You are on page 1of 8

Апамдын ыры

“Балдар үйүнөн” деген белгиге да акырындап көнө баштадык.Бизди көрөөр


замат үшкүрүшкөн айыл тургундарынын “Эне, балдар үйүнүн балдары
жүрөт.Байкагыла, бир нерсеңерди уурдап кетишпесин!”деген сөздөрү деле
эми таң калтырбайт.
Балдар үйүндө жашап, сабакка айылдын мектебине барабыз.Балдар
үйүнүн балдарына терс көз караш бар болчу.Уулдарынын бири бир нерсени
бүлдүрдү дегиче, дароо жыйынтык чыгарат:”Булардан башка эмнени күтүүгө
болот”,-дешет.
Алгачкы күндөн эле карындашымды башка топко алып кетти.Балдар
үйүндөгү балдар жаш курагына жараша беш топко бөлүнгөн.Биринчиси өтө
кичинелер болсо,бешинчисин жогорку класстагы балдар толуктады.Бизге эң
оору-Зульфиранын бөлөк жашаганы болду.Ага баруунун өзү атайын
күндөлүк боюнча.Бул жерде тартип өтө катуу,сен ал тартипке баш ийишиң
керек.Кээде карындашымды көрүүгө барганда,бети тытылган,колдору
көгөргөн учурларын байкайм.Айтсам,аны балдар ушундай таарынтат экен,же
болбосо тарбиячы “турмушту көрсөтөт”.Биздин балдар үйүндөгү жашообуз
ушундай сыноолор менен башталды.
Мурунку үйүбүздө таза абада сейилдөө күндөлүк иш болуп эсептелчү. А
бул жерде мындай убакыт тарбиячы уруксат берген учурда гана болот.Эгер
топто бирөө “эки алган”болсо,ошол топтогу бардык балдар жазаланат.Күнү
бою баарыбызга китеп менен дептер тиктеп отурууга туура келет.
Тамак да күндө ошол.Колбаса,компот,каймак сыяктуулардын даамын да
унутуп калдык.Азык-түлүктүн көп түрүнө бул жерде уруксат
жок.Санэпидимстанция уруксат бербейт дешет.Мен анын кандай адам
экенин такыр билбеймин.
Балдар үйүндөгү алгачкы жарым жылда мен эң башкысын
түшүндүм:балдар да,тарбиячыларда ар түрдүү болот экен.Биздин топто бири-
бирине такыр окшобогон эки тарбиячы иштейт.Райфа эжеке өтө катуу
болсо,Хакима эжеке,тескерисинче,дайыма ак көңүл,ачык.
Мен бул майрамды дайыма чыдамсыздык менен күтөм.Бул жылы мага
өзгөчө бир бакыт келчүдөй,менин кыялдарым орундалчу жыл болчудай
сезилип жатат.
Жаңы жылга эки жума калган кезде идиректүү балдар менен кыздарды
чогулуш залына жыйнады.Алардын ичинде мен да бармын.Мен өзүмдүн
айылымда да мындай иш чараларга катышып жүрчүмүн.Өзүмдүн
жөндөмдөрүмдү балдар үйүндө да көрсөтө ала турганыма кубанып кеттим.
-Балдар!-деп сөзүн баштады майрамдын уюштуруучусу.Жаңы жылга
чейин саналуу гана күндөр калды.Андыктан көпкө созбой,бүгүндөн баштап
даярданабыз.Кана,бардыгыбыз өзүбүздүн өнөрлөрүбүз менен кубантабыз.
Көздөрү жайнаган балдар:
-Ооба,-дешти чурулдап.
-Мен бул жерге эң өнөрлүү балдарды жыйнадым.Оюнду эртең кое турган
болдук.Зулум Кощей аяз ата менен аяз кызды уурдап кетишет.Ал эми коен,
түлкү,аюу жана башкалар биздин иш чаранын башкы каармандарын кутка
-рышы керек.
Ушундай ойнойбуз!
-Ооба,ойнойбуз!-деп бир ооздон жооп бердик.Мен жөн эле сүйүнүп
кеттим.Азыр аюунун ролун ойноп,аяз ата менен аяз кызды куткарам!
Уюштуруучу ролдорду бөлүп бере баштады.Бирок мага токой
жаныбарларынын ролун берген жок.
-А менчи?-деп таң кала сурадым.
-Ильяс,сен Кощей болосуң-деп жооп берди.Аны бир гана сен ойной
аласың.
-Эже,эмнеге мен?Менин жаман адам болгум келбейт.Бардыгы мага
күлүштү.
-Ой,бул эмне дегениң,алтыным!Сага эң маанилүү рол буюруптур.Бул
чын эмес го,жөн гана жомок.
-Сен эмне дагы тил албай турасың?-деген сөздү угуп,артты карасам,
тарбиячы Райфа эже экен.Ал жумуш кандай жүрүп жатканын көрүү үчүн.
Жыйындар залына келиптир.Мен башымды төмөн салдым.Ал эми Райфа
тарбиячы мени урушуп кирди:
-Мына,дагы да Ильяс!Сен өзүңдү ким сезип жатасың?Артист, же жа-
зуучу,кээде окумуштуу болом деп каласың.Өзүңдүн кыйшык буттарыңды
карап ал!Сага Кощей бол дедиби,демек,болосуң!
Жетекчим мени арачалагысы келип:
-Ильяс макул болду,бул жөн гана жомок го!-деди.
-Ал дароо макулдугун бериши керек эле-деп,тарбиячы токтободу.
Бир жолу унчукпай койсоң,булар мойнуңа минип алышат да,көзүңдү
оюп алат.Сен жаш болгон соң,буларды жакшы билбейсиң.Менин бул
жерде жүргөнүмө жыйырма жылдай болду.Негизи,Ильясга Кощейдин ролун
бергениң жакшы болду.Ал дал ошол Кощей сыяктуу го!Ага атайын
костюмдун да кереги жок.Футболкасын чечсе,бардык кабыргалары көрүнөт.
Колдору ип-ичке,буттары кыйшык...анык Кощей!Балдарга кереги да ошол.
Бардыгы күлө башташты:
-Ха-ха...Ильяс Кощей!
-Колдору ип-ичке...
-Буттары кыйшык...
Таарынычтын жашы менен муунтуп баратты,мен залдан жүгүрүп чыгып
кеттим...
Жаңы жылдык кечте баарибир терс каарманды ойноого туура келди.
Аяз атага айтып берип,көп таттууларды алыш үчүн көп ырлары жаттап ал-
дым.Бул жерде,балдар үйүндө таттуулар-чыныгы рахат.Түшүбүгө гана кирет.
Мен бекер тырышпаптырмын,дегеним,эки баштыгым тең момпосуй
менен таттуу токочторго толду.Жаңы жылга чейин саналуу гана мүнөттөр
калды,топтогулардын маанайлары майрамдагыдай шат.Өзүбүз алдын ала
бөлмөлөрдү колго жасалган оюнчуктар,жылтырактар менен кооздоп кой-
гонбуз.Ал эми азыр майрамдын урматына чүчпара бышып жаткан ашкана
жакты тегеректеп жүрөбүз.Бул биз үчүн өзгөчө көрүнүш.Балдар үйүнүн
балдарына мындай бакыт жылына бир гана жолу келет.Менин чүчпаранын
даамын унутканыма көп болгон эле.
-Райфа эже,чүчпара даяр болдубу?
-Кичине күтүп тургула!Аз калды дедим элего...
-Жыты буркурап жатат,дайын болгон сыяктуу,-деди бирөө.
-Кеткилечи ары,тойбогон бечаралар!Силерди канча тоюндурса да,баары
бир жетпейт.Пилди да жеп жиберүүгө даярсыңар!-деп,колдорун шилтеп
балдарды кубалай баштады.-Эгер бышкан болсо да,бир аз тура турсун.Он
экиге чейин дагы убакыт бар!
Бирок,даамдуу болуп даярдалып жаткан тамак да,көкүрөктүн түбүндөгү
сагынычты, кайгыны кубалай алган жок.Аттиң,ата-энебиз тирүү болгондо...
Эч нерседен кыйналбайт элек го.Бардык нерсе ушул чүчпарада жаткан жок
го.Атабыз баарыбызга белек сатып алаар эле,а биз болсо ага ыр айтып,ырдап
берер элек...
Райфа эже араң дегенде бизди дасторконго чакырды.Баарыбызга ак
идиштерге чай куюлду,ар кимибизге он чүчпарадан салынды.Дасторконго
мандариндер,момпосуйларжана түрдүү жемиштер куюлду.Бирок,баары бир,
бир нерсе жетишпей турду.Балким,ата-энебиздин мээрим чыгар...
Райфа эже бизди куттуктап тилек айтты:
-Балдар,силерди чын жүрөктөн бүгүнкү майрамыңар менен куттуктай-
мын!Бул өмүр болгон соң,бардыгы боло берет тура.Кээде силерди урушкан
учурубуз болот.Бирок мен аны өзүм каалаган үчүн эмес,силерди жакшы адам
болсо экен деп урушам.Жакшы окугула,тартиптүү,тарбиялуу болгула,бизди
дайым уккула.Биз силерге бир гана жакшылыктарды тилейбиз!
Саат жебеси он экини какты.Биздин үйдө бул убакта бири-бирибизге
каалоо-максаттар орундалсын деп тилек айтышчуу элек.Демек,азыр да
каалоо айтууга болот.Жанымда классташым Амиля отурган эле.Андан:
-Сен эмнени каалайсың?
-Апам мени бул жерден мени алып кетсе,балдар үйүн унутсам.А сен
эмнени тилек кыласың,Ильяс?
Амилиянын каалоосу мени туңгуюкка кептеди.Мен ата-энем кайра
тирилсе экен деп кыялдана албайм да,ал мүмкүн эмес.Баласын таштап кеткен
эне гана перзентин кайра кучактай алат.Чиркин,менин апамда түрмөдө
отурса эмне!Эстеген кезде бизге кайрылып келет эле.Мен Амилияны кыз-
ганып кеттим.Дагы бир чарасыз абалга дуушар болдум.Токто,токтой тур!
Атам мага бир нерсе берем деди эле го.Бирок мен азыркыга чейин эмне
буюм экенин билбеймин.Андыктан мен өзүмө сөз бердим,күндөрдүн бир кү-
нүндө бул затты колума алуум керек.Мындай максаттардан соң жаным жай
алып калды.
Сыналгыдан жаңы жылдык концерт башталды.Бардыгы көгүлтүр
Экрандын алдына ырахаттана көрүп отурушат.Мына,сахнада менин апамдын
сүйүктүү ырчысы Валентина Толкунова!Эмнеге экенин билбеймин,эстесем
апам ушу мурду узум орус ырчысынын ырларын аябай угаар эле.Мага дароо
кичине күндөрүмдөгү тааныш үн угулду:
Ар качан сени сүйөмүн,
Аргам башка жок менин...
-Райфа эже,үнүн кичине чыгарууга болобу?!
-Жок!-тарбиячы баягы таз кейпине түштү.Уктоого жаткызып койбогонума
рахмат айткыла!
-Эжеке!Бул менин апамдын сүйүктүү ыры эле...Болобу?Өтүнөм...
-Мен жое дедим,болду!Сенин апаңа жакса жаккан чыгар,а мага бул ыр
жакпайт.Ырчынын өзү да жакпайт.Чачын кыйратып карай албай туруп,
өзүнчө махабат тууралуу ырдап коёт,ары жок!Кана,сыналгыны өчүргүлө да
жаткыла жабышып!Силердин айыңардан майрамды жакшы тосо албадым.
Менин эмне,үй-бүлөм жокпу?Кана, уйкуга жөнөгүлө!Жаман көзүңөр менен
карап,менин маанайымды бузбагыла!
Тарбиячы адатынча сыналгыны өчүрүп салды.Таңга чейин эч кимиңди
көрбөйүн!
Жаңы жыл кечеси менин өтүнүчүмдүн айынан,ойдо жок жерден аяктады.
Мен бөлмөгө чуркап барып,төшөгүмө жыгылдым.Ысык жаштарым бетимди
Күйгүзүп жатты.Көз алдымда апамдын күлмүңдөгөн көздөрү,сымбаты тур-
гансыды.Кулагыма ал ыр жаңырып тургансыды:
Ар качан сени сүйөмүн,
Аргам башка жок менин...
-Райфа эже,үнүн кичине чыгарууга болобу?!
-Жок! – тарбиячы таз кейпине түштү.Уктоого жаткызып койбогонума рахмат
айткыла!
-Эжеке! Бул менин апамдын сүйүктүү ыры эле...Болобу? Өтүнөм...
-Мен жок дедим, болду! Сенин апаңа жакса жаккан чыгар, а мага бул ыр жак-
пайт.Чачын кыйратып карай албай туруп,өзүнчө махабат тууралуу ырдап
коёт,ары жок! Кана,сыналгыны өчүргүлө да жаткыла жабышып! Силердин
айыңардан майрамды жакшы тосо албадым.Менин эмне,үй-бүлөм жокпу?
Ка-
на уйкуга жөнөгүлө! Жаман көзүңөр менен карап,менин маанайымды бузба-
гыла!
Тарбиячы адатынча сыналгыны өчүрүп салды. Таңга чейин эч кимди
көр-
бөйүн!
Жаңы жыл кечеси менин өтүнүчүмдүн айынан,ойдо жок жерден
аяктады.
Мен бөлмөгө чуркап барып,төшөгүмө жыгылдым. Ысык жаштарым бетимди
күйгүзүп жатты.Көз алдымда апамдын күлмүңдөгөн көздөрү,сымбаты
тургансыды.Кулагымда ал ыр жаңырып тургансыды:
Ар качан сени сүйөмүн,
Аргам башка жок менин...
Апакем менен маек
Сен бизди эмне үчүн таштап кеттиң,апа? Бул жерде өтө кыйын.Сени
ойлобогон,эстебей койгон бир да күнүбүз жок.Эсиңдеби,апаке?!
-Тынчтан,балам,ыйлаба.Силердин көз жашыңар менин кабырыма куюлуп
жатат.Билесиңер го,силер үчүн жанымдын кандай ооруганын...Жакында
тарбиячы сенин башыңды ачкыч менен урганын көргөн жок дейсиңби,балам?
Мага кандай оор болгонун билсең!Бирок балам,сага көмөктөшө албаймын...
-Оо дүйнөдө жакшы дешет.Бул чынбы,апа?
-Силерсиз мага жомоктун өзүнө да кыйын,балапандарым менин.Силер
менен коштошкон күндү эстеп алып,токтоно албай ыйлайм.Сен өзүңдүн
мыкты экениңди көргөздүң,балам.
-Мен ал күндү эч качан унутпаймын.Бардыгы жаңы жылды тосууга
даярданып жатты.А сен баягы төшөгүңдө жаттың.Апаке,сага көп
кыйынчылыкты көтөрүүгө туура келди.Эмнеге экенин билбеймин,ооруканага
жатпай,үч жыл бою төшөктө жаттың...Эмнеге экенин билбеймин,ооруканага
да барбадың.
-Азыркыга чейин өкүнөм.Дарыгерлер химиялык терапия жасатууга
көндүргүлөрү келди,шишиктин өсө тургандыгын айтып эскертишти.Бирок
мен силерди калтыргым келген жок,баарыңар кичинекей элеңер.Атаңар
күндө жумушта.Бир жолу ооруканага жатайын дегем,бирок үч жашар
Зульфира мени кучактап алып,жибербей жашын төктү: “Таштаба,бизди
апа,калтыра көрбөчү”.Үчөөң тең жаш толгон көздөрүң менен мага:
“Таштаба,бизди апа!”- деп жаландаңар.Силерди кантип таштайын?Ошентип
ооруканага барбай калдым.Андан кийин баары кеч болуп калды.Дарыгерлер
шишиктин өтүшүп,залалдап кеткенин айтты... Оору мени төшөккө байлады.
-Соңку айда айылдын дарыгери Хания эже сага апта сайын келип
турду.Ал өзү менен бирге чемоданын алып жүрчү.Ичинен дарынын кутусун
алып чыгып,шприцке толтуруп,сенин тамырыңа саят.Ошол убактан баштап
жакшы боло түшөсүң.Бирок кийинки кездердедарыгер көп келе турган
болду.Бир нече укол жасайт,ал эми калганшприцтер менен дары кутуларын
дароо отко таштаймын.Жаңы жылдын алдында сен өзүңдү аябай сезе
баштадың.Аябай каттуу кыйналдың,биз корктук.Атам өзүн коёрго жер
таппай,эшиктин алдына чыгып,үстөкө-босток чылым чеге берди.Акыр аягы
атам бизди Хания эжени чакырып келүүгө жөнөттү. “Тезирек барып
келгиле,апаңар өтө кыйын абалда”,- деди ал.Сыягы,өзү сени таштап кеткиси
келген жок окшойт.Биз дарыгерге чуркадык.
-Бизди көрөр менен Хания эже баарын түшүндү. “Жаңы жылга бир нече
саат калды,кана,төргө өтүп чай ичкиле”-деп чакырды.Биз эжем экөөбүз
ичкибиз келген жок,макул болгон жокпуз.Сенин үйдө оорудан
кыйналып,уколду күтүп жатканыңды билип турдук.Бирок дарыгер бизди
акыры көндүрдү,бизге шаша-буша бир чыны чай ичүүгө туура келди.Биздин
табит тартпай турганын көрүп,Хания эже да кыйнаган жок.Дарыгер толгон
чемоданын алды да,биз менен бирге көчөгө чыкты.
Жер жүзүн ак шейшепке орогондой ак кар жаап
жатты.Билесиңби,апа,мен ошол эмнени кыялдандым? Сен тезирээк айыгып
кетсең экен дедим... Бирок менин кыялымдын орундалышыбуюрбаптыр.
-Хания эже,сизде апама шыпаа болчу жакшы дары жокпу? Эгер бар
болсо,апабызга бериңизчи.Чоңойгондо милдетүү түрдө сизге төлөп берейин-
деп дарыгерге өтүндүм. Ал болсо эч нерсе деген жок.Дарыгер сага уколду
сайып,андан соң сага кол коюу үчүн бир кагазды берди.Жаңы жылга эки саат
калган кезде,сага жеңил болуп калгандай болду.Ошондо да бизге жаңы
жылдык майрамдагыдай болгон жок.
Хания эже,өз милдетин аткарып болгон соң,атамды чакырып келүүмдү
өтүндү.Алар бирдемелерди узакка сүйлөшүштү.Атам үйгө бир башкача
кирди.Сен да бул өзгөрүштү байкап,атамдан дарыгердин эмне айтканын
сурап жаттың. “Гүлнур,маанилүү эч нерсе эмес,жөн гана узатып койдум” –
деп жооп берди атам.Дагы бир саат өттү.Биз баарыбыз сенин жаныңда
болдук.Жыл жаңырарына саналуу гана мүнөттөр калды.Бирок майрамдын
белгиси сезилбеди...Мен ичимден: “Жаңы жылда биздин үйгө бакыт менен
бирге баарыбызга ден соолук келсе экен”-деп кайталай кудайдан тилене
бердим.Бир аздан кийин сен: “Жарыкты өчүргүлө” – деп кайталачу
болдуң.Сыягы,сен балдарыңдын кандай кыйналганыңдын көрүүсүн каалаган
жоксуң.Чынында,бизди коркутуп албайын деген чыгарсың.издин кичине
жүрөктөрүбүз кандай азап чеккенин сезсең го,чиркин! Алия коркунучун
жашыра албай: “Апабыз өлөйүн деп жатат го”- деп сүйлөндү.Биз дароо ысык
жашка буулуктук.Сен мурун жигиттердин ыйлабай тургандыгын айткан
элең.
Андыктан мен ыйласам да дабышымды чыгарбоого тырыштым.Бир кезде
көйнөгүмдүн топчусун жулуп алып,үнүмдү чыгарбаш үчүн оозума
салдым,алдыңкы тиштерим зырылдай баштады.Кыздар токтобостон
ыйлады,канча жолу жигит болууга тырышсам да,болбой эле ыйладым.
Атабыз сенин бөлмөңө чакырган соң биз төшөгүңдүн жанына келип
турдук.Көзү кызарып кеткен атам бир аз үнсүз турду да:
“Балапандарым,дайыма силерди кандай кучактаса силер да,апаңарды
ошондой кучактап алгыла” – деди.Биринчи болуп өзү сенин маңдайыңдан
өптү.Биз да сени өбө баштадык,а сенин көздөрүңдөн жаш агып жатты.Бир
нерсе деп айткың келип жатты,бирок ал-дарманың жок.Бул биздин сени
акыркы ирет өпкөнүбүз болду. “Апабызга жаман болуп жатат,канакей
буттарын ушалап берелик” – деп,Алия сенин абалыңды жакшырткысы
келди.Биз ыйладык,атабыз гана бизге көз жашын көргөзгүсү келген жок.Биз
сени куткарып кала албадык.Сен көзүңдү жумуп,дем алууңду
токтоттуң...Ах,эгерде мен дарыгер болсом! Бир күндө сени ордуңан тургузат
элем го!
-Жетет,уулум,менин жанымды кыйнабачы.Ансыз да менин жагдайым
кыйын.Билемин,силерге да оңой болгон жок.Атаңардын силерди өзүнүн
акыркы саатына чейин таштабаганы жакшы болду...
Ооба,апаке,атабызга да башынан оор тагдырды кечирүу жазылыптыр.Сен
дүйнөдөн кайтканыңдан бир жума өткөн соң,айылдык кеңеш менен
мектептен адамдар келе баштады. “Жакшы,үчөө шаарда окуп жатат,ал эми
мына бул төртөөнү жалгыз өзүң карай албайсың.Кыйналбай аларды балдар
үйүнө бер” – деп атамды үгүтөй баштады.Бирок ал айтканынан кайтпады.
Райондук кызматтан да адамдар келди.Атам аларга ачууланып: “Мен тирүү
турганда балдарымды эч кайда бербеймин”, - деп үйдөн аларды кууп чыкты.
Мектептеги кээ бир мугалимдер да бизге башкача мамиле жасай
башташты.Сабакта туура жооп берсек да эки коё башташты.Андан кийин
атасы балдарын карай албайт,ошондуктан бул балдар сабакка үлгүрө албай
жатат деген жүйө менен арызданды. Алардын бар максаттары бизди балдар
үйүнө жиберүү болду.Кээ бирлери: “Аялы өлгөнүнө байланыштуу,Гиззат
өкмөтөн көп жөлөк акы алып жатат,ошондуктан балдарын мамлекетке
өткөрүп бергиси келбейт” – деп айтууга да уяттары барды.Айыл
акимдигинин акылсыз кызматкерлери кызганычтын айынан атама карап:
“Кээ бирөөнө жакшы болду,сен эми баарынан байсың”- деп айткан учурлары
да болду.Атам чыдай албай жанагы кызматкерди бир урду.Ал сен кайтыш
болгон соң катуу кайгырып жүрдү.Түндө уктай албай кыйналат.Жыл сайын
көп ооручу да болду.Трактор айдап жүрүп,катуу суук тийгизип алды.Анын
үстүнө сенден айрылганды да көтөрө алган жок окшойт.Сенин дүйнө
салганыңа үч жыл болгондо атабыздан да айрылдык.Бизди ошондо балдар
үйүнө алып келди.
-Силердин башыңарга түшкөн тагдырды душманыма да каалабаймын...
- Эсиңдеби? Сен мага шаардан бут кийим алып келген элең.Ал мага
ушундай жакты.Мен ал бут кийимди сен өмүрдөн өткөн соң,дагы көпкө
чейин кийдим,чечким келген жок.Кийин башка бут кийимдерди да сатып
берди,бирок мага ошол сен алып берген кымбат болчу.Ал бут кийим абдан
кысса да,мен мектепке дайыма аны кийип барчумун.Бирге окуган
классташтарым эмнеге менин эски бут кийим кийип жүргөнүмдү сураганда:
“Муну мага апам сатып берген” -дейт элем.Эсиңдеби,сен биз менен бирге
жүргөндө,мен эне тууралуу ыр жаттап алдым эле го.Нооруз майрамында
менден ал ырды сахнада аткаруумду суранды.
“Аялуу апам,апакем менин,
Узун болсун,өмүрүң сенин” – деген жерине келгенде көзүмдөн жаш
тегеренип,тамагыма өксүк тыгылып,ырдын сөздөрүн унутуп калдым.Бетимди
жаш жууп кетти,күйөрмандар болсо кол чаап жатышты.
Апасыз өмүр сүрүү кандай кыйын! Бул жерди баарыбызды алкаштардын
балдары дешет.Бирок мен билемин го,сен андай эмессиң.Тирүү болгонуңда
эки алтын медалыңды көкүрөгүңө тагып,ушу тарбиячыларыма кимдин ким
экенин көрөтөр элең.Кээ бир балдар чынында ата-энелери ичкендиктен,ушул
жерге келген,андыктан биз сыяктуулар алардын катарына кирип калабыз.Ал
эми биз сыяктуу ата-энесиз томолой жетимдер балдар үйүндө жокко эссе.
Жакында Салима деген кызга апасы түрмөдөн белек берип жиберди.Анда
түрдүү момпосуйлар менен токочтор бар экен.Бизге жеткенче аябай катып
кетиптир.Таштай болуп катып кеткен таттууларды Салима баарыбызга бөлүп
берди.Анын апасы адам өлтүрүп түрмөгө түшсө да,Салима баары бир апам
бар деп мактанат.Апасынын берип жиберген таттууларын айтып
бүтпөй,баарыбыздын кулагыбыздын кужурун алды.
Кечки уйкугажаткан соң биз келечек тууралуу сүйлөшөбүз.Фаниль деген
баланын ата-энеси ажырашып кеткен.Апасы арак ичип кеткен соң,аны
карындашы менен бирге балдар үйүнө өткөзүшүптүр.Ал апасынын ичээрин
эч качан айтпайт.Апасы жумушка орношуп,карындашы экөөнү үйгө алып
кетет,зоопаркты көрсөтөт деп үмүттөнөт.Менин аларга көзүм күйөт.
Айылдын ортосунда чакан базар бар.Сабактан кийин балдар ал жерге ар
кандай таттууларды уурдоого барат.Бир жолу мени да өздөрү менен бирге
барууга чакырды.Мен: “Апамды капа кылбайм,болбойт”- деп каршы
болдум.Алар катуу таң калышты.А мага сен баарыбызды көрүп тургандай
сезилесиң.Андыктан сени капа кылгым келбейт.Апаке,мына ушундайча өмүр
сүрүп жатабыз.Сен жаныбызда болбосоң да,сенин жылуулугуң менен
мээримиңди сезебиз.Биз намысты дайыма биринчи орунга коюп келебиз.
-Жакшы,уулум.А мен силерди дайыма коргоп жүрөмүн...
-Апа,сен менин күндөлүгүмдү көрсөң! Бизди капа кылган сайын жакшы
адам болууга аракет кылгыбыз келет.Андыктан сабакты жакшы окууга
талпынып келемин.Кээ бир окуучулардын үй тапшырмасын аткарууга
жардам беремин.Ал жардамым үчүн мага алма беришет.Баары бир сенсиз
кыйын.Эгер сен болгондо,ар күн сайын ырдап берер элем.Сен тирилип
келсең болду,күн сайын сага суу ташыгандан тажабаймын.Ойгончу,Апаке!
Өтүнөмүн!Биздин башкалардын эзүүсүнө калтыра көрбө!..
-Бул жактан кайта турчу жол жок,уулум.Алтындарым менин,чыдагыла...
Көзүм илинип кетти,көкүрөгүмө бирөө оор сумка таштап жибергендей
болуп ойгонуп кеттим,карасам биздин тарбиячы Райфа эже экен.
-Сен дагы эле уктап жатасыңбы?! Ашканада кезекте экениңди унутуп
калдыңбы? Тур,идиштерди жуу!Сен үчүн идиш-аяк жуугудай,мен сенин апаң
эмесмин!

You might also like