You are on page 1of 4

1.

Асандын окуу жайын таштап,толугу менен жумушка кирип кетүүнү


каалоосу туура эмес.Анткени кыйын адис болуу үчүн ,ал кесиптин
теориясын да абдан жакшы билүү керек.
А)баяндоо Б)сүрөттөө В)ой жүгүртүү Г)баяндоо
2.Кайсы варианттагы сөздү эки түрдүү жазууга болот?
А)мүрзө-мүрдө Б)тырнак-тырмак В)мыкчы-мычкы Г)чүпүрөк-чүпрөк
3.Бектур токоч болуп калыптыр.Жогорудагы сүйлөмдүн мааниси кандай?
А)Бектур катуу таяк жеп калыптыр.Б)Бектур жаман арыктап кетиптир.
В)Бектур ысык-суукка бышыптыр. Г)Бектур баарын билип калыптыр.
4. Кыргыз кызык элбиз.Кытайдын бир жолу колдонула турган көк
устарасын 10 жолу колдонобуз.Шампунь түгөнсө,ага суу
кошуп,көбүртүп,аягына чейин чыгарабыз.Чоң атабыздан калган
“Москвичти”улам устага алып барып, оңдотуп минебиз.Негизи,үнөмдөгөндү
жакшы билебиз да,неге ушундай аш-тойлордо кашыктап топтогонду
чөмүчтөп чачабыз?Эмне үчүн ошол акчаны илим-билим алууга коротпойбуз?
Жок дегенде,өзбек туугандардай бир өнөр үйрөнүп албайбызбы?
Америкалыктар 3Д принтер менен адамдын боорун жасап жатса,корейлер56
секундада бирден “Хюндай”үлгүсүндөгү автомашина чыгарып жатышат.Биз
дале болсо мандаш токунуп алып эт жегенден башканы билбей турган
замандабыз.Тойлор сөзсүз керек.Башка элдердин тойлоруна барып
жүрөбүз.Өтө сарамжалдуу жана үнөмдүү.Бизде болсо керек эмес жоруктар
аябай көп.Кытайдан чыккан жасалма калпактар менен көйнөктөр тоймо-той
кыдырып,саргайып да кетет.Пайгамбар жашына барып калган чоң ата,чоң
апалардын рок-н-роллго бийге түшкөн обу жок кылыктары “Ютуб” аркылуу
тарап,бүт улутту уят кылып бүттү.Эл жакшылары ушунун баарын эске
алып,аш-тойлорду бир нукка сала турган учур бышып калды.
Тексттен автордун эмнеге каршы экенин билүүгө болот?
А)той-аштарга Б)ысырапкордукка в)эт жегенге Г)рок-н-роллго
5.Тексттин автору эмнеге кыргыздарды “кызык эл” деп айтууда?
А)анткени кыргыздар кашыктап топтогонду чөмүчтөп чачат
Б)анткени кыргыздар илим-билимге кызыгышпайт
В)анткени кыргыздар эт жегенди жакшы көрүшөт
Г)анткени кыргыздар абдан сараң
6.Тексттен эң көп автордун кандай маанайын байкоого болот?
А)кайгырып жатканын Б)боору ооруганын
В)нааразы болгонун Г)жек көргөнүн
7.Китебине.Жогорудагы сөздүн акыркы мүчөсүнүн алгачкы формасы
кандай? А)не Б)на В)га Г)а
8.Кайсы вариантта татаал сөз дефис аркылуу жазылат?
А)ден соолук Б)ит мурун В)өнөр жай Г)иш чара
9.Жыргалбек ырчы эмес.Жыргалбектен кийин кандай тыныш белги керек?
А)сызыкча Б)кош чекит В)үтүр Г)керек эмес
10.Кекиртегин талга асуу фразеологиясынын мааниси?
А)каза болуу Б)азап тартуу В)ач болуу Г)сүйлөй албай калуу
11.Ал элдин арасында мышык сопу болуп отурду.Фразеологизмдин
мааниси?А)тартынып Б)билмексен Г)укмаксан Г)ачууланып
12.Туура тыныш белги коюлганы кайсы?
А) Ооба,угуп жатам,эже,айта бериңиз.Б) Ооба,угуп жатам,эже айта бериңиз.
В)Ооба,угуп жатам эже,айта бериңиз. Г)Ооба угуп жатам,эже,айта бериңиз.
13.Асыл,иниң,агаң кайда жүрүшөт?Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөз кайсы?
А)Асыл Б)иниң,агаң В)Асыл,иниң,агаң Г)андай сөз жок
14.Өткөндө ,Азат, Кайрат салган үйдү көрдүм окшойт.Сүйлөмгө мүчө боло
албаганы... А)Өткөндө Б)Азат В)Кайрат Г)окшойт
15.Тыныш белгиси туурасы кайсы?
А)Алмаз,Улан,экөө тең бизде иштейт.Б)Алым биздин мекемедеги-эң кыйын
адам.В)Сиздер,депутаттар,абдан адилеттүү болушуңуздар керек.
Г)Сен да,мен да,ал да:баарыбыз бул жерде кала албайбыз.
16.Эртең менен бир стакан суу ичүү ден соолукка пайдалуу.Кептин кайсы
түрү?А)баяндоо Б)төгүндөө В)ой жүгүртүү Г)кыялдануу
17.”Түлкү тиштемей” фразеологизминин мааниси?
А)амал менен алдагандык Б)чала тоют
В)алданып калуу Г)шашып кетүү
18.Жана байламтасынын тыныш белгиси кайсы учурда туура?
Б)Анын денеси салмактанды , жана башы каңгырап ооруй баштады. (К. Б.)
Б)Полу сырдалган жана, дубалдары акталган.
В)Үрөнүңөр да толот жана курсагыңар да тоёт.
Г Алма да, жүзүм да жана жаңгак да биздин тоолордо.
19.Сүйлөмдө канча жөнөкөй сүйлөм бар?
М:Болгула,урушта туруш жок,эртерээк кыймылдап,арабаларга отундарды
жүктөй берели,менимче,калганын балдар өздөрү жыйнайт жана көзөмөл
кылууну улантышат.А)4 Б)5 В)6 Г3
20.Багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдүн ортосуна кыстырылып келген
учурунун кайсы биринде тыныш белгилер туура?
А)Булар мен эки жетимди бага албай жүрсөм, мага чыгым салышат.
Б)Бригадирликти ,мен балдар фронттон кайтып келер замат, өткөрүп бергем.
В) Уулжан, Жапар менен Жамийла келгенче, даамдуу сонун тамактарды
даярдады.Г)Элет эли кыш мезгили келгенге чейин,бир топ даярдык көргөнгө
жетишишти.
21. Тыныш белгиси ката коюлган учур кайсы вариантта?
А)Сурьманын көп чыга турган жери бизде, Кыргызстанда.
Б) Алыстан көрүнгөн эки кабат үй – мектеп, «Дөң-Арык» орто мектеби.
В)Өлкөбүздүн окумуштууларына, инженерлерине, техниктерине ,космос
кораблин түзгөндөргө, урмат жана даңк!
Г)Т. Альшбаев – тажрыйбалуу мугалим, эл агартуунун отличниги,
методикалык секцияга жетекчилик кылды.
22.Тыныш белгинин туурасы кайсы?А)Кичинекей, сары абышка куржундун
оозун ачып, баласына тамак берип жатты.Б)Баланын алагай, чоң көзү жез
чарадагы боорсокко түшө калды.
В) Паровоз ан сайын коюу, кара түтүнүн асманга бүркөт.
Г)Согушка жашы өткөн,оорукчан,майып адамдар алынган эмес.
23.Тыныш белги кайсы биринде туура коюлду?
А)Тегерек , жыгач стол сатып алдык.
Б)Айнура кызыл , жибек көйнөк тиктирип кийиптир.
В)Элибиз майданга жаш , күчкө толгон жигиттерди жиберип турду.
Г) Узун ,кара тон тон кийген бала кирип келди.
24. «Да» байламтасынаүтүрдүн ката коюлуусу кайсы вариантта?
А)Клубда да, кампада да, сарайда да, ар бир үйдө шамдар жанат. (Т. С.)
Б)Биздин көп жерлерибиз жемиштүү да, гүлдүү да, бактуу. (Т. С
В)Бирок жоокерлер көңүлдүү да, кайраттуу да, ак ниеттүү да.
Г)Бүгүн да,эртең да күн сайын тескөөгө ала берчү болду.
25. Сүйлөм ичинде бир нече ирет кайталанган «да» байламтасынан кийин
«жана» байламтасы келсе…туурасы кайсы?
А)Жаздын ажарын ачкан май айы сулуу да, көркөм да, шаттуу да, жана
мээрим. Б) Биздин ошол тоолордо аркар да, кулжа да, аюу да, жолборс да
жана бугу, маралдар бар.В) Алма да, жүзүм да жана жаңгак да биздин
тоолордо. Г)Анар ,алмурут, жана чие гүлдөй баштады.
26. Катасы тыныш белги коюлганы кайсы?
А)Бир айда , же эки айда, же күзүндө келет. (Т. С.)
Б)Биздин курстан Өмүр, же Зуура, же Салый сыйланат.
В) Өзүбүз ары тууган ары ата-баладай болуп калдык эле.
Г)Керим билимдүү, ары өткүр, ары уюштургуч жигит эле.
27.Кайсы бири тең байланыштагы сүйлөм эмес?
А)– Билбейм, мен эчтеке билбейм! (Ч. А.) Б)– Жүр, баламды көрсөт! (Ч. А.)
В) – Жүрү, бээлер желеге келишти.
Г) Уктабады ,таң атканча жылдык программаны түзүп.
28.Кайсы бири тең байланыштагы сүйлөм эмес?
А) Айтыңызчы, атыңыз ким? Б) – Бар, балаң ыйлап жаткандыр.
В)Бол, эрте барып, Курбудагы тарууну оро салалы.
Г)Жүгүрүп барды , өзү теңдүү балдарга кошулуп.
29.Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм кайсы бири?
А)Ырыс-кешиктүү,берекелүү үй-бүлөдөнсүн , балам, чынын айтсам.
Б) Токтогул таң атканча уктабады,досторунун аманчылыгын сурап.
В) Ал көптү билет,апасынын айтуусуна караганда.
Г)Жүгүр,артынан сүйөп жибер !
30.Төмөнкү сүйлөмдөр кандай сүйлөмдөр?
1) Каныбектин кабарын угуп, Бегайым түнү менен уктабай чыкты.
2) Чындап окугум келсе барбы, колумдагы китепти эки саатта окуп коём.
31. Төмөнкү сүйлөмдө кайсы сөз айкашы өтмө мааниде колдонулган?
Ал дарыгерге көрүнгөндөн кийин, жүрөгү оорубай эле, боору ооруганына
көзү жетти. Жооп:____________________________________________
32. Төмөндөгү татаал сүйлөм канча жөнөкөй сүйлөмдөн турат?
Дүйнө жымжырт боло түштүбү же кулак тунуп калдыбы – дабыштар өчүп,
айлана-тегерек тумандап, эми эле чайыттай ачылып турган жер-суу жоголуп,
анын ордуна кызыл өрт каптаган караңгылык басты да калды.
33. Джо Байден АКШнын кырк алтынчы президенти болуп шайланды.
Сүйлөмдөгү кайсы сөздө орфографиялык эреже сакталган эмес?

You might also like