You are on page 1of 2

Илим менен билимге кѳпүрѳ – тил,

Кѳкѳлѳткѳн адамды тили деп бил


Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири – тили, бири – дили ак көңүл.
Жусуп Баласагын

21-февраль ЮНЕСКО тарабынан эл аралык Эне тил күнү катары


белгиленген. Бул күн 1999-жылы бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим
жана маданият маселелери боюнча уюму ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып,
ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын ѳркүндѳтүү
максатында белгиленип келе жатат. ЮНЕСКО эне тилге же биринчи тилге
негизделген кѳп тилдүү билим берүүнү кубаттайт жана ѳнүктүрѳт. Кѳп
тилдүүлүк ар турдүү маданияттын, дүйнѳ таанымдарын жана билим
системаларынын жанаша жашоосуна жана бири-биринин байланыштарынын
түрдүү маданиятта ѳздѳштүрүүсүнѳ жана ар бир улут тилинин коомдогу
ордун сактаганга ѳбѳлгѳ түзѳт. Анын алкагында Ош технологиялык
университетинде бардык инженердик жана гуманитардык адистиктер учун
тил борборлору ѳз кызматтарын студенттер үчүн иш жүргүзүп келүүдѳ.
 Мамлекеттик тил борбору
 Орус тили жана славян борбору
 Америкалык ресурстук борбор
 Корей тили борбору
 Кытай тили борбору
Ар бир борбордо студенттер үчүн мыкты шарттар түзүлгѳн. Студенттер
адистик предметтерден сырткары аталган борборлордо ѳздѳрү каалаган тил
курстарында ѳз билимдерин ѳркүндѳтүп жатышат ошондой эле уйронуп
жаткан тилдер боюнча ошол ѳлкѳнүн каада-салтын, маданий мурастарын
окуп үйрѳнүшѳт. Мындан сырткары студенттер чет тилдерди үйрѳнүү менен
ар кандай багыттагы мобилдүүлүк программалары боюнча проекттер менен
иш жүргүзүп чет ѳлкѳдѳгү чон шаарлардагы университеттер менен билим
кѳпүрѳсүн түзүп, тажрыйба алмашып келүүдѳ.
Кыргыз: Ассаламу алейкум урматтуу мырзалар! Маегинерге кокустан кубо
болуп калдым. Себеби ар бир тил оз эли учун кымбат, баалуу экенине дагы
бир жолу ынандым. Мен кыргыз, тилим, дилим да кыргыз! Кыргыз тили эн
байыркы бай тилдерден экенине далил Манас эпосу. Бир эле Манас эпостун
үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500553 сап ыр. Бул көлөм гректердин
«Иллиадасын» менен «Одиссеясын» бирге кошкон көлөмүнөн 20 эседей көп
жана инди элдеринин «Махабхаратасынан» эки жарым эсе чоң. Демек
кыргыз тили да бай тилдердин бири!

You might also like