You are on page 1of 4

1-сабак

Фонетка-тыбыштарды, тыбыштык системаны окутуп үйрөтүүчү тил


илиминин бир бөлүгү.
Кыргыз тилинде 36 тамга, З9 тыбыш бар.
Тамга - тилдеги тыбыштарды белгилөө үчүн кабыл алынган шарттуу белги.
Мисалы, [а] тыбышы үчүн – а тамгасы, [й] жана [а] тыбыштары үчүн - я тамгасы,
[р] тыбышы үчүн - р тамгасы кабыл алынган.
Тыбыштарды айтабыз, угабыз, тамгаларды көрөбүз жана жазабыз.
Тыбыштар үндүү жана үнсүз болуп бөлүнөт.
Фонетика-раздел языкознания, изучающий звуковую сторону языка.
Количество букв алфавита не совпадает с количеством звуков. В кыргызском языке
36 буквы, 39 звука.
Буква—графический знак для обозначения звука на письме, то есть рисунок.
Буквы мы видим и слышим, звуки мы произносим и слышим.
Звуки речи делятся на гласные и согласные.
Үндүү тыбыштар (Гласные звуки)
Тыбыш жасоодо өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көңдөйүндө жолтоого
учурабаса үндүү тыбыштар деп аталат. Кыргыз тилинде 14 үндүү тыбыш бар. Алар:
а, о, ө, э, и, ы, у, ү, аа, оо, өө, ээ, уу, үү.

В кыргызском языке 14 гласных звуков.

Үндүү тыбыштардын классификациясы


( Классификация гласных звуков)
Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар тилдин, эриндин катышына, жаактын
ачылышына жана созулуп айтылышына карай төрткө бөлүнөт.
Үндүү тыбыштардын тилге ( По положению языка) карай бөлүнүшү
1. Жоон үндүүлөр (задние гласные): а, о, ы, у, аа, оо, уу
2. Ичке үндүүлөр (передние гласные): э, и, ө, ү, ээ, өө, үү

Үндүү тыбыштардын эринге (По участию губ) карай бөлүнүшү


1.Эриндүү үндүүлөр (губные гласные): о, у, ө, ү, оо, уу, өө, уү
2.Эринсиз үндүүлөр (безгубные гласные: а, ы, э, и, аа, ээ

Үндүү тыбыштардын жаакка (По степени раскрытия рта) карай бөлүнүшү


1. Кең үндүүлөр (широкие гласные): а(аа), э(ээ), о(оо), ө(өө).
2. Кууш үндүүлөр (узкие гласные): ы, и, у, ү, уу, үү.
Үндүү тыбыштардын айтылышына (По признаку долготы) карай бөлүнүшү
1. Созулма үндүүлөр (долгие гласные): аа, оо, уу, үү, ээ, өө. ,
2. Кыска үндүүлөр (краткие гласные): а, э, о, ө, у, ү, ы, и.
Үнсүз тыбыштар
Айтылганда ооз көӊдөйүндө жолтоолукка учурап, көбүнчө шыбыштын
жардамы менен жасалган тыбыштар үнсүз тыбыштар деп аталат. Кыргыз
тилиндеги үнсүз тыбыштар – 25.
Согласными называются звуки при образовании которых воздух встречает в
полости рта какую-нибудь преграду.
Алар: б, в, г(и), г(ы), д, ж(и), ж(ы), з, й, к(и), к(ы), л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.
Үнсүз тыбыштардын классификациясы
( Классификация гласных звуков)
Кыргыз тилиндеги үнсүз тыбыштар жасалуу ордуна, жасалуу ыгына, үн менен
шыбыштын катышуусуна карата үч топко бөлүнөт.
Согласные звуки различаются:
а) Үнсүз тыбыштардын жасалуу ордуна карай бөлүнүшү (По месту образования
звуки или органа, участвующего в его образовании)
1. Кош эринчил үнсүздөр (Губно-губные): б, п,м.
2. Тиш эринчил үнсүздөр (Губно-зубные): ф, в.
3. Уччул үнсүздөр (Переднеязычные): т, д, з, с, ч, ш, ж, н, л, р, ц, щ.
4.Орточул үнсүздөр (Среднеязычные): й, к, (ки), г, (ги), ж (журнал ).
5.Түпчүл үнсүздөр (Заднеязычные): қ (кы), ғ (гы), ң, х
б) Үнсүз тыбыштардын жасалуу ыгына карай бөлүнүшү (По способу образования)
1.Жарылма үнсүздөр (Смычные или взрывные): б, п, д, т, г (гул), к (көл), к (кол).
2. Жылчыкчыл үнсүздөр ( Проточные или щелевые): з, с, ж (жаңы), ж (жюри), ш, й, г,
в, ф, х
3. Мурунчул үнсүздөр (Носовые): м, н, ң
4. Капталчыл үнсүздөр:л
5.Дирилдеме үнсүздөр (дрожащие): Р
6.Бириккен үнсүздөр ( Слитные): щ, ц
в) Үнсүз тыбыштардын үн менен шыбыштын катышына карай бөлүнүшү
(По участию шума и голоса в образовании согласного звука) :
А) Уяң үнсүздөр (Сонорные гласные): л, м, н, ң, р, й

Б) Шуулдама үнсүздөр (Шумные гласные)


1. Каткалаң үнсүздөр ( Глухие звуки): : к, п, с, т, ф, х, ц, ч, щ, ш
2. Жумшак үнсүздөр ( Звонкие гласные): б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, ң, р, л
3. Түгөйлүү үнсүздөр (Парные): б – п, в – ф, д – т, ж – ш, к – г, з – с.
4. Түгөйсүз үнсүздөр ( Непарные): л, м, н, ң, й, р, х, ц, ч, щ.

1-практикалык иш
1-тапшырма
Мамлекеттик тил гимнин дептерге жазгыла жана жаттагыла
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимни
Сөзү: Сейит Алтымышовдуку.
Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку.

Тил жаралып Көкө - Теңир таңынан


Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай – ааламга жаңырган.

Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили – Мекеним,
Менин өлкөм – Кыргызстан!

Мекен тилим Ата Журттун кареги,


Биримдиги, күч – кубаты, тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили – Мекеним,
Менин өлкөм – Кыргызстан!

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,


Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили как жаныбыз, туубуз,
Ата-Журттун келечеги, ак таңы.

Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили – Мекеним,
Менин өлкөм – Кыргызстан!

2-тапшырма
Текстти жазгыла жана которгула
Кусейин Көлбаев ким болгон?
Көлбаев Кусеин 1908-жылы 25-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна
караштуу Көк-Жар айылында туулган. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер.
Кыргыз ССРинин автожол тармагын түзүүчүлөрдүн бири.
Кусейин Көлбаев Калинин (Тверь шаары) педагогикалык институтун жана
Ленинград жол жана катнаш институтун бүтүргөн.
1935-1938-жылдары «Памир курулушта» инженер-прораб, жол-курулуш участкасынын
башчысы, Фрунзе-Ош автожол куруу башкармасынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн
башчысы болуп иштеген.
1938-жылы Кыргызстан КП БКнин 2-секретары, 1939-1943-жылдары Автомобиль
транспорт эл комиссары, 1943-47-жылдары Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин
төрагасы,
1947-1948-жылдары Кыргыз ССР Айыл чарба министринин биринчи орун басары, 1948-
1953-жылдары Коммуналдык чарба министри, 1953-1971-жылдары Автомобиль
транспорт жана шоссе жол министри болуп эмгектенген.
К.Көлбаев жетектеген мезгилде Фрунзе-Ош, Фрунзе-Каракол жана башка
көптөгөн автомобиль жолдору, Бишкектеги чыгыш автобекети, Кыргыз жол
транспорт долбоорлоо институту, Кыргыз жол-транспорт жана шоссе жолдор
министрлигинин имараты жана башка ири курулуштар бүткөрүлгөн. 1971-жылдан
өмүрүнүн акырына чейин республиканын Автожол министрлиги тармагында
иштеген.Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1959, 1963, 1967-жылдары)
болуп шайланган. Бишкек автомобиль-жол колледжине, Бишкек шаарынын бир
көпүрөсүнө, Бишкек –Ош жолундагы Төө-Ашуудагы жол үчүн тешилген тоого
(тоннелге) Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген.
«Эмгек Кызыл туу», «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
1981-жылы 18-февралда Фрунзе шаарында каза болгон.
3-ташырма
Үйдөн суроолорго жооп жазып келгиле.
1. Кыргыз тили качан Мамлекеттик тил болуп кабыл алынган?
2. Кыргыз эли кандай жазууларды колдонгон?
3. Чыгыш теги боюнча кыргыз тили кайсы тилдердин тобуна кирет?
4. Адабий тил деген эмне?
5. Бир сөзгө фонеткалык талдоо жүргүзгүлө

You might also like