You are on page 1of 10

Тоголок Молдо

Байымбет Абдракман уулу/Абдыракманов (Тоголок Молдо) (1860-жылы


Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган - 1942) - жазма акын
жана манасчы.

Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны


ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал
жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен.
Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да
байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген
да,дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө
кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын
дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле
сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш
адабияты менен да жакындан тааныш болгон.

“Он сегиз жашка келгенде,J


Акын болдум атанып.
“Манасты” бүт үйрөндүм,
Тыныбектен жат алып”

– деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын


тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган.
Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок
Молдо анын баарын 1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-
жылдан тартып кайра баштан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү
кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу
жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.
Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган
замадаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип
кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун
өзү да тарых үчүн зор табылга десек болот.
Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай сыяктуу чыгыштын улуу
акындарынын чыгармалары менен жакшы тааныш болгон жана кыргыздын
оозеки чыгармалары менен жана мифтик түшүнүк, ишенимдерден кабардар
болот. Эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу
дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер
Академиясына тапшырган. Ошондой эле эл кыдырып кыргыз тарыхын,
санжыраларын жыйнап жазган.
Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер
академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен
“Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук
жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы”
сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып
турат (Чоюке өмүр уулу, Алмабек Тойчубек уулу, Ыбырайым Абдыракман
уулу, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын
варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек болгондуктан аны
мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.
Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты
үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле
бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка
айылында каза болгон.

1. 1860-жылы азыркы Ак-Талаа районунун Куртка деген жеринде туулган.


Теги Саяк уруусунун Чоро саяк уругунунан. Атасы Абдырахман, энеси
Коңур да өз эмгектери менен кылып, эптеп оокат кылган кедей адамдар
болушкан.

Фетхуллах Гүлен 1939-жылы Түркиянын Эрзурум аймагына караган


Пасинлер районунун Коруджук айлында туулган, атасы Рамиз кожо мечитте
имам болгон, апасы Рефия ханым үй ичине эле оокат кылган, карапайым аял
болгон.

2. Тоголок Молдо атактуу комузчу жана акын, чечен катары таанылган


Музоокеден үлгү алган. Ал Тогол Молдонун зээндүү, идиретүү экендигин
байкап, дин мектебине берет, арабча жакшы кат таанып, ал тилдеги диний
китептерди жана адабияттарды окууну мыкты өздөштүргөн. Т. Молдо
Музооке жөнүндө:

Өзүмдүн бабам Музооке,


Чертип жүргөн комузун.
Комузуна келтирип,
Кошуп жүргөн добушун, деп жазган.

Тоголок Молдо өз заманындагы акындардын арасында сабаттуу, жаза, окуй


билген адам болгон. Кыргыз адабияттында аны жазгыч акын катары
тааныйбыз.

Фетхуллах жашынан эң мыкты устаздарга туш келип, исламий билим алып,


арабчаны жакшы үйрөнүп, куранды бүт жатка билип, он эки жашында хафиз
даражасына жеткен.

Музооке өлгөндөн кийин Тоголок Молдонун үй-бүлөсү Чүйдүн Токмок


шаарына жакын Жаңы-Чек жана Кара -Дөбө деген айылдарына келип туруп
калышат. Ошондо Т. Молдо казак тилинде чыккан китептерди көп окуган.
Казактын кыйын акындарынын бири -Майкөт менен таанышып, аны менен
бирге жүрүп, көп ырларды үйрөнөт, үлгү алат. Майкөттүн көп ырларын ал
жатка билген.
Тоголок Молдо казак адабиятынан сырткары татар, өзбек адабиятынын
мыкты өкүлдөрүнүн чыгармаларын көп окуган. Абайдын, Низами, Навои,
Фирдоуси, Хафиздин чыгармаларын түп нускасында араб арибинде окуган.
Татар акыны Абдулла Тукайдын, атактуу татар педогогу Ыбырай
Алтынсариндин китептерин да мыкты өздөштүргөн.

Тоголок Молдо өз ырларында Жусупбек Шайкул казакчалатып бастырып


чыгарган түрк жана чыгыш элдеринин адабий чыгармаларын окуп, «көзү
менен көрүп, бир далай аңгеме куруп, айтып жөргөнүн» эскергенин билебиз.

3. Дагы бир маанилүү нерсе: 1890-1910-жылдардын аралыгында Тоголок


Молдо Шабдан баатыр тарабынан Токмокто ачылган мектептерде кыргыз
жаштарынын билим алып, эл арасында агартуучулук иштердин жүрүшүнө да
өз салымын кошкон.

Гүлен аскердик милдетин өтөгөндөн кийин Измир шаарында балдарды


тарбиялоо ишин уланткан. Бир эле учурда Туркиянын шаарларын кыдырып,
эл арасында агартуучулук иштерди жүргүзгөн.

1955-жылы 14ү бала Эрзурумда медреседе да окуган, ошол эле кезде өз


айылына барып балдарды да окуткан. Эр жеткенде араб, түрк, фарсий
тилдерин мыкты өздөштүргөн жигит диндин, адабияттын, философиянын
түйүндүү маселелерин чечүүгө аракет кылып, макалаларды жазды, ар кандай
талаш-тартыштуу жыйындарда чыгып сүйлөп жүрдү.

Тоголок Молдо 1890-жылы атайын ат арытып Кетмен -Төбөгө барып,


Таласка кеткен Токтогулду күтүп отуруп, улуу акын менен таанышып, аны
менен көп күн бирге болот. Кийин Токтогул менен экинчи жолу жолугат.
Мындан сырткары Ош, Жалалалабад облустарынын көп жерлеринде болуп,
Эшмамбет, Ботобай, Калмырза, Жөжө, Чоңду деген акындар менен
таанышып, бир жай бирге болгону айтылат.

Анжиянда, Куршабда,
Ботобай деген бар экен.
Акын экен шул тапта,
Акындыгы мыкты экен,
Айткан сөзү ыктуу экен.
Фаргананын өзүндө,
Жалгыз акын өзүм дейт,
Сайрап турган кезим дейт.

Тоголок Молдо жазгыч акын гана болбостон айтышкан өнөрү да болгон.


Бошкой деген акын менен айтышканы белгилүү.

4. 1916-жылы Тогуз-Торого көчүп барып 1923-жылга чейин жашайт.


«Өзгөрүш», «Аялдардын тендиги», «Насыят» ж.б. чыгармаларын ошол жерде
жараткан. Жайлоодо мектеп уюштуруп, балдарды окуткан, жаңы заманга
үндөгөн. Анын мындай аракети жергиликтүү төбөлдөргө жакпай,
куугунтукка алышкан. Окуу китептерин тартып алып, өртөлгөн фактылар
бар,. Ошондо акындын куржун толо көп ырлары да өртөнүп кеткен деген
айтымдар бар.

1936-жылы Кыргыз илим изилдөө институтуту Фрунзеге алып келет. 190


басма табак материалдарды өзү жазып тапшырат. 1938-жылы Жазуучулар
союзуна мүчө болот. 1939-жылы Москвадагы кыргыз истусствосунун
декадасына катышып, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат. Улуу акын
көзү өткөндөн кийин чыгармалары басылып келди, мектептерде, ВУЗдарда
окутулууда.

Фетхуллах Гүлен адабий, публицистика багытында ишмердүүлүгүн


жүргүзүп, 45 китебин, анын ичинен 2 ыр жыйнагын жана 7000дей макаласын
жазган. Көрүнүктүү динтаануучу, философ, жазуучу, акын, коомдук ишмер,
кайрымдуу инсан Фетхуллах Гүлен ушул тапта өзү негиздеген Түркиянын
жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу төрагасы.

Тоголок Молдонун чыгармачылыгын 7 багытка бөлсөк болот:

1. Кошоктору, 2. Сүйүү ырлары, 3. Түрдүү ырлары, 4. Балдар ырлары, 5.


Жомоктору, 6. Тамсилдери, 7. Элдик дастандары. Мындай дараметтүү,
бардык тармакты камтыган акын кыргыздарда жок.

5. Т. Молдо өзүнүн чыгармаларында коомдогу терс көрүнүштөрдү кесин


сынга алып келген, жаштарды эмгекке, билимге, адамдарды сабырдуулукка,
диалогго, ымалага, үндөгөндөн тажабаган, аялдардын укугун талашкан.

Билбес жаман туугандан,


Билселүү жат жакшы,
йүңдө бекер жатканча,
йрөнсөң илим, кат жакшы.
Сараңдык кылган бакылдан,
Сакылык кылган март жакшы.
Кадырын тапкан эр жигит,
Кары, жашка тең жакшы деп жазган улуу Тоголк Молдо.

Фетхуллах Гүлен баарыбыз билгендей биздин доордун үч «оорусун» жана


алардан арылуунун жолдорун белгилейт. Алардын биринчиси – «түркөйлүк»,
«билбегендик», мындан чыгуунун жолу - «билим». Экинчи оору –
«жакырчылык», андан чыгуунун жолу – «социалдык жактан жардамга чүнчү
оору – «дискриминация», булмуктаждарды колдоочу уюмдарды» ачуу.
бардык конфликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу -
«сабырдуулук жана диалог».
6. Тоголок Молдо да дүйнө жыйып, байыйын деген эмес. Анын болгону
жалгыз аты болгон. Убагында Касымбек деген бай өзүнө ырчы бол, оокат
ашыңды тындап ал, балдарыңды бак дегенде да көнбөгөн. Байымбеттин
өзүнүн тогуз баласы болгон дешет, бирок бирөө да токтобоптур. Иниси
Байтымбет отузга чыкпай каза болгондо, анын чиедей төрт баласын -
Токтаалы, Турдаалы, Кайырса жана Сапияны Тоголок Молдо өзү багып алат.
Алардын ичинен азыр көзү тирүүсү эле - Сапия эне (София) азыр 108 жашка
келген, Чүйдө чөбөрөлөрүнүн колунда. Ага София деген атты Тоголок
Молдо өзү койгон экен.

Ф.Гүлендин бир өзгөчөлүгү – эч качан мансап менен байлыкка умтулган


эмес. Анткени анын тарбиясы, алганы билими дал ошого сугарылган эле.
Мына ошол сапаты бүгүнкү бийиктикке жеткирип отурат.

Калкынын терең урмат-сыйына ээ болуп улуу Тоголок Молдо 82 жаш


курагында 1942-жылы Ак-Талаада дүйнөдөн өткөн, сөөгү Курткага коюлган.

Жалпылап айтканда Тоголок Молдонун чыгармачылыгына эки багыт чоң


түрткү берген, байыткан, терңдеткен.

1. Музооке, Тыныбектин таасири менен кыргыздын «Манас» баштаган улуу


рухий казынасын терең өздөштүргөндүгүндө.

2. Арабча жаза билип, чыгыш жана түрк адабий мурастарына


сугарылгандыгында.

Чыгармалары:

Кыргыз тилинде:

Насыят. Поэма. – М.: СССР Калктарынын Борбор басма мекемеси, 1925. – 23


б.
Балдар жомоктору. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 92 б.
Жер жана анын балдары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 16 б.
Майдан (Семетейден). – Ф.: Кыргызманбас, 1942. – 63 б.
Жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944. – 262 б.
Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 250 б.
Жер жана анын балдары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 60 б.
Эркиндик: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 96 б.
Чыгармалар: 1-т. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 276 б.
Чыгармалар: 2-т. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 204 б.
Балдар ыры. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 108 б.
Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 192 б.
Чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 322 б.
Абышка-кемпирдин көмөчү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 20 б.
Жер жана анын балдары. – Ф.: Мектеп, 1964. – 24 б.
Куштардын аңгемеси: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1970. – 22 б.
Чыгармалар: 1 – 2-т. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 343 б.
Бөрү менен түлкү: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1971. – 28 б.
Канаттуулар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 24 б.
Абышка-кемпирдин көмөчү: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1974. – 19 б.
Балдарга: Ырлар, тамсилдер, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 66 б.
Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1977. – 9 б.
Куштардын аңгемеси: Ырлар, тамсилдер, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 92
б.
Бөрү менен түлкү. Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 16 б.
Адам мүнөзү: Ырлар, тамсилдер, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 72 б.
Бөрү менен түлкү: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1981. – 10 б.
Ала-Тоо: Поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 48 б.
Абышка-кемпирдин көмөчү: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1984. – 19 б.
Ала-Тоо: Поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 48 б.
Насыят: Ырлар, тамсилдер, поэмалар, жомоктор. – Ф.: Кыргызстан, 1985. –
21 б.
Бөрү менен түлкү: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1986. – 14 б.
Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу: Жомок-уламыштар. – Ф.: Адабият, 1989. –
16 б.
Жер жана анын балдары: Поэма. – Ф.: Адабият, 1990. – 26 б.

Орус тилинде:

Избранные стихи. – М.: Госкомиздат, 1958. – 190 с.


Дорогой песен: Стихи. – М.: Мол. гвардия. 1960. – 143 с.
Волк и лиса. – Ф.: Мектеп, 1972. – 28 с.
Волк и лиса. – Ф.: Мектеп, 1973. – 30 с.
Сказка о птицах. – Ф.: Мектеп, 1973. – 24 с.
Колобок. Сказка. – Ф.: Мектеп, 1975. – 24 с.
Волк и лиса: Басни. – Ф.: Мектеп, 1986. – 14 с.
Талым кыз менен
Көбөктүн айтышканы
Талым кыз:
— Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру не болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру не болот?
Аркасында тунарык,
Кирген нуру не болот?
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру не болот?
Асман, жерди бүркөгөн,
Сасык нуру не болот?
Асман, жердин зыйнаты,
Канык нуру не болот?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру не болот?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру не болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун,
Менин атым — Талым кыз,
Ченеп мага жологун.

Көбөктүн жообу:
– Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот,
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болот,
Аркасында тунарык,
Кирген нуру түн болот,
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру күн болот.
Жер-асманды бүркөгөн,
Сасык нуру туман дейт.
Жер-асманды жаркыткан,
Анык нуру жылдыз дейт.
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру жакшы сөз.
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада,
Таптымбы, Талым, сөзүңдү?
Келтирдимби, кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү!..
Талым кыз:
— Жер сиңип кеткен жети атан
Ал эмне Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне Көбөк чоң,
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Ысыккөлдө ит үрөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жан бүткөндүн баарынан
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган ким болот?
Күндөп-түндөп токтобой,
Көчүп турган ким болот?
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган ким болот?

Көбөк:
— Жер сиңип кеткен жети атаң —
Жети атабыз эмеспи!
Жерди жемире баскан чал буура –
Түп атабыз эмеспи!
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи!
Жез буйлалуу нар тайлак —
Карындашым эмеспи!
Оргочордон от күйсө,–
Эки көзү жайнаган,
Ысыккөлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган байкуштар.
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган чечендер:
Күндөп-түндөп токтобой
Көчүп жүргөн санаа дейт.
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган бала дейт
Талымкыз:
— Узун, узун, узун жол,
Учун билген ким экен?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбай жүргөн ким экен?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким экен?
Ачуу менен таттуну,
Даамын таткан ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Кан төгүшкөн душманды,
Жакын кылган ким экен?
Кайраты бар адамды,
Баатыр кылган ким экен?
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган ким болот?
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган ким болот?
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ким болот?
Мууну-жүнүн бошотуп,
Арык кылган ким болот?
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган ким болот?

Көбөк:
-Узун жолду узартып,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан казанчы.
Кайраты бар жигитти,
Баатыр кылган эл болот.
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган тил болот.
Ойду жокту ойлотуп,
Кесел тылган жин болот.
Күңгүрөтүп адамды,
Карып кылган ургаачы.
Муун-жүнүн бошотуп,
Арык кылган убайым
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган бересе.
Жана сөзүң бар болсо,
Жообун берем бир нече.
Талым кыз:
— Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Казда бүтүн бар бекен?
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу бар бекен?
Качырганын куткарбас,
Куштун чоңу бар бекен?

Көбөк:
– Кулдуюп жерге түшпөгөн
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Каздан бүтүн карлыгач.
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Суудан бүтүн Ысыккөл.
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу кумайык.
Кармаганын куткарбас,
Куштун шери буудайык.
Каргашалуу Талым кыз
Ушул кимге ылайык?

Талым кыз:
Тим жүрбөстөн сөзүңө
Тийиштик кылдым өзүңө
Күнөөм болсо–кечкин деп,
Күрмөгөн жибиң чечкин деп,
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.

You might also like