You are on page 1of 11

2023-2024-жж.

мектеп окуучуларынын биология боюнча


республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы

Стендге илүү үчүн жооптор жана калыстар тобу үчүн баалоо критерийлери

2-күн

Упайлардын эң көп саны – 47 упай.

А бөлүгү

А бөлүгүндөгү тапшырмалар бир гана туура жоопко ээ.


Ар бир туура жооп үчүн 1 упайдан берилет.
А бөлүгү үчүн упайлардын эң көп саны – 30 упай.

1. Төмөндөгү процесстердин кайсынысы матрицалык синтездин реакцияларына кирет?

(А) Хемосинтез
(Б) Ачуу (кыжылдоо)
(В) Фотосинтез
(Г) Репликация

2. Рибосомалар төмөндөгү объектилердин кайсынысынын курамына КИРБЕЙТ?

(А) Бактериялардын
(Б) Митохондриялардын
(В) Вирустардын
(Г) Хлоропласттардын

3. Төмөндөгү жаныбарлардын кайсынысынын онтогенезинде личинкалык стадия жок?

(А) Жалпак курттардын


(Б) Муунак курттардын
(В) Былпылдактардын
(Г) Ичеги көңдөйлүүлөрдүн

4. Төмөндөгүлөрдүн кайсыларынын клеткаларында хлорофилл бар?

(А) Жашыл козу карындын


(Б) Кызыл балырлардын
(В) Клубень (түймөк) бактериялардын
(Г) Жашыл бубактын

5. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысында митохондриялар жок?

(А) Жашыл эвгленада


(Б) Сперматозоидде
(В) Лейкоцитте
(Г) Дизентерия амёбасында

1
6. Адамдын мээсинин кайсы бөлүгү жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөн түзүлүштү
камтыйт?

(А) Ортонку мээ


(Б) Каракуш мээ
(В) Сүйрү мээ
(Г) Аралык мээ

7. Өсүмдүктүн төмөндөгү түзүлүштөрүнүн кайсынысы диплоиддик болуп эсептелет?

(А) Кырк муундун архегонийи


(Б) Мохтун протонемасы
(В) Папоротниктин сорусу
(Г) Плаундун өсүндүсүнүн ризоиддери

1. Жашыл бездер
2. Коксал бездери
3. Май денече
4. Метанефридиялар
5. Мальпиги түтүкчөлөрү

8. Жогорудагы органдардын кайсынысы жөргөмүштөрдүн бөлүп чыгаруу функциясын


аткарат?

(А) 1, 3
(Б) 2, 4
(В) 2, 5
(Г) 3, 5

9. Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү кайдан тапса болот?

(А) Моюн веналарынан


(Б) Өпкө веналарынан
(В) Колдун артерияларынан
(Г) Мээнин веналарынан

2
10. Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы сүрөттөгү организмге туура келет?

(А) Көп клеткалуу организм


(Б) Сапрофит болуп эсептелет
(В) Крахмалды запастайт
(Г) Клетканын керегеси муреинден турат

Киши аскаридасынын личинкасы өрчүү процессинде кан тамырлар системасында


айланып жүрөт.

11. Аскариданын личинкасы миграция учурунда адамдын кан тамырлар системасынын


кайсы органы (элементи) аркылуу ӨТПӨЙТ?

(А) Оң дүлөйчө
(Б) Өпкө артериясы
(В) Үч капкалуу клапан
(Г) Күрөө тамыр

12–14-суроолор төмөндөгү сүрөткө тиешелүү.

1
4

3
2
12. Жогорудагы сүрөттө эмбриогенездин кайсы стадиясы көрсөтүлгөн?

(А) Морула
(Б) Гаструла
(В) Нейрула
(Г) Бластула

13. Целом сүрөттө кайсы сан менен белгиленген?

(А) 1
(Б) 2
(В) 3
(Г) 4

3
14. «4» саны менен белгиленген түзүлүштөн кайсы органдар өрчүйт?

(А) Өпкөнүн альвеолдору


(Б) Тер чыгаруучу бездер
(В) Калкан бези
(Г) Скелет булчуңдары

15. Жогорудагы сүрөттө жалбырагынын кесилиши көрсөтүлгөн өсүмдүк кайсы


экологиялык топко кирет?

(А) Ксерофиттер
(Б) Гелиофиттер
(В) Склерофиттер
(Г) Сциофиттер

Жогорудагы сүрөттө кадимки арчанын көбөйүү органы көрсөтүлгөн.

16. «Х» менен белгиленген органдын бөлүгү – бул

(А) мөмө.
(Б) мөмө коргону.
(В) уруктун кабыгы.
(Г) уруктун эндосперми.

Клетканын бул органоиди татаал углеводдордун синтезделишинде, белоктордун


модификацияланышында, даяр секреттердин өрчүшү жана «экспортко» чыгарылышында
катышат.
17. Жогоруда клетканын кайсы органоиди жөнүндө сөз болуп жатат?

(А) Лизосома
(Б) Хлоропласт
(В) Гольджи комплекси
(Г) Эндоплазмалык тор
4
18. Кайсы элементтер ядролук мембрана аркылуу ташыла АЛБАЙТ?

(А) ДНК
(Б) Белоктор
(В) т-РНК
(Г) Рибосомалар

19. Организмдин генотиби – AaBbCcDdEE, гендер көз карандысыз тукум кубалайт.


Мындай организм гаметалардын канча тибин берет?

(А) 4
(Б) 8
(В) 16
(Г) 32

20. Жогорудагы микросүрөттө көрсөтүлгөн мите организмдин акыркы ээси ким?

(А) Келемиш
(Б) Чиркей
(В) Адам
(Г) Цеце чымыны

21-22-суроолор төмөндөгү организмдин сүрөтүнө тиешелүү.

21. Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөн организм кайсы класска (типке) кирет?

(А) Цестоддор
(Б) Нематоддор
(В) Трематоддор
(Г) Турбелляриялар

5
22. Бул организм үчүн төмөндөгү белгилердин (1–6) кайсылары мүнөздүү?

1. Дене көңдөйү суюктук менен толтурулган


2. Регенерацияга жөндөмдүүлүк
3. Жыныстык диморфизм жакшы байкалып турат
4. Тери-булчуң капчасынын болушу
5. Өтмө ичеги
6. Гермафродит болуп эсептелет
(А) 1, 3, 5
(Б) 1, 4, 6
(В) 2, 3, 5
(Г) 2, 4, 6

1 2 3 4
Жогорудагы сүрөттөрдө (1–4) өсүмдүктөрдөгү органдардын түр өзгөрүүсүнүн мисалдары
келтирилген.
23. Кайсы сүрөттө (1–4) тикенек өркүндүн түр өзгөрүүсү болуп саналат?
(А) 1
(Б) 2
(В) 3
(Г) 4

24. Жогорудагы сүрөт кайсы эволюциялык процессти көрсөтүп турат?


(А) Мутагенез
(Б) Гендердин дрейфи
(В) Табигый тандалуу
(Г) Популяциялык толкундар

25. Организмдердин арасындагы өз ара мамилелердин төмөндөгү мисалдарынын


кайсынысы мутуализм болуп саналат?

(А) Кош капкалуу моллюска жана каңылтырдын ургаачысы


(Б) Жабышкак балык жана акула
(В) Керик жана бодочул куштар
(Г) Дизентерия амёбасы жана адам
6
26-27-суроолор төмөндө берилген мөмөнүн сүрөтүнө тиешелүү.

26. Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөн мөмө –


(А) ашкабак.
(Б) жемиш.
(В) ачуу апельсин.
(Г) көп уруктуу.

27. Төмөндөгү диаграммалардын (А–Г) кайсынысы мөмөсү жогорудагыдай өрчүгөн


өсүмдүктүн гүлүнө мүнөздүү?

(А) (Б) (В) (Г)

Кандын плазмасындагы белоктордун 50–60 %ын түзөт, кандын нугунда сууну токтотуп
кармап турат, дарыларды (антибиотиктерди) ташыйт, амин кислоталарынын булагы болуп
саналат.

28. Жогоруда адамдын канынын кайсы компоненттери жөнүндө сөз болуп жатат?

(А) Глобулиндер
(Б) Тромбоциттер
(В) Альбуминдер
(Г) Эритроциттер

29. Эгер гомозиготалар доминанттык белги боюнча 49 %ды түзсө, анда идеалдуу
популяциядагы рецессивдүү аллелдин жыштыгы канчага барабар болот?

(А) 3
(Б) 7
(В) 9
(Г) 14

30. Парасимпатикалык нерв системасынын таасири астында адамдын организминде


кандай процесс жүрөт?
(А) Өпкө кеңеет
(Б) Шилекей бөлүп чыгаруу азаят
(В) Каректер ичкерет
(Г) Жүрөктүн согушу ылдамдайт

7
Б бөлүгү
Бул бөлүктөгү тапшырмалар түрдүү типтеги суроолорду камтыйт.
Кыска жоопторду атайын бөлүнгөн жерлерге жазуу керек.

Б бөлүгү үчүн упайлардын эң көп саны – 17 упай.

1. Муунак буттар
2. Хорда
3. Кулкун жанындагы шакек
4. Кекиртек
5. Туюк ичеги
6. Сырткы кулак

31. Жаныбарлардын түзүлүштөрүн (1–6) эволюциянын жүрүшүндө пайда болуу иретине


жараша жайгаштыргыла.

Туура жооп:

5 3 1 2 4 6 – 1 упай

Упайлардын эң көп саны – 1 упай


_____________________________________________________________________________

Кадимки кызыл карагайдын эндоспермасынын клеткасынын 12 хромосомасындагы


бардык ДНК молекулаларынын жалпы массасы 2,5 ꞏ10-9 миллиграммды түзөт.
32. Митоздун анафазасындагы жалбырактын (ийне жалбырак) бир клеткасынын
хромосомаларындагы ДНК молекулаларынын массасы канчага барабар болот?

Туура жооп:

10 ꞏ10-9 мг – 1 упай

Упайлардын эң көп саны – 1 упай

8
33–35-суроолор төмөндөгү бир үй-бүлөнүн ата-тегинде кан группасын (АВО системасы
боюнча) жана дальтонизмди (кара түс менен белгиленген) тукум кубалоо схемасына
тиешелүү.
I
♀ IV ♂ IV ♀ II ♂ III
I 1 2 3 4

♀ II ♂ III

II 5 6

III ?

33. 1 жана 2 сандары менен белгиленген үй-бүлө мүчөлөрү (чоң эне жана чоң ата)
кандай генотиптерге ээ болушкандыгын жазгыла.

Туура жооп:

♀JAJBXDXd, ♂JAJBXdY

Ар бир туура көрсөтүлгөн генотип үчүн – 1 упайдан

Упайлардын эң көп саны – 2 упай

34. 6 саны менен белгиленген үй-бүлө мүчөсү (атасы) гаметалардын канча тибин пайда
кыларын жазгыла.

Туура жооп:
4 – 1 упай
Упайлардын эң көп саны – 1 упай

35. 5 жана 6 сандары менен белгиленген түгөйлөрдө 2 саны менен белгиленген чоң
атаныкындай генотипке ээ боло турган эркек баланын төрөлүшүнүн ыктымалдуулугу (%)
кандай?

Туура жооп:
25 % – 1 упай
Упайлардын эң көп саны – 1 упай

9
1. Тромбдун калыптанышы
2. Тромбоциттердин бузулушу
3. Тамырдын керегесинин жабыркашы
4. Фибриндин пайда болушу
5. Протромбиндин активдешүүсү
6. Тромбин менен фибриногендин өз ара аракеттешүүсү

36. Адамдын кан тамыры жабыркаганда кандын уюу процесстери (1–6) кандай иретте
жүрөрүн жазгыла.

Туура жооп:
3 2 5 6 4 1 – 1 упай

Упайлардын эң көп саны – 1 упай

ДНКнын чынжырларынын биринин бөлүгү төмөндөгүдөй ырааттуулукка ээ:

–Ц–Т–А–Г–Т–Ц–А–Ц–Т–
37. ДНКнын бул молекуласынын эки чынжырлуу бөлүгү канча суутектик байланышты
кармап турат?
Туура жооп:

22 – 1 упай

Упайлардын эң көп саны – 1 упай

38. Төмөндөгү таблицада эволюциянын салыштырмалуу-анатомиялык далилдеринин


мисалдары (I катар) менен түрлөрүнүн (II жана III катарлар) арасындагы шайкештикти
«+» белгиси менен көрсөткүлө.

I II III
Мисалдар Аналогиялык Гомологиялык
органдар органдар
1. Таранчы менен өткүн чегирткенин канаттары +
2. Момолой чычкан менен аюучуктун +
(медведканын) буту-колдору
3. Кайыңдын жалбырагы менен буурчактын +
мурутчасы
4. Картөшкөнүн түймөгү жана жүзүмдүн муруту +
5. Рак менен балыктын бакалоорлору +
6. Капуста кочаны жана ландыштын тамыр +
сабактары

Ар бир туура дал келтирүү үчүн – 0,5 упайдан

Упайлардын эң көп саны – 3 упай

10
1 2 3 4 5

Жогоруда түрдүү класстагы омурткасыздардын беш түрүнүн личинкаларынын


сүрөттөрү (1–5) берилген.

39. Таблицага ар бир личинканын (1–5), анын тибинин жана классынын аталыштарын
жазып чыккыла.

Сүрөттүн Личинканын Тибинин аталышы Классынын аталышы


номери аталышы
1 Мирацидий Жалпак курттар Соргучтар
2 Планула Ичеги көңдөйлүүлөр Медузалар
(Сцифоиддүүлөр)
3 Науплиус Муунак буттуулар Рак сымалдар
4 Трохофора Муунактуу курттар Көп түктүүлөр
5 Глохидий Моллюскалар Кош капкалуулар

Ар бир туура аталган личинка үчүн (1–5) – 0,5 упайдан

Ар бир туура жазылган типтин, класстын аталышы үчүн – 0,25 упайдан

Башка жооптор үчүн – 0 упай

Упайлардын эң көп саны – 5 упай

1. Бүртүктүү катмар
2. Базалдык катмар
3. Мүйүз катмары
4. Тикендүү катмар
5. Жалтырак катмар
Жогоруда адамдын терисинин эпидермисинин катмарлары (1–5) берилген.

40. Адамдын терисинин эпидермисинин эң тышкы катмарынан баштап туура


жайгашуу ырааттуулугун жазып чыккыла.

Туура жооп:
3 5 1 4 2 – 1 упай

Упайлардын эң көп саны – 1 упай

11

You might also like