You are on page 1of 9

1. Тексттин бөлүктөрүнүн аталышы.

А) абзац,тема,идея
Б) ойдун башталышы,өнүгүшү,аякташы
В) тексттин планы,аты,темасы
Г) микротема,аты,темасы

2. Тексттин мүнөздүү белгилери кайсылар? Туура вариантын белгиле.


А) тематикалык жактан биримдүүлүгү
Б) логикалык бүтүндүгү
В) стилдик биримдүүлүгү
г) тематикалык,стилдик биримдүүлүгү,логикалык бүтүндүгү+

3. Жазуу тарыхы, кыргыз эли колдонгон жазуулар


А) рун, араб, орус
Б) англис, украин, тажик
В) монгол, түрк, башкыр
Г) алтай, кыргыз, казак

4. Тексттин эң кичине бирдиги кайсы?


А) сүйлөм
Б) абзац
В) микротема
Г) сөз

5. Фразеологизм сөзүн толуктагыла. "Кабагына.........."

А) булут түнөп
Б) карыш түйүлүп
В) жылдыз жанып
Г) каар жаап

6. Кыргыздар Орхон-Энисей(Энесай) жазууларынын кийин кайсы жазууну колдонгон?

А) Латын
Б) араб
В) кириллица
Г) Орус

7. Кыргыз тилинин лексикасынын байышынын .............. булактары бар?


А) лексикалык,синтаксистик
Б) морфологиялык, семантикалык
В) ички жана тышкы
Г) башка тилден сөзмө - сөз которуу менен

8. "Жарды" деген түшүнуктү билдирген фразеологиялык бирдикти белгилегиле.


А) жылдызы жерге түшүү
Б) ишкен ашын жерге коюу
В) кабыргасы менен кенешүү
Г) үрүп чыгар ити жок

9. Фразеологизмдин маанисин тапкыла: "Кабагым - кашым дебөө"


А) капалануу,ызалануу,санаркоо
Б) кубануу,жыргап-кууноо,сүйүнүү
В) ызалануу,ыйлоо,кайгыруу
Г) эч нерсеге кайгырба,кенебей жүрүү
10. Терминдик жана кесиптик сөздөр лексиканын кайсы катмарына кирет?
А) активдүү
В) пассивдүү
Г) тарыхый
Б) Эскирген

11. Адамдын сапатын чагылдырган фразеологизмди тапкыла.


А) эрдин кесе тиштөө
Б) тебетейин көккө ыргытуу
В) төрт тарабы кыбыла
Г) котур ташы койнунда

12. Фразеологизмдер-булар
А) эркин сөз айкаштары
Б) туруктуу сөз айкаштары
В) сөз бирдиктери
Г) экиден ашуун сөздөн түзүлөт

13. Макал-лакаптардын максаты


А) тарбиялоо
Б) кооз
В) таамай
Г) жагымдуу

14. Фразеологизмдер сүйлөмдүк касиетке ээ болобу?


А) сүйлөм болот
Б) сүйлөм болбойт
В) сөз айкашы гана болот
Г) сүйлөм да,сөз да эмес

15. 12. Ит жадаса -үрөт,киши жадаса-......


А) качат
Б) күлөт
В) ырдайт
Г) жүрөт

16. 2.Фразеологизмдин маанисин белгилегиле:”Жөө туман”


А) акырын жылып жүрүп, иштин баарын былгыткан бузуку, арамза
Б) тоодогу туман
В) аба ырайынын көрүнүшү
Г) начар

17.Адамдын сапатын чагылдырган фразеологизмди белгилегиле.


А) тебетейин көккө ыргытуу
Б) кой оозунан чөп албаган
В) атасын таанытуу
Г) төрт тарабын кыбыла кылуу

18.Фразеологизм колдонулган сүйлөмдү белгилегиле.


А) Жумурткадан кыр издөө
Б) Жааган кардан жердин бети сүттөн ак
В) Ай нурунда кышкы түн, айран төгүп койгондой
Г) Ак бетинин кызылы,ак тоонун канындай

19.Фразеологиялык бирдикти толукта: Ат тезегин.........


А) чогултуп
Б) бастырып
В) кургатпай
Г) эскиртпей

20.”Жарды”деген түшүнүктү билдирген фразеологиялык бирдикти белгилегиле.


А) жаагын айруу
Б) ичкен ашын жерге койгон
В) кабыргасы менен кеңешүү
Г) үрүп чыгар ити жок

21.Фразеологиялык ширешмени толукта: Жонунан ....... алуу.


А) кан
Б) пайда
В) кайыш
Г) тери

22.Сөз өнөрү жөнүндө айтылган макалды белгилегиле.


А) Уят-өлүмдөн катуу.
Б) Сөзүң күмүш болсо, тек турганың алтын.
В) Бар бардар эмес,мамиле бардар.
Г) Улууну укпаган-узарбас.

23.Макалды толукта:Тил –кылычтан...........


А) өткүр+
Б) кымбат
В) артык
Г) кыйын

24 .Макалды белгилегиле.
А) Адамды сөзүнөн тааны.+
Б) Канаттууга кактырбай.
В) Көргөн билген адамдар
Г) Акылдуу болгула!

25. Кыргыздардын негизги турак жайы


А. чатыр
В. боз үй
Б. таш там
Г. жер там

26. Арман
А. капалуу сөз
В. кайгыруу
Б. ой-санаа
Г. бир нерсени ар дайым ойлоо

27. Баба дыйкан


А. дыйкандардын колдоочусу
В. жер пири
Б. эмгекчил адам
Г. кедей дыйкан

28. Кут качуу


А. береке качуу
Б. бир үй-бүлөөнүн бактысынан ажыроо
В. үйдүн ырыскысы кетүү
Г. жакшылык кетүү
29.Шагы сынуу
А. бир адамдын көнүлүн калтыруу
Б. ыза болуу
В. адамдын көнүлүн оорутуу
Г. көңүл чөктүрүү

30.Чын куран
А. жаз айы
В. апрель айы
Б. кыш айы
Г. күз айы

31.Аталаш туугандар
А. бир туугандар
В. эки бир туугандын балдары
Б. бир атанын балдары
Г. чоң атасы бир

32.Накыл сөз
А. уламыш сөз
В. макал-лакаптар
Б. үлгү сөз
Г. ата-бабалардан калган улуу сөз

33. Кептин таасирдүүлүгүн арттыруучу негизги каражат –


а) интонация
б) басым
в) дикция
г) пауза

34. Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам качан кабыл алынган?


а) 1953 - ж. ноябрь
б) 1974 – ж. март
в) 1989 – ж. сентябрь
г) 1995 – ж. апрель.

35. Макал кайсы стилге таандык?


а) сүйлөшүү
б) илимий
в) көркөм
г)иш кагаздар

36. Көркөм чыгармадагы каармандардын диалогу кайсы стилге мүнөздүү?


а) көркөм
б) сүйлөшүү
в)илимий
г) иш кагаздар

37. Чакырык жана ураандар кайсы стилдин белгисине ээ?


а) көркөм
б) сүйлөшүү
в) публицистикалык
г) илимий.

38. “... 2002-жылдын 1-сентябрынан группанын старостасы болуп дайындалсын” деген


үзүндү кайсы стилге мүнөздүү?
а) иш кагаздар
б) илимий
в) көркөм
г) публицистикалык

39. Илимий стилге мүнөздүү белгилер кайсылар?


а) образдуулук, эстетикалык рахат тартуулоого эгедерлик;
б) кыска, так, шаблондуу мүнөзгө ээ;
в) ой ыраттуу, далилдүү, терминдер көп колдонулат;
г) мимика, жест.

40.Термин сөздөрдүн катарын белгиле.


а) классификациялоо, оптика, масса
б) орфография, орфоэпия, пунктуация
в) топ, сүт эмүүчүлөр , окутуучу
г) университет, факультет, декан

41. Кептин негизги стилдери:


а) сүйлөшүү жана жазуу стили
г) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү
в) оозеки, жазуу, иш кагаз стили
г) көркөм, илимий, публицистикалык

42. Кептин оозеки стилине толук мүнөздөмөсү


а) сөз каражаттарынын түрдүү болушу
б) диалектизмдердин болушу
в) сөз каражаттарын, интонация, мимика жана жестти эркин колдонуу
г) синонимдердин көп болушу

43. Такталган , эрежеге баш ийип, нормага салынган кептин стили


а) оозеки
б) жазма
в) илимий
г) иш кагаз

44. Кептин функционалдык стилдери


а) оозеки, жазма
б) көркөм, илимий, публицистикалык, иштиктүү
в) көркөм, илимий, публицистикалык
г) көркөм, илимий , иштиктүү

45. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, класстык чогулуш токтом кылат. Алды
сызылган сөздөргө карай сүйлөмгө мүнөздүү стиль
а) публицистикалык
б) илимий
в) иш кагаз стили
г) көркөм

46. Чогулуштун токтому, маалымдама, кулактандыруу кирген иш кагаздардын түрү


а) официалдуу эмес
б) официалдуу
в) иш кагаз
г) илимий

47. Официалдуу иш кагаздары


а) өмүр баян, буйрук
б) программа, устав
в) ишеним кат, түшүнүк кат
г) токтом, арыз

48. Биз төмөндө ... түзүп, кол коюучулар


Көп чекиттин ордуна койгондо иш кагаз стилине кире турган сөз:
а) токтом
б) түшүнүк кат
в) акт
г) ишеним кат

49. . Маалыматтарынын тактыгы бири-бирине окшош стилдер:


а) илимий жана көркөм
б) публицистикалык жана илимий
в) иш кагаз стили менен публицистикалык
г) илимий жана иш кагаз.

50. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү... Көп чекиттин ордуна


ылайыктуу иш кагаздарынын түрү
а) указ
б) токтом
в) закон
г) жобо

51. Кайсы катардагы сөз айкаштарында кадимки “жолду” билдирген маани камтылган?
Темир жолчулар келип калышты.
Атаңдын жолун жолдойт турбайсыңбы.
Жолдо жүрүп чарчап калыптырбыз.
Жолуң болсун, каралдым.

52. Ат жалына казан ас.


Сөз тизмегинин маанисин тап.

А) атка ишенүү
б) ат үстүндө азыктануу
в) аттын үстүнө жүк жүктөө
Г) аттан түшпөө

53. Омоним сөздү тап.


А) суу
Б) көз
В) жай
Г) алтын

54. Көп маанилүү сөздү тап.


А) жер
Б) баш
В) жаз
Г) жамгыр

55. Ал класста ден соолук тобунун башчысы. Мектепте коомдук иштерге активдүү катышат.
Берилген текст кайсы иш кагазына мүнөздүү?
А) өмүр баян(1-жак)
Б) мүнөздөмө
В) резюме(таржымал)
Г) справка (маалымкат
56. Кайсы варианттарда “абдан окшош” деген маани берилген?

I.куюп койгондой
II.эки тамчы суудай
III.Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй
IV.арстандай атырылуу, түлкүдөй куу
А)I,IV
Б)II,III
В)I,II
Г)I,II,III

57. “Сураймын” деген сөз кайсы иш кагазына мүнөздүү тилдик каражат?


А) сурануу кат
Б) отчет
В) арыз
Г) тил кат

58. Кептин сүрөттөө түрү менен кептин кайсы стили байланышат?


А) илимий
Б) иш кагаздары
В) көркөм
Г) эч кайсы кептин стили менен байланышы жок

59. Грек тилинен кыргызчага которгондо “Сылык сүйлөймүн” деген маанини билдирген сөздөр
А) Табу сөздөр
Б) Эвфемизмдер
В) Полисемиялар
Г) Өтмө маанилүү сөздөр

60. “Ымтыкан” сөзүнүн жаңыртылган вариантын көрсөт.


А) сабак
Б) экзамен
В) чейрек
Г) отчет

61. Мүчөлөрдү улап жазыңыз. Иш кагазын стандартка ылайык толуктап түзүңүз.


Үй-бүлө_____ абал____ байланыш_____ өз каалоом менен жумуш____
кетүү____ уруксат берүү______ сурана______.

62. Сөз айкашы кайсы катарда берилген?


А) мектепти көздөй б) кызыктуу жашоо
В) көз айнек г) эң таза

63. Фразеологиялык сөз айкашы кайсы сүйлөмдө берилген?


А)Ал байкем эбак акка моюн сунган.
Б) Бул этти ир эле казанга салыш керек.
В) Карасам балам эрбеңдеп иштеп жатыптыр.
Г) көк жоргом бир бутун сындырып алыптыр.

64. Кыргыз тилинин лексикасынын байышынын кандай булактарын билесиң?


А) лексикалык, синтакситик Б) морфологиялык, семантикалык
В) ички жана тышкы Г) фонетикалык, башка тилден сөзмө сөз которуу менен

65. Морфологиялык жол менен жасалган сөздөрдү аныктагыла:


А) окуу китеби, узун жол, ашпозчу, мыйзам Б) жазуучу, окуучулук күндөр, дептер
В) эне сүйлөсө, жол максат, Г) кампачы, билимсиз, оокаттуу, айлакер

66. Кайсы сөздөр синтаксистик жол менен жасалган?


А) соодо, кардар, чоро, дос Б) окуу жайы, жарыш сөз, бала бакча, кара сөз
В) авангард, автомобиль, кооператив, самолет Г) квартира, топоз, кожоюн, роман, цех

67.Фразеологизмдерге структуралык жана маанилик жактан окшош болгон тилдик


каражаттар:
А) татаал сөздөр Б) эркин сөз айкаштары В) табышмактар Г) макал-ылакаптар

68. Эч кимге жакшылык кылбаган, кара санатай, кара өзгөй деген маанини туюндурган
фразеологизмди тап?
А) жыландай ышкыруу Б) жыландын уюгуна тийщщ
В) жылан чакпай, жылкы теппей Г) жылаан өлтүрөйүн десе, таш алып бербеген

69.Булардын ичинен макалды тапкыла?


А) беш өрдөгүн учуруу Б) кара кылды как жарган В) кызга кырк үйдөн тыюу
Г) сай- сөөгү сыздаган

70. Сөздөрдүн семантикалык маанисин тапкыла. Асты сызылган сөздөрдүн маанисине дал
келген сөздү белгиле.
1. Элге таандык мурас
А) күтүүсүз, чопо
Б) кереметтүү, карапайым
В) тийиштүү, караштуу
Г) мекеме, бөлмө

71. Жаратылыштын жаман күнү жок.


А) зыяндуу таасирдин
Б) күтүүсүз жаңылыктын
В) табияттын, бизди курчаган дүйнөнүн
Г) карапайымдыктын, жөнөкөйлүктүн

72. Жаштары тең адамдардын аталышы.


А) пикирлеш
Б) достор
В) туугандар
Г) теңтуштар

73. Бир класста чогуу окугандардын аталышы.


А) жердеш
Б) айылдаш
В) мырзалар
Г) классташтар

74. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни канчанчы жылы кабыл алынган?


А) 1993-жыл
Б) 1989-жыл
В) 1992-жыл
Г) 1991-жыл

75. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби канчанчы жылы кабыл алынган?


А) 1989-жыл 8-январында
Б) 1999-жыл 5-мартында
В) 2000-жыл 26-декабрында
Г) 1994-жыл 14-январында

You might also like