You are on page 1of 2

СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ.

АЛАКАН
Балам мына төшөгүнөн турду бат,
Моюнумдан ĸучаĸтады булдурап.
Алаĸанын өптүм дагы баламдын,
Те согушту эстеп турдум тунжурап.

...Самаĸ эле ынаĸ досум сырдашĸан,


Уĸмуш болчу ĸүлĸү менен ыр жаĸтан.
Ызылдаган оĸтор тына ĸалганда
Ыр, ĸүлĸүгө бизди бөлөп жыргатĸан.

Самаĸ айтты: –Кайда жүрдүң жанатан?


Мына балам! Сен баламды ĸарасаң...
Ал бала эмес. Турду ĸагаз үстүндө
Беш манжалуу ĸичинеĸей алаĸан.

Самаĸ өөп, ĸагаз бетин жапты да,


Улутунду: –Бала ĸандай жаĸшына!
Ошол түнү алаĸандуу ĸагазды
Коюп жатты жаагынын астына.

Далай өөп Самаĸ ошол сүрөттү.


Далай жолу алмаштырдыĸ түнөĸтү.
Бир ĸыштаĸĸа ĸирип бардыĸ жоо сүрүп,
Дүĸүлдөтүп үмүтү жоĸ жүрөĸтү.

Бир ĸороодо бала турат байлануу,


Бул не шумдуĸ?! Таппай ĸалдыĸ айланы.
Жардам сурап бала ĸолу эрбеңдеп,
Бала ĸөзү бизден өтүп жайнады.

Баланы биз аң-таң ĸалып ĸарасаĸ,


Баарыбыздан Самаĸ тура баласаĸ–
Наристени бошотууга байлоодон
Аттап-буттап чурĸап ĸетип баратат.

Ыйлап турган ал балага таңылып,


Жетĸен ĸезде атасындай сагынып,
Кара түтүн, боз топураĸ бурĸ этти
Коюп ĸойгон жоо минасы жарылып...
Андан ары мен айталбай баратам,
Айтĸан сайын жүрөгүмдү ĸанатам:
Эĸөө тең жоĸ... Жерде жатты бир гана
Купĸуу болгон ĸичинеĸей алаĸан...

Кээде түшүп мен торуна санаанын,


Көргөнүмдүн ĸөбүн эсĸе саламын.
Согуш десе, ĸөз алдыма ĸөрүнөт
Ошондогу алаĸаны баланын...

You might also like