You are on page 1of 7

Узакбай уулу Кайратбек

БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун


Педагогика багытынын 3-курсунун студенти.
Илимий жетекчиси:
Абдиева Айша Мухаматкуловна
Uzakbay uulu Kayratbek, student of BatSU SRI
Science supervisor – A. M. ABDIEVA

Улуу инсан Исхак Раззаков жөнүндө бейнелер


Аннотация:
Бул макалада Улуу инсан И. Раззаковдун өмүр таржымалы,
ишмердүүлүгү, ошондой эле ал жөнүндо эл ичиндеги эскерүүлөр, гезит-
журналдарга, китептерге жарыяланган маалыматтар берилет.
Ачкыч сөздөр:
Улуу инсан, көсөм жетекчи, интеллекти бийик, гезит-журналдар, китеп,
эскерүү.
Аннотация:
 ýòîé статье рассказывается истории жизни и деятельности Великого
И.Раззакова, а также, даётся воспоминании о нём и информации опубликованной в
книгах, журналах и газетах.
Êëþ÷åâûå ñëîâà:
Великая личность, мудрый руководитель, интеллектуальный, газеты, журналы,
книга, воспоминания.
Annotation:
This article tells the story of the life and work of the Great personality. Razzakov, as
well as the recollection of him and information published in books, magazines and newspapers.
Keywords:
Great personality, wise leader, intellectual, newspapers, magazines, book, thinks about
history.
Исхак Раззаков- Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түзгөн Улуу инсандардын
арасында дайыма ардактуу орунду ээлеп келген жана ээлемекчи. Ал кыргыз элинин гана
эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын көрүнүктүү инсаны жана саясий ишмери болгон. Өз
мезгилинде илим- билими ашып-ташыган, турмуштук тажрыйбага бай, келечекти көрө
билген чыгаан адам [1.13-б.]. Исхак Раззаков ак эмгеги, асыл ой тилектери, эли-жери
жана мамлекети учун өмүрүнүн акырына чейин ак эмгектенген кыргыздын уулу. Алгач,
улуу инсандын өмур баянына кыскача токтолуп өтсөм.
Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Сүлүктү шаарына жакын жердеги
Коросон айылында кенчинин үй-бүлөсүндө туулган. Исхак 3 жашында энеси Сейит кызы
Жамыйладан, 8 жашында атасы Берк уулу Раззактан ажырап, томолой жетим калат.
Айылдагы жакын туугандарынын жардамы менен Ходженттеги (мурдагы Ленинабад)
балдар үйүндө тарбияланат. Кийин Ташкенттеги интернаттан тарбияланат. Азан айтылып
Ысак деген аты Исхак, туулган күнү 25-октябрь деп жазылып калат [2. 6-б.].
1931-жылы Ташкент шаарындагы педтехникумду бүтүрүп, финансы техникумунда
философиядан окутуучу болуп, алгачкы эмгек жолун баштаган. 1931-36 жж. Москвадагы
В.П.Плеханов атындагы Пландоо институтунда билим алат. 1936-45-жж. аралыгында
Ташкент шаарында иштеп, Өзбекстандын агартуу тармагын өнүктүрүүгө, экономика жана
соода боюнча кадрларды даярдоого чоң салым кошкон [1. 14-б.].
1945-жылы 10-декабрда 35 жаш курагында Кыргыз ССР Эл Комиссарлар
Кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, өз мекенине келет [2. 7-б.]. 1950-жылы 28-
июнда Кыргызстан КП(б) БКнын биринчи катчысы болуп дайындалган.1961-жылы август
айында СССР Мамлекеттик Пландоо комитетинин аппаратында иштейт. 1979-жылы
Москвада улуу инсан 69 жашын да дүйнөдөн кайтат.
“Эл эмгектен эскерет” деп айтылгандай, улуу кеменгер жетекчи И.Раззаков
жөнүндо эл оозунда ар дайым жакшы сөздөр айтылып келгендиги баарыбызга маалым.
Бекеринен элибизде “Жакшы инсан эки өмүр менен жашайт: тирүү кезиндеги жана
өлгөндөн кийинки өмүрү менен” деп айтылбаса керек . Анткени, жакшы адамды өлгөндөн
кийин ал киши жөнүндө ар дайым жакшы сөздөрдү айтышып, жакшылык жактарын эстеп,
ал гана эмес, гезит-журналдарга, маалымат каражаттарына эскерүүлөрдү, макалаларды
жазышып, элге жарыяланып келгендиги- ошол кишинин түбөлүккө уланып жаткан өмүрү
эмеспи?
Мен бул макалада сыймыктуу жердешибиз Исках Раззаковдун эл арасындагы
эскерүү бейнелерине, тагыраак айтканда гезит-журналдарга жарыяланган жана китептерге
басылып чыккан маалыматтарга токтолмокчумун.
И.Раззаков туурасында “Советтик Кыргызстан” гезитинин 1990-жылы 25-октябрда
чыккан санында «Элесиң эсибизден чыкпайт» аттуу партиянын, согуштун жана эмгектин
ветераны, союздук маанидеги песионер К.Ташиев макаласында мындайча эскерет:
“И.Раззаков көзү болгондо 80 жашка чыкмак. Бирок анын каза болгонунан бери 11 жыл
өткөнүнө карабастан элибиз ардайым эстеп, элесин эстен кетирбей жүрүшөт [3].
Ал эми «Баткен таңы» газетасында «Асыл пикир, асыл баалар» деп аталган Кыргыз
ССР Жогорку Советинин төрагасы Кыргызстан КП БК(б)нын 1- катчысы,А. М.
Масалиевдин эскерүүсүндө минтип берилет:“ Исхак Раззаков экономика болобу, саясий
мамлекеттик иштерби, адабият жана искусство болобу, тартиптүүлүктү, адамгерчиликти
сактай билүүдөбү, акылдын тунуктугубу же сөзгө чечендигиби, элди башкаруудабы,
жаштарды тарбиялоодобу, кадрларга жалпы эле адамдарга күйүмдүүлүгү, кен пейилдиги,
сабаттуу-маданияттуулугу жагынанбы, айтор адам баласынын турмушунда кездешүүчү
маселелерди жакшы түшүнгөн, компетенттүүлүгү бийик киши болгон”[4]. Мындан, биз,
кеменгер башкаруучунун ар тараптуу интеллекти бийик, мамлекетти башкаруудагы
чыныгы жетекчи болгондугуна күбө болобуз.
2005-жылдын 25-28-марттагы «Кыргыз туусу» гезитинин чыгарылышында
«Тарыхый инсан» макаласында мурдагы өкмөт башчысы Абды Сүйөркулов Исхак атабыз
жөнүндө: “Исхак Раззаковдун тушунда мен 9 жыл (1950-1958жж.) Өкмөттүн башчысы
болдум. Ал экөөбүз Кыргызстандын өнүгүшүнө жаштыгыбызды, курчтугубузду, талыкпас
аракетибизди арнаганыбызга абдан сыймыктанам. Биз, ал кезде «Уникалдуу республика»
делип даңкталчу элек. Союздан аз сурап, кайра Союздун өзүн «бер,бер» дедиртип
чөгөлөтүш онойбу? Экономикабыздын ыйгарым менен иштеши, элдеги көтөрүңкү
маанай, биринчи жетекчибиздин, айрыкча, билгич касиет-сапаттары сыймыктанууга негиз
берген” [5] деп эскерет. Чындыгында, Исхак Раззаковдун мамлекеттин өнүгүүсүнө
талыкпас эмгегин, өмүрүн арнагандыгына бул маалымат далил.
«Улуу инсан» туурасында бир канча китептер басылмалардан чыгып, анын ичинде
эң баалуу болуп саналган Раззаковдун учкул сөздөрү эл арасында кадыр-баркка ээ болуп,
окурмандар тарабынан кол китебине айланып келет. 1996-жылы Улуу инсан жөнүндө
эскерүүлөр деп аталган китепте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз ССР
Жогорку Советинин 6 жолку депутатты Беляк Юрий Петрович мындай дегени бар:
“Исхак Раззаков чыныгы интеллигент катары кыргыз элинин билим деңгелин көтөрүүгө
зор камкордуктарды көргөн. Анын демилгеси менен Кыргыз мамлекеттик университети,
Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы, Ош пединституту, Кыз-келиндер педагогика
институту ж.б окуу жайлары ачылып, жалпы билим берүүчү мектептердин материалдык
техникалык базаларын чындаган.”[2,176-177-б]. Демек, И.Раззаков кыргыз жериндеги
илим-билимдин башатын негиздеген, билим деңгээлинин өсүп-өнүгүүсүнө чыйыр жол
салган мамлекет башчы болгондугун бул маалымат тастыктап турат.
Кыргыз элинин улуу уулу- Раззаков өзбек элинин ичинде да кадыр-баркы бийик
болгон. Буга мисал катары: Өзбек жумуриятынын Борбордук Комитетинин мурдагы 1-
катчысы, КПСС БК(б) нын катчысы, азыркы Өзбек республикасынын табиятты жана
эстеликтерди коргоо комитетинин төрагасы Мухитдинов Н. А: “Эки элдин тен ишенимдуу
уулу эле. Исхак Раззаков чыныгы атуул, интернационалист инсан эле. Ал Өзбекстанда эн
жакшы таасир калтырды. Бул жерде катардагы кызматчылыктан Өзбекстан Мампланынын
төрагалыгына, Агартуу министирлигине, Партиянын Борбордук Комитетинин
катчылыгына чейин көтөрүлгөн. Ак эмгеги, акыл идиреги ушу даражага жеткирген.Ал
кишинин ысмы менен бүткүл Өзбекстан сыймыктанабыз.” деп эскерет. [2.42-48-б.].
Ал эми 2000-жылы 18-августагы «Асаба» гезитине жарыяланган Улуу
жетекчинин урпагы Эльмира Раззакованын (кызы) «Искак-жол» деген
аталыштагы эскерүүсүнө токтолсок; “Атам, Ата Журту жөнүндөгү ойлор
менен жашап, катуу кусаланып, Кыргызстанга байланышкан өзүнүн
кубанычын да, кайгысын да, бизден жашырчу эмес. Мен үчүн бул саптарды
жазуу оор. Анткени, атам үчүн менин жан дүйнөмдө эч качан өчпөй турган
ыза, өз жумурияты учун керт башын сайып коюп, кызмат кылам деп жүрүп,
үрөй учурган адилетсиздикке-өз Мекенин көрбөстөн көз жумууга дуушар
болгону көнүлүмдү эзип, көкүрөктө жашай берет…”[6].
СССР Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү Шаршеналы Абдылдаев
1989-жылы «Ала Тоо» журналына жарыяланган макаласында Исхак Раззаков жөнүндө
мындай эскерет: «Исхак Раззакович кайтыш болгондо жердештери ал кишини акыркы
сапарына узатып бара жатышып, топурак салбай калышты. Казганактап бейит башында
туруп; «Кош боорум! Жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун!» -дешип, баштарын
ийип, кош сөздөрүн айтпай калышты. Аза күтүү ырасымында табыт жанында калкайып
турууга тийиш болгон калаба калын журт, ал турмак, ал кишинин навыт болгонун
угушкандары да жок. Аттиң десең, баарыдан өкүнүчтүүсү ушул болду! Исхак Раззакович
өзүнүн өрнөктүү өмүрү, ийги иштери менен ак пейил аруулугу менен кантсе да, калк
кадыр тутар АДАМ эле го!” [7].
Улуу инсан арабызда жок болсода тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып,
артыдан замандаштары, кыргыз эли жана дүйнө эли эскерип, журналдарга, газеталарда,
интернет баракчаларында эч өчпөстөн, унутулбастан эскерилип келүүдө жана келе
бермекчи.
Исхак Раззаковдун жаркын элеси кыргыз элинин, анын ичинде бүт Лейлек,
Сүлүктү жергесиндегилердин көңүлүндө түбөлүккө сакталып кала бермекчи. Бишкек
шаарында, Ош, Жалалабад, Баткен облустарындагы көчө, музей, фонду, окуу жайлары ж.б.
улуу инсандын атына коюлган. Ал киши жөнүндө саясый жана мамлекеттик ишмерлер,
жазуучу-акындар, журналисттер, окумуштуулар, замандаштарынын көптөгөн макалалары,
китептери жарыяланган жана да болсо жарыялана бермекчи. Анткени, көсөм жетекчинин
өз мекени үчүн жасаган эмгектери кылымдар бою даңкталып, келечек муундарына үлгү
боло бермекчи.
Колдонулган адабияттар:

1. С.Аминов, Т.Максытов. Исхак Раззаковдун жердештери. Ош-2005-ж. [1.13-б.], [1.


14-б.].
2. А.Масалиев – Улуу инсан. Бишкек, 1996-жыл.[2. 6-б.].[2. 7-б.].[2,176-177-б]. [2.42-
48-б.].
3. “Советтик Кыргызстан” газетасы. 1990-ж. 25-октябрь. «Элесиң эсибизден
чыкпайт» .
4. «Баткен таңы» газетасында «Асыл пикир, асыл баалар» макаласы.
5. «Кыргыз туусу» газетасы. 25-28-март, 2005-ж. «Тарыхый инсан» макаласы.
6. «Асаба» газетасы. 2000-ж. 18-август «Искак-жол» макаласы.
7. «Ала тоо» журналы. 1989-ж. Фрунзе шаары.
Баяндаманын багыты : Тарых
Баяндамачы: Баткен Мамлекеттик Университетинин
Сүлүктү аймактык институтунун
Педагогика жана экономика факультетинин
Педагогика багытынын
Пк-1-16 тайпасынын студенти
Узакбай уулу Кайратбек
Тел: 0770 10 34 64

Илимий жетекчиси: Баткен мамлекеттик Университетинин


Сүлүктү аймактык институтунун
директорунун орун басары, ага окутуучу
АБДИЕВА АЙША МУХАМАТКУЛОВНА
Тел: 0777 22 96 22
Электрондук почтасы: aysha.abdieva.1980@mail.ru

You might also like