You are on page 1of 5

Кыргыз тили жана адабияты боюнча райондук/шаардык олимпиаданын

тапшырмалары (орус класстары үчүн). 1-күн.

Кыргыз тили

СТЕНДГЕ ИЛҮҮ ҮЧҮН ЖООПТОР ЖАНА КАЛЫСТАР ТОБУ ҮЧҮН


БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ

1. Көрөбүз, жазабыз; угабыз, айтабыз.


1.1. Жогорудагылар кайсы терминдерге туура келет?

Жооп: Тамга жана тыбыш

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

1.2. Жогорудагыларды эмне бириктирип турат?

Жооп: Фонетикалык түшүнүктөрдүн өзгөчөлүктөрү

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 3 балл берилет: 1 жооп х 3 балл = 3 балл.

1.3. Жогоруда эмне үчүн үтүрлүү чекит менен ажыратылып берилген?

Жооп: Анткени биринчи жуп тамгага, ал эми экинчи жуп тыбышка тиешелүү.

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 3 балл берилет: 1 жооп х 3 балл = 3 балл.

2. Киловатт: (1) киловатттык, (2) киловаттык


2.1. Жазылышы боюнча кайсынысы туура?

Жооп: Экинчи варианты

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

2.2. Эмне үчүн (туура деп эсептеген варианттын себебин жазгыла)?

Жооп: Аягы тт же башка кош үнсүз менен аяктаган сөздөргө ошол эле тыбыш
менен башталган мүчө жалганганда, үнсүздөрдүн бири түшүрүлүп жазылат.

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

2.3. Буга типтеш дагы бир мисал келтиргиле.

Жооп: Мисалы, классыз (класссыз эмес)

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

1
3. Төмөндөгү туруктуу сөз айкаштары кандай маанилерди туюндурат?

(А) Кумурскадай кайноо – быкылдап аябай көп болуу, быкпырдай жайноо.

(Б) Тумшугу жылыбоо – иши оңолбоо, жарыбоо.

Баалоо критерийи: Ар бир туура жооп үчүн 2,5 баллдан берилет:


2 жооп х 2,5 балл = 5 балл.

4. Төмөндөгү сөздөрдүн ар бирине экиден мисал келтиргиле.


1. Бел
1.1. Тике маанисинде: Карыялардын таягы жоктору эки колун белине коюп
баратышты.
1.2. Өтмө маанисинде: Уул жакшы өссө, атага бел (жөлөк, таяныч, тирек).
2. Боор
2.1. Тике маанисинде: Эрнис эки колун бооруна алып ары-бери басат.
2.2. Өтмө маанисинде: Четин асканын бооруна жабышып чыккан.
3. Кол
3.1. Тике маанисинде: Динар колундагы китепти чоң энеге көрсөтүп,
силкилдетип койду.
3.2. Өтмө маанисинде: Жыйырма миң кол менен Кара-Коого келет.

Эскертүү: Бул сүйлөмдөр жөн гана мисал катары берилди.

Баалоо критерийи: Ар бир туура жооп үчүн 1 баллдан берилет:


6 жооп х 1 балл = 6 балл.

5. айлампа (1. суунун имерилип аккан жери; 2. аттарды айлантып чапкан жер,
ипподром; 3. раунд) – айланма (тегеренип, айланып өтө турган жер, жол)
Жогорудагылар эмнеге мисал боло алат?

Жооп: Паронимдерге

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

6. аба I (ага, байке) – аба II (атмосфераны түзүп турган газ түрүндөгү зат)
Жогорудагылар эмнеге мисал боло алат?

Жооп: Омонимдерге

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

2
7. Төмөндө берилген сөздү жөндөгүлө.
1. Атооч: спектакль

2. Илик: спектаклдин

3. Барыш: спектаклге

4. Табыш: спектаклди

5. Жатыш: спектаклде

6. Чыгыш: спектаклден

Баалоо критерийи: Ар бир туура жооп үчүн 0,4 баллдан берилет:


5 жооп х 0,4 балл = 2 балл.

8. Жамдама сандарды уюштурууда мүчөнүн кайсы варианты басымдуулук


кылат?

Жооп: -өө (бирөө, экөө, үчөө, төртөө, бешөө, алтоо, жетөө)

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

9. Мен айтпасам, сен айтпасаң, ким айтат?


Жогорудагы сүйлөм этиштин кайсы ыңгайына мисал боло алат?

Жооп: Шарттуу ыңгай

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

10. агыраак, агылжым

10.1. Жогорудагы мисалдарды эмне бириктирип турат?

Жооп:
• Экөө тең сын атооч
же
• Экөө тең сын атоочтун даражаларын билдирген мүчөлөрдөн турган
сөздөр

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

10.2. Жогорудагы мисалдарды эмне ажыратып турат?

Жооп: Биринчиси (агыраак) – салыштырма даража, экинчиси (агылжым) –


басаңдатма даража.

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

3
11. Кайсы сөздөр сүйлөмгө мүчө боло албайт?

Жооп: Сырдык сөз, каратма сөз, киринди сөз

Баалоо критерийи: Толук туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл
= 2 балл.

Эскертүү: Бирөөнү гана туура көрсөткөн учурда 0,7 балл, экөөнү туура
көрсөткөн учурда 1,4 балл берилет.

12. Алар сүйлөмдө кандай милдет аткарат (11-суроонун уландысы)?

Жооп: Сүйлөм тутумунда грамматикалык жактан сүйлөм мүчөсүнүн милдетин


аткарбай, кандайдыр бир сүйлөм мүчөсү менен байланышпай, сүйлөм аркылуу
айтыла турган жалпы ойго кошумча маани берип турат.

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

13. Баш деген – баш! А башты баш кылган – мээ. Мээ иштебесинчи! Көз
көрүп, эмнени ажыратат? Кол кармап, кайсыны көтөрөт? Бут басып,
не жолду арбытат? Бүт тулкуну баш башкарып, мээ тейлеген
сымал, ар айылды теске салчу бир башчысы болот.

13.1. Жогорудагы сүйлөмдөр кандай жол аркылуу байланышкан?

Жооп: Уланма байланыш

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 3 балл берилет: 1 жооп х 3 балл = 3 балл.

13.2. Жогорудагы тексттин тийиштүү жерлерине тыныш белгилерин


койгула.

Жооп: Текстте эки жерде сызыкча коюлду.

Баалоо критерийи: Ар бир туура коюлган сызыкча үчүн 1 баллдан берилет:


2 сызыкча х 1 балл = 2 балл.

13.3. Жогорудагы текстте «бир» сөзү кандай маанини туюндурат?

Жооп: Сандык маанини

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

13.4. Жогоруда берилген тексттеги «башчы» сөзү кандай жол аркылуу


жасалган?

Жооп: Морфологиялык (морфо-семантикалык) жол менен

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

4
13.5. Жогорудагы текстте айтылышы боюнча кандай сүйлөмдөр
басымдуулук кылат?

Жооп: Суроолуу сүйлөмдөр

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

13.6. Жогорудагы текстте сөз болгондордун кайсынысы өзөктүү ойду


билдирет?

Жооп: Башчы

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

14. Оозуңа май, айланайын, оозуңа май!


Жогоруда берилген сүйлөмдөгү кайталоо орундуубу?

Жооп: Ооба, орундуу, сүйлөмгө күчөтүү маанисин берип турат.

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

15. (1) Мен ичкен суудан сен да ичтиң. (2) Мен ичкен сууну сен да ичтиң.
Жогорудагы сүйлөмдөрдүн ортосунда маанилик жактан кандай айырма
бар?

Жооп: Айырма жок, экөө бирдей маанидеги сүйлөмдөр.

Баалоо критерийи: Туура жооп үчүн 2 балл берилет: 1 жооп х 2 балл = 2 балл.

You might also like