамиле кыл-
ган болсо, ага да бир күн ошондой мамиле жасалат. Себеби,
күндөр өзгөрүп турат. Дүйнөдө жана Акыретте Аллах Таала
үчүн чын ыкластан кылган жакшы амалдарынан башка эч
нерсе жардам бербейт.

үлгү
58
Абдушүкүр Нарматов

Өзүңдү текшер.

Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө Кээде Өтө аз

Жумушума убагында келемин.


Жумуштагы сырларды сактай-
мын.
Жеке кызыкчылыгын ойлогон
фирмалардын буюмдарын кол-
донбоймун.
Иш кылаарда келишим түзө­
мүн.
Мекеменин өнүгүүсү үчүн чын
көңүлүм менен иштеймин.
Башчыны жана досторумду ур-
маттаймын.
Аларды ушактабаймын.
Мекеменин ийгиликке жетүүсү
үчүн жардам беремин.
Убактымды мекемеге пайда
келтирүү үчүн жумшаймын.
Башчыма жана досторума на-
саат айтам.

Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.

үлгү
Өтө аз 1 даража.
Эң жогорку даража 40. (4×10=40). Кимдин даражасы
20дан аз болсо, анда өзүн тарбияласын.

59
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Адамдарды урматтоо адептери.

→ Элдер мага муктаж, мен аларга муктажмын.


→ Жакшы кесип урмат сыйга татыктуу.
Адамдарды
урматтоо → Ар бир адамдын өзүнө жараша урмат сыйы бар.
→ Адамдар такыбалыгы менен айырмаланып туру-
шат.

Адамдардын баарын алардын жашына, иштеген ордуна


карабай сыйлайбыз. Кедейлерди жек көрбөйбүз жана алар-
дын аброюна, кесибине, билимине карабастан сыйлайбыз.
Исламда адамдар такыбалыгында жана жакшы амалдар-
ды жасоодо гана айырмаланышат. Бирок, азыркы убакта
бул нерселерди жаштарыбыз жакшы билишпейт. Мугали-
мин, аалымдарын сыйлашпайт, алардын кадыр баркын би-
лишпейт. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар:
(С.А.В)
– “Мусулман мусулмандын бир тууганы. (Бир тууганы-
на) чыккынчылык кылбайт жана ага жалган айтпайт” – де-
ген. Пайгамбарбыздын (С.А.В) төмөнкү осуятын да эсибиз-
ден чыгарбайлы:
– “Жашы улууларды урматтабагандар, кичүүлөрдү сый-
лабагандар, аалымдарды кадырлабагандар бизден эмес”.
(Тирмизий).

үлгү
Кесиптештерди сыйлайлы.

Ар бир адамга өзүнө ылайыктуу кесиптин болуусу, бул


Аллахтын пендесине болгон нээматтарынын бири. Ошон-
дуктан, ал кесип менен эмгектенип, ошол себептүү Аллахка
ибаадат да кылат.
Ар бир адамдын өзүнө ылайыктуу болгон кесип менен
алактенүүсү ал үчүн пайдалуу болот. Ар бир эмгек ээси ко-
омду жана экономиканы өнүктүрүүгө салым кошооруна шек
жок. Коом дарыгерге муктаж болгондой эле, дарыгер да са-

60
Абдушүкүр Нарматов

нитарга муктаж, ар бири кесип ээсинин коомдо өз орду бар.


Демек, ар бир кесиптин ээсин урматтап, сыйлоо маанилүү.
Ошондой эле, келечекте коомду түзүүчү балдарды жакшы
кулк-мүнөзгө тарбиялоо зарыл.

Коомдо өзүңдү куруучуларсыз


элестете аласыңбы?
Ар бир адистин кесиби маанилүү экендигине жана ал
адиске муктаж экенибизге күмөн жок. Эгер кайсы бир ке-
сиптин ээлерине жаман мамиле жасалса, алар ал кесибин
таштап коюусу мүмкүн же таптакыр эле ал жерден кетип
калуусу да мүмкүн. Бул ошол коом үчүн чоң жоготуу болот.
Анткени, бул кесиптер ошол кесипке ылайыктуу адистердин
болуусу менен калыбына келет. Ошондуктан, динибизде
адамдарга материалдык абалына карап мамиле кылуу туура
эмес болуп эсептелет.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгам­ ба­
ры­
быз(С.А.В) айткан:
– “Мусулман мусулмандын бир тууганы. (Бир тууганы-
на) чыккынчылык кылбайт, калп айтпайт, жардамсыз кал-
тырбайт. Мусулмандын аброю, мал-мүлкү, каны арам болот.
Такыбалык жүрөктө. Мусулманга бир тууганын жек көрүү
жамандык болуп эсептелет” .

Бакчалар, көчөлөр жана жолдор.

үлгү
Бак-дарактар Аллахтын адам баласына берген улуу нэ-
эматы. Инсан ошол кооздуктарды кароо менен чарчаган
нафсисин эс алдырат. Ар түрдүү гүлдөр жана өсүмдүктөр
абанын тазалыгын сактап, айланага көрк берип турат.
Бул нээматтарды кээде оңой эле бузуп алабыз: балдарды
көзөмөлсүз калтырып коёбуз, алар гүлдөрдү үзүшүп, бак-
дарактарга зыян келтиришет. Кээде өзүбүз баш болуп таш-
тандыларды өз ордуна таштабай бак ичин булгайбыз. Анан
аны тазалоочу жумушчуларга шылтап коёбуз. Сахабалар

61
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

айткан экен:
– “Жакшыны ошол абалында сактоо жакшылык болуп
эсептелет”. Адам баласы жаратылышка болгон жаман ма-
милесин өзгөртпөстөн жашоосун уланта берсе, бир күнү
кооз бактардан ажырап куру кол калуусу толук мүмкүн.
Ошол бактарда көптөгөн адамдардын ырахаттанбай калу-
усуна себеп болот. Мусулман кайсы жерде болбосун пайда
жеткирүүчү иштерди аткаруусу керек. Бактарда, көчөлөрдө,
көзөмөлдөөчү жайларда ырахаттануу менен жашоо үчүн
жеке адам, коом, өкмөттүк мекемелер аларды сактоочу ка-
ражаттар менен камсыздандырып, “Тазалык ыймандан” деп
эскертип туруусу керек.
Анас риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (С.А.В)
айткан:
– “Өзүнө жакшы көргөн нерсесин башка мусулман бир
тууганына жакшы көрмөйүнчө эч кимдин ыйманы толук
болбойт”. (Бухарий, Муслим).
Жогорудагы айтылгандарга байланыштуу болгон
төмөнкү хадистерди окуп, аларга амал кыл.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– “ Эки түрдүү каргышка калуучу амалдан сактангыла”
– деди. Сахабалар:
– “Алар кайсы амалдар” – деп сурашты.

үлгү
– “Адамдардын жолдоруна жана эс алуучу жайларына
даарат ушатуу” – деп жооп берди Пайгамбар (С.А.В).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айткан:
– «Ыймандын жетимиштен ашуун бутагы бар. Анын
эң жакшысы “Лаа илааха илла-Лооху” деп айтуу, эң төмөнү
жолдогу зыяндуу нерсени алып салуу. Уяттуулук да ыйман-
дын бир бутагы». (Бухарий, Муслим).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
– “Жолдогу адамдарга зыяны тийип жаткан бутакты
алып салганы үчүн бейишке кирген адамды көрдүм” – деп

62
Абдушүкүр Нарматов

айткан. (Муслим).
Абу Саьид Алхудрий риваят кылган хадисте, Пайгам-
бар: (С.А.В)
– «Жол боюнда отуруудан сактангыла» – деди.
– “Оо, Аллахтын элчиси. Эгерде бизге зарыл болуп кал-
сачы” – деп сурашты сахабалар. Пайгамбар: (С.А.В)
– «Эгер зарыл болсо, анда жолдун акысын берип отур-
гула» – деди.
– “Жолдун акысы эмне” – дешти алар.
– «Көздү арам нерселерди кароодон сактоо, зыяндуу
нерселерди алып салуу, саламга жооп берүү, жакшылыкка
буйруп, жамандыктан кайтаруу» – деп жооп берди Пайгам-
бар (С.А.В). (Бухарий, Муслим).
Унааларда жана жолдо жүргөндөргө укмуштуудай
зыян берген жаштарды көрөбүз. Аларга үңүлүп да карагың
келбейт. Аларга тарбия берүүчү ата-энелери жокпу деп
ойлойсуң кээде. Динибиздин баалуулугун, эсибизден чыга-
рып койдукпу? Жер бетинде Ислам шариятынан өткөн ту-
ура жол барбы? Эй, батышты туураган бир туугандарым,
акылыңарга келгиле! Биз Улуу, Жаратуучуга баш ийген му-
сулман эмес белек?
Абу Зарр риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси
(С.А.В) айткан:
– “Мага үммөтүмдүн жакшы жана жаман амалдары
көрсөтүлдү. Алардын жакшы амалдарынан: жолдон зыян

үлгү
берген нерсени алып салуусун көрдүм. Ал эми, жаман амал-
дарынан: мечитте көмүлбөгөн какырыгын көрдүм». (Мус-
лим).
Адамдарга зыян берип, ырахатын бузуп тамеки чеккен-
дерге эмне дейсиң?

Кубанычты кайгыга айландырба!


Сүйүнүү жана кубануу да Аллахтын пендесине бер-

63
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

ген жакшылыктарынын бири. Кураанда минтип айтылган:


«Качан адамдарга бир ырайым таттырсак, ошондо алар ага
абдан кубанат. А эгер өздөрү колдору менен жасагандары-
нын жазасы (кайгысы) келсе, алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт».
(Рум: 36).
Адамдар кубанычты ар кандай кабыл алышат. Кубаныч-
ка бөлөнгөндө Аллахка такбир, мактоо айткандар, Аллахка
шүгүр кылып сажда кылгандар бар. Аллахтын бергенине
ыраазы болуп, жакшы сөздөрдү сүйлөгөндөр бар. Булардын
баары кандай жакшы, кандай мактанаарлык амалдар. Кэ-
эде булардын тескерисин да көрөсүң. Үнүн бийик көтөрүп,
көчөлөрдү айланып кыйкырып, үналгылардын үнүн бий-
ик көтөрүп айлананын тынчын алган жаштар да жок эмес.
Анан да ар түрдүү жардыргычтар менен көчөнү тарсылда-
тып ойногондорго эмне дейсиң? А болор-болбос кубанычты
шылтоолоп арак ичкендерди кантип түшүнөбүз? Булар ушул
кубануунун артында кандай оор кайгы бар экенин билиш-
песе керек.
Адамдарга кубаныч келгенде бири-бирине шериктеш
болгону кандай жакшы. Аллахка шүгүр кылып, сажда кыл-
ган абалда:
– “Жакшылыктарга толгон нээматтарды берген Зат­ка
мактоолор болсун” – деп айтабыз.

үлгү
Дубалдардагы жазуулар.
Мусулмандарга тиешеси болбогон жаман кылыктардын
бири, дубалдарга эстелик калтыруу. Кээде үйлөрдүн дубалда-
рына, бактардын тосмолоруна жазылып калган жазууларды
көрөбүз. Алар дубалдарды булгаганы аз келгенсип, адепсиз
сөздөр менен жазылганы өкүндүрбөй койбойт. Бул жазуучу-
ларга өз сезимдерин билдирүү үчүн башка орун табылбай
калганбы деп да ойлойсуң. Же аларга гезит-журналдар аз-

64
Абдушүкүр Нарматов

дык кылабы? Мындан да жаманы алардын калтырган “эсте-


ликтери” ушунчалык чоң тамгалар менен жазылган, аны
көрмөксөн болуп коюу мүмкүн эмес. Баарынан өкүнүчтүсү
ушунун баарын ата-энеси мусулман балдар жасап жаткан-
дыгында.
Бир акылман айтат: “Оң жагыңа да сол жагыңа да сыз-
ба, аны кыямат күнү Амал дептериңден көрөсүң”.
Дубал бетин кооздогон бир туугандарыбызга тооба
кылуунун жолдорун айтабыз. Аракет кылуучуларга тооба
эшиктери ачык. Аллах пендесинин тообасын кабыл кылат,
жаман сөздөрдү жакшы сөздөргө алмаштырып жазууңа
мүмкүнчүлүк берет. Сен адамдарга пайда берүүчү гана иш-
терди жаса. Анын пайдасын эки дүйнөдө көрөсүң.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В):
– «Жакшы жолду көрсөтүүчү адам, ал жакшылыкты жа-
соочулар алган соопту алат жана алардын сооптору кемип
калбайт. Жаман жолду көрсөткөн адам, ал жамандыкты жа-
саган адамдар алган жазаны алат жана алардын жазалары
кемип калбайт” – деп айткан.

Зыярат кылуу адептери.


→ Оорулуу сенин зыяратыңа кубанат.
→ Зыяратты ыңгайлуу убакытка белгиле.
→ Зыяратка бараардан мурда жетиштүү убакыт бөл.

үлгү
Зыяратта → Конок тосуп алууга жана аларды сыйлоого даярдан.
→ Зыярат учурунда көзүңдү сакта.
→ Зыярат адамдар менен болгон мамилени бекем-
дейт.

Адамдардын арасындагы өз ара сүйүү жакшы иш. Ис-


лам дини адамдардын жакшы мамиледе болуусуна өзгөчө
көңүл бурат.
Пайгамбар (С.А.В) Аллах тарабынан айтылган хадисул-
кудсийде минтип айткан:
– «Менин эң сүйүктүү пенделерим, зыярат кылган жана

65
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

зыярат кылынган адамдар. Аллах үчүн сүйгөн жана сүйүүгө


ээ болгон адамдарга, эч кандай көлөкө жок күндө нурдан
болгон минбар жана Арштын көлөкөсүн убада кылам».
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)
айткан:
– «Аллах жолунда оорулууну зыярат кылган адамга,
жакшы жолго бардың жана бейиштен үй алдың – деп айты-
лынат». (Тирмизий).

Эсиңде болсун:
• Зыяратты Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана аткар.
• Зыярат кылынуучу адамдын убактысын эске ал жана
зыяратка баруучу убакытты туура танда.
• Убада кылынган убакыттан кечикпей бар. Эгер кечи-
гип калсаң кечирим суроону унутпа.
• Эшикти какканда жана коңгуроону басканда Пай-
гамбар (С.А.В) үйрөткөн адептерди сакта.
• Сооп алуу жана Пайгамбардын (С.А.В) сүннөтүн
тирилтүү үчүн Ислам саламы менен саламдаш.
• Бут кийимиңди чечип, өз ордуна кой.
• Үй ээси көргөзгөн орунга отур.
• Сунулган тамакты же суусундукту жакшы кабыл ал.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– “Чакырган жерге баргыла жана оозуңар ачык болсо
тамактангыла” – деп айткан. (Абу Дауд).

үлгү
• Yй ичине көз жүгүртүп, текшербегин. Абу Хурайра
риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айткан:
– «Өзүңөрдөн төмөнгө карагыла, өзүңөрдөн жогоруга
карабагыла». (Муслим).
• Орундун тардыгына же жарыктын күчсүздүгүнө жана
бөлмөнүн жылуулугуна нааразылык көрсөтпө.
• Үйдүн ээсинен буюмдарын суроодон жана ага жакпа-
ган суроолорду берүүдөн өзүңдү тый.
• Эгер балдарың менен барсаң, аларды жакшылап
көзөмөлдө.

66
Абдушүкүр Нарматов

• Эгер кайсы бир буюмду бузуп койсо, кечирим суроо-


го шашыл жана аны оңдоп бер же ордуна алып келип бер.

• Эгер сени коноктогон адамдын үйүндө туура эмес


адептерге көзүң түшсө, ага жакшы ыкма менен, кичи
пейилдүүлүк менен насаатыңды айт.
• Зыяратты көп узартпай, мүмкүнчүлүккө жараша за-
рыл болгон убакта аткар.
• Зыярат убактысында гыйбат жана башкалардын ай-
ыптарын айтуудан алыс бол. Аллах Таала айтат: «Кайыр-са-
дака кылуу, же жакшылык иштерди жасоо, же адамдарды
элдештирүү жөнүндө сүйлөшүп жаткандардан башка алар-
дын арасындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдө жакшылык жок.
Ал эми, ким бул иштерди Аллахтын ыраазылыгына жетүү
үчүн аткарса, ага Биз чоң сыйлык тартуулайбыз». (Ниса:
114).
• Аллахты жана Анын элчисини эскерип сүйлөшүүнү
унутпа. Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбары-
быз (С.А.В) айткан:
– «Кайсы бир коом чогулуп отуруп Аллахты эскербесе,
алардын отуруусу өлүк эшекке окшош болуп, зыянга учу-
райт». (Абу Дауд).
• Отурган жерден туруп жөнөгөндө бул дубаны айтуу-
ну унутпа. Субхаанака Аллоохумма ва бихамдика ашха-
ду ал лаа илааха илла анта астагфирука ва атуубу илайка.

үлгү
Мааниси: Аллахым Сен баардык кемчиликтерден тазасың,
Сага мактоо болсун. Сенден башка кудай жок деп күбөлүк
беремин. Сенден кечирим сурап, Сага тооба кыламын”. Ким
бул дубаны айтса, анын ошол жерде кетирген кемчиликтери
кечирилет.

Унутпа:
• Оорулууну зыярат кылууга туура убакытты танда.
• Үнүңдү катуу чыгарба.

67
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

• Зыярат убактысын кыска кыл.


• Аллахтын, кулдарына берген нээматын эскерт.
• Оорулуунун муктаждыгын аткар.
• Абалына жараша белек бер.
• Зыяраттын пайдасын сез.
• Ооруп жаткан адамга Пайгамбар (С.А.В) үйрөткөн
дубаны жети жолу оку. “Асалул-Лооха Робил-аршил азиим
ай-яшфияка». Же кыргызча манисин айт: «Арштын ээси
болгон Улуу Аллахтан сага шыпаа берүүсүн сурайм».
• Орулуудан сага дуба кылуусун суран. Анткени, ооруп
жаткан адам Аллахка жакын болот жана анын дубасы кабыл
болот.
Зыярат кылуучу бир тууганым! Эгер сен зыярат учу-
рунда мен көргөн кээ бир көрүнүштөрдү көрсөң, сөзүмдү
көбөйтүп сени тажатпайт элем. Сени менен бул маселелерге
токтолуума, адамдардын зыярат кылууда сооп ордуна күнөө
алып калуулары түрткү болду. Ошол үчүн жогорудагы осу-
яттарга жакшылап көңүл буруп, аларды аткарып жүрүүңдү
үмүт кыламын. Булардын сага да, бизге да пайдалуу болуу-
сун Аллах Тааладан тилейм.

Конок тоскон адамдардын эсине.


Балким бул осуяттар анын кулагынан мурда жүрөгүнө
жетээр:

үлгү
• Бир тууганыңдын келүүсүнө жакшылап даярданып,
айтылган убакытта аны даяр болуп күтүп ал. Эгер жетишпей
калсаң кечирим суроону да унутпа.
• Эшигиңе коңгуроо орнотууга шашыл. Анткени, кел-
ген адам сыртта көп күтүп калбасын.
• Конокторду жайдары, ачык маанай, жылмаюу менен
жана жакшынакай кийинип тосуп ал.
• Конокторду жакшылап сыйла. Аллах Таала Кураан-
да конокту сыйлоо эң жакшы амал экенин билдирип өткөн:
«Ибрахимдин сыйлуу коноктору жөнүндө сага кабар келди-

68
Абдушүкүр Нарматов

би? Алар Ибрахимге киришкенде: «Тынчтык болсун!» – деш-


ти. Ал (Ибрахим да): «Чоочун элге тынчтык болсун!» – деди.
Ал аялына чыкты да, музоонун бышырылган этин алып кел-
ди». (Заарият: 24-26).
Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе коно-
гун сыйласын, туугандык мамилени үзбөсүн, жакшы сөз
сүйлөсүн же унчукпасын» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).
• Сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк угуу жакшыраак.
• Эгер конок көпкө чейин отуруп калса, иш-
аракеттериң же кылыктарың менен нараазычылыгыңды
билдирбегин. Эгер башка бирөөгө дагы убада берген болсоң,
анда коноктордон жумшактык менен уруксат сура. Анын эч
кандай айыбы жок.
• Эгерде сенин унааң болсо, конокторду жеткирип
коюу сый-урмат болуп саналат.
• Конокторду эшикке чейин узатуу жана алар узап кет-
кенге чейин эшикти жаппай туруу да сый урматка жатат.
• Эгер конокторуңда же алардын балдарында жагым-
сыз адеп-ахлакты байкасаң, ылайыктуу убакытты жана ык-
маны тандап ага кеңеш айтуу үй ээсинин милдети.

Ойлонуп көр:

үлгү
“Аны көп жолу зыярат кылдым ал мени эч зыярат кыл-
ган жок. Канча жолу аны менен байланыштым ал мага бир
да жолу чалган жок” – деген сыяктуу сөздөргө сенин оюң
кандай.
Туугандарыңды жана жакшы көргөн адам­дарыңды дай-
ыма зыярат кылууга аракет кыласыңбы?
Эгер бир тууганыңдын үйүндө таза эмес нерсени же ба-
шаламандыкты көрсөң эмне кыласың?
Эгер бир тууганыңдын үйүнөн сага керек болгон, бирок
ал колдонбогон буюмду көрүп калсаң аны сатуусун сурайт
белең же жөн эле белек кылуусун суранат белең?

69
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Коногуңдун балдары ойноп жатып үйдөгү буюмдарды


бузуп салса, ата-энеси эч нерсе дебесе сен аларга кандай
кеңеш айтасың?

Өзүңдү текшер.
Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө К э э - Өтө аз
де
Зыяратка ылайыктуу убакытты
тандаймын.
Зыяратты алдын-ала белгилей-
мин.
Коноко барганда балдарымды
көзөмөлдөп турам.
Үйдүн ичине көз жүгүртпөй,
көзүмдү сактаймын.
Зыярат убактысын пайдалуу
кылып өткөрөмүн.
Аллахтын ыраазылыгы үчүн зы-
ярат кыламын.
Конокто узак убакытка чейин
олтура бербеймин.
Кеңеш бере турган ишти
көрсөм, кеңеш беремин.
Менден байланышын үзгөн
адамга мамиле кыла беремин.

үлгү
Конокторумду жакшы тосууга
аракеттенемин.
Конок тосуу үчүн үйүмдү даяр-
даймын.

Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.


Өтө аз 1 даража.
Эң жогорку даража 44. (4×11=44). Кимдин даражасы
22ден аз болсо, анда өзүн тарбияласын.

Мал-мүлктөр менен болгон адеп.

70
Абдушүкүр Нарматов

→ Менин унаам мени бейишке алып баруучу себеп-


терден.
→ Аллахтын мага берген нээматтарын барктаймын.
Мүлктөр → Айдоо бул чеберчилик, кызыгуу жана адеп.
→ Канаат кылам. Анткени, мени Аллах гана байытат.
→ Ар бир абалда Аллахка мактоо айтамын.
→ Унаа айдоодо эрежелерди бузуудан алыс боломун.

Көпчүлүгүбүзгө Аллах Таала башкаларга бербеген не-


маттар жана жакшылыктарын тартуулады. Бул нематтардын
көптөгөн түрлөрү бар. Мисалы: акылга жана денеге тийиштүү
жөндөмдүүлүктөр. Ошондой эле материалдык байлыктар. Бул
нематтарды Аллахка баш ийүү менен пайдалануу жана башка-
ларга садака кылуу, шүгүр кылуу болуп эсептелет.
Аалымга, адамдарга илим үйрөтүүдө сараңдык кылууга бол-
бойт. Тескерисинче илим талап кылуучуларга пайдасын тийгизүү
жана илимин жайылтуу үчүн конференциялар, лекциялар, зыя-
раттар, тасмалар жана массалык маалымат каражаттары аркылуу
илим жеткирүү жолун жеңилдетүү ага милдет болуп эептелет.
Коомдук орунга ээ болгон киши, ошол орду менен баш-
ка адамдарга текеберчилик кылбасын, балким муктаж бол-
гон адамдарга жардам берсин, жана кол астында иштеген
жумушчуларга жумшак мамиле кылсын. Ийаад Ибну Хумар
риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айткан:

үлгү
– «Yч түрдүү адамдар бейиш ээлеринен: адилеттүү па-
дыша, баардык жакындарына жана мусулмандарга жакшы
мамиле кылган боорукер адам, үй-бүлөлүү таза, пакиза
адам». (Муслим).
Байлыкка ээ болгон адам Аллахтын акысын чыгарып
садака берсин жана муктаж болгон адамдарга кам көрүп ку-
пуя садакасын көбөйтсүн.

Унаа ээлерине насыят:


Унаа дагы Аллахтын нээматы. Башка нээматтар сыяктуу
эле Аллахка шүгүр кылуу керек. Унаа менен башкаларга жак-

71
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

шылык кылуусун улантып туруусу зарыл. Себеби башкаларга


жакшылык кылса, ал жакшылык ээсине кайтат. Бул нээмат
жөнүндө Аллах Таала Кураанда: «(Аллах) жылкыларды, ка-
чырларды, эшектерди минишиңер жана кооздук үчүн жарат-
ты. Ошондой эле Ал силер билбеген нерселерди да жаратат»
– деп айтылган. (Нахл: 8). Бул аяттагы «Ал силер билбеген
нерселерди да жаратат» деген сөз, жаңы транспорттук кара-
жаттардын баарына тиешелүү деп чечмелешкен аалымдар.
Улуу Аллах Тааланын берген нээматтарын колдонууда
Аллахты эстөө жана Ага шүгүр айтуу адептүүлүк болот. Умар-
дын уулу риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) эгер са-
парга чыгуу үчүн төөгө минсе, үч жолу такбир айтып, анан
бул дубаны айтканы жөнүндө айтылган. “Оо, Аллахым! Бул
сапарыбызда жакшылык жана такыбалыкты, Сен ыраазы
болгон ишти жасоону суранабыз. Оо, Аллахым! Бул сапары-
бызды бизге жеңил кыл жана анын алыстыгын биз үчүн кы-
скарт. Оо, Аллахым! Сен сапарыбызда бизге шериктешсиң
жана үй-бүлөбүзгө Көзөмөлдөөчүсүң! Оо, Аллахым! Чынды-
гында мен жолдо менин башыма түшө турган кыйынчылык-
тардан жана малыма, үй-бүлөмө, балдарыма тийиштүү
балээлерден сактоону суранамын”! Ал эми, сапардан кайтып
жатканда бул сөздөр кошулуп айтылат: “Кайтып жатабыз,
тообо кылабыз, сыйынабыз жана Раббибизге мактоо айта-
быз”. (Муслим).
Айдоочу бир тууганым! Унаага тумар, сүрөттөрдү

үлгү
илүүдөн, шарият тыйган ырларды угуудан унаа менен көңүл
ачуучу жана бузуку жайларга баруудан сактан! Ошондой эле
сенин жана башкалардын коопсуздугун эске алып катуу ыл-
дамдык менен айдоо сага да, башкаларга да коркунучтуу!
Анас риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В) айткан:
– “Эттият болуу Аллахтан, шашылуу шайтандан”. (Бай-
хакий).
– “Этият болууда саламатчылык, шашылууда өкүнүч
бар” – деп айтышат. Унааны ылдам айдоо менен убактымдм
үнөмдөп жатам деп ойлошуң мүмкүн. Бирок, ылдамдыктын

72
Абдушүкүр Нарматов

айынан кабылган бир эле кырсык, бүтүндөй убактыңдын ба-


арын алып кетүүсү мүмкүн экендигин да эсиңден чыгарба.

Өзүңө да өзгөгө да зыян бербе!


Унаа айдоодо башкаларга ар түрдүү зыяндарды
көрсөтүүдөн сак бол. Жөнөкөй турмушта канчалаган жол
кырсыктары болот. Андан көптөгөн адамдар зыян тарты-
шат. Бирок, алардын көбү жашыруун боюнча калып калат.
Ал эми, Ислам мыйзамдарында ар бир зыян, күнөө болуп са-
налат. Ар бир күнөөкөр күнөөсүнө жараша жазага татыктуу
болот. Аллах Талаа айткан: «Ошентип, момун эркектерди,
момун аялдарды жазыксыз ызаланткандар албетте өздөрүнө
жалааны жана ачык күнөөнү жүктөп алышты». (Ахзаб:58).
Ошондой эле хадисте да айтылган:
– «Бир мусулманга башка бир мусулманды коркутуу
адал болбойт».
Канчалаган жаш балдар унаа кырсыктарынан улам же-
тим калышкан. Канчалаган адамдар унаа кырсыгына учу-
рап, оорукчан болуп калышкан. Алар азыр да түн уйкусунан
чочуп ойгонушат. Ушунун баарына кимдир бирөөлөр себеп-
кер болушкан. Ушундай абалга дуушар болуп калбооң үчүн,
ар дайым этият бол. Өзүңө да, өзгөгө да зыян көрсөтпө. Абу
Саид Аль Худрий риваят кылган хадисте, Пайгамбар: (С.А.В)
– «Өзүңө да өзгөгө да зыян берүүгө болбойт» – деп айткан.

үлгү
Зыян:
Бир адам унаасы менен баратып, булганыч сууну жол
жээгинде турган адамдын таза кийимне чачыратып өтүп
кетти. Ал айдоочуга кыжырдана кыйкырып кала берди. Көп
өтпөй айдоочу кайра келип, ал адамдан кечирим сурай баш-
тады. Ал киши да айдоочунун кечиримин кабыл кылып, ага
ыраазылыгын билдирди. Айдоочудан: «эмне үчүн кайтып
келдиң? – деп сурашты. Ал: – Кыямат күнүндө менин жакшы
амалдарым ал адамга берилип, өзүм куру кол калып калуу-
дан корктум – деп жооп берди.

73
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

Пайда:
Унаа Аллахтын берген нээматы деп айттык. Анткени,
аны менен көптөгөн жакшылактарга жете алабыз. Ушуну
менен гана чектелбестен муктаждыктарды чечүүгө, илим
алууга, ырыскы талап кылууга, жакшылык-жамандыктарга
жардам берүүгө себеп болот. Бара турган жерине мээ кай-
наткан ысык күндө автобус күтүп турган адамдын абалын
бир элестетип көрчү. Кокустан, өтүп бара жаткан машина
анын жанына токтоп, аны өзү менен бирге ала кетти. Бул
кандай кубаныч!
Баласын ооруканага алып баруу үчүн түн ичинде ары-
бери чуркап жүргөн адамга, машинасы менен келип калган
досу кандай сүйкүмдүү көрүнөрүн билесиңби? Булардын
баары Аллах тарабынан берилген жакшылык эмеспи? Му-
сулман бир тууганынын муктаждыгы үчүн кадам койгон
адамга Аллах көптөгөн жакшылыктарды даярдап койгон.
Пайгамбар (С.А.В) айткан:
– «Аллахка эң сүйүктүү адам, башкаларга пайдасы тий-
ген адам. Аллахка эң сүйүктүү иш, бир мусулманга кубаныч
тартуулоо, же кайгысын бөлүшүү, же карызын төлөө, же
курсагын тойгузуу. Бир мусулмандын муктаждыгын бүтүрүү
үчүн басуу, менин мечитимде бир ай этикафка олтуруудан
жакшыраак. Ким ачуусун басса, Аллах анын уяттуу иштерин
жашырып коет. Кимде-ким мусулман бир тууганынын мук-

үлгү
таждыгын бүтүрүү үчүн кадам шилтесе, Кыяматта, кадам-
дар тайып кетүүчү күндө, Аллах анын кадамын бекем кылат.
Балды уксус бузган сыяктуу, жаман кулк-мүнөз жакшы амал-
ды бузуп коёт». (Тирмизий).
Булардан сактан!
• Тез жүрүүдөн.
• Жол чырактын эрежелерин бузуудан.
• Эскертүү белгисин баспай эле жолдун четине чыгуудан.
• Айдап бара жатканда телефон менен сүйлөшүү­дөн.
• Жол боюна унааны токтотуп коюудан.

74
Абдушүкүр Нарматов

• Сатып алуучуга айыбын жашырып унааны сатуудан.


• Айдоо күбөлүгүнө ээ болуудан алдын унаа айдоодон.
• МАИ кызматында иштеген тууганыңа ишенип жол
эрежелерин одоно бузуудан.

Өзүңдү текшер.
Буларды аткарамын: Дайыма Көбүнчө Кээде Өтө аз
Аллах берген нээматты муктаж-
дарга беремин.
Муктаж болгонумда гана башка-
лардан жардам сураймын.
Муктаждыгымды өзүм чечемин.
Жол чырак эрежелерине көңүл бу-
рамын.
Унаамды жакшы иштерге гана
иштетемин.
Башкаларга кызмат кылууга кы-
зыгамын.
Аллахтын ыраазылыгына же­
түү
үчүн кичипейил боломун.
Унааны башкарууда башкалар-
дын бар экенин да эске аламын.
Шашылбаймын.

Дайыма 4 даража. Көбүнчө 3 даража. Кээде 2 даража.

үлгү
Өтө аз 1 даража.
Эң жогорку даража 36. (4×9=36). Кимдин даражасы
18ден аз болсо, анда өзүн тарбияласын.

Унутпа!
1. Башкалардан жакшы жүрүм-турумду күтүүдөн алдын
өзүңдүн жүрүм-турумуңду оңдо.
2. Башкалардын да сеникине окшош кыйынчылыктары бар.
3. Өз кадыр-баркыңды башкалар сезүүсү үчүн, алардын
кадыр-баркын сезе бил.
4. Жакшы адеп-ахлак (кулк-мүнөз) жандуу-жансыздар-
га, адамдарга жана айбандарга, кыскасы баардык айланага
75
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

пайда гана алып келет.


5. Жаман кулк мүнөздүү адамга эч кандай жакшылык жок.
6. Жакшы кулк-мүнөздүн ээси Кыямат күнгө чейин уну-
тулбайт.
7. Жакшы мүнөз ээсинин сооптору өлгөндөн кийин
дагы жазыла берет.
8. Бул дүйнөдө жалгыз эмес экениңди бил. Башкалар-
дын да сезимдери, үмүттөрү, акылары жана укуктары бар.
9. Жашооң бейпил жана берекелүү болуусун кааласаң,
анда кулк-мүнөзүңдү оңдо.
10. Жүрүм-туруму жакшы адамды туураганга аракет кыл.
11. Үммөттүн өнүгүүсү үчүн жаштардын кулк-мүнөзүн
оңдоого аракет кыл.
12. Дин душмандары биздеги эң жакшы адеп-ахлакты,
тартипти алып, бизге алардагы эң жаман адаттарды, бузуку-
луктарды жөнөтүп жатканын билип жүр.
13. Эки дүйнөдө бактылуу болуунун ачкычы жакшы
кулк-мүнөз экенин эсиңе тут.
14. Бул дүйнөнү жакшы кулк-мүнөздүүлөр нурлантып
турат. Мына ошолордон бол!
15. Жакшы кулк-мүнөз ыкластуулуктун жана таза ише-
нимдин белгиси.
Бүгүнкү биздин абалыбыз, өзүбүздүн кулк-мүнөзүбүзгө
байланыштуу. Хадисте, Пайгамбарыбыз: (С.А.В)
– “Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зыян бер-

үлгү
бейт жана жардамсыз калтырбайт. Мусулмандын аброю,
мал-мүлкү, каны арам болот. Такыбалык жүрөктө. Мусулман
бир тууганын жек көрүү, жамандык болуп эсептелет” – деп
айткан. (Муслим).
Биз эскерген осуяттар керексиз эмес. Бул эскертмелер
сиздин көңүл бурууңузга муктаж. Ата-энелерге, мугалим-
дерге, Аллахтын динине чакыруучуларга сый көрсөтүүгө
үндөйбүз. Адамдардын бири-бирин сыйлоосу, алардын ара-
сында сүйүүнү жана ынтымакты көбөйтүп, коомчулука ку-
баныч тартуулайт.

76
Абдушүкүр Нарматов

16. Башкаларды сыйлоо үчүн, ар бир адам алгач өзүн


сыйлай билүүсү керек. Жаман кулк-мүнөздөн сактанып,
аны жакшы тарапка өзгөртүү зарыл. Башкалардын абийрин
төгүүдөн сактанабыз. Эгер сени башкалардын сыйлоосун
кааласаң, сен да башкаларды сыйла.

үлгү
77
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

үлгү
78
Абдушүкүр Нарматов

үлгү
79
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

үлгү
80
Абдушүкүр Нарматов

үлгү
81
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

үлгү
82
Абдушүкүр Нарматов

үлгү
83
ЖАШООŒДУ ЄЗГЄРТ

үлгү
84
Абдушүкүр Нарматов

үлгү
85
ЄКЇЛЧЇЛЇК ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН КИТЕПТЕР

үлгү
86
DVD дисктер

үлгү
87
үлгү

You might also like