You are on page 1of 5

Кабус наме

Кабус наме ким жараткан


Кусеин Карасаев (Хусеин, Кусеин Карасай уулу, 1901-жыл, 5-январь,
Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян айылы) — тилчи,
лексикограф жана лексиколог, агартуучу, адабият таануу боюнча окумуштуу,
фольклор таануу боюнча изилдөөчү. Филология илимдеринин кандидаты
(1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген
ишмер. Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Касым
Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты.
Кусеиндин басып өткөн, өмүр жолу ары өрнөктүү, ары өнөрлүү, даңазалуу
жол. Бул бакубат, нускалуу, чечен, сөзмөр, кыргыз сөзүнүн кылдат
билерманы, тарыхты таасын билген, тилди ийне жибине чейин иликтеген,
устукандап, жиликтеген, кыраакы, көптү көргөн көсөм, илимдин артынан сая
түшкөн өжөр илимпоз адам болгон. Кайран өмүр, текке кеткен жок тура. Бул
киши менен дидарлашуу кызыктуу, көрөңгөлүү, уюткулуу эле.
Кабус наме бул
Кыргыз элинин гана эмес, жамы түрк калкынын
улуу илимпозу, залкар акылманы, даанышман
ойчулу, улуттук туңгуч лексикограф жана
лексоколог, ардактуу академик ыраматылык
Хусаин Карасаевдин (1901-1998) эгемендүүлүк
замандын шарапаты менен окурманга алгач 1995-
жылы сунуш этилген бул "Карасай сөздүк" деген
элдик аты бар "Камус наама" аттуу баа жеткис
мурасы, арадан туура 20 жыл өткөн соң, дагы да
ошол калың окурман журтунун өтүнүчү менен
Китеп эки бөлүктөн түзүлүп, 1-бөлүгүндө эпоско башка
тилдерден кирген сөздөрдүн тизмеси алфавит тартиби
боюнча берилген. Анын катарына сыйпырлар (катар номери)
коюлган. Ошол сыйпырлар аркылуу окурмандар негизги
бөлүктөн кеңири мисалдарды, анын маанилерин табат. "К. н."
ичиндеги араб сөздөрүнүн түшүндүрүлүшү "Манаста"
колдонулган мааниси боюнча берилген. Кээ бир учурда түпкү
мааниси да айтылган. Сөздүктө берилген фарсы сөздөрү да
жогорку тартипте берилген. Ал эми араб-иран сөздөрүнүн
биригип кеткендери экиге ажыратылып, мааниси
түшүндүрүлөт. Кээ бир учурда кыргыз сөзү менен
бириккендери да бар. Аларга жогоркудай эле түшүндүрмө
берилген.
Кантип түзүлгөн
«Кабус-наменин» жаралышы 1082-жылга туура келет. Бул Кай-
Кавустун уулу Гиланшахка калтырган окууларынын бир түрү
болгон. Китептин алгачкы төрт бөлүмүндө дүйнөнүн жаралышы,
ошондой эле диний милдеттер жөнүндө сөз болот. Бешинчи
бөлүм ата-эне алдындагы милдеттерди карайт. Алтынчы жана
жетинчи акыл-эстин жана сөздүн күчүн өнүктүрүүгө
байланыштуу. Кийинки бөлүмдөр жаштык жана карылык
жөнүндө; тамак-ашта ченеми; сүйүү; жашоонун жыргалдары;
дары; астрология жана математика; поэзия; башкаруучуларга
кызмат кылуу өнөрү; сарай кызматчыларынын, катчылардын,
вазирлердин, генералдардын жана падышанын сапаттары; айыл
чарбасы жана башка маселелер.

You might also like