You are on page 1of 10

ДИАЛОГ, МОНОЛОГ ЖАНА

ПОЛИЛОГ
Аткарган: Кубанова Элиза
Текшерген: Жаманкулова Айгүл
Тайпа: КТАОМ(б)1-19
Диалог
• Диалог (гр. dialogos сүйлөшүү, аңгемелешүү) - маалымат алмашуунун
кеңири таралган түрү, эки же андан көп адамдын баарлашуусу.
• Диалогдо (жандуу пикирлешүү процесси катары) эллипсистикалуулук
мүнөздүү. Сүйлөөдөгү эллипсистикалуулук кептин айрым сөздөрдүн,
сүйлөм мүчөлөрдүн түшүп калышын, ойдун контексттеги түшүнүгүн
билдирет. Натыйжада, сүйлөөчүлөр тилдик каражаттарды үнөмдүү,
кыскартып пайдаланууга жетишет. Диалогдо бирдей ситуациянын болушу,
сүйлөөчүлөрдүн белгилүү контактта сүйлөө процессине катышуу жалаң
сөз менен эле эмес, бирин бири айттырбай эле түшүнүүсүн шарттайт.
Диалогго спонтандуулук мүнөздүү. Анткени диалогго катышуучулардын
репликасы кептик реакцияны активдештирет, пикирдин демилгелүү чыгышын
шарттайт. Кептин
спонтандуулугун (ички керектүүлүктүн пайда болушу) камсыз кылууда репликанын
мааннси чон. Реплика - диалогдун эн негизги элементи. Ал пикирдин багьтын,
структурасын, мазмунун аныктоо касиетине ээ.

• Диалогго эмоцноналдуулук таандык.Кептик кырдаалдын өзү белгилүү


эмоционалдуулук фондо түзүлөт. Диалогто катышкан адам сүйлөө
предметине болгон өзүнүн мамилесин чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
• Диалогго экспрессивдүүлүк мүнөздүү. Диалогдук кептин
паралингвистикалык (интонация, пауза, темп, ритмика, дикция, үндүн
тону), экстралингвистикалык (ый, күлкү), кинесикалык (мимика, жест,
көз караш) каражаттардын камтылышы пикирлешүү процессинин
экспрессивдүүлүгүн арттырат.
Карышкыр менен боз бээнин диалогу

•  –Ой, боз бээ, сени жеймин! - дейт карышкыр.


• –Эмне учун? - дейт бээ.
• –Курсагым ачка.
• –Андай болсо, баткактан чыгарып же! Карышкыр макул
болот да, баткактан тырышып жатып сүйрөп чыгат.
• –Эми жейинби? - дейт карышкыр.
• –Жок. Таманыма кат жаз, анан же, - дейт боз бээ.
Монолог

• Монолог (гр.— бир сөз) — көркөм чыгармада каармандын жекече же


көрүүчүлөргө карата айткан сөзү. Монологдун  диалогдон айырмасы
сүйлөп жаткан кишинин сөзүнө башка каармандар аралашпайт.
Лирикалык чыгармаларда монолог негизги орунда турат, драмалык
чыгармаларда катышуучунун монологу көрүүчүлөргө карата айтылат.
Монологдор аркылуу каармандардын мурунку жана кийинки
тагдырын, алардын бул же тигил көрүнүшкө карата мамилесин,
личносттук сапаттарын даана билебиз. 
• Монолог каарман тарабынан үн чыгарылбай ичтен айтылса, ички
монолог, үн чыгарып айтылса (муну кандай түрдө айтылып жатканын
көбүнчө автордун сөзүнөн билебиз) сырткы монолог деп аталат.
• Монологго - даректүүлүк мүнөздүү: Ал белгилүү бир аудиторияга
арналат.Арналган аудиториясына жана стилистикалык өзгөчөлүгүнө
карата илимий адабияттарда сүйлөөнүн бул формасы ар түрдүү
классификацияланат: монолог-маалымат, монолог-сүрөттөмө,
монолог-баяндоо, монолог-ишеним. Монолог тейлөөчү пикирлешүү
Мисалы, К. Баялиновдун «Ажар»
повестиндеги Ажардын монологу:
•  «— Жаным, aпa тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп артыңда жалгызың
келип, жалооруп жаныңда турат. Жалгызыңдын сөзун ук, ая! Жалгызың бүгүндөн
баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага
сатылганы жатат. Андан кутказ, ал азапты көрсөтпө, койнуңа ал, ач койнуңду!..
• ... Кантейин, эң болбогондо теңтуш болсо, кыздын барар жери күйөө дегендей,
жаттыгына карабай «мейли» деп коёт элем. Бирок ал маркум атамдан да карыган
киши экен. Ага канткенде барам? Канткенде аны өмүрлүк жолдош кылам? Андан
канткенде кутулам? Кимден кеңеш, кимден жардам сурайм? Айт, aпa! Мага айла
тап! Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам
калбай калды».
Чынгыз Айтматовдун“Саманчынын жолу”
повестинде Толгонайдын монологу
• –Аның чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет.Аркы-теркини түшүнө
тургандай чоңоюп  да калды өзү.Бирок мен үчүн ал дагы эле чалагайым бала
сыяктанат.Корком, балалык" кылып, өткөн кеткенди туура тушуналбай, ичи
сууп калабы деп аярлайм. Анткен менен адам чындыкты бир күнү билиш
керек да. Мен билген чындыктыы, сырдашым, касиеттүү жер, сен билген
чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз ал гана билбейт.
Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойлорго кабылып, кептин аныгына
жеталар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үшүтпөй, жаштайынан
турмуштан коңүлүн калтырбай, сырымды айтып бералар экенмин?…
Полилог

• Полилог термини диалог терминине кошумча кабыл алынган.


Полилог экиден көп бир нече адамдардын өз ара аңгемелешүүсү,
пикир алышуусу. Полилог аңгемелешүү, дискуссия, конференция,
диспут жана башка формаларында кездешет. Полилогдо катышкан
адамдар кыска, ишенимдүү сүйлөөсү керек, уга билүүсү талап
кылынат, суроо берип ага жооп алышы күтүлөт.

You might also like