You are on page 1of 4

Саламдашуу (23-сентябрь Иш-чара)

1.
Кеп өзөгү салам болот элибизде,
Салам салтын бек сактаган жерибизде.
Салтты улап салам менен сөз баштайлы,
Күч тартуулап,дем кошуп демибизге.

Салам кошот адамды ажыраган,


Бириктирет көңүлдү чачыраган.
Саламдашуу,ынтымак бөксөрбөсүн,
Көбөйсүн жарык жүздөр жадыраган.

Саламатсыздарбы,урматтуу максаты
бийик,милдети ыйык,сунганы
билим,издегени илим,тарбиясы
бекем,дүйнөсү кенен мугалимдик
кесиптин ээлери , билим жолун аскер
жолуна байланыштырып келечекке
кадамдап бара жаткан мураскерлер жана
сыйлуу коноктор.
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 33
жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-
сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети
“Кыргыз ССРнын мамлекеттик тили
жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң
кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын
берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку
Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили
мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий
тил деп жарыяланган.

Бүгүнкү «23-сентябрь мамлекеттик тил


күнүнө» арналган иш-чарабызга кош
келипсиздер.Ар бириңиздерге жылуу
маанай,бийик көңүл,жаңы дем каалайбыз.

2.Анда эмес бүгүнкү иш-чарабызды


көңүлдөрдү ачып,көкүрөккө сулуулук
толтуруп алуу үчүн элибиздин
маданиятын,эстетикалык өзгөчөлүгүн
чагылыдырп бере алган улуттук бийге
кезек берсек.
3.Элдин,улуттун негизги байлыгы-бул
тил.Аны менен улут ырын жазган,сырын
айткан,чыгарма жаратып,тарыхты
улап,маданиятка из салып,келечекке
тарбия берген.Тилдин мааниси эл
үчүн,мамлекет үчүн,адам үчүн,коом үчүн
мааниси зор.Анда
эмесе,тилибизди,элибизди
даңазалаган,жүрөккө дем,сезимге күч
берүүчү көркөм окууга кезек берсек.

4.Эзелтен элибиз обон менен черин


жазып,обон менен күч алган.Дайранын
агымын,булбулдун сайрашын,жүрөктүн
кагышын,жан-дүйнө дабышын угуп,сезип
чоңойгон ар бир кыргыз тукуму ырга
жана обонго жакын.Анда эмесе,кийинки
кезекти обондуу ырга берсек.

5.Элибиздин муңуң да,күлкүсүн


да,сүйүүсүн да,арманын да үч кылдын
ичине батырган комуз өнөрү элдин
маданиятын бийиктикке сүйрөп
барууда.Келип калган кезекти комуз
өнөрүнө берели.

6.Кыргыз журтунун дагы бир өзгөчөлүгү


сүйлөгөндө тили таттуу,сөзү
уккулуктуу,ырааттуу жана ошону менен
бирге бир зымга тизгендей
уйкаш,көркөм.Анткени,элибиз оозеки
чыгармачылыгы менен
маданиятын,адабиятын кылымдар бою
сактап келе алган.Дагы бир уюткулуу
өнөр,өзгөчө талант болгон төкмө
акындыкка кезек берсек.

7.Дагы да болсо демибизге дем,күчүбүзгө


күч кошуп,жүзүбүзгө
жылмаюу,жүрөгүбүзгө жылуулук
жаратып алышыбыз үчүн кайрадан
обондуу ырларга кезек берсек.

You might also like