You are on page 1of 65

Лекция

1 Лекция
Тема: Диалектология илими жөнүндө жалпы маалымат (2 саат)

Лекциянын планы:
1. Диалектология илими жѳнүндѳ жалпы маалымат.
2. Диалектологиянын предмети жана негизги милдеттери.
3. Диалектология илиминин мааниси:илимий жана.практикалык мааниси.
4. Диалектологиянын башка илимдер менен байланышы.
5. Диалектология илиминин эки түргѳ бѳлүнүшү.

Адабияттары:
Юнусалиев Б.М. Кыргыз диалектологиясы. - Фрунзе:Мектеп, 1971, 5-13-б.
Абдулдаев Э., Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясынын очерки. Жогорку окуу
жайларынын студенттери менен кыргыз тил мугалимдери үчүн окуу куралы. -
Фрунзе:Кыргыз окуупедмамбас,1959.
Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясы жана.фразеологиясы.- Б., 1998.
Жапаров Ш. Кыргыз диалектологиясы. – Бишкек, 2000.
Биялиев А. Кыргыз диалектологиясы.- Бишкек,2000.
Жапаров Ш. Кыргыз диалектологиясы. Сырттан окуган.студенттер үчүн методикалык
китепче.- Фрунзе,199.

Кайталоо үчүн суроолор:

1. Диалектилик ѳзгѳчѳлүк түзүп турган сѳздѳрдү атагыла.


2. Диалект деген термин эмне маанини туюндурат ?.
3. Кыргыз тилинде канча дилект бар деп мектепте окудуңуздар?

1.Диалектология илими.жѳнүндѳ маалымат


Диалектология деген терминдин ѳзү гректин диалектос «cүйлѳшүү» жана логос -
«илим» деген сѳздѳрдѳн жасалып, тилдин диалектери.жѳнүндѳгү илимге карата айтылат.
Диалект деген термин 4 мааниде колдонулуп келет: 1. Дайыма үзгүлтүксүз байланышта
турган.территориялык, кесиптик же социалдык жалпылыкта турган адамдар.тобунун
тилдик варианты.
2.Бирине-бири окшошураак болгон.бир түрдүү говорлордун биримдиги.
3.Говор деген мааниде.
4. Наречие деген да мааниде.
Азыркы кыргыз тил илиминде диалект деген термин кѳбүн.эсе территориялык
жалпылыкта турган.адамдар тобунун тилдик вариантына жана алдыдагынын 2,3-
маанилеринде колдонулуп жүрѳт.
Диалект деген термин жалпы элдик тилге мүнѳздүү белгилер менен катар
ѳзүнчѳѳзгѳчүлүктѳргѳ ээ болкон жергиликтүү жааматтын тилине карата колдонулат.
Диалект – улуттук тилдин бир бѳлүгү, б.а. бүтүндүн бир бѳлүгү. Ошондуктан,
диалектилер ѳз ара салыштырылып, бири-бирине карама-каршы коюлуп, ар түрдүү
топторго бѳлүштүрүлүп каралат. Диалектилер биригип келип жалпы жонунан бир элдик
тилди түзүшѳт. Ал тил– кыргыздын жалпы элдик тили болуп эсептелет.

2. Диалектологиянын предмети жана негизги милдеттери


Дилектология илиминин негизги предмети болуп кыргыз тилинин жергиликтүү
ѳзгѳчѳлүктѳрүн, ошондой эле алардын орток белгилерин дагы изилдѳѳ эсептелет. Себеп
дегенде, тилдеги айырмалар бир тилди диалектилерге бѳлүп.турса, орток белгилер аларды
жакындаштырып, бир элдик тилге баш коштуруп турат. Бирок, «айырмалоочу» жана
2
«орток» деген сѳздѳрдүн бул жерде шарттуу колдонулгандыгын эске алуу зарыл, анткени
кээде «айырмалоочу» белгилер орток белги ( диалектилерди бириктирүүчү) түрүндө.же
буга тескерисинче да болуп калуусу мүмкүн.
Диалектилерди мүнѳздѳѳчү ѳзгѳчѳлүктѳрү менен жалпылыктары тилдин
фонетикасынан (фонологиясынан), морфологиясынан, синтаксисинен жана лексикасынан
байкалат. Курстун максаты, милдети мына ошондой ѳзгѳчѳлүктѳрдүн баарын чагылдырып
кѳрсѳтүү болуп саналат.
3. Диалектология илиминин илимий жана практикалык мааниси
Илимий мааниси. Тилдин тарыхын изилдѳѳдѳ, албетте, айрыкча сѳздүк
курамдагы, тыбыштык,морфологиялык,лексикалыкѳзгѳрүштѳрдү изилдѳѳдѳ жазма
эстеликтердин ролу жогору турарын эч бир илимпоз жокко чыгара албайт. Бирок дайыма
эле жазма эстеликтер биз каалагандай табыла бербейт, же табылган күндѳ да изилдѳѳчүнү
кызыктырган формалар аларда белгиленбей калышы да мүмкүн. Мисалы,байыркы Орхон-
Енисей жазма эстеликтери же орто кылымдагы жазма эстеликтер, же болбосо 19-
кылымдагы Молдо Нияздын жана Молдо Кылычтын кол жазмаларынын.тили ѳз
доорундагы жазма тилдин же диалектисинин тыбыштык, грамматикалык,
лексикалык.ѳзгѳчѳлүктѳрүн.белгилүү даражада чагылдырчу баалуу булак болуп
эсептелет. Булар кыргыз тилинин тарыхынын калыбына келтирүүдѳбашкы ролду ойноочу
фактылардан. Ошентсе да андай жазма эстеликтерде белгилүү даражада жергиликтүү
диалектилик нормалар толук чагылдырылбай, кандайдыр бир шарттуулукка маселен,ошол
учурдагы жазма адабий тилдин нормаларын сактап жазуу зарылдыгына, же чыгарманын
кайсы жанрда жазылгандыгына багындырылып кеткен учурлары кѳп эле байкалып жүрѳт.
Мындай шарттарда диалектилик фактылардын аткарган кызматы аябагандай зор болуп
эсептелет.Анда элдик оозеки тилдин баардык жанрлары, стилдик түрлөрү учурай берет
жана аларга чектөө коюлбайт.
Диалектология илиминин эң башкы илимий мааниси – нечен кылымдардан бери
сакталып келаткан архив сыяктанган жергиликтүү диалектилердин фактыларынын
негизинде айрым тилдин бѳлүктѳрүнүн / говорлорунун/ жазылбай калган тарыхын
калыбына келтирүү болуп эсептелет.
Практикалык мааниси. Биринчи кезекте диалектология илими мектептерде
кыргыз тили жана адабияты боюнча сабак берүүчү мугалимдер, дегинкиси бардык
мугалимдер үчүн ѳтѳ керектүү предмет. Тил жана адабият мугалиминин негизги милдети -
азыркы адабий тилибиздин оозеки жана жазма түрү деген эки формасын бирдей туура
пайдалануу боюнча окуучуларга бекем билим берүү, окуучулардын адабий тилди
колдонуу боюнча жөндөмүн жогорулатуу болуп саналат. Бул орчундуу милдетти
ийгиликтүү орундатуу үчүн мугалим кыргыз диалектологиясы менен толук тааныш
болууга тийиш, анткени адабий тилдин нормаларына туура келбеген эскинин.калдыгы
катары эсептелген диалектилик көрүнүштөр дагы эле колдонулуп келатат. Аларды.тез
арада жоюу үчүн диалектизимдердин окуучулардын речинде кандай формада учурарын
билмейинче, мугалим ѳз ишинде ийгиликке (бул багытта) жетише албайт. Айрыкча,
алыскы райондордогу ошондой эле азыркы учурда ар түрдүү говорлордун ѳкүлдѳрүнүн
тынымсыз миграциясына байланыштуу окуучулардын речтериндеги диалектилик
көрүнүштөрдүнѳтѳ күчтүү экендиги, адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын алардын
толук ѳздѳштүрѳ электиги байкалууда. Мына ошондой мектептерде иштеген мугалимдер
ошол жердеги жергиликтүү тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрдү толукажыратаалса, ал окуучулардын
речиндеги диалектизмдерди тезирээк байкап,аларды адабий норманы сактап сүйлѳѳ
маданиятына ошончолук тез үйрѳтѳрү шексиз.
Кыргыз диалектологиясын билүү айыл – кыштактарга баруучу мугалимдерден гана
эмес, шаар мектептеринде иштѳѳчү мугалимдерден да катуу талап кылынат. Эгерде
айрым райондогу кыштак мектептеринде кѳбүнчѳ бир эле говордун / диалектинин /
ѳкүлдѳрү окуй турган болсо, шаар мектептеринин балдарынын кѳпчүлүгү ар кайсы
диалектилердин, говорлордун ѳкүлдѳрүнѳн куралган болот. Ошондуктан шаардык бир эле
3
мектептин окуучуларынын речтеринен бир нече диалектилердин ѳзгѳчѳлүктѳрү учурашы
мүмкүн. Демек, шаардык мектептин мугалими баардык кыргыз говорлорунун
ѳзгѳчѳлүктѳрү менен толук тааныш болууга тийиш: анткени андан ар бир балага өз-
өзүнчө мамиле кылуу жагы талап кылынат, себеп дегенде, ар бир окуучунун кебиндеги
ѳзгѳчѳлүк ар түрдүү говорго мүнѳздүү болот.
Окуучунун речиндеги диалектилик көрүнүштөртилдин бардык бѳлүмдѳрү боюнча
– лексика менен фразеологиядан, фонетика менен синтаксистен, морфологиядан да
байкалышы мүмкүн. Адабий тилдин нормасына туура.келбеген сѳз, же синтаксистик
конструкция окуучулардын сүйлөө речинен да, жат жазуу, изложение, сочинение сыяктуу
ар түрдүү жазма иштеринен да учурашы ыктымал. Лексикалык, грамматикалык же
орфографиялык мындай каталар кѳп учурда мектеп окуучуларынын жергиликтүү
ѳзгѳчѳлүктѳрүнүн натыйжасы экендиги тажрыйбада аныкталган.
Фонетика боюнча диалектилик каталардын кѳпчүлүгү түрдүү позициядагы / с /
менен / з / ны,сөз башындагы /с/ менен./ч/ ны, сѳз башындагы / б / менен / п / ны, / д /
менен / т / ны,түрдүү позициядагы / г / менен / к / ны чаташтырып сүйлѳѳдѳн байкалат.
Ошондой эле /ә / тыбышын, эринчил ow, өw, yw, үw дифтонгдорун кошуп сүйлѳѳ, «бол,
кел, ал» сыяктуу сѳздѳргѳ мүчѳ уланып айтылганда / л / тыбышын айтпай.коюу, / а /
тыбышынын ордуна / о / менен сүйлѳѳ сыяктуу көптөгөн фактылардан байкалат.
Морфологиядагы айырмачылыктар кѳбүнчө.этиш формаларына кѳптүк сандын –
лар мүчѳсүнүн уланышынан; жѳндѳмѳ мүчѳлѳрдѳн, тагыраак айтканда.сөздөрдүн
жөндөлүш формаларынан; эле / эде, жибер жүгѳр сыяктуу формаларды колдонушунан; ат
атоочтордон, өзгөчө шилтеме жана сурама ат атоочтордон; сан атооч менен сын атооч
сөздөрдөн; учур чак менен өткөн чак жасоочу мүчөлөрдөн; айрым мүчѳлѳрдүн өнүмдүү-
өнүмсүздүгүнөн ж.б. байкалат.
Лексика боюнча түштүк диалектилердеги катар колдонулган синонимдик
сѳздѳрдүн баш // кәлдә, чоң / кәттә, бал / әсәл, бийик / эгиз, музоо // торпок, айран
//катык, чака // челек, сокур // кѳр ж.б. түндүк диалектилерге бейтааныш болгон
синонимдик варианттарын колдонушунан; сонун,белен,керээз, каалга, таар сыяктуу
сөздөрдүн жоктугунан; көптөгөн сөздөрдүн бар-жоктугунан байкалат.
Синтаксисте болсо ки, амма, лекин, йам, чунки, апти сыяктуу байламталарды
колдонуп сүйлѳѳдѳн байкалат.
Окуучулардын оозеки жана жазма речиндеги диалектилик калдыкты мүмкүн
катары тез жоюу, аларды адабий тилдин нормаларына үйрѳтүү кыргыз, орус, өзбек
мектептеринде иштеп жаткан бардык мугалимдердин негизги милдеттеринин бири болуп
эсептелет. Кээде мугалимдердин өздөрүнүн сүйлөгөндөрүндө да жергиликтүү тилдик
өзгөчөлүктөр учурап калып жүрөт.Бирок азыркы учурда бардык мугалимдер, ал гана эмес
билимдүү адамдардын баары адабий норманы сактап сүйлѳѳгѳ милдеттүү.
Диалектология илиминин.басма сѳз менен теле, радио кызматкерлери, артисттер,
адабиятчы, сынчы, редактор, башка предметтин мугалимдери үчүн да практикалык
мааниси чоң. Мунун себептери тѳмѳнкүдѳй: биринчиден, ѳзүнүн күндѳлүк ишинде
кыргыз адабий тилин курал туткан ар бир адам адабий тилибиздин негизги ѳнүгүшүн
процесстери жана перспективасы менен дайыма кабардар болуп турууга тийиш.
Жергиликтүү диалектилик таасир автордук речте (стилдик ж.б. максаттардан башка
учурларда ) колдонулбоого тийиш. Андай даражага.жетишүү үчүн ал Адам адабий норма
менен диалектизмди так ажырата билиши керек. Экинчиден, ѳнѳр жай, айыл чарба, илим,
техника, искусствонун тармактары боюнча кыргыз адабий тилинин терминологиясы
түзүлүш процессинде турганда термин жасоонун бир булагы болгон диалектилик
лексиканы билгичтик менен орундуу колдонууда да диалектилер менен тааныш болууну
талап кылат.
4. Диалектологиянын башка илимдер менен байланышы
Дүйнѳдѳгү тилдер коом менен кошо пайда болуп, кошо ѳнүгүп, кошо жоголот.
Демек, ар бир тилдин же анын диалектилеринин тарыхы аны колдонуучу элдин.же анын
4
бѳлүгүнүн тарыхы менен тике байланышта болот. Андай байланышты изилдөө эки
багытта эл тарыхынан тил тарыхына өтүү, тил тарыхынан эл тарыхына өтүү багытында
жүрүшү мүмкүн. Аларга төмөнкүлөр жакшы мисал боло алат.
Азыркы кыргыз тили менен анын бардык диалектилеринде созулма үндүүлѳр бар.
Тектеш түрк тилдердин айрымдарында учуроочу «байыркы» деп аталуучу
созулмалардан.муну айырмалоо үчүн кыргыз тилиндегидей созулмалар тил илиминде
«жаңы» деп аталат. Мына ошол «жаңы» созулмалардын пайда болушу жана тилдик
системадагы ээлеген орду боюнча кыргыз тили Орто Азиядагы түрк тилдеринен бир топ
айырмаланып турат, тактап айтканда мындай «жаңы» созулмалар өзбек, каракалпак, казак
тилдерине мүнөздүү эмес. Бирок ошол эле созулма үндүүлѳр территориялык жактан
кыргыз элинен алда канча алыс турган тува, хакас, алтайлыктардын тилинде жолугат жана
алар кыргыз тилиндегидей жолдор менен, эки үндүүнүн ортосундагы айрым үнсүздөрдү
түшүрүүдөн же сөз аягындагы «үндүү-үнсүз» тыбыштык айкаштын өзгөрүүсүнөн улам
пайда болот. Ал эми кээ бир эринчил дифтонгулардын тоолуу алтайлыктардын
диалектисинде сакталганын эске ала турган болсок, анда биз Ала-Тоо, Памир
тоолорундагы кыргыздар менен алыскы Енисей – Алтай тоолорундагы элдердин
тилиндеги тыбыштык ѳзгѳрүштѳрдүн бирдей багытта жүргөндүгүн байкайбыз. Бир нече
тилдердеги мындай фонетикалык окшош процесстер ѳтѳ узак мезгилдер.бою бир аймакта
чогуу же ирегелеш жана тыкыз байланышта жашоонун натыйжасында гана жаралышы
мүмкүн. Демек, кыргыз диалектилеринин материалдарынакараганда кыргыздардын ата –
бабалары Түштүк-Сибирдеги алтайлыктар, тува, хакастардын ата-бабалары менен узак
мезгил бою чогуу бир аймакта жашаган кезде алардын тилинде ушундай «жаңы» созулма
үндүүлѳр пайда боло баштаган деп айтууга негиз түзүлөт. Мындай болгондо алар кайсы
территорияда биргелешип же ирегелешип жашаган: Ала-Тоодобу же Енисей –
Алтайдабы?-деген мийзамдуу суроо жаралат. Тарыхый фактыларга караганда, мисалы,
орхондук- енисейлик жазма эстеликтерде VI – VIII кылымдарда кыргыздардын Енисей
сагааларында жашагандыгы жѳнүндѳ айтылса, кытай летопистери ал кабарларды ырастоо
менен бирге, андан кийинчерээк мезгилдерде да кыргыздардын Алтай, Хангай тоолорунда
(Хинган тоолору) Чыгыш Ала-Тоого чейин жашагандыгын билдирет, башкача айтканда,
азыркы кыргыздардын ата-бабалары «жаңы» созулма үндүүлѳр пайда боло
баштаганмезгилдетува, хакас, алтайлыктардын ата-бабалары менен Енисей менен Алтай,
Хангай тоолору тарабында биргелешип /же ирегелешип / жашаган болуп чыгат.
Кыргыздар менен Түштүк-Сибирдеги элдердин тилиндеги окшош белгилердин
созулма үндүүлѳр боюнчагана.эмес, тыбыштык системанын башка жактарынан (азыркы
Аксы, Талас кыргыз говорлорундагы -З- / атазы менен Түштүк Сибирдеги түрк
тилдериндеги мындай кубулуштун окшоштугу), морфологиялык системасындагы
(жыйырма,отуз,кырк,элүү, алтымыш, жетимиш, сексен, токсон деген ондук сан
атоочтордун Фуюйлук кыргыздардын тилинде тува, тоолуу алтайлыктардын,айрыкча
хакас тилинин качы диалектисине окшоп үчон,дөртон,бишон,алтон, читон, секизон,
токузон деп өзгөчө аталышы, өткөн чактын –чук формасынын хакас жана кыргыз
говорлорундагы ареалы), Орто Азиядагы түрк тилдеринде жок сонун, белен, керээз, таар,
шибеге, каалга сыяктуу монгол сөздөрүнүн.кыргыз менен Түштүк Сибирдеги түрк
тилдеринде бар экендиги, Кыргызстан менен Тоолуу Алтайдагы көптөгөн жер-суу
аталыштарынын окшоштугу, Хакасия менен Тувада кыргызга байланышкан
топонимдердин бүгүнкүгө чейин болушунун себептери эми ѳзүнѳн ѳзү түшүнүктүү болуп
калат. Мындай окшоштуктар ошол тилдин тарыхы менен элдин тарыхынын ажырагыс
байланыштуулугу аркылуу гана түшүндүрүлѳт.
Этнография менен байланышы. Диалектилерди изилдѳѳдѳаймактык-уруулук
этнографиялык ѳзгѳчѳлүктѳргѳөзгөчө кѳңүл бѳлүнѳт, анткени элдин, уруунун
этнографиялык ѳзгѳчѳлүктѳрү, турмушу анын диалектилик ѳзгѳчѳлүктѳрү менен
байланыштуу болот. Буга бир мисал: / ә / тыбышын же араб-иран сѳздѳрүн кѳбүрѳѳк
колдонуу боюнча азыркы кыргыз диалектилерин эки чоң топко – түштүк жана түндүк
5
диалектилерге бѳлүүгѳ болот. Бул бѳлүнүштѳ жалаң эле тилдик айырма эмес,
этнографиялык айырмачылыктар да байкалат. Сырт кийимди кийүүсү боюнча да кыргыз
элимурда эки этнографиялык топко бѳлүнүп турган: түндүк уруулар үчүн чапан же тон
жана тебетейди кийүү мурда мүнѳздүү болсо, түштүктүн көп жерлери үчүн мурда тон (
чапан маанисинде) же постун (тон маанисинде) жана айрым жерлериндеала топуну
кийүү мүнѳздүү болгон. Бирок азыр мындай көрүнүштөр диалектилердеги конвергенция
процесстеринин күчөөсүнө байланыштуу уламдан-улам азайып баратат. Буга окшогон
мисалдарды түндүк диалектинин ичинен да байкоого болот: устукан тартууга келгенде
«сычыл» говорлордун көбүндөбаш улуу болуп эсептелсе, «зычыл» говорлордо
кѳпчүлүгүндѳ куймулчак / уча улуу.
Диалектилер менен этнографиялык ѳзгѳчѳлүктѳрдүн ортосунда буга окшогон
байланыштыктар ар бир элдин турмушунан байкалат. Ошондуктан.элдин этнографиясын
изилдѳѳдѳ диалектилик ѳзгѳчѳлүк негизги белги катарында каралат да, этнографтар
изилдѳѳгѳ киришүүнүн алдында диалектология илиминин негиздери менен таанышып,
диалектологдор кыштактарга изилдѳѳгѳ баруудан мурда этнография илиминин негиздери
менен жакшы таанышат. Жергиликтүү жамааттын тилиндеги жана материалдык
турмушундагы ѳзгѳчѳлүктѳрдүн пайда болушу кѳп учурда бирдей себептер менен
түшүндүрүлгѳндүктѳн, андай фактыларды байланыштырып байкоо жана талдоо, элдин
тарыхын изилдѳѳдѳѳтѳ чоң мааниге ээ болот.
Элдин тарыхы менен тилдин тарыхын байланыштырып изилдѳѳдѳ тарых илиминин
манилүү бѳлүгү болгон археологиянын маалыматтарынын да мааниси чоң. Байыркы
замандарда жашап, кийин чалдыбарга айланып калган шаарларды жана байыркы
кѳрүстѳндѳрдү казуунун натыйжасында табылган археологиялык материалдар ( кийим –
кечек, идиш – аяк, курал – жарак, архитектуралык стиль, ар кыл жасалгалар ж.б.) эзелки
доорлордо кайсы мезгилдерде жана кайсы жерлерде кайсы калктын уруулары
жашагандыгынан кабар берет. Археологиялык маалыматтардын негизинде элдин кайсы
доорлордо, кайсы жерлерди кѳздѳй оогондугу, кайсы элдер менен ирегелеш
жашагандыгы, ушуга карай кайсы тилдер, диалектилер менен байланышкандыгы сыяктуу
тилдин тарыхына байланышкан керектүү фактылардын табылышы мүмкүн.
Диалектологиянын илимий мааниси – мына ошол тарых, этнография, археология
өңдүү илимдерге баалуу маалыматтарды берүү менен, ѳзү да ошолордун материалдарын
пайдалануу аркылуу кыргыз тилинин жазылбай калган тарыхын калыбына келтирүү
боюнча тиешелүү илимий жыйынтыктарды жасай ала тургандыгында.
5. Диалектология илиминин эки түргѳ бѳлүнүшү
Диалектология илими, ѳзүнүн алдына койгон милдеттерине жана изилдѳѳ
иштеринде колдонулуучу методдоруна ылайык тарыхый диалектология жана
диалектография же сыпаттама диалектология депэки түргѳбѳлүнѳт. Эгерде тилдин
кандайдыр бир мезгилдеги жергиликтүү диалектилеринин фонетикалык системасы,же
грамматикалык түзүлүшү, же сѳздүк курамы ж.б. жѳнүндѳ баяндама мүнөзүндөгү
маалымат берилсе, андай илимий эмгек (диалектографияга) сыпаттама
диалектологияга таандык болот. «Сыпаттама» деген сөз «мүнѳздѳѳчү» деген түшүнүктү
берет. Сыпаттама мүнѳзүндѳгү эмгектерде кайсы бир диалектинин, же говордун, же
айылдын, же бир адамдын тили, же тилдик бир кубулуш толук же толук эмес түрдѳ
мүнѳздѳлүп жазылат. Аны менен кошо ар бир тилдик ѳзгѳчѳлүктүн территориялык же
уруулук.мүнөздө.экендигин аныктоо үчүн алардын.таралышынын чек арасы белгиленет,
керектүү учурларда кошуна тилдер (диалектилер) менен болгон байланыш-мамилелери
баяндалып жазылат. Ошентип, сыпаттама диалектологиянын негизги максаты – айрым
бир диалектинин же говордун белгилүү учурдагы абалы жѳнүндѳ мүмкүн болушунча
фактыларды толугураак жыйнап, алардын синхрондук абалын сыпаттап жазуу болуп
эсептелет.
Тарыхый диалектология ар бир говордун, диалектинин пайда болуш тарыхын,
ѳзгѳрүш себептерин, калыптаныш процессин, алардын башка диалектилер жана тилдер
6
менен болгон мамилелерин, б.а., диахрондук абалын изилдейт. Мындай динамикалуу
планда изилдѳѳ жүргүзүү үчүн тиешелүү фактылар сыпаттама методдордун негизинде
жүзөгө ашырылган иштердин натыйжасынан алынат. Жазма эстеликтери сакталбай же аз
сакталган тилдер үчүн, айрыкча кыргыз тили үчүн диалектилерди изилдѳѳнүн илимий
мааниси ѳтѳ чоң. Жазма эстеликтери сакталган тилдер болсо деле, тилдин узак тарыхында
болуп ѳткѳнѳзгѳрүштѳрдүн хронологиясын аныктоого алар жеткиликтүү материалдарды
бере албайт. Маселен, енисейлик жазма эстеликтер биздин доордун У1-У111
кылымдарында диалектилик койнэ, башкача айтканда, жалпы түрк элдери үчүн
стандарттуу эпитафий жазма тил түрүндө жазылып калгандыктан, ал жанр боюнча гана
тектеш түрк урууларынын жакындыгын.жана алардын байыркы абалын кѳрсѳтѳт, бирок
ал ар бир түрк элдеринин элдик оозеки тилинин жанрларынын бардык түрүн толук
чагылдыра албайт. Азыркы кыргыз тилин жакын тектеш тилдерден айырмалап турган
тыбыштык, грамматикалык жана лексикалык белгилер негизинен ошол енисейлик
доордон кийинки бир миң жылдан ашуун мезгилдин ичинде пайда болушу ыктымал.
Мисалы, енисейлик эстеликтерде учурабаган, бирок азыркы кыргыз тилинде мүнѳздүү
«жаңы» созулма үндүүлѳр менен эринчил дифтонгулар (эки тыбыштын кошулуп
айтылышы) - узак убакытка созулган татаал тыбыштык процесстин натыйжасында пайда
болгон. Мындай фонетикалык ѳзгѳрүштѳрдүн тарыхын билүү үчүн кыргыз тилинин ѳзү,
анын диалектилери бирден бир ишеничтүү булак катары кызмат өтөйт да, илим үчүн ал
фактылуу негизги материалдарды бере алат. Мунун бир далилин келтирелик. Эгерде
диалектологдор тарабынан ушул күнгѳ чейин сакталган эринчил дифтонгулар кыргыз
говорлорунан табылбаса, эринчил созулмалардын чыгышынын татаал процессин
аныктоого азыр негиз болмок эмес. Ал эми кыргыз говорлорундагы ошол эринчил
дифтонгулардын бѳлүнгүс компоненти болгон чормогой чала үндүү w тыбышы табылбаса
жана ал тыбыштын физиологиялык касиети аныкталбаса, жалпы эле эринчил дифтонгулар
менен эринчил созулмалардын пайда болуш тарыхы аныкталбай калмак. Демек, кыргыз
тилинин жана анын диалектилеринен жыйналып-топтолгон материалдар кыргыз тилинин
тарыхы үчүн байыркы түрк жазма эстеликтердей эле өтө баалуу болуп эсептелет.
6. Диалектологияда колдонулуучу терминдер
Тил илиминин башка тармактары сыяктуу диалектологиянын дагы ѳзүнѳ тиешелүү
терминдери бар. Андай терминдердин катарына улуттук тил, жалпы элдик тил, наречие,
диалектилер тобу, диалект, говорлор тобу, говор, подговор, территориялык диалект,
социалдык диалект, ѳткѳѳл говор, аралаш говор, жаргон, сленг, субстрат, суперстрат,
адстрат, конвергенция, дивергенция, диалектизм (фонетикалык, морфологиялык,
лексикалык, семантикалык ), диглоссия, түгѳйлүү жана түгѳйсүз диалектизм ж.б.кирет.
Улуттук тил – элдин улут болуп калыптанган мезилиндеги тили. Улуттук тилдин
бир белгиси – анын нормага салынган жазма адабий тилинин түзүлүшү болуп эсептелет.
Бирок жазма адабий тил менен улуттук тил дайыма эле бирдей боло бербейт. Кандайдыр
бир мезгилдеги коомдун жана анын жарандарынын күнүмдүк зарыл талаптарын тейлөө
үчүн жазма адабий тил улуттук тилге чейин эле түзүлүшү мүмкүн жана ал адатта, жалпы
элдик бир тилдин, же ага жакын тектеш, же алыс тектештик абалында турган тилдин
негизинде түзүлөт. Мунун мисалдары иретинде Кашгарлык Махмуддун, Баласагындык
Жусуптун, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын кол жазмаларын көрсөтсөк болот. Кыргыз
элинин азыркы жазма адабий тили болсо кыргыз эли өзүнчө мамлекеттин укугуна ээ боло
баштаган мезгилден тарта гана жалпы элдик кыргыз тилинин, айрыкча жалпы элдик
кыргыз тилинин элементтерин.күчтүү сактаган түндүк диалектинин базасында калыптана
баштады.
Жалпы элдик тил – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада
түшүнүктүү жана мүнөздүү болгон тил. Жалпы элдик тил – ошол элдин күндөлүк
турмушунда колдонулуп, чөйрөсү жана стили жагынан чектелбеген, жалпыга бирдей
даражада түшүнүктүү болгон тилдик фактылардан турат. Жалпы элдик тилдин негизин
диалектилер ортосундагы орток сөздөр жана орток айтылыштар түзөт.
7
Наречие – тилдик айрым белгилери боюнча өз ара биримдик түзүп турган эки же
андан ашык диалектилердин тобу. Орус окумуштууларынын алгачкы эмгектеринде бу
термин «тил» (В.В. Радловдо - «Каракиргизское наречие»), «наречие»// «диалект»
(И.А.Батманов) маанилеринде колдонулуп келген. Азыркы кыргыз тилинде орус
тилиндегидей «наречие» деген түшүнүккө туура келчү бөлүштүрүү жок, бирок өзбек, түрк
тилдеринде ал «лакжа», «лекче/легче» деген.термин.менен.аталат.
Диалект – 1.Территориялык, же кесиптик, же социалдык жалпылыгы боюнча
байланышкан адамдар тобунун тили. 2. Жалпы биримдикте турган бир түрдүү
говорлордун биримдиги. 3. Говор деген мааниде.
Говор( айтым) – диалектилердин курамында турган тилдик өзгөчөлүктөрү бар
аймактар. Мисалы, түндүк диалектинин Талас, Ысык-Көл ж.б. говорлору. Өзбек тил
илиминде буга карата араб тилинен алынган «шева» деген аталыш колдонулат.
Подговор – говордун ичиндеги тилдик айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон кичине
аймак. Мисалы, Батыш Чүй же Батыш Талас ж.б. подговорлору.
Адабий тил – нормага, калыпка салынган, стиль жагынан тарамдалып
ажыратылган, коомдук милдеттери кеңейген, белгилүү бир жамаатка тиешелүү орток тил.
Ал жазма жана оозеки формада жашап, диалектиге төмөнкүдөй белгилери боюнча карама-
каршы коюлат:
Адабий тилге мүнөздүү белгилер. Диалектилерге мүнөздүү белгилер 1.Адабий
норма жазма жана оозеки формада жашаса, диалект-оозеки
формада гана жашайт.
2. Адабий тилдин иштелип чыккан,мийзамдаштырылган жазма,оозеки нормалары
болсо, диалектиде андай нормалар «стихиялуу» түрдө өтөт.
3. Андай адабий нормалардын таралган территориясы жана колдонуу чөйрөсү
кеңири, диалектилердики азыраак болот.
4. Адабий тилдин аткарган коомдук кызматы кенири болсо, диалектилик норма
күндөлүк турмушта жана элдик оозеки чыгармачылыкта гана колдонулат.
5. Мына ушундай өзгөчөлүктөргө байланыштуу адабий тилдин келечеги кең,
диалектилердин келечеги жок көрүнүшкө айланат.
Өткөөл говор – диалектилер аралыгында жайгашып, ошол диалектилердин
белгилерин колдонгон аймак.Мисалы,Талас,Токтогул,Тогуз-Торо аймактары.
Аралаш говор – бир кыштакта.түрдүү.диалектилердин, говорлордун өкүлдөрү
аралаша жашаган учуру. Мисалы, Наманган областындагы Желкон к. кыргыздардын тили.
Диалектизм – адабий нормадан же башка бир говорлордон тыбыштык,
морфологиялык, лексикалык, семантикалык жагынан өзгөчөлөн сөздөргө, формаларга
карата колдонулат. Ошого жараша ал фонетикалык, морфологиялык, лексикалык жана
семантикалык диалектизмдерге бөлүнөт.
Түгөйлүү жана түгөйсүз диалектизмдер. Бир говордо же диалектиде гана
колдонулуп, башка говорлордо.же.диалектилерде, адабий тилде анын эквиваленти
болбогон сөздөр –түгөйсүз диалектизмдер болот. Мисалы :дигдикә//дикәк «ат жабуунун
өзгөчө калың түрү», лиңче «узун, ичке кап» ж.б.
Түгөйлүү диалектизмдер – адабий тилде же диалектилерде да бар, бирок өз ара
өзгөчөлөнгөн фактылар: арпана палоw «ортодон акча чыгарышып бастырышып жеген
аш», чыны кәсә «чыны кесе, чоң чыны» ж.б.

Өтүлгѳндѳрдү кайталап – бекемдѳѳ үчүн сурооолор:


1. Диалектология деген кандай илим жана кайдан келген сѳз?
2. Диалектологиянын предмети эмне жана негизги милдеттери кайсылар?
3. Диалектология деген терминкандай.маанилерди туюндурат?
4. Диалектологиянын илимий жана практикалык мааниси?
5. Диалектология илиминин түрлөрү?

8
6. Диалектологиянын терминдери.

2-лекция
Тема: Адабий тил жана тилдик норма (2 саат)
1.Адабий тилдин негизги белгилери
2.Адабий тилдин нормасы

Адабияттар:
1. Юнусалиев Б. Адабий тилдин кээ бир маселелери.Ф.,1985
2. .Биялиев А. Кыргыз адабий тили жана анын адабий нормасы.Б.,2002
3.Орузбаева Б. Кыргыз адабий тилинин жалпы элдик негизи жонундо. Ф.,1968

Академик Ф.П. Филин «Орус адабий тилинин башаты жана тагдыры» деген
китебинин экинчи главасы «орустун улуттук тилине» арнаган. Ал «улуттук тил жана
адабий тил» деп аталган тушунуктор экоо эки башка тил деп тушунушуп, айрым адамдар
жанылышып журушконуно басым жасаганын эскертет. «Мындай жанылыштык кобунчо
улуттун жаныдан жаралыш дооруна муноздуу корунуш экенин белгилеп, азыркы адабий
тил жаныдан Гана тузуло баштаган сонку мезгилинде улуттун басымдуу копчулугу
сабатсыз, карангы болгондуктан жергиликтуу муноздогу диалектилерде Жана шаардык
койнеде суйлошкон» - деп жазат (87-бетинде).
Чынында эле ошондой болгон. Азыркы кундо да улуттун копчулук болугунун
оозеки речи, анын ар кандай турлору адабий тилдин курамындагы болугу деп
эсептелбешин эскертет.
Улуттун доорунда улутка кызмат кылган речтик каражаттардын ичинен адабий
тилдин ордун туура аныктоонун улуттун жашоосунда ото зор мани бар деп белгилеп, улут
деген эмне? – деп ага озгочо басым жасап, атайылап ага кенири токтолгон.
Марксизм – ленинизм классиктеринин эмгектеринде улуттун илимий аныктамасы
так аныкталганын, ал аныктама улуттун жашоосунда откондо Жана азыр да озгочо
мааниге ээ экенин эскерет. Улут латын тилинде natio деп алгачкы жолу аталганын, ал
«рождение» «род», «вид», «народ», «класс», «разряд» ж.б.у. мааниде колдонулганы
айтылат.
Улут – белгилуу тарыхый категория экени, коомдук формациялардын онугушу жана
алмашышы менен тыгыз байланышта караларын, улуттун башталышы жана бутушу да
бар экенин, капиталисттик коомдун башталыш доорунда пайда болгонун, ага чейин улут
болбогонун да эскерткен. Ага чейин уруу, эл болгонун, социализм доорунда гана
социалисттик улут пайда болушу менен анын озгочолуктору да кошо онукконун, улут
уруунун, элдин онугушундо улутка айланганын, кээ бирлери капитализмди аттап отуп
улут болгону да баяндалат.
Улуттун озуно таандык белгилерин (тортоону) чогуу биримдигинде эске алганда
гана анын манызы так аныкталып, чечилери да эскертилет. Улут – адамдардын туруктуу
жалпылыгында 1) тилинин, 2) территориясынын, 3)экономикалык турмушу менен 4)
психикалык складынын озгочолугундогу маданиятынын жалпылыгы менен аныкталганда
гана эн негизги муноздоочу белгилери аныкталары баяндалган.
Улуттун бул аныктамасы марксисттик адабияттарда жалпы кабыл алынган жобо
экени белгилуу.
1966-1968 – жылдарда «Вопросы истории» журналына жарыяланган дискуссиялык
материалдарда улуттун оз алдынчалыгын аныктаган Жана анны сактаган эн негизги,
башкы белгиси – тили экенине каршы чыгышып, эн негизги ролун танышкан. Тилди
улуттун учунчу же эн акыркы белгиси катарында баалашып, тили негизги ролду ойнобой,
жардамчы ролду ойнойт дешкен. Ага далил катарында бир эле улуттун улуттук тили бир
канча олколордо (мисалы испан тили (жана анын ар кыл варианттары) жыйырмадан
ашуун Латын Америкасында жашаган улуттардын тили катарында колдонуларын, англис
9
тили – Тундук Америка, Канада, Австралия, Жаны Зеландия ж.б.у.с. олколордо жашаган
улуттарга кызмат кыларын, же анын тескерисинче, бир канча тил (Швейцарияда торт тил,
молдоваларда эки адабий тил (эрзян жана мокшан), Финляндияда фин жана швед
тилднри) ж.б.у.с. колдонуларын маалымдаган.
Чыгыш теги эн жакын тектеш тажик менен парс жана Молдова менен румын
тилдери да кызматы боюнча оз алдынча улуттук тил деп эсептелери кошумчаланган.
Ошентип, ар кандай улуттун (элдин) оз тили менен ал жашаган олкону же мамлекетти
чаташтырбоо керек де поз оюн жыйынтыктаган.
Эн акырында айтарыбыз, элдин улутка айланышында улуттун ынтымагы менен
тилинин биримдигине баш коштуруп, болунбос бутундугундо оз алдынча улут экенин
башка элдерге тааныткан жана анны сактаган, жашоосунда негизги ролду ойноп канны
менен жанына синип, руху менен маданиятына Жана мамлекетине кызмат кылган эн
негизги, башкы куралы Жана которгон туусу – улуттук тили деп таанылышы жана
бааланышы керек – деп кошумчалайт.
Жыйынтыктап айтканда, ар бир баланы бир гана оз энеси торорун, анын эне тили
эненин суту менен кошо жаралып, адам болуп калыптанышын эске алсак, ар кандай элдин
(улуттун) пайда болушунда жеке адамдардан куралган тупку чыгыш тегинде бир Гана эне
тили (родной язык) болору тана алгыс чындык экенин эске албай кое албайбыз.
«Ар турдуу тилдуу улут тарыхта болгон да эмес. Ар турдуу тилдуулукту эки
тилдуулук же коп тилдуулук менен чаташтырууга болбойт. Белгилуу бир тарыхый
шарттарда айрым бир улуттун окулдору, озунун тилин сактоо менен бирге башка бир
тилде суйлошу мумкун. Азыркы коп улуттуу олколордун жашоосунда озунун
муктаждыгына ылайык оз эне тилинен башка да бир нече тилдерди, атап айтканда, орус
тилин, улут аралык байланыштын тили катарында оздоштуруп алары да белгилуу. Эки
тилдуулук Жана коп тилдуулук ар кандай себептер менен копчулук олколордо Гана эмес,
ар турдуу континенттерде колдонулары белгилуу» деп жазган Ф.П.Филин (Проблемы
двуязычия и многоязычия. М., 1972, стр. 13-25).
Азыркы кезде ар кандай улуттук тилдердин колдонулушунда бири-бирине
артыкчылык же устомдук кылган абалында зордук-зомбулукка жол берилбестиги, анны ар
бир улуттун окулу оз каалоосу менен оздоштурулушуно мумкунчулук берилип келаткан
тил саясаты жол берилишин эскерте кетели.
Улуттук адабий тилдин пайда болуп онугушундо Жана калыптанышында
фольклордун айрым спецификалык элементтери (макалылакаптар, фразеологизмдер,
учкул создор ж.б. ) анын системасында орун аларын А.М.Бабкин белгилеген.
В.И.Далдын создугундо анын жетишкен ийгиликтеринин сыры элдин тилиндеги
макал-ылакаптарды, фразеологизмдерди ж.б. лексикограф катарында кенири камтуу
менен бирге, корком создун чебери да болгон учун 30000ден ашуун фактылары да
камтылган – деп жазат Ф.П.Филин (Аталган китебинин 107-бетинде).
Эн аягында Ф.П.Филин: «Пушкиндин доорунда орустун улуттук адабий тили жана
анын ар кыл турлору негизинен калыптанышы аяктады десек болот. Элдик тил жана анын
эн эле ар кыл каражаттары толукталып байышы адабиятта биротоло буткон деп айта
алабыз» деген. (Анны эч озгорбой, катып калган нерсе деп тушунууго болбостугун
эскертет). Андан ары, оз оюн дагы улантып, В.И.Лениндин совет мезгилинде (1918-21-
жылдарда) элдин маданий муктакдыгын канааттандыруу максатын жана талабын эске
алып, азыркы кездеги орус тилинин создугун тузуу зарылчылыгын белгилеп, создукто
Пушкинден Горңкийге чейин орус тилинин материалдары камтылышын эскерткени
айтылат. Ал экоонун тили орус эли улутка айланган мезгилине туура келерин, анда адабий
тилдин жазма формасы негизги ролду ойногонун эскертет. Ал мезгилде орус тили бир
кыйла оркундотулуп жана толукталып байыганын эске алып, Пушкиндин доорундагы
анын тили орустун адабий тилинин балык доорундагы учурун элестетсе, ал эми
Лениндин, Толстойдун, Горңкийдин тили – ошол эле тилдин баралына жеткендеги
гулдоп-осушун , оркундотулгон мезгилинде абалын элестет – деген (136-бети).
10
Андан ары орус элинин улутка айланыш доорунун эн алгачкы мезгилде элдин
оозеки суйлошуу тили кызмат кылып келгенин, ага падышадан баштап карапайым
дыйканга чейин ал тилде суйлогону эскерилген.
Орус эли улутка айланганда элдик тили негиз болуп, анны байытып толуктаса да
элдин оозеки суйлошуу тилинде окум суруп келген ага муноздуу ар кандай тоскоол –
анын айырмалуу оз алдынча озгочолуктору адабиятта калыпка тушпогондугу баяндалат.
Анны эске алсак орус тили жергиликтуу говорлордо жана шаардык койнеде суйлогону, ар
биринин озуно таандык улгусу болгону да эскертилген. Диалектилик оз ара майдаланган
озгочолуктор XIII-XVII кылымдарда жана андан мурда орчугону жана алардын
калдыктары азыркы кезде да сейрек учуратылары эске алынган.
XVII-XX кылымдарда орус улутунун улуттук тили пайда болгон тилден суруп
чыгаруу процессии улуттук тилдин онугушундогу ага муноздуу озгочолук экени да
эскертилет. Ошонтип, диалектилик негиздеги майдалануунун жана анын
озгочолукторунун орун алышы башкы себеби экени так аныкталып корсотулгон. Орус
улутунун улуттук тилинин онугушуно негиз болгон анын элдик тил экени, ошол кезде
мамлекеттин борбору – Москва болгону, Москва говору улуттук тилдин тузулушундо
башкы ролду ойногону, анын теориялык негизин А.А.Шахматов негиздегени да
эскертилип келатат – деп жазган Ф.П.Филин (Аталган эмгенин 100-бет).

3-Лекция
Тема: Диалектилер, улуттук тилдер.
Кыргыз тилинин жана диалектилеринин калыптанышы (2 саат).

Планы:
1.Диалектилер жана улуттук тилдер – тарыхый категория.
2 .Түрдүү коомдук формациядагы диалектилер.
3 .Кыргыз тилинин жана диалектилеринин калыптанышы.
Адабияттары:
Юнусалиев Б.М. Кыргыз диалектологиясы. – Фрунзе: Мектеп, 1971.
Биялиев А. Кыргыз диалектологиясы. – Бишкек, 2000.

1. Диалектилер жана улуттук тилдер – тарыхый категория


Жергиликтүү диалектилер элдин жер-жерлердеги бѳлүктѳрүн тейлесе, улуттук
тил бүт элди тейлейт. Ошондуктан улуттук тил ѳнүгүүнүн жогорку формасы, диалектилер
ѳнүгүүнүн тѳмѳнкү формасы катары эсептелинет. Улуттук тил түзүлгѳндѳн кийин
диалектилер келечексиз кѳрүнүшкѳ айланып, ѳткѳндүн калдыгы катары бара-бара
жоголууга тийиш.
Табигатта жана коомдо ѳзгѳрбѳстѳн бир калыпта турган эч нерсе жок сыяктуу,
адамзат коому, тили, диалектилери.да ар түрдүү.тарыхый шартка ылайык дайыма ѳнүгүп-
ѳзгѳрүүгө дуушар болуп турат. Тилдеги, диалектилердеги ѳзгѳрүштѳр коомдун тарыхына
байланыштуу ѳзгѳрѳт. Ошондуктан тил, диалектилер тарыхый категория болуп эсептелет.
Улам алмашкан формациялардын шарттарындагы закон ченемдүүлүктѳр
уруулук.жана таптык коомдо ар башкача болгонуна байланыштуу тилдин жана
диалектилердин ѳнүгүштѳрү андай формацияларда ар түрдүү даражада ѳтүп турган. Кээ
бир доорлор дивергенция процессине байланыштуу тилдин майдаланып диалектилердин
пайда болушуна.алып келсе, кээ бир доорлор ал диалектилердин баш кошушуна,
биригүүсүнѳ конвергенцияга алып келген.
Уруулук түзүлүштүн баштапкы мезгилинде адамзат аз-аздан, топ-топ болуп
чачыранды жашаганда тукумдаш жашоо формасы ѳнүккѳн. Ар бир уруунун ѳзүнчѳ
жашаган аймагы, жери болгон, башка уруунун ѳкүлдѳрү менен карым – катнашы
чектелип, узак мезгилдер бою бѳлүнүп жашоонун натыйжасында уруулук диалектилер
11
жаралган. Уруунун бѳлүнүшү менен уруулук диалекти да бѳлүнүп, жакын тектеш
диалектилер пайда болот. Диалектилердин бири-бирине жакындык даражасы ал
уруулардын ѳз ара жакындык даражасына жараша аныкталган.
Уруулук түзүлүштүн учурунда тектеш уруулардын биригүүлѳрү (бирикмелери)
келип чыгат, натыйжада ошол уруулук бирикмелерге кирген диалектилердин кошулуу,
б.а., дивергенция.процесстери жүрѳт. Ошондой эле тектеш уруулардын бѳлүнүп, башка
тилдеги уруулар менен кошулуп кеткен учурлары да болгон.
Натыйжада тили жана этностук курамы жагынан аралашкан жаңы бирикмелер
келип чыгат. Ушундан улам тилдин аткарган милдети татаалданат: мурда тил коомдун
мүчѳлѳрүнүн ѳз.ара катышуусу үчүн гана колдонулса, кийин алыскы жерлер менен да
катышуунун каражатына айланат. Коомдук турмуштун талабына жараша жазма тил пайда
болуп, оозеки речь менен жазма тилдин ортосунда айырмачылыктар келип чыгат.
Бул доордогу тарыхый шартка жараша жазма тил болуп эне тил, же тектеш
тилдердин бирѳѳ, же тектеш эмес тил да кызмат ѳтѳшү мүмкүн. Мисалы, орто
кылымдардагы Европа элдеринин тарыхында латын тилинин, чыгыш элдеринин
тарыхында араб же фарс тилдеринин аткарган функциялары буга жакшы далил боло алат.
Чынгызхан мамлекет доорунда мамлекеттик иш жүргүзүүнүн.тили болуп – байыркы
уйгур адабий тили кызмат өтөсө, Орто Азия элдеринин маданиятынын тарыхында орто
кылымдарда байыркы карлук-уйгур жана фарсы, андан кийин чагатай жазма тили
колдонулган.
Кыргыздардын байыркы жазма тили болгондугу Енисей, Саян, Таластагы
жазуулары аркылуу далилденет. Андан кийинки кылымдарда кыргыздардын түштүк-
батышты кѳздѳй жылып, Алтай тоолорун байырлап, азыркы Монголиядагы Кыргыз – Нур
(Нур-Кѳл) боюн борбор кылып феодалдык мамлекет түзүп турган кездеги жазуулары
табыла элек болсо да, араб-фарсы саякатчыларынын эмгектеринен Х – кылымдардагы
кыргыздардын ѳзүнчѳ жазмасы бар деген тарыхый кабарларды учуратууга болот.
Кидандардын (кара кытайлардын) чабуулунун натыйжасында кыргыздардын
мамлекети кулап, кыргыз уруулары Алтайдан Ала-Тоону кѳздѳй жыла баштайт. Ала-
Тоого кѳчүп келгенден кийин да кыштоо-жайытты бѳлүштүрүүдѳ, алык-салык, ыгым-
чыгым салууда да, административдик бѳлүнүштѳргѳ бѳлгѳндѳ да ошол эле уруулук
принцип сакталган. Бул болсо урууларга тиешелүү болгон байыртадан (Енисей, Алтайдан)
бери келаткан диалектилик ѳзгѳчѳлүктѳрдүн сакталышына себепкер болгон. Маселен,
элдин согуштук стратегия боюнча бѳлүнүшүнѳ карай «оң канаттагы урууларга» эринчил
созулма оо, ѳѳ, уу, үү үндүүлѳрү, «сол канаттагылар» үчүн – эринчил ow, ө w, yw, үw
дифтонгулары мүнѳздүү. Булар азыркы учурда территориялык.жана уруулук мүнѳзгѳ ээ.
Бирок учурдагы.кыргыз диалектилерин - байыркы уруулук түзүлүштөн калган
уруулук диалектилери катары кабыл.албай, ал мезгилден айрым белгилердин издерин гана
сактаган, узак доорлордун далай ирет аралаштырылган территориялык – уруулук
диалектилери деп түшүнүү керек.
Кыргыз диалектилериндеги ѳзгѳчѳлүктѳр кыргыз элинин Саян – Алтай
тоолорундагы феодалдык коомдун шартында жарала калган гана ѳзгѳрүштѳр эмес, алар
Ала-Тоо, Алай-Памир тоолорундагы кыргыздардын тарыхындагы ар түрдүү
ѳзгѳрүштѳрдү чагылдырган көрүнүш. 17-кылымдын аягы 18- кылымдын башында
жунгарлардын катуу чабуулунун натыйжасында кыргыздын бир катар уруулары Ала-
Тоодон Фергана – Памирге аргасыздан кѳчүшѳт. Мындай окуялар ошол кездеги
феодалдык хандыктардын жана уруулардын чек араларын бузууга алып барган.
18-кылымдын ортосунда бир жагынан Кытай армиясынын, экинчи жагынан Орто-
Азиялык элдердин биргелешкен соккуларынын натыйжасында Жунгария мамлекети
кулап, жунгарлар кыргыз жерлеринен кетүүгѳ мажбур болушат. Мындай окуядан кийин
түштүккө, Анжиян- Фергана тарапка сүрүлгөн кыргыз уруулары өздөрүнүн мурунку
жерлерине: Талас, Чүй, Көл, Нарынга кайта кѳчүшѳт. Натыйжада кыргыз урууларынын
жер-жерлерден орун алышына, этностук курамына маанилүү ѳзгѳрүштѳргө алып келген
12
мындай окуя диалектилерде да изин калтырды. Андай изди азыркы диалектилик
лексикадан жана ага байланыштуу тыбыштык ѳзгѳчѳлүктѳрдѳн.ачык байкоого болот.
Эгерде кыргыз тилинин Ала-Тоо доорундагы негизги ѳзгѳрүшү араб-иран
лексикасынын массалык түрдѳ кабыл алынышы менен мүнөздөлсө, 18- кылымдын
ортосунан кийин ал сѳздѳрдүн ѳздѳштүрүлүш даражасына байланыштуу аймактык
өзгөрүүлөр жүрдү. Кыргыз диалектилеринин негизинен эки чоң топко бѳлүп турган
маанилүү белгилер да ошол тарыхый окуядан кийин пайда болгон. Түндүк жана түштүк
диалектилерге бирдей таралган жалпы элдик мүнѳздѳгү араб-иран сѳздѳрү түштүктѳн
түндүккѳ кѳчүп кете электе, 18-кылымдын ортосуна чейинки мезгилде, түштүктѳгүлѳр
менен тыкыз байланышты үзѳ электе кабыл алынган. Ал эми түштүк диалектиде гана
учураган: жәкәндос, кәлтәк, әтәш күрѳк, лакчегер, асант, мазак, жүдә, пана, пайча, кәл,
дәнгәсә, әкис (таарынчак)дегенфарсы; кассам, хаммаси, әсәси, әскийә, халас, лаззат,
амаки сыяктуу көптөгөн араб сөздөрү ѳзбек, уйгур, тажик тилдеринен түндүк кыргыз
диалектилери алыстагандан кийин ѳздѳштүрүлгѳн.
Чет жерлерде жашаган кыргыздарда болсо, абал башкача үмүт пайда
болгондон кийин, түркүн элдерди баш коштурган борборлоштурулган мамлекет
жаралат. Узак убакыт бою бир мамлекеттин курамында, бир территорияда, жанаша
саясий мамиледе жашоонун натыйжасында ар элдин кулк-мүнѳзүндѳ, үрп –
адатында, маданиятында кѳп жалпылыктар пайда болот.
Улут менен кошо улуттук тил калыптанат, бирок улуттардын пайда болушу да
географиялык, маданий-экономикалык, тарыхый шарттарга жараша ар түрдүү болот.
Маселен, кыргыз диалектилеринин ортосунда ѳз ара жакындашуу процессинин ордуна
географиялык ири тоскоолдуктардын болушунан жана саясий-тарыхый шарттардан улам
көп кылымдар бою. бөлүнүп жашоонун натыйжасында бири-биринен улам алыстоо
процесси.ыкчамдык менен жүрүп турган. Эгерде ошондой процесс тынымсыз уланып
отурса, анын кээ бир диалектилери азыр ѳзүнчѳ бир жакын тектеш тилге айланып кетүүсү
ыктымал болучу....
1917-жылдагы революциядан кийин Россиянын карамагында турган бир
катар элдер ѳзүнчѳ мамлекеттик формага ээ болушту. Кыргыз эли да ѳзүнчѳ
мамлекеттүүлүк жалпылыгынын негизинде укугуна жетти. Саясий экономикалык
маданий территориясын тилдик принциптердин официалдык жалпы улуттук
жазмабыз түзүлдү. Расмий жазма жана оозеки нормабыздын байыркыдан бери
келаткан жалпы элдин оозеки нормаларына негиздеген калыптануу процесстери
бүгүнкү күнгѳ чейин улантылууда.
Тарыхый-салыштырма методдун негизинде изилдөөнүн натыйжасында кыргыз
тилинин жана диалектилеринин өнүгүшүндөгү, диалектилерине мүнѳздүү
ѳзгѳчѳлүктѳрүнүн калыптанышындагы тѳмѳнкүдѳй көрүнүштөрдү белгилѳѳгѳ болот:
1. Азыркы кыргыз тили жана анын диалектилери узак мезгилдин ичинде
калыптанды;
2. Калыптануунун негизинде ал ар түрлүү жакын тектеш жана алыс (IY-ХХ кк.)
тектеш тилдер, тектеш эмес тилдер менен ар кайсы мезгилде ар кандай мамиледе болгон;
3. Кыргыз тилинин жана диалектилеринин калыптаныш процесси бир гана
территорияда (маселен, Орх.-Енисейде,же Саян-Алтайда, же Ала-Тоодо) ѳтпөстөн ар
кандай территорияда өткөн;
4. Айрым этностук компоненттер (маселен ичкилик ж.б. уруулар) элдин негизги
корунан (ядросунан) бөлүнбөй, аны менен дайыма эле тыкыз байланышта жашап келген
эмес.
5. Алдыда көрсөтүлгөн себептер, шарттар кыргыз тилинин жана анын
диалектилеринин калыптануусуна ар кандай.даражада таасир.эткен.

13
Кыргыз элинин, тилинин тарыхындагы ушундай ѳзгѳчѳлүктѳрдү эске алып, жалпы
элдик кыргыз тилинин калыптаныш тарыхын(илимде мындан башкача көз караштагы
бөлүштүрүүлөр да бар экенине карабастан, академик Б.М.Юнусалиевдин көз карашындай)
3 чоң доорго бѳлүп кароого болот:
1. Байыркы кыргыз тили (IV-Х кылымдарга чейинки)
2. Орто кылымдык кыргыз тили (Х-ХVI кылымдарга чейинки)
3. Жаңы кыргыз тили (ХVI-азыркыга чейин).
Байыркы кыргыз тили (IV-Х к.к.)
Байыркы кыргыз тилинин жазма эстеликтери катары Енисей эстеликтерин
кѳрсѳтүүгѳ болот. Енисей эстеликтери менен азыркы кыргыз тилинин ортосунда 1500
жылга жакын убакыт ѳткѳнүнө карабастан Енисейлик доордогу кыргыз тили менен
азыркы кыргыз тилинин ортосунда сакталган окшоштуктар, жалпылыктар аз эмес:
Фонетикадагы.жалпылыктар:
Эстеликтердеги 8 кыска үндүү азыркы кыргыз тилинде жана
диалектилеринде толугу бойдон сакталган. Мына ошол 8 үндүүнүн жоон-ичке болуп
бөлүнүшү, үндүүлѳрдүн эрин күүсүнѳ карай ээрчиши (бирок эстеликтерге караганда
кыргыз тилиндеги ээрчишүү туруктуурак) сакталган.
Эстеликтердеги үнсүздѳрдүн баары кыргыз тилинде бар жана алардын позициялык-
комбинатордук өзгөрүүлөрү, каткалаң – жумшак болуп бөлүнүшү боюнча
айырмачылыктары аз.
Грамматикалык түзүлүшүндөгү жалпылыктар:
Негизги морфологиялык жөндөмө, жак, сан, чак, ыңгай, мамиле категориялары,
ошондой эле зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш, тактооч сөз түркүмдөрүнө
тиешелүү уңгу сѳздѳрдүн баары, аларды жасоочу мүчөлөрдүн көбү азыркы кыргыз
тилинде да сакталган.
Лексикада болсо, байыркы мезгилдерден бери башка сѳздѳрдүн жасалышына
уютку болуп келаткан негизги сѳздүк кор: дене бѳлүктѳрүнүн негизги аталыштары,
тууганчылык терминдери, негизги кыймыл-аракетти туюндурган ж.б. аталыштар
сакталган. Ошону менен кошо алтай, хакас, тува, кыргыз тилинде сүйлѳгѳн элдин түпкү
ата-бабалары чогуу Саян, Алтай тарапта турган мезгилде монгол тилдеринен аларга белен,
сонун, каалга ж.б. сыяктуу жалпы кабыл алуулар да болгон. Булар Сибирдеги түрк
тилдери менен кыргыз тилинин ичкилик диалектисинен башкасында, түндүк жана
түштүк-чыгыш диалектилеринде бар.
Орто кылымдагы кыргыз тили (Х-ХVк.к.)
Кыргыз тилинин бул Алтай доорунда жазылган эстеликтери табыла элек, бирок
салыштырма методду колдонуу аркылуу байыркы кыргыз тилинде башталган.маанилүү
тыбыштык ѳзгѳрүштѳрдүн орто доордо улана бергенин байкоого болот. Бул доордо
айланадагы тектеш тилдерден айырмалап турган, бирок Алтай тили менен окшоштуруп
турган белгилер пайда болгон:
Бул доордун башында, кыргыздар Ала-Тоого келгенде. Махмуд Кашгаринин
«Дивану лугат-ат түрк», Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» сыяктуу дүйнөгө
белгилүү жазма эстеликтер пайда болгон. Алардын тили ошол кездеги түрк уруулары
үчүн орток жазма адабий тилдин кызматын өтөп турган Караханийлердин карлук-уйгур
наречиесинде жазылган жана ал тил ошол кездеги түрк урууларынын элдик оозеки
тилдери менен жакын тектештик абалында.турган орток жазма.тили болгон. Демек, анда
башка.түрк урууларынын элдик оозеки тилинин катышы кандай болсо, кыргыз элдик
оозеки тилинин элементтери да болгон деп айтууга бизде толук негиз бар.
Жаңы кыргыз тили (ХVI кылымдан кийинки кыргыз тили)
16-кылымдан башталган жаңы кыргыз тилинин тарыхы негизинен Ала-Тоолук
доорду камтып, кыргыз диалектилеринин ѳнүгүш ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша 3 мезгилге
бѳлүнѳт:

14
1. Могулистандык- жунгардык мезгил (16-18 к.к.)
2. 18- кылымдан революцияга чейинки Кокондук- Россиялык мезгил
3. Советтик жана андан кийинки мезгил.
1. Могулистандык – жунгарлык мезгилде кыргыз уруулары чыгыш Түркстандан,
кийинчерээк борбордук Ала-Тоодон байыр алып, ал жердеги уйгур диалектилери менен
ар түрлүү байланышта жашайт. Биринчи кезектеги кыргыз тилиндеги лексикалык
кабыл алуулар иран-араб сѳздѳрүнүн ѳтѳ баштоосуна туура келет.
Борбордук Азиядагы жунгарлар (калмактар) улам чоң күчкѳ ээ болуп Чыгыш
Түркстан, Орто Азия элдерине катуу чабуул жасап турат. Кыргыздар Каратегин, Кысар
(Памир) ѳрѳѳндѳрүнѳ чейин, арты Анжиян, Алайга сүрүлѳт. Бул мезгилде 17-18 к.к.
кыргыздар – уйгурлар, ѳзбек, тажик, казак элдери менен байланышта болуп, соодага,
дыйканчылыкrа, ислам динине байланышкан кѳп иран-араб сѳздѳрүн ѳздѳштүрѳт. Түндүк
жана түштүк диалектилеринде бирдей мааниде учураган араб-иран сѳздѳрү мына ошол
жаңы кыргыз тилинин алгачкы мезгилинде орто азиялык тилдер аркылуу кирген болуу
керек.
2. 18 -кылымдын ортосунда жунгарлар жеңилгенден кийин кыргыз уруулары
ѳзүнүн мурунку.жерлерине кайтып келишет: Ысык-Кѳл, Чүй, Нарында кыргыздын оң
канатына, Таласта сол канатка кирген уруулар; Жалал-Абад, Ош аймактарына сол
канаттагы жана Фергананын түндүк-батыш тарабындагы тоо этектерине ичкилик
уруулары орношушат. Мына ушундай жер которуудан кийин кыргыз диалектилеринин
тарыхында маанилүү ѳзгѳчѳлүктѳр башталат. Түндүк менен түштүк урууларынын
ортосунда мурункудай тыкыз байланыш болбой калат: географиялык тоскоолдуктар (адам
өтө алгыс улуу тоолор) кыргыз элин түндүк, түштүккө бѳлүп салат. Натыйжада саясий
биримдик болбой, бытырандылык күчѳйт, түндүк менен түштүк ар бири ѳзүнчѳ башка-
башка шарттарда ѳнүгѳ баштайт: түштүк кыргыздардын ѳзбек, уйгур, тажиктер менен
маданий-экономикалык, саясий байланышы мурдакыдай улантыла берсе, түндүктөгү
кыргыз урууларынын андай байланышы биротоло басаңдап, казактар, орустар менен
байланышы күчѳйт. Түштүк диалектилерде активдүү колдонулган, бирок түндүк
диалектилерде учурабаган иран-араб лексикасы бүт дээрлик жаңы кыргыз тилинин экинчи
Кокондук мезгилинде уйгур, ѳзбек, тажик тилдеринен кирген. Андай сѳздѳр менен кошо
айрым тыбыштар, грамматикалык формалар аз-аздап ѳздѳштүрүлө берип, акырындап
мындай айырмалар күчѳй берген.
Бу мезгилдеги диалектилик ѳзгѳчѳлүктѳрдү ошол учурда жаралган жазма
эстеликтерден да байкоого болот, анткени чагатай жазма тилинде жазууга
аракеттенген ал убактагы айрым жазгыч акындардын кол жазмаларында
ошондой.диалектилик элементтердин орун алгандыгы байкалат. 19-кылымдын
башында жаза баштаган Шаймердендик Молдо Нияздын санат ырларынын тили –
чагатай тили менен ичкилик диалектисинин ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырса,
Нарындык Молдо Кылычтын ырларынын тилинде түндүк (Нарын) диалектинин
фонетикалык (сычылдыкты), лексика-грамматикалык ѳзгѳчѳлүктѳрү
сакталгандыгы кѳрүнѳт.
3. Жаңы кыргыз тилинин советтик жана андан кийинки 3- мезгили – башка
мезгилдерден принципалдуу түрдѳ айырмаланат. Революцияга чейинки кыргыз
урууларынын саясий-экономикалык биримдиги болбой ѳз ара алыстаган абалда турса,
революциядан кийин кыргыз элинин мамлекеттик (республикалык) укукка жетишүүсүнүн
натыйжасында кыргыз урууларынын ортосунда саясий – экономикалык, маданий
биримдиги күчѳдү, диалектилер ортосунда консолидация процесси башталды.
Улуттук адабий тил
Оозеки түрдѳ жашап келген кыргыз адабий тили улуттук жазма адабий тилге
айланды. Ал кыргыз элдик оозеки тилинин – территориялык диалектилердин негизинде
түзүлдү. Башкача айтканда, ал баардык кыргыз диалектилеринде бирдей формада жана
мааниде колдонулган тѳмѳнкүдѳй жалпы элдик белгилердин негизинде түзүлдү.
15
Фонетикалык белгилер:
1. 8 кыска жана 6 созулма үндүү фонема.
2. фонемалык мааниде колдонулуучу 18 үнсүз тыбыштар бүт дээрлик б, г, (ғ), д, ж,
з, й, к,( қ), л, м, н, ң, п, р, с, т, ч, ш жана ц, ф , в.
3. үндүүлѳрдүн жоон-ичкелигине, кең-кууштугуна, эринчил-эринчил эместигине
карай эрчишүүсү.
4. үнсүздѳрдүн каткалаң – жумшактыгына жараша ээрчишүүсү алардын
прогрессивдүү, регрессивдүү ээрчишүү эрежелери.
5. кээ бир үнсүздѳрдүн айрым позициялык-комбинатордук шарттарда түшүп
калуу же кошулуп айтылуу учурлары.
6. муун түрлөрүнүн жана типтеринин бирдейлиги, басымдын акыркы муунда
болушу.
Морфологиялык белгилер:
Негизги морфологиялык категориялар: жѳндѳмѳ, жак, сан, чак,
ыңгай, мамиле, сѳз түркүмдѳрү, сөздүн унгу-мүчөлөргө ажыратылышы, сѳз жасоочу, сѳз
ѳзгѳртүүчү мүчѳлѳр боюнча жалпылыктары.
Синтаксистик жагынан алганда – адабий тилдеги негизги категориялар –
сүйлѳмдүн курулушу, анын мүчѳлѳргѳ бѳлүнүш принциптери, алардын орун тартиби,
алардын ѳз ара байланышуу принциптери, аткарган кызматтары, берген грамматикалык
маанилери, сүйлѳмдүн негизги типтери, байламта категориясы ж.б. бардык диалектилерге
таандык жалпылыкты сакташат.
Сѳздүн составы боюнча – диалектилер ортосунда биримдик күчтүү. Сѳз жасоо
системасындагы ѳнүмдүү уңгу сѳздѳр, тууранды жана сырдык сѳздѳр боюнча биримдик
сакталат.
Лексиканын «сѳздүк кор» деп аталчу бѳлүгү бардык диалектилерде бирдей
мааниде, бирдей тыбыштык формада жолугат. Лексикалык айырмалар ѳздѳштүрүлгөн
сѳздѳрдѳ, ошондой эле айрым сөздөрдүн активдүү же пассивдүү колдонулушу боюнча
айырмаланат:
Адабий тилдин ѳнүгүш булактары
Адабий тилдин өнүгүшүнүн ички жана сырткы булак деген эки булагы бар.
Ички булак – кыргыз диалектилеринин ички мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
1. Диалектилик терминдерди (пахтачылык, жибекчилик, багбанчылык, бакчачылык,
тамекичилик, кызылча,төө бурчак жана башка тармактарга байланыштуу атоолорду)
иргеп пайдалануу;
2. Уңгу сѳздѳргѳ мүчѳлѳрдү жалгоо менен басмакана, ѳнѳр жай, ѳндүрүш, чыгарма
сыяктуу жаңы сѳздѳрдү жасоо;
3. Борбор, мүчѳ, уюл, ок – жердин огу сыяктуу айрым сѳздѳргѳ жаңы маани берүү;
4. Фольклордогу адабий тилде жок сѳз тизмектерин, идиома менен
фразеологизмдерди ж.б. сѳздѳрдү пайдалануу.
Сырткы булак болуп - башка тилдерден кабыл алуулар, негизинен лексикага
байланыштуу илимий – техникалык, социалдык – экономикалык, маданий, чарбалык ж.б.
тематикалык топторго байланыштуу кабыл алуулар эсептелет.

4-Лекция
Тема: Кыргыз диалектилеринин классификацияланышы (2 саат)

План:
1. Диалектилерди классификациялоодо эске алынуучу нерселер.

16
2. Кыргыз диалектилеринин алгачкы классификациялары: К.Тыныстанов, И.А.
Батманов, К.К. Юдахин.
3. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки классификациялар:
К.К.Юдахиндин классификациясы. « Лейл.», ( 1948 ), «КОС» (1940)
Б.М. Юнусалиевдин классификациясы / 1953, программада жана «КД».1971/
Ж.Мукамбаевдин классификациясы / 1957 /
Э.Абдулдаевдин классификациясы / 1966 /
Ш. Жапаровдун классификациясы / 1972 /
4.Чет өлкөдөгү кыргыздардын диалектилери.

Адабияттар:
1. Юнусалиев Б. М. Кыргыз диалектологиясы.- Фрунзе, 1971, 70-84.
2. Жапаров Ш., Сыдыкова Т. Кыргыз тилинин диалектологиясы.-Бишкек, 2001, 41-57.
3. Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясы жана.фразеологиясы.- Б., 1998.
4. Жапаров Ш. Кыргыз диалектологиясы. – Бишкек, 2000.
5. Биялиев А. Кыргыз диалектологиясы.- Бишкек,2000.

1. Диалектерди классификациялоонун зарылчылыгы эмне, ошону эң биринчи


билип алалы. Сиздерге белгилүү болгондой, азыркы кыргыз тили асмандан түшѳ калган
абстрактуужаңы тил эмес, узак кылымдарды камтыган тарыхы бар жандуу тил. Толгон-
токой куймаларга ээ болгон өзүнчө эле бир чоң дайрага окшогон реалдуу тил. Ага ар
тараптан.ѳзѳн суулар, булактар кошулган дарыя сыяктуу тилдик түрдүү элементтер
кошулуп отуруп, азыркыдай 80000дей сѳзү бар, тарыхы тереңге кеткен кайталангыс бай
тилге айланып отурат. Мына ошондой «дайранын» б.а., кыргыз тилинин тарыхын аныктоо
үчүн, андагы тилдик ар бир фактыларынын түпкү булактарын, куймаларынын башатын
табуу жана алардын таралыш чегин аныктоо жагы талап кылынат. Андай максатты жүзѳгѳ
ашыруу үчүн аймактардагы тилдик жалпылыктар менен кошо жергиликтүү тилдик
ѳзгѳчүлүктѳрдү таап, сыпаттап жазып, алар боюнча диалектилерге же говолорго
бѳлүштүрүү милдеттери алдыга коюлат. Демек, диалектилерди классификациялоонун
түпкү максаты мына ушул айтылгандар менен байланышкан.
Диалектилер менен говорлор каалагандай эле классификациялана бербейт. Анын да
өзүнө тиешелүү талаптары болот. Андай талаптары катары төмөнкүлөр эсептелинет:
1. Диалект, говор, подговор деген терминдердин колдонулуш кѳлѳмүн чектѳѳ үчүн
алардын аныктамаларын тактап алуу;
2. Диалектилик классификациялык белгинин тилдин системасындагы маанисин
аныктап алуу;
3. Классификациялык белгилердин диалектилик, же говордук, же подговордук
мүнөздө экендигин аныктоо;
4. Классификациялык белгилердин территориялык, же этностук (уруулук), же
социалдык мүнѳздѳ экендигин ажырата билүү.
1. Диалектология илиминде тилдин ичиндеги эн чоң бѳлүнүшүнѳ- наречие, анын
ичиндеги бѳлүнүшкѳ - диалект, диалект ичиндеги бөлүнүшкө - говор, говордун ичиндеги
бѳлүнүшкѳ – подговор деген орус тил илиминен алынган терминдер колдонулуп келатат.
Кыргыз диалектологиясында да ушундай бѳлүнүштѳр сакталган. 2. Диалектилик
ѳзгѳчѳлүктѳрдүн тарыхы жана тилдеги мааниси ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы
/б/тыбышынын интервокалдык абалда жумшарышы (-V-аvа,бараvыз) бардык говорлордо
бирдей айтылат жана территориялык жагынан чектелбеген. Демек, ал диалектилик
мүнѳзгѳ ээ болбогондуктан аны классификациялык белги катары алууга болбойт.

17
Ал эми / ә / тыбышы - кыргыз тилинин чоң аймагына (Жалал – Абад, Ош,
Баткен,Өзбекстан менен Тажикстандык кыргыздарга) таралган жана ошол аймактагы
кыргыз тилинин фонетикалык системасына терең сиңип кеткен кѳрүнүш болуп эсептелет.
Демек, ушундан улам.аны кыргыз.диалектилерин. классификациялоодогу бир белгиси
катары алууга толук.негиз.түзүлөт. Же болбосо, говорлордогу ашыра «С» чылдык менен
«З»чылдыктын таралыш ареалы алдыңкыдан башкачараак. Айрым сѳздөрдүн башында / Н
- / тыбышынын түшүрүлүп.айтылышы, ашыра «П-»чылдык, эринчил созулма
үндүүлөрдүн ордуна эринчил дифтонгулардын айтылышы, атасын - атасыны түрүндөгү
жөндөлүштөр, -атыры формасынын, моногу, бадыvот формасынын ареалы да алдынкыга
салыштырмалуу чектелүү. Кыргыз диалектилеринде өзгөчөлөнүп турган көптөгөн мындай
кубулуштардын арасынан маанилүүлѳрүн, чоңураак аймактарга таралгандарын -
диалектилик, андан кичирээк (диалектинин ичиндеги өзгөчөлүктөргө) аймактарга
таралышына карата – говордук, говордун ичиндеги ареалы чектелген өзгөчөлүктөргө
(маселен, адат өткөн чактын -чук ж.б. көрүнүштөргө) – подговордук белгилер деп алса
болот.
6. Ошондой эле классификациялык белги катары алына турган тоо –тоw, / ә /, «с»
чылдык, эле, жүгѳр, - лар, атасыны ж.б. ѳзгѳчѳлүктѳр пайда болушу жагынан этностук
(уруулук) мүнѳздѳбү же территориялык мүнѳздѳбү? Аталган фактылардын таралышына
жана колдонулушуна карап, биринчи кезекте мына ошонун башын ачып алуу керек.
Мисалы, атасыны деген жөндөлүш формасынын ичкилик урууларына гана мүнөздүү
экендиги диалектологдор тарабынан мурда эле аныкталган. Демек, ал фактынын уруулук
мүнөздө экендигин айтууга болот. Ал эми Талас менен Аксылык саруу уруусунун
өкүлдөрүндө эринчил оо, өө, уу, үү созулмаларынын ордуна эринчил оw, өw, уw, үw
дифтогулары колдонулса, көлдүк.сарууларда эринчил созулма үндүүлөр гана айтылат.
Демек, бул жердеги оw, өw, уw, үw уруулук көрүнүш эмес, территориялык көрүнүш болуп
калат.
Ошондуктан кыргыз диалектилерин классификациялоодо жалаң территориялык же
этностук принциптердин бирѳѳн колдонбостон, аралашкан принципти колдонгон
ыңгайлуу болот.
2. Кыргыз диалектилеринин алгачкы классификациялары.
Бул суроого киришерден мурда кыргыз тили жѳнүндѳ жазылган алгачкы
кабарларга токтолууга туура келет, анткени.алар диалектологияга да таандык биринчи
маалыматтар болуп эсептелет. 1917-жылдагы Октябрь революциясына чейинки мезгилде
кыргыз диалектилерине арналып атайы эмгек жарыяланган эмес. Маселен, 1860-жылы
В.В.Радлов кыргыздардын арасынан «Манас» эпосунун бөлүмдөрүн жазып алган жана
1862-жылы текестик, 1869-жылы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы кыргыздарга
келген. Түрк элдеринин оозеки адабиятына арналган көп томдуу жыйнагында В. Радлов
кыргыздардын тилинде диалектилик айырмаларды байкабагандыгын айткан. Андан соң
казактан чыккан жаш окумуштуу Ч. Валиханов тил боюнча адис болбосо да,
кыргыздардын сүйлөгөн сөздөрүн казак, татар жана башка.түрк тилдери менен
салыштырып келип, кыргыз тили уйгур тилине жакын деген пикирин айткан. Венгр
окумуштуусу Алмаши да түштүккѳ келип, кыргыздын кебин (сүйлөгөн сөзүнүн кыска
бөлүгүн) басма бетине жарыялаган болучу. Анда түштүк диалектиге мүнѳздүү айрым
фактылар сакталган. Булар кыргыз тили жана анын диалектилик ѳзгѳчѳлүктѳрүн
аныктоого жасалган алгачкы аракеттер болуп саналат.
1930-жылдардын башында кыргыз диалектилеринин ар кайсы жерлеринен
жазылган үзүл-тазыл тексттик фактылар тилчи-окумуштуулардын колуна келип түшѳ
баштайт. Мына ошондой фрагментардык мүнөздөгү фактылардын негизинде кыргыз
диалектилерине алгачкы жалпы классификацияны 1934-жылы К.Тыныстанов «Кыргыз
адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоору» / 43 бет / деген ишинде берүүгө
18
аракет жасаган. Анда кыргыз диалектилерин ал Чүй, Талас, Ысык – Кѳл, Түштүк деп
тѳрткѳ бѳлүп, аларга мүнөздүү деп эсептеген тилдик айрым ѳзгѳчѳлүктѳрүн бөлүп
көрсөткөн болучу. Бирок белгилүү себептерге байланыштуу К.Тыныстановдун мындай
бѳлүштүрүүсү бир дагы эмгекте, жогорку окуу жайларына ылайыкталып жазылган
китептеринде да айтылбай, эскерилбей келген. К.Тыныстановдон кийинки бѳлүштүрүү
академик И.А.Батмановдун «Северные диалекты кыргызского языка» / 1938 / деген
эмгегинде жасалган. И.А. Батманов аталган эмгегинде кыргыз тилин түндүк жана түштүк
деп эки наречиеге бѳлүштүрүп, Кыргызстандын түндүк аймактарын – түндүк наречиеге,
түштүгүн – түштүк наречиеге киргизген. Түндүккө мүнөздүү болгон тыбыштык жана
морфологиялык изоглоссалар негизинен туура көрсөтүлүп, алты фонетикалык, бир
морфологиялык ѳзгѳчѳлүктѳрдүн негизинде түндүк наречиени: 1. Талас-Чаткал, 2.
Тѳмѳнкү Чүй, 3. Күнгѳй Ала-Тоо, 4. Ысык-Кѳл, 5. Нарын, 6. Ат-Башы, 7. Кочкор-Жумгал
деп жети диалектиге бѳлгѳн. Диалектилик белгилери.катары тоо- тоw, найса\найза -
айса\айза, байда // пайда, барабыз - бараvыс, кызыл/зай - кысыл,түрдүү – түрлү\ түрлүү,
бара.жатыр - бара жатат – баратат –барайатат фактылары алынган. Бирок бул эмгегинде
наречие, диалект, говор деген терминдердин чеги так ажыратылбагандыктан, «түндүк
диалектилер», «Талас диалектиси» деп бир эле аймакка карата.ар түрдүү.терминдер
аралаш колдонулуп кеткен. Түштүк диалектилер боюнча материал жокко эсе болсо да,
түштүк наречиеге мүнѳздѳмѳ берүүгѳ аракеттенип, түштүк наречиеде созулма үндүү жок,
алардын ордуна дифтонг колдонулат, кыска үндүүлѳрдүн саны азайган, тогуз жөнөкөй
үндүү эмес беш гана жөнөкөй ( кыска) үндүү бар,- деп жыйынтык чыгарган.
«Северные диалекты кыргызского языка» деген брошюрасынан кийинки эмгектеринде
кыргыз диалектилерин классификациялоо маселелерине бир нече ирет кайрылып,
мурдакыларын толуктап, тактап диалектилик жаңы фактыларды сунуш эткен. Мисалы,
1945-жылы жарыялаган «К генезису диалектов киргизского языка» деген макаласында
да.түштүк диалектилердеги кыска үндүүлөрдүн саны - контрасттуу.кыска.үндүүлөрдүн
(жоон үндүү менен ичке үндүү) мисалы, а менен э, о менен ө, у менен ү, ы менен
фонемаларынын өз ара артикуляциялык айырмаларынын жоготуунун натыйжасында
индеференттүү фонемалар пайда болуп, үндүүлөрдүн саны кыскарган дейт. Ошону менен
бирге палаталдуу ә тыбышынын фонема катарында колдонулушу; каткалаң п тыбышынын
сөз башында көбүрөөк колдонулушу; жумшак ж аффрикатасы менен катар сөз башында й
тыбышынын параллелдүү колдонулушу; х тыбышынын мурунураак колдонулушу; кээ бир
диалектилерде h спирантынын фонема иретинде учурашы; сөздүн уңгусунда жана
мүчөлөрүндө үндүүлөрдүн ээрчишүү законунун бузулушу; өзбек тилине мүнөздүү бир
катар сөздөрдүн колдонулушу; бирикме сүйлөмдү түзүүчү ки байламтасынын учурашы
сыяктуу түштүккө мүнөздүү фактыларды санап көрсөткөн.
«Азыркы кыргыз тили» 1 – бѳлүк Фонетика (1953) деген китебинин Киришүү
бѳлүмүндѳ түндүк диалектиге кирген говорлордун санын мурунку 7 топтон эки топко, ал
эми түштүк диалектинин фонетикалык ѳзгѳчүлүктѳрүн тогуздан алтыга чейин
кыскарткан.
«Кыргыз тилинин калыптаныш булактары жана жолдору» деген макаласында
болсо диалектология боюнча жаңы изилдѳѳлѳргѳ таянып кыргыз тилиндеги
диалектилерди:
1. Чыгыш (Ысык-Кѳл ѳрѳѳнү, Нарын, Чүй ѳрѳѳндѳрү жана Алай ѳрѳѳнү);
2. Түндүк-Батыш (Талас, Чаткал говорлору);
3. Түштүк-Батыш (Ош, Жалал-Абад областарынын, Алай районунан
башка бѳлүктѳрү) деп үчкө бѳлүүнү сунуш кылган (Изв.киргизского филиала АН СССР,
вып. ХII, 1947, 55-стр).
1959-жылы чыккан «Кыргыз элинин этногенезиси боюнча кээ бир лингвистикалык
маалыматтар» деген макаласында диалектилик бѳлүнүш маселесине таптакыр башка кѳз
караш менен карап, кыргыз тилинин азыркы ѳнүгүш этабында диалектилер жок, говорлор
19
гана бар деген жыйынтыкка келет да 5 белгинин негизинде жаңы классификацияны сунуш
кылат:
№ Таралган аймактары Белгилери
1 Талас ѳрѳѳнү Тоw
2 Нарын облусу жана Чүй ѳрѳѳнү Тоо С атында
3 Ысык-Кѳл ойдуңу Эл
е
4 Чаткал ѳрѳѳнү Тоw
5 Ош облусунун чыгыш тарабы, то 3
Жалал-Абад областынын Октябрь
району, Ош областынын Жалал-
Абад областынын калган аймактары то эде атыда
1940-жылы К.К.Юдахин «Кыргызча-орусча сѳздүгүнүн» 5-бетинде кыргыз
диалектилерин түндүк, түштүк-ичкилик деп экиге бѳлүштүрүп карайт. Түштүктөн –
ичкиликти кийинки чыккан «Лейлек говорунун материалдарынан» /1948/ деген
макаласында бөлүп алып мурдакы бѳлүштүрүүсүн толуктаган. Бѳлүштүрүүнү бир гана
территориялык принципке негиздебестен, уруулук принципке да негиздеп жасайт, кээ бир
тыбыштардын генезиси тууралу маселени көтөргөн. Мындагы классификациялык
белгилер биринчи даражалуу жана экинчи даражалуу болуп бѳлүнгѳн. Биринчи даражалуу
дегенин – диалектилик, экинчи даражалуу дегенин – говордук классификациялык белги
деп түшүнүү керек (Тактаган.Ж.Ж.). Биринчи даражалуу белгилерге: кош эринчил
чормогой / W / жана палаталдуу ачык ә тыбыштары алынып, бул белгилер боюнча кыргыз
диалектилери түштүк жана түндүк диалектилерге ажыратылган. Кош эринчил чормогой
/w/ белгиси боюнча Талас аймагы түштүк диалектиге кошулган. Диалектилердин түштүк
тобу өз ичинен экинчи даражалуу белгилер: этиштин терс формасын түзгөн -ба
мүчөсүнүн алдында уңгудагы / л / тыбышынын түшүшү же сакталышы, башка
диалектилердеги көмөкчүэле этишинин ордуна эде формасынын айтылышы, башка
диалектилердеги жибер формасында айтылуучу көмөкчү этиштин ордуна жүгѳр түрүндө
айтылышы боюнча түштүктѳн ичкилик диалектиси өзүнчө бѳлүнүп чыгарылган. Түндүк
диалектилер үчүн экинчи даражалуу белгилерге С-З тыбыштарынын колдонулушу
алынган. Бул белги боюнча түштүк диалектилер «З» чылдар тобуна киргизилет, түндүк
диалектилер өз ичинен «С» чылдар тобу (Солто, Сарбагыш, Саяк ); «З» чылдар тобу
(калган башка уруулар) деп экиге бөлүштүрүлгөн.
Мына ушундай белгилердин негизинде К.Юдахин кыргыз
диалектилерине.тѳмѳнкүдѳй таблицаны берген:
Тоо Тоw
/ Түндүк Кыргызстан / Талассыз / Түштүк Кыргызстан жана Талас
Кысыл Кызыл
(солто, сарбагыш жана.саяк?) / барлык башка уруулар /
Болбойт Боwойт
.Түндүк Кыргызстан (жана Талас) Түштүк Кыргызстан (Талассыз )
Э-л-е Э-д-е
Ж-и-б-е-р Ж-ү-г-ѳ-р
(Ичкиликтерден башка уруулар) (Ичкилик бѳлүмү)
4. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки классификациялар.
Профессор Б. М. Юнусалиевдин классификациясы. Б. М. Юнусалиевдин
классификациясынын алгачкысы анын 1953-жылы жарык көргөн диалектологиялык
программасында, кийинкиси 1971 – жылы чыккан «Кыргыз диалектологиясында»

20
берилген. Кыргыз диалектилеринин фактыларын системалуу жыйноо иштери 1950-
жылдардан кийин гана башталгандыгына байланыштуу Б.М.Юнусалиевдин
классификациясы тилдик, этностук, территориялык жана тарыхый принциптердин баарын
камтыган.аралаш принципке негизделип түзүлгѳн.1950-жылдардан кийинки мезгилдерде
диалектилерден топтолгон далилдүү фактыларга негизделген классификациялар,
фрагментардык фактыларга таянган ага чейинки классификациялардан өздөрүнүн
кенендиги жана фундаменталдуулугу боюнча өзгөчөлөнүп турду. Мына ошондой
классификациялардын катарына профессор Б.М.Юнусалиевдин классификациясы кирет.
Ал кыргыз диалектилерин: түндүк, түштүк-чыгыш, түштүк-батыш же ичкилик деп 3 кѳ
бѳлүп караган. Түндүк диалектиге: Талас, Чүй -Нарын, Ысык – Кѳл,Аралаш (чек ара)(
Кетмен – Тѳбѳ, Тогуз – Торо) говорлорун; Түштүк – чыгыш диалектисине: Чыгыш
Ноокат районунун Кыргыз- ата суусунун чыгышынан тартып, Базар – Коргон кыштагына
чейинки аралыктагы кыргыз тилин, Түндүк-батыш Кара-Үңкүр суусунан батышты карай
кеткен тоолордо (Чаткал кошо кирет) жашаган кыргыздардын тилин,Түштүк – батыш же
ичкилик диалектисине (ичкилик уруулары жайгашкан негизги аймактарды) кошкон.
Диалектилик өзгөчөлүктөрдүн баарын классификациялык белги катарында алуунун
зарылдыгы.жок.экенин белгилөө менен, диалектилик кепте ээлеген лексикалык же
грамматикалык маанисине карай тилдик белгилерди диалектилик жана говордук
классификациялык деп ажыратып алат жана анын негизинде ар бир диалекти менен
говорлорго мүнѳздѳмѳ берет.
1. Диалектилик классификациялык белгилерге:
Фонетика боюнча:
1. Палаталдуу ачык /ә/ тыбышынын фонемалык мааниде колдонулушу же
колдонулбастыгы;
2. байыркы сѳздѳрдө абсолюттук сөз башында жумшак гъ, г. тыбыштарынын
учурашы же учурабастыгы;
3. ар бири эки фонетикалык формага ээ болбогон эле // эде, жибер // жүгѳр
этиштеринин.кайсы.формасы мүнѳздүү экендиги;
4. сѳз башында каткалаң П – нын мүнөздүүлүгү же мүнөздүү эместиги.
Грамматика боюнча:
1. этиш формаларына көптүк –лар мүчөсүнүн уланышы же уланбастыгы;
2. 3-жак мүчөсүнөн кийин айрым жөндөмөлөрдө өзгөчөлүктүн пайда болушу;
3. –ың мүчөсүнүн 11 жак сылык маанисинде колдонулушу же колдонулбастыгы;
4. ки, йәм, лекин байламталарынын колдонулушу же колдонулбастыгы;
5. сан атоочтордо – тэ мүчѳсүнүн колдонулушу же колдонулбастыгы.
Лексика боюнча:
1. бардык диалектилерге белгилүү жалпы элдик сѳздѳр менен катар диалектилик
синонимдердин колдонулушу же колдонулбастыгы;
2. кээ бир монголдук сѳздѳрдүн колдонулушу же алардын учурабастыгы.
11.Говордук классификациялык белгилерге:
Фонетика боюнча:
1. фонемалык мааниге ээ болбосо да, үндүүлөр системасынын (эринчил
созулмалардын) принципиалдуу өзгөрүшүнө алып келген кош эринчил чормогой w
тыбышынын учурашы же учурабастыгы;
2. палаталдуу ачык ә тыбышы менен орточо ачык е тыбышынын алмашуусу- ә//е;
3. каткалаң с жана з тыбыштарынын колдонулушу;
4. этиш сѳздѳрдѳ кээ бир мүчѳлѳрдүн алдында л тыбышынын түшүп калышы же
сакталышы;
5. кээ бир кабыл алынган сөздөрдө сѳз башында п, б, м тыбыштарынын алмашуусу;
21
6. сѳз башында н тыбышынын туруктуулугу же туруксуздугу.
Грамматика боюнча:
1. кѳмѳкчү жат, тур, отур, жүр +- РЫ этиштеринин учур чак маанисинде
колдонулушу же колдонулбастыгы;
2. чакчыл – галы мүчөсүнүн колдонулушу же колдонулбастыгы.
Мындан кийин ар бир диалектиге жана анын курамына кирген говорлорду
мүнѳздөөчү негизги белгилери кѳрсѳтүлѳт.
1.Түндүк диалект. Бул диалектиге фонетика жагынан 1) сегиз кыска үндүү жана
сегиз созулма үндүү (бирок адабий тилде алты созулма үндүү. сөз башында эринчил
жумшак б; көмөкчү этиштердин эле, жибер формалары мүнөздүү;
2) грамматикалык жагынан да адабий тилдин нормасынан тышкары эмес.
3) лексика боюнча түндүк диалектиге негизинен барлык диалектилерге белгилүү
жалпы элдик сөздөр мүнөздүү. Ошону менен катар аны түштүк-батыш диалектиде
кездешпеген белен, бараан, керээз сыяктуу монголдук кабыл алуулар айырмалап турат.
Түндүк диалектиге территория жагынан алганда Түндүк Кыргызстан бүт кирип,
анын батыш чек арасы Талас, түштүк чек арасы Кетмен-Төбө (Токтогул району) жана
Тогуз-Торо райондору эсептелет.
Түндүк диалект говордук классификациялык белгилер боюнча төмөнкүдөй
говорлорго бөлүнөт:
а) Талас говору.
Буга фонетика жагынан: 1) эринчил чормогой w тыбышынын (ага байланыштуу
эринчил дифтогулардын колдонулушу; 2) с – з тыбыштарын чаташтыруу, мис.: кызыл –
кысыл, грамматикалык белги катарында көмөкчү этиштин учур чак + -ыр -+-ыры
формалары мүнөздүү; отур/отуру, жатыр/жатыры, жүр/жүрү, тур/туру.
б) Чүй –Нарын говору.
Фонетикалык жагынан бул 1) чормогой эринчил w мүнөздүү эмес; 2) с – з
тыбыштарын чаташтыруу. Бул говор өз ичинен кээ бир белгилер боюнча подговорлорго
бөлүнүшү мүмкүн.
Чүй өрөөнүнүн батыш тарабындагы кыргыздардын (негизинен Солто урууларынын)
тилине з нын ордуна дайыма дээрлик с нын колдонулушу, мис., «биздин» ордуна
«бистин», «заман» ордуна «саман», «азамат» ордуна «асамат»; грамматикалык жагынан
көмөкчү этиштин учур чак -р –ры формаларынын колдонулушу мүнөздүү.
Чүй өрөөнүнүн чыгыш жана Нарын тарабы чыгыш Чүй-Нарын подговорун түзүп,
фонетикалык жагынан с менен з ны чаташтыруу, айрым учурларда сөз башында н
тыбышынын түшүрүлүшү менен (бул подговордун кээ бир райондорунда ал тыбыш
түшүрүлбөйт) мүнөздөлөт. Ошону менен катар кээ бир пункттарда учур чак түзүүчү
көмөкчү этиштин + -р, + - ры формаларынын колдонулушу байкалат.
в) Ысык-Көл говору
Ысык-Көл говору.түндүк диалектинин өзүнчө говорун түзөт да, с жана з
тыбыштарын.өз алдынча фонема катары ажыратуу менен катар көпчүлүк пункттарда
ашыра «з»-чылдык байкалат ( мис., «сыя» ордуна «зыя», «сай» ордуна «зай» ж.б.); сөз
башында (айрым сөздөрдүн башында тактаган Ж.Ж.) н тыбышынын түшүп калышы жана
айрым сөздөрдүн башында эринчил п же б ордуна мурунчул м тыбышынын колдонулушу
(«пияз» ордуна «мыяз») мүнөздүү.
г) Аралаш (чек ара) говор
Аралаш (чек ара) говор территориялык жагынан түндүк диалект менен түштүк
диалектилердин ортосунан орун алган. Ошондуктан, ал говордо сүйлөгөн кыргыздар
этностук жагынан негизинен түндүк кыргыздарга байланыш болсо да, түштүк
диалектилердин аздыр-көптүр таасирин сезбей койгон эмес. Ал таасир биринчи кезекте
уччул ачык ә тыбышынын айрым учурда, фонемалык мааниде болбосо да, учурашы менен
мүнөздөлөт. Ошону менен катар чек ара говорлордо түштүк-чыгыш диалектиге таандык

22
айрым грамматикалык формалар, мисалы, сылык жак этиштин –ң (алың), иреттик сан
атоочтук -тә ж. б. формалары учурайт. Мындай таасир көбүнчө лексикадан байкалат. Бул
чек ара говордо айрым учурда түштүккө мүнөздүү сөздөр менен катар түндүккө таандык
лексика бирдей активдүү колдонулуу аркылуу лексикалык синонимдер пайда болгон,
мисалы: темене\\жувалдыз; үке\\ини; кетте\\чоң; тага\\таяке; жаас\\желдик ж.б.
Түндүк диалектинин чек ара говордо сүйлөгөн кыргыздар Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо
өрөөндөрүндө жашайт.
Айрым говорлорго таандык саналуу гана сандагы сөздөрдү, мис.,Талас үчүн
мүнөздүү тапанча – «казан көмөч», текмат – «кайыш кур» ж.б., Ысык-Көл үчүн
мүнөздүү конок – «жүгөрү», бадыбот«кесе» ж.б., Нарындын кээ бир райондору үчүн
мүнөздүү ободо «шырдак», чөмөлөк – «туткалуу идиш» ж.б. сыяктуу бир нече сөздөрдү
эсептебегенде, түндүк диалект лексика жагынан абдан жакындыкты көрсөтөт.
Түштүк кыргыз говорлору жалаң гана тыбыштык жагынан эмес, грамматикалык
жана лексикалык жагынан да өз ара принципиалдуу айырмаларга ээ болгондуктан, алар
эки диалектиге бөлүнөт.
11.Түштүк-чыгыш диалектиси грамматикалык жагынан Түндүк диалектиге
көбүрөөк жакындашса, тыбыштык жана сөздүк жактарынан Түштүк-батыш диалектиге
көбүрөөк окшошот. Бул диалект төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт:
Фонетика жагынан:
а) сегиз кыска үндүү жана сегиз созулма үндүүгө ээ болуу менен бирге тогузунчу
кыска палаталдуу ә фонемасы жана анын созулма варианты; б) сөз башында каткалаң.п
тыбышы мүнөздүү; в) көмөкчү этиштердин эле жана жибер формалары колдонулат.
Грамматика жагынан:
а) -ың формасынын 2-жак сылык мааниде колдонулушу;
б) жамдама сан атооч түзүүчү –тә мүчөсү;
в) йәм, ки, ләкин байламталары.
Лексика жагынан:
а) жалпы элдик сөздөр менен катар тажик жана өзбек тилдеринен кабыл алынган
синонимдик параллелдердин активдүүлүгү, мис.: чоң – кетте-кәттә, пал – асел// әсәл,
баш – келде// кәллә ж.б. б) алтайлык.доордо монгол тилдеринен кабыл алынган белен,
керээз, бараан.сыяктуу сөздөр учурайт.
Түштүк-чыгыш диалектиси азырынча жыйналган фактыларга караганда өз ичинен
говорлорго бөлүнөт:
1) Чыгыш говору. Буга территория жагынан Ош жана Жалал-Абад шаарларынын
чыгыш тарабындагы райондордогу (болжол менен түштүктөгү бир чети Ноокат,
түндүктөгү экинчи чети Базар-Коргон) кыргыздардын тили кирет да, төмөнкү белгилер
менен айырмаланат: а) эринчил дифтонгулардын ордуна эринчил созулмалар; б) с, з
тыбыштарынын чаташтырылбай колдонулушу; в) -ыр, -ыры формаларынын мүнөздүү
эместиги.
2)Түндүк-батыш говору. Территория жагынан болжол менен Кара-Үңкүр суусунан
батышты карай кеткен тоолордо (Чаткал кошо кирет) жашаган кыргыздардын тили кирип,
төмөнкү өзгөчөлүктөр менен айырмаланат: а) эринчил дифтонгулардын колдонулушу; б)
кээ бир сөздөрдө созулма уу ордуна уй дифтонгунун учурашы, мис.: туура эмес, туйра
(этиш маанисинде); в) с, з тыбыштарынын чаташтырылышы; г) көмөкчү 4 этиштин учур
чак -ыр //-ыры формасы (жатыр –жатыры).
111.Түштүк-батыш диалектиси. Ош шаарынын батыш тарабындагы жана Өзбекстан
менен Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили Түштүк-чыгыш диалектиге көп
окшоштуктары болуу менен катар принципиалдуу өзгөчөлүктөргө ээ экендигине
байланыштуу өз алдынча түштүк-батыш диалектисин түзөт. Бул диалектиде сүйлөгөн
кыргыз уруулары өздөрүн уруулардын «Ичкилик» аттуу союзуна киргизе турган
болгондуктан, ал диалектини Ичкилик диалектиси деп да атоого болот.Түштүк-батыш (же
Ичкилик) диалектиси үчүн жалпы жонунан төмөнкү өзгөчөлүктөр мүнөздүү:
23
Фонетикалык жагынан:
а) кыска уччул ә жана созулма уччул әә фонемалары;
б) эринчил дифтонгулар;
в) с, з тыбыштары фонема катарында ажыратылышы;
г) сөз башында каткалаң п мүнөздүү;
д) сөз башында ( негизинен доош.тууранды.жана кабыл алынган сөздөрдө) жумшак гъ
жана г тыбыштарынын колдонулушу;
е) этиш сөздөрдө кээ бир мүчөлөр уланганда л тыбышынын түшүшү;
ж) көмөкчү этиш эле ордуна эде, көмөкчү этиш жибер ордуна жүгөр формаларынын
колдонулушу.
Грамматика жагынан:
а) этиш формаларына -лар мүчөсүнүн жалганышы, мис.: айтаттар «айтышат»,
айткандар «айтышкан», айттылар «айтышты», айтышаттар «айтышат», айтышыптырлар
«айтышыптыр», айтышсалар «айтышса» ж.б.
б) 3-жак таандык мүчөсүнөн кийин кээ бир жөндөмөлөрдө өзгөчөлүктүн пайда
болушу, мис.: атасыны, атасыга, атасыда, атасыдан;
в) жамдама сан атоочтук - тә мүчөсү, мис.: биттә, экитә ж.б.;
г) – ң// - ың мүчөсүнүн 2-жак сылык формасында колдонулушу, барың//
ад.т.барыңыз;
д) йәм, ләкин, ки байламталарынын колдонулушу.
Лексика жагынан:
а) жалпы элдик сөздөр менен катар тажик, өзбек тилдеринен кабыл алынган сөздөрдүн
өтө активдүү колдонулушу, мис.: чоң – кәттә, пал – әсәл, баш – кәллә ж.б. Түштүк-
чыгыш диалектиге караганда бул диалектиде кээ бир жалпы элдик сөздөр архаизмге
айланып, туруктуу сөз тизмектеринде гана учурайт, мис.: күндөлүк речте «жетим»
маанисинде дайыма дээрлик «сагыр» айтылат, бирок «Жетимдин жемини жеvе»; «уй»
маанисинде дайыма «сыйыр» айтылат, бирок «Уйумтууду» (оюндун аты);
б) алтайлык доордо монгол тилдеринен кабыл алынган белен, керээз, бараан сыяктуу
сөздөр тааныш эмес.
Түштүк-батыш диалектисинин өкүлдөрү көп жерлерде. Түштүк-чыгыш
диалектисинин өкүлдөрү менен жанаша, айрым учурда аралаш жашашат. Ушундай
аралаш жашаган пункттар иретинде. Ноокат, Төлөйкөн, Араван, Кара-Суу, Өзгөн,
Созок(Сузак), Базар-Коргон, Ала-Бука (Чаткалды кошкондо) райондорунун көп элдүү
пункттарын көрсөтүүгө болот. Мындай аралаш пункттарда түштүк-чыгыш диалектиге
мүнөздүү изоглоссалар менен катар түштүк-батышка мүнөздүү изоглоссалар да байкалат:
мис.:.бир эле сөздүн эки тыбыштык вариантта айтылышы – төлөө – төлөw, тоо – тоw, же
Ала-Бука менен Базар-Коргон райондорундагы кээ бир.пункттарда с – з тыбыштарын
чаташтыруу менен катар этиштерде л тыбышынын түшүп калышы, эде формасынын
учурашы ж.б. сыяктуу.
Ичкилик диалектиси өз ичинен говорлорго бөлүнүшү мүмкүн.
Азыркы кээ бир материалдарга караганда нечен кылымдардан бери тажик эли менен
тыгыз байланышта жашап келаткан памирдик кыргыздардын тилинде тажик тилинин
таасири сөздүктөн да, грамматикадан да күчтүү сезилет. Ушуга байланыштуу пайда
болгон жана башка өзгөчөлүктөр ар жакта жашаган кыргыздардын тилин өзүнчө говорго
бөлүүгө негиз түзүшү мүмкүн.
Ж. Мукамбаевдин классификациясы.
«Кыргыз тилинин диалектилеринин классификациясы жѳнүндѳ» («МГ», 24,01,1957)
деген макаласында диалектилерди «ичкилик», «тышкылык» деп.экиге бѳлѳт. Мында
этностук / уруулук / жана лингвистикалык принцип жетекчиликке алынган. Ичкилик
уруулары жашаган аймактардын сырткары кыргыздардын бардыгын «тышкылык»
диалектисине кошкон. 1. Тышкылык диалектисине мүнѳздүү белгилер:
1. Тоо, 2. Атында, 3. –ыш: барышат, 4. эле
24
2. Ичкилик диалектисине мүнѳздүү белгилер:
1. / ә / тыбышы, 2. Тоw, 3. Атыда, 4. – лар: бараттар, 5. эде.

Э. Абдулдаевдин классификациясы.
«Кыргыз говорлору» / 1966 / деген эмгегинде кыргыз тилинин Түндүк жана Түштүк
болуп эки диалектиге бѳлүнүшү жѳнүндѳгү пикирди жактоо менен, ошого ылайык
классификациясын берет:
Түштүк диалектинин классификациялык белгилери:
Лексикалык белгилери:
Торпок – музоо маанисинде
Пәйтәмә // пәйтәvә // байтама – чулгоо маанисинде
Жуvалдыз – темене маанисинде
Пѳстѳк //постек// бостек – кѳлдѳлѳң маанисинде ж.б.
Фонетикалык белгилери:
Созулма жана кыска / ә / тыбышынын болушу: зәрил, әсәл, мәйдә
Сѳз башында / н / тыбышынын туруктуу болушу: ничке, нарк, найза / З /,/ с /
тыбыштарынын адабий нормага дал келиши.
Грамматикалык белгилери:
- лар мүчѳсүнүн колдонулушу: келдилер, бараттар, барсалар
- ың // -ң формасынын колдонулушу: келиң, алың, барың, туруң.
-тә мүчѳсүнүн колдонулушу: биттә, экитә, онтә. Түндүк диалектинин
классификациялык белгилери:
Лексикалык белгилер:
Музоо – уйдун баласы
Таман – бут кийимдмн таманы. Түштүк диалектиде чарк дегени
Темене – түшт. жубалдыз
Кѳлдѳлѳң – түштүк пѳстѳк //постек// бостөк
Фонетикалык белгилери:
/ ә / тыбышы мүнѳздүү эмес
/ Н / тыбышынын сѳз башында колдонулушу туруктуу эмес
/ С – з / тыбыштарынын туруктуу эместиги.
Грамматикалык белгилери:
Түндүк диалектилерге мүнѳздүү грамматикалык белгилердин дээрлик бардыгы адабий
тилдин нормасына негиз болгон.
Түндүк диалекти: Талас, Чүй, Ысык – Кѳл, Нарын.
Түштүк диалекти: Ичкилик кыргыздарынын говору
Ала-Бука(Аксы), Жаңы-Жол райондорундагы кыргыз говору
Түштүктүн орто бѳлүгүндѳ жайгашкан кыргыз говору.
Токотогулдуктардын тили түндүккѳ кѳбүрѳѳк оойт дейт.
Ш. Жапаровдун классификациясы.
«Эл тарыхы менен тил тарыхынын байланышы» / «КМ», 30.03.1972/, «Кыргыз
диалектологиясы» /1976, 1982/, «Кыргыз тилинин диалектологиясы» /2001/ деген
эмгектеринде айрым морфологиялык – лексикалык классификациялык белгилерди
сунуштап, кыргыз тилин: ичкилик, ортолук же аралык, аркалык деп 3 диалектиге
бѳлѳт. Түштүктѳ колдонулуучу «ичкилик», аркалык» деген сѳздѳр негиз болгон мындай
аталыштагы классификацияда географиялык, этностук, тилдик принциптердин издери,
ошондой эле айрым ономастикалык, этнографиялык, фольклордук маалыматтар да эске
алынган.
Аркалык диалектиси
Классификациялык фонетикалык белгилери:
1. /Н/ ар кандай колдонулушу: түшүрүлүшү, кээде түшүрүлбѳшү: арын/ Нарын.
2. / З, с / тыбыштарынын ар кандай колдонулушу: «с» чылдык, «з» чылдык, аралаш.
25
3. Эринчил созулмалардын болушу / Талас ичкиликке жакындайт /
4. / Б, м, п / тыбыштарынын сѳз башындагысы: / б /, / м/ басымдуу колдонулушу: байда,
быяз, билик, бул, маанай.
Буга Ысык – Кѳл, Нарын, Чүй, Талас, Кытай республикаларында жашаган кыргыздар
кирет (52- бет).
Грамматикалык белгилери:
Таандык мүчѳ уланган зат атоочтун жѳндѳлүшүнүн чыгыш жѳндѳмѳсүндѳ:
атыман / ад.т. атымдан /, бетимден / ад.т. бетимден / д / түшүрүлѳт. Мындай кѳрүнүш
ортолук диалектисине да мүнѳздүү.
Лексикалык белгилери:
1. Араб, иран тилдеринен кирген сѳздѳрдүн (ичкилик жана ортолук диалектилерге
салыштырмалуу) азыраак болушу, айрым монгол тилинен оошкон сѳздѳрдүн арбыныраак
учурашы.
Ономастикалык белгилер:
Ала топоформантынын кеңири, Жууку, Арашан, Огуз, Нура, Башат
топокомпоненттин болушу.
Ортолук диалекти / же аралык /
Фонетикалык белгилери:
1. Эринчил дифтонгуларынын болушу: айтуw, ашуw, музоw.
2. Интервокалдык абалда / с / нын жумшарып / з / түрүндө айтылышы: энези, атазы,
бәәзи.
Грамматикалык белгилери:
1. Жат, тур, жүр, отур этиштеринин: жатыр // жатыры, туру, жүрү.
2. Этиштин учур чагын билдирүүчү - быз // к: келип жүрүк//келип жүрүбүз.
3. Муногу, тигиногу, оногу, тетиногу шилтеме ат атоочтордун колдонулушу
4. Таандык мүчѳ уланган зат атоочтун жатыш жѳндѳмѳдѳ: акыны ( ад.т. акыңды ),
алаканымы ( ад.т. алаканымды ) / д / түшүрүлѳт
Лексикалык белгилери:
1. Оймотекей //тѳрбѳлжүн ад.т. шырдамал
2.Тыбыт: 1-тыбыт, 2-чѳбѳгѳ маанисинде пайдаланышы
3. Илеки ад.т. элечек
4. Кый ад.т.кык, көң, жер семирткич
5. Бытыра-майда боорсок, тапанча-нан жасай турган идиш, нан
Топонимиялык белгилер:
1. Арт, Жангак // жаңгак, сеңир, калмак топокомпонент
катышкан жер-суу аттарынын учурашы.
Кәттә сѳзү катышкан топонимдердин жоктугу.
Бул диалекти камтыган аймагы Жалал-Абад, Анжиян, Наманган, Фергана облустарында
жашаган ичкилик эмес кыргыздардын тили.
Ичкилик диалектиси
Ош, Баткен, Лейлек, Ноокат, Кадамжай, Чоң-Алай, Өзбекстандын Жызак, Ташкент,
Тажикстан, Ооганистан, Туркияда жашаган кыргыздардын тили кирет.
Фонетикалык белгилери:
1. ә/, /әә/: кәл, кәәр
2. Эринчил дифтонг: тоw, суw, куw, жѳw
3. /З, с/ тыбыштары боюнча адабий тилге туура келиши: кыздары, ж. б.
4. /С/ ордуна /Ч/ колдонулушу: чоз/ад . т. соз, чакыч «сагыз».

Грамматикалык белгилери:
1. атасыга, атасыны, атасыдан, атасыда

26
2. -лар этиштерге уланып, сылыктыкты билдириши: энем үйдѳ отураттар, атам базарга
кеттилер.
3.-сың ордуна-сын колдонулушу: жүрѳсүн, угасын, жагасын.
4. -лык, -чы мүчѳлѳрүнүн колдонулушу: баткендик // баткенчи, лейлекчи, алайчы,
дарачы.
Лексикалык белгилери:
1. Сыйыр - «уй», кәләк «элечек», шырдак «тердик», толто «чѳбѳгѳ».
2. Жууркан, белен, каалга, арга, керээз, бараан, жарма, максым, аруу, бачым,
дээрлик, кокуй, мүлдѳ, обочо, ооба, тетиги, ѳтѳ, тете, чогул, чопо, чылк, чымкай,
эбегейсиз сѳздѳрү кезикпейт.
3. Бирѳгү, ѳрѳгү, шѳрѳгү, шүрѳгү, таман, жавлик, индин // инин, жирк, мара,
баркырайт, ойлий, оппо, гѳргѳ, ѳссѳчү, сокто, акала, умба, имба деген сѳздѳр жолугат.

Ономастикалык белгилери:
Чашма, эшме, чарбак, татыр, дарыя, турпак, катыран деген топонимдер
жолугат.
Кыргыз тилинин жергиликтүү ѳзгѳчѳлүктѳрүн изилдѳѳдѳ бу маселеге Ж.Шүкүров,
К.Бакеев, Тураджанова, К.Сартбаев, Г.Бакиновалар да кайрылышып, ага карата учурунда
пикирлерин айтышкан. Бирок бүт өмүрүн кыргыз диалектилерин изилдөөгө жумшап, ал
боюнча көптөгөн баалуу эмгектерди жарыялаган кыргыздын бирден-бир окумуштуусу
Г.Бакинова диалектилердин экиге бѳлүнүшүн туура деп эсептейт да, түштүккө карата:
Чыгыш Ош говорлору, Батыш Ош говорлору деген аталыштарды колдонгон. Мындай
аталыш орус диалектологиясындагы «группа говоров» дегенге окшош.
3. Чет ѳлкѳлѳрдѳгү кыргыз диалектилери.
Ар кандай тарыхый, саясий себептерден улам чет өлкөлөрдө көп кылымдар бою
туруктуу жана бөлүнүп жашап жаткан кыргыздар болуп, Кытай, Тарбагатай, Өзбекстан,
Тажикстан, Афганистандык жана Түркияга кийинчерээк гана көчүп барган кыргыздар
эсептелинет.
Кытай кыргыздары.
Кытайдагы 200000дей кыргыздын көбү Шинжан аймагында жана бир аз гана
бөлүгү Фуюй уездинде турушат. Шинжан автоном областында компактуу жашаган
кыргыздардын тилин (диалектилерин) бѳлүштүрүүдѳ кытай изилдөөчүлөрү «тескей»,
«күңгѳй» диалектилери, «түндүк диалектиси», «түштүк диалектиси» деген аталыштарды
колдонушат / Караңыз: Ху И. «Кытайдагы түштүк кыргыз диалектисин изилдѳѳ»/. Бирок
«күңгөй», «түндүк» деген аталыштары.кыргыз тилинин түндүк диалектисине; «тескей»,
«түштүк» дегендери кыргыз тилинин түштүк-батыш же ичкилик диалектисине туура
келет.
Кызыл-Суудун түндүк тарабында жашоочу 100 000ден ашуун кыргыз түндүкже
күңгөй диалектисинде, анын түштүк тарабындагы 50 000 дей кыргыз кыргыз тилинин
түштүк же тескей (ичкилик) диалектисинде сүйлөшүшөт.
Фуюй уездинде байыркы мезгилдерден.бери жашап келаткан кыргыздардын тили
болсо, азыркы кыргыз тилинин аталган.диалектилеринин эч бирѳѳнѳ окшобойт. Андан
байыркы кыргыз тилине, сибирдеги түрк тилдерине, айрыкча хакас тилинин сагай
диалектисине мүнөздүү айрым фактыларды табууга болот Ошого караганда Фуюйлук
кыргыздардын кыргыз тили азыркыдай диалектилик өзгөчөлүктөргө ээ боло элек
мезгилинде бөлүнүп кетүүсү мүмкүн деген ой келип чыгат.
Казакстан кыргыздары.
Казакстандын Тараз, Шымкент, Алматы, Семей сыяктуу түрдүү областтарында 2-3
кылымдардан бери туруктуу жашоочу кыргыздардын тили дагы кыргыздын азыркы
диалектилеринин эч бирөөнө кошулбайт. Шымкент, Тараз областтарындагы
кыргыздардын тилинде кыргыз тилинин Талас говорунун жана Түштүк-чыгыш
диалектисине кирүүчү говорлорунун, Алматы областындагы кыргыздардын тилинде
27
Ысык-Көл,Чүй говорлорунун.айрым фактыларынын издери гана сакталбаса, көбүнүн
тилдери казакташып кеткен. Семей, актөбөлүк кыргыздарда «кыргызбыз» деген гана
улуттук аң-сезимден калган аталыш сакталып, тили бүт бойдон казакташкан.
Тарбагатай кыргыздары.
Тарбагатайлык кыргыздарынын тилинин түпкү теги кайсы диалектиден
чыккандыгы жана канча адамдан турары белгисиз, алар азырынча тилдик жагдайдан
атайын изилдөөгө алына элек, бирок тележурналисттер жакында эле тартып келген
репортаждагы каармандардын сүйлөшкөндөрүнө караганда, казакташкандыгы көрүнүп
турат. Ооганистандагы, Түркиядагы кыргыздардын тили болсо, кыргыз тилинин ичкилик
диалектисине кирет.
Тажикстан кыргыздары.
Тажикстанда изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда 80000 дей кыргыз Жерге-
Тал, Мургаб, Раң-Көл аймактарында байыркы мезгилдерден бери эле турушат.
Өзбекстан кыргыздары.
Мына ошентип, кыргыз диалектилерин классификациялоону жалпылаштырганда
окумуштууларда үч түрдүү кѳз караш бар экенин байкоого болот: 1- кѳз караш
диалектилик материал жыйнала электе,1930-жылдардын ичинде жасалган
К.Тыныстановдун, И.А. Батмановдун классификациялары 2- кѳз караш 30-жылдарга
салыштырмалуу диалектилик материал кандайдыр бир ѳлчѳмдѳ топтолуп калган
мезгилдерде, атап айтканда, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки учурлардагы
бѳлүштүрүүлѳр. Буларда ошол мезгилде жыйналган диалектилик материалдарды негиз
тутуу менен караган эки кѳз караш пайда болгон: биринчиси - түндүк, түштүк деген эки
диалект бар деп башында И.А.Батманов (эки наречие) менен К.К. Юдахинайтып кеткен
пикир жана аны түрдүү аталыштар менен атап жактаган Ж.Мукамбаевдин («тышкылык»,
«ичкилик»), Г.Бакинованын (Чыгыш Ош, Батыш Ош говорлору), Э.Абдулдаевдин (түндүк,
түштүк) көз караштары; экинчиси - үч.диалекти бар деп, аны негиздеген
Б.М.Юнусалиевдин бөлүштүрүүсү жана аны башкача аталышта уланткан. Ш.Жапаровдун(
аркалык, ортолук же аралык жана ичкилик) классификациясы. Булардын ичинен
толугураагы жана фактыларынын тактыгы менен Б.М.Юнусалиевдин бѳлүштүрүүсү
ѳзгѳчѳлѳнүп турат.
Ал эми кыргыз тили Чүй, Талас, Ысык-Көл, Түштүк диалектилеринен турат деген
К.Тыныстановдун бөлүштүрүүсү; Түндүк наречие жети диалектиден турат, башка бир көз
карашы боюнча Чыгыш,Түндүк-Батыш, Түштүк-Батыш диалектилеринен турат, дагы бир
көз карашы боюнча кыргыз тилинде диалектилер жок, говорлор гана бар, – деген
И.А.Батмановдун көз караштары жана түрдүүчө бөлүштүрүүлөрү кыргыз тилчилеринин
арасында колдоого алынбады. Келечекте кийин топтолгон диалектологиялык факты-
материалдардын негизинде кыргыз диалектилеринин жогоруда аталган
классификацияларынан өзгөчөлөнгөн жаңыча көз караштары айтылуу менен, жаңыча
классификациялары жасалышы мүмкүн.
Эгерде Г.Бакинова башында турган авторлор тобу (К.Бекназаров, Т.Болчурова,
Т.Токтоналиев,Т.Эрматов, Ж.Жумалиев) өткөн.кылымдын 70 -80-жылдар аралыгында
түзүп койгон (француз окумуштуусу Реми Дор «басмадан чыгарам» деп Францияга
кандайдыр бир жолдор менен алып кеткен 198 карта) «Кыргыз тилинин диалектологиялык
атласы» жарык көрүп калса, диалектилик, говордук изоглоссаларды топтоштуруп
кароонун негизинде келечекте булардай же алардан өзгөчөлөнгөн жаңы классификация
сунушталышы ыктымал.
Сѳздүк:
1. Изоглосса – тилдеги ѳзгѳчѳ кубулуштардын чеги. Мисалы, зай же айза
ж.б.изоглоссаларынын өткөн чектери.
2. Дифтонг – бир муундун ичинде оw түрүндө айкашып келген бир үндүү(о,ө,у,ү)
жана жарым үнсүз (w).тыбышы: тоw, суw.
а) кѳтѳрүңкү.ачык дифтонг – туйра
28
б) басаңдама дифтонг – тоw, суw.( w) – жарым үндүү.
3. Диалектизм – диалектиге, говорго, подговорго тиешелүү тилдик ѳзгѳчѳлүктѳр.
Маселен, фонетикалык, морфологиялык, лексикалык, семантикалык диалектизмдер.
4. Диалектолог – диалектилерди изилдѳѳчү тилчи адис.
5. Жаргон – территориялык өзгөчөлүктөрдү мүнѳздѳѳчү эмес, социалдык топторду
мүнѳздөөчү тил, б.а., ар кандай максаттарда башкалардан өзгөчөлөнүү, жашырындуулук
үчүн.адамдардын айрым социалдык топтору тарабынан колдонулуучу тил. Маселен, ууру-
кескилердин кебинде колдонулуучу мочить – «адам өлтүрүү», капуста «акча», шухер
«кароол» ж.б. сөздөр-жаргон. Дворяндар(ак сөөктөр) жаргону, канцелярдык жаргону ж.б.
6. Арго (фр. argot) – белгилүү бир социалдык топтордун маселен, уруу –
кескилердин речи ( тили).
7. Сленг ( англ. Slang) жаш ѳзгѳчѳлүгүнѳ, же кесибине, же бир таптык катмарларда
гана колдонуулучу сѳздѳр же айтылыштар (выражения).

5-лекция
Тема: Транскрипция, анын түрлөрү жана кыргыз диалектологиясында
колдонулган транскрипция (2 саат)
План:
1. Транскрипция жѳнүндѳ жалпы маалымат.
2. Транскрипциянын түрлѳр.
3. Үнсүздѳргѳ алынган тамгалар.
4. Шарттуу белгилер.
5.
Адабияттары:
1. Юнусалиев Б.М. Кыргыз диалектологиясы. - Фрунзе:Мектеп, 1971, 5-13-б.
2. Абдулдаев Э., Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясынын очерки. Жогорку окуу
жайларынын студенттери менен кыргыз тил мугалимдери үчүн окуу куралы. -
Фрунзе:Кыргыз окуупедмамбас,1959.
3. Мукамбаев Ж. Кыргыз диалектологиясы жана.фразеологиясы.- Б., 1998.
4. Жапаров Ш. Кыргыз диалектологиясы. – Бишкек, 2000.
5. Биялиев А. Кыргыз диалектологиясы.- Бишкек,2000.
6. Жапаров Ш. Кыргыз диалектологиясы. Сырттан окуган.студенттер үчүн
методикалык китепче.- Фрунзе,199.

Транскрипция (лат.транскриптио – кѳчүрүп жазуу деген сѳзүнѳн пайда болгон.


Оозеки кепти же жазма эстеликтин окулушун белгилүү бир системага салып, шарттуу
тамгалар аркылуу жазып кѳрсѳтүүнү транскрипция деп түшүнѳбүз. Транскрипция – көп
тармактарда, кѳбүн эсе илимий – техникалык эмгектерде колдонулат.
1. Байыркы жазма эстеликтерди жарыялоодо.
Башка алфавиттеги тамганы экинчи бир алфавиттеги тамгага алмаштырылып
жазылса, андай амал менен жазуу транслитерация деп аталат. Мисалы: шул- ‫شل‬- sul
2. Фольклордук чыгармалар (үлгүлѳрү) фонетикалык транскрипция менен
бастырылат. Ансыз алардын колорити, диалектологиялык мааниси тѳмѳндѳп калат.
3. Лингвистикалык эмгектер (этимологиялык сѳздүктѳр, ар түрдүү тилдеги тексттер,
тарыхый – салыштырма пландагы грамматикалар) транскрипциясыз жарыяланбайт.
4. Чет тилдер боюнча окуу китептеринде, эне ж. б., тилдин орфографиялык
эрежелерине байланыштуу эмгектерде транскрипция кеңири колдонулат.

29
5. Ири китепканаларда ар тилдеги китептердин авторлорун, аталыштарын бир
алфавитке салынган транскрипция менен тартипке келтирет. Библиографияда –
транслитерация колдонулат. Бул окурмандын ишин жеңилдетет.
6. Географиялык аттар, антропонимдер, этнографиялык карталардагы аталыштар
транскрипцияланат.
7. Лингвистикалык илимдердин арасынан транскрипцияны диалектология илими
дайыма колдонот.
Транскрипциянын түрлѳрү.
Транскрипциянын фонетикалык же фонологиялык жана фонетикалык
транскрипция деген түрлөрү болот.
Транскрипциялык жазууларда булардын экөөсү тең колдонулат жана алар
изилдөөчүнүн алдындагы максатына ылайык тандалып алынат. Эгер речти жазып алууда
жалаң гана фонемаларды кѳрсѳтүү зарылчылыгы болсо фонологиялык транскрипция,
тыбыштык системаны кѳрсѳтүү керек болгондо фонетикалык транскрипция колдонулат.
Андай учурда улуттук алфавиттеги тамгалар же тамгалар жетпей калганда башка
алфавиттеги тамгалар алынышы мүмкүн.
Кыргыз диалектологиясынын транскрипциялык алфавитинин курамы.
Дүйнѳлүк тил илиминде латын графикасына негизделген Эл аралык фонетикалык
алфавит (1908-ж. жарыяланган МФА – Международный фонетический алфавит) кеңири
колдонулат. КМШдагы ѳлкѳлѳрдѳ орус алфавитинин негизинде түзүлгѳн
транскрипциялар таралган. 1951-жылы ал Эл аралык фонетикалык алфавит түрк
тилдерине ылайыкталып түзүлгѳн. Кыргыз тили, диалектилери боюнча тексттерди
транскрипциялоо үчүн орус алфавитинин негизинде түзүлгѳн транскрипциялык белгилер
колдонулуп келе жатат.
Кыргыз тил илиминин тарыхында 1- болуп 1885-жылы Петербургда жарыяланган
кыргыз тилиндеги материал (В. В .Радлов жазып алган «Манас» эпосунун тексттери) орус
алфавитинин негизинде транскрипцияланган. Андан кийинки эмгектеринде да орус
алфавитинин негизиндеги транскрипция колдонулган.
Азыркы кыргыз диалектологиясында айрым учурларды эске албаганда
кириллицага негизделип түзүлгөн кыргыз алфавитиндеги е, ё, ю, я, ъ, ь, тамгаларынан
башкаларынын баары өз маанисинде пайдаланылат. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгалары гана:
е >йе (тиер > тийер), ё >йо ( коён > койон), ю >йу (туюк > туйук, я >йа ( таяк > тайак)
түрүндө бөлүнүп жазылат. Диалектилердеги өзгөчө тыбыштарды белгилөөдө алфавиттеги
тамгалар жетпей калган учурларда кошумча белгилер улуттук башка алфавиттерден
алынат же жаңы белгилер менен кошумчаланат. Мисалы, башка алфавиттерден а а, ә,w, ғ,
һ, і, қ тамгалары алынган.
Өзгѳчѳлүү тамгалардын маанилерине мүнѳздѳмѳ:
/ а / нын ичкеришинин алгачкы даражасы: а – экинчи даражасы (Юнусалиев).
ә– ачык, кыска үндүү: кәсәл – кесел
о- сейрек учуроочу, саал эриндешкен ачык, кыска үндүү: нон, чой
i - уччул, кууш /и/ фонемасынын кыска варианты: бiр.
Ъ – Ы, иы.менен ыи тыбышынын ортосундагы индифферент кууш кыска үндүү тыбыш: ж
ъ ло н.
үУ
– у менен ү ортосундагы индифферент кууш кыска үндүү тыбыш: куүлги.
W – эрин үндүүлѳрдүн 2 – компоненти: тоw, бѳw, суw, күw.
Үнсүздѳргѳ алынган тамгалар:
Адабий тилдеги б, в, г, д, ж, з, й, л,м, н,ң, п, р, с, т, ч, ц, ф, ш, х тамгалар ѳз
маанисинде колдонулат. Алардан тышкары үнсүздөрдү белгилөө үчүн төмөнкүдөй
тамгалар алынган:
V – эрин – эринчил, жылчыкчыл үнсүз: тоvак.
В – эрин – тишчил, жылчыкчыл үнсүз: кетвейт.
30
қ.(къ) – тилдин орто жагынан уюшулуучу каткалаң үнсүз (кѳбүн эсе жоон үндүүлѳр
жанында айтылат: Қағаз, қошун, қыз, қузғун.
К – тилдин орто жеринен уюшулчу каткалаң үнсүз: карга ( ичке үндүүлѳр менен
айтылат).
F (гъ) – тилдин арт жагынан уюшулуучу жумшак үнсүз: қарға, қырғыз.
Г – тилдин орто ченинен уюшулчу үнсүз: гилем ( ичке үндүүлѳр менен жанаша келгенде
айтылат)
Ж, дж – жумшак аффриката
Ж ж– ышкырыкчыл жѳнѳкѳй жумшак үнсүз: журнал, каз. жәнә.
Х – сүрүлгүч.артчыл каткалаң үнсүз; Тохторбай, техник.
Х (хъ) h – терең түпчүл сүрүлгүч спирант: маhалла, шаhар (Г.Бакиновада бул тыбыш -
кѳмѳкѳйчүл кекиртекчил).
f – эрин – эринчил, жылчыкчыл, каткалаң үнсүз: fайда, аfтада, fурсат.
ф – эрин - тишчил: фабрика ц каткалаң аффриката: цай, койцу, турцу нары, цыт,
цырпык, цыны.
Л –капталчыл, уяң: ылай, ылайык.
Л – апикалдуу, капталчыл, уяң: кетәлvәйт, әләлvәйт.
Шарттуу белгилер:
( о ) – тыбыштын айтылбай калуусу же редукцияланылышы: п(и)чок.
> - бир форманын экинчи формага ( … дан … га)ѳтүшү: тow> тоо.
< - бир форманын экинчи формадан пайда болушу: тоw - тағ.
// - лексикалык же тыбыштык параллелди туюндурат: челек//чака, асел//әсәл.
- эки же андан ашык форманын катар (алмашылып) колдонула бериши.
* - калыбына келтирилген байыркы форма: тоо – тоw – тағ*.
{ …} – жалпы тексттен транскрипция менен берилген сѳздѳрдү ажыратуу үчүн алынган
белги:
n (б) же n – каткалаң үнсүздѳрдүн жумшарып айтылуусун белгилѳѳ үчүн.
б (n) же б – жумшак үнсүздѳрдүн каткалаң айтылуусун белгилѳѳ үчүн.
/ - пауза, тыным болгон жерди белгилѳѳ үчүн.
// - фраза чегин ажыратуу үчүн.

6-лекция
Кыргыз диалектилеринин фонетикалык
(үндүүлѳр жана үнсүздѳр составы боюнча) жалпылыктары
жана ѳзгѳчѳлүктѳрү (2 саат)

План:
1.Кыргыз диалектилеринин вокализми (үндүүлөр системасы)
2. Үнсүздѳр системасы жана ага байланышкан көрүнүштөр

Кыргыз диалектилеринин вокализми (үндүүлөр системасы)


Үндүүлөр боюнча кыргыз диалектилеринин жалпылыктары жана ѳзгѳчѳлүктөрү.
Кыргыз тилин – тектеш түрк тилдеринин кѳбүнѳн өзгөчөлөнтүп турган эң башкы
принципалдуу белгиси болуп үндүүлѳрдүн кыска жана созулмага бѳлүнүшү эсептелет.
Орто Азиядагы түрк тилдеринен айырмаланып, кыргыз говорлорундагы созулма үндүүлөр
сөз маанилерин ажыратуучу касиетке ээ.
1. аа: сан – саан
2. ээ: эр – ээр
3. оо: ток – тоок.
4. ѳѳ: сѳк – сѳѳк
5. уу:.сур – суур

31
6. үү: күлүү - күүлүү
7. ии: кемир – кемиир
8. ыы: байыр – байыыр
9. әә: нәр – нәәр.
Бирок аталган үндүүлөрдүн арасынан ии менен ыы ны Б.М.Юнусалиев негедир
созулма деп эсептейт. Буларды созулма үндүү катары кабыл албай, морфемалар
аралыгындагы кыска и, ы үндүүлөрүнүн (кеми+-ыр=кемиир, байы+-ыр=байыыр)
түрүндөгү өзгөрүүлөрү (стечения) деп караса туура болмок.
Диалектилердеги үндүүлѳрдүн классификациялык принциптери - адабий
тилдегидей белгилерге негизделип,тилге (горизонталдыкабалына) карай: жоон – ичке;
жаакка (вертикалдык абалына) карай: кең кууш; эринге карай: эринчил – эринчил эмес
(ачык) деп бөлүштүрүлөт.
Диалектилердеги үндүүлөрдүн курамы боюнча кыргыз говорлорунда байкалган
жалпылыктары менен айырмачылыктары төмөнкүлөр: Говорлордо 9 кыска (кээде ачык (о)
ну кошкондо 10), 7 созулма фонема болуп, бардыгы 16 үндүү фонема колдонулат. Бирок
аларда 8 кыска (а, э, о,ѳ, у, ү, ы, и), 6 созулма (аа, ээ, оо, ѳѳ, уу, үү) үндүүлөр боюнча өз
ара жалпы биримдик сакталган. Адабий тилге алынган үндүүлөрдүн курамы да ушундай.
Айырмачылык уччул ачык (ә) жана анын созулма (әә) варианты (фонемалары) жана
айрым сѳздѳрдүн составында түштүк говорлордун өзбектерге жакын же алар менен
аралаша жашаган кээ бир пункттарында учуроочу эринчил ачык (о) тыбышы боюнча
байкалат. Негизинен андай ачык (о) тыбышы өзбек адабий тилинин жана анын анжиян-
фергана говорлорунун таасири астында пайда болгон нон, чой сыяктуу айтылыштагы
бирин-экин сѳздѳрдөн гана белгиленген.
Кыска үндүүлѳрдүн комбинатордук ѳзгѳрүүлѳрү
Диалектилердеги ачык жоон ( а ) тыбышынын артикуляциясы адабий тилдегиден
айырмаланбайт. Бирок анын башка ы, е, о үндүүлөрү менен алмашып айтылган учурлары
байкалат:
а-ы: тышта // ташта
акак (түнд.) // акык (түшт.)
а – е: атеке (Кемин) // атаке
адет // адат
капес // капас
а – о: табылгы // тобулгу
абдан // оvдан
ал, алар (түнд.) //олор(түштүк-батыш)
бирак // бирок
Ачык жоон ( а ) тыбышынын комбинатордук ѳзгѳрүшү:
1. ( а ) тыбышы тѳл сѳздѳрдѳ түпчүл, ошондой эле ( ғ ) менен айкашканда жоон,
ачык айтылат: қан, қын, қун, тақ, ақ, қағаз, тарақ.
2. ( а ) тыбышы уяң ( й ), орточул ( к ), ( г ) менен айкашканда орточул болуп, бир аз
ичкерет: а > а: жай, чай, кам, акит, акилейvис, актип, касса.
Жоон ( а ) нын мындай ичкерүүсүн Б.М.Юнусалиев биринчи даража деп карайт.
3. (а) нын ичкериши жалаң.гана позициялык – комбинатордук шартка
байланышпастан, тышкы тилдердин тике таасири менен да түшүндүрүлѳт. Бул таасир
уччул ачык (ә) тыбышы колдонулган сѳздѳрдү кабыл алуу аркылуу тийген. Бул тыбышты
ѳздѳштүрүү процесси кээ бир кыргыз говорлорунда башталган комбинатордук шартта
жоон ( а ) нын ичкерүүсүн тездетти. Тѳл сѳздѳрдѳгү ( й ) менен айкашкан жоон ( а ) нын
ичкерүүсү ого бетер күчѳй берет: а – ә: айт – әйт; майда, айлана, чайна, байла ж.б.
Жоон ( а ) нын ичкерүүсүнүн мындай 2 – даражасы түштүк говорлордо учурайт.
Кыргыз говорлорунда уччул ачык ( ә ) фонемасынын пайда болушу
32
(байыркы тохар, согдылардын тилинен ѳздѳштүргѳн деген пикир бар).
Жоон ( а ) тыбышынын орточул ( й ) тыбышы менен айкашып ичкерүүсү жанаша
тилдердин таасири менен келген ачык ( ә ) тыбышынын ѳздѳштүрүүсүн жеңилдетти.
( ә ) тыбышы кыргыз говорлорунда орточул ( к ), ( г ) /й/ / т/ тыбыштары менен
айтылган сѳздѳрдѳ мурдараак ѳздѳштүрүлгѳн: кәл, кәр, кәттә, кәсәл, мәкә, кәм, кәлтә,
гәп ж.б.
Бирок ири элдүү пункттардан алыс тоолордогу говорлордо ушул кезге чейин
азыркы сѳздѳр эки формада колдонулганын байкоого болот: кетте – кәттә, дарт – дәрт,
кесе – кәсә, кесел – кәсәл, меке – мәкә, кен – кән, келте – кәлтә ж.б. Аралаш
говорлордо ә – а: Демек, ( ә ) тыбышын ѳздѳштүрүүдѳн мурда аны эне тилдеги ( а ) же ( э
) менен алмаштырып айтуу процесси жүргѳн. Узакка созулган жана тынымсыз таасирдин
астында гана ѳздѳштүрүлгѳн (а) варианты, андан соң толук ѳздѳштүрүлгѳн (ә)
вариантыколдонулат: келде – калла – кәллә,.кесел – касал – кәсәл. Чѳлдѳгү - ортодогу –
тоодогу кыргыздардын тилинде айырма болушунун себептери ушулар.
( ә ) нын орус тили аркылуу кирген сѳздѳрдѳ пайда болушу.
Орус тилинде ( ә ) тыбышы жок, бирок алардан келген сѳздѳрдѳ (ә) айтыла берет:
(К) – кәртишкә, кәлиш, зәкүн, килә, кәртә, кәссә, кәстүрүл, кәмүнүс, кәстүм, кәрәvәт,
кәнтүр;
(Г) – гәзит, гәйкә, гәлистүк;
(Й) – мәйкә, әрмийә, дәйәркә.
Мындай болуп айтылуунун себеби комбинатордук ѳзгѳрүүлѳргө байланыштуу,
б.а.,( к ), ( г ), ( й ) тыбыштарынын жанындагы (а) ичкерип айтылууга дуушар болот.
Мындай көрүнүш тѳл сѳздѳрдѳ да ( й ), ( ж ), ( ч ), ( т ), ( д ) тыбыштарынын жанында
байкалат: тәйәр, жәшә, бәйлә, тәтти ж.б.
Демек, мындай фактыларга караганда, (а) нын ичкерип (ә) га өтүшү түштүк
говорлордун чөл тарабындагы кыргыз говорлорунда ѳзүнчѳ бир фонетикалык туруктуу
закон ченемдүүлүккѳ айланган кубулуш болуп эсептелет.
Ачык эриндешкен ( о ) тыбышы
Түштүк - батыш (ичкилик) диалектисинин кээ бир пункттарында жана
Өзбекстандагы кыргыз говорлорунда чанда гана учуроочу фонемалык мааниге ээ
болбогон тыбыш. Айтканда тил менен жаак жоон ( а ) ны айткан абалга келет да эриндер
бири -бирине бир аз жакындашат. Демек, ал тилдин түп жагынан жаактын кең ачылышы
менен айтылуучу ( а ) нын бир аз эриндешкен варианты – ( ао) ( о ): ч о ч, ж о й, н о н,
номъ ж.б. vохтим йоғ.
Бул тыбыш ѳзбек, тажик тилдеринин таасири астында пайда болгон.
Орточо ачык жана кууш үндүүлѳр
(Э) – фонемасы бардык говорлордо бар жана ал айрым аймактарда (и, ѳ) тыбыштары
менен алмашып айтыла берет:
э – и:. элечек // илечек, эч ким,эмне? (түнд.) // ич ким // имне?//мине? (түшт.), мейман
(түнд.) // мийман(түшт.)
э –ѳ: кечѳѳ // кѳчѳѳ, экѳѳ // ѳкѳѳ (регрессивдүү ассимиляциянын натыйжасы)
эмгек (түнд.) // ѳмгѳк «баштын эмгеги» (ичкилик)
тегерек (Түнд.,Т.-Чыгыш) // тѳгѳрѳк (Батк.), чеvире // чѳvүрѳ
( О ) – фонемасы бардык говорлордо бар жана ал ( и, ѳ, у) менен алмашат:
о –у: топурак (түнд.) // туп (у) рак, турпак (түшт.), томолок // тумалак, жумалак, ѳмүр
(түнд.) // омур (Т.-Батыш), озолон // ѳзѳлѳн ( Мург. )
( Ө ) - бардык говорлордо фонема. Ал ( э, ү ) менен алмашат:
ѳ– э: ѳгѳѳ(түнд.) // эгѳѳ ( айрым говорлордо ) ө – ү: ѳкүм // үкүм ( Мург. )
Кууш үндүүлѳрдү айтканда жаактар жакындашып, кууш айтылат, тил кѳтѳрүңкү
абалда болот.
( И ) – бардык говорлордо фонема. Ал (ы, ү ) менен алмашып айтыла берет:
ы – и: митаам // мытам ( Чүй ), ис (түндүк) // ыс ( Лейл), иман // ыман
33
чүкѳ(түнд.) // чике ( Лейл. )
( Ы ) – бардык говорлордо фонема. Айрым сѳздѳрдѳ ( и, у ) менен алмашат:
ы – и: тыйын // тийин, жыйырма (түнд.) // жийирма (түшт.)
ы – у: акын (түнд.) // акун (түшт.), баркыт // баркут, тыт // тут, акыр // акур (от), мынча //
мунча (Мург.), сымбат // сумбат (Мург.)
( У ) – бардык говорлордо фонема. Ал ( ы, ү ) менен алмашып айтыла берет:
у – ы: умтул // ынтыл (Лейл.), ургаачы // ыргаачы ( Лейл.), чулгоо // чылгоо (Ы. – Кѳл ),
бучук // пычык (Лейл.), сулу // сүлү
( Ү ) –бардык говорлордо фонема. Экинчи, андан кийинки айрым муундарда кыскарып
айтылат: кѳкүрѳк – кѳкрѳк, кѳңүлү - кѳңлү.
Созулма үндүүлѳр
Түрк тилдериндеги созулма үндүүлөрдүн байыркы, кийинки (жаңы) созулмалар
деген түрлөрү бар. Байыркы созулмалар як., түркм, тува тилдеринде; татар мишар диал.;
өзбектин Кара-Булак, Манкент, Икан говорлорунда; хакас, карачай тилдеринин
говорлорунда сакталган. Ошондой эле орхон, уйгур эстеликтеринде, Махмуд Кашгаринин
сѳздүгүндѳ учурайт.
Мис.:.ат (ысым), түркм. аат, як. аат
ач ( этиш ), түркм. аач, як. аас
таш (зат), түркм. дааш, як таас.
Айрым кыргыз говорлорунда, маселен Баткен менен Көл аймактарында да бээш
«беш», аалты «алты», кааз (гусь) «каз», каар «кар» сыяктуу сөздөрдө байыркы
созулмалар учурайт (Ж.Мукамбаев) деген пикирлер айтылган, бирок алар фонемалык
касиетке ээ эмес, анын издери болушу мүмкүн.
Кийинки (жаңы) созулмалар – кыргыз, алтай, хакас, тува, шор, якут тилдеринде
мүнѳздүү. Аз да болсо осмон түрк, азербайджан, ѳзбек диалектилеринде учурайт.
Байыркы созулма үндүүлѳр эмнеден пайда болду? деген маселеде
окумуштууларда эки кѳз караш айтылып келет: 1.тыбыштык тизмектердин ѳзгѳрүшү
натыйжасында пайда болду (В.Радлов ж.б) 2.Байыркы баба – түрк тилдериндеги басым
иретиндеги кѳрүнүштүн калдыгы ( Бетлинг ж.б.).
Жаңы созулмалар пайда болушу жѳнүндѳ окумуштууларда талаш жок – баары
тыбыштык тизмектердин ѳзгѳрүшү натыйжасында келип чыкты деген пикирди айтышат,
башкача айтканда, сөз аягындагы үндүү менен жумшак (уяң) үнсүз катар келгенде
жумшак үнсүз үндүүгө айланат, же эки кыска үндүүнүн ортосундагы жумшак же уяң
үнсүздүн түшүп калуусунан созулма үндүү пайда болот.
Созулмага айланган тыбыштык тизмектердин типтери, түрлѳрү.
Тыбыштык тизмектердин эки түрлүү тибинен алдыда айтылгандай жаңы созулма
үндүүлѳр пайда болгон:
1. Үндүү + үнсүз + үндүү: Буга үндѳштүккѳ туура келген 2 муундуу тыбыштык
тизмектер кирет. Анын биринчиси ачык же орточо ачык ( а, о, э, ѳ) үндүүлөрүнүн бири
болсо, андан кийин ал үндүүгө (мурунку муундагы) үндөшкөн үндүү келет. Бул эки
үндүүнүн ортосундагы үнсүз айтылбай калат.
2. Үндүү+үнсүз: башкача айтканда, (адатта сөз аягындагы) муундун башындагы а, э,
о, ѳ, у, ү, ы, и үндүүлөрүнүн бирине w, ғ, г, й, ң тыбыштарынын бири кошулуп
айтылганда, ошол үнсүз тыбыш үндүүгө айланат.
Хронологиялык жагынан караганда, булардын ичинен биринчи типтеги тыбыштык
тизмектери мурдараак пайда болгон. Эгерде 1-типтеги тыбыштык тизмектерден аралык
формасыз эле түздѳн түз созулма үндүү ( V + С + V>VV) пайда болсо, 2 – типтеги
тыбыштык тизмектердин айрымдары аралык форма – дифтонгуга ѳтүп, андан кийин
созулма үндүүгѳ (V + C> дифт. > созулма түрүндө) ѳткѳн.
Экинчи типтеги тыбыштык тизмектердин дифтонгуга айланышы – кийинчерээкте,
кыргыз тилинин орто доору мезгилинде, кыргыз эли Тоолуу Алтай аймагында жашаганда
34
башталган жана Ала-Тоодо, Талас, Аксыда улантылган процесс. Ал эми азыркы хакас,
тува, ойрот жана кыргыз тилдеринде 1-типтеги созулма үндүүлѳрдүн кеңири
колдонулушу алар менен кыргыздардын мурда бир территорияда чогуу турган мезгилинен
кабар берет.
Мурунураак созулмага ѳткѳн тыбыштык тизмектердин түрлѳрү:
А... V – Ғ – V>VV:
а) а + ғ – а > аа: саа – саға (бээ саа)
саат – сағат
таан – таған
қаалға - қағалға
б) о + ғ + о>оо : соол – соғол
.боос – боғоз
Б... V – ң – V>VV:
а) а + ң + а > аа: жаак – йаңак
б) ѳ - ң + ѳ>ѳѳ: сѳѳк – сѳңѳк, сѳѳл – сѳңѳл//сөйөк
в) э + ң + э > ээ: мѳѳрѳ - мѳңүрѳ, ээк – эңек
В... V – Й – V>VV:
а) а + й + а > аа: жаа – жайа, таа – тайа
б) ѳ + й + ѳ>ѳѳ: кѳѳ - кѳйѳ, тѳѳ - түйѳ, бѳѳн - бѳйѳн
в) э + й + э > ээ: ээн – эйен, жээн – жийен
г) у + ғ + у > уу: уул – уғул, оғул, туул – тугул, буура – бугра, буйра
Г... Чакчыл -ып мүчѳсүнүн жалгануусу менен созулма үндүүнүн жасалышы:
а) чап + ып > чапып > чаvып > чаап, тап + ып > табып > таvып >.таап
б) аягы – м менен бүткөн.бир муундуу.этишке + -ып > там >тамып> таамп, эм + -ып >
эмип > ээмп.
Биринчи типтеги тыбыштык тизмектердин созулмага ѳтпѳгѳн формалары: согон,
сугун, сугар, того бардык говорлордо бар.
Түштүк говорлордо: тогот (тоот ), эйер – эгер, түйѳ, миеси, эге – эйе, мал эгеси
сакталып келе жатат.
II Экинчи типтеги башкача айтканда, V + С тибиндеги тыбыштык
тизмектерден созулмаланышы: V + C тибиндеги аралык форма ( эринчил дифтонг
)Талас, Аксы говорлорунда жана ичкилик диалектисинде сакталган, калган кыргыз
говорлорунда эрин созулмага ѳткѳн. Ал эми тува, хакас, ойрот тилдеринде азыр да 2-
типтеги тыбыштык тизмектер созулмага ѳтпѳй сакталып келе жатат.
Мис.: а + ғ: хак, тува тағ, кырг.тоw, тоо ( так *), боw, боо
о + ғ: хак, поғ, тув. боғ, кырг.буw, буу (байла)
у + ғ: хак, тув. суг, кырг.суw, суу
ѳ + г: хак, тув, кѳг, кырг.күw, күй, күү
Ошондой эле сын атооч жасоочу –уу, -луу мүчѳлѳрү хак, тува тилдеринде -ыг, - лыг
вариантында сакталып калган: оору, тув. аарыг; кырг. катуу, жылуу,ачуу, күштүү,
аттуу; хак.хатыг, чылыг, ачыг, күстиг, аттыг.
V + Ғ, Г тыбыштык тизмектери: кырг.ий, тув.,хак.eг; кырг. үй, тув., хак. үг
кырг. жый, тув., хак. чыг.
Дифтонг ( W ) дун пайда болушу, жанындагы тыбыштарга таасири
Уңгуда жана мүчѳдѳгү (Ғ), (Г) үнсүздѳрүнүн Х-ХI к.к. башталган ого бетер
жумшаруусунун натыйжасында, алар эрин-эринчил чормогой (w) га айланган. Азыр ал
тыбыш кыргыз диалектилеринде ѳзүнчѳ фонема эмес, эринчил дифтонгдун ажырагыс бир
элементи: тоw, боw, жәйлѳw, тѳw, жетѳw, күйѳw, буw, суw, катуw, күw, күчүw. [W]
тыбышынын эринчилдиги күчтүү болгондуктан жанындагы а, и, ы үндүүлѳргө таасир
этип, аларды эриндештирип жиберген. Мис.: тоw < таг
жайлоw < жайлаг
кичүw < кичиг, элүү < элүw <элиг
35
саруw < сарыг, таруw < тарыг
Ал гана эмес, ачык о, ө эринчилдерди да кууш у, ү эринчилдерге айландырып ийген:
буw < боғ *
туwра < тоғра*
күw < кѳг*
Булардын өзгөрүү багыты төмөнкүдөй схема боюнча жүргөн:-үндүү+үнсүз
тибиндеги тыбыштык тизмектер > -кыска үндүү жана эринчил дифтонгго (аралык
формага) өтүп> акырында алардан эринчил созулма үндүү пайда болот. Мындай фактылар
менен кошо кыргыз говорлорунда V + [ й ] > VV түрүндөгү тыбыштык айкалыштар да
орун алган:
тайры – таары
кайры – каары
мейлей – мээлей
жейрен – жээрен
бе (й) – префикси бээ формасына өткөн:
бейтааныш - бээтааныш
бейжай - бээжаа
бейбаш - бээбаш
ѳ +(й) >ѳѳ:
чѳйчѳк – чѳѳчѳк
ѳйдѳ-ѳѳдѳ.
Азыркы кыргыз говорлорунан [ - ғ ], [ - г ] мүчѳсү уланган айрым байыркы
сѳздѳрдүн 2, 3, 4 кө чейинки формалары колдонуларын байкоого болот: сары – сарығ,
тири – тирүү - тирүw – тириг, кичи – кичүү- кичүw – кичиг, элүү – элүw – эллик.
Булардын арасынан сөз аягындагы [ - ғ ], [ - г ] формасынын каткалаң [ - қ ], [ - к ] га ѳткѳн
формасы түштүк говорлордон учуратылса, сол канатка кирген мундуздан башка кыргыз
урууларында жана ичкиликтерде эринчил – оw дифтонгу, оң канаттагы кыргыз
урууларында эринчил – оо созулма түрү таралган.
Кийин кабыл алынган сѳздѳрдѳгү созулмалар
Ойрот, тува, хакастар менен ирегелеш жашаганда кашаа, каалга, саадак ,таар
жана башка монгол сѳздѳрү кабыл алынган. Эгерде мындай сөздөрдү кабыл алган кезде
монгол тилдеринде созулма үндүүлѳр башталып калган мезгил болсо, анда ал сѳздѳр
созулма үндүү түрүндѳ кыргыз говорлоруна кабыл алынган, тескерисинче, монгол
тилдеринде андай процесс баштала электе ѳздѳштүрүлсѳ, андай сѳздѳр тилдин ѳзүндѳгү V
+ гъ + V тибиндеги тыбыштык тизмектерди аналогия боюнча созулма үндүүгө
айландырган. Теңир -Тоо доорунда болсо араб, иран, орус сѳздѳрү мурдатан келаткан 1-
типтеги созулмаларга ылайыктуу тыбыштык законго ( v + с +v>vv) окшоштурулуп кабыл
алынды: саат(сагат), жамаат (жамагат), мѳѳр (мехр), баа ( баhо), шаар (шахар), маани,
маалим, аалым – олим, наам – ном, доо – доw, доор – даvр, соода – саvда / савда, самоор –
самовар.
Кыргыз говорлорундагы башка созулма үндүүлөр да так эле ушундай жолдор
менен пайда болду.
Үндүүлѳрдүн ( ээрчишүү) үндѳштүк закону
Эки жана андан кѳп муундуу байыркы сѳздѳрдѳ үндүүлѳр 2 түрдүү принцип
боюнча үндѳшѳт: 1. үндүүлѳрдүн жоон же ичкелигине карата (тил күүсү) ата, эне, ырда,
бирден ж. б. Үндөшүүнүн мындай түрү түрк тилдеринин көбүнө мүнѳздүү. 2.Эринчил же
эринчил эместигине карата үндөшүү ( эрин күүсү) бѳдѳнѳ, тоголок, жумуру ж. б.
Үндүүлөрдүн эринге карай үндөшүүсү кыргыз жана тоолуу алтайлыктардын тилинде
күчтүү. Үндөшүүнүн мындай түрлөрү лексиканын байыркы фондусуна көбүрөөк
тиешелүү болуп, чет тилдерден кийин кабыл алынып жаткан сѳздѳрдѳ анча сактала
бербейт. Ал эми уңгуга мүчѳуланган абалындагы үндѳшүү уңгунун аяккы муунундагы
үндүүгѳ жараша болот: машин[ечи].
36
Үндѳштүк закону бузулган учурлар:
1. үндүүлѳрдүн жоон – ичкелиги боюнча үндѳшүү бузулат:
қаниет // ғаниет, касиет, акиледи, агери, адилет.
2. Эрин күүсү бузулган учурлары: кәпкүр,кәлүш, кәvүш ж. б.
Кээ бир мүчѳлѳр уңгудагы үндүүгѳүндөшпөй айтыла берет.
- ке: атаке, эжеке, энеке
- тай : акетай, байкетай
- чек : иничек, келинчек
- гер: соwдагер, дәригер
- хана:тооқана, кушхана
- қор: сүтқор, чайқор, бозоқор, қанқор
- поз: ашпоз, оюнпоз, илимпоз, бекерпоз
- зәр: гүлзәр, ѳрүкзәр, пахтазар, алмазар, терекзар, пичанзәр
- кеч: зыйанкеч, аракеч, арабакеч, жапакеч
- стан: Кыргызыстан,Казакстан.
Префикстер дагы үндөшүүгө баш ийбей.айтылат:
бей-: беймаал, бейбаш, бейжай, бейкут
на-: нааразы,натуура, наамарт.
Орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден кийин ѳздѳштүрүлүп жаткан
сѳздѳрдүн кѳбүндѳ сингармонизм бузулат.
Үнсүздѳр системасы жана ага байланышкан көрүнүштөр
а) Жазма адабий тилдин үнсүздѳр системасы. Азыр анда 25 үнсүз б, в, г, ғ, д, дж, ж,
з, к, қ, л, м, н, ң, й, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ тыбыш бар.
Булардын ичинен Г, Ғ ,К, Қ, ДЖ, Ж тыбыштарына г, к, ж деген 3 тамга алынган.
Ошондуктан 25 тыбыштын ордуна алфавитте 22 гана тамга колдонулат. Жазма адабий
тилдин үнсүздѳр составы говорлордогу үнсүздөр курамынан саны жана сапаты боюнча
айырмаланат. Мисалы адабий тилдеги [ в ], [ ж ], [ ф ], [ ц ],.[ щ ] тыбыштары чет
тилдерден кабыл алынган сѳздѳрдүн составында гана учуроочу тыбыштар болуп саналат.
б) Кыргыз говорлорунун үнсүздѳр системасы. Үнсүздѳр составы говорлордо
негизинен бирдей болгону менен, алар саны, сапаты жагынан бир аз айырмаланышат.
Кыргыз говорлорунун үнсүздѳр системасы түштүк говорлор тобу,түндүк говорлор тобу
деп 2 чоң топко, алар ич ара дагы 5 топко бѳлүнөт:
А. Түштүк говорлор тобу.
1. Түштүк – чыгыш диалектисинин а) чыгыш говорлоруна – 20 үнсүз фонема
тыбыш – [ б, г,ғ, д, дж, з, й, к, қ, л, м, н, ң, п, р, с, т, х, ч , ш.] жана фонемалык касиетке ээ
болбогон кээде гана учуроочу [ h ] тыбышы колдонулат.
2. Түштүк – чыгыш диалектисинин түндүк-батыш говорлору үчүн 19 фонема
алдыдагы аталгандардан [ з ] - /с/ ынын варианты катары жана [ h ] кээде учурайт.
3. Түштүк – батыш ( ичкилик ) говорлорунда 21 үнсүз фонема, башкача айтканда,
алдыдагылардан тышкары [ х ], [ h ] – фонема катары колдонулат. Ошондой эле [ ц ], [ f ], [
ф ] тыбыштарын учуратууга болот.
Б. Түндүк – говорлор тобу.
1. Ысык-Кѳл говору үчүн 19 үнсүз тыбыш, аталгандардан [ х ], [ h ] тыбыштарынан
башкасы фонема түрүндө колдонулушу мүнөздүү.
2. 18 тыбыш колдонулган «С» чыл говорлордо [ З ] тыбышы. С нын вариантынын
кызматын аткарат.
3.Талас говорунун айрым жерлеринен (Шекер айлынан жана Талас районунун
Үч=Эмчек айлынан) /ц/ тыбышы менен айтылган сөздөрдү учуратууга болот: чын – цын,
чык – цык ж.б.
Говорлор ортосундагы жалпылыктар..........
1. Ц, ф, f, h, х тыбыштарынан.башка 18 тыбыштын фонема катары
колдонулушу боюнча говорлордо өз ара жалпылык сакталган. Ошондой.эле ал
37
тыбыштардын артикуляциясы да негизинен бирдей. Баардык кыргыз говорлорундагы
аталган үнсүздѳр: каткалаң – жумшак болуп бѳлүнѳт.
Каткалаң: к, қ, п,с, т, ч, ш [ ц, х,f, ф]
Жумшак: г, ғ, б, з, д, дж, л, м, н, ң, й, р [ ж,в ]
Говорлордогу үнсүздөр адабий.тилдегидей болуп түгѳй – түгѳйү менен жана түгөйсүз
түрүндө учурайт.
2. Үнсүздѳрдүн каткалаң – жумшак болуп айырмалануусуна байланыштуу,
үнсүздѳрдүн ээрчишүү закону пайда болгон.
3. ң, й, л, р үнсүздѳрүнүн байыркы төл сѳздөрдүн башында мүнѳздүү эместиги.
4. Төл сѳздөрдүн башында үнсүздѳр катар келбейт.
5. Үнсүз менен бүткөн сөзгө үндүү менен башталган мүчѳ уланганда сөз аягындагы
каткала ң, п, к үнсүздөрү жумшарат: тоv – y, тараг – ы, тирег – и. Бирок – т, - ч, - ш, - с
каткалаң үнсүздөрү андай учурда ѳзгѳрбѳйт: кат – ы, чач – ы, аш – а, кыс – а.
Говорлордогу үнсүздѳрдүн классификацияланышы
Диалектилердеги үнсүздөр адабий тилдегидей жасалуу орду, ыгы жана үн менен
шыбыштын катышы боюнча төмөндөгүдөй болуп бѳлүштүрүлѳт. Жасалуу ордуна карай:
1. Эринчилдер: п, б, (v), м, (f)
2. Уччулдар: т, д, с, з, ж, ч, н, ш, л, р (ц)
3. Орточул й
4. Жакын түпчүл к, г; ң (артчыл)
5. Терең түпчүл ғ, қ, х
6. Кѳмѳкѳйчүл h;
Жасалуу ыгына карай:
1.Жарылмалар:п, б, т, д, ч ,н, к, қ,дж
2. Жылчыкчылдар:v,ф,f, с,з,ж,ш,г,х,h
3. Капталчыл: л
4. Дирилдеме: р

Үн менен шыбыштын катышына карай:


1.Жумшак үнсүздөр: б, в(v), г, ғ д, дж, ж, з; уяндар: м, н, ң, л, й, р.
2.Каткалаң үнсүздөр: с, п, к, қ, т, ч, ц, х, ф, f.
Үнсүздѳрдүн говорлордогу колдонулуш ѳзгѳчѳлүктѳрү
Эринчилдер: п, ф, f, б, м
[ П ] – фонемасынын сѳз башында колдонулушу боюнча говорлорду 3 кѳ бѳлүп
кароого болот: 1. П - >б - : Мурда мындай көрүнүш негизинен түндүк говорлорго
мүнөздүү болгон. 2. П- – түндүк говорлорго караганда /п/ ны сөз башында басымдуу
колдонгон говорлор. Түштүк-чыгыш говорлорунда, ошондой эле Түштүк-батыш
говорлорунда /п/ тыбышынын сөз башында колдонулушу басымдуу. 3. П- – б- –м-
тыбыштарын сөз башында алмаштырып айта берчү аралаш говорлор болуп түндүк
диалектинин курамындагы говорлор эсептелет.
Ашыра П-чыл болгон говорлордо төл жана өздөштүрүлгөн сөздөрдүн башында /п/
айтыла берет: а) тѳл сѳздѳрдүн башында: пут, пыч, пышыр, пучкак, пүктѳ, пүттү, полот,
парчын, парпы, пусурман, пыр – пыр этти, парп – парп, парпыраган, пышылда;
б) ѳздѳштүрүлгөн сѳздѳрдүн башында: пахта, палvан, пайда, почта, пәтиңке, пиллә,
пул, постун.
Ф > п - : парз, парк, пәәм, пукара
Б > п - : перме, панар, Пурунза, пиргәт.
Түндүк говорлордо. алдыда.аталган сѳздѳр б – менен айтылса да, пийас (Көлдө мийаз),
пайда, пул, пахта, пила/пилла сыяктуу бир катар сөздөрдүн башында /п/ сакталат.
[ П ] тыбышынын cѳз ортосу менен сѳз аягында колдонулушу боюнча говорлордо
алдыдагыдай чоң ѳзгѳчѳлүктѳр байкалбайт. Маселен: апа, чопо, кепе, арпа, кампа, чайпа,
38
сынап, чап, тап жана башка сөздөрдөгү /п/ өзгөрүүгө дуушар болбойт. Ошондой болсо да
– П - > - V– сыяктуу көрүнүштөрдү. Баткендик.кыргыздардан.байкоого.болот :.шорvо,
жаvайы, жаvыз, кетвейт, качвайт ж. б. Калган учурлары боюнча говорлордо жалпылык
сакталган.
[ Ф ] – эрин- тишчил тыбышы Уф! Фуу! сыяктуу сырдык сөздөрдү эске албаганда
кыргыз говорлоруна мурда мүнѳздүү болбогон. Түндүк говорлордо адабий тилдин
таасири менен кийин гана ѳздѳштүрүлүүдѳ. Түндүк говорлорго караганда түштүк
говорлордо болсо бул тыбыш мурдараак фәрзәнт-пәрзәнт, ифлос –иплос, фурсат-пурсат
сыяктуу бирин-экин тажик сѳздѳрү менен кошо кирген.
[ Б ] фонемасы
[ Б ] тыбышынын сөз башында колдонулушу боюнча говорлорду түндүк, түштүк-
батыш жанаөткөөл говорлор тобу деп үчкөбѳлүп кароого болот. Түндүктѳ [ б- ]
бычак,балта,байпак,бучук; түштүк-батышта [ п-] п(ы) чак, палта, пайпак, пучук; /өткѳѳл
абалындагы говорлордо[ б - // п - ] бычак//пычак, балта//палта, байпак//пайпак,
бучук//пучук ж.б.
[-б- ] > [ v ]: интервокалдык абалда таvасы ң түрүндө айтылышы бардык говорлорго
мүнөздүү көрүнүш болсо, р, л, й дан кийин: барвә, тайвәйт, калвэйт сыяктуу айтылышы
Түштүк-батыш говорлорунун өкүлдөрүндө гана учуратылган.
[ Б ] > [ м ] өтүшү алдыдагы же арттагы тыбыш /н/ болгондо тѳл сөз же
ѳздѳштүрүлгѳн сѳз экенине карабай айтыла берет: бен> мен, бундай > мундай,
бөөн>мѳѳн, табан>таман, бойунга>мойунга, быкын>мыкын, буногу>муногу (булар
түндүк говорлорго мүнѳздүү). Өздѳштүрүлгѳн сѳздѳрдѳ маана, манжа, маңги, мунт,
момун< ор.бубни. Й, л, к тыбыштарынын таасири менен п, б >м: мээлей, мийаз, мая < пая,
молжол, милте, маки, кѳкмѳрү, тамеки. М: Бат.чүй. Мампулуп (Панфилов),
омидор(помидор); б > м:можу < ор.можу, мисте <пистә
[Н, л, р, ң ] уяңдарынынсөз башында айтылышы
Кыргыз говорлорунун байыркы мезгили үчүн [ Н- ]менен башталган сөздөр
мүнѳздүү болгон эмес. Кийин монгол, иран, араб тилдеринин таасиринин натыйжасында
Н – менен башталган нарын, ныкта, нокто, нур, ниет, начар, найза сыяктуу сѳздѳр
акырындап пайда боло баштаган.
Н – тыбышынын сакталып же сакталбай айтылышы боюнча кыргыз говорлорун 3
топко бѳлүп кароого болот:
1. Н – тыбышын айрым сѳздѳрдүн башында түшүрүп арын, окто, айза,ашпурут,
асмай, ике, ыксырап, Урбай, Уркалый, Урманбет, Уралы, Орузбай, Усуп, Азар, Огойбай
деп айтчу говорлор (Кочкор, Нарын, Чүй аймактарында булардын айрымдарынын гана
башында /н/ түшүрүлөт, саналгандардын көбү Ысык-Кѳл аймагынан байкалган).
2. Н – сакталуу менен кошо монгол, араб тилдеринен кирген кээ бир сѳздѳрдүн
башында түшүрүлүшү,б.а., 2 түрдүү колдонулушу ничке-ичке, нары-ары, немине-эмине?,
нече-эче? Чүй, Талас,Токтогул говорлоруна мүнөздүү.
3. Н –туруктуу сактаган говорлор болуп түштүк аймактары эсептелет.
Сѳз ортосу менен сөз аягындагы [ н ] тыбышынын айрым учурларда гана н > л: мылтык
(мынтык), кѳйлѳк(көйнөк), байлалуу (байлануу), солун (сонун) деп (л) тыбышына өткөнү
болбосо, негизинен туруктуу сакталат.
[ ң ]- тыбышы менен башталган сөз жок, сѳз ортосу менен аягында бар. Чанда
сѳздѳрдѳ гана ң> н, ң, м: оңко – омко (лейлек), калың – калын (баткен), жанале –
жаңа(э)ле (баткен), ң – г:маңа, саңа өткөрүлөт.
[ - ң ] тыбышы түндүк говорлордун айрым жерлеринде жана түштүк-чыгыш
говорлорундагы кээ бир сөздөргө кошулуп айтыла калып жүрөт: жѳнүндѳң, эгердең,
башкачаң,түштүктѳ- баргычаң,, келгичең..
[Л] – фонемасы айтылганда позициялык-комбинатордук шарттарга жараша 2
вариантта: жоон үндүүлѳрдүн жанында [ Л ], ичке үндүүлѳрдүн жанында [ ль ] болуп
айтылат: алалбайт(түндүк) -.әльәльвәйт(Батк.).
39
Тууранды сѳздѳрдѳн башталган лып, лап, лыпылда, лак, лапылда, лүкүлдѳ сыяктуу
сөздөрдүн башындагы (л) тыбышы сакталып, калган учурларда: протезаланып ылампа,
ылайык, ылазым, илеп, улукман эне түрүндө жана протезаланбаган ләгән, ләзим, ләнжи,
ләппәй, лакшегер формасында айтылат. Протезаланбаганы көбүн эсе ичкилик
диалектисинин өкүлдөрүнө мүнөздүү.
Өздѳштүрүлгѳн сѳздѳрдүн башындагы [ Л ] тыбышы cакталат: легенда, локатор,
лира, лирика, ланжи, лан.
Түндүк диалектинин айрым говорлорунда /л/ менен /р/ алмашып айтыла берет: сүлгү //
сүргү (чүй), урпак // улпак.
[ Р ] – фонемасы эзелки кыргыз сѳздѳрүнүн башында учурабай, кабыл алынган
сѳздѳрдүн башында протезаланып айтылат:
а) / р / протезделген говорлордо: оромол, ирең, ыракмат, ырахат, ыраазы, ырас,
ырайым, иренжи, уруксат, ырайис, орозо айтылышы мүнөздүү.
б) протезаланбаган: рәң ,рахмат, рахат, раазы,райим, рәнжи, рухсат,
рәйис.формалары негизинен, түштүк-батыш говорлорунан байкалган.
в) алдыдагы формаларды аралаш колдонгон говорлор.
Орус тили аркылуу кабыл алынып жаткан сѳздѳр бардык говорлордо
протезаланбай расход, расчет, район, райком, радио, революция, ракета, рамазан түрүндө
айтылат.
Айрым учурларда гана Р // Л // З тыбыштарынын алмашып: иреге //илеге, кемзур //
кемзел, даңгыр // даңгыл, аткар//атказ, өткөр//өткөз, жаткыр // жаткыз өңдүү
фактыларды эске албаганда сѳз ортосу менен сөз аягында /р / тыбышынын колдонулушу
чексиз.
Уччул с, з, т, д тыбыштарынын айтылышы.
[ З ] – [ С ] – тыбыштарынын айтылышы боюнча говорлорду. 4 кѳ бѳлүп кароого
туура келет:
1. [ C ] – чыл говорлор ( саяк, солто, сарыбагыш, саруу, кушчу.ж. б. уруулары
жайгашкан жерлер)
2. /С/ –/ з/ тыбыштарын аралаш колдонгон аймактар [ Чыг.Чүй, Кочкор-
Жумгал,Тал.батышы, Аксы).
3. / C / менен /3/ ны фонема катары колдонгон говорлор ( Ысык – Кѳл, түндүк-батыш,
түштүк говорлору).
4. /З/ ны ашыра колдонгон говорлор: а) Ы. – Кѳл(Түп) зыя, Зайра, Зубанбек, загызган,
зай.
б) Интервокалдагы с >з: ээзи келсе бээзин бер, атазы, энези, балазы, ызык, Үзѳкѳ, Азан
- Үзѳн ( А.Бука, Тал.батышы, Чатк.).
С // з: зыя, заяпкер
С // ш: шорпо-сорпо
С // ч: соз - чоз
С // ж : сызгыр-сыскыр- жыскыр
З // д: мүрзѳ // мүрдѳ ( Мург. )
азак // адак ( байыркы ж.э.)
[ Д ] – [ т ] – фонемалары: Кээ бир монгол, араб сѳздѳрүндѳ: түндүк говорлордо – [
т -] талаа,тобулгу/табылгы,терезе, тозок, тандыр, тукаба, тыкантүштүк говорлордо [
д- ]: дала, добулгу, дерезе, допу, дозок, дандыр, дукаба, дыкан, аралаш говорлордо (Кетм.-
Төбө) /т/ -/д/: тозок –дозок, тукаба – дукаба, тыкан – дыкан болуп айтылат.
Алдыдагыдан өзгөчөлөнүп, кээ бир монгол, араб сѳздѳрү түндүк говорлордо (д)
менен түштүк говорлордо [ т ] менен башталып айтылат: тайар, таам, танакер, тушман,
тарvыз, талай..
Жакын жана терең түпчүл үнсүздѳр: к, қ, г, ғ. Жакын түпчүлдѳр: к, г.ичке
үндүүлѳрдүн жанында, терең түпчүлдѳр: қ, ғ, х жоон үндүүлѳр менен жанаша келгенде
40
айтылат.Булардын ар бири сөз маанилерин ажыратуучу касиетке ээ: сақа-сага, оқу-огу,
тике – тиге, чеке – чеге, тоқ – ток, қарта – карта. Сѳз башында к, қ тыбыштарынын
айтылышы бардык говорлор үчүн мүнѳздүү көрүнүш болгону менен ичкилик
диалектисинде г-, ғ- басымдуу: ғарқылда, гирт – гирт, ғыртылда, ғар, ғазап, ғалаты,
ғалvыр, ғалтек, ғозопая, ғылдырек, гәvхәр, гәдәй, гәп, гилем, гүл, гүгүрт, гѳш, ғуса,
ғунажын ж.б.
Сѳз ортосундагы каткалаң к, қ тыбыштары башка диалектилерден өзгөчөлөнүп,
ичкилик диалектисинде жумшарбай: қол қойуп қой, атың ким, ала қой, келе
қалтүрүндө.айтылса, кыргыздын башка говорлорунда мындай учурлардагы /к/, /қ/
тыбыштары адабий тилдегидей болуп жумшарып, г, ғ–түрүнө өтүп кетет: кол ғойупқой,
атың гим,ала ғой,келе ғал.
-Г->-й-,-v-: жигде – жийде, эгер – эйер токум, чеvиртке, жиvер
Сѳз аягында к, қ тыбыштары ичкилик.диалектисинде сакталып тарық, тирик,
ачық, эллик жана.-к,-қ>w: таруw, тирүw, ачуw, элүw; эринчил созулма: таруу, тирүү,
ачуу, элүүтүрүндө да айтыла берет. [Х] тыбышынын говорлордогу колдонулушу ар кандай
даражада экендиги мурунку изилдөөлөрдө байкалган. Ошол маалыматтарга караганда/ Х/
тыбышы көбүнчө араб – иран тилдеринен кабыл алынган сөздөрдүн курамында эки
түрлүү вариантта учурайт: көпчүлүк говорлордо х- к га өткөрүлсө : қабар, қамыр, қумар,
қырман, Мургабдык.кыргыздарда булар хабар, хамир, хумар, хирмон болуп айтылат.
х - // к- : худу шондой – қуду ошондой//куду шундай, хуп мәйли – хуп мейли!
-х- // -к- : ахун – ақун, ахыры – ақыры, тохто – тоқто, нохто – ноқто.
[ h ] тыбышы – түндүк говорлордо «hайт – hайт» деп жылкы айдаганда айтылчу
сырдык сѳздѳ гана жолугуп, калган учурларда дээрлик айтылбайт. Ичкилик
диалектисинде жана Өзбекстандагы кыргыз говорлорунда көмөкөйчүл болгон ал тыбыш
сөз башы, сөз ортосу сыяктуу позицияларда жолуга берет: hайvон, hаvа, hайрон,hалол,
hарбир, hай келсин, hай кеvесин!, hеч; маhала, баhар, шаhар ж. б.
[ Ш ] – жылчыкчыл, ышкырыкчыл тыбыш айрым учурларда гана / с-/ менен
алмашып шорпо- сорпо, шыпыр-сыпыр, шайла - сайла; ыш-ыс, ташырка- тасырка
(Мург.) болуп айтылганы болбосо, калган учурлардын баарында говорлордогу фактылар
адабий тилдегиден өзгөчөлөнбөйт.
Аффрикаталар: ч, дж, ц
Кѳбүнчѳ кездеше тургандары – ч, ж. Ч – каткалаң, ж – жумшак > фонема: чок -
жок, чал - жал.
Ч -> ж - : жоочун ( т. ч.г.), жынжыр ( Чүй)
Ч - > ш - : шолпу ( Жумгал), шама ( Чүй,Ы.-Көл )
Ч -> с - : ак сѳѳлмѳк ( т.б.д.)
Ч -> ц - : цай, неце, канцацыт, цырпык,цыны,цыцырканак, кацан келдиң (Батк. Зардалы,
Кожешкен),цай,барцы нары, турцунары(Талас ).[ Дж ] – аффрикатасы сѳз
башы менен сөз ортосунда айтылып, сөз аягында келбейт жана говорлордо й, ч, з, д, ш, с,
т, н тыбыштары менен алмашып айтыла берет.
Сѳз башында [дж] нын айтылышы туруктуу келип, сѳз ичиндеги/ дж/>Аксы,Талас
аймактарында /й/ тыбышына өткөрүлүп айтылган учурлары жолугат: барайатат,
барайтат, келайтат < келе йатат Кѳжѳ> кѳйѳ ( Тал., Чүй ).
дж > ч: чѳжѳ, чыгач ( Ы. – Кѳл)
дж > з, с: зампа ( т.б.д., Ы. – Кѳл), зыш, эзелки, сылжы ( т.б.д.)
[Й] – фонемасыт.б.д. айрымйа.(суроолуу ат атооч), йак, йәм, йахшы сѳздѳрдүн
башында гана учураганы менен калган диалектилердин баарында. сѳз башында
колдонулбайт. Айрым сѳздөрдүн ортосундагы / й /> /г/ тыбышына өткөрүлөт: жыйырма –
жыгырма, айыл – агыл, үйрѳн – үгрѳн, жийде – жигде, кунайын -кунажын.

41
7 – Лекция.
Тема: Диалектилердеги үндѳшүү, ассимиляция,
диссимиляция кубулуштары (2 саат)
План:
1. Диалектилердеги үндѳшүү, ассимиляция, диссимиляция кубулуштары
2. Сѳздүн тыбыштык түзүлүшү муун жана анын типтери.
3. Тыбыштардын комбинатордук ѳзгѳрүштѳрү

Кыргыз говорлорунда, негизинен үнсүз менен бүткѳн уңгуга «окшош» үнсүздѳн


башталган мүчѳ уланганда тт, сс, кк, пп сыяктуу геминаттар пайда болот: ат + -лар >
аттар, туз + - сыз >туссуз, тилек + - га > тилекке, тап + - ба>таппа ж.б. Мындай
гемнаттар жалпы кыргыздык мүнөзгө ээ болгондуктан кыргыз говорлорунда бул боюнча
өз ара жалпы биримдик сакталган. Геминаттардын уңгуда колдонулуш абалы мындан
башкачараак. Айрым сырдык сөздөрдү аззамат!, барракелде!, бахх!, тууранды сөздөрдү
тррр!, тыссс!, кыррр!, ошондой эле экспрессиялык мааниде айтылчу бирин-экин эшшек!,
өллө!, тәтти сөздөрдү эске албаганда, кыргыз тилине жана анын баардык говорлоруна
жат көрүнүш болуп эсептелет. Бирок түштүк говорлордон байкалган геминаттар
негизинен, сан атоочтордо, экспрессияны талап кылган айрым сын атооч сөздөрдө жана
иран,. араб тилдеринен кабыл алынган сөздөрдүн курамында көп учурайт: 1. лл: молло,
Алла, сәллә, кәллә, пиллә, эллик
2. нн: сүннѳт, жаннат, суннай
3. vv: аvvал, нәvvәт
4. чч: пәччә, паччағар, үч чети, үччүз
5. шш: паша: эшшек, ишшик, ишше
6. йй: тәййәр
7. зз: мәззә, тәззә
8. тт: оттуз, жетти, каттық
9. сс: ыссық, сассық
10. кк: секкиз, пѳккә, тоққуз
11. рр: әррә, дәрроw ж. б. Мындай геминаттардын баары өзбектерден алыстаган
сайын азаяры байкалат.
Ассимиляция
Бир үнсүздү экинчи бир үнсүз ѳзүнѳ жасалуу орду, жасалуу ыгы (аз) боюнча
алдыга же артка карай окшоштурат. Окшоштурчу андай белгилер: үнсүздөрдүн
эринчилдиги, мурунчулдугу, түпчүлдүгү, уччулдугу, капталчылдыгы жана башка
белгилери боюнча жүрүшү мүмкүн.
а) Багытына жараша ассимиляциянын алга карай окшошуусу (прогрессивдүү) же
артка карай окшошуусу (регрессивдүү) болот: 1. Алга карай окшошууда (же
прогрессивдүү ассимиляцияда) - үнсүз тыбыш ѳзүнөн кийинки тыбышты окшоштурат. 2.
Регрессивдүү ассимиляцияда – үнсүз тыбыш ѳзүнөн мурунку тыбышты окшоштурат.
б) Тыбыштардын жайгашкан ордуна жараша контактылуу (жанаша.же
тийишкен):атты, атта, аттан жана дистактылуу (аралык же тийишпеген)
ассимиляцияга: Лелин, некин, мынтык, ошон үчүн бөлүнөт.
в) Ассимиляциянын (окшошуунун) күчүнѳ жараша: толук ассимиляция: кәллә,
салләт, суннәй, толук эмес ассимиляция билимбейт, үш сом деген түрлөрү болот.
Прогрессивдүү ассимиляция
Кѳбүнчѳ уңгу менен мүчѳлөр ортосунда байкалат:
а) -н+ л-< лл; -т + -лар, же жөндөмө мүчө < тт: жаманнар, аттар, аттын,атта,
аттан;
б) м, -н + -ң жѳндѳмѳ мүчѳ<:меннен,сеннен.
Дистактылуу ассимиляция аз болсо да түндүк говорлордон байкалган:
а) м л > м н: мы{л}тык >мы{н}тык
42
б) л л.>л н: байла + луу – байла – нуу, Лелин–Ленин
в) л > н: ошон үчүн (ошол үчүн), некин(лекин), Лелин (Ленин)

Регрессивдүү ассимиляция
Прогрессивдүү ассимиляцияга.караганда регрессивдүү ассимиляция кыргыз
говорлорунда кѳп учурайт. Мисалы: рл > лл: кара жорго теллетип (тердетип), эллер
(элдер), баллык (баардык), түллүк (түрдүү).
рн > нн: суннай, кенней
нг > ңг: кѳрүнгѳңгѳ, бүгүңкү
нб > мб: билимбей, жулумба, мемби?
чт >шт: кашты, эштеке(э) мес
чж > шж: жыгаш жүктѳ
чс > шс: чашса
тл > лл: аллас, куллуг
тс > сс: геvай(т)сса
зс > сс: муссыйактуу, туссал.
Үнсүздөрдүн түшүп калышы
Кеп агымындагы үнсүздѳрдүн түшүүсү белгилүү бир тарыхый-лингвистикалык
закон ченемдүүлүктөрдүн негизинде ишке ашырылат жана анын кыргыз говорлорунда
төмөнкүдөй түрлөрү жолуктурулат: Сѳз башында [ дж- ] тыбышынын түшүрүлүшү: ыр <
жыр, ыраак <жырак, ый < йыр, ылы (Лейл.) <жылый – жылый жаз болот, үзү <
жүзүжарык,ѳрмѳлѳ< жѳрмѳлѳ. Сөз башында [ Н -] тыбышынын түшүрүлүшү: амыз <
намыз, ойон< нойон, айза<найза, арын <Нарын, окто<нокто,ике < нике, эче < нече,ым <
ным. Сөз башында [ М - ] тыбышынын түшүрүлүшү: Чүй им < мин, Лейл. инди< минди.
Сөз башында [ Б - ] тыбышынын түшүрүлүшү: ѳкүр< т.б.д. бѳкүр (уй). Сөз башында [ Ш -
]тыбышынын түшүрүлүшү: иши< шиши, ишик < шишик, ише < шише, ишек < шишек кой.
Сөз башында [ К - ] тыбышынын түшүрүлүшү: окус < кокус,ѳмѳлдүрүк < кѳмѳлдүрүк,
адуула < кадуула. Сѳз ичиндеги: л, р, ж, н, к тыбыштары төмөнкүдөй айрым сѳздѳрдө
түшүрүлѳт: (-л-): а(лы) пкел, а(лы)пар, а(л)ган, а(л)са, а(л)гыла, ке(л)гиле, бо(л)vоду,
а(л)vайле кой, а(л)гыча, ка(лы)птыр; сөз.аягындагы /л/ апке(л) түшүп айтылат. Бирок -ган,
-гыча, -са, -ыптыр мүчөлөрүнүн алдында турган бир муундуу этиштердин аягындагы /л/
тыбышы Баткен районундагы Зардалы, Кожешкен, Догмен кыштактарында ичкиликтин
башка уруу өкүлдөрүнөн өзгөчөлөнүп, түшүрүлбөй келген, гелгиче, келсе, келиптир, келбе,
болбойт түрүндө айтылат. Демек, бул көрүнүштү ушундан улам ичкилик урууларынын
баарына мүнөздүү диалектилик көрүнүш деп кароого болбойт. Мисалы: (- р - ): те
(р)скери, те(р)скей,аачы < аарчы, ээ(р)чи,туган< турган, туvайvы
(- к-,- г-): чуң(к)ур; дөң(г)ѳч, тар(к)а, эл(г)ек,тар(г)ақ
(-т-):алып(т)ыр, келип(т)ир, убақы(т),
Сөз.аягындагы ( -т): бақ (ыт), тѳр(т) миң, сурай(т) бекен?.
Сѳздүн тыбыштык түзүлүшү муун жана анын типтери.

Муун типтерине байланышкан тыбыштык ѳзгѳрүүлѳр:


Башка тилдердей эле кыргыз тилинде, анын диалектилеринде да аларга мүнөздүү
болгон муун типтерине байланышкан көрүнүштөр, атап.айтканда, муундун же тыбыштын
түшүп калышы, тыбыштын кошулуп айтылышы, муундун же тыбыштын орун алмашып
айтылышы сыяктуу түрдүү тыбыштык өзгөрүүлөр тынымсыз жүрүп турган. Мындай
кубулуштар тил илиминде апокопа, протеза, эпентеза, эпитеза, метатеза деген түрдүүчө
терминдер менен аталат.
Апокопа – сѳз аягындагы үнсүз же үндүү тыбыштардын түшүп калуусу: а) сөз
аягында катар келген каткалаң же жумшак тыбыштардын акыркысы, көбүнчө /т/, /д/
түшүрүлөт: дос (т), машинис(т), самаркан(д), кокон(д), бах(т), текс(т), съйез(д), уйез(д).
Анткени, кыргыздын төл сөздөрү -ст, нд, здтыбыштык айкалыштар менен аяктаган эмес.
43
б) кабыл.алынган айрым сөздөрдүн.аягындагы /а/ үндүүсү айтылбай калат:
кезит//газет(а), мүнөт // минут(а), секүнт (а), квартир (а), пыласкарт (а). Аталган
сөздөрдүн аягындагы үндүү /а/ тыбышынын түшүрүлүшү-кыргыз тилиндеги басымдын
акыркы муундагы үндүүгө түшүрүү зарылчылыгынан улам пайда болгон.
Протеза – сѳз башына тыбыштардын кошулуп айтылуусу. Протеза кубулушу
диалектилерде эки учурда байкалат: 1.Сөз башында колдонулбай келген р, л, н
тыбыштары менен.башталган кабыл алынган сөздөрдүн башында: ылаажы, ылай, илеген,
ылакап, орус, ыракмат, ырас болду, ыраазы, ырыскы, ырыскы, ырайис, ынак, анар; 2.
Катар келген шт, шк, сп, ст, ск, сч, пл, зв, зн сыяктуу тыбыштык айкалыштар менен
башталган кабыл алынган сөздөрдүн башында: ыштырап, ыштат, ышкап, үшкөл,
ыспыравке, испираль, ыстакан, үстөл, ыстарчын, ыскалат, ысчот, избено, ызнак.
Эпентеза – сѳз ичине үндүү ы, и, у, ү, е тыбыштарынын кошулуп айтылуусу.Үндүү
тыбыштардын кошулуп айтылуусу төмөнкүдөй учурларда байкалат: 1.Биринчи муундагы
тр, кл, пл, кр тыбыштык айкалыштардын ортосуна үндүү кошулат: т(ы)рактир, к(у)луп,
п(ы)лан, к(е)реvет,2.Сөздүн аяккы муунундагы кр, мр, сл тыбыштык айкалыштардын
арасына үндүү кошулат: пик(и)р // бик(и)р<ар.фикр, зик(и)р< ар.зикр, өм(ү)р<
ар.умр,ас(и)л< ар.асл ж.б.3.Сөз ортосундагы нс, зс тыбыштык айкалыштардын арасына
үндүү кошулуп айтылат: т(ы)ран(ы)спорт, Кыргыз(ы)стан Мындай көрүнүш сөз
ичиндеги кл, пр, тр тыбыштык айкалыштардан да (ы)ск(ы)лат, (ы)сп(ы)рапке,
(ы)ст(ы)рахование протезалануу кубулушу менен катар байкалат.
Эпитеза – кабыл алынган сѳздөрдүн аягына үндүү тыбыштын кошулуп айтылуусу:
1.- нк , -нд, -ск, -кт тыбыштык айкалыштар менен бүткөн сөздөр жөндөлгөндө аягына /ы/,
/и/ тыбыштары кошулуп айтылат: танк(ы)га, Томск(и)ге, Минск(и)ге, акт(ы)га,нефт(и)ге.
2./ Ж / тыбышы менен бүткөн сөздүн аягына /ы/ же /и/ үндүүсү кошулуп.айтылат:
тааж(ы)<ир.тож, баж(ы)< ир.бож, ылаж(ы)< ар. лож, ыстаж(ы)<ор. стаж.
Метатеза – сѳз ичиндеги тыбыштын же муундун орун алмашуусу. Кыргыз
говорлорунда метатезанын төмөнкүдөй төрт түрү белгиленген: 1) үнсүздѳрдүн
жѳнѳкѳй алмашуусу, 2) үнсүздѳрдүн ассимиляциялык ѳзгѳрүшү менен алмашуусу, 3)
үндүүнүн сѳз ичинде алмашуусу, 4) муун алмашуусу. 1.Үнсүздөрдүн жөнөкөй алмашуусу:
а) муундардын жанаша тыбыштары орун алмашат: қ-ч: мықчы-мычқы, қарақчы-қарачқы,
оқчун-очқун; к-с: бөксө-бөскө, бөксөр-бөскөр, алақсы-аласқы; р-л: шыралжын-
шиләржин; к-п:саяпкер-саякпер; п –р: топ(у)рақ-турпақ; р-т:жыртық-жыт(ы)рық; к-
ш:текшер-тешкер,ықшы(ыкшып күлүү)-ышқы; п-ш:кепшир-кешпир; п-р: чүп(ү)рөк-
чүрпөк, суп(у)ра-сурпа; п-к: чепкен-чекпен, көкпөрү-көпкөрү; к, г-м: чақмарақта-
чамғарақта; б) муун башындагы тыбыш муун аягына сыйлыгышат: й-р: дайар-тәрәй; м-
н: күмөн-күнөм;л-н: қыйнал-қыйлан, айланайын-айналайын; с-к:сык-кыс; в) биринчи
муундун аягындагы /л/ ортодогу ачык муундун аягынажылат: бултугуй-бутулгуй; г)
экинчи муундун башындагы тыбыш үчүнчү муундун башындагы тыбыш менен орун
алмашат: тегирмен-темирген.
2.Үнсүздөрдүн ассимиляциялык өзгөрүшү менен алмашуусу: п-(>м) к: чепкен// кээ
бир г. чекмен; к- (б>п): көкбөрү//кээ бир г. көпкөрү; л-н( ң): жылгын// кээ бир г. жыңгыл.
3.Үндүүнүн сөз ичинде (үнсүз-үндүү тартибиндеги айкалыштын үндүү-үнсүз
тартиби боюнча) орун алмашуусу: сутун-устун, шыкаала//Ллк.г. ышкаала, ад.т. мин//кээ
бир г.им.
4.Муун алмашуусу: кыргый-кыйгыр.
Тыбыштардын комбинатордук ѳзгѳрүштѳрү
Кыргыз диалектилериндеги сөздүн тыбыштык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр жалгыз
гана муун типтерине байланыштуу болбостон, комбинатордук абалына, башкача
айтканда, алардын алган позициялык шартына жанажанында жайгашкан тыбыштарга
жараша ѳзгѳрүүгө дуушар болот. Мындай нерселер тарыхтын ар кандай мезгилдериндеги
шарттарга байланыштуу түрдүүчө багытта, нукта өтүп турган. Маселен, д> й, г >й, б >м, с
>з, к >г ж. б. көрүнүштөрдүн азыркы кыргыз диалектилеринде бирдей болбой, түрдүүчө
44
даражада чагылдырылышы мына ошондой тарыхый өзгөрүүлөрдөн кабар берип турат.
Мындай көрүнүштөрдүн издерин үндүүлөрдөн да үнсүз тыбыштардын өзгөрүүлөрүнөн да
байкоого болот. 1.Үндүү тыбыштардын комбинатордук өзгөрүүлөрү:
а > о: сағ>cоw>cоо
а >ә: жай > жәй
о > у: оғру > уwру > ууру
е >ѳ: нечѳѳ> нѳчѳѳ
и >ү: тириг >тирү.>түрүү
ы >у:қатығ>қатуw>қатуу
ы >и:жығырма >жийирма >жыырма
э >и: эгин >ийин
2. Үнсүздѳрдүн комбинатордук ѳзгѳрүүлөрү:
ғ>w: бағ> боw
ғ>й: жығырма >жыйырма >жыырма
г >й: эг >ий; жигде >жийде
г ғ>v: сағызган > сavызган, чегиртке >чеvиртке
б>v:табам>таvам
п >б: тап >табы, сап >сабы
п >м:қыпын >қымын
п >б >м: пыяз >быяз >мыяз
б >м: бөөн >мөөн,буун >муун
д,т >л: элдер >эллер,атлас >аллас
д >н: келгендер >келгеннер
з >с: сөз >сөс, туз >тус
л >д: терлик >тердик
ж >й: атасы жоқ>атасы йоғ
қ>ғ: жоқору >жоғору
к >г: ала кел >ала гел
х >қ: пахта >пақта
Тыбыштык тѳптѳштүктѳр
Диалектилерде позициялык шартка да, муун тибине да байланыштырууга
болбогон. бир катар.тыбыштык төптөштүктөрдүн орун.алганын байкоого болот. Булар
жакын жана алыс тектеш тилдердин кыргыз диалектилерине ар доордо тийгизген
таасирлеринин издери болуп саналат. Андай төптөштүктөр үндүүлөрдөн да үнсүз
тыбыштардан да учуратылат.
Үндүүлѳр боюнча тѳптѳштүктөр:
а // о: ал – ол, табылғы – тобулғу
а // э: асел//әсәл, салтанат//сәнтәләт
а // е: адат//адет
о // у: шол // шул, топурақ//тупрақ
а // ы:ташта//тышта, чақыр//чықыр
э // и: эч ким – ич ким
э // ѳ: тегерек// тѳгѳрѳктѳп жүрѳт
о // ѳ: озолон//ѳзѳлѳн, омур//ѳмүр
ы // и: мытаам// митаам, тым эле//тим эле, ыс//ис
ы // у: тыт//тут, ынтыл//умтул, чулғоо//чылғоо
у // ү: сүлү// сулу.
Үнсүз тыбыштардын тѳптѳштүгү:

б // п: бут//пут, бөк// пѳк, байпақ// пәйпәк, бышық//пышық


б // г: жүгѳр, жүгөрмбек
қ // ғ:қарқылда//ғарқылда, қаз// ғаз, тоқуз//тоғуз
45
к//г: кирилде//гирилде, сегиз//секиз
р // л: сүргү//сүлгү, кепкир//кепкил
й // д: сүйрө//сүдүрѳ
ч // з: сыз//чыз,соз//чоз
с // з: сос//соз, қыс//қыз,сай//зай
с // ш: сорпо//шорпо, шайлоо//сайлоо, шайла//сайла, шыпыр//сыпыр
с // ч: сағыз//чақыз
ч // ж: чѳжѳ//жөжө, чығач//жығач
ч // ш: чай//шай, чама//шама, чыбаш//шыбаш
ж // з: жыш//зыш, жампа//зампа
ж//ш: жуушаң//шуушаң
к // ч: кемирчек//чемирчек
д // т: тѳш//дѳш, талаа//дала, дайар//тайар
б//г: жибер//жүгөр
ң//м: чөңөр//чөмөр
д//л: эде//эле
ң//н: таvасың//таvасын (Лейл.)Тескей эмес маңдайсын,Теңтушум босом кандайсын
(Ферг.обл.,А.-Арык к.).
8-Лекция
Тема: Диалектилердеги жѳндѳмѳ, кѳптүк категориялар боюнча
жалпылыктар жана ѳзгѳчѳлүктѳр (2 саат)
План:
1. Категориялар боюнча жалпылыктар, өзгөчөлүктөр
2. Жөндөмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдүн тарыхы
3. Көптүк категориясы

Тилдин фонетика, лексика сыяктуу бөлүмдөрүнө караганда морфология өтө жай


өнүгөрүнө байланыштуу кыргыз диалектилеринин ортосунда морфологиялык
жалпылыктар күчтүү. Сөз.түркүмдөрү, алардын категориялары, сөз жасоочу жана сөз
өзгөртүүчү мүчөлөр боюнча кыргыз говорлорунда жалпы биримдик бекем сакталат.
Ошону менен катар айырмачылыктары да орун алган жана алар тилдин морфологиялык
негизги категорияларына олуттуу таасир тийгизе албай турган кээ бир бөлүктөрүнө гана
тиешелүү көрүнүштөр.
Кыргыз тилинин морфологиялык белгилери жогорку окуу жайлары үчүн
жазылган окуу китептеринде адабий нормалары катары такай көрсөтүлүп келаткандыктан,
бул курста алар тууралуу жалпы гана маалыматтар берилип, диалектилик өзгөчөлүктөрү
кененирээк жазылат.
Категориялар боюнча жалпылыктар, өзгөчөлүктөр
Диалектилерде жөндөмө, көптүк, жак, чак, ыңгай, мамиле өңдүү категориялары
бар жана алар боюнча байкалган ар бириндеги өзгөчөлүктөргө караганда жалпылыктары
басымдуу.
Жөндөмө категориясы
Кыргыз тилинин бардык говорлорунда адабий тилдегидей атооч, илик, барыш,
табыш,жатыш, чыгыш алты жөндөмө бар. Ал жөндөмөлөрдүн маанилери, мүчөлөрү жана
жөндөлүш типтери боюнча жалпы биримдик сакталган. Маселен, 1, 2-жактын таандык –
м,-быз,-ң,-ңыз/-ыңыз мүчөлөрү жалганган сөздөрдүн (үнсүз же үндүү менен бүткөндө да)
жөндөлүшү бардык говорлордо адабий тилдегидей болуп жөндөлөт. Ал эми 3-жактын
таандык -ы, -сы мүчөлөрү жалганган сөздөрдүн барыш, табыш, жатыш, чыгыш
жөндөмөлөрдө жөндөлүшү ичкилик диалектисинде жана ага чек аралаш жайгашкан
түштүк-чыгыш диалектисинин кээ бир пункуттарында төмөнкүдөй жөндөлөт:
Жөндөмөлөр Сөз үнсүз менен Сөз үндүү менен

46
бүткөндө бүткөндө
Атооч Кол-у Бала-сы
Илик Колу-нун/кол-у-ну(н) Бала-сы-нын/бала-
сы-ны(н)
Барыш(-га,-ге,-гө) Кол-у-га Бала-сы-га
Табыш(-ны,-ни,-ну,-нү) Кол-у-ну Бала-сы-ны
Жатыш(-да,-де,-дө) Кол-у-да Бала-сы-да
Чыгыш(-дан,-ден,-дөн) Кол-у-да Бала-сы-дан

Жөндөмөлөрдөгү өзгөрүүлөрдүн тарыхы


Б.М.Юнусалиевдин түшүндүрмөсүнө караганда 3-жак мүчөсүнөн кийин жөндөмө
мүчөлөрүнүн толук түрү бир мезгилде төмөнкүдөй болгон:
Атооч ж. –у-, -сы;
Илик ж. –у – н – ун, -сы-н-ын;
Барыш ж.-у-н-га, -сы-н-га;
Табыш ж. –у-н, -сы-н;
Жатыш ж. –у-н-да, -сы-н-да;
Чыгыш ж. –у-н-дан, -сы-н-дан.
Барыш жөндөмөнүн толук түрү (-у-н-га,-сы-н-га) али да болсо айрым жакын
тектеш (мис., алтай) тилдерде кыскарган түрү менен кошо сакталып келатат: кол-ун-га /
колуна, бала-сы-н-га / баласына. Кыргыз диалектилеринде, мисалы, Ат-Башылык
чериктердин речинен да кыскарган жылына формасы менен катар толук жылынга
формасын учуратууга болот. Ичкилик диалектисинде –га мүчөсүнүн алдында –н түшүп
калса, башка кыргыз диалектилеринде -н.сакталып, -га мүчөсүнүн башындагы –г тыбышы
түшүп калган, - деп түшүндүрүү менен бирге Юнусалиев (КД,167)- 1,2-жак мүчөлөрүнөн
кийин да ал диалектинин айрым өкүлдөрүнүн речтеринде –га мүчөсүнүн сакталып
кызымга,боюнга түрүндө айтылышын мисалга келтирет.
Башка кыргыз диалектилеринде табыш, жатыш жөндөмөлөрүндө өзгөрүш
болбой, ичкиликтерде гана огуз жана карлук тобундагы тилдерге окшоп, -у-н-,-сы-н
мүчөлөрүнөн кийин үндүү тыбыш кошулат: -ү-н-ү, -сы-н-ы (кол-у-н-у, бала-сы-н-),
жатышжөндөмөнүн –да мүчөсүнүн алдындагы –н тыбышы түшүрүлгөн. Чыгыш
жөндөмөдөгү өзгөрүштөр ар түрдүү болгон. Ичкиликтерде –дан мүчөсүнүн алдындагы –н
тыбышы кол-у-н-дан кол-у-дан түрүндө өзгөрүүсүнөн улам түшүп калган Башка
говорлордо ассимиляциянын натыйжасында –дан мүчөсүнүн башындагы –д тыбышы кол-
у-нан формасында –н тыбышына өткөн.
Барыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүндө бирде пайда болуп, бирде түшүп
калуучу -н тыбышын, Б.М.Юнусалиев, тарыхый жагынан табыш жөндөмөнүн мүчөсү,-
деп божомолдойт.
Говорлордогу жөндөмөлөрдө ассимиляцияга байланыштуу өзгөрүүлөр.
М, н,ң тыбыштары менен бүткөн сөздөргө илик, табыш, чыгыш жөндөмөлөрүнүн
мүчөлөрү уланганда ичкилик говорлорунун көбүндө алмүчөлөрдүн башындагы үнсүз
тыбыш прогрессивдүү ассимиляцияга дуушар болуусунан уламн- тыбышына өткөрүлөт да
илик жөндөмөдө –дын//-нын: коңшуңнун-коңшуңдун, Анжияннын-Анжияндын; табыш
жөндөмөдө –ды//-нү: көзүңнү-көзүңдү, өзүмнү – өзүмдү; чыгыш жөндөмөдө –дан//-нан:
өңүмнөн – өңүмдөн, жеңеңнен – жеңеңден, мойнуңнан – мойнуңдан деген түгөйлөрү пайда
болгон.
Кээ бир жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскаруусу.
Негизинен, түштүк говорлордун айрым өкүлдөрүнүн речтеринен илик менен
чыгыш жөндөмө мүчөлөрүнүн толугу бойдон же айрым тыбыштарынын түшүрүлүп
айтылышы байкалат. Маселен, чыгыш жөндөмөнүн –дан мүчөсү аз, көп .ашык, кәм деген

47
сөздөрдүн алдында түшүп калып да, сакталып да айтыла берет: Зааминде төрт жүз
(жүздөң) ашык кожолук бар (Смрк.обл.). Аксыгаче үч күн гөп жол жүрүп парчу элек
(Чткл.). Илик жөндөмөсүнүн –нын мүчөсү бүтүндөй түшүрүлөт: Биз Алай (Алайдын)
чегарасыгаче бардык (Смрк.обл., Ллк.,Сзк.) же табыш жөндөмөсүнүн мүчөсүнө окшоп
калган -ны >ны(н) формасы айтылат: Мәйизди йәм үч кыл түрү vар. Илгери мээлде кызды
көчүргөндө кызды башыны кучактап ырдачу эде (Фргн.обл.). Ашты (аштын) даамы
кандайдедиң (Нкт.р.).
Көптүк категориясы
Кыргыз диалектилеринде көптүк категория адабий тилдегидей эле
морфологиялык, синтаксистик жана лексикалык жолдор менен жасалат. Булардын
арасынан эң эле кенири колдонулган амалы – морфологиялык амал болуп саналат.
Морфологиялык жолу дегенде ар кандай мүчөлөрдүн жардамы менен көптүк санды
туюндуруу жолу эсептелет. Мына ошондойлордун катарына -лар, -ыш/-ш, -к, -быз деген
мүчөлөр кирет: -лар –көптүк санды жасоочу негизги мүчө. Диалектилерде анын
төмөнкүдөй варианттары учурайт:-ләр,-лер,-лор,-лөр; -дар,-дәр,-дор,-дөр; -тар,-тәр,-тор,-
төр;-нәр,-нер. Аталгандар менен кошо түштүк говорлордо –ләр,-дәр,-тәр жана аз болсо да
өзбектерге чек аралаш ичкилик говорлорунда –нәр,-нер деген түгөйлөрү жолуктурулат.
Бардык кыргыз говорлорунда бул мүчө булар, коноктор//меймандар,байлар сыяктуу атооч
сөздөргө, ошондой эле –ган мүчөлүү баргандар, иштегендер өңдүү атоочтуктарга уланат
жана ал жагынан говорлор ортосунда жалпы биримдик сакталып турат. Ал эми ичкилик
говорлорунда –лар мүчөсү калган кыргыз говорлорунан өзгөчөлөнүп, этиштерге да
уланып айтыла берет. Атап айтканда, өткөн чактын айкын, жалпы, капыскы, адат өткөн
чактарын жасоочу –ды (олор оқудулар,чай ичиштилер), -ған (олор окуғандар), -ыптыр
(олор окуптурлар), -чу (олорго жер.берчүлөр, малсатчулар);учур чактын-ып+ жардамчы
этиш+-лар(олор оку жүрөттөр); келер чактын учур-келер чак -й+т+-лар
(олор.оқуйттар), арсар келер чак -ар+-лар (олор.оқурлар);.буйрук.ыңгайдын -сын+лар
(олор оқусундар); шарттуу ыңгайдын -са+лар (олор оқусалар карасалар), этиштин терс –
ба+-сын+-лар (олор оқубасындар), этиштин терс –ба+-ды+лар (оқубадылар) жана керек
(Шо уруwлар қыргызға эне уруғудан барып қол берсе керектер Ллк.), эди (жанаракта
кеткен эдилер Памр.) деген түрлөрүнө уланып айтыла берет. Булар менен катар –лар
мүчөсү ичкилик говорлорунда көптүк маанини эмес, сылыктыкты, урматтоону билдирүү
үчүн жекелик мааниде да колдонула берет: Атам чай ичсиндер (Атам үйгө кирип чай
ичсин деген мааниде), Биздикине мейман келдилер (келди). Мындай.көрүнүш Чүйдүн
чыгыш тарабында жашоочу кыргыздардан да байкалган. Алардагы –лар мүчөсү силер
формасында колдонулганда. 2-жактагы көптүк маанини туюндурбай, сылык «сиз»деген
жекелик маанини туюндурат: Силер барасыңарбы?(Сиз барасызбы? деген
мааниде).Ошону менен бирге башка говорлордогудай болуп, көптүк маанини да
туюндурат.
-Лар мүчөсүнүн 2-жак көптүк мааниде колдонулушу боюнча говорлордо
төмөнкүдөй варианттары орун алган: барасыңар – барасыңдар, барарсыңар-барарсыңдар,
бардыңар–бардыңдар, барыпсыңар – барыпсыңдар, барчусуңар – барчуңар(Чүй, Талас
бат.). Талас.говорунун батышында –лар мүчөсү сылыктык маанисиндеги кыскарган-ың
мүчөсүнө уланып, түштүк говорлордогудай алыңдар (алыңыздар), отуруңдар
(отуруңуздар) болуп айтыла берет. Ал эми буларга сылык -ыныз формасынын
кыскартылбай толук айтылышы бардык говорлордо бирдей.
Көптүк санды туюндуруучу –к мүчөсү.
Кыргыз адабий тилинде жана говорлорунда -ды, -са, -алы//-айлы мүчөлөрүнөн
кийин –к келген келдик, келсек, алалык//алайлы түрүндөгү формалардан башка
учурлардын баарында этиштин чак формалары биринчи көптүк жакта –быз мүчөсү
аркылуу төмөндөгүдөй болуп уюшулат: келер чак формалары: биз келебиз//келеvис,
бизкелербиз; өткөн чак формалары: биз келгенбиз,биз келиппиз, биз келиптирбиз,
бизкелгендирбиз, биз келчүбүз; учур чак формалары: келе жатабыз//жатаvыс,
48
келатабыз//келатаvыс; шарттуу ыңгайдын –са мүчөсүнөн кийин уланганда: келсек,
барсак; ниетыңгайдын –алы//-айлы мүчөсүнөн кийин уланганда: баралы//барайлы//
баралык //барайык. Булардын арасындагы барайлы//барайык формалары Талас, Аксы,
Чаткал говорлоруна, барайлы Чүйдүн айрым жерлерине, баралы//баралык. Калган
говорлордун баарына таралып, адабий тилге да акыркы формасы алынган.
Адат өткөн чактын –чу мүчөсүнө 1-жактагы көптүк маанини берүү үчүн баардык
говорлордо -быз мүчөсүнүн уланышы мүнөздүү болсо, Талас жана Ысык-Көл
говорлорунун айрым жерлеринде –к мүчөсү жалганып, -чук түрүндө айтылган фактылары
белгиленген: Мен кичине кезде абамдар болуп, жылыга жайлоого барчук. Бала кезде биз
сыртта эле ойноп жүрчүк. Көп балдар болуп, чогулуп барып, карагайдан сагыз алчук.
Үйгө мейман келсе, созулуп төрдө отурчук. Тоодон мандалак казып жечүк. Ал.уvакта көп
күрөшчүк (Ыс.-К.). Кичи Таластын суwунан ит балыккармачук (Талас,Бейшеке к.).
Жат, тур, отур, жүр көмөкчү этиштерине -а +-быз мүчөлөрүнүн уланышынан
жатабыз, турабыз, отурабыз, жүрөбүз сыяктуу жөнөкөй учур чакты жасоо адабий тилге
жана кыргыз говорлорунун басымдуу бөлүгүнө тиешелүү көрүнүш болсо, Аксы,Чаткал,
Талас говорлорунда, Казакстандык Пскем жактагы кыргыздарда жана Чүйдүн Жайыл
районундагы кыргыздардын речтериндеалардан өзгөчөлөнүп -быз менен катар –кмүчөсү
колдонулат:Эй,.чырактарым,бисжолочулап баратырык, ону шәәргә сатайык та, пул
кылайык (Пскм). Бис жолочулап келатырык(Чткл.).Биз пурогул кылып калып атырык
Өзүбүз көрүп отурук (Ала-Б.). Ойноп отурук(Тлс.). Буга окшогон көрүнүш, тактап
айтканда, учур чак формаларын жасоого негиз болгон аталган төрт көмөкчү этишке -быс
же –к мүчөлөрүн улап айтуу фактылары тектеш алтай(ойрот), тува тилдеринде, ( ал гана
эмес казак тилинде да) бар экендиги байкалган. Ошентип, көптүк санды туюндуруучу. –к
мүчөсүнүн таралган аймактары болуп, Талас, Аксы, Чаткал, Казакстандын Пскем жана
Чүйдүн Жайыл аймактары эсептелет. Буларда –к мүчөсүнүн колдонулуш чөйрөсү башка
говорлорго караганда абдан кеңейип кеткен жана андай кеңейүү өткөн чактын -ды,
шарттуу ыңгайдын -са, ниет ыңгайдын -алы, учур чакты жасоочу жат, тур, отур, жүр+-ы
формаларынын эсебинен жүргөн. Талас говорунун айрым жерлеринде –к мүчөсү андан да
кеңейип, адат өткөн чакты жасоочу –чу мүчөсүнө уланып айтыла. баштаган, бирок
жүрчүбүз түрүндөгү адабий норманын таасири менен колдонуудан чыга баштады.

9-Лекция.
Тема: Сѳз түркүмдѳрү боюнча жалпылыктар жана ѳзгѳчѳлүктѳр (2 саат)

План:
1. Зат атооч сөздөрдөр боюнча диалектилердеги жалпылыктар жана ѳзгѳчѳлүктѳр.
2. Сын атоочтор боюнча өзгөчөлүктөр жана жалпылыктар
3. Сан атоочтор боюнча өзгөчөлүктөр жана жалпылыктар
4. Ат атоочтор боюнча өзгөчөлүктөр жана жалпылыктар.
5. Тактоочтордогу жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр.
6. Этиш сөздөрдөгү жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр.
7. Кызматчы сѳз түркүмдѳрү жана сырдык сѳздѳр боюнча жалпылыктар,
ѳзгѳчѳлүктѳр.

Зат атооч сөздөр, алардын уңгу жана мүчөлөрү, зат атооч сөздөрдөн атооч же
этиш жасоо, этиштерден зат атооч жасоо амалдары, мүчөлөрү боюнча кыргыз говорлору
ортосунда жалпы биримдик күчтүү болгондуктан, кыргыз диалектилеринин өкүлдөрү өз
ара бири-бирин жеңил түшүнүшөт. Ошентсе да айрым мүчөлөрдүн өнүмдүүлүк
даражасында, семантикасында(-чы) жана активдүүлүгүндө азын-оолак төмөнкүдөй
өзгөчөлүктөр байкалат: 1.Өнүмдүүлүгү боюнча өзгөчөлөнгөн мүчөлөр: -й, -к, -ч, -гак, -
жан, -кей, -ылдырык сыяктуу мүчөлөрдүн уңгуларга уланып сөз жасоосу говорлордо
49
бирдей эмес. Мисалы, урматтоо, кадырлоо маанисин берүүчү -й мүчөсү түндүк
говорлордо бир гана ага сөзүнө жалганса, ичкилик говорлорунда эне, эже, жеңе
сөздөрүнө уланып, эней, эжей, жеңей түрүндө айтыла берет. – Ылдырык мүчөсү да
түндүк говорлордо сагалдырык, көмөлдүрүк, кашкалдырык (гүлдүн аты) деген сөздөр
жасалса, ичкилик говорлорунда ал мүчө башка сөздөргө да уланат: суулдурук//ад.т.суулук,
ооздурук//ад.т.ооздук, чымылдырык //ад.т. чымылдык, жәгәлдирик//ад.т.желдик,
капкалдырык «чөнтөктүн капкагы», чимелдирик «чымчыктын бир түрү» - мөнөк мүчөсү
ичкилик говорлорунда – өкчөмөнөк//башка г. өкчөмөк, өкчөмөй, сасымөнөк//башка г
сасымай, жедирмөнөк// башка г. жедирмек, жедирмей, козумөнөк//башка г. бул сөздүн
эквиваленти учуратылбаган. Кээ бир сөздөр түндүк говорлордо башка мүчө, түштүк
говорлордо башка мүчө менен берилет: -жан түштүк говорлордо эркелетүү, жалынуу
маанисинде акежан//түнд.г. акетай, үкәжән\\ад.т. үкетай, эжежан//түнд.г. эжеке
колдонулары белгиленген (Б.М.Юн., КД,183); -к мүчөсү түштүк говорлордо тапшыр,
басыр сөздөрүнө уланып, тапшырык, Памирде басырык «боо» түрүндө колдонулса,
түндүк говорлордо булар тапшырма формасында айтылат. -Ымсак мүчөсү ичкилик
говорлорунда алымсакка (ад.т.аларга) алтоw аз, беримсекке (ад.т.берерге) бешөw көп
(макал,Ж.-Тал). Кээ бир мүчөлөрдөгү тыбыштардын кыскарышы говорлордо бирдей эмес.
Алсак, -гак мүчөсү ичкилик говорлорунда - элгек, таргак, калган говорлордо - элек,
тарак; -гыч мүчөсү түндүк жана түштүк-чыгыш говорлорунда - төөнөгүч, көөлөгүч,
ичкилик говорлорунда – төөнөч, көөлөч; -ы//-и мүчөсү тажиктер менен аралаша турган
ичкилик говорлорунда чалы- кемпир//ад.т. чал-кемпир, эли-журт//ад.т. эл-журт, сабзи-
пияз//ад.т. сабиз-пияз. -Ма мүчөсү түндүк говорлордо - колмо-кол, сөзмө-сөз, түштүк
говорлордо тоwмо-тоw //ад.т.тоодон тоо (ашып), токоймо-токой//ад.т. токойдон-токой
(аралап), базарма-базар//ад.т. базардан-базар (кыдырып), каv атма-каvат//ад.т. кабат-
кабат.
2.Семантикасы өзгөчөлөнгөн мүчөлөр -чы. Кыргыз адабий тилинде жана анын
бардык говорлорунда бул мүчө уланган сөз кесип боюнча алектенген адамдарды малчы,
койчу, шыбакчы, айдоочу туюндурса, ичкилик говорлорунда жер-суу аттарына жалганып,
кайсы жерлик адам экенин билдирет, б.а. адабий тилдеги –лык мүчөсүнүн маанисинде да
колдонулат: Сарколчу, жергеталчы кыргыздар бизди.айтат ки, әнжәнчи кыргыздар деп
(Ферг. обл.). Тоwчу эл эдек (Анж.обл.). 3. Колдонулушу боюнча өзгөчөлөнгөн мүчөлөр -
гинэ//-кинэ. Кыргыз адабий тилинде, анын түндүк жана түштүк-чыгыш диалектилеринин
говорлорунда жок мындай мүчө ичкилик говорлорунда кээ бир зат атоочторго жалганып,
эркелетүү маанисин туюндурат:
Бетимнен кызыл нур кетип,
Белгинәмнен күч кетип.(Ферг.обл.)
Дәриәvосо нетейин,
Көзгинәңнән кетейин (Ферг. обл.) ж.б.
Кычкачты алгының
Кымыз ичсең беткинәң
Кызыл болот ичкилик (Ферг. обл.)
Байгинәң эккен талдайым,
Сөзгинәң ширин палдайым (Чоң Алай р.)
Сын атоочтор боюнча өзгөчөлүктөр
Уңгу сын атоочтор, сын атоочтун даражалары, туунду сын атоочторду жасоочу
мүчөлөр алардын семантикалык, грамматикалык маанилеринде, тыбыштык составында
кыргыз говорлорунда жалпылык, биримдик сакталган. Ошону менен бирге аларда жалпы
элдик формалар менен кошо диалектилик формалардын колдонулушу, кээ бир сын атооч
сөздөрдүн активдүүрөөк же пассивдүүрөөк болушу, башка тилдерден (тажик,өзбек ж.б.)
кабыл алынган сын атоочтордун болушу боюнча айырмачылыктар байкалат: Жалпы
элдик формалар менен кошо диалектилик формалардын негизин морфологиялык
белгилер, б.а., мааниси жагынан өтө жакын же бирдей формаларды жасоочу ар кандай
50
мүчөлөр түзөт: а) -на//ад.т. –накай (-на+-кай). Түштүк диалектилерде –на мүчөсү менен
жасалган эркелетүү маанисинде көбүрөөк учуроочу жакшына, татына, азына (Мургаб)
сын атоочтору менен кошо ошол эле говорлордо, сыпатты андан бир аз күчөтүү үчүн -
накай (жакшынакай, татынакай, кичинекей) мүчөсү катар колдонулат. Ал эми ого бетер
кичирейтип эркелетүү маанисин берүү зарылдыгы болгондо түндүк жана түштүк
говорлордун көбүндө, аталгандардан тышкары кичикий формасы, өзбектерге аралаш
кыргыз говорлорунда кичкинә формасы айтылары байкалган. б)-ак//-аак//-каак//-
кы//агач//аган. Адамдардын, жан-жаныбарлардын өзгөчө сапаттарын туюндуруучу
мындай мүчөлөрдүн колдонулушу боюнча говорлор арасында айырмачылыктар бир топ
жана ал мүчөлөр синонимдик түгөйлөр катарында кызмат өтөп келет. Түндүк говорлордо
Түштүк говорлордо -нак//-наак,-ган,-ек: качанак//качанаак, -ак//-аак,-как,-ык//-кы,-ган:
качаган//качааган качак//качаак, качкак, качкы(Мургаб), качык, качааган, теvенек, теvеген,
теvек. -кээк,-геч: теvеген, теvек, тепкээк, каvанак, каvанаак, каvак, каvаак, каvагач,
сүзөнөк, сүзөнөөк, сүзөнөк, сүзөөк, сүзөгөн, сүзөгөч.
-гөнч: сүзөгөнч.
-чак//-чаак: урушчак, урушчаак -как//-каак: урушкак, урушкаак (ичк.)
тырышчак,тырышчаак тырышкак,тырышкаак (Ферг.обл.)
жарышчак, жарышчаак, жарышкак, жарышкаак (Ферг.обл.)
тийишчек, тийишчээк,тийишкек, тийишкээк (Ферг.обл.)
уялчак, уялчаак. -чаң: уйалчаң (Нам.обл.)
чуvалчак, чуvалчаак чуvалчаң(Нам.,Анж.,Ферг г.)
-аса: аласа, бересе -сак: алымсак, беримсек (Ичк.г.)
-гылт: бозгылт,кызгылт-гыч: бозгыч, кызгыч(Ичк.г.)
-гылтым: кызгылтым -ымтал: кызымтал (Ичк.г.).
Бул сөз Талас г. «кызуу, мас болойун деп калган» маанини туюндурат.
-луу: шамалдуу, амалдуу//амалкөй, -көй: шамалкөй (Ичк.г.)
ылайлуу -ка: ылайка амалдуу, оорулуу, карыздуу,-дәр: әмәлдәр, кәсәлдәр, карыздар,
маанилүү мәәнидәр (Ферг.обл.). -ман//-мэн: кәсәлмән, дәртмән -мөксөн: көрмөксөн,
билмексен. мүш: көрмөмүш (Жерг.-Тал).
-мөр: сөзмөр -өмөл: сөзөмөл, көзөмөл «көзгө атар» (Ферг.обл.).
Сан атоочтор боюнча өзгөчөлүктөр
Сан атоочтордун эсептик, иреттик, чамалама, жамдама, бөлчөк, топ сан деген
семантикалык түрлөрү, алардын тыбыштык турпаты жана -ынчы, -оо, -ча, -чалык, -дай, -
лап, -лар, -ларда, үчтөн бир, төрт-бештен тибинде жасалган мүчөлөрү боюнча
говорлордо байкалган көптөгөн жалпылыктар менен кошо айырмачылыктар да орун
алган. Айырмачылыктары кээ бир сан атоочтордун байыркы же ортоңку түспөлүндөй
айтылышында, сан атоочтордогу айрым тыбыштардын түшүрүлүп айтылуусунда жана
кошуна тилдерден кабыл алынган айрым грамматикалык формалардан байкалат.
Байыркы формалардын сакталышына байланышкан өзгөчөлүктөр.
Мындай байыркы көрүнүштөр тыбыштык жана грамматикалык формалары
боюнча айырмаланышат. Тыбыштык формалары жагынан айырмалангандарына адабий
тилде –оо (алтоо), -өө (үчөө); түштүк-батыш, Талас, Аксы, Чаткал говорлорунда –
оw(алтоw).,-өw (үчөw); грамматикалык формалары жагынан айырмалангандарына
түштүк-батыш говорлорунда учуроочу он бир жүз//бир миң бир жүз формалары кирет.
Тыбыштардын түшүрүлүүсүнө байланыштуу өзгөчөлүктөр.
Өзбектерге чектеш же алар менен аралаш турган кыргыз говорлорунда төрт,
кырк деген сан атоочтордун аягындагы /т/, /к/ тыбыштарынын жана бир+-та
айкалышындагы /р/ тыбышынын биттә түрүндө түшүрүп айтылуусу байкалат.
Өзбектерден алыс жайгашкан кыргыз говорлорунда мындай көрүнүш мүнөздүү эмес.
Кабыл алууларга байланыштуу өзгөчөлүктөр
Кабыл алынган формалар түштүк говорлорго гана мүнөздүү болгону менен
аларда да бирдей даражада таралган эмес. Түштүк-батыш говорлорунда татаал сан
51
атоочторду жана жамдама сан атоочторду уюштуруучу –тә (биттә, экитә,
3,4,5,6,7,8,9,10,40,100,1000, нече, канча, жалгыз деген сөздөргө уланат), -әрги//-әәрги, -
әргиси, -гәәр, -әр (бирәргиләри, бирәәр, бирәән, биргәәр-биргәәр), -ләси («эки» дегенге
көбүрөөк, «үч» деген сан атоочко кээде гана уланып айтылат) өңдүүкээ бир формалар
түштүк-чыгыш говорлоруна караганда басымдуураак колдонулат. Мисалы, адабий
тилдеги кем «жетишсиз, мүчүлүш» деген сөз бир кәм он «тогуз», үч кәм оттуз «жыйырма
жети» түзүлүштөрдө айтыла берет. Тажиктер жана өзбектер менен аралаша турган кыргыз
говорлорунда татаал сан атоочторду уюштуруучу -ү,-ы формаларынын жетимиш – у
алты //жетимиш алты, бир жүз –ү он//бир жүз он түзүлүшүндөгү формалары орун
алган.
Ат атоочтор боюнча өзгөчөлүктөр.
Маанисине карата жактама, шилтеме, сурама, тангыч, аныктама, белгисиз деген
ат атоочтор боюнча говорлор ортосунда орчундуу өзгөчөлүктөр болбогону менен айрым
ат атоочтордун тыбыштык жана морфологиялык түзүлүшү, жөндөлүшү (мәңә-маға-
маған,сәңә-саға-саған) боюнча говорлордо айырмачылыктар байкалат.
Жактама ат атоочтор.Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан,
Афганистандагы кыргызговорлорунда мен,сен, сиз, биз, силер, сиздер деген жактама ат
атоочтор боюнча өз ара жалпы биримдик бекем сакталып келатса, 3-жактагы ат атоочтор
кыргыз адабий тилинде жана анын түндүк говорлорунда –ал, алар, түштүк говорлордо –
ал//ол,алар//олор болуп /а/ менен /о/ тыбышынан өзгөчөлөнүп айтылат. Ал формасынын ол
түрүндө айтылышы түндүк диалектиден жазылып алынган фольклордук чыгармаларда,
маселен «Манаста» да (Кеңтунда жаткан Оронгу, Келгенде көрдүк олорду. Он экиде ол
балаң, Жай жарагын асынып)жолугары байкалган. Бирок булар ыр.саптарындагы
үндөштүккө байланыштуу пайда болгон стилдик каражаттар болушу мүмкүн.
Ошондой эле кыргыз элинен нечендеген кылымдар мурда бөлүнүп кеткен Фуюй
кыргыздарында мен менен кошо байыркы бен жана син, ол, бис/пис,сиз, деген формалары
учуратылган. Жактама ат атоочтордун жөндөлүшүндө байкалган айырмачылыктар барыш
жөндөмөсүндө: түндүк говорлордо – маа, маға, саға, айрым жерлерде – маған, саған;
түштүк говорлордо мәңә-маға, сәңә-саға,оғо,оңо. Калган жөндөмөлөрдөгү айырма 11
жакын көптүк санын туюндуруучу силер формасынын Баткендик ичкиликтерде селер
түрүндө айтылышынан байкалат. Шилтеме ат атоочтор. Шилтеме ат атоочтордун
жөнөкөй түрүнө түндүк говорлордо- бу,бул, тиги, тигил, ошо, ошол, түштүк говорлордо –
бу,бул, шо,шол, шу,шул, ана,оно,өнө деген аталыштары кирет. Бирок түштүк-чыгыш
диалектисинде аздыр-көптүр учуроочу тиги, тигил аталыштары түштүк-батыш
говорлоруна мүнөздүү эмес. Аларда анын ордуна ана,оно формалары колдонулат.
Жөнөкөй шилтеме ат атоочтордун говорлордогу жөндөлүшү.
№ Жөндөмө- Түндүк говорлордо Түштүк говорлордо
лөр (кашаада түштүк-батыш
диалектиси)
1 Атооч Бу,бул, тиги,тигил,ошо,ошол Бу, бул, шо, шол
2 Илик Мунун, тигинин, ошонун Мунун (бунун), шонун
3 Барыш Буга, тигиге, ошого Буга (буңа, муңа), шого
4 Табыш Муну, тигини, ошону Муну, (буну), шону
5 Жатыш Мында, тигинде, ошондо Мунда (бунда, буда), шондо (шодо)
6 Чыгыш Мындан, тигинден, ошондон Мундан (бундан, будан), шондон,
шонон

Кыргыз говорлорунда татаал сан атоочтордун түрлөрү көп болгондуктан ал


боюнча говорлор ортосундагы ажырымдыктар да бир топ жана андай нерсени шилтеме ат
атоочтордун курамына. -те, -бу элементтеринин түндүк говорлордо кошулуп
52
айтылышынан даана байкоого болот. Бу//бул – жаныңдагы нерсеге, тиги//тигил-андан
алысыраак нерсеге, тетиги//тетигил (<те+тиги)-тигилден алысыраак нерсеге,
теететиги (<те+те+тиги)- теететигиден да алысыраак нерсеге карата айтылат. Көл,
Нарын, Чыгыш Чүй аймактарында активдүү колдонулуучу береки мобереки(<бу+береки)
–жакыныраактагы нерсеге, тебереки(<те+береки)-андан алысыраактагы нерсеге айтылат.
Нарын, Ак-Талаада ошол маанисинде ошореки//ошереки(<ошо+береки) формасы
колдонулат. Бу (<бул) элементи кошулуп жасалган мына(<бу+она)-жакын нерсеге
мынабу (<бу+она+бу)-жакын.нерсени. конкреттештирүүдө айтылат жана ал ого бетер
кыскарып, мобу (мына+бу) түрүндө да айтыла берет. Талас говорунда болсо
алдыдагылардан өзгөчөлөнгөн мобу (<мына+бу) могу моногу (<мына+бу/гу), тиногу
(<тиги+оно+бу/гу), титиногу/тетиногу (<те+те+тиги+оно+бу/гу), оо/ооно, оногу
/ооногу (<о+оно+бу/гу) деген формалары таралган.
Түштүк говорлордун.көпчүлүгүндө ана, оно, өнө шилтеме ат атоочтору катышкан
анаву, онов, онобу, өнөбү деген формалары көбүрөөк кездешет. Ошолор менен кошо
жакыныраак турган нерсеге – шу машу (<мына+шу), алысыраак нерсеге – шо, шол деген
шилтеме ат атоочтордун кээде колдонулуп калган учурлары да байкалат. Түштүк-батыш
говорлорунда болсо, ана «тиги» кошулуп ана өрөгү/анөрөгү, бу кошулуп бүрөгү/бурөгү,
те кошулуп төрөгү «тетиги» деген ат атооч формалары жолугары белгиленген. Сурама
ат атоочтор ким?, качан?, кана?, кайда?, кайдан? деген сурама ат атоочтордон
башкалары боюнча кыргыз говорлору арасында көп варианттуулук байкалат. Маселен,
түндүк говорлордо эмне? эмине?, Нарындын айрым жерлеринде немине//немене//немне
(<не+бу+не), Талас аймагында не//эмне//эмине мине//мне, түштүк говорлордо
не//мне//мине//неме//немне//нимне, өзбектер менен аралаша турган кыргыз говорлорунда
немә//нимә деген формалары таралган. Адабий тилдеги нече? Көл, Чүй, Нарын
аймактарында нече//эче, Талас аймагында нече (басымдуураак) //эче (азыраак), түштүк
говорлордо неч//нечи түрүндө колдонулат. Кандай? Сурама атоочу менен кошо
ичкиликтерде калай формасы (Кан соргон залим байлар, алыңкалай? Барпы) колдонулса,
өзбектер менен аралаша турган кыргыз говорлорунда –кандака, канака? түрлөрү
кездешет. Кай, кайсы? Сурама атоочу жер, жак сөздөрү менен кошулганда
кайер//кайжер//кайсы жер, кайак//кайжак//кайсы жак түрүндө айтылышы түндүк
говорлорго, каер//кает түштүк говорлорго мүнөздүү. Тангыч ат атооч- адабий тилде
жана бардык говорлордо эч деген бөлүкчөгө бир, ким, нерсе, кайда сөздөрү
кошулуусунан жасалат. Өзбектерге жакын же алар менен аралаша турган кыргыз
говорлорунда эч бөлүкчөсүнүн башына / h/ тыбышы кошулуп, hэч( hэч.бир), hич(
hичкайда) айтылышы байкалган. Ал эми деме/теме, кандай сөздөрүнүн эч бөлүкчөсүнө
кошулуп айтылуусу түштүк говорлорго караганда түндүк говорлордун өкүлдөрүндө
активдүүрөөк. Ичкилик говорлорунда эч качан тангыч ат атоочунун маанисинде әсти
формасы учурайт. Мис.: Әсти бизге жолобо(Барпы).Талас говорунда эч качан менен
кошо такыр синонимдик түгөйү колдонулат.
Жалпылама ат атооч – адабий тилде жана түндүк говорлордо - баары, баардык,
бүт, айрым өкүлдөрдө - бүттүгү формалары колдонулса, түштүк говорлордо –бәәри,
бүт менен катар барча (ичкиликтерде) Барчакөрдү, көз көрдү, Кедейге бакыт конгонун
(Барпы), өзбектерге аралашкан говорлордо –hәммә // әммә, hәммәси// әммәси формасы
учуратылат: әммәсикүлүп калды(Лейл.).
Күдүк ат атооч- кыргыз говорлорунун баарында ким, кандай, эмнеге//неге деген
сурама атоочторго –дыр мүчөсү уланып, кимдир, кандайдыр, эмнегедир//негедир күдүк
ат атоочтору, ошондой эле бир, алда сөздөрүнүн башка сөздөргө кошулушунун
натыйжасында да кимдир бирөө, бир нерсе, бирдеме, кайсы бир, кай бир, кээ бир; алда
кандай, алда ким сыяктуу ат атоочтор жасалат. Булардын арасынан эмнегедир//негедир,
кайсы бир, кай бир, алда кандай, алда ким ат атоочтору түндүк говорлордо
активдүүрөөк, түштүк говорлордо сейрегиреек учурайт.
Тактоочтордогу жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр.
53
Тактоочтордун тубаса, туунду түрүндө түзүлүшү, морфологиялык жана
синтаксистик жолдор менен жасалышы, маани жактан мезгил, орун, сын-сыпат, сан-өлчөм
болуп бөлүнүшү бардык говорлордо бирдей. Маселен, адабий тилдегижай, бат, тез,
ылдам, ыкчам, бачым, эрте, кеч, эми, дароо, ары, бери,жогору, илгери, кийин, дайыма
өңдүү тубаса тактоочтор жана -ча,-лап(ла+п), -чылап, -лай, -лата, -чалык (ча+лык), -
сын, -ындасы, -ге, -да мүчөлөрүнүн жардамы менен жасалган балача, көзүмчө, айлап,
жылдап, тонналап, эртелеп, Динарчылап, күздөй, жаздай, акчалай, акчалата, улуулата,
анчалык, Дүйшөнчөлүк, кечкисин, түнкүсүн, кечиндеси, түндөсү, бекерге, кээде, мурда
туунду тактоочтор түндүк говорлордо активдүү колдонулат.Түштүк говорлордо булардын
арасындагы ыкчам, бачым, акчалата күнүмдүк речте көп жолуга бербейт.
Адабий тилде Түштүк-чыгыш Түштүк-батыш
говорлорунда говорлорунда
Эң, абдан Эң,абдан//жуда,жудә,жа//жә Эң,жүдә,жа//жә
Төмөн, ылдый Төмөн,ылдый,пас//пәс Пас//пәс
Жогору Жогору Жокору, бәләнт
Бүрсүгүнү, наркы күнү Бүрсүгүнү Индин, инниң
Жакын, жуук Жакын,жуук Жаvыс (Лейл.)
Жалгыз Жалгыз Тәнә (Лейл.)
Ушу убакка чейин Ушуга чең Әнис (Лейл.)
-ы/-сы: жайы кышы, эртеси -ы/сы/-ын: эртеси, түндөсү, -ы/-сы/-ын: күзү, былтыры,
алдын жазын-кышын, жайын-
кышын
-ында: түндө, жазында, -ындасы: түндөсү, -ындасы:
кечинде, кышында кышындасы түндөсү,кышындасы
Конуп-түнөп, өлүп-талып Коной-түнөй Коной-түнөй, өлөй-талай
-дай: чымындай -дай//-ча: чымынча -ча: чымынча
-ына/-ыга: жылына/жылыга -ыңга: жылыңга -ыңга: жылыңга
Асты жагында, үстү Асты жагында,үстү -р:астыр жагында, үстүр(Ж.-
Тал)
Бүгүнгөчейин Бүгүнгөчекти Бүгүнгөчөктү
-ча: кыргызча, тажикче -ча: кыргызча,тажикче -ы/-и: кыргызы, тажиги(Ж.-
Тал)
Жалган Жалган -эки: жалганеки, жортеки
-дай: ушундай, андай -дай:ушундай, андай -дака:ушундака,ондака
Булар менен кошо түштүк говорлордо хана(чайхана) суффиксинен башка
төмөнкүдөй суффикстер: пуруш (кәртишкәпуруш, коонпуруш, наспуруш),
зар(гүлзар,жаңакзар), поз (оюнпоз, әскийәпоз); префикстер: кәм//кем (кемкубат,
кәмтукум, кемакыл), сер(серсакал, серуйку), на(намарт, нәйүмүт), бе//бей (бейтарап,
бейжай, бейтааныш, бейкам),-ба (бакубат, бадавлат) түндүк говорлорго караганда
активдүү колдонулат.
Синтаксистик жол менен жасалган, айрыкча кош сөз түрүндөгү тактоочтордо
говорлор арасында байкалган өзгөчөлүктөр көп. Адабий тилге жана түндүк говорлорго
мүнөздүү болгон өйдө-төмөн, өйдө-ылдый,оң-тетири,оңду-солду,ачык-айрым, чала-була,
чогуу-чаран,үстөкө-босток, үстү-үстүнө, өп-чап, алай-дүлөй,ала-сала,айта-буйта
дегиче, уйгу-туйгу,алка-шалка, ыйкы-тыйкы тактоочтору түштүк-батыш говорлорунда
көп жолуга бербейт. Эчак, эбак сөздөрү да ушулар сыяктуу.
Этиш сөздөрдөгү жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр.

54
Этиштер боюнча говорлор арасында жалпылыктары айырмачылыктарына
караганда алда канча көп. Андай жалпылыктар этиштин бардык жак, чак, ыңгай, мамиле
категорияларында, этиштердин жасалышында бекем сакталган. Ошону менен кошо аларда
төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр жолугат.
Жак категориясы боюнча өзгөчөлүктөр. Этиштин чак жана сан боюнча
жакталышы бардык говорлордо бирдей. Бир аз айырмачылык 2-жактын жекелик санынын
сылык формада айтылышынан байкалат. Маселен, түндүк говорлордо, анын ичиндеги
Талас говорунун чыгышында да адабий тилдегидей -ыңыз (алыңыз) формасы колдонулса,
түштүк говорлордо –ың (алың), өткөөл говорлор абалында турган Таластын батышында,
Тогуз-Тородо,Токтогулда.-ын//-ыңыз (алың//алыңыз),алыңдар катар колдонула берет.
Калган учурларда, б.а.,1,3=жактын жекелик жана көптүк санда жакталышы боюнча
говорлор ортосунда жалпылык сакталган.
Чак категориясы боюнча өзгөчөлүктөр.
Учур чак. Жөнөкөй учур чак бардык говорлордо -а, -й формасындагы чакчыл
этишке жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу, мисалы олтурам/отурам,
олтурасың/отурасың, олтурат/отурат, олтурабыз/отурабыз,олтурасыңар/отурасыңар,
отурушат түрүндө жасалса, Талас говорунда булардан өзгөчөлөнгөн отурум, отуруң,
отурук формасындагы айтылышы орун алган. Жат, жүр, отур, тур жардамчы
этиштеринин катышуусу менен уюшулган татаал учур чак формалары да ушул сыяктуу
жасалат. Маселен:

Кыргыз адабий тилинде Талас говорунда


Мында отурам/отурабыз Мында отурам/отурум/ /отурмун/ отурабыс/
отурук
Мында отурасың/ отурасыңар отурасың/отуруң/отурасыңар/отуруңар
Мында.отурат/отурушат отуру/отурушат
Бара жатам/баратам(ын) Баратам/баратырым. Аксы г. Барайтам
Бара жатасың/баратасың Баратасың/баратырың
Бара жатат/баратат Баратат/баратыры Аксы г.барайтат

Келер чак.Кыймыл – аракеттин келечекте же алдыда болору анык же арсар


экендигин билдирген келер чак боюнча говорлордо айырмачылык байкалбайт. Баардык
говорлордо алар адабий тилдегидей болуп, этиштик уңгуга же негизге чакчыл -а, -й
формаларынын, андан кийин тиешелүү жак мүчөлөрүнүн жалгануусу менен уюшулат.
Өткөн чак.Адабий тилдегидей болуп, баардык говорлордо өткөн чак
-ды, -ган, -ыптыр, -чу мүчөлөрү аркылуу жасалганы менен айрым формаларынын
колдонулушунда говорлор арасында анча-мынча айырмачылыктар байкалат. Маселен, -
ды+эле, беле?, бекен? Айкалышы түрүндө түзүлгөн айкын байыркы өткөн чактын -
ды+эле формасынын семантикасы ичкилик говорлорунда жакында эле болуп өткөн, бирок
тактоону талап кылган суроолу оттеногу бар кыймыл-аракетти да туюндурат: Ол базардан
келдиэле..?(Ал базардан жаңы эле келди эле.Эмне сурооң бар эле?) деген мааниде.
Кызматчы сѳз түркүмдѳрү жана сырдык сѳздѳр боюнча жалпылыктар,
ѳзгѳчѳлүктѳр.
Кызматчы сөздөр боюнча Кызматчы сөздөр боюнча Б.М.Юнусалиевдин “Кыргыз
диалектологиясында” (1971, 202-205-бб), Э.Абдулдаев, Ж.Мукамбаевдердин “Кыргыз
диалектологиясынын очеркинде” (1959, 161-163-бб.) пикирлер айтылган. Аларда
негизинен жандоочтор, бөлүкчөлөр жөнүндө сөз болгон. Ал эми диалектилик модалдык
сөздөр, алардын кызматчы сөз түркүмдөрү менен байланышы, айырмачылыгы туралуу
55
пикирле айтылы элек. Ошондой эле кызматчы сөздөрдүн функциясына, сүйлодөгү алган
ордуна карай да кеңири бөлүштүрүү боло элек. Демек, мындан аркы изилдөөлөрдө,
экспедицияларда, диалектологиялык практикаларда буга көңүл буруу зарыл. Жогоруда
аты аталган эки окуу китебиндеги изилдөөлөргө таянсак, бөлүкчөлөрдө жана
жандоочтордо көңүл бура турган бир орчундуу жагы – жанаша-синоним катарында
айтылып, стилдик мааниде колдонулушунда. Мисалы, Сен жакшы эле айтыңгочу. Бул
сүйлөмдөгү го жана чу бөлүкчөлөрү мааниси жаганан синонимдеш болгондуктан, гонун
сүйлөдөгү, контекстеги маанисин чу кайталап, толуктап жана ошондой эле күчөтүп турат.
Ушундай эле пикирди төмөндөгү бөлүкчөлөр, жандоочтор тууралуу айтса болот. Мисалы,
та менен чейин: Пыланды та шул күнгө чейин аткара элек. Ого менен эле: Ого эле чоң
экен. Соң менен кийин: Мен келген соң, кийин ал жумушуна кетти. Кыргыз тилинин
түштүк-батыш же ичкилик диалектисинде көңүл бура турган белгилердин бири – ки
кызматчы сөзү. Кинин мунун жогорудагы белгилери, кызматы менен кошо күчөткүч
бөлүкчөнүн да милдетин аткарышы. Мисалы, Карасаң бир кызык ки. Ал эми Ысык-Көл
горорунун Ак-Суу, Тоң райондору тарапта айтылган тейден жандоочу мындан ары
семантика-этимологиялык жактан тактоону, таралыш аоеалын билүүнү талап кылат.
Аталган жантоочко мисал, Бул тейден болбойт, кайра жазуу керек (Ак-Суу району,
Кереге-Таш айылы). Курман аке, ушул тейден саксаламатта жүрө бериңиз (Тоң району,
Кажы-Сай айылы). Кызматчы сөздөр боюнча диалектилик, говордук өзгөчөлүктөдүн дагы
бир өзгөчөлүгү – тажик жана араб тилдеринен кабыл алынган сөздөргө байланыштуу.
Ошондуктан мындай айырмачылыктар тажик, араб тилдери, говорлору менен байланышы
тыгыз болгон горлордо көбүрөөк жолугат жана активдүү колдонулат. Байламталар
боюнча 35 Информатор – А.Айыпказиев (эркек бала) 20-22 жаштарда, 1975-жылы июль.
www.bizdin.kg 60 Жогоруда эскертилгендей, кыргыз диалектологиясында байламталар
шарттуу түрдө морфологиялык жана синтаксистик категория катарында да каралат.
Ошондуктан аларды бир өңчөй мүчөлөрдү байланыштыруучу жана татаал сүйлөмдөрдү
тутумдаштыруучу, уюштуруучу каражат катарында да түшүнүүбүз керек. Лексика-
грамматикалык жагынан алганда, говорлордогу байламталар: а) адабий тилде синоними
бар байламталар (Мисалы, некин//лекин – ат.т. бирок); б) адабий тилде синоними жок
байламталар (Мисалы, - ки: - ойлонушуп караса ки, бир эле күн калган). Биринчи топтогу
байламталарга караганда, экинчи топтогу байламталарды үйрөнүү бир аз кыйын, себеби
алардын аткарган кызматы ар түрдүү жана алардын адабий тилде синоними жок.
Ошондуктан буларды өздөштүрүүдө алардын логикалык функциясына, стилдик
боёкчосуна назарды топтоштуруу керек.

10-Лекция.
Тема: Кыргыз диалектилериндеги лексикалык жалпылыктар жана
ѳзгѳчѳлүктѳр. Диалектилик лексиканын пайда болуш жолдору (2 саат)

План:
1. Фонетикалык диалектизмдер
2. Морфологиялык диалектизмдер
3. Лексика-семантикалык
4. Этнографиялык диалектизмдер.
5. Фразеологиялык диалектизмдер
6. Диалектилик лексикалык синонимдер

Кыргыз элинин басып өткөн жолу көп кылымдарды ичине камтыйт. Алгач,
кызгыздар көчмөн турмушта жашап келишкен. Ошол мезгилде колдонулган буюм-
тайымдары: тай туяк, буурсун, моло таш ж.б. болгон. Турмуш өзгөргөн сайын жогорудагы
сөздөр сейрек колдонулат же колдонуудан чыгып бара жатат. Үй деген сөздү алсак.
56
Мурда бул сөз кыргыз элинин турмушунда боз үйдү түшүндүргөн. Азар болсо үй деген
чатырчаланып жабылып, терезе салынып, ичи-тышы акталып, электир жарыгы
орнотулган, астына тактай же пол төшөлгөн курулушту түшүнөбүз. Бул мисалдардан
тилдин коомдук көрүнүшкө кирерин жана ал дайыма өсүп-өзгөрүүдө болорун түшүнөбүз.
Мындай көрүнүш тил илиминде, анын ичинде кыргыз диалектологиясында
экстролингвистикалык фактор деп аталат. Азыркы кезде сөздүн диапозонуна назар
салууда үч абалды же аспектини эсепке алуу зарыл. Биринчи – чөйрө (сфера), экинчи –
көлөм, үчүнчү – колдонулуш шарты. Өз кезегинде булар диалектилик лексиканы
изилдөөдө да эске алынат. Сөз – өзүнчө турганда мааниге ээ болгон тыбыштардын курамы
же лексикалык бирдик. Сөздүн тыбыштык жагын туюнтуу жагы деп, билдирген маанисин
мазмуну деп бөлүү азыркы тил илиминде, анын ичинде диалектология илиминде кеңири
колдонулат. Сөздүн мындай жактары бири-бирине дайыма карым-катышта. Ошондуктан
кыргыз диалектилериндеги өзгөчөлүктөрдү өздөштүрүүдө айтылган эки көрүнүшкө
бөтөнчө көңүл бурулат. Лексика - бир тилдин сөздүк составынын жалпы жыйындысы.
Ошондуктан ал же лексика тилдин курулуш материалынын кызматын аткарат. Сөз –
лексикалык бирдик. Сөз нерсе, буюм, зат жөнүндөгү түшүнүк берүүчү кызматты да
аткарат. Бул болсо заттарды жалпы жолунан чагылдырып көрсөтүү маселеси менен
байланышкан. Сөздүн жогорудагыдай өзгөчөлүгүн, табиятын таанып билүүдө, пикир
алышууда айрыкча роль ойнойт жана адам баласынын пикир алышуусунда негизги
каражат же курал болуп саналат. Кыргыз тилинин лексикасы доорлорду утурлап,
байланыш кызматын өтөп, байып отурду. Анын байышынын, өсүп-өнүгүшүнүн,
толукталышынын себеби элдик тарыхка байланыштуу, башкача айтканда, башка бир
уруулардын же уруулар союзунун, этникалык топтордун келип кошулушуна
байланыштуу. Анткени алар өздөрү менен кошо лексикалык байлыктарын да сиңиришкен,
таркатышкан. Натыйжада андай көрүнүштөдүн айрым издери регионалдык мүнөзгө ээ
болуп, диалектилерде да сакталган. Мындай көрүнүштөдү, алардын себептерин,
факторлорун иликтөө, ошону менен бирге тилдин жазыла элек тарыхын жазуу, аны элдин
тарыхы менен байланыштыгын аныктоо жана далилдөө диалектологиянын милдети.
Мындай олуттуу жана татаал маселелерди чечүүдө диалектология биринчи кезекте тилдин
өзүнүн (диалектилери менен говорлорунун) фактыларына, анын этнографиялык
жыйынтыктарына, тарыхтын маалыматтарына таянат. Мына ошондуктан
диалектологиянын этнография, тарых менен байланышта деп эсептейт. Кыргыз
диалектилери менен говорлогрундагы лексикалык айырмачылыктар азыркы убакта бир
кыйла даражада аныкталып, синхрондук, лексика-семантикалык аспектиде иликтенген.
Ушул жагы боюнча алганда сөздүн туруктуу катмарындагы айырмачылыктар
төмөндөгүдөй топторго, типтерге бөлүнөт: 1. Фонетикалык диалектизмдер же адабий
тилге салыштырганда, говорлордо кандайдыр бир тыбышы боюнча гана айырмаланган
сөздөр: кунажын – кунайын, сызык – чызык, боюнча – моюнча, күбө – күйө, селкинчек –
жеңилчек – жеңгилчек – деңилчек, чыпалак – чыпанак – чынчалак, ыш – ыс – ис, эми –
энди, ушала – укала, топурак – тупурак – турпак. Мындай сөздөр тууралуу ой
Б.М.Юнусалиевдин “Кыргыз диалектологиясында” (248); Э.Абдулдаев, Ж.Мукамбаевдин
“Кыргыз диалектологиясынын очеркинде” (91, 93-беттеринде); Ж.Мукамбаевдин “Кыргыз
тилинин диалектологиялык сөздүгүндө” (Фр., “Илим”, 1972, I том, 24-25-беттеринде);
ушул эле автордун ушул сөздүгүнүн оңдолуп, толукталып экинчи жолу басылышынын
“Сөз башында” жана башка диалектологиялык изилдөөлөрдө айтылган. Мындай
көрүнүштөрдү жазуучулардын чыгармаларынан да кезиктирбейбиз. Буга Ж.Мавляновдун
1973-жылы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн “Нан” деген чыгармасынан 2 мисал
келтиребиз: күбү (ад.т. күп): Сүт бышырып, айран уюткан ошол, күбү бышкан ошол (203-
б.), тырыш (ад.т. бырыш): беттерин тырыш басты (97-б.). 2. Морфологиялык
диалектизмдер өз ара үчкө бөлүнөт. 1) Кай бир говордо түп же унгу сөздөр мүчө уланбай
колдонулса, кыргыз адабий тилинде мүчө уланып айтылган сөздөр, мисалы, ад.т.
үйлөндүр – www.bizdin.kg 62 ичкилик диалектисинде үйлө, бирок элибизде “уул үйлөп,
57
кыз бердим” деген кеп айтылат. 2) Уңгусу адабий тил менен говордо бирдей, бирок
мүчөсү боюнча айырмаланган сөздөр: ад.т. жык – ичкилик диалектисинде жыгыт; ад.т.
чыпалак – ичкилик диалектисинде чынчалак; ад.т. куурдак – айрым говорлордо куурма. 3)
Уңгусу бөлөк бирок мүчөсү бирдей сөздөр (ад.т. селкинчек – кээ бир говорлордо
деңилчек, ад.т. күнүмдүк – ичкилик диалектисинде жана ЫсыкКөл говорунда утурумдук).
Формасы боюнча айырмаланса да, мындай сөздөрдүн маансинде айырмачылык жок.
Мына ошондуктан морфологиялык жанга фонетикалык диалектизмдерди окуганда,
алардын тыбыштык түзүлүшүнө гана көңүл буруу керек жана андай бөтөнчөлүктөрдү
кыргыз тилинин, ошондой эле түрк тилдеринин фонетикалык (тыбыштык) закондору
менен түшүндүрүлөт. Мындай диалектизмдер “Кыргыз диалектологиясында” (213-214-б.),
“Кыргыз диалектологиясынын очерктеринде” (92-95-б.), “Кыргыз тилинин
диалектологиялык сөздүгүндө” (1972, 25-26-беттеринде) каралган.
3. Лексика-семантикалык диалектизмдер деп адабий тилге салыштырганда,
жергиликтүү говордо мааниси боюнча айырмаланган сөздөр айтылат. Мисалы, адабий
тилдеги “чөбөгө” (каймакты кайнатканда, майы бөлүнүп чыккандан кийин калдыгы) деген
сөздүн ордуна Талас говорунда жана азыркы Чаткал жергесинде “тыбыт” деген сөз
колдонулат, башкача айтканда, Талас, Чаткал жергесинде тыбыт сөзү омонимдик мааниде,
(1. чөбөгө; 2.эчкисинин майда, уяң жүнү). Адабий тилдеги торпок сөзү алты айдан өткөн
уйдун баласына карата айтылса, ичкилик диалектисинде “музоо” деген сөздүн ордуна да
(торпок) колдонулат, б.а., ичкилик диалектисинде торпок сөзү (адабий тилдеги) музоо
жана торпок деген сөздөр туюнткан түшүнүктү билдирет. Ошону менен бирге эле ошол
ичкилик диалектисинде: “музоосу муз жаласа, торпогу туз жалайт” деген макал айтылат.
Адабий тилдеги “көлдөлөң” сөзү кишинин астына салына турган саксак көрпөдөн же
башка териден жасалган төшөктү билдирсе, түштүк диалектилеринде бир несенин
туурасы, карама-каршысы, бир нерсенин чогулган, көп болуп жыйылган тобу маанисинде
колдонулат. Мисалы, (Чоробай) Сейилкандын атынын алдына көлдөлөң тура калды.
Кыргыз диалектилектилери боюнча изилдөөлөрдө, ошондой эле кыргызча сөздуктөрдө да
ар башкача түшүндүрүлүп, чар жайыт (чаташтылырып) берилип жүргөн үч сөз (термин)
бар, алар: кызгалдак, мандалак, жоогазын (жоогазым). Бул үч сөзгө карата “Кыргыз
тилинин түшүндүрмө сөздүгү” чыгып (1969) төмөндөгүдөй аныктама берген: Кызгалдык –
кызыл гүлү опийимдин гүлүнүн формасындай, бирок андан кичирээк келип тез ачылып,
тез эле күбүлүп түшүп калуучу эрте жазда өсө турган өсүмдүк; Мандалак – калпак сымал
ийри гүлдүү пияз тукумундагы жапайы өсүмдүк, жоогазын, Жоогазын – кызгалдак
формасындагы кооз гүлү бар, түбү пияз баштуу өсүмдүк, мандалак (215-б.). Дагы бир
мисал: “Бүткүл Волга боюнун жеринде жазды учкан Мамаев дөбөсүнүн боорлорундагы
талаа мандалактары жадырап жайнап чыкты (“Мамаев дөбөсүндөгү гүлү”: “Ленинчил
жаш”, 08.05.1982, 2-б.). мисалдардан, аныктама-дефинициялардан көрүнүп тургандай, бул
үч сөздүн денотаты ар башка болгону менен аларды чаташтыруу улантылууда. Мына
ошондуктан (аз да болсо бул үч сөзгө тактоо киргизген) “Кыргыз Совет
Энциклопедиясындагы” аларга берилген дефицияларды келтиребиз: “Кызгалдак
(Roemeria) – өсүмдүктүн опийимдер тукумундагы уруусу. Көбүнчө көп жылдык чөп,
бийиктиги 10-60 см, көп бутактуу, жалбырактары кезектешип жайгашкан. Гүлү 2
жыныстуу, жалгыздан, таажысы 4 желекчелүү, кызыл түстүү, негизи кара темгилдүү”... (3-
том, 535-б.); “Жоогазын – к. мандалак” (2-том, 503-б.). “Мандалак (Tulipa) – лилия
тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Бийиктиги 6-50 см, 2-6 жалбырактуу, көбүнчө бир
кооз гүл ачат. Гүлү күндүзү ачылып, түнкүсүн жана күн бүркөктө жабылат, уругу жалпак,
күрөң. Шаар-кыштактарды көрктөндүрүүгө пайдаланылат (4-том, 160-161-б.). (Бул
өсүмдүк орусча тюлпан деп аталат – Ш.Ж.). Сөздөрдүн семантикасындагы жылыштар,
андай болуунун себебин “Кыргыз диалектологиясынан” (249-б.), “Кыргыз
диалектологиясынын очеркинен” (95-102), “Кыргыз тилинин диалектологиялык
сөздүгүнөн” (32- 34-беттеринен) окууга болот. Лексико-семантикалык диалектизмдерди
өздөштүрүүдө ойдун негизи алардын маанисине, семантикалык факторлорго жана жана
58
мазмунуна бурулуп, алардын туюндурган, ошондой эле башка сөздөр менен болгон
синонимдик жана антонимдик карым-катнаштарына да назар салынганда, үйрөнүүгө бир
кыйла жеңилдик түзүлөт.
4. Этнографиялык диалектизмдер. Этнографиялык аспектиде караганда диалектилик
ар бир факты, лексикалык өзгөчөлүк – өзүнчө бир терең купуя сырды ичине камтып
сакталып калган эстелик. Мына ошондуктан этнографиялык менен диалектилик
бөтөнчөлүктөр жалаң гана тилдик көз караш менен эмес, тарыхый-этнографиялык багытта
да кароону талап кылат. Мисалга кыргыз аялдарынын баш кийими – элечекти алалы. Ал
түндүк (аркалык) диалектиде (ошондой эле адабий тилде) элечек, түштүк-чыгыш (аралык
же ортолук), ошондой эле Таласта илеки, түштүк-батыш диалектисинде кәләк делет.
Мунун кийилиши (оронушу, салынышы) боюнча, бөлүктөрү, түрлөрү боюнча да
айырмачылыктар учурайт. Кыргыздын улуттук тамактары, айрыкча максым менен
жарманын даярдалышында да, маанисинде да азын-оолак өзгөчөлүктөр бар. 20-21- мартта
болуучу Нооруз майрамын тосууда даярдалуучу сүмөлөк (түштүк диалектилерде), көжө
(аркалык диалектисинде) деген тамактар боюнча да өзгөчөлүктөр учурайт. Чайга сүт
куюп, туз салып ичүү, өлгөн кишиге мүрзө казуу, эстеклик тургузуу, мүчө тартууда
(айрыкча баш менен жамбашты, төш менен куймулчакты бөлүштүрүүдө) ар бир кыргыз
жашаган аймакта аздыр көптүр айырмачылыктар бар. Диалектологиянын лексико-
этнографиялык милдеттеринин, ошону менен бирге өзгөчөлүктөрүнүн бири дал ушундай
азын-оолак айырмачылыктарды жана жалпылыктарды анализдеп, элдин тарыхы менен
байланыштырууда турат. Этнография – коомдук илимдердин бир тарамы, тарыхый илим.
Ал гректин ethnos – (этнос) “урук, уруу, эл, улут” + grafha (графа) – “жазамын” деген
сөздөрүнөн алынган, чечмелеп айтканда, бир кездерде жашаган этностук топтордун жана
азыркы замандагы элдердин келип чыгышы тегин (этногенезин), алардын жайгашышын
(эмиграция жана миграциясын), ар кыл байланыштарын, ошондой эле алардын кесиби,
күндөлүк турмуштиричилиги, маданияты жөнүндө изилдейт, кабар берет. Мына
ошондуктан диалектология этнография (же этнография диалектология) менен тыгыз
байланышта, башкача айтканда, кыргыз элинин жашоо шартына, турмуш жагдайына,
салт-санаасына, кийим-кечесине, тамак-ашына жана башка бөтөнчөлүгүн туюндурган
этнографиялык терминдер (этномаданий лексика) кыргыздын улутук мүнөзү,
менталитети, тарыхы менен байланышкан. Диалектологиянын этнографиялык
бөтөнчөлүктөрүнүн дагы бири дихрондук планда баяндоо, изилдөө. Бул жагынан алганда,
“Өрмөкчүлүк”, “Саймачылык”, “Килем”, “Таар”, “Шырдак” (үй буюмдары, кол
өнөрчүлүк, анын продукциясы); “Калпак”, “Шөкүлө”, “Тебетей”, “Топу” (такыя),
“Элечек” (баш кийимдер); “Тон”, “Чепкен” (чекмен), “Чыптама” (сырт кийимдер); “Тай
туяк”, “Өтүк”, “Маасы”, “Чокой”, “Чарык” (бут кийимдер); “Отко киргизүү”,
“Кудалашуу”, “Сөөк коюу”, “Тойлор” (салт-санаа, үрпадат, жөрөлгөлөр); “Ордо”, “Тогуз
торгоол”, “Кан таламай” (оюндар); “Олобо”, “Нарын” (тамактар), “Көчмөндүк”, “Өргөө”
сыяктуу көптөгөн улуттук турмуш-жагдай менен байланышкан терминдер
диалектологдор менен этнографтардан да, окуучулар менен студенттерден да айрыкча
көңул бөлүп изилдөөнү, үйрөнүүнү талап кылат. Мына ошондуктан бул бөлүмдү окуп-
үйрөнүүдө филологдор этнографтардын жазгандарын да окуу зарыл. Ошентип, кыргыз
диалектологиясынын этнография менен байланышы жөнүндө төмөнкү адабияттарды
пайдалануу керек: “Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции” (М., 1956,
I том; М., 1959, II том, Фрунзе, 1959, III том, М., 1960, IV том); С.М.Абрамзон,
К.И.Антипина, Г.П.Васильева, Е.И.Махова, Д.Сулайманов “Быт колхозников киргизских
селений Дархан и Чичкан” (М., 1958); К.И.Антипина “Особенности материальной
культуры и прикладного искусства южних киргизов” (Фр., 1962); К. Мамбеталиева “Быт и
культура шахтерев-киргизов каменноугольной промышленности Киргизии” (Фр., 1963);
С.М.Абранзон “Киргизы и их этногенетические и историкокультурные связи” (Л., 1971);
Т.Д.Баялиева “Доисламские верования и пережитка кыргызов” (Фр., 1972); “Кыргыз
Совет Энциклопедиясы” (Фрунзе, 1976-1980,1-6 том); М.Эдилова, Ш.Жапаров “Кыргыз
59
Совет Энциклопедиясындагы этнографиялык макалалар жөнүндө” (Мугалимдер газетасы,
21.02.1979); Ж.Мукамбаев “Эл ичи – өнөр кенчи” (1982, 1990) ж.б. Фразеологиялык
диалектизмдер же диалектологиялык фразеологимздер дегенде диалектилерде же
говорлордо жолуккан, региондук мүнөзгө ээ болгон, адабий тилге тарабаган туруктуу сөз
бирдиктери айтылат. Мисалы, Кысыр аңгеме (маанисиз сөз). Орто жери ток, эки колу шок
(карды ток, капарсыз). Апсаласы пир болду (жаңы жай тапты, көңүлү тынчыды, көксөсү
сууду). Абазың//аvазың келет (ушунчалык кызыктырат, сукианып кызыгасың). Азил эмес
(оңой эмес). Башыңнан калсын! (өзүңдөн башкага буюрбасын!). Кызматы жетти (курман
болду; ичер суусу, көрөр күнү бүтүп, турмуштан өттү). Зыгырыңды кам ордуу! (кайсы
текем сүздү!). Көзүгө турпак салды (алдады, көзүн боемолоду). Диалектилик
фразеологизмдер жазуучулардын көркөм чыгармаларынан да кезигет. Буга жазуучу
Ж.Мавляновдун “Нан” (1973) деген китебинен төмөндөгүдөй туруктуу сөз айкалыштарын
жолуктурабыз: Карабайдыкындагыдай үйдө жашаганга не жетсин! Асты такта, шифанер,
туштарабы терезе... ичи тышы аппак. Кирген кишинин баари ачылат (219-б.) (кишини
суктандырат, таң калтырат...). Анын сыңары анда болгон акча менде болсо, мен мындан
он эсе артык үй тургузууга акылым жетип турат. Эңкеми кесип турганы эле акча (219-б.)
(кендиримди кесип турганы). “Акча болсо, жаңгалда шорпо” дейт өзбек туугандар (219-
б.). Ушундай эле көрүнүштү дагы башка жазуучулардын чыгармаларынан, оозеки
айтымдан жолуктурууга, угууга болот: Шакир атынча чоң кишилердин сөзүн чертсе,
Бекмаматтын комузун тыңшап, четке үнсүз отурганы отурган (Ш.Абдыраманов. Тагдыр,
1980, 15-б.). Төрдө үлпүнчөкачпай тою түшүп отурган кыздын жанында күйөө бала
(Т.Касымбеков, Сынган кылыч, 1971, 183-б.). Сырты ай-ай, ичи бай-бай (оозеки речтен:
сырты жалтырак – ичи калтырак). Эки жашабай жатып, адамды мазактайт (оозеки речтен:
жапжаш туруп). Жогорудагы фразеологизмдерди, идиомаларды башка тилдерден кабыл
алынды же бөлөк тилдердин таасиринде пайда болду деп айтууга эч кандай негиз жок,
анткени: биринчиден, мындай туруктуу сөз айкалыштары коңшулар тилдерде же эл
тилдердин диалектилеринде, говорлорунда учурабайт; экинчиден, фразеологизмдер менен
идиомалар бир тилден экинчи тилге фразеологиялык, идиомалык формасында (түзүлүш)
составы менен, өтө сейрек кабыл алынат; үчүнчүдөн, фразеологиялык идиомалык статус
контруктуска ээ болуш үчүн узак мезгилди жана элдик чыгармачылыкты баштан
кечмрген. Диалектилик, говордук мүнөздөгү учкун сөздөр, фразеологизмдер адабий
тилдин лексикасын байытуудагы негизги ички бутактардан болуп саналат, ошондуктан
аларга кылдат мамиле кылуу, алардын эсебинен адабий тилдин көркөм сөз каражаттарын
байытуу, толуктоо маселелери коюлат. Кийинки кездеги диалектологиялык изилдөөлөрдө
регионалдык мүнөздөгү фразеологизмдерге көңүл бурула баштады. Буга Ж.Мукамбаевдин
“Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнүн” (1972) 34-36-беттериндеги маалыматтар
далил. Мындай көрүнүш акыркы изилдөөлөрдүн натыйжасы, жыйынтыгы. 6. Диалектилик
лексикалык синонимдер пайда болушуна ички жана тышкы булак болот. Ички булакка
бир тилдин өзүнүн эволюциялык өнүгүшүнүн натыйжасы эсептелет. Ал эми тышкы
булакка башка тилдерден кирген сөздордүн натыйжасында эки же андан көп сөздүн бир
же бири бирине жакын түшүнүктү билдирип калышы кирет. Мисалы: бал (бал көрүү,
ачуу) – ырам: Ошондон кийин алар шакек менен ырам ачканды коюшкан (Ж.Мавлянов.
Нан. 1973, 174-б.). Байкаса – көрсө: Көрсө, ал уктабай эле, Саяктын жомогун тыңшап
жаткан экен (Ш.Абдырамов. Тагдыр. 1980, 57-б.). Синонимдүүлүк Бир эле мезгилде
коннотация, денотация жана сигнификация кубулуштары менен байланышта
болгондуктан, лексикалык синонимдер диалектилер арасындагы көңүл бурарлык
көрүнүштөрдөн болуп эсептелет. Мына ошондуктан диалектологдор өз эмгектеринде,
айрыкча диалектилерди классификациялоодо, таяныч маалымат катары өзгөчө назар
салышкан. 7. Диалектилердеги омонимдүүлүк жана метатеза көнүштөрү Омонимдүүлүк
көрүнүштөр: Как I (ичк.) – суу топтолгон таштуу тайпак чуңкур. Лейлек районундагы
“Кырк-Каракчы” деген жеринде “Катар-Как” деген колоттун, сайдын, жайыттын аты бар.
Как II (Лейл.) – арык, ичке: Жусуп как әкә келе атат... Сөздөрдүн ортосундагы лексикалык
60
катыш – омонимдүүлүк диалектологдор тарабынан көңүл бурууга тийиш. Метатезалык
көрүнүштөр: Котоз (Алай) – топоз, бөскө (ичк.) – бөксө, кырымчык (Лейл.) – кырмычык.
Лексикалык кабыл алууларга карата. Бир тилден экинчи тилге сөздөрдүн өтүшү
тилдин тарыхында болуп келген жана боло берүүчү процесс, маданий фактор. Андай
көрүнүш кыргыз тилинин тарыхында: 1) монгол лексикасынын катмары; 2) иран-араб
тилдеринен оошкон сөздөр; 3) орус (славян) тилдеринен кабыл алынган лексика болуп
бөлүнөт. Аталган тилдерден өткөн сөздөр тарыхый жагынан да, лексико-тематикасы
жагынан да, тыбыштык түзүлүшү (дублеттери, аллофондору, варианттары) жагынан да
айырмаланат. Ошондуктан элдин тарыхын, сөздөр оошкон доорду жана кабыл алуучунун
негизги себебин, жагдайын билбей туруп, аларды өздөштүрүү (ошондой студенттерге
түшүндүрүү) кыйын. Мисалы, кыргыз тилинде пенде (адам, киши, инсан) деген сөз бар.
Ал кыргыз диалектилеринде: пенде; менде, манда, банда түрүндө жолугат, ушундай эле
көрүнүшкө мусурман, пусурман, музурман, бузурман, бурусман болуп айтылып жүргөн,
түбү бир болот. Демек, мындан сөздөрдүн кабыл алынышы тыбыштык адабтация жана
контоминация кубулушуна өз таасирин тийгизгендигин көрөбүз. Кыргыз тилинде жана
диалектилерине башка тилдерден өткөн сөздөр тууралуу илимий изилдөө, пикирлер
Б.О.орузбаеванын “Кыргыз адабий тилинин жалпы элдик негизи жөнүндө” (Фр., 1968, 32-
51-б.) деген эмгегинде бар эле.

11-Лекция
Тема: Диалектологиялык материал жыйноо (4 саат)
План:
1. Байкоо жүргүзүү үчүн объектини талдоо
2. Диалектологдун айыл-кыштактагы иш шарты
3. Диалектологиялык материалды паспортизациялоо
4. Говорлорго байкоо жүргүзүү
5. Диалектологиялык материалды иштеп чыгуу

Диалектологиялык факт-материалдарды кантип жыйноо керек экендиги боюнча


маалыматтарды биз академик Б.М.Юнусалиевдин 1971-жылы жырык көргөн “Кыргыз
диалектологиясы” деген эмгегинен алдык. Булар менен ар бир студент-практикант сөзсүз
түрдө таанышышы керек. Себеби, академик Б.М.Юнусалиев көптү көргөн, көптү билген
диалектолог-окумуштуу. Практикалык материалдарды жыйноодо Б.М.Юнусалиевдин
айткан ой-пикирлери биз үчүн да баа жеткис байлык болуп берет жана анын айткан жол-
жоболору баалуу кеңеш. Ошондуктан ал эмгекте кандай болсо ошондой боюнча
төмөнкүлөрдү бердик.
Байкоо жүргүзүү үчүн объектини талдоо
Говорду мүнөздөп жазуу үчүн диалектолог өзүнүн алдына кандай милдет койсо,
ошого жараша ал байкоо жүргүзүү үчүн объект тандап алыш керек. Эгерде диалектолог
өзүнүн алдына тарыхка байланышкан милдетти – говордун өткөн тарыхын ачуу үчүн,
тилдин тарыхына материал жыйноону максат кылып койсо, анда ал эски традициялык
диалектини өзүнүн речинде көбүрөөк сактаган жергиликтүү адамдардын тилин
мүнөздөөчү материалдарды топтоо тийиш. Кыргыз тилинин диалектологиялык атласын
даярдоого зарылдуу материалдар да ошондой объектилерден алынмак. Азыркы кыргыз
тилинин жана анын диалектилеринин тарыхын изилдөөчүлөр үчүн байкоо жүргүзүүнүн
объектиси катарында традициялык говордун өкүлүнөн материал жыйналыш керек.
Диалектологиялык атласка керектүү материалдар да биринчи кезекте ошол объектилерден
алынат. Бирок диалектологиялык атласка ошону менен катар диалектилердин азыркы
өнүгүш абалын көрсөтүүчү материал да, башкача айтканда, айыл-кыштактын алдыңкы
катардагы адамдарынын, айылдык активдердин тилиндеги өзгөрүштөрдү мүнөздөөчү
фактылар да жыйналыш керек. Бул объектилердин тилине жүргүзүлүүчү байкоолор
61
алардын речинде диалектинин кайсыл белгилери туруктуу сакталып келаткан, кайсылары
унутулуп, адабий тилдин формалары менен алмаштырылууда, адабий тилдин
лексикасынын кайсылары тезирээк өздөштүрүлүп жатат деген сыяктуу маселелерди
байкоого мүмкүнчүлүк бермек. Диалектилерди мүнөздөп жазуу иши кыргыз
говорлорунун чыгышы жана алардын байыркы тарыхый маселелеринен башка милдеттери
да коюлушу мүмкүн. Диалектолог өзүнүн алдына социалдык жана жарандык жагынан
дифференциацияланган азыркы айыл-кыштактын тилин бардык жагынан толук
мүнөздөөнү, азыркы кездеги айыл-кыштактагы тилдик процессти байкоону өзүнө милдет
кылышы мүмкүн. Бул учурда диалектолог тандап алган элдүү пункттагы ар түрлүү
адамдардын – алдыңкылардын да, артта калгандардын да, карылардын да, жаштардын да,
аялдардын да, эркектердин да, ар түрлүү адистеги жана кесиптеги адамдардан мүмкүн
болушунча көбүрөөк фактылуу материалдарды жыйнап, тилге кең түрдө анализ
жүргүзүүгө тийиш. Ошону менен бирге диалектолог бир кылка топтогу жергиликтүү
элдин тилинин ар түрдүү стилине жана жанрына, күндөлүк турмуштук речке,
жыйналыштагы речке, оозеки адабияттын ар түрдүү формаларына байланышкан
материалдарды топтоого көңүл бурмак. Ошентип, жыйналган материалдар айрым адамдар
боюнча, алардын топтору боюнча, стилдер жана жанрлар боюнча иргелип, топтолууга
тийиш. Жыйналган материалдын мындай топтоштурулушу изилдөөчүгө говордун негизги
традициялык системасын байкап, ошонун негизинде аздыр-көптүр адабий тилге жакындап
бараткан говордук түрлөрдү тактоого жардам берет. Мындай изилдөөлөр советтик доордо
кыргыз говорлоруна асыресе кийинки он жылдарда активдүү жүрүп жаткан тилдик
процесстерге туура корутунду чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Диалектологдун айыл-кыштактагы иш шарты.
Диалектиде сүйлөөчүнүн речине байкоо жүргүзүү, адис-диалектолог тарабынан
байкалган фактыларды кагаз бетине туура түшүрүү – диалектилерди изилдөөнүн негизги
амалдары болуп саналат. Диалектологдун айыл-кыштакта жүргүзүүчү иши – эң оор жана
абдан жооптуу. Андан адамга абдан кылдаттык менен мамиле кылуу талап кылынат.
Жергиликтүү эл менен адамгерчиликтүү, достук мамиле жасап, өзүнө ишенич тургузуу –
бул кыштакка келүүдөгү алгачкы милдет. Ишеничке ээ болбой туруп, иш баштоого
болбойт. Ишеничке ээ болуу милдети ар түрлүү жолдор менен, ар түрлүү конкреттик
шарттарда жетишилет. Биздин колхоздук, совхоздук шарттарда районго жеткенден кийин
эле райатком, рай эл агартуу бөлүм жана башка жергиликтүү коомдук уюмдар менен
байланыш жасоо керек. Диалектологго же экспедицияга (эгерде изилдөөнү бир топ киши
жүргүзсө) жардам берүүнүн зарылдыгы жөнүндө айыл-кыштак уюмдарына жана мектеп
администрациясына райаткомдон кат жаздырып алуу ыңгайлуу. Барар жерге жеткенде,
айыл-кыштактын советтик жана коомдук уюмдар менен, мектеп менен тыгыз мамиле
түзүш зарыл. Айыл-кыштак активдеринин жардамы аркылуу жергиликтүү эл менен тыгыз
байланыш жасалып, жергиликтүү адамдардан алынган жалпы маалыматтын негизинде
изилдөө үчүн объект тандалып алынмак. Ар бир диалектолог өзү эл менен тыгыз
байланыш түзүү аракетинде колхоздун, совхоздун өндүрүштүк ишине, мүмкүн катары
кол-кабыш жасоо, айылдык саясий, маданий чараларына жардамдашуу тийиш.
Эмгекчилерге партия менен өкмөттүн кийинки чечимдерин түшүндүрүү, күндөлүк басма
сөздө берилген эл аралык абалды жана ички турмушту түшүндүрүү, www.bizdin.kg 93
жергиликтүү мугалимдин ишине байланыштуу кеңеш берүү сыяктуу коомдук милдетти
орундоо зарыл. Көп болбосо да, мүмкүн болушунча колхозчулардын ишине кол кабыш
кылуу аркылуу диалектолог эл арасында ишенимге жана кадырга ээ болуп, өзүнүн ишин
ийгиликтүү жүргүзүү үчүн шарт түзмөк. Жергиликтүү коомдук жана чарба иштерге
диалектологдун катышуу даражасы диалектологдун өзүнүн милдетин аткарууга канча
убакыт турушуна байланышкан, эгерде ал монографиялык материал жыйноого келсе,
анын эл менен байланышы тереңирээк жана ар тараптуу болмок. Айылга келер замат эле
диалектолог жазып алууга киришпөө керек. Ал бир нече күн говордун өзгөчөлүктөрү
менен жалпы таанышып, системасын өздөштүрүү зарыл. Мына ошондон кийин гана
62
диалектолог байкоо үчүн говордун мүнөздүү объектилерин белгилеп ала алат. Байкоо
үчүн канча убакыт сарп кылуу маселеси диалектологдун атайы келген милдетине жараша
чечилет. Келген максаттары жөнүндө диалектологдун жергиликтүү элди
түшүндүрүшүнүн практикалык мааниси чоң. Бул жөнүндө түшүнөрлүк түрдө айтып
берген оң. Биздин келгендеги максат, деш керек диалектолог, жергиликтүү элдин
(кыштактын) тарыхын: буга байланыштуу эски үрпадатты, салтты, жомокту изилдөө,
ушул жердегилердин чарбасын, турмушун, айыл чарбасын, өнөр-кесибин жана тилин
үйрөнүү. Бул сыяктуу фактылардын так жыйналышынын зарылдыгын айтуу керек. Тил
боюнча изилдөөнү элдин үрп-адатты, өндүрүштүк жана турмуштук темаларынан баштоо
оңдуу болот. Келген кыштактын тарыхын, жанындагы кыштактар, райондук борбор,
жакын жердеги шаар, аларга бара турган жолдор жөнүндө, айыл чарба аспаптары,
техникалык өсүмдүктөр, эгиндер, өстүрүлүүчү малдар жөнүндө, ошол элдин кол
кесипчилиги (килем, шырдак, кийим, идиш-аяк ж. б. жасоо) жөнүндө, мергенчилик, балык
уулоо, там салуу, тамак-аш, эски ар түрлүү адеттер, кыз берүү, келин алуу, аш-тойдун
түрлөрү ж. б. жөрөлгөлөр жөнүндө аңгеме жүргүзүү ылайык. Мындай темалардын бир
катары эркектер менен сүйлөшүүгө ылайык болсо, кээ бирөөлөрү аялдарга оңдуу, кээ
бирөөлөрү улгайган адамдарга, кээ бирөөлөрү жаштарга ылайык келет. Ар кайсыл жер
үчүн темалардын ар кандай мааниси бар. Аңгемелешип жазуу жүргүзүү үчүн барган элге,
убакытка жана сүйлөшүүчү кишиге жараша теманы тандап алуу зарыл. Диалектологиялык
ишти эки киши биригип жүргүзүү дурус натыйжа берерин тажрыйба далилдеди, бул
учурда диалктологдун бирөө аңгеме жүргүзсө, экинчиси жазып отурат. Кээде көп адамдан
турган группа да барып калышы мүмкүн. Бул учурда бир адам мыкты тажрыйбалуу болуш
керек. Диалектологиялык аңгеме жүргүзгөндө диалектолог өзү мүмкүн катары аз сүйлөө
керек, анын милдети суроо берүү аркылуу сүйлөтүү. Суроого жооп берилген кезде
диалектолог жазууга пайдаланат. Мүмкүн болушунча сүйлөм толук жазылат, бирок
барлык учурда тактык талап кылынат. Кээде тактык максатында сүйлөмдүн бир бөлүмүн,
жада калса айрым сөздөр эле жазылып калынат.
Диалектолог өтө сылык болот, тили изилденип жаткан элдин кадырын сактап,
кызыкчылыгын эске алып, өзү маданияттуу мамиле кылып, адептүү жүрөт. Изилдөөчү
ошол говордун (диалектинин) тилдик өзгөчөлүктөрүн жакшы билсе же ал ошол говордун
өкүлү болсо, жазуу жүргүзүүдө аны пайдаланат. Бул абал изилденип жаткан объектини
шаардын (адабий тилдин) формасына окшотуу аракетин жасатпайт. Шаардан, адабий
тилде гана сүйлөөчү адамдар келгенде диалектиде сүйлөөчү адамдар көп учурда өзүнүн
диалектилик өзгөчөлүктөрүн колдонбой, адабий форманы колдонууга аракет кылаары
диалектологиялык практикада белгилүү. Эгерде диалектолог объектинин өкүлүнөн болсо,
мындай бурмалоого жол берилбейт. Эгерде диалектолог өзү аңгемелешпей,
объектилердин өздөрү сүйлөшүп жатканда жазып алса абдан ыңгайлуу. Мындай учурлар
көбүнчө объектилердин коомдук жыйналышында же аш-тойдо көп байкалат. Диалектолог
объектинин үй-бүлөсүндө жатса, алардын өз ара сүйлөшкөн сөздөрү ал үчүн ишеничтүү
материал болуп эсептелет. Диалектологдун иштөө мөөнөтү анын алдына койгон
милдеттерине жараша болот. Пайдалана турган объектилердин саны да ошол милдетке
байланыштуу. Мүмкүн болушунча кыштактын ар кайсы жеринде жашаган адамдардан
материал алыныш керек. Кээде бир эле кыштакта ар кайсыл говордун өкүлдөрү жашай
тургандык эске алынуу зарыл.
Диалектологиялык материалды паспортизациялоо
Диалектологиялык материал жыйноо үчүн барган кыштактын азыркы (эгер өзгөргөн
болсо, мурунку) аталышы, району, областы айтылышы боюнча так жазылат. Кыштакка
жакын шаар же райондук пункт, ага бара турган жол жазылап, картага түшүрүлөт.
Карыялар менен сүйлөшкөндө кыштактын качан салынышы, кайдан келиши, кайсы
уруулардан турушу сыяктуу тарыхый маалыматтар алынат. Кыштак жөнүндө, анда
жашаган эл жөнүндө легендалар суралып жазылат. Айтып берген адамдын аты,
фамилиясы, жашы, сабаттуулук даражасы, кесиби жазылып алынат. Ошону менен катар
63
ал адам кайсыл шаарга, алыскы районго эмне үчүн барып, канча убакыт жашаганын
жазып алуунун мааниси бар. Ар бир жолу дептерге материалдын кимден жазылып
алынганы көсөтүлөт. Кээде күтүлбөгөн шартта чукул жазылган материалга объектинин
ким экени көрсөтүлбөй калыш мүмкүн. Бул учурда белгисиз адамдан жазылганы
айтылыш зарыл. Туура паспортизация болмоюнча изилдөөчү говордун системасын, анын
өзгөчөлүктөрүнүн мүнөзүн, тилдеги эски жана жаңы процесстерди аныктай албайт.
Говорлорго байкоо жүргүзүү
Диалектологиялык жазуу жергиликтүү адамдын ээн эркин сүйлөөсүн байкоонун
негизинде жүргүзүлөт. Сүйлөнүп жаткан речтин бөлүгү мүмкүн катары так фонетикалык
жазуу боюнча кагаз бетине түшүрүлөт. Говордун күндөлүк жөнөкөй тилине мүнөздүү
материалды алууга аракеттенгенде диалектолог өзү болжолдогон форманы же сөздү өзү
айтуу аркылуу жооп алууга тырышпоо керек, анын максаты – говордун өкүлү кандай
айтса, ошондой түрдө транскрипциялар кагазга түшүрүү. Ошондуктан “силерде мындай
деп айтабы?” же “силерде баланча деген сөз барбы?” деген сыяктуу тике суроолор
берилбөө керек. Мындай суроолор берилгенде говордун өкүлү же “бар” же “жок” деген
чолок жоопторду берет же диалектологдон уккан сөздү, говор үчүн мүнөздүү болбосо да,
кайталаш мүмкүн. Ошентип, негизги материал суроо аркылуу эмес, говордун өкүлүнүн
эркин диалогдун же монологдук речине байкоо жүргүзүү аркылуу жыйналыш керек.
Албетте, бул суроо методу такыр колдонулбасын дегенге жатпайт. Суроо методу
негизинен лексикалык материалдарды жыйноодо, асиресе, айыл чарбалык заттар жана үй
буюмдары менен таанышуу учурунда колдонулат. Мындай учурларда “бул эмне деген
зат?”, “бул буюмду эмне деп атайт?” деген сыяктуу суроолорду колдонуу зарыл болот.
“Музоону эмне дейсиңер?” деп сурабай, музоону көрсөтүп туруп, мунун аты кандай
айтылат?” деп, суроого жооп алуу дурус. Фонетикага, морфологияга жана синтаксиске
байланыштуу материалдарды жыйноодо чукул суроо методун колдонуу ылайык эмес.
Көбүнчө темага байланышкан аңгеме, кең түрдө жооп берүүнү талап кылган суроолор
жакшы натыйжа берет. Бирок бул учурда диалектологдун берген суроосу керектүү сөзгө
же формага объектинин толук жооп берүүсүнө себепкер болсун. Фонетикалык жана
морфологиялык материалдарды ар кандай темада аңгемелешүүдө жазып алууга болот. Бул
бөлүмдөр боюнча негизги материал жөнөкөй сүйлөшүүдө эле жазылып алынат. Кээде,
албетте, атайын суроону талап кылган темалар да болот. Фонетика менен морфологияга
керек болот деп жыйнаган материалдар толук жана ар тараптуу болсо, ошол эле материал
лексикалык теманы да канааттандырууга тийиш. Материал жыйноо жагынан алганда
тилдин бөлүмдөрү боюнча талдап караганда кайсы бөлүмдөн аз жыйналганы байкалат.
Бул учурда ал бөлүмгө зарылдуу фактыларды дагы, кошумча жазып алуу керек болот.
Тилдин айрым бөлүмдөрү боюнча жыйналган материалдар бири-бирин толуктап турушу
мүмкүн. Мисалы, фонетикага арналып жыйналган материалдар морфологияга да керек
болот, анткени фонетика үчүн аз болсо да контекст талап кылынат. Ошондуктан
фонетикага материал жыйнаганда кыска фразалар же анын бөлүмдөрү жазылып алынат.
Ал тургай кээде айрым сөздөр да жалаң фонетика үчүн гана эмес, морфологияга
ылайыктуу материал боло алат. Синтаксис үчүн жазылып алынган материалдардан да
морфологиялык фактыларды мүнөздөй тургандарын таап алууга болот. Бирок ошондой
болсо да тилдин ар бир бөлүмү, асиресе морфология жана синтаксис бөлүмдөрү үчүн
мүнөздүү фактыларды топтоо, өзүнчө атайын материалдар жыйноону талап кыларын
унутпоо керек. Фонетикалык, морфологиялык жана лексикалык бөлүмгө байланыштуу
материалдар фонетикалык транскрипция менен жазылат, ал эми синтаксистик
материалдар көп жана тез сүйлөгөндүктөн транскрипциясыз жазылып, зарылдуу
жерлерине эскерме берилиши мүмкүн. Лексикалык планда айрым сөздү, кыска контекстти
же толук фразаны (сүйлөмдү) жазып алганда говордо (диалектиге) мүнөздүү сөздүн
семантикалык мааниси такталыш зарыл. Бул үчүн адабий тилде учурабаган же учураса да
башка мааниде колдонулган сөз (сөздөр) диалектологиялык тексттин аягындагы атайы
эскермеге жазылып, анын семантикалык мааниси говордун өкүлүнөн суралып,
64
түшүндүрмө берилет. Кээ бир тажрыйбасыз диалектолог говордун өкүлү менен
аңгемелешкенде өзү үчүн айырмалуу же адабий тил үчүн мүнөздүү эмес фонетикалык,
морфологиялык, синтаксистик, лексикалык формаларды гана жазууга аракет кылып,
адабий тилге окшош болгондорун эске албайт. Бул туура метод эмес. Говордун речине
толук жана туура мүнөздөмө бериш үчүн адабий тилге окшош формалары да, говорго гана
мүнөздүүлөрү да жазылып алынышы керек. Ошондо гана говорлорго толук объективдүү
мүнөздөмө берилиши мүмкүн. Говордун (диалектинин) тилин изилдөө иши техникалык
аспаптар чыга электе диалектолог укканын кагазга түшүрүү аркылуу жүргүзүлгөн. Азыр
изилдөөдө иши техникалык каражаттарды (магнитофонду ж. б.) пайдалануу менен ишке
ашырылыш керек. Мүмкүн болушунча магнитофондун ар түрлүү шартта иштей ала турган
түрүн пайдаланыш керек. Бул жагынан алганда магнитофондун электр кубаты менен эмес,
батареянын күчү менен иштей турганын пайдаланган өтө пайдалуу. Техниканы
пайдалануу аркылуу диалектини изилдөө ишине да кылдат даярдык көрүлөт. Говордун
өкүлдөрүнө бериле турган суроолор тилдин ар бир бөлүмү боюнча күн мурун дардалып
коюлат. Ошону менен катар экспедицияга бара турган адамдар доош жазып алуучу
техникалык аспапты ар бири өздөштүрөт, анын курулушун, бузулуп калса, оңдой турган
амалдарын, аппаратын кассетасын, пленкаларын ж. б. бөлүктөрүн өздөштүрүп, бузулса,
оңдоо амалдарын жетерлик түрдө өздөштүрөт. Пайдаланууга алып бара турган
магнитофондун запас бөлүктөрү жетерлик түрдө даярдалат. Экспедицияга барган
кыштактан кете электе эле жазылып алынган материалдарды угуп текшерүү иштери
жүргүзүлөт (кол менен жазылганы да, магнитофон менен жазылганы да). Бул текшерүүдө
жазылган материалдардан так эместик же кемчилик байкалса, фактыны берген объект
менен кайта байланышып, материалды толуктап, тактап алат. Эгерде магнитофондун
пленкасы бүт бузулган болсо, бүт кайта жазып алат.
Диалектологиялык материалды иштеп чыгуу
Диалектологиялык материал жыйноо үчүн барган жерге диалектолог кайта-кайта
бара бербейт, ал балким өмүрүндө бир барар. Ал жерге ошол максат менен
диалектологдун кийинки мууну гана көп жылдардан (балким ондогон жылдардан) кийин
гана барыш мүмкүн. Ошондуктан диалектологдун бир жолу жазганы ал говор үчүн
кайталанбаган өтө баалуу эстелик болууга тийиш. Бул абалдан диалектологдун иши илим
үчүн өтө чоң жооптуулугун байкоого болот. Ошондуктан диалектолог, говордун өкүлүнөн
уккан, дурус экендигине көзү жеткен фактыны так жыйнайт. Жазылган материалдарды
тилдин бөлүмдөрү боюнча, фонетикалык, грамматикалык, лексикалык түрлөр боюнча
бөлүп иштеп чыгуу жумушун диалектолог күн сайын, материал жазылган жерде жүргүзөт.
Иштин мындай жүрүшү кайсы маселелер боюнча материалдын толук же кем
жыйналгандыгын көрсөтүп турат. Материалды иштеп чыгууну кийинкиге, экспедициядан
кайтканга калтырганда түшүнүксүз фактылардын объектилерден сурап тактоого же кем
жазылган бөлүмдөрдү дагы толуктап жазууга мүмкүн болбой калат. Жыйналган
материалды иштеп чыгыш (обработка кылыш) үчүн атайын баракчалар дайындалат.
Материал жыйноо иши атайын түзүлгөн программа боюнча жүргүзүлсө, программанын ар
бир суроосу үчүн өзүнчө баракча белгиленет. Баракчанын жогорку оң четине иш
жүргүзүлгөн элдүү пункттын аты, сол четине программадагы суронун номери жазылат.
Андан кийин программанын суроосуна берилген жооптор бүт баракчага жазылат. Эгерде
материал коллектив менен жыйналган болсо, анын иштөө да коолективдүү түрдө болот.

65

You might also like