You are on page 1of 128

Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С.

Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Оморова А.А., Ботбаева Т.И.,


Бектурганова Г., Саадатбек кызы С.

КЫРГЫЗ ТИЛИ
9-класс

Окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин

IX классы үчүн окуу китеби

Сынак өткөрүү материалдары

Бишкек - 2016

1
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Оморова А.А., Ботбаева Т.И., Бектурганова Г., Саадатбек кызы С.

Кыргыз тили: Окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн


мектептердин IX классы үчүн окуу китеби – Бишкек: 2016.

Бул окуу китеби 9-класстын “Кыргыз тили” окуу-усулдук комплексинин бир бөлүгү,
окуучуларга арналган окуу китеби. Окуу-усулдук комплекси бул окуу китебинен башка да
мугалимдер үчүн колдонмодон, окуучунун иш дептеринен турат. 9-класстын “Кыргыз тили”
окуу китеби КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырыгы менен Социалдык
интеграциялоо борборунун колдоосунда «Кыргыз Республикасында жалпы орто билим
берүүнүн предметтик стандарты» боюнча «5-9-класстар үчүн аталган стандартка ылайык
окуу-усулдук комплексинин материалдарын иштеп чыгуу жана апробациядан өткөрүү»
долбоорунун алкагында чыгарылган.

9-класстын “Кыргыз тили” окуу китебинин мазмуну жети кептик темадан турат: саякат,
үй-бүлө, кесип, Кыргызстан, ден соолук, соода-сатык, кызыгуулар. Жаңы предметтик стандарт
боюнча 5-класстан баштап 11-класска чейин ушундай мазмундук нукта жазылган окуу
китептеринин бири болуп саналат.

Шарттуу белгилер:

жуп менен иштөө


жазуу иши
топ менен иштөө
улантуучу деңгээл үчүн тапшырма
***

2
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

№1 тема. Эс алуу. Саякат.


Туризм.Туристтик тейлөө.
Жарнама
Кайталоо
1. Берилген макалдардан «Саякат» темасына байланыштуу макалды тапкыла.
1) Өнөрлүү өргө сүйрөйт.
2) Жер байлыгы – эл байлыгы.
3) Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны.
4) Дениң таза болсо, демиң да таза болот.

2. Суроолорго жооп бергиле.


1) Кыргызстан жөнүндө кандай расмий маалыматтарды билесиңер?
2) Эмне үчүн Кыргызстандын климаты кескин континенталдуу?
3) Кыргызстандын кайсы жаратылыш коруктарын жана парктарын билесиңер?
4) Эмне үчүн азыркы кезде Бишкек шаарыбызда көп дарактар куурап жатат?
5) Дарактар куурап калбаш үчүн эмне кылыш керек?
6) Кыргызстанда туризм канчалык деңгээлде өнүккөн? Кандай деп ойлойсуңар? Эмне үчүн?

3. Туура же ката экенин аныктагыла. т к


1. Мамлекеттин аты: Кыргызстан () ( )
2. Расмий тили: кыргыз тили ( ) ( )
3. Климаты: жаанчыл ( ) ( )
4. Улуттук тамагы: беш бармак ( ) ( )
5. Кийими: калпак, көйнөк, чапан, тон, белдемчи ж.б. ( ) ( )
6. Жайгашкан жери: Европа ( ) ( )
7. Мамлекеттик башкаруусу: президенттик ( ) ( )

4. Төмөнкү сөздөрдү жана сөз айкаштарды катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Саякат, саякатчы, тарыхый жерлер, сыймыктанат, расмий маалымат, өлкө.

5. Тесттик тапшырмаларды аткаргыла.


Сүйлөмдөрдү туура толуктагыла.

1) Жердин көркү – ... , эрдин көркү – ... .


А. таш, баш
Б. акыл, көкүл
В. эгин, билим
Г. топурак, калпак

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору – ...


А. туусу, герби, гимнинин сөзү
Б. туу, герб, гимн
В. чек ара, улут, эл
Г. майрам, эгемендүүлүк

3
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
3) Кыргызстанда ... облус бар.
А. жети
Б. сегиз
В. тогуз
Г. канча

4)
а) Шашып жаткан конокко: 1) “төргө өтүңүз”,- дейт.
б) Автобуста орун берген адамга: 2) “нанга караңыз”, - дейт.
в) Дасторконго эми отурганда: 3) “саламатчылык”, - дейт.
г) Үйгө келген адамга: 4) “чоң ыракмат”, - дейт.
5) “нан ооз тийиңиз”, - дейт.

5)
А.Боз үйдүн кире бериши 1. кереге, уук, түндүк, каалга.
Б. Төргө аксакалдар, 2. боз үйдү колдонушат.
В. Боз үйдүн жыгачтары – 3. улагага кичүүлөр отурат.
Г. Кыргыздар азыр деле 4. боз үйдүн түндүгү.
5. улага деп аталат.

Синонимдерди тапкыла.
1) Биздин өлкө Орто Азияда жайгашкан. 2) Боз үйдүн кире беришинин бет
А. жазылган маңдайы төр деп аталат.
Б. жер алган А. тескериси
В. жай алган Б. тушу
Г. орун алган В. бурчу
Г. ортосу

3) Мен Кыргызстанда туулганмын, Кыргызстан – менин мекеним.


А. төрөлгөнмүн
Б. окуганмын
В. жашаганмын
Г. болгонмун

Антонимдерди тапкыла.
1) Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө.
А. кыска
Б. кырка
В. чоң
Г. узун

2) Биз саякатка чыкканды жакшы көрөбүз.


А. билебиз
Б. сүйөбүз
В. жактырабыз
Г. жактырбайбыз

Түшүндүрмөлөрдү тапкыла.
1) Мекендешим! Кандайсың? Азыр кайсы жайдасың?
А. бирге эс алган адамдар
Б. бирге окуган адамдар
В. бир өлкөдө жашаган адамдар
Г. бирге иштеген адамдар
4
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Угуп түшүнүү
1. Сөздүк менен таанышкыла.
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
сүйүүчү - любитель үрп-адат – обычай
корук – заповедник кол өнөрчүлүк – ремесленничество
жаратылыш паркы – природный парк даңазалап - прославлять
жергиликтүү – местный даам таттыр- – угостить
салт – традиция үйлөнүү салтанаты– свадебное торжество
колукту – невеста жаңы конуш - новоселье
аң уула- – охотиться коштоп жеткирүү – сопровождение
кийиз төшөк – войлочное одеало тушоо кесүү – обрезание пут
турмуш – жизнь, быт ырым – обряд
сунуш кыл- – предложи алгыр куш – ловчая птица
көргөзмө – выставка аңчы тайган – охотничья борзая

2. Сөз айкаштарды оозеки түзгүлө.


Үлгү: кыргыз элинин тамак-аштары; тамак-ашты даярда-
туризм... (эмненин?) сүйүүчүсү оюндар... (эмнени?) даңазала-;
турмуш шарты... (эмненин?) өзгөчөлүгү элдик кол өнөрчүлүк... (эмнени?) даңазала-;
өлкөлөр... (эмнелердин?) бири колукту... (кимди?) коштоп жеткир-;
Кыргызстан... (эмненин?) коруктары; коштоп жеткирүү... (эмнени?) көрсөт-;
Кыргызстан... (эмненин?) жаратылыш парктары тушоо кесүү ырымы... (эмнени?) көрсөт-;
кол өнөрчүлүк... (эмненин?) үлгүлөрү туризм... (эмнени?) сүй-;

3. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Кыргызстан – экологиялык, этнографиялык ... сүйүүчүлөрү үчүн кызыктуу өлкө.
Туристтер ... коруктарына жана жаратылыш парктарына барышат. Туристтер кыргыз ... үрп-
адаттары менен таанышат. Туристтер ... үлгүлөрүн көрүшөт. Туристтер ... тамак-аштарынан
даам татышат.
Керектүү сөздөр: элинин, Кыргызстандын, туризмдин, кол өнөрчүлүктүн, кыргыздын.

4. Окугула. Маанисин түшүнгүлө.


Кыргызстан – экологиялык жана этнографиялык туризмдин (элдин
үрп-адат, маданий турмуш шартынын өзгөчөлүгүн көрсөткөн туризм)
сүйүүчүлөрү үчүн кызыктуу өлкөлөрдүн бири.
Туристтер Кыргызстандын коруктарына жана
жаратылыш парктарына барышат. Алар кыргыз элинин
үрп-адаттары менен таанышышат. Туристтик фирмалар
жана жергиликтүү эл кыргыз салттарын, улуттук
оюндарды, элдик кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн даңазалап көрсөтүшөт.
Кыргыз улуттук ашканасынан кыргыздын салттуу тамак-аштарынан даам
таттырышат. Туристтер үчүн улуттук ат оюндарынан «Улак тартыш»,
«Кыз куумай», «Тыйын эңмей», «Эр эңиш» ойнолот. Манасчылар, төкмө акындар жана
ырчылар катышкан фольклордук шоу өткөрүлөт. Үйлөнүү салтанатын, жаңы конушка
колуктуну коштоп жеткирүүнү, тушоо кесүү ырымын көрсөтүшөт. Алгыр куштар, аңчы
тайгандар менен аң уулап чыгышат. Ошондой эле туристтер улуттук кол өнөрчүлүк менен
таанышышат. Алар үчүн сувенирлер, кийиз төшөктөр, килемдер сунуш кылынат.
Көргөзмөдөгү сувенирлер сатылат.
Омонимдер:
Аң –
I. яма, промоина, обрыв (длинный)
II. зверь, дикое животное (как предмет охоты)
III. мысль, сознание
5
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. Суроолорго жооп бергиле.


1) Кыргызстанда туризм өнүккөндүгү жөнүндө тексттин кайсы сүйлөмдөрү баяндайт?
2) Эмне үчүн туристтер Кыргызстандын коруктарына жана парктарына барышат? Ал
жактан эмнелерди көрө алышат?
3) Туристтерди тейлеген кызматкерлер кыргыздын кайсы тамак-аштарын даярдашат?
4) Туристтер үчүн кайсы улуттук ат оюндарын өткөрүшөт?
5) Эмне үчүн туристтерге фольклордук шоу көрсөтүшөт?
6) Туристтер сувенирлерди, кийиз төшөктөрдү, килемдерди жана кыргыз тиричилигинин
башка элементтерин сатып алышабы?
7) Куш менен аң уулаган кызыкпы же аңчы тайган мененби? Эмне үчүн?

6. Туура же ката экенин аныктагыла. т к


Кыргызстан – экологиялык жана этнографиялык туризмдин өлкөсү. () ( )
Туристтер коруктарга жана жаратылыш парктарына барышат. ( ) ( )
Туристтик фирмалар жергиликтүү элди даңазалап көрсөтүшөт. ( ) ( )
Кыргыз улуттук ашканасынан даам таттырышат. ( ) ( )
Туристтер үчүн «Эр эңишти» гана ойношот. ( ) ( )
Фольклордук шоу жасай алышпайт. ( ) ( )
Алгыр куштар менен аң уулаган кооптуу, ошондуктан чыгышпайт. ( ) ( )
Туристтерге улуттук кол өнөрчүлүк кызыксыз. ( ) ( )
Көргөзмөдөгү сувенирлер сатылат. ( ) ( )

7. Жебе менен сүйлөмдөрдүн уландысын көрсөткүлө.


Туристтик фирмалар элдик салттарды, менен тааныша алышат.
Үйлөнүү салтанатын, ат оюндарын өткөрүшөт.
Туристтер Кыргызстандын коруктарына, тайгандар менен аң улашат.
Алгыр куштар, аңчы килемдер сунуш кылынат.
Туристтер үчүн улуттук тушоо кесүү ырымын көрсөтүшөт.
Алар үчүн сувенирлер, кийиз төшөктөр, катышкан фольклордук шоу өткөрүлөт.
Туристтер кыргыз элинин үрп-адаттары кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн көрсөтүшөт.
Экологиялык, этнографиялык туризмдин жаратылыш парктарына барышса болот.
Туристтер кыргыздын улуттук кол сүйүүчүлөрү Кыргызстанга келишет.
Манасчылар, төкмө акындар жана ырчылар өнөрчүлүгү менен таанышышат.

8. Диалогду уккула.
I
А: Кыргызстанга келген туристтерди кантип тейлешет?
Б: Туристтер Кыргызстандын коруктарына жана жаратылыш парктарына
барышат.
А: Кыргызстанда туристтик тейлөө кандай болуш керек?
Б: Кыргызстанда туристтик тейлөө сапаттуу болуш керек.
А: Эмне үчүн?
Б: Себеби жогорку сапаттагы туристтик тейлөөсүз өлкөбүздө туризм
өнүкпөйт.

9. Чет өлкөлүк турист менен сүйлөшкүлө.

6
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
- Саламатсызбы?
- ...
- Кыргызстанга кош келиңиз! Менин атым ... . Мен ... .
- .....
- Биз азыр аэропорттон Бишкекке жөнөйбүз. Машина күтүп турат. Жүрүңүз, машинага
отуралы.
- ...
- Эң алгач, кыргыз элинин салты боюнча даам татыңыз. Биздин улуттук ашканадан
кийин “Ала-Арча” жаратылыш паркына барабыз. Кандай дейсиз?
- Ракмат. Мага кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн көрсөтүңүз. Андан кийин ат оюндары,
музыкалык аспаптар менен таанышалы. Себеби мен улуттук маданиятка көп кызыгам.
Тасмага тартып алгым келет. Жаратылышка саякаттап келгенден кийин сувенир сатып
алалы.

- Даам татыңыз. - Улуттук кол өнөрчүлүк менен таанышыңыз.

- Ат оюндары менен таанышыңыз. - Музыкалык аспаптар менен таанышыңыз.

10. Тесттин тапшырмаларын аткаргыла.

“Манас” : эпос угуу : төкмө акын


(А) жол : чыйыржол (А) сүйлөө : чечен
(Б) дүйшөмбү: апта (Б) чуркоо : ылдам
(В) апрель : ай (В) дарылоо : оорулуу
(Г) секунд : мүнөт (Г) кол чатыр : жаан

корук : жаратылыш паркы сатуу : товар


(А) мышык : ит (А) сырдоо : парта
(Б) китеп : тааныш сөздөр (Б) окуу : китеп
(В) унаа : аялдама (В) тартуу : сүрөт
(Г) саякат : эс алуу (Г) улоо : аң

7
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Окуп түшүнүү
1. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.
Үлгү: куш менен аң ула- – куш сал- жай – кыш
башы – // байла – х
күлүк – // күн – х
тамаша – // оюн – х
куш – // жер – х
кызырдуу– // кар – х
2. Сөздүк менен таанышкыла.
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
башы – (син.) чокусу, вершина кызырдуу – (син.) кыдырлуу, удачливый,
күлүк – (син.) тулпар, скакун покровительствуемый Кыдыром
байлап подходящая для тренировки керме – верёвочная коновязь
жатчу– скакуна күлүк байла– тренировать скакуна
тамаша – удовольствие, развлечение сергит- – дать отдых коню
жайла- – быть на летних пастбищах оюн-тамаша увеселения, развлечения
куш – птица коштоп кий– попеременно надевать
куш сал- – охотиться с ловчей птицей суусар бөрк – шапка с куньей опушкой, из меха
(но не беркутом) куницы
ыргап – потряхивая головой в шапке
жырга- – наслаждаться кунан – жеребёнок по третьему году

3. Төмөнкү сөздөр жана сөз айкаштар менен сүйлөм түзгүлө.


Ала-Тоонун башы, байлап жатчу жер, жайлап жатчу жер, ыргап жатчу жер, жыргап жатчу
жер, тамаша, кермеге ат байла-, куш сал-, күлүктү сергит-.

Текстти окугула.
Башканы коюп, “Манастан” айт
(“Манас” эпосунан үзүндү)
Башынан кары кетпеген, Адабий термин
Ала-Тоо биздин жерибиз.
Жайы, кышы эт жеген, Эпос (грек тилинде – “сүйлөө, айтуу”)
Кызырдуу кыргыз элибиз. 1. Көркөм адабияттагы үч түрдүн бири.
2. Фольклордогу ыр түрүндөгү көлөмдүү
Кермеге күлүк сергитип, чыгарма. Ал элдин башынан өткөргөн
Байлап жатчу жер экен. баатырдык иштерин даңазалайт. Эпосто
Күн тамаша, түн оюн, элдин, улуттун, өлкөнүн тагдырын чече
Жайлап жатчу жер экен. турган зор окуялар көркөм сүрөттөлөт.

Коштоп кийип суусар бөрк,


Ыргап жатчу жер экен.
Кунан минип, куш салып
Жыргап жатчу жер экен.
(Манасчы Саякбай Каралаевдин айтканынан)
Омонимдер:
Жайла – Кош –
I. быть на летних пастбищах, проводить лето где-л.
I. пара; парный. двойной
II. обитать, располагаться II. ир.: кош келиңиздер! – добро
III. приводить в порядок, размещать пожаловать!
IV. успокоить; перен. убить III. кош! – прощай!
V. двигаться медленно, тихо IV. временная юрта; кочевой лагерь
V. кош-кош! окрик на овцу
4. Сүйлөмдүн мааниси боюнча √ -туура; х -ката; ?-мындай сүйлөм жок экенин белгиле.
8
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
№ Сүйлөм мааниси боюнча √ х ?
1. Биздин Ала-Тообуз башынан кары кетпеген жер. √
2. Тян-Шань тоолорунун башынан мөңгү кетпейт.
3. Кызырлуу кыргыз элибиз этти жайында жана кышында жейт.
4. Биздин жер – күлүктү сергитип кермеге байлаган жер.
5. Күндүзү оюн-тамаша куруп, жайлап жатчу жер, түнү ойносо болбойт.
6. Суусардан тигилген кош баш кийим кийип ыргап жатчу жер экен.
7. Эки суусар бөрктү алмаштырып кийип, башын ыргап жатат экен.
8. Кыргыз жери – жыргалчылыктын жери.
9. Кунан минип, куш салып, жыргап жатчу жер экен.
10. Күлүк аттарды минип алып жарышып, ат чабыш өткөрүшөт.
11. Аңчылар куш менен аң уулашат.
12. Кыргыздар кунан минип жыргап жашашат.
13. Кыргыз жери жашаган эл үчүн ыңгайлуу, кооз жана сүйүктүү.

5. Суроолорго жооп бергиле.

1) Жайы, кышы эт жеген кыргыз элибиз кандай эл? Эмне үчүн?


2) Тоолордун чокусунан эмне үчүн кышы, жайы кар кетпейт?
3) Жайлоодо күлүктү сергитип кермеге байлаганын көрдүңөр беле? Эмне үчүн кермеге
байлайт деп ойлойсуңар? Даракка, же мамыга неге байлабайт?
4) Күндүзү кандай тамаша-оюн куруп, түнү эмне оюн өткөрүшөт?
5) Эгерде эки суусар бөрктүн улам бирин кийип, башын ыргап жатса, анда бул адамдын
кайсы сапатын байкаса болот? Бул анын эс алып жатканыбы? Же бекерчиликтин
белгисиби? Балким, бул анын коомдогу ордун көрсөтүп тургандыр?
6) Кыргыз жери жашаган эл үчүн ыңгайлуу, кооз жана сүйүктүү экенин кайсы ыр саптары
баяндайт? Ал саптарды таап, ынандыргыла.

6. Тесттин тапшырмаларын аткаргыла.


1) Башканы коюп, “Манастан” айт деген эмне?
А) Накыл сөз: “Бардык маалыматты “Манас” эпосунан тапса болот”.
Б) Элдик макал: “Башканы коё туруп, алгач “Манасты” билип ал”.
В) Фразеологизм: “Манастан” айтып сүйлөсөң, тилиң так болот”.
2) Кызырдуу кыргыз эли дегенди кандай түшүнөсүңөр?
А) Кызырдуу кыргыз элибиз этти жайында жана кышында жейт.
Б) Кызыр пайгамбар колдогон, жолдуу, ийгиликтүү кыргыз эли.
В) Жайы, кышы эт жеген, Кызыр менен кыдырып жүргөн элибиз.
3) Кыргыздар күн тамаша, түн оюн кайсы мезгилде өткөрүшөт?
А) Кыргыздар күнү-түнү оюн-тамашаны жайында өткөрүшөт.
Б) Күндүзү оюн-тамаша куруп, жайлап жатчу жерде түнү ойносо болбойт.
В) Кыргыздар күндүзү тамаша курушат да, түнү оюн өткөрүшпөйт.
4) “Коштоп кийип суусар бөрк,
Ыргап жатчу жер”,- дегенди кандай түшүнөсүңөр?
А) Суусардан тигилген бөрктөн экини кийип, башын ыргап жатчу жер.
Б) Өзүнүн мал-мүлкүн, байлыгын мактанып, башын ыргап жатчу жер.
В) Суусар бөрктүн улам бирин кийип, жыргап жашаса боло турган жер.
5) Эпостун бул үзүндүсү Кыргызстан үчүн жарнама боло алабы?
А) Жарнаманы жарнамачы адистер гана жасай алышат.
Б) Ооба, жогорудагы үзүндү жарнаманын милдетин аткара алат.
В) Биз Кыргызстанды жарнама кылбай эле жашай алабыз.

9
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
7. Пикирлерди бөлүштүргүлө.
Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн “Туризмдин өнүгүшү” форумунун катышуучулары
Кыргызстандагы туризм жөнүндө өз ой-пикирлерин айтышты.

Таблицадагы аныктамалар кайсы катышуучунун пикирин көрсөтөт?


А.:
Кыргызстан жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Туризм биздин
өнүгүүбүздө бир тепкичке өйдө көтөрүлүүгө шарт түзөт, Бразилия, Аргентина, Малайзия,
Таиланд, Туркия сыяктуу өлкөлөрдүн катарына кошулууга жардам берет.
Кыргызстанда энергетикалык ресурстар жана алтын бар, бирок көп каражат коротпосо,
алардан чоң киреше алуу мүмкүн эмес. Ал эми туризм эбегейсиз чыгашаны деле талап
кылбайт: системаны иштетүү гана керек. Дүйнөнүн кырктан ашык өлкөлөрүнөн Кыргызстанга
визасыз кирүү тартиби түзүлгөндөн бери туристтердин саны кескин түрдө өстү. Келген
туристтер биздин экономикабызга чоң салым кошуп жатышат. Туризм чөйрөсүндө
Кыргызстандын чоң перспективалары бар. Болгону бул тармактын өнүгүшүнө база даярдап,
үзүрүн көрүш гана калды.

Б.:
Кыргызстан өзүн дүйнө жүзүнө туура жарнамалап көрсөтө албай келе жатат. Туристтик
кызмат көрсөтүүнүн бүткүл дүйнөлүк рыногунда Кыргызстан азыркыга чейин дээрлик
белгисиз бойдон кала берүүдө. Кыргызстанга келген туристтер Тянь-Шань тоолоруна жөө
жана велосипед менен саякатташат. Альпинисттер, сноубордчулар, тоо лыжачылары көп эле
келишет. Бирок, жалпы пикир боюнча алганда, ар бир эле саякатчы Кыргызстанга экинчи
жолу кайра келүүнү каалай бербейт. Себеби жергиликтүү туристтик тейлөө өтө жай өнүгүп
жатат.
Туризмди өнүктүрүү үчүн туристтердин тамактануусу, жашап туруусу, унаа, экскурсия,
көңүл ачуу оюндары, сатып алуулар жогорку деңгээлде болуш керек. Кыргызстанга саякаттоо
кимдер үчүн кызыктуу экенин аныкташ керек. Биздин өлкөбүзгө саякаттоо кимдер үчүн
кызыктуу экенин аныкташ үчүн, өз мүмкүнчүлүгүбүздү аябай талдап чыгышыбыз керек.

№ Аныктама А. Б. Экөө Бирөө


тең да
эмес
1. Автор туризм Кыргызстанда жакшы өнүгүп жатат деген √
пикирге макул эмес.
2. Автор башка өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга
визасыз кирүүсү туризмдин өнүгүүсү үчүн пайдалуу дейт.
3. Текстте орой сөздөр, пикирлер айтылган.
4. Автор өз ой-пикирин түшүнүктүү, так, сылык жазган.
5. Туризмди кантип өнүктүрүү жолдору сунушталган.
6. Автор Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөп жазган.
7. Бул маалымат “Туризмдин өнүгүшү” форуму үчүн пайдалуу.
8. Бул маалыматты өкмөт башчыларына билдириш керек.
9. Ой толук жана түшүнүктүү болбой калган.
10. Туристтик кызмат көрсөтүү начар болуп жатканына өзгөчө
көңүл бөлүнгөн.
11. Автор туризм чөйрөсүндө иштейт, маселени мыкты билет.
12. Автор туризмди Кыргызстандын туризм боюнча
жетекчилерине караганда жакшы өнүктүрмөк.
13. Кыргызстан дүйнөгө жакшы жарнама болбой жатат.

10
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
8. Сүрөт боюнча диалогду толуктагыла.
Үлгү:
- Кыргызстанга келүүчү туристтер үчүн жарнама кандай болуш керек?
- Кыргызстанга келүүчү туристтер үчүн жарнама Кыргызстан жөнүндө кызыктуу
маалыматты камтыш керек.
- Жарнамада Кыргызстан жөнүндө кандай маалымат болуш керек?
- Туристтер бийик тоолорго чыгышат. Кыргызстандын ажайып жаратылышына жөө
саякатташат. Улуу Жибек Жолунун боюндагы сакталып калган тарыхый эстеликтерди
көрүшөт. ...

Бийик тоолорго чыгуу Жөө саякаттоо Тарыхый эстеликтерди көрүү

Суу туризми Куш салуу Альпинизм

Көл жээгинде эс алуу Лыжа менен саякаттоо Велотуризм

Этнотуризм Аңчылык Элдик салт менен таанышуу


9. Суроолорго жооп бергиле.
1) Эл ичинде сакталып калган “Башканы коюп, “Манасты” айт деген накыл сөздү кандай
түшүнөсүңөр?
2) Кыргызстан жөнүндө силер дагы эмнелерди айтып бере аласыңар? Сырттан келген
адамдарга өз жериңерди тааныштыргыла.
3) Кыргызстан жөнүндө кантип айтып берет элеңер? Ыр мененби? Кара сөз мененби?
Сүрөт мененби? Же баарынан тең кошуп, чоң презентация жасамак белеңер?
11
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Жазып түшүнүү
1. Суроолорду түзгүлө жана жооп жазгыла.
Үлгү: - Кыргызстандын канча мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы бар?
 Кыргызстандын тогуз мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы бар.
 “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы качан уюштурулган? Ал кайсы
жерде жайгашкан? Анын жалпы аянты канча гектарды түзөт?
 “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы 1992-жылы уюштурулган. Ал Ош
облусунда жайгашкан. Анын жалпы аянты 11 миң гектарды түзөт.
 Кыргызстандын канча мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы бар?
 ...
№ Улуттук Качан уюштурулган? Кайда жайгашкан? Канча
жаратылыш паркы гектар?
1. “Ала-Арча” 1976 Чүй облусу 4 миң га
2. “Кыргыз-Ата” 1992 Ош облусу 11 миң га
3. “Кара-Шоро” 1996 Ош облусу 8 миң га
4. “Беш-Таш” 1996 Талас облусу Талас району 14 миң га
5. “Каракол” 1997 Ысык-Көл облусу Ак-Суу району 38 миң га
6. “Чон-Кемин” 1997 Чүй облусу Кемин району 123 миң га
7. “Саймалуу-Таш” 2001 Жалал-Абад облусу Тогуз-Торо району 32 миң га
8. “Салкын-Төр” 2001 Нарын облусу 10 миң га
9. “Кырчын” 2004 Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 35 миң га

2. Чачылган сөздөрдөн сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Минералдык, дарылык, сууларынын, касиети, Кыргызстандын, бар. Ош, “Кыргыз-Ата”,
паркы, мамлекеттик, облусунда, улуттук, жайгашкан, жаратылыш. Семенов-Тянь-
Шанскийдин, “Беш-Таш”, карагайы, паркында, мамлекеттик, өсөт. Тарых, мааниси, биз,
“Саймалуу-Таштагы”, сабагында, окуганбыз, жөнүндө, сүрөттөрдүн.

3. Маалымат боюнча үч жөнөкөй жана эки көйгөйлүү суроо түзгүлө.


Парктын аталышы Негизги маалымат Кошумча маалымат
«Ала-Арча» улуттук Кызыл карагай токойлору, Ала-Тоонун бийик тоолуу альпы
жаратылыш паркы арча токойлору бар. экосистемасы
«Кыргыз-Ата» Парктын негизги милдети – Ош шаарынан 40 чакырымдай
мамлекеттик паркы түштүктүн уникалдуу арча алыс аралыкта жайгашкан.
токойлорун коргоо.
«Кара-Шоро» Кыргызстандын Кызыл Китебине Минералдык суусунун дарылык
мамлекеттик паркы киргизилген жаныбарлардын касиеттери менен кеңири
түрлөрү бар. белгилүү.
«Беш-Таш» Уникалдуу табигый токойлор, бийик Фаунасы: илбирс, бүркүт, евразия
мамлекеттик паркы тоолуу шалбаалар, Семенов-Тянь- сүлөөсүнү, гималай жорусу,
Шанскийдин карагайы өсөт. ителги, көк жору.
«Каракол» улуттук Каракол капчыгайынын уникалдуу Тоо көлү Ала-Көл жана Каракол
паркы табигый комплекстерин коргойт. чокусу өзгөчө кооздугу менен
өзүнө тартат.
Саймалуу-Таш Көп сандаган петроглифтер бар. Андагы сүрөттөр зор маданий
мамлекеттик паркы жана тарыхый баалуулукка ээ.
Салкын-Төр Сейрек кездешүүч жаныбарларды Маралдын башын көбөйтүү
мамлекеттик паркы кайра калыбына келтирүү үчүн жагдайда зор мааниге ээ.
түзүлгөн.

4. Жогорку маалымат боюнча текст түзүп жазгыла.


Үлгү: «Беш-Таш» мамлекеттик паркында уникалдуу табигый токойлор жана бийик тоолуу
шалбаалар сакталган. Анда Семенов-Тянь-Шанскийдин карагайы өсөт. Паркта илбирс, бүркүт,
евразия сүлөөсүнү, гималай жорусу, ителги жана көк жору жашашат.
12
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Кыргызстандагы алты мамлекеттик корук жана эки комплекстүү корукча картада
жашыл түс менен белгиленген. Картадан коруктарды таап, аттарын жазгыла.

6. Коруктар жөнүндө маалымат таап текстти улап жазгыла.

Кыргыз жери көрктүү жана кооз


Кыргыз жери көрктүү жана кооз. Себеби анда көптөгөн кооз улуттук парктар, корук
жайлар бар.
Ысык-Көл биосфералык коругу көрктүү жана кооз. Себеби, Ысык-Көлдө сууда сүзгөн
жана суу жээктерине байырлаган канаттуулардын 100 миңге жакын түрү кышташат. Алар –
чулдуктар, кашкалдактар, сонолор, кылкуйруктар, чүрөктөр, өрдөктөр, ак куулар, ак
чардактар ж. б.
Сары-Челек коругу көрктүү жана кооз. Себеби Сары-Челек коругунда тоо арасында
жайгашкан Сары-Челек көлү бар. Сары-Челек коругунун аймагы уникалдуу, жери кооз.
Себеби корукту ар түрлүү ири жаныбарлар: сүт эмүүчүлөрдүн 32 түрү, канаттуулардын 157
түрү мекендейт. Корукта жыгачтын 32 түрү, бадалдардын 80 түрү, чөп өсүмдүктөрүнүн 886
түрү өсөт.
Нарын коругу көрктүү жана кооз. Себеби Нарын коругунда карагай токойлору өсөт.
Кыргызстандын гана аймагына мүнөздүү тян-шань маралдары, жоголуп бара жаткан эндемик,
эчки-текелер, аркарлар, эликтер, аюулар жашайт.
Беш-Арал коругу көрктүү жана кооз. Себеби ...
Сарычат-Ээрташ коругу көрктүү жана кооз. Себеби ...
Каратал-Жапырык коругу көрктүү жана кооз. Себеби ...
Падыша-Ата коругу көрктүү жана кооз. Себеби ...
Кулун-Ата коругу көрктүү жана кооз. Себеби ...

7. Текстти заттын сын-сыпатын көрсөткөн создөр менен толуктап жазгыла.

Кыргызстанда ... жерлер көп. Өлкөбүздө ... парктар, коруктар бар. Алар ... .
Коруктардагы ... жаныбарлар коргоого алынган. Бизде ... токойлор жана ... шалбаалар
сакталган. Кыргызстандын аймагындагы ... жаныбарлар менен канаттуулар ... китепке
киргизилген. Ошондуктан, жерлерди жашылдандыруу, абаны жана сууну ... сактоо ар бир
адамдын ... милдети болуп саналат.

13
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Ой жүгүртүп түшүнүү
Василий Васильевич Верещагин (1842–1904-ж.) – көрүнүктүү орус
сүрөтчүсү жана адабиятчысы. Белгилүү баталист-сүрөтчүлөрдүн бири.
Ал Жети-Суу өрөөнүнө жана Батыш Кытайга саякаттаган. Ал эми
1869–1870-жылдары кыргыз жеринде болгон. Кыргызстанга арналган
сүрөттөрүнүн ичинде “Бай кыргыз аңчысы шумкары менен”,
“Барскоон”, “Боом капчыгайы”, Чу дарыясынын өрөөндөрү, Ысык-Көл,
кыргыз тоо кыркаларынын чокулары, Тянь-Шань, Нарын, ж.б. Биз
сүрөтчүнүн 1870-жылы тарткан “Ала-Тоо. Жолдогу көчмөндөр” деген
сүрөтү менен таанышабыз.

1. Суроолорго жооп бергиле.

1) Сүрѳт кандай жанрда тартылган?


2) Сүрѳтчү негизги тема – тоодогу жол
экенин кантип кѳрсѳттү?
3) Сүрөттө кайсы мезгил тартылган?
Эмне үчүн ушул мезгил деп ойлойсуңар?
4) Тоонун жаратылышы кандай?
5) Адамдар эмне кылып жатышат?
6) Булар эмне жумуш менен бара
жатышат деп ойлойсуңар?
7) Эмне үчүн сүрөтчү бул сүрөттү “Ала-
Тоо. Жолдогу көчмөндөр” деп атаган?

тоо кыркасы – горный хребет


көчмөн жол – кочевая дорога

2. Сүрѳттѳгү пейзажды схема боюнча баяндап бергиле.

Ким? Эмне? Кандай? Сүрөттөгү ой


Үлгү : Тоо Бийик, кооз жана чоң. Так жана турмушка жакын көрсөтүлгөн.
Жаратылыш
Жол
Адам
Асман

3. Сүрѳт боюнча сүйлөшкүлө.

А: Сүрѳт кандай деп аталат?


Б: Сүрөт “Ала-Тоо. Жолдогу көчмөндөр” деп аталат.
А: Сүрөттү ким тарткан?
Б: Сүрөттү орус саякатчысы жана сүрөтчүсү В.В.Верещагин тарткан.
А: Ал канчанчы жылдары кыргыз жеринде болгон?
Б: Ал 1869–1870-жылдары кыргыз жеринде болгон.
А: Сүрөттөгү негизги тема эмне?
Б: ......

14
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
4. Мурунку, азыркы учурдагы жана келечектеги Кыргызстанды салыштыргыла.
Мурунку Кыргызстан Бүгүнкү күндөгү Кыргызстан Келечектеги Кыргызстан
XIX кылымда орус
сүрөтчүсү жана саякатчысы
В.В.Верещагин
Кыргызстанга келген. Ал
кыргыз жеринин пейзажын
сүрөттөгөн.

5. Кыргызстан жөнүндө маалымат боюнча туристтик жарнама даярдагыла.


Жарнама жасоонун эрежелери:
 Жасаган жарнама эффективдүү болуш үчүн, жарнамалап жаткан нерсе жөнүндө бүт
бардыгына угузуп жарыя салгыла.
 Жарнамалык тексттин аталышы ири тамгалар менен жазылсын.
 Барактын ортосунда көз кубандырган кооз сүрөт болсун.
 Текст кошумча сөз баштарына бөлүнсүн. Алар жеңил, бат көз жүгүртүп окугудай
болсун. Керектүү жерлер башка түс менен же курсив менен бөлүнүп турсун.
Жарнамалап жаткан нерсеңер эмнеси менен айырмалана турганын белгилеп айткыла.
 Барактын төмөн жагында оң жакта телефон номер жазылсын. Силерди кантип табуу
керектигин, дарегиңерди түшүндүрүп айткыла.

6. Текстти окугула. Сүйлөп бергиле.


Сүрөттө жай мезгили тартылган. Себеби жолдун четинде чөптөр, түркүн түстүү гүлдөр
өсүп турат. Тоонун бетиндеги жол кургак, тоонун боору жашыл түстө. Сүрөттө адамдар
жеңил кийим кийинген. Асман ачык. Булуттар жок.
Тоонун жаратылышы кооз. Тоонун боорунда чоң-чоң таштар, жолдун үстүндө болсо
майда таштар бар. Тоодо аба таза, күн жылуу экени көрүнүп турат. Адамдар тоодогу жол
менен бара жатышат. Эки адам ат менен, алдыда бир адам жөө бара жатат. Алдыңкы пландагы
эркек киши башына калпак, үстүнө жеңил көйнөк менен чыптама кийген. Булар – тоодо
жашаган көчмөн кыргыздар. Алар ат менен тоодо жүрүшөт.

7. Иш кагаздарынын түрүн аныктагыла.


А. Василий Васильевич Верещагин 1842-жылы Россия 1. Кулактандыруу
империясынын Череповец шаарында туулган. Ал 1851-
жылы деңиз кадет корпусуна кирип, аны ийгиликтүү
аяктаган. 1860-жылдан бери Петербургдагы сүрөтчүлөр
академиясмынын студенти. Аталган академияда эң мыкты
окуйт. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Эс
тутуму, ой жүгүртүүсү абдан жакшы. Билими терең.
Мугалими: А. Т. Марков
1863-жылдын 12.08.
Б. Василий Васильевич Верещагин 1842-жылы Россия 2. Тилкат
империясынын Череповец шаарында туулган. Ал орус
сүрөтчүсү жана адабиятчысы болгон. Жети-Суу өрөөнүнө
жана Батыш Кытайга саякаттаган. 1869–1870-жылдары
кыргыз жерине келген. Ал 1904-ж. каза болгон.
В. Москва шаарындагы П.М.Третьяковдун сүрөт 3. Өмүр баян
галереясына В.В.Верещагиндин Түркестан сериясындагы
картиналарынын көргөзмөсүнө чакырабыз. Көргөзмө ушул
жылдын август айында болот. Каалоочуларга эшик ачык.
4. Мүнөздөмө

15
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Которуп түшүнүү
1. Текстти окугула, сөздүк менен таанышкыла.
Рождение Манаса
(по варианту С. Каралаева)
Умер кыргызский хан Ногой – Карахан. Старые враги кыргызов – китайцы, захватили
земли кыргызов и вытеснили их из Ала-Тоо. Потомки Ногоя изгоняются в отдалённые края.
Оставшиеся на родине кыргызы попадают под жестокий гнёт захватчиков и становятся
рабами. Начинается тяжёлая и безрадостная жизнь.
Младший сын Ногоя Жакып изгоняется на Алтай и многие годы вынужден
прислуживать алтайским калмыкам. Занимаясь хлебопашеством и работая на золотых
рудниках, ему удается накопить много добра.
В зрелом возрасте Жакып становится владельцем
неисчислимого количества скота, но его душу гложет обида
на то, что судьба не дала ему от двух жён ни одного
наследника. Он печалится и молит всевышнего о жалости,
посещает святые места и приносит жертвы. Наконец, после
чудесного сновидения его старшая жена Чыйырды (Шакан)
зачала ребёнка. Ей хочется вкусить сердце тигра, за которым
отправляется умелый охотник.
Спустя девять месяцев она рожает мальчика. В этот же
день в табуне Жакыпа появляется на свет жеребёнок,
которого он предназначает своему новорождённому сыну.
Жакып на радостях устраивает большой пир, на котором
мальчика нарекают именем Манас. С детских лет в нём
проявляются необычные качества, он отличается от всех
своих сверстников необычайной физической силой,
озорством и щедростью.
И только богатырю Манасу удастся вернуть родные
земли на Тянь-Шане кыргызам.

Сөздүк:
захватчик – баскынчы наследник – мураскор
вытеснить – сүрүп чык-, айда- печалится – капаланат, кайгырат
потомок – урпак молит – жалынат, суранат
изгоняется – куулат всевышний – кудай
попадает – туш болот чудесное сновидение– түшүнө аян берген
жестокий гнёт – каардуу эзүү, кыйноо старшая жена – байбиче
раб – кул табун – жылкынын үйүрү
хлебопашество– буудай айдоо пир – той
рудник – кен проявляется – байкалат, билинет
добро – здесь: байлык сверстник – теңтуш
накопить – жыйноо необычайный – эбегейсиз
владелец – ээ озорство – тентектик
неисчислимое– эсепсиз, сансыз көп щедрость – жоомарттык

2. Диалогду окуп чыккыла. Уланткыла.


- Текстте эмне жөнүндө сөз болду?
- Текстте Ногой кандын кичүү баласы Жакыптын турмушу жөнүндө сөз болду?
- Ногойдун кичүү уулу Жакып кайда жашаптыр?
- Ногойдун кичүү уулу Жакып Ала-Тоодон куулуп, Алтайдагы калмактарга кызмат
кылууга аргасыз болуптур. Алтайда көп жыл бою буудай айдап, алтын кенинде иштеп,
байлык жыйноого жетишиптир.
- Кыргыздарды Ала-Тоодон кимдер сүрүп чыккан экен?

16
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
- Кыргыздарды Ала-Тоодон кыргыздардын эски душманы – кытайлар сүрүп чыккан экен.
Ногойдун урпактары алыскы жактарга куулат, өз жеринде калган кыргыздар
баскынчылардын каардуу эзүүсү менен кыйноосуна туш болуп, кулга айланышат.
- Бай Жакып эмнеге капаланат, кайгырат?
- Сансыз көп малдын ээси болгон Жакып карыганча мураскору жок жүргөнүнө капаланат,
кудайга жалынып, бала бер деп суранат.
- Жакып бай балалуу болобу?
- ....
3. Тексттеги сөз айкаштарды которуп, кыргызча сүйлөм түзгүлө.
Үлгү: Старые враги кыргызов – кыргыздардын эски душмандары.
Кытайлар илгери кыргыздардын эски душмандары болгон.
Старые враги кыргызов, захватили земли кыргызов, вытеснили из Ала-Тоо, попадают под
жестокий гнёт захватчиков, становятся рабами, изгоняется на Алтай, вынужден прислуживать
алтайским калмакам, занимается хлебопашеством, работает на золотых рудниках, накопит
много добра, становится владельцем неисчислимого количества скота, ни одного наследника,
печалится и молит всевышнего, после чудесного сновидения, Чыйырды рожает мальчика, в
табуне появляется на свет жеребёнок, устраивает большой пир, с детских лет, проявляются
необычные качества, от всех своих сверстников, необычайной силой, озорством и щедростью,
Манасу удастся вернуть родные земли кыргызам.

4. Текстте эмне жөнүндө сөз болгон жок ( √ ).


кыргыз алтын Манас
калмак күмүш туулган жер
улут √ таш көмүр байбиче
Кыргызстан буудай өстүрүү уул-кыз
байлык үйүр мураскор
той аш жентек

5. Жебе менен сүйлөмдөрдүн уландысын көрсөткүлө.


Кыргыздардын Ногой каны куулуп, андагы калмактардын көзүн карайт.
Кыргыздардын эски душманы – кытайлар түшүнө аян бергенден кийин боюна бүттү.
Кыргыздарды кытайлар өз жеринен айдап, болбойт, мураскору жоктугуна капаланат.
Өз жеринде калган кыргыздар кенинде иштеп, сансыз көп байлык жыйнайт.
Ногой кандын кенже уулу Жакып Алтайга кыргыздардын жерин басып алышты.
Алтайда көп жыл бою буудай айдап, алтын – Каракан өлдү.
Бир топ жашка келгенче Жакып балалуу сүрүп чыгышты.
Жакыптын байбичеси Чыйырдынын тойдо баланын атын Манас коюшат.
Жакып балалуу болгон күнү өзгөчө сапаттары менен айырмаланат.
Кубанган Жакып элине чоң той берет, колу ачык жоомарттыгы билинет.
Бала кезинен Манас теңтуштарынан жылкынын үйүрүндө да бир кулун туулат.
Анын эбегейсиз күчү, тентектиги, баатыр Манас гана кайра кайтарып ала алат.
Кыргыздардын Тянь-Шандагы өз жерин баскынчылардын каардуу эзүүсүнө туш болушту.

6. Тексттин мазмунун кыргызча сүйлөп бергиле.


7. Тексттин мазмунун талкуулагыла, кластер түзгүлө.

"Манас
тын
төрөлү
шү"

17
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Грамматика
1. Сүйлөмдөрдөгү кайталанган сөздөрдү таап, ат атоочтор менен алмаштыргыла.
Үлгү: Мурда кыргыздардын эски душманы кытайлар болгон. Кытайлар (алар) кыргыздарды
өз жеринен айдап чыгышкан.
Ногой кандын кенже уулу Жакып Алтайга куулган. Жакып Алтайдагы калмактардын
көзүн караган. Жакып Алтайда көп жыл бою буудай айдап иштеген. Иштеп, Жакып Алтайда
сансыз көп байлык жыйнаган. Жакыптын байбичеси Чыйырды көпкө балалуу болбойт.
Жакыптын байбичеси Чыйырдынын түшүнө аян берет. Түшүнө аян бергенде боюна бүтөт.
Боюна бүткөн байбиче жолборстун жүрөгүн жегиси келет. Жолборстун жүрөгүн жеген
байбиче уул төрөйт. Кубанганынан баланын атасы элге чоң той берет. Тойдо бейтааныш
адам пайда болот. Бейтааныш адам баланын атын Манас коёт. Кыргыздар Тянь-Шандагы өз
жерин сагынышкан. Кыргыздарга Ала-Тоону Манас баатыр кайра кайтарып берген.

2. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн чагын жана ыңгайын аныктагыла.


Үлгү: Биз сиздерди Кыргызстанга чакырабыз (келер чак, баяндагыч ыңгай). Кыргызстанга
келгиле! (буйрук ыңгай). Кыргызстанга баралы! (ниет ыңгай). Көлдө жакшы эс алалы. (ниет)
Кыргыздын Ала-Тоосун көрүп кетиңиздер! Кыргыз жерине келип, Ысык-Көлдө эс алып
кеткиле! Ысык-Көл жыл бою тоңбойт. Ал Түндүк Тянь-Шандын тоо кыркаларынын
ортосунда, Күнгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда деңиз деңгээлинен 1609 метр
бийиктикте орун алган. Көлдөгү суунун температурасы жайында +24 С ка чейин көтөрүлүп,
кышында +4 С ка чейин төмөндөйт.
Кыргызстандын жерлери кооз болсо да, жогорку сапаттагы туристтик тейлөөсүз өлкөбүздө
туризм өнүкпөйт. Өлкөдө туризмди өнүктүрөлү. Эгерде туристтик тейлөө жогорку сапатта
болбосо, анда туристтер Кыргызстанга келишпейт. Туристтер Кыргызстанга келгенде, тейлөө
жогорку сапатта болуш керек. Ошондо туристтер Кыргызстанга барайын деп, өлкөбүзгө
келишет. Кыргызстандагы энергетикалык ресурстарга көп каражат коротолу, алардан чоң
киреше алалы.

3. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү туура айткыла.


Илгери кыргыздарды кытайлар өз жеринен айдап, сүрүп (чык-). Кыргыздар душманга өз
жерин (ал-). Жакып Алтайга (куу-). Кыргыздар Тянь-Шандагы өз жерин (сагын-). Жакып
балалуу болгон күнү жылкынын үйүрүндө да бир кулун (туу-). Жаш кезинен бала Манастын
эбегейсиз күчү, тентектиги, колу ачык жоомарттыгы (бил-). Баатыр Манас Тянь-Шанды
душмандардан кайра (кайт-).
мамилелер мисалы
Негизги мамиле Биз мейманга чакырабыз. Силер келгиле.
Кош мамиле: -ыш (-уш, -иш, -үш, -ш) Туристтер Кыргызстанга көп келишет.
Өздүк мамиле: -ын (-ун, -ин, -үн,-н) Асел сүйүндү, тез жуунду, кийинди.
Туюк мамиле: -ыл (-ул, -ил, -.үл, -л) Туристтер үчүн көп иштер аткарылды,
аларды тейлөөгө жакшы көңүл бурулду.
Аркылуу мамиле: -дыр; -гыз; -кыр; -ыр; - Алдыр, отургуз, жаткыр, жеткир, качыр,өчүр,
ыз; -кар; -ыт; агыз, угуз, аткар, бүткөр, ташыт, коркут.
4. Сүйлөмдөрдөгү баяндоочтун милдетин кайсы сөз түркүмү аткарганын аныктагыла.
Үлгү: Кыргыз жери – көрктүү (сын атооч).
Кыргызстан – экологиялык жана этнографиялык туризмдин өлкөсү. Кыргызстан –
туризмдин сүйүүчүлөрү үчүн дүйнөнүн эң кызыктуу өлкөлөрүнүн бири.
Кыргызстандын бермети жана сыймыгы – Ысык-Көл. Ысык-Көл – Борбордук Азиядагы
эң чоң жана эң кооз көл. Ысык Көлдүн жалпы аянты 6 миң чарчы километр. Ысык-Көл –
дүйнөдөгү экинчи орундагы бийик тоолуу көл. Туристтерге улуттук кол өнөрчүлүк кызыктуу.
Асман ачык. Аба таза. Күн ысык. Бул жай мезгили. Тоонун боору жашыл түстө. Жол
четинде гүлдөр, чөптөр көп. Сүрөттө алдынкы планда – атчан адам. Адамдардын саны үчөө.

18
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Зат атоочтун таандык мүчөлөрүн кошуп жазгыла.
Үлгү:
Менин саякатым Биздин саякатыбыз
Сенин саякатың Силердин саякатыңар
Сиздин саякатыңыз Сиздердин саякатыңыздар
Анын саякаты Алардын саякаты

Өлкө, Кыргызстан, Ысык-Көл, жер, мамлекет, турист.

6. Сүйлөмдөрдөгү сын атоочтордун салыштырма жана күчөтмө даражасын көрсөткүлө.


Үлгү: Кыргызстанда туристтик тейлөө мындан да сапаттуураак болуш керек. (салыштырма)
Кыргызстанда абдан кооз жерлер көп.
Биздин жерибизде болгон туристтер Кыргызстан жөнүндө эң жакшы сөздөрдү айтышат.
Кызырлуу кыргыз элибиз Ала-Тоону мекендейт.
Илгери-илгери Ногой кандын эң кенже уулу Жакып Алтайга куулат.
Манастын укмуш эбегейсиз күчү, тентектиги бала кезинен элге маалым болот.
Тоонун бетиндеги жол мурункуга караганда кургагыраак.
Туристтер улам бийигирээк тоолорго чыккысы келет.
Алар Кыргызстандын эң ажайып жаратылышына жөө саякатташат.
Улуу Жибек Жолунун боюндагы сакталып калган тарыхый эстеликтерди көрүшөт.

7. Төмөнкү зат атоочторду жөндөгүлө.


Атооч Кыргыз жери – көрктүү.
Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер? Кто? Что
Илик Биз кыргыз жеринин кооздугун жана
Кимдин? Эмненин? Кимдердин? Эмнелердин? көрктүүлүгүн мактап, даңктайбыз.
Чей? Чья? Чьё
Барыш Туристтер кыргыз жерине келип, анын
Кимге? Эмнеге? Кимдерге? Эмнелерге? Кайда? кооздугуна, көрктүүлүгүнө суктанышат.
Каякка? Кому? Чему? Куда?
Табыш Кыргыз жерин көрүү үчүн XIX кылымдын
Кимди? Эмнени? Кимдерди? Эмнелерди? сүрөтчүсү В.В. Верещагин саякаттап келген.
Кого? Что?
Жатыш Кимде? Эмнеде? Кимдерде? Василий Верещагин 1869–1870-жылдары
Эмнелерде? Кайда? У кого? В чём? Где? кыргыз жеринде болгон.
Чыгыш Бизге келген туристтер кыргыз жеринен кур
Кимден? Эмнеден? Кимдерден? Эмнелерден? кетпей, ар кандай эстеликтерди, көңүлүндө
Кайдан? От кого? Из чего? Откуда? калган чоң таасирлерин ала кетишет.

Атооч Саякат корук жарнама көрк коргоо


Илик
Барыш
Табыш
Жатыш
Чыгыш

19
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Иш кагаздары
Балдар! Кыргызстанга келүүчү туристтер үчүн
жарнама кандай болуш керек экенин чогуу сүйлөшөлү.
Ысык-Көлгө туристтик саякатка жөнөй турганыбыз
тууралуу кулактандыруу жазалы.

1. Үлгү боюнча кулактандыруу жазууну үйрөнгүлө.

1. Иш кагаздын аталышы: Кулактандыруу


2. Кимге кайрылат: Окуучуларга
3. Иш чара кайсы темага Бишкек шаарындагы дарактардын жаңы көчөттөрүн
арналат: отургузуу ишембилигине катышкысы келгендерди
күтөбүз.
4. Иш-чаранын аталышы: Ишембилик
5. Качан болот: 2014- жылдын 20- апрелинде саат 9.00 до
6. Кайсы жерде болот: Эркиндик бульварында өтөт.
7. Иш чараны ким уюштурат: № 28- мектеп- лицейинин администрациясы
8. Байланыш үчүн телефон: 0312 - 340456

Кулактандыруу

Кымбаттуу 9-класстардын окуучулары!

Ысык-Көлгө туристтик эс алууга барууну каалагандарды Кыргызстанга келүүчү


туристтер үчүн жарнама кандай болуш керек экенин чогуу сүйлөшүүгө чакырабыз.
Экологиялык туризм темасындагы тегерек столдо маектешүү 2014-жылдын 20-апрелинде саат
12.00де №28 мектеп-лицейинин жыйындар залында башталат.

Мектептин окуучулар парламенти


Байланыш телефону: 0312 - 340456

2. Таблицанын биринчи бөлүгүн толтургула.

Кулактандыруу
9-класстардын окуучуларына
Ысык-Көлгө туристтик эс алууга барууну каалагандарды чакырат.
Кыргызстанга келүүчү туристтер үчүн жарнама кандай болуш
керек экенин чогуу сүйлөшүүгө
Экологиялык туризм темасындагы тегерек столдо маектешүү
2014-жылдын 20-апрелинде саат 12.00де
№28 мектеп-лицейинин жыйындар залында
Мектептин окуучулар парламенти
0312-340456

3. Тоого саякатка окуучуларды уюштуруу үчүн кулактандыруу жазгыла.

20
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

***
1. Сөздөрдү ирети менен жайгаштырып, сүйлөмдөрдү түзгүлө.

Ысык-Көлдүн, Чыңгыз, куну, Айтматовдун, бар, куту, жана, чыгармасы; Чыңгыз,


индустрия, Айтматов, Социалисттик, кабарчысына, берген, гезитинин, интервью; Суроо,
иретинде, жооп, түзүлгөн, менен, кабарчы, текст; Макаладан, публицистикалык, бул, үзүндү.

2. Текстти тыным менен окугула.

Чыңгыз Айтматов
Ысык-Көлдүн куту жана куну
(публицистикалык макаладан үзүндү)

I
- Ысык-Көл сизге да кымбат жана кыйбас болсо керек?
- Ысык-Көл – менин кутман бешигим. Кайда гана болбоюн, өлкөнү кыдырып
жүргөндөбү же чет жакаларга чыккандабы, айтор, Ысык-Көлгө тең келер эч бир жерди
көрбөдүм.
Ысык-Көл орусча аталганда жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз-Көл деген да аты
болгон. Андан кийинки Тимур-ту-Нор – темирлүү көл деп аталат. Жыт-Көл деп да аташкан.
Мындай аттардын жаралышы кокусунан дейсизби? Түк андай эмес. Ал чынында эле сейрек
учурай турган көл. Тереңдиги жагынан Байкалдан кийинки орунда турат. Эң терең жери 700
метрге чейин жетет.
Көлгө көп сандаган агын суулар куят. Жердин калың катмарынан жылжып агып чыгып,
ал суулар тузду ээритип, аларды минералдаштырып турат. Андан тышкары көлдүн алабында
көп сандаган термалдуу минерал булактар бар...
кутман счастливый агын суу река
бешик колыбель катмар слой
темирлүү с железом жылжып агып вытекая с трудом
түк андай эмес совсем не так алап син.: тегереги

1). Текстте автор ...


А) өз алдынча ой жүгүртүп жатат.
Б) көлдүн жашоочусу менен сүйлөшүп жатат.
В) журналист менен сүйлөшүп жатат.

2). Ысык-Көлдүн тарыхый аталыштары:

А) Жылуу көл, Туз-Көл, Тимур-ту-Нор, Жыт-Көл


Б) Туз-Көл, Тимур-ту-Нор, Жыт-Көл
В) Туз-Көл, Темирлүү-Көл, Жыт-Көл

II
- Бирок Ысык-Көлдүн кутмандыгына жана кереметине тамшанып караган маал эбак
артта калды. Адамдардын сөздөрүнөн азыр кооптонуу улам көбүрөөк угула баштады: көл
эми – баягы көл эмес.
- Аттиң деңизчи, бул анык. Ысык-Көл тартылып баратат... Эгер аны мурда жүздөгөн
дарыялар менен тоо суулары толтуруп турса, бүгүн алардын баары бүт бойдон сугатка
жумшалат. Көлдөн суу агып чыкпайт, ошондуктан ал өзүнүн бөксөсүн эбегейсиз өлчөмдөгү
буулануунун эсебинен толтуруп турат. Көлдүн жээги жыл сайын 7-10 сантиметрге ылдыйлап
21
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
жатат. Суунун бир жылдык тартыштыгы, ошентип 7500 миллион кубометрге жетип олтурат.
... көл жээгинин 500-1000 метрге тартылып такырайып калышы суунун жылуулугун 2-3
градуска төмөндөтүп коёт. Ал эми бул өз кезегинде көлгө түшүүнүн ансыз деле кыска
мөөнөтүн дээрлик бир айга чектеп салат.

кутмандык счастье бөксө неполно, не до краёв


керемет чудо, диво сугат – полив
тамшан- вспоминать приятное буулануу испарение
кооптон- страшиться, опасаться тартыштык – острый недостаток
аттиң де- как жаль, какая досада такырайып – оголившись
тартылып вода сбыла дээрлик – почти

1). Ысык-Көлдүн суусунун тартылышынын себеби ...


А) көлгө куйган дарыялар сугатка жумшалып жатат.
Б) көлдүн суусу мурункудан көбүрөөк бууланып жатат.
В) суунун жылуулугу 2-3 градуска төмөндөп кетти.

2). Адамдар азыр улам көбүрөөк ... кооптонуп жатышат.


А) көлгө түшүүнүн мөөнөтү бир айга чектелип калганына
Б) көлдөгү айыл чарбаларда сугатка суу тартыш болгонуна
В) көлдүн суусу күн сайын тартылып баратканына

III
- ...Орто Азиянын бермети деп аталган бул көлдүн сиз айткан кризиси канчалык
жакындап келаткандыгы ушу бүгүн эле айкын болуп олтурат. Деги мунун коопсуз чеги кайда
болушу мүмкүн?
- Болору болгон соң, эми айтпаска чара барбы, биз өзүбүздүн утурумдук
муктаждыктарыбыздын туткуну болуп чыктык. Алар ушунчалык зор болгондуктан, эми
кайра артка тартуу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Чынында эле өздөштүрүлгөн жерлерди сугаруу
керекпи? Керек. Эгин айдап, жашылча өстүрүп, тоют камдоо зарылбы? Зарыл. Малды асыроо
керекпи? Бул да керек. Индустриянын кереги жокпу? Баары керек. Баары адамдын пайдасына,
адамдын жыргалы үчүн керек сыяктуу.
- Ошентсе да Ысык-Көлдү сактап калуу үчүн жасалып жаткандарды байкамаксан
болуу туура болбос. ...тоо дарыяларынын бир бөлүгүн Ысык-Көлгө агызуу үчүн даярдыктар
көрүлүүдө...
- Минтип даярдык көргөнүбүзгө өтө эле көп болуп кетти. Бирок бул проблема
ийгиликтүү чечилген күндө деле эки миллиард кубометр өлчөмүндөгү ошол суу кол тийгис
боло албайт. Табигый жаан-чачындар бул аймакта жыл сайын эле бирдей боло бербейт. Көл
менен сугат аянттарга сарамжалдуу суу бөлүштүрүүгө ким көз салып олтурат дейсиз?

айкын – явно туткун – плен


чара – мера, средство, мероприятие байкамаксан – делать вид, что не видишь
утурумдук – время нужды кол тийгис нетрогаемый
муктаждык – потребность сарамжалдуу – заботливо, аккуратно

Суроого жооп бергиле:


Эгерде Ысык-Көлдүн суусун сактап калуу программасы жок болсо, анда эмне болот?
Кандай деп ойлойсуңар?

IY
- Суу балансы, албетте, Ысык-Көлдүн негизги проблемасы экендигине талаш жок.
Бирок көлдүн көрөөр күнү “бир ууртам” сууга эле байланып калбаса керек. Ага бүт тулкусун
жайып, ээн эркин дем алуу, дагы башка көп-көп нерселер зарыл го.

22
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
- Ысык-Көл – бул өз ара ашташып, бирин-бири шарттаган сан түркүн себептер менен
байланышкан экологиялык система. Көлдө бир кезде Кыргыз Илимдер Академиясынын
биостанциясы боло турган. Ал көп иштерди жасаган эле. Ошол биостанция азыр жок. Ысык-
Көл анын бардык көп кырдуу проблемаларын камтыган кеңири изилдөөгө муктаж. Ысык-
Көлдү сактап калуу – бул Мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик. Көлдүн
тагдыры үчүн биздин ар бирибиздин жоопкерчилигибизди азыр мына ушундайча түшүнүп-
баалоо керек. Эгер сен токойду, булакты, берешен жерди сүйсөң, тек гана суктанып эмес,
эртеңки күндү ойлонуп, жаратмандык менен сүйсөң, анда сенин чыныгы кожоюн боло
алганың. Ысык-Көлдү сактап калуунун өбөлгөсү ушунда.

бир ууртам суу – глоток воды


ашта- – наставлять, вставлять рукоятку, прикреплять
ашташ– сотрапезник
сан түркүн – разное множество
жаратмандык менен– син.: чыгармачылык, сотворяя
өбөлгө– син.: шарт, предпосылка, награда
бир укум жер – мера длины, равная расстоянию между концом большого пальца и
согнутого указательного
тулку – всё, весь целиком, всё тело

Суроого жооп бергиле:


Эгерде Кыргызстандын жараны Ысык-Көлгө турист катары барса, көлдүн суусун, жээгин,
Ысык-Көлдөгү токойду, булакты, жерди сүйүш керекпи? Сакташ керекпи? Кантип?

3. Сөздөрдүн жана сөз айкаштардын синонимдерин тапкыла.


Укум жерин сактап калуу, сейрек, Мекен, көл, өбөлгө, сан түркүн.

4. Ысык-Көлдү сактоо жөнүндө сүйлөп бергиле. Тексттеги сөздөрдү, сөз айкаштарды


пайдалангыла.

23
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Үй-бүлө
№2-тема
Үй-бүлөдөгү мамиле кандай болуш керек?
Кайталоо
1. Макалдын маанисин айтып бергиле, орусчага которгула.
Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат.

2. Макалдагы ойду улап жазгыла.


Колдонуучу сөздөр: турмушта, кыялың, кыйналат, начар, болсо, ж.б.
Сөздүк:
Эгерде … жаман болсо, анда … кыйналасың. кыял – характер
Кыялың начар болгондуктан , … . начар –плохой, не важный
Эгерде адамдын кыялы … -са, анда … . кыйнал- –испытай трудность
турмуш – жизнь

Аба ырайы адамдын мүнѳзүнѳ кандай таасир этет?


3. Үлгү боюнча сүйлөшкүлө.
Үлгү: 3).
Өскөнбек: - Сага эмне болду? А: - Сага эмне болду?
Тамара: Эмне болуптур? Б: Эмне болуптур?
Өскөнбек: - Маанайыӊ бузулгандай. А: - Маанайың жакшы болгондой.
Тамара: Жамгыр жаагандыктан
сүйлѳшкүм келбей, уйкум келип жатат. Б: …гандыктан
сүйлѳшкүм келип, маанайым жакшы.

1). 4).
А: - Маанайың эмне болду? А: - Маанайың эмне болду?
Б: Эмне болуптур? Б: Эмне болуптур?
А: - Бузулгандай. А: - Жакшы болгондой.
Б: …жаагандыктан

сүйлѳшкүм келбей , уйкум келип жатат. Б: …гандыктан


сүйлѳшкүм келип, жайдарымын.
2). 5. А: - Маанайың эмне болду?
А: - Маанайың эмне болду? Б: Эмне болуптур?
Б: Эмне болуптур? А: - Маанайың … болгондой.
А: - Маанайың ….. бузулгандай.
Б: Б: …гандыктан ...
… жаагандыктан
сүйлѳшкүм келбей жатат. жайдары эмесмин.

Жардамчы сѳздѳр
ленивый, серьезный, умный, трудолюбивый, добрый, легкомысленный, эмоциональный,
разговорчивый, ленивый, терпеливый, веселый, глупый.

24
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
4. Ѳзүңөрдү текшергиле. Сүрѳт боюнча адамдын мүнѳзүн жазгыла.

№ сѳз котормосу
1)
2)
3)
4)
5)
6)
7)
8)
9) жалкоо ленивый
10)
11)
12)

МҮНӨЗҮҢДҮ КОЛ ЖАЗМАҢ АЙТЫП ТУРАТ. (Графология)


Адамдын чыныгы мүнөзүн анын ата-энеси, бир туугандары, балдары
гана билишсе керек, бирок графологиялык тесттин жардамы менен адамдын
айрым мүнөзүн айтса болот.

Мындай кол жазма ээсинин


мүнөзүнүн жумшактыгынан,
мээримдүүлүгүнөн
кабар берип турат.
Булар жашоодо көп
нерсеге көтөрүмдүү
болуп, кыйынчылыктарды
жеңүүгө эптүү болушат.

Тамгалары ачык жазылып,


Тамгаларды тик, анан арасын үзүп
окууга эч кандай
жазат экен. Тик жазган
адамдар чынчыл , кең кыйынчылык жаратпайт.
пейилдүү, күчтүү, туруктуу Сөздөрү даана окулат.
болушат. Мындай кол жазма оюнда
Ар дайым идеяларга бай, чечкиндүү, арамдыгы жок, ак көңүл
тапкыч болушат. жана ачык-айрым
адамдарга тиешелүү. Алар
бирөөлөр менен бат эле тил
табышат.
5. Силердин мүнɵзүңөр кандай? Кат жазып, мүнɵздɵмɵ бергиле.

……………………………...…… Мен тамгаларды …………………. жазам.


………………………………...… Менин мүнɵзүм … , …, ……., …….., ….…. .
………………………………...... Жашоодо мен ……………………………….
………………………………….. Мени досторум ………………………………..
…………………………………… Мен ата-энеме …………………. мамиле кылам.

25
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Окуп түшүнүү
1. Төмөнкү сөздөрдү түшүндүргүлө, алар менен сөз айкаштарды, сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Мамиле, өзгөрбөйт, өзгөчө, ынтымактуубуз, анткени.

2. Текстти окугула. Сөздүк менен таанышкыла.


Биздин үй-бүлөбүз
Биздин үй-бүлөбүз абдан чоң. Биздин үй-бүлөдө канча адам болсо, алардын ошончо
мүнөзү бар. Баарына өзгөчө мамиле кылуу керек. Менин атам сүрдүү, кээде чарчап келгенде
ачуулуулугун көрсөтөт, ошол мезгилде биздин атабызга жасаган мамилебиз ѳзгѳрбѳйт,
анткени ал бизди абдан жакшы кѳрѳт. Апам ак көңүл, ал бизге мээримдүү мамиле кылат.
Эжемдин мүнөзү жумшак, аны биз сыйлап, тилин угабыз. Карындашымдын тынчы жок, ал
көп сүйлөйт, кээде мактанчаак. Ал эми иним болсо жоош, биз ага ѳзгѳчѳ мамиле кылабыз.
Биз абдан ынтымактуубуз, анткени биз бири-бирибизге абдан жакшы мамиле кылабыз.

2. Сүйлөмдөргө суроо түзгүлө.


Биздин үй-бүлөбүз абдан чоң. Канча адам болсо, ошончо мүнөз кездешет. Биз абдан
ынтымыктуубуз. Анткени биз бири-бирибизге абдан жакшы мамиле кылабыз.

3. Сүйлөмдүн мааниси боюнча √ -туура; х -ката; ?-мындай сүйлөм жок экенин


белгиле.

№ Сүйлөм мааниси боюнча √ х ?


1 Биздин үй-бүлөдө көп адамдын мүнөзү кездешет. √
2 Баарыбыз ынтымактуубуз.
3 Баарына өзгөчө мамиле кылуу керек.
4 Менин апам сүрдүү.
5 Таенем абдан ак жүрөк.
6 Биз доспуз.
7 Мамилебиз жакшы.
8 Эжемдин мүнөзү жумшак, аны биз сыйлап, тилин угабыз.
9 Иним ар дайым идеяларга бай, чечкиндүү, тапкыч.
10 Биз бири-бирибизге абдан жакшы мамиле кылабыз.

4. Ойлонуп, суроого жооп бергиле.

Үй-бүлөдөгү мамиле кандай болуш керек? Келгиле үй курабыз!


ынтымактуу
Үй курууда анын ар бир кышына
“үй-бүлөдөгү мамиле кандай болуш керек?”
деген суроого жооп берген ойду жазгыла.
Башка өлкөлөрдө үй-бүлөдөгү мамиле кандай экенин
билесиңерби? Мындай маалыматты тексттен окуп
түшүнгүлө. Төмөнкү тексттерди белгилерди коюп ? ? ?
окугула: ? ? ? ?
Ѵ - билчүмүн; ? ? ? ?
– - билчү эмесмин;
? - түшүнгөн жокмун.
26
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Тексттерди окуп чыккыла.

1
Италия. Нидерландия. Эң
2
Балдарын “30 негизги эреже
жашка чейин “Балдарды эркин
деле бала тарбиялоо” деп
бойдон кала эсептешет. Балдарга
берет”,- деген бардык нерсеге
ой бар окшойт. уруксат берилген.
Алар баласын өтө бапестеп өстүрүшɵт. Бала Эртеден-кечке кыйкырып, чуркап, сындырса
бакчага барган балдар сейрек кездешет. да мейли, ден соолугуна зыян келтирбесе эле
Кɵбүнчɵ неберени тарбиялоо чоң ата, чоң болду. Окуу да жагымдуу болуш керек.
эненин мойнунда. Ата-энелери эртеден Мектепке балдары китеп кɵтɵрбɵйт, сабакка
кечке жумушта. керектүүсүн мектептен мугалимдер таратат.
Чоңойгондо ата-энелерин капа кылбаганга
аракет кылышат.
Англия. XX кылымдын аягына чейин Нигерия.
балага кол кɵтɵрүп Бул ɵлкɵнүн 5
тарбиялоону эффективдүү 3 балдары
кɵрүшчү. Азыркы күндɵ да кыйынчылыкты
алар балдарын эркелетип кичине кезинен
ɵстүрбɵйт. Алар балдарын тартышат. Ата-
кичине кезинен элеганттуулукка жана энелери жумуш менен алек болушат. Балдары
башка арестократтык жүрүш-турушка эки жашынан баштап ɵздɵрү жуунуп,
үйрɵтүүгɵ кɵңүл бурушат. Балдары тамактанып, ɵздɵрү жатып турушат. 4-5
чоңойгондо ата-энелерин сыйлашат. жашынан баштап тамак-аш сатып келип, ата-
энелерине жардам беришет.
Бельгия. Балдарды Ирландия. Бул ɵлкɵдɵ
6 кичине кезинен 4 адамдар балдарына ɵтɵ
коомдун жараны кылдаттык мамиле
катары тарбиялашат. жасашат. Бала дүкɵндɵн
Ошол себептен баалуу нерсени сындырса
балдар 2,5 жаштан да аны эч ким урушпайт, тескерисинче «Сен
баштап мектепке коркуп калган жоксуңбу?!»- деп сурашат. Дагы
барышат. Мугалим аларды бири-бирине
бир кызык: бул ɵлкɵдɵ балдар үйү жок. Жетим
жардам берүүгɵ, улууларды сыйлоого
балдарга дароо эле үй-бүлɵ табышат, анткени
үйрɵтɵт. Ата-энеси балдары эч нерседен
алар үй-бүлɵлүк мамилени абдан баалашат.
кем болбошу үчүн эрте кам кɵрүшɵт.
сейрек – редко уруксат – разрешение
эркелетүү – баловать көңүл бурушат – обращают внимание
жагымдуу – приятно дароо – сразу

6. Кɵп чекиттин ордуна тишелүү санды койгула.


өлкөлөр балдарына мамилеси
1. Италия 5. Эки жашынан баштап ɵздɵрү жуунуп, тамактанып, ɵздɵрү жатып турушат.
2. Нидерландия .... Бала бакчага барган балдар сейрек кездешет.
3. Англия …. Бул ɵлкɵдɵ балдар үйү жок.
4. Ирландия …. Алар балдарын эркелетип ɵстүрбɵйт.
5. Нигерия
...... Мектепке балдары китеп кɵтɵрбɵйт, сабакка керектүүсүн мектептен
6. Бельгия
мугалимдер таратышат, балдар 2,5 жаштан баштап мектепке барышат.

27
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

7. Текст боюнча таблицаны толтургула.

Ата- ɵлкɵ мамилеси ɵлкɵ мамилеси


энелердин (текст боюнча) (текст боюнча) (ɵзүң жаз)
балдарына Италия Балдарды Япония 12 жашка чейин
жасаган бапестеп ɵстүрɵт бардык нерсеге
уруксат берилген.
мамилеси
......................... ……………….. …………….. ………………

8. Сүрѳт боюнча 6 сүйлѳм түзгүлѳ. Жаңы сѳздѳргѳ кѳңүл бургула. Ким кимди
тарбиялап жатат? Натыйжада эмне болду?

Эгерде үй-бүлөдɵ ата-эненин


тарбия мамилеси туура эмес
болсо, анда балдар ата-энесин
сыйлабайт.

9. Сүйлѳмдѳгү каталарды текст боюнча оңдогула.


1. Италияда ата-энелердин балдарга болгон «кам кѳрүүсү» чектен ашпайт.
2. Кореяда XX кылымдын аягына чейин балага кол кɵтɵрүп тарбиялоону эффективдүү
кɵрүшчү.
3. Белгияда балдар 2,5 жаштан баштап мектепке барышат.
4. Англияда балдар эки жашынан баштап ɵздɵрү жуунуп,тамактанып, жатып турушат.
5. Нигерияда балдарын эркин тарбиялашат.
6. Нигерияда ата-энеси балдары эч нерседен кем болбошу үчүн эрте кам кɵрүшɵт.

10. Туура жоопту белгилегиле.

«Сен коркуп калган .... ?!»- деп сурашат.


А. экенсиң
Б. жоксуңбу
В. эмессиңби
Г. окшойсуң

Балдар ата-энелерин ...... .


А. тарбиялашат
Б. жардам беришет
В. аракет кылышат
Г. сыйлашат

28
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Угуп түшүнүү
1. Текстте кимдер сүйлɵшүп жатышат?Cүрɵттөгү балдардын аттарын жазгыла.
……
…… …… Жардамчы сөздөр:
…… Өскөнбек сыйлоо – уважать
…… …… жардам берүү – помогать
…… тил алуу – слушаться
……. ….. ардактоо – почитать
… колдоо – поддерживать
кам көрүү – заботиться
урматтоо – уважать
жакшы көрүү – любить

Мугалим: - Балдар, ата-энеге кандай мамиле кылуу керек деп ойлойсуңар? Келгиле, бүгүн
ошол жөнүндө сүйлөшөлү.
……..: - Сен бул суроого биринчи жооп берчи.
……..: - Чын эле, сен кандай жооп берет элең?
……..: - Ии, эмнеге менден баштадыңар? Келгиле, чогуу эле ойлонолу!
……..: - Өскөнбек, эмне унчукпайсың? Бол, тез ойлонолу!
Өскөнбек: - Менин ата-энем абдан жакшы адамдар, ошондуктан мен аларды сыйлайм. Ата-
энеме жардам бергенге аракет кылам. Менин мамилем ушундай. Эми сен ɵзүңдүн ата-энең
жөнүндө айтып берчи.
………: - Ооба, айтып берчи, мага да кызык.
………: - Мени ата-энем кичине кезимен бапестеп өстүргɵн. Алар менин келечегим кең
болушуна, чоңойгондо эч нерседен кем болбошума кам кѳрүшѳт, ошондуктан мен аларды
сыйлайм.
………: - Өскөнбек, сенин ата-энең сага ачууланабы ?
Өскɵнбек: - Ооба, жок жерден десе болот, мисалы, мен микроволновкадан пластика
идиштен тамак жылытып жеп жатсам, апам: «Мен сага канча жолу айтам, пластика идиште
тамак сатып алба!»,- деп урушту.
……...: - Чынында эле меламин идиштер адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Анткени
меламин ысыганда, андан амиак заты чыгат. Амиак, формальдегид бɵйрɵккɵ, ɵткɵ абдан зыян
келтирет да, рак оорусу пайда болушуна жол салат.
……..: Өскөнбек, апаңа таарынып мамилеңди бузба! Анын айтканын ук!

бөйрөк
меламин
≈≈

Амиак,
формальдегид
Мындай идиш-аякты колдонуу зыян!

2. Кɵп чекиттин ордуна тиешелүү сɵздɵрдү койгула.


…………! Пластмасса ………. ден соолукка зыян. Анткени анын ичинде ..….. заты бар.
…...….. -дан жасалган идиште тамак жылытса, анда андан …… заты чыгат. Ал адамдын
……… -үнɵ зыян. (бɵйрɵк, пластмасса, амиак, меломин, абайла, идиш-аяк).

29
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
3. Берилген сѳздѳр менен сүйлѳм түз.
1) адамдар, ата- энем, менин, жакшы.
2) Болушун, менин, келечегим, алар, кең, каалайт.
3) базарга барып, акыр-чикирди, төгүү, менин, милдетим

4. Сүйлɵмдɵргɵ суроо түзгүлɵ.


А.: ..............................................................................................................?
Б.: Ата-энелер балдарына кам көрүш керек, билим, тарбия бериш керек.
А.: ................................................................................................................?
Б.: Ата- энелер балдарына тарбия бергенде, балдары тартиптүү болот.
А.: ................................................................................................................?
Б.: Ата-энелер балдарына тарбия бербесе, балдар тартипсиз болот.
А.: ................................................................................................................?
Б.: Тартипсиз балдар чоңойгондо ата-энелерин сыйлабайт..
А.: ..............................................................................................................?
Б.: Үй-бүлөдө мамиле жакшы болгондо гана, балдар жакшы тарбия алышат.

5. Текстти окуп чыккыла.


Ушундай да болушу мүмкүн!
Мен үй-бүлѳмдѳ жалгыз баламын. Кичине кезимде
эртеден-кечке кыйкырып, чуркап, сындырсам да мейли
дешчү. Менин ата-энем жакшы адамдар. Алар менин
келечегим кең болушуна, чоңойгондо эч нерседен кем
болбошума кам кѳрүшѳт. Окууну жакшы бүтүп, жакшы
жерде иштесе деп, үмүттѳнүшѳт. Ошондуктан мени кѳп
урушушат деп ойлойм.
- Сени эмне үчүн урушушат?
- Билбейм, кээде түшүнбѳйм.
- Балким, сен ата-энеңдин тилин албайсың же
жардам бербейсиң го.
-Менин милдетим: сабактан келгенден кийин үй эмеректердин чаңын сүртүү, дүкөнгө
же базарга баруу, акыр-чикирди төгүү.
- Сен жаман окуйсуңбу?
- Жок, мен жакшы окуйм. Атам кээде жумуштан чарчап келгенде ачуулуулугун
көрсөтүп жинин менден чыгарат. Анда апам “Сен атаңдын маанайын буздуң!” - деп
ачууланат.
- Сенин ата энең кандай адамдар?
Ата-энем жакшы адамдар деп ойлойм, анткени алар эртеден-кечке жумушта иштешет.
Алардын милдети – акча таап, үй-бүлөнү тамак-аш, кийим-кечек, жол кире менен камсыз
кылуу.
маанай – настроение сүрдүү, каардуу – суровый
ачууланат – недовольствует урушат – ругают
4 . Туура же ката экенин аныктагыла. Катасын оңдоп жазгыла.

№ Сүйлөм мааниси боюнча √, × Сүйлөмдү текст боюнча жаз


Үлгү: Мен үй бүлѳдѳ кенжесимин. × Мен үй-бүлѳмдѳ жалгыз баламын.
1 Ата- энем мен жѳнүндѳ ойлонбойт.
2 Мени кѳп урушушат деп ойлойм.
3 Мен жакшы окуйм.
4 Ата- энем жакшы адамдар.

30
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Бул үй-бүлѳдѳ мамилелер кандай деп ойлойсуңар?
А. Баласына эч бир кѳңүл бурушпайт. В. Тарбиялашпайт, жумуш менен алек.
Б. Баласына каардуу мамиле кылышат. Г. Өзүңөрдүн оюңарды айткыла.

6. Сүйлɵмдɵргɵ суроо түзгүлɵ.


Ата-энелер балдарына кам көрүш керек, билим, тарбия бериш керек. Ата-энелер
балдарына тарбия бергенде, балдары тартиптүү болот. Ата-энелер балдарына тарбия бербесе,
балдар тартипсиз болот. Тартипсиз балдар чоңойгондо, ата-энелерин сыйлабайт. Үй-бүлөдө
мамиле жакшы болгондо гана, балдар жакшы тарбия алышат.

7. Эгерде Петя жакшы бала болсо, эмне үчүн ата-энеси аны көп урушушат?
Күнѳѳ кимде? Бул тема боюнча дебат уюштургула.
1-топ 2-топ 3-топ 4-топ
Петянын ата-энеси Петянын ата-энесине
баласына каардуу Ата-энеси жасаган мамилеси жаман. Петя
мамиле кылышат.
Жазып түшүнүү
1. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Ирландия. Бул ɵлкɵдɵ балдарына ɵтɵ …… мамиле жасашат. Бала дүкɵндɵн баалуу нерсени
……. да аны эч ким …….. . Дагы бир кызык – бул ɵлкɵдɵ ……… жок.
Бельгия. Балдарды коомдун жараны кылып ………. кезинен тарбиялашат. Ошол себептен
балдар ……….. баштап мектепке барышат. Мугалим аларды …….., улууларды ….. үйрɵтɵт.
Нигерия. Бул ɵлкɵнүн балдары …….. кичине кезинен тартышат. Балдары ….. жашынан
баштап ɵздɵрү ….. , …… , ɵздɵрү жатып турушат. 4-5 жашынан баштап тамак-аш сатып
келип, ата-энелерине жардам беришет.

2. Сүйлөмдөрдү текст боюнча бүтүргүлө.

Нидерландияда эң негизги эреже “Балдарды эркин тарбиялоо” деп .......... . Балдарга бардыгы
......... . Эртеден-кечке кыйкырып, чуркап, сындырса да мейли, ден солугуна зыян келтирбесе
эле ........ . Окуу да жагымдуу ....... ....... . Мектепке балдары китеп кɵтɵрбɵйт, сабакка
керектүүсүн мектептен ......... . Чоңойгондо ата-энелерин капа кылбаганга ...... ....... .

3. Текстке үч жөнөкөй, эки көйгөйлүү суроо түзгүлө.

Ирландия.
4
Бул ɵлкɵдɵ балдарына ɵтɵ кылдаттык мамиле жасашат. Бала дүкɵндɵн
баалуу нерсени сындырса да, аны эч ким урушпайт, тескерисинче «Сен коркуп кеткен
жоксуңбу?!»- деп сурашат. Дагы бир кызык – бул ɵлкɵдɵ балдар үйү жок. Балдар жетим
калган болсо, аларга дароо үй-бүлɵ табышат, анткени Ирландияда үй-бүлɵлүк мамилени
абдан баалашат.
4. Бош жерлерге керектүү зат атоочторду койгула.
Пластиктен жасалган ........ адамдын ............. зыян келтирет. Анткени ал ........ затынан
жасалат. Меламин ысыганда андан ....... заты чыгат. Амиак, меламин ........, ......... абдан
зыян келтирет да, ...... оорусу пайда болушуна жол салат.
5. Берилген сүйлѳмдѳргѳ суроо түзгүлѳ.
1) Ата-эне баланы кичине кезинен бапестеп ѳстүрѳт.
31
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
2) Окууну жакшы бүтүп, жакшы жерде иштеп калсын деп, үмүттѳнүшѳт.
3) Бирок, кээ бир ата-энелердин балдарга болгон «кам кѳрүүсү» чектен ашат.
4) Бала ата-энесин урматташ керек.
5) Аларга жардам берип, ар дайым айтылган сѳздү угуп жүрүш керек.
6. Үй-бүлɵдɵ мамиле кандай болуш керек? Үлгүгө таянып таблицаны толтургула.

-ыш + керек; -ба+ -ыш +керек


Үлгү: Ата-энени сыйла+ш керек. Ата-энеге каяша айтпа+ш керек.

Ой жүгүртүп түшүнүү Фёдор Павлович


Решетников
Сүрѳт менен иштѳѳ
1906- жылы туулган.
Ал сүрѳт тартууга эрте
натюрморт кызыккан. Кичинекей
Жашоо Федя сүрѳтчү агасына
тиричилик жардам берип
сүрѳт тарканды
пейзаж үйрѳнгѳн. Анын эң
портрет жакшы кѳргѳн
чыгармасы - “Опять
двойка”. Азыр бул
картина Москвада П.М.Третьяковдун сүрөт
галереясында илинип турат. Сүрѳттү кѳрүүгѳ кѳп
тарыхый мифология окуучулар келишет.

сүрѳттүн жанрлары

1. Суроолорго жооп бергиле.


1). Сүрѳт кандай жанрда тартылган?
2). Сүрѳтчү башкы каарман – бала
экенин кантип кѳрсѳттү?
3). Баланын китепкабынын кебетеси
кандай?
4). Энесинин маанайы кандай?
5). Балага кубангандар барбы?
6). Ал эмнеге дагы “эки” алды деп
ойлойсуңар?
каарман – герой, персонаж
эскирген – потёртый
муз тебет – катается на катке
капаланып – с грустью
карабастан – несмотря на

32
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
2. Сүрѳттѳгү каарман боюнча таблицаны толтургула.

тышкы келбети мүнѳзү апасына жасаган мамилеси


Үлгү : пальтосу күрѳң жалкоо апасын аябайт

3. Бүгүн мындай окуя болду. Кечээ эмне болгон? Эртең эмне болот деп ойлойсуңар?
Ой жүгүртүп, сүрѳттөгүлө.
бүгүн

кечээ эртең

? ?

4. Чачылган сүйлѳмдөрдү оңдогула, кыргызчага которуп жазгыла.

Держит, руках, портфель, в, потёртый, мальчик, рваный; Него, сестра, осуждением, на,
смотрит, с; Велосипеде, на, смеётся, братишка, маленький.

5. Сүрѳт боюнча ѳз ара сүйлѳшкүлѳ.


А.: - Сүрѳт орус тилинде кандай аталат? Кыргызча кантип которулат?
Б: ------------------------------------------------
А.: Сүрөттүн башкы каарманы ким?
Б.: ------------------------------------------------
А.: -Ал апасына кандай мамиле кылат?
Б.: ----------------------------------------------

6. “Опять двойка” (Дагы “эки”) деген сүрѳт боюнча эссе жазгыла.


План:
1. Сүрѳттү ким тарткан?
2. Башкы каарман (сырткы келбети, китепкабы).
3. Апасынын мамилеси.
4. Эжесинин кѳз карашы.
5. Баланын жакын досу – ити.
6. Сүрѳттүн негизги ою.
7. Менин кѳз карашым.

7. Төмөнкү ыр саптарын окуп, сүйлөп бергиле. Бул кимдин чыгармасынан алынган?


Эне жүрөгү
Камын көрүп жүрө берип балдардын Таяныч сөздөр:

Калбай калат чаалыкканы эсинде. капа кылба - не растраивай;
Кенжесине суук тийип калдыбы? ар кандай кесиби бар;
Ортончусу сабагына бардыбы? билимдери ар кандай;
Ар түрдүүгө жоруй берет, санааркап  апасы жок иш бүтпѳйт – без мамы дела не идут
Апа жокто токтогондой бардыгы. сарсанаа болот – переживает
Апалардын айырма бар тилинде чарчаганын билбей калат
Айырма бар кесибинде, билимде
Айырма жок ак тилектүү дилинде.
Апалардын жүрөктөрүн сактайлы.
33
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Которуп түшүнүү
1. Текстти окуп чыккыла. Эпитет жөнүндө сүйлөп бергиле.
Адабият теориясынан
Эпитет – грек тилинде “кошумча” деген мааниде айтылат. Эпитет – көркөм аныктама,
сүрөттөлүп жаткан кубулуштун маанилүү жагын бөлүп көрсөтөт.
Эпитетке мисалдар: Апалардын айырма бар тилинде
Айырма бар кесибинде, билимде
Айырма жок ак тилектүү дилинде.
(Т.Кожомбердиевдин «Эне жүрөгү» поэмасынан үзүндү)

2. Силердин оюңарча, бул текст мааниси боюнча ...


А) эссе
Б) таржымал
В) өмүр баян
Г) аңгеме
3. Бул текст кайдан алынган? Эмне үчүн минтип ойлойсуңар?
А) энциклопедиядан
Б) санжырадан
В) өмүр баяндан
Г) аңгемеден

4. Текстти окугула. Жалил Садыков жөнүндө айтып бергиле.

Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Кемин


районунун Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген.
Жалил Садыков – чыныгы сөз чебери, залкар акын.
Анын элдик ырга айланып кеткен “Сүрөтүңө”, “Жайлоодо”
деген ырлары эл арасында ырдалып жүрөт. Аны
калемдештери “кыргыздын Шекспири” деп бекеринен
атабаса керек. Ал биринчилерден болуп “Манас” эпосунун
негизинде драма жазган. Ал драмасы улуттук кыргыз драма
театрынын сахнасында зор ийгилик менен коюлган.
Ж.Садыков – Кыргыз Республикасынын гимнинин
текстинин да авторлорунун бири.

Жалил Садыков
5. Жалил Садыков жɵнүндɵ сүйлɵшкүлɵ.
- Ж. Садыков качан, каерде туулган? Ал кандай акын болгон?
- Анын ырлары эмне себептен эл арасында азыр да ырдалып жүрөт?
- КРнын гимнинин саптары эмне жөнүндө?

6. Поэманын аталышын окугула. Кандай ассоциациялар пайда болгону жөнүндө


сүйлөшкүлө.

7. Бул поэма эмне жөнүндө деп ойлойсуңар? Божомол жасагыла. Бири-бириңер менен
ой бөлүшкүлө.

8. Сөздөрдү катыштырып, чакан текст жазгыла.


Сук балапан, жем талашып, учуп түштү, оозун аччу чебеленип, боюн таштап, баласы үчүн өлө
жаздап.

34
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
9. Ырды көркөм окугула.
Жалил Садыков
Эненин жүрөгү
Балдары жем талашып тыбырчылап,
Жем издеп чымчык кеткен алысыраак.
Аңгыча темир канат бир балапан
Уядан учуп түштү жерге кулап.

Жем тиштеп эне чымчык кайра келип,


Уяга жакын жерге коно берип
Караса, беш балапан арасынан
Сугу жок, оозун аччу чебеленип.

Ошондон жерди карай боюн таштап,


Шуу этип чөпкө түшүп канат жаскап, Баа чиркин, эне мээри кандай күчтүү!
Айланат отко түшчү көпөлөкчө, Эне экен баласы үчүн отко түшчү.
Чырылдап баласы үчүн өлө жаздап

10. Төмөнкү сөздөрдү кыргызчага которгула.


Вырывая корм из рта; свалился, упал; чирикая, открывал рот; бросился вниз; готова на
всё; прожорливый птенец;

11. Суроолорго жооп бергиле.


- Поэма эмне жɵнүндɵ жазылган?
- Бардык чымчыктар эле өз балдарына кам кɵрөбү?
- Эненин өз баласына мээрими кандай?

12. Берилген таблицаны үлгүгɵ таянып толтургула.

Сөз айкашы Сөздүн мааниси Сөз айкашы катышкан сүйлөм


Үлгү: жем талашып Тамак менен камсыздайт. Чымчык жем ташып жүрɵт.
темир канат
боюн таштап
баласы үчүн ɵлɵ жаздап

13. Тексттеги силерди ойлондурган цитаталарды түшүндүргүлө.

Текст Комментарийлер
Үлгү:1.Балдары жем талашып тыбырчылап, 1.Чымчык балдарын тамактандырыш үчүн алыска
Жем издеп чымчык кеткен алысыраак. учуп кетет.
2.Аңгыча темир канат бир балапан 2……………………………………………………..
Уядан учуп түштү жерге кулап.

3. Айланат отко түшчү көпөлөкчө, 3………………………………………………………


Чырылдап баласы үчүн өлө жаздап.

4. Баа чиркин, эне мээри кандай күчтүү! 4………………………………………………………


Эне экен баласы үчүн отко түшчү.

35
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Грамматика
1. Үлгүгө таянып “мен, сен, ал” деген ат атоочторду жөндөгүлө. Сүйлөм түзгүлө.
Атооч жɵндɵмɵ Мен үй-бүлөмдө жалгыз баламын.
Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер? Кто? Что
Илик жɵндɵмɵ Ата-энеме менин мамилем абдан
Кимдин? Эмненин? Кимдердин? Эмнелердин? жакшы.
Чей? Чья? Чьё
Барыш жɵндɵмɵ Кимге? Эмнеге? Ата-энем мага жакшы тарбия берет.
Кимдерге? Эмнелерге? Кайда? Каякка?
Кому? Чему? Куда?
Табыш жɵндɵмɵ Кимди? Эмнени? Кимдерди? Ата-энем мени жакшы көрүшөт.
Эмнелерди? Кого? Что?
Жатыш жɵндɵмɵ Кимде? Эмнеде? Кимдерде? Менде жакшы жана жаман сапаттар
Эмнелерде? Кайда? У кого? В чём? Где? бар.
Чыгыш жɵндɵмɵ Кимден? Эмнеден? Кимдерден? Менден ата-энем жаман сɵз укпайт.
Эмнелерден? Кайдан? От кого? Из чего? Откуда?
2. Тиешелүү мүчɵлɵрдү улап жазгыла.
(Кимдин?) Биз… ата-энелерибиз бактылуу болуш керек. (Кимге?) Ата-энелерибиз… жардам
беришибиз керек. (Кимди?) Ата-энелерибиз… нааразы кылбашыбыз керек. (Кимден?) Ата-
энелерибиз… алыс кетпешибиз керек.

Атоочтуктардын морфологиялык жол менен жасалышы Обратите внимание!


Атоочтуктар төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: При склонении по
1.-ган: барган, барбаган, жазган, окуган (адам) падежам причастие в
2. оочу, өөчү: байкоочу иштөөчү (адам) сочетании с
3.-уучу,-үүчү,-үчү,-чү: баруучу-баручу-барчу (кишилер) существительным не
4.--а(е), й + жаткан, турган, жүргөн: бара жаткан (кишилер), келе меняет своё
турган адамдар. окончание.
5.-а(е), й +элек: бара элек (окуучулар), тарай элек (балдар)
6.-ып+жүргөн: барып жүргөн (айыл), көрүп жүргөн (шаар), ойноп
жүргөн
3. Берилген сɵз айкашын жөндөгүлө.
Атооч ж. тарбиялаган, тарбиялаган мугалим, жылый элек мамиле
Илик ж. тарбиялагандын, тарбиялаган мугалимдин, жыллый элек мамиле...
Барыш ж. тарбиялаганга, тарбиялаган мугалимге, жылый элек мамиле...
Табыш ж. тарбиялаганды, тарбиялаган мугалимди, жылый элек мамиле...
Жатыш ж. тарбиялаганда, тарбиялаган мугалимде, жылый элек мамиле...
Чыгыш ж. тарбиялагандан, тарбиялаган мугалимден, жылый элекмамиле...
4. Кɵп чекиттин ордуна тиешелүү мүчɵлɵрдү улап жазгыла.
1. -ган: бер….; котор…..; ойло…… жуу….. (адам)
2. -оочу, өөчү: баштоо.......; үтүктɵɵ....... (адам)
3. -уучу,-үүчү,-үчү,-чү: бер....; жүргүз........ (кишилер)
4. --а(е), й + жаткан, турган, жүргөн: келе..... жаткан кара..... турган, бил.... жүргөн
(кишилер)
5. -а(е), й +элек: кел... элек (окуучулар), оку... элек (балдар)
6. -ып+жүргөн: кɵр.... жүргөн (айыл), түн.... жүргөн (шаар).

36
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Иш кагаздар
Өмүр баян – адам жөнүндө кыскача маалымат берүүчү иш
кагаздардын бири.

Өмүр баянды кантип жазыш


керек?

Эмне жазыш керек


Эмне жазбаш керек өзүң жөнүндө так жана
кыскача жазышың керек.
Өзүң жөнүндө баалап
Маалымат берүүдө атыңды,
жазбашың керек. Мисалы:
туулган жериң, окуган жериң
«менин үйбүлөм ынтымактуу» ,
жөнүндө күнүн, жылын кошо
«Менин досторум мени
белгилеп кетиш керек.
сыйлайт», «Мен окуумду
жакшы көрөм»

Өмүр баяндын маалымдаректери


төмөнкүлөр: Өмүр баян

1. маалымат: Мен, Эркинбеков Ѳскѳнбек Адылович , туулган жерим


а ) аты-жөнү КРнын Бишкек шаары, туулган жылым: 2000- жыл,
б) туулган жылы; 18.02.
б) улуту; Жашаган дарегим: 5 мкр 43/56.
в) окуган жери; Улутум – кыргыз.
г) билими; 2006-жылдан баштап №12 мектепте окуйм.
20012-жылы «Эне тилим, эне сүтүм» деген
2. Жетишкендиктери конкурсунан мактоо грамотасы менен сыйлангам.
3. колу Азыр 9-класста окуп жатам.
4. Жазылган күнү
2015-ж. 26.10.

1. Үлгүгө таянып өз өмүр баяныңарды жазгыла.

37
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

№ 3 тема. Кесип.
Кесибине жараша адам кандай
кийим кийиш керек?

Кайталоо
1. Төмөнкү макалдардын кайсынысы кесипке байланыштуу эмес? Эмне үчүн?

А) Ар бир кесип ардактуу.


Б) Ырыс алды – ынтымак.
В) Өнөрүң болсо, өргө чап.
Г) Өнөрлүү өргө сүйрөйт.

2. “Туура”, “ката” экенин белгилегиле (√).


Т К
Үлгү: Ырчы ырдайт, сахнада иштейт. (√ ) ( )
Азыркы учурда көп жогорку окуу
жайларда котормочулук факультеттер бар. ( ) ( )
Франциядагы мугалимдер улуттук музейге бекер киришет. ( ) ( )
Жумушка киргенде өздүк таржымалдын кереги жок. ( ) ( )
Адамдарга чет тилди үйрөнүү зарыл эмес. ( ) ( )
Кесип тандоо – татаал жана жооптуу кадам. ( ) ( )
Байдылда Сарногоев – таланттуу жазуучу. ( ) ( )

3. Үлгү боюнча суроолорго жооп бергиле.


Үлгү:
А: - Редактор болуп иштеш үчүн кайсы сабактарды билиш керек?
Б: - Редактор болуш үчүн бардык сабактарды окуш керек. Өзгөчө кыргыз, орус,
англис жана башка тилдерин жакшы билиш керек.

1). А: - Экскурсовод болуп иштеш үчүн кайсы сабактарды билиш керек?


Б: - Экскурсовод болуш үчүн ... окуш керек. Өзгөчө .... жакшы билиш керек.

2). А: - Клиенттер менен иштөөчү менеджер болуп иштеш үчүн кайсы сабактарды билиш
керек?
Б: - Клиенттер менен иштөөчү менеджер болуш үчүн ... окуш керек. Өзгөчө .... жакшы
билиш керек.
4. Төмөнкү сөздөрдү жана сөз айкаштарды катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Үлгү: Мугалим балдарды окутат.

Котормочу, тилчи, клиенттер менен иштөөчү менеджер, адабиятчы, акын, лингвист.

38
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. Төмөнкүлөр тил билүү менен байланыштуу кесиптер экенин далилдегиле.


сөз котормосу сүйлөм
1 экскурсиячы - экскурсовод- Экскурсиячы-гид
гид гид туристтерге көп
маалыматты айтып
берет, ал туура жана
уккулуктуу сүйлөй
алат.
2 кабарчы

3 окумуштуу

4 маркетолог

5 Сот, адвокат

6 Компьютер
программисти

7 тарбиячы

8 Мугалим,
окутуучу

39
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Угуп түшүнүү
1. Сөздөрдү окугула. Жаңы сөздөр менен сөз айкаштарды, сүйлөмдөрдү жазгыла.
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
кылым – век биоталаа – биополе
маани – значение ымыркай – младенец
оро- – пеленать көз тийүү – сглаз
ишен- – верить бөбөк – малыш
атайын кийим – специальная одежда жалаяк – пелёнки
2. Суроолорго жооп бергиле:
1) Байыркы адамдардын кийими кандай болгон деп ойлойсуңар?
2) Байыркы кезде баланын биринчи жалаягы кандай болгон деп ойлойсуңар?
3) Баланын өз кийимин качан тигип беришкен деп ойлойсуңар?

3. Уккула. Маанисин түшүнгүлө.

Мурунку кылымдарда адамдар кийимге өзгөчө маани


беришкен. Жаңы төрөлгөн баланы ата-энесинин күнүгө кийип
жүргөн кийимине орошкон. Эркек балага атасынын, кызга
энесинин көйнөгүнөн кийим тигип кийгизишкен. Себеби, ата-
эненин ыйык күчү, же азыркы тил менен айтканда биоталаасы жаш
ымыркайды жаман сөздөн, көз тийүүдөн сактайт деп ишенишкен.
Бөбөккө ат коюлганда гана өзүнө атап атайын кийим тигилген.

4. Суроолорго оозеки жооп бергиле.


1) Эмне үчүн ымыркайга ата-энесинин көйнөгүнөн кийим кийгизишкен?
2) Эмне үчүн адамдар ата-эненин кийими көз тийгизбейт деп ойлошкон?
5. Сүйлөм мааниси боюнча √ -туура; × -ката; ?-мындай сүйлөм жок экенин белгиле.
№ Сүйлөм мааниси боюнча √ × ?
1. Мурунку кылымдарда адамдар кийимге өзгөчө маани беришкен. √
2. Жаңы төрөлгөн эркек баланы атасынын көйнөгүнө орошкон.
3. Жаңы төрөлгөн кызды апасынын көйнөгүнө орошкон.
4. Ымыркайды ата-энесинин күнүгө кийип жүргөн кийимине орошкон.
5. Ата-энесинин биоталаасы жаш ымыркайды көз тийүүдөн сактайт.
6. Мурунку кезде көз боёчу кимдир бирөөнүн кийиминен бир жипти
сууруп алса, ал адам жамандыкка туш болот деп ишенишкен.
7. Ат коюлганга чейин бала кийимсиз жүргөн.
8. Ат коюлганда гана бала үчүн өзүнө атайын кийим тигилген.
9. Айыл жеринде кийимди мода менен кийишпейт.

6. Диалогду уккула.
Кесибине жараша адам кандай кийим кийиш керек?
А: - Сен келечекте ким болгуң келет?
Б: - Мен келечекте клиенттер менен иштеген менеджер
болгум келет.
А: - Эмне үчүн?
Б: - Себеби ал кесип адамдар менен тил табыша билүүнү,
чечкиндүүлүк сапатты талап кылат. Мен ушундай
сапаттарымды өнүктүргүм келет.
А: - Менеджер кандай кийим кийиш керек?
Б: - Менеджер иштиктүү, келишимдүү жана сымбаттуу кийим кийиш керек.

40
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
7. Кесиптик кийим жөнүндө сүйлөшкүлө.

А: - Сен келечекте ким болгуң келет?


Б: - Мен келечекте ... болгум келет.
А: - Эмне үчүн?
Б: - Себеби ал кесип ...
А: - .... кандай кийим кийиш керек?
Б: - Менин оюмча, ал ..... кийим кийиш керек.

8. Окугула. Маанисин түшүнгүлө.

Атайын кийимдин тарыхы

Байыркы Римде аскерлердин атайын формасы болгон. Ал эми маанилүү эмгек кылган
кулдар өздөрүнчө башка кийим менен өзгөчөлөнүп турушкан.
Россияда атайын кийимдер ΧVІІІ кылымдын ортосунда пайда болгон. Бирок ага чейин
эле Петр Биринчи орус флотунун матростору үчүн шымдын өзгөчө түрүн тиктирген.
Кийинчерээк ал деңизчилердин толук формасын даярдаткан.
ΧΧ кылымдын башында учкуч менен айдоочулар гана тери бешмант кийишкен. Джинсы
болсо көп убакка чейин жумушчулардын атайын кийими катары эсептелген.
СССР убагында медицина кызматкерлери, учкучтар, аба кошчулар, өрт өчүрүүчүлөр,
милиция жана аскер кызматчылары гана атайын кийимдерге ээ болгон: докторлор ак халат,
пол жуугандар көк халат, калгандар бир типтеги кийим менен камсыздалган.

Тааныш сөздөр: Сөздүк:


байыркы – древний кул – раб
аскер – армия өзгөчөлөн- – обособляться
атайын форма – специальная форма деңизчи – моряк
маанилүү – значительный тери бешмант– кожаная куртка
өзгөчө - особый бир типтеги – однотипный

9. Суроолорго жооп бергиле.


1) Мурун кайсы жерде аскерлер атайын форма кийишкен?
2) Текстте кайсы өлкөлөрдөгү кийим жөнүндө сөз болуп жатат?
3) Россияда атайын кийим качан пайда болгон?
4) Кайсы падыша атайын кийимге көңүл буруптур?
5) Тери бешмант кайсы кесиптин белгиси болгон?
6) Джинсы кимге тиешелүү кийим болуп эсептелген?
7) СССРде кайсы кесиптин ээлери атайын кийим менен камсыздалган?
8) СССРде кимдер көк халат кийишчү?

10. Туурасын, катасын (√) менен белгилегиле. т к


Үлгү: Байыркы Грецияда аскерлердин атайын формасы болгон. (√)
1) Маанилүү иш кылган кулдар баш кийими менен айырмаланышкан. ( ) ( )
2) Россияда атайын кийимдер ΧV кылымдын ортосунда пайда болгон. ( ) ( )
3) Петр Биринчи жумушчулар үчүн шымдын өзгөчө түрүн тиктирген. ( ) ( )
4) Петр Биринчи деңизчилердин толук формасын даярдаткан. ( ) ( )
5) Учкуч менен айдоочулар гана тери бешмант кийишкен. ( ) ( )
6) Джинсы азыр да жумушчунун атайын кийими катары эсептелет. ( ) ( )
7) СССРде докторлор ак халат, пол жуугандар көк халат кийишкен. ( ) ( )
8) Милиция, аскер кызматчылары бир типтеги кийим менен камсыздалган. ( ) ( )
9) Учкучтар, аба кошчулар, өрт өчүрүүчүлөр эң кооз кийим кийишкен. ( ) ( )
10) Учкуч менен аба кошчулар тери бешмант кийишкен. ( ) ( )
41
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
11. “Атайын кийим” деген сөз айкашты кандай түшүнгөнүңөр жөнүндө сүйлөп
бергиле. Окуган тексттеги сөздөрдү, сөз айкаштарды пайдалангыла.

12. Төмөнкү сүйлөмдөргө суроолорду түзгүлө.

Үлгү: Байыркы Римде аскерлер кандай кийим кийишкен? Байыркы Римде аскерлер атайын
форма кийишкен.
1) Маанилүү эмгек кылган кулдар кийими менен өзгөчөлөнгөн.
2) Россияда атайын кийимдер ΧVІІІ кылымдын ортосунда пайда болгон.
3) Петр І орус флотунун матростору үчүн өзгөчө шым тиктирген.
4) Пётр І деңизчилердин толук формасын тиктирген.
5) ΧΧ кылымдын башында учкуч менен айдоочулар гана тери бешмант кийишкен.
6) Джинсы жумушчулардын атайын кийими болуп саналган.
7) СССРде докторлор ак халат, пол жуугандар көк халат менен камсыз болушкан.

13) Текстте эмне жөнүндө сөз болгон жок ( √ ).

аскер атайын форма ак халат


деңизчи мектеп формасы боз халат
айдоочу атайын кийим ΧVІ кылым
учкуч модалуу кийим Петр І

14) Сүйлөмдөрдүн уландысын жебе менен көрсөткүлө.

Байыркы Римде аскерлер өзгөчө шым тиктирген.


Маанилүү эмгектенген кул толук форма тиктирген.
Петр І орус флоту үчүн атайын кийимдер менен камсыздаган.
Деңизчилерге башка кийим кийген.
Учкуч жана айдоочулар атайын кийими деп саналган.
Джинсы жумушчунун атайын форма кийген.
СССРде кызматчыларды гана тери бешмант кийишкен.

15) Чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө.

Байыркы, формасы, Римде, атайын, аскерлердин, болгон. ΧVІІІ, кийимдер, Россияда, атайын,
кылымда, болгон, пайда. Биринчи, Петр, флотунун, орус, матростору, өзгөчө, тиктирген,
түрүн, шымдын, үчүн. Бешмант, учкуч, менен, ΧΧ, башында, кылымдын, айдоочулар, тери,
кийишкен. Джинсы, кийими, катары, эсептелген, жумушчунун, атайын. СССРдин,
камсыздалган, учкучтары, медицина, кызматкерлери, аба кошчулары, атайын, өрт
өчүрүүчүлөрү, кийим, менен, милиция, гана, жана, аскер кызматчылары.

42
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Окуп түшүнүү
1. Суроолорго жооп бергиле:
1) Атайын кийим эмне үчүн керек деп ойлойсуңар?
2) “Униформа” деген сөз силердин оюңарча эмнени билдирет? Кандай униформаларды
билесиңер?
3) Силер тааныган адамдар, ата-энеңер, туугандарыңар атайын кийим кийишеби? Алардын
кийимин сүрөттөп бергиле.
4) “Атайын кийим эмне үчүн керек?” деген текстте эмне жөнүндө окуйбуз деп ойлойсуңар?

2. Текстти окуп чыккыла. Сөздүк менен таанышкыла.

Атайын кийим эмне үчүн керек?


“Униформа” деген сөз немис тилинен которгондо “бирдей форма” дегенди билдирет.
Алгач бул сөз цирктин аренасын тейлеген цирктин кызматкерлери кийген окшош
костюмдарды түшүндүргөн. Азыркы учурда бул сөз формалык атайын кийимди түшүндүрүп
калды. Аны өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, аскер кызматчылары,
милиция кызматкерлери, фирма жумушчулары, темир жолчулар, кароолчулар жана башка
кесип ээлери кийишет.
Атайын кийим кызматкерлердин бири-бирине тилектештигин жаратат, аларды тартипке
салат. Униформа кызматкерлерди өздөрүнүн жеке сапаттарын фирмадагы эрежелерге туура
келтирүүгө шыктандырат.
Көптөгөн дизайнерлер, сүрөтчүлөр түркүн униформаларды жаратып жатышат. Өз
кызматкерлери үчүн атайын кийим жаратууну көздөгөн уюмдар менен фирмалардын саны
күн сайын өсүүдө. Ошондой бир фирма өз жумушчуларына атайын кийим тиктирген:
“Биздин фирманын атайын кийими оор жүктөмдөн улам айрылбайт. Анын тигиштери
бекем. Узак мөөнөткө чейин кийсе боло турган, көп жолу жууп кийгенге туруктуу кездемеден
тигилген. Биздин оюбузча, бул форма көркөм-эстетикалык сапаттарга ээ. Анан дагы бир
мыкты сапаты – униформа адамдын организмине кадимки жылуулук абалды камсыз кылат.”
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
атайын кийим– специальная одежда тилектештик – солидарность
тейле- – обслуживать туура келтир- – соотносить
кызматкер – сотрудник шыктандыр- – вдохновлять
кызматчы – служащий жүктөм – нагрузка
жаратат – создает улам – вследствие
бекем – твердый тигиш – шов
мөөнөт – срок туруктуу – стойкий
кездеме – ткань кадимки – обычный

3. Текстке суроолорду түзгүлө.


4. Туура же ката экенин аныктагыла.
№ Сүйлөм мааниси боюнча √-туура; × −ката
Үлгү: “Униформа” деген сөз немис тилинен которгондо “бирдей √
форма” дегенди билдирет.
1. Алгач бул сөз цирктин аренасын тейлеген цирктин
кызматкерлери кийген окшош костюмдарды түшүндүргөн.
2. Аны бардык эле кесип ээлери кийишет.
3. Атайын кийим кызматкерлерди тартипке салат.
4. Кызматкерлер атайын кийимди өздөрү тиктиришет.
5. Атайын кийим оор жүктөмдөн айрылып кетиши мүмкүн.
6. Униформаны көп жууса болбойт.
7. Униформа адамга жылуулук абалды камсыз кылыш керек.

43
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. Төмөнкү сөздөр жана сөз айкаштар менен сүйлөм түзгүлө.


Атайын кийим, тигишет, кездеме, кесип ээлери, кийет, сүрөтчү, кызматкер, мекеме, уюм.

6. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.

Үлгү: кызматкер – кызматчы азыркы – кийинки


түшүндүрөт – // атайын – х
даярдайт – // жаратат – х
эреже – // жумуш – х
өсүүдө – // күн сайын – х
униформа – // көп жууйт – х
жылуулук – // камсыз кылат – х
мөөнөт – // айрылат – х

7. Тесттин тапшырмаларын аткаргыла.

1) Атайын кийим деген эмне?


А) “Униформа” деген сөз.
Б) Мекеменин кызматкерлери үчүн бирдей форма.
В) Бир максат менен атайын кийинип жүрчү кийим.
Г) Кызматкерлер атайын кийимди өздөрү тиктиришет.

2) Атайын кийим эмне үчүн керек?

А) Атайын кийимди бардык эле кесип ээлери кийишет.


Б) Атайын кийим кызматкерлерди тартипке салат.
В) Кызматкерлер өз кийимдерин аяшат.
Г) Атайын кийимди көп жууса болбойт.

3) Атайын кийимди ким даярдайт?


А) Атайын кийимди мекеме башчысы даярдайт.
Б) Атайын кийимди стилисттер, дизайнерлер, сүрөтчүлөр даярдашат.
В) Кызматкерлер атайын кийимди өздөрү тигишет.
Г) Атайын кийимди кийим саткан дүкөндөрдөн сатып алса болот.

4) Атайын кийимди кимдер кийет?


А) Атайын кийимди мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери гана киет.
Б) Атайын кийимди бардык эле кесиптин ээлери киет.
В) Атайын кийимди формалык кийим катары абдан көп кесип ээлери киет.
Г) Атайын кийимди жеке фирмалардын кызматкерлери кийишет.

5) Атайын кийим модалуу кийимдер менен байланыштуубу?


А) Атайын кийим модадан алыс, модага тиешеси жок.
Б) Атайын кийимди да стилисттер тигишет, бирок модалуу кийимге окшобойт.
В) Мода күн сайын өзгөрөт, атайын кийим болсо туруктуу бойдон кала берет.
Г) Атайын кийимдер мода боюнча тигилет.

44
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
8. Пикирлерди бөлүштүргүлө.
Фирманын сайтында кызматкерлер фирманын атайын кийими жөнүндө өз ойлорун
жазышкан. Таблицадагы аныктамалар кайсы кызматкердин пикирин көрсөтөт?
А.:
Биздин фирманын униформасы негизинен мага жагат. Атайын кийим аткарган
функциялык кызматы боюнча ыңгайлуу: анын өнү кир көтөрүмдүү, кездемеси бекем,
кыймылдаганда шуудурабайт, уюлдук телефон, ачкыч ж.б. буюмдарды салганга чөнтөктөрү
кенен. Бирок, менин оюмча, аялдар үчүн кошумча бирден юбка берилсе жакшы болмок.
Эртеден кечке бир шым менен жүрө бербей, түшкү тамактануу убагында фирмалык юбка
кийип алмакмын.
Б.:
Компания жетекчилери атайын кийим тиктирердин алдында биздин, фирманын
кызматкерлеринин, ойлорун угуп чыгыш керек болчу. Азыркы кезде кийим даярдоо боюнча
көп стилисттер, дизайнерлер бар. Алардын пикирин чогултканга акча үнөмдөп коюшту.
Мода индустриясы күн сайын алдыга өнүгүп жатат. Униформа үчүн кандай кооз жана жаңы
кездемелер жаратылды. Биздин администрация мунун баарын эске албастан мурунку эле
форманы бир аз өзгөртүп кайрадан тиктирип салды. Мен бул форманы беш жылдан бери
кийип жүрүп тажадым.

№ Аныктама А. Б. Экөө Бирөө


тең да
эмес
1)Автор фирма жетекчилеринин пикири менен макул эмес. √
2) Автор өзү кийим индустриясы жөнүндө билгенин мактанган.
3) Текстте орой сөздөр, пикирлер бар.
4) Автор өз ой-пикирин сылык жазган.
5) Маселени кантип чечүү сунушталган.
6) Автор фирманын кызыкчылыгын көздөп жазган.
7) Бул маалымат фирма үчүн керектүү эмес.
8) Бул маалымат фирма үчүн керектүү.
9) Ой толук жана түшүнүктүү айтылган.
10) Ой толук эмес, түшүнүксүз.
11) Автор бул фирмада иштегиси келбейт.
12) Автор атайын кийимди жетекчилерге караганда жакшы
тиктирмек.

Омонимдер:
Ой – 1. Мысль, помысел;
2. Совет, обсуждение;
3. Низина, впадина, котловина;
4. Восклицание: ой!

9. Сүрөт боюнча диалогду толуктагыла.


- Атайын кийим эмне үчүн керек?
- ....
- Кайсы кесиптин ээлеринин атайын кийими сага жагат? Эмне үчүн?
- ...
- Бул атайын кийимдерди кайсы кесиптин ээлери кийишет?
- Биринчи сүрөттө аба кошчу тартылган. Биринчи сүрөттөгү кийимди аба кошчу киет.

45
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

күрөшчү лыжачы
самбочу деңизчи
аскер кызматчысы официант
химиялык заттардан коргоочу адис бийчи
жетекчи медайым
кеңсе кызматкери доктур
1 аба кошчу бейтап
чач тарагыч боксчу
футболчу ашпозчу
- Аба кошчунун атайын кийими кандай?
- Аба кошчу башына пилотка, үстүнө блузка менен күрмө кийип, мойнуна жагоо байлап
турат. Бир колунда жүргүнчүлөр үчүн керектүү кагаз, экинчи колунда авиакомпаниянын
жарнак брошюралары бар.
- ... атайын кийими кандай?
- ...

10. Суроолорго жооп бергиле.


1) “Униформа” деген сөз эмнени билдирет?
2) Алгач бул сөз кандай маанини түшүндүргөн?
3) Атайын кийимди кайсы кесиптердин ээлери кийишет?
4) Атайын кийим кызматкерлерди кантип тартипке салат деп ойлойсуңар?
5) Эмне үчүн дизайнерлер, сүрөтчүлөр, стилисттер униформа даярдоого кызыгышат?

46
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Жазып түшүнүү
1. Маалымат менен таанышкыла. Үлгү боюнча иштегиле.

Ким? Кийими кандай? Кайда кантип иштейт?


учкуч Учкучтун кийими ыңгайлуу,
келишимдүү, кооз тигилген.
Көз айнеги, кол кабы, баш
кийими бар. Учкуч учак
менен учат, учакты
башкарат.

куруучу

аскер
кызмат-
чысы

доктур

чач тарагыч

ашпозчу

сактоочу

официант

47
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

2. Маалымат боюнча суроолорду түзгүлө.

3. Чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө.

1) Аскер учкучу, киет, кур, атайын, курчанат, форма, көз айнек, шлем, жана.
2) Жарандык, учкучу, авиациянын, атайын, форма, учат, учакта, кийип.
3) Доктур, халат, оорулууларды, ак, кийип, дарылайт.
4) Ашканада, кийип, атайын, чепчик, фартук, тамак, жана, бышырат, ашпозчу.
4. Үлгүгө таянып сүйлөмдөрдү толуктагыла.

Ким эмне ....-ыш керек? Эмне үчүн ... атайын форма кийиш керек?
Үлгү:
Учкуч атайын форма кийиш керек. Учкуч көз айнек тагыш керек, кур курчаныш керек.
Учакта учуш үчүн, (эмне үчүн?) учкуч атайын форма кийиш керек.

... шлем же фуражка кий...


... атайын бешмант, комбинезон шым кий....
... коргоочу каска кий.....
.... ак халат , чепчик кий...
.... атайын фартук так...
.... коргоочу форма жана каска кий..., кур курчан...
.... атайын кийим менен чепчик кий...

Эгерде ...-са, анда ... ган+да, ....


Үлгү: Эгерде мен куруучу болсом, анда Мен куруучу болгондо, курулушта атайын
курулушта атайын бешмант, шым, коргоочу бешмант, шым, каска кийип иштейм.
каска кийип иштейм.
Эгерде сен учкуч болсоң, анда атайын форма Сен учкуч болгондо, атайын форма кийип,
кийип, кур курчанып учасың. кур курчанып учасың.
Эгерде ал ашпозчу болсо, анда ... Ал ашпозчу болгондо, ....
Эгерде биз чач тарагыч болсок, анда ... Биз чач тарагыч болгондо, ....
Эгерде силер официант болсоңор, анда ... Силер официант болгондо, ....
Эгерде алар сактоочу болушса, анда ... Алар сактоочу болгондо, ....

.... кайда болсо, ошол жерде ... болот.


5. Үлгүгө таянып жазгыла.
Үлгү: Учак кайда болсо, ошол жерде (ошерде) учкуч болот.
Керектүү сөздөр: Оорукана, эмкана, курулуш, чек ара, өрт, кырсык, ашкана, ресторан, чач
тарач.

1) ... кайда болсо, ошол жерде аскер кызматчысы болот.


2) ... кайда болсо, ошол жерде оорулуу адамдар болушат.
3) ... кайда болсо, ошол жерде куруучу болот.
4) ... кайда болсо, ошол жерде доктур болот.
5) ... кайда болсо, чач тарагыч ошол жерде болот.
6) ... кайда болсо, сактоочу ошол жерде болот.
7) ... кайда болсо, официант ошол жерде болот.
8) ... кайда болсо, ашпозчу ошол жерде болот.

48
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Которуп түшүнүү
1. Суроолорго жооп бергиле.

1) “Сакчы” деген сөздү кандай түшүнөсүңөр? Сакчыны көрдүңөр беле? Айтып бергиле.
2) “Сакчы” деген ырда эмне жөнүндө айтылат деп ойлойсуңар?

2. Ырдын тексти жана сөздүк менен таанышкыла.

Сакчы

Ай жылып көктөн нур төгүп, көрк берип,


Бой керип дарак термелип,
Үн безеп сайрайт бабырган, атпай таң,
Түн ээси болгон өңдөнүп,
Автомат алып колуна, дайыма
Түн күзөп суунун боюнда.

Өлкөсүн жоокер күзөтөт, түн өтөт


Көп нерсе түшүп оюна,
Өбөктөп дарак термелет, сыр берет,
Өкүмүн чачып күн келет,
Өлкөнүн, чектин балбаны, ардагы,
Токойдо жалгыз бой керет.

Р. Айталиев
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
көк – синий, синь, синева, небо бой кер- – смирно
нур – луч термел – качаться
төк- – здесь: излучай безе – изощрив, изливая
көрк – вид, красота бабырган - сыч, говорун
бой – рост өңдөн – казаться
жоокер – воин, солдат күзө – охраняя
чек – грань күзөт – охранять
балбан – силач, богатырь өбөктө – склонять голову
ардак – почет өкүм – приговор, здесь: свои права

3.Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарын которуп, кыргызча сүйлөм түзгүлө.


Үлгү: воин – жоокер. Жоокер өз өлкөсүн сүйүш керек.
Солдат, граница, пограничник, стоит смирно, охраняет, страна, богатырь, склонять голову.

4. Ырды көркөм окуп, суроолорго жооп бергиле.


1) Р. Айталиевдин ыры ким жөнүндө?
2) Автордун айтканы боюнча, жоокер өлкөсүн кантип күзөтөт?
3) Эмне үчүн жоокер токойдо жалгыз бой керет?
4) Акын айткандай түнкү күзөттө турган жоокер түн ээсиби?
5) Силер сакчы жоокердин кызматы жөнүндө эмне билесиңер? Жоокерди сүрөттөп бергиле.
6) Силер өлкөңөр үчүн кандай кызмат кылат элеңер?
8) Силерге Р.Айталиевдин “Сакчы” деген ыры жактыбы? Эмне үчүн?

49
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. Текстте эмне жөнүндө сөз болгон жок ( √ ).

аскер атайын форма балбан


жоокер автомат күзөт
сакчы түн токой
учкуч чек ара өлкө

6. Жебе менен сүйлөмдөрдүн уландысын көрсөткүлө.

Ай жылып көктөн болуп саналат.


Бой керип дарак жоокер өз өлкөсүн күзөтөт.
Үн безеп жоокер токойдо жалгыз бой керет.
Түн күзөп суунун боюнда бабырган сайрайт.
Автомат алып колуна термелет.
Даракты өбөктөп нур төгөт.
Өкүмүн чачып жоокер термелет.
Жоокер чектин балбаны ардагы болуп эсептелет.
Сакчы өз өлкөсүнүн күн келет.

7. Орусчадан кыргызчага которгула.

Двигаясь по ночному небу, тихо светит луна. Качаются верхушки деревьев. Где-то на
дереве поёт сыч. В ночной тишине воин, словно хозяин ночи, находится на своем посту.
Солдат охраняет границы своей страны с автоматом в руках. Он слушает звуки леса, журчание
воды в реке и одиноко стоит на границе. Наступает день. Пограничник продолжает свой
караул, он является силой и опорой своей страны.

8. Ырдын мазмунун талкуулагыла, кластер түзгүлө.

"Сакчы"

9. Ырдын мазмуну боюнча текстти улантып жазгыла. Түзгөн текстиңерди орус


тилине которгула.

Сакчы

Түн. Токойдун ичи. Сакчы чек арада күзөттө турат. Ал үстүнө аскердик шинель, башына
фуражка, бутуна өтүк кийген, белине кур курчанган. Анын колунда автоматы бар. ....

50
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Ой жүгүртүп түшүнүү
1. Суроолорго жооп бергиле.

Сүрөттө кимдерди көрүп турасынар? Алар эмне кылып жатышат? Алар кайсы кесиптин
ээлери? Эмне үчүн ушундай деп ойлойсуңар? “Жумушчу класс үчүн атайын кийим” деген
текстте эмне жөнүндө окуйбуз деп ойлойсуңар?

2. Текстти окуп чыккыла. Сүрөт менен таанышкыла.


Жумушчу класс үчүн атайын кийим
Коло доорунда эле металл эриткен
адамдар мештен чыккан ысыктан атайын
кийимдер менен сактанышкан. Бирок биринчи
жолу Европада өндүрүштө иштегендер үчүн
комбенизон шымдар 1815-жылы пайда
болгон. Бул шымдар Джеймс Клоннери
деген сүрөтчү 1838-жылы тарткан "In The
Woodshed" деген сүрөттө чагылдырылган.
Жумушчулар үчүн коргоочу шымдарды
1972-жылы гана массалык түрдө тигип
башташкан.
Мындай кийим кийген адамдар коомдук
жайларда жүрө алган эмес. Себеби кийген
кийими алардын төмөнкү класска таандык
экендигин көрсөтүп турган. Алар үчүн
дүкөндөрдүн жана коомдук жайлардын
эшигинде “Атайын кийим менен кирүүгө
тыюу салынат!” деген табличкалар илинген.

Тааныш сөздөр: Сөздүк:


сактан- – береги, оберегай коло доору – бронзовый век
өндүрүш – производство эриткен – рассплавлять
чагылдырылган – изображено меш – печь
коргоочу – защитный (-ая, -ое) тыюу салынат – запрещается

3. Суроолорго жооп бергиле.


1) Сүрөттүн аталышы кандай? Эмне үчүн?
2) Сүрөттү ким тарткан?
3) Сүрөт эмне жөнүндө? Кандай түстөр менен тартылган? Эмне үчүн?
4) Жумушчу кийим менен эмне үчүн коомдук жайга кирүүгө болбойт?
5) Бул сүрөттүн мазмуну силерге жактыбы, же жокпу? Эмне үчүн?

4. Сүрөттөгү жумушчуларды татаал сүйлөмдөр менен сүрөттөп бергиле.


Үлгү: Тыныгуу убагы. Жумушчулар дем алып жатышат. Тыныгуу убагы, ошондуктан
жумушчулар дем алып жатышат.
Биринчи жумушчу орто жаштагы адам. Баш кийиминин алдынан кара чачтары, ак
жуумал жаш өңү көрүнөт. Анын атайын комбенизон шымынын ичинен өзүнүн кийимдери
көрүнүп турат. Катар топчулары бар кемселин көйнөгүнүн сыртынан кийген. Мойнунда
жагоосу, башында шляпасы бар. Бутуна кийген кара өтүгү комбенизондун багалегинен чыгып
турат. Ал колдорун сермелеп, экинчи жумушчуга бир нерселерди айтып берип жатат. Ал
кызыктуу аңгемелешүүдө.
Экинчиси жашы улуураак жумушчу. Ал кара түстөгү адам. Бул жумушчу ушул жерде
иштейт. Жумушка берилген атайын кийимин кийген эмес. Азыр анын жумуштан чарчаганы
байкалат. Ал биринчи жумушчуну угуп, жерди карап күлүп отурат. Чарчаган жумушчу
51
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
тыныгуу мезгилин туура пайдаланат. Колуна түтүкчө кармап, тамеки чегип отурат. Анын
кийген кийими эски. Үстүндө тытылган кемсел, кара шым, бутунда кара өтүгү бар. Баш
кийимин чечип салган. Шляпасы оң жагында тарылган жыгачтардын үстүндө жатат.
Байламталар: жана, бирок, ошол үчүн, ошентсе да, же болбосо, анткени, себеби,
ошондуктан, ал эми.

5. Маалымат менен таанышкыла.


Кийим жаратуунун тарыхы сүрөт искусствосунда

1. Койдун 2. Жүндү тароо.


жүнүн кыркуу. Симон Бенингдин
Жан де Люктун "Ноябрь. Зыгырдын
1524-жылдагы “The буласын тароо "
Hague”миниатюрасы. миниатюрасынан
алынган фрагмент.
Бельгия, Брюгге,
1515-жыл.

3. Аялдар жүндү 4. Dyeing wool cloth,


тарап, ийрип, токуп from "Des Proprietez
жатышат. Джованни des Choses" by
Боккачонун Bartholomaeus Anglicus
"Белгилүү аялдар British Library Royal
жөнүндө" 1482-жыл.
трактатынын
иллюстрацияланган
кол жазмасынан
алынган миниатюра.
Франция, XV кылым.
5. Зыгыр цехи. 6. Жүн цехи.
Tacuinum sanitalis Tacuinum sanitalis
миниатюрасы. миниатюрасы.
Франциянын улуттук Франциянын улуттук
китепканасы, китепканасы,
манускрипттин манускрипттин
департаменти. XV департаменти.
кылым. Белгисиз автор.
XV кылым.

жаратуу тарыхы – история создания тара- – расчёсывать


жүн кырк – стригать шерст ийри- – прясть
зыгыр – лён току- – вязать

6. Кийим жаратуунун этаптарын сүрөттөп, айтып бергиле.

1-топ 2-топ 3-топ


Жүндү кантип кыркат? Жүндү кантип тарайт? Жүндөн кантип кездеме токуйт?
4-топ 5-топ 6-топ
Кездемени кантип боёйт? Кийимди кантип бычат? Кийимди кантип тигет?

7. “Менин келечектеги кесибиме кандай кийим жарашыктуу?” деген темада 8-10


сүйлөмдөн турган эссе жазгыла.
52
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Грамматика
1. Жайылма сүйлөмдөрдү жалаң сүйлөмдөргө айландыргыла.
Үлгү:
Сакчы чек арада күзөттө турат. Сакчы турат.
Аба кошчу башына пилотка, үстүнө блузка менен күрмө кийет, Аба кошчу кийет,
мойнуна жагоо байлайт. байлайт.
Кесип тандоо – татаал жана жооптуу кадам. Чарчаган жумушчу тыныгуу мезгилин
туура пайдаланат. Европада өндүрүштө иштегендер үчүн комбенизон шымдар 1815-жылы
пайда болгон. Атайын кийим кызматкерлерди тартипке салат. Сен учкуч болгондо, атайын
форма кийип, кур курчанып учасың. Учкуч учак менен учат, учакты башкарат. Мага биздин
фирманын униформасы негизинен жагат. Бардык убактарда эле адамдар кийимге өзгөчө маани
беришет.

2. Төмөнкү зат атоочторду жөндөгүлө.

1-топ 2-топ 3-топ 4-топ 5-топ


Атооч Сакчы учак кийим ашпозчу күзөтчү
Илик
Барыш
Табыш
Жатыш
Чыгыш

3. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү жак боюнча өзгөрткүлө.


Иште-, жарат-, даярда-, дем ал-, күл-, отур-, сүйлө-, күзөт-, быч-, боё-, кес-.

Этиш
Жекелик түрү Көптүк түрү
1-жак кийинемин кийинебиз
2-жак кийинесиң кийинесиңер
2-жак кийинесиз кийинесиздер
3-жак кийинет кийинишет

4. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү чак боюнча өзгөрткүлө.


Котор-, уч-, дарыла-, машык-, бышыр-, тейле-, сакта-.

Этиштин өткөн чагы Этиштин учур чагы Этиштин келер чагы


Жекелик түрү
1-жак иштедим иштеп жатам иштейм
2-жак иштедиң иштеп жатасың иштейсиң
2-жак иштедиңиз иштеп жатасыңыз иштейсиңиз
3-жак иштеди иштеп жатат иштейт
Көптүк түрү
1-жак иштедик иштеп жатабыз иштейбиз
2-жак иштедиңер иштеп жатасыңар иштейсиңер
2-жак иштедиңиздер иштеп жатасыздар иштейсиздер
3-жак иштешти иштеп жатышат иштешет

53
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Багыныңкы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Үлгү:
Шарттуу багыныңкы Эгерде котормочу жумушуна өтө ачык кийим кийсе, анда (кайсы
татаал сүйлөм: шартта?) башкалардын көнүлү котормочуга гана бурулат.
эгерде ..., анда ...
Себеп багыныңкы (эмне үчүн?) Котормочунун жумушта кийген кийими расмий
татаал сүйлөм: болуш керек, себеби ал которуп берген адамдан кийими менен
себеби ...; -ган+дыктан башкалардын көңүлүн өзүнө бурбаш керек.
Карама-каршы Токойдун ичи тынч болуп турса да, (эмне болсо да?) сакчы түнү
багыныңкы татаал бою чек араны күзөтөт.
сүйлөм:...-са да, ...-са деле
Мезгил багыныңкы Котормочу расмий кийим кийгенде, (качан?) ал көпчүлүктү
татаал сүйлөм: өзүнө алаксытпайт. Котормочунун кийген кийими жумушуна
...ган+да, ...ган+да гана; ылайыктуу болгондо гана, (качан?) анын иши ийгиликтүү болот.
Сыпат багыныңкы Түн ээси болгон өңдөнүп, (кантип?) жоокер өлкөсүнүн чек
татаал сүйлөм: ...-ып, арасын күзөтөт.
Орун багыныңкы Оорукана кайда болсо, (кайсы жерде?) ошол жерде доктур бар.
татаал сүйлөм: Аскер бөлүгү кайда жайгашса, ошол жерде аскер кызматчысы
кайда ...-са, ошол жерде табылат. Чек ара кайдан өтсө, ошол жерде чек арачы турат.
Максат багыныңкы Мыкты котормочу болойун деп, (эмне максат менен?) Өскөнбек
татаал сүйлөм: англис тилин жакшы өздөштүрүп жатат.
...-айын деп, ...-ыш үчүн Жумушун жакшы аткарыш үчүн, (эмне үчүн?) котормочулар
тилди жакшы билиш керек жана жумушуна ылайыктуу кийим
кийиш керек.

6. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Үлгү:
[ ] ↔ [ ] Мисалдар
жөнөкөй сүйлөмдөр
Тең маанилеш (равнозначные) Сакчынын үстүндө аскер формасы бар,
колунда автоматы бар.
Мезгилдеш Өскөнбек мектепти аяктады, жогорку окуу
жайына котормочулукка тапшырды.
Каршылаш (противительные) Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка.
Себеп-натыйжалаш (причинно-следственные) Жетекчилер стилисттер менен
дизайнерлердин пикирин чогултканга акча
үнөмдөп коюшту, мурунку эле форма
кайрадан тигилди.
Чечмелөө (разъясняющие) Жумушчунун кийген кийими эски: үстүндө
тытылган кемсел, кара шым, бутунда кара
өтүгү бар.

54
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Иш кагаздары
Балдар!
Билесиңерби, жумушка
киргенде адамдар өздүк
таржымалын жазыш керек.

1. Өздүк таржымалды (резюме) толтургула.

Үлгү:
Фамилиясы: Жанышов
Аты: Өмүрбек
Атасынын аты: Шейшенбекович
Сахнадагы аты: Омар
Туулган жылы: 1988-жылдын 19-ноябры
Туулган жери: Бишкек шаары
Кесиби: ырчы
Билими: 2007-жылы Бишкектеги финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридикалык
факультетин бүткөн.
Сыйлыктары: “2006-жылдын алтын үнү” грамотасы менен сыйланган.
2008-жылы Эл аралык жаш эстрада ырчылардын “Жаңы толкун” конкурсунун лауреаты
2011-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин “Маданияттын
отличниги” ордени менен сыйланган.
Наамдары: 2008-жылы Республикалык “Айкөл Манас” сыйлыгынын “Жылдын ачылышы”
наамы.
2011-жылы “Супер-инфо” гезитинин жылдын “Супер ырчысы” наамын алган.
2012-жылы “Жылдын сахна адамы” наамын алган.
Тажрыйбасы: Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде
чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган.
Репертуары: Кыргыз, орус, англис тилдеринде ырлары бар.

2. Жумушка кирүүдө резюме толтуруп, жумуш берүүчү менен өз резюмеңер боюнча


сүйлөшкүлө.

Фамилиям: ...
Атым: ...
Атамдын аты: ...
Туулган жылым: ...
Туулган жерим: ...
Кесибим: ...
Билимим: ...
Тажрыйбам: ...
Сыйлыктарым: ...
Наамдарым: ...
Кызыгууларым: ...
Үй-бүлөм: ...

55
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

***
1. Маалымат менен таанышкыла.
I
“- Сиз мода кууп кийинесизби же...”

Ишенгүл Болжурова, КУУнун ректору:


- Бардык эле адамдар келген кишини кийимине карап кабыл алары
чындык. Ошондуктан элдин көз кырында жүргөн белгилүү адамдар өзүн
сөзсүз жакшы алып жүрүшү зарыл. Мен дагы жашыма жараша өзүмө
жарашыктуу, тыкан кийим кийүүнү каалайм. Жашың өтүп калгандан
кийин, базардан өзүңө ылайыктуу кийим таппайт экенсиң. Андыктан
арзан эле материалдан алып, өзүмдүн тикмечиме тиктирип алам.
Тигилгенден кийин кымбат баалуу жарашыктуу костюм болуп чыга
келет...

Гүлнур Сатылганова, ырчы:


- Мода кууп деле кийинбейм, өзүмө жарашкан кийимдерди кийүүгө
аракет кылам. Сахна адамына сөзсүз бирөө кеңеш бериш керек. Антейин
десең бизде профессионалдуу стилист, визажист, продюсер саналуу гана
эмеспи. Мен башында Каухар, Татьяна Воротникова менен да иштешип,
"Илбирсте" иштеген Мадина аттуу кызга кийим тиктирчүмүн, акыркы
костюмдарды Наил аттуу жигитке тиктирдим. Албетте, идеяны өзүм
сунуштайм. Базарга же дүкөнгө барып, даярын сатып алайын десең,
размери же башка жагы туура келбей калат. Ошондуктан, өзүмө кийим
жакшы отуруш үчүн тиктирип кийем.

Динара Жусаева, журналист:


- Мен мода кубалабаганым менен "Фешн ТВ" каналындагы мода
жөнүндөгү берүүлөрдү калтырбай көрөм. Анткени андагы модельерлердин
дизайндары мени кызыктырат. Өзүмө жарашыктуу кийим кийгенге аракет
кылып, "Дордой" базарынан соода кылам. Өзүмө жаккан фасондогу кийим-
кече таппай калган учурда заказ берип тиктирем. Ал эми макияжды өзүм
жасаганым менен чач жасалгалаганга "Марина" сулуулук салонуна барып
турам.

Ассоль Молдокматова, алып баруучу:


- Модадан артта калбаганга аракет кылам. Бирок моданын өзүнүн
мыйзамдары, эрежелери бар. Мисалы, бул жылы, күрөң түс мода болот. Бирок
ал мага жараша бербесе, кийбейм да. Ошондуктан, кийинүүдө стилди өзүм
тандайм, эң негизгиси, өзүмө жарашса болду. Өзүмдүн стилисттерим бар. Мага
Татьяна Александровна менен Замира Молдошева өз кызматын көрсөтүшөт.

“Бишкек таймс” коомдук-саясый гезитинин 2006-жылдын 3-мартындагы №06.


Даярдаган Назира Саалиева.

56
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
II
Ырчы жигит Омар менен маек:
– Омар, каяктан кийинесиң?
– Эл сыяктуу дүкөндөрдөн эле кийинем.
– Кийимде эмне маанилүү?
– Анын түсү чоң мааниге ээ. Ар бир адамга жарашкан өң бар. Мага
жашыл, көк өңдөр жагат. Кийимдин кымбатынан да тазалыгы маанилүү.
– Эң кымбат кийимиң...
– Өтө кымбат кийим алып көрө элекмин. Ашып кетсе 25 миң сомдук
костюм-шымдарды алам.
– Эң арзаны...
– 20 сомдук байпак, 10 сомдук жүз аарчы. Ак көйнөктүн сапаты анча
деле билинбейт го. Ошондуктан 5000 сомго бир ак көйнөк алгандан
көрө, 500 сомго ошол көйнөктөн онду алган жакшы.
– Саркечсиңби?
– Өзүмдү саркечмин деп айта албайм. Жашоонун маңызы саркечтикте эмес, кылган ишиңде.
(“Супер-Инфо” гезитинин “Шоу дүйнө” рубрикасынан “Сахнанын саркеч жылдыздары”,
2012-жылдын 9-мартынан - 15-мартына чейинки №488.)

2. Суроолорго жооп бергиле.


1) КУУнун ректору И. Болжурованын “Бардык эле адамдар келген кишини кийимине карап
кабыл алат”,- деген сөзүн кандай түшүнөсүңөр? Бул ойго кошуласыңарбы? Эмне үчүн?
2) Ырчы Гүлнур Сатылганова айткандай, сахна адамына сөзсүз бирөө кеңеш бериш
керекпи? Эмне үчүн?
3) Журналист Д. Жусаева "Фешн ТВ" каналындагы мода жөнүндөгү берүүлөрдү калтырбай
көрө турганын айтат. Силер мода жөнүндө берүүлөрдү теледен көрөсүңөрбү? Эмне үчүн?
4) Кийимди жарашыктуу кийүү үчүн моданын эрежелерин караш керекпи же Ассоль
Молдокматованын өзүнө жарашыктуу өзүнүн стили барбы?
5) Жогоруда окуган пикирлердин кайсынысы силерге жакты? Эмне үчүн?

3. Сүйлөмдөргө суроо түзгүлө.


Мода кууп деле кийинбейм. Өзүмө жарашкан кийимдерди кийүүгө аракет кылам.
Жашыма жараша өзүмө жарашыктуу, тыкан кийим кийүүнү каалайм.
Костюмдарды Наил аттуу жигитке тиктирдим.
Моданын өзүнүн мыйзамдары, эрежелери бар. Модалдык конструкция:
Кийген кийимдерим, эң негизгиси, өзүмө жарашса болду. -ыш керек
(надо, необходимо, нужно);
4. Талкуу уюштургула. -ууга болбойт
Көйгөй: Ар ким өз кесибине жараша кийим кийиш керек. (нельзя, не нужно).
Таяныч сөздөр:
1. Атайын кийим жумушка жардам берет / тоскоолдук жаратат ;
2. Кийим жарашыктуу болуш керек / расмий болуш керек.
3. Жумушка туура келген атайын кийим пайда келтирет / маанилүү эмес.
4. Өз кийимиңе көңүл буруш керек / бурбаса деле болот.
5. Мектеп окуучулары мектеп формасын кийиш керек / кийбеш керек.
1-топ. Ар ким өз кесибине жараша кийим 2-топ. Ар ким өз кесибине жараша кийим
кийиш керек. кийиш керек, себеби ...
биринчиден, ... ыш керек. Эгерде ...., анда ...
экинчиден, ... ыш керек. Эгерде ...., анда ...
үчүнчүдөн, ... ыш керек. Эгерде ...., анда ...
Демек, ар ким өз кесибине жараша кийим
кийиш керек, себеби ...

57
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

№4-тема. Кыргызстан.
Улуттук спорт оюндары.
Көкбөрү.
Кайталоо
1. Суроолорго жооп бергиле.

А. Үкү эмне үчүн сейрек кездешет?


Канаттарын алыш үчүн аңчылар үкүнү кармашат.
Үкүнүн жей турган тамагы жок болгон үчүн
Коруктар болбогондуктан үкүлөр азайды.

Б. Кыргызстандын тоолорунда жаныбарлар эмне үчүн керек?


Жаныбарлар Кыргызстандын фаунасын калыбында кармап турат.
Жаныбарлар башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келген.
Адамдардын жашоо тиричилиги үчүн жаныбарлар керек.

В. Жаныбарлар жок болсо, адамдардын жашоосу эмне болот?


Адамдар жаныбарларсыз деле кадимкидей жашай беришет.
Жаныбарлар жок болсо, сөзсүз түрдө адамдардын жашоосу да кыйындайт.
Жаратылышта бардык нерсе өз ара байланыштуу, жаныбарлар жок баланс бузулат.

Г. Эмне үчүн маралды сейрек кездешүүчү жаныбар деп айтабыз?


Себеби марал адамдарга эч бир көрүнбөй жашайт.
Себеби ал аз санда жана чектелген аймактарда гана кездешет.
Себеби марал Кыргызстандан башка өлкөлөрдө жашайт.

2. Туурасын, катасын (√) менен белгилегиле. т к


Үлгү:
Сейрек кездешүүчү жаныбарлар жер жүзүндө аз санда, чектүү аймактарда жашашат (√ )

Кызыл китеп бир нече калың томдордон турат. ( ) ( )


Жоголуп бараткан түрлөр китептин кызыл барактарында берилген. ( ) ( )
Сары барактар сейрек кездешүүчү жаныбарлар жөнүндө. ( ) ( )
Кызыл китепте боз барактар жок. ( ) ( )
Кызыл китеп жаныбарларды беш категорияда карайт. ( ) ( )

3. Сүйлөмдөрдү бүтүргүлө.
Кызыл китеп бир нече калың кызыл барактарында жазылган.
Жоголуп бараткан жаныбарлар китептин калыбына келтирилген жаныбарлар.
Сары барактагылардын саны жетиштүү, бирок боз барактарда айтылат.
Сейрек кездешүүчү жаныбарлар жер жүзүндө аз санда, томдордон турат.
Кызыл китептин жашыл барактарында алар чектелген аймактарда жашашат.
Аз изилденген, белгисиз жаныбарлар жөнүндө тынымсыз кыскарууда.

4. Сүйлөмдөргө таандык мүчөлөрдү койгула.


Үлгү: - Бул ит сеникиби?
- Ооба, бул ит меники.
- Жок, бул ит меники эмес, досумдуку.
58
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

1. Бул айбанат сиздикиби? Ооба, ... . Жок, ... .


2. Тиги коён аныкыбы? Ооба, ... . Жок, ... .
3. Бул суу күзөн Американыкыбы? Ооба, ... . Жок, ... .
4. Ал кызыл китеп Алтайдыкыбы? Ооба, ... . Жок, ... .
5. Бул талаа чычканы адырдыкыбы? Ооба, ... . Жок, ... .
6. Ал изилдөө Кыргызстандыкыбы? Ооба, ... . Жок, ... .
7. Тиги тоодак биздикиби? Ооба, ... . Жок, ... .
8. Тээтиги кундуз меникиби? Ооба, ... . Жок, ... .

5. Куттуктоо жазгыла.
Үлгү:
Кимди куттуктайт? Кымбаттуу __________________!
Майрамдын аты: Сизди Жаныбарларды коргоо күнү менен куттуктаймын.
Каалоо: Сизге узун өмүр, чың ден-соолук, ачык асман, бакыт-
таалай, ишиңизге ийгиликтерди каалайм.
Кимден: Окуучуңуз Тамара.

Кимди куттуктайт? Досу Өскөнбекти куттуктайт.


Майрамдын аты: Жаңы жыл майрамы
Каалоо: Жакшылык, шаттык, күлкү, ийгилик
Кимден: Руслан

6. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.


Үлгү: туулган – төрөлгөн эрте – кеч
таланттуу - // ... эркиндик - х...
белгилүү - // ... эркин – х...
сүйүү - // ... айрым – х ...
бүтүргөн - // ... даңктаган – х ...

7. Чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө.


Канаттары, кыздардын, аялдардын, жана, үкүнүн, топусун, менен, кооздойт.
Үкүлөрдүн, өстүрүшөт, алып, атайын, канатын, питомниктерде.
Сактап, көрүлгөн, үкүлөрдү, камкордук, калыш, үчүн.
Үкү, жейт, чычкандарын, талаа, коёндорду, жана.
Парктарда, Сары-Челекте, коргоого, улуттук, Нарында, алынган, коруктарда, жана,
Караколдо, үкү.

8. Берилген сүйлѳмдѳргѳ суроо түзгүлѳ.


Үлгү: Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбарлар көппү?
Ооба, Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбарлар көп.
1) Алар: марал, кундуз, жейрен, суу күзөн, тоодак, үкү, илбирс ж.б.
2) Өскөнбекке үкү жөнүндө таятасы айткан.
3) Үкүнүн канаттары аялдардын жана кыздардын топусуна тагылат.
4) Мурунку кезде кызга куда түшкөн жигит атынын көкүлүнө үкү тагып алчу.
5) Канаттарын алыш үчүн аңчылар үкүнүн артынан түшүп, кармашкан.

59
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Угуп түшүнүү
1. Макалды которгула.
Жерин сүйбөс эл болбойт,
Элин сүйбөс эр болбойт.

2. Макалдагы ойду улап жазгыла.


Эгерде жерин сүйсө, анда ... .
Элин сүйгөндүктөн, … .
Эгерде элин сүйбөсө, анда … .
Башка элдерде мааниси жагынан окшош макал барбы? Эмне үчүн?

3. Сөздөрдү которгула.
айлампа – ... мелдеш – ... байге – ...
токулуу – ... улан – ... ыйгарылат – ...
жайдак – ... кыскартуу – ... так – ...
чабендес – ... тороо – ... ат чабыш – ...
атка мин- – ... алдыга – ... таптайт – ...
ат чап- – ... жеңүүчүлөр – ... аралык – ...

4. Төмөнкү сөздөрдүн антонимин тапкыла.


1 жайдак 3 кыз
Сөздөрдүн синонимдерин
2 жеңүүчү таптабайт тапкыла.
3 улан узарт улан //
саяпкер //
4 түз токулуу ыйгарылат //
5 тороо утулуучу алдыда //
6 мелдеш //
кыскарт ийри кыскартуу //
таптайт тороо //
7 торобо

5. Берилген суроолорго туура келген жоопторду белгилегиле.


1. Күлүк аттарды кимдер тапташат?
а) чабендестер 3. Аттарды жарыштырып ойноочу оюн.
б) уландар а) “Оодарыш”
в) саяпкерлер б) “Ак чѳлмѳк”
г) балдар в) “Ат чабыш”
г) “Кѳк бѳрү”
2. Жеӊүүчүгө эмне тапшырылат?
а) белек
б) куттуктоо
в) күлүк
г) байге

6. Кыймыл-аракетти туура билдиргиле.

Азыр ат чабыш көбүнчө түз жолдо (өткөр-). Мелдешке 8-14 жаштагы балдар (катыш-).
Ат чабышта жолду (кесип кет-). Ат чабыш – кыргыз элинин улуттук оюну. Аттардын алдыга
чыгып келгендерине жараша жеңүүчүлөр (аныкта-). Мелдешке 3 жаштан жогорку бардык
аттар (катыша ал-). Күлүктү минип чапкан баланы чабендес (де-). Бирөөнүн атын камчы
менен (чап-).

60
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

7. Текстти уккула. Мазмунун түшүнгүлө.

Ат чабыш

Ат чабыш – кыргыз элинин оюндарынын бири.


Күлүк аттарды саяпкерлер таптайт. Ат азыр көбүнчө түз
жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.
Күлүктү минип чапкан бала чабендес деп аталат.
Мелдешке 8-14 жаштагы уландар, 3 жаштан жогорку
бардык аттар катыша алат. Ат 1200 метрден 50
километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта
жолду кыскартууга, башка бирөөнүн атын камчы менен
чабууга, жолдон тороого болбойт. Күлүктөрдүн алдыга
келгендерине жараша жеңүүчүлөр аныкталып, байге
ыйгарылат. Ат чабышта күлүктүн алдыга келиши,
саяпкерине жана саяпкердин айтканын так аткарган чабендеске жараша болот.

Тааныш сөздөр: Сөздүк:


күлүк – скакун таптайт – тренировать
саяпкер – тренирующие коней (готовя токулуу – осёдланный
к скачкам) жайдак – охлябью (верхом без седла)
мелдеш – соревнование,состязание ат чап- – устраивать конские состязания
кыскарт- – сокращать, укорачивать атка мин- – садиться верхом на лошадь
жеңүүчү – победитель чабендес – ловкий наездник
аныкта- – определятть улан – парень
түз – прямой аралык – расстояние
ат чабыш – скачки
тороо – преградить путь
байге – приз на скачках
так – точный

8. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1. Күлүктөрдү ... таптайт. __ саяпкерлер


2. Ат чабыш азыр көбүнчө ... . __ жайдак
3. Башка бирөөнүн атын ... чабууга болбойт. __ ат чапкан баланы
4. Атты токулуу да, ... да чапса болот. __ саяпкердин айтканын так аткарган
5. ... чабендеске жараша болот. __ түз жолдо өткөрүлөт
6. ... жолду кыскартууга болбойт. __ байге ыйгарылат
7. ... чабендес деп аташат. __ мелдеште
8. Ат 1200 метрден 50 километрге ... . __ чейинки аралыкка чабылат
9. Астыда келгендерге ... . __ камчы менен

9. Суроолорго жооп бергиле.

- Эмне үчүн ат чабыш кыргыз элинин оюндарынын бири?


- Эмне үчүн аттарды түз жолдо чабышат?
- Эмне үчүн мелдеште жолду кыскартууга, бирөөнүн атын камчы менен чабууга,
жолдон тороого болбойт?
- Эмне үчүн саяпкердин айтканын так аткарыш керек?
- Азыркы күндө ат чабыш оюну өткөрүлөбү? Эмне үчүн?

10. Текст боюнча таблицаны толтургула.


61
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Ким? Эмне? Качан?кандай? Кайда? Эмне кылат?


Ат чабыш азыр түз жолдо чабылат.

11. Белгиленген сөздөргө суроо бергиле.

1. ... ? – Күлүктү минип чапкан баланы чабендес дейт.


2. ... ? – Күлүктү минип чапкан баланы чабендес дейт.
3. ... ? – Күлүктү минип чапкан баланы чабендес дейт.
4. ... ? – Күлүктү минип чапкан баланы чабендес дейт.
5. ... ? – Күлүктү минип чапкан баланы чабендес дейт.
6. ... ? – Күлүктү минип чапкан баланы чабендес дейт.

1. ... ? – Ат чабышта жолду кыскартууга, жолун тороого болбойт.


2. ... ? – Ат чабышта жолду кыскартууга, жолун тороого болбойт.
3. ... ? – Ат чабышта жолду кыскартууга, жолун тороого болбойт.
4. ... ? – Ат чабышта жолду кыскартууга, жолун тороого болбойт.
5. ... ? – Ат чабышта жолду кыскартууга, жолун тороого болбойт.
6. ... ? – Ат чабышта жолду кыскартууга, жолун тороого болбойт.

1. ... ? – Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.


2. ... ? – Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.
3. ... ? – Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.
4. ... ? – Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.
5. ... ? – Атты токулуу да, жайдак да чапса болот.

12. Сүйлөмдөрдү уланткыла.

Эгерде аттарды саяпкерлер таптаса,


анда ... Күлүктөр алдыга чыгып келгенде, анда ...
Эгерде ат чабышта жолду кыскартса, Жеңүүчүлөргө байге ыйгарылганда,
анда ... анда ...
Эгерде башка бирөөнүн атын камчы Саяпкердин айтканын так аткарганда,
менен чапса, анда ... анда ...
Эгерде мелдешке 8-14 жаштагы уландар Ат чабышты ийри жолдо чапканда,
катышса, анда ... анда ...

13. Чачылган сөздөрдөн макалды тапкыла.


олбйтбо лэ бөсйсү неирж

лойотбб рэ нлэи сбсйүө

62
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
14. Текстте төмөнкү маалыматтардын бар же жогун белгилегиле.
№ Сүйлөмдөр бар жок
1 Күлүктөрдүн биринчи келгенине сыйлык берилет. бар
2 Күлүктүн биринчи келиши саяпкер менен чабендеске
жараша болот.
3 Аттарды токуп да жайдак да минсе болот.
4 Башкалардын аттарын камчы менен чабууга, жолун
тороого болот.
5 Аттарды түз жолдо чабышат.
6 Чабендестер аттарды таптайт.
7 Мелдешке катышуучулардын жаш өзгөчөлүктөрү
чектелбейт.
8 Аттар 1200 метрден 5050 километрге чейин чуркашат.

15. Суроолорго жооп бергиле.

А. Кыргыздардын ат менен ойнолуучу улуттук оюну?


 Ак чөлмөк оюну.
 Аркан тартмай оюну.
 Ат чабыш оюну.

Б. Ат чабыш оюнунда кандай эрежелерди сакташ керек?


 Башка бирөөнүн атын чаппаш керек.
 Башкаларга жолтоо болбош керек.
 Башка бирөөнүн атын минбеш керек.

В. Күлүктөрдү ким таптайт?


 Уландар таптайт.
 Саяпкерлер таптайт.
 Чабендестер таптайт.

Д. Кыргыз элинин улуттук спорт оюну тапкыла.


 Ак чөлмөк.
 Алты бакан.
 Көк бөрү.

63
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Окуп түшүнүү
1. 1. “Кѳк бѳрү” текстинде эмне жөнүндө сөз болот деп ойлойсуңар?
2. Төмөнкү сөздөрдү катыштырып, сүйлѳм түзгүлѳ.
Тынчтык, ичеги-карды, өпкө-боору, кѳк бѳрү, бир кезде, малчылар, буту-колу, туш-тушка,
тытып, упай.

3. Текстти окугула, маанисин түшүнгүлө.


Көк бөрү
I
Көк бөрү байыркы замандан бери кыргыз, казак элдеринде
кеңири таралган оюндардын бири. Аны ар түрдүү: улак тартыш, көк
бөрү, торпок тартыш деп аташат.
Бир кездерде малчыларга тынчтык бербеген карышкырларды
жигиттер атчан кууп жетип эңип алышып, буту-колдон туш-тушка
тартып, тытып өлтүрүшкөн. Кийин бөрүнүн ордуна улак тартышып,
бул оюндун бир түрүнө айланып калган болуу керек.
Текстке бир жөнөкөй, үч көйгөйлүү суроо түзгүлө.
II
Тартыла турган улактардын салмагы 20-30-40 килограммга чейин жетет. Улактын
ичеги-карды, өпкө-боору алынып ташталат да кесилген жери кайра тигилип, жүнү жулунбас
үчүн бир нече саат сууга салынат. Көк бөрү тегиз жерде ойнолот. Көпчүлүк учурда оюнга
17 жаштан өткөн карылуу жигиттер катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар
өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып,
кыйла маданиятташтырылган. Көк бөрү тартылуучу жер, мара белгиленет.
Суроолорго жооп бергиле.
1. Оюнга канча жаштагы жигиттер катышат? Эмне үчүн?
2. Тартыла турган улактын саны канча килограммга жетет?
3. Эмне үчүн улактын ичеги-карды алынып салынат, кандай деп ойлойсуңар?
4. Көк бөрү тартылуучу жер кандай аталат?
III
Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша тең санда эки топко
бөлөт. Көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жөөлөшүп келип,
алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү
ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө бербөөгө, аягында марага таштоого, ал эми атандаштары көк
бөрүнү андан жулуп алып, өздөрү марага таштоого аракеттенишет.
Оюндун жүрүшүндө кайсы топ көк бөрүнү марага таштаса, ошол топко бир упай
берилет. Калыс упайларды каттап турат. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсы топ
көп упайга ээ болсо, ошол топ оюнда утат.
Суроолорго жооп бергиле.
1.Калыс оюнчуларды шамдагайына, чабендесине жараша топторго бөлбөсө, анда эмне болот?
2. Эмнеге көк бөрүнү өнөктөшүнө бербөөгө аракеттенишет?
3. Эмне үчүн азыр оюн “улак тартыш” деп аталат?
4. Азыркы учурда көк бөрү оюну ойнолобу? Эмне үчүн?
5. Сага жаккан улуттук спорт оюндары барбы? Эмне үчүн жагат?

оюнчу – игрок чектелбейт – не ограничен


шарт – условие шайла- – выбирать, избирать
калыс – жюри, нейтральный ылайыкта- – быть приспособленным
тегиз – ровный кыйла – много, довольно много
маданиятташ- – стать цивилизованным шамдагай – ловкий
карылуу – сильный жөөлөш- – подпирание, подталкивание

64
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
мара – финиш эң- – наклонившись, опустившись
жулуп – вырвать аракеттен- – стараться
өнөктөш – партнёр в игре катта- – записывать

4. Сөздөрдүн синоним жана антонимдерин жазгыла.


карылуу //
бөрү // шамдагай Х
көк бөрү // тегиз Х
жөөлө- // ташта Х
өнөктөш // эң Х
тегиз // атаандаш Х
жул- Х
5. I бөлүмдө эмне жөнүндө айтылат?
а) кыргыз, казак эли жөнүндө в) оюндун келип чыгышы жөнүндө
б) оюндун аталышы жөнүндө г) карышкыр жөнүндө

II бөлүмдө сенин оюңча эмнеге оюн өзгөргөн?


а) азыркы жигиттер оюнду ойной албагандыктан в) азыркы мезгилде улактар
б) азыркы мезгилде карышкыр жок болгондуктан көбөйүп кеткендиктен
г) азыр заман өнүккөндүктөн

III бөлүмдө эмне жөнүндө сөз болгон жок?


а) оюнчулар жөнүндө в) мара жөнүндө
б) көрүүчүлөр жөнүндө г) оюнчулардын саны жөнүндө

6. Суроолорго ылайык келген жоопторду белгилегиле (√).


а) Оюнга кандай жигиттер катышат?
баардык жигиттер карылуу жигиттер
жаш уландар шамдагай жигиттер

б) Эмнеге жигиттер карышкырларды кармап алып ойношкон?


а) малчыларды уктатпагандыктан
б) малчыларды кыйнагандыктан
в) малчыларга тынчтык бербегендиктен
г) малчыларды коркуткандыктан

7. Сүйлөмдүн аягын маанисине карата толуктагыла.


1. Жакшы ойногон оюнчу ( ) сууга салып коюшат.
2. Башка топтогулар көк бөрүнү ( ) марага таштаса, ошол топко упай берилет.
3. Көк бөрү оюну азыркы ( ) жулуп качууга аракеттенишет.
4. Оюн убагында улакты кайсыл топ ( ) улак тартыш деп аталып калган болуш керек.
5. Кээде оюнда ( ) карышкырды кармап алып ойношкон.
6. Мурунку мезгилде жигиттер ( 1 ) улакты жерден алып качат.
7. Кийин бул оюн ( ) торпок да тартышат.
8. Улактын жүнү жулунуп калбаш үчүн ( ) кезде кыйла өзгөргөн.

8. Сүйлөмдүн бош жерлерине ылайыктуу сөздөрдү койгула.


Керектүү сөздөр: шамдагайлыгына, марага, көк бөрүнү, сууга, өнөктөштөрүнө, айланып,
карылуу, ылайыкташтырылган, кеӊири, калыс, жөөлөшүп, ичеги-карды, улак.
Көк бөрү кыргыз, казак элдеринде ... таралган оюндардын бири. Кийин ... тартышып, бул
оюндун бир түрүнө ... калган болуу керек. Улактын ... алынып ташталат. Бир нече саат ...
салынып коюлат. Оюнга ... жигиттер катышат. Өздөрүнөн оюнга ... шайлашат. Калыс
оюнчуларды ..., чабендестигине жараша бөлөт. Мыкты чабендеси ... эӊип алып качып жөнөйт.
65
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
Көк бөрүнү ... бербөөгө аракеттенишет. Кайсы топ көк бөрүнү ... салса, ошол топко бир упай

Оюндар Аталышы Маалымат


берилет. Азыр оюн шартка ... . Ат менен ... келип, чабендестер көк бөрүнү эӊип кетишет.

9. Текст боюнча таблицаны толтургула.


Ким? Эмне? Качан? Кандай? Каякта? Эмне болгон?
Көк бөрү байыркы заманда кыргыз элинде ойнолгон.

10. Сүйлөмдөгү ойду толуктагыла.


1. Жигиттер карышкырларды атчан кууп, ...
2. Азыр бөрүнүн ордуна ...
3. Улактын ичеги-карды алынып ташталат да, ...
4. Оюнчулар ат менен жөөлөшүп келип, ...
5. Оюнга 17 жаштан өткөн ...
6. Кыргыз, казак элинин ...
7. Аны ар түрдүү: ...
8. Көк бөрүнү марага таштаса, ...

11. Таблицаны толтургула. Кайсы улуттук спорт оюндары жагат?/ жакпайт?


жагат жакпайт
1. ... 1. ...
2. ... 2. ...
3. ... 3. ...

12. Туурасын, катасын (√) менен белгилегиле. т к


Тартыла турган улактардын салмагы 20-30-40 кг. чейин жетет. ( ) ( )
Оюнга 16 жаштагы жигиттер катышат. ( ) ( )
Азыр бөрүнүн ордуна улак тартышат. ( ) ( )
Оюнчулардын саны чектелет. ( ) ( )
Атандаштары көк бөрүнү жулуп алып, марага таштоого аракеттенишет. ( ) ( )
Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылган эмес. ( ) ( )
Көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштабайт. ( ) ( )
Калыс упайларды жазып турат. ( ) ( )

13. Суроолорго жооп бергиле.


1. Кыргыз элинин улуттук кандай оюндарын билесиңер?
2. Тогуз коргоол оюну боюнча кандай маалыматтарды билесиңер?
3. Тыйын эңмей оюну кантип ойнолот?
4. Топ таш оюну боюнча кандай маалыматтарды билесиңер?
5. Аркан тартмай оюну кандай ойнолот? Түшүндүрүп бергиле.
6. Кыз куумай оюну боюнча эмнелерди билесиңер?

14. Окугула. Маалымат менен таанышкыла.

66
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
Кыргыздардын эң байыркы оюндарынын бири. Тогуз коргоол
оюну адамдардын эсептөө жана ойлоо жөндөмдүүлүгүн
өнүктүрөт. Оюнду эки оюнчу ойнойт. Оюнга
Тогуз катышуучулардын жашы чектелбейт. Тогуз коргоол оюнунун
коргоол максаты – ар бир оюнчу болушунча көп коргоол алууга аракет
жасайт. Оюндун акырында кайсы оюнчунун упайы көп болсо,
ошол оюнчу утат.
Беш таш же топ таш – көбүнчө кыздардын оюну. Аны
Топ таш ойногонго экиден көбүрөөк оюнчу катышат. Оюнга
катышкандардын бирөө колундагы таштарды жерге чачат.
Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон
келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат.
Жыдыса кезекти, атаандашына берет.
Кыз биринчи атты чаап качат, жигит анын артынан кубалап
жөнөйт. Оюндун максаты кыз жигитке жеткирбеш керек,
Кыз жигит болсо кызды кууп жетиши керек. Кызды кууп жеткен
куумай жигит ага үйлөнүүгө тийиш болгон. Жигит кызды кууп жетпей
калса, кыз жигитти камчы менен чабат. Кийинки убакта бул
оюндун мааниси өзгөрүлгөн.

Бул оюнду эки тараптан бирдей санда чыккан жигиттер


белгиленген сызыктын эки жагына тизилишип, баары бир
арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй
Аркан тартышат. Калыс адам белги берери менен аркан тартыш
тартмай башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын
белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап
утат.
Оюнду жекеме-жеке, топ менен ойносо да болот. Тыйынды
кызыл чүпүрөккө ороп, кум себилген түз жерге ташташат.
Тыйын Тыйынды жигит ат үстүнөн чаап баратып, эңип алууга тийиш.
эңмей Жигит тыйын эңээрде аттын чабышын акырындатууга,
токтотууга болбойт. Ар бир катышуучу тыйынды үч жолу
эңет. Ким тыйынды көп эңип алса, ошол жеңген болот.

Сөздүк:
коргоол таштары – шарики (употребляемыев каршы – против, напротив
игре тогуз коргоол) аркан тарт-– состязаться в перетягивании аркана
чач – 1. волосы 2. разбрасывать, рассыпать чек – граница
жыды- – выйти из игры камчы – плётка

15. Ат оюнун көргөнүңөр жөнүндө досуңар менен сүйлөшкүлө. Оозеки диалог түзгүло.

67
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Жазып түшүнүү
1. Жогорку маалымат боюнча беш суроо түзгүлө.

2. Чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө.


1. логикалык, өнүктүрөт, оюн, эс тутумун, жөндөмдүүлүгүн, бул, ойлоо, жана, адамдын.
2. бирөө, жерге, оюнга, таштарды, колундагы, чачат, катышкандардын.
3. менен, жетпей, чабат, жигит, калса, камчы, кыз, кууп, жигитти, кызды.
4. башталат, адам, менен, калыс, аркан, белги, тартыш, берери.
5. үстүнөн, тийиш, жигит, чаап, тыйынды, эңип, баратып, ат, алууга.
6. эңет, бир, үч, катышуучу, ар, жолу, тыйынды.
7. мааниси, бул, кийинки, өзгөрүлгөн, убакта, оюндун.

3. Көп чекиттин ордуна керектүү сөздөрдү койгула.


Колдонулуучу сөздөр: эңет, кызды, топ, ойнойт, аракет, жөндөмдүүлүгүн, коргоол, оюнга, беш
таш, катышкандардын, аркан, сүйрөп кеткен, акырындатууга, оюнчу, жыдыса, катышуучу, үйлөнүүгө;

. . . бирөө колундагы таштарды . . . . Ар бир . . . тыйынды үч жолу . . . . Белгиленген сызыктан ашыра


тартса, . . . . . . тарап утат. . . . кууп жеткен жигит ага . . . тийиш болгон. Бул оюн адамдын ойлоо . . .
өстүрөт. . . . – кыздар ойной турган оюн. Оюнду эки оюнчу . . . . Тогуз . . . оюнунун максаты – ар бир
. . . болушунча көп коргоол алууга . . . жасайт. . . . кезекти, атаандашына берет. Калыс адам белги
берери менен . . . тартыш башталат. Оюнду жекеме-жеке, . . . менен ойносо да болот. Жигит тыйын
эңерде аттын чабышын . . . , токтотууга болбойт.

4. Сүйлөмдү толуктагыла.
Эгерде . . . са, анда . . . ; -ганда / -канда
Көк бөрү улуттук спорт оюну дүйнөлүк
Көк бөрү улуттук спорт оюну дүйнөлүк мелдешке чыгыш керек.
мелдешке чыгыш керек.
Көк бөрү улуттук спорт оюну дүйнөлүк
Эгерде ал дүйнөлүк мелдешке чыкса, . . . мелдешке чыкканда, анда . . .
Эгерде . . . са, анда . . . ганда / -канда, анда . . .
Эгерде . . . са, анда . . . ганда / -канда, анда . . .
Эгерде . . . са, анда . . . ганда / -канда, анда . . .
Демек, көк бөрү улуттук спорт оюну . . . Ошондуктан көк бөрү улуттук спорт оюну . . .

5. Төмөнкү сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

Тогуз коргоол, жыды-, камчы, аркан тартмай, чек, беш таш, катышуучу, көк бөрү, атаандаш,
чектелбейт, ойлоо жөндөмдүүлүгү, байыркы, кыз куумай.

6. Сүйлөмдөрдү ойлонуп аягына чыгаргыла.

Жигит кызды кууп жетпей калганда, кыз . . .


Калыс адам белги берсе, анда . . .
Оюндун жүрүшүндө кайсы топ көк бөрүнү марага таштаса, анда . . .
Көк бөрү улуттук спорт оюну дүйнөлүк мелдешке чыкканда, анда . . .
Ат чабышта жолду кыскартканда . . .
Ат чабышта күлүгү биринчи келсе, анда . . .

7. Дагы кандай улуттук оюндарды билесиңер? Кошумча маалымат таап келгиле.

68
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Ой жүгүртүп түшүнүү
Сүрөт менен иштөө Теодор Герцен
1935-жылы 15-мартта
натюрморт Жашоо Талас областындагы
тиричилик Ленин районуна
караштуу Орловка
айылында туулган.
пейзаж портрет Теодор Герцендин
сүрөтчү болушуна
атасынын таасири тийген.
Алгач ал Фрунзедеги сүрөт окуу жайынын
“живопись” бөлүмүндө окуган. Кийин Москвадагы
тарыхый графика жогорку сүрөт окуу жайын бүтүрөт. Теодор
Герцендин чыныгы шыгы китеп графикасы болду.
Ал белгилүү китеп сүрөтчүсү жана иллюстратор.
2003-жылы 29-июнда катуу оорудан Германиядагы
Сүрѳттүн жанрлары Кёльн шаарында каза болгон.

Бул сүрөт «Манас» эпосундагы Кошой


менен Жолойдун күрөшү

Теодор Герцен «Манас» эпосун


иллюстрациялоо менен кыргыз элине
таанылган. «Манас» эпосун Сагымбай
Орозбаковдун варианты боюнча,
каармандардын образдарын сүрөт менен
чагылдырып берген. Эпоско 200 гравюр
түрүндөгү сүрөттөрдү тартып, зор эмгек
жараткан.

1.Суроолорго жооп бергиле.

1. Сүрѳт кандай жанрда тартылган?


2. Сүрөт эмне жөнүндө? Кандай
түстөр менен тартылган? Эмне үчүн?
3. Кимдерди көрүп турасыңар? Алар
эмне кылып жатышат? Алардын кийимдери кандай?
4. Эмне үчүн ушундай деп ойлойсуңар?
5. Ким утат деп ойлойсуңар? Кайсынысы Кошой? Кайсынысы Жолой?
6. Бул сүрөттүн мазмуну силерге жактыбы, же жокпу? Эмне үчүн?
7. Сүрөттүн аталышы кандай? Эмне үчүн?
8. Сүрөттөгү адамдардын келбети кандай? Эмне үчүн?
9. Бул кайсыл улуттук оюндун түрү? Эмне үчүн?

Иллюстрация – тексттин мазмунун түшүндүрүү үчүн тартылган сүрөт же


келтирилген мисал.
Гравюра – кол менен жасалган клишеден тартылган сүрөт.
Графика – сызыктар жана штрихтер менен сүрөт тартуу искусствосу
69
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

70
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
2. Туура же ката экенин аныктагыла.

№ Сүйлөм мааниси боюнча √-туура, × −ката


Үлгү: Бул сүрөт Теодор Герценге таандык. √

1. Графика түрүндөгү сүрөт.


2. Сүрөттө оодарыш оюну чагылдырылгын.
3. Сүрөттүн арткы планында үйлөр тартылган.
4. Асман кара-күрөң түстө.
5. Сүрөттө байрак тартылган.
6. Эки жаш жигит чагылдырылган.
7. Элдер кызыгуу менен көрүшүүдө.

3. Төмөнкү сөздөрдүн туура түшүндүрмөлөрүн тапкыла.

1. живопись 2. графика
а) сызыктар менен тартылган сүрөттөр а) тексттин мазмунун түшүндүрүү үчүн
б) сүрөт тартуу искусствосу тартылган сүрөт
в) боёк менен тартылган сүрөттөр б) сызыктар менен тартылган сүрөттөр
в) табияттын көрүнүштөрү тартылган сүрөт

3. гравюра 4. иллюстрация
а) боёк менен тартылган сүрөттөр а) кол менен жасалган клишеден тартылган
б) клишеден тартылган сүрөт сүрөт
в) жемиш, гүл тартылган сүрөт б) сүрөт тартуу искусствосу
в) тексттин мазмунун түшүндүрүү үчүн
тартылган сүрөт

4. Маанисин түшүндүрүүчү сөздөрдү тапкыла.


Үлгү: Эпоско 200 гравюр түрүндөгү сүрөттөрдү тарткан − Теодор Герцен

Эки адам катышуучу улуттук оюн – Сүрөттө күрөшүп жатышкан эки –


Жолой менен күрөшкө түшкөн адам – Сүрөттүн арткы планында тартылган –
Штрихтер менен тартылган сүрөт – Теодор Герцен айылында туулган –
Теодор Герцендин сүрөтчү болушуна таасири Сүрөт менен жабдуу –
тийген – Боёк менен тартылган сүрөт –
Натюрморт, пейзаж, портрет, графика бул – Жемиш, гүл тартылган сүрөт –

5. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Эгерде ...-са, анда ... ган+да, ....
Үлгү: Эгерде сүрөт натюрморт болсо, анда Теодор Герцендин атасы баласына таасир
жемиштер, гүлдөр тартылат. тийгизбегенде, ал сүрөтчү болмок эмес.

Эгерде сүрөт графика жанрында тартылса, анда . . .


Бул сүрөт пейзаж болгондо, . . .
Теодор Герцен “Манас” эпосун иллюстрациялабаганда, . . .
Эгерде “Манас” эпосуна 200 гравюр түрүндөгү сүрөт тартылбаса, анда . . .
Эгерде Теодор Герцен белгилүү китеп сүрөтчүсү болбосо, анда . . .
Эгерде сүрөт портрет жанрында тартылса, анда . . .

71
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Которуп түшүнүү
1. Сооронбай Жусуев жөнүндө сүйлөшкүлө.
С. Жусуев качан, каерде туулган?
Ал кандай акын болгон?
Анын кандай чыгармаларын билесиӊер? Кайсы чыгармасын окуганбыз?
Силер кайсы ырын билесиңер?

2. Сѳздѳр менен сүйлѳм түзгүлѳ.


Эл акыны, жарыяланган, обон, эл арасында, жараткан, белгилүү, которулган, адабият, сыйлык,
жыйнак, ырлары, алгачкы.

Сооронбай Жусуев – кыргыз эл акыны. Ал 1925-жылы Кара-


Кулжа районунда туулган. С.Жусуев – Токтогул атындагы
мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Оштогу мамлекеттик
мугалимдер институтунун тил жана адабият факультетин (1949),
кийин Москвадагы Горький атындагы адабият институтун (1956)
бүтүргөн.
Анын алгачкы “Биз жеңишчил”, “Жаркынга”, “Алдыга жүргүн,
кыргыздар” ж. б. адабий чыгармалары 1943-жылы майданда жүргөндө
жарыяланган. 1950-жылы анын “Эмгек күүсү” биринчи ырлар
жыйнагы чыккан. Анын жазган лирикалык ырларына обон
чыгарылып эл арасына тараган. Ошондой эле “Үмүт”, “Тирүүлөргө”,
Сооронбай “Сагыныч”, “Кызыл дептер”, “Чагылган” сыяктуу мазмундуу
Жусуев дастандарын жараткан. Анын көп чыгармалары орус, казак, өзбек,
тажик, украин, түркмөн, латыш, якут ж. б. тилдерине которулган.
С. Жусуев котормочу катары да белгилүү болгон. Павло
Тычинанын “Элдердин достугу”, Агния Бартонун “Балдар үчүн
ырлар”, “Түркмөн акындары” ж. б. бир нече чыгармаларды которгон.
3.Текстти окугула, бир жөнөкөй, үч көйгөйлүү суроо түзгүлө.

4. Сүйлөмдөрдү бүтүргүлө.
С.Жусуев котормочу болгондуктан, ал ...
Анын чыгармалары башка тилге которулгандыктан, ал ...
Акындын лирикалык ырларына обон чыгарылгандыктан, ...
С.Жусуев согушта жүргөндүктөн, анын ... Жаңы сөздөр:
Тил жана адабият факультетин бүтүргөндүктөн, ... майдан – поле битвы, фронт
Акын майданга катышкандыктан, ага ... обон – мелодия, мотив
Көп чыгармалары болгондуктан, ... дастан – героическое
сказание, эпопея
5. Сүйлөмдөрдүн аягын жазгыла.

Акындын алгачкы чыгармалары... ... бир нече чыгармаларды которгон.


“Эмгек күүсү” биринчи... ... дастандарын жараткан
С.Жусуев “Тирүүлөргө” сыяктуу... ... адабият институтун бүтүргөн.
Анын жазган лирикалык... .. . сыйлыгынын лауреаты.
Токтогул атындагы мамлекеттик... ... башка тилдерге которулган.
Павло Тычинанын... ... ырларына обон чыгарылган.
Акындын көп чыгармалары... ... майданда жүргөндө жарыяланган.
Москвадагы Горький атындагы... ... ырлар жыйнагы чыккан.

72
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
6. Ырды окуп, суроолорго жооп бергиле.

1.Бул ыр эмне жөнүндө?


2.Эмне үчүн малчыларга убакыт сезилбей бат өттү?
3.Элдер эмнеге дүрбөдү?
4.Чабандестер эмне кылышты? Эмне үчүн?
5.Көк бөрү оюну боюнча кандай маалыматтарды
билесиңер?
6. Сага бул ыр жактыбы? Эмне үчүн?
7. Эмне үчүн көк бөрү кызыктуу оюн?
8. Ушуга окшогон башка улуттун оюндарынан
билесиңерби?
7. Ыр саптан цитата жазып ага комментарий бергиле.
Көк бөрү
Цитата Комментариялоо
1. Эл дүрбөдү жанданып. Элдер оюнду көрүш үчүн Башталганда көк бөрү
чогулушту. Эл дүрбөдү жанданып.
2. … 2. … Дөңдө карап турушту
3. … 3. … Жаш-карылар жарданып.

8. Жоопторго суроо бергиле. Көрчү айылдын чабандес


1. А: .................................................................................? Көк бөрүчү балдарын.
Б: Элдер чогулуп, дөңдө карап турушту. Билектерин түрүнүп
2. А: .................................................................................? Ойноктотот аттарын.
Б: Айылдагы чабандестер чыгышты.
3. А: .................................................................................? Малчыларга сезилбей
Б: Билектерин түрүнүп, ойноктотот аттарын. Убак кантип өткөнү
4. А: .................................................................................? Дагы көпкө созулду
Б: Малчыларга убакыт сезилбей тез өттү. Кызык оюн – көк бөрү.
5. А: .................................................................................?
Б: Көк бөрү оюну кызыктуу болгондуктан, көпкө созулду. С.Жусуев

9. Берилген схеманы үлгүгɵ таянып толтур.


Сөз айкашы Сөздүн мааниси Сөз айкашы Жаңы сөздөр:
менен сүйлөм
түзүү дүрбө- – быть в смятении,
Үлгү: эл дүрбөдү Эл чогулду Оюн көрүш үчүн переполошиться (о толпе)
эл дүрбөдү. жандан – оживать,
2. ... 2. ... 2. ... оживляться
3. ... 3. ... 3. ... дөң – возвышение, холм
ат ойноктот- – горячить коня
созул- – вытягиваться
10. Сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.
билек – предплечье
Дөңдө, жанданып, дүрбөдү, билек, сезилбей, жарданып,
созулду, жаш-карылар, карап турушту, кызык оюн, көк бөрү.

11. Көп чекиттин ордун ыр боюнча толтургула.


. . . карап турушту . . . балдарын.
Жаш-карылар . . . . Билектерин . . .

. . . сезилбей . . . көк бөрү


Убак . . . өткөнү Эл . . . жанданып.

73
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
Грамматика
1. Таандык ат атоочторду кайталагыла. Алар менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.

Таандык ат атоочтор
Притяжательные местоимения
Кимдин? Эмненин?
Притяжательные окончания
окончания после гласных окончания после согласных
1-ж. Менин -м -ым, -им, -ум, -үм
2-ж. Сенин -ң -ың, -иң, -уң,-үң
Сиздин - ңыз, - ңиз, - ңуз,- ңүз -ыңыз, -иңиз, -уңуз, -үңүз
3-ж. Анын -сы, -си, -су, -сү -ы, -и, -у, -ү
1-ж. Биздин -быз, -биз, -буз, -бүз -ыбыз, -ибиз, -убуз, -үбүз
2-ж. Силердин - ңар, - ңер,- ңор, -ңөр (у,а) -ыңар, -иңер, -уңар, -үңөр
Сиздердин -ңыздар, -ңиздер, -ңуздар, -ңүздөр -ыңыздар, -иңиздер, -уңуздар, -үңүздөр
3-ж. Алардын -сы, -си, -су, -сү -ы, -и, -у, -ү

2. Учурдагы кыймыл-аракетти кантип билдиребиз.

Учур чак – настоящее время (К-Г, П-Б)


Мен Гласные -п жатам
Согласные -ып жатам; -ип жатам; -уп жатам; -үп жатам
Сен Гласные -п жатасың
Согласные -ып жатасың; -ип жатасың; -уп жатасың; -үп жатасың
Сиз Гласные -п жатасыз
Согласные -ып жатасыз; -ип жатасыз; -уп жатасыз; -үп жатасыз
Ал Гласные -п жатат
Согласные -ып жатат; -ип жатат; -уп жатат; -үп жатат
Биз Гласные -п жатабыз; -ип жатабыз; -уп жатабыз; -үп жатабыз
Согласные -ып жатабыз; -ип жатабыз; -уп жатабыз; -үп жатабыз
Силер Гласные -п жатасыңар
Согласные -ып жатасыңар; -ип жатасыңар; -уп жатасыңар; -үп жатасыңар
Сиздер Гласные -п жатасыздар
Согласные -ып жатасыздар; -ип жатасыздар; -уп жатасыздар; -үп жатасыздар
Алар Гласные -п жатышат
Согласные -ып жатышат; -ип жатышат; -уп жатышат; -үп жатышат;

3. Таблицанын жардамы менен учурдагы кыймыл-аракетти билдирип жазгыла.

Мен катыш... чурка... чач... ойно... жатам


Сен катыш... чурка... чач... ойно...
Сиз катыш... чурка... чач... ойно...
Ал катыш... чурка... чач... ойно...
Биз катыш... чурка... чач... ойно...
Силер катыш... чурка... чач... ойно...
Сиздер катыш... чурка... чач... ойно...
Алар катыш... чурка... чач... ойно...

74
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

4. Таблицанын жардамы менен келечектеги кыймыл-аракетти билдирип жазгыла.

Келер чак – будущее время (К-Г, П-Б)


окончания после гласных окончания после согласных
Мен -ймын; -ймин; -ймун; -ймүн -амын; -емин; -омун; -өмүн
Сен -йсың, -йсиң; -йсуң; -йсү -асың; -есиң; -осуң; -өсүң
Сиз -йсыз; -йсиз; -йсуз; -йсүз -асыз; -есиз; -осуз; -өсүз
Ал -йт -ат; -ет; -от; -өт
Биз -йбыз; -йбиз; -йбуз; -йбүз -абыз; -ебиз; -обуз; -өбүз
Силер -йсыңар; -йсиңер; -йсуңар; -йсүңөр -асыңар; -есиңер; -осуңар; -өсүңөр
Сиздер -йсыздар; -йсиздер; -йсуздар; -йсүздөр -асыздар; -есиздер; -осуздар; -өсүздөр
Алар -шат; -шет; -шот; -шөт -ышат; -ишет; -ушат; -үшөт

Мен атка мин... карма... ат чаптыр ... күрөш... сүйрө...


Сен атка мин... карма... ат чаптыр... күрөш... сүйрө...
Сиз атка мин... карма... ат чаптыр... күрөш... сүйрө...
Ал атка мин... карма... ат чаптыр... күрөш... сүйрө...
Биз атка мин... карма... ат чаптыр... күрөш... сүйрө...
Силер атка мин... карма... ат чаптыр... күрөш... сүйрө...
Сиздер атка мин... карма... ат чаптыр... күрөш... сүйрө...
Алар атка мин... карма... ат чаптыр... күрөш... сүйрө...

Өткөн чак – прошедшее время


Мен Гласные. Звонкие согласные -дым; -дим; -дум; -дүм
Глухие согласные -тым; -тим; -тум; -түм
Сен Гласные. Звонкие согласные -дыӊ; -диӊ; -дуӊ; -дүӊ
Глухие согласные -тыӊ; -тиӊ; -туӊ; -түӊ
Сиз Гласные. Звонкие согласные -дыӊыз; -диӊиз; -дуӊуз; -дүӊүз
Глухие согласные -тыӊыз; - тиӊиз; -туӊуз; - түӊүз
Ал Гласные. Звонкие согласные -ды; -ди; -ду; -дү
Глухие согласные -ты; -ти; -ту; -тү
Биз Гласные. Звонкие согласные -дык; -дик; -дук; -дүк
Глухие согласные -тык; -тик; -тук; -түк
Силер Гласные. Звонкие согласные -дыӊар; -диӊер; -дуӊар; -дүӊөр
Глухие согласные -тыӊар; -тиӊер; -туӊар; -түӊөр
Сиздер Гласные. Звонкие согласные -дыӊыздар; -диӊиздер; -дуӊуздар; -дүӊүздөр
Глухие согласные -тыӊыздар; -тиӊиздер; -туӊуздар; - түӊүздөр
Алар Гласные. Звонкие согласные -шты; -шти; -шту; -штү
Глухие согласные -ышты; -ишти; -ушту; -үштү

5. Болуп өткөн кыймыл-аракеттерди билдирип жазгыла.

Кубала-, тарт-, тапта-, ут-, кач-, атка мин-, ойно-, чаптыр-, жет-, жарыш-, күрөш-.

75
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Иш кагаздары
1. Билдирүү (объявление) жазганды үйрѳнгүлѳ.

Билдирүү!
Ушул жылдын 20-майында саат 14.00дө «Спартак» стадионунда мектеп окуучулары
арасында «Көк бөрү» оюну өткөрүлөт.

Каалагандарга катышууга эшик ачык.

2. Билдирүү (уведомление) жазганды үйрѳнгүлѳ.

Билдирүү
Урматтуу .... ата-энеси! Сиздерге уулуңуз (кызыңыз) ... 3-чейрек боюнча
жыйынтыктарын билдиребиз. ... кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты,
тарых, география, химия сабактарынан “5”, алгебра, геометрия, физика жана дене тарбия
сабактарынан “4” деген баалар менен аяктады.

Класс жетекчиси:

3. Билдирүү (сообщение) жазганды үйрѳнгүлѳ.

Билдирүү!
21-22-мартта аба ырайы кескин өзгөрүлүп, жаан карга айланышы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жетет. Абанын
температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+80 ка чейин
төмөндөйт, түнкүсүн −180 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Аба ырайынын кескин өзгөрүүсү Нооруз майрамына карата боло турган улуттук
оюндарды өткөрүүгө тоскоол болот.

4. Билдирүүлөрдү жазгыла.

1-топ 2-топ
Ат чабыш оюну боюнча Досуңа СМС билдирүү

3-топ
Өзгөчө кырдаал жөнүндө билдирүү

4-топ 5-топ
Газетага билдирүү Майрам жөнүндө билдирүү

76
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

***
1. Сүрөттү карагыла. Текст эмне жөнүндө болот? Сүрөт боюнча божомол жасагыла.

2. Текстти окугула.
Оодарыш
Кыргыз элинин ат оюндарынын бир түрү.
Оодарышка балбан, шамдагай жана жашы он тогуздан
жогору жигиттер катышат. Минген аттары да өкүм, күчтүү
болууга тийиш. Ар бир кармашуу 10 мүнөткө созулуп,
ортосунда 1 мүнөт тыныгуу берилет. Кармашуу диаметри
40 метр тегерек аянтчада өткөрүлөт. Мелдешке шым,
калың көйнөк, өтүк кийип, жоолук же кур байланып
катышышат. Оодарышта атаандашын курдан, колдон
кармоого, үзөнгүдөн чыгаруу үчүн буттан алууга, далыдан
кармоого, түртүүгө, өз атынын мойнун кучактоого уруксат
берилет. Атаандашын же анын атын чабууга, чачтан,
моюндан, баштан алууга же колун, манжаларын толгоп кайрууга, атаандашынын колуна жана
башына чылбыр ороого болбойт.
Оодарышта жеңиштин эки түрү бар: аттан оодарып түшүрсө,таза жетишке ээ болот, ал эми
упайы боюнча жеңишке кармашууда көп упай алгандыгы үчүн жетишет. Оодарыш боюнча
мелдештер район, шаар, облустардагы ар түрдүү той-тамаша, майрам, салтанаттарда
өткөрүлөт.

2. Текстке эки жөнөкөй, үч көйгөйлүү суроо түзгүлө.

3. Оюнга уруксат берилген шарттарды жана тыюу салынган шарттарды жазгыла.

1) ... 2) ... үлгү: 1) атын чабууга 2) ...

4. Сүйлөмдөргө суроо түзгүлө.


А.: . . . ?
Б.: Кармашуу диаметри 40 метр тегерек аянтчада өткөрүлөт.
А.: . . . ?
Б.: Минген аттары да өкүм, күчтүү болууга тийиш.
А.: . . . ?
Б.: Оодарышка балбан, шамдагай жана жашы он тогуздан жогору жигиттер катышат.
А.: . . . ?
Б.: Ар бир кармашуу 10 мүнөткө созулуп, ортосунда 1 мүнөт тыныгуу берилет.
А.: . . . ?
Б.: Мелдешке шым, калың көйнөк, өтүк кийип, жоолук же кур байланып катышышат.
А.: . . . ?
Б.: Кыргыз элинин ат оюндарынын бир түрү.

5. Кыргыз элинин улуттук ат оюндары боюнча кошумча маалымат таап келгиле,


алардын айырмачылыктарын түшүндүрүп бергиле.

6. “Кыргыз элинин улуттук оюндары” – деген темада эссе жазып келгиле.

77
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

№5-тема. Ден соолук.


Биринчи жардам.
Кайталоо
1. Суроолорго жооп бергиле.

Ден соолукка эмне пайдалуу?


Ден соолукка эмне зыян?
Ден соолук чың болуш үчүн эмне кылыш керек?

2. Туурасын, катасын (√) менен белгилегиле.


т к
Үлгү: Ден-соолук жакшы болсо, кор болбойсуң. (√ ) ( )
Ден-соолугу бекем адам, кээде ооруп калат. ( ) ( )
Ден-соолугуң жаш кезден бекем болсо, өскөндө кем болосуң. ( ) ( )
Эгерде ден-соолук начар болсо, өскөндө кор болбойсуң. ( ) ( )
Акын ырында жаш балдарга кайрылат. ( ) ( )
Ден-соолукту бекемдеш керек. ( ) ( )

3. Сөздөрдү которгула. Сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.


Кабыл ал, чакыр, дарек, батир, өлчө, баш, ооруп келдим, жүрөк, үч маал.

4. Маанилеш сөздү белгилегиле. Тапшырманы иш дептерге аткаргыла.

Үлгү: жүрөгү айланат а) кускусу келет б) сүйүнөт

1. Каттайт а) кат жазат б) түгөлдөйт


2. Дарыгер а) доктур б) дары
3. Оорукана а) мекеме б) дарыкана
4. Дареги а) жашаган жери б) тартиби
5. Маал а) убактысы б) малы
6. Тыңшады а) тың болуп калды б) укту

5. Берилген сөздөрдүн синонимдерин тапкыла


маал – ...
оорулуу – ...
өлчө- – ...
жакшы кал- – ....

6. Берилген сөздөрдүн антонимдерин тапкыла


караңгы –...
төмөндө- – ...
кир- – ...
отур- – ...
ден-соолук – ...

78
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

7. Үлгүгө таянып, сүйлөмдөрдүн логикалык уландысын тапкыла.


Себеби ....
Үлгү: Оорулуунун абалы жакшырат. Анын температурасы төмөндөйт.
Оорулуунун абалы жакшырат. Себеби анын температурасы төмөндөйт.

Айыга баштаган адам кадимки абалына келет. Жугуштуу оорулар катуу оорутат.
Ооруган адамдар алсызданат, көңүлү айныйт, кусат. Оорулуунун денеси кээде ысыбайт.
Дарт күчөгөндө диагнозду так коюуга болот. Оору күчөп кетет.
Дененин температурасы көтөрүлөт. Дарттын белгилери жоголот.
Диагнозду аныктоо кыйын. Дартка мүнөздүү бардык белгилери
ачык болот.
8. Илимий маалыматты сүйлөп бергиле.

Оору козгогуч микроорганизмдер кандай жолдор менен жугат.

Кайсы оору? Кантип жугат?


Ич келте, дизентерия жана башка ичеги-карын жугуштуу оорулары менен
ооруган адамдар менен байланышса
Сарык, гепатит суу, тамак-аш, идиш-аяк жана башка
буюмдар аркылуу жугат.
Грипп, кызамык, чечек жана башка аба адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жугат
аркылуу таралуучу оорулар
темиретки, грибки, экзема тери жугуштуу оорусу менен ооруган
оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо
Кене энцефалити, малярия кан соргуч курт-кумурскалар аркылуу (бит,
бүргө, чиркей, кене чакканда)

9. Мезгил тактооч жана орун тактоочторго сүйлөм түзгүлө.

Кечинде, күндүз, күнү-түнү, бүгүн, дайыма, ар күнү, азыр.


Ылдыйда, артта, алдыда, алга, алыста, алыстан, жакында, жакындан.

10. Үлгүгө таянып сүйлөмдөрдү толуктагыла.

... +ган +дыктан


Үлгү: Температура төмөндөйт. Оорулуунун абалы жакшырат.
Температура төмөндөгөндүктөн, оорулуунун абалы жакшырат.
Адамдар жугуштуу оорулар менен ооруп калышат. Алсызданат, көңүлү айныйт, кусат.
Оорулуунун денеси кээде анча ысыбайт. Диагнозду аныктоо кыйын.
Дартка мүнөздүү бардык белгилери ачык болот. Диагнозду так коюуга болот.
Оору күчөйт. Дененин температурасы көтөрүлөт.
Температура акырындап 1-3 күндүн ичинде төмөндөйт. Оорулуу кадимки абалга келет.
Дарттын негизги белгилери жоголот. Оорулуу адам айыга баштайт.

79
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Угуп түшүнүү
1. Макалды которгула.

Денеси чыңдын – иши чың.


Башка элдерде мааниси жагынан окшош макал барбы? Эмне үчүн?

2. Сөздөрдү которгула. Сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.


Маалымат, медициналык кызматкер, жардам бер, даярдан, карма, кур, жоолук.

3. Диалогду уккула, маанисин түшүнгүлө.

Өскөнбек: Салам, Руслан.


Руслан: Салам, Өскөнбек. Киного барып келбейлиби?
Өскөнбек: Жок, бүгүн бара албайм. Китепканага
барышым керек. Мугалим үйүңөрдөн биринчи жардам
жөнүндө маалымат таап келгиле деген. Сен биринчи
жардам жөнүндө билесиңби?
Руслан: Ооба, билем. Биринчи жардам деген –
кырсыкка учураганда, капысынан кармаган ооруларда
кырсык болгон жерге медициналык кызматкер келгенче
жардам берүү болуп эсептелет.
Өскөнбек: Демек, медициналык кызматкер келгенче көрсөтүлүүчү жардам турбайбы. Мисалы,
кол же бут сынганда кандай жардам көрсөтүш керек?
Руслан: Менимче, кол же бут сынганда, тарамыш чоюлуп калганда, сынган жерди кыймылсыз
абалга келтирип, тактай, бутак, картон коюп, жоолук, кур, чүпүрөк менен байлап таңыш керек.
Өскөнбек: Абдан кызыктуу тема экен. Китепканага барып, кошумча маалымат таап, эртеңки
сабагыма даярданайын. Киного эртең барып келелиби?
Руслан: Макул. Жакшы бар.
Өскөнбек: Эртеңкиге чейин жакшы кал.
Сөздүк:
биринчи жардам – первая помощь сын- – ломаться, биться
кырсык – беда, несчастье тарамыш – сухожилие
учура- – встретиться, натолкнуться чоюл- – растянуться, вытянуться
капысынан – вдруг, неожиданно кыймылсыз – неподвижный
абал – положение, состояние тактай – доска
бутак – ветка, ветвь чүпүрөк – тряпка
байла- – вязать, связывать таң- – привязывать, связывать

4. Диалог боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Бул окуя эмне жөнүндө?
2. Өскөнбекке кандай тапшырма берилген?
3. Сүйлөшүүгө канча адам катышты?
4. Биринчи жардам деген эмне?
5. Кол сынганда кандай жардам көрсөтүш керек? Эмне үчүн?
6. Эмне үчүн тактай, бутак, картон коюп таңыш керек?
7. Силер биринчи жардам жөнүндө кандай маалымат билесиңер?
8. Силер биринчи жардам көрсөттүңөр беле? Эмне үчүн?

80
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. Суроолордун жоопторун тапкыла.


1. Эмне жөнүндө сөз болду? 2. Бут сынганда эмне кылыш керек?
А) тез жардам
Б) бирөөгө жардам берүү А) тактай, картон коюп байлаш
В) биринчи жардам керек.
Б) кыймылдатпай жыгач коюп,
3. Биринчи жардам деп эмнени айтат? чүпүрөк менен таңат.
А) кырсыкка учураганда жардам берүү В) бутак, тактай коюп кур менен
Б) кырсык болгон жерден жардам берүү таңат.
В) кырсыкка учураганда тез жардам келгенче
жардам берүү
5. Алар кайда барууну чечишти?
4. Ким биринчи жардам жөнүндө билип А) театрга
келүүнү айтты? Б) кинотеатрга
А) мектептен В) концертке
Б) мугалим
В) эжеси

6. Сүйлөм мааниси боюнча √ -туура; × -ката; ?-мындай сүйлөм жок экенин белгиле.

№ Сүйлөм мааниси боюнча √ × ?

1. Бут сынганда кыймылдатпай туруп тактай коюп, жоолук менен √


таңыш керек.
2. Биринчи жардам – кырсык болгон жерден жардам көрсөтүү болуп
эсептелет.
3. Өскөнбек кошумча маалымат табуу үчүн досуна кетти.
4. Тарамыш чоюлганда жыгач коюп, жоолук менен таңат.
5. Кол чыкканда катуу таңып коёт.
6. Медициналык кызматкер келгенге чейинки жардам болуп саналат.
7. Биринчи жардамды ар бир адам билиш керек.
8. Тез жардамды күтүш керек.

7. Диалогду толуктап, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле.


Өскөнбек: Салам, Руслан.
Руслан: Салам, Өскөнбек.
Өскөнбек: Сен . . . жөнүндө билесиңби?
Руслан: Ооба, билем. Биринчи жардам деген – . . .
Өскөнбек: Демек, . . .
Руслан: Менимче, . . .
Өскөнбек: Абдан кызыктуу тема экен.
Руслан: Жакшы бар.
Өскөнбек: Эртеңкиге чейин жакшы кал.

8. Чачылган тамгалардан макалды тапкыла.

шииинседеыдчыңныңч

81
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

9. Сүйлөмдөрдү уланткыла.
1. Мугалим үйүңөрдөн биринчи жардам __ келгенче көрсөтүлүүчү жардам.
2. Биринчи жардам медициналык кызматкер __ барып келбейлиби?
3. Салам Өскөнбек. Киного __ жөнүндө маалымат таап келгиле деди.
4. Кол же бут сынганда, тактай коюп, __ таап, эртеңки сабагыма даярданайын.
5. Китепканага барып, кошумча маалымат __ кур менен байлап таңыш керек.

10. “Адамга салам айт” деген текст эмне жөнүндө деп ойлойсуңар?

11. Сөздөр жана сѳз айкаштары менен сүйлөм түзгүлө. Тапшырманы иш дептерге
аткаргыла.
Жалгыз аяк жол, жымжырт, таякчан, кемпир, жолугуу, узатуу, жан дүйнө, кубаныч.

12. Текстти уккула. Тексттеги окуянын реалдуу турмуштагы фактыларга дал келген
учурларын тапкыла.
Адамга салам айт

Токойдогу жалгыз аяк жол менен ата-бала келе жатты. Айлана жымжырт. Бир убакта
бала аларды көздөй келе жаткан таякчан кемпирди көрүп калды.
– Ата, тиги чоң эне каякка баратат? – деп сурады уулу.
– Бирөөгө жолугууга же узатууга, – деп жооп берди. –Биз ага «Саламатсызбы» деп
айталы, - деди атасы.
– Эмнеге? – деп таңыркады уулу. – Биз аны такыр тааныбайбыз да.
– Жолукканда «саламатсызбы» деп айта берели, эмне үчүн экенин анан көрөсүң.
Мына кемпир да келип калды.
– Саламатсызбы, – деди бала.
– Саламатсызбы, – деди атасы.
– Саламатсыңарбы, – деп кемпир жылмайып карады.
Бала айланасы бүт өзгөрө түшкөнүнө таң кала карады. Күн жаркырап тийип турду.
Дарактардын башынан жеңил жел жүрүп, жалбырактар шуудурап, ойной баштады.
Бутактардагы куштар үн салып сайрай баштады – буга чейин булардын бирин да уккан эмес.
Баланын жан дүйнөсүн кубаныч аралады.
– Эмне үчүн мындай болду? – деп сурады баласы.
– Анткени биз адамга «саламатсызбы» деп айттык, ал бизге жылмайды.
(Василий Сухомлинскийдики боюнча)

13.Текстти дагы бир жолу уккула. Окуянын өнүгүшүндө кыймыл-аракетти көрсөткөн


сөздөрдү жазгыла. Мисалы: келе жатты, ...

14.Төмөнкү суроолорду талкуулагыла, текст боюнча жалпылагыла.


Текст эмне жөнүндө? Анын актуалдуулугу эмнеде? Автор окурманды кантип ойго салат?
Окурманга эмне таасир этти? Текстти укканда эмне жөнүндө ойлондуңар? Тексттин
динамикасын берүүгө кайсы сөз түркүмү жардамдашты? Аңгеме кантип башталып, кантип
аяктады?

15. Аңгемедеги тема жөнүндө 3 ачкыч цитаталарды камтыган кыскача маалымат


даярдагыла.
82
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Окуп түшүнүү
1. “Сууга чөккөндөгү көрсөтүлүүчү биринчи жардам” тексттин аталышы боюнча
кандай ойлор пайда болду? Текст эмне жөнүндө деп ойлойсуңар?

2. Сууга чөккөндө кандай жардам көрсөтүлүш керек? Таблицаны толтургула.


Биринчиден, ...

Бешинчиден, ... Экинчиден, ...

Төртγнчγдөн, ... Yчγнчγдөн, ...

2. Текстти окугула, маанисин түшүнгүлө.


Сууга чөккөндөгү көрсөтүлүүчү биринчи жардам

I бөлүм
Сууга чөгүү – дем алуу органына суунун толушу. Сууга чөккөндөн 3—5 мүнөт өткөндөн
кийин дем алуу токтойт, ал эми жүрөк бир аз убакыт иштеп турат.
Чөгүп бараткан адамды көбүнчө чабак уруп барып сактап калууга туура келет. Мында
сактап калуучу киши кандай аракет кыларын тез жана так ойлонушу зарыл. Биринчиден чуркап
жетип, чечине салып, сууга кирип, тез сүзүү керек. Эгерде адам суу түбүнө чөгүп кетсе, сууга
чумкуп кирип, түбүнөн издейт. Чөккөн адамды тапкандан кийин аны колунан, колтугунан же
чачынан алып, сүзүп, суунун үстүнө чыгуу керек. Эгерде адам суунун үстүндө болсо, аны
тынчтандырууга аракет кылып, арт жагынан жетип кармаш керек, анткени чөгүп бараткан адам
бек кучактап, чыгарбай коюшу мүмкүн. Эгерде ал кармап калса, аны менен кошо сууга чөгүү
керек, ошондо гана ал коё берип, өзү суунун үстүнө чыгууга аракеттенет.
Суроолорго жооп бергиле.
1. Эмне үчүн сактап калуучу киши так жана тез ойлонушу керек?
2. Эмне үчүн чөгүп бараткан адамды арт жагынан жетип кармаш керек?
3. Чөгүп бараткан адам кармап алса, эмне кылыш керек? Эмне үчүн?
4. Сууда чөгүү дегенди кандай түшүнөсүңөр?
5. Силер сууга чөккөн адамга биринчи жардам көрсөттүңөр беле? Айтып бергиле.
II бөлүм
Эгерде жабыркаган адам эсин жоготпосо, дем алуусу кадимкидей болсо, катуу нерсенин
үстүнө башын ылдыйлатып жаткырып, чечинтип, денесин сүлгү менен кургатып, чай же кофе
ичирип, жылуу жаап жаткырып коюу керек. Суудан алып чыкканда анын тамыры кадимкидей
эле кагып, дем алса, бирок эс-учу жок болсо, башын чалкалатып, оозун балыр, ылайдан тазалап
(кол менен), денесин сүртүп, нашатырь спиртин жыттатып, дем алуусун активдештирүү үчүн
тилин улам-улам тартып турган оң. Эгерде жүрөгү согуп, бирок дем албаса, тезинен «ооз менен
оозго» же «ооз менен мурунга» жасалма дем алдыруу зарыл. Дем албаса, жүрөгү да сокпосо,
жасалма дем алдыруу менен жүрөк массажын жасоо керек. Биринчи жардам көрсөткөндөн
кийин жабыркаган адамды жакын арадагы медициналык мекемесине жеткириш керек.
Суроолорго жооп бергиле.
1. Эгерде адам эсин жоготпосо, дем алуусу кадимкидей болсо, эмне кылыш керек?
2. Эгерде адам дем алса, бирок эсин жоготсо, эмне кылыш керек?
3. Эгерде жүрөгү согуп, бирок дем албаса, эмне кылыш керек?
83
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

4. Эгерде дем албаса, жүрөгү сокпосо, эмне кылыш керек?


5. Эмне үчүн биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканага жеткириш керек?
6. «Ооз менен оозго», «ооз менен мурунга» жасалма дем алдыруу деген кандай?

Чөккѳн адамды суунун Оозун балыр, ылайдан Тамырынын кагышын, дем


үстүнѳ алып чыгуу керек. тазалаш керек. алуусун жана карегин
байкаш керек.

«ооз менен оозго» же «ооз Дем ала баштагандан кийин Тез жардамды чакырыш
менен мурунга» жасалма жана эсине келгенден кийин керек.
дем алдырып, жүрөк капталынан жаткырыш
массажын жасаш керек. керек.
Жаңы сөздөр:
сууга чөгүү – утонуть колтук – подмышка
тол- – наполняться тынчтандыруу – успокоить
сууга толуу – наполнилось водой сүлгү – полотенце
жасалма дем алдыруу – искусственное дыхание балыр – водоросль
түп – низ, дно жүрөк - сердце
чумку- – нырять, окунаться сок- – биться, ударить

3. Сөздөргө суроо бергиле.


Сууга чөгүү — дем алуу органына сунун Дем ала баштагандан кийин капталынан
толушу. жаткырыш керек.
1. ... ? – Сууга чөгүү. 1. ... ? – Дем ала баштагандан кийин.
2. ... ? – Дем алуу. 2. ... ? – капталынан.
3. ... ? – Органына 3. ... ? – жаткырыш
4. ... ? – Суунун толушу. 4. ... ? – керек.
Дем албаса, жүрөгү да сокпосо, жасалма дем Сактап калуучу киши кандай аракет кыларын
алдыруу менен жүрөк массажын жасоо тез жана так ойлонушу зарыл.
керек. 1. ... ? - Сактап калуучу.
1. ... ? – Дем албаса. 2. ... ? – Киши.
2. ... ? – Жүрөгү да сокпосо. 3. ... ? – Кандай.
3. ... ? – Жасалма дем алдыруу. 4. ... ? – Аракет.
4. ... ? – Менен. 5. ... ? – Кыларын.

84
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. ... ? – Жүрөк массажын. 6. ... ? – Тез жана так.


6. ... ? – Жасоо керек. 7. ... ? – Ойлонушу.
8. ... ? – Зарыл.
4. Сүйлөмдүн аягын маанисине карата толуктагыла.

1. Эгер чөккөн адам эс-учун жоготпосо, ( ) кошо сууга чөгүү керек.


2. Жүрөгү согуп, бирок дем албаса, ( ) жана карегин байкаш керек.
3. Жасалма дем алдыруу менен ( ) колтугунан же колунан алып чыгуу
керек.
4.Жабыркаган адамды ( ) «ооз менен оозго» же «ооз менен
мурунга» жасалма дем алдыруу жасоо зарыл.
5. Тамырынын кагышын, дем алуусун (1) катуу нерсенин үстүнө жаткыруу зарыл.
6.Эгерде ал кармап калса, ( ) жүрөк массажын жасоо керек.

5. Сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.


Жүрөк согуу, чумкуп кир-, чабак ур-, сүлгү, сууга чөгүү, капысынан, жасалма дем алдыруу,
балыр, ылай, колтук.

6. Таблицаны толтургула. Сууга чөккөн адамга кандай жардам көрсөтүш керек?

Эмне кылыш керек? Эмне кылбаш керек?


1. ... 1. ...
2. ... 2. ...
3. ... 3. ...

7. Сүйлөмдөгү ойду толуктагыла.


Эгерде адам сууга чөксө, анда ... Сууга чөккөн адамга кандай жардам
Эгерде эс-учу жок болсо, анда ... көрсөтүш керек?
Эгерде адам суу түбүнө чөгүп кетсе, анда ... Биринчиден, ... –ыш керек.
Эгерде жүрөгү сокпосо, анда ... Экинчиден, ... –ыш керек.
Эгерде дем алса, эс-учун жоготпосо, анда ... Үчүнчүдөн, ... –ыш керек.
Эгерде оозу ылай, балырга толуп калса, анда ... Тортүнчүдөн, ... –ыш керек.
Эгерде чөгүп бараткан адам кармап алса, анда ... Бешинчиден, ... –ыш керек.
Алтынчыдан, ... –ыш керек.
Жетинчиден, .... –ыш керек.
8. Туура жообун тапкыла.
1. Сууга чөгүү 2. Сууга чѳккѳндѳн кийин дем алуу канча
а) дем алуу органына суюктуктун толушу мүнѳттѳ токтойт?
б) дем алуу органына кычкылтектин толушу а) 3-5 м
в) дем алуу органына суунун толушу б) 3-5 м
в) 3-7 м
2. Биринчи жардам көрсөткөндөн кийин 4. Көз жабыркаганда эмне кылыш керек?
эмне кылыш керек? а) тез жардам келгенче күтүш керек
а) медициналык мекемеге жеткириш керек. б) суу менен жууш керек
б) оорулуунунун үйүнө жеткириш керек. в) кол менен сүртүш керек
в) туугандарына кабар бериш керек.

85
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Жазып түшүнүү
1. Көз жабыркаганда көрсөтүлүүчү биринчи жардам жөнүндө маалымат менен
таанышкыла.

Жабыркаган көздү Суу менен жуугандан Эки көздү тең бинт Тезинен тез
суу менен жууш кийин, ар бир кѳзгѳ эки менен таңып коюу жардамды
керек. Суунун тамчыдан сульфацил керек, себеби чакыргыла.
температурасы натрий (альбуцид) 30% жабыркабаган кѳз
бѳлмѳнүкүнѳ туура эритмесин тамчылатуу кыймылдаган сайын
келүүгѳ тийиш. керек. экинчи кѳз ооруйт.

2. Маалымат боюнча эки жөнөкөй, үч көйгөйлүү суроо түзгүлө.

3. Чачылган сөздөрдөн сүйлөм түзгүлө.

1. биринчи, көрсөтүлсө, убагында, болот, жардам, өз, натыйжалуу, туура, жана.


2. кыймылсыз, сынган, келтирип, тактай, жерди, абалга, коюп, чүпүрөк, байлап, менен,
таңыш, керек.
3. биринчи, деп аталат, жардам, жабыркаган, өзүнө, киши, жардам, өзүнө, берүү, көрсөтсө.
4. чабак, калууга, чөгүп, келет, бараткан, сактап, көбүнчө, адамды, уруп, туура.
5. керек, дем, сокпосо, албаса, дем, жүрөгү, жасалма, алдыруу, жасоо.
6. суу, керек, жабыркаган, менен, көздү, жууш.
7. медициналык, көрсөтүлгөндөн, мекемеге, керек, кийин, жеткирүү, жардам, биринчи.
8. байкоо, дем, тамырынын, керек, алуусун, жана, кагышын, карегин.

3. Сүрөт боюнча маалымат баракчасын толтургула. Сууга чөккөн адамга кандай биринчи
жардам көрсөтүлүшү керек?

86
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

4. Сүрөттүн жардамы менен таблицаны толтургула. Үшүктөн жабыркаган адамга


көрсөтүлүүчү биринчи жардам.

Колдонуучу сүйлѳмдѳр: Жабыркаган адамга ысык тамак жана көбүрөөк таттуу чай
бериңиз.Үшүк алган жерди бир нече жолу орош керек. Үшүк алган жерди жылууга кактабаш
керек.Үшүк алган жер кан айлануу менен жылууга тийиш жана май, вазелин колдонуу керек.
Жабыркаган адамды жылуу бөлмөгө алып кирүү керек. Үшүккө кабылган адамга кургак кийим
кийгизип, жылуу төшөккө ороп жаткыруу зарыл. Тезинен тез жардамды чакыргыла.

5. Сүрөт боюнча маалымат баракчасын толтургула. Көз жабыркаганда көрсөтүлүүчү


биринчи жардам.

87
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Ой жүгүртүп түшүнүү
Сүрѳт менен иштѳѳ
Илья Ефимович
натюрмор портрет Репин
т Илья Ефимович Репин 1844-
жылы 24 июлда (5-августта)
Россия империясындагы
пейзаж портрет Харьков губерниясынын
Чугуев шаарында туулган.
Орус сүрөтчүсү – живописец.
Тарыхый жана турмуштук
портреттердин чебери. Ал өз
мифологи
тарыхый замандаштарынын портреттеринин галереясын
ялык жараткан. Императордук сүрөтчүлөр академиясынын
академиги. Мемуарчы (мемуарлардын автору),
көптөгөн очерктердин автору. Профессор, окутуучу,
Сүрѳттүн жанрлары сүрөтчүлөр академиясынын ректору, ошол эле
убакта сүрөтчүлөр мектебинде мугалим болуп
иштеген. 1930-жылы 29-сентябрда (86 жашында)
Финляндия республикасында каза болгон.

“Н. И. Пироговдун портрети” 1881-


жылы 22-24-майда Москва шаарында Николай
Иванович Пироговдун хирургдук кесипте
иштегенине 50 жылдык юбилей кечесинде
тартылган. Бул портретти белгилүү сүрөтчү Илья
Ефимович Репин тарткан.

Николай Иванович Пирогов 1810-жылы


Москва шаарында аскер кызматчынын үй-
бүлөсүндө туулган. 14 жашында Москва
университетинин медициналык факультетине
тапшырат. Диплом алгандан кийин дагы бир нече
жыл чет өлкөдө окуган. Орус хирургу дүйнөлүк
медицинага зор салымын кошкон. Ал аскер
1.Суроолорго жооп бергиле. дарыгери болгондуктан, Крым, орус-түрк
1) Сүрөт кандай жанрда тартылган? согуштарында катышкан. Согуш болуп жаткан
2) Н.И. Пирогов портретте кандай жерден жарадар болгондорду алып кетүү боюнча
сүрөттөлгөн? жардамдын көптөгөн түрлөрүн ойлоп тапкан жана
3) Портрет кандай түстөр менен дарылоонун түрлөрүн иштеп чыккан.
тартылган? Эмне үчүн? Н.И.Пироговдун эмгектери бүгүнкү күнгө
4) Кандай деп ойлойсуңар? Эмне үчүн чейин колдонулуп келүүдө.
И.Е.Репин Н.И.Пироговдун портретин
тарткан?

Мемуар – өткөн окуялар тууралуу эске түшүрүү формасындагы чыгарма, мындай чыгарма
ошол окуялар болгон кезде жашаган, ошол окуяга катышкан адам тарабынан жазылат.

88
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

2. Текстти окугула, айтып бергиле.


Н.И. Пироговдун ак чач башы кара фондо бөлүнүп көрүнөт, улуу адамдын кызыл жүзү
абдан көркөм сүрөттөлгөн. Николай Иванович көзүн бир аз жүлжүйтүп карап, эрдин бек
кымтып отурат. Чалкалаган адамдын бети ачык боёктор менен тартылган. Себеби, бир аз
чытыган кабагы, тике карашы хирургдун чечкиндүү мүнөзүн жана курч акылын көрсөтүп турат.
Н.И.Пирогов белгилүү жана эң мыкты хирург болгондуктан, И.Е.Репин анын портретин
тарткан.

3. Төмөнкү сөздөрдүн туура түшүндүрмөлөрүн тапкыла.


1). портрет 2). мемуар
а) сызыктар менен тартылган сүрөттөр а) боёк менен тартылган сүрөттөр
б) реалдуу адамдын, адамдардын сүрөтү б) ѳткѳн окуялар боюнча тартылган
в) боёк менен тартылган сүрөттөр сүрѳттѳр
в) жемиш, гүл тартылган сүрөт

4. Николай Иванович Пирогов жөнүндө диалогду окуп, улап сүйлөшкүлө.

А.: ..., сен Николай Иванович Пирогов жөнүндө билесиңби?


Б.: Ооба, мурун да ал жөнүндө уккан элем. Эми билип калдым.
А.: Ал университеттин медициналык факультетине болгону он төрт жашында тапшырган экен.
Б.: Кызык, ал кезде мектепти эрте аякташса керек го! Азыр мындай болушу мүмкүн эмес.
А.: Эмнеге?! Эгерде укмуш вундеркинд окуучу болсочу?
Б.: Балким... . Медицинада окуу өтө оор, жооптуу.
А.: Байкасаң, Пирогов андан кийин чет өлкөдө да окуган турбайбы!
Б.: Ооба, дүйнөлүк медицинага зор салымын кошкон. Крым, орус-түрк согуштарында
катышкан.
А.: Согушта жарадарларга тез жардамдын көптөгөн түрлөрүн ойлоп тапкан экен.
Б.: .....

5. Маанисин түшүндүрүүчү сөздөрдү тапкыла.


Үлгү: Жарадарларды алып кетүү боюнча жардамдын түрлөрүн ойлоп тапкан – Н.И.Пирогов.
Орус сүрөтчүсү, живописец – Өткөн окуяларды эске түшүрүү
Натюрморт, пейзаж, портрет, графика бул – формасындагы чыгарма –
Реалдуу адамдын, адамдардын сүрөтү – Н.И.Пироговдун атасы –
И.Е.Репин туулган шаар –

6. Тексттер боюнча бир жөнөкөй, үч көйгөйлүү суроо түзгүлө.

7. Тез жардамдын түрлөрүн айтып бергиле.

I топ II топ III топ


Сууга чөккөн адамга Көз жабыркаганда Үшүккө кабылганда
көрсөтүлүүчү биринчи көрсөтүлүүчү биринчи көрсөтүлүүчү биринчи
жардам жардам жардам

8. Уугуп (отравление) калганда көрсөтүлүүчү биринчи жардам боюнча маалымат таап


келгиле.

89
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Которуп түшүнүү
1. Жусуп Баласагын жөнүндө диалогду толуктагыла.

Жусуп Баласагын качан, каерде туулган?


Анын кандай чыгармасын билесиң?
«Кут билим» чыгармасы эмне жөнүндө? Окудуң беле?

2. Заттын атын билдирген сѳздѳр менен сүйлѳм түзгүлѳ.


Улуу акын, ѳз заманынын, ашкан билимдүү, бир гана, түрк тилинде, дастан, акылмандык,
жол кѳрсѳтѳт, сыйлоо, тартип эрежелерин, ѳзүн алып жүрүү, касиеттүү, тартуулаган, ата-
бабаларыбыз, азыркы кезде.

3. Текстти окугула, которгула.


Жусуп Баласагын – XI кылымда жашаган улуу акын. Ал
Чүйдүн Токмокко жакын жеринде туулуп өскөн. Өз заманынын
ашкан билимдүү ойчулу Жусуп көптөгөн чыгармаларды жазган.
Бирок, азыркы кезде бизге анын бир гана чыгармасы белгилүү. Ал
өзүнүн «Кут билим» («Кутадгу билиг») аттуу 13000 саптан турган
чыгармасын эски түрк тилинде, 1069–1070-жылдары 18 айдын
ичинде жазган. Бул сөздү түркчөдөн которгондо куттуу, бактылуу,
таалайлуу адам болуу дегенди билдирет. Бул дастан акылмандыкка
жол көрсөтөт, адамды, жаратылышты сыйлоого чакырат. Жусуп
Баласагын бул эмгегинде тартип эрежелерин, ал тургай адам өзүн
кантип алып жүрүшү керек экендигине чейин баяндап айткан.
Биздин ата-бабаларыбыз дал ушундай касиеттүү сөздөрдөн тарбия
алган. Ал тарбия муундан-муунга уланып биздин күнгө жеткен.
Даңктуу дастандын кириш бөлүмүндө ал Баласагын шаарында
Жусуп туулгандыгы, дастанын Кашкарда жазып бүтүрүп, Табгач ханга
Баласагын (Кашгар ханы) тартуулагандыгы, ушул эмгеги үчүн “хасхажит”
деген наамга ээ болгондугу айтылган.
Жаңы сөздөр: куттуу – благодатный, счастливый
заман – эпоха таалайлуу – удачливый, счастливый
акылмандык – рассудительность, мудрость муундан-муунга – из поколения в поколение
даңктуу – известный, знаменитый дастан – эпопея
кириш бөлүм – вводное слова, (часть) тартуулаган – подарил
ойчул – мыслитель наам – звание

4. Сүйлѳмдѳргѳ суроо түзгүлѳ.


Жусуп Баласагын XI кылымда жашаган улуу акын.
Бул дастан акылмандыкка жол көрсөтөт.
Ал тарбия муундан-муунга уланып биздин күнгө жеткен.
Бул сөздү түркчөдөн которгондо куттуу, бактылуу, таалайлуу адам болуу дегенди билдирет.
Биздин ата-бабаларыбыз дал ушундай касиеттүү сөздөрдөн тарбия алган.
Өз заманынын ашкан билимдүү ойчул Жусуп көптөгөн чыгармаларды жазган.
Бирок, азыркы кезде бизге анын бир гана чыгармасы белгилүү.

5. Текстке карата 3 кѳйгѳйлүү жана 2 жѳнѳкѳй суроо түзгүлө.

90
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

6. Сүйлөмдөрдү бүтүргүлө.
Жусуп Баласагын ойчул болгондуктан, ал ...
Токмокко жакын жеринде туулуп өскөндүктөн, ал ... Дарыгерлерге карата
Тарбия муундан-муунга улангандыктан, ... мамиле
Бул эмгегинде тартип эрежелерин жазгандыктан анын ... Адамдын түрлөрү бар, дагы
Касиеттүү сөздөрдөн тарбия алгандыктан, ... канча,
Табгач ханга тартуулагандыктан, ага ... Иштери, мансабы да башка-
Өз заманынын ашкан билимдүү болгондуктан, ... башка!
Таанып ал арасынан
7. Ырды окуп, суроолорго жооп бергиле. дарыгерди,
1. Бул ыр эмне жөнүндө? Айыктырат кеселден алар
2. “Адамдын түрлөрү бар” дегенди кандай түшүнсө болот? элди.
3. Эмне үчүн дарыгерлерди сыйлаш керек? Ойлосоң булар сага
4. Эмне үчүн өлүм – өмүргө душман? керектүүлөр,
5. Эмне үчүн дарыгердин айтканын аткарыш керек? Буларсыз жолуң болбойт
6. “Дабаа” деген сөздүн маанисин кандай түшүнөсүңөр? басып жүрөр.
7. Азыркы күндө дарыгерди сыйлашабы? Эмне үчүн? Сопсоо туруп кээде адам
8. Бул ыр жактыбы? Эмне үчүн? ооруп калат.
А дарыгер кеселге дабаа
8. Ыр саптан цитата жазып ага комментарий бергиле. табат.
Цитата Комментариялоо Оору жолдош өлүмгө, жолун
1. Айыктырат кеселден алар Ар кандай оорулардан элдерди туткан.
элди. айыктырат. Өлүм болсо – өмүргө чексиз
2. … 2. … душман.
3. … 3. … Дарыгерди сыйлагын,
достошо жүр,
9. Жоопторго суроо бергиле. Элге керек, айтканын аткара
1. А: .................................................................................? бил.
Б: Оору менен өлүм бири-бирине жолдош. Ж. Баласагын
2. А: .................................................................................?
Б: Адамдар мүнөзүнө, мансабына жараша түрлүү. Жаңы сөздөр:
3. А: .................................................................................? мансап – карьера, должность
Б: Дарыгерлер адамга керектүүлөр. дабаа – снадобье, лекарство
4. А: .................................................................................?
Б: Буларсыз адамдар жашай албайт.
5. А: .................................................................................?
Б: Сопсоо туруп адамдар ооруп калат.

10. Берилген таблицаны үлгүгө таянып толтургула.

Сөз айкашы Сөздүн мааниси Сөз айкашы


менен сүйлөм
түзүү
Үлгү: кеселге Ооруга дары табат Дарыгер кеселге
дабаа табат дабаа табат.
2. ... 2. ... 2. ...
3. ... 3. ... 3. ...

11. Сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.


Мансап, кесел, дабаа, туткан, душман, өмүр, өлүм, жолдош.

91
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Грамматика
1. Жайылма сүйлөмдөрдү жалаң сүйлөмдөргө айландыргыла.
Үлгү: Адамдар мүнөзүнө, мансабына Адамдар түрлүү.
жараша түрлүү. Жусуп Баласагын XI Жусуп Баласагын – акын.
кылымда жашаган улуу акын.
Орус хирургу дүйнөлүк медицинага зор салымын кошкон. Ал аскер дарыгери
болгондуктан, Крым, орус-түрк согуштарында катышкан. Ал тарбия муундан-муунга уланып
биздин күнгө жеткен. Үшүк алган жерди жылууга кактабаш керек. Адам кычкылтек
жетишпегендиктен каза болот. Биринчи жардам өз убагында жана туура көрсөтүлсө,
медициналык жардам натыйжалуу болот. Профессор, окутуучу, сүрөтчүлөр академиясынын
ректору ошол эле убакта сүрөтчүлөр мектебинде мугалим болуп иштеген. Жабыркаган адам
ысык тамак жана көбүрөөк чай ичиш керек.

2. Сүйлөмдөрдү суроолуу сүйлөмдөргө айландыргыла.


Жабыркаган адамга ысык тамак жана көбүрөөк таттуу чай бериңиз. Ал тарбия
муундан-муунга уланып биздин күнгө жеткен. Николай Иванович Пирогов антисептикалык
дарыларды колдонууну сунуш кылган эң биринчи дарыгер. Үшүккө кабылган адамга кургак
кийим кийгизип, жылуу төшөккө ороп жаткыруу зарыл. И.Е.Репин – тарыхый жана
турмуштук портреттердин чебери. Дем албаса, жүрөгү да сокпосо, жасалма дем алдыруу
менен жүрөк массажын жасоо керек. Жабыркаган киши өзү биринчи жардамды жасаса,
өзүнө-өзү жардам берүү деп аталат.

3. Багыныңкы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Үлгү:
Шарттуу багыныңкы Эгерде балдар биринчи жардамды билишсе, анда (кайсы
татаал сүйлөм: шартта?) ар кандай кокустукта бири-бирине жардам бере
эгерде ..., анда ... алышат.
Себеп багыныңкы (эмне үчүн?) Ар бир адам биринчи жардам көрсөтүүнү билиш
татаал сүйлөм: керек, себеби ар кандай кокустукта жардам бере алыш керек.
себеби ...; -ган+дыктан Биринчи жардам туура көрсөтүлгөндүктөн, адамдар тез айыгып
кетишет.
Карама-каршы Биринчи жардам туура көрсөтүлсө да, (эмне болсо да?) тез
багыныңкы татаал жардамды чакырыш керек.
сүйлөм:...-са да, ...-са деле
Мезгил багыныңкы Эки көздүү тең бинт менен таңып койгондо, көздөрү оорубайт.
татаал сүйлөм: Тилекке каршы, адамдар ооруп калганда гана, (качан?)
...ган+да, ...ган+да гана; дарыгерлерге кайрылышат.
Сыпат багыныңкы Түн ээси болгон өңдөнүп, (кантип?) жоокер өлкөсүнүн чек
татаал сүйлөм: ...-ып, арасын күзөтөт.
Орун багыныңкы Оорукана кайда болсо, (кайсы жерде?) ошол жерде доктур бар.
татаал сүйлөм: Тез жардам кайда болсо, ошол жерде кырсыкка кабылган адам
кайда ...-са, ошол жерде болот.
Максат багыныңкы Адамдар дарыгерлерди сыйласын деп, (эмне максат менен?)
татаал сүйлөм: акындар дарыгерлер жөнүндө көптөгөн чыгармаларды
...-сын деп, ...-ыш үчүн жазышкан. Биринчи жардамды билип алыш үчүн, (эмне үчүн?)
медициналык китептерди окуш керек.

4. Этиштерди жак боюнча өзгөрткүлө.


Үлгү: Жекелик түрү Көптүк түрү
жасалма дем алдыр-, жардам бер-,
1-жак жардам көрсөтөмүн жардам көрсөтөбүз
айыктыр-, тазала-, таң-, чакыр-,
2-жак жардам көрсөтөсүң жардам көрсөтөсүңөр сыйла-, куткар-, алып чык-, чай
2-жак жардам көрсөтөсүз жардам көрсөтөсүздөр бер-, жетиш-, бил-, колдон-.
3-жак жардам көрсөтөт жардам көрсөтүшөт

92
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. Этиштерди чак боюнча өзгөрткүлө.

Үлгү: Өткөн чак Учур чак Келер чак


Жекелик түрү
1-жак куткардым куткарып жатам куткарам
2-жак куткардың куткарып жатасың куткарасың
2-жак куткардыңыз куткарып жатасыз куткарасыз
3-жак куткарды куткарып жатат куткарат
Көптүк түрү
1-жак куткардык куткарып жатабыз куткарабыз
2-жак куткардыңар куткарып жатасыңар куткарасыңар
2-жак куткардыңыздар куткарып жатасыздар куткарасыздар
3-жак куткарышты куткарып жатышат куткарышат

Дарыла-, сакта-, тамак бер-, чай ич-, үйрөн-, тарт-, алып кир-, жабырка-, оро-, иште-.

6. Тактоочторду катыштырып сүйлөм түзгүлө, маанисине карай аныктагыла.


Тактоочтун Мезгил тактооч Орун тактооч Сын-сыпат Сан-өлчөм
түрлөрү (наречия времени) (наречия места) тактооч тактооч
(виды (наречия образа (наречия
наречий) действия) количества и
меры)
Такточтун Качан? (когда?), Кайда? (где, Кандай? Канча?
суроолору качантан бери? (с куда?), каерде? (какой?), (сколько?),
(вопросы каких пор?), кайсы (где?), кайсы кантип? (как?), канчалык? (на
наречий) убакта? (с какого жерде? (в каком кандайча? сколько?)
времени?) месте?) (каким
образом?)
Тактооч Бүгүн, эртең, кечээ, Мында, тигинде, Жаңыча, эскиче, Мынча, көп, аз,
сөздөрү бүрсүгүнү, мурда жогору, төмөн, бөтөнчө, башкача, ашык, кем, мол,
күнү, кеч, жана, анан, өйдө, алыс, жай, ылдам, тез, такыр,
түндө, күндүз, азыр, жакын, ары-бери, бат, араң, зорго, ошончолук,
бир убакта, дароо, анда-мында, кыргызча, жалгыз, анча-
ошол замат, эртең ыраак, ылдый, тескеринче, мынча, аз-аздан,
менен, кечинде, алга, артка, илери, кокустан, жекеме- бир топ, көп-
түштө, кийин, эчактан анда, ары, бери, жеке, жөө-жалаң, көптөн, аябай көп,
бери, илгери, мурда, туш-туштан, бетме-бет, дароо, далай, нечен
дайыма, ар дайым. өйдө-төмөн. акырын, кайра. жолу.

Анча-мынча, тескерисинче, бир топ, эртең, ыраак, өйдө, жөө-жалаң, туш-туштан, дароо,
илгери, жогору, араң, кокустан, түндө, алга, бат, такыр, бүрсүгүнү, мынча, тигинде, ошол
замат, бетме-бет, нечен жолу, анда, кийин, жана, кайра, көп-көптөн, төмөн, эчактан бери,
мол, азыр, жай, жалгыз, кеч, анда-мында, аз-аздан, ошончолук, жакын, күндүз, алыс,
тигинде.

93
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
Иш кагаздары Балдар!
Билесиңерби, ооруп
1. Медициналык маалымкатты
(справка) толтурганды мектепке келбей калганда
үйрөнгүлө. Иш дептерге аткаргыла. дарыгер маалымкат жазып
бериш керек.

Код _______________________
Мекеменин коду ____________

Медициналык документин
КРнын Саламаттык формасы № 095/у
сактоо министрлиги Саламаттык сактоо
министрлиги тарабынан
Мекеменин аталышы бекитилди.
1980. 04.10. №1030

Маалымкат № 741
Берилген күнү: 2014-жылдын 18-ноябрь
Студент, окуучу, мектепке чейинки билим берүүчү
мекемеге барган бала. 2. Сурролорго жооп
(керектүүнүн алдын сызып коюу) бергиле.
___________________________________________________
Мектепке чейинки билим берүү мекеменин аталышы: 1. Эмне үчүн медициналык
маалымкат жазылат?
Мекеменин аталышы: №61 мектеп-гимназиясы
2. Эгерде медициналык
Аты-жөнү: Эркинбеков Өскөнбек Эмирович_________ маалымкат жок болсо, эмне
болмок?
Туулган жылы, күнү, айы: 2000-ж 16.02. ___________
3. Кандай учурда маалымкат
Оорулунун диагнозу: (сабакка келбей калгандыгынын жазылат?
себеби) __оң колу сынгандыктан_____________
4. Маалымкатта мөөр
Жугуштуу оорулар менен ооруган адамдар менен басылбаган болсо, эмне
болгон байланышы: (бар, жок, кантип?) болот?
______________________________________________
5. Бул маалымкат кимге
Окуудан жана мектепке чейинки билим берүүдөн берилген? Эмне үчүн?
бошотуу
________________________________________________ 6. Маалымкат ким
тарабынан жазылат? Эмне
Баштап __05.10.2014___ чейин ___16.11.2014___ үчүн?

Поликлиниканын мөөрү: Дарыгердин колу:________ 7. Сага да дарыгер


тарабынан маалымкат
жазылган учур болду беле?
Эмне үчүн?

94
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

***
1. “Күйүк алганда жасалуучу биринчи жардам” текстинде эмне
жөнүндө сөз болот деп ойлойсуңар?

2. Текстти окуп, манисин түшүнгүлө.

Күйүк алганда жасалуучу биринчи жардам

Термикалык күйүк - бул кайнаган суудан, ысык буудан, оттон, ысык металлдан алган
күйүктөр, башкача айтканда жогорку температурадан алган күйүк. Мындай учурда теринин
клеткасы өлүмгө учурайт.
Пайда болгон ыйлакчаларды өз алдынча жарбаш керек. Күйгөн жерди таза орогуч
менен таңуу керек. Эгерде күйгөн жерде кийим жабышып калса, аны акырын кесип, кийимди
чечүү керек. Күйүк алган адам эс-учун жогото элек болсо, ага 2 таблетка анальгин ичирип,
тез аранын ичинде ооруканага жөнөтүү керек. Чоң күйүк алганда ооруканага жаткыруу
керек. Эгерде күйүк алган адамдын күйгөн жери өтө чоң болуп, орогуч менен таңууга
мүмкүнчүлүк болбосо, анда аны таза шейшепке жаткырып, үстүн жууркан менен жаап коюу
керек.
Эгерде врачтар кармалып жаткан убакта, күйгөн жерди тампонго куюлган нашатыр спирти
менен сүртүп, тазалоо керек жана ыйлакчаларга тийбеш керек. Ал эми дененин күйгөн өтө
кир жерлерин өтө кычкыл суутек менен тазалаш керек. Андан кийин ал жерге стрептоцид
эмульсиясын же фурацилин майын сүйкөп, таза орогуч менен таңуу керек.

Күйгөн жерди 15 Бинт менен таңып,


дарыгерге
мүнөт муздак сууга
жууш керек. кайрылыш керек.

2. Суроолорго жооп бергиле.

1. Термикалык күйүк дегенди кандай түшүнөсүңөр?


2. Эмне үчүн күйгөн жерди таңып коюу керек деп ойлойсуңар?
3. Күйгөн жерге кийим жабышып калса, эмне кылыш керек? Эмне үчүн?
4. Эмне үчүн күйгөн жерди 15 мүнөт сууга жууш керек?
5. Эмне үчүн ыйлакчаларды жарбаш керек?

3. Күйүккө кабылганда эмне кылыш керек? Эмне кылбаш керек? Таблицаны


толтургула.

Эмне кылыш керек? Эмне кылбаш керек?


1. ... 1. ...
2. ... 2. ...
3. ... 3. ...
4. ... 4. ...
5. ... 5. ...

95
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
4. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1) Себеби...
Эгерде...., анда... 2) Бул көйгөйдү чечиш үчүн:
Эгерде...., анда... биринчиден, ... ыш керек.
Эгерде...., анда.. экинчиден, ... ыш керек.
Демек, күйүккө кабылган адамга биринчи үчүнчүдөн, ... ыш керек.
төртүнчүдөн, ... ыш керек.
жардам көрсөтүш керек.
4) Бул көйгөйдү чечиш үчүн:
3) Биринчи жардамды көрсөткөндү
билиш керек. биринчиден, ...-ууга болбойт.
… ганда… экинчиден, ... -ууга болбойт.
… ганда… үчүнчүдөн, ...-ууга болбойт.
… ганда… төртүнчүдөн, ... –ууга болбойт.
Ошондуктан ... ...

5. Сүрөт менен иштегиле. Маалымат баракчасын толтургула.

6. Сүйлөмдөрдү туура аяктагыла.


Жүрөгүм (оору-). Врач жүрөктү (тыңша-). Кан тамырдын кагышын кагазга (жаз-).
Мен кайра кийимимди (кий-). Врач жүрөктүн чийинин (кара-). Жүрөктүн кагазга түшкөн
сызыктарын (өлчө-).

7. Ырды көркөм окугула. Кара сөзгө айландырып сүйлөп бергиле.

Жалил Садыков
Врач жана мен

Жүрөк ооруйт... Сөздүк:


Врач тыңшап дабышын, дабыш – звук
Апкелдирип аппараттын жаңысын, апкел – алып кел-
Ток аркылуу чубалжыган кагазга чубалжыган –
Жазып алды кан тамырдын кагышын. растягивающий;
кан тамыр – сосуд
Мен унчукпай кайра кием кийимим. чийин – черта
Врач болсо карап жүрөк чийинин, өлчө – измерить
Өлчөп чыгат төмөн түшкөн сызыгын, өркөч – горб
Өлчөп чыгат өркөчтөрдүн бийигин.

96
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

№6 тема. Соода-сатык.
Базардагы балдар окуш керекпи?
Кайталоо
1. Төмөнкү макалдардын кайсынысы соодага байланыштуу эмес?
А) Соодада достук жок.
Б) Бир тыйынды олжо көрүп, миң сомун жоготуптур.
В) Адамдын көркү – чүпүрөк.
Г) Кирешеңе карап, чыгаша кыл.

2. Суроолорго жооп бергиле.


1) Соода-сатык деген эмне?
2) Дүкөндөрдүн кайсы түрлөрү бар?
3) Турмуш тиричилик дүкөнүндө эмнелер сатылат?
4) Интернет дүкөнүнөн эмнелерди сатып алса болот?
5) Азык-түлүк дүкөнүндө эмнелер сатылат?
6) Айыл чарба дүкөнүндө кайсы жабдыктар сатылат? Ал жабдыктар эмне үчүн керектелет?
7) Айыл чарбасында жаңы технологиялар колдонулабы?

3. Туура же ката экенин аныктагыла. т к


Интернет-дүкөндөн товар сатып алуу ыңгайлуу. () ( )
Айыл чарба дүкөнүндө мал, куш өстүрүүгө керектүү жабдыктар жок. ( ) ( )
Айыл чарба дүкөнүндө тоют кескич жана дан майдалагыч сатылат. ( ) ( )
Интернет-дүкөндүн сайтында товарлар жөнүндө маалымат табылат. ( ) ( )
Товарлардын баасы интернет дүкөндө башкалардан кымбатыраак. ( ) ( )
Айыл-чарба техникасы айыл жана фермер чарбаларына керектүү. ( ) ( )
Айыл-чарба шаймандары – соко, мала, сепкич, чапкыч, ж.б. ( ) ( )

4. Төмөнкү сөздөрдү жана сөз айкаштарды катыштырып сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Соода, соода-сатык, соода борбору, дүкөн, базар, базарда соода кылуу.

5. Диалогду окугула, окуганыңар боюнча сүйлөшкүлө.


Өскөнбек: Руслан, сенин оюңча, соода-сатык деген эмне?
Руслан: Товарларды сатып алуу, сатуу, айландыруу боюнча чарба ишмердүүлүгү
соода-сатык деп аталат. Мамлекеттик соода-сатык, жеке соода-сатык, ички
жана сырткы соода-сатык болуп бөлүнөт.
Өскөнбек: Сатылган товардын түрү боюнча дүкөндөрдүн түрлөрүн билесиңби?
Руслан: Билем, Бишкекте кийим-кече дүкөндөрү көп. Андан башка бут кийим
дүкөнү, тамак-аш дүкөнү, китеп дүкөнү, концелярия товарлары дүкөнү, алтын
жана зергер буюмдардын дүкөнү, турмуш-тиричилик техникасы дүкөнү,
компьютердик техникалар дүкөнү, чарба буюмдары дүкөнү, курулуш
материалдары дүкөнү, деги койчу, кандай гана түрү жок дейсиң.
Өскөнбек: Ооба, туура айтасың, белектер дүкөнү, гүлдөр дүкөнү, косметика жана
парфюмерия дүкөнү, эмеректер дүкөнү, жашылча-жемиштер дүкөнү, көз
айнектер дүкөнү, галантерия буюмдары дүкөнү, балдар үчүн товарлар,
оюнчуктар дүкөнү.
Сен эмнелерди сатып алганды жакшы көрөсүң?
Руслан: Мага белектер саткан дүкөнгө кирген жагымдуу. Белектер дүкөнүндө каалаган
белекти таап алса болот. Ал эми китеп дүкөндөрүндө кызыктуу китептер
сатылат.
Апам менен базарга чогуу барабыз. Дордой базары – сооданын борбору
эмеспи.
97
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
6. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.

Үлгү: бирге – чогуу айыл – шаар


айыл чарба – // жаңы – х
заманбап – // ишкана – х
жума – // таза – х
азык – // киреше – х
чыгаша – // унаа – х
аз – // кызыктуу – х
борбор – // тыйын – х
ашык – // сат- – х
өлкө – // чоң – х

7. Сүйлөмдөрдөгү сын атоочторду салыштырма жана күчөтмө даражада көрсөткүлө.


Үлгү: Кандай? Жагымдуу – сын атооч. Жагымдуураак – эң жагымдуу.

1) Мага белектер саткан дүкөнгө кирген жагымдуу. Белектер дүкөнүндө керектүү белекти
таап алса болот. Ал эми китеп дүкөндөрүндө кызыктуу китептер сатылат. Апам менен
чоң базарга чогуу барабыз. Дордой базары – анык сооданын бай борбору.
2) Кыргызстанды айыл чарбалык техникалар менен камсыз кылыш керек. Андыктан он
жети миңден ашуун жаңы техника керек. Орусиялык “Росагромаш” ассоциациясы
заманбап техникаларды чыгарат. Белгилүү заводдор, ишканалар айыл чарба
техникалары менен камсыздайт.

8. Жалпы сөз менен атагыла.


Көйнөк, тон, белдемчи, чыптама, шым – ...
Тыйын, сом, рубль, акча – ....
Тырмоо, орок, балка, балта, күрөк – ...
Сепкич, чөп чапкыч, мала, таңгактагыч, соко – ...
Трактор, комбайн – ...
Жүгөрү, күрүч, арпа, буудай – ...
Нан, картошка, сүт, эт, кумшекер – ...

9. *** Текстти окугула. Негизги ой менен макулсуңарбы же жокпу? Эмне үчүн?

Соода-сатык өлкөнүн өнүгүүсүн жана экономиканын өсүшүн стимулдаштырат. Соода-


сатык жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жардам берет, элдин жашоо деңгээлин
жогорулатат, адамдарга өз жашоосун башкарууга мүмкүнчүлүк берет.
Өлкөдөгү соода-сатык үчүн биз – окуучулар, эмне кыла алабыз?
 Эл аралык соода-сатыктагы азыркы учурда элге эң кызык болгон маселелерге,
талкууларга (дискуссияларга) кызыгабыз.
 Биздин өлкө соода-сатыкта кандай саясат жүргүзүп жатканын жана кайсы соода
келишимине катышып жатканын биле алабыз.
 Биздин өлкө кайсы өлкөлөр менен, эмне үчүн ошол өлкөлөр менен соода-сатык
жүргүзөрүн биле алабыз.
 Эгерде биздин өлкө жүргүзгөн соода-сатык саясатына өзгөртүүлөр киргизүү керек
деп эсептесек, демилге көтөрүп, Өкмөткө кайрылуу жаза алабыз.

98
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Угуп түшүнүү
1. Сөздүк менен таанышкыла.
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
араба – тачка, тележка жеткинчек – молодое поколение
майда-чүйдө – мелкий өзү теңдүү – ровесник
өспүрүм – подросток ак-караны тааны- – здесь: разбираться
соода кылган – торгующий барк – цена
акча тапкан – зарабатывающий чыдамкай – терпеливый,
кыйынчылык – трудность выносливый

2. Төмөнкү сөздөр, сөз айкаштар менен сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Үлгү: Кичинекей соодагер болгон товарын бир арабага салып соода кылат. Чоң соодагер
товарларын арабалап ташыйт.
Араба, арабага сал-, араба түрт-, майда товарлар, өспүрүм балдар, жеткинчектердин кээ бири,
кыйынчылыкка чыдамкай.

3. Суроолорго жооп бергиле.


Базарда балдар эмне кылышат деп ойлойсуңар?
Базарда иштеген балдардын өзгөчөлүгү барбы? Кандайча өзгөчөлүгү бар деп ойлойсуңар?
Базарда ата-энесине жардам берген балдар мектепке барышабы же барышпайбы?
Силер соода кылган балдарды жеке тааныйсыңарбы? Алар кандай окушат?
Базарда да иштеп, мектепте да окуган оорбу?
Базарда соода кылган балдар окуш керекпи? Эмне үчүн?

4. Уккула. Маанисин түшүнгүлө.


Мектепке барбай, базарда ата-
энесине жардам берген балдар көп. Кээ
бир балдар мектептен кийин соода
кылышат. Арабага майда-чүйдө товарын
салып, базардын бир бурчуна тура калып
соода кылган өспүрүмдөр ата-энесине жардам беришет. Күнү
бою соода кылып акча тапса, анын жарымына кайра товар алат.
Жеткинчектердин кээ бири араба түртүп акча тапканы да
жок эмес. Колуна товарын көтөрүп, базарды айланып соода
кылгандар да бар.
Мындай балдардын психологиясы өзү теңдүүлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Алар
турмуштун ак-карасын тааный элек. Бирок, кыйынчылыкка чыдамкай болушуп, акчанын
баркын жакшы билишет.

5. Туура же ката экенин аныктагыла. т к


Базарда ата-энесине жардам берген балдар жок. ( ) ()
Балдар мектептен кийин гана соода кылышат. ( ) ( )
Кечке соода кылып акча тапса, анын жарымына товар алат. ( ) ( )
Кээ бири араба түртүп акча табышат. ( ) ( )
Товарын көтөрүп, базарды айланып соода кылгандар бар. ( ) ( )
Базардагы балдар кыйынчылыкка чыдамкай болушат. ( ) ( )
Мындай балдар акчанын баркын жакшы билишпейт. ( ) ( )

6. Төмөнкү сүйлөмдөргө суроолорду түзгүлө.


Мектепке барбай, базарда ата-энесине жардам берген балдар көп.
Кээ бир балдар мектептен кийин соода кылышат.
Арабага майда-чүйдө товарын салып, базарда өспүрүмдөр ата-энесине жардам беришет.
Күнү бою соода кылып акча тапса, анын жарымына кайра товар алат.
99
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
Жеткинчектердин кээ бири араба түртүп акча табышат.
Колуна товарын көтөрүп, базарды айланып соода кылышат.
Мындай балдардын психологиясы өзү теңдүүлөрдөн өзгөчөлөнүп турат.
Алар турмуштун ак-карасын тааный элек.
Базардагы балдар кыйынчылыкка чыдамкай болушуп, акчанын баркын жакшы билишет.

7. Текстте эмне жөнүндө сөз болгон жок? () белгисин койгула.

базар балдар тентуш


соода кыздар дос
мектеп улуулар курбу
окуу өспүрүмдөр психология
китеп  мугалимдер педагогика
тарбия ата-энелер товар
тартип өкмөт араба

8. Сүйлөмдөрдү бүтүргүлө.
Мектепке барбай, базарда сабактардан кийин соода кылышат.
Товарын кол арабага салып, жарымына кайра товар сатып алат.
Кээ бир балдар мектептеги акча тапканы да жок эмес.
Күнү бою соода кылып тапкан акчанын базарда соода кылышат.
Товарларын көтөрүп алып, болушуп, акчанын баркын жакшы билишет.
Жеткинчектердин кээ бири араба түртүп мектепке барып окушу керек.
Базардагы балдар кыйынчылыкка чыдамкай ата-энесине жардам берген балдар бар.
Базарда соода кылган балдар базарды айланып соода кылышат.

9. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.


мектепке бар- – // бала – х
соода кыл- – // ата - эне – х
акча тап- – // араба түрт- – х
чыдамкай – // чыдамкай – х
чыдамкай бол- – // базар – х
жеткинчек – // жеткинчек – х
кыйынчылык – // кыйынчылык – х

10. Үлгү боюнча өзүңөр оозеки сүйлөшкүлө.


Үлгү:
- Базарда балдар эмне кылышат?
- Базарда балдар ата-энесине жардам беришет.
- Бул балдар кантип жашаш керек?
- Бул балдар ата-энесине да жардам бериш керек, мектепке барып окуш да
керек.

11. * “Соода кылган өспүрүм” деген сөз айкашты кандай түшүнгөнүңөр жөнүндө
сүйлөп бергиле. Уккан тексттеги сөздөрдү, сөз айкаштарды пайдалангыла.

12. Сөз байлыгын текшерүүчү тесттин тапшырмасын аткаргыла.


Сүйлөмдөгү асты сызылган сөздөрдүн, сөз айкаштардын синонимин тапкыла.

1) Бала күнү бою базарда соода кылат.


А. кечке чейин
Б. кечинде
В. күн сайын
Г. күндүзү

100
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
2) Кээ бир балдар мектептен кийин соода кылышат.
А. сабактан кийин
Б. мектепте
В. мектепке чейин
Г. сабакка чейин

3) Үйдөн эрте менен чыкпаса, базарга кечигет, анткени үйү базардан алыс.
А. эртең
Б. тез
В. бат
Г. эрте

4) Ал жакшы соода кылганды үйрөнүп калды.


А. келди
Б. баштады
В. бүттү
Г. алды

5) Балдарды базарда иштетүүгө болбойт.


А. көчөдө жумуш жасатууга
Б. үй жумушунда иштетүүгө
В. соода кылдырууга
Г. талаада жумуш жасатууга

6) Иштеген өспүрүмдөр үчүн жеңилдиктер бар.


А. кыйынчылыктар
Б. жардамдар
В. төлөмдөр
Г. арзандатуулар

7) Аз акы төлөнүүчү оор жумуштар ден-соолукка зыяндуу болушу мүмкүн.


А. ыктымал төлөм – оплата
Б. тийиш мүмкүн – возможно,
В. белгилүү ыктымал– допустимо
Г. уруксат может быть,
возможно
8) Жеткинчектердин кээ бири араба түртүп акча
тапканы да жок эмес.
А. окуучулар
Б. тигүүчүлөр
В. өспүрүмдөр
Г. жетишкендик
9) Колуна товарын көтөрүп, базарды айланып соода кылгандар да бар.
А. тегеренип
Б. кыдырып
В. курчап
Г. айландырып
10) Базарда иштеген балдардын психологиясы өзү теңдүүлөрдөн өзгөчөлөнүп турат.
А. тегиз
Б. теңчил
В. теңтуш
Г. теңеш

101
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
Окуп түшүнүү
1. Сөздүк менен таанышкыла. Заттын атын билдирген сөздөрдү бөлүп көрсөткүлө.
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
убактылуу – временно асыранды үй – приют
жай – место баш калкалоочу жай– приют
бир тууган – родственник кароосуз – без присмотра
ишен- – верить темир-тезек всякие железки
таштанды – мусор аргасыз – вынужден
изде- – искать жакыр – нищий
тиричилик – быт өнүкпөй калган – неразвитый

2. Төмөнкү сөздөр жана сөз айкаштар менен сүйлөм түзгүлө.


Убактылуу жай, асыранды үй, балдар үйү, кароосуз бала, балалык, тамак, тамак издейт.

3. Текстти окугула, ат койгула.


Балдардын асыранды үйү – ата-энеси жок же үйдөн качып жүргөн балдар үчүн
убактылуу баш калкалоочу жай. Кароосуз калган балдар үчүн биринчи асыранды
үйдү швейцариялык педагог Песталлоцци түзгөн.
Мындай балдар үйсүз, ата-энесиз, бир туугансыз жашашат. Ошондуктан алар көбүнчө
өздөрүнө гана ишенишет. Алар көчөлөрдө кир бут
кийимдерди, таштандыларды тазалап,
автоунааларды жууп, темир-тезек чогултуп
жүрүшөт. Алардын балалыгы тамак табуунун
жолдорун издеп, тиричилик менен күрөшүүдөн
башталат. Дүйнө жүзүндө жүз миллиондогон
кароосуз калган балдар көчөдө жашаганга аргасыз.
Бул көрүнүш негизинен өтө жакыр, өнүкпөй калган
өлкөлөрдө көп байкалат. Көчөдө жашаган
балдардын арасында бай туугандары, ата-энеси бар
балдар кездешет.
Бишкек шаарында 2000-жылы «Ак жол» балдар асыранды үйү уюштурулган. Мында
мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар убактылуу жашап, билим-тарбия
алышат.
Омонимдер:
Жай – 1. лето
1. место
2. үй-жай – дом, жилище, жильё
3. заведение, предприятие, учреждение
4. так себе, просто, без причины
5. спокойно, медленно, тихо; покой
6. Жай сүйлөм – повествовательное предложение
4. Жогорку текстти окуп чыгып, беш суроо түзгүлө.
5. Туурасын, катасын (√) менен белгилегиле. т к
Үлгү: Биринчи асыранды үйдү швейцариялык педагог Песталлоцци түзгөн. (√ ) ( )
Асыранды үйдөгү балдар ата-энесиз, бир туугансыз жашашат. ( ) ( )
Кароосуз калган балдар өздөрүнө гана ишенишет. ( ) ( )
Кароосуз калган балдар тамак үчүн иштешет. ( ) ( )
Дүйнө жүзүндө кароосуз калган балдар анча деле көп эмес. ( ) ( )
Базарда ата-энесине жардам бергенче көчөдө жашаган жакшы дешет. ( ) ( )
Көчөдө жашаган балдар жакыр өлкөлөрдө көп байкалат. ( ) ( )
Бишкек шаарында кароосуз балдар жок. ( ) ( )
Кыргызстанда кароосуз балдардын маселеси каралбайт. ( ) ( )
Кароосуз калган балдар ар кайсы жерде убактылуу жашап, билим-тарбия алышат. ( ) ( )
Көчөдө жашаган балдардын арасында туугандары, ата-энеси бар балдар кездешет. ( ) ( )

102
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
6. Текстти окугула, ат койгула.

Кыргызстанда отуз миңдей мектеп жашындагы балдар мектепте окушпайт. Оң миндей


бала социалдык жайларда жашашат, алардын 80%
ата-энесинин бири же экөө тең бар балдар. Үй-
бүлөлүк баалуулуктар биринчи орунга коюлуп,
балдар үй-бүлөдө тарбияланыш керек. Үй-
бүлөлөргө камкордук көрүү Кыргызстандын
өкмөтү тарабынан жакшы колго алынбай келе
жатат. Балдарды тарбиялоого көңүл бурбаган
турмуш шарты начар үй-бүлөлөр көп. Ар бир үй-
бүлө өз балдарын эң керектүү нерселер менен
камсыздай алгыдай абалда жашаш керек.

Омонимдер:
Тең –1. равный; ровня
2. половина
3. один из четы (муж, жена; жених, невеста)
4. с предшествующим числительным: все, совокупность; ата-энесинин экөө тең – оба родители; все

Тааныш сөздөр: Сөздүк:


мектеп жашындагы– школьного возраста баалуулук– ценность
социалдык жай– социальное биринчи орунга кой - – ставить на первое
учреждение место
тең– все, совокупность камкордук– забота
өкмөт– правительство колго алынбай– не браться за чем-л.
абал– положение, условие камсыздай алгыдай – чтобы обеспечивал

7. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.


Үлгү: мектеп курагында–мектеп жашында убактылуу жай – үй-бүло
балдар үйү – // бала – х
бала – // керектүү – х
жай – // жакшы – х
камкордук – // начар – х
абал– // камкордук – х

8. Сүйлөмдүн мааниси боюнча √ -туура; х -ката; ?-мындай сүйлөм жок экенин


белгиле.

№ Сүйлөм мааниси боюнча √ х ?


1) Кыргызстанда мектепте окубаган балдар көп. √
2) Социалдык жайларда жашаган балдардын 80% ата-энеси бар балдар.
3) Бул үй-бүлөлөрдө үй-бүлөлүк баалуулуктар биринчи орунда эмес.
4) Дүйнө жүзүндө бардык балдар үй-бүлөдө тарбияланыш керек.
5) Дүйнө жүзүндө бардык балдар үй-бүлөдө тарбияланбаса болбойт.
6) Кыргызстандын өкмөтү бардык балдарга жакшы камкордук көрөт.
7) Балдардын укуктары жөнүндө конвенция кабыл алынган.
8) Кыргызстандын балдарынын келечеги жөнүндө камкордук көрөлү!
9) Кароосуз калган балдар асыранды үйлөрдө жашашат.
10) Балдарды тарбиялоого көңүл бурбаган үй-бүлөлөр көп.
11) Балдарды тарбиялоого көңүл бурбаган ата-энелер айыпка жыгылат.
12) Ар бир үй-бүлө өз балдарын өздөрү камсыздай алыш керек.
13) Балдар – өлкөнүн келечеги, жашоонун гүлдөрү.

103
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
9. Суроолорго жооп бергиле.

1) Кыргызстанда канча бала мектепте окубайт?


2) Канча бала социалдык жайларда жашашат? Бул маалыматты кайдан билсе болот?
3) Эмне үчүн ата-энесинин бири же экөө тең бар балдар да социалдык жайларда жашашат?
4) Ата-энеси жакшы камкордук кылбаган балдарды интернаттарда тарбиялаган туурабы?
5) Же балдар сөзсүз үй-бүлөдө тарбияланыш керекпи? Эмне үчүн?
6) Ар бир үй-бүлө өз балдарын эң керектүү нерселер менен камсыздай алабы?
7) Үй-бүлөлөргө камкордук көрүү Кыргызстандын өкмөтүнүн милдетиби? Эмне үчүн?
8) Эмне үчүн Кыргызстанда турмуш шарты начар үй-бүлөлөр көп?
9) Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн турмуш шарты жакшы болуш үчүн эмне кылыш керек?
10) Эмне үчүн кээ бир балдар өз үй-бүлөсүндө жашабай, ата-энесинен качып, көчөдө
жашашат?

10. Жогорудагы текст боюнча түшүнгөнүңөрдү сүйлөп бергиле.

11. Пикирлерди бөлүштүргүлө.

Базарда соода кылган өспүрүмдөргө аталары кандай насаат бергенин окуп чыккыла.
Таблицадагы аныктамалар кайсы атанын пикирин көрсөтөт?

А.:
Базарда соода кылган адамдар негизинен жакшы жашашат. Алардын көбү – бай
адамдар. Базар баарын багат. Соода жүрбөй калды дегенде деле күнүмкү тамак-ашка таап
турса болот. Билим алыш үчүн мектепте окуп, анан жогорку окуу жайларда окуштун кереги
жок. Азыркы кезде жогорку билимдүүлөр деле базарда соода кылып отурушат. Алардын
соодасы өнүкпөсө, ошол акылдуу, билимдүү адамдар базарда отурмак беле. Айлыкка иштеп,
алган айлык акысы менен үй-бүлөсүн бага албагандар базардан байып атышат. Андан көрө
соода кылууну жакшылап үйрөн. Колуңа товар көтөрүп, базар аралап сатып тур, анан
орундун акысын төлөгөнгө жарап каласың. Жаш кезиңде аз-аздан товар сатып, үйрөнүп
алсаң, кийинчерээк айландырганга товардын санын да көбөйтүп аласың. Окубасаң эчтеке
эмес.

Б.:
Уулум, билгин жана эсиңде туткун, базарда соода кылганды жакшы өнөр деп айтууга
болбойт. Бирок кылдат байкасаң, кол өнөрчүлүк менен сооданын салты окшош экенин
көрөсүң. Сооданын эки түрү бар жана экөө тең коркунучтуу: бири – бир орундан жылбай
соода кылуу, экинчиси – саякаттап жүрүп соода кылуу. Бир жайда отурукташкан соодагер
өтүмү жок (без спроса) товарды баасы көтөрүлгөндө сатылат деп дүңүнөн (оптом) сатып
алып, соода-сатык кылат. Мунун мүлк үчүн коркунучу бар. Баасы өскөндө сатылат деп
өтүмү жок товарды сатып алуу үчүн тайманбас жана көрөгөч адам болуу керек. Саякатчы-
соодагер Чыгыштан Батышка тоо жана деңиз аркылуу кезип, кооптуу жолдордон коркпостон
өмүрүн, денесин жана мүлкүн тобокелге салып соода кылат. Сооданын эки түрүндө тең
соодагер эр-жүрөк болуп, мал-мүлкүн тобокелге салыш керек.
Соодада эпчил да, чынчыл да, адилеттүү да бол. Көп сатып алып, тез сат.

В.:
Шаарга айылдан келгенибизге бир топ болду. Үй-бүлөмдө баары болуп 7 адамбыз.
Нурбек, сен менин улуу баламсың, ишенген уулумсуң. Экөөбүздүн иштеп тапканыбыз үй-
бүлө муктаждыктарын араң жаап жатат. Үйдө улуу болгондуктан, уулум, сага түйшүк да
көбүрөөк түшүп, мектепти таштоого аргасыз болдуң. Башка балдарым мектепке барып
жатканы жакшы. Апаң кичүү балдарды багып, үйдө. Кичинекейлер чоңойсо, апаң иштей
баштайт. Анан сен кайра мектепке барып, окууңду улантасын. Жаш кезиңен жумушка
бышып, акча таап, пландоону үйрөнгөнүң жакшы. Бирок, балам, билим алуу сөзсүз керек.
Эч болбосо, орто билим алышың керек.
104
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

№ Аныктама А. Б. В. Үчөө Бирөө


тең да
эмес
1.Атасы соода кылуу байып, жакшы жашоо үчүн керек дейт. √
2. Атасы соода кылуу да өнөр экенин белгилейт.
3. Атасы соода кылуу муктаждыктан улам болгонун айтат.
4. Текстте орой сөздөр, пикирлер айтылган.
5. Автор өз ой-пикирин түшүнүктүү, так, сылык жазган.
6. Кантип туура жана мыкты соода кылуу сунушталган.
7. Атасы баласына жакшылык каалайт.
8. Сооданын эки түрү бар экенин түшүндүрөт.
9. Атасынын айткан ой-пикири бала үчүн керектүү, пайдалуу.
10. Ой толук жана түшүнүктүү болбой калган.
11. Соодадагы адамдарга кылган мамилеге өзгөчө көңүл
бөлүнгөн.
12. Соода кылуу үчүн акылдуулук, билгичтик талап кылынат.
13. Соода кылуу – бул кесип, эмгек, иш.
14. Базардагы балдар мектепте окуш керек деген ой айтылат.
15. Соода кылууда адамдын мыкты сапаттары талап кылынат.
16. Атасынын айткандары уулу үчүн пайдасы жок.
17. Бул текст мурунку кылымдарда жазылган.
18. Текстте азыркы үй-бүлөнүн көйгөйлүү учуру көрсөтүлгөн.

105
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Жазып түшүнүү
1. Суроолорго жооп бергиле.
Үлгү: А. Эмне үчүн кээ бир балдар мектепте окубай, базарда соода кылышат?
 Кээ бир балдар базарда ата-энесине жардам берип соода кылышат. √
 Кээ бир балдар ата-энесине караганда товарды жакшы сата алышат.
 Мектепте окуу кээ бир балдар үчүн кызыксыз, пайдасыз.

Б. Кыргызстандагы кароосуз калган балдар үчүн эмне керек?


 Кароосуз калган балдар үчүн асыранды үй керек.
 Кароосуз калган балдар үчүн багып алуучу үй-бүлөлөр керек.
 Кароосуз калган балдар үчүн эч нерсе жасаштын кереги жок.

В. Эгерде ата-энесиз балдарды окутпай койсо, анда эмне болот?


 Эгерде ата-энесиз балдарды окутпай койсо, анда алар билимсиз болушат.
 Эгерде ата-энесиз балдарды окутпай койсо, анда алар билим издеп кетишет.
 Эгерде ата-энесиз балдарды окутпай койсо, анда алар базарда соода кылышат.

Г. Ата-энеси жок же үйдөн качып жүргөн балдар бири-биринен эмнеси менен


айырмаланат?
 Алар бири-биринен айырмаланбайт, булар – синоним сөздөр.
 Үйдөн качып жүргөн балдардын ата-энеси бар болушу мүмкүн.
 Балдар ата-энеси жок болгон үчүн үйдөн качып кетишет.

Д. Эмне үчүн мамлекет кароосуз калган балдарды асыраш керек?


 Мамлекет кароосуз калган балдарды асырабаса деле болот, ал милдеттүү эмес.
 Кароосуз калган балдарды асыраганда, алар кийин мамлекет үчүн иштеп беришет.
 Кароосуз калган балдар мамлекеттин жарандары, аларды асыроо керек.

Е. Базарда соода кылган балдар мектепте окуш керекпи?


 Базарда соода кылган балдар мектепте окуш керек, билимсиз адам өнүкпөйт.
 Базарда соода кылган балдар мектепте окубаса деле болот, алар акча табышат.
 Базарда соода кылган балдар мектепте окубаш керек, билим алуу сөзсүз эмес.

2. Берилген сүйлөмдөргѳ суроо түзүп жазгыла.


1) Ооба, мен базарда соода кылган балдарды билем.
2) Жок, мен базарда соода кылган балдарды көргөн эмесмин.
3) Кардарлар балдардын колунан товарларды жакшы сатып алышмак.
4) Базарда иштеген балдар ар кандай товарларды мыкты билишет. Алар мектепте
окуган балдарга караганда көптү билип, көптү үйрөнүшөт.
5) Базарда иштеген балдар өлкөдөгү товарлар жана экономика жөнүндө билишпейт.
Алар мектепте окуган балдарга караганда аз билишет, китепти аз окушат.
6) Базарда соода кылган балдар мектепте окугусу келет, билим алгысы келет.
7) Кароосуз калган балдар тамак үчүн иштеп, жанын багууга аракет кылышат.
8) Кароосуз калган балдар жөнүндө эч ким кам көрбөсө, алар ден-соолугу начар,
билимсиз болуп чоңоюшат. Келечекте кесип ала алышпайт. Алар коомдук тартипти
бузуп, туура эмес жолго түшүшү мүмкүн.
9) Жок, мындай балдар бардык өлкөлөрдө бар.
10) Ооба, мындай балдар көбүнчө жакыр, начар өнүккөн өлкөлөрдө бар.

106
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
3. Сүйлөмдөрдү толуктап жазгыла.

1) Базарда соода кылган балдар мектепте окуган балдарга караганда ... (тыңыраак,
азыраак, акылдуураак, билимдүүрөөк, зээндүүрөөк, тартиптүүрөөк).
2) (Базарда соода кылган, көп нерсеге кызыккан, үйдөн качып кеткен, кароосуз калган) ...
балдар мектепте окуган балдарга караганда турмушка бекемирээк болушат.
3) Кароосуз калган балдар ... (мектепте окуган, соода кылган, иштеген, өз алдынча көп
окуган, спорт менен машыккан) балдарга караганда бактысыз.
4) Үйдөн качып кеткен балдардын жашоосу үй-бүлөдө тарбияланган балдардын
жашоосуна караганда ... (кызыктуураак, начарыраак, оорураак, кызыксызыраак,
жеңилирээк).
5) (Кароосуз калган, иштеген, соода кылган, мектепте окуган, үйдөн качып кеткен, спорт
менен машыккан) балдардын ден-соолугу үй-бүлөдө тарбияланган балдардын ден-
соолугуна караганда начар.
6) Мектепте окуган балдар ... (иштеген, соода кылган, араба түрткөн, кароосуз калган,
көчөдө жашаган, үй-бүлөдө тарбияланган) балдарга караганда билимдүү.

4. Сүйлөмдөрдүн аягына тыныш белгилерин туура коюп жазгыла. Диалогдун


катышуучуларын аныктагыла.

- Сиз базарга барасызбы.


- Базарга барбай коюу мүмкүн эмес. Ооба, базарга барам.
- Кайсы базардан соода кыласыз.
- Өзүмдүн үйүмө жакын жердеги базардан соода кылам. Ал эми жумуштан чыккан
учурда жумушка жакын жердеги базарга кире калам. Базардан базар тандап
жүрүүнүн кереги жок деп эсептейм.
- Сиз базарда соода кылган балдарды билесизби.
- Мен базарга барганда соода кылган балдарды көрүп жүрөм, бирок эч кимисин жеке
тааныбайм.
- Сиз аларды аяйсызбы. Алардын соодасы жакшы жүрсүн деп, атайын алардын
товарын сатып аласызбы.
- Алардын соодасы жакшы жүрсүн деп эле кереги жок нерселерди сатып ала бербейм.
Алардын абалына, жашоосуна ата-энеси кам көрүшсүн.
- Деги кардарлар балдардын колунан товарларды жакшы сатып алышабы.
- Балким, базарда соода кылган балдар товарларды мыкты билишер. Кардарларга
мамиле кылууну да үйрөнгөндүр. Бирок, алар мектепте окуса, көптү билип, көптү
үйрөнүшмөк. Баласын окууга жибербей, соодага чыгарган ата-энелерди жоопко
тартуу керек.
- Алардын ата-энеси жок болсочу. Сиз балдарга кайрымдуу эмессизби.
- Алардын баары тең ата-энесиз балдар дегиңиз келип турабы. Ата-энеси болбосо,
туугандары бар. Андан башка өлкө башчылары, социалдык кызматтар бар. Мамлекет
бул маселени чечиш керек. Канчага чейин мамлекетибиз жаш, экономикабыз начар
деп отура беребиз.

5. Үлгүгө таянып жазгыла.


Үлгү: Базар кайда болсо, ошол жерде (ошерде) соода болот.
Керектүү сөздөр: Соода, базар, акча, ашкана, дүкөн, арзандатуу.
9) ... кайда болсо, ошол жерде сатуучу болот.
10) ... кайда болсо, ошол жерде тамак болот.
11) ... кайда болсо, ошол жерде соодагер болот.
12) ... кайда болсо, ошол жерде кардар болот.
13) ... кайда болсо, соода ошол жерде болот.
14) ... кайда болсо, көпчүлүк ошол жерде болот.

107
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Ой жүгүртүп түшүнүү
1. Үлгүгө таянып мектепте окубаган балдар жөнүндө диалог түзгүлө. Үлгү:
Өскөнбек: Кыргызстанда отуз миңдей мектеп жашындагы балдар мектепте окушпайт экен.
Сен бул жөнүндө эмне билесиң?
Руслан: Бул аябай өкүнүчтүү. Базарда окубай, соода кылган, араба түрткөн балдарды көрүп
жүрөмүн. Көчөдө кароосуз жүргөн балдар да бар экенин билчүмүн. Окубай, ар кандай
иштерде иштеп жүрүшкөн балдардын баарын кошкондо бир топ көп санда болот тура.
Өскөнбек: Эгерде окубаган балдардын саны көбөйө берсе, анда эмне болот?
Руслан: Эгерде окубаган балдардын саны көбөйө берсе, анда ......................
Өскөнбек: Эгерде ..............-са, анда ..........................
Эгерде ...-са, анда ...
Эгерде балдар көчөдө кароосуз калышса, анда ...
Балдар көчөдө кароосуз кал+ -ган+ -да, ....

1.Балдар 2.Эгерде
кароосуз балдар 1. Балдар 2. Балдар
калбаш кароосуз кароосуз кароосуз
керек. калса, анда... калбаш керек. калганда, .....

5. Демек
балдар 5. Ошондуктан
3.Эгерде ... 3. ...
кароосуз балдар
са, анда... ганда/канда,
калбаш кароосуз
керек. калбаш керек. ...

4.Эгерде ... 4. ...


са, анда... ганда/канда,
......

2. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.


Үлгү: интернат – балдар үйү интернат – үй-бүлө
жашоо – // төмөн – х
калк – // начар – х
кээ бир – // оор – х
кароосуз калган – // ажыраган – х
асырап алуу – // асырап алуу – х

3. Төмөнкү маалымат кайдан алынган деп ойлойсуңар?


а) энциклопедиядан
б) интернет сайттан
в) справочниктен
г) статистика бөлүмдөн

4. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.


Үлгү: интернат – балдар үйү интернат – үй-бүлө

жашоо – // төмөн – х
калк – // начар – х
кээ бир – // оор – х
кароосуз калган – // ажыраган – х
асырап алуу – // асырап алуу – х

108
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Текстти окугула.

Республикадагы 3 интернатта балдардын жашоо шарты анализделген.


Кыргызстандын калкынын 42% он сегиз жашка чейинки балдар түзөт. Өлкөдө
мамлекеттик камсыздоонун төмөн болгондугуна байланыштуу оор турмуш шарттагы ата-
энелер балдарын балдар үйүнө тапшырып салышат. Атүгүл кээ бир ата-энелер эгерде
жашаган жерге жакын жайгашкан мектеп жок болсо да балдарын интернатка алпарып
окутушат. Мунун дагы бир себеби, социалдык жактан начар жашаган үй-бүлөлөр үчүн
медициналык тейлөө жетиштүү эмес.
Кароосуз калган, ата-энесинен башка себеп менен ажыраган балдарды асырап алуу өтө
начар жолго коюлган. Бул жерде Республиканын үч интернаты боюнча 2010-жылкы
иликтөөлөр берилди.

№ Үч интернатта жашаган балдардын жалпы саны 362 100%


1 Ата-энеси жок балдар 44 12%
2 Ата-энесинин экөө тен же бири бар 218 60%
3 Ата-энелери өздөрүнүн ата-энелик укугунан ажыратылган 100 28%
Ушул балдардын ичинен сурамжылоого катышкандары 212
4 Алардын ата-энеси менен эч качан көрүшкөн эместигин 110 11000: 212
айтышканы
5 Бир нече айда бир жолу көрүшүп турушат 102 10200: 212

сурамжыла- – опросить, анкетировать


мамлекеттик камсыздоо – государственное обеспечение
оор турмуш шарт – тяжёлые условия жизни
атүгүл – даже
асырап алуу – усыновление, удочерение

6. Суроолорго жооп бергиле.


Кыргызстандын калкынын канча пайызын он сегиз жашка чейинки балдар түзөт?
Интернатта кандай балдар жашашат? Алардын ата-энеси барбы?
Интернаттагы балдарды сурамжылаганда алар ата-энелери жөнүндө эмнелерди айтышкан?
Эмне үчүн кээ бир балдар ата-энеси бар болсо да интернатта жашашат?
Кароосуз калган, ата-энесинен башка себеп менен ажыраган балдарды башка үй-бүлөлөр
асырап алуусу керекпи?

7. Көйгөйдүн төмөндөгүдөй чечилишине макулсуңарбы же каршысыңарбы?


Аргументтеп сүйлөп бергиле.
Статистикалык маалымат боюнча бүгүнкү күндө республикада кароосуз калган
балдардын саны 10000ден ашык, иштеген балдар 23000ден көп, мектепке барбаган
балдардын саны – 30000дей бала. Бул көрүнүштү жоюу үчүн эмне кылыш керек?
Үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүш керек:
Жер-жерлерде мындай үй-бүлөлөргө материалдык жардам бериш керек.
Мындай үй-бүлөлөргө психологиялык колдоо көрсөтүү кызматтары болуш керек.
Мындай үй-бүлөлөр үчүн акысыз консультация кызматтары болуш керек.

6. “Базарда соода кылган балдар окуш керекпи?” деген темада 10дон кем эмес
сүйлөмдөн турган эссе жазгыла. Эссенин болжолдуу планы:
1. Киришүү.
2. Сен жашаган жерде базарда окууга барбай соода кылып жүргөн балдарды билесиңби?
3. Кыргызстанда мектеп жашындагы балдар соода кылбай, мектепте окушу үчүн
кандай социалдык шарттар керек?
4. Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиң?
5. Жыйынтык сөз.

109
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Которуп түшүнүү
1. Төмөнкү сөз жана сөз айкаштарынын синоним, антонимдерин тапкыла.
Үлгү: белен – даяр арбын – сейрек
кездеме – // жоон – х
жыйылуу – // арзан – х
бышыкчылык – // базар – х
калемпир – // ачуу – х
күрүч – // тоголок – х

2. Сөздүк менен таанышкыла. Сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.


Тааныш сөздөр: Сөздүк:
чана – сани, санки бастырып жүр- – пройтись на коне
кездеме – мануфактура, ткани мата – х/б. ткани кустарникового
производства
дүнүйө – всякое, всячина үйүлүү – горой
шалгам – редька белен – готово
арала- – ходить среди чего-л. арбын – много
шабдаалы – персик бышыкчылык маал– сезон созревания
чие – вишня мисте – фисташки
тыт – плоды тутовника бадам – миндаль
мурч – молотый перец түгөнгүр – будь он неладен

3. Ырдын тексти менен таанышкыла. Көркөм окугула.

Молдо Кылыч Шамыркан уулу


Чүй баяны
(поэмадан үзүндү)

Базарга барып карачы, Араласаң жол бербес, Ачуу болоор түгөнгүр


Бастырып жүрсө, жол бербейт, Алча менен алманы. Ашка салса, курчу бар.
Араба менен чанасы. Арбын экен көбүнчө Кызыл алма багында.
Дүкөнгө кирип караса, Бышыкчылык маалында Барып көрсөң базардан
Дүнүйөлөр – сонундар Өрүк менен шабдаалы. Дүнүйөсү жанында
Аңкайып карап турасың, Чиеси бар, тыты бар, Жүзүм менен анары,
Адамдын жетпейт санаасы. Алмуруттай бир жемиш Коон менен дарбызы
Жакалуу десең чапан бар, Жаңы чыкты, ушу бар, Арзанчылык маалында
Жыйып койгон жүгүндөй, Мисте менен бадамы, Бир тыйынга жалгызы.
Кездеме менен мата бар. Капта турат жайылуу, Ашкабагы, бадыраң
Булгаары десең жыйылуу, Топтоголок жаңгагы.... Арбын болор баарысы.
Дүнүйөлөр – сонундар, Капуста дейт бир жемиш. Бир тыйынга экиден
Дүкөндө турат үйүлүү. Сабиз, пияз чөбү бар, Алмалардын сарысы.
Баары белен турбайбы Күрүч кылып жесеңиз. Арабада коону
Базар деген жаныбар. Калемпир да, мурчу бар, Алты тыйын, беш тыйын
Картөшкөдөн, шалгамы, Дарбызынын жоону....

4. Суроолорго жооп бергиле.


Ырда эмне жөнүндө айтылган?
Кайсы базар жөнүндө сөз болуп жатат? Кантип билдиңер?
Акын жөнүндө мурунку класстардан эмнелерди билесиңер? Айтып бергиле.
Ырдын текстинен кайсы жылдардагы жана жылдын кайсы мезгилиндеги базар жөнүндө
айтылганын билсе болобу? Кантип?
Базар акынга жагыптырбы же жокпу? Ырдын саптары менен далилдегиле.

110
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Текстте эмне жөнүндө сөз болгон жок ( √ ).

базар кат мисте


дүкөн сат- күз мезгили
мата саат ат
кагаз √ тыт араба
китеп чие чана

6. Жебе менен сүйлөмдөрдүн уландысын көрсөткүлө.

Базарда ат менен бастырып жүрсө, картөшкө менен шалгамы жол бербейт.


Дүкөндө ар кандай сонундар үйүлүү, жемиш, жаңгак, мисте, бадам сатылат.
Алча менен алманы аралап басса, жакалуу чапан алгың келсе, чапан да көп.
Эгерде дүкөнгө кирип калсаң, араба менен чанадан жол тийбейт.
Дүкөндө кездемелер жыйылган жүктөй көп, булгары десең жыйылуу.
Бышыкчылык маалында өрүк менен сонун дүнүйөлөргө карап туруп каласың.
Чие, тыт, алмурутка окшогон жаңы чыккан чөбү, ачуу калемпир жана мурч бар.
Күрүчтөн аш бышырып жеш үчүн сабиз, пияз шабдаалы көбүнчө арбын болот.
Алма, жүзүм, анар, коон, дарбыз арзанчылык бадыраңдын баары арбын болор.
Арзанчылык маалда базарда ашкабак менен беш -алты тыйын турат.
Арабадагы коон, дарбыздын жоону маалында бирөө бир тыйындан болот.

7. Кыргызчадан орусчага оозеки которгула.

Молдо Кылыч Шамыркан уулу 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө туулган. Ал


жашынан чыйрак, зирек бала болуп чоңойгон. Жумгалдык чала молдо Баян дегенден кат
тааныган. Кийинчерээк Чүйдөгү Мамбетаалыдан, Акмолдодон сабак алган. Кат сабаты
жоюлуп, Молдо Кылыч деп аталган.
Акындын “Чүй баяны” поэмасынан үзүндүдө базар жөнүндө баяндалган. Чүй
өрөөнүндө базарда дайыма товарлар көп. Айрыкча бышыкчылык мезгилде баардык нерсе
арзан сатылат. Базарга барып, дүкөнгө кирсең, сонун дүнүйөнүн арбын жана арзан экенин
көрөсүң, карап эле туруп каласың. Бул жөнүндө акын: “Аңкайып карап турасың, адамдын
жетпейт санаасы”, – деп айтат.

аңкай- (син.: таң кал-) – удивиться


санаа (син.: ой) – мысль

8. Ырдын мазмунун талкуулагыла, кластер түзгүлө.

"Чүй
баяны"

111
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Грамматика
1. Жалаң жана жайылма сүйлөмдөргө ажыраткыла.

Базарда балдар ата-энесине жардам беришет. Кээ бир балдар сабактан кийин соода
кылышат. Алар чыдамкай. Кароосуз калган балдар үйсүз, ата-энесиз, бир туугансыз
жашашат. Үй-бүлө өз балдарын камсыздаш керек. Балдар үй-бүлөдө тарбияланыш керек.
Үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүш керек. Билим алуу керек. Балдар – өлкөнүн келечеги.
Уулум, соодада эпчил да, чынчыл да, адилеттүү да бол. Соода кылуу – бул кесип, эмгек, иш.
Базарга барам. Базарда коон, дарбыздын жоону беш - алты тыйын турат. Жашылчалар
арзан. Товарлар көп.

2. Жалаң сүйлөмдөрдү жайылма сүйлөмдөргө айландыргыла.

Күз келди. Жашылча-жемиштер бышты. Бышыкчылык болду. Базар. Эл көп.


Товарлар арзан. Ызы-чуу. Соода кызыган. Чиеси бар, тыты бар. Сабиз, пияз бар. Ашкабак,
бадыраң арбын. Баары белен. Баары арзан. Баары даамдуу. Баары сапаттуу.

3. Сүйлөмдөрдү тыныш белгилерин коюп ажыраткыла.

Эмне үчүн базардагы балдар окубайт Базардагы балдар окуш керекпи Базардагы балдар
окуш керек Эгерде балдар билим албаса анда алар сабатсыз болот Мектепте билим алганда
балдардын келечекте жакшы турмуш курууга мүмкүнчүлүгү бар болот Сабаттуу болуш үчүн
базардагы балдар мектепте окуп билим алыш керек

4. Багыныңкы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Үлгү:
Шарттуу багыныңкы Эгерде балдар билим албаса, анда (кайсы шартта?) алар
татаал сүйлөм: сабатсыз болушат.
эгерде ..., анда ...
Себеп багыныңкы (эмне үчүн?) Базардагы балдар окуш керек, себеби алар окуса,
татаал сүйлөм: келечекте жакшы турмуш курууга мүмкүнчүлүк алышат.
себеби ...; -ган+дыктан
Карама-каршы Базарда ата-энесине жардам бериш керек болсо да, (эмне болсо
багыныңкы татаал да?) балдар мектепке окууга барып турушат.
сүйлөм:...-са да, ...-са деле
Мезгил багыныңкы Базарда иштеген балдар жакшы билим алганда гана, (качан?)
татаал сүйлөм: алар келечекте каалаган кесибине ээ боло алат.
...ган+да, ...ган+да гана;
Сыпат багыныңкы Үйдүн жыйып койгон жүгүндөй болуп, (кантип?) базарда
татаал сүйлөм: ...-ып, кездеме менен мата жыйылып турат.
Орун багыныңкы Базар кайда болсо, (кайсы жерде?) ошол жерде сатуучу жана
татаал сүйлөм: алуучу бар.
кайда ...-са, ошол жерде
Максат багыныңкы Ата-энесине жардам берейин деп, (эмне максат менен?)
татаал сүйлөм: базардагы балдар соода кылып жүрүшөт.
...-айын деп, ...-ыш үчүн Жакшы билим алыш үчүн, (эмне үчүн?) базардагы иштеген
балдар мектепке окууга барыш керек.

112
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
5. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.
Үлгү:
[ ] ↔ [ ] Мисалдар
жөнөкөй сүйлөмдөр
Тең маанилеш (равнозначные) Кылыч Шамыркан уулу молдодон сабак
алган, Молдо Кылыч деп аталган.
Мезгилдеш Кылыч Кочкордо туулган, жашынан
чыйрак бала болуп чоңойгон.
Каршылаш (противительные) Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка.
Атасы базардан келсе, баласы соодага кетет.
Себеп-натыйжалаш (причинно- Үй-бүлөнүн улуу баласы болгондуктан,
следственные) уулуна түйшүк да көбүрөөк түштү,
мектепти таштоого аргасыз болду.
Кичинекей балдар чоңойсо, апасы иштей
баштайт.
Чечмелөө (разъясняющие) Жер-жерлерде кедей үй-бүлөлөргө колдоо
көрсөтүш керек: аларга материалдык
жардам бериш керек.

6. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.


Үлгү: Бышыкчылык мезгилде базарда көп жашылча-жемиштер сатылат.
Арала-, бастырып жүр-, жый-, жыйыл-, кир-, чык-, көр-, кара-, карап тур-, ал-, сатып ал-
.
7. Сын атоочторду күчөтмө жана салыштырма даража боюнча ѳзгѳрткүлө.
Сын -дай караганда -ыраак өтө, эң, -п- Сын атооч +
атооч абдан сын атооч
арзан Болуп Дүкөнгө Баасы Чүй Дарбыз арзан-арзан
көрбөгөндөй караганда арзаныраак базарында апарзан
арзан базарда абдан
арзан арзан.
кымбат
даамдуу
сапаттуу
сонун
ачуу

8. Тактоочторду бөлүштүргүлө, тактооч менен этиштен турган сөз айкаштарды


тапкыла.

Мезгил тактооч (Качан? Кайсы убакта? Сын-сыпат тактооч (Кантип? Кандай?


Канчага чейин? Качантан бери?) Кандайча? Кимче?)
Кечээ, күзүндө, быйыл, кечинде, эрте. Жалгыз, тезинен, аста-аста, бир паста.
Орун тактооч (Кайда? Каерде? Кайсы Сан-өлчөм тактооч (Канча? Нече?
жакта? Каякка? Кайсы жакка?) Канчалык? Канчалап? Нечелеп?)
Мында, тигинде, ылдый, жакын, алдыда. Кем, көп, ашуун, барынча, көбүнчө.
Үлгү: тез кабыл алат; тез – мезгил тактооч.
Интернет-дүкөндө товар сатып алууга заказды тез кабыл алат. Товарды үйгө
жеткирип берүүсүн күнү-түнү суранса боло берет. Жөнөкөй дүкөндөн сатып алганга
караганда бул ылдам болот. Ноутбуктан, смартфондон же планшеттен сайтка кирсе, эң бат
сатып алат. Канчалык товарды көп алса, ошончолук арзан түшөт. Сатып алуучу сатуучу
менен бетме-бет сүйлөшпөйт, товарды ушунчалык шашпай тандайт жана каалаган убагында
ала берет.

113
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Иш кагаздары

Тейлөө чөйрөсүндөгү тапшырык (заказ)


Товар сатып алууга интернет-дүкөнгө кайрылабыз. Интернет-дүкөндөн бирдеме
сатып алуу үчүн 3 нерсени аткаруу зарыл:

1. тиешелүү сайтка кирип товарга тапшырык берет


2. төлөө түрүн тактап көрсөтөт
3. кантип жеткирип берүүсүн тандайт

Айрым сайттарда тапшырыктар телефон, электрондук почта аркылуу кабыл алынат.


Ал эми төлөөнүн кеңири тараган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1. Банк картасы – накталай эмес төлөөнүн түрү.
2. Банктык которуу – банктын төлөө табыштамасы аркылуу дүкөндүн эсептик счётуна
товар үчүн акча которулат.
3. Накталай – курьерге төлөнөт.
4. Моменталдуу төлөм терминалдары – төлөм көчөдө же имараттардын ичинде
орнотулган терминалдарда жүргүзүлөт.
5. SMS-төлөмдөр – кардар системде көрсөтүлгөн реквизиттер жана төлөмдү тастыктоо
менен sms жиберет.
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
тейлөө чөйрөсү– сфера обслуживания тапшырык – заказ
кайрыл- – обратиться тиешелүү – соответствующий
бирдеме – что-то төлөө – оплата
нерсе – вещь, что-нибудь айрым – некоторый
танда- – выбрать накталай – наличные
зарыл – необходимо табыштама– заявка
имарат – здание тастыктоо – проверка подлинности

1. Төмөнкү тапшырыктарды салыштыргыла. Тапшырык түзгүлө.


Сайт: PC.KG. - Саламатсызбы?
E-mail: - Саламатчылык. Сиз кайсы товарды аласыз?
Товар: - Мен 39 размердеги бут кийим – кеды издеп
Төлөө: банктык карта менен жүрөм. Сизде кызыл түстөгү кедалар барбы?
Валюта: сом менен - Ооба, мына, карап көрүңүз.
Жеткирүү: Бишкек шаары ичинде акысыз - Жакшы экен. Мен кийип көрөйүн.
Күнү: - Сөзсүз, кийип, байкап көрүңүз.
Убактысы: - Ракмат. Бул бут кийимдин баасы канча?
Дареги: - 50% арзандатуу менен 1200 сом турат.
- Жарайт, мен муну алам.

114
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

***
1. Маалымат менен таанышкыла.
Интернет-дүкөн (англ. “online shop” же “e-shop”) – интернетте товарлар менен соода
жүргүзүүчү сайт. 1990-жылы Тим Бернерс Ли биринчи дүйнөлүк
интернет тармагынын серверин жана браузерин түзгөн. Ал ресурс
коммерциялык колдонууга 1991-жылы берилген. 1994-жылы биринчи
интернет-дүкөн “Пицца Хат” (“Pizza Hut”) онлайн пицца дүкөнү
ачылган. Ошол эле жылы Германиядагы “Интершоп” (“Intershop”)
компаниясы элди өзүнүн биринчи онлайн соода системи менен
тааныштырган. 1995-жылы америкалык “Амазон” (“Amazon”)
компаниясы интернет-дүкөнүнүн сайтын ишке салып, 1 жылдан
кийин эң популярдуу “иБэй” (“eBay”) интернет-дүкөнү пайда болду.
2011-жылдын статистикасына таянсак, дүйнөдө интернет
ресурстарын колдонуучулар 2 миллиарддан ашкан.
Бул сандар эмнеден кабар берет? Албетте, учурдагы интернеттин жана ошону менен
бирге электрондук дүкөндөрдүн күч алуусунан кабар берет. Мисал катары айта кетсек,
“иБэй” интернет-дүкөнүнүн бир жылдык таза кирешеси – 3,2 миллиард доллар.
Интернет-дүкөндөрдөн тамак-аш, чарба буюмдары, техника, кеңсе товарлары,
косметика жана башкалардын баарын сатып алса болот. Тилекке каршы, дүйнөлүк интернет
желесинде интернет-дүкөндөрдүн мыйзамсыз сайттары да жок эмес. Ал жактан тыюу
салынган ок атуучу куралдарды, жасалма документтерди, уурдалган банктык карталарды,
баңгизаттарды тапса болот. Бул – интернет-дүкөндүн коомго тийгизген терс жагы.

(Маалымат “Суперинфо” гезитинин 2012-жылдын 27-апрелинен–3-майга чейинки


№495 санынан “Илим жана техника” рубрикасынан алынды.)
Тааныш сөздөр: Сөздүк:
соода жүргүзүүчү– торгующий тармак – сеть
колдонуучу – пользователь таян- – опираться
кабар – весть күч алуу – усиление
киреше – доход кеңсе -- концелярия
тилекке каршы – к сожалению тыюу салынган – запрещенный
ок атуучу курал – оружие баңгизат – наркотик
коом – общество терс жак – отрицательное

2. Суроолорго жооп бергиле.


- Интернет-дүкөн деген эмне?
- Интернет-дүкөн жөнүндө мурда эмнелерди билчү элеңер? Азыр кандай жаңы
маалымат алдыңар?
- Мурда билген маалымат аныкталдыбы же жокко чыктыбы? Эмне үчүн?
- Учурда интернет менен бирге интернет-дүкөндөр күч алып кетти,- деген ойго
кошуласыңарбы? Эмне үчүн?
- Интернет-дүкөндөн силер товар сатып аласыңарбы? Кандай товар сатып аласыңар?
- Интернет-дүкөндүн коомго тийгизген терс жагын айтып бергиле.

3. Талкуу уюштургула.
Көйгөй: Интернет-дүкөндө бардык нерсенин сатылышы туура. Себеби ...
биринчиден, ... -ыш керек.
экинчиден, ... -ыш керек.
үчүнчүдөн, ... -ыш керек.

115
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

7-тема. Кызыгуулар.
Музыкалык аспаптар
Кайталоо
1. Берилген сөздөр менен макалдарды түзгүлө.

тил, кызыл, алды –, өнөр; алды–, ынтымак, ырыс; китеп, булагы, билим; достук, соодада,
жок; тыйынды, бир, олжо, миң, жоготуптур, сомун, көрүп; адамдын, чүпүрөк, көркү –;
чыгаша, кирешеңе, карап, кыл; бол, башка, султан, жерде, өз, болгончо, жериңде, ултан;
топурагы –, жердин, туулган, алтын; болсо, чап, өргө, өнөрүң; сүйүү –, бакыт, мекенди.

2 . Текстти окугула, сүйлөп бергиле.

"Ак кеме" көркөм фильми Анын премьерасы 1975- Бүткүл союздук


алты айдын ичинде жылы болгон. кинофестивалда Гран-при
тартылган. сыйлыгын алган.

Фильмдин режиссеру – Фильм Ч.Айтматовдун


Б.Шамшиев “Ак кеме” повести боюнча
тартылган.
Башкы ролдордо:
Нургазы – Нургазы
Сыдыгалиев Премьерада тасманы көрүп Сен бул чыгарманы
Орозкул – Орозбек баары ыйлаган. окудуңбу?
Кутманалиев Фильм “Кыргыз керемети” Сен бул фильмди көрдүңбү?
Керез – Сабира Күмүшалиева аталган кыргыз кинолордун
Момун – Асанкул Куттубаев арасына кирген.
Гүлжамал – Айтурган
Темирова

3. “Ак кеме” повестинин каармандарына мүнѳздѳмѳ бергиле.

Момун ата Бала Орозкул


Үлгү: абдан ак жүрөк. ------------------------------ -------------------------
------------------------------ ------------------------------- -------------------------
------------------------------- --------------------------------- ------------------------

4. Суроолорго жооп бергиле.

А: Сага кандай кино жагат? А: Кинону ата-энең менен бирге көрөсүңбү?


Б: ... . Б: ... .
А: Бир күндѳ канча кино кѳрѳсүң? А: Телевизорду жакын отуруп көрөсүңбү?
Б: ... . Б: ... .
А: Жатып кѳрѳсүңбү же отуруппу?
Б: ... .

116
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

5. Диалогду окугула, айтып бергиле.

Кинематографиянын туулган күнү

А: Ата, кино качан пайда болгон ?


Б: Кино XIX кылымда пайда болгон, балам.
А: Аны кимдер ойлоп тапкан?
Б: Француз бир туугандар Луи жана Отюст Люмьерлер.
Алар ойлоп тапкан түзүлүштү “кинематограф” деп
аташкан.
А: Ошол кинону биринчи жолу кимдер кѳрүшкөн?
Б: 1895-жылы 28-декабрында биринчи жолу Париждин
жашоочулары кѳрүшкѳн.
А: Ата, кинодогу актёрлор эмне жөнүндө сүйлөшкөн?
Б: Ошол кезде кино үнсүз болгон, бирок кино көрсөтүлүп жатканда экрандын жанында
пианино ойноочу музыкант «Silent Movie» деген атайын обонду ойночу. Бул өзгөчө кесипти
«топёр» дешчү.
А: Кызык, ошол мезгилде дагы кандай музыкалык аспаптар, обондор бар болду экен!?
Б: О-оо! Ал заманда адамдар музыкага кызыгып, скрипка, гитара, альт, виолончель, арфа,
пианино жана башка музыкалык аспаптарды жаратып, аларды дүйнө жүзүнө таанытышкан.

Cөздүк
пайда болду – возник эл арасында – среди народа
ойлоп тапты – придумал (-а) үнсүз фильм – Silent Movie – молчаливый фильм
түзүлүш – устройство катышуусу менен – с участием
атайын – специальный сүйүктүүсү - любимый (фильм)

6. Туура же ката экенин аныктагыла. Катасын оңдоп жазгыла.

№ Сүйлөм мааниси боюнча √-туура Сүйлөмдү текст боюнча


× −ката жазгыла
Үлгү: Кино XVI кылымда пайда болгон. × Кино XIX кылымда пайда
болгон.
1. Француз классташтар Луи жана Отюст
Люмьерлер ойлоп тапкан.
2. Париждин жашоочулары күбѳ
болушкан.
3. Кинодогу актёрлор көп сүйлɵшкɵн.
4. Экрандын жанында гитарада ойногон
музыкант болгон.
5. Музыкант «Silent Nove» аттуу
атайын музыканы ойночу.
6. Өзгөчө кесипти «топор» дешчү.
7. XIX кылымда көптөгөн музыкалык
аспаптар, обондор бар болчу.

7. Жогорудагы диалогду монолог түрүндөгү текстке айландырып жазып келгиле.

117
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Окуп түшүнүү
1. Музыкалык аспаптардын кайсы түрлөрүн билесиңер? Үлгү боюнча аткаргыла.

№ аспаптын аспаптын аты Кайсы элдин аспабы?


сүрөтү
Үлгү: 1. доол 1. – армян элинин музыкалык аспабы.
1.

2. – кыргыз элинин музыкалык аспабы


дойра

3. – өзбек элинин музыкалык аспабы


лютня

4. – араб элинин музыкалык аспабы


ооз комуз

5. – орус элинин музыкалык аспабы


балалайка

2. Аныктамаларды «ооба» же «жок» деп бөлүштүргүлө.


1) Музыка адамга таасир этпейт.
2) “Музыкалык медицина” деген термин бар.
3) Музыканын эч пайдасы жок.
4) Адам музыканы укса көӊүлү көтөрүлөт.
5) Уйку начарласа рэп, хард-рок жана хеви-метал аттуу музыкаларды угуу керек.

3. Текстен сүйлөмдүн ээсин жана баяндоочун таап жазгыла.


Үлгү: Пифагор (эмне кылган?) даарылаган.

4. Текстти окуп, кыскарткыла.

Музыканын адамга болгон таасири


“Классикалык музыка адамга ар тараптан таасир этет”,- деп
биринчи жолу илимпоз-философ Пифагор айтып чыккан. Пифагор
«музыкалык медицинаны» пайдаланып, адамдарды дарылаган.
Азыркы учурда, илимпоздордун
айтканы боюнча, маалыматты бат кабыл
алып, ишмердүүлүктү күчөтүү үчүн
Антонио Вивальдинин, Вольфганг
Моцарттын, Людвиг ван Бетховендин,
Пётр Чайковскийдин чыгармаларын укса
болот. Мигрень оорусунан айыгыш үчүн
полонез жана Л.Бетховендин чыгармалары жардам берет. Уйку
начарласа, Эдвард Григдин жана П.И.Чайковскийдин
пьесаларын угуу керек.

118
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
“Музыканын рэп, хард-рок жана хеви-метал аттуу түрлөрү адамдын психикасына зыян
келтирет”,- деген ой бар. Блюз, джаз жана регги адамдын маанайын көтөрөт. Улуу
Британиянын изилдөөчүлөрүнүн 2005-жылы айтканы боюнча, спортсмендер машыккан
учурда музыканы укса, алар жыйынтыгын 20%га көтөрүшөт.
Албетте, музыканын адамга таасир этиши анын маданиятына жараша болот. Мисалы,
Азияда жашаган адамдарга Европанын музыкалары анча таасир этпеши мүмкүн.
Илимпоздордун сунушу боюнча, адам музыканы өзүнүн ички дүйнөсүнө ылайыктап,
эксперимент жүргүзүп угуу керек. Анткени, музыканын күчү адамдын психо-эмоционалдык
абалына жараша болот.

тааныш сөздөр: жаңы сөздөр:


ар тараптан – со всех сторон ишмердүүлүк – деятельность
таасир – влияние күчөтүү үчүн – чтобы повысить
таасир этет – влияет айтканы боюнча - со слов
айтып чыккан– высказал мнение маанайын көтөр- – поднять настроение
сунуш – рекомендация абалына жараша – зависит от состояния
оору – болезнь полонез – поляктардын улуттук
зыян келтир- – приносить вред эски бийи

5. Сүйлөмдү кашааны ачып толуктагыла.


Үлгү: Адамга музыка ар тараптан таасир этет.
1). Адамга музыка (со всех сторон влияет). 2). Ал жөнүндө илимпоз-философ Пифагор
(высказал мнение). 3). Музыканы (чтобы повысить деятельность предлогают). 4). Мигрень
(от болезни) айыгыш үчүн полонез жана Бетховендин чыгармалары жардам берет. 5).
Музыканын рэп, хард-рок жана хеви-метал аттуу түрлөрү адамдын психикасына (приносит
вред) 6). Блюз, джаз жана регги адамдын (поднимает настроение) музыканын күчү адамдын
психо-эмоционалдык (зависит от состояния).
4. Төмөнкү маалымат менен таанышкыла. Сүйлөп бергиле.
Силер кайсы жерде музыканы көп угушарын билесиңерби?
51 51 7% 18 42
% % % %

Унаада Спортзалда
Көчөдө
Үйдө Офисте
5. Берилген сүйлөмдөрдү толуктап, аларга суроо түзгүлө.
Мен …. , …. , …. деген музыкалык аспаптарды билем.
Мага …. , ….. , ….. деген музыкалык аспаптар жагат.
Мен …. , ….. , ….. деген музыкалык аспаптарда ойногонду билем / билбейм.
Мен …. , ….. , ….. деген музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнгүм келет.
Мен …. , ….. , ….. деген музыкалык аспаптар кантип пайда болгонун билем / билбейм.
Мен …. , ….. , ….. деген музыкалык аспаптарды кимдер ойлоп тапканын билем / билбейм.

6. Антонио Страдивари жөнүндө тексте кайсы кесиптер жазылган. Аныктагыла.

7. Сөздөр менен сүйлөм түзгүлө.

эңсеп – мечтая, желая алымсынбай – неудовлетворённый


жараткан – создал улам – снова
уста – мастер өмүр бою – всю жизнь
мукам үндүү – сладкозвучный

119
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
8. Текстти окугула. Текстке беш суроо түзгүлө.
Антонио Страдивари
Жаш кезинен Антонио “скульптор болом”,- деп эңсеп, бир топ
образдарды жараткан. Бир аз убактан кийин жыгач уста болуп иштеп,
андан ары сүрөт тартууга кызыгып кеткен. Бирок ал өнөрүн да таштап,
музыкага берилип, скрипкада ойногонду үйрөнөт. Страдивари жөнүндө:
“Кулагы музыканттыкы, колу жыгач устаныкы”,- деп айтышчу. Антонио
скрипканын үнүнө алымсынбай, анын үнүн улам өзгөртүп чыгаруунун
үстүнөн өмүр бою иштеген. Таланттуу устанын колунан мукам үндүү
аспаптар (скрипка, гитара, альт, виолончель, арфа) жаралып, устаны дүйнө
жүзүнө тааныткан.

«Алтын Страдивари» эң 1721- жылы таланттуу устанын


кымбат скрипкасы колунан жаралган.

Мындай мукам үндүү скрипка Анын баасы 15,9 млн. доллар


дүйнɵ жүзүндɵ жок.

9. Тесттик тапшырмаларды аткаргыла. Сүйлөмдөрдү туура толуктагыла.

1. Антонио жаш кезинде ... кызыккан. 3. Антонио ..... ойногонго кызыгат.


а) китепке; а) скрипка;
б) театрга; б) гитара;
в) сүрѳткө; в) пианино;
г) скульптурага; г) саксофон;
2. Антонио кийин ... кызыгат. 4. Антонио ... жасаганга кызыгат.
а) усталыкка; а) скрипка;
б) сүрөткө; б) пианино;
в) музыкага; в) саксофон;
г) скульптурага; г) гитара;

10. Сүйлөмдөргө суроо түзгүлө.


1) Жаш кезинен Антонио скульптор болом деп эңсеген.
2) Антонио жыгач усталыкка жана сүрөт тартууга кызыккан.
3) Ал дагы музыкага берилип, скрипкада ойногонду үйрөнөт.
4) «Кулагы музыканттыкы, колу жыгач устаныкы»,- деп Страдивари жөнүндө айтышчу.
5) Антонио скрипканын үнүн улам өзгөртүп чыгаруунун үстүнөн өмүр бою иштеген.
6) Таланттуу уста.

9. Кайсы өлкөлөрдүн музыкалык аспаптарын билесиңер?


Кыргызстан Россия Түркия Казахстан Өзбекстан Тажикстан
комуз

10. Музыка адамга кандай таасир этет деп ойлойсуңар?


А. Адамдын маанайын көтөрөт. В. Музыка адамдын психологиясына зыян.
Б. Музыка адамды чарчатат. Г. Ѳзүңөрдүн оюңарды жазгыла.

a. Музыканын адамга тийгизген таасири жөнүндө дебат уюштургула.


1-топ. Музыканын пайдасы 2-топ. Музыканын зыяны

120
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Угуп түшүнүү
1. Төмөнкү сөздөр кайсы жөндөмөдө турганын аныктагыла.
Мугалимдерди, адамдын, бардыгына, силерге, балалайка, тилинен.

2. Сөздүктөн «балалайка» деген сөздүн маанисин тапкыла.

3. Текстте кимдер сүйлɵшүп жатышат? Cүрɵттөгү балдардын аттарын жазгыла.

Өскөнбек: - Баса! Жакында майрам болот,


балдар, келгиле, мугалимдерди куттуктап, болгон
…?……
өнөрүбүздү көрсөтөлү.
……....: - Макул. Келгиле, балалайка менен хеви-
…… метал музыкалардан ойнойлу! Мага жагат.
……....: - Койсоңчу, Фарух, ал адамдын
психикасына зыян дешет! Мына уксаң, мындай
мукам үндүү музыкалар бардыгына жагат.
…........: - Балалайка менен мукам үн чыгарыш
оор го, Олег!
?…… ɵскɵнбек …........: Эмне үчүн оор болмок эле? Мен
балалайкага кызыкканыма көп жыл болду. Азыр
…. мен көп нерсени билем.
Өскөнбек: - Балдар, мен силерге бир табышмак
айтайын, жооп бергилечи! Балалайка кайсы элдин аспабы?
…..........: - О-ой, Өскөнбек, ушу да табышмакпы? Албетте, орус элиники. Бул баарына
белгилүү да.
Өскөнбек: - Макул, “балалайка” кайсы элдин сөзү дейсиңер?
……....: Балалайка орус элдики, демек, “балалайка” орус тилиндеги сөз.
Өскөнбек: - Жооп туура эмес! “Балалайка” деген сөз татар тилинен алынган: “бала” –
“дитя”. Андан келип чыккан жакын сөздөр – “баловство»”, “балаболка”, “балакать”.
…..........: Мына кызык! Жакшы табышмак экен!

2 . Туура же ката экенин аныктагыла. Катасын оңдоп жазгыла.


№ Сүйлөм мааниси боюнча √,× Сүйлөмдү текст боюнча жазгыла.
Үлгү: Классикалык музыка адамга ар × Классикалык музыка адамга ар
тараптан таасир этпейт. тараптан таасир этет.
1 «Музыкалдык медицинаны»
пайдаланып, Пифагор адамдарды
дарылаган.
2 Уйку начарласа, анда Э. Григ
жана П. Чайковскийдин
пьесаларын угуу керек.
3 Блюз, джаз жана регги адамдын
маанайын кɵтɵрɵт.
4 Азияда жашаган адамдарга
Европанын музыкалары жагат.

3. Белгиленген сөздөрдүн синонимин тапкыла.


Мен силерге бир табышмак айтайын. Андан келип чыккан жакын сөздөр бар.
А) сүйлөйүн А) уңгулаш
Б) жандырайын Б) маанилеш
В) берейин В) окшош
Г) табайын Г) алыс

121
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Жазып түшүнүү
1. Сүйлөмдөрдү толуктагыла.
Классикалык музыка адамга ..................... таасир этет. «Музыкалык медицинаны»
пайдаланып, .............. адамдарды дарылаган. Маалыматты бат кабыл алуу үчүн,
ишмердүүлүктү күчөтүү үчүн Вивальди, Моцарт, Бетховен, Чайковскийдин .....................
уккула. ............... оорусунан айыгыш үчүн полонез жана Бетховендин ...................... жардам
берет. “Музыканын рэп, ......... жана .............. адамдын ................... зыян келтирет”,- деген
ой бар. Блюз, ........ жана ........ адамдын маанайын көтөрөт. 2005- жылы ..........................
изилдөөчүлөрү мындай жыйынтык чыгарышты, эгерде ....................... машыккан учурда
музыканы укса, алар жыйынтыгын 20%га көтөрүшөт. Азияда жашаган адамдарга ...............
музыкасы анча таасир этпеши мүмкүн. Музыканын күчү адамдын .............................. абалына
жараша болот.
2. Сүйлөмдөрдү текст боюнча бүтүргүлө.
Жаш кезинен Антонио скульптор болом деп эңсеп бир топ образдарды ……………. Бир
аз убактан кийин жыгач уста болуп иштеп, андан ары сүрөт тартууга …………. Бирок ал
өнөрүн да таштап, музыкага берилип, скрипкада ……………. «Кулагы музыканттыкы, колу
жыгач устаныкы»,- деп Страдивари ………. . Антонио скрипканын үнүнө алымсынбай,
анын үнүн улам өзгөртүп чыгаруунун үстүнөн ………….. . Талантуу устанын колунан мукам
үндүү аспаптар (скрипка, гитара, альт, виолончель, арфа) жаралып, аны дүйнө ……... .

3. Төмөнкү текстке үч жөнөкөй, эки татаал суроо түзгүлө.


“Музыканын рэп, хард-рок жана хеви-метал аттуу түрлөрү
адамдын психикасына зыян келтирет”,- деген ой бар. Блюз, джаз
жана регги адамдын маанайын көтөрөт. Улуу Британиянын
изилдөөчүлөрүнүн 2005-жылы айтканы боюнча, спортсмендер
машыккан учурда музыканы укса, алар жыйынтыгын 20%га
көтөрүшөт.

4. Сага кандай музыка жагат/жакпайт? Үлгүгө таянып, таблицаны толуктагыла.


жагат жакпайт
Үлгү: Мага Токтогул Сатылгановдун Мага хэви-металл жанры жакпайт.
күүлөрү жагат.

5. Тыныш белгилерин койгула.


Жаш кезинен Антонио Страдивари скульптор болом деп эңсеп бир топ образдарды
жараткан Бир аз убактан кийин жыгач уста болуп иштеп андан ары сүрөт тартууга кызыгып
кеткен. Бирок ал өнөрүн да таштап музыкага берилип скрипкада ойногонду үйрөнөт
Страдивари жөнүндө Кулагы музыканттыкы колу жыгач устаныкы деп айтышчу Антонио
скрипканын үнүнө алымсынбай анын үнүн улам өзгөртүп чыгаруунун үстүнөн өмүр бою
иштеген Таланттуу устанын колунан мукам үндүү аспаптар скрипка гитара альт виолончель
арфа жаралып устаны дүйнө жүзүнө тааныткан.

6. Төмөнкү сүйлөмдөрдү суроолуу жана илептүү сүйлөмдөргө айландыргыла.


Үлгү: А.Страдивари сүрөт тартууга да кызыккан. А. Страдивари сүрөт тартууга
кызыкканбы? А. Страдивари кайсы өнөргө кызыккан? А. Страдивари сыяктуу сүрөт
тарткыла!
Ал жаш кезинен жыгач уста болуп иштеген. Музыкага берилип, скрипкада ойногонду
үйрөнгөн. Страдивари скрипканын үнүн улам өзгөртүп чыгаруунун үстүнөн өмүр бою
иштеген. Таланттуу устанын колунан мукам үндүү аспаптар жаралган.

122
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Ой жүгүртүп түшүнүү
Сүрѳт менен иштѳѳ Микеланджело
Меризи де
натюрморт Караваджо (1571 -
1610) – италиялык
сүрɵтчү. Ал үй-
бүлɵсүндɵ эң улуусу.
пейзаж портрет Атасы архитектор
болуп иштеген. Анын
үч иниси жана
карындашы бар
болчу. 5 жашында
мифологиял Караваджо атасынан
тарыхый ажырап, мүнɵзү оор болуп чоңойгон. Бирок сүрɵт
ык тартууга кызыгып, 13 жашынан баштап Италиянын
шыктуу сүрɵтчүcү катары таанылган.
Сүрѳттүн жанрлары

1.Суроолорго жооп бергиле.

1). Сүрѳт кандай жанрда тартылган?


2). Сүрѳтчүнүн башкы каарманы кызбы
же эркекпи?
3). Анын тышкы келбети сүрөттө канча
жашта деп ойлойсуң?
4). Ал кайсы аспапта ойноп жатат?
5). Столдун үстүндө эмнелер тартылган?
Силер билесиңерби!
Джованни Беллори аттуу биограф
XVII кылымда Микеланджело Меризи де
Караваджонун чыгармачылыгын биринчи
болуп изилдеп, “сүрөттө лютнист кыз 2.Ѳзүңөрдү текшергиле.
тартылган”,- деп, жаңылыш маалымат 1). Сүрѳт турмуштук жанрында тартылган.
берген. Ошол себептен Эрмитажда бул Анын үч варианты бар.
сүрөт көп жыл бою “Лютнистка” деп 2). Караваджо үч вариантында тең өзүнүн досу
экспонатталган. Милан обончусу Галлюсанын келбетинен
көчүрүп тарткан.
3). Анын тоголок бети, жоон эрини жана чоң кара көзү чырайлуу жаш жигиттин образын
билдирип турат.
4) Сүрөтчүнүн чеберчилигин алдыңкы пландагы натюрморт билдирип турат. Анда ачык
түстүү гүлдөр, мөмө-жемиштер жана жыгачтан жасалган музыкалык аспап сүрөттөлгөн.

4. Бүгүн мындай окуя болду. Кечээ эмне болгон? Эртең эмне болот деп ойлойсуңар? Ой
жүгүртүп сүрѳттөгүлө.
……… ………
маракастар

? ?

123
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Которуп түшүнүү
1. Тексттерди окуп чыккыла.
Адабият теориясынан
Эпитет – грек тилинде “кошумча” деген мааниде айтылат. Эпитет – көркөм аныктама,
сүрөттөлүп жаткан кубулуштун маанилүү жагын бөлүп көрсөтөт.
Кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмонов
1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык
айылында туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажыраган.
Башынан кɵп кыйынчылыктар өткөргөн. Алыкул балдар үйүндɵ
тарбияланган. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө
кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында
Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы
адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын
чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол"
газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын
"Кызыл жүк" деген ыры басылып чыгып, баарына таанымал
болгон. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга
үзбөй жарыяланат. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн
Алыкул Осмонов үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. Акындын бир
нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган
чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, 4
ыры япон тилиндеги “Дүйнө акындары” альманахына кирген.
2. А.Осмонов жөнүндө сүйлөшкүлө.
А.: А.Осмонов качан, каерде туулган? А.: Анын ырлары эл арасында азыр да
Б.: ……………………………………… ырдалышына эмне себеп?
А:-Ал кандай акын болгон? Б.: .............................................................
Б.: ………………………………………… А: Силер кайсы ырын билесиңер?
Б.: ...........................................................
3. “Комуз” деген ырын көркөм окугула.
Комуз

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз, буроо


Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус. сап

кыл
Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй,
тээк Бул комуз, көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөп-жөнөкөй.
буроо

буроо – закручивание чебер– мастер


тээк – кобылка инструмента оп-оңой– лёгкий
кыл – струна айтып болгус – не пересказать
чертилбейт– не играется көксөй-көксөй– мечтая, желая

124
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
4. Көп чекиттердин ордун толуктап, окугула, жазгыла.
………. , жалгыз тээк, үч кыл комуз,
чертилбейт, ……… келбейт, чебер колсуз.
……….. , көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
бирок да өнөрү бар ………...
Кылымдан ……….. санап көксөй-көксөй,
жыргалдуу биздин ушул …….. көздөй,
бул ………., көп сууларды кечип келген,
эли да комузундай …………………..

5. Суроолорго жооп бергиле.

А.: А.Осмонов эмне жɵнүндɵ ыр жазды?


Б.: …………………………………………………….
А.: Ал комузду эмне менен салыштырат?
Б.: ……………………………………………………….
А.: Анын комузга мамилеси кандай?
Б.: .................................................................
А: Комуз эмнеден жасалат?
Б.: ..................................................................

6. Берилген таблицаны үлгүгɵ таянып толтургула.

Сөз айкашы Сөздүн мааниси Сөз айкашы менен сүйлөм


Үлгү: күүгө келбейт Чертсең да күү чыкпайт. Өскөнбектин комузу күүгө
чебер кол келбей жатты.
өнөрү бар
көп сууларды кечип келген.

7. Берилген таблицаны үлгүгɵ таянып толтургула.

Текст Баалануучу сөздөр


Үлгү:1. Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер 1. Комузду чертиш үчүн талант керек.
колсуз.
2. Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй, 2. …………………………………………..
бирок да өнөрү бар айтып болгус.

3. Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй, 3. ……………………………………………


жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй,

4 Бул комуз, көп сууларды кечип келген, 4. ……………………………………………


эли да комузундай жөп-жөнөкөй.

125
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Грамматика
1. Үлгүгө таянып сөздөрдү жөндөгүлө. Сүйлөм түзгүлө.
Атооч жɵндɵмɵ Бул – комуз.
Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер? Кто? Что
Илик жɵндɵмɵ Менин чоң атама комуздун үнү
Кимдин? Эмненин? Кимдердин? Эмнелердин? жагат.
Чей? Чья? Чьё
Барыш жɵндɵмɵ Кимге? Эмнеге? Байкемдин баласы комузга барат.
Кимдерге? Эмнелерге? Кайда? Каякка?
Кому? Чему? Куда?
Табыш жɵндɵмɵ Кимди? Эмнени? Кимдерди? Менин досум комузду биринчи жолу
Эмнелерди? Кого? Что? кармап кɵрдү.
Жатыш жɵндɵмɵ Кимде? Эмнеде? Кимдерде? Чебер колсуз комузда ойногон оор...
Эмнелерде? Кайда? У кого? В чём? Где?
Чыгыш жɵндɵмɵ Кимден? Эмнеден? Кимдерден? Комуздан мукам үн чыгат.
Эмнелерден? Кайдан?
От кого? Из чего? Откуда?
2. Тиешелүү мүчɵлɵрдү улап жазгыла.
(Кимдин?) Биз… досторубуз музыкага кызыгышат. (Кимге?) Ата-энелерибиз биз…
музыканы ыгы менен угууну үйрɵтүшөт. (Кимди?) Ата-энелерибиз… нааразы кылбайбыз.
(Кимден?) Ата-энелерибиз... тарбия алабыз.

3. Модалдык сөздөр менен таанышкыла.


албетте конечно, несомненно М: Албетте, Алыкул Осмонов – сүйүктүү акын.
балким может быть, возможно М: Балким, сен музыкага кызыкпайсыӊ.
болжолу кажется, приблизительно М: Болжолу, ал бул кинону көргөн эмес.
имиш якобы, говорят (употребляется в тех случаях, когда говорящий не уверен в
сообщаемом или говорит со слов; других и ответственности за сообщаемое на
себя не принимает) М: Ал уккан имиш.
керек нужно, надобно, необходимо М: Досторду сыйлоо керек.
мүмкүн возможный, допустимый; исполнимый, возможно, допустимо М: Балким,
сүрөттөгү каарман баатыр кыз болгон.
сөзсүз безусловно, безоговорочно М: Сөзсүз, китеп билим булагы болуп эсептелет.
сыяктуу подобный, аналогичный М: Хэви-металл, рок сыяктуу музыкаларды угуу оор.
шексиз без сомнения, несомненно М: кино XIX кылымда пайда болгону шексиз

КЫЗМАТЧЫ СӨЗ ТҮРКҮМДӨРҮ


Кызматчы сөздөр деп, сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, өз
алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара албаган сөздөрдү айтабыз.
Аларга: жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр жана модаль сөздөр кирет.

4. Берилген сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна модалдык сөздөрдү улап жаз.


1) ........... Музыка адамга таасир этпейт.
2) ........... “Музыкалык медицина” деген термин бар.
4)........... Музыканын эч пайдасы жок.
5) ........... Адам музыканы укса көӊүлү көтөрүлөт.
6). .......... Уйку начарласа рэп, хард-рок жана хеви-метал аттуу музыкаларды угуу керек.

126
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор

Иш кагаздар
1. Маалымат менен таанышкыла.

Резюме – өзү жөнүндө кыскача маалымат берүү


документи. Резюмени оозеки
Резюмеде эмне болуш керек? түрүндө видео
 Аты- жөнү аркылуу түзсө да
болот.
 Туулган жери, дареги, телефон номуру.
 Билими.
 Жумуш тажрыйбасы (канчанчы жылдан баштап
иштегени)
 Шык-жөндөмү, иш аракети.
 Адамгерчилик сапаты.

Резюме түзүш үчүн, бир баракка эмне иш кыла аларыңды,


кандай жөндөмүң бар экенин, ошондой эле телефон номуруңду
жаз. Балким, «жаза тургандай деле эч нерсем жок» деп ойлойт
чыгарсың. Бирок жакшылап ойлонуп көрчү. Мисалы, ата-энең
жокто бөбөктөрүңдү карап калган же башка бирөөнүн балдарын
карап калган учурларың болду беле? Эгер ошондой болсо,
демек, сени жоопкерчиликтүү деп эсептөөгө болот. Же болбосо
атаңа машине оңдогонго жардам бердиң беле? Жардам берип
жүргөн болсоң, анда ошондой иштерге жарашың мүмкүн.
Компьютерде иштегенди, терип жазганды билесиңби? Же, балким, мектептен кол эмгек
сабагынан жакшы баа алып жүргөндүрсүң. Жумуш берүүчүлөр ушу сыяктуу маалыматтарга
көңүл бурушат. Ошондуктан, буларды резюмеңе сөзсүз жаз. Анан аларды ар кандай
ишканаларга жөнөтүп жибер, ошондой эле досторуңа, туугандарыңа да берип, алардан
жумушчу издеп жүргөндөргө берип коюшун суран.
эмне иш кыларыңды – что ты можешь выполнить иштерге жарашың возможно, ты
жөндөм – способность мүмкүн – подходишь к
ойлойт чыгарсың– можешь подумать таким работам
учур– время

2. Өзүңөр жөнүндө резюмени иш дептерге толтургула. Оозеки сүйлөп бергиле.

Сен дагы өз
резюмеңди оозеки
түрүндө видео
аркылуу түз!!!

127
Оморова А.А., Ботбаева Т.И, Бектурганова Г.И., Саадатбек кызы С. Сынак материалдары
Кыргыз тили 9-класс. Окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептери үчүн Долбоор
МАЗМУНУ

Туризм.Туристтик тейлөө. Жарнама 1


Үй-бүлө. Үй-бүлөдөгү мамиле кандай болуш керек? 22
Кесип. Кесибине жараша адам кандай кийим кийиш керек? 36
Кыргызстан. Улуттук спорт оюндары. Көкбөрү 57
Ден соолук. Биринчи жардам 76
Соода-сатык. Базардагы балдар окуш керекпи? 96
Кызыгуулар. Музыкалык аспаптар 118

Оморова Айгүл Абдыкапаровна


Ботбаева Тамара Ишеновна
Бектурганова Гүлмира Исмаиловна
Саадатбек кызы Самара

КЫРГЫЗ ТИЛИ
9-класс

Окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин


IX классы үчүн окуу китеби

128

You might also like