You are on page 1of 9

АКК-3-18

Студен.:Эмилбек кызы Айзирек


мугалим:Сюита Абдыкадырова
тема: "Тамсил"
Тамсил адамзаттын жана ал жараткан адабияттын
озу сыяктуу эле байыркы корунуштордун бири болу
п эсептелет.
"Тамсил" деген термин кыргыздар арасында акыл-
насаат ангемеси катарында айтылган оозеки жана
жазма баяндарды тушундургон кенири мааниде ту
рмушту каймана туюндурган жомоктор, ырлар, дас
тандар да ушундайча аталып, кийинчерээк орус ад
абиятынан азыркы маанидеги "басня" созунун кыр
гызча котормосу катары кабыл алынган.
• . Тамсилдин башында же аягында акыл-насаат айтыла
т. Тамсилде адамдардын мүнөздөрү жаныбарларга са
лыштырылып берилгендиктен сатиралык мүнөздүү жа
нр болуп эсептелинет. Алгачкы жолу тамсил байыркы Г
рецияда пайда болуп, аны Эзоп аттуу тамсилчи жазып
баштаган. Тамсил – заман агымы менен жүрүп олтуруп
, өз маанисин ар кандай коомдук саясий түзүлүштөргө
ылайык жаңыртып келе берчү жанр. Тамсилди жанр к
атары башкалардан айырмалап турчу негизги белгиле
ри: турмушту аллегориялык түрдө чагылдыруу: Аллего
риялык кейипкерлердин туруктуулугу (түлкү- митаам, к
ой – жоош, эшек – аңкоо, карышкыр – күчтүү, талоончу
л, коен – коркок, арстан – кайратуу, каардуу ж.б.у.с.) сү
рөттөлгөн жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, буюмдард
ын каймана түрдө адамдардан билдирилиши, аларды
н өз маанилерине караганда адамдардын ролуна жак
ындыгы, эң негизгиси — адептүүлүккө баштоочу мора
лдын болушу. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы
нан тамсилдерди көп учуратууга болот.
• Улуттук адабиятыбызга тамсилди алгачкылардан
болуп таанып, түшүнүп, жазган жана кыргыз адаб
иятында тамсил жанрынын негиздөөчүсү Тоголок
Молдо. Тоголок Молдонун бир топ тамсилдери ме
ктеп окуучуларына да окутуу үчүн сунуш киргизил
ген. Кийинчерээк Ж.Боконбаев, М.Алыбаев, Р.Шүк
үрбеков, М.Борбугулов, М.Турсуналиев, С.Кадыро
вдор да жазып үлгүрүшкөн.
• Каркыра менен Түлкү
• Бир күнү Каркыра менен Түлкү кыйышпас дос болушат. Тамактарын бирге жеп, бирге ойноп күлүп, сырд
аш болуп калышат. Күндөр өтүп, каркыра жумурткалайт. Каркыра тамак-аш таап келгени кетип, кайтып к
елгенде бекитип кеткен жумурткаларын таппай калат. Каркыра кайгырып, көзүнө жаш алып, Түлкү курбу
суна келип.
• — Түлкү,Түлкү менин жумурткаларымды көрбөдүңбү? — деп сурайт.
• Түлкү эч камырабай, каркыра досун сооротуп.
• – Кой эми курбум ыйлаба, бул жумурткаларың жоголсо дагы жумурткалайсың, – деп жубатат. Каркыра к
өңүлү тынчыбай. Ары чуркап, бери чуркап жүрүп кошуналарынан аны Түлкү жеп койгонун угат. Каркыра
ачууланып, ач көз, куу түлкүдөн өч алмакчы болот.
• Күндөрдүн биринде Каркыра токой аралап баратып, дөңсөө жерде ойлонуп турган Түлкүгө кезигип кала
т.
• — Эмне мынча ойлоносуң Түке?
• — Асман кезип учканга кызыгып турам.
• — Кел сага учканды үйрөтөм. Эки канатымдын ортосуна олтур, — деп Каркыра Түлкүнү эки канатынын о
ртосуна олтургузуп алып учуп жөнөйт. Бир кезде:
• — Эми буттарынды каккылап, ылдый карай учуп түш, — деп Түлкүнү кое берет. Түлкү жерге кулап түшөт.
Артынан Каркыра келип, жанына конуп.
• — Учкан оңой эле бекен?
• — Оңою оңой дечи. Конгонду үйрөнүү керек болуп турат, — деп Түлкү белинин ооруганын айтып онтоло
п жиберет.
• — Анда кайра үстүмө олтур, эми конгонду үйрөнөсүң, — деп Түлкүнүн ой-боюна койбой Каркыра үстүнө
отургузуп алып, андан да бийикке учуп барып, Түлкүнү жерге таштап жиберет. Түлкү ташка түшүп, буту-к
олу сынып, аябай кордук көрөт. Ошондон кийин Түлкү бирөөгө жамандык кылса, албетте, өзүңө кайтаар
ын түшүнүп калыптыр.
• Канкор
• Бир адам бир адамды өлтүрүп коюп, өлгөн адамд
ын жакындары канкордун изине түшүшөт. А канко
р болсо Нил дарыясын көздөй качса, алдынан кар
ышкыр чыгат. Коркконунан дарыя жээгиндеги тер
екке чыга качса, терек башында жылан соймоңдо
п жүрөт. Айласы кеткен канкор сууга секирет жан
ын сактоого, бирок аны ошол жерден крокодил ка
рмап алып жеп коёт.
• Тамсил көрсөткөндөй, турмушта да ушул: бирөөнү
н канына забын болгон адамды кара жер да, көк
асман да, суу да куткарган эмес.
• Кыргызчалаган О.ШАКИР
• Китеп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү эл оозу
нан жыйналып алынган текст, экинчисине элдик
фольклордун таасиринен улам жазылган сатирал
ык мүнөздөгү, профессионалдык жазма адабий
формасындагы тамсилдерди камтыйт.
• 1. Айбанаттар, канаттуулар өз туруш-турпаттары бою
нча салыштырмалуу түрдө бузбай сүрөттөлүп, алард
ын жашоо шарттары. тиричилиги, аллегориясыз бая
ндалат. Бул айбанаттар жөнүндөгү жомоктун негизи
н түзөт.
• 2. Жан-жаныбарлардын, канаттуулардын жорук-жос
ундары, өң түспөлдөрү каймана маанини кабыл алы
п, алардын кебете-кешпирлери, адам турмушу сынд
алат. Бул элдик тамсилдин пайда болушуна негиз бо
луп берет. Бул жыйынтыктуу ойго карата окумуштуу
Т. Танаевдин, профессор М. Борбугуловдун да жүйөл
үү пикирлери бар. Негизинен тамсил каймакалуу те
рең мазмундуулугу, таасирлүү чакан сюжеттүүлүгү, к
өрсөтмөлүүгү менен тарбиялык-таанып билүүчүлүк,
моралдык-этикалык мааниси зор

You might also like