You are on page 1of 7

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРYY ЖАНА

ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

И.РАЗЗАКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК

ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

«Кыргыз тили» боюнча

№1 текшерүү иши
( 1-курс, 1-семестр )
Шифри:
№ 1 вариант

Аткарган: Турдубаев Урмат Б.


.

Группасы: УК(дот)-1-21
.

Текшерген: Жумагул кызы Айнура


.
БИШКЕК – 2020

№1 текшерүү иши

1-вариант
1-тапшырма. Тѳмөнкү текстти кѳчүрүп жазгыла. Тексттен зат атооч
сѳздѳрдү таап, алардын ар бирине зат атоочтун грамматикалык
категориялары боюнча (жак, сан, жѳндѳмө, таандык) талдоо жүргүзгүлө.

Улуттук каада-салттарыбызды сактайлы

Дүйнѳдѳ кѳптѳгѳн улуттун ѳкүлдѳрү жашайт. Ал улуттардын ар


биринин ѳзүнѳ тишелүү улуттук каада-салттары, үрп-адаттары бар.
Алардын ичинде кыргыз эли да ѳзүнѳ тиешелүү каада-салттарга жана үрп-
адаттарга ээ. Алар элибиздин ѳткѳн тарыхы менен тыгыз байланышып
турат. Биз, кыргыздар колубуздан келишинче ата-бабаларыбыздын бизге
калтырган мындай баалуу мурастарын сактап калуу үчүн жан аябай
аракеттенишибиз керек. Анткени, бул ата-бабаларды сыйлоо, алардын
элесине, ѳз тамырыңа, урпактардын өсүп-өнүгүшүнө, бактылуу келечек
түзүлүшүнө кеңири жол салу жана ѳзүңѳ болгон жѳнѳкѳй адамдык мамиле
болуп саналат. Салттын мааниси мына ушунда. Ал туруктуу жашоонун
формаларын түзѳт, бизди маңкуртчулуктан куткарып, улуттугубузду
сактайт. Байыркы грек тарыхчысы Геродот «Эгер жер жүзүндѳгү баардык
элге каада-салттардын эң жакшысын тандап алгыла десе, ар бир эл ѳзүнүн
гана салтын тандап алмак, анткени ар бир эл ѳзүнүкүн артык деп эсептейт»
деген таасын сөзүн айтып кеткен.
Кыргыз элинин «Yйлѳнүү үлпѳтү», «Бешик той», «Сүннөткө
отургузуу», «Кыз узатуу», «Кудалашуу», «Сѳйкѳ салуу», «Конок тосуу»,
«Тушоо кесүү» жана башка ушул сыяктуу кѳптѳгѳн салттары бар.
Жашообузда алардын ар бири ѳзүнчѳ чоң мааниге ээ болуп саналат.

2-тапшырма. «Бешбармак – кыргыз элинин улуттук тамагы» деген темада


15-20 сүйлөмдөн турган текст түзгүлө. Түзгөн текстиңерден этиш сөздөрдү
бөлүп жазып, аларга этиштин грамматикалык категориялары боюнча (чак,
сан, жак) талдоо жүргүзгүлө.

3-тапшырма. Төмөндө берилген сөздөрдүн грамматикалык маанилери


кайсы жана лексикалык маанилери кайсы экендигин жазуу түрүндө талдап
бергиле.
Тоо, комуз, ачуу, бир, бүгүн, кетти.

4-тапшырма. Сүйлөмдөрдү көчүрүп жазып, аларга сөз түркүмдөрү


боюнча талдоо жүргүзгүлө.
1. Эр эңиш же оодарыш оюнуна буура булчуң, денеси чымыр, күчтүү
жана атка тың жигиттер гана чыгышат.
2. Башка уруулардан кыз алуу, кыз берүү жана үйлөнүү салттары –
тукумдан-тукумду жакшыртуунун негизи болуп саналат.
3. Байыркы заманда эле кыргыздар тамак-аштын ар кыл түрлөрүн эң
мыкты жасаганды билишкен.
4. Кыргыз элинин улуттук кийимдери жалпы жонунан үчкө бөлүнөт:
баш кийимдер, сырт жана жеңил кийимдер, бут кийимдер.

5-тапшырма. Сан атооч, сын атооч, ат атооч сөз түркүмдөрүнүн ар


бирине төрттөн, бардыгы он эки сүйлөм түзгүлө. Ал сөздөрдүн ар бирине
морфологиялык талдоо жүргүзгүлө. Түзгөн сүйлөмдөрүңөр тематикалык
жактан кыргыз элинин улуттук салттары, оюндары, майрамдары, тамак-
аштары жана кийимдери тууралуу болушу керек.

6-тапшырма. «Менин Кыргызстаным» аттуу эркин темада 15-20


сүйлөмдөн турган текст түзгүлө. Түзгөн текстиңерден тактооч сөздөрдү
жана кызматчы сөздөрдү бөлүп жазып, аларга морфологиялык талдоо
жүргүзгүлө.

Колдонулуучу адабияттар:

1. Акматалиев А.С. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. –Б.; Шам, 2000.


2. Акматалиев А.С. Кыргыздын уз-усталары. –Б.; КЭ, 1997.
3. Акматалиев А.С. Кыргыздын улуттук кийимдери. –Б; Учкун, 1998.
4. Акаева Б.А. Кыргыз элинин улуттук тамак-аштары. –Б; Учкун, 2001.
5. Кодоров Э.К. Кыргыз тили ( ЖОЖдордун улантуучу топтору үчүн
окуу китеби ). –Б; 2005.

№1 текшерүү иши
1-вариант
1-тапшырма.

Улуттук каада-салттарыбызды сактайлы


Дүйнѳдѳ кѳптѳгѳн улуттун ѳкүлдѳрү жашайт. Ал улуттардын ар
биринин ѳзүнѳ тишелүү улуттук каада-салттары, үрп-адаттары бар.
Алардын ичинде кыргыз эли да ѳзүнѳ тиешелүү каада-салттарга жана үрп-
адаттарга ээ. Алар элибиздин ѳткѳн тарыхы менен тыгыз байланышып
турат. Биз, кыргыздар колубуздан келишинче ата-бабаларыбыздын бизге
калтырган мындай баалуу мурастарын сактап калуу үчүн жан аябай
аракеттенишибиз керек. Анткени, бул ата-бабаларды сыйлоо, алардын
элесине, ѳз тамырыңа, урпактардын өсүп-өнүгүшүнө, бактылуу келечек
түзүлүшүнө кеңири жол салу жана ѳзүңѳ болгон жѳнѳкѳй адамдык мамиле
болуп саналат. Салттын мааниси мына ушунда. Ал туруктуу жашоонун
формаларын түзѳт, бизди маңкуртчулуктан куткарып, улуттугубузду
сактайт. Байыркы грек тарыхчысы Геродот «Эгер жер жүзүндѳгү баардык
элге каада-салттардын эң жакшысын тандап алгыла десе, ар бир эл ѳзүнүн
гана салтын тандап алмак, анткени ар бир эл ѳзүнүкүн артык деп эсептейт»
деген таасын сөзүн айтып кеткен.
Кыргыз элинин «Yйлѳнүү үлпѳтү», «Бешик той», «Сүннөткө
отургузуу», «Кыз узатуу», «Кудалашуу», «Сѳйкѳ салуу», «Конок тосуу»,
«Тушоо кесүү» жана башка ушул сыяктуу кѳптѳгѳн салттары бар.
Жашообузда алардын ар бири ѳзүнчѳ чоң мааниге ээ болуп саналат.
Зат атооч сөздөр :

Улуттун ѳкүлдѳрү (жөндөмө категориясы: илик жөндөмө, жекелик саны


үчүнчү жак көптүк санда)

кыргыз эли (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө

элибиздин (жөндөмө категориясы: илик жөндөмө

тарыхы (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө

кыргыздар (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө

жол (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө

мамиле (жөндөмө категориясы: Табыш жөндөмө

грек (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө

Геродот (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө


Эл (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө

Салттары (жөндөмө категориясы: атооч жөндөмө

2- Тапшырма

«Бешбармак – кыргыз элинин улуттук тамагы»

“Кыргыз ашканасы”- дегенде эле баарыңыздардын оюуңуздарга дароо эле


«Бешбармак» келсе керек. Анткени баштапкы аты «нарын» деп аталган бул
чүйгүн тамак көчмөн элдин эң биринчи улуттук тамак-ашы катары тарыхта
калган. Бешбармак- майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый
тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин сорпосуна бышырылган кесме жана
майлуу чык аралаштырылып бешбармак жасалат. Бешбармак бардык малдын
(жылкы, уй, кой, эчки) ошондой эле кийиктин (аркар, кулжа, бугу, элик)
жаңы союлган же сүрсүтүлгөн этинен жасалат. Бешбармактын эң башкы
өзгөчөлүгү катары анын табигый таза азыктардан жасалышы. Бешбармак
башка тамак-аштардан айырмаланып эч кандай вилка, кашыксыз аты айтып
тургандай беш бармак менен, кол менен желет. Бешбармактын эти майда
тууралгандыктан, адамдардын жаш өзгөчөлөгүнө карабастан кары-жашы
дебей баары жактырып жешет. Бешбармактын эң негизги курамын эт жана
камыр түзөт. Ал эми пияз башында турган татымалдар кошулган ачуу чык да
абдан маанилүү.

Этиш сөздөр:

Дегенде – учур чак, баяндагыч ыңгай, III жак

Келсе – келер чак, шарттуу ыңгай, III жак

Калган – өткөн чак, баяндагыч ыңгай, III жак

Жасалган – өткөн чак, баяндагыч ыңгай, III жак

Тууралып – өткөн чак, баяндагыч ыңгай, III жак

Аралаштырылып – өткөн чак, баяндагыч ыңгай, III жак

Айырмаланып – учур чак, баяндагыч ыңгай, III жак

Желет – келер чак, баяндагыч ыңгай, III жак

Түзөт – келер чак, баяндагыч ыңгай, III жак

3-тапшырма.
Тоо - грамматикалык мааниси: заттык мааниге ээ

Комуз - грамматикалык маанилер: заттык мааниге ээ


Ачуу - грамматикалык мааниси: сын-сыпаттык мааниге ээ
Бир - грамматикалык мааниси: сан-өлчөмдүк мааниге ээ
Бүгүн- грамматикалык мааниси: мезгилдик мааниге ээ
кетти – грамматикалык мааниси: кыймыл-аракеттик мааниге ээ

4-тапшырма.

1. Эр эңиш же оодарыш оюнуна буура булчуң, денеси чымыр, күчтүү


жана атка тың жигиттер гана чыгышат.

2. Башка уруулардан кыз алуу, кыз берүү жана үйлөнүү салттары –


тукумдан-тукумду жакшыртуунун негизи болуп саналат.

3. Байыркы заманда эле кыргыздар тамак-аштын ар кыл түрлөрүн эң


мыкты жасаганды билишкен.

4. Кыргыз элинин улуттук кийимдери жалпы жонунан үчкө бөлүнөт:


баш кийимдер, сырт жана жеңил кийимдер, бут кийимдер.

5-тапшырма.

Ат атооч : аттар, бурана, билерик, элечек

Сын атооч : күчтүү, мыкты, жеңил, тың

Сан атооч: отуз, көптөгөн, миң, бешинчи

6-тапшырма.

Биздин кыргыз жерибиз - абдан кооз, биологиялык жана географиялык


жактан төп келген кереметтүү жер. Менин сыймыктанар, мактанар
жерим - Кыргызстаным, куттуу Мекеним. Кыргыз жери - адамдын көз
жоосун ала тургандай кооз, кереметтүү, касиеттүү өлкө.

Кыргызстандын чебиндей болгон көк мелжиген бийик-бийик тоолору,


шаркырап аккан суулары, кызыл-тазыл гүлдөрү, жыттуу арчалары,
бийикти мекендеген жапайы жаныбарлары, деги эле койчу, сулуулуктун,
байлыктын баары бизде. Кыргыз жерим кенге бай, алтын, көмүр, мунай,
уран, сурьма, мрамор, гранит, туз жана ар кандай минералдык суулар бар.
Ар бир облустун өзүндө, адамды тамшандырган кооз жерлери жана
тарыхый мурастары бар.

You might also like