You are on page 1of 23

ДИССЕРТАЦИЯНЫ

КАНТИП ЖАЗУУ КЕРЕК


II. ДИССЕРТАЦИЯНЫН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА АНЫН МАЗМУНУНА
КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

2. Диссертациялык иште төмөнкү структуралык бөлүктөр


камтылышы керек:
 1. титулдук барак;
 2. мазмуну;
 3.Диссертациядагы шарттуу белгилер, аталыштар жана
кыскартуулардын тизмеси (зарыл болсо);
 4. киришүү;
 5.Диссертациянын негизги бөлүгү (тексти), ар бир главага
чыгарылган тыянактар;
6. корутунду(тыянактар);
7. практикалык сунуштар;
8. колдонулган адабияттардын тизмеси;
9. тиркемелер приложения (зарыл болсо).
2.1. Диссертациянын темасы
Диссертациянын темасы изилдөөчүнүн илимий изилдөө
багытын аныктайт, илимий даража алуу 3-4 жыл аралыгында
болуу керек. Мындан тышкары, диссертациянын темасын
туура тандоодон аны ийгиликтүү коргоого негиз болот, жана
бир кыйла деңгээлде көз каранды, ошондуктан теманы
тандоого өтө олуттуу көңүл буруу керек.
2.3.Диссертация темасын тандоодо төмөнкү
учурларды абдан эске алуу зарыл.
Диссертациялык изилдөөнүн темасы:
 биринчиден, тема изилденүүчү бекитилген илимий
жетекчинин илимий тармагында болуусу шарт;
 экинчиден, проблеманы аныктап албаса болбойт,
башкача айтканда, илимий жетекчинин илимий
изилдөөлөрүнүн бир бөлүгүн түзгөн, келечектүү
проблема экендигин аныктап, анан теманы тандоого
болот.
Теманы тандоонун практикалык кадамдарына төмөнкүлөр кирет:
- ошол тема боюнча корголгон диссертациялардын каталогдорун иштеп чыгуу,
кеминде 10 чыгарманы талдоо
(https://www.rsl.ru/ru/about/funds/disser);
- изденүүчүнүн темасына байланыштуу илимий фонддор утуп алган гранттардын
(КА, президенттин гранттарын ж.б. гранттар) темалары менен таанышуу;
- тандап алган тармактагы мезгилдик жана илимий басылмалардагы эмгектер
менен таанышуу (макалалар, монографиялар, китептер);
- чечиле элек маселелерди издөө максатында мурункулардын илимий
тажрыйбасын же мурда чечилген, бирок илимдин учурдагы абалын
канааттандырбаган проблемаларды түшүнүү;
- максатты белгилөөчү документтерге болгон шайкештигине карата темага
критикалык баа берүү
- диссертациянын темасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиянын (ВАК)
негизги критерийлерне, Жогорку Аттестациялык Комиссиянын адистигинин
паспорту жана изилдөө тармагы шайкеш келишин так аныктоо керек.
2.4. КИРИШҮҮ төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- диссертациянын темасынын актуалдуулугу;
- диссертациянын темасынын приоритетүү илимий багыттар, ири
илимий - программалар (долбоорлор), билим берүү жана илимий
мекемелер жүргүзгөн негизги изилдөө иштери менен тыгыз
байланышытуу болгону зарыл;
- изилдөөнүн максаты жана милдеттери;
- иштин илимий жаңылыгы;
- алынган натыйжалардын практикалык мааниси;
- алынган натыйжалардын экономикалык мааниси (эгер бар
болсо);
- коргоого алып чыга турган диссертациянын негизги жоболору;
- изденүүчүнүн жеке салымы;
- изилдөөнүн натыйжаларын апробациялоо;
- диссертациянын натыйжаларын басылмаларда чагылдыруунун
толуктугу;
- диссертациянын структурасы жана көлөмү.
Жогоруда көрсөтүлгөн пункттардын ар биринин аталышы кара
калың тамгалар менен бөлүп көрсөтүлөт.
Киришүү, адатта, так илимдер үчүн 4 беттен, гуманитардык
жана коомдук илимдер үчүн 6 га чейин беттен турган кыска бөлүк
болуп саналат.
Изилдөө темасынын актуалдуулугу
 Жогорку Аттестациялык Комиссиянын негизги
талаптарынын бири - бул изилдөө темасынын
актуалдуулугу болуп эсептелет.
 Илимий даражаларды берүү тартиби жөнүндө Жогорку
Аттестациялык Комиссиянын жобосуна ылайык
"Диссертация – бул илимдин кандидаты даражасын изденип
алуудагы илимий квалификация болушу шарт, ал белгилүү
бир билим тармагына тиешелүү болгон, илимий максатка
негизделген техникалык, экономикалык же технологиялык
өнүгүүлөр же өлкөнүн коргонуусун камсыз кылуу” үчүн
зарыл болгон көйгөйдү чечүүнү камтышы керек.
Диссертациянын темасынын актуалдуулугу диссертациянын кириш
сөзүндө камтылат жана 1-2 беттен турган текстти түзөт
 Изилдөө темасынын актуалдуулугу адатта эки багытта тастыкталат.
Демек, адабий булактардын жана илимий эмгектердин негизинде
изилдөө чөйрөсүндөгү изилденүүчү иштерди үйрөнүү аталган
проблеманын бир катар маселелеринин жеткиликтүү эмес
изилденген, бир катар маселелерди жана келечекте боло турган
изилдөө иштерин өз убагында жүргүзүү ушундай кем-карчтарды жок
кылат деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Же болбосо,
диссертацияда алынган жаңы маалыматтардын негизинде талап
кылынган практикалык милдет изденүүчү жүргүзгөн изилдөө
аталган маселени чечүүгө шарт түзөт.
 Диссертациялык иштин жаңылыгы
Диссертациялык эмгекти жазууда өзгөчө көңүл
изилдөөнүн илимий жаңылыгынын формулировкасына
(так айтылышына) буруу керек , анткени дал ушул илимий
жаңылык үчүн илимдин кандидаты даражасы ыйгарылат.
Диссертацияны алдын ала коргоо жана коргоодогу
диссертациянын илимий жаңылыгы Жогорку
Аттестациялык Комиссиянын талаптарына шайкештигин
рецензенттер жана оппоненттер гана тастыкташпайт,
диссертациянын авторефераты жөнөтүлгөн өлкөнүн
алдыңкы илимий уюмдары да тастыкташат.
Диссертация бардык жагынан тап таза жаңы боло бербешин эске
алуу керек.
Кандидаттык диссертацияны Жогорку Аттестациялык Комиссиянын
талаптарына ылайык, жаңылыктын элементтери болуу да жетиштүү
болот. Мындай элементтерге изденүүчү изилдөөсүндө өз алдынча
аткарган эксперименттеги колдонгон түшүнүктүн жаңы болушу да
эсептелет.
Кандидаттык диссертациянын илимий жаңылыгы далилденген деп
эсептелет, эгерде:
- коюлган милдеттердин жаңы чечимдери негизделген болсо;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы принциптери иштелип чыкса, жаңы
кубулуштар изилденсе;
- жаңы методдор сунушталган болсо.
Изилдөө объектиси жана изилдөө предмети
Диссертациялык изилдөөнүн алкагында автор изилдөөнүн конкреттүү
ишинин конкреттүү объектисин тандоосу керек жана изилдөө предметин
формулировкалоосу шарт. Ар кандай диссертациялык иш илимдин
белгилүү бир тармагынынү айрым көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат.
Диссертациялык иштин темасы автор чечүүчү проблема бар жердеги
илимдин тармагыны бөлүгун аныктайт.
Изилдөөнүн объектиси - бул автор тарабынан изилденүүчү көйгөйлүү
жагдайды түзгөн кубулуш (процесс), жана ал изденүүчүдөн көз
карандысыз болот.
Жогорку аттестациялык комиссиянын илимий адистиктеринин
паспортторунда негизинен объектилердин жалпы мүнөздөмөсү камтылган
ар бир илимий адистик үчүн изилдөөнүн объектилеринин жалпы
мүнөздөмөсү камтылган.
 Изилдөө предметинин изилдөө объектисинен негизги
айырмасы бул - изилдөө предмети изилдөө объектисинин
бөлүгү экендигинде турат. Башкача айтканда, изилдөө
предмети деп теориялык же практикалык көз караштан
алганда объектинин маанилүү касиеттери, өзгөчөлүктөрү,
белгилери аталат.
 Арбир изилдөө объектисинде бир нече изилдөө предметтери
болушу мүмкүн жана изилдөөчүнүн алардын бирине
токтолушу керек, калгандары көмүскөдө кала бериши мүкүн.
 Ошондуктан илимий эмгекти жазууда өзгөчө көңүлдү
изденүүчү иштин объектисин (изилдөө объектисин) жана
предметин формулировкалоого жана так түшүнүүгө буруу
зарыл.
Диссертациялык изилдөөнүн методологиялык негизи
деп изденүүчүнүн диссертацияга коюлган максатка жетишүү
үчүн колдонгон илимий билимдин методдорунун жыйындысы
аталат.
Диссертациялык иштин текстинде автор ар бир колдонгон
методунун майда-чүйдөсүнө чейин маалымат бериши жана
негиздөөсү керек, бул анын каралып жаткан маселеге болгон
кругозорун, изилдөө методикасын туура тандап алуу
мүмкүнчүлүгүн тастыктай жана диссертациялык изилдөөнүн
натыйжаларынын ишенимдүүлүгүн аныктайт.
 Илимий билимде колдонулган бардык методдорду жалпы илимий
жана атайын методдор бөлүүгө болот.
 Жалпы илимий методдорго бардык илимий тармактарда
колдонулган методдор кирет, булар: жалпылоо, дедукция,
абстракция, эксперимент ж.б.
 Атайын методдор илимдин белгилүү бир тармагында колдонулат,
мисалы, юриспруденцияда, укуктук моделдөө методу, экономикада -
экономикалык жана математикалык моделдөө ж.б. методдор
колдонулат
 Жалпы илимий методдор эки чоң топко бөлүнөт: теориялык
методдору жана эксперименталдык методдор болуп. Экөөнүн тең
өзгөчөлүктөрүн бириктирген методдордун тобу - бул теориялык
жана эмпирикалык методдор болуп саналат. Мындан башка Башка
изилдөө методдорунун бир катар классификациялары бар.
Изилдөөнүн максаты жана милдеттери

 Иштин максаты көбүнчө диссертациялык изилдөө


темасынын аталышы менен үндөш болот. Изилдөөнүн
максаты жаңы кубулушту сүрөттөө, анын
мүнөздөмөлөрүн изилдөө, мыйзам ченемдүүлүктөрүн
аныктоо ж.б. болушу мүмкүн.
 Изилдөөнүн максатынын формулировкасы адатта
преамбуладан башталат: мис., "иштеп чыгуу ...«,
«белгилөө ...", "негиздөө ...", "ачып берүү ..." ж.б.
 Изилдөө максатын формулировкалангандан кийин изилдөө милдеттери
түзүлөт. Изилдөөнүн изилдөө милдеттери иштин максатын жүзөгө
ашыруу үчүн изилдөөнүн негизги этаптарын аныктайт. Изилдөө
максаттарын түзүүдө дагы бир учурду сөзсүз эске алуу зарыл,
милдеттерди жазуудан мурда диссертациянын баптарынын жана
абзацтарынын мазмунун түзүү керек, анткени алардын аталыштары
коюлган милдеттерге үндөш болот, демек, милдеттерди аныктоодо
сөзсүз бул керек. Илимий изилдөөнү алардын мазмунуна ылайык
негизги этаптарга бөлүп, изилдөө милдеттерин түзүүгө болот. Адатта,
ар бир этапка өзүнчө милдеттер коюлат. Милдеттерди
формулировкалоодо төмөнкү кириш сөздөр колдонулат:
 «…… маңызын изилдөө", «……..аныктамасын тактоо",
«……..тутумдаштыруу", “….анализ жүргүзүү”, “…….тактоо жана
толуктоо”, “…..негиздөө” ж.б.
Диссертациянын илимий жоболору

 Жогорку аттестациялык комиссиянын диссертацияларга койгон


талаптарынын бири - диссертацияда илимий жоболордун болушу.
 “Диссертация жоболордогу жаңы натыжа, тыянактардын
бардыгын камтышы керек... ".
 Илимий жоболор диссертациянын киришүүсүндө, ошондой эле
автореферат берилет. Илимий жоболор сөзсүз түрдө жаңы болушу
керек жана кайталанган илимий эмес
 мурда корголгон диссертациялардын жоболорун кайталабашы
керек. Илимий жоболор диссертация негизги болуп саналат.
Аларда илимий даража алуучунун диссертациялык изилдөөсүндө
алынган негизги илимий жана практикалык натыйжалар берилет.
 2.5. ДИССЕРТАЦИЯНЫН НЕГИЗГИ БӨЛҮГҮ (ТЕКСТ)
Диссертациянын негизги бөлүгү (тексти) төмөнкү бөлүмдөрдө
камтылат:
- тема боюнча адабияттарга аналитикалык обзор, багытты
тандоонун толук негиздемеси иштин жалпы концепциясын изилдөө
жана презентациялоо;
- колдонулган изилдөө методдорунун сыпатталышы, ошондой
эле жабдуулар;
- илимий эмгекте аткарылган теориялык жана (же)
эксперименталдык изилдөөлөрдүн баяндамасы.
Диссертациянын негизги материалдарын баптар боюнча
бөлүштүрүү, баптардын саны жана баптарды структуралоо автор
тарабынан аныкталат. Диссертация төмөнкү схемада болуусу шарт.
БАП 1. АДАБИЯТТАРГА ОБЗОР
Жалпы көлмөдүн 25% гана түзүү керек
БАП 2. МАТЕРИАЛДАР ЖАНА ИЗИЛДӨӨ МЕТОДДОРУ
БАП 3. ИЗДЕНҮҮЧҮНҮН ЖЕКЕ ИЗИЛДӨӨСҮНҮН
ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ТАЛКУУЛОО
 Диссертациядагы баяндоонун бүткүл тартиби автор тарабынан
түзүлгөн изилдөө максатына баш ийиши керек. Диссертациянын
материалын баптарга, бөлүмдөргө, бөлүмчөлөргө, пункттарга
бөлүштүрүү, ошондой эле алардын ырааттуулугу логикалык
жактан негизделиши керек. Диссертациянын текстти жалпы
сөздөр жана пикир берүүлөрдөн, негизсиз тастыктоолордон алыс
болушу керек.
 Изилдөөнүн натыйжалары диссертацияда кыска, логикалык жана
жүйөлүү келтирилген болушу керек.
 Диссертация жазууда автор колдонгон булактарынан алынган
материалдарга же айрым натыйжаларга (өзүнүн материалдарынан
алгандарга да) шилтеме берүүгө милдеттүү.
 Диссертациянын ар бир БАП кыскача тыянак менен аякташы
керек.
2.6. ЖЫЙЫНТЫКТАР
Аткарылган иштин натыйжаларына негизделген негизги тыянактар ​
кыска болушу керек жана алар коюлган милдеттерден келип чыгып,
аткарылган иштин жыйынтыгын чыгаруучу ири жалпылоочу
пункттардан турат.
2.7. ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАР
Алынган натыйжаларды иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү
келтирилет;
Мүмкүн бул илимий багытты андан ары өнүктүрүүнүн келечеги
талкууланат.
2.8. КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ
Мында диссертациянын текстиндеги шилтеме берилген гана
булактар камтылышы шарт, ал ВАКтын бардык талаптарына жооп
берүүсү зарыл.

You might also like