Professional Documents
Culture Documents
Алыкул Осмнов
Алыкул Осмнов
1 Өмүр таржымалы
2 Жарык көргөн китептери
3 Котормолору
4 колдонулган адабияттар
Алыкул Осмонов
Өмүр таржымалы
1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу "Кызыл
жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит,
журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло
чыгармачылыктын артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп,
билимин, тажрыйбасын тереңдетет.
"Ленинчил жаш" гезитинде, "Чабуул" журналында иштеген. Кийин акындын бир нече
ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан
"Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен
эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери", "Ата журт"
жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон
реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.
Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал
өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс
кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.
Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус,
англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги "Дүйнөлүк акындар"
альманахына кирген.
Ошондой эле, анын чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири
окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана
илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу
багыты улам кеңири кулач жайган.
"А бирок суроо туулат: Касым Тыныстанов атылып, кыргыздын нечен мыктылары
дайынсыз жок болуп кеткен катаал заманды Алыкул укпадыбы, көрбөдүбү? Же көрсө да
көрмөксөнгө салдыбы? Бул табышмактуу чоң суроо. Жок, көрсө Алыкул баарын көрүп,
баарын сезиптир, нечен түйшөлүптүр, бирок бороон-чапкындуу каар заманды ачык
публицистиканын тили менен эмес, Эзоптун тили менен, метафоранын тили менен,
каймана образ жана салыштыруулар менен так да, даана да кылып ачып бериптир", —
дейт професссор Осмонакун Ибраимов.
Айрыкча "Ата Журт" деген ырда Алыкул замандын портретин абдан эле элестүү жана
жеткиликтүү кылып берген:
"Кыштын катуу", "жолдун кыйын" болуп турганы, "түндөр жаман", "жаз да башка"
экендиги, заман оорлоп, асманды "сур булут" каптап тургандыгы — абдан күчтүү
тартылган заман портрети, мезгил сүрөтү. Мактоо эмес, сындоо. Бул ыр 1948-жылы,
башкача айтканда Сталиндик репрессиянын экинчи толкуну башталып жаткан кезде,
Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов "Манас" эпосу үчүн камакка алынып, саясат катуулап,
заман чын эле сурданып турган кезде жазылганын эскерте кетели. Демек ал саясатты да
жазган, бирок элчилеп ураалаган эмес, тескерисинче, абдан кооптонгонун, дагы кандай
заман болуп кетет деп чочулаганын жогорудагыдай метафоралардын, символдордун,
тереңге катылган коддордун тили менен жазган. Бул боюнча Осмонакун Ибраимов
чыгармаларын терең изилдеп ушундай пикирге келген.
Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу
А.Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр
жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган
ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык
керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын
чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал ач
колун сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Көзү өткөндөн кийин, 1964-1967-
жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984-1986-жылдары ырлары,
котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду.
Кыргыз тилинде
Көл толкуну: Тандалган ырлар жана поэмалар. Ф.: Кыргызстан, 1972. 372 б.
Көл толкуну - Wayes of the lake. (кырг. – англ. которгон У.Мэй) Б.: Сорос-Кыргызстан,
1995. -148 б.
Аккан суу – Live water: Ырлар/кырг. – англ. котор.У.Мэй. Б.: Арал фонду, 2000. 72 б
Орус тилинде
Котормолору
Пушкин А.С. Поп жана анын кызматчысы Балда жөнүндө жомок. Ф. Казань:
Кыргызмамбас, 1937. 16 б.
Руставели Шота. Жолборс терисин кийген баатыр. Ф.: Кыргызмамбас, 1940. 376 б.
Пушкин А.С. Евгений Онегин: Ыр менен жазылган роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948.
160 б.