You are on page 1of 3

Саламдашуу элибиздин улуу салты

Улуулардын бизге үйрөткөн ыйык парзы


Улууга да,кичүүгө да урмат кылуу
Илгертен келе жаткан кыргыз салты
Арбаңыздар!
Ардактап кесип тандадым,
Сабатын ачып балдардын,
Ар таңды тосуп шаң менен,
Ак мектеп болду барганым.
Балдарга англис тилин үйрөтөмун,
Багбандай көчөттөрдү гулдөтөмун.
Эл журтка эмгек кылып талбай иштеп,
Бала деп билбейм кантип күн өткөнүн.

Тилеген ой максаттар алга сүрөп,


Ар күнү таңдан тынбайм жанымды үрөп.
Балдарым сугарылып билим менен,
Алыска учса деймин канат күүлөп.
Аралыктан окутуп окуучуну
Эмгектенип талыкпай күнү түнү
Жаңычыл ыкма менен сабак өтүп
Балдардын байытамын түшүнүгүн
Азыркы санариптин заманында
Өтөмүн сабактарды ЗУУМ,КЛАССРУМДА
Мугалим--ата-эне биргеликте
Ыйманга сугарабыз ынтымакта
Балдардын мен багбаны талыкпаган,
Чырпыкты чынар кылып чаалыкпаган.
Эл үчүн кызмат кылат жетилгенде,
Талыкпай тарбия берген ар бир балам.
Окуучулар айтат:Ак эмгеги ушундай асыл биздин мугалим.
Дем берип турса балдарым
Шыктанып иштейм ар дайым
“Тарбия берсем татыктуу”
Ак ишке өмүр арнадым.
Турмушта түйшүк тартсам да,
Эмгектен чарчап талбадым.
Адептүү болуп балдарым,
2уул,3 кыз тапкамын
Тең тартып турмуш түйшүгүн,
Ардактап турат алганым.
Оо, балдар!
Эненин асылдыгын барктай билгин
Даңазалап дүйнөгө даңктай билгин!
Бүт балдарың чын жүрөктөн ,куттук айтат
Майрамыңар кут болсун энелерим

You might also like