You are on page 1of 6

ЧАРЛЬЗ ДИККЕНС

ӨМҮР БАЯНЫ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУ

Курманбеков Илим (TKI-4)


1812-жылы 7 февраль күнү Улуу Британиянын Лендпорт шаарында
төрөлгөн Чарльз Диккенс 19-кылымдын эң эле таанымал жана
таасирдүү жазуучулардын бири болгон.
Джон жана Элизабет Диккенстердин 8 баласынын экинчиси болуп
төрөлгөн. Ата-энесинин маянасы 10 кишиден турган уй-бүлө үчүн
өтө эле аз болгондуктан жазуучунун бала чагы жакырчылыкта өткөн
жана 12 жашынан баштап эле иштей баштаган. Жашоосунун бул
учурлары жазуучунун чыгармачылыгына да таасир эткен.
Адабиятка болгон сүйүүсү жаш жазуучу аймактык гезиттерде
репортер болуп иштеп жүргөндө ойгонот. Анын туңгуч
чыгармасы – «Боздун очерктери» 1836-жылы жарык көргөн.
1837-ж. «Пиквик клубунун жазмалары» аттуу романы жарык
көрүп коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган.
Андан кийин жазылган романдары да окурмандардын купулуна
толгон.
Ч. Диккенс өзүнүн чыгармаларында Лондондун кедей-
кембагалдардын турмушун баяндап, курч социалдык маселелерди
талкууга алган.
Адегенде реалисттик сатира жазууга аракеттенсе, кийин сынчыл реализм жолуна
өткөн жазуучунун эң эле белгилүү болгон романдарынын бири «Оливер Твисттин
укмуштуу окуялары» (1838) романында кедей-кембагалдын, жумушсуздардын
ачкадан өлүшүн баяндаган. «Мартин Чезлвит» (1844) романында Түштүк Америкада
залимдердин негрлерди кул кылышын, бурж. коомчулукту сынга алган. «Домби жана
уулу» (1848), «Дэвид Копперфилд» (1850) романдары менен Д. реалисттик
чыгармачылыктын айдың жолуна түшкөн.
«Эки шаар жөнүндө баян» (1859) романы Диккенстин чыгармачылыгында
көрүнүктүү орун ээлеген. Диккенстин акыркы романдары: «Чоң үмүттөр» (1861),
«Бардыгыбыздын досубуз» (1865), «Эдвин Друддун сыры» (1870) деген чыгармалары
курч окуялуу жанрга жакын. «Дэвид Копперфилд» (1850) романы өмүр баяндык
белгилерге ээ. Жазуучу 1870-жылы 58 жаш курагында инсульттан улам каза тапкан.
ЭКИ ШААРДЫН БАЯНЫ
Француз көтөрүлүшүнө чейинки жана ошол учурдагы Лондон менен
Париждеги окуяларды чагылдырат. Роман француз доктор Манеттин
окуясын баяндайт. Ал Париждин Бастиллиясында 18 жыл абакта
отуруп чыккандан кийин мурда көрүшө элек кызы Лүси менен
Лондонго барат. Лүсинин турмуш курушу жана анын сүйүктүү
күйөөсү менен атасынын камакка түшүшүнө себеп болгон элдин
ортосундагы кагылышуусу, Париждин чет-жакасындагы кедей
аймакта шарап саткан мырза жана айым Деваржалар да баяндалат .
Окуя Француз көтөрүлүшүнө жана Террор дооруна алып барган
жагдайларды чагылдырат.

You might also like