You are on page 1of 4

Аламудундогу жалпы орто билим беруучу мектеби

РЕФЕРАТ
Кыргыз адабиятынан
Тема: Калыгул Бай уулу

Жазган: 9-класстын окуучусу


Дулатов Ж.Д.

Текшерди: Аттокуров Н.М.

Аламудун 2023
Калыгул Бай уулу
Нускоочу, ойчул акын Калыгул 1785-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн
Карой-Сарой деген жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын
үй-бүлөсүндө туулат. Ал атасынан калган оокатка ээ болуп, өмөрү өткөнчө
эч нерседен кор болгон эмес. Калыгулдун чоң атасы, чоң энеси, алардын
бир туугандары жөнүндө маалыматтар жок, бирок Калыгулдун өзүнөн
тараган укум-тукуму бар.

Калыгул бизге белгилүү кыргыз сөз кыргыз сөз устаттарынын


алгачкыларынын өкүлү. Ага чейин жашап, эл арасына ырлары кеңири
тараган акындар жөнүндө маалыматтар жокко эсе. Ошондуктан аны
кыргыз акындарынын ичинен жашы боюнча гана эмес, адабий
тажрыйбасы жагынан да аксакал катары кароого болот. Ал айткандарын
жалпы жонунан "Акыр заман" сөздөрү деп атаган. Калыгулдан кийин ушул
темага кайрылгандар аны тереңдетип гана отурушкан.
Калыгул тамсилчи, маселчи акын катары элге эр жеткен кезинен эле
тааныла баштайт. Ал көпчүлүк акындардай комузун күүлөп, үн кошуп
ырдабастан, алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген.
Акындын ырлары эл арасына кеңири тараганы менен, алар бизге толугу
менен жеткен жок. Колубуздагы анын "Акыр заман", "Калыгулдун сөзү",
"Ысык-Көл тууралуу айтканы", "Терме, санат ырлары" эл оозунан
кийинчерээк жыйналып алынгандыктан, алымча-кошумчалардан куру
болбосо керек.
Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да,
санат, насыят, адамдын жүрүм-турумун сындаган, жаштарды адептүүлүккө
чакырган саптары да арбын. Албетте, Калыгул феодалдык турмуштун
идеологу катары анын салт-санаасын, жорук-жосундарын мактоодон
тышкары боло алган эмес.
Эгер коом, элдин ага болгон мамилеси өзгөрүлө баштаса, анда замана
Калыгул үчүн таптакыр бузулчудай көрүнгөн.
Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш
курагында дүйнөдөн кайтат. Сөөгү азыркы Ысык-Көл районунун Кара-Ой
деген (азыркы Долинка) жерине коюлган.
2000-жылы “Акылман Калыгул” жыйнагына анын чыгармачылык
иштери, ал тууралуу эскерүүлөрү, илимий ой-пикирлери топтолгон.

19-кылымдын 2-жарымында жана 20-кылымдын башында өз


ырларын жана поэмаларын жазган кыргыз акындарына Калыгулдун
түзүмдөрү чоң таасирин тийгизген. Улуу акын, философ, мамлекеттик
ишмер Калыгул Бай уулунун чыгармалары кыргыз элинин
маданиятынын менчиги.
Калыгулдун чыгармалары салттуу импровизациялык поэзиядан
мазмуну боюнча гана эмес, багыты, формасы, түзүлүшү жагынан
да айырмаланат. Анын жашоо, акыр заман (кыямат), түндүк
кыргыздардын Кокон хандыгы жана Россия менен болгон
мамилеси жөнүндөгү канаттуу сөздөрү элдик акылмандыктын
кампасы.
Алтургай А.Акаевге да көрүнүктүү философ – кыргыз
Нострадамус Калыгул өзүнүн “Акыр заман” аттуу эмгегинде
кыямат жакындап калганын алдын ала айткан. Калыгул:
«Ааламдын кыйрашы аз калды, таманында» деп жазган. «Уулдар
атасына душман болот, бир туугандар душман болот. Уй нарк
болуп калат, кагаз акча колдон колго өтөт...». Кыргызстан
Россияга киргенге чейин Калыгул алдын ала айткан: «Кызыл
жүздүү, көк көз орус чыгат дешет. Миң түтүндүн бири
башкаруучу болуп калат, дешет...».

You might also like